Quantcast
Channel: Кыргыз маданият борбору
Viewing all 477 articles
Browse latest View live

Тентимишевдин Алыкулга гүлдестеси

$
0
0

2015-жылы Алыкул Осмоновго арналган эки энциклопедия чыккан эле. Улуу акындын өмүрү жана чыгармаларына байланыштуу түрдүү материалдарды камтыган көлөмдүү эки эмгектин бири Улуттук илимдер академиясы тарабынан даярдалса, экинчисин жазуучу-публицист Мундузбек Тентимишев жалгыз өзү жазган жана түзгөн.

Француз агартуучусу жана философу Дени Дидронун (1713-1784) сөзү менен айтканда, энциклопедия чачыладай жайнап жаткан илим-билимди бир системага салып, окурманга тартуулайт. Кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата былтыр жарык көргөн эки энциклопедия тең ушул милдетти аткарат. Эгер Кыргыз Улуттук илимдер академиясы “Алыкул энциклопедиясын” тартуулап, илимий вазийпасын аткарса, публицист-жазуучу Мундузбек Тентимишов максатым окурмандардын Алыкул Осмоновго болгон кызыгуусун канаттандырып, акынга байланыштуу ак тактарды толтуруу эле дейт:

— Окурмандардын эле суроо-талабын канааттандырайын деген тилек. «Алыкул энциклопедиясын» түзүп, эч кандай атак жыйнайлы, байлык жыйнайлы деген түшүнүк болгон эмес да. Белек Солтоноевдин “Кызыл кыргыз тарыхында” бир мисал келтиргенин энциклопедиянын баш сөзүндө айтканмын. Белек ата

Алыкул энциклопедиясы
Алыкул энциклопедиясы

1896-жылы Пишпекке келип, китеп дүкөндөн тарыхка байланыштуу китептерди көрүп, аларды сатыңыз десем, өзбек дүкөнчү: «Сага тарыхтын кереги жок, кыргыз кырк кызды ээрчиген иттен таралган, атаңар ит, энеңер кырк кыз», деп мени ызалап коюп, ошондон баштап кыргыздын тарыхын өз алдымча жаза баштадым деген жери бар. Белек ата 36 жыл жазган “Кызыл кыргыз тарыхы” илимий-популярдуу, автордун өз көз карашын жазган бирден-бир эмгек. Ал китептен биз кыргыздын салт-санаасы, маданияты, тарыхы, этнографиясы жөнүндө кандай баа жеткис маалымат алып жатабыз азыр… Мен Алыкул энциклопедиясын даярдап жатып, ошондой кеңири максатты көздөгөн болчумун.

Мундузбек Тентимишевдун Алыкул Осмонов менен тааныштыгы 3-класста окуп жүргөндө башталат.

— Эсимде калыптыр: мектептин коридорунда чуркап келатсам биздин класстын жанындагы дубалда бир жаш кишинин сүрөтү илинип калган экен. «Алыкул Осмонов. 1915-жылы туулуп, 1950-жылы өлүп атат» 35 эле жыл жашаганбы деп таң калып койдум эле да. Мектебибиздин терезелери көлдү карап турчу. Кышында мугалим сабак өтүп жатканда Алыкулдун биздин Оттук айылын, биздин Ысык-Көлдү жазгандай ыр саптары көзүмө элестеп эле жүрдү. Анан айылдыктардын колунан Алыкулдун китептерин көрүп калчу элем. Ошондо канча акындар бар, алардын эч бирөө ушу Алыкулга жетпейт деп ыраматылык болуп кеткен адамдардын айткандарын укканмын.

 

Энциклопедия жазуу салтын бузган Тентимишев

Мундузбек Тентимишев өзү “Алыкул энциклопедиясын” адабий-популярдуу баян деп аныктайт. Андай чектөөгө карабастан, бул көлөмдүү эмгекти чабыты боюнча универсалдуу энциклопедия деп атаса болот. Себеби көлөмдүү китеп Алыкул Осмоновдун өмүр жолу жана жазган ар бир чыгармасынын жазылуу таржымалын жана каармандарын, “өңү серт” акынды билген-тааныган замандаштарынын эскерүүлөрүн, ага арнап жазылган ырлар менен изилдөөлөрдү, ал макалалардын ар бирине кыскача түшүндүрмөнү камтыйт.

— «Ленинчил жаш» гезитинде иштеп жүргөндө да Алыкул жөнүндө көп жаздым. 1987-89-жылдары Ташкенде Жогорку партиялык мектепте окуп жүргөндө Алыкулдун ажырашып кеткен жубайы Зейнеп Сооронбаеванын үйүнө эки жылдай барып сүйлөшүп жүрдүм. Эже көп нерселерди айтып берди. Сүрөттөрүн да берди. Алыкулдун китептеринин сүйүнчү нускасын да берди. Өзүнүн «Ыймандай сырым» деген орус тилинде жазылган кол жазмасын да берди. Ошол материалдардын негизинде 2002-жылы “Аны Алыкул деп аташкан” деген публицистикалык китепти чыгаргам.

Зейнеп Сооронбаева. 1946-жыл.
Зейнеп Сооронбаева. 1946-жыл.

“Алыкул энциклопедиясы” адабиятчы-илимпоз Абдыкерим Муратовдун айтымында, энциклопедия салтын бузуп, бүкүлү-бүкүлү макалалардан турат жана ушул жагы менен баалуу. Анткени ал макалалардын Алыкул Осмоновдун өзүнө жана чыгармаларына байланыштуу маалыматтарды элге жеткирүүдө баасы зор.

— Энциклопедия салттык түшүнүк боюнча майда-майда макалалардан туруш керек эле. Ошол салт бир аз бузулуп, М. Тентимишевдин «Алыкул энциклопедиясы» чоң-чоң макалалардан турат. Мунун өзү зарыл болчу. Себеби, Алыкулду ар тараптуу ачып берүүдө ушундай чоң макалалар керек. Менимче, китеп өзүнүн максатына жетти. Мундузбек Тентимишев көп жылдан бери Алыкул таанууда иштеп келатат. Анын “Алыкул энциклопедиясы” өзүнчө эле уникалдуу. Орустарда Лермонтов, Пушкин энциклопедиялары бар. Аларды бүтүндөй бир институттар, авторлук жамааттар тилдик, адабияттык, философиялык жана педагогикалык жактан иштеген. “Алыкул энциклопедиясын” Мундузбек Тентимишевдин жалгыз өзү бүтүргөнү чынында эле Алыкул таанууда эле эмес, кыргыз адабиятында эле эмес, жылпы кыргыз маданиятындагы чоң эмгек болду.

 

Кумурска да пил менен таймаша алат

Эки эмгекти салыштырып көрсөк, Тентимишевдин “Алыкул энциклопедиясы” көлөмү жана нускасы жагынан утуп кетет. Макаланын башында белгилегендей, Тентимишевдин 49 басма табактык эмгеги 780 бет. Ал бир миң нуска менен чыккан. Улуттук илимдер академиясынын илимпоздор тобу даярдаган 40 басма табактык “Алыкул Осмонов” энциклопедиясы 640 беттен турат. Ал басмадан 500 нускада жарык көргөн. Бул эки китептин жарыша сунуш этилиши кубандырат. Бул окурманга эки китепти салыштырууга, артыкчылык-кемчиликтерин аңдоого мүмкүндүк берет. Жана 35 жашында о дүйнө учкан акындын өмүрү жана чыгармалары изилдөөчүлөр үчүн суусу соолубаган мухит экенин айгинелейт. Буга публицист Тентимишевдин китептин жаңы чыгарылышы үстүнөн иштеп жатканы далил.

— «Алыкул энциклопедиясынын» 2-чыгарылышы даярдалып жатат. Мунусу мурдагысынан бир аз көлөмдүүрөөк болот. Себеби айрым нерселерге толуктоолорду жана тактоолорду киргиздим. Мисалы, Алыкулдун жети атасы жана башка көп кирбей калган нерселер бар.

“Алыкул энциклопедиясы” акындын ар бир ыры кайда, качан жазылганын, каармандарынын реалдуу прототиптери тууралуу маалымат бергенден башка да А. Осмоновдун өмүрүн акыркы мүнөттөрүнө чейин тизмектеп берет. Бул жагынан М. Тентимишевдин эмгеги Владимир Набоковдун “А.С. Пушкиндин “Евгений Онегин” романына комментарийи” менен үндөшүп кеткенсийт.

А. Муратовдун пикиринде, Илимдер академиясы чыгарган жана М. Тентимишевдин энциклопедиясы бирин-бири кайталабайт, тескерисинче толуктайт. Бирок, алар стилдик, мазмуну, формасы жана сапаты жактан ар бир китеп өз алдынча болууга татыктуу дейт илимпоз-педагог.

— Алыкул боюнча эки энциклопедия бири-бирин кайталап калбайбы деген да күдүк суроо пайда болуп атат. Албетте, кайталанып калган учурлар бар. Бирок бул эки китеп стилдик жактан, формасы жактан, мазмуну жактан өз өзүнчө карала турган иштер. Ушул эки энциклопедияны тең кыргыз маданиятындагы көрүнүш деп айтса болот. Деги эле кийинки 20 жылда («Манас» эпосунун эки томдук энциклопедиясы чыккандан кийин) ушундай энциклопедия чыгаруу ишке ашкан эмес болчу. Мундузбек Тентимишовдун “Алыкул энциклопедиясы” ошол кемтикти толуктап турат.

Алыкулдун биринчи махабаты Айдай.
Алыкулдун биринчи махабаты Айдай.

Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканасынын директору, филология илимдеринин доктору Жылдыз Бакашованын сөзүнө караганда, Илимдер академиясы жана Мундузбек Тентимишов чыгарган энциклопедиялар өлкөнүн 6 миллион китептүү борбордук китепканасынын жетишпеген кемтигин толуктайт.

— Мундузбек Тентимишовдун жалгыз өзү ушундай чоң эмгек жазганы бир чоң илимий институт бүткөрө турган эмгекке татыктуу. Алыкул жөнүндө ким гана жазбаган? Ал өзү: «Он беш жолу улам кайра туулуп, Он беш жолу жашарбасам карап тур», деп жазгандай, акындын 100 жылдыгына карата бир нече эмгек чыкты. Ошолордун ичинде Улуттук Илимдер академиясы чыгарган жана М. Тентимишов жазган эки энциклопедия өзгөчө орунда турат. Булар Улуттук китепканабыздагы 6 миллион китептүү фондубуздагы жетишпеген эмгектер эле. Эми Алыкулдун чыгармаларын кайра казып окуган адамдарга кенч катары кызмат кылат.

 

Китептин нускасы эмнени билдирет?

Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев элдин руханий өсүп-өнүүсүнө чоң салым кошкон адамдар жана алар жасаган иштер тууралуу такай айтпаса, улуттун ар намысын көтөрүү мүмкүн эмес. Ошон үчүн “Алыкул энциклопедиясы” сыяктуу китептердин чыгып туруусу коом үчүн абдан маанилүү дейт:

— Кыргыздын атын чыгарган инсандарыбыз аз эмес да. Чыгармачыл чөйрөнү алсак дагы бир топ эле бай, байсалдуу тизмени айтса болор эле. Эл өзүн-өзү таанытпайт. Элди ушу атактуу, эмгектүү, касиеттүү инсандар таанытат. Мына ошолордун арасында адабий, руханий, чыгармачыл чөйрөдөгү биздин кишилерибизден бирөөлөрдү баланча тармактан айт десе, шатыратып айтып ийе турган жаштар эмес, улгайып калган адамдар да көп азыр. Себеби унуткаруу атайын саясат эмес, бирок ушундай абалда туруп атабыз. Анткени маданияттын, адабияттын, дегеле руханий дөөлөтүбүздүн баркын дайыма жогору көтөрүп туруу жок болуп кеткендиктен ушундай болду да. Ошон үчүн атактуу инсандарыбызга арналган энциклопедиянын чыгышы өтө барктуу, баалуу керек нерсе да. Ошолордун бири Мундузбек Тентимишовдун “Алыкул энциклопедиясы”.

Алыкул. 1934-жыл.
Алыкул. 1934-жыл.

Б. Жакиев эки баалуу энциклопедия саналуу нускада чыккандыктан элге кеңири жетпегенине өкүнүчүн айтты. Педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратов да “Алыкул энциклопедиясын” көп нускада чыкса жакшы болмок деп эсептейт.

— Андагы макалалардын сапаты дагы, саны дагы жакшы. Алыкул темасына мектеп мугалимдери менен окутуучулары, студенттери жетпей жаткан мезгилде, бул энциклопедия өзүнчө бир жакшы материал. Бирок ушундай энциклопедия аз гана нускада чыгат да мектептерге, башка билим берүү мекемелерине, Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына кызыгуучуларга жетпей жатат.

Анткен менен Алыкул Осмонов жөнүндөгү эки энциклопедияны сатып алып, аздектеп окууга көпчүлүк эл кызыкдар деп айтуу жаңылыштык болор эле деп ойлойм. Себеби, Илимдер академиясы чыгарган “Алыкул Осмонов” энциклопедиясы жана Мундуз Тентимишевдин “Алыкул энциклопедиясы” жалпы нускасы 1500 экени, олуттуу илимий мекеме да, Тентимишов да өз эмгектеринин өлкөдөгү 4 миллиондон ашуун кыргызга тез сатылып кетишине ишенишпеген сыяктуу. Баса, Алыкул Осмоновдун соңку эки томдугу 500 нуска менен, Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатырынын” акыркы чыгарылышы 1000 нускада чыккан. Болбосо, бир эле “Жолборс терисин жамынган баатыр” 1972-82-жылдар арасында үч ирет жалпы 45 миң нускада чыгып, сатылып кеткен эмес беле. Мунун өзү кыргыздар китепти аз окуп калган деген бүтүмгө түртөт.

Эскертүү: Бардык сүрөттөр М. Тентимишевдин «Алыкул энциклопедиясынан» алынды.

Амирбек Азам уулу, «Азаттык», 06.09.2016-ж.

Макала Тентимишевдин Алыкулга гүлдестеси бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Байзаковдун жааларын баары билишет

$
0
0

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө Чолпон-Атадагы ат майданын аралай жаа жана камчы сатып жүргөн кол өнөрчү, уста жергиликтүү Жаркынбай айылынын тургуну Баттал Байзаковду жолуктурдук. Устачылыктан сырткары 2 гектар жерде балык чарбасында карп, сазан жана форель балыктарын өстүрөт.

— Жаа, камчыларыңыздын баалары канчадан?

— Жалаң мүйүз менен иштейм. 2014-жылы өткөн биринчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында 3 жаа саткам, 1200 доллардан 1000 долларга чейин. Быйыл гунндар алды 1000 долларга. Дагы бирин казак жигити алды 1200 долларга. 10 камчы саттым 100 доллардан.

— Баалары өтө кымбат эмеспи, кимдер сатып алышат?

