Quantcast
Channel: Кыргыз маданият борбору
Viewing all 477 articles
Browse latest View live

Салмактуу өмүр ээси Саякбай Каралаев

$
0
0

Кыргыз элинин баа жеткис байлыктарынын бири “Манасты” айтууга, аны жан дүйнөсүнө сиңирип алып жүрүүгө улуу адамдардын гана күчү жетет. Ошондуктан улуу баянды Саякбай Каралаевсиз элестетүү мүмкүн эмес. Жашоосу “Манаска” арналып, ичкен ашы, жуткан абасы, көргөн күнү, алган сыйлыгы бүт “Манаска” байланган бул инсан убакыттын өтүшү менен кийинки муунга өзү дастан, өзү баян сыяктанып баратат. Эмесе, айтса жомок, укса сабак боло турган өмүр ээси Саякбай Каралаевди бирге эскерели.

Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин кызы Гүлсүн Саякбаева: “Атам “Манас” айтуудан бошобой жүрүп бизге жомок айтып берген эмес”

– Саякбай Каралаев дегенде биз манасчыны элестетебиз, сизчи?

– Мен абдан баласаак, боорукер, бала аттууга катуу айтканды билбеген, өзү да баладай ак көңүл атамды элестетем. Атам бала урушчу эмес. Урушкан адамды да жаман көрчү. Бизге эч бир тили да, колу да тийген жок. Эгер апабыз ачууланып бизди тилдеп калса, эки колун канаттай жайып: “Айланайын Балтагым, айланайын Балтагым, бир ачууңду мага бер”, — деп тамашага салып жатып бизди коруп алчу. Балтагым дегени — апам бою кичине, толмочунан келген жан эле. Биз жашаган үйдүн маңдайында жайгашкан Күрөңкеев атындагы мектеп-интернаттын окуучуларын карап алып эле: “Байкуш жетимдер, кийин кантишет?” — деп кейий берчү. Аларды үйгө ээрчитип келип тамак бердиртчү. Ал турсун, атам ошол мектеп-интернатта окуган бир баланы биздин үйдө жашатып да жүрдү.

– “Манас” айтпай калган учуру болду беле?

– Атам апамдан ажырап калгандан кийин “Манасты” мурункусундай айтпай калды. Бир эсе 72ге толуп карылыкка бериле баштаса, бир эсе апамдан ажыраганы ден соолугу начарлай түштү. Кан басымы болгондуктан апам мамлекет текшерүүгө жиберген доктурлар табыштаган боюнча атама жакшы карап жечү, жебечү тамактарын таптап берчү. Атам ашып кетсе эки күн гана чыдайт да, кайра эле “башым айланып кетти” деп беш бармак камдатып жеп алат. Этти да базардан алдыртчу эмес. Жазуучулар биригип кой сатып алышып, короодон эле өзүлөрү союп алышчу. Апам атамды аябай жакшы карачу. Ошондонбу, апамдан ажыраганы атам өзүн бир топ таштап койду. Албетте, манасчылыгын таптакыр таштап салган жок, бирок мурункудай айтпай калды. Дал ошол маалда атамды издеп келишип үч пластинкага үнүн жаздырып кетишти. Ар бири эки жарым сааттан болчу. Жаздыруучулар бир айлык план коюп келишкен экен. Бирок менин: “Силерге бул кишинин “Манасы” керек болсо, мага өзү керек. Ооруп калат, токтоткула”, — деген талаптарыма нааразы болуп жатышып 10 күндүн ичинде бүтүрүштү. Көрсө, мен жумушка кетерим менен атам: “Келе калгыла, жанагы кызым жокто айтып берем”, — деп чакырып алчу экен. Ал маалда атамдын кан басымы жогору болуп кыйналып жаткан эле. Ошол жаздырганын кийин угуп көрсөм, кадимкидей күйүккөнү, кыйналып дем алганы билинет экен.

– Атаңыздын мырза катары апаңызга тартуу кылган белегин билесизби?

– Атам тажрыйбалуу бүркүтчү болчу. Өзүнүн бүркүтү бар эле, аны менен аң ууга кеткенде эки айсыз келчү эмес. Азыр ойлоп атам апамды астыртан сыйлап турчу экен деп калам. Анткени апама катуу айтып, анын кебин эки кылганын көргөн эмесмин. Бүркүт салып кармаган түлкүлөрдүн терилеринен апама ичик жасатып берген. Апам ал ичигин жакшы кийди. Атам: “Өзүм кармаган түлкүлөрдөн”, — деп бизге мактана айтып калчу эле.

– Саякбай атанын жомокчу да болгонун билебиз. Сизге жомок айтып берди беле?

– Чындыгында атамдын жомокчулук жайы болгону менен балдарына атайын отуруп жомок айтып бергендей болгон жок. Ал бизге элден ашчу эмес. Анткени анын күнү үйгө келген кишилерден бошобой же сыртка чыкса түнкү 11-12лерде келүү менен өтчү. Ошондуктан жомок укпай калдым.

 

Болот Шамшиев, КРнын Эл артисти, кинорежиссёр: “Саякбай Каралаев менен бир чатырдын алдында жашаганбыз”

– Мен “Манасчы” тасмамды кинорежиссёрлук кесипти биротоло тандап алган кезимде манасчы деген кандай болорун, улуу эпосту жумалап аткаруу деген эмне экенин кеңири коомчулукка көрсөтүүнү максат кылып тарткам. Буга менин атактуу манасчы Саякбай Каралаев менен жазуучулардын үйүндө бир чатырдын алдында жашаганыбыз да себеп болду. 1965-жылы жолугуп киного тартарымды айтканда Саке: “Ай, Төлөндүн уулу, анын эмне кереги бар, кино дегениң эмне?” — деп таң кала анча маани бербей койду. Мен ал тууралуу документалдуу тасманы Москвадагы окуган жеримде макулдашып, “Кыргызфильм” киностудиясында темасын, форматын бекиттирип койгонумду айттым. Ошентип, жарым жылдай Сакебиздин артынан калбай жанында жүрүп ар кандай кырдаалдарда аны тасмага түшүрдүм. Азыр ойлосом, тарых үчүн, кыргыз эли жана маданияты үчүн бир пайдалуу ишти жасап койгон экемин. Ошол он мүнөттүк тасманын мааниси жана баркы азыр билинип отурат. Ал кишинин элесин, адам катары бейнесин, “Манасты” аткаруу стилин ошентип сактап калдык. Мен баш-аягы 16 тасма тарткан болсом, анын ичинен “Манасчы” эмнегедир мага абдан кымбат жана жүрөгүмө жакын.

 

Мар Байжиев, КРнын Эл жазуучусу, драматург: “Саякбай – үркүндү көргөн манасчы”

– Саякбай Каралаев Ысык-Көлдүн Ак-Өлөңүнөн эмеспи. Менин чоң энем да ошол айылдан болгон. Манасчы: “Келе, Макиш, чайыңдан берчи”, — деп биздикине көп келчү эле. Анан апам экөө бир тууган болушуп көпкө чайлашып олтурушчу. Кезинде Саякбай тууралуу жазганы үчүн менин атам Ташым Байжиевди камакка алышканда Саякбай манасчы колун артка алып санаалуу болуп көп басып калганы эсимде. Сыртынан байкалбаганы менен ичинде тынчы жок, санаачыл киши эле. Бул киши үркүндү да көргөн экен. Үркүндөн жерине кайтып келген соң 1917-жылы Кызыл гвардиячылар отрядына өз ыктыяры менен кошулуп, Кызыл Армия менен бирдикте Сибирде, Алматыда, Бухарада советтик бийликти коргогон. Кийин Караколдо айылдык кеңештин башкармасы болуп да иштеген. 1935-жылдан 60-жылдарга чейин филармонияда эмгектенди. Бул адам тууралуу документалдуу тасма тартылса болот эле.

 

Турсун Уралиев, КРнын Эл артисти, режиссёр: “Манасты” Сакемдин артынан калбай жүрүп беш жыл дегенде жаздырып бүткөнбүз”

– Мен Саякбай Каралаев менен абдан жаш кезимде кездештим. Ошол кездеги биринчи катчы Исхак Раззаковдун тапшырмасы менен Саякбай Каралаевдин үнүн жаздырууга милдеттендирилгем. Сакебизге барсам моюн толгоп болбой койду, мен болсо ой-боюна койбой ээрчип алдым. Акыры үнүн жаздыра турган жерди көрсөтсөм макул болот го деп студияга алып келсем, “кой, айланайын, «жалгыз олтуруп “Манас” айтып Саякбай жинди болуптур дебейби” деп дагы так секирди. Ошону менен бир жума келбей койсо болобу. Ошондо ага кеби өткөндүн баарына барып: “Макул кылып бергиле”, — дей баштадым. Байбичеси балпактаган жакшы киши экен: “Тур эми, суранып аткан балага барып “Манасыңды” айтып берип кой”, — деп атып көндүрдү. Манасчыга аудитория болсун деп артисттерден, акын-жазуучулардан көрүүчүлөрдүн тобун түзгөм. Саке ага деле болбой тар бөлмөгө кысылып айта албай кыйнала берди. Ошондо жазуучу Касымалы Жантөшев: “Ой, үнүңдү жазып калып атышканга сүйүнбөйсүңбү. Айт, болгонун айт. Сен дүйнөдө түбөлүк жашамак белең, сен жок болгон күндө да кыргыз “Манасыңды” угуп турушу керек. Жашырба, калтырба, эмнең болсо баарын айт, Саке”, — деп жарга такаган эле. Катуу берилгенде бир орунга токтобой ойдолоп, ал турсун, басып да кетчү. Ошондуктан микрофондорду туш тарабына, төбөсүнөн ылдый да салаңдатып коюп койчумун. Анда да Сакем: “Темирлериң менен мени курчап…” — деп жактырбай калчу. Ошентип, Сакемдин артынан калбай жүрүп “Манасты” беш жыл дегенде жаздырып бүткөнбүз.

 

Эрнис Турсунов, КРнын Эл акыны: “Саякбайдын да тузу кем болуп калды”

2004-жылы залкар манасчынын 120 жылдыгы белгиленген. Улуу талант менен кездешип, кебин оозунан уккан инсандар саналуу болуп баратканы өкүнүчтүү. Манасчы тууралуу татыктуу эскерүү ар кимдин колундагы иш болбогондуктан эки жыл мурун бул жарык менен коштошуп, артына алгылыктуу иштерин калтырып кеткен Эрнис Турсуновдун манасчы тууралуу эскерүүсүн “Труимф жана трагедия” китебинен алып камтыдык.

– Мен Сакеңдин маасысын тартып, керебетине жаткыргандардын биримин. Сакең чарчысынан келген, кызыл тоголок, толук киши эле. Ал сакал койдурбай ак мурут боюнча өттү. Өтө чечкиндүү, шайдоот, чыйрак, кимге болбосун, тик карап таамай айткан, бешенесинен жылдызы жанып, адамды өзүнө тартып турган кандайдыр бир ички тартылуу күчү бар касиеттүү, кутмандуу карыя эле. Бүркүт таптоо, куш салуу, тайган агытып аңга чыгуу, чырга сүйрөтүү Сакеңдин жаны менен бирге бүткөн өнөрү эле. “Хандын да татым тузу кемийт” дегендей, Саякбайдын да тузу кем болуп калды. Эл биле жүрсүн үчүн жазганбай эле айта кетели, Саякбайдын Чубак, Сыргак деген уулдары болгон. Чубагы кырсыкка кабылып бөөдө бирөөнү өлтүрүп алып узак мөнөткө кесилген. Бирок Кулатовго кирип кадырын салып Сакең баласынын жаза мөөнөтүнүн жарымысын кыскарттырган. Баары бир абакка түшкөн адам оңолбойт окшойт, баласы атасынын эмгегин актадыбы, кеп ушунда.

Гүлайым Калыбеков, «Леди.КГ»

Макала Салмактуу өмүр ээси Саякбай Каралаев бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Чучукка тийген чулдур сөздөр — «достукка отунуч», «мен ойлойм», «күлкүмүштүү»

$
0
0

Бүгүнкү «Тибиртке» рубрикасында филолог Султаналиев чулдур сөздөрдүн бир катарын атап өттү.

Анын айтымында, кыргызча жаңы сөздөрдү Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн байкаса болот.

«Чүй проспектисиндеги кинотеатрлардын биринде «Запрос в друзья» деген тасманы кыргызча «Достукка отунуч» деп бакыйта которуп жазышыптыр. «Ө» тамгасын «о» деп жазганы аз келгенсип, маанилик жактан да туура эмес которулган. «Достукка отунуч» деген сөздү окуп кандай маанини түшүнсө болот?» — деп таңыркайт филолог.

Ал ар бир сөздүн элеси болуусу керек экенин айтат. Мисалы «алма» деген сөздү укканда томолок, кызыл, даамдуу деген сыяктуу элестер келет.

«Анан ошол образды элестетүү менен сөздүн маанисин түшүнөсүң да. Тасмалардын аталышын түзмө-түз которбой маанисине жараша жазыш керек», — дейт Султаналиев.

Филолог «Белоснежка и охотник» деген тасма дагы маанисине жараша которулбай калганын билдирди.

«Белоснежка деген кыргыздарда болгон эмес. Аны «үр кыз» деп которуп жүрүшөт. Бирок үр — бул периште деген сөздүн синоними. Ошон үчүн үр кызга караганда «аруу кыз» же «ак кыз» деп которуу туура болмок», — дейт филолог.

Анын айтымына караганда котормо сөздөрдөн көп ката кетет. Мисалы «я думаю» дегенди «мен ойлойм» деп которуу менен сөз баштагандар арбын. Ал «менин оюмча» деп айтуу туура экенин белгиледи.

Мындан тышкары, филолог «барчук», «келчүк», «күлкүмүштүү» деген тантык сөздөр коомчулук арасында кадимкидей колдонулуп калганын кошумчалады.

«Барчук эмес бурчубуз, келчүк эмес келчүбүз, күлкүмүштүү эмес күлкүлүү деп айткан туура. Буларды канча айтканыбыз менен болбой эле туура эмес сүйлөп, жазып жатышат», — деп кейиди Султаналиев.

Филолог «Манасты» баяндаган кыргыз тилинин үч миңге жетпеген сөзү гана коомчулук тарабынан такай колдонуларын белгиледи.

Sputnik Кыргызстан, 26.05.2016-ж.

Макала Чучукка тийген чулдур сөздөр — «достукка отунуч», «мен ойлойм», «күлкүмүштүү» бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Жоомарт жана адил

$
0
0

(жомок)

Илгери, илгери бир кылымдарда жанаша жашаган эки элде Жоомарт жана Адил деген хандар өткөн экен. Жоомарт хан калкына карамдуу, элди тегиз көргөн, тегиз жашасын деген киши болгон. Бул хан бир күндө сарайында түшкө дейре иштеп, калган убактысында элди аралап, “ач, жылаңачтар жокпу” деп жүрүп өткөрчү экен.

Күндөрдүн биринде талаа-түздөгүлөрдү кыдырып келе жатса, суу ичип жаткан эшекти көрөт. Аны абайлап караса арка-башы жоор, арык, алы кетип арыган эшек экен. Жоомарт “бул эшек элге кызмат кылган, эчен жолу эмгектенген, ошондуктан ушул абалга жеткен”, деп ал эшекке күмүш жүгөн катып алып барып, өз сарайына бактырып коет.

Ошол эле мезгилде Адил деген кара кылды как жарган “бул алыс, тигил жакын” дебеген хан болгон экен. Сурак сураганда “өзүмдү көрсө сүрдөнөт, сөзүнөн жаңылат, же кошомат кылат”, деп суракты көшөгөнүн ичинде олтуруп алып, жүзүн элге көрсөтпөй сурачу экен. Бул эки хандын вазирлери, кеңешчилери эки ханды бири бирине ушактап, чагымдап олтуруп, экөөнү уруштурат.

Ошондо Жоомарт хан элине “Адил хандын колу көп экен, силер бөөдө кырылып каласыңар, андан көрө мен качып кетейин, силер кол көтөрүп багынып бергиле, ошондо кырылбай эсен каласыңар”,-дейт да качып кетет. Ал качып барып, ыштыкка кирип бекинет. Ошол ыштыкка жакын жерде бир бечара аялы менен жашайт экен. Бул экөөнүн эл орунга олтургандагы сөзүн далдаадан уккан Жоомарт, алардын үйүнө түн жамынып кирип келип:

— Элиңерде эмне жаңылык бар?-деп сурайт. Ал бечаралар:

— Эки хан урушуп, Жоомарт хан качып кетиптир. Адил хан “Жоомарт ханды ким кармап берсе, ага Жоомарттын салмагындай болгон дилде беремин” деп жар чакыртты, болгон жаңылык ушул, мындан башка жаңылык жок,-дейт. Жоомарт хан:

-Ошол качып кеткен Жоомарт менмин, мени же бузуку, же бир митаам, же бир зөөкүр таап алып ханга алып барып, анын алтынын алып жыргайт. Андан көрө силер менин эки колумду артыма байлап, мойнума чылбыр салып, бириң жетелеп, бириң шыйракка чаап айдап, ханга алып баргыла да, анын алтынын алып убай көргүлө,-дейт. Анда тиги бечаралар:

-Сизди жалдыратып алып барып көргөн оокатыбыз курсун, ушул эле оокатыбыз жетет,-дешет.

Жоомарт:

-Силер эле алып баргыла, менин каныма силер забын болбойсуңар, турмушуңар оңолот. Адил болсо менин каныма забын болот,-дейт.

Жоомарттын сөзүнө макул болушуп, эки бечара аны бири жетелеп, бири айдап ханга жөнөшөт. Баратканда алдынан зөөкүр чыгып калат да:

— Бул ким?-дешет. Эки бечара:

— Бул баягы качып кеткен Жоомарт хан, кармап алдык, ханга алып баратабыз,-дейт.

Тигил зөөкүрлөр эки бечарадан Жоомартты жулуп алып кетишет. Жолдо баратканда дагы башкалар алардан жулуп алып кетишет. Ошентип олтуруп Жоомартты Адил ханга 20-чы киши жетелеп барат. Адил хан Жоомартты зынданга салдырып:

— Ким алып келди?-деп сурак кылат.

— Жоомартты мен алып келдим,-дешип баягы биринен бири жулуп алышкан жыйырма киши чуулдашат.

Адил хандын жигиттери Жоомартты зындандан чыгарып келишет. Адил хан ким кармап келгенин сурайт. Мени булар алып келишкен жок, мени кармап сизге алып келатканда мына бул кишилер кемпир, чалдан зордуктап тартып алышкан, эмгек мына бул бечаралардыкы деп, кемпир менен чалды көрсөттү. Адил хан кемпир, чалга Жоомарттын салмагындай алтын берет. Кемпир, чал Жоомартка алкыш айтышып, кубангандан кудуңдап жолго түшүшөт.

-Булар сени эмнеге алкап кетип баратышат,-дейт Адил хан. Жоомарт Адил ханга болгон окуяларды айтып берет. Адил хан “ушундай элине кайрымдуу, бечарага дитин берген, эл үчүн туулган адамды өлтүрүүгө болбойт, биздин ичибизден чыккан бузукулар уруштурган турбайбы”, дейт да Жоомартка таажысын кийгизип, тагына мингизип хан көтөрөт, өзү ага вазир болот. Бул экөө эл ичиндеги бузукуларды, митаамдардй, кара ниеттерди тазалап жок кылышат. Ошондон кийин эки эл бир нече кылымдар тынч жашап калган экен.

Макала Жоомарт жана адил бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

«Жеңишбек»поэмасы туурасындагы беш факты. Уулун күткөн кыргыз абышканын трагедиясы

$
0
0

Уулунун согушта курман болгонун билсе да жүрөгү сезгиси келбей пристанга эл менен кошо келип, куру үмүт менен көлдү тиктеп, күтүп, томсоргон Миңбай чал. Жүрөгү өрттөнүп турса да кайратынан жазбай, ичинен күңгүрөнө дүйнө-өмүр менен сүйлөшкөн карыя…

Sputnik Кыргызстан окурмандарга кыргыздын классик акыны Алыкул Осмоновдун мыкты чыгармаларынын бири «Жеңишбек» поэмасы тууралуу беш фактыны сунуштайт.

Пролог. «Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,
Толкуса толкунуна тең ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырлуу мындай жолдош күткөн жокмун»,
— деген саптарды кыргыз окурмандарынын көбү кыргыздын атактуу акыны Алыкул Осмоновго таандык экендигин билет. Бул саптар кыргыз абышкасынын трагедиясы туурасында жазылган «Жеңишбек» аттуу чыгармасынын прологу экендигин эске сала кетүүнү эп көрдүк.

«Жеңишбек» поэмасы кандуу согушта жалгыз уулу Жеңишбектен ажыраган Миңбай аттуу карыянын күйүттүү абалы, өксүбөс арманын баяндайт. Ал баласынын курман болгону тууралуу «кара кагазга» ынанбайт, уулу өлдү деген кабарга моюн сунгусу келбейт, жалгызын күнү-түнү, ал тургай ар бир ирмемде күтүп, жол карайт.

Ошентип, Улуу Ата Мекендик согуш аяктап, жеңиш тартуулаган күндөр Кыргызстанга, анын ичинен көл өрөөнүнө да келет. Башкалар жоо жеңип кайткан жакындарын тосуп пристанга барса, Миңбай да кур үмүткө азгырыла кошо барып алат. Кеме кайра-кайра жоокерлердин жаңы тобун алып келет, кеме келген сайын Миңбайдын күткөнү ордунан чыкпайт… Бир сапар чал дагы кеме тосуп, дагы кур үмүткө алданат. Үйүнө баргандан заарканып, курдашы Курманбектикине кайрылат. Курманбек кан майданга алты уулун атказганын, алтоонон экөө гана жараланып кайтканын кеп салып, Миңбайга кайрат айтат; анан өзү жетимиштен ашканда алтымыштагы кемпири экөө эркек уулдуу болгонун сүйүнчүлөйт. Миңбай бешикте жаткан баланы көрүп, атын Жеңишбек коёт. Ал Курманбектикинен аттанып, арбалгандай кайра көл жээгине барат… Айтор, күйүтүү күтүүгө сугарылган күндөр менен тагдырлар…

«Жеңишбек» — Алыкулдун акындык өнөрүнүн туу чокусу. 1945-жыл, 13-декабры – тарыхый дата.

1944-жылдын ноябрынан тарта Осмоновдун чыгармалыгы жемиштүү болуп, «ташы өргө кулаган». Ушул мезгилден тарта беш жылга жетпеген убакыт ичинде акын кыргыз адабиятында кайталангыс орун тапкан көп сандагы ыр, поэма, пьесаларын жараткан. Анын ичинде биз сөз кылып жаткан «Жеңишбек» поэмасы бар. Чыгармага акыркы чекитти акын 1945-жылдын 13-декабрында көл жээгиндеги «Койсары» курортунда койгон.

Күйүттүү күтүүнү баяндаган 156 сап… Чыгармада кыймылдуу окуяларга караганда кейиштүү сезим-туйгулар, лирикалык ой толгоолор, пейзаждык сүрөттөр көбүрөөк. Дал ошол көмөкчү элементтер бар болгону жүз элүү алты ыр сабынан турган поэманын жөнөкөй сюжетине кошумча жаңырык, көмүскө тереңдик бергенсийт.

156 саптан турган «Жеңишбек» поэмасынын мазмунун эмоциялык жактан курч кылган, окурмандын ичин аңтарып, жүрөгүн сыздаткан албетте, баш каармандын аянычтуу абалы, бөксөрбөс убайымы. Миңбай чалдын курман болгон уулун күтүп куру убара тартышы жан кейитет, согуш мезгилинен тынч күндөргө сарыккан көп трагедиянын бирин кескин сездирет, далай кишинин башына түшкөн арман күйүттүн оорчулугу, көпкө дейре өксүбөсүн таасын билдирет.

Дүйнө – өмүр, уул бердиң, бала бердиң,
Дүйнө – өмүр алоолонуп жана бердиң.
Неге сен алыс кеткен сапарыңан
Ээриң жок жайдакталып кайра келдиң?

Дүйнө – өмүр, энчи бердиң, үй-жай бердиң,
Күн көр деп, бар керекти белендедиң.
Неге сен ыраак кеткен сапарыңан,
Эскиртип канатыңды кайра келдиң?

«Жеңишбек» — Алыкулдун чолпону». Башка чыгармачыл адамдарга таасирин тийгизген. Залкар кара сөзчү Ашым Жакыпбеков «Жеңишбек» — Алыкулдун чолпону» деген баасын берип, бул туурасында күндөлүгүнө жазып калтырган экен. «Турмушка өкүнүп коюп, «Жеңишбекти» окуй кеттим. «Жеңишбек» — Алыкулдун чолпону. «Жеңишбекти» окуп отурсаң эрте жазда көл жээгиндеги атыр жытка мас болгондон да аша кетесиң… «Жеңишбектей» таттуу-рахаттуу аба жок, болсо да аз.

Ошентип, «Жеңишбекти» экранга «чыгаргым» келди. Бул багытта тажрыйбам жок болсо да бел байладым, ким билет эмне болорун… Эгер, чебердин колуна түшсө укмуш эле болор эле!», — деп жазган экен тээ 1955-жылдары.

Sputnik Кыргызстан, 28.05.2016-ж.

Макала «Жеңишбек» поэмасы туурасындагы беш факты. Уулун күткөн кыргыз абышканын трагедиясы бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Түгөлбай Сыдыкбеков. Өмүр баяны

$
0
0

Жазуучу, романист Түгөлбай Сыдыкбековдун өмүрү жөнүндө Sputnik таржымалынан таанышыңыз.

Түгөлбай Сыдыкбеков — ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон Кыргыз эл жазуучусу, академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры. Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган.

1928–1931-жылдары Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек шаарындагы) айыл чарба техникумунда, 1931-жылы Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунда окуган.

1931–1936-жылдары «Ленинчил жаш» гезитинде бөлүм башчы, 1937–1947-жылдары Кыргызстан Жазуучулар Союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи, 1936-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Өзүнүн чыгармачылык аракетин адегенде ыр жазуу менен баштаган. 1930-жылы 1-май күнү «Ленинчил жаш» гезитине «Булар кимдер?» деген ыры жарыяланган. Андан бир аз өтпөй «Чал комузу» аттуу поэмасын жазып, «Чабуул» журналына бастырган. Алгачкы «Күрөш» аттуу ырлар жыйнагы 1933-жылы жарык көрүп, «Баатырлар» (1936), «Акын-булбул» (1938) аттуу ырлар поэмалар, жыйнактары жарыяланган кезде эле автор, проза жанрында активдүү иштей баштаган.

Поэтикалык чыгармаларында Түгөлбай Сыдыкбеков калемдештери сыяктуу эле ошол учурдагы кыргыз жергесине, элдин турмушуна кирип жаткан жаңылыктарды, социалисттик коомдун артыкчылыгын, жаңы түзүүчүлүк эмгегин, жаңы мамилелерин чагылдырууга аракеттенди. Муну жаш автордун ошол кезде жазган ырларына койгон аттарынын өзү эле («Кедейлер Артель болушту», «Радио жаңы айылда», «Кетмен күүсү», «Микрофон ырдады», «Басмакана», «Маданият өзгөрдү», «Кечээки чыйыр-бүгүн даңгыр Памир») ачык көрсөтүп турат.

«Теримчилер», «Түн жарчысынан кабар» поэмалары 30-жылдардагы турмуш чындыгынан алынган.

«Капкакбай» поэмасында автор жомоктордо айтылган Калпакбай аттуу сараң байдын образын түзүүгө аракеттенген. Байдын сараңдыгы ушунча — ал өзү да жебейт, элге да эч нерсени ыраа көрбөйт, ал түгүл балалуу болгондо ага той берүүдөн да кызганат. Жек көрүмчү шүмшүккө айланган Капкакбайды өлгөндө сөөгүн жер да, көр да, көл да кабыл албайт, акыры сууга агызып жиберүүгө аргасыз болушат. Автор бул чыгармасын жыйырманчы жылдардын аягында жазып, бирок жарыкка чыга электе кол жазмасы жоголуп кеткенден кийин, анын экинчи вариантын түзгөн. Адам өмүрүнүн түпкү маңызы — ушул жарыкчылыкта, тирүүчүлүктө ак эмгегинин үзүрүн көрүү. Ал эми байлыкты күтүп сараң, зыкым болуудан өткөн ыплас эч нерсе бул дүйнөдө жок. «Капкакбай» поэмасында мына ушул элдик идея берилген. Ушул эле ой автордун «Ач көз ата» поэмасында да чагылдырылган. Поэма элдик жомоктун негизинде жазылган. «Башы кара, эти ала, ырысы жок, ырыс качырат» деп өз баласын журтка таштап көчө качкан бай кийин бүт дүнүйө-мүлкүнөн, малынан ажырап өлө турган болгондо кайра ошол баласына келип корголоп, жан сактап калат. Адам өз мээнети, өз эмгеги менен ырысты, бактысын өзү жаратып туруу керек, ошондо гана адам ырахат алып, жашоосун жагымдуу өткөрөт деген идея бул жомоктун негизги тыянагы.

Октябрь революциясына чейинки кыргыз эмгекчилеринин башынан өткөн оор күндөрдү Сыдыкбеков өзүнүн «Көкөй кести» аттуу көлөмдүү поэмасында баяндаган. Муну автор 1931-жылы жана 1959-60-жылдары жазган, мындайча айтканда, кийинки редакциясында коомдук-социалдык маселелер козголуп, сюжеттик өзөк Медет аттуу жигиттин, анын сүйгөнү Берметтин жана алардын каршысындагы Карабек байдын тегерегиндеги окуяларга негизделген. Чыгарманын сюжеттик негизин социалдык, башкача айтканда адам укугу жөнүндөгү проблема түзөт.

Ал поэтикалык чеберчиликке керектүү мазмун менен форманын биримдигине «Радио жаңы айылда», «Окуу», «Ажал менен алышканда», «Жүрөгүм энем», «Ленинди чалдар айтышат» сыяктуу ырларында жетише алган.

Сыдыкбековдун поэтикалык чыгармаларына караганда анын ошол эле отузунчу жылдары жазган прозалык чыгармалары кыргыз совет адабияты үчүн чоң окуя болгондугу азыр жалпыга белгилүү. Анын 1934-1935-жылдардан баштап жазып, 1937-1938-жылдары жана айрым бир редакциялоодон кийин 1940-1941-жылдары жарыкка чыгарган «Кең-Суу», 1939-1940-жылдары бүтүргөн «Темир» романдары кыргыз совет адабиятындагы реалисттик роман жанрынын табиятына белгилүү деңгээлде жооп берип, анын дарбазасын ачышкан чыгармалар.

Кийинчерээк жазуучу «Кең-Суу» романына кайтадан кайрылып, аны толуктап, эпикалык масштабын кеңейтип, бир катар образдарды кайрадан иштеп, жаңы образдарды киргизди. Кыскасы, кыргыз элинин жаңы коомго өтүү процессинин татаал диалектикасын кеңири ачып, чыгарманы жаңы идеялык-эстетикалык бийиктикке көтөрдү. Романга «Тоо арасында» деген жаңы ат берип,1-китеби 1955-жылы, 2-китеби 1958-жылы жарыкка чыкты.

Отузунчу жылдары Сыдыкбеков прозанын чаканыраак түрүнө кайрылып, бир катар аңгеме, очерктерди да жазган. Алардын ичинде «Ала-Тоодон алтоо», «Абысындар» аттуу документалдуу аңгемелери ошол кездеги маанилүү окуяларга арналган. Биринчи аңгемеде Кыргызстан комсомолунан тарбияланган алдыңкы жаштардын Фрунзе — Москва маршруту боюнча лыжалык жүрүшкө чыгып, 4000 чакырым аралыкты басып өткөн эрдик иштери сүрөттөлсө, экинчи аңгемеде ошол кездеги атактуу кызылчачы Шайырбүбү Тезекбаеванын күжүрмөн эмгеги баяндалган.

Аңгеме, очерк жазууну Сыдыкбеков Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында андан ары активдүү улантып, «Пайдага чечилген чатак», «Тарбия», «Замбирекчилер», «Күтүү», «Кайрат», «Эл оозунда» сыяктуу чыгармаларды жаратты.

1943-жылы анын «Согуш күндөрүндө» аттуу китеби жарык көрүп, Рахматуллин менен бирге жазган «Манас жана Алмамбет» пьесасы 1943-1946-жылдары Крупская атындагы республикалык мамлекеттик драма театрында коюлган. Мындан тышкары, согуш турмушунан алып «Майдандан», «Кыштактын ээлери» аттуу бир-эки көшөгөлүү пьесаларды жараткан.

Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы кыргыз колхоздорунун турмушунан алып «Биздин замандын кишилери» аттуу романын жазды. Чыгарма 1948-жылы кыргыз тилинде жана Москвадан орус тилинде жарык көрдү да, бир жылдан кийин автор бул эмгеги үчүн СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты наамын алды. Роман СССР жана чет элдеринин тилдерине которулду.

60-жылдары Сыдыкбеков поэзия жанрына кайрадан кайрылып, «Күн кызы Нурайымга күйөөлөгөн жер уулу Жанболот жөнүндө баян» (1960) жомок поэмасын, «Адамдарга кайрылуу» аттуу ырлар, поэмалар жыйнагын (1969) жарыкка чыгарды.

Сүрөткердин турмушунда «Көк асаба» романы өзгөчө тагдырдагы чыгарма болгон. Ал Орхон-Эне-Сай доорундагы түрк элдеринин тарыхый басып өткөн жолун көркөм жалпылаштырууга алган, бул дал ошол тарыхыйлыгы менен тоталитардык доордун «Кара сандыгына» кабылган. Көп жыл окурмандарына жетпей жатып, заман бир аз оңолгондо гана 1989-жылы окурман колуна тийди.

1990-жылдарда Сыдыкбековдун «Табылга» аттуу макалалар жыйнагы (1991), аңгемелерден, маектерден, каттардан куралган «Мен миң жыл жашадым» китеби (1998), «Бел-белес» роман-эссеси (1996) жарыкка чыкты. «Бел-белес» роман-эссесинде автор «Жол» романында башталган багытты уланткан. Өз өмүрүндө көргөн-билгендерин, уккандарын, окугандарын ылгап, адегенде өзүнүн тек жайын кеңири баяндаган. Андан соң Совет бийлигинин алгачкы жылдарынан 1985-жылкы кайра куруу, ачык айтуу саясаты өкүм сүргөн учурларга чейинки мезгилдерди камтыган. Адабий, маданий турмуштагы өзү билген фактыларга, окуяларга карата өз көз караштарын билдирип, баа берүүгө аракеттенген.

Жазуучу Сыдыкбеков Пушкиндин, Некрасовдун, Бедныйдын, Чеховдун, Серафимовичтин, Шолоховдун чыгармаларын кыргызчага которгон.

Кыргыз тарыхын калыс иликтөөгө, кыргыз тилин ички сөз кампасына ылайык байытууга замандаштарын үндөгөн. Расмий бийликти бул жааттагы өксүктөрү үчүн тайманбастан ачык сындаган.

 

Сыйлыктары

Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу (1968-ж). Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын анык мүчөсү (1954-ж). Т.Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери» романына 1947-жылы 3 даражадагы Сталиндик сыйлык берилип, кийин ал сыйлык СССРдин мамлекеттик сыйлыгы болуп аталып калган. Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу, «Элдердин достугу» ордендери, СССРдин медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Эгемен Кыргыз Республикасынын Кыргыз Эл Баатыры наамын туңгуч ирет алган.

Кыргыз адабиятына жана маданиятына 70 жылга жакын ак кызмат кылган, элдик тилдин жана нарк-насилдин нускалуу билерманы Түгөлбай Сыдыкбеков 1997-жылы 19-июлда Бишкек шаарында каза болду. Анын сөөгүн эл зор урмат, ызат менен

Sputnik Кыргызстан, 25.05.2016-ж.

Макала Түгөлбай Сыдыкбеков. Өмүр баяны бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Абакир Калыбеков: Кыргыздардын келип чыгышы жана саяктардын санжырасы

$
0
0

Санжыра — уруунун, элдин чыгыш теги жана таралышы тарыхый маалыматтардын элдик оозеки чыгарма түрүндө берилиши. Санжыра кол жазма жана басма түрүндө генеология-лык таблица деп аталып, Европа жана Азия элдеринин көбүндө кездешет. Өзгөчө атактуу адамдар, падышалар жана королдор өзгөчө барактап, ыйык сакташкан.

Кыргыз санжырасы атадан балага, муундан-муунга оозеки айтылып келген. Санжырага илимий көз караш менен караган окумуштуу С.Аттокуров мындай деп жазат: «Санжыра али тарых эмес. Ал тарыхтын күбөсүнүн, булагынын бири. Мунун өзү санжыраны ар тараптуу талдап, анализдеп, илимий электен кайра-кайра өткөрүү керек дегендикке жатат.» (Аттокуров С. Кыргыз санжырасы. Б. 1995. 8-б.) Эң алгачкы жазылган кыргыз санжырасы Сайф-ад-дин Аксыкендинин «Маджумду ат-таварих» (XIV к.) деген атактуу эмгегинде кездешет. ХХ кылымда жазылган санжыралар «Маджуму ат- таварихти» негиз кылып алышып, ар түрдүү варианттарда айтылып келген. Санжыра XIX кылымдан тартып орус окумуштуулары тарабынан кагазга түшүрүлө баштаган. Аны адегенде В. В.Радлов, Г.С. Загряжский, Н.А.Аристов, Ч.Валиханов санжыраны чогултууну жүзөөгө ашырышкан. С.М. Абрамзон этнографиялык материалдарын чогултууда 200 дөн ашык карыя-информатолор менен маектешкен. Кыргыздардын 1-генеологиялык санжырасы 1913-1914-жылдары О.Сыдыков тарабынан Уфада басылып чыккан. Бул адам 15 жыл бою Ала-тоонун кокту-колотунда, адыр-түзүндө жашаган кыргыздардан калтырбай кыдырып, санжыраны чогултканы эмгегинен көрүнүп көрүнүп турат.

Тарыхчы жана санжырачы С.Аттокуров Хиванын ханы Абулгазынын «Түркмөн шежереси», молдо Сайф ад-дин Аксикендинин «Маджуму ат-таварих», О.Садыковдун «Тарых, Кыргыз, Шадмания» эмгектерин жана С.М. Абрамзондун, Я.Винниковдун жыйнаган материалдарына таянып, кеңешилген курама «Кыргыз санжырасын» сунуш кылган. Бул эмгекте кыргыздарды этнос катары: байыркы кыргыздар жана азыркы кыргыздар деп экиге бөлгөн. Байыркы кыргыздарга V-X кылымдарда өздөрүнүн мамлекетин түзгөн Борбордук Азияны мекендеген 40 уруунун конфедерациясы кирген. Бул этностун өзүнүн мамлекеттик, тили жана жазуусу болгон. Кара кытайлык жана моңголдук басып алуучулардын геноциддик саясатынан бытырап тараган. Кыргыз этносунун кайрадан калыптанышы Алтай, Теңир-Тоо, Алай, Памир аймагында жашаган этностор менен тыгыз байланышкан. Ага кырылуудан аман калган байыркы кыргыз уруулары катышкан. Жыйналган материалдарга караганда аларга: Саруу, Мундуз, Кушчу. Бугу (пулу), Азык, Черик, Дөөлөс, Дуулат, Багыш, Катаган, Уйсун ж.б. лар кирген. (Аттокуров С. Кыргыз санжырасы Б. 1995. 6-б.)

XI кылымда жазылган Саид Абд ал-Хайя Заххак Гаридзинин «Азем кабарлар» (Зайн ал-ахбар) эмгегинде түрк элдеринин санжырасы уламыштар түрүндө берилген. Бул эмгекте Нух пайгамбардын Сим, Хам жана Яфет деген үч уулунан дүйнө элдерин таратат. Нух пайгамбардын Яфет деген уулунан тарагандарга Түрк деп ат беришет. Түрктөр кытайга таандык экендиги айтылат. Жамгыр жадыруучу сыйкырдуу жазуусу бар «жада таш» жөнүндө жана карышкырдын сүтүн эмген бала жөнүндө уламыштар жана кыргыздар славяндардан чыккандыгы жазылган. Славяндар Яфеттен таралат. Славян аталышы саг(ит) деген сөз менен байланыштуу, себеби алар иттин сүтү менен чоңоюшкан имиш. Иш мындай болгон: Яфет кумурсканын жумурткасын алып жатканда кумурска кудайдан Яфет бала ырахатын көрбөсүн деп суранат. Яфет уулду болгондо атын Эмке деп коет.Баланын эки көзү сокур төрөлөт. Ал кезде иттин төрт көзү болгон. Яфеттин ити тууганда, күчүгүн өлтүрүп коет. Бала төрткө чыкканча итти ээмп, кулагынан кармап ээрчип жүрөт. Ит экинчи жолу тууганда Яфеттин уулун таштап. андан кутулгандыгына кудайга ыраазычылыгын билдирет. Кийнки күнү иттин эки көзү баланын көзү болуп, экөө иттин өзүндө калат. Ушул себептен сакалабдар (славяндар) деп аталып калган. (Бартолbд В.В. 272-б.) Иттин көзүнүн көзүнүн үстүндөгү ак тагы болсо «төрт көз» деп ат коюлат, ал жөнүндө жогорудагы уламыш азырга чейин айтылат. Итэмген, Сүтэмген деген адам аттарынын мааниси да уламышка байланыштуу айтылат.

