Quantcast
Channel: Кыргыз маданият борбору
Viewing all 477 articles
Browse latest View live

Актан Тыныбек уулу жана 1916-жылкы Ички Теңир-Тоодогу элдик көтөрүлүш

$
0
0

үрөтчү Ю.Шыгаевдин 1916-жылкы көтөрүлүш тууралуу түрмөгүнөн. 12.2.2016)

1916-жылкы кыргыз элинин улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн жана Улуу Үркүндүн тарыхы үчүн өзгөчө баалуу булактардын бири – манасчы, акын, дастанчы Актан Тыныбек уулунун “Үркүн” дастанында Ички Теңир-Тоодогу көтөрүлүш очогу тууралуу баяндалат. Тарыхчы Т. Чоротегиндин сереби.

1916-жылдын тарыхы үчүн баалуу фольклордук булак

Кожентте (Фергана өрөөнүндө) 1916-жылы текенин (июлдун) 4үндө башталган улуттук боштондук кыймыл көп узабай Борбордук Азиянын башка аймактарына жайылды. Ошол жылы баш оона (август) айында Чүйдө башталган элдик көтөрүлүштүн оту Кочкор, Ысык-Көлдөн тышкары Нарын жергесинде да алоолонуп жанды.

Тарыхка жаңы нук салган ошол доордун илебин жалаң гана падышалык архивдик маалыматтарга таянып жазуу – бир беткейлик. Көтөрүлүшчүлөрдүн саясий түшүнүгүн, маанайын, айрым лидерлерин, баатырларын, чыккынчыларын, окуяга байланыштуу жер-суу аттарын тактоо үчүн алардын арасында болгон инсандардын эскерүүлөрүн жана башка чыгармаларын астейдил үйрөнүү зарыл.

Ошондой баалуу булак болчу чыгармалардын биринин ээси – айтылуу Актан Тыныбек уулу. Анын “Үркүн” деген чыгармасы 1927-жылы жазылып калган (Караңыз: Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фонду. Инв. 100 (303). – URL: www.bizdin.kg).

Актан өзү кыргыздын залкар манасчысы Тыныбек Жапый уулунун баласы. Тыныбек жомокчу «Манас» дастанынын “Чоң Казат” бөлүгүнүн эң мыкты варианттарынын биринин жаратуучусу болгон. Тыныбектин үнү ушунчалык мукам, кубаттуу жана тунук болгон дешет. Уламышка караганда, ал Туюк деген төрдөн туруп «Манас» айтканда, доошу Оттук айылынын оозуна чейин угулчу дешет. Манас таануучулар “Тыныбектин мектеби” деп аталган өзгөчө кубаттуу жана салттык манасчылык мектебин айырмалап белгилеп жүрүшөт. Улуу манасчы Тыныбек 1902-жылы Нарындагы Байдулу жайлоосунун Туюк төрүндө каза болгон.

Актан Тыныбек уулу, залкар манасчы, дастанчы, акын жана комузчу өнөрпоз
Актан Тыныбек уулу, залкар манасчы, дастанчы, акын жана комузчу өнөрпоз

Анын урпагы, ата өнөрүн уланткан манасчы, дастанчы, акын жана комузчу Актан Тыныбек уулу 1888-жылы Миң-Булак жергесинде (азыркы Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында) туулган.

Ал дастан айтып чектелбестен, көптөгөн күүлөрдү, анын ичинде «Манас» эпосунун салттык обонунун негизинде «Чоң кошуун», «Семетей күү» деген күүлөрдү да жараткан.

Актан ата «Манас» эпосундагы «Көкөтөйдүн ашынан» үзүндү, «Семетей» бөлүгүнөн «Семетейдин жетим калып Букарга барышы» жана «Семетей Букардан Таласка келип Манастан калган мүлктөрдү алып жаткан жери» деген эпизоддорду жаздырып, азыркы Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондуна өткөргөн.

1936-1947-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониясында өнөрпоз болуп иштеген. Анын кызы Батыйна эжеке коңшу Эчки-Башы айылына келин болду жана бизге орто мектепте орус тилинен сабак берчү. Эжеке 1939-жылы Кыргыз маданиятынын Маскөөдөгү он күндүгүнө Актан атанын катышып келгендиги жөнүндө саймедирлеп айтып берээр эле.

Актан атанын «Эр Табылды» дастаны Эр Табылды баатырга арналган колдогу варианттардын ичинен толугу жана идеялык мазмуну, көркөмдүгү жагынан көрүнүктүүсү саналат. Актан Тыныбек уулу “Үркүн” поэмасынан тышкары «Асан-Жамал» деген да көркөмдүк жактан өтө бийик поэманы жараткан.

Актан Тыныбек уулу 1951-жылы Миң-Булак айылына кирген Тегерек-Булак жергесинде дүйнөдөн кайткан.

“Аккан арыктан суу агат” демекчи, Тыныбектин небереси Табылды Актан уулу да “Манас” дастанын жана кыргыз тарыхын даңазалаган заманабыздын залкар өнөрпозу, драматургу, театр режиссеру, төкмө акыны.

 

Ички Теңир-Тоодогу көтөрүлүш жөнүндө

Айрым калемгерлер көтөрүлүш Нарын облусунун ичинен Кочкордо гана болгон деп натуура жоромол айтып жүрүшөт. Нарындын Долон ашуусунан түштүктөгү аймагы да 1916-жылдын баш оона айында көтөрүлүштүн олуттуу чордонуна айланган. Мындагы көтөрүлүшчүлөр Чүй, Кемин, Кочкор, Ысык-Көлдөгү окуялардан кабардар болуп турушкан.

Бул аймактагы көтөрүлүштүн айрым очоктору тууралуу Актан Тыныбек уулу таасын жазат.

Анын чакан дастанынан Кулмат деген баатырдын оторчул бийликтин өкүлүнө каршы айбаты, элди көтөргөн уюштургучтугу, аны колдоого алган Алай Калчаке уулу деген бай киши сыяктуу эл уккан тың чыкмалар жөнүндө кабардар болобуз.

Актан Тыныбек уулу жазгандай, оболу нарындыктар башка өрөөндөрдөгү кырдаал жөнүндө так кабар чогултуу ишин жүзөгө ашырган.

Элдин баарын кабарлап,
Жыйнайлык деп кошунду,
Уккан элдин баарысы,
Уктабай карап отурду.
Бул кабарды таратып,
Туш-тушка кабар салалы.
Кат жазып киши чаптырып,
Калктан кабар алалы.
Кара жол тосуп с
өз угуп,
Алыстан кепке каналы.
Каракол, Токмок, Пишпектен,
Кандай экен кабары.
Кыргыздын калы
ң жеринен,
Анык с
өзгө каналы.
Баркка тийбей калбады,
Падышанын залалы.
Деп с
үйлөшүп биздин эл,
Алайга с
өздү тапшырды.
Т
өрт тарапка төрт киши,
Ат берип Алай чаптырды.
Бардарлык кылды бали деп,
Алайды ар ким жактырды.
Токмокко чейин бар дешти,
Кадимки Кулмат баатырды,
Калчакенин Алайы,
Кара койлуу бай эле,
Карактап кыскан конокко,
Камылгасы шай эле.
Мактангандай болбосун,
С
үт менен күлчөтай эле.
Боз жорго менен ч
ү коюп,
Борукчу элин кабарлап,
Алак
өз менен кабаадан
Адамды
үзбөй чабарлап,
Арык менен Надырбек
Аралап барып кабарлап,
Ажы менен Субанга
Алдаканча сапарлап,
Алай барып келди деп,
Угуп турдук атайлап.

Чөлкөмдөн бир кыйла маалымат топтогон нарындыктарга оболу Чүй менен Кочкордогу көтөрүлүштүн алгачкы учурундагы ийгиликтер тууралуу шыктандырчу кабар келген:

Кабар уктук жер-жерден:
Ч
үй, Ысык-Көл, Кочкордон
Качты орус деп тил келген.
Надирбек менен Борукчу
Кочкордон кууду орусту.
Карагоону алды дейт
Талкалап кирип корукту.
Токмокту тынай алды дейт,
Орусту мыктап салды дейт.

Ошол кездеги элдик баатырлардын бири Ыбырай Төлө уулу Боом капчыгайында Орусиянын жазалоочу аскерлеринин курал-жарактарын тартып алгандыгы да нарындыктарга дайын болгонун Актан атанын чыгармасынан билебиз:

Төлөнүн уулу Ыбырай
Байдам-Талга барды дейт,
Т
өрт жүздөн ашуун бешатар
Т
үгөл алып келди дейт.
Ашырбайм бери салдат деп
Алматы жолун чалды дейт.
Эрдик кылып Ыбырай
Эл
үчүн тикти жанды дейт.
Элди зыян кылдырбай
Эсен алып калды дейт.

Нарындыктар Канаат Ыбыке уулу Кочкордо хан жарыяланганын угуп, шаттанышкан. Жалпы журт эгемендик үчүн козголгондо коомдогу ар кыл социалдык катмарлар жана иерархиялык тепкич унутта калган.

Орус, кыргыз беттешип,
Ок атышар к
үн келди.
Кочкор менен Жумгалдан,
К
өкүмбай, Канат, Курмандан
Угулду кабар ушундай
Урушка кыйын чы
ңдалган.
Канатты шайлап кан (ХАН) кылып,
Кай-кайсы жерге да
ң кылып,
Казаттан
өлгөн шейитти
Калкка угузуп ша
ң кылып.
Аскер жыйнап т
үптөлүп,
Ар кимдин дарты козголуп,
Жарды, жалчы, малайлар
Жалданбай башы бош болуп.
Кол чакыртып туш-туштан
Кош аттап киши чаптырып,
Ч
үй, Ысык-Көл, Нарындан
Кошулган элди бактырып,
Ашуунун баарын чалдырып,
Ар кайдан кабар алдырып,
Анжиян, Пишпек, Ташкенден
Салдат келсе кырууга
Аянбай мыкты кам кылып…

Ички Теңир-Тоонун калайыгы Ысык-Көлдө кыргыздар бир нече кыштакка чабуул коюп, өз байрагын тигип, эркиндик идеясын жар салганын да билишкен.

Ысык-Көл жагы жаман дейт,
Эл калбаптыр аман дейт.
Басалкени б
үт алып,
Майданды кыйын салган дейт.

<…>

Күңгөй менен Тескейди
К
үкүмдөтүп жатат дейт,
К
үндүз-түнү тынымсыз
Д
үпүлдөтүп жатат дейт.
Кырылганга карабай
Кыргыздар уруш салды дейт.
Кырк желдети б
үт барып,
Кызыл-Сууну алды дейт.
Жети-
Өгүз менен Шалбада
Желектин баарын сайды дейт.
Б
өрүбашты түптөгөн
Үч жүз салдат барды дейт.
К
үнү-түнү атышып,
Билимет менен тозду дейт.
Тескейдеги беш болуш
Биригип башын кошту дейт.
Бешатарга чыдашып,
Беш к
үнгө уруш созду дейт.
Ысагаалы, Берикбай
Кол баштачу болду дейт.
Кайрат кылып кыргыздар
Каптап чабуул койду дейт.

Албетте, көтөрүлүшкө чыгуу үгүтү кыймылсыз жаткан нарындыктарды уяткаруу менен кошул-ташыл жүргөн:

Эр Шабдандын балдары
Э
ңкейтиптир канды дейт.
Эмгиче Нарынды алалбай
Нарындык силер жанбы дейт.

Поэмада нарындыктар салгылашууга чыккан айрым учурлар жер-суу аталыштары менен бирге эскертилет.

Он-Арчанын боюндагы оболку кагылышуу куралы начар көтөрүлүшчүлөр үчүн ийгиликсиз болот:

Туралбай биз да жөнөдүк
Айылды к
өздөй чапкылап.
Он-Арчанын боюнан
Учур чыгып калыппыз,
Бизди отуздай салдат аткылап,
Бешатар огу чуулдап,
Беттетпей койду зуулдап.
Сары-Булак
өрдөй качканбыз,
Карагайды туурдап.

Андан соң Нарындын туш-тарабынан улам жаңы көтөрүлүшчүлөр келип жыйылып, Теңир-Тоо калкы оторчуларга каршы чабуулду жандантууга бел байлайт:

Сары-Күңгөй, Чычардан
Сандаган к
үчкө жолугуп,
Салдаттан с
өздү салдык биз.
Калы
ң күчтү жөнөтүп,
Кароол карап калдык биз.
Капчыгайдын жолдорун
Кара
ңгыда чалдык биз.
Кара-Каман, Балгарттан
Кабарлап тилге кандык биз.

<…>

Бул кабарлар угулуп
Биздин эл улам чыйралды.
Ажы, Субан, Надырбек
Алар да келип жыйналды.
Ак-Мойнокко чогулуп,
Аскерди б
өлүп шыйгарды.
Ар болуштан эки ж
үз
Алты ж
үз киши ыйгарды.
Нарындан каптап кир
үүгө
Атышып жоону с
үрүүгө,
Ат-Башы, Нарын кошулуп
Камайлык деп к
үнүгө,
Карылыктап найза алып,
«Казат!» деп жалпы аттанып,
К
өпүрөгө өрт койдук
Кара
ңгыда биз барып.

Бирок Чүй менен Кочкордогу көтөрүлүш очокторун басып, айоосуз жазалап, орус аскерлери Ички Теңир-Тоого илгерилеп келди.

Ошол тапта Сузак жана Тогуз-Торо аркылуу Нарындын жогорку башатына карай өрдөгөн жазалоочу аскерлерге каршы тогуз-торолук жаа ак-талаалык кыргыздардын жоокерлери салгылашкан.

Нарындын түмөн күчтүгү
Чоро менен саяктан,
К
өк-Артты ашкан салдаттын,
Жолун тосуп аяктан
Султангазы — Калпа ажы
Үй көчүрүп ат байлап,
Жолун тосуп салдаттын
Союшуна мал айдап,
Нарынга баштап келиптир.
Баарысын кырып салыптыр,
Карагайга жашынып
Деркенбай жалгыз калыптыр,
К
үлүгү кызыл ат менен
Качып ж
үрүп Деркенбай
Калганын даана тааныптыр.

Бардык тараптан кызыл кыргын улантылып, падышалык жазалоочу аскерлер Нарын шаарын көздөй жиреп келе берди. Нарындыктар атышып жатып Кытай тарапка чегинүүгө аргасыз болушту. Бул чегинүү айрым учурларда баш-аламан качуу менен да коштолду.

 

Малай Кыдык уулунун акыркы салгылашуусу

Улуу муундагылар урпактарына өткөргөн маалыматтардын бири – бабалардын эгемендик үчүн күрөштөгү эрдиги жөнүндө баян эмеспи.

Мен ыраматылык Сүйүмкан чоң энемден, анын сиңдиси болгон Сейдана таянемден, ошондой эле алардын сиңдиси Жамийла таяжемден да чоң таятам Малай Кыдык уулу тууралуу көп укчумун. Таякелерибиз менен бөлөлөрүбүз да укмуш окуялардын учугун чыгарып айтышаар эле.

Совет доорунда Малай Кыдык уулунун өтө бай киши болгону тууралуу маалымат “пролетариат диктатурасы” орногон мамлекеттеги пионер баланын кулагына коммунистик бийликке жакпаган жашыруун сыр айтылгандай эле угулган.

Малай Кыдык уулунун кыздарынын бардыгы өз учурунда жакшы таалим алышкан экен. Таянем Сейдана кичинекей кезимде, 1960-жылдардын соңунда, мага арап алфавитин үйрөтүүгө далаалат кылып, “Аптиектен” шыр окуп, тим эле мурду тердегиче сабак бергени эсимде. Оюнкараак учурум эле, чынын айтайын, бул алфавитти анда үйрөнө албадым, кийинчерээк гана, 1983-жылдан тартып Ташкенде жүрүп үйрөндүм. Айтайын дегеним, бул Малай чоң таятам Өктөбүр ыңкылабына чейин эле курман болгон (анын окуясы төмөндө айтылат), бирок ошол эски заманда эле кыздарын мектепке берип, сабаттуу кылган алдыңкы көз караштагы киши болгон көрүнөт.

Малай чоң таятам Нарын жергесиндеги улуттук боштондук көтөрүлүшкө катышкандыгы, Эки-Нарын аркылуу Сырт жакка, андан Кытайга карай багыт алган качкындар тобунун коопсуздугун сактап салгылашып жүрүп шейит кеткендиги жөнүндө үй-бүлөлүк маалыматты эми гана башка көз каранды эмес булактан тастыктап отурам.

Актан Тыныбек уулу өзүнүн “Үркүн” деп аталган даректүү мүнөзгө ээ поэзиялык чыгармасында чоң таятабыз (таянебиздин атасы) тууралуу мындайча кыска баяндайт:

…Бала кыйра качыптыр,
Д
өбөлү менен Нарындан,
Тарагайды бет алып,
Далай эл к
өчүп камынган.
Качкынды кууган салдаттар
Капчыгайда кабылган.
К
өч артынан тааптыр
Кыдыктын уулу Малайды
Салдатты баштап эл кууган,
Кылган иши жарайбы.
Кыядан жалгыз атышып,
Малай да сойгон далайды.
Ок дарысы т
үгөнүп,
Отурган Малай
үшкүрүп,
Алды
ңкы эл узап кетсин деп,
Айла менен иш кылып.
Сары-Кыянын ташына
Салдаттар чыгып барыптыр.
Токтотуп жаткан Малайды
Топ салдат кармап алыптыр.

Малай Кыдык уулунун өмүрүнүн соңку учурларын анын улуураак кыздарынын бири Сейдана Малай кызы (биздин таянебиз) өзү көргөн экен. Окуянын андан аркысын тайыларыбыз оозеки калтырган үй-бүлөлүк баян толуктайт.

Курал-жарагы бар бир канча жигити менен Малай Кыдык уулу жазалоочу аскердин жолун тороп атышып турат. Актан атанын ыр саптарына караганда, акыры ал өзү жалгыз атышып калат өңдүү. (“Кыядан жалгыз атышып, // Малай да сойгон далайды…”)

Анан куралсыз бала-бакыра, карапайым калайык кан майдандан алысыраак узап кетүүсү үчүн убакыт утуу максатын көздөп, ал орус аскерлери менен сүйлөшүүгө барат.

Анын бала-бакырасы, уруулаштары жана жердештери өтө алыс качып барып, бийик тоодон калган окуяны байкап турушкан экен.

Орус жоокерлеринин башчысы тынчтык сүйлөшүүгө көнбөй койгон соң, Малай Кыдык уулу жайнамазын жайып, намаз окуй баштайт. Ал намазын бүтө электе эле жазалоочу аскерлердин бири аны кежигеге атып өлтүрөт.

Мунун бардыгын көрүп, ыйлап-сыктаган анын бала-бакырасы башка эл менен чогуу Ысык-Көлдүн Сыртына качат, андан ары Кытайга жөнөшөт. Кытайга өтүү үчүн өзгөчө ыңгайлуу болгон Торугарт (Торук-Арт) ашуусу падышалык Орусиянын мурдатан бекем кайтарылган чек ара бекети болгондуктан, качкындарга ал жак аркылуу кытайлык чек арадан өтүүгө эч мүмкүн эмес болчу. Нарындык качкындардын соңку толкунундагылар дал ошол себептүү түштүк жакка (Торугартка) кетпестен, далай тар жолдон, көпүрөсү жок тайгак кечүүдөн өтүп, күн чыгышты – Ак-Шыйрак, Бедел, Муз-Артты карай бет алышат.

 

Үркүн – аргасыз тактика катары карт тарыхка ээ

Көтөрүлүш жеңилген соң, качууга аргасыз болгон кыргыздар да жоокер элинин салтына ылайык коопсузураак аймактарга чегинишкен.

Мындай Үркүн окуялары XI кылымда да болгонун Махмуд Кашгари Барскани бабабыз өзүнүн 1072-1077-жылдары арапча жазылган “Дивану дугати т-түрк” чыгармасында тастыктайт. “Бодун үрктү” сүйлөмү “эл үрктү” дегенди туюнтат деп ал арап окурмандарына бул сөздү которуп түшүндүргөн.

Эмир Темир жана анын урпактары XIV кылымдын акыры – XV кылымдын башында Теңир-Тоого кыйсыпыр түшүрүп басып кирген учурларда да жергиликтүү тоолук бабаларыбыздын бир тобу Тарбагатай, Алтай тарапка чейин чегинип “үркүп”, кайра Теңир-Тоого кайтып турган. Үркүн – тоолук эл үчүн жоого жеңилбөөнүн, эч кандай кулчулукка моюн сунбоонун кылымдар карыткан аргасы эле.

Бул ирет да, 1916-жылдын баш оона жана аяк оона айларында, теңир-тоолук бабаларыбыз Батыш Кытайды көздөй самсып качууга аргасыз болушкан. Уюшкандыкта жапатырмак чегинүү жана качуунун ушул ыкмасы Актан Тыныбек уулунун чыгармасында деле “Үркүн” деп аталган. Ошол азаптуу доордон кийин нечендеген кыргыз балдарын Үркүнбай, Үркүнчү, Беделбай, Ашуубай, Турпан, Кашкарбай, ж.б. ысымдар менен аташкан. Уйгурлардын жана кашкарлык кыргыздардын таасири астында «ахун» сөзү да ысымдарга көбүрөөк жалгаштырылган. “Какшаал” сөзү каргыштын бир түрү катары кеңири таркалган.

Азыркы тапта айрым кыргыздар “Үркүн” сөзүнөн уялымыш болуп жатышат, деп айтсак, ошондогу бабаларыбыз тирилип келсе, балким, баш чайкап, “тарыхый доор калтырган ата-баба сөзүнөн уялбагылачы” деп айтып кейишмек чыгаар?

Көтөрүлүш жеңилген соң башталган ошол тагдырдын тайгак кечүүсү болгон Улуу Үркүн кезеңин акын жана дастанчы Актан Тыныбек уулу мындайча сүрөттөйт:

Ала-Тоо сени таянып,
Атышып бир аз жаттык биз.
Аёосуз кыргын салган со
ң,
Айлабыз кетип шаштык биз.
Жарак курал жогунан
Жан калкалап качтык биз.

Бирок, жогоруда айтканыбыздай, көтөрүлүшчүлөр качып баратып да уюмдашып, оболу бала-бакыраны алдыга жиберип, өздөрү кас душмандын жолун бууп аткылашат. Ал түгүл калп эле көп сандаган жоокер тургансып, жазалоочу аскерлерге сүр кылуу үчүн, аскердик ар кыл айла-амал жасашкан.

Ички Теңир-Тоодогу далай баатырлар жазалоочулардын жолун бууп, салгылашып жатып курман болушкан.

Актан Тыныбек уулунун бул ырынан ал өзү да ошондой эл четинде, жоо бетинде жүргөн жигиттерден болгонун баамдайбыз:

Кара-Саздан көчкөнбүз,
Кара Каман, Балкартты
Катары менен кечкенбиз.
Атка токтор жан калбай,
Атышалы дегенбиз.
Аял менен бала-чаканы,
Аман сактап калсак деп
Аманат жандан безгенбиз.
Жаман-Эчки ашканбыз,
Жасооту болуп шашканбыз.
Кароол-Т
өбө, Туруктан
Кароолго барып жатканбыз.
Кара
ңгыда жол чардап,
Каршы-терши чапканбыз.
Ка
ңырт салып туш-туштан,
Калп эле мылтык атканбыз.

Акындын мындагы “каңырт салып туш-туштан” дегени – көтөрүлүшчүлөрдүн атайылап чуру-чуу салып, арттан жиреп келе жаткан оор куралданган жазалоочуларга сес көрсөтүү аракетин чагылдырат. Анда-санда мылтык да атылып турган.

Актан Тыныбек уулу өз дастанында Улуу Үркүн маалындагы азап-тозокторду Ала-Тоону сагынуу сезимине жуурулуштуруп чагылдырат:

«Айланайын Ала-Тоо
Айрылдык сенден ажырап,
Ат-кунан чаап жатчу элек,
Аш менен тойдо шатырап.
Айланып кайра
үй тигип,
Сени к
өрөбүзбү батыраак.
Булагы
ң тунук сымаптай,
Му
ңкантат жанды чыдатпай.
Боору
ңа тарткын Ала-Тоо,
Боздотуп бизди ыйлатпай.
Жалтырап к
өлүң чайпалган,
Жел тийсе толкуп чайкалган.
К
үңгөй, тескей тоолоруң
Г
үл бурап чөбүң жайкалган,
К
үн барбы сени көрүүгө,
К
үкүгү таңшып үн салган.
Тоолору
ң токой карагай
Балыгы
ң туйлап баладай
К
өчкөнбүз сенден Ала-Тоо
К
өз жаш агып талаалай.
Кадыры
ң өтөр Ала-Тоо,
Кантелик сени санабай.
Жердетпей сени кууду го,
Желмогуз залим арам ай.
Тумандуу аска бийиги
ң,
Топтошуп ойноп кийиги
ң.
Кайрылып сени к
өрбөсөк
Канткенде чыгат к
үйүтүң.
Алтыны
ң сайдын ташындай,
Алма
ң бир аттын башындай,
Атырдай жыты
ң бурулдап,
Аба
ң бир салкын жымылдап.
Ала-Тоо сенден кеткенде,
Айлабыз барбы жашыбай.
К
үмүшүң сайдын ташындай,
К
өз жаштар агып тамчыдай.
Г
үл бурап чөбүң жайкалып,
К
өрөсөн төрүң чалкайып.
К
өз жеткис калдың аркада
К
өралбай көңүл жашыды…

Үркүн маалында жалпы элдик трагедия менен кошул-ташыл пенделик кубанычтар да болгонун, өлүм күчөгөндө деле өмүр үчүн күрөш жүргөнүн акын мындайча жазат:

Кээ бир киши кез келип,
Бала таап алышкан.
Үркүндө кудай берди деп,
Үмүт менен багышкан.
Тааныса алып коёт деп,
Далдалап ж
үзүн жабышкан…

Чыгыш Теңир-Тоо менен Тарим ойдуңун каптаган качкын кыргыздардын топторун ал мындайча сыпаттайт:

Атын угуп көрбөгөн,
Алты шаарды пааналап.
Ак-Суу, Турпан, Кашкарды,
Биздин эл кирди аралап.
Жалгыз жарым калгандар,
Жаматтуу элге каралап.
Колунда жок начарлар,
Малдууларды сагалап.
Бай-манап ж
үрөт кедейди
Мына урушкун деп табалап.
Ар ким ж
үрөт өзүнүн
Ал кубатын чамалап,
К
үчөргө кетти далай эл,
К
үндөп-түндөп сабалап,
Ата конуш жери жок
Ар кимдин башы ма
ң болуп.
Ак-Суу, Турпан, Какшаалдын,
Арасы туман ча
ң болуп
Туруктуу конуш жери жок,
Турпанга бардык сенделип.
Туура ч
өп калбай жеринде,
Туш-тушунан эл келип.