— Казакстандан президент НурсултанНазарбаевге деп алып кетишкен. Чеченстандын Президентине азыр деле буюртма берип алып турушат. Көбүнчө арабдар алышат. Мен өзүм буюртма менен иштейм. Мурда бир айда бир жаа даярдасам, азыр экини жасоого жетишип калдым. Менде баасы боюнча келишпөөчүлүк деген болбойт. Интернет аркылуу да байланыш бар. Алгач баасын сүйлөшүп алабыз. Бул жаалар нукура таза мүйүздөрдөн жасалат.

— Материалдарды кайдан аласыз?

— Элден, мергенчилерден сатып алам.

— Устачылыкты кимден үйрөндүңүз?

— 1983-жылы аскерде кызмат өтөп келгенден кийин Чуйков атындагы сүрөт окуу жайына тапшырдым. Мурдатан кызыгып жүргөндүктөн ушул жагына ооп кеттим. 8 жылда жаа тартып, жасаганды үйрөндүм.

— Өзүңүз да мелдештерге катышасызбы?

— Уулум Байзаков Азамат экөөбүз катышып эле келгенбиз. Бир аз түшүнбөстүктөр болуп быйыл катышпай калдык.

— Жаа менен канча аралыкка чейин атса болот?

— 200 метрге чейин траектория менен барат. 5-100 метрге түз эле атабыз. Кырчын жайлоосунда уулум 85 метрге атып бутанын дал ортосуна (ондукка) тийди. Элдер кол чабышты. Кээ бирлери чыгып акча беришти.

— Маегиңизге рахмат.

Асан Жунусов, «Эркин Тоо», 13.09.2016-ж.

Макала Байзаковдун жааларын баары билишет бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

«Саринжи-Бөкөй»жөнүндө 7 факты. Нике, үй-бүлө биринчи орунга чыккан чыгарма

$
0
0

Бүгүн «Саринжи-Бөкөй» аттуу элдин чыныгы турмушунан алынган эпос туурасындагы кызыктуу жети фактыны сунуштайбыз. Бул — манаптык доордун манчыркаган кесирлигин бекем сүйүү кантип жеңгенин баяндаган позитивдүү чыгарма.

«Саринжи-Бөкөй» — социалдык-турмуштук эпосторго кирет. Анда кыргыз элинин өткөндөгү турмушунун мүнөздүү жактары, үрп-адаты көркөм, оозеки чыгармачылыктын ыкмасы менен кеңири баяндалат. Эпостун сюжетин аныктаган негизги окуя катары үй-бүлөлүк көйгөйлөрү, уруулардын өз ара чатактары, келишпөөчүлүктөрү сүрөттөлөт.

Чыгарманын түйүнү бир туугандар Жамгырчы жана Бөкөйдүн мамилесин көрсөтүү менен башталат. Жамгырчы өлөр алдында бир тууганы Бөкөй менен коштошуп, жаш баласы Саринжини ага тапшырууну чечет. Атасынын бул оюн Саринжи туура таппайт, Бөкөй жаман адам экендигин, анын колунан жакшылык келбесин айтат. Саринжинин сөзүнө таарынып, Бөкөй өлүм алдында жаткан агасы Жамгырчы менен коштошпой кетет. Жамгырчы өлгөндөн кийин Бөкөй менен Саринжинин ыркы келишпей, ынтымак кете баштайт. Бөкөй Саринжинин колуктусу Бермет аттуу сулуу кызды тартып алууну ойлойт. Көп кагылышуулардан кийин Саринжи Бөкөйдүн туткунунан Берметти бошотуп, жеңишке ээ болот.

Нике жана үй-бүлө мамилелери «Саринжи-Бөкөйдө» кеңири орун алган. Өткөндөгү нике, үй-бүлө мамилелеринин калдыктарын сындоо күчтүү, андай көз караш аркылуу патриархалдык-манаптык коомдун көрүнүш-адаттары, нравалары да даана чагылдырылат.

Чыгармадагы каармандар — ак көңүл Жамгырчы, арамза Бөкөй, жаш, курч Саринжи, акылдуу Бермет сулуу. «Саринжи-Бөкөй» эпосунун образдары толук жана ар кыл мүнөздө иштелген. Мына ушул жагынан алып караганда Жамгырчы, Бөкөй, Саринжи, Ак Бермет, Коңур, Курмандын образдары толук иштелип бүткөн, эпикалык чыгармалардын талабына толук жооп берген образдар.

Дастан үч кишиден жазып алынган «Саринжи-Бөкөйдү» 1920-38-жылдары акын Алымкул Үсөнбаевден, айтуучу Конокбаевден фольклорчу-жыйноочу Каюм Мифтаков жазып алган. Ал эми 1958-жылы Ала-Бука районунан Тил жана адабият институтунун фольклордук экспедициясы дагы бир айтуучу Сатыбалдиевден жазып алгандыгы маалыматтарда берилген.

Эпосто төрт саптан турган ырлар сейрек учурай турган көркөм ыкма. «Саринжи-Бөкөй» эпосунда строфалык ырларга караганда, ырдын маанисине жараша бөлүнүшү айрыкча көп учурайт.

Эгер айтуучу эпосто сулуу аялдын портретин тартууну ойлосо, ал өзүнчө сүрөттөөлөрдү издебейт, даяр традицияга айланган ыр саптарды колдонот:

Ак бетинин актыгы
Пияланын агындай;
Как ортоңку кызылы
Ак тооктун канындай.

Же төмөнкүдөй формада:

Отуң менен кирейин,
Күлүң менен чыгайын,
Азан-заар турайын,
Ар кызматын кылайын деп айтылат.

Апыртуучулук жок, жөнөкөй жашоону чагылдырган. «Саринжи-Бөкөй» эпосу жалаң ыр менен айтылган варианттардан тышкары, кара сөз менен айтылган кошумча деталдар аркылуу берилген варианттардан да турат.

Фантастиканын, окуянын жомоктук чиеленишинин жоктугу, образдын кеңири баяндалышы «Саринжи-Бөкөй» эпосунун реалисттик чыгарма катары мүнөздөйт. Тагыраагы, чыгарманын өзөгү элдин жөнөкөй жашоо-турмушунан алынгандыгынан кабар берет.

Саринжи менен Ак Берметтин образдарында элдин турмушу, сонун тилектери, коомдун идеалдары — патриотизм, эркиндикти сүйүү темаларын чагылдырат.

Күү коштогон чыгарма. Аталган эпостун негизинде күү да жаралган. «Саринжи-Бөкөй» күүсү эл арасына негизинен Болуш Мадазимовдун аткаруусунда көп тараган.

“Sputnik-Кыргызстан”, 10.09.2016-ж.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков.

Макала «Саринжи-Бөкөй» жөнүндө 7 факты. Нике, үй-бүлө биринчи орунга чыккан чыгарма бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Казат Акматов демократияга чыйыр салган

$
0
0

Белгилүү жазуучу жана коомдук ишмер Казат Акматовдун дүйнөдөн өткөнүнө 14-сентябрда бир жыл болду. Бул күнү жазуучунун айкели орнотулду.

Анын айтылуу “Мезгил” романы орус жана кыргыз тилинде китеп болуп басылганы, “Мунабия” аңгемесинин негизинде тартылып жаткан кинотасма аягына чыкканы маалым болду.

Чыгаан жазуучуну эскерүү иш-чарасы бул күнү Байтикте анын айкелин ачуу менен башталды.

Замандаштарынын, калемдештеринин жана окурмандарынын катарында эскерүүгө катышкан Кыргыз Эл акыны Акбар Рыскулов маркум Казат Акматовдун эки тилде кайрадан басылып чыккан “Мезгил” романын жазуучунун чыгармачылыгынын туу чокусу деп атады:

Азыр эми биздин арабызда Казат Акматовдой кара сөздүн чебери жетишпей турганы сезилет. Экинчиден, Казат Акматов адабияттын ар кандай жанрында ийгиликтүү иштеди. Драмалары биздин көркөм маданияттын туу чокусу болгон театрларда коюлду. Сценарийлери боюнча көркөм фильмдер тартылды. Эми азыр анын “Мунабия” аттуу чыгармасынын негизинде жаңы тасма жаралды деп айтып жатышат. Демек Казат Акматовдун чыгармачылыгы жашай берет деп айтсак болот.

Казат Акматовдун “Мунабия” аттуу чыгармасынын негизинде тасма былтыр тартыла баштаган. Ал ушул күнү жыйынтыкталды. Көркөм тасманын режиссеру Таалай Кулмендеев чыгарманын өзгөчөлүгүнө токтолду:

Өзүңөр билгендей чыгармада Мунабия менен Жанузактын үйлөнбөй калганынын себеби – аларга улуттук каада-салт, үрп-адат жолтоо болгон да. Элдин сөзү Жанузакка өз үй-бүлөсүн таштап башка аял алууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Ал эми азыркы мезгилде дин коомго терең кириши менен улуттук каада-салтка өз таасирин тийгизип жатат. Мындай айтканда эгер Жанузак же Мунабия динчил болсо анда экинчи аял кылып үйлөнүп алышмак. Мындан сырткары тасмада муундар ортосундагы көйгөйлөр да чагылдырылган.

Кулмендеевдин айтымында, «Мунабия» көрөрмандарга 23-декабрь — Казат Акматовдун туулган күнүнө карата тартууланат. Ошондой эле тасманы эл аралык сынактарга катыштырууга аракет көрүлүүдө.

Маркум жазуучунун көркөм мурасын жайылтуу боюнча иш жүргүзүп жаткан Казат Акматовдун уулу Азим Акматов буларды кошумчалады:

— Көзү тирүүсүндө эле Казат Акматовдун үй-бүлөсү анын беш чыгармасын Лондондон англис тилинде басып чыгара баштаган. Азыр сиздерге атамдын “Мезгил” романын белек кылдым. Бул эки тилде жарык көрдү. Негизи атам өзү ушул романын өтө жакшы көрчү. Кезинде бул чыгарма антиорусчул роман катары бааланып куугунтукка алынган экен. 1988-жылы Чыңгыз Айтматовдун киришүүсү менен орус тилинде жарык көрүп, мамлекеттик сыйлыкка татыганы жарыяланып, бирок анысы берилбей калыптыр. Мындан сырткары атамдын “Боз торгой” аттуу чыгармасы да орус тилинде жарык көрдү.

Казат Акматов Кыргызстандын тарыхында коомдук-саясий иштерге да батыл аралашкан инсан катары калды. Ал 90-жылдардын башында КДК кыймылын түптөгөндөрдүн бири болгон. Укук коргоочу Турсунбек Акун Казат Акматовду – Кыргыз демократиясынын атасы деп атады:

— Казат Акматовду демократиянын атасы деп айткан туура. Себеби эгемендик алаар жылдары демократиялык коом курабыз деген жаштарга ата болуп туруп берди. Туу болуп турду. Бизди баласындай асырап турду. Акматовду биз кыргыз демократиясынын туусу, атасы катары эсептейбиз. Бийликтегилер бизди камайбыз, сабайбыз дегенде Акматов ортого түшүп, бизди баласындай асырап турчу.

Турсунбек Акун демократиялык кыймылдын ошол кездеги мүчөлөрү учурда «Казат Акматов» атындагы коомдук фонд уюштурганы жатканын, ал фонд маркумдун коомдук жана саясий ишмердүүлүгүн, көркөм мурасын жайылтууну максат кыларын кошумчалады.

Казат Акматовдун “Күндү айланган жылдар”, “Мезгил”, “Мунабия”, “Архат” романдарынын алды көптөгөн тилдерге которулуп, дүйнөлүк деңгээлде окурмандарын тапкан. Жазуучуну эскергени келгендерге Казат Акматовдун кыргыз жана орус тилинде жаңы жарык көргөн “Мезгил” романы белекке берилди.

Кыргыз Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, мамлекеттик ишмер Казат Акматов былтыр, 14-сентябрда 74 жаш курагында дүйнө салган. Ал 1941-жылы Ысык-Көлдөгү Бостери айылында туулган.

Зайырбек Ажыматов, «Азаттык», 14.09.2016-ж.

Макала Казат Акматов демократияга чыйыр салган бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Элек издеп эрге тийип кетти, эрди эрдине жукпаган. Маанисин билесизби?

$
0
0

Фразеологизмдер кыргыз элинин сөз байлыгын түзүп турган эң мыкты тилдик каражат. Мындай сөздөрдү өзгөчө, айыл жергесине барган ушундай бир кулактын кумарын кандырып угасыз. Ал эми шаарда кезиктириш кыйыныраак…

Бүгүн «Тибиртке» рубрикасында фразеологизмдерди чечмелөөнү улантмакчыбыз. Тилекке каршы, кыргыз тилинде миңдеген фразеологизмдер болгону менен алардын көпчүлүгү билбестиктен же заманга жараша актуалдуулугун жоготуп койгон. Аларды чечмелөөгө филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев жардам берди.

Эт менен челдин ортосундажасаган көрүнүктүү иши жок. Жанынын тынчын ойлогон, же тыякта жок, же быякта жок эки ортодо жүргөн киши. Өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлогон митайым, куу адам.

Эски малдын көзүндөй эски тааныш, жакшы мамиледе жүрүп, көптөн бери көрүшпөгөн адамды айтат.

Эне сүтү оозунан кете элекөтө эле жаш. Эч нерсени көрө элек жаш бала же жаш кыз.

Эрди эрдине жукпаган шакылдап тез-тез сүйлөгөн. Сөзүнүн маңызы жок адам.

Эки чылбыр, бир тизгинди алуутолук бийлеп алуу. Баарын өзү билип, өзү башкаруу.

Эки колу бир оозуна түтпөйт тамакты шашып, ыгы жок апылдатып тез жеген адамга карата айтылат.

Эки бутун бир кончуна сыйдырды кыйнады. Аргасыздан айтканын аткартты, бир ишти күч менен жасатты. Аткарууга мажбур кылды.

Эгерде эки болбо эч качан жакшылык көрбө. Жарыбай өт деген каргыш сөз.

Эки бакыр, бир тукур болуу көбүнчө колунда жок, жетим-жесир аял менен эркектин баш кошуп, бирге жашашы. Ошондой эле эки адамдын бири-бирине каралашып,ынтымакташып оокат кылуусу.

Ит жандуу ар кандай кыйынчылыкка, кыйноо-кыстоого чыдамдуу, жаны бек, чыдамкай. Мисалы, «шорум ай, ит жандуу белең» деп айтылып калат.

Элек издеп эрге тийип кетти бирөөнү бир жерге жумшаганда кечке жоголуп кетсе «элек издеп эрге тийип кетти» деп айтылып калат.

Асан кайгы ыгы жок кайгыра берген, кайгыдан башы чыкпаган адам. Бул лакап кептин төркүнү байыркы жомоктордогу Асан деген адамга тиешелүү. Ал элдин оор турмушун женилдетүүнүн камын ойлоп, санаага батып, жабыр тарткан экен.