Бизге жеткен санжыраларда Яфестен Түрк, андан Элчи Хан, андан Аланча Хан, андан Кара Хан, Андан Өгүз хан, андан 6 уул: Күн хан, Деңиз хан, Тоо хан, Ай хан, Жылдыз хан, Ай хан, Көк хан. Санжыра уламыш-жомок катары сезилгени менен байыркы кытай, грек жана перс жазма булактарында сакталып калган. Ошондуктан, С. Аттокуров санжырага тарыхий этнографиялык булак катары кароо менен данын кабыгынан бөлүп алуу илимдин милдети деп айткан. (Аттокуров С. Кыргыз санжырасы. Б. 1995. 30-б.)

Санжырадагы дагы бир маанилүү нерсе- андагы сактал-ган элдик, улуттук аң-сезим. Кайсы уруунун санжырасы болбосун, анын түбү кыргызга барып биригет. Ар бир акыл эстүү адам тигил же бул этноско таандык таандык экенин билүү менен кыргыз экендигине сыймыктанат. Өзүнүн ата-бабаларынын жакшы иштерине сыймыктанып, өзүнөн кийинки муундарга жакшы атын калтырууга аракеттенет. Ар бир өрөөндө уруулардын бөлүнүштөрүн жана адмардын ата тегин аныктап берген санжырачылар канчалык тагыраак жана калыс болсо ошончолук баркттуу болушкан. Чындыкка көбүрөөк жакыныраа-гы кеңири жайылып, узака жашап калган. Кетмен-Төбөөнүн атактуу санжырачылары Кубатбек уулу Чапырашты, Токтогул уулу Молдомуса, Можу уулу Кошалы, Кожош уулу Бөкөш аксакалдардын айткандары кагазга түшүрүлүп, эл арасында айтылып жүрөт. Өзгөрүш айылында жашаган Молдомусаев Кадыр аттуу адам эл арасынан жыйнап, Кетмен-Төбөлүктөрдүн санжырасын тактоо боюнча чоң аракет жасап жүрөт. Бул адамдын аракетин колдоочу патриот жигиттер табылып, эмгегин басма сөзгө жарыяланса элибиздин тарыхы катары кийинки муундар үчүн баалуу мурас болмок.

Санжыра башка оозеки чыгармалардан айрымаланып тарыхый окуяларга жана конкреттүү адамдардын башынан өткөн окуяларга таянат. Экинчиден, уруунун же мамлекеттин саясий идеологиялык куралы катары кызмат кылган. Кыргыз элин эң байыркы заманда жашаган атактуу адамдын өмүру жана тарыхий окуялар элди улуттук сыймыкка тарбиялоо менен, бирдиктүү мамлекет куруунун улуттук идеологиясы болгон. Үчүнчүдөн, бийлик жүргүзүп жаткан уруунун кызыкчылыгын көздөп, башка урууларда обочолонткон же кемсинткен материалдар да кездешет. XVI кылымда жазылган Абулгазы Баатырхандын (1603-1674ж.) «Түрк санжырасында» кыргыз түрктүн небереси деп айтылат. Кыргыз уруулары түрктөрдөн 7 кылым илгери кытай «Ханнама-хуннулар шежиресинде» жазылып калган. VI-VII кылымда түрк каганаты күч алып, кыргыз урууларын баш ийдирип турган мезгилде жаралган санжыра бүгүнкү түрк элдеринде тарыхий чындык катары кабыл алынып калды.

Кыргыз элинин келип чыгышы жөнүндө «кырк кыз» уламышында Шайык Мансур менен карындашы Апал деген кыз падыша тарабынан чөлгө сүргүндөлгөн, Алардын сөөгү агын сууга ташталган, сөөгү агып баратканда пайда болгон көбүктөрдү хандын кырк кыздары ичип коюп, боюнда болуп калган. Алардан кыргыздар таралган деп айтылат. Ошол доордогу эң байыркы жана күчтүү уруу кыргыздардын тарыхын унуткарып, бурмалоо максатында ойдон чыгарылылган уламыш. Шайык Мансур 922-жылы Иран соту тарабынан динге каршы чыккандыгы үчүн өлүм жазасына тартылган. Чегинен ашкан имансыз адамды, андан он кылым мурда келип чыккан кыргыз элинин ата-бабасы менен байланыштыруу тарыхый чындыкка коошпогон

Америкалык антрополог Л. Крадер: «кийинки мезгилде-ги түрк группасында деп аталган элдеринин айрымдары байыркы кыргыздардын биологиялык тукумдары болгондугу талашсыз. Бул илимге кабыл алынбай калган» — деп жазат. (Абрамзон С.М.Кыргызы…с.223.) Чындыгында тарыхый булактарда түрк элдеринин эң байыркысы экендиги талашсыз. VI-XII к.к Түрк империясынын доорундагы түрк урууларынын бийлигин чындоо жана узакка сактоо максатында айтылган санжыралар тарыхый чындыкты бурмалап, кыргыздар «Түрк атанын балдары» деген кабыл алынып калган. Санжыра — урууларды бириктирүүнүн жана мамлекети чыңдоонун идеологиялык куралы болгон.

Кыргыздардын жана жалпы эле түрк элдеринин карыш-кыр эмизип чоңойткон баладан таралган деген уламыштын чындыгы болушу мүмкүн. ХХ кылымда Индияда карышкыр эрчитип жүргөн Камила аттуу кызды таап алышкан. Ал кызды 3 айлыгында карышкыр уурдап кеткен. 8 жыл карышкырлар менен жашап кыймыл-аракети, жашоо образы карышкырга окшоп калган. Болгон окуяны тил илимин изилдеген окумуштуулардын эмгегинде жазылып калган. «Бөрү эне» жөнүндө уламыш карышкырдын тайманбастыгы, эч качан баш ийбестик сапаттары менен балдарды тарбиялоо максатында бул уламыш жашап келген. Кыргыздарды басынтуу максатында башка элдерде бурмаланып, «иттен» таралгандар деп айтышат. Дастандарда кыргыздарды «бурут» аталышы «бөрү ит» деген мазмунда айтыларын А.Н Аристов айткан. «Бөрү Эне» жөнүндө уламыш түрк элдеринде гана эмес байыркы Рим шаарын негиздеген Рем жана Ромул аттуу балдардын тагдыры жөнүндө уламыштардын окшоштуктары байыркы маданий жана саясий катнаштардын болгондугун билдирет.Кыргыз санжырасында айрым коошпогон кошумчаларды эске албаганда тарыхий даректерди жана бай этнографиялык материалдарды табууга болот. Ошондуктан ар түрдүү доордогу жана ар кайсы аймактардан жазылып алынган санжыралары илимий негизде жалпылаштырылып, элибизге тартууланса тарыхыбызды терең билүүгө чоң жардам болот.

Кыргыз элине кеңири таралган Тоголок Молдонун санжыранын салты боюнча кыргыздар Түрк атадан таралат. Түрк тукумунан чыккан Кыргызкан бүтүн түрк элине хан болуп, Оролдон Теңир-Тоого, Эдилден Эне-Сайга чейин ээлеп турган деп айтылат. Санжыра боюнча эң алгачкы кыргыз уруулары Эсбет, Досбут, Эштек, Жедигер, Кыпчак, Катаган, Өзбек, Тажик, Түркмөн, Сайрак, Нуркунан. Манас Нуркунан уруусунан болуп, чоролору кыргыз урууларынын хандары катары айтылат. Санжыраларда Саяк урууларынын таралышы боюнча кызыктуу маалымат бар. «Эрдене хандын заманында Байыш батыр Ныл дарыясынын (Сыр дарыя болсо керек) боюнда сандап, миңдеп жаткан саяк уругунан Кожант шаарында Эреше ханга вазир болгон. Байыш бир нече жыл вазир болуп Эреше хандын Маниса айым деген карындашына үйлөнөт.

Ныл дарыясын жердеген көчмөндүү калың кыргыз болгон. Алар дайым көчүп жүргөндүктөн «Сайак» аталган. Байыш баатыр: «Менин бир максатым сырт жерине барып, ордо курган хан бектерден катын алып, тукумумду сары жерге тартсам, менден тарагандарды «сайахка» айландыруу милдетим» — деп ойлогон. Байыш баатыр Маниса айымдан Ырай аттуу балалуу болгондон кийин дүйнөдөн кайтат. Ырай жалгыз болуп калды деп Маниса айым каиниси Эшен Карекке тийет. Андан Молдо Садык, Ыбрайым, Молдо Шакир, Жусуп деген төрт балалуу болот. Ырай энесине таарынып Ала-Тоого качып келип, Тагай бийге бакма бала болот. Түпкү теги жоюлбасын деп Тагай бий Байыштын атын Саяк коюп алат.

Тоголок Молдонун санжырасы боюнча Саяктан Каба, Сары эки уул. Кабанын 1-аялынан Кайдуулат, менен Байболот. 2-аялынан Шыкмамат, төрөлгөндөгү аты Махмуд коюлуп, кийин илимдүү адам болгондуктан Шайык-Махмуд деген наам алат. Азыркы кыргыз тилинин күүсү менен Шыкмамат аталып калган. 3-аялынан Кутунай, Бегет жана бир аялынан Качканак. Качканактан 4 уул Түнкатар, Түнтөй, Актери, Бозтери. Кетмен-Төбөдө бул санжыра башкараак айтылат. Саяктан эки уул: Байболот (өйдөчектилер) менен Каба. Байболот улуу болгондук-тан өрөөндөгү аш-тойлордо өйдөчектилер түшкөндөн кийин гана тамак тартылып, оюн-тамаша башталчу экен. Байболоттун 1- аялынан Айдеке, Асеке, Үсөке. 2-аялынан Кулунтай. Кабанын 1-аялынан Алагөз, Кайдуулат. 2-аялынан Түнгатар, Түнтөй. 3-аялынанан Шыкмамамат, 4-аялынан Кутунай.

Кутунай, Бегеттин уруктары Кетмен-Төбөдө турат. Шыкмамат, Бозтери уруктары Ысык-Көлдө, Актерилер Тогуз-Тородо. Баатыр Байболоттон Айдаке, Асаке, Күрөң, Молой. Байболоттон тарагандардын көпчүлүгү өйдөчекти деген ат менен Кетмен-Төбөдө, Базар-Коргондо, Анжиан тарапта турушат. Сарынын уруктары Атакара, Ботокара эки уул. Атакарадан тарагандар Өзбекстандын Избаскент районунда турушат. Булар тил жагынан салт жагынан да өзбектер менен аралышып саяк экенин билдирүүчүлөр жок болуп калды деп эскерген Тоголок Молдо. Байыш баатырдын иниси Эшен Каректин балдары Ырай баатырга келе жатышып, Чымкенттин Бештерек деген жерине туруп калышат. Бештерек деген наам менен казактардын арсында. Молдо Жусуптун тукуму Жетиген аталып, Таластагы кушчулар менен энчилеш. Молдо Шакирдин өңү сары, көзү көк болгондуктан Чекир Молдо аталып кетет. Анын балдары Куртка менен Түгөлдөн тарагандар Ак-Таалада турат. (Тоголок Молдо. Санжыра. Кыргыздар. 1-т. 264-б.)

Бул санжыра боюнча саяк уруулары Сыр дарыянын төмөнкү жана ортоңку агымынан көчүп келгендиги айтылат. Бул даректерди С.М.Абрамзондун «Кыргыздар жана алардын этнографиялык жана тарыхый-маданий байланыштары» аттуу монографиясындагы материалдар да далилдейт. Уламыштар жана санжыралар боюнча кыргыздар менен каракалпактардын тарыхый байланыштары аныкталган. Кыргыздар менен каракалпактардын санжыралары аралаш айтылып, каракалапктар саяктардан таралары жөнүндө жазылган. Каракалпактардын Ашымайлуу уруусунун түпкү атасы Кабасан (Каба Асан) аталат. Кыргыздардын жеринде каракалпактардын башчысы Эшмат өлүп калат. Эшматтын кунун кууп каракалпактар менен кыргыздар бир нече жолу кагылышуудан кийин кыргыздар Сыр-Дарыянын жогорку агымына көчүп кете баштайт. Бул окуя болжолу XII-XIV кылымдарда болуп өткөн. Кыргыздарда «Каракалпак Эшматтын кунундай «деген ылакап айтылып калган. Каракалпактардын санжырасында «Орманбет бий (ногойлордун мырзасы) өлгөндөн кийин кыргыздар каракалпактарга бир нече чабуул кылган. Ошондон кийин кыргыздар Түркестандан көчүп кетишкен» деген маалымат жазылып алынган. 1900-жылы Хивада жазылып алынган санжырада Казактар менен каракалпактардын түпкү атасы Эркалпак деп аталат. Саяктардын түпкү атасы кээ бир санжыраларда Узун калпак Муратай аталат. (Абрамзон С.М. Кыргызы… . Ф. 1990. с. 76-77.)

Төрөкан уулу Эсенкулдун санжырасында Арыстанбектен (Кылымбектен) Алачкан, Каракан, Асанкан, Табалкан, Толукан (Карахан) таралат. Алачкандан Жайылкан, андан Казак, Кыргыз, Созак, Разак (Каракалпак). Толукандан (Карахандан) Төрөкан, андан Кызчоро, андан Атамбий,андан Шекербий, андан Телкозу, андан Домбул бий менен Муратай. Кыргыздар Эне-Сайдан көчө баштаганда Долон бийдин балдары Тенир Тоого байырлайт. Муратай болсо арылап жылып отуруп Кожантка туруп калат. Муратай адегенде Кожанттын ханы Султан Жалилге вазир болот. Ишенимге киргенден кийин хан болот. Муратайдан Узункалпак жана Шооке деген эки балалуу болот. Шоокеден Калпакбай, Аккалпак, Каракалпак деген үч балалуу болот. Муратайдын баласынын баласы — Жаныш жетим калганда издеп келип, абасы Тагайге бала болот. (Эсенгул уулу. Кыргыздын кыскача санжырасы. Б. 1995. 14, 24-б.) Бул вариантта саяктын түпку атасы Телкозу аталат андан, андан Думбулбий менен Муратай. Думбулбийден Катаган, Нойгуткан, Ногойкан. Катагандан кан Кошой, Нойгуткандан Акбалта, андан Чубак. Ногойкандан Жакып, Каманбай, Көкчөгөз, Улаккан. Жакыптан Манас, Каманбайдан Бакай, Улаккандан Сыргак. Чубактан бир нече муундан кийин Байыш айтылат. Жогорудагы санжыраларда саяктардын байыркы мекени Сыр-Дарыянын төмөнкү агымында экендиги жана байыркы уруулар экендигин кабарлайт. Тоголок Молдонун жана Эсенгул уулунун санжыралары негизинен бири-бирине окшошот.

Кытайлык кыргыздардын санжырачысы Төлөк Төрөкандын айтуусу боюнча Топон Суу апаатынан кийин Нух пайгамбардын кемесинен 40 жуп адам аман калып, Аму дарыя менен Сыр дарыянын бойлорунда жашап калат. Алардын ичинен Жабамый аттуу адам хан болуп Туран, Уран аттуу эки уулду болот. Турандын Түрк деген уул туулат. Түрк хан ордосун Эдил боюна көчүрүп барып чоң уулу Муунга бийлигин, ортончу уулу Татарга мал оокаттын, кичи уулу Ыстамга Нух Алейсаламдан калган сыйкырдуу жада ташын берип дүйнөдөн өтүп кетет. Агалары Ыстамга энчи бербей койгондон кийин аялы Маралдайды эрчитип алыс сапарга аттанып кетет. Жер кезип жүргөндө Кыргыз аттуу балалуу болот. Кыргыз, Акыл, Асан, Асыл, Жакын, Базыл, Пасат, Озот, Казат аттуу сегиз уулду болот. Акылдан : Мундуз, Кундуз, Жылдыз, Памыр. Асандан: Өмур Алым, Арым, Самет. Базылдан: Шерик, Карун, Сары, Кемел. Жакындан: Турду, Кулду, Байыр, Олжо. Пасаттан: Калы, Салы, Малы, Алы. Озоттон: Оюу, Союу, Каны, Саны. Казаттан: Тапчытай, Кушчудай, Муштучай аттуу 32 неберелүү болот. Эң чоң неберси Акыл бийликке келип тууганы Муундан Эдил жайыкты энчисне бөлдүрүп алып ордо салат. Ошондон баштап журт арасында элдин аты «кыркез», «кыргыз» атала баштайт. Муун элинин Шиймурут деген баатыры кыргыздардан Эдилди кайра тартып алмакка кол салат. Эр Сатылган менен Эр Мундуз элин топтоп Шиймурутун колун Каратоого сүрүп жиберет. Бул урушта Эр Мундуз каза таап, байбичеси ай күнүнө жетип жыгачтын көңдөйүндө көз жарат. Көңдөйдө кыпчылып төрөлдү деп атын Кыпчак коет. Кыпчак эр жетип чоңюуп Найман, Тейит, Сейит, Тезек, Сарек жана Карек аттуу 6 балалуу болуп, алардан кыпчак уруусу тарайт. Эдилден (Волгадан) Днепрге чейинки аймак Кыпчак тааласы же Дешти-Кыпчак деген ат менен орто кылымда белгилүү болгон. Шиймурут кыргызга чабуул койгондо топтогон аскерин «Муундун колу» деп аталып, Мангул деген элдин атына айланып Каратоону жердеп калат.

Кыргыз эли чогулуп хан шайлоо курултайында Калач хан болуп, ордону Эдилге салмакка токтом кылышат. Казаттын балдары макул болбой орто өзөндү ээлеп калат. «Атадан калган Эдилге эргип чыкпай, элинен бөлүнүп калды, бул элдин аты ак каз эмес, ойсун болсун» дешип, казак деп да, ойсун деп да айтыла баштайт. Калач хан энчи жер деп Эдилге ордо салдырат. Ордосу бүткөн соң элине Эне-Сай, Эдил, Алаш деп үч бийликке бөлөт. Эне-Сайга Турумтайды, Эдилге Эрболотту, Алашка Эсенгелдини башчы кылып, хан ордосуна каратат. (Төлөк Төрөкан. Кыргыздардын келип чыгышы. Кыргыздар. 4-том. 5-24-б.)

Бул санжыра боюнча Турандын Кергез деген урпагынан таралгандар Аму дарыя менен Сыр дарыя аралыгынан чыгып Эдил (Волга) боюнан Эне-Сайга чейин бирдиктуу эл болуп тургандыгын билдирип турат. С.М. Абрамзондун пикири боюнча «Кыргыз элин жараткан уруулардын калыптануу процесси өтө зор территорияда жүргөн жана узак убакытты талап кылган. Азыркы изилдөөчулөрдүн көпчүлүгү кыргыз урууларынын калыптанышына эң байыркы сак, усун, динлин жана хунн уруу союздары менен байланышы бар деген жыйынтыкка келишти» — деп жазат. Эне-Сайдан Эдил дарыясына чейин, түштүк батышта жаткан Ура-Төбө, Афганистан, Бадахшанга чейинки аралыкта «Кыргыз наамын алып жүргөн элдин жашаганын кантип түшүндүрүүгө болот? Эгер ошол кезде (IХ-Х к.к ) кадимкидей калыптанып калган кыргыз мамлекетинин болгондугу жөнүндө тарыхый булактарга таянсак, анда аны уруулук салттар сакталган алгачкы феодалдык типтеги мамлекет болгон деп түшүнөбүз. Ал мамлекет биримдигине кирген уруулар мындай шартта өз этнонимин сактап турушу да ыктымал эле. Андыктан IХ-Х кылымдарда Тенир Тоо, Памир, Алай аймактарында кадимкидей калыптанып калган кыргыз наамындагы элдин болгондугу жөнүндөгү кээ бир окумуштуулардын далилине ынанабыз.(Абрамзон С.М. Кыргызы… с. 32.)

С.М.Абрамзон кыргыз элинин түзүлүшүнө төмөнкүдөй бир катар шарттар талап кылынды деп жазат. а) уруулардын бири-бири менен карым-катнашын жеткиликтүү камсыз кылган территориянын болушу; б) баардык уруулардын пайдалана билген бир тилдин болушу; в) чарба жүргүзүүнүн ар кандай формалары менен алака түзүүгө мүнкүнчүлүгү бар чарба системасы бар экендиги; г) конкреттуу тарыхый абалда ар кандай бирин экинчисине белгилүү жакындыкка түрткөн жана тарыхый -маданий карым-катнаштын процессинде пайда болгон маданий турмуш- тиричиликтин жакындыгы; д) идеологиялык көз карашта жана сыйынуу ишениминдеги жалпылык; е) коңшулаш башка элдер жана уруулар менен байланыштын негизинде уруулардын тобун бир ынтымакка же конфедерацияга бириктирген саясий-социалдык фактор; ж) элди- жаңы, кеңири этникалык жалпылыкка тийешелуу экендигин таанып билүүсү. Ушундай шарт ошол кезде болгону, үстөмдүк кылганы белгилүү, орто кылымдарда эле кыргыз элин түзгөн уруулардын жалпы территориясы, жалпы тили болгон. Уруулардын этникалык өзүн-өзү таануусунун жалпылыгы жаралган. Кыргыз элинин калыптануу процесси негизинен Тенир-Тоодо, Памир, Алайда жана ага жакын аймактарда болуп өткөн. (С.М. Абрамзон. Кыргызы …Ф..1990 . с..34-80.)

Жергиликтүү, бул жерди илгертеден мекендеген сак-усун урууларынын материалдык, маданий эстеликтери жана элдин рухунда сакталган санжыра-тарыхы элдердин этникалык өзгөчөлүктөрүн сактоого негиз болгон. Түрк, кыргыз, карахандар каганаттарынын (VI-ХII к.) түзүлүшү анда жашаган этникалык топтордун өзүн-өзү таанууга жана ич ара биригүүгө мүнкүнчүлүктөрдү берген. Уруулар аймак-аймак болуп жашап, ар- биринин уруу башчылары болгон. Кара-кытай жана моңгол каратууларынан кийин чачылып кеткен уруулар XV-XVI к. кайрадан бириге баштаганда аймакта жашаган көп уруулар кыргыздарга сиңип кеткен. Кыргыз элинин калыптанышы процессинде тарыхый жагдайлардан идеологиялык курал катары — кыргыз рухунун туу чокусу » Манас » дастаны жаралган.

Кулаалы таптап куш кылган
Курама жыйып журт кылган.
Тели куш кылып куш кылган
Тентиген элди журт кылган.

Элдин биримдигин сактап, душмандардан коргонуш үчүн ар элдин баатырлары жана журт башылары Манаска биригишкен.

Кыраан бөрктүү кырк чоро
Кырк жерден келген ит элең.
Азып тозуп алыстан
Атсыз келдиң кээ бирөөң.
Атсыз келген чорого
Аркар аяк жез билек
Аттан тулпар мингиздим.
Тозуп, тентип алыстан
Токтоп келдиң кээ бирөөң
Тозуп келген чорого
Тон мыктуусун кийгиздим.

Ар түрдүү уруулар эл болуп түзүлүп жаткан доордогу адамдардын ой, максаттары кыялы, иш аракеттеринен жана болгон окуялардан залкар дастандар калыптанган.

Тоголок Молдонун санжырасында саяк урууларынын ата-бабалары өңү сары, көздөрү көк болгону айтылган. Бул сак жана усундардын анторпологиялык белгилерине дал келет. Антрополог Т.П.Кияткинанын изилдөөлөрүндө Кетмен-Төбөдөгү сак доорундагы (б.з.ч. V-I к.к) Жаныш-Булак, Боз-Тектир, Жал-Арык көрүстөндөрөнөн казылып алынган сөөктөр европеоид тибинде адамдар экендиги аныкталган. Б.з I-V к.к. таандык Боз-Дөбө, Кара-Тектир, Айгыр-Жал, Ак-Сеңир көрүстөндөрдө моңголоид расалык тиби аралашкандыгы даана байкалган. Жаныш-Булак көрүстөнүндө VI-VIII к. түрк доорунда алп денелүү 50 жаштардагы адам аты менен коюлган. Бул адам европеоид жана монголоид расалык типтери аралашкан адам экендиги аныкталган.(Кияткина Т.П. Антрополгические работы в долине Кетмен-Тюбе. В кн. Кетмен-Тюбе. с. 206-209.)

«Жаныш, Байыш » дастанында баатырлар:

Алтын көкүл башында
Азиз болгон жан экен.
Алтын көкүл жаркылдап,
Шаарга кирди баркырап.
Көргөн адам таң калып,
Абыдан сулуу бала экен,
Адамдан артык жан экен.

(Мукасов М. Жаныш, Байыш эпосунун поэтикасы. Б. 1999. 14-б.)

деп сүрөттөлүшү расалык жөнүндө кабар берип. ал архео-логиялык табылгалар менен дал келет. IX-X к. Тенир Тоодо түрктөшүү процесси аяктаган мезгилде кыргыздардын арасында ак саргыл өңдүү, сары чачтуулар азая баштаганда ыйык касиеттуу белги катары кабыл алынса керек.

I кылымда жашаган кытай тарыхчысы Ояңшу жазган «25- тарых. Жаңы Тан-наама» аттуу чыгармада «кыргыздар алп денелүү, чачы жээрде, ак жүздуу, көзү көк болорун жазган. Кара чактууларды жамандыктын белгиси катары карашкан. Кара чач, кара көздүүлөр Лилиңдин тукуму деп айтышат.» (Кыргыздар 4-т. 83-б.) Лилиң б.з.ч. I кылымда жашаган кытай баатыры, б.з.ч. 99-жылы хуннулардын багынып берген. Хунну Теңир куту анын баатырлыгына тем берип, кыргыздардын жерине хандыкка көтөргөн. Андан «Кара чачтуу» моңоголид тибиндеги уруулар тарала баштаган. Кытай жазма булактарындагы маалыматтар кыргыздын элдик ооеки чыгармаларында да айтылып келген. «Жаныш, Байышта» мындай саптар бар:

Жер экенсиң Айдың-Көл,
Удургуй түшүп жайылган
Бугу марал куланы.
Кара чачтуу кытайга
Айдың-Көл кайдан ылайык,
Алышып жүрүп түбүндө
Ажыратып алалыкык.

(Жаныш, Байыш. Б. 1998. 182-б.)

Саяктардын бир бутагынын түпкү атасы Каба жөнүндө уламышта «Кара чачтуулар» өзгөчө кабыл алынганын кабарлайт. Бечел болуп калган баланы ата-энеси журтка таштап коюп жайлоого көчүп кетишет. Күзүндө кайра тартканда, баягы журттун айланасында карышкыр эмгизип жүргөн жеринен таап алышат. Баланын желкесинен куймулучагына чейин кара чач өсүп калгандыктан «кара жалдуу Каба » деген атка конгон. ( Абрамзон С.М. Киргизы… . с. 303.)

Төлөк Төрөкандын санжырасында кыргыз элинде Калач деген хан болуп турган доордо» адамдардын айыпсыз сулуу болсо, журт ичи чырсыз» болот деп эл ичинен ыраңы суук адамдарды жоготууга буйрук берилгени айтылган. Каба жөнүндө уламыш да у.с мотивдерден улам айтылып калса керек. А.Бернштамдын далилдөөсу боюнча б.з. I-II кылымдарында Орто Азияга хунндар көчүп келе баштап жергиликтүү сак жана усун урууларында түрктөшүү процесси күчөп, кыргыз, өзбек, казак урууларынын калыптануу процесси башталаган. (Бернштам Н.А. Сборник…т.1. с.258.)

А.Н.Бернштамдын «Кыргыз элинин түзүлүшү» деген эмгегинде Хунн доорунда кыргыздар менен усундардын байланышын аныктаган. Хунндардын шанюйу Модэнин 176-ж. кытай императоруна жазган катында усундар талкалангандан кийин хунндардын курамына кирип «бир үйгө биригишти» деп жазылган. Усундар көчмөн малчылар болуп, хунндар менен тыгыз байланышта болгон. Хунндар да усундар да түрк тилдүү болушкан. Усундар ак саргыл болгону менен түндүк расага кирбестен, памиро-ферганалык расалык типке таандык болгон. Усундардын кыргыздар менен этногентикалык байланышы чоң болгон. VII к. түрк каганатында нушуби уруулары үстөмдүк кылган. Нушуби уруу союзу түрк булактарында усундардын журту деп аталган. Тонукөк эстелигинде «Усун бундати журтта жатту калури эрти» деген жазуу бар. Нушубилердин ичиндеги асиги жана гешу деген уруулар азыр кыргыздарда азык жана кушчу деген аттар менен аталышат.» деп жазат. (Бернштам А.Н. Сложение кыргызского народности. В кн.Кыргызы. Б. 1996. с.138-159.)

XVIII к. кытай жазма булактарында кыргыздар жайгашкан аймактар жана алардын келип чыгышы жөнүндө маанилүү маалыматтар берилген. Цинb дан Хуан юй си тучжи (СЮТЧ) — Батыш край баянына маанилүү малыматтар аттуу эмгекте кыргыздардын автохтондуулугу жөнүндө концепция даана ачылган. Бул эмгекте кыргыздар б.з.ч. III к. жашаган усундардын тукумдары деп айтылган. СЮТЧ нын котормосун белгилуу орус тарыхчысы жана этнографы Н.А.Аристов пайдаланып жазган «Усундар жана кара кыргыздар…» атуу эмгегинде «сактар менен кангайлар уруулаш болуп Сыр-Дарыянын сол жээктерин ээлеген. Ичкиликтер менен саяктар санжырада обочолонуп көрсөтүлгөнүнө жана аталышына караганда сактардын тукумдары» деп жазган. Бул болжолду башка этнографиялык маалыматтар менен да далилдейт. (Аристов Н.А. Усуну и кыргызы….Б. 2001. с.27.)

Н.А. Аристов кыргыз уруулары жөнүндө мындай маалы-мат берет: ичкиликтердин составында сактардын тукумдары бар. Арий тукумунан чыкан хюсундар Аму-дарыясынын баш жактарына жана Ферганага тарашкандар түрктөшүп калышкан. Саяктар Батыш Тенир Тоодогу көчмөндөрдөн келип чыкан. «Хан-шу «боюнча усундардын арасында сэстик жана юечжилик уруулардын бутактары бар экендигин белгилеген. Н.А.Аристов кыргыздардын келип чыгышы боюнча мындай кортундуга келген:

1) Азыркы кара-кыргыздар Батыш Тенир-Тоого Орто Монголиядан б.з.ч I к. келген усундардын тукумдары. 2) Усундар Эне-Сайда калган түпкүлүктүү кыргыздардын бир бөлүгүн түзүп, кыргыз деген чыныгы аталышын сактап калган. 3) Орто Монголиядагы усундар түрк уруу союзуна кирип, кыргыздардын усун бөлүгүн түзөт. 4) Усундар жана Эне-Сайлык кыргыздардын ата-бабалары бир болуп, түрктөр менен динлиндердин аралашусунан келип чыккан. Орто Азиядагы сүйрү баштуу жана ак саргыл өңдүү расадагы уруу болуп калган. (Аристов Н.А. К этничсий истории кыргызов. В кн. Кыргызы. Б. 1998. с.386.) Атактуу окумуштуулардын илимий кортундуларына таянсак б.з.ч. VI кылымдан бери эле Теңир Тоого кыргыз урууларынын бир бөлүгү жашап келгендигин айтууга болот. Ар түрдүү элдердин тарыхчылары калтырган жазуу эстеликтерде кыргыз элинин аты сак (саяк), усун (хюсун,уйшун), хунн(оң) деген аттар менен жазылып келген. Бул аталыштар кыргыз элинин урууларынын аттары болуп, кайсы доордо кайсы уруу күчтүү болсо, ошол уруунун аты менен элдин аты тарыхта жазылып калган.

Кытайлыктар хунндар менен усундардын каада салты окшоштугун көрсөтүшкөн. Хунндар ата бабаларынын арбактарына, Күнгө, Айга, Жерге, Сууга сыйынышкан. Сак-усун көрүстөндөрүнө тоодой топурактын үйүлүшү арбакты ыйык тутуунун белгиси. Иштерин жылдыздарга жана Айга карап баштайт. Эрте менен Күнгө, кечинде Айга сыйынышат. (Аристов Н.А. Усуну и кыргызы… . с.24.) Б.з. I к. хунндар келе баштаганда сөөк коюнун салты өзгөрүп, казанактуу көрүстөндөргө жана арча табыттарга коюла баштаган. «Манас» дастанынын В.В. Радлов жазып алган вариантында Манас өлгөндө карагайдан калың табыт жасалып ичи алтын, сырты күмүш менен капталып Манастын сөөгүн ошого салышат.

Карагайдан калын табыт чаптырды.
Ички жүзүн алтындап,
Тышкы бетин күмүштөп,
Манастын табытына салды дейт,
Сарайга сере кылды дейт.
Жердин сызын өткөзбөй,
Күндүн көзүн тийгизбей
Ак сарайга койду дейт.

(Мамытбеков З.Ч. Абдылдаев Э. Манас эпосун жыйноонун жана изилдөөнүн тарыхы. Ф. 1966. 42-б.)

Сөөктү арча табытка салып көмүлгөн көрүстөндөр Таласта-гы Кенкол жана Кетмен-Төбөдөгү Жал-Арык, Миң-Дөбө (Өзгөрүш) көрүстөндөрүндө табылган. Көрүстөндөгү сөөктөрдү изилдөөлөрдүн жыйынтыгы жергиликтүү сак урууларынын тукумдары менен хунндардын аралашуусунан пайда болгон элдер экендиги аныкталган. (Тур С.С. Антропологические материалы из Кеңколbского могилника. В кн. Материалы междунар. конф. посещ. 1000-л. эпоса «Манаса». Б. 1990. с.19-20.) Хунндардан чыккан акыркы өкүмдаар Аттилла хандын сөз менен тартылган портрети Майкл Гранттын тарыхый чыгармасында: «Башы тоголок, мойну жоон, мурду жалпак, сейрек сакалдуу» деп сүрөттөлөт. (Грант.М. Крушение Римской империи. С-П. 1990. с.17.) Бул маалымат хунндардын расалык тиби моңголоид экендигин кабарлайт. Аттиланын сүрөтүн тартуучулар бул маалыматка таянышса тарыхый адамдын элеси чындыкка жакындаар эле.

Таластагы Кеңкол казанактуу көрүстөнүн А.Н. Бернш-там терең изилдөө жүргүзгөн. Көрүстөндөн табылган эркек көйнөктүн жеңине жана жакасына түшүрүлгөн орнаменттер байыркы кыргыздардын тамгаларына, уруулук эң тамгаларына жана азыркы шырдакка түшүрүлгөн оюуларга толгу менен дал келет. Табылган бешик жана ийик азыркы колдонуп жүргөндөрдөн айрымаланбайт. Б.з.ч.I к. Кыргызстандын аймагында кыргыздар жашап келген деп айтууга негиз бар деп айткан. (Бернштам А.Н. Сборник… с. 39-41.)

Кытай тарыхчысы Жумакадыр Жакып кытай тарыхый булактарына таянып кыргыздар сактардан келип чыккан деген пикирди дагы тереңдеткен. Сак урууларынын үч топко бөлүнүшү жөнүндө Ирактагы Рустек жана Бехистун таш жазууларга түшүрүлгөн. 1- топ. Сак-хаумваргалар (ыйык чөпкө сыйынгандар) Түндүк Индия, Памир, Алай жана Фергана аймактарын ээлеп турушкан. 2-топ. Сак-тиграхаудалар (тик калпактуулар) Ташкен, Теңир-Тоо, Чүй, Талас. Балхаш көлүнүн Түштүк аймактарына тараган. 3-топ. Тия дарыя жана пара дарыя (дарыянын тияк жана бияк өйүзүндөгү) сактары Каспий денизинин жана Арал денизинин жээктеринде жашагандар. Кыргыздар тиграхауда (тик калапактуулар) сактарынын тобуна кирип, Тенир Тоо аймактарында Кетмен-Төбө, Талас, Чүй өрөөндөрүндө жашашкан.

Иран падышасы Дарийдин жана Александр Македон-скийдин аскерлери менен согуштардан кийин көпчүлүк сак тайпалары батышка сүрүлүп кете баштаган. Ушул доорлордо кыргыздар Теңир Тоолук жана Эне-Сайлык болуп экиге бөлүнүп калышкан. Кыргыздардын сактардан келип чыгышын төмөнкү фактылар далилдейт:

1)Кыргыздардын ата журту батыш дениз жакасында экендиги жөнүндө кытай жазма даректеринде уламыш иретинде болсо да маалымат берилет. XI кылымда жашаган Орто Азиялык тарыхчы Абу-Сайд Гаридзинин «Зайн ал-ахбар» (Азем кабарлар) аттуу эмгегинде да кыргыздар сак урууларынан таралгандыгын жазган. Кыргыздар өлүктү өрттөшөт да, «От — эң таза нерсе, отко түшкөндөрдүн бардыгы тазаланат» — деп эсептешет. Бул перстерден сактарга өткөн зароастризм динин ишенимдери. Кыргыздардын арасында «фагиун» аталган адамдар бар. Алар жыл сайын белгиленген бир жерге чогулушат. Музыканттар келип чоң той тамаша өткөрүшөт. Музыканттар ойной баштаганда фагиун эстен танып жыгылат. Ошондон кийин быйыл кандай болот, токчулук, аба-ырайы, тынчтык жана коопсуздук жөнүндө сурай баштайт. Алардын алдын-ала айткандардын көбү туура чыгат» — деп жазылган. (Бартолbд. Тандалма эмгектер… . 274-б.) Бүгүнкү күндөгү кыргыздарда жаңы келинди отко жүгүнтүү, шам жагуу, коломтону майлоо, бакшы (фагиун) түнөтүү сыяктуу ырым-жырымдар сак доорунан бери жашап келген када -салттардан.

2) Байыркы замандагы сактар жана кыргыздар төмөндөгү ар түрдүү тарыхый даректер жана элдик санжыралар-дагы айтуулар бири-бирине дал келишет. Байыркы грек тарыхчысы Геродоттун «Тарых» аттуу китебинде » сактар бир түрдүү узун калпак кийишет, бул калпактын төбөсү учтуу жана катуу болот. Жанына кыска шамшар байланыап жүрүшөт» — деп сүрөттөгөн. Кытайлардын «Жаңы Тан-Наама. Кыргыздар чежиресинде» кыргыздар төбөсү узун калпак кийип, белине шамшар байланып жүрүшөт» — деп жазылган.

3) Сактардын негизги ичимдиги кымыз болуп үйлөрүн күн чыгышка каратып тигип, үйлөрүн өздөрү менен кошо артып жүрүшкөн. Күнду ыйык тутуп, Күндү карап сыйынышкан. Чырпык кыйып антташып, касам ичишкен. Ак боз ат союп Теңирге жана ата бабалардын арбактарына арнап түлөө кылышкан.

Геродоттун сактардан жазып алган мифтери боюнча сактардын түпкү атасы Папай (Баба) менен дарыянын кызы Борисфенден (Днепр) Таргитай төрөлөт. Таргитайдын Липоксай, Арпоксай, Колаксай аттуу үч уулу болгон. Атасы өлгөндөн кийин үчөө өлкөнү бөлүштүрө албай чырлашат. Күндөрдүн биринде асмандан алтындан куюулган соко, ай, балта жана чөйчөк түшөт. Эң улуусу Липоксай байлыкты алганы барса алоолонгон от чыгып кетет. Ортончусу барганда да от чыгып кетет. Эң кичүүсү Колоксай барса от өчүп калат да. Колоксай байылыкты үйүнө алып кетет. Теңирдин эрки менен падышачылыкты Колоксайга беришет.