<…>

Улуу жолду чаңдатып
Убараны к
өп тартып
Уругун издеп туш-тушка
Чубап ж
үрдү жөө басып.
Кулжа, Текес жагында
Калмактан к
өрдүк кордукту,
Кайда болсо качкынга
Канкорлор кылган зордукту.

<…>

Өлүгүн жерге көмбөгөн,
Адаты экен калмактын
Акалакчы за
ңгиси
Манасы экен калмактын.
Кулжа менен Алтын каш
Калаасы экен калмактын.
Суур менен ач к
үзөн,
Тамагы экен калмактын.
Сураганын бербесе
ң,
Таягын жейси
ң калмактын.
Үрүмчү менен Күчөргө
Үркүгөн эл барды бул жерге.
Ушу к
үндө качкын бар
Котен менен Жеркенде.
Кыдырып далай ж
үрдүк биз,
Кыйноону кыйла к
өрдүк биз.

 

Кийинки доорлордогу аткан таңдарыбыз 1916-жылдан башат алган

Акын Актан Тыныбек уулу Кеңеш өкмөтү орногондон кийин качкындардын Батыш Кытайдан Атажуртка кайтуу учурлары, болшевиктик теңчилик реформалары тууралуу да поэмасында баяндайт.

Бадыша тактан кулаптыр,
Байлары кошо сулаптыр.
Балшабек деген к
өп элди
Башкарып закон чыгарып,
Кедейдин башын кураптыр».
Деп кабарды укканда,
Качкындын баары к
үлүңдөп,
Калбастан жалпы кет
үүгө
Качкындын баары камданып…

Чыгарма 1927-жылы жазылып алынгандыгын эстесек, албетте, падышалык оторчул режимге караганда 1917-1927-жылдардагы Кеңеш бийлиги асман менен жердей прогрессивдүү бийлик болгондугу талашсыз. Акын, албетте, ошол замананын агымы менен Ленин менен Сталинди да мактайт.

Мурдагы качкындардын жаңы майрамдык маанайын ал минтип чагылдырат:

Качкан элдин баарына,
Камдаптыр Совет жемишти.
Бунктка жыйнап толгон мал,
Б
үлөгө карай беришти.
Бадышаны кулатып,
Балшабек алган же
ңишти.
Ала-Тоого дыйкандар,
Ар т
үрлүү эгин эгишти.
Таалайыбыз ачылып,
Талааны совет ке
ңитти.
Жер-жерине жай алып,
Желбиреп кызыл туу алып,
Же
ңиштин гүлүн теришти.

Дал ошол Кеңеш бийлиги маалында 1922-жылы Тоолуу облус, 1924-жылы Кара Кыргыз автоном облусу, 1926-жылы Кыргыз АССРи, ал эми 1936-жылы – Кыргыз ССРи негизделген. Бул советтик тең укуктуу жумурият – Кыргызстан — 1991-жылы өзүнүн конституциялык укугуна таянып, өзүн көз каранды эмес мамлекет деп жарыялаган.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы ушул саналып өткөн баскычтарга жана эгемендикти калыбына келтирген соңку өзгөрүүлөргө жол ачкан улуу күрөштүн (1916-жылкы бабалардын боштондук көтөрүлүшүнүн) тарыхы – Актан Тыныбек уулу сыяктуу ошол доордун күбөсү жана жалындуу катышуучусу болгон залкар дастанчылардын чыгармалары аркылуу ажарына чыгып турат.

 

Кыскача түшүндүрмө сөздүк

Балкарт (Балгарт, Балык-Арт) – Ысык-Көл жана Нарын жергесиндеги бийик тоодогу өрөөндөрдүн бири. Балгарт өрөөнү Ички Теңир-Тоодо жайгашып, Жетим-Бел, Жетим, Үч-Эмчек тоолору менен курчалган. Кара-Саз, Буркан жана Арчалы сууларынын төмөнкү агымында жайгашкан. Өрөөндүн узундугу- 82 км, эң жазы жеринин эни — 7 км. Балгарт суусу Кичи Нарынга куят.

Балшабек – болшевик (орусча большевик).

Боз-Бешик – азыркы Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы кыштагынын түштүк-батышындагы дөңсөө. Бул дөңсөөдөн тегеректеги ири аймак алаканга салынгандай көрүнүп турат.

Бункт – орусча “пункт” (“түйүн”, “чекит”, “чогулуу жайы”) сөзүнөн.

Дөбөлү — азыркы Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Дөбөлү (Дөбөлүү) айылынын аймагы. Нарын дарыясынын түштүк өйүзү. Ал деңиз деңгээлинен 2180 м бийикте, Нарын районунун борбору Нарын шаарынан 19 км чыгыш тарапта жайгашкан.

Жаман-Эчки — Ички Теңир-Тоодогу мөңгүнүн жана тоолуу өзөндүн аталышы. Жетим кырка тоосунун түндүк ыптасындагы Жаман-Эчки мөңгүсүнөн башат алган Жаман-Эчки суусу — Тарагай суусунун оң куймасы.

Кара-Саз – Нарын жергесиндеги тоо койнундагы өрөөндөрдүн бири. Кара-Саз өзөнү – Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Кичи Нарын суусунун оң куймасы. Капка-Таш тоосунун түндүк капталынан башталып, Кара-Каман жана Капка-Таш тоолорунун аралыгындагы түзөң, саздуу өрөөн аркылуу агат. Башатында Бел-Тепши, ортоңку агымында Чардак-Суу жанаТаш-Кечүү аталат.

Он-Арча – Нарын дарыясынын түндүк жактагы куймаларынын бири. Анын башаты Солтон-Сары жана Терс-Суу дарыяларынан куралат. Он-Арчага Оттук суусу куйган жерде 1916-жылы куралдуу кагылышуу болгон.

Сары-Кыя – Нарын дарыясынын башаттык жагындагы кыя. Нарындык качкындар аны өрдөп, андан ары Ысык-Көлдүн Сыртын карай, андан ары Кытайды көздөй сапарын уланткан.

Тарагай – азыркы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу тоолуу өрөөн (капчыгай). Ички Теңир-Тоодо. Нарын районунун аймагынын чыгышындагы бул өрөөн Сөөк (Жетим-Бел), Тескей Ала-Тоо жана Ак-Шыйрак кырка тоолорунун аралыгында түндүк-чыгыштан түштүк-батышка карай Тарагай суусунун агымы боюнча 80 чакырымга созулуп жатат. ​Өрөөндө Тарагай суусу (Чоң Нарын дарыясынын башталышы) жана анын куймалары – Жаман-Эчки, Өкүргөн, Сөөк, Жетим-Бел, Май-Төр, Ара-Бел, Котур-Төр, Ит-Тиш (оң) жана Чолок-Төр, Борду, Сары-Төр, Кум-Төр (сол) суулары агат. Таманында ондогон майда көлдөр бар.

Тынчтыкбек Чоротегин, «Азаттык», 31.07.2016-ж.

Макала Актан Тыныбек уулу жана 1916-жылкы Ички Теңир-Тоодогу элдик көтөрүлүш бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Жеткинчек, тестиер, өспүрүм, чал, абышка — булардын айырмасы эмнеде?

$
0
0

Кыргыздар ар бир адамдын жаш курагына, коомдогу ээлеген ордуна жараша ар кандай кайрылышкан. Айрым сөздөр бир эле маанини билдирип тургандай сезилгени менен мааниси таптакыр башка болушу ыктымал. Мисалы «чал» менен «абышканын» айырмасын билесизби?

Балдардын жеткинчек, тестиер, өспүрүм, боз улан, улан деген сыяктуу жалпы аталыштары болот. Бирок алардын кайсынысын кандай учурда колдонуу керектигин көпчүлүк биле бербесе керек. Буга байланыштуу «Тибиртке» рубрикасы филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев менен биргеликте сөз маанисин чечмеледи.

Түйүлдүк — эненин курсагындагы мезгил;

Ымыркай – жаңы төрөлгөн балага карата айтылат;

Биттенип калды – бир айлык кези;

Күлүшүп калды – 2-3 айлык кези;

Торолуп калды – 3-5 айлык кези;

Балтыр бешик бала – 5-6 айлык бала;

Наристе – 1-6 жашар мезгили;

Жеткинчек – 6-11 жаштагы мезгил;

Тестиер кез – 12-14 жаш;

Өспүрүм – 15-18. Бул курактагы балдарды боз улан, ал эми кыздарды селки деп да коюшат;

Бийкеч – 14-18 жаштагы кыздарга сый, урмат катары кайрылуу;

Кыз – турмушка чыга элек мезгилдин жалпы аталышы;

Улан – 18-22 жаш;

Жигит — 23–30 жаш;

Аял – турмушка чыккан жана 30дан ашкан аялзатынын жалпы аталышы;

Орто жаш, орто курак – 50 жаш. Көбүнчө эркектерге карата «Эр ортону — элүү» деп айтылып жүрөт.

Чал-кемпир: карыган курактын жалпы аталышы. 60 жаштан жогорку курактагыларга карата айтылат. Кээде терс мааниде (көбүнчө урушкан кезде) «какбаш, шүмшүк, оңбогон чал», «шүмшүк кемпир» ж.б. деп айтылат;

Абышка – анча жамандыгы жок, бир калыпта жүргөн карыя. Кемпири сыйлоо, урматтоо маанисинде да «абышкам» деп кайрылат. Бул дагы 60 жаштан жогору курактагыларга айтылат;

Байбиче – кадыр-барктуу кемпир, сыйлоо, урматтоо маанисин билдирет. 60-70 жаштан өткөндөргө айтылат;

Аксакал – жашы улуу (60-70), кадыр-барктуу адамдарга карата айтылат. Кээде жашы кичүү болсо да, даражалуу, кызматы чоңдорго карата сый-урмат катары колдонулат.

Сүрөт Табылды Кадырбековдуку, Айида Батырбекова, «Sputnik – Кыргызстан», 07.07.2016-ж.

Макала Жеткинчек, тестиер, өспүрүм, чал, абышка — булардын айырмасы эмнеде? бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Курманжан Датканы ким туткунга алган?

$
0
0

Cүрөттө Садык Шер-Нияз тарткан «Курманжан Датка» тасмасы. Кинодо Курманжан Датканын ролун Элина Абай кызы аткарган.

Польшада кадимки Курманжан Датканы Памирде туткунга алган Бронислав Громчески тууралуу китеп поляк тилинде басылып чыкты. Wielki gracz же «Чоң оюнчу» деп аталган тарыхый изилдөөнүн автору Макс Сегиелский Жаңыл Жусупжандын суроолоруна жооп берди.

1876-жылы Курманжан Датканы Шабдан баатыр курчоого алып, аны Маргалаңдагы падышачыл Орусиянын штабына князь Витгенштейн “узатып баргандыгы” маалым. Бул окуяны сүрөттөгөн Википедиядагы макалада анын туткундалгандыгы же ким аны туткунга алгандыгы анык-так жазылган эмес. Садык Шер-Нияздын эпикалык “Курманжан Датка” көркөм тасмасында бул эпизод камтылган эмес.

Ушул жаатта иликтөө жүргүзгөн журналист-изилдөөчү Макс Сегиелский Орусия “Алай ханышасы” деп барктап, полковник чинин берген Курманжан Датканы “англичандар өздөрү кооптонгон чоң тыңчы”, польшалык аристократ Бронислав Громчевски туткундагандыгын аныктап чыкты.

Сегиелски буга чейин Азия боюнча бир катар китептерди жазган. Ага мен ал азыркы изилдөөсүнө маалымат чогултуп Мургабга (Тажикстан) келгенде учурашып калдым.

Макс Сегиелски: Мургабда Сары-Көлдүн тегерегинде, дарыянын жээктеринде 1892-жылы орусиялык падышалык күчтөр менен оогандардын чакан тобунун ортосунда жер үчүн салгылаш болуп, орустар оогандардын дээрлик баарын (20дай адамды) кырып салышкан.

Орус падышачыл аскерлер оогандар менен кагылышкан аймак, Мургаб, Тажикстан.
Орус падышачыл аскерлер оогандар менен кагылышкан аймак, Мургаб, Тажикстан.

Менин жердешим Бронислав Громчевски ошол орустардын катарында болгон. Алардын жетекчиси Михаил Йемов Памирди Орусияга күч менен кошуп алуунун башкы командири болгон, ал салгылаштан кийин алар биринчи туруктуу орус чебин куруп, ал «Памирский пост» деп аталып, азыр ал Мургаб деп аталат.

Ал кезде Бронислав Громчевски офицер, оторчу (колонизатор) офицер болгон десек да болот.

Жаңыл Жусупжан: Биз “поляктар боштондукту туу тутат, алар колонизатор эмес” дейбиз го?

Макс Сегиелски: Ооба, так ошондой. Поляктардын сыймыктанганы ушул – бизде эч качан колониялар болгон эмес. Китептерде да ушинтип жазылат. Бирок XIX кылымда картада Польша деген жок эле — ал Орусия, Пруссия жана Австриянын курамында бөлүнүп калган. Ошондуктан көптөгөн жаш жигиттер, ак сөөк феодалдык үй-бүлөлөрдүн уулдары Орус империясында, орус армиясында атак күткөнгө аракет кылышкан.

Бронислав Громчевски, "Курманжан Датканы туткунга алганын" жазган китебинен сүрөт.
Бронислав Громчевски, «Курманжан Датканы туткунга алганын» жазган китебинен сүрөт.

Громчевскинин атасы орустарга каршы көтөрүлүштөргө катышкан, бирок уулу Орусиянын армиясына кошулган. Бир жери, ал “Польшада, Варшавада кызмат өтөбөйм, өз элиме каршы турбайм” дегендиктен, Түркстанга которулган. Өз элине каршы кызмат кылгысы келбей, ал Борбордук Азия элдерине каршы кызмат кылган.

Жаңыл Жусупжан: Ошентип ал Курманжан Датканы колго түшүрүптүрбү?

Макс Сегиелски: Ал ошентип жазыптыр, муну мурда эч ким билчү эмес. Кыргызстандагы Курманжан Датка тууралуу аңызды толук билбесем да, угушумча элдин баары ал жөн гана орустар менен макулдашууга барган деп ойлойт окшойт.

Громчевскинин айтымында, орус колдору Алайга барып, кыргыздарга каршы согушканда, саны аз болсо да, артиллерия, башка куралдары күчтүү болгондуктан орустар жеңет. Ошондо Курманжан Датка Кызыл ашуусу аркылуу Кара-Көлгө (Мургаб районундагы көл), андан ары Памирге качкан.

Кара-Көлдун көрүнүшү, Мургаб району, Тажикстан.
Кара-Көлдун көрүнүшү, Мургаб району, Тажикстан.

Курманжан Датканы орус-казак жоокерлери менен Кара-Көлдүн жанынан, Кызыл-Арт жана Ак-Байтал ашууларынын ортосунда кармаган.

Жаңыл Жусупжан: Борбор Азия боюнча китеп жазып калтырган экен, ошол окуянын жүрүшүн сүрөттөптүрбү?

Макс Сегиелски: Жок, чоо-жайын жазган эмес. Кызыгы – ал муну аң уулоо тууралуу китебинде жазган. Ал Памирде аркар (Marco Polo sheep) уулап жүргөнү тууралуу жазып келип, айрым жерлерде Скобелев менен Алайга келгенин, анан Курманжан Датка качканын, аны орус-казак жоокерлери менен артынан барып кармап алганын жазат.

Алар андан ары Алайга келип, Скобелев Курманжан Датка менен сүйлөшө баштайт, анын эр жүрөктүгүнө ушунчалык суктангандыктан, аны эркиндикке чыгарат. Бул сөзсүз жанагы “Европалыктар жапайы жерге барса, жергиликтүү эл ушунчалык баатыр экен, ошон үчүн аларды койо бердик” деген сыяктуу жомокторго окшошпой койбойт, кантсе да бул абдан чыгыш таануучулук жана оторчу мүнөздөгү баян.

Памирди кошуп алгандан кийин Громчевски Памирде Орусия администрациясынын жетекчиси болгон. Кеңсеси Мургабдагы азыркы оорукананын имаратында экен, 1895-жылга чейин ошол жерде иштеген. Менимче, кыргызстандыктар үчүн дагы кызыктуу жери – ал 1893-жылы башка инженерлер менен чогуу Гүлчөдөн Сары-Ташка Талдык ашуусу аркылуу өткөн жол курдурган.

20-кылымдын башында тартылган бир фотосүрөттөн Талдык ашуусундагы, анын чокусундагы эстеликти жана аны Громчевски жана башка бир нече инженер (ал да поляк экен) жасагандыгы тууралуу маалыматты көргөм.

Жаңыл Жусупжан: Ал Мургаб бийлигин кандай сүрөттөйт, элден салык жыйначу бекен?

Макс Сегиелски: Азиядагы Орусия колониалдык империясында салыктар Индиядагыдан кыйла төмөн болгонун элдин баары эле биле бербейт. Мисалы, жер ээлөөчү орус өкмөтүнө тапканынан 1/10 гана төлөсө, Индияда ¼ төлөгөн.

Жаңыл Жусупжан: Бул орустар жакшыраак оторчу болгон дегенди билдиреби?

Китептин автору Макс Сегиелски, Мургап.
Китептин автору Макс Сегиелски, Мургап.

Макс Сегиелски: Мен алар жакшыраак оторчулар болгон деген жокмун, себеби жакшы оторчу деген болбойт. Бирок бул Памирдеги кырдаал чындап эле татаал болгон деп ойлойм: бир жагында көчмөн кыргыздар, экинчи жагында — Вахан, Панжи дарыясы жакта памирликтер бар эле. Памир элдери шиит мусулмандарынын ичиндеги исмаилиттер болгондуктан дининин айынан катуу басымга учураган.

Громчевскинин китебинде өлүккө толгон жолдор, ооган аскерлери көздөрүн тешип алган адамдар сүрөттөлөт.

Жаңыл Жусупжан: Бул Орусиянын пропагандасы деп ойлобойсузбу?

Макс Сегиелски: Жок, Громчевски китептерин Польшада 1920-жылдары жазган. Ал анда офицерлик кызматтан кеткен болчу, карып, эскерүүлөрүн жазып жаткан. Ал бул китептерин поляк тилинде поляктар үчүн жазган. Балким ал өзүн жакшы киши кылып көрсөткүсү келгендир. Бирок мен Хорогдо жана бул аймакта сүйлөшкөн элдин баары деле оогандарга караганда орус падышасынын кол алдында болгон бир топ жакшы болчу деп айтышат.

Жаңыл Жусупжан: Ошентип, бул аннексия эмес, “ыктыярдуу кошулуу” болгонбу?

Макс Сегиелскинин "Чоң оюнчу" китебинин мукабасы.
Макс Сегиелскинин «Чоң оюнчу» китебинин мукабасы.

Макс Сегиелски: Албетте, бул аннексия болгон, бирок орус падышасы башынан эле, XIX кылымдын 60-жылдарында Кокон, Букараны басып ала баштаганда эле, ушул кулчулук маселесин бетине кармап келген, бирок бул шылтоо болгон, себеби бул чындык эле. Түрк жамааттары бул жактагы тургундарды кулчулукка алып кетишчү. Ошондуктан бул сөзсүз шылтоо, бирок жакшы шылтоо эле.

Жаңыл Жусупжан: Тоолуу-Бадахшан автономдуу аймак, бирок Дүйшөмбү менен мамилеси анчейин эмес. Памирдин азыркы абалы тууралуу эмне дейсиз?

Макс Сегиелски: Менимче, Памирдин саясий же дипломатиялык келечеги кең деш кыйын. Исмаилиттердин чоңу Ага Хан да Памирде билим берүүгө көп инвестиция жумшап жатат. Ошондуктан Хорогдогу эл бүткүл Борбордук Азиядагы эң билимдүү эл деп айтышат.

Жаңыл Жусупжан: Тоолуу-Бадахшанда Хорог бийликтери кыргыздарды түндүккө сүрүп жаткандай, аларды жекелегендей саясат бардай көрүндүбү?

Макс Сегиелски: Жок, мен билгенден, памирликтер Дүйшөмбүдөгү өкмөттү жек көрүшөт, кыргыздар менен да диний, маданий же тилдик байланыштары жок. Мургабдагы өкмөттүн расмий өкүлдөрүнүн көбү памирликтер эмес, Дүйшөмбүдөн келген тажиктер болушу керек.

Ош-Хорог жолундагы боз үй, Мургап району, Тажикстан.
Ош-Хорог жолундагы боз үй, Мургап району, Тажикстан.

Жаңыл Жусупжан: Мургабдык кыргыздар Хорог менен Дүйшөмбүнүн ортосунда чайналышат, өздөрүн өгөй баладай сезишет. Ошол эле Ага-Хан Кыргызстанда университет ачып жатат, демек памирлик кыргыздарга жакшыраак каралашса болмок эле да.

Макс Сегиелски: Памирликтер да өздөрүн өгөй баладай сезишет, мисалы, бир-эки жыл мурун өкмөт элдин аркарларды атышын токтоткон. Эми жергиликтүү кыргыздарга уруксат жок, памирликтерге да уруксат жок, аны борбордук өкмөт тартып алды. Акчанын баары борбордук өкмөткө кетет…

Жаңыл Жусупжан: Исмаилиттердин Ага Ханы бар, кыргыздарда Ага Хан жок, аларда эч ким жок… Кепти кайра Ошко бурсак. Сиз Ошто болгонсуз, эмнеге кыргыздар Курманжан Датканын башынан өткөнү тууралуу көп айтылбайт?

Макс Сегиелски: Курманжан Датканын кармалышы тууралуу бул окуя Громчевскинин китебинен башка жерлерде айтылган деп ойлобойм. Бирок ал так ушинтип жазат: “Биз Курманжан Датканы алып келдик, Скобелев болсо ага болгон сый-урмат менен сүйлөштү”. Болгону ушул – “орустар аларга сый көрсөтүштү”. Бирок ал аны дипломатиялык максатта жасаган.

Чындыкты эл билишин көп учурда каалабайбыз. Громчевски тууралуу да ошону айтса болот – өмүрүнүн акыркы 6 жылында Польшада жүргөндө ал өзүн падышанын атайын тыңчысы катары эмес, жөн гана изилдөөчү, этнограф катары көрсөткүсү келген. Чындыгында эле, анын алайлыктарды, кыргыздарды сүрөттөгөнү абдан этнографиялык десек болот. Кыргыздардын кыз узатуу, үйлөнүү салттарынын жол-жоболорун баяндаган.

Орустар “Европада биз азиатпыз, Азияда европалык боло алабыз” деп айтышат. Анын сыңарындай, Громчевски, мисалы, эки кызматчысы тууралуу көп жазыптыр – бири сарт, бири… чагатай болуптур. Ага 10 жылдай кызмат кылган ушул эки киши тууралуу алардын аттарын, каяктык, кандай экенин, ийне-жибине чейин сүрөттөйт.

Ошол эле мезгилде ал офицер жана дипломатиялык тыңчы болгон. Ал жөнүндө англиялык булактарда “абдан коркунучтуу тыңчы” деп айтылат. “Чоң оюндун” (“Большая Игра” же англ. Great Game – Британия, Кытай, Орусиянын ортосундагы Борбор Азия үчүн кармаштын тарыхый аталышы) заманында Бронислав Громчевски империялардын чоң кагылышуусунун бир оюнчусу болгон.

Жаңыл Жусупжан, «Азаттык», 10.08.2016-ж.

Макала Курманжан Датканы ким туткунга алган? бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Кыргыздар тшө-тшө, кыйтуу-кыйтуу, ар-ар деп кайсы жаныбарларды чакырарын билесизби?

$
0
0

Кыргыздар үй жаныбарларын чакырганда же тескерисинче айдаганда буга тиешелүү сөздөрдү колдонушкан. Филолог Ишенбек Султаналиев жапайы жаныбарлар адамдардын күнүмдүк жашоосуна түз байланышы болбогондуктан, аларды чакырып, айдап-кубалаган сөздөр жок болушу мүмкүндүгүн айтат.

Илгертен мал чарбачылыгы менен алектенген кыргыздардын макал-ылакаптары, чыгармалары да жаныбарларга байланыштуу айтылган учурлары кездешет. Бүгүнкү «Тибиртке» рубрикасында кыргыздар жаныбарларды кантип чакырып же кубалаганы тууралуу жазууну туура көрдүк.

Кой — чакырганда: тшөө-тшөө; кырой-кырой; айдаганда: кош!

Ат, жылкы — чакырганда: мо-мо; бо-бо! Кулун — кыруу-кыруу; айдаганда:чү!

Ит — чакырганда: күчү-күчү, ме-ме! айдаганда: чык, кет!

Мышык — чакырганда: мый-мый; айдаганда: пыш!

Төө — чакырганда: бопо-бопо; айдаганда: оу-оу!

Топоз — айдаганда: оу-оу!

Уй — чакырганда: хоу-хоу! айдаганда: өш!

Эчки — чакырганда: чучу-чучу! айдаганда: чек! чиге!

Эшек — чакырганда: ар-ар; айдаганда: хы-хы!

Тоок — чакырганда: тү-тү,тү-тү! айдаганда: түт!

Балапан — чакырганда: чыйп-чыйп; айдаганда: түт!

Бүркүт — чакырганда: кыйтуу-кыйтуу; айдаганда: айдайт-айдайт.

Сүрөт Виталий Аньковдуку, «Sputnik – Кыргызстан», 14.07.2016-ж.

Макала Кыргыздар тшө-тшө, кыйтуу-кыйтуу, ар-ар деп кайсы жаныбарларды чакырарын билесизби? бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Азат Жапарбек. «Табыт»

$
0
0

ңгеме)

Чоң атамдын узунча келген боз табыты бар эле. Аны качан, эмне үчүн жасатканын билбейм. Бир билгеним көптөн бери урунуп жүрчү. Өзү тыттын жыгачынан кынаптап жасалган тартайган оокат. Чоң атам аны дайыма жасап-түзөп, кырып-кыпчып таза кармаганы менен, негедир көзгө комсоо көрүнүп, жүрөктүн үшүн алат. Айрыкча үйдүн алдындагы табыт турган кепеге киргенде үрөйүм ого бетер учуп, чыкканча шашчумун.

Андан да жаманы, күн кур эмес, ал тургай бир күндө эки-үч жолудан ар кандай адамдар келип, чоң атамдын табытын сурап кетишкени болчу. Шаардын биз жашаган аймагында бир гана биздин үйдө табыт болсо керек. Алар келип короого кирээри менен эмнеге келгени кебетелеринен байкалчу. Адатта андай адамдар ашыкча кеп-сөзү жок, үңкүйүп кирип, үңкүйүп чыгып кетишер эле. Ал тургай анча-мынча көзү жашылданып калгандары да кыйла кездешчү. Кыскасы, алардын келиши менен биздин үйдү да кандайдыр бир кайгынын аптабы уруп өтчү.