“Айида Батырбекова”, “Sputnik-Кыргызстан”, 25.08.2016-ж.

© Sputnik / Нургуль Максутова.

Макала Элек издеп эрге тийип кетти, эрди эрдине жукпаган. Маанисин билесизби? бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Кыргыз жупкасы турса, кытай куксисин жебейли

$
0
0

“Апам өз колу менен камыр жайып, очокко бышырып жупка даярдачу. Андан кийин аны чоң чарага майдалап туурап, үстүнө сүттөн кошуп, бир аз шекер татытып туруп баарыбызга бөлүп берип тойгузуп коёр эле. Ошол даамды алиге чейин унуталбай жүрөм” дейт бүгүнкү каарманыбыз Кенже Асанова

Ооба, бүгүнкү күнү ошол энелерибиз мээримин төгүп жасаган тамактар унутулуп, кытайдын, орустун жасалма азыгын жеп жүрөбүз. Бирок, буга ким күнөөлүү? Албетте өздү баалай билбеген өзүбүз. Бирок, Кудайга шүгүр, учурда аз да болсо ары баалуу, ары пайдалуу улуттук даамдарыбызды көтөрүп чыгып, эл арасына, ал тургай дүйнөгө чыгаргысы келген адамдарыбыз пайда боло баштады. Мына кечээ эле шорону Шоро кылган Табылды Эгембердиевге суктанып, таң калып отурчу элек, эми бүгүн дагы бир жаңылыктын, дагы бир жакшы жөрөлгөнүн башы башталып отурат. Эмесе сөздү көп узарта бербей, так ушул жупканы “Жупка” кылган каарманга көңүл бурсак…

 

Апамдан калган өнөр

Бала чагыбызда апам курсагыбызды жупка менен эле тойгузуп койчу. Үй-бүлөдө 15 бир тууган болгондон кийин, баарынын курсагын тойгузуш кыйын болсо керек. Бир чарага толтуруп жасап берет. Баарыбыз жеп алабыз. Эртең менен жесең, кечке чейин ток жүрөсүң. Компаниянын атын «Нуска&К» деп атагынымдын себеби да ошондон. Апамдын аты Нуска эле. Баштапкы ойду апаман алдым десем да болот.

Негизи, жупка жасап чыгарсамбы деген идея 2000-жылдардан бери бар болчу. Анда студент кезим, жатаканада жашачумун. Ошол кезде кытайдын кукси деген тез татымдары чыгып аткан. Эми студентсиң да, бирде ток, бирде ач дегендей. Анан ошол куксиден көп эле жеген учурлар болду. Апам деле жасаган жупкасынан бир баштык толтуруп салып турчу, бирок бат эле түгөнчү. Кээде кытайдын зыян куксисин жегиче, өзүбүздүн жупканы ушу сыяктуу кылып чыгарып койсо болбойбу деп ойлоп койчумун.

kenje

 

Башында 10 даана менен баштагам

Оболу жупканы өз балдарыма жасап берип көрдүм. Балдарым жакшы жеди. Тамшанып бат эле түгөттү. Бул эмне деп кызыгып сурап да калышты. Ичимен “Менин балдарым жегенди элдин балдары неге жебесин?” деп ойлонуп калдым. Анан ошол ой менен жупканын алгачкы үлгүсүн чыгардым. Алгач апам жасагандай кылып эле камырын колго жука жайып, мешке бышырып алдым. Базардан 10 желим идиш сатып келип, аларга салыштырып, жаныбыздагы дүкөнгө коюп койдум. Элдер кызыгып алып жеп көрүштү. Эл кандай кабыл алып жатканын байкап көрүп, алардын ойлорун, кеңештерин уктум. Ар ким ар кыл сунушун айтты. Майы аз, тузу көп, же камыры калың дешти. Ошентип изденип жүрүп, 2015-жылы расмий жупка жасаган ишкана ачтык.

 

Күнүнө 500-1000 даана жупка

Башында камырын колго жайып жүрдүк. Кийин өндүрүш көбөйгөндө атайы жабдууларды алып келдик. Азыр баарын, жайганын да, бышырганын да техника жасап калды. Учурда ишканада 30га чукул жумушчу иштейт. Күнүнө болжол менен талапка жараша 500-1000 даана жупка чыгат. Келечекте өнүм көбөйсө, жумушчу да көбөйөт деп турабыз.

Мурда ар бир кардарга жупка эмне экенин айтып, ар бирине жекече таанытып турчумун. Антпесең бул эмне кытайдын тамагыбы, же түрктөрдүкүбү деп сурашат. Азыр жакшы, элдер билип, унутулуп калган кыргыздын нукура азыгы экенин түшүнүп калды. Кээде адамдар чалып: «Ушундай таза тамак чыгарып жатканыңа рахмат» деп ыраазычылык айтып калса, сүйүнүп калам.

 

Чет өлкөгө чыга баштады

Биринчи Бишкекке ачсамбы дегем. Бирок шаарга ишкана ачуунун машакаты абдан көп экен. Анын үстүнө Таластан да өнүм чыксын, Таластын да аты чыксын деп Таласка ачтым. Ишкананы ачууда бир тууган байкем Дуулатбектин да эмгеги зор. Анткени ал менин идеямды колдоп, ишти экөөлөп баштаганбыз. Ал өнүмдүн чыгышын көзөмөлдөсө, мен сатылышын, дүкөндөр менен сүйлөшүүнү колго алгам. Азыр жупканы шаардагы ири супермаркеттерден, дүкөндөрдөн тапса болот. Акыркы кезде Орусияга да чыга баштады.

 

100 пайыз адал, 100 пайыз таза

Баасы 40 сом болгондон кийин, кытай тез татымдарынан бир аз кымбатыраак. Ошондуктан арзан тамактар менен кантип атаандашасыз деп сурагандар болот. Жупканын курамында эч бир консервант, боёк жок. 100 пайыз адал, 100 пайыз таза тамак. Андыктан тамактын сапатына карап, ден-соолугуна кам көрөм деген адам өзү тандап алса керек. Мен деле арзан кылып чыгарып койсом болот. Мисалы, жасалма сары май кошуп, арзан сүзмө алып эптеп-септеп жасап койсом деле болот. Бирок мен адамдарга таза тамак сунуштагым келет. Дүйнө Кыргызстанды таза тамактын өлкөсү деп билсе дейм. Алдыда дүйнөгө чыга турган да пландар бар.

 

Жупкадан түрдүү тамактар жасалат

Мында ачыткы жок болгондон кийин ашказанга тез сиңет. Ооруканда жаткандарга, 6 айдан ашкан балага, жаңы төрөгөн аялга деп көп алышат. Негизи жупкадан тамактын түрүн жасаса болот. Аны элдер биле беришпейт. Мисалы:

Кытырак — тегерек жупканы алып эки бетине коюу сүттөн сыйпап жесе кытыраган таттуу жупка болот.

Жупкабургер — Ошол эле жупкага салат чөбүн, бир эки кесим колбаса, жумуртка, бир эки тилим помидор тизип, майонез, кетчуптан бираз кошуп үстү-үстүнө коюп гамбургер кылып жесе болот.

Оромо салат — Ал эми чоң жупкалар катуу болуп атпайбы, аны бир сыйра кайнак сууга сала койсо жумшара түшөт. Анан лаваш катары колдонсо да болот. Жумшарган жупкага майонез сыйпап, сабиз, бадыраң, дагы башка жер-жемиштерди майда туурап, бетине жайып тоголоктоп туруп, кыя-кыя кесип койсо салат болуп калат.

Чак-чак — Дагы бир түрү, жупканы майдалап сындырып балга же коюу сүткө аралаштырып койсо чак-чак катары да кетет. Ал эми карыларга өтө майдалап туруп бал аралаштырып берсе ден-соолугуна пайдалуу болуп, тасмалдын да көркүн ачат.

Учурда баардык талаптарга жооп берген биздин гана ишкана бар. Бизди туураган ишканалар да чыкты. Бирок алардын сапаты кандай экенин айта албайм. Ар бир нерсенин өз убагы болот дегендей, убагы келгенде, ишибиз бир нукка түшүп калганда, өндүрүштү кеңейтип, Кыргызстандын бардык аймактарына ачсакпы деп турабыз. Азыр жупканын 3 эле түрү чыгып жатпайбы, ал убакта ар кандай түрлөрү чыгып калат. Мисалы эт, пияз дагы башка азыктар кошулган тез татым болот. Бирок ал үчүн көп суммадагы каражат керектелет, албетте. Ошондуктан азыр аз пайыздагы узак мөөнөткө берилчү кредитке муктаж болуп турам.

 

Өкмөт өнүктүрөйүн дебейт

Биздин бийликтегилер өнүгөйүн деген адамга колдоо кылгандын ордуна, кайра этектен тарта бергени кейитет. Мисалы, ушул өндүрүмдү патенттен өткөрүү үчүн барсаң, тигини ал, муну ал, мынча сом төлө деп бюрократиялык процесстер ишти ого эле кыйындатат. Эптеп тырмалаңдап баш көтөрүп келе жатсаң башыңан басат. Мисалы, казактар көрө элек муну. Көрсө, шап эле илип кетип: «Биздин нукура тамак, Казакстанда чыккан» дешет. Анткени казактар жаңы нерсени жерде калтырбайт. Кыргыздын оюусу, боз үйү, көк бөрүсү да талашта турбайбы. Ошентип муну да бир күнү алдырып жиберишибиз мүмкүн.

 

Орозодо адамды ток кармайт

Жупканы өзгөчө ооз жапканда жесе, суусатпай, ток кармайт. Шартка жараша орозо кармабай калдым. Бирок биздин азык менен ооз ачып, ооз бекитип жаткандарды карап, бир аз болсо да сооп болуп жатат деп калам. Өзүм да кайрымдуулук иштери менен көп алектенем, балдар үйүнө ай сайын соопчулукка деп бекер жупка таратып турабыз. Андан сырткары, айрым мектептер менен сүйлөшүп койгонбуз. Аларга да өзүбүздүн колдон чыккан азыктардан берип, ыраазычылыгын алганга аракет кылабыз.

«Саресеп», 24.06.2016-ж.

Макала Кыргыз жупкасы турса, кытай куксисин жебейли бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Зоб, коклюш, киста, грыжа — оорулардын кыргызча аталышын билесизби?

$
0
0

Оору сыркоодон Кудай өзү сактасын дечи… Ошентсе да дарттардын кыргызча аталышын билип коюу ашыктык кылбаса керек. Аталыштарды кыргызчалоого филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев жардам берди.

Медициналык китептин бетин ачып миңдеген оорулардын түрлөрүн окууга болот. Алардын аталыштары дагы бир шумдук: анемия, адентия, алколоз деги койчу… Бүгүнкү «Тибиртке» рубрикасында коомчулук арасына жайылып, белгилүү болгон дарттардын кыргызча аталыштарын жазууну туура көрдүк.

  • Эпилепсия — талма
  • Боткин — сарык
  • Давление — кан басым
  • Лихорадка — чыйгырып, калтырак басуу
  • Ишурия — заарасы чыкпай калды же бейшеби бекип калды
  • Коклюш — көк жөтөл
  • Ветрянка — чечек
  • Лишай — чакалай
  • Опухоль, рак — шишик
  • Грыжа — чурку же омуртка сөөгүнүн жабыркашы
  • Зоб — богок
  • Туберкулез — кургак учук
  • Грипп — сасык тумоо
  • Радикулит — куяң оорусу
  • Киста — ыйлаакча
  • Сухой кашель — кургак жөтөл
  • Порок сердца — жүрөк оорусу
  • Анемия — аз кандуулук
  • Паралич — шал.

“Айида Батырбекова”, “Sputnik-Кыргызстан”, 01.09.2016-ж.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков.

Макала Зоб, коклюш, киста, грыжа — оорулардын кыргызча аталышын билесизби? бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Баткен килеми —энелердин мурасы

$
0
0

Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде Баткен килемдеринин көргөзмөсү өтүп жатат. Көргөзмөгө килемдин элүүгө чукул түрү коюлган.

Лейлек районунун Маргун айыл өкмөтүнөн келген чебер Гүлмира Турдубаеваөздөрү жасаган килемдердин өзгөчөлүгү тууралуу буларды айтып берди:

— Араби килемдерибиз 18-20 миң сомдон бааланды. Чен-өлчөмүнө карап бааланат. Жүлдөр (түктүү килем) андан кымбатыраак. Буларды жасоо үчүн койду кыркып алгандан баштап тазалап, жууп даярдайбыз. Килем токуганга бардык эле жүндөр жарай бербейт. Жүндү канчалык сапаттуу тандасаң, ошончолук сапаттуу жип даяр болот. Мисалы, азыр сиздин артыңызда илинип турган туурасы эки, узуну үч метр килемдин баасы 30 миң сом. Тигиниси 45 миң, анын жанындагысы 35 миң сомдон.

Гүлмиранын айтымында, килем токуу өтө көп эмгекти талап кылган кол өнөрчүлүккө кирет. Көбүнчө килемдер койдун жүнүнөн табигый өңдө жасалат. Ал эми ар кандай түстөрдү берүүгө кадимки анардын, пияздын кабыктарынан алынган табигый боёктор пайдаланылат.

Чеберлердин бири Уркуя Асанова бир килем канча убакытта жасаларын айтып берди:

— Бир килемди даярдоо үчүн бир ай убакыт кетет. Жүндү кыркып алгандан баштап тытып, жууп, ийрип, кайра да жууп-тазалап, кештесин баштап куруп чыкканга эле бир топ убакыт кетет.

kilem1

Ар бир килемге кооздук, керемет көрүнүштү тартуулап турган гүлдөрдү, түркүн оймолорду, дегеле кооздуктарды берүү да өзүнчө түйшүк. Чебер Айымкан Саттарованын айтымында, мурда килемдерге башкача сүрөттөр түшүрүлчү экен:

— Улам замандын талабына жараша саймалар өзгөрүп келет. Учурда кол өнөрчүлүктүн бардык түрүндө кыргыздын орнаменттери күчтүүлүк кылып жатат.

Килем токуу Баткен облусунда кеңири жайылган өнөр болгондуктан бул аймакта килем токуганды билбеген кыз-келиндерди катуу уяткарышарын айтат Гүлмира Турдубаева:

— Биздин Лейлек районундагы Маргун айыл өкмөтүн килемдин мекени деп айтышат. Бизде килем билбеген аялзатын уяткарышат. Биз кыздарыбызды 5-класстан баштап килемдин үстүнө отургузабыз. Бизде килем билбеген кызды чоркок адам деп эсептешет. Андыктан өз айылыбызда энелер кыздарына килем сокконду үйрөткөнгө аракет кылышат.

kilem2

Учурда кол өнөрчүлүк менен алектенген айымдар өздөрүнчө “Энелер” тобун түзүп, кыздарды чеберчиликке үйрөтүүнүн азыркы заманга ылайык жолун ойлоп табышкан:

— Мисалы, биздин топто кыздарыбызбы килем токуганга үйрөтүп жатып алардын эмгегине акча төлөп беребиз. Мындайча айтканда алардын атайын эсебин ачып, түшкөн кирешеден акысын ажыратып бөлүштүрүп турабыз. Мектепти бүтүп, жогорку окуу жайга тапшырганда окуусуна төлөй турган келишимдик акчасын өздөрү иштеп тапкан каражаттан төлөшөт.