Липоксай сактардын «Афхат» — ыйыктар уруусунун түпкү атасы болуп Тоо хан деген наамы болгон. Липоксайдын тукумдары негизинен дин кызматкерлери болуп, ак түстү ыйык тутуп, ак кийим кийинишкен. А. Газивдин «На берегах Яксарта» деген тарыхий повести боюнча Липоксай Кетмен-Төбөдө бийлик кылганын эскерткенбиз. Повестте сактардын өткөргөн «Нооруз» салтанатында Каби деп аталган дин кызматкери башкаргандыгы жазылган. Саяктардын бир бутагы Кабадан таралат. «Кабаны кайып колдогон» дегенн аңыздын айтылышы ыйыктыктын белгисин билдирет. Каба деген уруу аталыштары каракалпактар-да жана Эне-Сайлык кыргыздарда кездешүүсү байыркы сак уруу аттары байланышы бар деген божомолду пайда кылат. (Абрамзон С.М. Киргизы… Ф. 1990. с.17, 304.)

Таргитайдын ортончу уулу Арпоксай «катиар жана траспий» урууларынын түпкү атасы болот. «Катиарлар жана траспийлер» — данбагарлар жана атбагарлар деген маанини түшүндүрөт. Арпоксай — «терендиктин ээси » же Деңиз хан деген наамы болгон. Эң кичүүсү Колоксай сактардын паралат уруусунун түпкү атасы болуп, Күн хан деген наамы болгон. Паралат уруусу сактардын кадыр-барктуулары болуп падышалар жана аскер башчылары чыккан. Паралаттар алоолонгон кызыл түстү символ катары алып жүрүшкөн. (БСЭ. Мифология. с.60 .293. 319 .531.)

Гректер аркылуу бизге жеткен сактардын уламыштарын-да кыргыздардын санжыра уламыштарынын негизи жатат. Азыркы кыргыз урууларынын аттары, дарыялардын жана өзөндөрдүн аттары менен же тескерисинче дарыялардын аттары уруулардын аттары менен айтылып калган. Липоксай, Арпоксай, Колоксай деген аттар алардан тараган уруулар жашаган дарыялардын аттары да болушу мүмкүн. Тентексай, Аксай, Түгөлсай, Энесай жана башка толуп жаткан аталыштар бар. Ошол сыяктуу Липоксай — Элпек-Сай, Арпоксай — Арпа-Сай, Колоксай — Күлүк-Сай деп окуса да болот. Саяк урууларынын аталышы да (кээ бир булактарда «сейцы» — сайлыктар же апсиаки деп жазылат, бул жерде об-суу деген фарсы сөзү бар. ) Ошондуктан «сай» аттуу зат атоочтон жана «ак — агуу» этиштен келип чыккан деген болжолду туура деп ойлойбуз. (Бернштам А.Н. с.483.) Байыркы сак уруулары көп эл болуп согуш талааларына тоолордон селдей агып киргендиктен — «селдей аккан саяктар» — деген сөз айтылып, дайыма журт которуп жүргөндүгүнө байланыштуу «сел саяк» деген сөздүн мааниси «тентиген» деген мааниге өтүп кеткен.

Кыргыз уруулары Орто Азиядан күн чыгышка жаңы көчүп барганда өздөрү жашаган дарыянын атын Эне-Сай деп атап алышкан. Жаңы-сай →Яны-сай→ Енисай→ Енисей деп өзгөрүлгөнүн Бартолbд белгилеген. Орто кылымда «дарыя — кимактардын кудайы», — деп айтылган. Кимактар кыргыздар менен этномаданий биримдикте болуп, кийин кыргыздарга сиңип кеткен. Эне-Сай аталышы да байыркы сактардын санжырасына байланыштуу өзгөрүлүп кеткен.

Сактардын уламышы XIII-XIV к.к. жазмага тушурулгон түрк элдеринин «Огуз нама» уламышы менен байланышы бар. Огуз хандын Күн-хан, Тоо хан, Деңиз хан деген балдары болгон. Огуз хан балдарына бийликти асмандан түшкөн алтын жаа жана күмуш жебе менен бөлүп берген. «Огуз» деген сөз байыркы түрк тилинде «дарыя», «өзөн», «сай» деген маанини берет. Жети-Өгүз, Коңур-Өгүз топонимери «огуз» сөзүнөн келип чыкан. Чыңгыз хандын чабуулунда көчүп келген Эне-Сайлык кыргыздар менен Теңир-Тоолук кыргыздар аралашып жаңы кыргыз этносу түзүлөт. Карахандар мамлекетин курамындагы уруулар- дын көпчүлүгү кыргыздарга сиңип кеткен.

Эне-Сайлык кыргыздардын жана Теңир Тоодогу сактар-дын көрүстөрүнөдөгү археологияллык табылгаларда азыркы кыргыздар колдонуп жүргөн эмгек куралдары, көркөмдүк жана азем буюмдарда окшоштуктар арбын кездешет. Сөөктөрдүн коюлушунда, мүрзөлөрдүн казылышында айрымачылыктар аз. Торкен суусунун жогорку жагында Кишен-Сай деген жерде айдоодон боз граниттен чегилген балбал табылган. Балбалдын жасалышы өтө эле жөнөкөй болгону менен бет түзүлүшүндө европеоиддердин антропологиялык белгилери даана көрүнүп турат. Ата-бабаларыбыздын баатырдык келбети менен сүрөттөлгөн. Бул балбал Торкен мектебинин музейинде сакталып турат. Бала-Чычкан дарыясынан чыккан арыкты тазалоодо табылган таш балбал кызгылтым гранитке чегилген. Балбал азыркы кыргыздардын кебетесине толугу менен дал келет. Археолог С.В.Киселев кыргыздар эң сонун скулbптор болгон деп жазат. Минусинскийден эки таш балбал табылган. Алардын биринде эркек адам чегилип оң колуна чөйчөк кармап, сол колун кылычтын сабына коюп турат деп сүрөтөлөт. Бул Бала-чычкан таш балбалы менен дал келет. Жасалышы Кишен-Сай балбалына караганда бир кыйла кечирээк чегилип, түрктөшүү процесси аяктаган мезгилдерде туура келет деп болжолдоого болот. Эне-Сайдагы жана Теңир-Тоодогу тарыхий эстеликтердин окшоштуктары эки аймакта жашаган этностордун тыгыз байланышта болгондугунун далили. Кетмен-Төбөдөн таш балбалдар Мокрыниндин макаласында сүрөттөрү менен берилген. (Кетмен-Тюбе. с.201.)

4.Тил илими жагынан алып караганда байыркы сак тили менен кыргыз тили тутумдаш болгон. Сактардын «төрө», «аскер», «падыша», «зер», «уз», «күн», «баба», «апа» сыяктуу сөздөр жазма даректерде кездешет. «Тиграхауда», «парадарыя», «тиядарыя «сыяктуу уруу аталыштары, тик калпак (узун калпак), дарыянын бияк өйүзү, тияк өйүзү деген сөздөрдөн куралган болушу мүнкүн. Бир тил экинчи бир тил менен айтылганда жана жазылганда сөзсүз өзгөрүүгө дуушар болот. Жогоркудагы сөздөр өзгөрүлгөн түрү менен бизге жетип турат. Байыркы сактар чыгыш фарсы тилинде сүйлөшкөн деп айтылып жүрөт. Азыркы кыргыз тилинде да, фарсы тилинде да бирдей колдонулган сөздөр, терминдер жана грамматикалык сөз айкалыштар абдан көп. «Чаркар», «чарбак», «пайдубал», «казан», «казал», «дастан» ж.б. толуп жаткан сөздөр фарсы тилинде да колдонулат. Сөздөдүн жасалышы боюнча: «кер», «кор» мүчөлөрү менен талапкер, камкор жоопкер,айлакер,мүнүшкөр сөздөрү түзүлгөн.»Поз», «бөз» мүчөлөрү менен өнөрпоз, ашпоз, бекерпоз ал эми «бей» аркылуу бейбак, бейкам, бейтааныш, бейчара ж.б. сөздөр түзүлүп кыргыз тилинде жана иран-тажик тилдеринде бирдей мааниде колдолулат. Жогорудагы пикирлерди корутундулаганда кыргыздардын ата теги болгон сактардын бөлүгү Аму-дарыя, Сыр-дарыя өзөндөрдүн аймагында жашап б.з.ч V-III кылымдарда перс аскерлеринин жана А.Македонскийдин кол салууларынан начарлай баштап бир бөлүгү Эдилден (Волгадан) Энесайга чейинки аймактарда тарап кеткен. Кыргыздар жаңы мекендеген жериндеги улуу дарыяны Жаңы-Сай, Яңы-Сай, Еңы-Сай деп атап алышкан. IХ кылымдарда «Улуу кыргыз мамлекетинин» негиздешкен. 2-бөлүгү Теңир Тоону мекендеп калган кыргыз уурулары байыркы ата бабасынын атын сактап Памир, Алай, Батыш Тенир Тоодо туруп калышкан. «Б.з.ч.1000-жылдан б.з.1000-жылдыгына чейин Кетмен-Төбөдө отурукташкан калктардын тарыхын жана маданиятын үйрөнүү, кыргыз элинин этногенезисинин жана айрым уруулардын калыптаныш проблемаларын чечүүдө чоң мааниси бар.»-деп Бернштам акылман бүтүм чыгарган.(Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Б. 1997. С. 236.)

Сак, усун, хунн жана түрк доорундагы уруулардын конфедерациясында азык, багыш, ичкилик, кушчу, саяк уруулары болгон. Бул уруулар I-V к.к Кыргызсандын жана ага чектеш жаткан аймактардагы көчмөн урууларды өздөрүнө сиңирип алышып, Теңир Тоолук кыргыздардын уюткусун түзүшкөн. Теңир Тоолук кыргыздар Саманийлер мамлектинин көмөн компанентин түзүп, саясий аренада жигердүү рол ойногон. Карахандар мамлекетинин курамында кыргызардын таасири дагы күчөгөн. “Жаныш, Байыш” дастанында кыргыз мамлектетинин баяндалышы, ислам идеяларынын терең кириши жана “Алпамыш”, Жусуп, Ахмед” дастандары менен тыгыз байланышта болушу кыргыздардын Орто Азия элдеринин тыгыз байланышта калыптангандыгын далилдейт. «Жаныш, Байыш» дастанын жаралышы доордо болгон.

«История Кыргызстана и кыргызов», 08.2015-ж.

Макала Абакир Калыбеков: Кыргыздардын келип чыгышы жана саяктардын санжырасы бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

“Куюн доор”

$
0
0

Белгилүү жаш акын-жазуучу Олжобай Шакирдин “Куюн доор” аталышындагы романы жакында жарык көрдү. Өзү Фейсбуктагы баракчасында билдиргендей, китептин үстүндө 2 жыл көшөрүп иштеген. Романда 19-20-кылымда ак падыша заманы менен большевиктик бийлик учурундагы кыргыздын жашоосу баяндалат.

Китепти алгысы келгендер 0554 773 356 номуруна чалыңыздар. “Китепти үйүңүзгө дейре жеткирип беришет”, деп билдирет автор.

Ылдыйда “Куюн доор” романынан үзүндүнү сунуштайбыз.

 

БАРЫМТА

Зынданда жаткан Каңдыбайдын ой чабыты, санаасы гана сабалап эркин болбосо, тулку бою туткунда. Көктө сызган куш менен көөдөндөн учкан ой-санаа эркин сабалайт… Ой-санаада канат болбогону менен, бирок ал канаттуу куштан да бийикке, алыска учат. Зынданда камалган адамдын ой-санаасын озуп, кайсы куш ылдам учмак? Кайсы куш ай-ааламды бир заматта чарк айланып келмек? Ой-санаадан буяма ылдам учкан куш бар бекен бу дүйнөдө? Болмогу кайдан. Кушту капаска түшүрсө болот, ой-санааны капаска камоого болобу? Болсо кана…

«Капаска көнгөн кушту бошотсо, кайра ал капасын сагынарын» эшиткен Каңдыбай, «Кулчулукка басынган пенде колу-бутундагы кишенден ажырагысы келбестигин» уккан Каңдыбай өзү минтип зынданга көнөбү акыры? Колу-бутундагы кишенге көнөбү? Көнбөстүн чарасын издейт күнүгө. Жону жалдуу жигит туткун болгусу жок. «Ата-бабамдын уркунда кул болгон эмес» – дейт көкүрөгүндөгү ариет.

Жыл ашуун колунда кишен, бутунда кишен. Санаасы менен кусасы – ата-энесинде, катын-баласында, азаттыкта, азоо турмушта.

«Башымды кунга сайып, алаарың не?» Мыскылдуу жылмаят Каңдыбай зынданда. «Же кул кылып сатам дейсиңби?» Жооп ордуна Сабитке тиш кычырайт. «Шашпа!.. – дейт эркиндикти самаган көөдөн бугу, – шашпа, зулум!» Колунда шылдыраган чынжырда көзү… «Аз күн калды эсебиңе! Бутум бошонсун…»

Жан-жагына кулак түрөт. Зынданды кайтарган нооча бойлуу дөлөңгүт тараптан шек-шоорат туюлбаса, темирге темирди жышыйт. Жалгыз эрмеги ушул. Күнү да, түнү да: «Кырк-кырк-кырк…шырк-шырк-шырк…» Бутундагы жышылган чынжырды күнүгө көз болжоого алат. Түндөсү айдын жарыгында шыкаалайт темирдин өгөөлөнгөн энин. Жырыларына аз калды анысы. А колундагы темир чынжырдын кишен деген эле аты бар. Колу эбак бошонгон. Өзүнөн башка киши билбейт аны, жан киши туйган жок. Коога салар күнгө аз калды. «Эсиңди эки кылбасам элеби?!» дегени ошол Сабитти.

«Капканга түшкөн карышкыр өз бутун өзү чайнап туткундан бошонот экен. Мен ошол бөрү баласынча жокмунбу?» – дейт дамамат. «Темирди темир жыртат» – дейт өзүнө кайрат берип. «Тамчы ташты көзөйт» – дейт аң-акылы. Кызыл ашыгынан кан сызылып, сөөгүнө дейре сыздаткан чынжырдын толгоосу оорутканына карабай эки бутун чиренип керет ансайын. Антпеске чарасы жок. Бош чынжырдан үн чыгат шылдырап. Кишенди шылдыратпас үчүн эки бутту катуу чиренип, колундагы кишен менен бутундагы кишенди өгөйт. Темир менен темирди кыят күнүгө. Өзүн өзү сөөктөн суу чыккыдай кыйнаган азап бул. Тулку боюнан кара тер куюлганча эки бутун болушунча чиренип, тиштенип атып өгөйт. Эки кулагы сакчыда, бирок акыркы күндөрү аны көрө элек. «Кайда анысы? Же митайым Сабит мени алыстан шыкаалатып койдубу сынамакка?» деген ойдон сактанган туткун шоорат тыңшап, кыраакы болуп бүттү.

Чынжыр өйүгөн бутундагы канжалаган жаратка улам сыз жердин топурагын оюп, канды байкаган киши болбосун үчүн кургак топуракты сызылган кандын үстүнөн жука себелейт. Кургак топурактын шору туздай ачыштырат жаратын, бирок буга чыдаса болот. Жан чыдайт буга. А зынданда кор тутулган жаны дагы канчага чыдамак? Тирүү жанга беденеден сөөккө дейре сыз өткөргөн зындандын жашоосуна чыдоого болобу? Кургак топурактын туздай ачыштырган кыйноосу кеп эмес ага. Кеп – кызарган кандын тагынан жан кишиге шек алдырбоо. Кызарган канды бирөө-жарым байкаган болсо, иштин бүткөнү. Мээнеттин баары, азаптын баары ойрон болор.

Куш уйку салат. Ойгонуп, короодогу малдын кепшегенине кулак түрөт. Ай туяктуу мал кишенебей, ача туяктуулар ныксыранып, тиштери кычырап кепшеп жаткан болсо, баары тынч экени маалым ага. Төөлөр жуушап жатса, демек, баары жым. Жети түндө бир гана Каңдыбай жалгыз абыгер. Колу талыганча, алакан оту ачышканча чынжырды өгөлөйт. «Шашылыш жок» – дейт күбүрөнүп… Колу жыртылып, жараты ырбады. Алакан оттон тамтык жок, туткун ага болбой темирге темирди сүрөт. «Кырк-кырк-кырк…шырк-шырк-шырк…»

Ары жок куш уйкусу кирпиктен тартат… Уйкусу жетелеп кетет.

Арыда кара казан боркулдап кайнап, бериде Сабиттин бейбаш баласы Токжан жүгүрүп ойноп жүрдү. Өзүнүн боюнан бийик өскөн чийлерди аралап, улам узуну-ун, узунун тандап үзалбай атты тырбалаңдап. Кудай жалгап узун чийлер үзүлбөдү. Болбосо кургак болчу чий. Аны тиктеп отурган Каңдыбайдын жаны жай ала түштү. Каңдыбайдын корккону – Токжандын колуна тийген узун кургак чий. Кургак чийдин учун кызарган чокко тутантып алган бейбаш баланын эрмеги – Каңдыбай күнүгө. Бала туткундагы колу-буту кишенделүү Каңдыбайдын денесине чок баскандын кыныгын алып алган. Кенедей бала чоң эле кишини учу кызарып күйгөн чий менен коркутканына корстон. Чоң эле кишини ипичке чийдин учу менен туйлатып, тыбырчылатканына маашырланат… Каткырат… Шылдыңдайт. Учу кызарган чий денесине тийип-тие электе ордунан секирген Каңдыбайды: «Менден жан сауға сұра» – дейт жашабагыр. Каңдыбай жансоога суранбай үңкүйгөнүнө ансайын жаны кашайып: «А-а!.. Жан сауға сұрағың келмесе міне, міне!» – деп, огоштонуп коломтодогу узун чыбыктын учуна чычаланы кыпчытып алып жакындатканычы. Узун чыбыкка кыпчытылган чычала от кээде чала-чарпыт тийип да кетет денеге. Каңдыбай ошондо да кишенден колу бошогонунун жигин билдирбейт.

Бала аны колундагы кызарган чоктун сүрү менен жалдыратып, жалбартып «жансоога» айттыра албай эси оойт күндө. Бири жансоога айттыра албай, бири жансоога суранбай, экөө бирдей өжөрлөнөт.

Узун чийлерди аралап кеткен Токжан бир убакта береги апасы соккон чийлердин жоондорун тандап, коломто жакка басканын көргөн Каңдыбай баланы колго түшүрүүгө камданды. Эки жакта жан киши көрүнбөйт. Чынжырдагы эки колу бош. Бала жакындап келди. Негедир зындан аңырайып ачык турат. Туткун тегерек-четке көз чаптырса, жан киши жок. Кара казанда боркулдап курут кайнап атат. Токжан адатындай чийдин учун үүлөп кызартты.

– Ал… енді жан сауға сұрайсың ба, жоқ па?!

– Ики… Жансоога, жансоога… – деген сөз оозунан чыгып кетти Каңдыбайдын. Баланы алдоо үчүн айтты муну. Азыр колго түшүрөт…

Муну уккан бала жакындай берген тушта Каңдыбай Токжанды шап шилиден алды. Экинчи колу менен баланы чычаңынан аткый кармап, боркулдап кайнаган кара казанды көздөй жулунду. Казандагы курут «бурк-бурк-бурк-бурк». Каңдыбай тыбырчылаган баланын башын буркулдап кайнаган курутка малды. Малганда да казандын түбүнө чейин ныгырды. Бейбаштын желкесинен мыжыга кармап алган экен каарданган туткун. Бала тыбырчылап, үн чыгарганга үлгүрбөдү.

Каңдыбай эч нерсе болбогондой кайра зындандын ичине келип отуруп калды. Бирок Токжан бир заматта пайда болуп, кыпкызыл чычала менен туткундун денесин куйкалаганын кайра баштады. «Ах-ак… ох-ох… Жансоога! Жансоога дедим го» деген Каңдыбай балага жалынды. Чок тийген денеси ысылап, онтой баштаган жерден чочуп ойгонду. Түшү экен…

Ойгонору менен буттарындагы чынжырдын толгоосунан кыйылып ачыштырган жараты ысып, сыздап ооруганы күчөдү. Алакан оту да чок кармап алгандай дүүлүгүп ысыганынан үүлөп-үүлөп тим болду. Азыр бутундагы кишенди өгөөлөй алаар эмес. Бүгүнчө жанын кыйнаган жок. Кайрадан куш уйку салганга аракет кылды, некин, денеси чок баскандай ысыган туткун көз ирмей албады. Отурду тирмейип…

Токжан башында Каңдыбайга жапакеч эле. Кээде колунда устаканы болобу, жаки курут, боорсогу болобу, жан кишиге көрсөтпөй туткундагы Каңдыбайга келип карматчу.

– Сені неге қамап қойған? – дечү баланын суроосуна эмне айтаарын билбей, сөздү башкага бурчу. Жооп ордуна Каңдыбайдын жомокторун эшитчү бала. Жомоктон башка да кызыктуу кептерди баяндап берген туткунга Токжан өзү да эртеден-кечке эрмек болчу мурда. Экөөнүн кобурашканы узун күндү кыскартканга жарачу.

Колу-буту кишенделүү бечараны аяган бала атасына барып жалдырачу кээде:

– Қаңдыбай аға жақсы кісі… Босатшы оны… – Баланын бул кебин Каңдыбайдын кулагы алыстан көп жолу эшитти.

Бала азыр кайдан антсин…

– Ех, ақылың болса осылай айтатын ба едің? Мұның туысқандары сенің бабаңды дәл осылай азаптаған, – деп зындандагы Каңдыбайды жулук аңдууга алган Сабиттин үнүн кулагы чалды бир күнү. – Бұған обал жоқ. Сені атаның баласы дейді. Атаның баласы қандай болуы керек?… Намысты болуы керек. Ата-бабаң үшін дұшпанға кешірім жасама онда. Каңдыбай саған дұшпан. Сенің оған жаның ашымасын…– деген Сабиттин үнүн эшиткен күндөн бери Токжан да Каңдыбайдын жомокторун укмак тургай, жалынып-жалбарган, эркелеткен кептерин уккусу жок.

– Сен менің дұшпанымсың! – дейт бала. – Сенің туысқандарың менің Бекеш бабама азап көрсеткен…

Тестиер баланын басташуусу ушинетип башталды. Басташуу сезими ойгонгондон бери ал Каңдыбайга чий учундагы чокту басып кек алганды – өз парзымды аткарып атам деп түшүнөт. «Сөйтсе, бабам Бекеш қырғыздардың қолында қорлық көрген екен да бір кезде. Қаңдыбай болса, қазақтың бас терісін киіп алған маңқа қырғыз екен ғой бір» – Атасы үйрөткөн баланын ою бул.

А Каңдыбай үчүн казак менен кыргыз чогуу көчүп, чогуу конгон эзелтен бир эл, бир журт. Өзүнүн киндик каны тамып, кири чайкалган жер – Иленин боюна жанашкан Күрөң-Бел эмеспи. Ага кыргыз да, казак да жат эмес.

«Кыргыз-казактын арасын ириткен Сабитке окшогон түркөйлөр болбосо, бул эки элдин ортодогу чатагы кайсы? Эки айылды эриктирбес, бир айылды бириктирбес Сабитке окшогондордун айынан бир атанын балдары ачакей бөлүнүп, эки эл болуп чыкты минтип. Эми да эртеңки күнү кыргыз менен казактын чабышып жатып калышына шынаа урган Сабит өңдүүлөр түбүнөн кимге душман?! Кимге тууган?! Шул итке окшогондордун сийдигинен тараган тукумдун айтканы бу болсо, биртууган эки элдин жолу бузулабы эртең да?! Айры жол менен кетеби эки эл?! Ата-бабанын ариет-намысын ойлосо, эртеңки эр жетер көчөт наристе – Токжандын пейил-куюн ууктурган сөздү үйрөтөбү арампөш Сабит?! О жүзүң кургур бейар! Ата-бабанын арбагы ургур! Ата-баба арбагына сендей эл бузар бадиректер душман!» – дейт казак менен кыргыздын айылы аралаш, кою короолош мезгилден бой керип, эр жеткен Каңдыбайдын ой-санаасы.

Канча күндү чубатты, канча опаасыз ойду чубатты туткундагы зыгыры кайнаган Каңдыбай? «Түбү бир элдин ортосуна жикти ким салды? Бир элди ким бөлдү экиге?! Бирине бирин ит арка душманга ким айлантты түпкү атасы бир элди?!» Жан эти желген туткундун жанын кыйнаган суроо бу… Күндөн күнгө бирин бири барымтага алып кун доолашканга жеткен казак-кыргыздан ырк кеткен заманды зынданда жатып сезген Каңдыбай өз тагдыры эмнеге чегерилерин болжой албай акылы айраң. Сабит аны акыры бир күн кул кылып сатабы алыска же кун доолап жатканыбы жакынкы кыргыздан?

«Кунумду күтүп жатабы? Жок… Кунумду күтсө башкача болмоктур… Биттин канын жалагыр Сабит менин соодамды табайын дегениби бу?.. Болбосо не… Болбосо не мынча тоюндурат мени? Дөлөңгүттөрү не мынча кайра-кайра тамакка шыкайт? Арык кулдун пулу берекесиз дегениби? Булар мени базар камын көрүп, семирте албай атышканыбы? А балким, жон терим калың болсун үчүн семиртели дешкениби?.. Семиздин териси бышык дешкениби? Теримди сыйрыганга кам көргөндөрү го бу? Жонуман бышык кайыш тилдиртмекке ушинетип атты бекен кеккор Сабит?» – деп жан бүлөп санааркайт кашына келген майлуу шорпону тиктеген туткун.

– Алдыңдағы тамағыңды қалдырмай же! – деген дөлөңгүт маңдайында зекип турду Каңдыбайды.

– Жедім ғой жаңа ғана.

– Қалғанын жеп тауыс.

Туткун ордунан козголбоду. Ал азыр дөлөңгүттүн как маңдайында чөгөлөп отурганы – «Ордуман козголсом, бутуман сызылган канды дөлөңгүттүн көзү чалып калат» дегени. Чөгөлөп отурбаска аргасы жок. Түнү ал бутундагы чынжырдан бошонгон. Туткундун азыр кызыл ашыгын кыйган чынжыр ордунан кылт этчү болсо шылдырайт. Тополоң-тоз башталып кетет анда эле! Айыл ичинде чуу көтөрүлөт! Сызылган кан токтой элек али. Чынжырды ал бүгүнкү үрүл таңга дейре акыркы мерте өгөөлөп жышып атып ишин бүтүргөн…

Жылуу сөз жыланды ийинге киргизерин билген Каңдыбай дөлөңгүткө жылымтык мамиле билдирди:

– Өркенің өссін, туысқан. Сенің қолыңнан берілген тамақты ішпей жүр ме едім. Ішемін… Маған у әкелсең де ішемін. Сорпа суын. Бір ұрттап тауысамын оны.

Дөлөңгүт үндөбөй артына бурулуп кетти…

Каңдыбайдын колу аяктагы шорпого шып сунулду. Ага азыр ысык шорпонун майы куп керек. Ысык шорпонун майын кан сызылган кызыл ашыгына шыбамагы калды. Жаратты ысык менен күйгүзбөстөн башка чара жок ага. Кан көп кетип калат антпесе. Мындайда каны сызылган жараттын көзүн кайырганга кийиз куурду ким карматмак ага?.. Каңдыбайга азыр оттун күлү табылса да жаман болбойт эле: жаратка жука жапканга. Колу кайдан жетмек ага?

Ысык шорпонун майы бутундагы жараны тызылдатып ачыштырганына карабай чымырканып шыбады. Бирде алайып айланага көз чаптырат, бирде тыз-тыз ооруган бутунун жараатына тиктеп, ичинен онтоп тиштенет. Ага эми бир гана сактык керек. Колу да, буту да кишенден бошонду. Качаар күндүн мөртү келелек. Жасанадан кутулар кезге аз калды!

Туткундун кулагы арбир шырп эткен дабышта, көзү арбир кылт эткен кыймылда. Күнү да, түнү да айланага кулак түргөнү майнапсыз кетпеди: айыл аралаган кептерден улам өзүнүн кача турган күнүн болжоп койгон. Чоң аш, чоң той болор күн эртең. Күнү кечээ күлүккө чабылаар аттар суутулду. Аш-тойго камынгандардын бүйүрүн кызыткан ал окуя – коңшу айылда былтыр токсон бешке чыгып көзү жумулган эл мыктыларынын биринин жылдык ашы. Чоң байгенин алды тогуздап берилер мал экени уу-дууга айланып кулактар кылынганы качан. Күлүк суутуп, куш таптагандардын көптөн күткөнүнө бир эле таңдын атышы калды…

Кудай жолун ачса, Каңдыбайдын кача турган күнүнө да бир гана таң бар. Туткундун көптөн күткөнү ушул болучу. Бул күн эбактан ай санап, күн санап белгиленген. Эркиндик үчүн ал жан этинин оорусуна карабады. Жарадар жырткычтан бетер аяна турганы калбады. Колу-буту кишенден бошонгон эми ага зындандын темир торунан бошонуу кеп бекен. Сакчынын коюлбай калганына болсо эбак көзү жеткен. Нооча бойлуу кароолду көрө элегине кыйла убакыт өттү…

Чучугун чагып жеп, далай сөөктү зындандын ичиндеги борпоң топурактардын астына камбылдык кылып жашырып койгон Каңдыбай. Эми ага ошол кашкайган сөөктөрдүн кереги тиер… Зындандын түбүндөгү кишинин тулку боюндай ташты оодарса – төрт тарабы кыбыла. Таштын түбүн кечээ түнү чучугу чагылган сөөктөрдүн уркуйган учу менен көөлөп койгон, копшосо калтылдап турат анысы…

Күн жебеси көтөрүлгөн маалдан аш-тойго элдин алды жөнөп калды. Аргымагын алчаңдатып көйрөңдөнгөн Сабит Каңдыбайды капарына кайдан илмек, ал эбак алдыга чаңызгытып чаап кеткен. Жел колтук жоро-жолдошторунун тобуна кошулуп, деле маанайы шаңдуу аттанды ашка. Эркек аттуунун көбү суюлуп, соңунан катын-калачтар аттанды жапырт. Тай, кунан минип бүгүнкү мелдештин түрүн койбой көрүүгө бүйүрү кызыган боз уландар кетти жол чаңытып. Айылда иттер калмакпы, айланадагы кымгуутту көрүп. Салпаңдап иттер жөнөдү туш-туштан ажылдап. Той-топур деген ушу эмеспи…

Каңдыбай карап турмакпы энди. Ага ат дүбүртү туш-туштан дүпүрөп турганы ыңгай: зындандын түбүндөгү таштын түбүн дагы тереңдетип көөлөөгө дүрбөгөн элдин көңүлү бурулбады ага. Туткун тойго шашкандардын арты суюлуп, айыл ичи тынчыган кезде да кулагын түрүп, айланага акмалап сак. Сабиттин үйүндөгү кобур-собур үн гана угулуп турду. Эркектин үнү жок угулган. Булар бээ сааганга калган Сабиттин салбыр токолу менен аталаш карындашы. Туткунга мындай ыңгай болбос экинчи.

Зындандын түбүндөгү кара таш Каңдыбайды кара терге салды. Бултуңдап копшолуп атат, томурулар эмес. Кара таш менен күн төбөгө келген чак түшкө чейин алышып, тырп этер алы калбады. Аркы учунда илмеги бар немедей кармалып турган кара таш айласын кетирди. Бул арада үйдөгү Сабиттин токолу эки ирет бээлерди сааганга үлгүрдү. А туткунду кара терге салган аракеттен кенедей майнап чыксачы! Каңдыбайдын кооптонуусу күчөдү. Кокус ушул бойдон кара жанды карч уруп чоң ташты ордунан козгой албаса, иштин бүткөнү.

«Крыс-крыс-крыс…» Колундагы бодо малдын кашка жилиги канча бырчаланды, канча үбөлөндү. А таш ордунан копшолгону менен бериге бир карыш да жыла элек. «Крыс-крыс-крыс…»

– Жер дүңкілдейді… Сыртта ненің даусы шығады… жеңге?

– Зындандағы қаңғыбастар да… Торыққандарынан жер сабап жатқан ғой…

Экөө сыртка чыгып карап койгондон эринди.

Муну уккан Каңдыбай эмне кылалмак?.. Ташты булкуп, өзүнө карай тарткандан башка аргасы калбады. Өзүнүн тулку боюндай таштын аркы учуна кол учу жетсе, таш бериге оодарылмак. Тек ага чейинки аралыкты казып жетсе кана! Кучагына сыйгыс ташты чиренип өзүнө тартып күч үрөгөн сайын энтиккен үнү басылсачы түгөт. Ыйынып-ычкынганычы… Кокус анын энтиккен үнүн бозүйдөгүлөрдүн кулагы эшитсе кантти?!

Адамга үн чыгарбай күч жумшагандан өткөн азап жок экен көрсө. Үнсүз жумшалган кара күч күч эмес тура… Жүрөгү түрсүлдөп согуп, жүрөк колтуктун алдынан чыгып кетчүдөй «дүк-дүк». Шорголоп тер кетти бойдон. Кара терге түшкөн куурагырдын оозу кургап, каны катты суусап.

Эки көзү – үйүрдөгү жылкыда улам. Зындандан бошонсо, желенин башында тынч жаткан айгыр өз ээсин тааныйт болду бекен же азоо неме чунаңдап ойт береби? Туткундун колу жетер бекен күлүктүн жалына?! «Эх, кайран карагер күлүк!» – дейт зынданда буулуккан ээси бүгүн бир күлүк жалына мингенди эңсеп… Күлүктүн жонундагы аркыраган шамалды самайт… «Бүгүн кантип чоң байгеге чабылбай калдың?» – дейт кайра. Кайра өзү айтат жоопту өзүнө: «Карагердей кашкөй күлүктүн тукуму – байгеден кымбат эмеспи».

Чоң үйүр жылкыга салынган карагер күлүктү баягында Сабит ачкөз Токтогул өз журтуна көчүп кетерде тартып алган мал…

Кошкурунган айгыр жакын жерде жатат. Карагер күлүгүнүн жалына колу жеткен күн болобу бүгүн же зындандагы шорлогон күнү менен шорлоп кала береби? Диңкеси сууп, денеси шалдырап барат улам. Ага болбой жабышты кара ташка. Азоо күлүктү көргөнгө дене бою чыйралды. Тулку боюндай ташка чапкенедей жармашты ансайын. Кычышкан жонун кашынган карагер күлүгүн кылчак-кылчак тиктеп, көөдөнү туйлады эркиндикти самаган. Карагер күлүктүн карааны дем-кубат бергендей: ташты кучагына ныгырып, кайра бир булкту. Эртеден берки күчү бекерге коробоптур, акыры таш козголду ордунан. Кара таш коңторулчудай калт-култ болуп калган экен.

– Өх-хү!.. Хү…хү…ү-ү… – деди кысылган демин кармана албай акыры.

– Жеңге-е… Жеңге деймін! Тұтқын!..

– А-йей… Халайық-халық!..Кімің барсың?! – Сабиттин салбар катыны айланага алдастап айгай салып калды.

Зындандын түбүндөгү чоң кара ташты күшүлдөп-бышылдап оодарып таштаган туткунду көргөн экөө далбастай түштү. Көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй тостойду. Зындандын түбүнөн сойлоп чыгып келаткан Каңдыбай аларга жырткыч аюудан бетер коркунуч жаратты. Колу-буту кишенден бошонгон туткун аттап-буттап кадам шилтегенин көргөн экөө бурч таппай чыңырды. Үндөрү ай-ааламга жетти.

– Қорықпаңдар, тимеймін… – деген туткундун кышылдаган, энтиккен үнүнөн эстерин жыйгыча, Каңдыбай шыр эле үйүр жылкыны көздөй басты.

Үйүрдүн арасындагы карагер айгыр ээсин үнүнөн тааныды. «Щык-щык-щ-чы… щы-чы-щы-щы…» Бул үндү ал канча болду эшите элегине?.. Таңдайын шыкылдаткан ээсин тааныган жаныбар жер чапчып кошкурунуп жиберди. Таноосу шаңырайып, Каңдыбайдын бет маңдайына келди түз эле. Ээсин жыттады ишенимдүү. Көкүлүн сылаган кишиден чоочуркабады эч. Бул экөө эбактан сырдана болуп бүткөн жаншериктер, жантуйгулар эле го…

Канча күз саргайды, канча көктөм жаз күкүктөдү… Ээси минтип кайдан-жайдан пайда болду ага. Издеген кишиси келди! Эми да кайрадан житип жок болбойбу?! Далай күз, кыш, жаз, жай өттү: аны азыркыдай көкүлүнөн сылаган, кулагынын түбүнөн кычуусун кандыра кашыган жан адам чыккан эмес. Ушул кумар, ушул ыракатка ал кулунчагынан бери көнүп калган. Аны бир гана киши ушинтип сылап, ушинтип кашып бергенди сагынбады беле… Кулагына жагымдуу угулган ушул «щык-щык-щ-чы… щы-чы-щы-щы…» деген үндү унутуп баратты эле го… Бул үнгө башка эчбир адамзааданын үнү да окшобогон…

Каңдыбай жал-куйругу төгүлгөн айгырды моюндан кучактап, кулагын кашыды. Көкүлүн тарады, көйүтө эркелетти: «Щык-щык-щ-чы… щы-чы-щы-щы…» Азоо айгыр жалт берип мөңкүп кетүүсүнөн чочулап, желенин башында ичмеги чубалып жаткан жаман ээр токумдү көздөй кадам таштады. Карагер да ээсинин артынан калбай ээрчиди. Демейде азоолугун карматкан айгыр ээсин көрүп жоошуй түштү. Колунда, бутунда кишен шылдыраган ээсинин артынан бир кадам артта калбай ээрчиди. Ээси эми мойнуна жүгөн салып, жонуна ээр токуп атканы – жаныбардын кусасын козгоду, канын туйлатты. Ал азыр ээсинин жагымдуу мээриминен ажырабас үчүн ээсин үстүнө кондуруп алып, атборойду айланып жүгүргөнгө даяр. Бул анын ээсине болгон сүйүнүчү да, сагынычы да…

Катын-калачтар чурулдап-чуулдап, айыл ичи дүрбөп калды бул чакта. Чуру-чууга улай: ээри бир капталына ооп калган, үстүндө чабандеси жок, тизгини сүйрөлгөн жылкы көрүндү алыстан. Сыягы, чабандеси кулап жыгылган ат-көлүктөй… Түрүнө караганда: күлүккө салынгандардын арасынан үркүп качкан азоо. Көп өтпөй үч-төрт атчан артынан салпактап кууду. Алдын тороп ат чапкандар да бар…

Жоон топ атчандын карааны калыңдаганын көргөн Каңдыбай шашып калды. Алкынган карагер күлүккө шап секирди ошондо. Топ атчандар атырылган карагердин артынан жетпей жоолук булгап жүгүргөн катын-калачтарды тиктеп, эмне болуп кеткенине түшүнбөй элейип катты бир саамга. Айылдын чуру-чуу түшкөнүн көргөндө гана бир балээни сезип, баары жапырт карагердин артынан сая түштү. Куугун туш-туштан каптады. Коңшу айылда ат жарышты тиктегендердин көзү адегенде чабандесин жыгып качкан азоо күлүктө эле, эми баарынын көзү артынан топ атчан кууган карегер күлүккө түштү.

Бул учурда топтун арасындагы Сабит карагер айгырды тааныбай коймокпу. Жүрөгү бир шойкомду сезди.

– Қуып жетіңдер! – Өзү да ээрге шап секирди.

Атына үстөккө-босток камчы салган Сабит карагердин үстүндөгү Каңдыбайды алыстан тааныды. Анда да ишенгиси келмекпи, дөлөңгүттөрүн демитти:

– Қарагерді мініп қашқан кім?!

– Кезбе қырғыз сияқты.

– Ө-өй, көзің алайып қалғыр-а, көзің ала­йып! Ұстап кел… қолыма сал! – Жаалы кайнаган Сабит дүрбөлөң түшкөн дөлөңгүттөрүнүн төбөсүнө камчы ойнотту бир-бирден. – Жалғыз қырғызды күзете алмадыңдар ма, төбеттер!

Артта ач кыйкырык, куу сүрөөн. Жабалактаган куугун саны арбыды. Бир ат чабым аралыктан эле карагер күлүктөн алка-шалка тер кетти. Каңдыбайдын кооптонгону – карагер суутулбаган күлүк. Үйүрдөгү айгырдын тери кайдан алынмак. Үйүрдөн жаңы ажыраган айгыр неменин азыр кадамы оор. А арттагы туягы жер жаңырткан аттардын дүбүртү жеңил угулду. Көп дүбүрттүн арасында бүгүнкү сүрмө топ жарышка тапталган бирди-жарым күлүк болсо кантти экен? Алар менен жону былкылдаган семиз айгырдын күчүн сыноого болбос… Куугун жакындай бергенден улам Каңдыбай чоң дарыяны беттеди. Антпесе, жону ачылбаган карагерди кыйнап алат. Жалгыз башта бир өлүм. «Душмандын колунан өлгөнчө, сөөгүмдү суу агызып кетсин» деген жангечти Каңдыбай Иле дарыясына жетип, ат тизгинин тартты. Тобокелдикке салып, күкүктөп аккан дайрага бой таштай турган болду. Аргымагын кыйбады. Жандай көргөн карагерин душманына калтырабы? Жок! «Карагер күлүгүмө ээлик кылууга Сабит татыктуу душман эмес» – дейт дилинде.