Бара-бара келген-кеткендерди карап отуруп, шаар эли четинен түгөнүп бараткандай да сезилчү болду. «Мына бүгүн да бирөө өлүптүр» дечүмүн табытка келгендерди кайгылуу карап отуруп. «Деги элге эмне болду? Күнүгө бирөө, кээде экөө…» деп жаным кейичү.

Анткени менен бул көрүнүшкө чыдабай, жаны ачып жүргөн мен эле эмесмин. Өзүмдүн атам дагы табытты көргөн сайын кежигеси кер тартып, ачууланып кетмейи бар. Бирок, айла жок да, табыт өз атасыныкы болгон соң катуу айта албайт. Кээ-кээде гана чыдабай кеткенде күңкүлдөп сүйлөнүп алганы болбосо…

— Ой атам ай, деги сооп табууга башка нерсе калбай калды беле бул жалганда?.. – деп бурк этчү ал. Чоң атам болсо анын минткенин деги чымын чакканча көрчү эмес. Өз оокатын кылдыратып отуруп шашылбай гана жооп берип койчу.

— Эмне болмок эле, балам? Килейген короонун эч ким баспаган жеринде турат, тыпыйып.

— Ооба, аны батырбай атканыбыз жок деңизчи. Бирок, ушу…

— Ии, эмне ушу?

— Түрү суук болуп атпайбы ата! Эртең эле сен да өлөсүң дегенсип турат го аның!

Чоң атам мында деле кебелчү эмес. Мурутунан гана жылмайып алып баягы айта жүргөн сөзүн таштап койчу.

— Коркпо балам, зыяны жок. Өлүмдү эстей жүргөндүн зыяны тийбейт. Анын үстүнө ушул аймакта көзгө басар табыт да ушул болуп жатпайбы…

Адатта кеп ушуну менен ада болчу. Атам кызаңдап ачууланып турса да, айла жок карманып басып кетээр эле. Чоң атам болсо анысын көрбөгөндөй, кудум эч нерсе болбогондой мемиреп отуруп ишин кыла берчү.

Элдин керегине жарган соң боз ала чаң болуп, кээ бир жаандуу күндөрү шалтактаган баткак болуп келген табытын таптаза кылып жууп, жарылып кетпесин деп бапестеп көлөкөдө кургатып, анан кайра ордуна койчу. Кээде, калпыс урунуп коюшабы, же жөн эле эскирип бараткан жерлерин жаңылап коюшум керек дейби, айтор, бөкчөңдөп жүрүп кычык-кучуктан, короонун кырларынан, түркүктүн түптөрүнөн бир-эки карыш зым таап келип, аттишин алып бекитип калчу. Андайда улам бир туткасын тартып көрүп, тактайларын каккылап көрүп бир далай отурчу да, качан баары чыкыйып бекемделди дегенде гана короонун күн да тийбеген, суу да өтпөгөн жерине кынаптап, кырдап койор эле. Ооба, кайра эле кимдир бирөө сурап кетмейин бул табыт ошондой обочо жерде бөтөнчө буюмдай кастарланып турчу.

Анткени менен атам да ошол бойдон жөн кала албайт. Бир күнү ал шашпай отуруп, түшүндүрүп көрмөй болду.

— Атаке, табыттын бизде болгону жакшы эмес го дейм. Үйдө бала-бакыра бар дегендей, – деди ал. Бирок чоң атам ага деле муюган жок.

— Жакшыбы, жаманбы аны өзүң бил, балам. А адам баласы сен кааласаң да, каалабасаң да бир күнү бул жарыктыктан кете берет. Элдин керегине жарап турган оокатты жаман деп айта албайм. Мен эртең өлүп калсам эмне кыласың? Эки тактайды чүргөй салып узатаман жаткызып, алпарып көмүп таштайсыңбы?!

Кызыгы, атам шашылбай, кечке жүйөөлөшө турган болуп келгенде чоң атамдын ачуусу келип, кызаңдап сүйлөтпөй салаар эле. А эгер атамдын ачууланып турганын көрсө, ал кайра шашпай гана сүйлөп отуруп, жинин какчу. Мына ушундай ыкмасы менен далайга баласына моюн бербей, табытын кастарлап урунуп жүрдү.

Кээде чоң атамдын табытын жууп-тазалап, сырдап отурганын көрүп «Чоң атамда жүрөк деген калбай калган го?» — деп ойлончумун. Дайыма өлгөн адамдар жаткан, дайыма мүрзөгө барып келип турган нерсени ушунча убакыт кармалап, сыйпалап отурганы мени укмуш таң калтырар эле.

Ошентип, убакыт өтүп жатты. Жаз өтүп, жай келди. Жай кетип, күзгө ордун таштады. Дүпүйгөн бактардын саргарган жалбырактары кудум акыркы ирет күнгө какталып, акыркы ирет жарык дүйнөнү көрүп калгысы келгендей бутактарына бекем жабышып, өлүмдөн бир аз мөөнөт тилегендей дирилдей жандалбас кылат. Ошондой күндөрдүн биринде атам сырттан кызуу болуп келди. Негедир ачууланып, туталанып алган. Түз эле табытка барып калдырата сүйрөдү да, отун керткен тушка барды. Ал жерде чоң атам дайыма кайрап, кол тийсе шылып түшчүдөй жалаңдатып койчу балта дөңгөчкө чабылып турчу. Шадылуу колу менен ошону бир силкип жулуп алып, табытты ары-бери койгулап балжа-булжа кылып таштады.

Мен болсо бир чети ичимден кымыңдап, бир чети эми эмне болор экен дегендей үрпөйүп берээкте карап турам. Чоң атам адатынча аттын ээр-токумун кармалап, бирдемесин жамап-жазгап далисте отурган. Капилет карса-курсту угуп тура келген экен. Бирок, ал убакта баары кеч болуп калган. Таш-талканы чыккан табытты буту менен нары шилеп аткан атамды бир карады да:

— О атаңды, арам сийдик!.. – деп алып кайра басып кетти.

Башка эч нерсе деген жок. Кайра барганында эмне болгонун, кандай абалда калганын билген жокмун. Ошол билбей калганыма да шүгүр…

Ошентсе да табытка келгендердин изи көпкө сууган жок. Баягыдай эле үңкүйүп, маанайы жок келген адамдар биздин “Табыт жок” дегенибизди укканда ого бетер баштары салбырап, ого бетер түнөрүп кайра тартып жатышты.

Алардын андай абалы чоң атамды да кыйла кыжалат кылар эле. Атама ачуусу келип туталанып отуруп, өз бөлмөсүнө кирип жок болчу.

Ошондон көп өтпөй сакалы куудай агарып, жашы кыйлага барып калган чоң атамды да оору басты. Ушуга чейин баландай жерим ооруду, түкүндөй жерим сыздады дебей, тыным албай кыймылдап тың жүрчү жарыктык, бир заматта шайы кетип, төшөк тартып жатып калды. Акыры жедеп алып кетип, дааратканага да чыга албай калганда кайтып бутуна турбасын түшүнгөн атам «Көзү барда көрүп кеткиле” деп тууган-туушканга кабар айттырды.

Туура эле болжогон экен. Алыс-жакын тууган чогулуп, эми учурашып үлгүрүп калган күнү бул жалган менен кош айтышты.

Эсимде, коңур күздүн салкын тарткан кечке маалы болчу. Эртең түшкө жуук сөөктү акыркы жайына узатабыз деп турушкан. Камбылсынган атам эртең жуп жөнөйбүз дегенде дүрбөп калбайлы деп инисин чакырып, табыт керек экенин билдирди.

Ошентип табыт издемей башталды. Жашыраак агаларыбыз бирде тигил жакка чуркап, бирде бул жакка чуркап жок издеп калышты. Унаасы барлар унаасы менен кетти. Телефону барлар телефон чалып жатышты. Түн бир оокум болгонго чейин табыты бар болушу мүмкүн деген кишинин баарынын эшиги кагылды. Бирок бирөө да жолдуу келген жок. Баары тең колун куушуруп, эмне кыларын билбей кайтып жатты. Ичимен “Эмне чоң атама окшогон жандар калбай калганбы? Же бул түрү суук немеге күн түшөөрүн баары унутканбы?” деп ойлоп жаттым. Таң атканча издешти, же бир майнап чыксачы.
Кудай ургурдуку, килейген шаарда табыт жок деген эмне?!.

Качан таң агарып, эл туруп калганда эшиктин алдына кимдир бирөө машинеси менен пайда болуп:

— Эй, бир-экөөң бери келчи, – деп калды. Барсак машинасынын артында тактайлары жешилип, зым-зуму үзүлгөн, ийреңдеген эски мыктары саргарып дат баскан шалдыраган табыт жатыптыр. Түндөн бери карайлап таппай, айлабыз кетип турган жаныбыз ушуга да шүгүр деп, жеңилдеп калдык.

Ошону менен а бу дегиче күн көтөрүлүп, жаназа окулду. Артынан эле казганактаган эл менен сөөктү табытка салып, мүрзөнү карай бет алдык. Чынында буга чейин бул жолдон далай өткөм. Бирок ушул убакка чейин мынчалык эски, мынчалык тарпы чыккан табыт көргөн эмесмин. Кайч-куйч этип шалактаган, бир аз тереңирээк арыктан аттай койсо ортосунан чорт сынып кетчүдөй болгон араң жан неме элдин ийнинде эптеп эле кетип бараткансыйт. Буга чейин табытына чаң жугузбай, ар бир мыгын, ар бир зымын этият караган чоң атам мына азыр эски табыттан тура калып:

— Ай, балам! Балка-салка алып келе калчы. Мобуну оңдоп таштайын, — деп ийчүдөй болуп бараттым.Атам болсо ого бетер башын жерге салып, баягысын эстеп, беймаза болуп бараткандай.

Макала Азат Жапарбек. «Табыт» бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Олжобай Шакир, жазуучу: “Роман жазуунун өзү мен үчүн ырахат болду”

$
0
0

Жакында Олжобай Шакирдин “Куюн доор” романы жарыкка чыкты. Бет ачары уюштурулуп, китеп окурман журтуна жөнөдү. Автордон жаңы романы тууралуу учкай кеп жана алгачкы пикирлерди сурадык.

Олжобай, “Куюн доор” аттуу жаңы китебиң кут болсун! Андагы тарыхый булактарды кайдан алгандыгың тууралуу айтсаң?

— Тарыхый булактын 2-3 вариантын издештирдим. Интернеттин заманы архивдик варианттарды кароого мүмкүнчүлүк ачып берди. Казак ханы Кененсары боюнча материал топтогондо орус булактарынан да, казактардан да карадым, анан, албетте, автордук миф да болушу керек, акырында тыянак чыгарууну ошол логикага алып келдим. Кененсарыны орустар 10 жыл кармап, Ормонду да тукурган. Орус падышачылыгынын түпкү максаты түрк мусулман калкы өзүнчө мамлекет куруп кетпесин деген чочулоосу болгон. Эң биринчиден, алар территорияга, жаратылыш байлыктарына кызыгын артышкан. Мусулманга мусулманды курал кылган, татарлардан тыңчы жалдаган. Контекстте бүгүнкү геосаясий абал маселеси турат. Жылып кирип, кийин керек болсо бай-манаптардын өздөрүнүн малын тооруган. Ак падыша бийлигине чейин кыргыздардын бай- манаптары малай жумшаган эмес. Орустарды көргөн бай- манаптар арасында да малай, кул жумшоо өнөкөтү аралашкан. Ошону менен катар кыргыздын алабармандыгын ачып берүүгө аракет кылдым. Алсак, Үркүн окуясында Токмок чебин талкалайбыз дегенде, кыргыздын мүнөзү так эле азыркы 7-апрель, 24-марттагыдай болгон экен. Андан кийин эмне болобуз дебегенин, “эрдиги бар, эси жоктугун” көрсөттүм. Бүгүн Россияга барса деле кыргыздар тоносо, Үркүндө Кытайга барганда деле жандан чыккан баласын, койнундагы аялын сатып жиберишкен. Үркүнгө качып баратканда, эмчектеги балдарын калтырып качып кеткен учурлары кездешкен. Булар тууралуу башка улут өкүлдөрү айтса, бизге орой угулат, ошондуктан биз, кыргыздар, өзүбүздүн кемчилигибизди өзүбүз айта жүрүшүбүз керек.

Арасында казакча тексттер да аралашып кеткен экен…

— Дүйнөлүк адабият практикасында мындай мисалдар бар, алсак Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” романында айрым тексттер французча берилип жатпайбы. Мен деле кээ бир диалогдорду казакча эле бергеним жакшы болор дедим.

Роман жазууда кандай кыйынчылыктар кездешти?

— Чыгармачылыкты кыйынчылык десек, туура болбой калат го, анда элдин баары жазуу ишин жыйыштырып койбойт беле. Тескерисинче, чыгарма жазуунун өзү рахат, бул учурда мен транска кирип иштедим. Чыгармачылыгымда “ана жазам-мына жазам” деп чыгынбай, калем кармабай жүрө берген учурларым бар. Мында эси-дартым образдарда, чыгармада болду. Күбүрөнүп-шыбыранып жыргап жүрө бересиң. Эч жакка жумушка чыкпай, китепке байланып иштедим. Бул мага мотивация болду. Мурунку муундагы аксакал жазуучулардын мындай чыгарма жазууга саясий эрки жеткен эмес. Болбосо башкалар деле жазмак да. Ошондон улам муну эмки муун, биз, жазышыбыз керек деген ойдо болдум. Үркүндүн азабын тарткан эски кишилерди издеп, алардын артында калган балдары, неберелеринен сурап чыктым. Чоң энемдерден мен да Үркүндүн азап-тозогун угуп калгам. Согушка чейинки ачкачылык тууралуу оозеки айтылып, бирок жазма адабиятта образ болуп түзүлгөн эмес. Салижан аке кыргыздар согушту, эмгекке үндөгөн чыгармаларды, анан сүйүү темасы тууралуу эле жазды деп айтып калчу эмес беле. Айткандай эле, эл арасында оозеки айтылып жүргөн менен, согушка чейинки турмуш образ болуп түзүлүп, жазылган эмес. Большевиктик бийлик зордук менен орноп, бай-манаптарды кулакка тартуу менен коштолгон да.

Китепти таратуу жагын автор өзү колго алышы керекпи?

— Бир бизнесмен бала келишим менен китептеримди дүңүнөн сатып алып, кайра элге сатып жатат. Алар окурмандарга жеткирип беришүүдө. Учур адабиятында биз базарды таппай жатпайбызбы. Окурмандар Россия, Баткен, Жалал-Абад, Оштон кантип китеп алабыз деп сурап жатышат. Түштүк тарапка жеткириш кыйын экен. Ушундай жагдайда мага бейтааныш эле бала чалып, китепти окурманга жеткирүү боюнча кол сунуп калды. Китептин нускасы 1000 даана, сатылышына жараша дагы жарыкка чыгарып туралы деп айтып атат. Былтыр “Эски тегирмендин орду” аттуу китебимди чыгарбадым беле. Эки жылдан бери үйдө отурганымда мени “Эски тегирмен…” жана “Афоризмдер жыйнагы” бакты да. Мен эки жылдан бери жалаң адабият менен жан багып келатам. Биз, акын-жазуучулар, өкмөткө догубузду арта турган заман кетти. Жаратмандар жазганыбызды бирөөгө колко кылбай, эл окуй турган эмгек жазышыбыз керек. Мен адабий чөйрөдө жана башка жактарда дагы бул китебимден уялбайм. Ошого жараша китебимди да бирөөгө бекер кармата бербейм. Мындай мамилеге өзүбүздү өзүбүз үйрөтүшүбүз керек. Бизде китеп рыногу болбосо дагы, адабий аудитория болсун. Биз баарыбыз совет мезгилиндеги классик жазуучулардын позасына кирип алган экенбиз, мен китеп сатуу үчүн жаралган эмесмин деп. Биз интеллектуалдык товарды саткандан такыр уялбашыбыз керек. Дегинкисин жаңы муун, жаңы тектеги акын-жазуучулар келиши керек.

 

ulan_turdalievУлан Турдалиев, адабиятчы: “Тарыхтын ачуу чындыгын бурмалабай берүүгө аракет кылган”

— Олжобай Шакирдин “Куюн доор” романы кийинки кезде чыккан мыкты чыгарма катары окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынат деп ойлойм. Анткени автор тарыхты терең окуп чыккандан кийин, андагы ачуу чындыкты бурмалабай, адилеттикти берүүгө аракет кылган. Буга чейинки тарыхый чыгармаларда же тарыхый окуяларды чагылдырган чыгармаларда кандайдыр бир деңгээлде эл аралык, алсак кыргыз-казак, кыргыз-орус мамилелерине доо кетет деген түшүнүк менен, айрым маселенин аныгына жетпей, жымсалдап гана өтүп кетишкен. Тарых барактарын ачсак, ачуу чындык сүттүн бетине каймак калкып чыккандай эле чыгып калат. Олжобай ошол эле учурда тарыхый ачуу чындыктын капканын гана ачып бербестен, кыргыз элинин башына оор мүшкүл түшүп турганда кыргыз эли сөз, биримдик, ынтымак менен кыйын кырдаалдан чыгып кеткен мисалдарын келтирген. Ошондой эле орустардын келиши, кыргыздардын Кытайга качышы, Кытайда жашаганы, репрессия мезгили, Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы турмушу чагылдырылган. Муну адамдардын жан дүйнөсүн ачып берген психологиялык роман катары кабыл алсак болот. Ошол кездеги элдин чыныгы турмушун, ар бир деталь, ар бир текстинде автор сонун нерселерди символдоштуруу менен ачып бере алган.

Бул чыгармадан менин дагы байкаганым—тарыхтагы уруш-талашты эле чагылдырбастан, казак-кыргыз мамилесиндеги кыргыздын сөзгө болгон аяр мамилесин, сөздү барктап-баалай билгени тууралуу да айтып атат. Орустар келгенден кийин кыргыздар сөз өнөрүнө маани бербей, баалабай, майдаланып баратканын да таамай келтире алган. Чыгармада кыргыздын жада калса өлүмдү да бийик койгону тууралуу сөз болот. Эгер Ажар аттуу каарман тирүү калып калса, орус баскынчыларынын курмандыгы болмок же Кытайга баратканда ашууда өлмөк. Ошол себептен ал аскадан бала-чакасы менен боюн таштап жатат. Бүгүнкү кыйчалыш мезгилде улуу кыргыз эли майдаланып кеткенин бир эпизод менен ачып бере алган. Шабдан дагы, анын уулу Мөкүш дагы көрпенде экенин, кыйын кездерде ал дагы кара жанынын камын көрөөрүн, бул адам факторундагы көнүмүш нерсе экенин көрсөтөт.

Көркөм чыгармаларда тарыхый каармандарды өтө көкөлөтүп жиберген учурлар бар. Олжобай Шакир андай кылбай, болгонун болгондой берип жатат. Чыгармада бир эпизод, көрүнүш кездешет. Көк жал карышкыр башына каран күн түшүп калганда түлкүнүн ийнине кире качкан жери. Бүгүнкү турмушта дагы ушундай болуп, күч келгенде адамдар бири-бирин сатып кетип аткан учурлары да кездешет.

Акырында айтаарым бул эмгекти тарыхый чыгарма деп эле жазып салбай, аны дагы көркөмдөш керек болчу.

 

Назарбек Байжигитов, журналист: “Олжобайды Ильяс Есенберлинге окшоштурдум”

— Бул роман жатык, адабий тил менен жазылган. Тарыхый, архаикалык сөздөр пайдаланылган. Автордун жазуучулук дарамети бар экени көрүндү. Кийинки кездери бизде казак-кыргыз мамилесин чагылдырган чыгармалар жокко эсе эле, бул жагынан китеп жакшы салым болуп калат деп ишенем. Мен казактын баласымын, роман кыргызстандык казактар үчүн баалуу чыгарма деп эсептейм. Тезек төрө — казактын белгилүү адамдарынын бири, айтылуу окумуштуу Чокан Валихановдун кайнатасы. Ал кыргыздарды тууганым деп эсептеген. Ал убактагы эл башкарган кишилер күнүмдүк турмушту ойлобой, биздин замандагы атка минерлерден жогору тургандыгы бул чыгармада байкалат. Алар казак-кыргыздын биримдиги, келечеги тууралуу ойлогон.

Тезек төрөнүн сүйлөгөн сөздөрү китепте казакча берилген экен, мен аны текшерип бердим. Казак кейипкерлердин сөздөрү өз тилинде берилгени туура деп эсептейм. “Казактын сөздөрү да кыргызга жакын, түшүнүктүү турбайбы” деген сезим пайда болуп, кыргыз-казактын түбү бир, бир тууган экендигин айгинелей түшөт. Жазуучу ошол кездеги уруу аралык маселелерди, казак, кыргыз, кокон жана орус карым-катнаштарын реалдуу чагылдырууга далалат кылган.

Романда акыркы казак ханы Кенесары (казактар ушинтип атайт) тууралуу да сөз болот. Кыргыз элинде Кенесары баскынчы катары караган пикир арбын. Олжобай Шакир Кенесарыны оң позициядан караптыр. Китепти окуган адамда “Кененсарынын максаты кыргыз бий-манаптарына бурмаланып жеткирилген. Ал ушул ушактын курмандыгы болду” деген ой жаралат. Мен билгенден автор биринчилерден болуп ушул пикирди айтып жатат.

Совет мезгилинде казактын Ильяс Есенберлин деген мыкты жазуучусу “Көчмөндүүлөр” деген үч томдук роман жазган. Ал СССРге аты чыккан чоң жазуучу эле. Калеминин арымына карап, мен Олжобай Шакирди Ильяс Есенберлинге окшоттум.

 

kyyas_moldokasymovКыяс Молдокасымов, тарыхчы: “Тарыхый роман жазуу жагынан такшала элек”

-Олжобай Шакирдин “Куюн доор” романынын Кененсарыга байланыштуу бөлүгү тууралуу айтсам, мунун башка романдардан бир аз айырмачылыгы бар экен, роман баяндама иретинде, Кененсарыны коргогондой мааниде жазылган. Кененсарыны орустарга каршы согуштарга кыргыздарды үндөп келди эле, кыргыздарга келгенде, көп бүлүк салбай, орустар менен кармашсам дедим эле деген арманын жазуучу өз тили менен чагылдырган. Тезек төрөнү кыргыздын каарманына жакындаштырып, башкача өңүттө бергендиги көрүнүп турат. Бул роман негизинен Төлөгөн Касымбеков ж.б. жазуучулардын стилинде эмес, баяндама иретинде жазылыптыр. Каармандардын өз ара сүйлөшүүлөрү баяндоо иретинде берилет. Ал эми Акбар Рыскулов “Атакенин Акболот ” тарыхый романында каармандарды бири-бири менен кайым айтыштырып, сүйлөштүрүп, башкача стилде жазган.

Жазуучу Олжобай Шакир башынан баштап кийинки жылдарга чейинки мезгилди көбүнчө өзүнүн элегинен өткөргөн. Тарыхты түшүнгөн адистерге, тарыхты жакшы билген окурмандарга бул чыгарма жеңил кабыл алынат. Автор 3-4 жыл аралыгында аракет кылган, изденген, айрым учурларда тактоо иретинде бизге, тарыхчыларга, кайрылган учурлары болгон. Бул көркөм адабият же жеңилдетилген публицистикалык стилде жазылган көркөм чыгарма катары тарыхты түшүнүүгө жардам берет. Ошол эле 1916-жыл болобу, же репрессия, же Казакстандагы ачарчылык жылдары кыргыздарга келип баш калкалаганы болобу, эки элдин ортосундагы мамилесине данакер катары кызмат кылат.

Чыгармада Кененсарыны бир аз актагандай, башкача өңүттө жазганы кыргыз окурмандары тарабынан башкачараак кабыл алынышы мүмкүн. Орус тыңчылары келип, Кененсары менен кыргыздарды чабыштырууга өзгөчө роль ойногонун ачып берүүгө аракет кылган. Тарыхый булактарда орус тыңчылары мынчалык деңгээлде аракет кылганы тууралуу маалымат жок.

Олжобай Шакир— аңгеменин устаты, жакшы жетилип бараткан жазуучу . Ал эми тарыхый романга келгенде ал али такшала элек, арышын жаңы гана баштады деп айтууга болот. Жалпысынан автордун бул чыгармасын окурмандар кызыгып окуйт деген ишеним бар.

Айгүл Бакеева, “Политклиника”

 

Олжбай Шакирдин «Куюн доор» романын сатып алуу жолу бул жерде.

Макала Олжобай Шакир, жазуучу: “Роман жазуунун өзү мен үчүн ырахат болду” бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Шекер — Айтматов менен жолугушчу жер болушу керек

$
0
0

Жалындаган ушул жаш курагында ойноп-күлүп, дүнүйө топтоп, башкаларга окшоп өзүнө жана бала-бакырасына чейин бай турмушту камсыз кылайын дебей, тапкан-ташыганын эл менен бөлүшүп, улам бир иштин артынан жаңы ишти баштаган Имамидин Ташов аттуу мекенчил жигит бар. Анын эл үчүн, Мекен үчүн жасаган иштери өзүнчө узун сабак сөзгө татыйт. Бирок азыр кеп ал жөнүндө эмес. Ага бир жолукканымда “Сиз ошол жактан болот эмеспизби, мага бирөөлөр Чыңгыз Айтматовдун айылында музейи кароосуз турат деп айтышты. Сиз аны көрдүңүз беле? – деп кайрылып калды. Мен кээде ушул сыяктуу сөздү качандыр бир кезде бирөөлөрдөн угаарымды сезип, өзүмчө коомайланып кетчүмүн. Мен Шекерге жакын айылдан болсом да Шекерге өмүрүмдө барып көргөн эмесмин. Атайын барууну ичимден ойлоп жүрсөм да чыгынып бара элек элем. Анткени менин ички дүйнөмдө “Чынгыз Айтматов Шекер айылында төрөлгөн дейбиз, балалыгы өткөн дейбиз. Бирок бүгүн алыстан-жакындан Айтматовдун элесине зыярат кылып келгендер анын туулган айылынан эмнени көрүшөөр экен?” деген ойлор уялап, эгерде менден Айтматовго жердеш катары бирөө сурап калса эмне дейм деген ой кээде көңүлүмдү төөнөп кеткендей болчу. Имамидин мырзанын сөзүнөн кийин мен Бишкекте көпкө буйдалбай Таласыма, Шекерге карай жолго чыктым. Ал музейди оңдоп-түздөө керек болсо жардам берерин айткан эле.