Мындан сырткары чеберлер Баткен килемдери узак убакытка чейин колдонгонго мүмкүн экенин, канчалык эскирсе, ошончолук баалуулугу артаарын айтышты:

— Бизде эң жакшы көргөн коногун кылым карыткан кыргыз килеминин үстүнө отургузуп тамак беришет. Бул килемдердин канчалык узак колдонулган сайын баасы арта берет.

kilem3

Гүлмира Турдубаеванын айтымында, учурда алар жашаган Лейлек районунда 50-100 жылга жакын колдонулган килемдер бар.

Баткен килемдерин барктагандардын бири Доктургүл Кендирбаева аталган буюм энелердин кол эмгегинен жаралганы үчүн баалуу экенин белгилеп, өзү буга чейин эки килем сатып алганын кеп кылды:

— Биринчиден, бул өзүбүздүн кыргыз энелеринин кол эмгегин баалоо. Ошондой эле мындан арзан акчага Кытайдын, Түркиянын килемдерин алсаң болот. Аларды жүз жолу жууп, жүз жолу тазалай бергенге мүмкүн. Чындыгында алар ыңгайлуу. Бирок эмгек менен жаралган буюм башка да. Биздин тарыхыбыз, салтыбыз бар эмеспи. Андыктан сырттан келген 5-10 миң сомдук килемдерге улуттук килемдерди тепселетпешибиз керек деген ой менен сатып алдым.

kilem4

Кендирбаева койдун жүнүнөн жасалган килем кооз, ден соолукка пайдалуу болгону менен, карап күткөнгө бир аз ыңгайсыз экенин кошумчалады.

Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде Баткен килеминин негизинен жүл жана араби килемдери көргөзмөгө коюлду. Жүл түктүү болсо, араб килеми түксүз келип, токмок менен согулат экен.

Зайырбек Ажыматов, 19.09.2016-ж.

Макала Баткен килеми — энелердин мурасы бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Жабагы, кунан, аргымак, ат, бышты — айырмасын билесизби?

$
0
0

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын арты менен кыргыздын байыркы ат оюндары жанданып ат чабыш, кунан чабыш, жорго салыш кызып турган маалы. Жылкыны «лощадь» деп эле түшүнгөндөр «ат» менен «айгырдын» маанисин билбей аң-таң болуп турган кез болсо керек.

Мал жандуу келген кыргыз эли жылкы баласын жанына канат кылып, аны жаш курагына жараша өзүнчө атап келген. Алардын айырмасын «Тибиртке» рубрикасында филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев чечмелеп берди.

Жабагы — алты айга чейинки жылкы баласы;

Кулун — бир жашка чыга элек жылкы баласы;

Тай — бир жаш;

Кунан — эки жаш;

Бышты — үч жаш. Тай, кунанды тестиер балдар минсе, жылкы баласы үчкө толгондон кийин чоң кишилер да мине берет.

Асый — төрт жаш. Бешинчи жылдан тарта бир асый, андан ары эки асый, үч асый деп аталат. Эки асый деген «сегиз жаш» дегенди билдирет. Бул жылкы чындап баралына жетип, сатса баа боло турган курагы.

Бээ — ургаачы жылкы;

Кунан байтал — эки жаштагы ургаачы жылкы. Эркеги «кунан» деп эле айтылат;

Бышты байтал — үч жаштагы ургаачы жылкы;

Байтал — эки жаштан кийинки кулундай элек бээ;

Айгыр — тукум улай турган бычылбаган эркеги, кичирээк кезинде «айгырак» деп аталат;

Ат — бычылган жылкы;

Азоо — тоо-түздө ээн өсүп, минип жүрүүгө, арабага кошконго үйрөтүлбөгөн, тапталбаган ат;

Буудан — жылкы баласынын күчтүү, алты ай минсе арыбаган күлүгү;

Жорго — эки оң жак буту менен эки сол жак буттарын тең таштап, чайпала жүгүргөн жүрүшү бар жылкы. Мындан улам эл ичинде «Төрт аягы төп келишкен жорго», «суу төгүлгүс жорго» деген сыпаттоолор айтылып келет;

Аргымак — Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүндөгү асыл тукум минги жылкынын байыркы аты. Таза тукумдуу минги, буденный, араб, ахалтекин жана англис жылкысынын сымбаттуу, чымыр күлүгүн аргымак деп аташат. Кыргыз эли аргымакты байыртадан «чапса күлүк, сатса пул» катары асырап келген.

Дулдул — канча чуркаса да чарчап-чаалыкпаган аргымак. Жаны тынбаган адамдарга карата да айтылат.

“Айида Батырбекова”, “Sputnik-Кыргызстан”, 08.09.2016-ж.

© AP Photo/ Charlie Riedel

Макала Жабагы, кунан, аргымак, ат, бышты — айырмасын билесизби? бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

«Насыйкат» кантип жаралган?

$
0
0

Сөзү менен обону шайкеш келген«Насыйкатты» ырчылардын көбү ырдап жүрөт. Комуз күүсүн, болгондо да залкар күүнү обонго салуу, ага сөз жазуу — авторлор өздөрү айтмакчы, оңой иш болбоптур. Элге дароо алынып кеткен, жүрөккө жеткен жакшы ырдын жаралыш тарыхы да абдан түйшүктүү, кызыктуу, жемиштүү экен.

Түгөлбай Казаков: «Элдикин элге кайтардым»

Күүгө чейин бир ооз кеп бар. Михаил Суслов деген шовинист-идеолог башында турган «майда элдерди» орусташтыруу, маданиятын европалаштыруу саясаты 1960-70-жылдарда күч алып кеткен. Ак калпак кийе коебуз деп Жыпар Жекшеев экөөбүз учетко алынып, далайга чейин «сүйүктүү балдар» болдук. Жыпарды билбейм, мени шерденткен Байдыке болду. Анын «Ак калпак» жыйнагынан улутчулдукту таап чыгышкан экен, компартиянын токмогун жээр менен:

Кыргыз деп келгем дүйнөгө,Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн! — деп азыркы жикийген кошоматчы акындарга окшоп бийликтин таманын жалап ийбей мырза бойдон, жигит бойдон, элдин чыныгы уулу бойдон калды. Анын дал ошол кадамы көбүбүздүн көзүбүздү ачты. Албетте, Байдыке ошонун «азабынан» компартия өлгөнчө сый-ургаалдан куру калды. Бирок элин саткан жок. Байдыкеден дүрт дей түшкөн сезимди Түгөлбай Сыдыкбеков биротоло курчутуп ийди. Теңир турат го, ошо кезде мен да ушу кишидей чоңдордон коркпогон адам болгум келген эле…

Орусташтыруунун кээри музыка дүйнөсүнө аябай эле тийди. Комуз четке сүрүлдү. Ал кружоктордун деңгээлинде калды. Оркестрге балалайка болуп кирди. Музыкалык окуу жайда окугандардын 99%ы дүйнөлүк классиканы жатка билчү да, Карамолдо, Мураталы, Ниязаалы десең кайдагы бир басмачыларды айтып аткансып аңкейип туруп калышчу.

«Улуттук маданияттын туу чокусу — опера!» деген түшүнүктү мээбизге кагып киргизе албай жатышты. Булар жетишпей жаткансып, Москвадан «Ала-Тоо», «Мен кыргызмын», «Кыргыз тарыхы», «Улуттук кийимдер», «Ата Журт», «Ата Мекен» сыяктуу 60тан ашык сөздөр айтылбасын деген көрсөтмө түштү. Каяшачыл сезими барларга кыйын болду. Расул Гамзатов сыяктуу «Эртең тилим жоголору чын болсо, анда жакшы бүгүн өлүп калганым» деген кыргыз болгон жок. Ошентип айталбагандар кийин «Эл баатыры» болушту. Өлөт экенсиң да. Музыка жаатында кантип каяша айтарыбызды билбей биз жүрөбүз. Албетте, комузду ыргытып ийип, кыргыздын баары балалайка чертип калса, шовинисттер үчүн чоң майрам болмок.

Комуздун жогорку окуу жайларда келечеги жок экенин кєргөн кыргыздардын көбү андан кадимкидей алыстай баштаган. Өзгөчө жаштар күүгө кызыкпай калган. Элдин көңүлүн комуз күүсүнө кантип буруш керек?

Күүнү ырга айландыруу идеясы ушундан чыккан. Ал озуйпа менин тагыдырыма туш келгени үчүн Теңирди алкайм.  «Кайсы күүнү ырдаш керек?» деп көпкє кыйналдым. Күүнүн баары эле ырдала бербесин ошондо түшүндүм. Күчкө салса, албетте, баарын ырдаса болот. Бирок ал элге алынабы? Кеп ошондо.

«Чоң кербез», «Кыз кербез», «Чайкама», «Тогуз кайрык», «Кеңеш», «Саринжи Бөкөй», «Боз салкын» сыяктуу күүлөр бир караганда өзү эле ырдалып кетчүдөй болуп турат. Бирок бир кайрыгы ырдалса, башкалары ырдалбай, башы шыр кетсе, аягы мүдүрүлүп туруп алды.

Бир гана «Насыйкат» өткөнүңө да, өзөгүңө да, өкүтүңө да жол ачып турду. Арбалдым. Анда Көлдө иштечү элем. Борборго келип Жусуп Толтоев деген ботколошума барсам, күүтабагы бар экен. Ичинде «Насыйкат» турат. Комуздун алпы Карамолдо черткен экен. Мен бир дагы күүнүн алдында мынчалык муун-жүүнүм бошоп, ар бир кайрыгы менен кошо агып, жүлүнүмөн бери солкулдап, өзүмдү жоготкон эмесмин. Күү бүтөрү менен кайра башынан коем. Күүтабакты сурасам, Жукең кыйылды, а да аябай жакшы көрөт экен. Мейли деп күүнү бүт жаттап чыктым. Эртеси унутуп калбайын деп кайрыктарын кыңылдап ырдап баратам. Көлгө кеткен автобуска отурдум. Эч ким менен сүйлөшкүм жок. Ичимен да, тышыман да кыңылдап ырдап баратсам, алдыда отурган чүйлүсү кат-кат, майланышкан бир киши:

Катуураак ырда! Барганча бизге эрмек бол!- деп аябай өкүм айтты.

Эси-дартым күү болгон үчүн ага көңүл деле бурган жокмун. Бирок «ыйласаң өлөсүң!» деп коркутуп койгон баладай болуп дымымды чыгарбай, ичим толуп, өпкө-өпкөмө батпай тумчугуп бараттым…

Акбар Рыскуловго сөзүн жазып бер десем, күүнү түшүнбөйм деп чыкты. Ага жата калып, тура калып, эптеп түшүндүмүш эттим. Кыргыздын тарыхы болсо дейм. Анан ал «Ак кемедеги» маралды алалы деп өзү да шыктанып кетти. Акбарга ырахмат! Күүгө сөз жазыш оңой эмес. Эки жарым айда сөзү бүттү. Ыр даяр болду.

Бир күнү жаны жок комсомол кырдрамда боло турган жыйында ырдайсың деп калды. «Насыйкатты» ырдайын деп турам. Сахнага чыксам эле… зал толо африкалыктар! Ар кайсы жерде эки-үчтөн орустар менен кыргыздар болбосо, калганы капкара. Кайра кетмек белем, ырдап кирдим.

Эртеси мамтеледе иште отурсам, «Сени бир негр чакырып жатат» дейт. Алдына түшсөм, Абдусалам деген ливиялык жигит экен. Орусчаны чала сүйлөйт. Магнитофон көтөрүп алыптыр, «Насыйкатты» жаздырып бер дейт. Таң калдым.

 

Кыскасы, «Насыйкаттын» бет ачары африкалыктарга арналып кеткен

Өзүбүздүн элге болсо, Спорт сарайында өтүлүп жүргөн «Кубулжу менин ырларым» телеконцертинде тартууладым. Анда да бир дирижер: «Күүнү ырдаганга болбойт! Андай болсо сахнага чыкпайсың! Башка ыр ырда!»- деп күпүлдөп, а тургай башка ырды кулактандыртып да жиберген. Баары бир «Насыйкат» ошол кечте ырдалып кетти. Андан кийин ага эч ким ээ боло албай калды. Элдикин элге кайтардым (Т.Казаковдун «Эсимде» аттуу китебинен, 65-бет).

Нурзада Ташбаева, «Де-факто», 17.09.2016-ж.

Макала «Насыйкат» кантип жаралган? бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Султан Ибраимов жөнүндө 5 факты. Артка кайтарылган кымыз менен эт

$
0
0

20-сентябрь саясатчы, коомдук ишмер Султан Ибраимовдун туулган күнү. Ал киши тирүү болгондо 89 жашка чыкмак. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул датага карата Султан Ибраимов тууралуу кызыктуу беш фактыны даярдады.

Жөнөкөй тракторчудан саясатка карай жол. Саясатчы жана коомдук ишмер Султан Ибраимов 1927-жылы 20-сентябрда Чүй аймагынын Алчалуу айылында туулган. Кыштакта колхозчу, тракторчу болуп иштеген. 1978-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, ошол эле жылдын декабрь айынан баштап 1980-жылдын декабрына чейин Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрөгалыгына чейин көтөрүлгөн.

Бериле элек наам тууралуу. Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын берүү демилгесин Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 2014-жылы көтөрүп чыккан. Парламенттин 2014-жылдын 17-декабрь күнкү жыйынында сунуш эл өкүлдөрүнүн колдоосуна ээ болгон. Бирок али күнчө бул наам бериле элек.

Сын айтуудан коркпогон Ибраимов. Султан Ибраимов жогорку партиялардын форумунун трибунасынан дагы жалпы союздук министрликтерди сындоодон коркпогон киши болгон. Бир жолу Москвадагы сессиядан Леонид Брежневдин көзүнчө жалпы союздук министрди сынга алган. Ушундан кийин кулак-мээни жулуп алгандай тынчтык өкүм сүргөн. Анткени ал убакта жогору жактагыларга антип сын-пикир айтуу эң бир кооптуу кадамдардан болгон.

Бир фляга кымыз. Чоң кызматта отурган жетекчиге кошоматтануу совет доорунда да болуп келген. Бир жолу тааныбаган эле бирөө бир койдун этин бир фляга кымызы менен обкомдун биринчи катчысынын үйүнө таштап кетет. Анда аялы мектепте, Султан Ибраимов жумушунда. Кечинде жумушунан келген облустун жетекчиси аны көрүп, эт, кымыз алып келген адамдын аты-жөнүн иликтеп, айдоочусунан кайра бердирип жиберген экен.