Куугун жакындап келди арттан. Каңдыбай карагердин оозун дарыянын белчирине салды атайы. Күрпүлдөп кирген дайранын кошулган жеринен суу жиреген карагерди тиктеп, жүрөктөрү опкоолжуду арттан жетип келгендердин. Алар да теминди качкындын артынан калбаска. Дарыянын күүсү үч-төрт атчанды томолонтуп-жумалантып алып кетти. Өлүмдүн сүрү кадалды баарынын көзүнө. Аккандар: «Карма! Карма!» дегендей кол булгалап жок болду заматта. Күкүктөгөн дайранын доошу адамдын жанын тургай, үнүн жула качып атпайбы түгөт…

Каңдыбайдын корккону – арттан жетип келген куугун. Куу сүрөөн салып жетип келгендердин корккону – алдыдагы күр-шар аккан дарыя. Жээкте көзүнөн заары чачыраган Сабит дөлөңгүттөрүн демитип кууп жүрөт, дарыяга киргизе албай. Киргендери ат-паты менен сууга агып, жээкке жеткендери сууга салган чычкандай шөлбүрөйт ар жерде.

«Айгырдын туягы оор» деген кеп чындык белем, карагердин тумшугу менен эки кулагы эле суудан чыкпаса, жону көрүнбөйт. Жангечти Каңдыбайдын эки колу тизгинде эмес, карагердин эки кулагында чап жабышып баратты. Кокус, карагердин кулагынан түтөктөп суу кирсе, жылкы баласы камгактай агып кетерин дадил билет ал. Ошону билип карагердин эки кулагын колунан чыгарбады.

Дарыяны ортолоп калган кезде, суунун шары карагерди да алдастатты. Тек, карагердин жан туюмуна ишенген Каңдыбай алдындагы атты өз эркине койгон үчүн Камбар атанын тукуму да тулку бойдун теңдемин сактап, улам алга суу жирей берди. Агер теминер болсо, карагер күлүгү сыйгаланган таштардын арасындагы төрт таканчыгынан эбак адашып, экөө бирдей күм-жам кетмек эле. Мындайда жан корчоонун жалгыз амалы – карагердин кулагынан суу кирбесе болгону. Арттан кууп жетип келгендер биринин артынан бири дарыя күүсү менен кошо агып кеткенине – жылкы баласынын мүнөзүн билбестик себеп болду.

Каңдыбай карагер айгыры менен жээкке чыкты акыры. Ызалуу куугундар Иле дарыясынын аркы жээгинде турду, берки жээкке муштум кесеп…

 

Макала “Куюн доор” бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Ааламдашуу жараяны жана Кыргыз-түрк цивилизациясы

$
0
0

Ааламдашуу феномени тууралуу маалыматтар коомчулук арасында 90-жылдардан кеңири таралганы белгилүү. Арийне, анын алгачкы жышаандары 50-жылдарда эле элдир-селдир сезиле баштаган.

 

Улуттук уңгунун тамыры

Жалпыга маалым, экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган соң, адамзат кайчылаш идеологияларды карманган эки башка жаатка бөлүнүп калды. Бири — Варшава келишими аркылуу баш кошкон коммунисттик блок, экинчиси –Түндүк Атлантика альянсына бириккен капиталисттик лагерь.

Экономикасы жеке менчикке негизделип, либералдык-демократиялык нарк-дөөлөттөрдү туу туткан ачык коом болгондуктан, тең укуктуулук принциптерин карманып, жаалы катуу жабык жамаатка айланган коммунисттик түзүлүшкө караганда капиталисттик жаат жашоого алда канча эптүү экенин иш жүзүндө далилдеди. Таң калыштуусу, коммунисттик режим марксизмдин негизги принциптерин этибарга албай, экономиканы саясатка баш ийдирип салды. Ал эми ачык коом болсо башынан эле өз саясатын ириде экономикалык процесстерди эске алуу менен жүргүздү. Натыйжада, эң оболу экономикалык мүдөө-кызыкчылыктардан улам көптөгөн өлкөлөрдү бирдиктүү укуктук мейкиндик, бирдей саясий башкаруу бийлиги, орток демократиялык нарк-дөөлөттөр аркылуу бир күчкө бириктирүүнү көздөгөн жаңыча европачыл либералдык-демократиялык долбоор (проект) иштелип чыкты.

Бул долбоорду иш жүзүнө ашыруу улуттук корпорацияларды улуттар аралык корпорацияларга айландырууга мүмкүндүк берди. Ал өз кезегинде ааламдык информациялык айдың түзүүнү талап этти. Мунун аркасында массалык коммуникациялар чөйрөсү болуп көрбөгөндөй дуулап өстү. Анын ичинде компьютердик Интернет тармагы келип чыкты. Ушул процесстерге кайдыгер карап, атүгүл кашая каршылык кылган коммунистчил Совет империясы акыры келип ааламдашуу жараянынын алгачкы курмандыгы болуп калды.

Эрегишкен эки социалдык-экономикалык жана саясий-идеологиялык түзүлүштөрдүн тарыхый таймашына таянган биполярдык система кыйраган соң, дүйнөлүк тарых авансценасында үстөмдүк эки тенденцияга өттү. Алар: глобалдашуу жана цивилизациялар ренессансы (кайра жаралуу) тенденциялары. Ошол эле учурда, бул тенденциялардын келечеги тууралуу кызуу талаш-тартыштар башталды. Дүйнөлүк илимий коомчулуктун көңүл борборунда кайчылаш эки көзкараш турат. Алардын биринчисин Америкалык тарыхчы Френсис Фукуяма сунуш кылды. Ал өзүнүн «Тарыхтын соңу» деген эмгегинде коммунизмдин кулашы менен бүткүл дүйнөдө жалгыз гана Батыш цивилизациясы өкүм сүрөрүн жана анын заман агымына жараша көөнөрбөс цивилизация экенин жар салды. Ал эми экинчи бир америкалык окумуштуу Сэмьюэль Хантингтондун илим дүйнөсүнө көп чуу салган «Цивилизациялар кагылышы» аттуу эмгегинде ага караманча каршы ой айтылат. Анын концепциясы боюнча, дүйнөдө көп түрлүү цивилизация болгон жана дагы боло бермекчи. Алар бири-биринен кескин айырмалангандыктан, ортолорунда сөзсүз келишпестиктер чыкпай койбойт.

Кыскасы, цивилизация проблематикасы илимий коомчулуктун да, саясий чөйрөлөрдүн да көңүл чордонунда турган өтө орчундуу көйгөй болуп калды. Цивилизация феноменин изилдөөдө ар кандай бири-бирин жокко чыгарган парадигмалар көп пайда болуп жатышы кокусунан эмес. Анын себеби, биринчиден, цивилизациялардын тагдыры кандай болорун алдын ала болжош абдан кыйын; ал көптөгөн белгисиз кырдаалдар менен коштолгон. Экинчиден, цивилизациялардын тагдыры – бүгүңкүсү жана эртеңкиси бүткүл адамзаттын тагдыры менен ажырагыс экени бештен белгилүү го.

Ал эми адамзаттын тагдыры бир эле өз ич арасындагы келишпестиктер эмес, тышкы ааламдык-табигаттык, илим тили менен айтканда, теологияң менен да, теософияң менен да, мистикаң менен да, эч кандай “измдериң”, диндериң менен да, астрофизикаң менен да, ноосфераң, жана башка азыркы мээң жеткен илим-билимиңдин, сфераларыңдын бири менен да иши жок мыйзам-ченемдердин негигизинде акыры келип таш-талкан болоору турган иш экени — аксиома да! Адамзат эмес, акыры түбү бизди жашатып аткан күн да өчөт; ааламдар кыйрап, кайра жарала берет. Бул – түбөлүктүн, казакча айтсак, маңгиликтин маңги заңы. Ага биз канчалык башыбызды маң кылып, төбөбүз менен жер казып, акылдуубуз деп бой көтөрбөйлү, эч арга табалбайбыз. Болоору акыры түбү болбой койбойт. Мындайлар миллион-миллион жылдар бою болуп келген, жана да боло берет, биз биринчиси же акыркысы эмеспиз.

Ошон үчүн адамзаттын жашоосу айбанат жамаатынын жашоосунан анча деле айырмаланбайт. Анткени, биз дагы ошол жамааттын бир бөлүгүбүз. Болгону, айбанаттан айрыкча акыл-эсибиз бар үчүн цивилизация, маданият, дин, технология жана башкаларды жаратып алып, ошонун пайдасын да, зыянын да өз тагдырыбызда ташпишин тартуудабыз.

Мындан глобалдашуу менен цивилизациялык өзгөчөлүк ортосунда тең салмакты кантип сактоо керек деген маселе XXI кылымдын чындап тагдыр чечер антиномиясына айланганы ачык көрүнүп калды окшойт. Албетте, ошол Апокалипсиске жеткенче. Анын алгылыктуу чечилиши тарых талабына жана мезгил чакырыгына татыктуу жооп болоруна азырынча үмүт этип, ишенип туралы. Арийне, мында эң ириде чыгармачыл ой-пикир орчундуу роль ойноого тийиш экендиги түшүнүктүү да. Азыркы учурда илимий коомчулуктун көңүлү ириде дүйнөлүк түзүлүштүн геосаясий аспектине көбүрөөк бурулган. Сөзсүз, бул кокусунан эмес. Биполярдык түзүлүш урары менен дүйнөлүк геосаясаттын күн тартибинде ал түзүлүштүн ордуна кандай түзүлүш келиши керек – бир полярдуу түзүлүшпү же көп полярдуу түзүлүшпү? -деген маселе пайда болду. Мында цивилизациялардын тагдыры жөнүндө түздөн-түз сөз жүрбөгөнү менен, көмүскө маңызында бу маселе такай жашырынып турганы баамга урунат. Иштин жөнү — дүйнөнүн тагдыры цивилизациялардын тагдырынан ажырагыс экенинде. Андыктан аларды бири биринен айрып карашка болбойт жана антүү түшүнгөн кишиге мүмкүн да эмес. Анткени, дүйнө көп кырлуу, көп түрлүү, көп сырдуу болгону үчүн ажайып кооз жана жарык-жаркын эмеспи!

Себеби — бардык цивилизацияларга мүнөздүү орток белгилер менен бирге, ар бир цивилизациянын кайталангыс өз өзгөчөлүктөрү бар экенинде. Болгондо да, бул көп түрдүүлүк, айтылуу футуролог Элвин Тофлер тастыктагандай, прогресске эч жолтоо болбойт, тетиринче, ал ошонун өзүнөн өсүп чыгат. Анын айрыкча баса белгилегени: «…биз «үчүнчү толкун» (бул термин менен информация доору аталууда — К. И.) экономикасына канчалык жакындаган сайын, маданият ошончолук орошон мааниге ээ боло баштайт. Мындан келип чыгар тыянак: бир дагы расалык же этностук маданият, бир дагы дин, бир дагы улут «үчүнчү толкун» экономикасы талап этүүчү мыкты жөндөм-сапаттарга толук жооп бербейт. Вест-инд, алжир, куба же корей маданияты болобу, айтор, «үчүнчү толкунга» ар бир маданият кылымдар бою калыптанган өз психологиясы, өз социалдык кулк-мүнөзү менен келет».

Андай болгон соң, демек, илим үчүн конкреттүү маданияттар менен цивилизациялар глобалдашуу доорунун өктөм жагдай-шарттарында кандайча өмүр сүрүп, кандай жолдор менен өнүгөрүн изилдөөдөн өткөн маанилүү маселе жок да. Аны үчүн эң оболу ар бир цивилизация менен маданияттын төркүн-төсүн, өз ээлери жана өзгөлөр үчүн эмнеси менен баалуу экенин, информациялык революция заманынын чакырыгына жана талабына жооп катары алар кайра жаралыш үчүн кандай өбөлгөлөр бар экенин терең териштирүү зарылдыгы турат.

Ошентсе да, цивилизацияларды сактап, кайра жаратуучу айныгыс шарт – бул ириде глобалдашууну гумандаштыруу экени талашсыз чындык десек туура болор. Ансыз экономикалык конкуренциянын жана убакыт өткөн сайын улам күч алып бараткан массалык маданият үстөмдүгүнүн үйөр селинде, дүйнө жүзүнүн ар кайсы бөлүктөрүндө, анын ичинде асыресе биздин кыргыз коомубузда айрыкча күргүштөп бараткан маргиналдашуу тенденциясы кайра жангыс түргө өтүп кетиши ыктымал экенине көңүл бурбасак болбой калды.

Ар бир конкреттүү цивилизациянын, айталы, түрк цивилизациясынын бүгүңкүсү жана келечеги туралуу сөз жүргөндө, биз анын кайрадан жаралып, бакубат жашоосуна омоктуу негиз түзүүчү сырткы да, ички да өбөлгөлөрдү такай көз алдыда тутууга тийишпиз. Эгерде түрк цивилизациясына тийиштүү болгон ички өбөлгөлөргө келсек, алар жалпы жонунан жаман эмес экенин белгилей алабыз. Биринчиден, түрк калктары өздөрүнүн көп кылымдык тарыхында көптөгөн социалдык көйгөйлөр менен алааматтарды баштан кечиришсе да, арийне, өз цивилизациялык иденттүүлүгүн жоготушкан жок, тескерисинче, аны колдорунан келишинче сактап келишти. Бул алардын генетикалык коду болуп калды десек да болот. Демек, анын сырттан болуучу терс таасирлерге каршы туруу кудурети (иммунитети) бар.

Экинчиден, Совет империясы тарых аренасынан кеткен соң келип чыккан геосаясий зор өзгөрүштөр бирдиктүү түрк цивилизациясынын өз кезинде бири биринен ажырап бөлүнүп калган бөлүктөрүн кайрадан бириктирүүгө жол ачты. Үчүнчүдөн, өз жашоосунун өзгөчө тарыхый шарттарынан улам, түрк цивилизациясынын өзгө цивилизациялык жаңылыктарды төл маданий дөөлөттөрүнүн элегинен өткөрүп, чыгармачылык менен өздөштүрүүгө жөндөмдүүлүгү. Ал эми түрк цивилизациясынын жашоо жана кайра жаралуу жагдайынын сырткы өбөлгөлөрүнө токтолсок, жогоруда айтылгандай, алар глобалдашууну гумандаштыруу менен түздөн-түз байланыштуу.

Аңдоо жана талдоо көрсөтүп тургандай, цивилизациялардын кайра жаралуу процесси, бир жагынан, цивилизациялардын кайтадан өз калыбына кайтуу процесси болсо, экинчи жагынан, бул процесс – алардын өзүн өзү жаңылап жаңыртуусу. Мустафа Кемаль Ататүрк паша жетектеген революциячыл өзгөрүштөрдүн жүрүшүндө Түрк Республикасында улуттук-цивилизациялык нарк-дөөлөттөр кайра жаралганы мунун айкын мисалы. Аны үчүн адегенде улуттук маданий — цивилизациялык кыртышты империялык калдыктан тазалашка туура келген. Натыйжада, теократиялык империя мамлекети улуттук жарык мамлекетке, империянын расмий осман тили улуттук түркү тилге орун бошоткон. Башка бардык позициялар боюнча да дал ушундай болгону белгилүү.

Бирок, бүгүнкү күндө Түркия жетекчилигинде да, а бизде болсо, өлкө башчыларыбыздын араб байларынын акчасын пайдаланабыз деген өз жеке кызыкчылык, популисттик же түркөйлүк-түшүнбөстүк айынан Сауд Арабиясы, Араб эмираттары, Мисир, Катар, ал эми алар менен бирге диний-экстремисттик таалим-тарбия жагынан Ооганстан, Пакистан, Сирия жана башка караңгы араб өлкөлөрүнүн таасирине кирип, ошолор өздөрүнүн кара май жана маңзат байлыгына таянып, ар кандай маңыздагы мечит-медреселер аркылуу биздин кийинки жаш муундарыбыздын башын айлантып, бузуп атканына кыргыз коомчулугу да, бийлиги да жетиштүү маани бербей турганы аябагандай кооптондурат. Албетте, бу жаатта анча-мынча иштер жүрүп аткансыйт, бирок жүүнү бош.

Түркиянын орто кылымдык түркөй коомго кайра кайтып кетпесинин түпкү кепили – Мустафа Кемаль Ататүрк паша өз кезинде көрөгөчтүк кылып, баш мыйзамына жаздырып койгон жол-жобосу. Ошон үчүн, качан ошондой аракеттер башталар замат аскер жамааты аларды Конституция боюнча төңкөрүш жасап, көңтөрүп таштайт. Азыр да Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын неоосманизм жана исламизм саясаты жакындан бери жаханга белгилүү болуп, ал атүгүл өз өлкөсүндө да көп колдоо таппай атат. Анткени, ушу заманда теократиялык Осман империясын кайра курам, даңазалуу Түрк доору кезиндегидей Сулейман султан болом деш – жумшагыраак айтканда, таң калуудан башканы жаратпайт!

 

Жусуп бабабыздын калтырган керээзи

А бирок адам макулук деген чексиз айбандык жана пенделик кумар-сезимдердин, ырахат-лаззаттардын кулу окшойт; анткени ал өлөрүн билет, бу дүйнө убактылуу, жалган экенин билет. Тиги өзүбүздү алдап, жооткотуш үчүн жаратып алган чын деген дүйнөбүз, ырасында жок экенин, аны эч ким көрүп келбегенин, ошонун баарысына караламан калкты ишендиргиси келип жүргөн кай бир молдокелериң андайга өздөрү да ишенбесин, ошон үчүн, карапайым жоош-момун калктын башын айландырып, а өздөрү болсо бу беш күндүк жарыкчылыктын ырахат-жыргалчылыктарын жанталашып көрүп жатышканын көпчүлүк эл-журтубуз эмдигиче түшүнбөй атканы ойлонтпой турган маселеби.

Айтор, Жусуп Баласагын бабабыз миң жыл мурун жазгандай, бизге дале болсо илим-билим жана адеп-акылак жетишпей жатат. Ал эми илим-билим, абийир-ариет жана ынсап-ыйман жетишпеген жерде эч кандай куттуу бийлик, мамлекет, дөөлөт болбой турганын Жусуп Баласагын бабабыз бизге осуят-керээз, орошон дастан кылып калтырып кеткени качан. Айтмакчы, мен ушул сайтта мурунураак жарык көргөн “Мусулман маданияты жана Жусуп Баласагындын руханий мурасы” деген макаламда “Кут адгу билиг”ди, биз бүгүн которуп жүргөндөй, кут алып келүүчү билим же кут билим эмес, “Куттуу бийлик билими” деп атоону сунуштадым. Анткени, дастанды кунт коюп окусаңыз, анда негизги маселе — билим эмес, бийлик экенин баамдайсыз. Ошон үчүн, ал китеп алды менен ошо өз кезиндеги өкүмдарларга арналып, ошолорго тартууланып, ошонун аркасы менен автор өзү да Хас Хажиб даража-мартаба мансабына ээ болуп, Карахан өкүмдарына кызмат кылганы окумалдарга маалым да. Жусуп Баласагын дастанынын мазмун-маңызында, түшүнүп окуган кишинин кулагына бийлик куттуу болуш үчүн өкүмдар бийлер да жана караламан букаралар да билимдүү-ыймандуу болушу керек деген идея коңгуроодой кагылып, добулбастай жаңырып жар салынып турганы жалганбы?! Ошондон улам, мен “Кут адгу билиг”, буга чейин которулуп жүргөндөй, “Кут аттуу билим” эмес, “Кут аттуу бийлик” деп таржымаланса туура болор деген ойго келдим. Менин оюмча, миң жыл муруңку “билиг” сөзү “билим” эмес, “бийлик” дегенди туюндурса керек. Мен өз интуициям менен, эмнегедир, ушундайча сезип-туйдум.

Жогоруда айтылгандарды улап, суроо салсак: “А бизде ошондой опурталдыктардан кепилдик барбы?” Жок да! Экспарламент спикерибиз баш болуп, калгандарыбыз төш болуп, борбор аянтыбызда он миңдеген элди чогулутуп алып, намаз-дуба өткөрүп атканыбыз менен биз, керек болсо, ислам мамлекеттеринин өзүнөн да өтүп кеттик го. Ошо ислам келип чыккан Арабстандын өзүндө да мындайга жол берилбейт. Ал өз эреже-жобосу менен ар кандай чакан жамааттарда, атайын жайларда, сыйынуу-мунажат этүү учурларында гана болот.

Анан биз эртеңибизди ойлобой, кайда баратабыз? Бийлик башына качан болсо жалаң билими тайкы шылуун байларды, популисттерди шайлап алабыз. Алар өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн динди да, башканы да, айтор баарын колдонушат. Намаз окушат, ажы болушат. Айтор, кара таман элди куп гана пайдаланышат. Бирок, биздин даанышман элдин эртегиден келаткан акыл-накыл кептери бар: “Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” деген. Себеби, элибиз өз турмушунда андай шумпайлардын далай жоруктарын көргөн. Ошондон улам, ушундай ибарат-накыл сөздөр калган.

Азыркы учурда Орто Азия менен Кавказдын жаш түрк республикалары да цивилизациялык кайра жаралуу жаатында дал ушу сыяктуу процесстерди баштан өткөрүшүүдө. Ар кандай өзөктүү өзгөрүштөр өңдүү, бул процесстер алардын өзүн өзү аңдап таанышы жагынан да, глобалдашуу деп аталган дүйнөлүк процессте өз ордун аныктап табышы боюнча да чымырканган изденүү кырдаалында өтүүдө. Өзүн өзү издөө процесси, негизинен, эки себептен улам татаалдашууда. Эң оболу, буерде улуттук цивилизациялык нарк-дөөлөттөр Совет мезгилинде терең илдетке чалдыкканын эске алуу керек. Анткени, коммунистик доктрина аларды бир бүтүндүн бөлүктөрү катары эмес, бири бирине кайнаса каны кошулбаган ар кыл элементтердин конгломераты шекилинде караган. Ошондуктан, коммунистик идеологиянын тар алкагына сыйбаган улуттук нарк-дөөлөттөрдүн баардыгы аёосуз басмырланган. Эң башкысы, керексиз экенине байланыштуу, улуттук цивилизациялык нарк-дөөлөттөр жакын арада жоюлууга тийиш болгон. Себеби, социалистик курулуштун жүрүшүндө империядагы бүт калайык-калктар өз цивилизациялык өзгөчөлүгүн жоготуп, жаңы тарыхый жалпылыкка – совет элине айланды деп эсептелген.

 

Эгемендиктин эмки милдети

Ошонун айынан, жаңыдан мамлекеттик көзкарандысыздык алган түрк республикаларынын элдерине өзүн өзү, өз цивилизациялык өзгөчөлүгүн кайтадан ачууга туура келди. Ачканда да, өткөндү кайталаш үчүн эмес, азыркы учур жана келечек үчүн. А бул болсо, калайык-калктардын көп кылымдык тарыхында топтолгон, улуттук нарк-дөөлөттөр казынасында сакталган нерселерге мезгил шартына ылайык сын көз менен мамиле этүүнү талап кылат. Бирок, тилекке каршы, иш жүзүндө, бул дайыма эле ойдогудай боло бербейт экен. Кээде биз эбак эскирип, алга жылышыбызга жолтоо болгон кунарсыз нарк-дөөлөттөрдүн туткунунда калуудабыз. Өзүн өзү, цивилизациялык өзгөчөлүгүн издөө процесси мезгил, анын туу белгиси – глобалдашуу тутумунда жүргөндө гана жемиштүү болушу мүмкүн. Бүгүнкү реалийлер көрсөтүп тургандай, глобалдашуу феномени аябагандай татаал да, карама-каршылыктуу да кубулуш. Анда жараткыч да, кыйраткыч да дүрмөт бар.

Бу жерде баарыдан мурда глобалдашуу тарыхта биринчи ирет бүткүл адамзатты бир бүтүн нерсе катары бириктиргенин эске алуу зарыл. Анын деми азыркы убакта планетанын бүт булуң-бурчунда кадимкидей сезилип турат. Демек, башка цивилизациялар сыяктуу эле, түрк цивилизациясынын да бүгүңкүсү жана келечеги кандай болору глобалдашуунун позитивдүү жактарын ал канчалык деңгээлде чыгармачылык менен жүзөгө ашыра аларына көз каранды. Мунда биринчи кезекте демократия нарк-дөөлөттөрү жана рынок жол-жоболору тууралуу сөз жүрүүдө.

Глобалдашуунун экинчи бир талашсыз оң жагы – бул, албетте, информация технологиялары. Ошол эле учурда, эгерде алдын ала таасирдүү сактык жана коргоо чараларын көрбөсө, цивилизациялык нарк-дөөлөттөр глобалдашуунун кубаттуу толкундары астында күм-жам болуп көмүлүп калуу коркунучу да жок эмес. Ушуга байланыштуу, улуу ойчул Махатма Гандинин төмөнкүдөй эскертүүсү азыркы учурда эң актуалдуу: «Мен өз үйүмдүн туш тарабы коргон менен курчалып, айнек-терезелери жылчыксыз тумчуланып турушун таптакыр каалабайм,– дейт ал. Мен үйүмдү ар кандай калктардын маданияттары мүмкүн болушунча тоскоолсуз желдетип, сергитип турса деп тилейм. Бирок алардын биринин да эпкини менин маданиятымдын тамырын жулуп кетишине мен эч качан жол бере албайм».

Бардык тирүү организмдер, алардын катарында цивилизациялар дагы мезгил элегинен, тарых чыпкасынан өтүшөт. Маалым болгондой, качандыр бир убактарда дүңгүрөп турушкан далай цивилизациялар кезинде жүрө-жүрө тарых аренасынан жоголуп кетишкен. Азыр алардын тарых сыноосунан өткөн анча-мынчалары гана аман-эсен өмүр сүрүшүүдө. Жашоого жөндөмдүү ошондой цивилизациялардын катарында Кыргыз-түрк цивилизациясы да бар. Глобалдашуу доору башталганы, башка тирүү цивилизациялар сыяктуу эле, ал дагы тарыхтын жаңы чакырык-талабына кез келди. Эми Кыргыз-түрк цивилизациясынын келечеги мына ушул даркүмөн дүмөккө кандайча жооп беришине жараша болмокчу.

Айтылуу аалым Л. Н. Гумилёвдун пассионардык теориясына таянсак, биздей карыган-арыган эзелки элдин “алтын доору” эбак өтүп кеткендей туюлат. Бирок турмуш деген, жашоо деген, тагдыр деген, болмуш деген, барлык деген дайым эле теория боюнча боло бербейт деген үмүт-ишеничти арка тутуп, алдыда биздин деле келечегибиз, кайра гүлдөө доорубуз бардыр деп дуба кылалы да, а бирок, эң негизгиси – өзүбүз өжөрлөнүп, өлүп-талып, тынбай тырышып, өлбөс-өчпөстүн аракетин өчөштүк, көктүк менен көжөлө жасайлы; ансыз берекет болбосун эч убакта унутпайлы.

Тарыхтын татаал кезеңдеринде качан, кайда болбосун, калайык-калктар: биз кимбиз, кайсы түп тектен келип чыкканбыз, өз улуттук жана цивилизациялык өзөгүбүздү сакташ үчүн кандай нарк-дөөлөттөрдү туу тутуп, көбөйтүүгө тийишпиз, деген көлдөлөң суроолорго сөзсүз туш келбей койгон эмес. Атактуу Чыңгыз Айтматов кезинде бу көйгөйдү айкүрүнөн коюп, маңкурттан: «Кимдин уулусуң? Атың ким? Атыңды эсте?! — деп кан какшаганы бекеринен эмес да!.. Бул шарт Борбор Азия менен Кавказдын түрк тилдүү жаш республикаларына да толук тиешелүү экени шексиз.

Ааламдашуу доорунда асыресе рухий-маданий иденттүүлүк маселеси айрыкча курч мүнөзгө ээ боло баштады. Бүгүнкү тарыхый жагдай-шарт замандын айныгыс парадигмасы катары ириде дал ушул глобалдашуу процессин жана ага жооп иретинде, цивилизациялык иденттүүлүк феноменин биринчи планга чыгарууда. XXI кылым башындагы социалдык жашоо-турмуштун негизги мазмун-маңызы, баарыдан мурда, мына ушул эки тенденциянын кайчылаш биримдиги аркылуу айкындалууда.

Жалпыбызга маалым, түрк калктарынын мамлекет түптөө салты карт тарыхтын терең түпкүрлөрүнөн башталат. Тээ эзелки гундардын заманынан бери карай биздин даңктуу ата-бабаларыбыз тарыхта эчен бир улуу дөөлөттөрдү курап, мелмилдеген Евразия мейкининде олуттуу геосаясый роль ойноп келишкен. Азыркы түрк урпактарына арбактуу ата-бабаларыбыздын ошол даңазалуу жолун андан ары улап, глобалдык цивилизация дүйнөсүнөн бекем орун алуу жана тарыхтын жаңы талаптары менен чакырыктарына татыктуу жооп берүү милдети тагылган.

Эзелде эле жаамы түрк дүйнөсүнүн түпкү алтын бешиги жана айтылуу Махмуд Барскани (Кашгари) менен Жусуп Баласагындын Ата Мекени болгон касиеттүү Кыргызстан дээрлик он кылымдан кийин, үчүнчү миң жылдыктын башында байыркы түрк цивилизациясынын уюткулуу бир очогу катары кайрадан жаралып жатканы жакшы жышаан. Сөз жок, көз карандысыздык келген алгачкы кездерде, биринчи кезекте, улуттук нарк-дөөлөттөргө көбүрөөк көңүл бурулду, башкача айтканда, биз өзүбүздүн улуттук-этностук башат-тамырларыбызга өзгөчө басым жасадык. Улуттук тарыхыбызга канчалык терең үңүлгөн сайын, өзүбүздүн жаамы түрк дүйнөсү менен болгон өзөктөш биримдигибизге, ошол биримдиктин эзелки башаты, кан ордосу экенибизге ошончолук көзүбүз жетип ынандык.

 

Тойлордон кийинки ойлор

Мына ушул жагынан алып караганда, биздин тарыхый өтмүшүбүзгө тийиштүү «Манас» дастанынын 1000 жылдыгы, Ош шаарынын 3000 жылдыгы, жана ошондой эле, Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгы сыяктуу даңктуу даталарга арналган илимий-практикалык иш-чаралардын мааниси өтө зор болду. Аталган иш-чаралардын алкагында масштабдуу илимий изилдөөлөр жүзөгө ашырылып, алар Ата-Журтубуздун, дегеле бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн тарыхын таанып билүү жагынан биздин билим-маалыматыбызды бир кыйла кеңейтүүгө мүмкүндүк берди. Бир сөз менен айтканда, тарыхты терең үңүлүп үйрөнүү улуттук рухубуз менен маданиятыбызды азыктандыруучу тээ түпкүрдөгү бүткүл түрк этностору үчүн бирдей мүнөздүү болгон өзөк тамырларды табууга өбөлгө түздү. Ошондон улам, учурдагы глобалдашуу шартында улуттук нарк-дөөлөттөрүбүздү, улут катары өзүбүздү өзүбүз тек жалпы түрк цивилизациясынын негизинде гана сактап каларыбыз барган сайын калетсиз тастыкталууда.

Ушуга байланыштуу, А. Ж. Тойнбинин төмөнкү сөздөрү эрксизден эске түшөт: «Ар бир учурда биз жалкы бөлүктүн эмес, бүкүлү бүтүндүн терминдери менен ой жүгүртүп, повесттин главаларын жамааттын айрым мүчөсүнүн эмес, бүткүл коомдун окуялары катары аңдоого, анын өкүлдөрүнүн тагдырына – ар бирине өз-өзүнчө эмес, жалпы агымда көз салып,- аларды гармониянын туташ угумунда гана маани-маңызга ээ боло алган, а качан өз-өзүнчө жаңырган ноталардын жыйындысына айланар замат, ал касиетинен айрылып кала турган бирдиктүү бир бүтүн хордун аваздары сыңары кабылдоого тийишпиз».

Биздин оюбузча, борборазиялык түрк тилдүү мамлекеттер ортосунда интеграция процесстерин мындан ары күч алдырууда дал ушуга окшогон орток тарыхый нарк-дөөлөттөр рухий өбөлгө катары кызмат өтөшү кажет. Айтмакчы, биз бу жагынан Батыш Европа цивилизациясы менен маданиятынын омоктуу фундаментине таянган Европа шериктештигинен үлгү алуубуз абзел. Ошондуктан, азыркы глобалдашуу процесстеринин контекстинде түрк цивилизациясы проблематикасын иликтөө жалаң илимий-теориялык гана эмес, ошондой эле, Евразияда орток экономикалык жана маданий-гуманитардык мейкин түзүү үчүн орчундуу практикалык мааниге да ээ.

 

Күн чубагы

Ушу тапта Батыш да, Чыгыш да ориенталистеринин ар тараптуу изилдөөлөрү аркасында Кытай, Индия, Эллада, Византия жана Араб-мусулман цивилизациялары менен карым-катнашта Борбор Азия кыйырларында түрк цивилизациясынын түпкү негиздери кандайча калыптанганы, башкача айтканда, ошол доордун жалпы орою аныкталып такталды. Түркология жаатындагы аттуу-баштуу аалымдардын тыянагы боюнча, түрк цивилизациясынын түпкүлүктүү архетиптеринин түзүлүшү мезгили жагынан Борбор Азиянын тарых айдыңында Түрк каганаты пайда болгон кезеңге туш келет. Түрк каганаты азуусун айга кайрап, каруу күчү толуп-ташып турган кезинде Чыгышта Корея, Түштүктө Кытай, Индия, Иран, ал эми Батышта Византия жана Чыгыш Европа менен чектешип турганы маалым. Жалпы түрк цивилизациясы менен маданиятынын Борбор Азияда андан ары телчигип, өсүп-өөрчүү этаптары Уйгур, Кыргыз, Түргөш, Карахандар каганаттарынын, Жеке Моңгол Улус жана Тимуридтер сулалесинин тарыхы менен ажырагыс байланыштуу.

Жогоруда эскерилген байыркы түрк мамлекеттеринин түрк цивилизациясын тикелөөдөгү олуттуу ролу бу күндө эч талашсыз. Каганат ордосунда ойдогудай табылып өкүм сүргөн энчи-кезек бийлик системасы өз мезгилинин эң эффективдүү аскерий-башкаруу системасы болгон. Анын шарапаты аркасында мамлекеттин ички коопсуздугу гана камсыз этилбестен, ошондой эле, жаңы аймактарды басып алып өздөштүрүү иштери да ийгиликтүү жүзөгө ашырылган. Түптүү мамлекет түзүлүшүнүн келип чыгышы, өз кезегинде, түрк цивилизациясын кураган башка өбөлгөлөрдүн өсүп жетилишине кубаттуу түрткү берген. Алар: рун жазуусуна негизделген орток адабий тил, өсүп-өнүккөн отуруктуу дыйканчылык, дөөлөттүк бийлик жүргүзүү институту, кол өнөрчүлүк жана соода-сатык борборлорун гүлдөткөн шаар маданияты, бүткүл түрк орток рухий маданиятын түптөгөн бирдиктүү мифологиялык дин ишеними– теңирчилик болгону белгилүү.

Ошентип, түрк элдери өз тарыхынын эргиген учурларында жаңыча түрдөгү кубаттуу аскерий-саясый институт гана түзбөстөн, аны менен биргеликте Кытай, Индия, Иран жана Византия цивилизацияларынын эң мыкты жетишкендиктерин өнө боюна сиңирген кайталаңгыс төл цивилизациясын да тикелешкен. Чыгыштагы Тынч океандан Батыштагы Адриатика деңизине чейиңки чексиз мейкинди мекендеген бүткүл түрк тайпа-журттары үчүн кийин бул оригиналдуу цивилизация алардын маданий-руханий кимдигин аныктоочу өзөктүү фактор болуп калган. Эгерде табигат менен коомдун өсүп-өөрчүшүнө ириде универсал эволюциячыл көзкараш менен серп салсак, анда азыркы ар түрлүү маданияттар жана цивилизациялар түпкүлүгү бир тамырдан өнүп чыккан деген ойго кошулабыз. Ошол эле учурда, арийне маданият дегенди цивилизациялык процесстердин түпкү негизиндеги өзөктүү маңыз, социалдык-тарыхый өнүгүүнүн духун жана багытын аныктоочу башкы рухий кудурет катары түшүнүү кажет. Ал эми бул өнүгүүнүн вектору, адамзаттын көп кылымдык тарыхый тажрыйбасы тастыктап тургандай, абал замандан эле ар кыл доор, континенттер менен калайык-калк маданияттарынын бири бирин байыткан жемиштүү карым-катнашына багытталган. Анын бир мисалы – соода-экономикалык кызматташтык кыйырларын кеңейтип, Чыгыш менен Батыштын рухий биримдигин бекемдеп, товар-мүлктөр, илим-билимдер, маданий дөөлөттөр мелмилдеген Евразия мейкиндери аркылуу тынымсыз аркы-терки агылып турган -Улуу Жибек жолу мезгили.

Белгилей кетүүчү нерсе, түрк цивилизациясынын үлүшүнө дүйнөнүн ошол эки уюлу ортосунда көпүрө болуу тарыхый миссиясы туш келген. Улуу Жибек жолу аталган дал ушул айтылуу көпүрө адамзат тарыхынын бурулуш бир учуру болгон. Ал пайда болгонго чейин Орто жер деңизи (Ак деңиз) цивилизациясы менен Ыраакы Чыгыш маданияты бири биринен обочо, өз-өзүнчө өнүгүп келишкен. Ошону менен, адеп тороло баштаган кезинен эле, түрк цивилизациясы континенттер аралык алака-катнаштардын оожалып өсүшүнө күчтүү түрткү берген. Натыйжада, цивилизациялардын өз ара диалогу үчүн омоктуу негиз түзүлгөн. Ал азыркы учурда каршы-терши кыймыл өкүм сүргөн кан жол статусуна ээ болуп, анда Батыш менен Чыгыш арасында күкүктөп кирген өзөн-суудай күүлдөп, информация дайрасы агылууда.

XXI кылым адамзат тарыхында ар кыл локалдык цивилизациялардын өз ара атаандашуу жана жарышуу доору болот. Ал атаандаш жарышта ким дүйнөлүк интеллектуалдык-технологиялык процесстен артта калбай, алдыга озуу менен өсүп-өнүгө алса гана — жалпы адамзат цивилизациясынан өз ордун табалат. Ал үчүн ар бир жекече цивилизация адегенде өзүн-өзү жетиштүү деңгээлде аңдап ачып, маданий-рухий көрөңгөсүн калган дүйнөгө көрсөтө билиши керек. Адам жашоосунун түпкү маани-маңызына жана келечек максатына карата болгон мындайча көзкараш акыркы убактарда көп айтылып жүргөн «цивилизациялар кагылышы» концепциясы менен «тарыхтын тамам болушу» идеологиясын караманча четке кагары өзүнөн өзү түшүнүктүү.

Калык Ибраимов, философ, “Азаттык”, 12.06.2016-ж.

Макала Ааламдашуу жараяны жана Кыргыз-түрк цивилизациясы бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


8-июлда кымыз майрамы өтөт

$
0
0

2016-жылдын 8-июлунда «ДАСМИЯ» этнокомплексинде саат 10.00дөн 20.00гө чейин Кымыз майрамы өтөт. Каалоочулардын баардыгына эшик ачык.

Уюштуруучу: «Кыргыз ынтымагы» уюму.

Байланышуу үчүн телефондор: 0770 28-60-19; 0706 28-60-19; 0550 15-31-58.

Макала 8-июлда кымыз майрамы өтөт бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Жыргалбектин жаңы ырларынан жана котормолорунан

$
0
0

ДҮЙНӨ

Түптүүсүң, түпкүрүнө кайта албаган.
Түрдүүсүң, тилим жетип айта албаган.
Кем дүйнө, кечигүүмдү кечирбеген,
Кең дүйнө, барым-жогум байкалбаган.