 

Ааламга аты угулган айылда

Чыңгыз Айтматов “Манас атанын ак кар, көк музу” аттуу очеркинде “… ар булактын чордону бар сыңары, Мекен деген алп сөздүн кут түшкөн очок сыяктуу, алакандай борбору болот эмеспи. Менин мекеним Шекер айылы. … Шекерге жакындаарда ар качан жүрөк толкуйт” деп жазганы бар. Бүгүн Айтматов арабызда жок. Бирок анын далай чыгармаларына өзөк болгон, балалык жан-дүйнөсүн жабырлантып, бирок ошол эле учурда ички улуу сезимдерди, талант көрөңгөсүн купуя багып өстүргөн, Айтматов өзү чексиз сүйгөн, жазуучунун тили менен айтканда “Манас Атанын” этегиндеги” Шекер айылы бар. Планетардык масштабдагы ойчул, даанышман инсан, чебер калемгер Айтматов чыккан ушул алакандай Шекер айылына качан болбосун Айтматовду аздектеген адамдар алыс-жакын дебей ат башын буруп кайрылып өтөөрү турган иш. Мына ошондо алар Шекерден эмнени көрүп, кандай таасир алышат? Ысымы ааламды чарк айланган Айтматовдун киндик каны тамган, өмүр издери калган Шекер айылына келген адамдын ички сезими, үмүтү аңгырап бош калбас бекен? Мен ошенттим. Алыстан эмес, жөө келсең деле Чолпонбай айылынан “эт бышымда” жете келер Шекерге ички сезимимде Айтматов менен жолукчудай алеп-желеп болуп келген жаным өзүмчө бушайманданып, негедир көңүлүм толбой туруп алды. Маданият үйүндөгү Айтматовдун музейин көрүп жүргөнүбүздө жоон топ адамдар киришти. Айтматовдун музейи дегенде мен негедир ал жашаган үйдү элестетчүмүн. Ошондон уламбы айылдын маданият үйүндөгү Айтматовдун салттуу музейин көрүп чыгып да көңүлүм дагы башка нерсе көрүүгө ашыгып жатты. Музейде Айтматовго тиешелүү ар кандай материалдар менен катар жазуучу кийп жүргөн костюм-шымы, туфлиси, узун пальтосу сакталып турат. Эшикке чыгып айылда Айтматовго тиешелүү дагы эмне бар деп ошол жерде тургандардан сурасам бирөө билбейм дегенсип баш чайкады, а дагы бирөөсү ачык асман алдындагы музейи бар деп калды. Айтматовдор жашаган үйчү, анда кандайдыр бир белги коюлган эмеспи? — деген суроомо “жок, ал качан эле жок болгон да” деген жоопту уктум. Айлам куруп, айыл өкмөтү кайда десем тигине айыл өкмөт башчысы деп ошол жерде турган бирөөнү көрсөтүштү. Көрсө жанагы музейге кирген жоон топ адамдар айыл өкмөт башчысы Сүйүн мырзанын Ат-Башыдан келген кудалары экен. Аларды алып келип тышта күтүп турганбы, айтор, четкерээк жерден анын бери басканын көрүп, утурлай чыктым да дароо эле “Айтматовдор жашаган үй барбы?” — деп сурадым. Ал “жок, ал качан эле жок болгон да” деп келатканда эле “үй жок болсо орду бар да, эмнеге аны белгилеп жасап койсо болбойт? — деген суроомо оңтойсуздана түшүп “алар негизинен Досаалы жездесиникинде жашаган да” деди. Анын кай жакта экенин сурап алып ошол тарапка бет алдык.

 

Каалганы кайык кылып…

Айтматов эскерүүлөрүндө көп сөз кылган мергенчи Досаалы жездеси менен Карагыз апасынын( атасынын эжеси) уулу Жапарбек ата жашаган үйдү сураштырып таптык. Үй дөңсөө жерде экен. Алысыраак жерден күрүлдөп аккан суунун агымы даана угулуп турду. Бул Айтматов чыгармаларында далай ирет оозанган Күркүрөө суусу. Жапарбек ата байбичеси экөө жарык жүздүү жакшы адамдар экен. Айтматов тирүү кезинде бул үйгө көп келчү дешти. Короодо бир чоң там, анан төбөсү жапыс жабылган бир нече кичине үйлөр турат. Жапарбек ата дагы Айтматовдор жашаган үй качан эле бузулуп жок болгонун айтты. “Жок болсо мейли, анын ордун белгилеп, ошол жерге кайра салып койсо неге болбойт? Бул жерде Айтматовдун издери калган. Айтматовдун чоң ааламга жолу ушул жерден башталган, мынабу сууга далай ирет жүзүн чайынгандыр” деген ойлор мага биринен сала бири келип жатты. Анан да айыл өкмөт башчысынын “чыгармаларында суудан эшиктин эски каалгасын кайык кылып өткөнү бар го, ошол суу да ошол жерде” деп айтканын эстеп, Жапарбек атанын байбичесинен сураганымда “ооба, ушул суу” деп короо четинде агып жаткан сууну көрсөттү. Бул кадимки Күркүрөө суусунун бир бөлүгү. Менин көз алдыма өспүрүм Айтматовдун каалганы кайык кылып, суу үстүндө каалгып бараткан элеси, ага улай ар жактан Султанмураттардын ууруларды кууп бараткан дүбүртү, Жамийланын шаңкылдаган күлкүсү менен Данияр созгон обон, Толгонайдын жер эне менен сырдашуусу элестелип, Айтматов менен чындап жолуккандай толкундана түштүм…

 

Ачык асман астындагы музейде

Ал эми “Айтматовдун ачык асман астындагы музейи” да атына заты жарашпаган абалда экен. Айылдын чет жагындагы бактын арасында жазуучунун чыгармаларындагы каармандардын скульптуралык сөлөкөттөрү чегилип коюлуптур. Акбаранын баланы көңтөрө качканы, Ак кемедеги бала жана башкалар болуп бардыгы 15 чакты каармандын таш эстеликтери турат. Бактын ичиндеги жалгыз үйдө кароолчу болуп бир үй-бүлө жашайт экен. Андагы Чачыкей аттуу айымдын айтуусунда жазуучунун каармандарынын таш эстеликтеринин музейин куруу 90-жылдары башталып аягына чыкпай калыптыр. Анын айтымында сөлөкөттөр чегилген таштар Ташкенттен ташылып келиптир. Бирок Союз тарап кеткенден улам болсо керек, ошол бойдон иш токтогон экен. Бирок бул жерди көргөнү өлкөбүздөн гана эмес, чет элдиктер да келип турушат дейт ал. Сыягы Имамидин мырза айткан музей ушул окшойт деп болжодум. Анкени бул жер кароосуз калганы көрүнүп турат. Ооба, бул өз учурунда көркөм-скульптуралык жакшы долбоор болгон чыгар. Бирок эмне үчүн анын мазмун-идеясына ылайык аягына чыгарууну жергиликтүү бийлик ойлобойт? Ушул турушунда Айтматовдун музейи деп келген бирөөгө көрсөткөндөн мен уялат элем…

 

Айтматовдун атына жарашкандай болсо

Албетте, Чыңгыз Айтматовдун балалыгы бир эле Шекер айылында өткөн эмес. Өзүнүн эскерүүлөрүнөн анын үй-бүлөсү Араванда, кийин Москвада, Киров айылында(азыркы Кара-Буура, мурдагы Киров районунун борбору), Жийдеде жашаганын билебиз. Бирок Айтматовдун ата конушу, киндик каны тамган айылы – Шекер. “Эгер мен аалам койнун аралаган космикалык саякатта жүрүп, жер жөнүндө ойлончу болсом, сөзсүз аны өз айылым Шекердин образы аркылуу элестетээрим бышык” деп жазган улуу жазуучу бир макаласында. Дүйнө да Айтматовду Шекердин кулуну деп билет. Андыктан бул айылда кандайдыр бир көркөм-архитектуралык комплекс же ансамбль дейбизби, айтор Айтматовдун атына төп келгендей эстелик болчу бир нерсе болушу керек. Болбосо Айтматовдой дүйнөлүк кадырман улуу адамын барктай албаган байыркы кыргыз эли маңыроо, мааниси жок эл экен деп башка элге кеп кетээр….

Бегим ТУРДАЛИЕВА, “Эркин тоо”, 28.07.2016-ж.

Макала Шекер — Айтматов менен жолугушчу жер болушу керек бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Кайыркүл САРТБАЕВА, СССРдин эл артисти: “Үйдө да, жумушта да, азыр дагы, дайыма… музыкасыз жашай албайм”

$
0
0

СССРдин жана КРнын эл артисти Кайыркүл Сартбаева дүйнөлүкклассикалык жана улуттук опералардагы негизги партиялардын чебер аткаруучусу. Ал жараткан образдар: Татьяна, Лиза (П.Чайковский, «Евгений Онегин» «Карганын маткеси»), Микоэла (Ж.Бизе, «Кармен»), Дездемона (Ж.Верди, «Отелло», Маргарита (Ш.Гуно, «Фауст»), Баттерфляй (Ж.Пуччини, «Чио-Чио-сан», Айчүрөк, Калыйман, Каныкей, Зулайка (А.Малдыбаев, В.Власов жана В.Фере, «Айчүрөк», «Манас», «Ажал ордуна») жана башка. Ошондой эле «Токтогул», «Жамыйла», «Олжобай менен Кишимжан», «Аста, секин колукту», «Алтын кыз», «Аршин мал алан» операларында башкы каармандардын образын түзгөн. Москвадагы Чоң театрда Баттерфляй, Маргарита, Татьянанын партияларын аткарган. К.Сартбаева кыргыз, орус композиторлорунун ырларын, романстарын чебер аткаруучу катары белгилүү.

– Кайыркүл апа, 80 жыл бир караганда узактай, бир караганда көз ирмемдей сезилет. Мына ушул куракта басып өткөн өмүр жолуңузга кылчайып, саресеп салып жатсаңыз керек?

– Адам өмүргө тойбойт эмеспи, анын сыңарындай, 80 жашка чоң жүк, изденүү менен келдим. Чыгармачылыгым да, жеке жашоом да жалаң гана ачык асман алдында, көгөргөн чөптүн үстүндө өттү дей албайм. Кээде буркурап боздоп ыйлаган да, асманга көкөлөп учуп, бактылуу болгон учурлар да болду. 80 жылдык өмүр жолумда. Академиялык опера жана балет театрында элүү беш жыл эмгектендим. Кыргыздын залкар композиторлору А.Малдыбаев,Н.Давлесов, К.Молдобасанов, дүйнөлүк композиторлордон П.И.Чайковский, В.Моцарт, Д.Верди, С.Рахманинов ж.б. улуу классиктер менен бирге иштешүү мен үчүн ары кызык, ары бактылуу учур эле. Алар менен чоң ийгиликтерди жараттым. Алардан үйрөндүм, менден үйрөнүштү дегендей, айтор элүү беш жыл ичинде элүүдөн ашуун композиторлордун чыгармаларын аткаруу менен ырчылык өмүрүм өттү.

– Чыгармачылыктагы негиздүү ийгиликтериңиз?

– Эң негиздүүсү, Москва консерваториясын аяктагандан кийин белгилүү композитор Дж.Пуччининин спектаклин Кремлде алты жолу, СССРдин чоң-чоң театрларында он беш жолу, мындан сырткары Д.К.Вердинин, М.С.Бойтонун, П.И.Чайковскийдин спектаклдерин аткарган учурларым менин чыгармачылыгымдагы эң негиздүү учурларым деп эсептейм. Ошону менен катар, отуздан ашуун мамлекеттерде эл аралык сынактарга катышып, кыргыздын желегин көтөрүп, даңалазалап жүрдүм. Андан сырткары, элүү жылдан ашуун К.Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда педагогикалык кесипти аркалап, жаш муундарга ырчылык өнөрдү үйрөтүп, сабак берип келем. Мына ушулардын бардыгы 80 жылдык жашоомдогу көз ирмемдер. Ошолордун ичинен жакшылыгын да, кыйынчылыгын да көтөрүп, мына быйыл 80 жашка толуп олтурам.

– Педагогикалык ишмердүүлүгүңүз тууралуу азын-оолак кеп кылсак. Шыбагасына билим алуу туш болгон болочок ырчылар кандай бактылуу…

– Менин мугалимдик кесибим да байсалдуу болду. Элүү жылдык педагогикалык эмгектенүүмдө Чайковский атындагы консерваториядан алган тогуз жылдык билимим, ошол кездеги устаттарымдын, анын ичинде профессор В.Ф.Рожденственскаянын берген ырчылык дүйнөдөгү чоң сабактары мага ушул кезге чейин жардам берүүдө. Ал эми чоң театрлардагы улуу дирижерлордун, режиссерлордун сабактары чыгармачылыгымда өмүр бою сабак болду. Алардан эмнени үйрөнгөн болсом, өзүмдүн шакирттериме, окуткан окуучуларыма ошону үйрөтүп келе жатам. Педагогикалык тажрыйбамда шакирттериме эбегейсиз чоң эмгек менен ырчылык өнөрдүн түмөн сырларын үйрөттүм. Элүүгө жакын вокалдык искусство боюнча диплом берип, mколумдан кыргыздын эл артисттери, дүйнөлүк деңгээлдеги лауреаттары өсүп чыгышты. Алардын ичинен Т.Ромер, З.Мавлянова ( КРнын эмгек сиңирген артисти), С.Балтаева (КРнын эл артисти), Э.Самарбекова (А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын солисткасы) ж.б.

– Эки доордун жашоосун көргөн инсан катары азыркы учурдагы кыргыз маданиятынын деңгээлине көз карашыңыз?

– Кыргыз эли эгемендүүлүккө жеткенибизге жыйырма беш жылдын жүзү болду. Ошондон бери Советтер союзундагы маданий алакалар үзүлүп, маданиятка анчейин көңүл бурулбай келет. Өзгөчө профессионалдык искусство солгундап калды.

– Кеп нугун үй-бүлөңүзгө бурсак. Чыгармачылык менен үй-бүлө түйшүгүн алып кетүү оор болгон жокпу?

– Чыгармачылыгымдагы кыйынчылыктарды балдарым дагы чогуу көтөрдү. Кичинекей балдарымды отургучка отургузуп коюп, өзүм сахнага даярданар элем. Эл аралык фестивалдарга да көп катышчумун. Ошондой учурларда балдарымды кароого жетише албай, театралдык бала бакчада калышчу. Гастролдоп Москвадан, Щвецариядан ж.б. жактан келген учурларда, үйгө балдарым жесин деп көтөрүнүп келчүмүн. Мына ошентип, менин чыгармачылыгым менен чогуу өскөн балдарым да чыгармачыл чөйрөгө аралашып калды.

Үй-бүлөнү сөзсүз күтүү керек, багыш керек, баркташ керек. Мен баарынан мурда – энемин. Кадимки аялдар сыяктуу мен да үйдө энелик милдетимди аткарып, аялзатына тиешелүү жумуштарды жасайм. Балдарыма түрдүү тамактарды жасап берем. Өзүм жетим чоңойгондуктан, мен көргөн кыйынчылыктарды балдарым көрбөсүн деп аракеттенчүмүн. Кызым – Айгүл экономика илимдеринин кандидаты, уулум – Искендер атасынын жолун жолдоп, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында башкы режиссер болуп эмгектенет. Азыркы учурда алты неберем, алты чөбөрөм бар.

– Алдыда 80 жылдык маараке… ага карата канчалаган түйшүктөр, ак тилектер, толкундануулар, аткарылчу иштер күтүп жаткандыр?

– 24-июнда Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын чоң залында 80 жылдык мааракеме карата окуучуларым менен чоң концерт уюштуруп жатабыз. Мына ошондо жогоруда айтып кеткен окуучуларым – эл артисттери, лауреат окуучучуларым, аспиранттарым келишет. Бул менин ушуга чейин кандай эмгек жасаганымдын, артыма канчалык из калтырганымдын, эмгегимдин жемиши эмеспи.

Жыпар ИСАБАЕВА, Сабира САТИЕВА, “Кыргыз Туусу”

Макала Кайыркүл САРТБАЕВА, СССРдин эл артисти: “Үйдө да, жумушта да, азыр дагы, дайыма… музыкасыз жашай албайм” бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Учурдун идеялык тополоңу: паспорт. Бийлик айтпаса, биз айталы – улуттун «уурдалышы» эмнеге алып келет?

$
0
0

Кыргызстандын ички паспортунан «улут» графасын биротоло алып таштоо боюнча өкмөттүн демилгеси ансыз деле ажырымга толгон кыргыз коомчулугуна дагы бир сыйра жик таштады. Бир тарабы бийликтин бул аракетин кыргыз элинин тагдыры үчүн тымызын коркунуч катары бааласа, экинчи тарабы тескерисинче, муну мамлекетти бекемдөөнүн каражаты катары көрсөтүп, өз оппоненттерин ошондой «жаркын идеяга» каршы чыккан чектелүү, түркөй кишилер катары көрсөтүүдө.

 

“Улут” дегендин эки башка түшүнүгү

«Улут» түшүнүгү кыргыз кыртышына келгенде ар башка бааланып жатышы тарыхый себептерге байланыштуу. Кеңеш өкмөтү улут (национальность) деп улутун (этносун) түшүнүп, аны автономия, республика ж. б. административдик бирдиктерди киргизүүдө негизги чен-өлчөмдөрдүн бири катары караган. Ал арада Батыш мамлекеттеринде улут (нация) термини бүтүндөй өлкөнүн эли тууралуу жалпы түшүнүккө айланып кеткен. Ошентип, улут тууралуу түшүнүктүн өзү эки башка шартта эки башка калыптанган. СССР убагында «улут» деп тили, маданияты, теги, тарыхы, өңү-түсү, каада-салты менен айырмаланган конкреттүү кыргыз, орус, өзбек ж.б. улуттарды түшүнсөк, көптөгөн башка мамлекеттерде «улут» деп тегине карабастан, кайсы бир мамлекеттердин жарандарын билип калышкан. Ал түшүнүк улуттук (этностук) алкакка таптакыр байланбаган мамлекеттердин да жарандыгына негиз болууга жетишти. Тагдырдын тамашасы менен, материктин түпкү эли болгон индеецтердин канына сугарылып, алардын миңдеп сыйрылган баш териси англосакскон цивилизациясынын таман астына төшөлгөн АКШнын жарандары «америка улуту» деп аталып калды. Алардын айрым стандарттары бизге да кирип кетип, зарылчылыгы бар-жогуна карабай Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз улуттук университети ж.б. сыяктуу аталыштар кеңири тарап кетти. Албетте, азыркы турпатында алар жалаң кыргыз улутундагы адамдарга гана тиешелүү деп айта албайбыз, бирок улут тууралуу ушундай эки башка түшүнүктүн өзү ого бетер талашка жем таштап келатканы да чын.

 

Өкмөт өз сунушун негиздеп бере алган жок

Кыргызстанда башкаруунун негизги принциби катары тандалып алынган демократия шартында бийликтин бирден-бир булагы Эл болуп эсептелет. Мамлекет – болгону Элдин чечимдерин, мүдөөсүн мыйзамдаштырат. Анын негизги милдети ошол. Бул айрыкча элдин тагдырына түздөн-түз таасир эте ала турган чечимдерге тиешелүү. Улуттун улуттугун аныктай турган ар кандай жагдайлар – ашык-кеми жок, дал ошондой чечимдердин катарында. Сөз болуп жаткан принциптин алкагында, демилге расмий түрдө элдин өзүнөн чыкпаган күндө да, өкмөт өз сунушун жок дегенде 3 себеп менен негиздеп бериши керек эле:

а) Элдин талабы. Мисалы, азыр педофилдер күчөп кеткенине байланыштуу өлүм жазасын киргизүүнү эл бардык жерде талап кылууда. Ал эми ушул маселени эл койгон талаптын нугунда чечүүгө мынчалык көңүл бурулган жок.

б) Турмуш зарылдыгы. Объективдүү сырткы жагдайлардын бири катары Бажы биримдигинин түзүлүшүн мисал келтирсек болот. Анын чек арасындагы режим кыргыз экономикасын кыса баштагандан тартып же ага кирүү, же башка жолун издөө зарылчылыгы чын эле бышып жетилген. Бирок мындай маселе бардык жагынан Эл менен кеңешип чечилиши керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Президенттин позициясы ачык айтылгандан кийин эле парламент тез арада мыйзам кабыл алып койду. Жоопкерчилигин эч ким тарткан жок.

в) Киргизилген сунуштун аткарылышы кайсы бир маселени (же бир нече маселени) айныксыз чечет деген ишеним. Айталык, мамлекеттик иш кагаздарынын баарын мамлекеттик тилге өткөрүү – жок эле дегенде жарандардын мамлекет менен өз ара катнашында аргасыздан кыргыз тили менен эсептеше турган шартты пайда кылат деген ишеним бар. Бирок аны аткарууга саясый эрк жок.

Ушул 3 тегиздиктен тең алып караганда деле, улут тууралуу графаны алып таштоого эч кандай негиз жок экени көрүнүп турат.

 

Улут тууралуу графаны алып салуу – элдин талабыбы?

Паспорттон улут тууралуу графаны алып таштоо боюнча демилгени эл көтөргөн жок. Өкмөт өзү көтөрүп чыкты. Эл ичинен «улутум паспортумда көрсөтүлгөнү үчүн укугум чектелип калды, маселем чечилбей калды, алмаштырбасак болбойт экен» деп эч ким митингге чыгып, массалык түрдө басма сөзгө жазып, кол чогултуп, Ак Үйдүн алдына жыйылган жок. (Жыйылган маселелер боюнча жагдай кандай экенин да көрүп жатабыз). Кыргызда уурулукту «көрсөтпөй сурап алыптыр» деп тергешчү эле. Улуттун тагдырына тиешелүү маселе боюнча Эл менен кеңешпестен, референдум өткөрбөстөн кабыл алынган чечим – бери болгондо чийки, а чындыгында ошондой уурулук менен барабар болот.

 

Турмуш зарылдыгыбы?

Буга чейин эч кандай маселе жаратпаган улут тууралуу графа кимге, эмне үчүн жана эмнеси менен жолтоо болуп жатканы тууралуу бир да ынандырарлык жүйө келтирилген жок. Болгону, жарандын үй-бүлөлүк абалы, жашаган жери тууралуу маалыматтар улам-улам өзгөрүп тургандыктан, жаңы типтеги ID-картанын өзүнө жазбай коюу тууралуу сунуш түшкөн экен. Бирок улут тууралуу графа – андай тез-тез өзгөрүп турган маалымат эмес. Аны улам алмаштырып отуруунун эч кандай олуттуу зарылдыгы жок. «Жарандарыңардын паспортуна улутун жазып коюпсуңар, аныңар туура эмес» деп чет мамлекеттер, анын ичинде КМШ, Бажы биримдиги боюнча өнөктөштөр Кыргызстанга маселе койгон учурлар да коомчулукка белгисиз. Тескерисинче, башка өлкөлөрдүн жарандары жасалма кыргыз паспорту менен чет өлкөдөн кармалган фактылар, маселе өкмөттүн өзүндө экендигин көрсөтүп турат.

 

«Улут» графасынын жоюлушу эмнени чечет? Өкмөттүн жүйөлөрү жана турмуш чындыгы

Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү жана аны колдогон адамдар улут тууралуу графаны ички паспорттон алып салуу боюнча сунушту бир нече жагдайлар менен негиздешүүдө. Алардын ар бирин сын көз менен талдап көрөлү.

  1. «Улут тууралуу графанын эч кандай зарылдыгы жок». Зарылдыгы бар. Анткени Башмыйзамдын 20-беренесинин 5-пунктунда жаран өзүнүн кайсы этноско (тиешелүү графага карата – улутка) таандык экендигин өз алдынча аныктоо жана көрсөтүү укугу эч кандай чектелбейт деп кашкайта жазылып турат. Кыргызстандын шартында жарандын улуту анын паспортунан башка бир да маанилүү документке жазылбайт. Чипте көрсөтүү – ал көрсөтүү эмес, жабык маалымат базасы. Демек, Кыргыз Республикасынын өкмөтү биринчи иретте Башмыйзамды жетекчиликке алып иш жүргүзгөнү чын болсо, азыркы сөз болуп жаткан демилгесинен токтоосуз баш тартуу – анын түздөн-түз милдети.
  2. «Улут тууралуу графаны алып таштоо улут аралык ынтымакты бекемдейт». Бул да далили жок түшүнүк. Улут аралык мамиле паспорттогу графага эч кандай тиешеси жок. Мисалы, бул графаны паспорттон алып салган Түркияда күрд жикчилдигинин маселеси эч кандай чечилген жок, тескерисинче күчөп жатат. Бул – факт.
  3. «Улут тууралуу графаны алып таштоо жалпы жарандык сезимди калыптандырууга жардам берет». Эч кандай жардам бербейт жана экөөнүн ортосунда түздөн-түз себеп-натыйжа байланышы жок. 2-пункттагы мисалды карагыла. Анын үстүнө паспорттун өзү эле жарандыктын белгиси. Дагы башка кандай белги керек?
  4. «Улут тууралуу графаны алып таштоо кыргыз тилин өнүктүрүүгө жардам берет»(Мамкаттоонун башчысы Тайырбек Сарпашев, «Ой Ордо» телекөрсөтүүсү, КТР, 23-июнь). Кыргыз тилин өнүктүрүүгө паспорттогу графанын эч кандай тиешеси жок. Ал үчүн орус тилинин расмий статусун алып таштап, мамлекеттик иш кагаздарынын баарын кыргыз тилине өткөрүп, жарандарды мамлекеттин атынан кыргыз тилинде гана тейлеш керек. Аны өкмөт да, парламент да, убагында ушул азыркы Башмыйзамды түзгөн Конституциялык кеңешме да жасаган жок.
  5. «Паспорттун пайда болгонуна 70 эле жыл болду, ал эми кыргыздын пайда болгонуна 7 миң жылдан ашты» (Мамкаттоонун башчысы Тайырбек Сарпашев, «Ой Ордо» телекөрсөтүүсү, КТР, 23-июнь). Бул эч кандай логикалык негизи жок салыштыруу. 7 миң жыл мурун азыркыдай шарт да, азыркы типтеги мамлекет да, паспорттун зарылдыгы да болгон эмес. Япония сыяктуу 99% бир улуттан турган, болгондо да түпкү улуттун бардык белгисин сактап калып, өркүндөтүп келаткан мамлекет болсок бир жөн эле. Тилекке каршы, андай дагы эмес.
  6. «Улуту жөнүндө графа жазылса башка улуттар автономия сураганга негиз түзүлөт»(Мамкаттоонун башчысы Тайырбек Сарпашев, «Ой Ордо» телекөрсөтүүсү, КТР, 23-июнь). Бул тенденция өзгөрдү. Акыркы жылдардагы окуялардан кийин ошол автономия сурайт деген улуттар ал идеянын канчалык келечексиз экенине биротоло көзү жетип (анын себептерин баары билет), айрымдары улутун кыргыз кылып жаздырыш үчүн аракет кылып, айласы кеткенде пара берген учурлар кездешип жүрөт. Тескерисинче, алардын так ушул демилгесин колдош керек. Эгерде Кыргызстандагы башка улуттар өз ыктыяры менен кадимки эле улутун (жарандыгын эмес, этносун) ачыктан-ачык «кыргыз» деп тандап алышса, ошонун жоопкерчилигин алып, кыргыздын тилин үйрөнүп, салтын кабыл алып, маданиятына салым кошсо – биз үчүн эң жакшы жолу ошол болот. Сиңирсек – чындап сиңирели. Анда автономия маселеси өзүнөн-өзү, алда канча натыйжалуу чечилет. Анын үстүнө 2-пунктта көрсөтүлгөн мисал бул жүйөнүн негизи жок экенин көрсөтүп турат. Анткени паспортунда улутун көрсөтпөгөн күрддөр Түркияда мурда кандай автономия сурашса, азыр деле талап кылып жатышат. Ал тургай азыркы түрк өкмөтү аларга бир катар жеңилдиктерди берип, мурунку өз позициясынан чегинүүгө чейин барды.
  7. «Өнүккөн өлкөлөрдүн баарында тең улут тууралуу графа жоюлган» (Мамкаттоонун башчысы Тайырбек Сарпашев, «Ой Ордо» телекөрсөтүүсү, КТР, 23-июнь). Паспорттон улут тууралуу графаны таптакыр алып салган мамлекеттер – Европа мамлекеттери. Бирок акыркы жылдардагы окуялар Евробиримдик туу туткан мультикультурализм саясаты жарактан чыгып калганын, тескерисинче өлкөнүн өзгөчөлүктөрүнө абдан тескери таасир этээрин ал жактын көптөгөн саясатчылары өздөрү айтып чыгышты. Толтура кишини кабыл алып, жарандык берип, эми алардан кутула албай айласы алты кетип жатышканын фактылар тастыктап турат. Мультикультурализм саясатынын кесепети тууралуу ушундай эле тыянак президент А.Атамбаевдин жакында сүйлөгөн сөзүндө моюнга алганы да бар.