Табышмактуу өлүм. Султан Ибраимовдун кыздарынын биринин айтуусунда атасынын ден соолугу үчүн «кам көргөндөр» 1980-жылдын акыркы айларында аябай көбөйгөн. Жанында жүргөндөр «жумуш кайда качмак эле, дем алып келиңиз» дешип, бир жума мурда эле эс алуудан кайтканына карабастан, кайра Ысык-Көлгө узатышкан. Ибраимов аялы жана небереси менен Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияга келгенде аларды бир гана кызматчы келин тосуп чыккан. Резиденцияда башка кызматкерлер, жок дегенде күзөтчүлөрдөн эч кимиси болгон эмес. Күзөтчүлөр, жан сакчылар эртеси, Султан Ибраимов айдоочусу менен кошо атып өлтүрүлгөндөн кийин гана келген. Расмий маалыматтар боюнча аны 1980-жылдын 4-декабрында Ысык-Көлдүн жээгиндеги мамлекеттик дачада атып кетишкен.

«Sputnik-Кыргызстан», 20.09.2016-ж.

Сүрөттүн автору Султан Досалиев.

Макала Султан Ибраимов жөнүндө 5 факты. Артка кайтарылган кымыз менен эт бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Тынчтыкбек Чоротегин: “Жусуп Баласагынды “кыргыздын гана бабасы” деп айтуу илимий жактан туура эмес”

$
0
0

Ушул жылдын 18-сентябрында Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган Эл аралык конференция болуп өттү. Анда чет өлкөдөн келген тарыхчы, окумуштуулардын катышуусунда Ж.Баласагындын өмүр таржымалы боюнча кызуу талкуу болду. Алсак, айрым Кыргызстандын өкүлдөрү Жусуп Баласагынды “кыргыз” болгон жана чыгармасы ошол доордогу кыргыз тилинде жазылган деп айтса, айрымдары анын “Кут алчу билим” аттуу чыгармасы туура эмес которулганын белгилешти. Алардын ою боюнча “Кут аттуу бийлик” деген божомолдору бар. Дал ушул теманын алкагында аталган конференциянын уюштуруучусу, “Мурас” фондунун төрагасы, тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин менен маек курдук.

— Тынчтыкбек агай, айтсаңыз Жусуп Баласагын кыргыз уулу болгон, чыгармалары кыргыз тилинде жазылган деген ойлорго кошуласызбы?

— Илимий пикир — айрым бир публицисттердин, калемгерлердин оюнан жогору турган пикир. Менин тарыхый изилдөөлөрүмө караганда, Караханийлер доорунда Жусуп Баласагын өзү жазган “Куттуу билимди” карахийлердин расмий тилинде жазылды деген. Башкача айтканда, түрк тилинде болгон. Бул тил азыркы сакталып калган тилдердин ичинен сөз казынасы боюнча кыргыз тилине абдан жакын. Бирок ошол Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгарини туура кыргыз тилинде жазган деп айткандын өзү илимий жактан туура эмес болуп калат. Анткени, алар өздөрү атайын паспорт алып туруп “Биз кыргызча сүйлөп жатабыз, жазып жатабыз”, — дешкен эмес.

Махмуд Кашгари кыргыз тилин бир катар башка нагыз түркчө, таза түркчө тилдердин бири катары санап кетет. Бирок өзү ошол доордо кыргыздар сыяктуу башка дагы Теңир-Тоолук көчмөн элдердин таза тили болгондугун көргөзөт. Алардын бири, мисалга чигилдер болгон. Менимче, ыраматылык профессор , тарыхчы Өмүркул Тагаев “Караханид” династиясы чигилдерден чыккан деп айткандыгы чындыкка жакын. Чигилдер башка бир катар элдерге кошулуп жуурулушуп кеткен. Анын ичинде кыргыздар дагы жуурулган. Ошондуктан кыргыздын дагы бабасы деп айтканга толук негиз бар. Бирок Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгарини кыргыздарга гана энчилеп алсак, анда илимий жактан туура эмес болуп калат.

— Жусуп Баласагынды ар түрдүү ысымдар менен атап келебиз. Эмне себептен? Ушул боюнча токтоло кетсеңиз.

— Маанилүү сын-пикирлерден дагы айта кетсем, мисалы кээ бир түрк өлкөлөрүндө улуу окумуштуунун Баласагын шаарында чыккандыгы жөнүндө көп айтпастан, чыгармасы үчүн алган кызматын Жусуп улук Хас Хажиб деп жаза беришет. “Хас Хажиб” бул ак сарайдагы даражасы. Анын туулуп өскөн жери Баласагын. Ошол себептен Жусуп Баласагын деп кыргызча айтсак туура болот.

— Ал эми анын чыгармасы боюнча дагы тартыш болууда. “Кут алчу билимби” же “Кут аттуу бийлик” деп атоого негиз барбы?

— Кээ бир окумуштуулар “Кут атгу билик” деген бул ошол XI кылымдагы тилдин өзүндө айтылышы. Бул “кут” сөзү кут, ал эми “атгу” сын атоочту түшүндүрөт, тактап айтканда сын атоочтун куранды мүчөсү. Ал эми “билик” деген 2 мааниге ээ болгон. Биринчиси “бийлик”, экинчи мааниси “илим” дегенди билдирет. Демек бул чыгарманы эки жол менен айтса болот. Бири куттуу билим, экинчиси куттуу бийлик. Себеби бул чыгармада саясий башкаруунун жолдору жөнүндө дагы бир катар насыйкат, кеңештер камтылган. Мамлекеттин башчысын тарбиялоого, ошол кездеги ак сөөктөрдү тарбиялаганга багытталган. Мындан сырткары, сабаттуу кишилерди туура билимге, илимге чакырган чыгарма. “Кут алчу билим” чыгармасынын аталышын башкача которолу деген кишилер алгач XI-XII кылымдардагы караханиддик түрк тилин үйрөнүүлөрү керек. Аны билбей туруп жөн эле макала жазуу, же коомдук пикир жаратуу жаңылыштык.

Маектешкен Рахат Саламатова, «Кабар», 19.09.2016-ж.

Макала Тынчтыкбек Чоротегин: “Жусуп Баласагынды “кыргыздын гана бабасы” деп айтуу илимий жактан туура эмес” бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Кан кызыткан «Маш ботой». Күү тууралуу 7 факты

$
0
0

Кыргыз элинин атактуу күүсү «Маш ботой» тууралуу кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатында 1000 комузчу «Маш ботой» күүсүн аткарып, жергиликтүү элди да, чет жактан келгендерди да ыргагы, добушу менен таң калтырды.

Жумурай журттун сыймыгына айланган күү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги 7 факты даярдады.

Күү белгилүү комузчу, талантуу композитор, булбул үндүү ырчы Атай Огонбаевге таандык;

«Ботой» — армандуу күүнүн бир багыты болуп саналат. Атай Огонбаев шатыра-шатман мүнөзүнө жараша муңдуу ыргакты өзгөртүп, ыкчамдык, көңүлдүү маанай кошуп, күүнү «Маш ботой» деп атап алып чыккан деп айтылат;

1939-жылы Москвада өткөн маданий декада өтүп, Атай Огонбаев эки шакирти менен «Маш ботойду» чертип чыккан. Эгер бул декаданын кыргыз маданиятындагы орду менен маанисин эске алсак, комузчулар бул күү менен дүйнөлүк аренага чыккан деп айтууга болот;

Кыргызстанда бүйүр кызыткан көк бөрү оюну дээрлик «Маш ботойдун» коштоосу менен өтөт. Оюндун кумары менен күүнүн ыргагы бири-бирине төп келип, толуктап, көрүп отурган кишинин ого бетер делебесин козгоп, канын кызытат. Аларды карап отуруп, «Маш ботой» атайын көк бөрү үчүн жаралгандай сезилет;

Комуздун бул күүсү улуттук башка музыкалык аспаптардын да, дүйнө элдеринин аспаптарынын коштоосунда да кеңири аткарылып келет. Мындан чыгарманын көркөмү артып турары шексиз;

Жыл башында атактуу кыргызстандык пианист Азамат Сыдыков Нью-Йорктогу Таймс-сверде ачык асман алдында роялда «Маш ботой» күүсүн аткарып, чыгармага дагы бир жаңы сүртүм кошкон;

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Ысык-Көлдө Көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатында өлкөнүн булуң-бурчунан келген 1000 комузчу бир маалда «Маш ботой» күүсүн аткарды. Аны көргөн да, көрбөгөн да арманда…

«Sputnik-Кыргызстан», 05.09.2016-ж.

Сүрөттүн автору Султан Досалиев.

Макала Кан кызыткан «Маш ботой». Күү тууралуу 7 факты бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Аннотация, аварийная подписка, анализ — юридикалык атоолорду кыргызча айталы…

$
0
0

Кыргызстанда мамлекеттик тилден сырткары расмий тил өкүм сүргөндүктөн иш кагаздар эки тилде жазылып келет. Мындан улам айрым учурда башка тилден кирген юридикалык атоолор коомчулук арасына сиңип, кыргызча аталыштар көмүскөдө калып калган көрүнүштөр да бар.

Бүгүнкү «Тибиртке» рубрикасында күнүмдүк жашоодо колдонулган иш кагаздар менен түшүнүктөрдүн кыргызча аталыштарын жазууну туура көрдүк. Бул материал өзгөчө документтер менен иш алып барган кызматкерлерге баалуу каражат болуп берсе керек. Аталыштар Мамлекеттик тил комиссиясынын жардамы менен которулду.

  • Аннотация — кыскача мазмун
  • Бесплатные блага — акысыз убай
  • Бумага исходящая — чыгыш кагаздар
  • Бумага входящая — кириш кагаздар
  • Аварийная подписка — авариялык милдеттенме
  • Документ подлинный — түп нуска документ
  • Аргумент — жүйө, далил
  • Инструктор — нускоочу
  • Инструкция — нускама
  • Командировка — иш сапар
  • Авторизованный перевод — авторлоштурулган котормо
  • Административная опека — административдик камкорчулук
  • Компромисс — келишим, мунаса
  • Акционерная форма собственности — менчиктин акционердик түрү
  • Акция с правом — укугу бар акция
  • Анализ затрат и результатов — сарптоолорду жана натыйжаларды талдоо
  • Анализ решений — чечимдерди талдоо
  • Аудиовизуальный документ — көркөм-укма документ
  • База данных — дайындар базасы
  • База данных фирменных наименований — фирмалык аталыштардын дайындар базасы
  • Базисный уровень стоимости — нарктын туруктуу деңгээли
  • Биржевая сделка — биржа бүтүмү
  • Благотворительные отчисления — кайрымдуулук чегеримдери

Урматтуу окурман, мындан ары «Тибиртке» рубрикасына кызыктуу темаларды же сунуштамаларды жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк ачылды. Ал үчүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясына 0707 52 55 70 Whatsapp номери аркылуу байланышка чыксаңыз болот.

Айида Батырбекова, «Sputnik-Кыргызстан», 15.09.2016-ж.

Сүрөт Сабыр Аильчиевдики

Макала Аннотация, аварийная подписка, анализ — юридикалык атоолорду кыргызча айталы… бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Падышалардын аттары же Ахалтекин аргымагы —Кыргызстанда

$
0
0

Бардыгыбыздын көңүлүбүз Ысык-Көлдө өтүп жаткан II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен байланып турган кез. Бул окуя 25 жылдык эгемендик жылдардагы эң эсте каларлык күндөргө кирип, тарыхта калары турган иш. Кыргыз эли бул күндөрү таш карыткан байыркы эл катары, өзүнүн доорлордон келаткан улуу дөөлөтүн, нарк-насилин, өнөрүн, салт-санаасын, дегеле дүйнөлүк маданиятка кошуп жаткан салымын толук ачып бере алды десек аша чаппайбыз. Ошол эле учурда Көчмөндөр оюну бизге коңшулаш же алыскы чет өлкөлөрдө жашаган тарых-тамыры бир элдердин да суктанарлык маданиятын да көрсөттү. Алардын бири II Бүткүл дүйнөлүк “Көчмөндөр оюнунун” алкагында, тили, дили бир эзелки үзөңгүлөш журт, түркмөн калкынын – өздөрүнүн 5000 жылдык тарыхы бар, көөнө тарыхка “падышалардын аттары” же “бүткүл дүйнөдөгү аттардын атасы” катары кирген Ахалтекин аргымактарын алып келишип, жигиттерин айтпайлы, кызыл гүлдөй чабандес кыздары ат жалында ойноп, өнөр көрсөтүшү болду.

Алардын ат оюндары, адамдын тилин билгенсиген аргымактарынын музыканын коштоосунда бийлеп бериши учурда Интернеттеги социалдык тармактардан түшпөй, кызуу талкууларды, суктанган пикирлерди жаратууда. Анда эмесе дал ушул “Асман аты” ахалтекин аргымактарынын тарыхта калган туяк издерине үңүлүп көрөлү.

 

Өзүбүз тууралуу эки ооз сөз

Кыргызда “ат адамдын канаты”,- деп айтылат. Бул сөздүн СССР мезгилинде, айрыкча кыргыз турмушуна айыл чарба техникалары күргүштөп кирип келгенде ээрден ооп түшүп калган күндөрүн да көрдүк. Анын натыйжасында акыркы жүз жылдыкта, жер тандабай жүгүргөн, күндөп-түндөп чапсаң чаалыкпаган, коного чапсаң 80-100-120 чакырым жерлерден чыгып келип жүргөн нукура кыргыз жылкысынан айрылып калдык. Бир жагынан буга өзүбүз да күнөөлүүбүз. Түркмөндөргө окшоп, тээ мезгилдин катмарларынан кулак жаңырткан дүбүртү угулуп турган, даңк-даңазасы бүгүнкү күндөргө чейин айтылып келген, легендарлуу Байтиктин Кер кашкасы, Бекболоттун Нарбашы, Кыдырдын Тайкашкасы өңдүү (баарын атап отурбайын) тунук тулпарлардын тукумун сактай албай калдык.

Ушул эле эгемендик жылдары дүйнөгө таанымал ипполог (жылкы тукумун иликтөөчү) Жаклин Рипард келип, кадимки кыргыз атын сыйпалап, таппай калганда башыбызды бир муштадык. Ал азыркы айыл-ападагы “кыргыз аты” делген аттарыбызга “болгону кыргыз аты тибиндеги” аттар деген баа берип, кийинки мезгилде Памир чөлкөмүнөн издеп кетти окшойт.

Бирок шүгүрчүлүк. Ушул эле II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда 80 чакырым аралыкка чабылган аттардан “Ак-Кула” аттуу кыргыз күлүгү биринчи орунду алды. Сүрөтүнөн нукура кыргыз аты окшоп турат. Демейки ат чабыштарда эң алыскы аралык 25 чакырым болсо, бул жолу “Көчмөндөр оюнунда” аралык 80 чакырым болгону ат чабыштагы байыркы салтыбызга үндөшүп жатпайбы. Ушул жол менен жүрүп отурсак кыргыз атын калыптандырып алаарыбызга үмүт чоң.