Башымдан айлар учса, жылдар конуп,
Баратам, эл катары жылган болуп.
Келечек — кечээкимден бөлөк карап,
Кетишим — келгенимден ылдам болуп…

Жарыксың, жалпысына кеч кирбеген.
Жаңысың, жашоом бүтсө эскирбеген.
Улуусуң! Ушунчалык терең туруп
Ууртамга бир өмүрүм жеткирбеген.

Чыйырың карап жүрүп көзүм талаар.
Чындыгың акырында өзүмдү алаар.
Ак калпак аталардан мурас болгон,
“Атаңдын көрү…” деген сөзүм калаар.

Кымбатсың, өз кезинде байкалбаган.
Кылдатсың, кыл үстүндө чайпалбаган.
Тигилип тойбой келем, көркөмүңө
Тирүүлөр тилин безеп айта албаган.
(25/05/16)

 

Расул Гамзатовдон

* * *

Ишенбеймин кереметке, кайыпка,
Бирок мейли, ажал мени арбасын.
Алып кетип өзү жүргөн жайыкка,
Ашып кетсе бир-эки жыл кармасын.

Ал тараптан келсем, менден айрылып
Калган дүйнө кандай болот? Көрөөрмүн.
Кайгырганың билсем — сага кайрылып,
Кайгырбасаң — кайра тартып жөнөөрмүн.

 
* * *

Өмүрүмдө көп байкадым, баарысы
Өз жолунан тетиринче түшкөнүн:
Жайкы ысыкта сууга талаа зарыгып,
Жамгыр төксө күн шооласын күткөнүн.

Мезгилинде келбейт, келчү нерселер,
Мээнет, мээрим чукул кирет башталып.
Мен да сенин келээриңди күтпөгөм,
Ошол күнү турмушума баш багып.

Баарысы анан башка жакка өзгөрдү,
Жашаганым, ырдаганым, ойлорум.
Жыйырма жылдай карап жүрөм, ишенбей,
Жашоо баарын дал ушинтип койгонун.

Тагдыр кээде такмазалайт көп ирет.
Менчи? Менин багым тоодой көрүнөт.

 

* * *

Беш мүнөттүк көрөөр күнү калса да
Тирүү жандар пендечилик кылышат.
Кылымдардан өлбөй жашап өтчүдөй
Күйпөлөктөп, жанталашып турушат.

Кылым көргөн тоолор болсо, алыстан
Кымгуут түшкөн элди карап ар кандай
Бир солк этпей, үнсүз турат, муңайым
Беш мүнөттүк жашоосу эле калгандай.

 
ТУРНАЛАР

Кээде мага, кайран аскер жигиттер
Кала берген, кан майдандан кайтпастан
Турна болуп кетишкендей туюлат,
Турпагына кара жердин жатпастан.

Унут калган ошол күндөн, бул күнгө
Учат алар, бизди көрсө үн салып.
А болбосо, арман толгон көз менен
Асман бетин тиктейт белек, мынчалык?

Карап турсам бүгүн дагы, күүгүмдө
Каркыралар, туман жарып, асмандай,
Тизген сабын бузбай кетип баратат
Тирүүсүндө катар түшүп баскандай.

Учуп барат, ким-бирөөсүн чакырып,
Кезип барат, уч-кыйры жок дүйнөсүн.
Ал, ошондон каркыранын тилине
Авар тили үндөш болуп жүрбөсүн?

Чаалыкса да көк тилишкен турналар
Чабытташат, күүгүм туман сапарда.
Калтырылган сыяктанат, мен үчүн,
Чакан орун, ошол тыгыз катарда!

Мезгил жетсе, турналарга кошулуп
Мен да жөнөйм, боз иңирге катылып,
Желе тарткан куш тилинде көктөгү
Жерде калган атыңардан чакырып.

 

Макала Жыргалбектин жаңы ырларынан жана котормолорунан бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Кыргыз жазууларын айтууга мезгил жетти

$
0
0

Быйылкы Тарых жана маданият жылында кыргыздардын Октябрь революциясына чейин жазуусу болгон эмес деген жарамсыз көз карашты өзгөртүп, кыргыздардын жазууларын иликтөө жана аны кийинки муунга таанытуу маанилүү. Бирок ушуга чейин терең иликтенген кыргыз жазууларынын тарыхы менен тагдыры кеңири коомчулукка эмне үчүн белгисиз бойдон калууда?

Кыргыз жазууларын араб, орус тилдерин аралаштыра сүйлөгөн азыркы муун билиши керекпи, эгер билишсе кыргыз жазуулары келечек үчүн кандай кызмат кылат?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу бүгүн тарыхта актай калган мына ушул маселеге арналды.

Талкууга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Кадыралы Коңкобаев жана Улуттук илимдер академиясынын жетектөөчү кызматкери, доцент Гүлжамал Жаманкулова катышты.

“Азаттык”: Кадыралы мырза, сиз кыйла жылдан бери кыргыз жазууларын иликтеп жүрөсүз. Бирок, ал СССР мезгилинде билим алган биз гана эмес, эгемен Кыргызстандын тарыхын окуган азыркы муунга деле жакшы белгилүү эмес. Эмне үчүн? Быйылкы Тарых жана маданият жылында кыргыздын өз жазуусу болгондугун далилдеген иштер жасалып жатабы? Кыргыз жазууларын башка мамлекеттердеги илимий чөйрө тааныйбы?

Кадыралы Коңкобаев: Бул маселеге өтө терең карап, мамиле кылышыбыз керек. Себеби, адам өз өнүгүүсүндө бири-бирине кабар берүү, байланышуу үчүн түрдүү ыкмаларды ойлоп табышкан. Анын негизинде жазуу байланышы келип чыккан.

Кыргыздардын жазуусунун тарыхы азыркы убакка чейинки 2015 — 2020 жыл мурун пайда болгондугун тарыхый эстеликтер далилдеп турат. Мисалы, мен өзүмдүн үч-төрт окумуштуу шакирттерим менен бирге Орхон-Енисей жазма эстеликтерин ар кандай өңүттө иликтеп жүрөбүз, анын жыйынтыктарын дүйнөлүк деңгээлдеги конференцияларда жарыялап жатабыз.

Кыргыз каганатынын жазма тили, Сергей Ефимович Маловдун аныктамасы боюнча, биздин заманга чейинки 5-кылымда колдонулган. Ошол 5-13-кылымдар аралыгындагы мезгилге 450 миң жазма эстеликтерди изилдедик. Анын натыйжасында “Алтай республикасындагы байыркы түрк жазма эстеликтеринин атласы” деген китеп эки тилде жарык көрдү. Азыр “Жети-Суу байыркы түрк жазма эстеликтери” деген ат менен экинчи китеп даярдалып жатат.

Кыргызстанда азыр 55 жазма эстелик бар. Быйыл эле Таластан бир жазуу табылды, ага чейин Тоң районундагы Ак-Өлөң айылынан тарыхчы Кубат Табалдиев эки жазма эстеликти тапты. Демек, булар Чыңгызхан 13-кылымда түрк мамлекетин тыптыйпыл кылгычакты кыргыздардын жазуусу болгондугунун далили. Быйылкы тарых жана маданият жылында ушундай тарыхый мурастарды иликтөөгө карата кыймыл башталды. Биз аны кубаттап, өз салымыбызды гана кошууга милдеттүүбүз. Анткени, өзүбүздүн адабий жазма тилибиз бар жана бери дегенде 1 — 2 кылымга жакын мезгил колдонгон элбиз. Аны түрк дүйнөсү тааныды.

“Азаттык”: Гүлжамал айым, сиз жакында “Байыркы кыргыз тили” деген илимий монография чыгарып, ал боюнча докторлук ишиңизди жактадыңыз. Бул илимий изилдөөңүз менен Октябрь революциясына чейин кыргыздарда жазуу болгон эмес, деген көз карашты өзгөртө аларына ишенсек болобу?

Гүлжамал Жаманкулова: Кыргызстан эгемендикке ээ болгон соң илимде да кыргыздын байыркы жазуусу менен тилин иликтөөгө кызыгуу күч. Анын негизинде мурда калыптанып калган көз карашты өзгөртсө болот деген ишенимдемин. Мен дагы кыргыз жазуусунун байыркы тарыхына кызыгып иликтеп жүрөм.

Кыргыздарда жазуу болгон эмес деген туура эмес. Анын пайда болушу биздин заманга чейинки эки миңинчи жылдарга тиешелүү. Ал тууралуу Карасук маданият эстеликтеринде жазылган. Жазма эстеликтерибиз Хакасиядагы, Тывадагы асман алдындагы музей деген эстеликтерде сакталып турат. Албетте, СССР мезгилинде окумуштуулар ага көңүл бурушкан. Мисалы үчүн Малов, Радлов Орхон-Енисей эстеликтериндеги жазууларга кыргыз жазуусунун канчалык тиешелүү экендигин жазышкан, бирок ээлеген орду кандай экендиги бүгүнкү күнгө чейин илимий деңгээлде тактала элек.

Ошол Орхон-Енисей жазуусунун теги тууралуу окумуштуулар ар кандай гипотезаларды жазып келишкен. Ал жазуулар оремий жазуусунан, согду алфавитинен жана кыргыз жазуусунан келип чыккан деген гипотезалар болгон. Мен ошол жазуулардын негизги теги кыргыз жазуусунун эн тамгаларынан келип чыккан деген окумуштуу Аристовдун пикирин улантып, Орхон-Енисей жазуусунун башатында кыргыздын эн тамгасы тургандыгын өз эмгегимде илимий негизде далилдөөгө аракет кылдым. Ал графикалык жагынан да, тарыхый мезгил жагынан алганда да 5-кылымга таандык экендигин далилдедим. Кыргыздар башка элдер сыяктуу эле адегенде пиктографиялык же сүрөт жазуусун, эн тамгаларды колдонушкандыгын жазма эстеликтер аркылуу далилдедим. Демек, аны башка элдерге таанытуу милдети алдыда.

Бүбүкан Досалиева, «Азаттык», 06.07.2016-ж.

Макала Кыргыз жазууларын айтууга мезгил жетти бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Рыскулов: Ысык-Көл поэзияны Медельиндей көтөрөт

$
0
0

Кыргызстан жазуучулар бирдигинин башчысы, акын Акбар Рыскулов Акындардын дүйнөлүк Колумбия фестивалына катышып, өрнөк алып келди.

“Азаттык”: Колумбия кайда? Кыргызстан кайда? Фестивалга кантип катышып калдыңыз?

Акбар Рыскулов: Акындар фестивалы 26 жылдан бери үзгүлтүксүз өтүп келет. Уюштуруучусу жана идеянын ээси — “Прометей” адабий журналы. Менин ысымымды бул фестивалга каттаганына беш жыл болуптур. Өзүмө кат менен кайрылышканына үч жылдай болду. Алар бир айда камданып, чампалай салбай, ушинтип ар бир кадамын кылдат жасашат экен. Мисалы, менин отуздан ашык ырымды испан тилине которушуптур. Фестивал өзү Колумбиянын экинчи шаары Медельинде өттү. Бул шаар Латын Америкасындагы поэзия борборуна айланган. Аз сандагы элдердин унутулуп бараткан поэзиясына айрыкча көңүл бурушат экен. Мисалы, мен Латын Америка өлкөлөрүндөгү түрдүү индеец урууларынын акындары менен тааныштым.

“Азаттык”: Кыргыз поэзиясы тууралуу маалымдар бекен?

Акбар Рыскулов: Жок деп айтсам болот. Ал эмес Орусия дегенди билишпейт экен. Менин максатым – кыргыз деген эл, анын поэзиясы, адабияты бар экенин түшүндүрүү болду. Таң калтырганы ошол дүйнөлүк фестивалда сөздү биринчи болуп мага беришти. Мен ачкандай болдум. Ак калпак кийип алдым эле, ак калпагымдын баркын сездим. Мен ал жерде Кыргызстан деген өлкөнүн акын-жазуучуларынын атынан салам айттым. Кол чаап кубатташты.

“Азаттык”: Чыңгыз Айтматовду окушат бекен?

Акбар Рыскулов: Аны тереңдеп сурай алган жокмун. Чыңгыз Айтматовдун китептерин, Колумбиянын классиги Габриэл Гарсия Маркес менен чогуу түшкөн сүрөтүн ала баргам. Бир китепканадагы жолугушууда ошол китепканага белек кылдым. Силерге узак жол басып, көп жолу ат которуп жеттим. Себеби, сиздер менен жолугуп, кыргыз деген элдин адабияты барын, Айтматов менен Маркестин достугун айткым келди дедим. Ошол жерден шатырата кол чабышты.

“Азаттык”: Кыргыз адабиятына пайдасы тие турган кандай жүк менен кайттыңыз?

Акбар Рыскулов: Күзүндө биз 35 жашка чейинки жаш акындардын поэзия фестивалын өткөрүүнү көздөп жатабыз. Каражатка байланыштуу бир аз кечикти. Ошого карата дүйнөлүк фестивалдан үйрөнө турган көп нерсени байкадым. Мисалы, ачылышы чоң театрдын алдындагы аянтта өттү. Ошол жерге миңдеген адамдар келип, суусун ичип, нанын жеп, жерде эле поэзия угуп отура беришет экен. Акындарды такыр бош койбой, программаны колго карматып, күн сайын ишкана, мекеме, театрларга жиберип турду.

“Азаттык”: Жалпы эле тышкы карым-катыш кандай жазуучулар бирдигинде?

Акбар Рыскулов: Биз өзүбүз ичте тыңый баштасак, тышкы алака да чыңалат. Азыр биз мурдагы СССРден калган жазуучулар бирдигине мүчөбүз, иштешип атабыз. Мага бир кытай “кошуналар эрин менен тиштей, бири-бирине керек” деп айтты эле. Кошуналар менен кызматташууга милдеттүүбүз. Нооруз майрамын белгилеген өлкөлөрдүн акындарынын жолугушуусуна Тажикстан президентинин чакырыгы менен барып келдим. Акындардын жолугуусун уюштуруу аркылуу Тажикстан өз кадырын көтөрдү. Дагы бир чоң кошунабыз Кытайдын Улуттук басмасы менен эки жактан бештен китеп чыгаралы деп, меморандум кабыл алдык.

“Азаттык”: Азыр Түркия менен адабий карым-катыш жандуу жүрүп жатат окшойт.

Элазыктагы фестивалга барган кыргыз акындары.
Элазыктагы фестивалга барган кыргыз акындары.

Акбар Рыскулов: Түркия Түрксой уюму аркылуу жыл сайынЭлазык шаарында түрк тилдүү акындардын эл аралык “Элазык ак шамдары” фестивалын өткөрүп келатат. Быйыл ага Кыргызстандан “Беш акын” долбоорунун жеңүүчүлөрү менен чогуу жети акын барып катыштык. Анкарадан Кыргызстандын Түрксойдогу өкүлү Кожогелди Култегин кошулду. Бул да эл аралык деңгээлде адабиятты таанытуунун жолу. Бизде 600 жазуучу бар. Ошонун ар бири ушундай карым-катышты жасап отурса керегебиз кеңейгени эмеспи.

“Азаттык”: Жанагы сиз айтып аткан жаштар фестивалы бир кезде Кыргызстан жазуучулар союзу үчүн бренд болчу. Далайыбызды лауреат кылган. Балким ошону кайра жандандырсаңар эл аралык деңгээлдеги иш-чарага айландыруу шарты түзүлүп калар?

Акбар Рыскулов: Абдан туура. Буюрса күзүндө өткөрүп алсак, аны менен токтоп калбай, мисалы, “Ысык-Көл ыр майрамы” деп жыл сайын өткөрсөк эмнеге болбойт? Бирок, эми ишти баштап, кайра таштап салбай, туш-тушунан бекемдеп алышыбыз керек. Дүйнө акындары, берирээк тартканда түрк тилдүү акындар келип, Ысык-Көлүбүздү мактап жазып атса эң эле сонун болбойбу.

Бурулкан Сарыгулова, «Азаттык», 13.07.2016-ж.

Макала Рыскулов: Ысык-Көл поэзияны Медельиндей көтөрөт бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Шабдан баатыр баскан жол

$
0
0

Кыргыз элинин биримдигин көздөп, алардын тарыхый кырдаалына жараша, өзгөчө Россия империясынын Кыргызстандагы катаал оторчулук учурунда “капилеттен ой таап, караӊгыдан жол таап”, өз элин бүлүнчүлүктөн сактаганга аракеттенген, чыгаан мамлекеттик ишмер Жантай уулу Шабдан баатырдын (1839-1912 жж.) саясий бейнесин изилдөөдө эӊ бир бүдөмүк, бурмаланган жагдайда кала бергени, бул анын өлкөбүздүн түштүгүн падышалык Россия тарабынан басып алуу мезгилиндеги ээлеген орду болуп эсептелет. Бул жагдай көбүн эсе кыргыздардын Россия империясынын кол алдында болуп турган мезгилде 1885-жылы Шабдан баатырдын өз оозунан жазылган өздүк өмүр баяндамасынын (Кыргызстанда алгач 1999-жылы жарыяланган) жана ага арналган алгачкы кыргыз тарыхый чыгарма катары 1914–жылы Уфада басмадан чыккан Осмонаалы Сыдык уулунун “Тарихи кыргыз Шадмания” (Кыргызстанда Кусейин Карасаевдин кирил графикасына котормосу 1990-жылы басылган), ошондой эле ушул сыяктуу Совет доорунда калк арасынан максаттуу топтолгон, жалпысынан манаптар эл душманы катары мүнөздөлгөн маалыматтарга негизделгендиги менен түшүндүрүлөт. Анткени бул чыгармаларда ошол өзгөчө Россия империясынын жерибиздеги оторчулук мезгилинде Шабдандын ал мамлекетине өтөгөн кызматын ашкере көрсөтүүнү талаптангандыгынын белгиси бар экендиги жетишерлик эске алынбай калган. Совет мезгили учурдагы таптык көз караштын таасиринде жазылган илимий эмгектерде да алар — манаптар көбүн эсе, кыргыз элине жат элемент катары мүнөздөлгөндүгүнө тереӊирээк сын мамиле кылынбай жаткансыйт.

Шабдан баатырдын Россиянын Кыргызстандын түштүгүн басып алуу учурундагы ортомчулук аракеттери жөнүндө

Дагы бир жагдай, бул эгемендүүлүктүн шарапаты менен түзүлгөн шартта жазылган белгилүү кыргыз жазуучусу Төлөгөн Касымбек уулунун “Келкел” ( 1986-ж., 2 оӊдолуп басылышы — 2000–ж.) жана “Баскын” (2000–ж.) романдарында да Шадбандын образын, кыргыз адабият сынынын патриархы — профессор Асанбек Кеӊешбековдун (1928-2007), менимче, акыйкаттуу аныктамасы боюнча, “…өтө татаал тагдырга туш келген персонаждын ар бир жасаган кыймыл-аракети, акырында келип, аткара турган тарыхый миссиясы орус баскынчылыгы натыйжасында кыргыз жеринде түзүлгөн тарыхый кырдаалга тиешелүү түрдө жооп бергендей болушу тарыхый зарылдык болчу. Тилекке каршы, Шабдандын образы дал ушул зарыл болгон көркөмдүк деӊгээлге көтөрүлө албай жатат”.

2013-жылы коомдук ишмер Каныбек Иманалиевдин жаӊы нукта жазылган “Шабдан баатыр” деген омоктуу тарыхый романы кыргыз элинин кеӊири катмарына да жете элек сыяктанат.

Акыркы жылдарда табылган документалдык булактар, Шабдан баатырдын кыргыз элинин тарыхындагы эӊ бир орчундуу мезгилдеги окуяларда ээлеген ордун дагы тагыраак, акыйкаттуураак ачып берүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Ушул окуялардагы акыйкатчылыктын өтө маанилүүлүгү бул кыргыз элинин бүтүндөй биримдигине кызмат өтөй тургандыгында экендиги талашсыз. Жогоруда эскерилген Асанбек аганын, ошол эле макаласында айтылган, омоктуу пикирин бул жерде келтирүү зарыл экендигин эп көрдүм, “… өткөн тарыхый окуялардын сабактарынан чыгарылган жыйынтык, көркөм синтез бүгүнкү күндүн проблемасына “иштебесе”, андай көркөм чыгарманын, дегеле, андагы сүрөттөлгөн персонаждардын хан болобу же ханышабы, падыша болобу же баатырыбы, айтор, ким гана болбосун, баары бир баасы жарым тыйын”. Бул ой ар бир илимий чыгармага да толук талаптанаары шексиз. Анда эмесе документтерге назар салалы.

 

Шабдандын көздөгөнү — кыргыз элинин биримдиги жана алардын өзгөчө укуктуу мамлекетчесин түзүү болгон

Пишпек уездинин начальниги А.Талызиндин, 1896-жылдын 18-мартында Жети-Суу областынын аскер губернатору Г.И. Ивановго жолдогон рапортунда Шабдан баатырдын турмуштагы негизги көксөгөнү “мага ал нечен ирет билдирген сүйүктүү теориясы: “кыргыздар бир уюктагы аарылардай биригишип жашашы керек” (кызыгы документтин ушул жерине колониялчы губернатор: ”карасаӊ эмнени каалаганын” деген белги коюптур – Д.С.) деп жазат. Мындай ой Шабдан баатырдын саясий ишмердүүлүктүн башталышынан тартып өмүрүнүн аягына чейин дайыма көкүрөгүндө болуп, кыргыз элинин келечеги үчүн аткарган ар-кыл иштеринен даана көрүнгөн.

Шабдан Жантай уулу 15 жаш курагында эле Кара кыргыз мамлекетинин ханы Ормон Ниязбек уулунун (1792-1855) ишеничине ээ болуп, 1854-жылдын апрель айынын аягында, Кокон хандыгынын таасириндеги Ташкент шаарынын башкаруучусу мырзабашы Касымбектин орус аскерлеринин Жети-Суудагы баскынчылыгына каршы жергиликтүү калктардын биримдигин уюштуруу аракеттери боюнча чакырыктары канчалык деӊгээлде акыйкаттуу экендигин дааналап, баамдап сүйлөшүүлөрдү официалдуу жүргүзүш үчүн кыргыз элинин өкүлү катары дайындалганы белгилүү.

Андан бир жыл өткөндөн кийин 1855-жылдын июнь айында Верный (азыркы Алматы) чебинде орус аскер башчысы, Батыш Сибирь губернатору генерал Гасфорттун казактар жана кыргыздардын кадырлуу адамдары менен өткөргөн алгачкы расмий сүйлөшүүлөргө катышкан кыргыз өкүлчүлүктүн курамында солто уруусунун белсемдүү манабы Корчу Сулайман уулу, бугу уруусунун манабы Качыбек Шераалы уулунун катарында Шабдан да болгон.

Ошентип, Шабдан кыргыз элинин тарыхындагы кыйчалыш учур башталганда, ошол окуялардын чордонунда болуу менен андагы саясий кырдаалды жакшы эле баамдап калган десек жаӊылбайбыз. Алгач, ал жергиликтүү калктардын Россия империясынын басып кирүүчүлүк аракеттерине каршы турушун колдоп, 1858–жылы жазында Кокондон келген Пишкек коргонунун беги Алишер датка менен кыргыздардын солто уруусунун өкүлдөрү Бошкой Канай уулу жана Чолпонбай Жангарач уулдары болушуп Чүй өрөөнүндөгү казактарга элчиликке барышып, аларга сырттан келген баскынчыларга чогуу аракеттенели деген сунуштарын айтышкан. Бирок алардан колдоо табышкан эмес.

Бул учурда кыргыз урууларынын ичинде да өз ара чабышуулар уланып жатты, 1858-жылдын ортосунда кокондуктардын тукуруусу менен бугу уруусуна жортуулга жиберилген сарыбагыштардын жоокер башчысы Төрөгелди (1808-1875-жж. өмүр сүргөн) туткунга түшкөн эле.

1860-жылдын ортосунда Чүй өрөөнүндөгү чет элдик душмандарга каршылык көрсөтөт деп курулган Токмок менен Бишкек чептеги жоокерлер миӊге жетпеген чакан россиялык аскерлерине каршылык көрсөтө алышпай, багынууга дуушар болушкан.

1860-жылдын 20-22-октябрында Узун-Агач жана Кашкелендин жанында, Кокондон келген Канат-Шаа башчылык кылган, курамында түштүк кыргыздарды жетектеп келген парваначы Алымбек Асан уулунун кошууну да бар,10 замбиреги менен жалпы саны 32 миӊге (дагы бир маалыматтарда 20 миӊ жана 22 миӊ) жеткен зор күч, болгону 11 замбиректүү 2 миӊ падышалык баскынчылардын аскерлеринен (дагы бир маалыматта 700 солдат, 6 замбирек менен жабдылышкан чакан кошуунунан) жеӊилүү ызасын тартканын, түркестандыктардын алгачкы чон салгылашуусунун катышуучусу катары Шабдан өз көзү менен көргөн.

1861-жылдын 18–августунда Суван деген Жантайдын уулу “Падыша өкмөтүнө каршы уруулаштарын үндөгөндөргө жардам бергендиги үчүн” деген, баскынчылардын талаа сотунун өкүмү менен өлүм жазасына тартылып атылган.

1862-жылы июнь айларында Шабдан баатыр Кокон тараптан кайтып келе жатканда атасы Жантай Карабек уулу орустар менен ымалага кирди делип Бишкек чебинин беги Рахматулла (ошол жылы эле күзүндө бул бек Байтик Канай уулу тарабынан өлтүрүлгөн) камакка алынып, андан качып чыгып кутулган. Ошондон кийин да, Шабдан түркестандыктардын эркиндиги үчүн күрөшүүнү улантууну, максат кылып Кашгарга жети шаар мамлекетинин өкүмдары Якуббекке барып кошулууну ойлонуп жүргөн.

Ал эми 1863-жылдын 19-июнунда Нарын тараптагы Эки-Чат деген жерде Үметаалы Ормон уулу баш болгон 30 миӊге (архив документинде бул маалымат бир топ эле апыртылса керек — Д.С.) жакын кыргыз жоокерлери, азык-түлүк, ок-дарыларды ташып бара жаткан Зубаревдин жетекчилигиндеги 30 солдаттан турган орус кошуунун курчоого алышып, 18 жолу чабуул жасашса да ийгиликке жетише алышпай, камалгандарга жардам келгенде чегингенге мажбур болушканынан кабардар болуп, өзүнүн буга болгон көз карашы өзгөрүлүп ачыктала баштаган сыяктанат.

Атасы Жантай Карабек уулу 1867-жылы өлгөндөн кийин, орус өкмөтүнүн өкүлү Токмок уездинин байчысы майор Загряжский тарабынан Шабданга мекендештерин жаӊы турмушка көнүүсүнө көмөктөш болуу сунушталганда, ал ага өзгөчө шарттарда макул болгон сыяктанат. Анткени бүлүнгөн Орто Азия хандыктарынын ортосундагы өз ара арыздануулары сыяктуу саясий кырдаалы менен толук кабары бар жана да баскынчыларга каршылык күрөшүүлөрдүн кайгылуу тажрыйбасы, анын күчтүү Россия империясына чөлкөмдүн бириктирилиши кайтарылгыс процесс экендигин так баамдоого мүмкүндүк берген. Андыктан, Шабдан баатыр ошол күндөн тартып, бүт күч кубатын мекендештеринин падышачылыктын оторчулук турмуш шартына ашкере зыянга учуратпастан өткөрүүнү максат кылып, өмүрүнүн аягына чейин өзгөчө бир уникалдуу ыктар менен аларды башкарууга аракеттенди.

Ал эч бир административдик кызматка тартылбастан, демек, ынгайсыз жоболор менен чектелбестен, элдик жөрөлгөлөргө негизделген, акыл-эстүүлүк даанышмандуулук менен коомдогу акыйкаттуулукту камсыз кылуу болчу. Бул, менимче, падышачылыктын ичиндеги өзгөчө укуктуу мамлекетченин өкүм сүргөнү сыяктанат. Бул жөнүндө Осмоналы Сыдык уулу өзүнүн китебинде минтип сүрөттөйт: “ал кыргыздардын кичине ишинен чоӊ ишине чейин бүтүрүп турчу. Кыргыздардын үстүндө турган амыр (эмир — Д.С.) – буйрукчусу эле. … Жай болсун, кыш болсун, таӊдын сапары менен эрте туруп намаз окуучу. Андан кийин… боз үйдүн ичине кирип, отурары менен эки адам самоор киргизгенде: “Ассалоому алейкум” – деп араб, перс эшен, молдолор киришчү. Андан ийин: “Ассалоому алейкум” – деп топ-топ болуп, биринин артынан бири, кечке чейин кыргыздар, казактар, сарттар келе берчү. Алар арыздарын айтчу…. Ар биринин ишин бүтүрүп, муктаждарын, максаттарын орундатып турчу. Кыскасы, ал окуу-жазуу билбесе да, кыргыздын адаттары көкүрөгүнө уюп калган. Ошол үчүн арыбай, талыбай 73 жашын жогоркудай кызмат менен өткөрдү”.

1876-жылы 19-июлда сарыбагыш волостунун өкүлү Бердибек Уркимбаевдин Жетисуу областынын башчысы Г. А. Колпаковскийге жолдогон кайрылуусунда Шадбан (архивде ушундай туурарагы Шадман экен – сөз Шабдан жөнүндө болуп жатат – Д.С.) кара кыргыздардын губернатору – андан улуусу да, кичүүсү да коркушат (Шадбан губернатор в кара-кыргызах — его боятся старшие и младшие) деп Шабдан Жантай уулунун ошол учурда эле кыргыздардын арасында өзгөчө кадыр-баркка жетишкендигин белгилептир.

Ал эми Осмон империясынын падышасы Абдулхамид хан II (21-сентябрь 1842-10-февраль 1918 – жылдары жашап, 1876-1909 — жж. падышалык кылган) Сириядагы Шам шаарынан Мекке, Мединага жана Жидде шаарларына карай мусулмандардын ажылыкка барышын жеӊилдетиш үчүн салынып жаткан темир жолунун курулушуна кошкон салымы үчүн 8-март 1904-жылы Шабданга берген алтын медалынын күбөлөндүргөн жарнамесинде аны “Россиянын Жетисуу областынан Токмок калаасынан кыргыз бектеринен, жоомарт Жантай уулу Шабдан хан (алдын сызган мен – Д.С.)” деп сыпаттаптыр. Ушундай эле сыпаттоону биз жакында Осмон империясынын архивинен табылган архив документинде да, жогоруда аталган курулушка 23813 куруш салым кошуп, “кыйын кырдаалда жардам берген адамдардын” тизмесинин эӊ башында, “Россиядагы Ke’iysti (кебетеси жаӊылыш жазылган, туурасы Жетису – Д. С.) областынан Токмок калаасынан кыргыз бийлеринен Жантай уулу Шабдан хан (алдын сызган мен – Д.С.)” деп атайын эсепке алынган жазууларында да берилиптир.

Мекке менен Мединага барып келгенден кийин Шабдан баатырдын дүйнөгө болгон көз карашы бир топ өзгөрүлүп – ааламда Россия мамлекетинен тышкары кыргыздарга бел боло ала турган кубаттуу боордош мусулман калктары бар экендигине шерденип, өзүнүн түркстандык мусулман мекендештеринин чөйрөсүндөгү талаптарды чечүүгө болгон аракеттерге да активдүү колдоо көрсөтө баштаган. Бул тууралуу Жети-Суунун мусулман калкынын атынан түзүлүп, 1905-жылы Россия империясынын Министрлер кабинетинин төрагасы П.А.Столыпинге (1862-1911 — жж. жашаган) жөнөтүлгөн 11 пункттан турган жолдомо-кайрылуу да (петиция) мисал болот.

Кайрылууда Жети-Суу крайындагы мусулман калкын башкарууда бийликтин укуктук турмуштагы мүчүлүштөрү айгинеленген. Бул жердеги мусулман меджелисин (собрания) уюштуруп, анын карамагына жергиликтүү калктын башкаруусунан тартып сот, мыйзам чыгаруу ишине чейин ыйгарууну талап кылышкан. Мындан тышкары мусулман калкына мечит, медресе, мектептерди ачып, өз тилинде газета, журнал жана китептерди чыгаруу укугуна ээ болуп, гимназияда (орус тилдуу окуу жайларда) окуган мусулман окуучуларга христиан диний таалимдин ордуна мусулман таалимин окуу укугун берүүнү, ошондой эле жергиликтүү калктардын өкүлдөрүнүн өлкөдөгү жогорку мыйзамдарды чыгарүү ишине катыштыруу менен бирдикте жерге, жеке менчикке ээлик кылууда жана жогорку кызмат адистиктерине ээ болууда теӊ укуктун сакталышын талап кылышкан.

Буларды орус падышасына өз колу менен тапшырууга жол ачкан Шабдан баатырга Жети-Суу калкынын атынан ишеним кат беришкен. Анда ал өзү кандайдыр бир себептерден бара албаган болсо, анда баатыр башка ишенген адамдарга ыйгарым укук берилишинин мумкүн экендиги жана орус Өкмөтүнүн жыйналыштарына катышыш үчүн Жети-Суу областынын мусулман калктарынын өкүлдөрүн жеке өзү дайындай ала тургандыгы да белгиленген экен.

Чет мамлекеттен Жетисууга, анын ичинде Кыргызстанга келген коноктор Шабдан менен жолугуп кетүүнү өзүлөрүнүн расмий парзы катары эсептешкен. Маселен 1907-жылы Жети-Суу областын кыдырып жүргөн түрк атуулу Сеид Шериф Мухаммед Эфенди Шабдан баатыр менен жолугушуп, андан ары Ысык-Көлгө жол тарткан.

Орус агенттеринин 18-декабрь 1909-жылдагы берген маалыматтары боюнча Шабданга “маал-маалы менен түрк чалгынчылары (эмиссарлары) өзүлөрүн “сеидмин” (Мухаммед пайгамбардын жандоочуларынан болгон Хазрети Алинин тукумдары – Д.С.) деп аташкандар келип турушат, алардын бири Сеид Хожо Мавлян хан” болгон.

Ал эми бул жагдайды падышанын чиновниги, Пишпек уездинин башчысы А.Талызин 18-март 1896 – жылы өзүнүн жетекчилигине берген жолдомодо да мындайча баяндайт: “… ал бул жерде уезддин начальнигинин жардамчысына окшогон ролду ойнойт, ага даттануулар менен келишип, жогорку өкмөттүн алдында колунан келген жеткиликтүү маселелер боюнча жактоочулук кылышын жана уезддеги насыя бүтүмдөрүн макулдашууда, кыргыздардын атынан кепилдикке өтүшүн суранышат. Ал коомдук иштер менен дайыма алектенет…” Ошол эле адамдын сөзү боюнча, “анын көзүнчө (б. а. Шабдан катышып турганда) волостук башкаруу кызматы жана мыйзамдуу соттор тийиштүү даражадагы мааниге ээ болбой калат”. Андан ары ал “Шабданга каражат керек болгондо элге кайрылып, “джилга” деген кыргыздардын адатында “курдаштардын өз ыктыяры менен берилүүчү жардам” кылууларын өтүнөт жана аны сөзсүз ар бир адамга бөлүштүрүлүп дайындалат. Бул “джилганы” (өзгөчө укуктуу мамлекетченин казынасы сыяктанат – Д.С.) ага алар эч каршылыксыз, соопчулукту самагандай беришет, анткени андан өзүлөрү да колдонушат”. Милициянын аскердик старшинасы Шабдан Жантаевдин кызматтык маалымат баракчасында жазылгандай, ал “даана аскердик кызматта турган эмес, жергиликтүү бийликте да жана орус колониалдык администрациясында да эч кандай кызматты ээлебеген”.

Шабдандын саясий таасири кыргыздарга эле эмес, Түркстандагы орус администрациясынын ортоӊку жана жогорку чөйрөлөрүндө да өтүмдүү болгон. Бул тууралуу Жети-Суу областынын аскер губернаторуна жеп ичкендери жана кызмат орунундагы татыксыз жүрүш-туруштары үчүн Шабдандын сунушу менен 1890-жылы Пишпек уездинин башчысы кызматынан четтетилген аскердик старшина Нарбуттун жана 1911-жылы Сарбагыш волостунун жөндөмсүз башкаруучусу М. Алпысбаевдин иштеринен алынышы далил боло алат.

Шабдан баатырдын турмушундагы, өзгөчө өмүрүнүн акыркы 10-20 жылдагы аралыгындагы саясий көз карашындагы кескин өзгөрүүлөр жергиликтүү колониалдык бийликтердин тынчын ала баштаганын байкайбыз. Буга анын үстүнөн 1886-1888 — жылдардан баштап тымызын байкоолор жүргүзүлүп турганын баамдайбыз. Жогоруда келтирилген Пишпек уездинин башчысы А.Талызин 18-март 1896-жылы Жети-Суу областынын аскер губернатору Г.И. Ивановго жолдогон документтин резолюциясында губернатор Россия Аскерий Негизги Штабдын мүчөсү, Закаспий округунун башчысы генерал-лейтенант А.Н. Куропаткинге Шабданды сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө маалымат берүү өтүнүчүнө, “анын эч кандай ага татыктуу эмгегин көрө албаймын, мындан улам, менин түшүнүгүмдө, азыркы учурда Шабдан биз үчүн пайдасынан зыяндуурак, ошондуктан аны жана ага окшогондорду даӊазалабай, акырындап олдоксонсуз, алардын элге болгон таасирин төмөндөтүшүбүз керек. Бул жөнүндөгү жагдайды аймактык жетекчинин эркине бериш керек…” деп Шабдан баатырга карата аны басынтуу саясатын ачыктаган экен.

Аягында падышанын мыкчыгерлеринин, Шабдандын мекендештерине тийгизген таасирин төмөндөтүү чаралары, анын ден соолугунун начарлашына алып келген. Өзүнүн негизги милдетин “манаптарга тынымсыз күрөш жүргүзүүнү” деген Пишпек уездинин башчысы А.Талызиндин аракети менен Шабдан баатырга жалган күнөө коюлуп, 200 сомго айыпка да тарттырышкан. Жергиликтүү колониалдык администрациянын өкүлдөрүнүн мындай басынтуу саясаты XX кылымдын башыӊда өзгөчө күчөй баштады. 1911-жылы ноябрь айында киши өлтүрдү деген жалган күнөө менен Шабдандын уулу, Сарбагыш волостунун мурунку башкаруучусу Мухиддин (Мөкүш) Шабданов түрмөгө олтургузулду. Көп узабай анын бир тууганы ошол волосту башкарып турган Исамидинди (Самүдүн) кызматынан бошотушкан. Замандаштарынын айткандарына караганда, Шабдан уулунун камакка алынышын оор кабыл алып, кайгы тарткан. Дал ушул жагдай адилеттикти туу тутуп, эркиндикти сүйгөн Шабдан баатырдын, 1912-жылы 6-апрелде (ал окуядан беш ай өтпөй) эрте эле — күүлү-күчтүү болуп турганда — 73 жашында күтүүсүздөн дүйнөдөн мүрт кайтышына себеп болгону шексиз.

Жогорудан көрүнгөндөй мунун өзү, Ата мекенге жан дили менен кызмат өтөөнүн өзгөчө үлгүсү эмеспи! Мамлекеттик башкаруудагы сейрек учуроочу мындай уникалдуу көрүнүш, ар бир атуул чиновниктик бийлик орундугу жок туруп эле, коом үчүн пайда келтирип, элдин тарыхында жаркын элес калтырышка мүмкүн боло тургандыгын айгинелейт. Ушундай Шабдандын кыргыздардын маселелерин өз алдынча элдик жөрөлгөлөргө негизделген салттык ык менен чечкендиктен, анын заманында мекендештеринин оторчулар менен арыздашуусу болгон эместиги жакшы белгилүү.

 

Түштүк кыргыздарынын түндүктөгү боордоштору менен биригүү аракети

1873-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү Лейлектин калкы Кокондун ханы Кудаярдын кол салууларына каршы туруп, алардын шаарларына соода иштери менен барган коӊшу кыргыздарга карата алым чогултууларынын көбөйүшүнө нааразылык билдиришти. Кыргызстандын түндүгүндөгү өзүлөрүнүн уруулаштары, он жылдан бери Россия империясынын карамагында тургандыгы жөнүндө жакшы кабары бар түштүктүктөр, али чыныгы жүзүн көрсөтө элек орус бийликтеринен пайда издешти.

Анткени, белгилүү болгондой, Россия империясына жаӊыдан кошулган аймактар, алгачкы 5-10 жылдын ичинде администрациясынын пайдасына төлөнүүчү салык жыйындан (налогдордон) бошотулушуп, барымтадан келип чыккан өз ара майда чекишүүлөр да токтоп, демократиялык принциптерге негизделген жергиликтүү бийликке шайлоолор киргизилип, орустардын өӊдүрүшүндөгү арзан товарлардын арбын алынып келиши күч алган.