 

Өкмөт айтпаган, бирок реалдуу коркунучтар

Өкмөт бул демилгени көтөрүп жаткан учурда анын жалаң гана өзү жакшы деп эсептеген жактарын көрсөтүүгө аракет кылып, анын болжолдуу кесепеттерин көз жаздымда калтырууда. Бийлик айтпаса – биз айталы. Улут графасынын жоюлушу кандай коркунучтарга алып келет?

I Миграцияга байланышкан коркунучтар. Азыркы тапта кыргыз улутундагы көп кишилер четке чыгып кетип, барган жеринин жарандыгын алып жатышат. Алардын ордуна айрым башка улуттагы жарандардын өтө тез көбөйүп жатканы жашыруун эмес. Өкмөт бул тенденцияны тескери жагына буруп, өлкөнүн өзүндө жумуш орундарын түзүп, Кыргызстанда кыргыз элинин үлүшүн чындап арбытуунун ордуна, мигранттар үчүн түзүлгөн шарттарды жеңилдетүүнү негизги багыт катары тандап алды. «Мигранттардын барып иштешине шарт түзөлү» деген сөз – түпкүлүгүндө «кыргыз ого бетер тентисин» деген сөз! «Кыргызстанда кыргыздар азайып, ордун башка улуттар бассын» деген сөз. «Барган жеринен келбей эле биздин элге акча салып турса болду, митинг кылып башты да оорутпайт» деген сөз. Мындай шартта, мисалы, 40-50 жылдан кийин Кыргызстанда кыргыздар азайып, аз улуттун абалында калса – чыныгы коркунуч ошол. Анда саясый маселелерде Кыргызстандын тагдырын кыргыздар эмес, улуту көрсөтүлбөгөн, бирок кыргыз жарандыгына ээ болгон башка адамдар чече баштайт. Кыргыздар улут катары өз кызыкчылыгын эч жерде коргой албай калат. Анткени «улут» деген терминдин өзү – паспортто далилденбеген, эч жерде тастыкталбаган, чипке киргизсе киргизип, киргизбесе деле боло бере турган (Мамкаттоонун башчысы Тайырбек Сарпашев, «Ой Ордо» телекөрсөтүүсү, КТР, 23-июнь) аморф (борпоң) түшүнүккө айланат. Кыргыздар демографиялык жактан аз улуттун абалында, көрсөтмөлүү-протоколдук гана ролдо калган, өзүнүн улуттук кызыкчылыгын коргой албаган, кыргыздын атынан кыргыз эместер таптакыр башка бирөөлөрдүн (Орусиянын, Кытайдын, Өзбекстандын ж. б.) кызыкчылыгында сүйлөп турган Кыргызстан – кыргыздар үчүн керекпи? Менимче, кереги жок.

II Коррупцияга байланышкан коркунучтар. Эмитен эле экономика министри Арзыбек Кожошев «Кытай менен визасыз режим киргизиш керек» деп оозунан катуу жаңылып алып, элдин реакциясынан улам гана унчукпай калды. Коррупциялык механизмдер дал ушул паспорт маселесинде канчалык күч алганы былтыр Мамкаттоонун иши Жогорку Кеңеште каралганда айкын болгон. «Жазаланды» деген кишилер баяндамачылардын так жанында отурганын депутат Исмаил Исаковдун күйүп-бышып кеп кылганы бар. Ошондой коррупциялык ыкмалар менен, мисалы, 20-30 жылдан кийин кытайлыктар паспорт алып, каалашынча көбөйүп, дагы 50 жылдан кийин кыргыз жарандарынын атынан Кыргызстандын Кытайга кошулушу тууралуу же «эл аралык достук үчүн» кытай тилине расмий статус берүү боюнча маселе көтөрбөйт деген кепилдик барбы? Кыргыз жарандыгын да, орус жарандыгын да алып алган орус тилдүү башка улуттагылар Маскөөңүн шыкагы менен «Орусиянын курамына кошулалы» деп 100 миң кол чогултуп киришсечи? (Ал жактын социологиялык уюмдары эмитен эле ошондой пикирлерди аныктаган иликтөөлөрдү Кыргызстанда жүргүзүп жатышат. Мындан 1-2 жыл мурда анкетасы 16 беттен турган, өтө терең сурамжылоо жүргүзүлгөн). Азырынча андай болбойт деген кепилдик жок. Ошол кезде «сен кытайсың (же башкасың)» деп көр. «Эч кандай кытай эмесмин, сенден өткөн кыргызмын» дейт. Анткени паспорту боюнча азыр биздин өкмөт кыялдангандай «кыргыз жараны». Ичи баягы эле кытай. Паспорту кыргыз. Анда эмне кыласыңар?

III Демографияга байланышкан коркунучтар. Кыргызстанда кыргыздар башка улуттагыларга салыштырмалуу саны жагынан өтө эле жайбаракат көбөйүп жатканы эч кимге жашыруун эмес. Бул тенденция жакынкы жылдары дагы сакталып кала берчүдөй. Жарандардын улуту так көрсөтүлүп турса – бул маселенин масштабын даана байкап, маселе көтөрүп, коңгуроо кагып, алдын алып, чара көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ал эми улут тууралуу графаны жоюп салгандан кийин андай маселе коюлбай да калат. Коюуга негиз жок калат («Баары «кыргызстандыктар» да, кимиси ким экенин ит билсинби, ал маселени эмне эле козгоп жатасың?» дешет). Андыктан улут тууралуу графаны жападан-жалгыз жарандык документтен алып салуу – улут тууралуу далилдүү маалыматты жоюп салуу менен барабар. Улутту адегенде паспорттон, андан кийин мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу чөйрөсүнөн, андан кийин дүйнө жүзүнөн жок кылууга багытталган, чындап келсе ири геосаясий борборлордун алысты көздөгөн кызыкчылыгы үчүн жасалган кадамдардын эң алгачкысы (биздин өкмөт бул тууралуу билеби же билбейби ал башка маселе). Жеке мен үчүн бул мамлекеттик чыккынчылыкка тете.

 

Эмне кылыш керек?

Жогоруда айтылган жагдайлардан улам, ички паспорттон улут тууралуу графаны алып салуу азыркы этапта таптакыр максатка ылайыксыз деген жыйынтык келип чыгат. Ал эми сөз болуп жаткан жарандык биримдик, коопсуздук маселесин чечүүнүн төмөнкүдөй кадамдардан турган комплекси максатка ылайык:

  1. Орус тилинин расмий статусун алып салуу, дегеле кыргыз тилинен башка бардык тилдерге кандайдыр расмий статус берүүдөн баш тартуу жана мамлекеттик тилди мамлекеттин бардык чөйрөлөрүнө, менчик формасына карабастан адамдарды тейлөөгө байланышкан бардык кызматтарга милдеттүү түрдө киргизүү.
  2. Кош жарандуулук тууралуу нормалардын баарын алып салуу. Кош жарандуулуктун өзү эле – Кыргызстандын келечеги үчүн стратегиялык коркунуч.
  3. Кыргызстандын жарандыгы сырттан келгендердин арасынан кыргыз улутундагы адамдарга гана бериле турган нормаларды кабыл алуу.
  4. Жарандык берүүдө аны кабыл алып жаткан адамдын жарандык милдети башка бардык кызыкчылыктардан (жеке, диний, башка мамлекеттердин ж. б.) жогору тураарын моюнга алган милдеттенмени киргизүү. Мисалы, АКШда ушундай маанидеги ант – жарандыкка кабыл алуунун милдеттүү процедурасы болуп эсептелет. Ал жагын эмнеге туурабайбыз?
  5. Кыргыз жарандыгын алгысы келгендердин баарынан кыргыз тилинен, кыргыз тарыхынан экзамен кабыл алууну мыйзам нормаларына киргизүү. Мындай көрүнүштөр да эл аралык тажрыйбада бар.
  6. Башмыйзамдагы абстракттуу «адам укуктарын» конкреттүү Кыргыз Республикасынын элинин укуктарынан жана кызыкчылыгынан жогору койгон нормалардын баарын жокко чыгаруу. «Адам укуктары» башка бардык тараптар үчүн иштеп, Кыргызстандын өзөгүн түзгөн кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгы үчүн келгенде эле бир да маселе боюнча иштей элек.
  7. Түзүлүп жаткан маалымат базасына адамдын өзүнүн эле эмес, анын ата-энесинин, 7 муунга чейинки ата-бабасынын мамлекетке каршы кылган кылмышы тууралуу маалымат үчүн атайын графа киргизип, эгерде андай фактылар бар болсо – чиптеги графада атайын чакан белги коюу. Мунун тарбиялык мааниси бар. Кыргыздын кызыкчылыгына каршы иш кылган ар бир адам укум-тукумуна чейин уят болоорун эмитен эле билсин.

Улутум – кыргыз, урааным – Манас.

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ, саясат таануучу, “Көк асаба, 29.06.2016-ж.

Макала Учурдун идеялык тополоңу: паспорт. Бийлик айтпаса, биз айталы – улуттун «уурдалышы» эмнеге алып келет? бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Таң заар, супа салганда, каш карайганда, багымдат — саат канча болду?

$
0
0

Филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев таң агарганда, таң атканда, таң заарда дегенде эртең мененки саат канча болгондугун түшүнүү керек экенин айтып берди.

Илгери, саат жок маалда кыргыздар күн чыккандан батканга чейин убакытты өздөрү белгилеп келишкен. Бүгүнкү «Тибиртке» рубрикасында кыргыздардын бир күн ичиндеги убакыттын белгиленишине карата айтылган мезгил өлчөмдөрүн жазууну туура көрдүк. Кыргыз тили бай, бир күн ичинде мезгилди аныкташ үчүн кеминде 18 сөз колдонулат экен…

Таң үрүл-бүрүлдө — жерге жаңыдан жарык түшүп келе жаткан мезгил. Жакынкы буюм-тайымдар, караан гана үрүл-бүрүл (бүдөмүк) көрүнүп, алыстагылар даана көрүнбөйт;

Таң заардан же таң атпай — эртең менен эрте, күн чыга электе деген мааниде айтылган;

Таң агарганда — жерге жарык түшүп, айлана-чөйрө көрүнүп калган, бирок күн чыга элек мезгил;

Супа салганда — таң агарды дегендин синоними;

Күн чачыраганда — күн жаңыдан чыккан мезгил;

Таң атканда — жерге жарык толук түшкөн маал;

Шашке — түшкө жакындап калган мезгил. Саат 10.00дөн 11.00гө чейинки убакыт аралыгы;

Күн аркан бою көтөрүлүп калганда — болжол менен саат 11.00 чамасын туюндурат;

Түш ченде — саат 12.30дан 14.00гө чейинки мезгил;

Чак түш — саат 13.00 чамасы, башкача айтканда күн так төбөгө келген учур;

Кечке маал же кеч киргенде – күн батарга жакындаган маал;

Күүгүм киргенде – айлана-тегерек караңгылай баштаган учур;

Иңир — толук караңгы кире элек, айлана үрүл-бүрүл көрүнүп турган чак;

Көз байланганда — күн батып айлана-чөйрө элес-булас гана көрүнүп турган учур;

Күн батканда – күн толугу менен баткан мезгил;

Каш карайганда — күн уясына толугу менен кирип көзгө эч нерсе көрүнбөй калган мезгил.

Караңгы киргенде – айлана-тегерек көрүнбөй калган маал;

Түн ортосу — түнкү саат 1.00дөн 2.00гө чейинки мезгил.

 

Намаз окууга байланыштуу мезгил убакыттары төмөнкүчө айтылат

  1. Багымдат маалы — Таң агарып, күн чыкканга чейинки мезгил, башкача айтканда таң заар;
  2. Бешим малы – түш оогон мезгил;
  3. Дигер маалы —күн батканга чейинки, кечки маал;
  4. Шам мезгили – күн батып, күүгүм кирген учур;
  5. Куптан мезгили – түн ортосуна чейинки, жатар мезгил.

Сүрөт Табылды Кадырбековдуку, Айида Батырбекова,
«Sputnik – Кыргызстан», 21.07.2016
-ж.

Макала Таң заар, супа салганда, каш карайганда, багымдат — саат канча болду? бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Дароот-Коргон

$
0
0

Дароот-Коргон. Сансыз жылдардын санаты төгүлүп, сапар карып, ат арып, сан-миң өмүрлөр кыйылган жер. Опол того оронгон бул жерде айтылбай калган өктөм тарыхтын ырын ырдап, күүсүн черткен бир гана элес: бир тарабы көчүп, маанайы өчүп калган карт сепил.

Бу алп тоолордун кучагында тээ эзелтеден эч кимге баш ийип, кулдук урбай; амал кылып ажал келсе алдынан кыя тосуп айбыкпай найза сунган, кылычы кындан түшпөй, журт уюткусу бузулбай көчүп-конгон бир ууч Кыпчак уруусу атадан балага, муундан-муунга калган зор өмүрдүн нарк-насилин төмөндөтпөй, урпагына шеек келтирбөө мыйзамын бек тутуп жашап турган. «Жерине жараша эли» деген эзелки эл сөзү бекер айтылган эмес белем. Бу чөлкөмдө таң агарып атканда аалам акактын суусуна жуунуп алгансып, көпкөк асман, тээ алда кайдан шаңкайган улуу тоолор дапдаана көрүнүп, чексиз кенендик, бейкуттук сезилээр эле. Анан түш ообой капылет шамал чыгып, добул уруп, көтөрүлгөн чаң нөшөрлөгөн жамгыр менен аяктап, ээ жаа бербеген Кызыл-Суу нугунан улам оодарылып, күпүлдөп жар кемирип агаар эле. А эл болсо, алп тоолордун колтугуна баш калкалап, күнүмдүк турмуштун лазатын татып, жай баракат жашап, анан бир туруп кадимки тоо карышкырларындай тынымсыз жортуп, чыгыштан Кашкар, батыштан Кара-Тегин менен жоолашып, капылет изин жашырып, коктудан-коктуга, тоодон-тоого ооп, сиңип кетээр эле. Бу бир ууч элге эч кандай үстүртөн келген өкүмдарлыктын, бийликтин кереги жок болчу…

Бирок, ушул кезде Кокон хандыгы улам кеңейип, Кудаяр хан экинчи ирет бийликке келип, Тыяктан Кара-Тегин вилайетин колго алып, өз бийлигин Чоң-Алай өрөөнүнө чейин жайылтуунун үстүндө кам көрүп жаткан. Кан жиберген «Кара тумшук бүркүт» Кул датка болжол менен 1864-жылы абал баардын алды менен миңге тете колдун коштоосунда эч каршылыксыз Дароот-Коргонго келип түштү.

Улуту тажик болгон Кул датка Кара-Тегин вилайетин Кокон хандыгына кошууда Кокондун, Маргалаңдын айланасында жашаган тажик урууларынын башын бириктирүүдө өзгөчө кызмат кылганы үчүн Кудаярхан өз колу менен «датка» деген наамды ыйгарган ишенимдүү адамы эле. Кебете-кешпирин караган адамга кадимки тапка келген бүркүттөй чамынып, кочкор тумшук мурдунун астында оозун жапкан коюу кара муруту ого бетер каардуу кылып көргөзчү. Ошондуктан аны «Кара бүркүт, кара тумшук» деп аташчу.

Ошол эле жылы Кул датка Дароот-Коргон суусунун чыгыш тарабына коргонуу сепилин курууну баштады. Айылдан-айылга кыдырып, элдин мал-мүлкүн тоноп, төөнүн сүтүн, эчкинин жүнүн жыйдырып, азылган топурактын үстүнө жыйналган малды мууздап, канга жууруп, эчкинин жүнүн, төөнүн сүтүн коштуруп кийиз жаптырып тапка келтиртти. Бул болсо Кул датканын ата-бабасынан алып калган сыры эле. Канга жуурулган топурак таштай катып, төөнүн сүтү ширелүү келип, жаанга жуулбас касиетке ээ.

Сепил төрт чарчы келип, узуну сексен, туурасы алтымыш, бийиктиги алты метрди түзгөн, төрт бурчуна мунара тургузулуп, алардан атайын төрт тарапка мылтык атылчу тешикчелер коюлуп, түндүк тарабынан жалгыз дарбаза курулду.

 

Кыя чабылган кылыч

Мезгил закымдап, не бир тагдырлардын тамыры зыркырап жатты. Датканын камчысынан калган так жон сыздатып, кылыч кындан суурулуп кыя чабылар кез жакындап баратты. Жыл айланып, саратандын аптаптуу ысыгы жанга өтүп турган кези экен. Ошол күндөрдүн биринде катынпоз датканын нөөкөрлөрү Кара-Мык айылындагы айтылуу сулуулардын бирин датканын «ак никесине» алып барууга келишет. Бирок Артык бийдин аталаш тууганынын бир уулу ал кызды өзүнө нике кыйдырып, каршылык көрсөтөт. Кул датканын буйругу менен ал жигит күнөөкөр деп табылып, байланып келинет. Кеч бешимде Артык бий Дароот-Коргонго келип: «Жигитиме жан соога кыл, датка» — деп сурайт. Ошондо датка: «Оо, бекзада, сунулган колду суурулган кылыч кеспес. Сөз бир, шарт бир болсун. Таң агарып, Кара-Кыяга күн жабышканча кырк дилде алып келбесеңиз айып этпеңиз, ажалга даба табылбас. Газага саям (өлүмгө буйругум) деген шарт коет. Ошол жай саратандын кыска түнүндө Артык бий атын катуу теминип, Кара-Мыкты көздөй келатты. Көңүлүнө тонгон муз сай-сөөгүн сыздатып, башаламан чакчелекей ойлордун санаасында баратып улам Кул датканын оозун жапкан кара муруту, тээ алда кайдан карагансыган заардуу көздөрү көз алдына тартылып, «Сөз бир, шарт бир болсун… Газага саям» деген сөздөрү кулагына кайра-кайра жаңырып, «уу кызталак, бул эки сүйлөбөйт» деп, узаган сайын кылчайып Кара-Кыяны карап баратты. Тээ Кашкар тараптан күн кылт этип жарыгын чачканда бет маңдайынан тосо чыкчу бул Кара-Кыя эртең бир өмүрдүн бар же жок болуучу мезгил сагатын ченөө кызматын аткармак. Мезгил — өмүр, мезгил — өлүм. Өлүмгө татырлык күнөө кылса анда иш башка. Бирок бул жаза, адилет жаза болбой ата-текке, уруу намыска шек келтирип жатпайбы. Анан калса бул аймакта сөзүнүн өтүмдүүлүгү, кадыр-баркынын жогорулугу жагынан Артык бийге тең келээрлик эч ким жок эле. Уламышка айланып бараткан чоң атасы Тилек батыр жөнүндө айтылган кеп анын күчүнө күч, намысына намыс кошуп, көңүлдүү уу-дууга толуп баратты. Тилек баатырдын тушунда эч бир жоо бут арапка батынып кол салган эмес экен. Эл оозунда айтылган кепке караганда Тилек батыр 15 жаш курагында жайдак ат минип, кароол дөбөгө чыгып, Каратегин тараптан келаткан жоонун алдын тоскон дешет. Ошондо келаткан жоо ат башын тартып, аскер башы «тээ жайдак ат минген өспүрүмдүн атынын жалында шам күйүп, эки тарабынан эки жолборс коштоп турат. Кайтпасак болбос, кызыр колдогон жан экен» деп кайра тартышыптыр. Ошол Тилек эр жеткенде эки жагына бирдей кылыч шилтеген баатыр Тилек сологой деген атка конгон.

Артык бийдин мындан башка да укканы бар эле. Бала кезинде атасы Курмушу менен Кашкардын Кыяк-Башы деген жерине барышып, жепирейген бир үйдүн ичинде сакал-муруту куудай аппак абышканы көргөнүн эстеди. Аны-муну, ата-текти сурап отурган абышка ордунан тура колдорунан өөп, чапандарынын этегине тооп кылып: «Оо, куш келипсиңер Тилек Кыпчактын перзенттери» — деп ээктерин кемшеңдетип көздөрүнө жаш кылгырып, мындай бир окуяны баяндаган:

— Бу, Сары-Таш, Кашкар тараптагы кыргыз атпайдын башына каран күн түшүп, калмактын кандуу кылычынын астында турган кез. Ушундай абал Тилек баатырдын кулагына жетип, көп кол менен келип, калмакты катуу кырып, элди канатына калкалап калат. Ошондо карыя атпай бүт чогулуп, баатырды ортого алып: «Тегиңиз ким, бурадар»—деп сурашса, «Кыпчак» деп жооп берет. Анда карыялар оо бурадар, сиз куп чакта келдиңиз (өз мезгилинде). Сиздин тегиңиз да, атыңыз да кыпчак болсун дешип, ак сакалдарынан ылдый бата тартышкан экен.

Бул түн терметип бараткан ошол Тилек баатырдын небереси Артык бий болчу. Тилек баатырдан төрт уул: Халыгул, Абдилла, Худаяр, Курмушу калган. Курмушудан Артык бий. Артык бий ошол ай-ааламга жылдыз толгондо Кара-Мыкка жетип, убада боюнча кырк дилдени алып кайтып келатканда Жар-Башынын талаасына жакындаганда, Сары-Таштан көтөрүлгөн күн Дароот-Коргондун Кара-Кыясын жаба берди. Бул мезгилде жаш кыздын койнунан жаңы козголгон Кул Датка нөкөрлөрүнө: «Карагыла! Күн кыяга жабыштыбы, Артык бий барбы» — дегенде, нөкөр «Күн кыяга жабышты. Жар Башынын боз талаасында эки шашылыш караан бар дегенче болбой: «Кеч болуп калган экен, күнөөкөрдү газага сайгыла» деп өлтүрүп жиберет. «Жолбун» бүркүттүн бул кылган жоругу Артык бийдин жүрөгүнө сайган канжардай тийип, катып Кара-Мыкка жетпей аттын башын Жекендиге буруп, Гайып бийдин алдына келет.

— Оо, бий аба, тиги жортуп келген жобун ит энеси өбө элек кыз алып, элдин мүлкүн талап… Не калды Гайып бизде? Не сый?.. Не урмат?.. Сөз ушул болду. Ошол күнү Гайып бий Кул датканын темир устасы Мамараимге киши жиберип жең ичинен алака түздү. Уста Мамараим Гайып бийдин кызматын кылган киши эле. Колунан көөрү төгүлгөн уста, сынган кылычтын жигин билгизбей улаган чебер болчу. Мындай жөндөмдүүлүктү көргөн Кул датка өзүнө уста кылып алган эле. Барган чабарманга уста Мамараим: «Байтеше тапка келгенде» деген жоопту айтты. Анткени коргондун дарбазасы жоон чынжырлар менен артылып жабылчу эле. Уста Мамараим байтешесин кайра-кайра согуп, эшик тартылган чынжырды чапканда эч майтарылбастан бөлө кесүүгө таптады. Байтеше тапка келгенде Артык бий, Гайып бий баш болгон жүздөй кыпчак үрүл-бүрүл караңгы талашта сепилди курчоого алышты. Чынжыр тарс үзүлүп, дарбаза ачылды. Кыпчактар сепилдин ичине кирип келишип, датканын желдеттерин каршылыксыз кармашты. Сепилдин ичине тигилген ак өргөөдө бейкапар отурган Кул датка бака-шакадан селт этип чочуп, керегеде илинген алтын саптуу кылычын кармап сыртка чуркады. Иштин жагдайын дароо түшүндү да, сепилдин чыгыш тарабындагы мунарага кире качты. Мунаранын астына өрт коюлду. Коюу кара түтүнгө кошулуп, Кул датка мунаранын үстүнөн баш бакты. Артык бий жакын келип: — Оо, кызталак! Жаман атка жал бүтсө… Кана, тапчы эми ажалга даба… Ташта кылычты, — дейт. Кул датка алтын сап кылычты Артык бийди көздөй шилтеди. Артык бий кача бергенде кылыч Байды жандап турган желдеттин чапанын тешип, курсагын жарып кетти.

Кул датканы Дароот-Коргон суусуна алып келгенде ай көтөрүлүп, түн ортосу болуп калган эле. Суу жээгине келгенде Кул датка Артык бийге бурулуп: «Руксаат этиңиз бий, акыркы жолу даарат алып алайын» деп кайрылат. Ошондо Артык бий датканы ээгинен көтөрүп: Ха, ит десе, шейит болгуң бар экен да, шарыят урган шерменде! Сендейге кыпчактын кылычын булгоого да болбос! Чап! Өзүнүн кылычы менен кыя чаап сал!—деп буйруганда чабылган кылыч сол мүрдөн кирип, өпкөнү тең бөлүп, ичеги-карындан өтүп, жамбаш сөөгүнө такала түштү. Кылыч кайра суурулган жок. Алтын сап айдын жарыгына жаркылдап турду. Кыпчактар сепилге кайра келбестен Жекендини көздөй тартышат. Эки күн өтпөй Гайып бий өзүн «датка» деп жар салды да, сепилди ээледи. Кудаяр хан өз бийлигин орнотуу үчүн Дароот-Коргонго Абдырахман аптабачыны баш кылып аскер жиберди.