Айтайын дегеним кыргыз аты сыртынан комсоо көрүнүп, бой-келбети көңүл тойгузбай турганы менен өтө чыдамдуу, чаалыкпас келет. Ал карапайым кыргыздын кудум өзүндөй басмырт. Бирок алыскы аралыкка чапканга мына ошолор жарайт.

 

Падышалардын же асман аттары

Жылкы баласына келгенде адамзат тарыхында ушунчалык суктануу менен сөз болгон, не бир кан төгүлгөн согуштардын себепчиси же токтотуучусу болуп келген, атагы жер силкинткен падышаларды суктантып, бир мингенге куштар кылган, ааламдагы аттардын атасы аталган, күнү бүгүн королдордун, президенттердин шилекейин агызып, мамлекеттер аралык сый мамиленин туу чокусу саналган, 5 миң жылдык тарыхты карыткан ушул түркмөндөрдүн Ахалтекин аргымагындай бай тарыхы бар бир дагы жылкы баласын атай албайсың. Атургай айрым мамлекеттер анын туягындай да тарыхы жоктугун эске алып койсок.

Жер карыткан түркмөн элинин адамзат маданиятына кошкон улуу салымы да ушул болду. Ахалтекин аргымагы тарыхка алгач Дабан аттары катары кирген. Улуу Кытайдын бичигине (байыркы кол жазмалар же аалам летописи) майда -чүйдө маселелер түшө бербейт. Андагы тарыхый булактарда азыркы Түркмөнстандын аймагы Дабан аталган (бүтүндөй Фергана же Паргана аймагы). 2004-жылы «Шинжан эл басмасынан» чыккан «Кытай жазмаларындагы кыргыздар» аталган китепте мындай маалыматтар бар. “…Дабанда катуу чуркаганда көкүрөгүндөгү кан тамыры жарылып кетип, шүүшүндөп кан аккан сайын талбай чуркаган асман аттары бар”,- деп айтылып, кытай императору ал ат үчүн адегенде ат башындай, андан кийин ошол аттын турган турушундай алтын сунуш кылганы, аягы согуш менен бүткөнү айтылат. (Аныгында эле ахалтекин аргымагынын кан тамырлары сыртка тээп, көөп тураарын белгилешет иппологдор).

Жер заманда ушул Дабандын (Фергана) Түркмөнстан менен Иранды бөлүп турган айтылуу Копет-Даг тоо кыркасынын Ахал аталган чөлүндө түркмөндөрдүн текин деген чоң уруусу жашаган. Бул аргымактардын “Ахалтекин” деп аталып калыш себеби да ушул эл-жердин атынан улам келип чыккан. Андан бери доорлор алмашты, кыргызча айтканда тоо, бузулуп коо болду. Бир гана аргымагын аялынан, баласынан жакшы көргөн (бул ат тууралуу китептерде ушинтип жазылат) карапайым түркмөн калкынын ахалтекин аргымагына бир тамчы бөтөн кан аралаштырбай, 5 миң жыл мурда кандай болсо, дал ошондой сактап келишкенине суктанбай, башыңды ийбей да кое албайсың.

Окумуштуулар байыркы Бактриянын (ага Түркмөнстандын азыркы аймагы да кирет) падышаларынын аттары ахалтекин аргымагы болгонун жазышат. Ага караганда Персиянын императору Мидий падышасынын кызына дал ушул аргымакты алуу үчүн үйлөнүптүр. Александр Македонскийдин легендарлуу Буцефалы да ушул аргымактан чыккан деген сөздөр бар. (Айтылуу саякатчы Марко Поло Буцефалдын тегин сүрүштүрүп, ушул аргымактан чыгарган). Александр Македонский Бактриянын ханынын кызы Роксананы алгандан кийин гана бул аттарга кең-кесири колу жетиптир.

Ошондой эле Рим империясынын атканаларын көрктөгөн да ушул аргымактар болуптур. Дагы бир Рим императору Пробу бир күндө 150 чакырымды басып өтө алган ахалтекин аргымагын тартууга алганын таң калуу менен жаздырып, тарыхка калтырып кеткен. Персиянын падышасы Улуу Дарийдин, оо кийин кадимки Чыңгыз хандын да көңүлүн көккө учурган аттар да ахалтекин аргымактары болгон дешет жазма булактар.

Айтылуу Геродот “Мидиянын Нисея деген чөлүндө керемет аттарды багышат”, — деп жазат. Байыркы Нисея шаарынын урандылары азыркы Ашхабад шаарынын алдында калган. Ошол эле Македонскийдин жүрүшүн чагылдырган жазмаларда: “мындай аттар бир да өлкөдө жок, алар кызуу кандуу, курч, чыдамкай, өңү ак же ачык түстө, же болбосо таң нурундай шоокумдуу”,- деген жазуулар бар.

 

Биздин Манаста…

Кыргызда аттын асылын байыртан аргымак дешет. Бой-турпаты келишкен, сулуудай суйсалган, качсаң жеткирбеген, куусаң куткарбаган, оңой менен колго тийбеген малдын асылы. Көбүнчө бектер-хандар минчү. Биздин Манаста да Букардын ханы Темиркандын кызы Каныкей энебиздин, жер чалып жүрүп Букарга барып калган чуулу Чубакты Кара кашка аргымак минип майданга чакырып, бир сайып жүрөгүн түшүрүп, анан Көгалага камчы уруп артын карабай качкан Чубакеңди Таласты беттеп кууп баратканы айтылат:

Будур-будур бел келсе,
Эр Чубактын Көгала,
Букадай мойну бултулдайт.
Адырмакка келгенде,
Каныкейдин Кара кашка аргымак,
Ай кашкасы жылтылдайт.
Ээн талаага келгенде,
Жер айрылып закымдап,
Каныкейдин Кара кашка аргымак,
Көгала минген Чубакка,
Жетмек болду жакындап.
Чубак качат закымдап,
Каныкей барат такымдап…

Ошондо астынан Бакай, Манастар чыга калбаганда ай ким билет, ким билет…Бул эми улуу эпостогу аргымак тууралуу бир сүртүм.

 

Соңку тарыхта

Тегин жеринен дүйнөгө таанымал ипполог В.О.Витта кезегинде “ахалтекин породасы – бүткүл дүйнөлүк аттардын алтын фондусу, анда байыркы кандын тамчысы агып турат” деп белгилебесе керек. Теңдешсиз араб жылкысы да ушул породанын бир бутагы делет. Башканы коюп Россияны алсак, Дон тукумундагы аттардын же Орус аргымагынын атасы ушул порода болгонун тартынбай эле жазышат. Орус булактарында мындай айтылат:

  • Петр I Полтава согушунда ахалтекин породасындагы бээни минип согушкан.
  • Маршал Жуков ахалтекин аргымагын минип парад кабыл алган.
  • Хрущев Англия королуна ахалтекин аргымагын тартууга берген.
  • Президент Сапармурат Ниязов бул атты өзгөчө урматтап, Д. Мейджорго, Ф. Миттеранга, Б. Ельцинге, В. Путинге белекке берген.

Кызыгы совет мезгилинде башка аттарга салыштырмалуу башкы көңүл дал ушул Ахалтекин аргымагына бурулуптур. Аны бурууга аргасыз кылган да түркмөндөрдүн өздөрү болду. 1935-жылы түркмөн атчандары Ашхабад-Москва маршруту боюнча 300 чакырымдык Каракум чөлүн аттарына бир ууртам суу ичирбей, бир тал чөп бербей эки күндө басып өтүшкөн. Ошондон тарта бир гана Түркмөнстанда өстүрүлүп жаткан бул аргымактар Россия, Казакстан республикаларында атайын жылкы заводдордо өстүрүлө баштайт.

Айла жок экен, Ахалтекин аргымактары өзүнүн баягы эле асылдыгын көрсөтүп, дүйнөлүк олимпиадаларда СССРдин атын дүңгүрөтүп чыгарып турду. “Араб” аттуу аргымак 2 м 12 см бийиктиктен секирип дүйнөлүк рекорд койсо, анын тукуму Абсент (атасы Араб, энеси Баккара) 1964-жылы Токио, андан кийинки Мехико Олимпиадаларда чемпион болду. Азыр Казакстандын Луговский жылкы заводунун алдында бул легендарлуу аргымактын эстелиги турат.

Ошондой эле бул аргымактар койгон дүйнөлүк рекорддор эмгиче кайталана элек, Мисалы: 1000 м — 1 мин 03,5 с, 2000 м – 2 мин. 11,5 с, 2400 м – 2 мин 42с.

 

Касиети

Бул аргымактар кылымдардан бери аңыз болуп келаткан касиетин толук сактап калган. Анын ээсине абдан берилгендиги, башка адамды өзүнө көп анча жолотпосу, ээсин эч качан жолдо-белде калтырбай тургандыгы тууралуу толуп жаткан мисалдар айтылат. Бул аргымакка тиешелүү эң башкы касиет эч качан семирбей, ичи сыртына май албай, дайыма тапталган аттай шымдактай болуп турушу. Ошондой эле айбандардын падышасы арстан өз күчүн билгендей, аттардын падышасы Ахалтекин аргымагы өз күчүн жакшы билгендиктен, өтө сыймыктуу, намыскөй келишип, өзүнө сый мамилени талап кылышат. Камчы чаап же орой мамиле жасаганды эч качан кечирбейт, тиштеп, тээп, чапчып салышы мүмкүн дешет түркмөндөр. Анан калса бул асылга камчы деле чаппаса керек.

Ахалтекин аргымагы чөлдө өскөнүнө карабай, мээ кайнаткан ысыкты, аяздуу суукту бирдей көтөрөт. Көп күндөр суу ичпей да жүрө алышат. Бул аттар өтө курч, учкаяк келишет. Ошол эле учурда алыскы жуукту да ылгабай жүгүрөт. Жүнү тайкы келип, жогоруда айткандай кан тамыры сыртка чыгып турат.

Ахалтекин аргымагы өңү боюнча да айырмаланып, көргөндүн көз-кумарын кандырат. Көбүнчө бир түстө болушат. (Чымкый сары, ак боз, кум түстүү, капкара). “Изобелла” аталган алтын же күмүш сымак өтө сейрек түс – дүйнөдө ушул Ахалтекин аргымагынын гана ырыскысына бүтсө керек. Негизи улуу тарыхы бар Ахалтекин аргымагы тууралуу айта берсе сөз бүтпөс…

Учурда бул аргымак Түркмөн элинин, дүйнөлүк маданияттын сыймыгы. Ал Түркмөнстандын гербин көрктөп турат. Ошондой эле Түрмөнстандын, Беларусь Республикасынын акча бирдигине киргизилген. Дүйнөлүк почта маркаларынын да бетинен түшпөйт.

Белгилүү болгондой Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ахалтекин аргымагынын анык күйөрманы. Бул өлкөдө алабай тукумундагы иттери, Ахалтекин аргымагы мамлекет тарабынан корголот. Сыртка чыгарылбайт. Жыл сайын президенттин байгесине ат чабыштар уюштурулуп, ал өлкөдөгү маанилүү окуя катары каралат… Аргасыздан бизде да өзүбүздүн маданий мурастарыбызга (тайгандарга, алгыр куштарыбызга, аттарыбызга) ушундай мамиле болсо деп кетесиң….

Сөзүмдүн аягында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна түркмөндөрүн Ахалтекин аргымагынын келиши, чоң маданий окуялардан болуп калгандыгын кошумчалай кетейин.

Темирбек Алымбеков, «Кабар», 08.09.2016-ж.

Макала Падышалардын аттары же Ахалтекин аргымагы — Кыргызстанда бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Спортту кыргызча “сүйлөтө” алабызбы?

$
0
0

Ошентип, Көчмөндөр оюндары соӊуна чыкты. Кыргызстандыктардын көңүлүн көкөлөтүп, чечекейин чеч кылган фестивалдан алган жакшы таасир жүрөгүбүздө дагы көпкө сакталат.

Эми эмне кемчиликтерди кетирдик, кандай өксүктөрүбүз бар – ушул маселелерди да ортого салып талкуулай турган күн келди. Бул баянымда мен спорт, улуттук оюндарды таасын чагылдырып, кыргызча жатык жана жетик тил менен элге жеткире алабызбы деген суроо тегерегинде ой чабыттагым бар.

Коомдук телерадиокорпорациясынын базасында Спорт каналынын ачылышы, аны менен кошо ЭлТР, НТС каналдары аркылуу Олимпиаданы, Дүйнө биринчилиги, Чемпиондор лигасы сыяктуу футбол боюнча ири эл аралык турнирлерди, Көчмөндөр оюндарын ж.б. маанилүү спорттук иш чараларды өз күчүбүз менен чагылдыра баштадык. Бул да болсо Кыргызстандын эгемен, өз алдынча мамлекет катары калыптанып калганынын күбөсү.

Ошону менен катар спорттук иш чаралардан талаптагыдай репортаж жасоого али чабал экенибиз айгине болууда. Албетте, эң кыймылдуу спорт оюндарын чагылдыруу жагынан биздин каналдардын техникалык, технологиялык мүмкүнчүлүктөрү азырынча чектелүү. Тажрыйбабыз да аз. Эми бул бара- бара чечиле турган иш.

Мен спорттук жана улуттук оюндарды КЫРГЫЗЧА алып баруу жагын кеп кылайын. Эл аралык ири спорт мелдештеринен репортаж берүү укугу КТРК менен НТС телеканалдарына таандык болгондуктан, жүз миңдеген күйөрмандар ушул эки каналдан гана көрүүгө аргасызбыз. Өз каналдарыбызга не жетсин, бирок тек төмөнкүдөй тантык сүйлөмдөрдү угууга мажбур болуп, итатайыбыз тутулуп келатабыз:

Дагы бир улак жаратканын көрүп турабыз

Дагы бир улакты тай казанга багыттаганын көрө алдык

Беш улак жарата алды

Кереметтүү соккуларды жараткан

Кереметтүү көрүнүштөр орун алып жатканын көрүп турасыздар

Эң бир кереметтүү улакчы

Улакка ээлик кылуу орун алууда

Ат чабыш орун алат

Топ дарбазадан орун алды

Кубаныч тартуулаганга мүмкүнчүлүк алганын байкай алдык

Кубаттуу өткөрүлүп берген топ

Бутка кирүү бар

Чалып жыгуу бар

Казакстанга каршы чоң каршылыкты жүргүзүшөт…

Бул мен жазып алган “кыргызча” сүйлөмдөрдүн азганактай гана тобу. Айла кеткенде телевизордун үнүн басып коюп, көргөн күндөр болду.

Бирок, мен алып баруучуларды же телеканалдарды күнөөлөгөндөн алысмын. Анткени, бул – баарыбыздын өксүгүбүз.