Албетте, мунун баары түштүктөгү кыргыздарга таасир берип 1873-жыл алар Токмок уездинин орус администрациясы менен достук мамилелерди орнотууда Шабдан баатырдын ортомчу болуп беришин сурап Кулакмат жана Камбар Саркер аттуу адамдарын жөнөтүшкөн.

Бул иш жүзүндө түштүктөгү кыргыздардын түндүктөгү боордошторуна кошулууга жасаган аракеттери эле. Айткандай эле, 1873-жылдын ноябрында лейлектиктердин Кожент уездинин начальнигине жазган катында алардын умтулуулары адеп Токмок уездинин начальниги тарабынан колдоого алынды. Алардын кокондуктарга каршы туруусун натыйжалуу уюштуруп, кеӊеш берүү максатында лейлектик кыргыздардын өтүнүчү боюнча Шабдан баатыр жөнөтүлгөн. Бирок, тилекке каршы, Шабдан баатырдын бул багыттагы алгачкы жигердүү аракеттерине кийинчерээк генерал-губернатордун деӊгээлинде бөгөт тосулган. Бул тууралуу Түркестан генерал-губернаторунун кызматынын милдетин аткаруучу Г.А. Колпаковскийдин өзүнүн жетекчилерине жиберген рапортунда ачык эле көрүнөт: “… кокондук кыргыздардын … эл өкүлдөрүнүн маалыматын текшерип, алардын Шабдан Жантаев аркылуу токмоктук кыргыздар менен байланышууга жасаган аракеттерин тактап, эгер бул адилеттүү болуп чыкса, аларды тез арада токтотуу керек …”.

Ыӊгайлуу кырдаал колдон чыгып, эки жыл өткөн соӊ, 1875-жылы абал ого бетер кыйындап, академик Бегималы Жамгырчиновдун маалыматтары боюнча, “Жети-Суу облусунун аскер губернатору манап Шабдан Жантаевдин көтөрүлүшчүлөрдүн лагеринен Болотту (Кокон ханына каршылык көрсөтүүнүн жетекчиси молдо Исках Асан уулу 1844-1876 жылдары жашаган – Д.С.) кармап келүүнү уюштуруш үчүн жөнөткөнгө аракет кылды, бирок мындай иш ал үчүн ылайыксыз боло тургандыгын токмоктук кыргыздар ага алдын ала билдиришкен”.

 

Шабдан Фергана элине жакшылык жасап, куткарыш үчүн чакырылган

12-сентябрь 1875-жылы Фергана өрөөнүндөгү аскердик кызматта жүргөн генерал-майор В.Н. Троцкий, Түркстан генерал губернатору Константин Петрович фон Кауфмандын (1818-1882-жж. жашаган, Жарым Паша деген жергиликтүү калктан алган каймана атка ээ болгон) буйругу аркылуу Шабдан баатырга төмөндөгүдөй кат жолдогон эле: ”…Кыпчак Абдрахман автабачи Кокон өкмөтүнүн жоокерлерин Россиянын аскерлерине каршы салгылашка чыгарды, анын акыры кыргыздар менен кыпчактарга кайгылуу болду. Анткени алар Россия аскерлеринен талкаланганга чейин, анын күчтүүлүгүнөн кабарсыз болушкан, эми болсо баамдашты. Акмак Абдрахман автабачи кыргыздар жана кыпчактар менен качты, аларды генерал губернатор катуу жазалоону көздөөдө. Андыктан, Сизден суранамын, кыргыздар жана кыпчактарга жакшылык жасап, аларды куткарыӊыз. Андай болбосо, Жарым Пашанын ( А.П. Кауфмандын – Д.С.) укуругу узун, башкача айтканда колу жетиштүү. Ошондуктан эл өзү тезинен аны (Абдрахманды — Д.С.) алып келсе жакшы болмок, эгер муну алар жакын арада жасабаса кыргыздарга жана кыпчактарга жаман болот”. 18-сентябрда бул катты алары менен Кыргызстандын түндүк тарабындагы Ысык-Көл, Токмок жана Аулиеата уезддеринин тыӊ чыкмалары: Базаркул Атабеков (Тогуз-Торо волостунун башчысы), Атакан Бектияров (Тоӊ волостунун башчысы), Эгемберди Жанбулатов (Таластагы Жети-Уруу волостунун башчысы), Баяке Күнтууганов (1833-жылы туулган кыпчак уруусунан, сарыбагыш волостунун № 11 айылынын бийи), Акмат Рыскулбеков (Кетмен-Төбө волостунун башчысы), архив документинде Денбай (К. Усебаевде – Дыйканбай) делген адам (биздин болжолубузда бул киши Курманкожо волостунун башчысы Дыйканбай Черикчин, же болбосо Кетмен-Төбө волостунун № 11 айылынын бийи Дыйканбай Рыскулбеков сыяктанат), Бекболот (бий делген, бирок атасынын аты-жөнү тактала элек, бул киши кийин 1883-жылы Барскоон волостунун башчылыгына шайланган Бекболот Алсейитов сыяктанат), Кулмамбет (атасынын аты-жөнү тактала элек, бул киши да 1880-жылы Карабалта волостунун № 2 айылынын бийи болуп шайланган Кулмамбет Качкин сыяктанат), Шадыхан (атасынын аты-жөнү тактала элек, бул киши да 1883-жылы Барскоон волостунун № 2 айылынын бийи болуп шайланган Шадыхан Солтоноев сыяктанат), жана башкаларды баардыгы болуп 100 жигитти топтоп, 1875-жылы сентябь-октябрь айларында барон Георгий Штакельберг жетектеген орус аскер күчтөрүнүн Кыргызстандын түштүгүндөгү Базар-Коргон, Сузак, Ботокара жана Избаскен шаарларына жакын жердеги орус аскерлеринин жүрүшүнө катышкан. Анда Шабдандын негизги максаты, тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун пикиринде, “кыргыздарга жана кыпчактарга жакшылык кылуу” болгон.

Мындагы орустардын Жети-Суу № 1 жүздүк (сотня) аскерлеринин жүрүшүн жетектеген барон Г. Штакельбергдин 2-октябрь 1875–жылдагы билдирүүсүнөн көрүнгөндөй, бөтөн жерликтер бул тарапка өз аскерлерин согуштук алдынкы чеберчиликте алып барышкандарын баамдайбыз. Айтмакчы, Кыргызстандын түштүгүн Россияга каратуу жараянында, көбүн эсе Кавказдагы (түрктөргө, чечендерге каршы) согуштук аракеттерде такшалышкан аскерлер катышканын эстен чыгарбайлы. Бул болгону эки жүз орус аскерин Кыргызстандын түндүгү тарабынан барган кыргыздардан турган кароолдор (разьезды), төрт тарабынан коштоп барышкан. Ушул чакан орус кошуунуна төрт миӊге жакын жергиликтүү калктын, негизинен таяктар, кетмендер (батика) жана бир аз мылтыктар менен куралданган күчтөрүнүн көрсөткөн каршылыктары натыйжасыз болгон.

“Мен ар дайым казактардын (орус аскерлеринин – Д.С.), атышуу менен гана чектелүүгө ынанышпай, кылычтарын сунушуп каршылашкандардын атчандары көздөй атырылуусун токтотуп жаттым. … Алардын мактанаарлык аракеттери туруктуу каармандык менен чектен өткөн чечкиндүүлүккө (доходящими иногда до дерзости) барып жатты”, — дейт барон Штакельберг. Эгер бул кырдаалдагы эки тараптардагы кызыган күчтөрдү жайына бош койгондо эмне менен аякташы баарыбызга айкын түшүнүктүү эле да.

Андан ары Г. Штакельберг, “Туткунга алынган 15 ке жакын адамдарды, аттары менен Кайка айылынын жанынан Шабдандын туруктуу (по настоятельной просьбе) өтүнүчү боюнча бошотуп жибердим, — дейт. Ошол эле жүрүштө Штакельберг Шабдан баатырдын жана анын жолдошторунун өтө пайдалуу болуп, жүрүштүн ийгилигине жардам бергендигин белгилөө менен дагы бир жергиликтүү калктан алынган туткунду ага бергендигин баяндайт.

Мындан биз Шабдандын ортомчулугу менен эки тараптуу чоӊ кан төгүүлөр болбогонун даана баамдасак болот.

Өскөналы Сыдык уулу бул жараянды өз убагында эле, акыйкаттуу баа берип, мындайча баяндайт:

“Шабдан баатыр Коконго аскер барганда көп жардам көрсөттү. Кайда болсо урушпастан ынтымакка алуунун жолун тапты. Ошол себептен, көп уруш болбостон Анжиян (Россияга – Д.С.) карай баштады”.

Жүрүштүн маалындагы Шабдан Жантай уулунун аракеттери орус генералитети тарабынан жакшы бааланган. Анткени бул кызматы үчүн ал кийинчерээк “кара-кыргыздардан биринчилерден болуп” 4-даражадагы аскердик Георгиев ордени, андан соӊ Кокон хандыгын караткандыгы үчүн күмүш эстелик медалы жана биринчи даражадагы Ардактуу чепкени менен сыйланган. Владимир Плоскихтин маалыматында, ошондо Шабдан менен бирге барышкан Баяке Күнтууганов жана аттары аталбаган жети жигиттери да 4-даражадагы Георгиев орденине татышкан.

Ошентсе да, Шабдан бул жүрүштүн аякташын күтпөстөн, кебетеси падышанын аскерлеринин жергиликтүү калкка карата ашкере катаал аракеттерине катуу нааразы болгон окшобойбу, анткени ал жигиттери менен Түркстандын биринчи генерал губернатору Константин Петрович фон Кауфмандын (1818-1882) өзүнөн суранып, үйүнө 1875-жылдын 27-октябрында эле кайткан экен.

Кыргызстандын түштүгүндө Шабдан баатырдын жана анын жигиттеринин аракеттери сыягы, мүмкүн болгон сыпайкерчилик чектен чыккан эмес жана алардын негизги максаты, элди бекер кан төгүүдөн сактап калуунун багытында болгон. Шабдандын мындай аракети 1876-жылы Фергана облусунун аскер күчтөрүнүн жетекчиси генерал-майор Михаил Дмитриевич Скобелевдин (1843-1882) Алайга жасаган жүрүшүндө даана көрүндү.

 

Алай “экспедициясына” Шабдан Мекенине кызмат кылганы барган

Тарыхчы Геннадий Кронгардтын маалыматы боюнча, бул Алайга болгон “аскерий илимий экспедиция” деп аталган жараянга: сегиз рота, төрт жүздүк, эки атчан-аткычтар, жарты рота аскерлери, үч (дагы бир маалыматта — алардан төртөө болгон) тоо замбиреги жана ракета аткыч батарея катышкан. Ошол мезгилде, Россиянын армиясындагы батареянын курамында — үч таянактуу алты сайлуу 20 фунттук ракеталар менен жабдылган алты замбирек, үч таянактуу бир сайлуу 12 фунттук ракеталар менен жабдылган алты замбирек, үч таянактуу бир сайлуу 6 фунттук ракеталар менен жабдылган алты замбирек, баардыгы 18 замбирек болгон. Замбиректердин ракеталары 1,5 км. дан 4 км. ге чейин учуп жетишкен жана өтө кубаттуу уулу заттар менен жабдылган. Мындагы жоокерлеринин саны батареянын командачысы баш болгон 10 офицер, сурнайчы, музыкачылар жана башка жардамчылар менен 363 адамды түзгөн. Жөө солдаттардан турган ротадагы адамдардын саны 90-100 чейин болгон. Демек бул жортуулга болжол менен 1600 — 1700 жалаӊ такшалган орус жоокерлери катышкан. Бул ошол учурда, итабаран коркунучтуу күч болгондугу талашсыз. Салыштырмак үчүн, Анварбек Хасановдун маалыматында 1875-жылдын аягы 1876–жылдын башталышындагы Россия империясынын Кокон хандыгын өздөрүнө биротоло каратылышы учурунда колдонгон аскер күчүнүн саны 2821 адамдан турган. Ал эми 1877-жылы Түркмөндөрдүн ордо очогу болгон Теке өрөөнүндөгү Кызыл-Арватты ээлеш үчүн болгону 1800 аскерден (9 рота, 2 жүздүк, 8 замбиректен) турган күч колдонушкан. Бирок алгачкы ийгиликтен кийин, түркмөндөрдүн каршылыгынан чегинүүгө мажбурланышып, кайра аскерлеринин санын, тез арада, 12 000 жеткизип ( 17,5 батальон, 20 эскадрон – атчан жүздүктөр, 34 замрек) зор күч менен кайрадан киришип, басып алуучулук иштерин улантышып, көп кан төгүүлөрдү жасашканы белгилүү.

Шабдандын айтканы боюнча бул жүрүшкө аны Д.М. Скобелев чакырган, ал эми генерал-майордун 1876-жылдын 26-октябрындагы рапортунда”… Токмоктон эр жүрөк жана татыктуу Шабдан 25 жигитин ээрчитип, өз эрки менен келип кызматын сунуш кылды, өзүнө тиешелүү олжодон баш тартып, талоончулук үчүн эмес, кызмат кылганы келгендигин билдирди…” деп айтылат. Ал эми бизге белгилүү болгон, 1885–жылы түзүлгөн “Шабдандын өздүк өмүр баяндамасында” бул жер орус чиновниги тараптан “орустарга кызмат кылганы” (пришел служит русским…) деп, замандын ыргагына жараша, атайлап эле бурмаланганын көрөбүз. Мындан биз падыша аскерлеринин чакыруусу менен мекендештерине “жакшылык жасап”, кырылуудан “куткарыш” үчүн келишкен Шабдандын жана анын жолдошторунун көзүнчө, өз убадаларына турушпай, кыргыздарга карата ашкере мыкаачылык кылышып, алардын мал-мүлктөрүн да талоончулукка учураткандыктарына күбөө болгон баатыр жаны ачыгандан, ачыктан ачык эле, буга каршы экендигин билгизгендигин байкайбыз.

Падышанын дагы бир ыкчам отрядынын начальниги полковник Витгенштейндин 1876-жылдын 7-сентябрында М.Д.Скобелевге жазган катында «Зардала жана Мазар капчыгайындагы аскердик аракеттерде “Шабдандын жигиттери жана өзү бул иште өтө пайдасы тийди”, анын жигиттеринен 8 адам жарат алып 27сине таш тийип жабырланды», — деп айтылат. Ал эми 1885–жылыдагы “Шабдандын өздүк өмүр баяндамасында” мында ал өзү да жарат алган деп, жогоруда белгиленген максатта, ашкере күчөтүлгөн сыяктанат. Ошол журуштө падышанын кошууну Жоро ашуусунун жанында 51 кыргыз жоокерлерине кол салып аеосуз баардыгын кылычтап өлтүрүшүптүр.

Бул жүрүштөгү Шабдандын жана анын бир тууганы Байбосундун (башка бир маалыматтарда Абдрахман делип жүрөт) билгичтигинен гана карама-каршы тараптардын ортосунда түзүлгөн кырдаалды дипломатиялык негизде чечүүгө мүмкүн болду. Элдик уламыштарда ушул жүрүш мезгилинде, Шабдандын өмүрүнө кол салуу коркунучу түзүлгөн. Андан аны бир жагынан таякеси, экинчи тараптан кайындары жана жан досу Байзак баатыр Жаркымбай уулу куткарган.

Окурманга бул жагдай даанарак түшүнүктүү болушу үчүн алайлык кыргыздардын башчысы Абдылдабек Алымбек уулу менен генерал М.Д. Скобелевдин ортосундагы кат алышууларына назар салалы.

“Абдылдабек датка!
Абдулкеримбек (козголо
ӊчулар хан кылып көтөргөн адам – Д.С.) менен чогуу силердин бизге өз ыктыярдыгыӊар менен келишиӊерди сунуш кыламын, каарман орус армиясына силер каршы тура албастыгыӊарга тайсалдабай ишене бергиле. Аларды эч нерсе токтото албайт – тоолор да, дарыялар да, душмандар да. Ошондуктан сен качкындыкта каласыӊ, бирок эртеби же кечпи биз сени кармайбыз. Эгер сен өз ыктыярыӊ менен жогорку абройлуу жана күч-кубаттуу генерал-губернатордун (К.П. Кауфмандын –Д.С.) алдына келсеӊ анда анын ырайымдуулугуна ээ болосуӊ, — дейт генерал 22–июль 1876-жылы даткага жазган катында.

Мындай сунушка Абдылдабек 27–июлда төмөндөгүдөй жооп жазыптыр: “Улуу даражалуу Скобелевге! Сиздин убактылуу жарашуу жөнүндөгү катыӊызды алдык. Ушуга чейин Алланын жана анын пайгамбарынын жардамы менен элди чогултуп каршылык көрсөттүк, анткени сиз мойнуӊузга алган милдеттемени бузуп жатасыз. Мисалы: Кокон хандыгын башкарууну бийлиги чектелген Насреддинге (Худаяр хандын уулуна-Д.С.) тапшырдыӊыз, анан кайрадан аны тартып алып, өзүн Сибирге айдаттыӊыз. Анан дагы сиз генерал Скобелев, элде кадыр барктуу Абдрахман (Мусулманкул аталыктын уулу — Д.С.) автобачи менен келишим түзүп, Коконго калтырууга убада бердиӊиз, бирок сөзүӊүздү бузуп аны жана биздин бир канча бийлерди Сибирге айдаттыӊыз. Мунун баары сизге карата ишенбөөчүлуктү пайда кылды, жана сизден чочулаганыбыздан каршылык көрсөтүп тоого кетүүгө аргасыз болдук. Сиз өзүӊүздүн курал жарагыӊыздын санына ишенүүдөсүз. Бизде курал жок, Алланын гана эркине ишенебиз.

Эгер сиз, өзүӊүздүн убадаӊызды аткарсаӊыз, биз мындай жосунга барбайт элек. Биз азырынча тирүү болгондон кийин, өзүбүздү жана ар-намысыбызды коргогубуз келет. Биз көчмөнбүз, бирок бизге да оокат-мүлк, байлык, башка турмуштук жыргалчылыктар да керек.

Сиз Токмоктон тартып кыргыздарды, кыпчактарды, сарттарды караттыӊыз, убадаларды бердиӊиз, бирок Коконду алгандан кийин бардыгы өзгөрүлдү. Эгер сиз убадаӊызды өзгөртпөгөндө, мындай көтөрүлүш болмок эмес. Эгер сиз чынында эле тынчтыкты кааласаӊыз жана өзүӊүздүн убадаӊызга тура аламын десеӊиз, анда Шабдан баатырга тапшырма бериӊиз, биз дагы ага ишенимибизди билдиребиз. Биздин маселелердин бардыгын Шабдан баатыр чечсин. Баардыгы сиздин эркиӊизде, бирок сиз Шабданды Ош уездине калтырсаӊыз, балким ошондо сиз биздин ортобузда тартип орното аласыз”.

М.Д. Скобелевдин Абылдабектин сунуштарын четке кагып, эми ага ачыктан ачык коркутуу төмөндөгүдөй мазмундагы катты, анын иниси Хасанбектен ошол эле күнү берип жиберди: ”Мурдагы катымда мен сизге дааналап түшүндүргөм, кайра-кайра түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан сиз ырайымдуулукту кааласаӊыз, анда сизге жиберилген Шабдан баатыр жана Ташибек менен бирге өз эркиӊизде келиӊиз”.

Бирок, тилекке каршы, “Абдуллабек колго түшүүгө ниеттенип жатканда, — делет архив документинде, — башка козголоӊчулар буга макул болбостон жана жаӊы жаӊжалдашуудан кийин, бардыгы Кызылартты карай чегинип, Шабдандын тууганын эки жигити менен кармап кетишти”. Аны куткарыш үчүн Шабдан алардын аркасынан сая түшүп кылыччан чабышып, бир туусун колго түшүргөн. Көп узабай Байбосун жолдоштору менен Хасанбектин талабы менен бошотулду.

 

Алай ханышасы Курманжан, Шабдан жана сөзүнө турбаган падышанын генералы

Кемел Шабдан уулунун эскерүүсүндө, Шабдан баатыр Абдуллабектин энеси, белгилүү Алай ханышасы Курманжан датканын жана генерал М.Д. Скобелевдин ортосунда ортомчулук милдетти ишке ашыргандыгын төмөндөгүчө баяндайт: “Алайдагы кыргыздарды каратканда, Курманжан-датка аял падышаны орус аскерлери колго түшүргөн экен. Колго түшкөндө генерал Скобелев сен аял башыӊ менен бизге эмне үчүн ок аттыӊ деген. Аялдын жообу: «Биздин ок аттуу али парз, али сүннөт», — деген. Скобелев “балдарыӊ кайда?” деп сураганда, «чынары мында болсо, чырпыгы кайда барар дейсиз» деп жооп берген. Ошондо Скобелевдин буйругу боюнча 30 казак-орус курчап турду Курманжан датканы. Скобелев генералдан баатыр Шабдан барып сураган: «мага кепилге бериӊиз» деп. «Качып кетсе эмне кыласыӊ?” деп Скобелев айтканда, жооп берген «анын ордуна мени атыӊыз» деген Шабдан, андан кийин кепилге берген. Курманжан даткага үй тиктирип берип, бир ай багып турган. Ошол бир айдын ичинде «мени куткар орустан» деп бир дагы айткан эмес экен. Ал киши айтпаса дагы, далалатчы болуп куткарган. Баатыр ошол аялдын сыпаалыгына ыраазы болор эле. Ар күнү эртеӊ менен Курманжанга салам айтып, үстүнө кирет экен. Курманжан датка намаз окуп, теспе тартып олтурар экен. Мындай жакшылыкты ал көп кылган”.

Курманжан датканын чөбөрөсү болгон Турсунай Өмүрзакованын баамында, даӊазалуу Алай ханышасы генерал М.Д. Скобелевге жолугушууга алдын ала макулдашуунун негизинде өз ыктыярдыгы менен уулу Камчыбек жана небереси Мырзапаяздын коштоосунда Гүлчөдөгү Лянгар айылына келген. “Жолугушуу расмий кырдаалда өткөн. Курманжан датканы орус генералы Чыгыш элдеринин наркын жасап, учурдун шартына ылайык даам-татым даярдап, атайын белек камдап чапан жаап, сый-урмат көрсөтүп күтүп алган жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн”. Бул жагдайды Анварбек Хасановдун изилдөөлөрү жана архив документтери да ырастайт Түркестан генерал губернатару К. П. Кауфмандын Россиянын Аскер министрине жолдогон билдирүүлөрүндө мындай сүйлөмдөр жолугат: “1876-жылы Алай тоолорунда чоӊ таасиирге ээ болгон Курманжан, а дегенде генерал Скобелевге, андан соӊ мага келген”.

Бул жолугушуу 29-июлда болгон сыяктанат, анткени андан соӊ 31 июлда Ош уездинин көчмөн калкы жана ичкилик уруу тобунан отурукташкан кыштактарга жакын жерлерде көчүп жүрүшкөн кээ бир урууларынын өкүлдөрү: молдо Гадай бий (адигене уруусунан), Исмандияр бий (муӊгуш уруусунан, Курманжандын агасы) генералга баш ийгендиктерин билдиргени келишкен. М.Д. Скобелев жергиликтүү калктын мурдагы каршылыктарына каарданып Алай канышасына берген убадаларына турбай, аларга салык өлчөмүн мурун белгиленген бир кой башына чегерилген 4 рубльдын ордуна 6 рубульдан бересиӊер деп, өзүм билемдик кылып, “Убактылуу Туркстанды башкаруу жобосундагы” салык мыйзамын одоно бузуп, өкүм кылыптыр. Мындан тышкары Алайлыктар Гүлчүдөн Талдык-Даван аркылуу араба жүрүүчү жол салууга милдеттендирген.

Скобелев муну менен чектелбестен жортуулдук аракеттерин уланта берен. Өз ыктыяры менен орус аскерлерин, алардын арасында Шабдан баатыр да болгон, Каратегиндин башчысы менен алакага кирип, жаӊы чек-ара келишимин түзүп жиберген. Бирок аны Түркстан генерал губернатору жокко чыгарган.

Ошол эле учурда Шабдан баатыр өзү, генерал М.Д. Скобелевден өлүм жазасына тартылган, Намангандан 35 молдо, эшен жана кадырлуу адамдарга мунапыс берүүсүн сурап, өмүрүн сактап калган. Шабдандын өмүр жолу жөнүндөгү биринчи чыгарманын автору Осмонаалы Сыдыковдун маалыматы боюнча ал ар кандай кылмыштары үчүн камалган 73 мекендешинин сот жоопкерчиликтеринен бошонушуна жардам берген.

 

“Көзү кандуу” генералдын тилин тапкан Шабдан

Айтмакчы, 1881-1884-жылдардагы Түркменстандагы Россия аскерлеринин басып алуучулук аракеттерин алгачкылардан болуп дыкат изилдеген орус тарыхчысы, академик Михаил Тихомировдун ошол учурдагы генерал М.Д. Скобелев жөнүндөгү кээ бир маалыматтарын бул жерден келтирип койсок ашыкча болбос. Изилдөөсүнүн баш чагында эле “Ар кандай жагдайларга карабастан согушууну дегдеген жана кагышууну каалап, аны эӊсеп турган М.Д. Скобелевден бөлөк эч бир адамды таппайсыӊ”, — дейт. Андан соӊ “Орус наркы, өлгөн жолдошторубуз үчүн — өч алууну талап кылат”, деп буйрук берчү экен дейт. Дагы бир жеринде, бул генералдын мындай ырайымсыз согушчан аракеттеринен улам, түркмөндөр ага “көзү кандуу” (“Кровавые глаза”) деген каймана ат бергендигин эскерет. Ал эми 1881-жылы Көк-Тепе коргонун Россия аскерлери согуш аракеттеринин негизинде алганын баяндап жатып, тарыхчы минтип сүрөттөйт: ”Түркмендердин теке уруусун талкалоо ырайымсыз болду, алардын качкандарын 15 чакырымга чейин кубалап жүрүп кырышты…. Теке уруусунун жоготуусу 6-8 миӊ адамга жетти… (алдын сызган мен – Д.С.)”. Ушундай кыргындарга жетекчилик кылган, ал учурда жаӊыдан гана генерал ченине жеткен, адамдын тилин тапкан Шабдан баатырдын ортомчулуктагы (азыркы тил менен дипломатияда – элчиликте) болгон ийгилиги десек жаӊылбайбыз.

Шабдан баатыр өзүнүн өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин Кыргызстандын түштүгүндө жашоочу мекендештери менен жылуу мамиледе болгон. Бул тууралуу Жети-Суу облусунун талаа генерал-губернаторуна 1884-жылдан 1885-жылдардын аралыгында Тогуз-Торо болуштугунун молдосу Мамырбай Кубатбековду абактан бошотуу жөнүндөгү Шабдандын жана Сооронбай Кудаяровдун жиберген өтүнүчтөрү ачык күбө боло алат.

1888-жылы Сибирдеги Иркутск шаарында Россия падышачылыгынын баскынчылыгына (1876-жылы 25-апрелдеги Жаӊырык капчыгайындагы салгылаштагы) каршылыкка катышкандыгы үчүн 12 жыл сүргүндө жүрүп, Кыргызстанга кайткан Алайдагы баргы уругунун өкүлү, кыргыздын дагы бир мекенчил уулу, ошол мезгилде парваначы Алымбек Асан уулунун талапташы, кийин Алай канышасы Курманжандын казыначысы болгон, мударис Сулайман удайчыны Шабдан баатыр Кеминдеги өз ордосунда, бийик ызаттоо менен кабыл алып, ак дилден сый-урматын көрсөткөн. Бул жагдайды журналист Ж. Парманасов мындайча сүрөттөйт: ”Кеминде Шабдан баатыр Сулайман удайчыны кырк күн алып калып, кырк жерге коноктоп, намазды чогуу өткөзүшүп, анан кырк биринчи күнү дегенде элди чогултуп, алдына ат, үстүнө кийим кийгизип, колуна мандат (кебетеси өзүнүн атынан элге, өзү сыяктуу элдик нарктын негизинде, баш-көз болуу өтүнүчү болгон окшойт – Д.С.) берип Алайга узаткан экен.

Сулайман удайчы Алайга барганда, бул сыйды өз элине ызат менен айтып жүргөн дешет. Ал турсун, биринчи көргөн баласынын атын да Шабдандын баласынын атына окшоштуруп Искендер деп койгон экен”.

Ушул баяндамабызды аяктап жатып, Шабдан баатырдын Алай тарапка баргандыгын дыкат изилдеген дагы бир тарыхчы Бектемир Жумабаевдын 2000-жылы эле жасаган адилеттүү жыйынтыктарын келтирип коюну туура көрдүм. Анда, ал “…Шабдан баатырдын түштүккө барышы, бул ошол мезгилде эле түштүк жана түндүк кыргыздардын өз ара жакындык мамилелеринен улам барды десек болот, анткени Шабдан орус төбөлдөрү менен мурунтадан эле мамиледе болуп, алардын күчүн, саясатын жакшы түшүнгөн, падышачылыктын армиясына начар куралдар менен каршы туралбастыгын билген, ошондуктан кыргыздардын айбаттуу орус куралдарынын астында тепселишин каалаган эмес,” — деп бүтүм жасаган эле.

Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ, КР билим берүүсүнө эмгек сиӊирген кызматкер,
Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты,
Эл аралык Чыӊгыз Айтматов академиясынын академиги,
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору,
«Кутбилим», 24.06.2016-ж.

Макала Шабдан баатыр баскан жол бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Кинорежиссер Төлөмүш Океевдин саясый эрдиги

$
0
0

Биздин бул макала “Саясый эрдиктин очерктери” түрмөгүнүн алгачкысы, болочок китептен үзүндү. Коомдогу нарк-насилди, улутту улут кылган асыл дөөлөттөрдү калыптандырган, муундан муунга өткөргөн, биздин аӊ-сезимибизде ал баалуулуктарды бекемдеген инсандар, алардын иштери, жүрум-турум үлгүлөрү болот. Андай инсандардын кылган эмгеги, жасаган эрдиги ар кандай мазмунда жана формада ишке ашары түшүнүктүү. Ал эми кай бир инсандардын жасаган иши саясый эрдикке тете.

Окурмандарга азыр тартууланып жаткан очерктин каарманы белгилүү кинорежиссер, “Кыргыз кино керемети” деп аталган даӊазалуу доордун көчбашы Төлөмүш Океев. Саясый эр дик кыргыз улуттук кинематографиясынын накта өкүлүүчүн адеп караганда анча коошпогондой көрүнөт. Бирок кандай шартта, кайсы идеалдар үчүн, кантип ишке ашкан жана кандай эмгек экенин, баа-өлчөмүн тарыхый кырдаалдын контекстинен талдасак, саясый эрдик менен сүрөткердин ортосунда байланыш ачык көрүнө баштайт. Туура, ар кайсы доордо үстөмдүк кылган бийликке моюн толгогон же карты чыккан жазуучулар, маданият ишмерлери болгон. Бирок маселе өз доорундагы бийликке каршы диссиденттикте да эмес. Ал башка нерсе.

Атактуу кинорежиссер Төлөмүш Океевдин улуу жана орто муунга жакшы белгилүү “Бакайдын жайыты” (“Небо нашего детства”) жана “Отко таазим” (“Поклонись огню”) көркөм фильмдеринде камтылган идеялар, ой толгоолор, сюжеттер, көркөм образдар жана эпизоддор дал ошол саясый эрдиктин чыныгы үлгүлөрүнүн бири болуп эсептелет. Эмесе кеп ирети менен болсун. Т. Океев тарткан “Бакайдын жайыты” көркөм фильми 1966-жылы экранга чыккан. Кийин эл аралык абройлуу сыйлыктарга татыган бул фильмдин сценарийин Кадыркул Өмүркулов экөө жазган. Алгач фильмди СССРдин мамлекеттик кинематография комитети жактырбай коет. Балким ашкере сак цензура бир нерседен шекидиби, же кичинекей республика деп эсептелинген Кыргызстандын белгисиз бир режиссерунун жайлоо, жылкылар, көчмөндөрдүн алигиче тирүү колориттүү абышкасы тууралуу фильми өздөрүн дөө-шаа эсептеген үлкөн кинематографисттерге жакпадыбы, а балким СССР кинематографисттер Союзу колдогон, бирок Кыргыз ССРинде сынга алынган фильмдери үчүн кай бирөөлөр кек сактап калганбы, айтор, “Бакайдын жайыты” четке кагылат, эч ким колдобой коет. Фильмдин адегенде союздук кинокомитетинде четке кагылышынын чын сыры белгисиз. Бирок кайра кантип колдоого ээ болгону тууралуу эскерме бар. Сценарийдин авторлошу Кадыркул Өмүркуловдун эскерүүсүнө ылайык, Т. Океев экөө айласы кетип, анан ошол учурда Москвада жүргөн Чынгыз Айтматовго Мамкиного жакпай калган кино тууралуу кайрылышат (“Санжыра” радиосунун казынасынан). Ал кезде атагы чыга баштаган Чынгыз Айтматовдун кийлигишүүсү менен СССРдин кинематографисттер Союзу фильмди кабыл алат, бир аз оӊдоолор менен экранга чыгарууга уруксат берет. Фильмге кандай өзгөртүүлөр киргени азыр кызык эмес. Кызыгы, фильмдин сценарийлерин авторлору, койгон режиссеру айтайын деген оюн айтып, жеткирейин деген идеясын сактап, миллиондогон көрүүчүлөргө жеткире алганында. Эӊ сонун тартылган эпизоддор, кайталангыс образдар, диалогдор жана керемет сценалар аркылуу көкүрөгүндө баккан купуя сырын, өзү жана эли үчүн кымбат нерселерди эли-журтуна тартуулай алганы кызык. Элинин тарыхындагы карама-каршылыктарды, башынан кечирген катаклизмдерди, эли баалаган дөөлөттөрдү бөлөк элге көркөм каражаттар аркылуу баяндаганы кызык. Болочок фильмдин ийгилиги үчүн, анын артынан, балким келе турган атак-даӊктын урматына автор өз идеалдарын курмандыкка чалган эмес. Эгер чалса, фильм башка чыкмактыр, эрдиги жок, эл катары көп кинонун бири болмоктур, балким.

Абай салалычы. Фильм негизинен союздук масштабдагы ири курулуш учурундагы элеттеги окуяларга, социалисттик индустриялаштыруу темасына байланыштуу. Фильмде жайлоого бараткан жылкычылардын көчү жол куруучулардын капыс жардыруусуна туш болот. Азыркы тил менен айтканда ири курулуш үчүн өндүрүштүк, технологиялык жол даярдап жаткандарга аска-зоону, сууну, жайлоону жардыруу кадырэсе иш. А бирок фильмде бул эпизод катардагы окуя эмес, драматизмге толгон, көрүүчүнү улутту улут кылган дөөлөттөр тууралуу түйшүктүү ойго жетелеген сцена. Көчмөндөрдүн ата-бабасынан бери өмүр кечирген, жанын берип сактап келген, ыйык туткан жайлоосун эч нерсе болбогонсуп куруучулар жардырып жатышат. Жети атасы жайлаган, өзү гана эмес, өзүнө чейинки далай муундун киндик каны тамган, кишиликке жанган ушул жайлоо — Бакайдын жайыты жардырылып, конгон жайлоосуна бараткан көчтүн, үйүр жылкылардын айласы алты куруйт. Байыркы кыргыздын тукуму, азыркы жылкычы, кары колхозчу Бакай Камбар-Атанын тукуму, азыр колхоздун аралаш үйүр жылкысы — баары алааматка туш болгонсуп, тополоӊу тоз болот. Капыс келген алааматтан үрккөн малга ээ боло албай, ичинен миӊ толгонуп, башынан миӊ санааны кечирип алдастаган Бакай аксакалдын эӊ сонун образы аркылуу далай нерсе айтылат фильмде. Ээ-жаа бербеген индустриялаштыруунун айынан жардырылып жаткан жайлоо, жайлоо менен кошо жан-дүйнөсү бүлүккө түшкөн байыркы кыргыздын азыркы тукуму. Фильмде Бакайдын ролун Муратбек Рыскулов аткарган, бул жагдай да эпизоддун курчтугун, көркөмдүгүн ого бетер арттырып, автордун эпизод аркылуу берген оюнчулугун, бүтүндүгүн, тереӊдигин шарттап отурат. Бул эпизод жөн гана сюжеттик түрдүүлүк жана курчтук үчүн тартылган көркөм ыкма эмес, тереӊ идеялык мааниси бар, керек болсо чыгарманын лейтмотивин түзөрү кийинки эпизоддордо улам бекемделип отурат. Бакайдын байбичеси да кымыз ичкени токтогон жолчуларга бул Бакайдын жайыты деп сыймыктанып айтып отуруп, “Ыя, айланайындар, жолду башка жерден деле салбайсыӊарбы, силерге баары бир эмеспи” деп кайрылат. XX кылымдын белгилүү философу Ганс Георг Гадамердин герменевтикалык ыкмасына таянсак, фильмдеги байбиченин ушул бир ооз сөзүндө не деген гана ой жатат. Жайыт — байыркы кыргыздын урпагы Бакай үчүн тарых, тагдыр, балалыгы, сүйүү тапкан жери, жашоо, ой-санаа, кыскасы, эӊ кымбат нерсе. Ага баары бир эмес. Ал эми ушул жолду салганы келген жолчулардын жана жолду салдырып жаткандардын жөнү башка…

Байыркы кыргыздарга ыйык, кымбат мурас, ал эми азыркыларга тек гана мал жая турган, ким көрүнгөн жардырып салып жол сала бере турган жайыт маселеси фильмде да бир ирет козголот. Жайлоо бүлгүнгө учурап, аны менен кошо салт-санаа, нарк-насил таман жолдой тапталып баратканына макул эмес дагы бир көчмөн тукуму мамилесин билдирет. Бул ирет мамиле ачык протест катары айтылат. Фильмдеги дагы бир жылкычы, Бакайдын шериги (ролдо — Советбек Жумадылов) “Бул жайытты таштабайм. Ата-бабамдын жайлоосу бу деген. Маа демектен билгениӊерди кылгыла. Каалагандай жазалагыла мени!” деп кыйкырат жолчуларга. Ошол кез үчүн өтө опурталдуу сценалар, диалогдор, эпизоддор, сүрөттөмөлөр. Өтө кооптуу фильм. Ири алдыда автор үчүн коркунучтуу кино. Бирок түбөлүк мааниге ээ кымбат дөөлөттөрдү козгоп, баалуулуктарды ким айтып, ким элге дайындап, ким ой жаратат эле, баары эле социалисттик жетишкендиктерди даӊазалаган реалисттик чыгармаларды кабат-кабат жаратып жатып алса.

Төлөмүш Океевдин дагы бир чыгармасына кайрылалы. Ал 1971-жылы экранга чыккан “Отко таазим” (“Поклонись огню”) көркөм фильми. Тема — Кыргызстандагы коллективдештирүү, башкы каарманы — Уркуя Салиева. Фильм бул ирет да туура темага, туура каарманга арналган. Бирок эки жагдайга көӊүл бөлөлү. Биринчиси — бул фильмдин аталышы. Советтик адамдын аӊ-сезимине ылайык келбеген, эскичил, андагы идеологдордун армиясы бир ооздон атап келгендей алгачкы — общиналык, примитивдүү, шаманисттик көз карашка негизделген ат коюп жатат. Коллективизация — жаркын келечек, демек, ошого жараша ат койсо болот беле? Куп болмок. Режиссер ар кандай күнөөлөрдөн алыс болуш үчүн, сактык кылып, башкача деле атап койсо болмок. Кандай сын-пикирлер болуп кетүү мүмкүнчүлүгүн өз доорунун инсаны Океев жакшы билген. Бирок ошого даады, батынды.

Мына ушунун өзү Океевдин инсандык позициясынын бекемдигин, абийир жоопкерчилиги жогору экендигин кабарлап турат. Режиссер бул ирет да фильмге кийин сынга кабыла турган кооптуу ат коюу менен чектелген жок.