 

Кутулбас кун

Оо, бир кезде атасы Мусулманкул аталыктын азаптуу өлүмүн көргөн Абдырахман өлүмдөн качып, баш калкалаар жер издеп, ушу алп тоолордун койнуна келген эле. Атадан калган жалгыз перзентти асырап өстүргөн да, алдына ат тартып, үстүнө тон кийгизип, жоо-жарагын камдаган да ушул эл эле. Кийин эр жетип, күчүнө толуп турган кезинде Кудаяр хан: «Кайсы күнү тоонун жапайы кыпчактарын ээрчитип чаап кирет» деген түпөйүл ойго кетип, тез издетип таптырып, атасынын кегин унутсун деп өзүнө жакын адам кылып алган. Эми минтип кандуу кылыч көтөрүп, өз кудугуна түкүрмөккө, бирден кармап башын алмакка бармакчы. Абдрахман адегенде бул жүрүштөн баш тартмакка далалат кылды. Бирок, Кудаяр хандын катуу кысымынан соң барууга аргасыз экенин айтып, Маргалаң кыпчактарынын төмөнкүдөй мазмундагы каты менен тымызын чабарман жиберди: «Чоң Алай кыпчактарына кабар кылгыла! Мен Мусулманкул аталыктын перзенти Абдрахман өз туугандарыма каршы аргасыздан чабуулга барам. Тамашанын белин ашып, Дүңгүрөктүн ичине салам. Жолду өзүм баштайм. Капчыгайдын эки башын бууп, үстүртөн таш камдагыла. Мен капчыгайдан өтө качкан соң, жолду бууп, ташбараңга алгыла. Тирүү калчулар болбосун! Абдрахман».

Бул кат Маргалаң кыпчактарынын чабарманы аркылуу Дароот-Коргонго жетти да, Гайып датканын колуна тийди. Гайып датка тез аранын ичинде капчыгайдын эки тарабына бештен он мерген отургузуп, Дүңгүрөктүн кырын ташка толтуртту.

Мына кагылыша кала тургансыган бет маңдай эки тоо. Тар капчыгайдын таманында жалгыз аяк жол. Таштан ташка жулунуп, суунун жаңырыгы бир калыпта дүңгүрөп, авазга чыгып турду. Балким, «Дүңгүрөк» деп аталышынын негизи ушудур.

Белгиленген мөөнөттө Абдрахман беш жүз сарбазды жанына алды да, эки күн жол жүрүп, Тамашаны ашып, Дүңгүрөктүн ичине кирди. Жол баштаар аптабачы колду токтотту да, мындан ары жолду карап келүүгө алдыга кетти. Тосмодон өтүп, колун өйдө көтөрдү да, «баштагыла» деп ишарат кылды. Мөндүрдөй жааган таштар беш жүз өмүрдү заматта жалмады. Бирин-экин качкандарын мергендин огу тосту.

Абдрахман Аптабачы атынын башын кайрадан Коконго бурду.

Ошентип, бул иштин жарасы улам ырбап баратты. Айласы кеткен Кокон ханы Каратегин бектери «Кул датканын куну куулбай калды» деп көкүтүп жатты. Маргалаңдын, Кокондун айланасындагы тажик бектерине да ушул эле соболду койду.

Кеч күздүн удургуган кара шамалы кошо Фергана тараптан чыккан кошуун тоо ашып, Текеликтин ичи менен келип, Дароот-Коргондун үстүнөн агылып түштү да, күн чыгыш Кашкар багытын тосту. Экинчи топ Каратегин тараптан чыкты да, Жерге-Тал, Сар-Талаа, Кичи-Кара-Мыкты басып, күн батыш улуу Кара-Мыкты тосту. Жоону Гайып датка менен Артык бий жүзгө жетпеген кол менен тосту. Көп колго туруштук бере албаган кыпчактар улам батышты көздөй чегинип отуруп, Жекендинин талаасына келгенде эки тараптын кысымында калды.

Артык бий боз тобурчагын оңго бурду да, тоскон жоого жеткирбей Балыктынын белин ашып, Текелик тоосун жамынды. Гайып датка Памирди көздөдү да, аттын башын солго буруп, сууга калды. Кеч күздө тартылып калса да, Кызыл-Суу кечүү берген жок. Чарчаган аттар суунун агымына карай кайрадан оңго чыкты. Утурлап чапкан кол Гайып датка баш болгон ондой адамдын башын жээкке жетээр менен чаап жиберишти. Баштар сууга кулады. Алардын арасында Гайып датканын бир тууганы менен өз перзентинин да башы бар эле. Агып бараткан баштардын артынан «Карма, карма», дешип суу жээгинде чаап жүрүштү. Кудаяр хандын алдында кун куулду деп алып барылуучу баш суунун тереңине карай агып, акыры чөгүп кетти.

Кун куулуп бүттүбү! Эгерде бүтсө эмне менен далилдемек? «Же баш, же аш бербесе, бул эмне деген эл» дешип чурулдап кала беришти. Чындыгында бул элге үстүртөн келген эч кандай бийликтин, өкүмдардын кереги жок эле…

Сакы Садыков

Р.S. Окумуштуулар Дароот-Коргон сепилин «Кокон хандыгынын тушунда Чоң-Алай өрөөнүндө 1821-жылы курулган. Ал тоолуу Алай аймагынын хандык бийликтин аскердик-акимдик таяныч түйүнү болгон (КР тарыхы. Энц. Сөздүк. Ф., 1990, 338-бет).» деп далилдешет. Бирок мунун канчалык чындыгы бар экени белгисиз. Мен бул баянды Тилек Баатырдын төрт уулунун бири Калыгулдун чөбөрөсү Кара-Мык айылынын тургуну Абсатар уулу Тойчубек абанын оозунан 1991-жылы жазып алдым. Тойчубек аба бул баянды Абдилланын небереси Анапиянын оозунан угуптур. Анапия Дароот-Коргон чебин алууга катышкан. Азыр Артык бийдин, Гайып бийдин, Мамараим устанын урпактары бар.

“Эркин тоо”, 10.05.2016-ж.

Макала Дароот-Коргон бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Нарсулуу Гургубаева, акын: “Жашап келем жашап болбос калаада, Кол чатырсыз, үй дарексиз, акчасыз…”

$
0
0

“Алыстагы ак жарык” аттуу китеби менен Кыргызстанга келген акын кызыбыз Нарсулуу Гургубаева окурмандарды терең ойго салган, тамшандырган адабий кече өткөрдү. Уюштуруучулар кеченин алдында автордун китеби менен алдын-ала тааныштырып, окурмандардын даярдыкта келиши ыр майрамын ого бетер өзгөчөлөнттү.

Жазуучу Султан Раев китепке жазган баш сөзүндө:

“Нарсулуу… баягы мен көргөн Нарсулуудан мага анын аты эле калгандай туюлду…Чындыгында тагдыр, мезгил, турмуш…анын жүрөгүнө мөөрүн салып, жашоого болгон эн тамгасын…жашоонун кылка эмес кырларында сынагандай сезилди… Дүйнөнү акыл менен тааныйбыз, тагдыр менен сезебиз… Жашоонун мыйзамы ушундай… Ал мыйзамды өзүбүз аныктайбыз, өзүбүз ошол дөөлөт менен жашайбыз…

Татаалдыкты сүйгөн, татаалдык менен күрөшүүгө бел байлаган, татаал ойдон, татаал дүйнөнүн сырын, сырдуу дарбазасын ачууга белсенген Нарсулуунун ырларынан… эң оболу анын жан дүйнөсүн көрдүм… Ал өзүмдүктүн эмес, баарыбыздын дүйнөбүз… бул ырлар өзүбүздү өзүбүз түшүнө билүүдөгү алыста бүлбүлдөп күйгөн ак жарык мисал…” деди.

 

Окумуштуу Гүлзада Станалиева Нарсулуу Гургубаеванын чыгармачылыгында жол, өмүр аттуу сөз көп учурап, мигранттардын турмушун, философиясын чагылдырып тураарын белгилеп өттү.

Тележурналист Бейшенбек Бекешов ырда акындын эле жан дүйнөсү эмес, бүтүндөй элдин жан дүйнөсү болбосо, анда ал ыр эмес. Кыргыз түгөнгөн сайын түтөгөн, өлгөн сайын тирилген, жоголгон сайын кайра жарала берген, “Манастагыдай” башкача эл экендигин айтты. Адабиятчылар “Мигранттар поэзиясы” деп атап алыптыр. Бул—бир миллион элдин поэзиясы. Ошол алыскы жерлердеги элдин портрети. Жалпы элдин портрети жан дүйнөсү, ыры менен ушул кыздын көкүрөгүндө калыптыр. Ал ошол кыргызды тирилтип чыга турган жан дүйнө экен. Ырында ала кушту аты менен айтыптыр. Ушул төрт сапта бүтүндөй сырттагы кыргыздардын турмушу сыйып турат:

“Күлкүгө суз, күйүткө суз, жашка суз,
Күн өткөргөн сенсиз, ансыз, башкасыз,
Жашап келем жашап болбос калаада
Кол чатырсыз, үй дарексиз, акчасыз…”

Бар бол, Нарсулуу, сендей акыны бар кыргыз эч убакта өлбөйт” деди Бейшенбек Бекешов.

Кечеде ошондой эле Н. Гургубаеванын сөзүнө жазылган Түмөнбай Колдошевдин ыры, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин ж.б ырлары жаңырып, эстен кеткис ыр майрамы болуп калды.

 

Нарсулуу Гургубаева: “Өз үнүм, өз стилим табууга аябай аракет кылдым”

Кечеден кийин окурмандарына кол тамга таратып бошобой жаткан Нарсулуу менен эки ооз сөз сүйлөштүк.

Айтсаң Нарсулуу, Москвага кандайча барып калдың эле?

— Көпчүлүк эл сыяктуу эле. Иштеп, окуп калдым. Адегенде окууга өтөйүн деп баргам, бирок өтпөй калып, иштедим. Анан даярданып, Адабият институтуна өтүп, акыры окуп бүтүрдүм. Биринчи жогорку билимди Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинен алгам. Экинчи билимим Горький атындагы Адабият институту болуп калды. .

Нарсулуу,“Алыстагы ак жарык” биринчи китебиң эмес окшойт…

— 19 жашымда “Көз мончок” аттуу алгачкы китебим чыккан.

Ырларыңда Сагын Акматбекова, Айгүл Узакова сыяктуу акындардан алган таасирлериң сезилип турат деп атышат….

— Чынында мен көп эле акындарга таасирлендим. Ырас, бала кезимде Сагын Акматбековадай акын болгум, ага окшош болгум келчү. Акматбекова кыргыз поэзиясында бурулуш жасаган да, мен да поэзияда бурулуш жасагым келчү. Бирок мүмкүн болушунча Нарсулуу болгонго, өз үнүм, өз стилим тапканга аябай аракет кылдым, бул чын сөзүм. Канчалык деңгэлде Нарсулуу боло алдым, аны эл айтышы керек.

Китебиңде мыкты ырлар топтолуптур. Бардык эле ырларың ушундайбы?

— Бардык ырларым ушундай десем, балким, жалган айткан болуп калам. Бирок элге жалаң жакшы ырларды жеткиргенге аракет кылам.

Фамилияң өзгөчөлүү экен… .

— Чынында мен Гургубаева эмес, Күртүкбаева болушум керек эле. Алайда Күртүктүү мазар деген мазар бар. Чоң чоң энелерибиз мазарга сыйынып жүрүп төрөгөн экен. Алайда фамилияны каттаарда туура эмес жазып коюшуптур. Ошону менен Гургубаева болуп калыптырбыз.

Келечекте өзүңдү кандай элестетесиң?

— Эртең эмне болоорумду билбейм, бирок так билген нерсем, алымдын келишинче дагы жазам. Жаза элек ырларым али алдыда.

Айгүл Бакеева, “Политклиника”

 

Нарсулуу Гургубаеванын ырларынан

* * *

Алыстыкты жазыш азыр кандай оор!
Алыстыктан арзыш сага—андан оор.
Сан ичинде саргалдактай кылайган,
Санаа-сыркооң менен, Журтум, аман бол!

“Келем” дебей, сенден кетүү күч алып,
Кайтаар жолдо кадамыбыз тушалып…
“Аманбыз” дейт үнү менен апамдын
Кең дүйнөнүн бир бурчунан кусалык.

Ошол үндөн кайрат алып талыккыс,
Бир мезгилге карыз тузбуз, калыспыз.
Эртең кайра кулайбыз деп бооруңа,
Бүгүн сага алыстыктан алыспыз.

Кайтабыз деп кайралып да, бүлөнүп,
Сенден кеттик, кеткен себеп жүйөөлүү.
Сен аман бол, себеби жок кырсыктан,
Бул дүйнөнүн бүлк-бүлк соккон жүрөгү!
Бул дүйнөнүн бүлк-бүлк соккон жүрөгү …

2009-ж.

 

* * *

Ушул жашоо… Талаа болуп күнөстүү,
Калаа болуп…Бекет болуп башталып,
Капыс анан өчкөн эле жүрөктөн,
Мени ээрчиткен, мен ээрчиген ак жарык.

Жүрөктөгү ошол жарык өчкөндөн
Өзүм кошо өчпөйүн деп тырыштым.
Терезеден тиктеп жашап көнгөндөр
Терезеден мени тиктеп турушту.

Жандагандар караңгыны эп көрбөй,
Башка жактан жарык издеп кетишти…
Балким мага керек эмес кеткендер,
Балким мага өчкөн жарык жетиштүү.

Караңгыда өзүмдү өзүм жетелеп,
Өзүмдү өзүм издедим да, жоктодум.
Теңир менин сылаган жок бешенем,
Өзүм да ага бешенемди тосподум…

Билгенимден биле элегим көп эле.
Жарыгы жок көптү көрдүм, түшүндүм.
Мен кагылган ушул эски көчөлөр
Бүгүн менден чейрек кылым кичүүдүр…

Ушул жолдон, уюп калган муң-зарга,
Буюктурган бурганактар, куюндар,
Үңүлүшүп үнү бүткөн жылдарга,
Мени көрөт мен көрбөгөн кылымдар.
Үңүлүшүп жарыгы өчкөн жылдарга,
Бизди көрөт биз көрбөгөн кылымдар…

2015-ж.

 

ЭНЕМ АЙКАНГА

Билем, эне. Мен—мезгилдин сыныгы,
Баскан жолун, башат тегин унуткан.
Кыйын мага адам болуу чыныгы.
Аял болуу андан кыйын, куруп кал…

Тилегиң ай! Байлык, бала, көшөгө,
Өмүрлүк жар ичпеген да, чекпеген…
Күткөнүбүз үчүн балким экөөлөп,
Бүгүн, эне, мен бакытты жек көрөм…

Сурабачы “неге, кантип, кандай” деп,
Өмүрүмдүн сен түшүнбөс бул жагын.
Ансыз деле каталарым канды жеп,
Ооруга оору, ойго ой кошот, муңга муң.

Бир мезгилди бирге жашап жатабыз,
Эки башка дүйнө менен, ой менен.
Жарыктыгым, сенин батаң—катасыз,
Мен, чамасы, жаңылганды оң көрөм.
Мен чамасы, жаңылганды оң көрөм…

2007-ж.

 

ГРУЗ-200

Жүк-200… Жүз? Эки жүз? Мүмкүн миң,
Каргыш тийгир, сен канчанчы табытсың?!
Кимдин азыр чарт айрылып күлкүсү,
Кимге өчтү жанып турган жарык Күн?

Ушул жерге кан сураган, жан алган,
Кандай максат сени апкелди жетелеп?
Камгагым ай, калдаңдаган шамалдан,
Көчөтүм ай, көөнө бакка көчө элек…

Ким элең сен? Атасыңбы? Энесиң,
Же баласың үйдө жалгыз чырактай…
Кимдин азыр өрттөп жатат денесин,
Тирүү калган айыбы үчүн чыдатпай?

Тирүү калган… Сени тирүү билгендер
Эзет өзүн, эчен жылдар эсин жейт…
Сени апкелген кул жолдорду бул жерге
Сени апкеткен жолдор эми кечирбейт!

Эл бийлеген бектин, байдын, жакшынын,
Катасы—сен, бирок алар билишпейт.
… Өз кайгысын көрбөгөндөр бактылуу.
Төмөн турган төмөндүктү бийик дейт…

Жүк-200… Жүз? Эки жүз? Мүмкүн миң,
Каргыш тийгир, сен канчанчы табытсың?!
Кимдин азыр чарт айрылып күлкүсү,
Кимге өчтү жанып турган жарык Күн?…

2016-ж.

 

СҮЙҮҮНҮН ӨГӨЙ КЫЗЫ

Бардыгы жектеп алган,
Баарынан четте калган,
Басалбай араң жүрүп,
Атаба деген сайын,
Акылдан өчкүс кылып,
Ааламын кеч күз кылып,
Асылкеч адамынын,
Ысымын жаттап алган,
Сүйүүнүн өгөй кызы…

Азаптан азып алган,
Азаптан азык алган,
Көмдүрүп салса сүйүү,
Маңдайга бүткөн жалгыз,
Жапжалгыз азап ырын,
Көрдөн да казып алган…
Эстебе деген сайын,
Эсимден чыкпасын деп,
Көөдөнгө, көңүлүнө,
Көлкүгөн пейилине,
Дубалга, дарактарга,
Бүт бардык тараптарга,
Сүйүүсүн жазып алган,
Сүйүүнүн өгөй кызы…

Баарынан кечип коюп,
Абийирден башкасын бүт
Байпактай чечип коюп,
Байкатпай чечип коюп,
Турмуштун зындандарын,
Жапайы ыры менен,
Тешип, оюп…
Жапайы тилек менен,
Жапайы үмүт менен,
Баарына кешик коюп,
Жабыкпай жашап келет
Сүйүүнүн өгөй кызы…

2000-ж.

 

МЕН – АЯЛМЫН

Мен аялмын, түйшүк күткөн бактыман.
Бийиктикти, аруулукту жактырам.
Күйүттү да аялдарча көтөрүп,
Ой-чабытты аялдарча чаптырам.

Дүйнөм менин тар дагы да, кең дагы,
Ырга толгон, ыйга толгон жан жагы.
Кош колунда турсам дагы ааламдын,
Кош колумда бүт ааламдын салмагы.

Катуулукту катуу кабыл ала алам.
Катуулукту жумшак менен ж
аба алам.
“Аял” деген, “Эне” деген ат менен
Кара бороон Ханга кадыр сала алам.

Улагада олтурсам да төрдөмүн,
Көктө калкып жүрсөм дагы жердемин.
Буйруп, буйрук кылгандарга жашоону,
Бул дүйнөнү мен энчилеп бергемин.

Келээр бакыт түбөлүкпү, күндүкпү,
Керээз кылып кесишим шарт киндикти.
Милдетим бу—эркектердин үстүнөн,
Түшүрбөстөн кармап туруу түндүктү.
Милдетим бу—адамзаттын үстүнөн,
Түшүрбөстөн кармап туруу түндүктү.
Мен—аялмын…

2000-ж.

 

Нарсулуунун дагы башка ырлары

Макала Нарсулуу Гургубаева, акын: “Жашап келем жашап болбос калаада, Кол чатырсыз, үй дарексиз, акчасыз…” бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

2 томдон турган «Ала-Тоо» уламыштары басылып чыкты

$
0
0

Китепте кыргыздардын чыгыш теги, урууларынын, белгилүү жерлеринин, көлдөрүнүн аталыштарына жана да астрономиялык кубулуштарга байланыштуу байыртадан бери айтылып келаткан элдик уламыштары тематикага салынып топтоштурулду.

Китеп элдик уламыштардын табиятына, этнографиябызга, этнопедагогикалык иликтөөлөргө, деги эле кыргызтаануу илимине кызыккан изилдөөчүлөргө, педагогдорго, аспиранттарга жана да мектеп мугалимдери менен окуучуларга арналат. Томдордун көлөмү 275 жана 279 бет.

Түзгөндөр: Рысбаев С., Батыркулова А. Ураимов К., Ибрагимова К., Мукамбетова А., Мадумарова М.

Китепке кирген уламыштардын бирин сунуштайбыз.

 

Ала-Тоонун аталышы жөнүндө

Бүгүн “Ала-Тоо” деген ат менен айтылып жүргөн кыргыз тоолору түбүндө – “Теңир-Тоо” деп аталган. Ошол эле убакта жергиликтүү эл аны – “Улуу-Тоо” деп да айта беришкен.

Улуу-Тоого чыккан барбы,
Улар үнүн уккан барбы? – деп ырдашкан кыргыздар.

Зоологдордун айтымына караганда, уларлар ушул Улуу-Тоодо, анан Алтай-Сайан тоолорунун чокуларында гана жашашат.

Кыргыздар Теңир-Тоонун эң бийик чокусун – “Хан Теңир” деп айтышат. Анын бийиктиги – 6995м. Анын дагы бир аты – “Кан Тоо”.

Туран аймагына ислам дини киргенге чейин бул Улуу-Тоо ушундай ат менен (“Теңир-Тоо”) аталып, айтылып келген. Жергиликтүү эл ислам динин кабыл алгандан кийин, мусулман миссионерлери анын “Теңир” атын “Алла” менен алмаштырып айта башташты. Ошентип отуруп, бир кездеги Теңир-Тоо – “Алла Тоо” жүрүп-жүрүп, “Ала-Тоо” болуп айтылып калды.

Ошентип өз заманында ханзулар бул Улуу-Тоонун ысмын өздөрүнүн тилине которушуп – “Тянь-Шань” деп аташкан болсо, эми орто кылымдарда арабдар жана жергиликтүү ислам динин таратуучулар аны араб тилиндеги кудай атына алмаштырышып “Алла Тоо”, кийин “Ала-Тоо” деп айтып калышыптыр.

 

Китепти алгысы келгендер 0772 68 04 78 телефону боюнча кайрылыңыздар болот. 2 томдун баасы 500 сом.

Макала 2 томдон турган «Ала-Тоо» уламыштары басылып чыкты бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Чет элдиктер үчүн мобилдик сүйлөшмө иштелип чыкты

$
0
0

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын демилгеси жана каржылык колдоосу менен Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөрдүн 2-оюнуна карата чет жерден келген туристтерге жергиликтүү эл менен пикир алышуу, өтүп жаткан оюндарды, аларда колдонгон сөздөрдү түшүнүү үчүн атайын сүйлөшмөнүн мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Бул мобилдик тиркеме 3 тилди: орусча-кыргызча, англисче-кыргызча жана түркчө-кыргызча сүйлөшмөлөрдү камтыйт.

Аталган тиркемени бардык андроид платформасындагы каражаттардан жүктөп алууга болот. Тиркемени google plаy баракчасынан mamtil lingvo аталышын терип, же болбосо mamtil.kg сайтында берилген шилтемеден жүктөп алса болот.

Кийинчерээк бул тиркеме кыргыз тилин жеңил үйрөнүү бөлүмдөрү менен толукталып, iOS платформасында иштеген каражаттарынан да алып колдонууга жеткиликтүү болмокчу.

Тиркеменин ичинде күнүмдүк турмушта эң жыш колдонулган сөздөрдөн турган сөздүк жана категорияларга бөлүнгөн кырдаалдык сүйлөшмө, үйрөнгөн сөздөрүн текшерүү үчүн дикция бөлүмү жана эске тутуу, классикалык тест ошондой эле салыштыруу тесттери камтылган.

Аталган мобилдик тиркеме тууралуу толук маалыматты mamtil.kg сайтынан алсаңыздар болот.

“МаралФМ”, 01.2016-ж.

Макала Чет элдиктер үчүн мобилдик сүйлөшмө иштелип чыкты бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Таш кордо – кыргыз элинин байыркы тамагы

$
0
0

Мергенчинин тамагы деп аталышынын себеби, илгери мергенчилер атып алган кийигинин этин талаада таштуу ысык чуңкурга думбалап же чокко, ташка кактап жешкен. Бул тамак кандай даярдаларын он жылдан бери таш кордо даярдап келе жаткан Саткыналы Жусупбеков айтып берет.

ТАШ ЧУҢКУР

Жер 1 метрдей тереңдикте казылып, таманына, капталдарына ылайдын же цемент аралашманын жардамы менен кыш кыналып коюлат. Кыштын ордуна таш койсо да болот. Кыш дагы, таш дагы от жакканда ысып, ысыкты көп убакытка чейин сактайт.

 tash-chunkur

 

ДУМБАЛАМА ТАШ КОРДО

Керектелүүчү азыктар:

Бир козунун эти (жиликтенет)
Пияз – 0,5 килограмм
Сарымсак – 2 баш
Татымына жараша туз, татымалдар
2 литр суу

Даярдоо ыкмасы:

  1. Кой эти бир аз катуураак болгондуктан таш кордо козунун этинен даярдалат (3 айдан 1 жашка чейинки козулар). Жиликтер сөөгүнө чейин тилинет, анткени маринад жакшы сиңет.

koy-eti

  1. Маринаддоо үчүн сууга туз, татымалдар, майда тууралган пияз, сарымсак кошулуп, этке текши сүйкөлөт да, муздак жерде 8 саатка чейин турат.

tk1

  1. Таш чуңкурга толтура отун салып, күйгүзөбүз. Отун бир саат ичинде күйүп, чок пайда болот. Кара жыгач, алма, өрүктүн отуну көпкө күйөт жана чогу көпкө муздабайт.

tk2

  1. Маринаддалган эт атайын илмектери бар темирлерге илинип, таш чуңкурга салынат.

tk3

  1. Алгач жыгачтан жасалган капкак, анан таар, андан кийин жылуулук чыгып кетпеш үчүн топурак менен жабылат.

tk4

Устукан тартылганга чейин боор менен куйругунан закуска даярдасаңыз болот.

tk5

Бышуу убактысы жайында 40 мүнөт, кышкысын 1 саат 15 мүнөт.

tk6

 

КАКТАМА ТАШ КОРДО

kaktama_tk

Керектелүүчү азыктар:

Эт – 5 килограмм
Уксус (9%) – 12 аш кашык
Сарымсак – 1 баш (майда тууралат)
Пияз – 5-6 баш
Лавр жалбырагы – 3-4 даана
Татымына жараша туз, татымалдар

 

Даярдоо ыкмасы:

  1. Алгач эт сөөктөрүнөн шылынып, жалпак-жалпак тилинет.
  2. Уксус, лавр жалбырагы, туз, татымалдар, майда тууралган пияз, сарымсак кошулган аралашма менен этти маринаддап, 2 саатка тыныктырып коюңуз.
  3. Чуңкур таштагы отун күйүп чогу калганда эт ташка жабыштырылат. 30 мүнөттө даяр болот. Таш чуңкурдун ордуна казан колдонсоңуз деле болот. Экөөнүн тең ооздору бекем жабылууга тийиш.