Кыргыз журналистикасында спорттук багыт быйыл гана башталып жаткан жок. Кыргызча спорт журналистикасына өткөн кылымдын 70 — 80- жылдарында из салынган. Анын башатында Тураш Каримбаев, Садырбек Чериков, Абдыманап Амиракулов сындуу кабарчылар турган. Алар өздөрү да спортко ынак болуу менен футболду, чуркоону, күрөштү, оор атлетиканы нукура кыргыз тилинде чагылдырууга күчүн үрөшкөн. Жаштардын “Ленинчил жаш” гезитинде спорт тиркемелерин чыгарышкан. Бул чыгаан журналисттер ЖАЗМА спорттук тилди калыптандырышкан. Ал кезде оозеки сүйлөмө, б.а., спорт мелдешин жарыша сөз менен баяндоо тажрыйбасы болгон эмес.

90- жылдары гезит атпайдын баары саясый темаларга “көмүлүп”, бир жагынан Кыргызстанда спорт да кризиске батып, спорт журналистикасы өнүкпөй туруп калды. Эске салайын: мен кыргызча спорт журналистикасы тууралу гана сөз кылып жатам.

Жаңы кылымдан тарта кыргыз журналистикасында спорт темасы бир аз жанданды. Заманга жараша сүйлөмө тил аркылуу тикелей репортаж берүүгө далалаттанган журналисттер пайда болду. Мисалы: Кабыл Макешов эл аралык мелдештерден “Азаттык” менен Би- би- сиге такай репортаж бере баштады. Жана, албетте, КТРК аркылуу спорт темасын кыргызча “сүйлөтүүгө” аттанып түшкөн Кубан Атабековдун репортаждары көпчүлүктүн кулагында калды.

Кубан спорттун бардык түрүн, улуттук (азыр көчмөндөр деп калдык) оюндарды кыргыз тилинде алып барууда. Бирок, бир катар сындардан кийин Кубан экрандан көрүнбөй калды. Акыйкаттык иретинде айтыш керек: спорттук мелдештерди кыргызча алып баруу тажрыйбасы жокко эсе болгондуктан, Кубан орус комментаторлордон үлгү алууга аргасыз болду. Орусча түшүнүктөрдү кыргызчалап, аны дагы нукура кыргызча кылуу далалатында кыргызча макал- ылакаптарды аралаштырып көрдү. Бирок спорттук берүүлөрү нукура кыргызча угулбай койду көрүнөт.

Кандай болгон күндө да, спортту кыргызча “сүйлөтүү” аракети үчүн деле биз Кубанга алкыш айтышыбыз абзел. Аттиӊ, анын артынан спорт мелдештерин алып барууга шымаланып келгенбалдарыбыздын кыргызча спорттук тили кандай экенин макала башындагы мисалдардан көрдүк.

Мен бул жигердүү жигиттерди да кызылдай сындоодон алысмын. Анткени, алар да жайдак жерге келип отурушту. Кубан Атабековдон башка ала турган тажрыйба, үйрөтө турган устат жок. Анын үстүнө угушумда кичинекей акыга иштеп жатышат. Ошого кайыл болуп, күнү- түнү уйкудан калып, Риодон алынын жетишинче репортаж берип келгендерине да ыракмат.

Бирок, менимче, кыргыз тили жарды, үнү кубатсыз, добушу басыӊкы, спорттун ыргагы менен теӊ жарыша жатык сүйлөй албаган алып баруучулар мындан ары экранга чыкпашы керек!

Спортту кыргызча шатырата “сүйлөтө” алган балдар- кыздар жок дейсиӊерби? Четтен чыгат. Андайлар күн сайын кечкисин тойканаларда тойлорду алып барып жүрүшөт. Бир кечте 400дөн 1,5 миӊ долларга чейин тапкан азаматтар телеканалдардын жарыбаган акысына келе коймок беле!

Мына ошол эле КТРКнын Спорт каналында снукерди – бул кыргыз эзели көрбөгөн британдык элиттик – төрөлөр оюнун кыпкыргызча “сүйлөтүп” жаткан Шайырбек Маматокторов бар турбайбы! Дегеле өтө чеберчиликти, акылды, башка жөндөмдөрдү талап кылган бул төрө оюндун Спорт каналынан чыгарылышы, аны Шайырбек сындуу өзү да ойноп, сырын билип, аны кыргыз журтуна жетик тил менен жеткире алган азаматтардын чыгышы кубантты, чоӊ үмүт туудурду. Мисалы, ошол эле ат оюндарын жылкы баласынын жалы менен чоӊоюп, сырын мыкты билген Кемел Ашыралиев деген ишмер агабыз шыдыр да, жетик да алып бармак.

Спорт каналы жумурай журтка кеӊири тарап баратканын эске алуу менен, мамлекет жана өкмөт бул каналды финансылык, техникалык жана кадрдык жактан бекемдөөгө көӊүл бурат деп күтөлү. Бюджетти бекитип жатканда Спорт каналынын өзүнө тике каражат бөлүшсө, арты кайырлуу болорунан шек санабайм. Бара- бара Спорт каналы өзүн өзү багып кетерин бөркүмдөй эле көрөм.

Ошону менен катар эл ичиндеги пикирлерди эске алуу менен КТРК, анын Спорт каналы кастинг (сынак) аркылуу алып баруучуларды тандайт деген да үмүт бар. “Манас” баш болгон оозеки чыгармаларды жараткан калың журт ичинен кантип төкмө алып баруучулар чыкпасын? Сөз жок чыгат.

Эми жогоруда келтирген тантык сүйлөмдөрдү кантип туура айтса болоруна токтоло кетейин.

Дагы бир улак жаратканын көрүп турабыз – улакты дагы бир жолу тайказанга таштаганын көрдүк.

Кереметтүү көрүнүштөр орун алып жатканын көрүп турасыздар – керемет оюндарга ортоктош болуп жатасыздар

Эң бир кереметтүү улакчы – эң бир шамдагай, карылуу улакчы

Улакка ээлик кылуу орун алууда – улакты батырак эңип алууга аракеттенишүүдө

Улакты карамаганы алды – улакты такымына басты

Ат чабыш орун алат – күлүктөр чабылат, ат чабыш болот

Топ дарбазадан орун алды – дарбазага гол (топ) кирди

Кубаныч тартуулаганга мүмкүнчүлүк алганын байкай алдык – күйөрмандарынын төбөсүн көккө жеткиргенин, черин жазганын көрдүк

Бутка кирүү бар – шак буттан алды

Чалып жыгуу бар – чалып жыкты

Алтын медалды багындырды – алтын медалды жеӊди, олжосуна басты

Гол жаратты – гол киргизди

Алтын медалды жеӊе алды – алтын медалды жеӊди

Оюн кереметтүү деңгээлде жүрүп жатат – оюн курч (айыгышкан) мүнөздө өтүп жатат.

“Манасты” окусак, башка классиктерибиздин көркөм чыгармаларын окусак, аларда спортту кыргызча “сүйлөтүүгө», керек болсо “ырдатууга» кудуреттүү не деген гана сөздөр жок! Шамдагай, чапчаӊ, карылуу, алыбеттүү, кыраандар, эрендер, бали, ап баракелде, жигит болбосоң коё кал, жигиттин пири Шаймерден колдой көр …

Бул бери эле чети.

Султан Жумагулов, журналист, “Азаттык”, 10.09.2016-ж.

Макала Спортту кыргызча “сүйлөтө” алабызбы? бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Куруттун түрлөрү

$
0
0

Курут – бул эзип ичсең суусундук, шорпого кошсоң катык, жесең тоюмдуу азык. Куруттун курамында белок, көмүртек, витаминдер, кальций, темир, калий жана башкалар бар. Андыктан көздүн көрүүсүн жакшыртып, жаш балдардын боюнун өсүшүн камсыздап, сөөктөрдү бекемдеп, иммунитетти көтөрөт. Мына ушундай касиетке ээ куруттун биз биле бербеген түрлөрү тууралуу сөз кылабыз.

«Өрүк курутка данектерин да кошом»

anar_bakirovaАнар Бакирова, Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну, 62 жашта:

– Мен өрүк курут үчүн 10 килограмм сүзмөгө 10 килограмм өрүк кошом. Өрүктү жууп, данегин чыгарып, эт тарткычтан өткөрөм. Кээде чагылган данектерин курутка кошуп жиберген учурларым болот. Даярдалышына келсек, казанга сүзмө менен өрүктү бир салып, отту орточо жагып, кайнатып баштайм. Жыгач депкир менен тынбай аралаштырам. Качан депкирди сүзмөгө сайган кезде тик туруп калса, ошондо казанды оттон чыгарам. Анан муздатып, тоголоктоп күнгө жая бересиң. Кээ бирлер курутка зире кошуп да жасашат.

Күнгө кургатылып жаткан өрүк куруттар
Күнгө кургатылып жаткан өрүк куруттар

«Карагат курут, сабиз курут да пайда болду»

Майрамкан Жапалакова, Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну, 56 жашта:

– Жаш балдарга ылайыктап курутка таякчаларды сайып чупа-чупска окшотуп жасагандарды көрүп, мен да жасадым. Курамына карагат, сабиз, чычырканак, малина, ачуу калемпир, жалбыз кошуп жасаса да болот. Жалбыз кошулганын «кыргыз диролу» дешерин уктум.

Мен өзүм жасаган карагат курут, кошкон май курутум абдан даамдуу болот. Карагат курут үчүн 2 килограмм сүзмөгө 200 грамм бөрү карагат жана татымына жараша туз кошулат. Карагаттын ордуна чычырканак мөмөсүн же сабизди эт тарткычтан өткөрүп кошсо да болот. Эгер сүзмөгө кызылчанын ширесинен кошсо, өңү кызгылтым болуп калат.

Калемпир, сабиз жана укроп кошулган курут
Калемпир, сабиз жана укроп кошулган курут

 

«Таш бака, кешью формасындагы куруттарды да сатам»

Алтынай Рустамова, Бишкек шаарынын тургуну, 47 жашта:

– Биз, курут жасап-саткандар мурун курутту тоголок, анан сүйрү кылып эле жасап келгенбиз. Эми ар кайсы жактан укканыбыз, көргөнүбүз боюнча жүрөкчө, таш бака, батон, кешью, ромбик формасында жасап жатабыз. Менден чөбөгө курутту көбүрөөк алышат. Чет элден келген туристтер кызыгып, ар бир түрүнөн жеп көрүп, сатып алып кетишет.

Чупа-чупска окшотуп жасалган курут
Чупа-чупска окшотуп жасалган курут

 

Канымжан Усупбекова, «Супер-инфо», №724 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж.

Макала Куруттун түрлөрү бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Максат Чакиев: «Айкүр бильярдга атаандашат”

$
0
0

Көчмөндөр оюндарынын уюштуруучуларынын бири Максат Чакиев кыргыздын чүкө менен ойнолчу улуттук оюндарын жаңы, заманбап деңгээлге алып чыгуу жана дүйнөгө таанытуу максатында Айкүр федерациясын түптөдү. Максат мырза менен жаңыланып жаткан чүкө оюндарынын өзгөчөлүгү, жаңы деңгээлге алып чыгуудагы пландары тууралуу баарлаштык.

Айкүр федерациясын түзүүгө эмне түрткү болду?

— Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга 10 жылга жакын убакыт даярдандык. Ошол жылдары Олимп оюндарына атаандаш же болбосо альтернатива жок болчу. Эми Көчмөндөр оюну аркылуу ал деңгээлге бир аз да болсо жетише баштадык. Ошол эле учурда спорт оюндарынын ичинен бильярд стол оюндарынын арасында бүткүл дүйнөдө монополист болуп саналат. Мисалы азыр Бишкек шаарында эле эң аз дегенде 200дөн ашык бильярд салондору бар. Жаш жигиттер, улгайган адамдар чер жазыш үчүн бильярдга барышат. Анан оюндун жүрүшүндө эле саясатын, бизнесин, пландарын сүйлөшүп, ар кандай маселелерди чечишет. Биз ойлонуп көрүп, чүкө менен бильярд оюндарынын стилин айкалыштырып, чүкөлөрдү столдун үстүнө алып чыкканы жатабыз. Чүкөдө алчы, таа, бөк жана чик позициялары бар эмеспи. Биз алчынын дагы бир аталышын алып, Айкүр аттуу федерацияны түздүк. Эми мындан ары мурда жерде ойнолгон чүкө оюндарынын бардык түрлөрү бильярдга окшоп стол үстүндө ойнотулмакчы. Оюн салондорунда бардык шарттар түзүлгөндүктөн чүкөгө кызыккандар келип ойногон сайын бара- бара популярдуулугу да артат деген ниеттебиз. Шаардагы бильярд салондоруна жок дегенде бирден айкүр столдорун коёбуз. Келген кишилер биздин кыйыр, үч тапан, калды сыяктуу чүкө оюндарын ойношуп чер жазса деген максат. Оюндун эрежелери столго ылайыкташтырылууда. Мисалы оюн алдындагы саламдашуулар, өзүн алып жүрүү эрежелери кыргыздын улуттук салттарынын негизинде болмокчу. Себеби айкүр ар бир эрежеси, кыймыл- аракеттери кыргыздын маданий баалуулуктарын жана көчмөндөрдүн салттарын камтыган интеллектуалдык, көңүл ачуучу оюн болуп эсептелинет.

Эмне үчүн улуттук оюндарыбыздын арасынан дал ушул чүкө оюнун тандадыңыздар?

— Чүкө оюнун азыр жалаң эле жаш балдар ойноп, чоңдор арасында популярдуулугу жокко эсе болуп калган. Анын себеби – көчө- көйдө, чаң жерде ойнолгондугунда. Чоң кишилер ысыкта, же суукта көчөдө ойной албайт, курсактуулар эңкейе албайт, классикалык кийим менен улам отура калып, эки жакка басып ойноо мүмкүн эмес. Ошондуктан чүкө оюндары жалаң эле жаш балдарга таандык болуп, чоңдор арасында көп ойнолбой калды. А бирок чүкө оюндарында кызыктуу стол оюндарына таандык бардык өзгөчөлүктөр бар. Анан дагы негизи эле тарыхты карап көрсөк чүкө оюндарынын кыргыз маданиятында аябай олуттуу орду бар. Жерде ойнотуу менен канчалык аракет кылсак да дүйнө жүзүнө таанытуу мүмкүн эмес экен. Анткени чоң кишилердин көпчүлүгү жогоруда айтылган себептерден улам жерде ойногусу келбейт. Эмне үчүн бильярд дүйнөгө тарады? Себеби бул оюн оюнчуларга комфортту түзүп берген. Адамдар кыйналбай, аба ырайына карабастан, каалаган нерсесин жеп- ичип, көп убакыт ойной берет.

Чүкө оюндарын дүйнөлүк деңгээлге алып чыгабыз деген максатыңар бар экен. Буга кандай аракеттер көрүлүп жатат?