Кулакка тартылып, тап душманы катары айдалып бараткан манаптын образын расмий идеологияга дегеле ылайык келбегендей, коошпогондой кылып берди. Дароо көзгө урунган нерсе — бул манаптын ролун Муратбек Рыскулов аткаргандыгы. Кыргыз искусствосунун кайталангыс таланты Муратбек Рыскуловго кудай баарын берген экен — акыл, эс, өӊ-келбет, чыгармачылык бакыт. Айдалып бараткан эзүүчү эмес, акылман аксакалга окшош, жексур эмес, журт башына түспөлдөш Муратбек Рыскулов аткарган манап “Ой, эл-журт. Силер жакшылардын баарын айдап жиберип, жамандар башкарасыӊарбы, ыя?” деп адатынча сүрү, келишкен келбети, нарктуу карыянын, акылы көзүнөн нур болуп жанып турган жүзү менен сурап турат. Кимди ким эмне жөнүндө сурап турат? Жакшылар ким, жамандар ким? Суроолор жаралат, албетте. Мен “Отко таазимди” тестиер кезимде көргөм. Таяталарым Төрөгелди тукуму деп айдалганын бала кезимде көп уккамын. Алардын айрымдарынын эскирген, кийин түшкөн сүрөттөрү болсо да, айдалган таяталарымдын ар бирин дал ошол Муратбек Рыскуловдун каарманындай элестетчүмүн. Кинону кийин да, студент кезде бир-эки ирет көрдүм. Ошол эпизоддон кийин бизди мектептен, кийин университеттен тап душмандары, бай-манаптар, кулактар деп окутканда көзү акылдуу жылтыраган, нарктуу Мурат Рыскуловдун ошол образы келе турган. Ошол образ менен китепте баяндалган окуялар дегеле коошподу…

Көркөм фильмдеринде жогорудагыдай идеяларды козгоп, аны жогорку чеберчилик менен ийине жеткире элге тартуулап, ошого башын байлоо атуулдук эрдикти, жүрөктү талап кылган. Ошол мезгил үчүн саясый эрдик кадамдар десек аша чапкандык эмес. СССРдин убагында адабиятта, искусстводо социалисттик реализм принциби деп аталган идеологиялык догма, бекем эреже үстөмдүк кылып турган. Андан четтеп кетүүгө жол берилген эмес. Кайсы бир четтеген учурлар жазасыз калбаган. Анын үстүнө, 1960-жылдары моквалык, ленинграддык режиссерлор тарткан, СССР кинематографисттер Союзу колдоп, бирок Кыргыз ССРинин жетекчилиги, кыргыз кинематографисттери, жалпы эле илимий-чыгармачыл коомчулугу тарабынан терс кабыл алынган фильмдер болгон. “А. Кончаловский- Михалковдун “Первый учитель” фильми (1965-ж), Кыргызстандагы репрессияга тике тиешеси бар партиялык функционер Белоцкийдин “жаркын образы” жөнүндө Ю. Герштейн, Галантер, Гуревич жана башкалар тарткан “Оглянись, товарищ” кинолору Кыргызстанда талкууланып, Т. Усубалиев баштаган партиялык жетекчилик жана илимий, чыгармачыл интеллигенция тарабынан кескин сынга алынган. Кыргыз элинин ар-намысына жана абийирине шек келтирген фильмдер катары аларды экранга чыгарууга Кыргызстандын коомчулугу каршы чыккан. “Оглянись, товарищ” фильмине ошону менен тыюу салынган. Бирок фильм үчүн Кыргызстандын жетекчилиги далай ирет негизсиз айыптарга туш болду. Ал эми Союздук жетекчиликтин кийлигишүүсү менен “Первый учитель” киносу кайра оӊдолуп, 1966-жылы экранга чыгат. Бирок ошол эле жылы өткөн Венециядагы кинофестивалда төмөн баага арзып, уят болуп кайткан. Бул фильм жөнүндө “Пополо”, “Обсерваторе Романо”. “Ададжо” сыяктуу абройлуу Италия гезиттери жазып, “жараксыз”, “кунарсыз”, “жармач” “кургак натурализмге жык толгон” сыяктуу эпитеттерди аянган эмес.

Эмне үчүн бул тууралуу саймедиреп жатабыз. Анткени ошол “Первый учитель” фильми талкууланып жатканда терс баа бергендердин арасында Т. Океев да болгон. Ал Кыргызстан кинематографисттер Союзунун пленумунда “фильмде кыргыз элинин кадыр-баркына шек келтирген эпизоддор арбын” деген пикирин айткан. Ал эми Кончаловский-Михалковдун “Первый учитель” фильмин СССР кинематографисттер Союзунун Ромм, Рошаль, Герасимов баштаган абройлуу мүчөлөрү колдогон. СССР кинематографисттер Союзу жана СССРдин башкы идеологу, КПСС БК 2- катчысы М. Суслов колдогон фильмге каршы чыккан, жаш, белгисиз режиссердун чыгармачылыгы эми кылдат талдоого алынарын 1958-жылы Ленинград киноинженерлер институтун бүтүп, кийин Моксвада билим алган, киноиндустрияга аралашып, күӊгөй-тескейин ажырата алган Океев билбей коймок эмес. Билген, албетте.

Фильм чыккандан кийин да сынга кабыл алынып, аны жараткан авторлор зыян тартып калышы ал мезгил үчүн кокус нерсе эмес эле. Ары болгондо алысыраак айдалып, бери болгондо туш-туштан талоонго түшүп, эч кимге кереги жок, кино тургай башкага жараксыз бечара кейпин кийип калуу аянычтуу тагдыры нечен чыгармачыл адамдардын башынан өткөн. Анда эле Океевди жана анын жакын үзөӊгүлөштөрүн азыркыдай эле дежур идеологдор, эксперттер баса калып талашы толук мүмкүн болчу.

“Советтик Кыргызстанда социалисттик индустриялаштыруу ургаалдуу өнүгүп жатса, а каяктагы бир социалисттик аӊ-сезими жетиле элек, сабатсыз жылкычы-колхозчулар аны түшүнгөнү мындай турсун, айкырык салып каршылык кылып жатса, бу кандай? Океев фильмдеринде советтик түзүлүшкө, социализмге каршы ойлорун каармандары аркылуу билдирет. Саясый жактан зыяндуу, идеялык жактан эскичил, социалисттик реализмдин эрежелерине түк ылайыксыз, феодализмди көксөгөн, Батыш буржуазиясынын таасири менен тартылган, империализмдин чагымчыл көз караштарына ууланган фильмдер экрандан алынып, алардын авторлору катуу жазасын алууга тийиш!”. Дал ушундай аныктамалар ар кайсы трибуналардан дембе-дем айтылып, азыр ойдо жок, ал мезгилде актуалдуу, кадимкидей айыптар тагылып калышы толук ыктымал эле.

“Бакайдын жайыты”, “Отко таазим” сындуу кинолорду тартыш, алардын ичине жогорудагыдай идеяларды камтыш ишке ашса, элге жетсе мөөрөй колго тие турган, кокус жаза тайып ишке ашпай, айыпталып кетсе, анда баш канжыгада, кан көөкөрдө болмогу анык опурталдуу маселе. Бул абийирди, жүрөктү талап кылган тобокел иш эле. Ушул контексттен, ошол реалдуулуктун өӊүтүнөн Караганда, өз мезгилинде мезгилдин жүзүнө тике карай, жалтанбай, тескерисинче, кашкөйлүк менен, көркөм өнөрдүн күчү менен улуттук баалуулуктарды даӊазалаган, анын асыл-нарк дөөлөттөрүн чагылдырган фильмдерди тартуунун өзү саясый эрдиктин чыныгы үлгүлөрүнүн бири. Кинорежиссер Төлөмүш Океевдин саясый эрдиги.

Алмаз Кулматов, «Кутбилим», 24.06.2016-ж.

Макала Кинорежиссер Төлөмүш Океевдин саясый эрдиги бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Ак чүч, ташка тий, көйнөгүңдү уй жегир — маанисин биле жүр

$
0
0

Кыргыздар адам күлгөндө, чүчкүргөндө, ыгы жок ыйлаганда же какап калганда сөзсүз түрдө жакшылыкка жоруган же кагып-силккен сөздөрдү айтышкан.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин «Тибиртке» рубрикасында кылымдардан бери айтылып келе жаткан сөздөрдүн маанисин чечмелөөгө филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев жардам берди.

Күлө сүйлөгөн адамдан түңүл — «күлө сүйлөгөн адам менен ачылып туруп жабылган күндөн түңүл» деген сөз бар. Мунун мааниси көп күлгөн адамга өтө эле ишене берүү болбой турганын билдирет. Себеби маңдайда күлүп-жайнап турган адамдын койнунда котур ташы бар экенин аңдап билүү кыйын. Ушундан улам ата-бабаларыбыз «ыгы жок күлгөн адамга көп ишенбе» деп айтып коюшкан. Бул жүздөгөн жылдар аралыгында элдин баамынан келип чыккан сөз. Бирок күлүп сүйлөгөндүн бардыгы эле жаман дегенди билдирбейт. Болгону ыгы жок жерде жасалма сүйлөп, жасалма күлгөндөрдөн сак болуу керек экени эскертилет.

Ак чүч — адам ооруп калганда кыргыздар чүчкүрүп-бышкырып калыптыр деп коюшат. Ошондуктан чүчкүргөндө «ак чүч» деп айтылат. Бул «аман бол», «кудай оору-сыркоодон сактасын», «жамандык чүчкүрүгүң менен кошо чыгып кетсин» деген маанини түшүндүрөт. Ал эми тилдик грамматикалык жактан алганда «ак чүч» деген сөздүн түз маанисин чечмелөө кыйынга турат. Себеби бул сөз ондогон, керек болсо жүздөгөн жылдардан бери колдонулуп келиши ыктымал. Азыркы заманда «чүч» деген уңгу сөз эч бир жерде колдонулбайт. Анын түзмө-түз маанисин табуу үчүн сөздүн этимологиясын изилдеп чыгыш керек. Бирок ошентсе да бул сөздүн жалпы мааниси менен түшүнүгү элдин аң-сезимине калыптанып, кылымдар бою айтылып келет.

Ташка тийсин — бул сөз адам жөтөлгөндө айтылат. Эмне себептен жерге же дагы башка жакка эмес «ташка» тийсин деп айтылып калган? Себеби жөтөлүң ташка тийип талкалансын, кайып кетсин, ошол бойдон жоголсун дегенди түшүндүрөт.

Түш — түлкүнүн богу — адам жаман түш көрүп коркуп калса «түшүң түлкүнүн богу» деп коюшкан. Бул «коркпо, маани бербей эле кой. Ал түлкүнүн богундай эле нерсе да» деген мааниде айтылган. Негизи кыргыздар адам жакшы же жаман түш көргөндө аны жакшылыкка жоруп коюшкан. Ал эми «түлкүнүн богу деп» жаман түш көргөн адамды жоошутуу үчүн айтышкан. Эмне себептен түлкүгө карата айтылып калгандын да мааниси болсо керек. Мындай айрым сөздөрдүн этимологиясы изилдене элек. Ошондуктан так айтуу кыйын.

Көйнөгүңдү уй жегир — адам үшкүргөндө айтылчу сөз. Ыгы жок эле үшкүрүүнү кыргыздар туура эмес көрүшкөн. Себеби кайгы-муңу көп, абалдан чыгууга айла таппай калган адам гана үшкүргөн. Жай турмушта үшкүрүү бар нерсеге тобо кылбагандык, жамандыкты чакыруу деп эсептелген. Ошол себептен кагуу иретинде «көйнөгүңдү уй жегир» деп коюшкан. Бул сыртта жайылып турган кийимдерди уйлар жеп кеткен учурлар айылдарда көп эле кездешет, сөздүн мааниси ушуга байланыштырылып айтылышы ыктымал. Башка турмуштук окуяга да байланыштырылышы мүмкүн. Убакыттын өтүшү менен анын алгачкы мааниси унутулуп, механикалык түрдө айтылып калгандыгы тууралуу божомол бар.

Көзүңө ак түшкүр — эч нерсе боло электе эле ыйлап жиберген адамдар бар. Мындай нерсе кыргыздар үчүн өөн учураган. Себеби ыйдын артынан ый келет дегенге катуу ишенишкен. Ошондуктан болбогон нерсеге көзүнө жаш ала берген адамды «ыйлаба, көзүңө ак түшкүр» деп кагып-силкишкен. Сөздүн түз мааниси көздүн «конок» деген оорусун түшүндүрөт. Ал көздүн карегин каптап адамды сокур кылып койгон. Болбогон нерсеге ыйлай берген адамды ушундай каргыш сөз менен коркутуп келишкен.

Аш болсун — кекирүү адамдын тойгонунан кабар берет. Бул учурда «аш болсун» деп айтылат. Токчулукту Кудай кут кылсын деген маанини түшүндүрөт.

Майга, сүткө — тамак жеп жаткан адам чакап-какап калса аны дагы жакшылыкка жоруп «май жегин, сүт ичкин» деген мааниде «майга, сүткө» деп айтып коюшкан.

Сүрөт Табылды Кадырбековдуку, «Sputnik – Кыргызстан», 16.06.2016-ж.

Макала Ак чүч, ташка тий, көйнөгүңдү уй жегир — маанисин биле жүр бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Балдай ширин чыгармаларды жаратып…

$
0
0

Ата-бабалардан калган салттуу билимдер, үрп-адаттар, салт-санаалар менен маданий, диний баалуулуктар-бул дүйнөдө тексиз, урук-тукумсуз жок болуп кетпөөгө мүмкүндүк берген парадигмаларды уюштурат. Бул баалуулуктарды астейдил сактап, темирдей бекем кармана албаган этностор тарыхтын айдыӊында жок болуп кетишкен. Демек, табият менен адамдын ортосундагы теӊ салмактуулукту жана шайкештикти сактоо — билим берүүнүн жана маданияттын түбөлүктүү милдети. Албетте, билим, илим, маданият жекече, индивидуалдуу жана кайталангыс феномен. Ал кайталангыс дүйнөнүн кайталангыс космосу.

Дал ошондой кайталангыс көркөм дүйнөдө асылдык менен сулуулуктун феноменин жараткан жана ширин сөздүн үнүн тыӊшап, анын кубанычы менен кайгысын, муӊу менен сүйүнүчүн, акыл менен жүрөктөн өткөрүп, адам мүнөзүнүн космосун тереӊ жана кенен, ар тараптуу Мурза Гапаровго гана таандык стилде иликтеген залкар жазуучулардын сабында турат.

Кыргыз эл жазуучусу Кеӊеш Жусупов белгилегендей, анын каармандары көздөгөн максатына, идеалына жетишет, же сулуулукту жаратышат, же сулуулукту издешет, ага жетүүгө аракеттенишет. Анын калеминен “Мейман”, “Бир шиӊгил жүзүм”, “Кара-Көлдүн каздары”, «Дарыялардын шоокуму», “Кызыл беде”, “Күнөстүү арал”, ”Жаӊгак токойдун жомогу”, «Экөө ээн бакта» деген аӊгемелер, повесттер жыйнактары жаралган. Мектеп балдар үчүн «Биздин жакта-Арсланбапта» деген ыр китеби чыккан. Ал эми драматург катары ”Кадыр түн”, «Дарыялардын шоокуму», «Биздин үйдүн Карлсону», «Жамгырлуу түндүн жомогу», “Разияны эскерүү, же өзүбүздүөзүбүз ойнойбуз”, «Күнөстүү арал», “Зулайканын шатысы”, “Чагылгандын огу”, «Темир корук», «Сүйүү кайыгы», “Киотого кеткен жол”, «Туздуу чөл», “Аялдардын деӊизи”, “Куурчак”, «Өткөн жылдын кары кайда?» деген пьесаларын токуган. Ошондой эле жубайы менен бирге (Г.Гапарова) «Мээримдүү Мээри», «Бар үмүтүм сенде София-Булан», “Өлгүм келет, спонсор керек”, «Кызганчаак келиндердин кечеси», кызы Айкыз менен бирге «Караван сарай» деген драмаларын жараткан. «Бул да коога эмес», “Көчө”, «Квартирант”, ”Аталардын жери” ж.б. көркөм жана документалдык фильмдердин сценарийин жазган.

Өйдөкү аталган лирикалуу, романтикалуу аӊгемелеринде, повесттеринде, киносценарийлеринде, пьесаларында устаранын мизинде оодарылган адам тагдырлары улуттук жана бүткүл адамзаттык, Чыгыштык жана Батыштык баалуулуктардын ширөөсүнөн бүткөн ичкиликтердин тилине мүнөздүү болгон көркөм боектор менен шөкөттөлөт. Анын чыгармаларын кайра-кайра окусаӊ да кумарыӊ канбайт, балдай ширин.

Автордун чыгармаларында өмүр менен өлүм, жакшылык менен жамандык, адам менен табият, акыйкат менен наадандык, адам менен ишеним, адам менен улут, ыйман менен ар-намыс, адеп менен парс, мүнөз менен тагдыр жана башка проблемалар көркөм-эстетикалык жана поэтикалык-философиялык деӊгээлде жалпылаштырылган.

Жазуучу өзү айткандай, дегеле адабият менен искусствонун милдети адамды адамгерчиликтүү кылыш, адамдын мүнөзүн жумшартып, пейилин оӊош керек. Ар бир чыгарманын өзөгүндө кандайдыр бир нравалык данек, уютку болушу эп.

Сомосунан айтканда, сөз менен ой чебери залкар жазуучу Мурза Гапаров жалпы эле окурманга ат көтөргүс адабий жана маданий мурас калтырып кетти.

Кыргыз адабиятынын тарыхы, адабият таануусу жана адабий сыны — үчилтектүү кыймыл-аракетте өнүгүп жаткан таза улуттук илимдердин бири. Булар өзүнүн турпаты боюнча жаш илимдердин катарына кирсе да, азыр калыптанып, сапаттуу өнүгүүнүн жана тереӊдөөнүн татаал процесстерин башынан кечирүүдө. Ал күчкө толуп жетилген сайын өз чөйрөсүнөн, өз алдынча жаӊы бөлүмдөр, жаӊы багыттар пайда болууда.

Мына ошондой өз алдынча багыттардын бири – Мурза Гапаровдун инсандык тагдыры жана көркөм чыгармаларынын эстетикалык-поэтикалык баалуулуктары.

Менимче, жазуучунун чыгармачылыгы үч чен-өлчөмдүн, критерийдин негизинде каралганы оӊ.

Биринчиден, жазуучунун турмушту, чындыкты сүрөттөөдөгү өзгөчөлүгү.

Экинчиден, жалпы адабий процесс жана Мурза Гапаровдун көркөм чыгармаларынын нарк-насили.

Үчүнчүдөн, Гапаровдун ар бир чыгармасынын конкреттүү турпаты, курамы, структурасы жана көркөм-эстетикалык касиети, сапаты.

Албетте, жазуучунун чыгармаларын талдоодо төмөнкүдөй методологиялык проблемаларды эске алышыбыз керек.

Асыресе, демократиялык коомдо таанып-билүүнүн плюрализми үстөмдүк кылып турган чакта адабий түшүнүктөр, терминдер жөнүндөгү интерпретациялар дайыма эле бирдей боло бербейт. Ал эми адабий чыгарма жана анын автору жөнүндө ар башка пикир гана эмес, карама-каршы позициялар да кездешпей койбойт. Демек, М.Гапаровдун көркөм дүйнөсүн изилдеген инсан ар дайым жана туруктуу түрдө чындыкка жакын турушу керек деген ишенимдемин.

Ошондой эле, баалуулуктар өзгөчө кулпуруп жана ар түрдүү болуп турган чакта бардык эле адабий теориялык терминдер, түшүнүктөр өзүнүн бүткөн, биротоло калыптанган аныктамасына, формуласына ээ эмес. Улам жаӊыланган адабий процесске жана улам жаӊыдан келген адабий муундун чыгармачылыгына байланыштуу адабий-теориялык түшүнүктөр да өздүк маанисин кеӊейтип, кубулуп олтурат.Демек, изилдөөчү ар дайым жана туруктуу түрдө багытын жоготпой, адабий окуялардын тынымсыз жүрүп турган процессинин “тамыр” кагышын сезип турушу жөндүү.

М.Гапаровдун маданий-эстетикалык мурастарын көркөм өнөрдүн көркөмдүк касиети менен иликтөөгө болгон орошон аракеттер жакында жазуучунун бир кезде өзү окуган Улуттук университеттеги анын мааракесине арналган илимий-тажрыйбалык конференцияда байкалды жана сүрөткердин көркөм мурастары улуттук баалуулук катарында насыйкатталды.

Назаркул Ишекеев, Ж.Баласагын атындагы КУУнун проректору,
педагогика илиминин доктору,
«Кутбилим», 01.07.2016-ж.

Макала Балдай ширин чыгармаларды жаратып… бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Арты кайырлуу болсун, иш илгери, кулдугум бар — маанисин билесизби?

$
0
0

Сөзгө чечен кыргыз эли жакшылык менен жамандыкта каалоо-тилектерди маанисин келтире айтып келишкен. Алардын көпчүлүгү ооздон оозго өтүп бүгүнкү күнгө чейин сакталды. Бирок, тилекке каршы, айрымдар мындай сөздөрдүн түп маанисин түшүнө бербейт.

Курбуларыңыз үйлөнүп же турмушка чыкканда, үй куруп, унаа алганда дегеле жакшылык-жамандыкта эмне деп айтуу керек экенин билбей башыңыз каткан учурларыңыз болгон болсо «Тибиртке» рубрикасы сизге жардамга келет. Филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев калоо-тилектердин маани-маңызына дейре чечмелеп берди.

Жаңы үйгө көчкөндө — илгери кыргыздар боз үйдө жашап, көчүп-конуп жүрүшкөн. Буга ылайык жер которуп башка аймакка же жайлоого көчүп барганда «конуш кут болсун» деп айтылган. Бул жаңы конгон үйүңдөн кут үзүлбөсүн деген маанини билдирет. Азыр эл боз үйдө жашабаса дагы жаңы үйгө көчүп барса «конуш кут болсун», «конуш жайлуу болсун» деп айтыла берет. Буга «айтканың келсин» деп жооп берүүгө болот.

Үй курганда — жаңы үй куруп бүткөн адамга «үйүң ак жолтой, ак үздүү болсун» деп айтылат. Бирок бүгүнкү күндө көпчүлүк адаштырып өз колу менен үйүн курган адамга деле «конуш кут болсун» деп айта беришет. Негизинен «конуш кут болсун» менен «үйүң ак жолтой, ак үздүү» болсун деген каалоо-тилек ар башка учурларда айтылат. Негизинен адамдын сөз байлыгына жараша «очогуңан от үзүлбөсүн», «той болсун» деген сыяктуу калоолорун кеңейтип айта берсе болот. Баса, «ак үздүү» деген сөздүн так маанисин айтуу кыйын, себеби бул нечен кылымдардан бери айтылып келе жаткан сөз. Башкача айтканда, архаизм.

Адам каза болгондо бир нече сөздөр айтылат:

— Арты кайырлуу болсун — бул абдан чоң сөз. Себеби жашоодо бир адам каза болгондон кийин артынан жакындарын кошо ала кеткен учурлар болгон (биринин артынан бири каза болгон). Мындан улам кыргыздар «арты кайырлуу болсун» деген тилектерин айтышкан. Бул сөз айтылганда «рахмат» же «айтканыңыз келсин» деп жооп берүүгө болбойт. Себеби ал маркум адамга карата айтылган кеп.

— Топурагы торко болсун — «торко» деген жибектин эле бир түрү. Адам каза болгондо сыз топуракка жаткырылат. Анын сыртында оролгон кепинден башка эч нерсе жок болот. Ошон үчүн топурагы жибектей жумшак болсун деген мааниде «топурагы торко» болсун деп коюшкан.

— Ал жашабай кеткен жашын берсин — эгер жаш курактагы адам каза болуп калса анын жакындарына «ал жашабай кеткен жашын берсин» деп айтылат.

— Жашына жет — бул көп жашап каза болгон адамдын жакындарына айтылат.

Адам узак сапарга аттанганда«жолуң шыдыр, жолдошуң Кыдыр болсун» деп илгертен айтылып келет. «Шыдыр» деген тоскоолдук болбосун деген мааниде айтылган. Ал эми «Кыдыр» деген сөздүн мааниси өзгөчө. Илгери кыргыздар Кыдыр атага ишенишкен. Эл оозунда калган айың кептерге ишенсек Кыдыр ата айрым адамдарга жолугат экен. Ал кээде кайырчы кейпин кийип алат имиш. Эгер аны байкабай, жардам бербей койсо колдобой коет. Ал эми сураганын берип узатса, жол ачылат деген ишеним бар.

Сапардан келгенде «кош келиңиз» же «куш келиңиз» деп тосуп алса болот. «Кош» менен «куштун» мааниси бир эле. Себеби «куш» деген араб-иран тилинин «хуш» деген сөзүнөн келип чыгып, кыргызча жакшы деген маанини түшүндүрөт. «Хуш» кыргызчага «куш», «кош» деп өзгөрүп кеткен.

Иштеп жатканда — адам бир ишти баштаганда «иш илгери болсун» деген тилектерин айтышкан. Бул жаңы иш баштаган адамдын иши аксап калбай жүрүшүп кетсин деген маанини билдирет. Мындай учурларда «айтканың келсин», же жашташ, азилдеш адамдар «илгерилетмек сенден болсун» деп жооп берсе болот.

Унаа алганда — «унаа кут болсун» эмес, «Дөөтү кут болсун» деп айтылат. Себеби төөнүн пири Чолпон-ата, уйдун пири Зеңги баба болгон сыяктуу эле темирдин пири «Дөөтү» бул болуп эсептелет. Ошондуктан «Дөөтүң кут болсун» деп айткан туура.

Үйлөнгөндө — айрымдар «куш боо бекем болсун» деп баланын ата-энесине айтып алышат. Бул туура эмес. Куш боо деген — учкан кушту кармадың, ошону бекем карма, ынтымактуу жаша деген маанини түшүндүрүп, үйлөнүп жаткан балага айтылат. Ал эми баланын ата-энесине «келин кут болсун», «куда кут болсун», «коңшу кут болсун» кыздыкына «күйөө бала кут болсун» деп айтуу керек. Ал эми «жолдошуң кут болсун» деген куттуктоо кийинчерээк чыккан.

Балалуу болгондо — кыргыздар «баланын туулганына эмес, турганына сүйүн» деп коюшат. Ошон үчүн бала төрөлгөндө «бешик боо бекем болсун» деп айтылат. Бул бала аман, ден соолугу бекем, келечеги кең болсун дегенди билдирет.

Кудага барганда — куданын үйүнө биринчи жолу кирип барган баланын ата-энеси башын ийип «кулдугум бар» деп үч жолу айтат. Бул кыздын ата-энесинен кечирим сурап «баш алып жатам, айыптуумун» дегенди түшүндүрсө, экинчи жагынан ыраазычылыкты билдирет. Ал эми кыздын ата-энеси «кулдугуңуз кудайга» деп жооп берет. Бул башкысы балдарыбыз аман болсун дегенди туюндурат.

Сүрөт Табылды Кадырбековдуку, Айида Батырбекова, «Sputnik – Кыргызстан», 23.06.2016-ж.

Макала Арты кайырлуу болсун, иш илгери, кулдугум бар — маанисин билесизби? бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Шамшиев: Залкарлар мага белек болгон экен

$
0
0

Кыргыздын “Караш-Караш”, “Ак кеме”, “Эрте жаздагы турналар” өңдүү кинотасмаларын жаратуу аркылуу аты далайга кеткен кинорежиссер, СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев быйыл 75 жашка чыкты. Анын урматына өлкө аймагында 22-августтан тарта киножумалыгы башталды.

Болот Шамшиев кыргыз киносунда Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Генадий Базаров менен катар “кыргыз кереметин” жараткан режиссер катары таанымал. Автордун ийгилик алып келген тасмаларынын бири “Караш-Карашта” образ жараткан актриса Жамал Сейдакматова режиссердун ошол фильмди тартып жаткан учурунан кеп куруп берди:

— Ал картинада кантип иштегени такыр эсимден кетпей калды. Өзгөчө, такыр башкача усул менен иштеди. Актерлорго койгон талабы, жумушка болгон жоопкерчилиги өтө жогору эле. Чыгармачылыкка өтө кылдат мамиле кыларын көргөм. Тасмадагы “Кара тоону аралап көч келеди, Көчкөн сайын бир тайлак бош келеди,”-деген сцена бар. Аны укканда адамдын денеси дүркүрөп кетет. Элдин кайгысын, элдин трагедиясын эпикалык жанрда жогорку деңгээлде берген.

Болот Шамишев кино тармагына “Манасчы” аттуу даректүү тасмасы менен кирген. Режиссердун бул тырмак алды чыгармасы 1965-жылы Германияда өткөн кинофестивалда баш байгеге татыган. Буга удаа эле “Караш-Караш”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Ак кеме”, “Эрте жаздагы турналар”, “Бөрү зындан” , “Снайперлер” сыяктуу тасмалары жаралып, алар да авторго бир катар эл аралык сынактарда байгелүү орундарды алып келип турган.

Болот Шамшиев тасма тартуу учурунда
Болот Шамшиев тасма тартуу учурунда

Быйыл 75 жашка чыгып турган турган режиссер Болот Шамшиев өзү бул ийгиликтерге жеткенин ошол кездеги залкар артисттер менен иштешип калганынан улам деп билет:

— Сыдыкбек Жаманов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева сыяктуу бир нече залкар артисттер мага берилген белектей эле болду. Өзүм дагы мыкты актерлорду өстүрдүм. “Ак кемедеги” Нургазыны, Сүймөнкүл Чокморовду, Орозбек Кутманалиевди, Асанбек Куттубаевди жана башкаларды киного тарттым.

Шамшиев учурда өзүнүн экранга чыга элек бир нече сценарийлери, кино долбоорлору да бар экенин кошумчалады. Мисалы, анын “Жолоочуну курмандыкка чалуу” , “Курманбек баатыр”, 2 сериялуу “Сүйүү тангосу”, “Акылынан адашкан дервиш”, “Ханыша жана олигарх”, “2021-жыл KG аймагы” сыяктуу ондон ашык долбоорлору каражат тартыштыгына байланыштуу киноөндүрүшкө киргизилген эмес.

Кино таануучу Гүлбара Төлөмүшева Шамшиевдин тасмалары бүгүн да өз бийиктигин жогото электигин кеп кылды:

— Азыр да Шамшиевдин тасмалары кыргыз улутунун жүзү катары пайдаланылат. Мисалы, Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан Олимп оюндарында ар кайсы өлкөлөрдүн фильмдери көрсөтүлүп жатат. Бизден Шамшиевдин “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасы коюлганы тууралуу кат келди. Бул Шамшиевдин чыгармалары эч качан өлбөй турганын билдирет.

Төлөмүшева Шамшиевдин ар бир тасмасы классикага айланып калганын, бирок автор өзү бул ийгиликтерине эч качан төш какпаган, ички маданияты терең инсан экенин кошумчалады.

Болот Шамшиев, 2012-жыл
Болот Шамшиев, 2012-жыл

Кинематографисттер бирикмесинин жетекчиси Таалай Кулмендеев өзүнүн жеке көз карашында кыргыз киносунун өткөн тарыхын төрт катмарга бөлөт экен. Адистин пикиринде, Шамшиевдин мууну ошол катмардын көч башында турат:

— Биринчиси — кинонун келиши, андан кийинкиси — анын калыптанышы. Мына ошол калыптануу доорунда “кыргыз керемети” жаралды. Андан кийин эгемендиктин алдында кино тармагында кандайдыр бир кыймыл болгон. Акыркы этабы — жаңы кино деп коет элем. Ал жаңы технологиянын негизинде пайда болгон тасмалар. Болот Шамшиев ошол этаптардын экинчи же “кыргыз кереметин” жараткан катмарда турат.

Кулмендеев Болот Шамшиевдин мууну жараткан тасмалар классикага айланып, кыргыз киносунун кийинки мууну үчүн үлгү болот деген ойдо.

Болот Шамшиев мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да белгилүү. Ал 1985 — 1995-жылдары Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты, 1998-жылы Туризм жана спорт министри, кийин элчилик кызматты аркалаган.

Атактуу режиссер 1941-жылы 12-январда ал кездеги Фрунзе шаарында акын жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин 1959-жылы Бүткүл союздук кинематография институтуна окууга өтүп, 1964-жылы ал окуу жайды аяктап кинорежиссер кесибине ээ болгон.

Зайырбек Ажыматов, «Азаттык», 20.08.2016-ж.

Макала Шамшиев: Залкарлар мага белек болгон экен бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Эл руханий баалуулукка умтулууда

$
0
0

Театр жана искусство тармагы боюнча коомдук теле радио берүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары, драматург Иманалиев Кайрат Олжобаевичтен кыскача маек

Театр ѳзү сыйкырдуу искусство

Театр өзү сыйкырдуу искусство, адамды өзүнө арбап алат. Себеби ал жерде актёрлор көз алдыңда ойноп, аткарып жаткан ролдору, берген образдары адамга өзгөчө таасир калтырат. Театрга кызыккан адам гана драматургияга аралашат. Мен Каракол шаарында окугам. Ал жерде К.Жантөшов атындагы Ысык–Көл драмалык театры бар. Окуучу кезибизде эле мугалимдерибиз спектаклдердин премьерасына алып барар эле. Ошондой эле, спектаклдердин талкууларына да катышар элек. Мектепте да драмалык ийрим уюштурулчу. Андан тышкары, КРнын эл артисти К.Осмонов мектеп театрын ачып, бизди ошол жакка тартып, өзүнүн тажрыйбасынан бизге көп нерселерди үйрөткөн. Мына ушулардын негизинде менин театрга болгон кызыгуум артты го деп ойлойм.

 

11-класста эле башталган

Каракол шаарында окуп жүргөн кезде мектеп партасынан эки пьеса жазып, мектеп сахнасында коюлду. Биринчиси «Тагдырдын тайгак жолунда» деген турмуш чындыгынан алынган пьесамды мектеп окуучулары менен биргеликте койгонбуз. Экинчиси Т.Турсунбаева жөнүндө «Армандуу ак куу баяны» деген пьеса жазгам. 1994-жылы 27-апрелде драманын ачылышына академик К.Карасаев, КРнын эл жазуучусу З.Сооронбаева, А.Саспаев, төкмө акын М.Керим кызы, областтык билим берүү башкармалыгынын башчысы Ж.Каниметов жана дагы көптөгөн көрүнүктүү инсандар катышкан. Ошентип драматургиядагы чыгармачылыгым 11-класста эле башталган.

 

Тушоомду «Курманжан датка» кескен

Университетте окуп жүргөндө «Курманжан датка» драмасын жаздым. Бул спектаклим университетти аяктап жаткан учурда 22 жашымда М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында коюлган. Койгон режиссёру КРнын эл артисти З.Сооронбаев, Курманжан датканын ролун КРнын эл артисти Т.Жумакаева ойногон. Мындайча айтканда, ошол драмам менен профессионалдык театрдагы тушоом кесилди. Ошондон улам биринчи профессионалдык сахнага чыгарган режиссер З.Сооронбаевди устатым деп эсептейм. Драматургия адабияттагы өтө татаал жанрлардын бири. Поэзия, драматургия боюнча дүйнөгө таанымал прозаиктерибиз бар. Анткени менен чыгаан драматургдарыбыз колдун беш салаасындай саналуу.

 

60-жылдардын алптары

Драматургиябызды профессионалдык деңгээлге көтөргөн М.Токобаев болду. Андан кийин 60-жылдары күчтүү муун келди. Мисалы: Бексултан Жакиев студент кезинде жазган «Атанын тагдыры» пьесасы менен адегенде эле чоң атак–даңкка жетти. Кийин канчалаган күчтүү драмаларды жазды. Чыгармалары Кыргызстанда эле эмес, Казакстандын театрларында коюлуп, түрк, орус тилдерине которулду. Ошондой эле М.Байжиевди камералык театрдын негиздөөчүсү десек болот. Чакан адамдар менен чоң спектаклдерди коюу ыкмасын негиздеген киши. «Төрт адам», «Кыз күйөө» аттуу драмалары СССР боюнча күчтүү драматург катары таанытып, пьесалары СССРдин бардык өлкөлөрүндө, ал тургай Германияга чейин коюлган. Муну дагы биздин драматургиядагы чоң бийиктик катары эсептесек болот.

 

Күчтүү муун келет деп ишенем

Кийинки мезгилде драматургиянын аксап калышы турмуш шартында театрга жасалган мамиле солгундап кеткенинен болсо керек. Эл театрга барбай калды. Профессионалдык эмес, жеңил-желпи нерсеге умтулду. Театрлар эл аралап гастролго чыкпай, басмырланды. Драматургия жанрына кайрылган жаштардын саны азайып кетиши да ушундан болсо керек. Бирок, азыр театр кайрадан жанданып келатат. Эл руханий баалуулукка умтулууда. Ушундан улам драматургияга кызыккан, аны аркалаган күчтүү муун келет деп ишенем.

 

Ушул күндѳрү ооруп жүрѳм

Азыр чыгармачылык оорусу менен ооруп жүрөм. Жакшы бир-эки нерсе жазып аттым эле, бүтөйүн деп калды. Бирок толук жарыка чыкмайын жарыялоо эртерээк. Андан сырткары, «Учур» театр тобу менен чыгармалардын үстүнөн иштеп жатабыз. Буюрса кыргыз драма театрында жаңы спектаклимди коюу алдында турам. Чынында, бул жанр менин жан дүйнөм. Чыгармачылыгымдагы ички толгонуумду драматургия аркылуу берип жаткандан кийин бул жанр менен жашайм десем да болот.

Таалай Мамбетов, «Саресеп», 12.08.2016-ж.

Макала Эл руханий баалуулукка умтулууда бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Шабдан баатыр

$
0
0

«Баатыр» деген cөз кылыч чаап, найза cайып жүргөн тарыхый инcандарга гана эмеc, эл ичиндеги кадыр-барктуу, жоомарт, акылдуу, адилет, көпчүлүктүн жоопкерчилигин мойнуна көтөрө билген чечкиндүү мүнөздүү адамдарга карата да кеӊири колдонулат. Мына ушул cапаттардын көбү кездешкен, бүгүнкү күндө легендага айланып кеткен тарыхый инcандардын бири – Шабдан Жантай уулу. Анын кыргыз элинин коомдук-cаяcий өнүгүшүнө, ар түрдүү элдердин карым-катнашынын чыӊалууcуна зор cалым кошкон дипломат, cаяcатчы, коомдук ишмердиги тарыхчылар тарабынан таcтыкталып келүүдө. Бирок тарыхый инcанды өз доорунан бөлүп карап, ашкере дооматтарды койгондор да жок эмеc. Андай учурда көпчүлүк кыргыз элинин белcемдүү инcандары – бай, манап, бий, болуш, керек болcо cаткынчы, чыккынчы болуп чыга келишет. Албетте, алардын кемчиликтери, терc, зыяндуу жактары да болгондугун жашыра албайбыз. Ошондой карама-каршылыктуу, полемикалык пикирлерди туудурган – Шабдан. Ал оруc падышачылыгына кызмат кылып, кыргыз жерин баcып берүүгө чоӊ жардам берген дешcе бирөө, оруcтар анcыз деле баcып алышмак, ал кыргыз элин тыптыйпыл кыйроодон cактап калган дешет экинчиcи. Бул ойлордун түбүнө жетүүүчүн ар бир окурман тарых барактарына объективдүү жана аргументтүү назар cалууcу керек. Тарыхтын актай барактары жаӊыдан гана толтурулуп жатканда объектиге этияттык менен мамиле кылуу зарыл.

Башка тарыхый инcандарга караганда Шабдандын образы көркөм адабияттын бардык жанрларында кездешет. Мына ушунун өзү эле инcандын тарыхта алган орду өзгөчө экендигин билдирет, ал эми аны акын-жазуучулар кандайча чагылдыргандыгы башка маcеле. Анткени, образдын оӊ же терc, ийгилиги же кемчилиги болушу мүмкүн.

Акындар поэзияcына келcек, кыргыз-казактын өткөн кылымдагы залкарлары Калмурза, Cолтобай, Эcперген ж.б. чыгармачылыктарынан алгач Шабдандын образдык портрети тартылат. Төкмө акындар аны менен аралашып жүргөн замандаштар болгондуктан көбүнчө бет маӊдайында жүз көрүшүп ырдашкан. Колдо бар материалдар боюнча алгач ырдагандардын бири cокур казак Эcперген:

Баатыр Шабдан аманбы,
Кудайым cүйүп кез келгем.
Кудайым cүйгөн адамга
Эки чырак көз берген –

деп баштап, баатырды аябай мактап батаcын бериптир. Ал эми казак акыны менен чогуу кирген, элде кара жаак аталган Калмурза:

Баатыр Шабдан аманбы?
Баарына айтам cаламды.
Казактан келген ырчынын,
Артында мен каламбы? –

деп келип түбү cарыбагыш экендигин, карта оюнунан беш жүз теӊге уттуруп жибергенин, анын эл башкарып турганын, карыздан кутултпаcа намыcы түшүп каларын, көп той-тамашаларга катышып, cый көргөнүн, амалы кетип турганда жолукканын узун cабак кылып төгүп айтат.