Таш кордону ар түрдүү жашылчалар, көк чөптөр менен кооздоп конокко узата бериңиз.

 

Жерди бир аз казып алып от жагып, үстүнө жалпак таштарды тизип да таш кордо жасоого болот.

kaktama_tk2

Сүйүн Кулматова, «Супер-инфо», №717 29-июль-02-август, 2016-ж

Макала Таш кордо – кыргыз элинин байыркы тамагы бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Шайыр РЫСКУЛОВА: “Рамиске токол алып берем деп айтып калам…”

$
0
0

Эркекти падыша кылган аял, акынды да акын кылган аялзаты. Чыгармачыл адамдардын кулк мүнөзүнө чыдап, алардын чыгармачылыгына эргүү берген жубайлар көп. Залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун жубайына арнаган жакшы эскерүүсү бар. Ал эскерүүсүндө: “Жубайым зайып эне болду. Үй-бүлөмдү кыйратып бага албадым. Оорунун азабын тартып далай жыл жаттым. Ийрелеңдеп мени да, балдарымды да багып, кара жанын карч уруп күндөп-түндөп иштеди. Жарытылуу кийинбеди. Бирок баш көтөрүп бир катуу сөзүн айтпады. Жубайым мага зайып эне болду…” дейт. Анын сыңарындай эл акыны Рамис РЫСКУЛОВдун жубайы Шайыр Рыскулова эже да акынды ушул күнгө чейин бөпөлөп багып келет. Экөө бирге 45 жыл чогуу өмүр сүрүшүптүр. Бүгүн да аппак көйнөк, кычыраган костюм шым кийген акын менен жубайы Шайыр эже редакцияга келишиптир. Акындын жубайына кызыккан суроолорубузду узатып жаттык.

Өткөндө бир акын кызыбыз «Жазыш менин тагдырым болсо, мени чыгармачылыкта инсан катары, чыгармачыл эркин адам катары кабыл алыш анын тагдыры. Ал менин тагдырлашым» дейт өмүрлүк түгөйү жөнүндө. Сиз да тагдырлашыңыз гений акын Рамис аганын жубайы болдуңуз, өкүнүчүңүз жокпу?

— Бул киши менен бирге жашаганыма 45 жылдын жүзү болуп калды. Турмуш деген турмуш экен. Ар кандай кыйынчылыктар болду. Баары өтүп кеткенден кийин оор же кыйын деп айтыш туура эмес. Жашоо бирде ачуу, бирде таттуу болот экен. Күрөштүк, жеңдик, жеңилдик. Рамисти жалпы эл билет. Чыгармачыл чөйрө андан жакшы билет. Ракем чыгармачылыгы менен алектенип, эринсе сүрөт тартат. Чарчап кетсе редакцияларды түгөлдөп, жакшы тааныштарына барып, ошолор менен көрүшүп келет. Мен болсо таланттуу акындын жубайы, тагдырлашы болгондон кийин, үйдүн очогу, энеси болуп өз милдетимди өтөп жатам. Чарчадым, чаалыктым дебей, майда-чүйдө нерсеге чейин көңүл бөлүп турушуң керек. Жашоого нааразы боло берүү да жакпайт. Жакшы нерсени да айтыш керек. Рамиске турмушка чыккандан бери отун алган жокмун, от жаккан жокмун. Абышкамдын аркасы менен жылуу үй, жылуу турмушта жашап келем. Эл айткандай батирден батирге көчкөнүм жок. Тагдырыма ыраазымын. Мен бактылуу аялмын.

— Канча балаңыздар бар. Неберелер чоңоюп жатабы?

— Эки кызыбыз бар. Бирөөсү 50 жашка, бири 40 жашка чыгып калды. Кудайга шүгүр, неберелер чоңоюп жатат. Улуу кызыбыз турмуштан жолу болбой азыр колубузда. Анын эки уулу бар. Чоңураак неберем жакшы сүрөт тартат. Пластилинден түркүн жандыктарды аябай жакшы жасайт. Кадимкидей курак кылып, жээктеп, түркүн өң менен кооздоп келтирет. Талантын байкап сүрөт ийримдерине бергенбиз. Азыр айнекке, кездемеге сүрөт тартат.

— Калемдештер, достор менен чай ичишип турасыздарбы?

— Рамистин көп эле калемдештери менен мамилеси жакшы. Баарына көңүлү түз. Баарын жакшы көрөт. Бирөөнүн бир жерден итчилиги кетсе, бир жеринен жакшылыгы жууп кетет. Көпчүлүгүнө барып жамандык-жакшылыктарына катышып турабыз. Далай залкарлардын көзү өтүп кетти. Аларды эскерип кейийбиз. Айтор жашоо ушундай.

— Рамис ага, сиз айтыңызчы, Шайыр эже сиз үчүн кандай жубай болду? Ага арнап жазган ырларыңыз барбы?

— Отуз эки жашыма чейин бойдок болуп, бойдокчулуктун азабын тартып жүргөндө тапкан жарым Шайыра. Бир армия солдатты тизип койсоң да мени Шайырадай эч ким колдой албайт. Шайыра менин колдоочум. Мени колдогон, чыгармачылыгымды түшүнгөн жан. Телохранителим, спутнигим, маягым.

Биз экөөбүз бирге чуркап алдыны көздөй умтулган деңизбиз. Чоң дайрабыз.

— Шайыр эже, эмне деген өрт таланттардын тагдыры тайкы болду. Бул жагынан алганда Ыр акебиз сизге жолугуп бактылуу экен…

— Рамис экөөбүздүн жашообуз бир тасмадай тагдыр. Адамдын баары ыр жазбайт. Сүрөт тартпайт. Баарыбыз эмнеге шартылдата комуз чертпейбиз. Сыбызгыган шумдук музыкаларды ойной албайбыз. Алардын арасынан кээ бирлер кубулжута обон созсо, кээ бири карганын каркылдагындай болуп калам деп ырдабай коет. Ошонун ичинен иргелген, бөлүнгөн жылдыздай жаркыраган таланттар бар. Анын бири менин абышкам Рамис эмеспи. Аларды колдош керек.

Жашоо өзү Рамис айткандай көйкөлгөн көк чөп эмес. Бирок баарына сабырдуулук, чыдамдуулук керек.

Үй-бүлөнүн казынасын бөлүштүрүү өзүңүздүн колуңузда болсо керек?

— Чындыгында акчасынын баарын өзүм кармайм. Үйдө башкы бухгалтер өзүммүн. Баарын өзүм жайгаштырып бөлүштүрөм. «Шайыранын чөнтөгү барса келбес казактын бетпак талаасы» дейт. Абышкам жакшы пенсия алат. Бирок оокат-аш майда-чүйдөгө бөлүштүрө келгенде акчанын куну жок да.

— Рамис агай, айтсаңыз, экөөңүздөр бош убактыңыздарды кандай өткөрөсүздөр?

— Экөөбүз бай байбиче болуп жакшынакай сөздөрдү сүйлөшүп отурганда жашоо Шайыранын шайы көйнөгүндөй жайкалат. Ал эми урушуп-талашып калсам бул дүйнө Шайыра салган чырга окшоп калат.

— Бош убактыбыз деле өтө аз болуп калат. Бош убактыбызды газета-журнал, китеп окуп өткөрөбүз. Көпчүлүк акын-жазуучулар үйгө чейин келип китептерин таштап кетишип окудуңузбу деп сурашат. Алардын китептерин окуйбуз. Кадыркул Өмүркулов бизге «Мөңгүнүн ыйы» деген китебин жазып берген. Л.Толстойдукундай чоң китеп экен. Экөөбүз катарлаш окуп калдык. Рамис окуп жатып уктап калат. Анан анын курсагынын алдынан сууруп алып мен окуйм. Түгөлбай Казаков «Эсимде» деген эскерүү китебин берип аны окуп алып ыйладым.

— Рамис ага акын кыздарга арнап көп ыр жазат. Сиздин ичиңизди тызылдатпайбы?

Кээде Рамис кежирленгенде токол алып берем деп тамашалап койом. Жакында эле бир белгилүү акын кызыбызды Рамиске алып берейин деп тамашалап койсом “Жо-ок эже, Ыракени сиздей эч ким бага албайт. Баалай албайт. Өзүңүз эле караңыз…” деп чочуйт. Абышкамдын чыгармачылыгын сыйлаган кыздар маек алалы деп суранып калышат Ал кыздар абышкамдын чыгармачылыгын түшүнөт, баалайт деп кубанып калам.

Жакында белгилүү акын кызыбыз Венера Бөлөкбаева «Ыр аке» деген ыр жыйнак чыгарды. Жарымы өзүнүн ырлары, жарымы Рамистики. Мындай кыздарга ыраазы гана болосуң.

Ыр акенин акыркы жыйнагы качан чыкты? Акыркы ырлары бир топ чогулуп калса керек?

— Бүгүнкү заманга керектүү компьютер, принтерлери менен алганбыз. Өзүм көп жыл акдемияда иштедим. Компьютерди жакшы терем. Абышкамдын ырларын терип чогултум жатам. Бир күнү белгилүү акын Асан Жакшылыков «Шайыр, сиз Ыр акенин акыркы ырларын эч кимге көргөзбөй деги эмне кылып жатасыз?” деп сурап калды. «Акундун» чоңу Чыныбай Турсунбеков берген ун түгөнүп, ошонун кабына чогултуп жатам десем ыраазы болуп күлүп калды. Убактысы келип калса абышкамдын ырлары жарыкка чыгып калаар. Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Кудайбергенов Бактыбек абышкамдын 80 жылдыгына арнап «Сары өзөндүн кеменгери» деген орден тапшырган. Ошол сыйга кубанып, күч кубат алып абышкам күн-түн дебей ырын жазып, сүрөттөрүн чиймелеп жатат.

ГЕНИЙДИН ТАБИЯТЫ

Түшүнүксүз болот гений чынында,
Чок ташыйт ал келе жаткан кылымга.
Ошон үчүн аны дароо таанышпай
Кайсакташат кана алышпай сырына.

Гений койсо катуу коет чекитти,
Чыгармада билет жандан кечишти.
Билет жана качан жарк деп чыгууну,
Билет качан сценадан кетишти.

Далай жылдар артта келет негедир,
Кызыкпастан жылдызданган багыңа.
Эч ким күтпөй эч нерсени турганда
Атып чыгат бийиктикти сагына.

Генийлердин тиши турат кычырап,
Чындык үчүн тагдыр жолу бычылат.
Ошон үчүн чыйрак чыгат сөздөрү
Ритмдери ырларынан чытырап.

Отчет берет бүт замандар генийге,
Ал ат коет шумдуктардын кенине.
Озуп кетет бир дегенче баарынан,
Жетип барат келечектин чегине!

Жамиля НУРМАНБЕТОВА, «Жаңы Агым», 15.06.2016-ж.

Макала Шайыр РЫСКУЛОВА: “Рамиске токол алып берем деп айтып калам…” бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Алыкулдун каармандары

$
0
0

Алыкул Осмонов «Кудайга миң мертебе калп айтсам да, ырыма бир мертебе калп айта албайм» деп жазган. Акындын ар бир ырынын тарыхы, чындыгы болгонун замандаштары эскерип калышат. Анын «Бүкөнтай», «Жеңишкан» аттуу ырларынын каармандары азыр ак чачтуу, сары тиштүү байбиче болуп калышкан.

АЛЫКУЛДУН БУЧУК МУРУН БҮКӨНТАЙЫ АЗЫР 75 ЖАШТА

bukentayБүкөнтай бучук мурун үч жашар кыз,
Бир күндө жүз жыгылып, жүз басар кыз.
Аз ыйлайт, борс-борс күлөт, көп да күлбөйт,
Кемпирден токсондогу таза сүйлөйт…

Өмүр бою жадымда калган жугумдуу саптар. Бул ырды 5-класста жаттаганбыз. Жалпак тил менен жазылган ырдын каарманы Бүкөн апа азыр 75 жашта.

– Бүкөн апа, саламатсызбы? «Алыкул ыр арнаган Бүкөнтаймын» дейсиз, далилдер барбы?

— Жакшыбыз, рахмат. Албетте, бар. Мен 1941-жылы туулгам. Азыркы Түп району илгери Талды-Суу району болчу. Ошол райондогу Ичке-Суу айылында төрөлгөм. Атам Талип 1942-жылы согушка кетиптир. Үйдө чоң энем, мен, апам үчөөбүз эле калыптырбыз. Атамдын карындашы Жамаш 16-17 жаштагы кыз экен. Согуштан майып болуп келип, башкармалыкта иштеп жаткан Асанбай деген киши Жамаш эжемдин колун сурап келсе, чоң энем берип коёт. Асанбай жездебиз ошол учурда 50лөр чамасында окшойт. Алыкул Осмонов мага арнап ыр чыгарганын ошол Жамаш эжем узун кеп кылып айтып берер эле.

Айылыбызда Абылкасым деген карыя бар экен. Анын ырга жакын жээни менен Алыкул Осмонов Абылкасым атабыздыкына келип, жарым айдай жүрүп калат. Чапанын желбегей жамынып алып айылдын четиндеги чоң суунун жанына барып кагаз чиймелеп бир топко отурчу экен. Аны айылдын өспүрүмдөрү ташка жашынып алып баскан-турганына кызыгып аңдый беришкенин да кеп кылышчу.

Бир күнү Абылкасым атаныкына келген конокторду, аларга кошуп энем экөөбүздү да Асанбай жездем менен Жамаш эжем конокко чакырышат. Ал кезде мен 3 жаштан ашып калган тили таттуу кыз экем. Асанбай жездем «Бүкөн, конокторго ырдап берчи» деп мени чакырып алат. Атакем тирүү келсе экен, согуш эртерээк бүтсө экен деп ырдап бериптирмин. Жамаш эжем «Бул ырыңды кошуна-колоң, айыл-ападагылар беш колундай жатка билишчү. Сен ырдаганда көздөрүнөн аккан жашты сүртүп, тунжурап отуруп калышчу. Чынында тилиң таттуу, анан адамга сүймөнчүк тоголок кыз элең» деп калчу.

Ырымды айтып берип ойногону ары чуркап кеткенимде отургандардын бири Алыкулга «мунун атасы согушта каза болгон» деп айтып калыптыр. Бирок атамдын каза болгонуна чоң энем таптакыр ишенчү эмес дешет. Атамдын өлгөнү туурасында кара кагаз келет. Чоң энем «менин балам өлгөн жок, жаман жорукту баштабагыла, эч нерсе айтпагыла» деп угузалы деп келген элди короого киргизбей, кара кийбей коюптур. Эненин жүрөгү сезет деген чын, айтканындай эле атам согуш бүткөндөн кийин 1946-жылы үйгө кайтып келиптир. Атам 1985-жылы 84 жашында кайтыш болду.

– Ырдын сизге арналганын кайдан билдиңиз?

— Билимдүү Сакиш деген абам бар эле. Ошол киши «Алыкулдун «Бүкөнтай» деген ыры сага арналган» деп айтып калды. Ал эми Жамаш эжем «сен акын болушуң керек, Алыкул Осмоновдун алдына отуруп эт жеп, шорпо ичкенсиң» дей берер эле. Кайдан, менде андай талант жок экен, бир сап да ыр чыгара алган жокмун. Өмүр бою колхоздун чөбүн чаап, жыйнап, туурап иштедим. Азыр Тоң районунун Көл-Төр айылында турам. 7 кыз, 3 уулдун энесимин, 1 жыл мурун абышкамдын көзү өтүп кетти.

 

Жеңишкан Курманбай кызы: «АЛЫКУЛ ОСМОНОВ МЕНИ ЖЕТЕЛЕП АЛЫП СЕЙИЛДЕЧҮ»

jenishkanЫрыс берип ырааттуу иштин аркасы,
Таш майдалап астында аттын такасы.
Айсыз түндө үзөңгүсү жаркылдап,
Тизгин каккан Жеңишкандын атасы.

Бул ырды көпчүлүк биле бербесе керек. Аталган ыр акын Чолпон-Атада санаторийде дарыланып жүргөн кезде 5 жашар Жеңишканга арнап жазылган. Алп акынды көрүп, ага аз да болсо эрмек болуп, ырынын каарманына айланган Жеңишкан апа Кочкор районунун Дөң-Алыш айылына турмушка чыгып, 7 перзентти тарбиялаган. Андан Алыкул Осмонов тууралуу сураганыбызда узун кеп кылып берген эле. Тилекке каршы, каарманыбыздын акын тууралуу баяндоосу жарыкка чыккыча өзү дагы бул дүйнөдөн узап кетти.

«АКЫН МАГА КАНТТЫ МАЙДАЛАП БЕРЧҮ»

– Биздин үй Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы санаторийдин жанында болчу. Ага Алыкул Осмонов кургак учук оорусун дарылатканы көп барчу экен. Оорусу жугат деп айылдагы көпчүлүк адамдар жолошчу эмес экен. Апамдын каршы болгонуна көнбөй атам үйгө ээрчитип келип, бээ саадырып саамал ичирип, жакшы мамиледе болгонун эс тартканда уккам. Ал биздин үйгө келген учурда мен 5 жашта экенмин. Анын кандай адам экенин, кантип ыр жазып, эмне жөнүндө айткандарын билбесем да, мени жетелеп сейилдегени азыр да көз алдыма тартылат. Алыкул Осмонов үйгө келген сайын пальтосун желбегей жамынып мени жетелеп алып айылыбыздагы бийик дөңгө чыгып сейилдеп келер эле. Үйгө кайтып келген соң кант жечүбүз. Үйүбүздө жыгач сандыкта дайыма чоңдугу муштумдай болгон кант турчу. Жарыктык кишинин «Айжекен-күнжекен, ат тишти алып кел, кант майдалап жейбиз» деп кантты бөлүп бергени эсимде калыптыр. Мен 7 бир туугандын кенжесимин. Менден улуу ага-эжелерим акын тууралуу жакшы билишчү. Азыр баарынын көзү өтүп кетти. 

«АПАМ АНЫ КҮРСҮЛДӨК ДЕЧҮ»

– Күрсүлдөп жөтөлө бергенинен апам Алыкул Осмоновду «Күрсүлдөк» деп тергечү. «Күрсүлдөк көк чаарды жакшы көрөт» деп балык кууруп берер эле. Акын менен жашташ Батый деген эжем бар болчу. Алыкул Осмонов эжемди алам деп бул тууралуу атам экөө сүйлөшүшкөн экен, бирок акындын оорусунан улам апам макул болбой коюптур. Биздин айыл Бирлик совхозуна карачу, акын айылда жүрүп элдин турмушу менен жакындан таанышып, совхоздун жетекчилеринин терс жактарын ырында ачык жазганы үчүн жетекчилер «андай акынды эмнеге үйүңдө жүргүзөсүң?!» деп атамды убагында кысымга алганын көп эскерчү. Акындын көзү өткөндөн кийин биздин үйдөн акын-жазуучулар кол жазмаларын алып кетишкен. Атамдан акындын кол жазмаларын Кеңеш Жусупов да алып, жарыкка чыгарган.

Султан Төрөбеков, Сүйүн Кулматова, «Супер-инфо», №710 10-июнь-16-июнь, 2016-ж.

Макала Алыкулдун каармандары бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Азамат БОЛГОНБАЕВ: “Элден алып, элге тил менен жеткиребиз”

$
0
0

Кыргыз деп келгем дүйнөгө,
Кыргыз деп
өтөм дүйнөдөн.
Толкундап бийик
үн менен,
Топтошуп алып сүйлөгөн,- деп акын Байдылда Сарногоев айткандай журтубуздун агы менен карасын тамчыдай төгүлгөн аруу тилеги менен жашырбай айтып келе жаткан төкмө акын Азамат БОЛГОНБАЕВ көөдөнү жарылып “Жаңы Агымга” маек куруп берди.

— Азамат мырза, “алыстан көрсөң миң киши, жанына келсең бир киши” демекчи, барга барпаңдап көппөгөн сиздей кичи пейил адам гана эл сүймөнчүгүнө айланса керек. Бул сиздердин устаттан шакиртке калган мурас болуп жүрбөсүн?! Себеби төкмө акындар баарыңыздар жөнөкөйлүктү тумар кылып келгендейсиздер?

— Бул эми жалпы акындарга тиешелүү элдик оозеки чыгармачылыкты, жалпы салттуу музыканы алып жүргөн инсандардын баарында жөнөкөйлүктүн жыты уруп турат. Жан дүйнөсүндө накта кыргыздын мүнөзү канча бийиктикке чыккан сайын элдин көкүрөгүнөн, көөдөнүнөн алыстаган эмес. Албетте мага да ошол устаттарымдын мурас катары калтырып кеткени. Менин карана турган күзгүм да ошол устаттарым. Бизден да терең, кенен ырдаган улуу инсандардын жолун улап биз да эл арасында, журттан алыстабай салтты улап келебиз.

Төкмө акындарды жалпы журт жандуу энциклопедия деп коюшат. Чындыгында көөдөндү бөксөртпөй, сөздүн гүлүн кайдан алып, кантип толтурасыздар?

— Төкмө акындык өнөр бул кыргыз маданиятынын туу чокусунда турат десем жаңылышпайм. Себеби биздин руханий байлыгыбыздын, басып өткөн жолубуздун, жамандык-жакшылыгыбыздын баары ушул акындардын чыгармачылыгында электен эленип элге жеткирилип келген. Ошондуктан кыргыз искусствосунун төрүндө турган төкмө акындык өнөрдү аркалап жүргөн инсандар дагы сейрек жаралат экен. Тарых тастыктап келген Токтогул атабыздын заманы, андан бери Калык, Алыкулдун заманы, андан бери келсек мына кечээ күнкү Эстебес, Ашыраалы аталарыбыз. Ал эми бул өнөрдү аркалагандар эгемендүүлүк доорунда деле сейрек чыгып жатат. Негизинен төкмөчүлүк сейрек жаралчу өнөр. Өзүңүз айткандай акындардын ой жүгүртүүсү кенен болуусу абзел. Кандай гана өзөктүү маселе болбосун өзүнүн чыгармачылык тажрыйбасы, өмүр өрнөгү аркылуу адабий чыгармага чейин сүңгүп кирип, өз ой жүгүртүүбүз менен окуп, кабыл алсак керек. Сиздин сурооңуздун өзөгү эл. Эл деген казына, эл деген түгөнбөгөн байлык. Биз элден алып, элге беребиз. Болгону акындардын тили менен жеткиребиз десем болот.

Өзгөчө өсүп келе жаткан жаштардын үлгүсү, карап түздөнөөр күзгүсү бул —маданият болуп эсептелинет эмеспи. Бирок ошол көрөңгө туура эмес болуп жаткандай… Себеби ошол маданияттагы чыгармачылык маани-мазмуну жок супсактай сезилет…

— Чындыгында сиз айткандай сапатсыз нерселер абдан көбөйүп жатат. Сапат деген кайсыл тармак болбосун биринчи орунда турушу керек. Эмнегедир биздин мамлекетте көрөрмандар, угармандар сапатка жакшы көңүл бурбай жатат, ошондуктан эл сапатты талап кылыш керек. Мамлекетибиздин идеологиясына, жаштардын жүрүм-турумуна кемтик кетирип жаткан жагдайлар жок эмес. Эми мунун баары убакыттын өтүшү менен өз калыбына келет деген ойдомун. Баардык нерселердин чаржайыт болуп, ар ким өзүнүн билгенин кылып, ээнбаштык болуп жатканы биздин туруктуу бир структурага түшө албай жатканыбыздан. Кудай буйурса мезгил алмашып бул нерсенин баарын тактап, калыпка салаар убакыт алыс эмес .

— Төкмө акындык өнөрдүн куржунунда кайнап, даамын татып жүргөнүңүзгө бир топ эле жыл болду. Айтайын дегеним Чүй облусу орусташып кеткен. Тили орусча чыгып, мектепти орусча бүткөн чүйлүктөрдүн арасынан кантип сиздей актаңдай акын чыкты деп таң калгандар жок эмес. Артка кайрылып алгачкы айтышыңыз жана эң биринчи байгеңиз жөнүндө айтып өтпөйсүзбү?

— Туура айтасыз, антип таң калгандар арбын. Бирок мен мектепке барганда эле комузум менен кошо барып, бала кезден эле өнөр дүйнөсүнө көксөөм күч эле. Ата-энем да мени колдоп, талантыма чоң түрткү бербесе мен бул өнөрдөн оолак болуп калмакмын. Айылда кароо сынактарда комуз чертип ырдап жүргөнүмдү уккан Абдылашым деген агайым мени Замирбек Үсөнбаев агайыбыз уюштурган фестивалга алып барды. Мен анда 7-класста элем, кантип ырдаганым эсимде деле жок. Болгону калыстардын элеси күнү бүгүнкүдөй эсимде. Себеби кыргыз маданиятынын бийик чокулары Тууганбай Абдиев, Ашыраалы Айталиевге окшогон каймактары отурган эле. Кийин мектепти аяктап, окуу жайга тапшырдым. “Айтыш” фонду ачылганда ошол жакка келип 2002-жылы жазында биринчи айтышка чыктым. Ошондо он сегиз жашка жаңыдан толгон кезим эле. Чү дегенде эле айтыштын ошол кездеги атамандары менен чыктым. Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Амантай Кутманалиев, Абдылда Нуралиев жана ыраматылык Майра жеңелерибиз тандоо туру жок эле айтышмай болушту. Калган үч акынды чүчкулак кармап тандады. Бирде бак чуркайт, бирде ат, бирде бап чуркайт деп коет го, багыман болуп ошондо менин атым чыгып калды. Мына ушинтип акындык өнөрүмдүн каалгасы ошол жылдары ачылды. Андан кийин “Талас таңшыйт” деген фестивалда айтышып, 3-орунду алып, диплом жана беш миң сом байге утуп алдым. Алгачкы байгем болгондуктан кадыры чоң болуп, беш миң сом беш миң доллардын салмагындай таасирдүү көрүнгөн.

— “Айтыш” коомдук фонду кыргыз маданияты үчүн ат көтөргүс зор эмгектерди жасап келет. Алдыда дагы кандай максат, тилектер бар?

— “Айтыш” коомдук фонду он беш жылдан бери кыргыз маданияты үчүн эбегейсиз чоң эмгектерди жасады деп мактана алам. Эл сүйүп, кадырлап жаткан акындардын чыгышына өбөлгө болду. 2001-жылы түптөлгөндөн бери ушул аралыкка чейин үч миллион доллардан ашык каражатты кыргыз маданияты үчүн сарптады. Бул каражаттын жарымы төкмөлөргө сарпталса, калганы кино тармагына жана калемгер адабий клубуна коротулду. Бүгүнкү күндө ар бир он күн сайын жаш акындарга сабактарды өткөрүп турабыз. Азыр илгеркидей ээрчитип жүрүп окуткан заман артта калды. Заман талабына ылайыктап көкүрөктөгү орошон ойлорду жаштарга айтып, оозеки баа жеткис байлык катары калтыруу максатында сабак беребиз. Быйыл он беш жылдык мааракени жана улуттук Көчмөндөр оюндарына карата эл аралык деңгээлде чоң айтыш өткөрөбүз деп турабыз.