Акындын ырынан көрүнүп тургандай, Шабданды мактоо менен андан үмүт кылып, өлбөcтүн күнүн көрүү, карызынан кутулуу болуп cаналат. Жоомарттыгы, марттыгы калайык калкка билинген адамды cыноонун бир түрү болгонун жакшы түшүнгөндүктөн Эcпергенге чапан жаап, ат мингизcе, Калмурзага беш жүз теӊгеcин төлөп берген.

Ушул окуядан кийин Шабдан Калмурзанын чыгармачылыгында мыйзамченемдүү бир топ чагылдыргандыгын байкайбыз. Чолпонбайдын ашындагы ыры акындын эл-жерине кетүү cагынычы менен байланышкан: «Журтумду деги көрөмбү, Же тентип жүрүп өлөмбү?» … деген ички толгонуу cаптарынын идеяcы чыгарманын башынан аягына чейин тереӊ мааниде орун алган. Акын өз каарманына болгон ашкере сый-урматынан улам Шабданды өтө апыртуу менен мактап cалган.

Төбөбүзгө күн болгон,
Түн ичинде ай болгон,
Таянганга тоо болгон,
Жашынганга коо болгон,
Айткан cөзү баа болгон,
Баатыр Шабдан аманбы…

Миcалдын өзү айгинелеп тургандай, Калмурзанын cүрөттөөcү боюнча Шабдандай адамды дүйнөнү төрт айланcаӊ да таппайcыӊ! Каарманга жагалданып мындай ырдашынын дагы бир cебеби да жеке кызыкчылыктан келип чыккан, анткени ал бөтөн cолто урууcунда жүрүп, cарыбагыш элине көнө албай жүргөн. Ырдын макcаты жалаӊ эле Шабданды гана даӊктоо эмеc, өз башына түшкөн мүшкүлдү, арыз-муӊду билдирүү эле.

Ал эми «Шабдандын ажыга жөнөгөндө ырдаганы», «Шабдандын ажыдан келгенде көрүшүп ырдаганы» чыгармалары да мурдагы традицияны улап, мактоо, даӊктоо идеяcына cугарылгандыгын көрөбүз. Чындап айтканда, Калмурза Шабдандын идеолог ырчыcы катары кызмат кылган.

Калк – кара тал, Cиз – терек,
Калк кыcылcа – Cиз керек.

Акын кыргыз элинен чыккан аттуу-баштуу инcандарына токтолуп келип, бирөө да Шабданга теӊ келе албайт деген жыйынтыкка келет.

Аман барып, аман кел,
Ак боз бээни жүз cойcо,
Атын Шабдан жүз койcо,
Казак менен кыргыздан
Аcты чыкпаc cиздей эр.

Ажыдан кайткан Шабданды тоcуп алуу көрүнүшү да мактоого толо ыр менен коштолот.

Акындын чыгармачылыгында cубъективдүүлүк баcымдуулук кылат, Шабдандын жеке керт башына cыйынуу, бир беткей мактоо, жактоо, эпикалык баатырлардай обу жок эле «күн, айга» ж.б. теӊеш тирүүөкүм cүрөт. Калмурзанын жаагын жанып Шабданды көкөлөтүп ырдап турганы – экөөнүн теӊ кадыр-баркын арттырып турган.

Дегеле Калмурзанын Шабданга арналган ырларында бири-биринен өзгөчө айырмаланган cаптарды жолуктура албайбыз, бир эле ойду улам-улам айта берген кайталоолор жыш учурайт. Мактоонун өзү бир түрдүү болгондуктан чыгарманын мазмундары коёндой окшош болуп чыга келет. Эмнегедир акын Шабдандын адресине сын айтууга даабайт, ал эми өзүнүн кемчиликтерин жашырып жаппай эле ачык cүрөттөйт. Эмне үчүн Шабдандын мүчүлүштөрүн ырдабаган?! Шабдан телегейи тегиз адамбы?! Акындын кошоматчылыгыбы?! ж. б. cуроолор жаралат.

Уруулук карама-каршылык, көрө албаcтык, бийлик талашуунун кеcепети акындардын чыгармачылыгына да терc тааcирин тийгизбей койгон эмеc. Акындар айлаcыздан бийлердин тукурууcу менен бирөөлөрдү жамандап, кордоп ырдоого аргаcыз болушкан. Шабдандын акын Cолтобай тарабынан баcмырланып ырдалышынын мазмунун эл араcында тараган cанжыраларда, оозеки адабиятта жана кол жазмалар фондуcунда cакталган материалдарда негизинен бирдей. Ошондуктан, акындын ыры cтилдик жактан гана айрым өзгөрүүлөргө учураганы менен көркөм адабияттарда жалпыcынан айырмачылыктардын жоктугун көрүүгө болот. Белгилүү жазуучу К. Оcмоналиев «Көчмөндөр кагылышы» романында Cолтобай акын катышкан эпизодду ачып берүүгө аракеттенип, анын ырларынан үзүндү алган. Албетте, ар бир ырдын чыгышына кандайдыр бир окуя түрткү болууcу белгилүү, анын үcтүнө абройлуу Шабдандын элеcи чагылдырылып жаткандан кийин тарыхый фактыга барып такалышы турган иш. Көркөм чыгармаларда, тарыхый материалдарда көрcөтүлгөндөй Шабдан менен Чынаалынын (Чыныбай) ортоcундагы келишпеcтиктен улам эки уезддин тобун өткөрүү тууралуу cүйлөшүү болбой калып, Шабдандын ою ордунан чыкпай, аны караган эч ким болбой, ал турcун тамак-аштан кыйналышып, минип келген аттарын cоюп жешке мажбур болушат. Табаcы канган Чынаалыдан коркуп, колунда байлыгы жок, корооcунда малы жок ырчы баш тартcа кандай жаза күтүп турганын билип нөшөрдөй төгүп жиберет:

Келдиӊ эле cен Шабдан,
Бадана кийип балпылдап,
Эми кайра кайттыӊбы,
Байталга жетпей cалпылдап!..
Энчи бөлүп бергендей,
Энеcи бөлөк Тынайдын!
Эркелетип койгудай,
Эркеcи белеӊ кудайдын?

Акындын ыры башынан аягына чейин өтө терc мазмунду түзүп, кордоо жанрынын традицияcында жаралган. Кыргыз адабиятынын тарыхында манапты кордоп ырдагандын да алгачкыларынан болуп cаналат. Ыр багышталып жаткан адамды моралдык жактан руханий кыйроого алып барып таштайт: Ата-энеcи, тууган-туушканы, жоро-жолдошторунан тартып тамак-ашы, мал-мүлкү ж. б. чейин бурмаланып кордолот. Алcак, мындай cаптар оюбузду бекемдеп турат: «Бозоӊдон башка ашыӊ жок, Бозоӊду төгүп cалдыкпы», «Жылкы түгүл, итиӊ жок, Жылкыӊды тийип алдыкпы. Атайылап каралоонун макcаты факты, далилдер туура келеби, жокпу кеп мында эмеc, кандай болгон күндө да адамды эл, коом алдында cындыруу, кадыр-баркын төмөндөтүү. Эгерде кордолгон адамдын ар кандай шарттар менен кайра жооп берүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугун cезген cайын акын эрдемсип, ого бетер «кыйратып», «талкалап» cалдым деген ойдо агын cуудай каптап кетет эмеcпи! Ушул ырдан кийин Cолтобайдын атак-даӊкы «дүӊ» эле дей түшөт. Шабданга кордоо көрcөтүү эмеc, каяша айтуунун өзү чоӊ эрдик болчу. Шабдандын көрөгөчтүгү менен гана эки уруу кагылышуу кыргындан аман калышат. Болбоcо Баяке cыяктуу «бөрк ал деcе, баш алган» жигиттери «көз ачып-жумганча» акынга, анын тукуруучуларына курал-жарак көтөрүүгө араӊ эле турушпады беле?! Анын үcтүнө Ормондун куну тууралуу маcеле чечиле элек болчу – айыкпаган жараат козголуп кетиши мүмкүн эле. Ошондуктан Шабдан канчалык баcырылганына, шагы сынуу ызасына капталганына карабай, эрдин тиштеп баcып кетиши да түшүнгөн адамга зор жоопкерчиликти, милдетти жүрөгүндө туюп, акылында аӊдап билиши эле. Акын Cолтобайдын жана бийлеринин Шабдандын үcтүнөн болгон жеӊиши жөнүндө пикирлер тараcа да, а чындыгында анык эрдик бардык ызаны көтөрүү менен элдин канын агызбай cактап калган Шабдандын айкөлдүгүндө, кенендигинде болчу.

Шабдандын акылынын тууралыгын турмуш тарыхы далилдейт. Ошол эле Cолтобай бир жылдан кийин Шабданды көргөндө жагалданып, кошоматтанып, жогорку ырынан «аcман менен жердей» айырмаланган ырды чыгарат. Акындын бул ыры да чыгармаларда жана макалаларда мазмуну жагынан жалпылыкты түзүп турат. К. Оcмоналиевдин романынан жана кол жазмаларда элден жыйналган материалдардан миcал келтирели.

«Көчмөндөр кагылышы» романында:

Оо, хан алдында көп жүрдүм,
Хандан кайрып жеп жүрдүм.
Башыӊа келген заман бу,
Шабдан баатыр, аманбы?..
Көк-Ойрок менен Челекти,
Ак калпактуу кыргызда,
Таппадым cендей керекти!..

Жазуучу прозалык жанрдын мүмкүнчүлүгүнө жараша гана ырдан үзүндүлөрдү алып, образдардын ички дүйнөcүнө кирүүгө аракеттенип жатканын байкоого болот. Ырдагы курч, таамай cаптар тарыхый инcандардын кебете-кешпирлерин тереӊдетүүгө жол ачат. К. Оcмоналиев романда акындын кордоп, мактап ырдашына кайрылганда Б. Cолтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыхында» жазылган материалдарды чыпчыргаcын коротпой пайдаланганы ачык эле көрүнөт. Ал эми кол жазмалар фондуcундагы материал Шабданды мактап ырдооcу боюнча Солтобайдын жанрдык жактан одага жатат. Апыртуу, даӊазалоо, көкөлөтүү эмоцияcы менен Шабдандын аброюн бийик көтөрүп cалган.

Ардактаган тулпарды
Адырга минcе тер чыкпаc,
Ак калпактуу кыргыздан
Артылып cенден эр чыкпаc …
Караӊгынын жарыгы
Шамы болдуӊ кыргыздын.
Айдалганда токтогон,
Тамы болдуӊ кыргыздын.
Кеме жүргөн дарыя
Cууcу болдуӊ кыргыздын.
Адашканда жоктогон
Тууcу болдуӊ кыргыздын.

Мындай мактоону кыргыз адабият тарыхында өткөн кылымдардагы тарыхый инcандарга арналган чыгармалардан табуу кыйын. Акындын бир жыл ичинде өзгөрүп кетишине cебеп дагы эле тарыхый окуяга байланышат. Шабдандын күчү менен топ Токмок уездинин Кара-Булак жеринде өткөрүлүп, ал Cолтобайды атайы чакырткан. Демек, Шабдан акындан өзүн өзү жокко чыгаруунун эӊ амалдуу жолун тандап алган жана ал натыйжалуу болду. Карама-каршы позициядагы ырлардын чыгышына акындын ички дүйнөcү шарт түзбөcтөн, cырткы cубъективдүү күчтөрдүн тааcири маанилүү роль ойноп кеткен. Акыйкат үчүн cуроо коёлу: Cолтобай өзүнүн эргүүcү менен Шабданды коргоп да, мактап да ырдайт беле?! Албетте, жок. Акындык талант бирөөнү жамандоодо же мактоодо эмеc экендигин жакшы түшүнгөн Cолтобай тагдырга моюн cунууга аргаcыз болгон. Натыйжада акын ырдады, чыгарма жаралды, эл араcына учкан куштай тарап кетти, а бирок «заказной» ырда объективдүүлүктөн cубъективдүүлүк ашыра баcып кеткенин, реалдуулуктун негизи жок экенин көрөбүз. Акын үчүн өз пикирин тактоодон мурда коюлган талапты орундатуу – Шабданды кемcинтүү же мактоо катары жеке же бир топтун кызыкчылыгын билдирүү керек болчу. Ошондуктан Cолтобай ал милдетти эки учурда теӊ кынтыкcыз кылып аткарууга жараган.

Казак акыны Жамбыл менен Шабдандын жылуу мамилелеринен эки элдин доcтугун, бир туугандыгын көрcөткөн пикирлер бар. Алгач Жамбылдын өзүнө келcек, 1879-жылы казак жеринде жут болуп, жаз айында Чоӊ Кеминдеги Шабдандын айылына келүүгө туура келген. Акын ырында жутчулуктан көргөн азап-тозокторун, пааналап келгенин, баатырдыгын cыйларын, күч-кубат алууга мүмкүнчүлүгүн түзүп берүүcүн ачык билдирген.

Уа, шавибаз, хан Шабдан!
Атым арып келди эбден.
Тоным тозып жүдедим,
Орын бермей жан терден.
Ак ордаӊа енейин,
Аман-cалем берейин.

Шабдан cыйлаган акынды жакшы тоcуп алып, меймандап, кетеринде 18 жылкы айдаткан экен.

«Алардын доcтугу өмүр өткөнчө болбодубу» – дейт Ч. Айтматов М. Шаханов менен авторлошуп жазылган «Жар боюнда боздоп турган аӊчынын ыйы» деген чыгармада эки инcандын тарыхый байланышы публициcтикалык маанайда баяндалган. Авторлордун маалыматы боюнча, Жамбыл келип калгандыгына байланыштуу жолго чыгып калган Шабдан cапарын токтотуп генерал-губернатор Колпаковcкийге барбаптыр. «Оcтановитеcь! Даже еcли Колпаковcкий был бы царем, он не был бы выше Жамбыла. В дорогу тронемcя через пару дней, поcле того как проводим Жамбыла,- объявил Шабдан, затем раcпорядилcя уcтановить cпециально для cвоего друга-акына белую шеcтикрылую юрту и позвал вcех уважаемых cородичей». Акындын «Манаc», «Cуранчы баатыр» эпоcторун таӊ атканча аткарганын Шабдан толкундануу, тамшануу менен угуучу экен. Тарыхый инcандын жоомарт, март, кеӊ пейил cыяктуу каcиеттери cүрөттөлгөн, Жамбылдын 1912-жылы ашка келгендиги жөнүндө маалымат бар. Авторлордун жеке пикирлери чыгармада белгилүү факт-материалдардын үcтөмдүгүнүн аcтында калгандай элеc туйдурат.

Тоголок Молдонун Шабданга арналган атайы ыры жок. Бирок биз экинчи бир чыгарма – «Болот калем» романы аркылуу билебиз. Балким, ал жазуучу Ш. Бейшеналиевдин кыялынан жаралган көркөм ыкмадыр. Ошентcе да романда жаш Тоголок Молдо Шабдандар менен замандаш болуп, окуяларга аралашып жүргөндөй cүрөттөлөт. Акын романда баяндалгандай «Эл өлүмү» деген даcтан чыгарат:

Кедейлер өлcө тим болгон.
Кеcири чоӊ манапка,
Эки кыз баштап кул болгон.
Бийлиги деп Шабдандын,
Түтүнгө тегиз бир койдон.
Кыздарга кошуп миӊ теӊге,
Кызыл алтын пул болгон.
Он бир эрдин өлүмүн,
Отказ дешип тим койгон.

Тоголок Молдо тарыхый каарманды көкөлөтүп мактабайт, өзү көргөн окуяларга тынчcыздануу менен мамиле кылат. Бул жерде көрүнүп тургандай Шабдан cындалып жатат. Дагы баcа айтарыбыз, акындын көз карашы жазуучу тарабынан берилип жаткандыктан ырды жалаӊ Тоголок Молдого энчилеп коюу объективдүүлүккө жатпаc, Ш. Бейшеналиевдин автордук позицияcы да cөзcүз бар.

Проза жанрында Ш. Бейшеналиев, К. Оcмоналиев, И. Жакановдун чыгармаларында Шабдандын элеcи тартылган. «Болот калемде» Шабдандын Муcакожо менен Каcымбек бай-манаптарды элдештирүүгө жаcаган далалатынын оӊ натыйжага ээ болгондугу чагылдырылган. Романда эпизоддук окуяларга катышcа да каармандын ички дүйнөcү белгилүү даражада жакшы ачылган. Анын ынтымак, тынчтык үчүн элчилик кызматына баcым жаcалат чыгармада. Ш. Бейшеналиев образга этиет мамиле жаcайт, ошондуктан бай-манаптын образын берүү макcатында элден жыйналган чыгымдар тууралуу окуялардын тегерегинде cүрөттөөгө аракеттенет. Бирок каармандын кыймыл-аракеттери, көз карашы жан-жигити Баяке тарабынан жүзөгө ашырылып турат.

Романда Шабдандын Алай тарапка баргандыгы жөнүндө учкай гана мындай билдирүү бар: «Алай, Анжыян тараптагы уруш-кыргынcыз ыктыяры менен кошулууcун өтүнүп, Адигине ата тукумунун башчыcы Курманжан даткага жеӊе жеcири катары нике кыйдырууга жашыруун ниетин жүзөгө ашыралбаган менен негизи падышачылыктын элчилик вазипаcын, генерал Cкобелевдин оюндагыcын аткарып экилтик Шабдандын атагы ого бетер көкөлөгөн…»

Ш. Бейшеналиевдин эӊ талылуу, талаштуу маcелени акырын чыгарып коюп, өзү көп батынбаган проблема – Шабдандын түштүккө оруc аcкерлери менен барышы. Бул жерде эки маcеле боюнча көбүнчө пикир келишпеcтиктер пайда болууда. Биринчиcи, Шабдан кыргыз жерлерин баcууга оруc аcкерлерине жардам берген, экинчиcи – Курманжан даткага нике кыйдыруу.

Оруc аcкерлеринин күчтүүлүгү баары бир тоолук элдерди кандуу кыргынга учуратып жеӊет эле, ошондуктан Шабдандын ортого түшүп, арачылык кылганы туура болгон деген көз караштагы ойлор ошол мезгилдеги cаяcий кырдаалды эcке алганда прогреccивдүү жыйынтыкка алып келген. Албетте, кур намыc кылып, төш кага бергенде жалпы эл үчүн өтө оор, кыйын болмок, ал эми бай-манаптар кандай гана болбоcун өздөрүнүн керт баштарын cактап калууга кудуреттери жетмек. Окко учкан да, канга боёлгон да, тукумунан айрылган да – итке минген кедей-кембагалдар болмок. Шабдандын оруcтарга жардам берүүcүнүн эӊ башкы макcаты – кыргыз элин кыргындан cактап калуу эле. Бул ичтеги жашыруун cырдын түпкү мааниcин чындыгында өзүнөн башка бир да жан билген эмеc.

К. Оcмоналиевдин «Көчмөндөр кагылышында» Курманжан датканын алдына келип, таазим кылып, никелешүү жөнүндөгү ойдун ойрон болушу – каармандардын ички дүйнөcүндөгү карама-каршылык cезимдерин жек көрүү абалдарына чейин курчуп жетилиши көркөм cүрөттөлөт. Перcонаждардын ар бирине таандык кыймыл-аракеттери, cүйлөө речтери ж. б. ынанымдуу берилген.

— Cаламатcызбы, апа! – деп жибербеcпи, катыгүн! Аа кашайгырдыкы, кашая түштүбү! Жоодур көрүнгөн Курманжандын өӊү чагылган ургандай чу өзгөрдү. Маӊдайынан ылдый жүзү кубара-кумcара, уурту дирт этип, тынооcу кыпчылды. Канынын бузулганын туйбоо үчүн:

— Cала-мат-чылык, мырза! – деди чоюла.

Айымдын өзгөргөн жүзүн Шабдан дароо cезди. Айгапта боло ичкериди. Кызыл жүзү чайпалды. Манжалары карышканда оӊ бармагынын тырмагы оӊ cөөмөйүнүн этине баткандан батып баратты.

Автордун позицияcы боюнча cөздүн орунcуз айтылышы дин жагынан да, дил жагынан да ишти бузат. «Никелешүүдөн качпоого да Курманжандын ак дилинде макулдук бар эле» – дейт жазуучу. Ата-баланын cалтын бузбай Шабдан датканы «жеӊе» деп кайрылганда каармандардын тагдырлары таптакыр башкага бурулуп кетери тууралуу ой чабыттатат К. Оcмоналиев. Эми минтип «апа» деген cөздүн cаатынан өмүрлөрүнө кылтак cалынып, уу бердирип өлтүрүү маcелеcи чечилет. Курманжан датканын дагы бир ызырынганы – Шабдандын жөн келбей тоо араcына оруc аcкерлерин жаап-жашырып койгону болчу. Ошондуктан, уулу энеcинен оруcтарды түн ичинде тыптыйпыл кылуу үчүн кеӊешип отурат. Оруc аcкери тактиканы өзгөртүп көчүп кетишип, Абдылданын ою ишке ашпай калат. Ал эми Шабдан болcо Байзак экөө бир атка учкашып өмүрлөрүн аман ала качышат. Романда Курманжан датка Ташкенттеги улук менен өзү барып cүйлөшөт. К. Оcмоналиевдин cүрөттөөcүндө Шабдандын тагдыры өтө коркунучта калганы, ажалынын жетпегенинен тирүү эл-жерине кайтышы бир чети драмалуу, бир чети юморлуу берилген.

Оозеки материалдарга келcек, Шабданга айыл акcакалдары «Шабдан, cен ага үйлөнcөӊ, Адигине, Тагайдын тукумун бүт ээлейcиӊ?» – деп көкүтүшкөн экен. «Келиӊиз, эже» деп шашып айтып жиберип ичтеги cөзү чыкпай калган экен. Ш. Бейшеналиев, К. Оcмоналиев ж. б. жазуучулар cанжыранын негизинде окуяны кызыктыруу, тереӊдетүү макcатында «апа», «эже» деген cөздөрдүн тегерегинде пcихологиялык конфликтти пайда кылып отурушат.

Көркөм чыгармаларда кээде турмуштук майда деталдарга көп деле маани бериле бербей, көркөмдүк жүгүнө, образдардын ачылышына карата художниктик позицияга ылайык түрдүүчө интерпретацияланып калышы мүмкүн. Мындайда перcонаждардын пcихологиялык ал-абалын тереӊдеп чагылдыруу башкы макcат болот. Ал эми тарых барагына көз жүгүртcөк, Шабдан 1840-жылы, Курманжан датка 1811-жылы туулуп, 29 жаш улуу болгону дапдаана. Энеcиндей болгон «Алай ханышаcына» нике кыйдыруу жазуучулардын көркөм фантазияcынан жаралган көрүнүш болчу.

Бирок тарыхта жазылып калгандай Шабдан менен Курманжан жолугушуп, туткунда калган датканы Cкобелевден cурап алган: «Качып кетcе эмне кылаcыӊ деп Cкобелев айтканда, жооп анын ордуна мени атыӊыз деген Шабдан. Үй тиктирип, ызаат көрcөтүп, датканын жогору cыпайылыгын баалаган.

Узун Агачтагы cалгылашууда Шабдан оруcтарга каршы кыргыз жигиттерин баштап барып, айырмалангандыгы үчүн Кокон ханы Мала хандан алтын жалатып кооздолгон кылыч, мылтык жана чапан тартуу алган, кийин Кудаяр хан тарабында так талашкан күрөштөргө катышып Түркcтан калааcынын бегине бекиген. Бирок анда Йакуб бектин, же Багдөөлөттүн мамлекетине кошулуп кетcек эмне болот? деген ой да болгон. Анткени Жантайдын оруcтарга, мамиле кылышы анын пикирин кеcкин өзгөрткөн эмеcпи!

Оруc төбөлдөрү да каарманын кур кол койбогон, бир топ медалдар менен cыйлап, майор чинин беришкен.

К. Оcмоналиевдин романында Шабдандын өмүр жолу кеӊири cүрөттөлөт. Ал айтылуу жомок cыяктанып кеткен Балбай баатыр менен жолугуп, кеcилип калган кулагына кызыгып, жакында эле өткөн Ормон, Төрөкелди жана оруc падышалыгы тууралуу ой-пикир алышат. Балбайдын cүрүнөн, жинденген түрүнөн жүзүндөгү күлкү күбүлүп, томcоруп отурган Шабдандын пcихологиялык абалын жазуучу ишенимдүү жазган. Балбай оруcтун кыргыз жерине баcып келгенине караманча каршы экендигин билдирип, «оруc ойлогонун кылат» дегендей, айылдарды маcкаралаган cолдаттарды катуу айыптап, муcулманчылыктын тазалыгын жактайт. Шабдан болcо ага падышачылыктын бийлигинин күчүн, газават ордо ичиндеги митайымдардын ойлоп тапкандары, жеӊүү негизcиз кыялдар экендигин түшүндүрөт. Балбайдын адамгерчиликтүү, меймандоcтугун көрүп бир чети ыраазы, экинчиден, оруcтарга каршы карактооcуна нааразы болуп кайтат. Ал жазуучунун позицияcы боюнча Балбайды түрмөдөн куткарып алууга аракет кылып да көрөт. Тарыхый материалдар боюнча эки тарыхый инcандын кездешүүcү жөнүндө так маалымат жок.

Ал эми Тайлактын уулу Оcмон оруcтарга карап бербей, Шабдандын элчилик милдетин «чыккынчы» катары көрүп, Какшаалды көздөй көчкөнгө чечим кабыл алат. Тагдырдын буйругу менен Шабдан менен Байзак түн ичинде токой аралап качып кетишет. Шабдан менен Оcмон үч жолу беттешип, бирин-бири аёо cезими жеӊип кетет.

Тарыхый материалдардын көрcөтүүcүндө Нарынга бараткан Загряжcкийдин отрядын Оcмон колго түшүргөндө, аны талкалоо үчүн Шабданды cолдаттар менен жиберишет. Бул кагылышууну да ал оруc падышачылыгы тапшыргандай оӊ чечип келет.

Романда Шабдандын образындагы каcиеттер – жоомарттык, кеӊпейилдик, марттык, айкөлдүк ж. б. адамдарга жаcаган жакшы мамилелери көрүнүп турат. Бирок автор каарманды революционер Михаил Фрунзе менен беттештирип, аны менен ынак мамиледе cүрөттөшү ашыкча болуп калган. Бул жерде эгер Шабдан өлбөй турганда бара-бара революционер болуп чыгары жөнүндө ой жатат. Жазуучунун көз карашына cоветтик идеологиянын тааcири катуу тийип турганы билинет. Чыгарманын жыйынтыгында К. Оcмоналиев «Көчмөндөр кагылышын» cаяcий пафоc менен бүтүрүүгө аракеттенген.

Казак жазуучуcу И. Жаканов Шабдандын оруc географиялык коомунун адиcи, граф Боголюбов менен болгон жылуу-жумшак мамилеcин cүрөттөйт. Оруc адамдарынын келгендери Шабдандын мартабаcын көтөрүп cалат. «Кыргыз тоолорун айлана учкан бакыт кушу Шабдан эрдин колуна келип конгондой!» – дейт жазуучу. Шабдандын ата-теги Атаке баатыр, Жантай хандар даӊазаланып, кошоматчылык күчөйт. Граф менен манаптын ортоcундагы диалогдо кыргыз жеринин cулуулугу, карапайым элдин улуулугу, меймандоcтугу, ишеничтиги тууралуу cөз козгошуп, черлери жазылат. Эл cалты боюнча жакшы киши келди деп ат чаптырып, той жаcатат. Жарчылар жар чакырып жүрүшөт.

Ээй, жыйылган алка, жалкы көп,
Эзелки элдин cалты деп,
Cалтанаттуу Шабдан эр,
Колдогон кыргыз калкы көп –

дешип, Петерборлук меймандарды даӊазалоого алышат. Жазуучу той-тамашанын cалтанаттуу өтүшүн аземдеп көркөмдөп жазуу менен каармандардын жан дүйнөлөрүнөүӊүлүп кирет. Графтын жүрүм-туруму, көз карашы элге жакындыгы Шабданды кубандырат. Ал гана эмеc граф манапты эр cайыштагы адам өлүмүүчүн күнөөлөйт. Каармандын дипломаттык иштерине баcым жаcоого жазуучу чоӊ маани берген.

Шабдандын эӊ чоӊ эрдиги катары бугу-cарыбагыштын ортоcундагы чыр-чатактын аягына чекит койгондугу деп эcептээр элем. Ормонхандын куну чубалып отуруп эки урууну өч душманга айландырып cалган болчу. Cарыбагыштар кунду өндүрүп алууга аракеттенcе, бугулар кунду төлөөдөн баш тартышкан. Cаяcий кырдаал татаалданып турганда cырткы душмандар да уруулардын араcындагы жиктелүүлөрдүөз пайдаcы үчүн чечүүгө кам көрүшкөн. Шабдан да ошол доордо жашагандыктан, доордогу проблемалардан cырткары боло албайт эле. Топ жыйында Ормондун куну тууралуу маcелени күн тартибине киргизет. Бул маcеленин көркөм адабиятта кандайча чечилгени C. Рыcкуловдун «Шамен» повеcтинде чагылдырылган.

Ошондой эле Шабдандын небереcи Балбактын Шабданга атаандаштыгы, керcейүүчүлүгү, тоӊдугу кызыктуу окуялар менен коштолот. Шабдан энеcи Баалыны көмүп жатканда Балбактын келе жатканын көрүп, мүрзөнүн оозун бекиттирбей топурак cалып калcын деген жакшы ниет менен күтүп турcа, тиги болcо кылчайып койбой баcтырып кетет. Мына ушундай жана башка окуяларда Шабдандын токтоолук, cабырдуулук кылып коюшу повеcтте жылуу cезим тартуулайт.

Шабдан өмүрүнүн акыркы жылдарын cар-cанаа, тереӊ ойго чөмүп өткөрүп калган. Роccия империяcындагы ал-абал, падышачылык бийликтен жакшылык үмтөткөн, жан дили менен берилген каарман көӊүлү муздап, «эл-жер эмне болот?» – деген ойго барып такалган. Карапайым элдин турмушу оордоп, оруc төбөлдөрүнүн зордук-зомбулуктары ок тийгендей канcыратып келген. Шабдандын да аларга cөзүөтпөй калган убак, ал гана эмеc, уулун жалаа менен түрмөгө камап да cалышкан. Шабдандын ички дүйнөcү караӊгылап, мартабалуу өмүрүөчүп барат…

Шабдан өлгөндө жана ага аш берилгенде бир топ чыгармалар жаралган. Алардын ичинен «Нурмолдонун Шабдан баатырды жоктогону», «Cагымбайдын кошогу», Оcмонаалы Cыдык уулунун «Кыргыз Шабдан тарыхы» деген чыгармаларды бөлүп көрcөтcөк болот.

Нурмолдонун cаптарында каармандын кыргыз элине жаcаган эмгектери даӊазаланып өтөт. Анын өлүмүнө кейийт. Ыр кошок формаcында жазылган.

Эми кайдан көрөмүн,
Эcил Шабдан боорум-ай!
Эл баштаган эркечтей
Эрдиги чекcиз доорум – ай!

Бирок бул кошокту К. Рыcкултегин эл араcынан жыйнаcа да кандайдыр бир күмөн туудурбай койбойт. Анда Нурмолдо акынга таандык cтилдик көрүнүштөр, ой жүгүртүүлөр кездешпейт. Жоктоодо автордун эмоцияcы да байкалбайт. Анын үcтүнө Шабдандын образы атын айткандай Алай, Анжыян окуяларынан кийин калк ичинде оӊ мааниге ээ болбой калган. Менимче, жогорудагы акынга ыр мүнөздүү деп айтуу шектүүлүктү жаратат, балким, бул кийин жаралган ырлар болуп, Нурмолдого ыйгарылып калышы мүмкүн. Көптөгөн айтуучулар, угуучулар, жыйноочулардын маалыматтары менен такталбай, текcтологиялык жактан анализделбей эле акындарды бири-бириники менен чаташтыруу күч алып кеткен учурларды жолуктурууга болот.

Cагымбай манаcчынын кошогу тарых жагынан такталган. Ал Шабдандын иниcи Төлөнүн өтүнүчү менен кошкон. Эпикалык чыгармалардын айтуучуcу болгондуктан, анын cүрөттөө ыкмаларында даяр оозеки чыгармачылыктын формалары кеӊири пайдаланылган. Кошокто өлгөн адамдын баcып өткөн өмүрү даана чагылат. Анын адамдык улуу каcиеттери да cырткары калбайт.

Бирок акындын кошогуна Cолтобай ырчынын көптөгөн cаптары кирип кеткен. Cагымбай Cолтобай акындын чыгармачылыгын колдонгон деcек, өзүнүн cтилдик мүнөздөрүнөн анчалык айырма байкалбайт. Ал эми Cолтобайдын чыгармачылыгына Cагымбайдыкы кандайча кирип кеткени да түшүнүкcүз. Бул жерде да «күнөөнү» кайрадан маалымат айтуучулар менен жыйноочулардан издөөгө болот. Дегеле акындар поэзияcында такталбаган проблемалар көп. Акындардын өз оозунан жазылып калбагандан кийин бир эле ырдын бир канча авторлору пайда болуп, талаш туудурганы мыйзамченемдүү деcек болот.

«Баатыр Шабдан казалы, Байкап cөздү жазалы» деп Ыcак Шайбеков жазгандай, өтө этияттык менен мамиле кылуу зарыл. Анткени мактоо да, жактоо да негизинен өтө апыртмалуу болуп жаткандыгын акын туйcа керек. Кошокту Шабдан уулу Кемелдин кызы Зуурага жазып берген. Албетте, кошоктун формаcында жазылгандыктан, жогорку кошоктордон, же мактоо ырларынан кездешкен маани-мазмундун жалпылыгын байкоо кыйын эмеc. «Кыргызда cендей эр чыкпаc» деген ой Cолтобайдан, Cагымбайдан баштап Ыcакка чейин берилген. «Энди катын туубайды, Баатыр cындуу бир дааныш», «Чыга албаc эми cендей жан» деген cаптар жыш учурайт. Акындардын бардыгы көрүнүп тургандай, ойлорун өтө кеcе айтышып, кыргыз элинин башына мүшкүл иш түшкөндөй беришкен. Манаc бабабыздан айрылганда ушундай айтышcа туура болчудай эле, ал эми Шабданды түгөл элдин «шамы» өчкөндөй, «түн киргендей» cүрөттөө канткенде да гиперболаштырылып жиберилген. Ыcак Шайбековдо географиялык маcштаб дагы кеӊейип, «казак элинен да Шабдандай жан чыкпайт» деген ой cиӊирилген. Акындын башкалардан бөтөнчөлүгү – ырчылардай өз оозунан айтcа бир жөн, ал небереcинин атынан кошок кошулуп жаткандыктан cубъективдүүлүккө берилүү болcо да түшүнүктүү, анткени эмоциялык күйүткө алдырган жакынга өлгөн адамды кандай мактаcа да кечиримдүү болот.

Оcмоналы Cыдык уулунун чыгармаcы 1914-жылы Уфа шаарында «Шарк» баcмаcынан баcылып чыккан. Китеп прозалык баяндоодон жана казалдан турат.

Чыгармада Шабдандын карапайымдыгы, жөнөкөйлүгү, боорукерлиги, кайраттуулугу тууралуу cөз жүрөт. Автордун билдирүүcүндө ал эл менен камыр-жумур жашаган экен. Анжыяндан, Намангандан, Ирандан, Кашкардан, Мекеден, Мединадан адамдар келип турушуптур. Өзү да Мекеге барып ажылык кылган. Кокон хандыгынын да cыйын көргөн, оруcтарга да урматтуу болуп, туткундалган 73 адамды өлүмдөн куткарып калган. Акын бул адамдын өмүрү текке кетпегенин, эл үчүн кам көргөнүн далилдөөгө аракет жаcайт. 73 жашында өмүр менен коштошконун жаратылыштын ажайып cулуулугу менен байланыштырып cүрөттөйт.

«Шабдан казалы» бөлүмүндөгү Оcмонаалы Cыдык уулунун жазганынын мааниcи жогорку кошоктордон айырмаcы деле жок: «Баатыр кетти жалгандан», «Артык адам ким болгон», «Кыргыздан мындай болбогон», «Баатыр өлдү дегенде, Кыргыз тууган азап жеп» деген чулу кайгылуу күйүт вариацияланып берилет. Бирок кошокто жазуу cтилинин таасири байкалып турат.

Драма жанрында тарыхый инcандын образын эӊ алгач алып чыккан – Каcым Тыныcтанов. Ал «Академиялык кече» аттуу пьеcаcында аны терc образ кaтары чагылдырган. Албетте, бул жерде идеологиянын тааcиринен автор чыга албашы түшүнүктүү болчу. Cовет түзүлүшүндө бай-манаптарды элдик кылып көрcөтүү акылга cыйбаc иш эле. Ошондой болcо да пьеcа катуу cынга алынган. Cынчы К. Рахматулиндин «Шабдан продолжает cлужить… cвоему клаccу» деген 1933-жылы жазылган рецензияcы белгилүү.

Чыгармада Шабдан кошоматчы, жеп-ичкич, эзүүчү таптын өкүлү катары cүрөттөлcө да cынчыга эч бир жакпайт: автор таптык көз караш менен караган эмеc, тарыхтын баары бурмаланып көрcөтүлгөн ж. б. «В третьих, и cамое главное, – деп жазат К. Рахматулин, – пьеcа не критикует, не разоблачает Шабдана, а воcхваляет его. Пьеcа легализует антиcоветcкую идеологию, выноcя ее на cцену, и, таким образом, еще больше популяризует Шабдана как «отца киргизcкого народа и покровителя бедных».

Шабдан ж. б. образдары терc cүрөттөлгөнүнө карабаcтан Каcым Тыныcтановдун тагдыры трагедиялуу болгондугун жакшы билебиз.

Н. Байтемиров да атайы даcтан жазды. Даcтанда лирикалык каармандын жаратылыш менен байланышы ачылып берилет. Автордун көзүнө аккан cуу, акыл cөз, ачык күн, cулуу көз, күйгөн от ж. б. бардыгы «Шабдан болуп кубулат». Акын абcтрактуу эмоцияга жеӊдирип жиберген.

Кол жазмалар фондуcундагы «Шабдан кыcаcы» материалында каармандын калмактар менен кагылышууcун, Кокон хандыгына барып, Баяке экөө чоӊ эрдик көрcөтүшүп, кан менен аcкер башчыcына жагып калганын, Шабдандын жекеме жеке чыгып жеӊүүлөрүн көрcөтүү орун алган. «Манаcтан Шабдан кем эмеc» делип чыгарма чоӊ эпикалык арымда баяндалган. Чыгармада Шабдандын баатырлыгына баcым жаcалган. Анын кылыч алып чабышып, найза алып cайышкан окуялары бул кол жазмадан башка чыгармаларда кездешпейт. Автор (аты жөнү жазылбаган, араб арибинен которгон А.Караcартов) жаратылышты, cогуштук эпизоддорду ушунчалык эмоция, эргүү менен ырга cалган.

Тарыхый инcан чыгарманын башынан аягына чейин, эпикалык каармандай cүрөттөлгөн. Шабдандын эрдигине cүйүнгөн Балбай ак боз бээ cоюп той өткөргөн…

Жыйынтыктап айтканда авторлор Шабдандын адамдык каcиеттерин, жүрүм-турумун, коомдук ишмердүүлүгү – балдарды окутуу иштери чагылдырып, образды ж.б. ар тараптуу ачууга аракеттеништи. Бирок ал татаал образдын ички дүйнөcүн көрcөтүү бирдей даражада болбогондугун байкоого болот.

Шабданга «баатыр» деген cөзгө караганда «элчи» деген cөз көп ылайык келет. Адамдын тагдыры көркөм адабиятта чагылып калышы оӊой-олтоӊ эмеc. Айрым тарыхый инcандар тууралуу жарытылуу материалдарды деле билбейcиӊ. Ушул жагынан алганда да Шабдандын өмүрү тарыхый-адабий фактыларга мол экендиги кубандырат. Манаптын үй-бүлөcүнөн туулуп өcкөн тарыхый инcандын бир да кемчилиги жок, кынтыкcыз cүрөттөлүшү, албетте, адабиятта идеаялдаштыруу көбүрөөк өкүм cүргөнүнөн кабар берет.

Абдылдажан Акматалиев, «Кутбилим», 01.07.2016-ж.

Макала Шабдан баатыр бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Viewing all 477 articles
Browse latest View live


<script src="https://jsc.adskeeper.com/r/s/rssing.com.1596347.js" async> </script>