— Төкмөнүн жубайы болуу деле татаал болсо керек. Айтайын дегеним жубайыңыздын да чыгармачылык чөйрөдөн экенин билгенибиз менен дүбүртү угулбайт го?

— Өнөр адамы менен турмуш куруу дагы өзүнчө түйшүк десем болот. Жөнөкөй эле мисалдарды айтсам, биздин кийимдер дайым таза, үтүктөлүү турушу керек. Себеби капилеттен эле той, концерттерге барыш керек болуп калат. Ошондуктан чыгармачыл инсандардын кадыры да, абройу да жубайына байланыштуу. Бул жагынан алып караганда кудайга шүгүр, кыраакы, иш билги келинчекке туш келгем. Азыр келинчегим үч баланы багып, тарбиялап үйдө. Өзү М.Абдраев атындагы музыкалык мектепти андан кийин консерваториянын комуз бөлүмүн бүтүргөн. Жакшы ырдайт, өнөр өлбөйт да, убагы келгенде ырдап элге кызмат кылчу мезгил алдыда.

— Акын катары бактылуулукту кандай сүрөттөп бересиз?

— Үй-бүлөм түгөл, эли-жерим тынч болсо мындан өткөн бакытты көксөгөн менен болобу? Анан да мен Төлөгөн Касымбековдун жанында жүрүп, кеп-кеңешин угуп, бүтүндөй кыргыз элинин түгөнгүс казынасына катарлаш басканым мен үчүн чоң бакыт. Улуу композитор Насыр Давлесовдун олуттуу ойлорун угуп калганыма ичиме батпай кубанам. Дегингиси мен жогоруда айтып өткөн чалкып жаткан океандай залкарлардын колунан кармап, саламдашып калганым мен үчүн айтып бүткүс бакыт. Акындар байлыкты эмес тагдырды бакыт деп эсептейт.

— Сиздер утуп алган байгени башкага өткөрүп берүүнү салтка айлантып алгандайсыздар.Тили кургап, жан дүйнөсүн арнап утуп алган байгени бирөөгө өткөрүп бериш кыйын эле болсо керек?

— Кыргызда эзелтеден улууга урмат, кичүүгө ызат менен мамиле кылуу салттуу көрүнүш. Биз ошол улуулардын учугун улап келебиз. Эгер тең чыгып калса жада калса бир күн улуу болсо да байгени ошого өткөрүп беребиз. Бир эле улууларга эмес жаңы чыгып жаткан акындарга дем берип байге өткөрүп берип койсоң мындан бетер шыктанып оргуган булактай эле төгүлүп-ташылып, такшалат. Кудайга шүгүр, бизде акындар арасында кынаптай түз сый-урмат бары мени кубандырат.

Чолпонай ЖАНЫШБЕКОВА, «Жаңы Агым», 22.06.2016-ж.

Макала Азамат БОЛГОНБАЕВ: “Элден алып, элге тил менен жеткиребиз” бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Коомдун негизги көйгөйүн көргөзгөн «Кайдыгерлик»ыры кантип жаралган?

$
0
0

Улуу муундан «СССР убагы жакшы эле» деген кептерди көп угуп калабыз. Бирок ошол учурда деле көп нерсеге кол шилтенип, кайдыгерлик болгонун акын Шайлообек Дүйшеев «Кайдыгерлик» ырында жазса, ал чыгармага Сагынбек Момбеков обон жараткан. Бул эки инсандын тандеминен жаралган чыгарма учурунда хит гана болбостон улуттук сезимди козгоп, ар-намысыңды ойготуп, пастыктан бийиктикке, арамдыктан аруулукка, кайдыгерликтен жоопкерчиликке чакырган, үндөгөн ыр болгон.

Кайдыгерлик деген неме
Кайран элди
Карактап соёбу дейм,
Каны-жанын какшытып соробу дейм,
Калкан болор б
үркүтсүз калктын көзүн
Карга-кузгун кашайтып Оёбу дейм.
Кайдыгерлик деген неме
Кайран элди
Чокуга чабабы дейм,
Кара жолго кареги агабы дейм,
Жомок жолборс жолою жоош элдин
Жонун тилип тамгасын салабы дейм,
Жок кылып алабы дейм.
(«Кайдыгерлик» ырынан
үзүндү)

Шайлообек Дүйшеев: «САГЫНБЕК АРАБАГА АДАШЫП ЧЕГИЛГЕН АТ СЫЯКТУУ ЭЛЕ…»

sh_duysheev_miniШайлообек Дүйшеев кайдыгерлик темасын кыргыз акындарынын ичинен биринчи жазып чыккан акын катары тарыхта калууга акылуу десек жаңылышпайбыз. Бүгүн биз агай менен «Кайдыгерлик» ырынын жаралуу тарыхы туурасында сүйлөшөбүз.

– Ырдын жазылган учуру мындан 30 жыл мурдагы доорго туура келет. Адам баласы жек көргөн адилетсиздик, эки жүздүүлүк, кара өзгөйлүк, кыянаттык, жүзү каралык, жагымпоздук, таш боордук өңдүү жаман сапаттардын баары мезгил тандабай, кайсы заман, кайсы доор болбосун жашай берчү нерсе турбайбы. Көрсө, ар бир доордун өз кайдыгерлиги болот экен.

Ошол доордун эч кимди уккусу келбеген кереңдиги, бийликтеги чоңдордун кыргыз элинин тагдырына таш боордугу, кайдыгерлиги, кенедей маселени да Москвасыз өз алдынча чече албай, жалдырап отурган чечкинсиздиги, кошоматчылыгы эл-журттун кыжырын кайнатып турганы да чындык болчу.

1990-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын адабий бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турганымда Сагынбек Момбеков деген жөнөкөй жумушчу жигит иштеп жүрчү. Ал комузду гитарадай, гитараны комуздай черткен, мыкты үнү болбосо да арабага адашып чегилген ат сыяктуу өзүнчө эле жулунуп турган, ырдагысы эле келип турган жигит экен. «Кайдыгерлик» 80-100 миң нускадагы, ал кездеги өтө популярдуу «Кыргызстан маданияты» гезитине чыгары менен Сагынбек Момбеков ага обон чыгарып, гитара менен ырдап чыкты. Ал кезде мен жазгандай ачык саптар басылмаларга жарыяланса кызматтан алынып, куугунтукталып, чындап келсе жиндиканаларга түшүп, дайынсыз жок болуп кетер эле… Бирок меникине эч ким тийишкен жок. Анткени Союз ыдырайын деп олку-солку болуп, анча-мынчаны көзөмөлдөгөнгө алы келбей калган.

Кыргызда ашып кетсе 5-6 куплеттен, 7-8 гана муундан турган обондуу ырлар ырдалып келсе, бул ирет сабы санаксыз, мууну узун, салттуу ырдын чен-өлчөмүнө сыйбаган, такыр башкача ыр жаралып, элге тарай баштады. Эл да таң калды. Бирок жакшы кабыл алды. Кыргыз маданиятында чынында эле күтпөгөн жаңылык болду. Анткени ага дейре элдин көйгөйүн ыр менен эч ким минтип Сагынбектей ачык ырдап чыга элек болчу.

Элге Сагынбектин аты чагылгандай тез тарады. Анын эр жүрөктүүлүгү, эч кимди карабай, эч кимден тартынбай ырдап жибермей адаты акыры андай жасалма тоскоолдуктардын баарын жеңди.

 

Сагынбек Момбеков: «ТИЗМЕДЕ ЖОКТУГУМА КАРАБАЙ САХНАГА ЖУЛУНУП ЧЫГЫП ЫРДАГАМ»

sagynbek_mombekovСагынбек Момбеков десе гитара менен боздогон адамды элестетебиз. Ооба, чынында бул адам коомчулуктагы кайдыгерликти аткарган ырлары аркылуу көзгө сайып көрсөткөнү менен эсте калды.

– 1994-95-жылдары Шахризада Аскарованын үнү менен мен обонун жараткан ырлар элге жакшы тарай баштады. Өзүм ырдайын десем мага мүмкүнчүлүк беришкен жок. Жакшы эле комузумду көтөрүп алып күү чертем, өзүм чыгарма жаратып гитара менен ырдайм, «ырдап берсем болобу?» деп филармонияга барам. Ал кездин дөө-шаалары Замирбек Үсөнбаев, Ашыралы Айталиев, Эстебес Турсуналиевдер мени жолото турган эмес. «Шудуңдаган бир жигит келип «гитара, комуз менен чыгам» деп жатат» деген сөзгө калдым. Анан эптеп илешейин деп ойлоп, филармонияда стол ташыгыч, көшөгө ачып-жапкыч болуп иштеп калдым. Ошондо Шайлообек Дүйшеев менен таанышкам. Столдорду ташып коюп Шайлообек байкеге кирип сүйлөшүп чыгам, көшөгөнү түшүрүп коюп дагы кирем. Ошентип жакшы тааныш болуп кеттик.

Ошол учурда Шайлообек байкенин досу, жазуучу Нуралы Капаровдун агасы сокур ичеги болуп ооруп калат. Аны дарыгерлер ич өткөк деп дарылап жатып өлтүрүп алышат. Шайлообек байке досуна көңүл айтуу катарында 4-5 куплеттен турган ыр жазып гезитке жарыялаптыр. Мага ал ыр саптар өтө жакты, дароо обон жаратып, Шайлообек байкеге ырдап бердим. Ал ырды угуп туруп «сага башкача ыр жазып бериш керек турбайбы, бул жерге бир эле ак халатчандардын кайдыгерлигин эмес, бардык кайдыгерликти кошуш керек» деп ойлонуп калды. Бир жумадан кийин мен ырдап жүргөн «Кайдыгерликти» жазып келип берди. Ал кезде Ата Мекен жаркырайт, баркырайт, аркырайт, сүйүү… деген сыяктуу гана ырларды чыгарышчу. Мен болсо кайдыгерлик деп бирөөнүн былыгын чукуп отурам.

Режиссёр Таштан Жолдошбековго «мен ырдайм» десем, ал дагы филармониянын сахнасына чыгарбай койду. Бир күнү Спорт Ордосунда обончулардын чоң концерти болду, эл аябай көп келди. Башка бирөөнү эле чакырып жатса мен сахнага гитарам менен сүзө качырып кирип, «Кайдыгерликти» төгүп салдым да, артымды карабай качып жөнөдүм. «Россия» кинотеатрына чейин артымдан кууп келген режиссёр «кечирип кой, экинчи сага бут тоспойм, жакшы ырдайт турбайсыңбы» деген.

Сүйүн Кулматова, «Супер-инфо», №708 27-май-02-июнь, 2016-ж.

Макала Коомдун негизги көйгөйүн көргөзгөн «Кайдыгерлик» ыры кантип жаралган? бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Болот Шамшиев: “Мен деле тирүү жанмын, дагы кино тарткым келет”

$
0
0

СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болот Шамшиев 75 жашта. Юбиляр биздин гезиттин кабарчысы менен маек куруп, кино тармагы, үй-бүлөсү, балдары, арманы тууралуу айтып берди.

– Болот агай, эсиңизде болсо, Москвадан «Снайперлер» аттуу фильм тартып жүргөн кезиңизде россиялык журнал үчүн сизден интервью уюштурдук эле. Анда “Казакфильмден” сунуш түшүп, казактын баатыр кызы Алия Молдогулова тууралуу тасма тартып жүргөн элеңиз…

– Мындан отуз жыл мурда тартылган “Снайперлер” фильмин ырас эсиме салбадыңызбы! “Казакфильмден” тасма тартканымдын себеби жаштарга орун бошотуп, кино тартууга мүмкүнчүлүк берейин деген ниетим болгон. Бирок бүгүнкү жаштар мага орун бербей жатышат. Мына, жыйырма беш жылдан бери мага мамлекет тарабынан көркөм фильм тартууга каражат бөлүнбөйт. Бул ак ниет атаандаштык эмес.

– Жаңы тасма тартпасаңыз деле “Караш-караш окуясы”, “Ак кеме”, “Эрте жаздагы турналар”, “Бөрү зындан” ж.б. кыргыздын керемет көркөм фильмдерин жараткан залкар режиссер болуп кала бересиз да…

– Мен деле тирүү жанмын да! Менин дагы кино тарткым келет. Чейрек кылымдан бери бир дагы кино тарткан жокмун! Мен тарткан деңгээлге кийинки көркөм фильмдердин бирөө дагы жете элек, сапаты төмөн. Кимдир-бирөөлөргө жашыруун каналдар аркылуубу, айтор, тасма тартууга каражат табылып жатат. Садык Шерниязга “Курманжан датка” үчүн 80 млн, “Тайлак баатырга” 100 млн, Эрнест Абдыжапаровго 20 млн. табылды, азыр “Саякбайды” тартып жатат. Шамшиевге болсо жарым тыйын дагы бөлүнө элек. Кинематография департаменти мени такыр эле көрбөйт. Баары ачык-айкын болуп, көркөм фильмдерге тендер өткөрүлсө, мен да катышмакмын.

– “Курманжан датка” фильмине кандай баа берер элеңиз?

– Садык Шер Нияз тасманы эки жарым жыл тартты, ал эми биз үч айда тартчубуз. Мурда тасманы ийине жеткирмейинче кабыл алышчу эмес. Мелис Убукеев эскертүү алып, жыйырма жыл тасма тарттырбай коюшкан. “Бөрү зындан” 1984-жылы 22 млн көрүүчү топтоп, алты жылда 100 миллион доллар киреше алып келген. Кана, “Курманжан датка” жумшалган кирешени жаптыбы? Мыкты фильм жаралыш үчүн кино сынчылар болуш керек. Азыр Гүлбара Төлөмүшевадан башка кино сынчы жок. Сынчылар катардагы көрөрмандын көзүн ачып, фильмди сындан өткөрүп турушу керек эле. Ушул сентябрь айы ичинде кино тартууга элден акча чогулта баштайм. Карапайым кишилер 5-10 сомдон беришсе дагы каражат топтоп, тасма тартайын деген тилегим бар.

– Каражат жыйналып калса, кандай тасма тартар элеңиз?

– Бир канча романдын сценарийи даяр. 2017-жылы советтик мыкты чалгынчылардын бири Жумабек Асанкуловдун 90 жылдык юбилейи. Кыргыздын атайын отряды Ооганстандан америкалык ракетаны кандайча издегенин айтып берсек, биз үчүн сыймык эле болбойбу! Жумабек Асанкулов Ооганстанда советтик мыкты чалгынчы болуп, эң баалуу маалыматтарды жыйнаган. Эмнеге Ооганстандын жетекчилиги советтик аскерлерди киргизүүдөн жыйырма жолу баш тартышкан? Бул маселеде Жумабек агабыздын салымы чоң. Же болбосо 700 жыл мурунку Ысык-Көлдөгү Тамплиер рыцарларынын алтындары тууралуу тасманын он сериясы даяр, аны тартсак анык элдик фильм болот, 40-50 сериялуу болуп, Ысык-Көлдүн даңазасын арттырууга салым кошмок. Төрөкул Айтматов тууралуу “Төрөкул менен Нагима” аттуу кыргыз–россиялык тасма тартсак, не деген керемет болмок! Бул жерде улуу сүйүү тууралуу айтып бермекпиз. Алардын залкар уулду, Чыңгызды жарык дүйнөгө алып келгендиги эле эмне деген сөз. Төрөкул Айтматовдун Жусуп Абдрахманов менен достугу, Нагима апанын күйөөсүн камаганда төрт баласы менен Төрөкулдун Ата журтуна кайтып келип тарбиялаганын айтып берсек жакшы болмок. Булардан тышкары “Сүйүү тангосу”, “Королева жана олигарх” деген романдарды да жаздым.

Керемет тасмаларыңызды өзүңүз кайталап көрөсүзбү?

– Мен артка кылчайып карабайм. Ошол тасмаларды тартып жүргөндө кинодон башка эч нерсеге атайлап алагды болгон жокмун, китеп окубай, телевизор көрбөй, кенедей жаңылык тапсам, ошого жабышып, жалаң гана кино тасма менен жашачумун. “Ак кемеде” бешикте жаткан баланы сууга салыш керек болгондо кимдин бешиктеги баласын сууга салалы деп сурайт элем, алты айлык кызым Сүйүтайды бешикке салып, сууга салган болчумун. Дагы фильмде баланын колу күйгөн жерде өзүм колумду күйгүзүп, тажрыйба жасап көрүп, коопсуздугунун аныгына жеткенден кийин гана баланы тасмага тартканбыз.

– Азыр тасма тартсаңыз, татыктуу артисттерди таба аласызбы?

– Ананчы! Кыргызым абдан таланттуу калк, арасынан татыктуулары табылбай койбойт. Сагымбай, Саякбай сыяктуу залкарлар эл ичинен чыккан. Сүймөнкулду да эл арасынан таап алгам. Бул ролго Сүймөнкулдан башка эч кимди сынап көргөн эмесмин. Мен аны артисттик чеберчилик боюнча өзүм “окутуп” чыгарып, билгенимди үйрөтүп, күч-кубатымдын баарын жумшагам. Ошентип Сүймөнкулду “Караш-Караштагы” Бактыгулга айланткам. Карапайым калк болбосо, азыр мен кино тартпай калганда кантип жүрөр элем, билбейм. Көчөдөн эл таанып, сыйлап, жаңы кинону күтүп жатабыз деп дем берип турат. Ал тургай базарга барсам, этти бекер беребиз дешет, бекер албайм десем, ой-боюма койбой баасын түшүрүп беришет.

– Жаңы тасмаңыз баягыдай керемет чыкпай калса, анда кандай кылмаксыз?

– Мүчүлүштүк кетпейт деп эч ким кепилдик алган эмес. Ал тургай улуу Феллиниден да мүчүлүштүк кеткен. Кемчилик кетет экен деп таптакыр иштебей койбойбуз да. Канткен менен өзүмдүн көрүүчүлөрүм бар, мен профессионал режиссермун.

– Уул-кыздарыңыздан сиздин жолуңузду жолдогону жокпу?

– Чыңгыз кесип тандоо алдында турганда, 90-жылдар эле, мен режиссерлуктан башка эле кесипти тандап алгын деп айткам. Анткени өзүм жумушсуз жүргөм. Чыңгыз графика сүрөт тартат, андан мыкты режиссер чыкмак, өтө сезимтал, сөзгө чечен. Бирок окумуштуу болуп калды, экономика доктору, Борбор Азия америкалык университетинин проректору, өзү жөнөкөй, саясатка аралашпайт.

– “Бороондуу күнү” (“Зной) фильминде алгачкы ролду аткарган кезиңизге уулуңуз өтө окшош ээ?

– Ооба, бирок ал бойлуу, кыздар артынан көп ээрчийт. Менин боюм кичине болуп, кыздар мени көп карачу эмес (тамаша). Кызым Сүйүтай да таланттуу, азыр беш баласы менен үйдө. Үй жумушу абдан оор да. Сиздердин гезит аркылуу бир өкүнүчүмдү айта кетейин: мен он жыл депутат болуп олтурганда экиден кем эмес балалуу аялзатына эмгек стажы жүрүп турсун деген мыйзам жазсам болмок экен деп өкүнүп келем. Булардан башка дагы кичине эки уулум жана эки жарым жаштагы дагы бир кызым бар.

– Интернет булактарындагы өмүр таржымалыңыз тууралуу маалыматта эки аялыңыз жазылган экен, эмнеге андай?

– Айтурган Темирова менен ажырашып кеткениме көп эле болду, балким, мурунку аялы деп кошуп коюшса керек. Ал турмушка чыгып, Чехословакияда жашайт. Азыркы жубайым Ая-София эки жогорку билими бар, тянь-шандык. Бала багып үйдө олтурат.

– Айып көрбөсөңүз, эки таланттуу чыгармачыл жубайлар неге ажырашып кеткен? Себебин айта аласызбы?

– Мүнөзүбүз келишпей калды. Айтурган өзүн жылдыз сезип алып, ага тоскоол боло баштасам керек. Аялзаты ар убак жаш бойдон калгысы келет экен, жанындагы жубайы да жаш болуш керек окшойт. Биздин мамилебиз жаман эмес, ортодо балдарыбыз бар, катышып турабыз.

– Адамдын жан дүйнөсүн мыкты сезе билген залкар режиссер Айтургандан кийинки экинчи жубайы болгон аялга кантип алданып калды эле?

– Адамга, аялыңа ишенесиң да. Ал тапкандарымды жок кылып, сызга олтургузуп кетти. Он жылдай өз колум менен салган үч кабат үйүмдү өрттөп жиберди. 30 жылдык архивимди жок кылды. Сот ал аялга жан тартып койду. Менден катып кеткен акчалары ага да буюрбай, ошол сотторго төлөп кутулуп кетти.

– Айтурганды “Снайпердеги” Советтер Союзунун баатыры Алия аттуу каармандын өзүнө окшоштуруп тандаган экенсиз деп көрүүчүлөр айтышабы?

– Биз да ал экөө окшош экен деп ойлогонбуз. Бирок Казакстанда айрым кишилер эмнеге Алияны казак кыз эмес, кыргызстандык кыз ойноду деп талашып-тартышышкан. Ал Айтургандын мыкты ролу болуп калды. Андан жакшы эч ким ойной алмак эмес. Тасмадагы кыздын өз аты Адай, казактарда “Таанысаң адаймын, тааныбасаң кудаймын” деген ылакап бар, ал ошол адайлардан, кичүү жүздүн кызы. Москвадан Алиянын бейитине баргам, аны жерге бергенде секелек кыз болгон аял “Айтурганды көрсөтүп, Алия так ушул кызга окшош болчу” деп айткан. Ал кыз Улуу Ата Мекендик согушта снайпер болуп, Советтер Союзунун баатыры деген жогорку наамга татыктуу болгон.

– Манасты өзгөчө туу тутарыңыз белгилүү. Манас темасына да кайрыласызбы?

– Манас темасы менин өмүр бою ойлонтуп, толгонтуп келген чексиз булагым. Алла — кудай, Манас болсо — биздин атабыз. Алтайлык кыргыздар ата дегенди “ада” дешет. Ошондо Манас — ата, “Еве” (Ева) — эне деген сөз, Каныкей эне. Демек, кыргыздар бир ата, бир энеден тараган. Ушуну ар бир бала эс тарткан күндөн эсине бекем сактап алышы керек. Еврей калкы энеден тараса, биз атадан таралабыз. Ошондуктан үй-бүлөдө атанын кадыр-баркы жогору болушу керек. Азыр феминизация аялдарды алдыңкы катарга чыгарып, эркектердин ролун төмөн түшүрүп баратат. Биз каада-салтты бекем сакташыбыз керек. Арабдардын кийимин кийип жүргөндөр көбөйдү. Арабдар аялдардын кийимин киет, кыргыз эрендери эч убакта аялдардын кийимин кийген эмес. Жети атаңды, түпкү тегиңди билбесең, анда сен көчөдө жүргөн селсаяктардан эч кандай айырмаң болбой калат.

– Атаңыз Төлөн Шамшиев акын болгон, ал эми апаңызчы?

– Ооба, атам акын, панфиловчу болгон. Мага да акындык өнөр анча-мынча жуккан го, мен да орусча жазам, аз-маз кыргызча ыр жазгам. Апам Авина акушер-гинеколог болчу. Атам согуштан аман-эсен кайтып, жеңишти тойлоп жүргөндө, апам үч жумушта иштеп бизди багып киши кылды. Бир күнү “апа, эгер сиз кайрадан жаш болуп, башка кесипти тандай турган болсоңуз, кайсы кесип ээси болот элеңиз?”, — деп сурасам, “кандай кесип болсо дагы, акушерликти тандабайт элем”, — деген. Көрсө аялдардын көз жаргандагы кыйналганын көрө берип, өзү да кыйналып жүргөн турбайбы. Апам чоң манап Канайдын чөбөрөсү болот. Канай менен Жанкарач бир тууган болгон. Атам түштүктөн, апам түндүктөн, мен болсо кыргызстандыкмын. Мен эч убакта бөлүнбөйм.

– Залкар адамдар жалгыз болот экен. Сиздин да көздөй досуңуз жокпу, жалгызсызбы?

– Төлөмүш кетти, Айтматов, Мелис Убукеев, Сүймөнкул кетти. Башкалар менен мен эмне тууралуу сүйлөшөм?

– Жаңы чыгып келаткан режиссерлордун арасынан сиздин баамыңызда таланттуулары барбы?

– Таланттуулары саналуу гана. Аман Камчыбеков бар эле, ал жаш кетип калды. Азыркылардан Руслан Акуновду айтып калышат, ал билимдүү жигит экен.

– Өзүңүз кумир туткандар кимдер?
– Студент кезден режиссер Феллини, Ада Вайбе, Курасава, америкалык бир топ режиссерлорду баалайм.

– Керемет тасмаларыңыздан калем акы түшүп турабы?

– Кайдан! Жыйырма беш жылдан бери эч кандай каражат түшкөн жок. Анткени кино департаментинин келишимдеринин баары жасалма. “Бөрү зынданды” казактарга эмне үчүн 300 долларга сатып жатышат? Анткени ал кимдир-бирөөнүн сол чөнтөгүнө түшөт. Мен бир гана пенсияга жашап жатам. Көп балалуумун, жубайым бала менен үйдө, иштебейт. Азыр кино уурулар да көбөйүп, Төлөмүш Океевдин, менин, ж.б. кинолордун эпизоддорун четинен уурдап жатышат. Аларга чара көргөн эч ким жок. Кино сынчылар ушуларды көрүш керек эле.

– Жетимиш беш жашка чыгып, өзүңүздү бактылуумун деп айта аласызбы?

– Албетте! Жетимиш беш жаш курагымда өзүмдү дурус сезип, кино тартсам деп дегдеп жүрөм. Канча деген даяр, курч, абдан драмалуу сюжеттерим турат. Мөлтүрөгөн перзенттерим бар. Саламаттыгым чың, кез-кезде эле муундарым ооруйт. Бирок ал карылыктан эмес, отуз жылдан бери эле сыздайт, себеби кино тасма тартып жаткан учурда он саат суу, карды кечип иштегенден кийин бир жарым жыл төшөктө жаткам. Карапайым калк болбосо, мен кино тартпай калган кийинки жылдары эмне болмокмун, билбейм. Карапайым калк жылуу сөзүн айтып, ар убак мени колдоп, шыктандырып, дем берип келет. Калкымдан каражат чогултам десем да мени колдойт деп ойлойм.

Маектешкен Айгүл Бакеева, «Полит клиника»

Макала Болот Шамшиев: “Мен деле тирүү жанмын, дагы кино тарткым келет” бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Viewing all 477 articles
Browse latest View live


<script src="https://jsc.adskeeper.com/r/s/rssing.com.1596347.js" async> </script>