— Алгач пландарды ишке ашыруунун алдында бир топ жолу тестирлөө өткөрдүк. Тайпаларга бөлүнгөн адамдарга жаңыланган эрежелер менен оюндарды ойнотуп көрдүк. Алардын барынын кызыгуусу артып, жакшы пикирлерин айтышты. Бул оюндун келечеги бар экендигин билдирет. Негизи чүкө оюндарынын жыйырмадан ашык түрү бар экен. Биз азырынча 3 түрдү тандап, ошолордун үстүндө иштөөдөбүз. Себеби бардык түрүн бир мезгилде иштеп чыгуу, эрежелерин столго ыңгайлаштыруу көп убакытты талап кылат. Бирок Айкүр федерациясы оюнду толугу менен иштеп чыгат. Ошондой эле 21- сентябрда Бишкек шаарында айкүрдүн бет ачары болот. Ал жерге кыргызга таанымал аттуу- баштуу инсандар, саясатчылар, ишкерлер жана спорт чөйрөсүндөгү инсандар келет. Аларга чүкө оюндарын колдоп, бардык катмардагы адамдардын ойноосуна өбөлгө түзүп, дүйнөлүк деңгээлге алып чыгуу тууралуу маалымат жеткирели деп жатабыз. Элиталык оюн катары таанытуу максатында чүкөлөрдү алтын түскө боёдук. Ошондой эле жакында Казакстанда да Айкүр федерациясы ачып, андан кийин Орусия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдө да иш жүргүзүү пландарыбыз бар. Негизиги максатыбыз — дүйнөлүк Айкүр федерациясын ачууга жетишип, чүкө оюндарын дүйнө жүзүнө жайылтуу.

Айкүр федерациясы расмийлештиби?

— Азыр иш- чаралар мамлекеттик деңгээлге чыкпастан, федерация деңгээлинде гана турат. Бирок буюрса кийинки жылы Мамлекеттик спорт агенттиги менен бирге өлкө чемпионатын өткөрөлү деп турабыз. Буюрса ошол мезгилден баштап расмий түрдө мамлекеттик деңгээлге чыкмакчы. Ошондой эле кийинки жылы өтө турган Манас оюндарынын жана Көчмөндөр оюндарынын программасына киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат.

Азат АКАЕВ, “Де-Факто”, 23.09.2016-ж.

Макала Максат Чакиев: «Айкүр бильярдга атаандашат” бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Чыңгыз хандын чачылган урпактары

$
0
0

Ар бир чыгарманын жаралыш тарыхы, аткарган миссиясы, көтөргөн жүгү, өз жашоосу жана тагдыры болот. Арслан Койчиевдин “Бакшы менен Чыңгыз хан” жаңы тарыхый романы былтыр абройлуу сыйлыкка арзып, андан да баалуусу окурмандар арасында кызыгуу жаратууда. Казак туугандар кошо келген бет ачарда профессорлор Жамгырбек Бөкөшов, Тынчтыкбек Чоротегин, адабиятчы Калык Ибраимов сыяктуу бир топ окумуштуулар, илимпоздор жогору баалап, батасын беришти. Ошол талкууда романды ар кайсы жагынан талдап, анын философиялык, тарыхый, чеберчилик жана башка өңүттөн пикирлерин билдиришти.

Арсландын китебин айылдагы жакшы санаалаш, бир аз окумал карапайым классташыма белекке берген элем. Окуса керек, таасирленген окшобойбу, китептин жакканын айтып, жакпаган жерин айтып, радиодон окуса, кино тартса сонун болорун кеп кылды. “Таң гөрү- ү, кино тартса же ыр кылып төксө жарашчудай, үн чыгарып келиштире окуса кулактын кычуусу кангыдай, керемет экен. Кара сөз болуп туруп ыр экен. Теледен окуйт элем, үнүм келишпейт, келиштирем десем да мени ким окутат, кайсы телевидениеси мени шоңшойтуп чыгармак эле, элеттик энөө эмне кылып жүрөт дебейби, жалаң жылдыздардын, кудай менен түз сүйлөшкөнсүп саймедиреген серепчилердин арасында” – деп тамаша- чынга сала пикирин билдирди. Айылдык окурмандын баасы, ою бул.

Мен да ошол бет ачардагы жана автор менен бирге кийин тарых факультетинин студенттери менен жолугушуудагы ойлорумду билдирүүнү эп көрүп турам.

Адабият айдыңына шашпай ат бастырып кирген Арлсан Койчиевдин “Бакшы менен Чыңгыз хан” романы карапайым окурмандарга тургай, тарыхчы окумуштууларга да азыраак белгилүү тарыхый окуяларга негизделет. ХVI кылымдын ортосунда, тагыраак айтканда, 1512- 1525- жылдары Элбарс ханга кызмат өтөгөн насили ак сөөк окумуштуу Өтөмүш ажы ибн Маулан Мухаммед Дости жазып кеткен “Чынгыс- нааме” кол жазмасында Чыңгыз хандын урпактарынын бири- биринен так талашып, бак талашып, журт курап, кайра чачыратып жана чачырап, дөөлөткө ээлик кылып, кайра үрүп чыгаар ити жок бейырыс калып, эзели баш көтөргүс болуп мүңкүрөп, бирок ата- баба жолуна айланып түшүп, ээрге кайра минген, тизгин колго тийген окуялары баяндалат. Эси эңгиреп, куту качып, кушу колдон учуп, кырк жыл бою кул кейпин кийип калган кезде биротоло кулга айлантпай, тегин эсинен чыгарбай, тектүү ишке сүрөгөн, мөөрөп калбай, мөрөйгө жеткирген эрк- сезим, ал эрк- сезимди сабалап жүрүп урпактарга жеткирген улама, аны айныбай туйган жана аткара алган тукум тууралуу баяндалат. Хан Жучинин балдарын аёосуз эзген хандын жигити Исатайдын урпагы Теңиз- Буканын башы алынчудагы эпизоддо кырк жылдан бери ичте катылуу жүргөн сезим ата- арбак аркылуу идеяга айланып, ишке ашканы окуяга катышкан бектин туюму менен кыска, бирок жеткиликтүү берилет. Айтор баяндалышы кызык, баяндалган окуялар андан бетер кызык “Чынгыз- нааме” далай адамды толкундатат.

Кезегинде Өтөмүш ажынын бул кол жазмасын атактуу окумуштуу Вениамин Петрович Юдин 1967- жылы Ташкендеги Чыгыш таануу институтунда иштеп жүргөн кезинде үңүлө окуп чыгып, “Чынгыз- наамеде” көркөм чыгармаларга тема болгудай окуялар бар. Кезегинде жазуучулардын керемет чыгармаларына негиз болоор” деген экен. Андан бери “Чынгыз- нааме” тууралуу илимий изилдөөлөр абдан көп жазылды, айрыкча казак боордоштор жиликтеп, казак султандарын Жучи хандын кичүү аялдарынан төрөлгөн кайсы бир баласына алып барып такап, далай макала, китеп жазышты. Бирок илимпоз Юдин учкай кеп кылган көркөм чыгарманын кезеги кийин келип отурат.

1991- жылы Тарых факультетин жаңы аяктап, илимий иш менен Ташкендеги Чыгыш таануу институтунун кол жазма фондунан Арслан Койчиев В. Юдин баш сөз жазган “Чынгыз- наамени” окуйт. Юдиндин кириш макаласындагы келечектеги керемет чыгармалар тууралуу бир сүйлөмүнө катуу таасирленет. Чыгармачыл сезими ойгонот, дили козголот, ою байланат, кыялга жетеленет. Юдин жазгандан 50 жыл, Арслан Койчиев аны окугандан туура жыйырма үч жылдан соң роман жазылып, басмадан чыгып- чыкпай жатып адабий чөйрөдө оозго алынган, окурмандар арасында кызыгуу жараткан, бааланып жаткан жана дагы баасын алаар көркөм баяндын кыска тарыхы ушундай. Мен Арслан менен боз улан кезден моюндаш өскөн, ат жалын тартып мингени үзөңгүлөш жүргөн, алыс- жуукту бирге көргөн досу катары анын ушул романынын жана буга чейин жарыкка чыккан “Мисмилдирик” жана “Айта бар менин кебимди” эң сонун повесттеринин жазылыш тарыхын жакшы билгенимден улам өзүм жазып салгансып бекем айтып отурам. Автордун эки чыгармасы менен алар жазылып жатканда таанышуу озуйпасы мага туш келгендиктен айтып отурам.

Жогоруда айтылгандай, романдын бир сюжеттик линиясы тарыхый окуяларга негизделген. Чыңгыз хандын тун уулу хан Жучинин токолдорунан туулган 17 баласы Чыңгыз хандын тушунда эле Жучинин башка балдарына —  Батый менен Эджен ханзаадаларга тең каралбай, кем каралып, ал балдардан тараган урпактарын өзүн хан атап алган Өзбек кырып, аман калганын кол алдындагы кыйат уруусунан чыккан Исатай бекке жыгып берет. Анын небереси Теңиз- Бука бек ошол Жучи журтун кырк жыл бою мазактап, көрбөгөн кордукту көрсөтүп, айрымдарын биротоло маңкурт кылып, соо калганын чогултуп, өзүнүн чоң атасы Кыйат Исатай Жир- Кутлуга Сыр- Дарыянын боюна күмбөз салдыртууга чектейт. Ошентип күмбөз салдырат. Ал күмбөз азыр да Кыйат Жир- Кутлу мавзолейи деген ат менен илимде кеңири белгилүү. Өзбек хандын тукуму Бердибек өлгөндө кулдукка жыгылган Жоочу тукумунун ичинен бирөөсүн —  Кара- Ногойду хан шайлап, калганын ошо шайланган хандын турган буйругу менен мүлдө тукум курут кылып, акыры жеке өзү башкармакчы болот. Бирок Сайчы- уул деген эстүү чыкмасы (Бүкүр Кожо Акмат деген ат менен да тарыхта белгилүү —  В.П. Юдин) Теңиз- Буканын бул оюн билип калып, Теңиз- Буканын өзүн тындым кылып, Жучинин кор болгон тукуму эсине келип, кегин алып, кайра бийликке жетет. Бул эпизод тарыхый изилдөөлөрдө көп айтылбайт. Өз тегин Чыңгыз ханга такагысы келгендер тарабынан да түшүнүктүү себептерден улам дээрлик кеп кылынбайт. Токолдон тараган тукум дайыма эле легитимдүү болгон эмес. Анын ата- текке жана журт башкаруу укугун жокко чыгаруу адаты көчмөндөрдө боло келген иш, прецеденттер толтура. Атасы бир: энеси башка урпактар маселеси ушул азыркыга чейин үй- бүлөлүк араздашуунун, мүлк талашуунун, ата намысын талашуунун, эл арасында статустун чиеленишкен талашынын предмети жана себеби болуп келүүдө. Бир атадан тараган хан тукумунун бири- бирине карата мамилеси, бийлик үчүн, намыс үчүн жан кыйган, кан төгүлгөн учу- кыйыры жок эзелки күрөшү, адамды арына келтирген, тегин таанытып, тегине шек келсе, эсесин берүү озуйпасын урпактарга дайындоо маселелери романда абдан сонун ачылган.

Романдагы Өгөдөй деген каарман кол башкарган колбашчылыгы тургай, баарынан ажырап, тили кесилсе да хүүрдө күү тартып, өткөн тарыхты, болмушту айтып, боло турган нерсени болжоп айтып, кыла турган ишти күү менен билдирет. Эки нерсени автор абдан бышыктаганы көрүнүп турат. Биринчиси – бул күүнүн мааниси, анын сыры жана сырын түшүнө билүү феномени. Күү менен сүйүнчүлөгөн, кабар угузган, жоктогон жана арманын айткан, арзуусун билдирген, акылын туюнткан, ишин дайындаган, керээзин калтырган. Романдагы буга байланыштуу эпизоддорго көңүл буралы.

Өгөдөй абышка күү менен Сайчы- уулга сырын айтып, Жучи уулу эмне үчүн, канткенде, качан азаптан кутула алат, теңирден бүткөн, кан менен кошо чуркаган укугуна кандайча ээ болот, ээ болбосо, эрки жетпесе эмне менен бүтөөрүн опоңой эле туюндурат. Бек дайындап, жеткире табыштайт Сайчы- уулга. Экинчиси —  19- кылымдын ортосунда социалисттик мамлекеттин жараны монгол киши социалисттик мамлекет куруп, коммунисттик аң- сезимге сугарылып жаткан өзбектерге келип, коммунистчил өлкөлөрдүн маданий күндөрү деген партиялык саясатка ылайык концерт берип жатканда адашып маданият үйүнө кирип калган казак Бактыгерей Избасаров анын хүүрдө черткен күүсүн илгиртпей түшүнөт. Жети кылым мурдагы тагдырлаштары, Өзбек хандын эмки тукуму калың өзбектердин көбү түшүнбөй, насили төрө тукуму экенин билген Бактыгерей аңдайт. Угуп отурган Бактыгерей Избасаров “Башын чулгай ачуу үшкүрдү. Ачуулуу үшкүрүндү. Ачууну үшкүрдү” деп сүрөттөлөт. Бул кооздук үчүн күчтөп кошулган жамак саптар, уйкаш сөздөр эмес, ар бири мааниге ээ психологиялык абалдын сүрөттөлүшү. Баш каармандын – насили төрө тукумунун, Жучинин кай бир баласынан тараган урпагынын ата- теги үчүн азап тарткандагы арманы, төрө болуп туруп темселеп калгандагы кейиши, жети атасынан бери журт башы, эл мыктысы болуп келип, эми минтип заман аласалганда кечээги букаралар атасын айдап жиберип, арзыган ашыгынын сүйүүсүнө канбай, өзү качып- бозуп, көрбөгөн тозогу, сынбаган шагы калбаган кезде түпкүрдө катылып жүргөн, канында жүргөн, жан менен кошо бүтүп, жандан кийин жанга жалгашып кете турган эрк- сезими ойгонуп үшкүрүп жатат.

Алыскы Монголиядан келген монгол хүүрчү анын кабыргасы, боордошу экенин туюп, ошентип кабыл алып, боорума барбасам төрөлүгүм кайсы деп сахнанын артына кирип барып ага жолугат. Бири- бирин түшүнүп, эзелки таанышындай эзилип божурашат. Күү менен сүйлөшүп, тил билбеген бечаралар тил табышып, илгертен бери кезикпей, эми учурашкан эки бир туугандай чер жазып баарлашат. Күүнүн сыры, маниси, анын гносеологиялык, символдук, идеологиялык жана адам менен коомдун аракетин жөндөө, багыттоо функцияларына байланыштуу чыгармалар кыргыз фольклорунда, поэзиясында кеңири тараган. Бул жагдай романда мыкты ачылган.

Андан ары. Өтөмүш ажы “Чынгыз- намени” калк ичиндеги билермандар, байыркыны жакшы билген кишилерден топтолгон баяндарды тактап, кайра- кайра текшерип, анализдеп отуруп жазганын белгилейт. Кол жазманы изилдеген Е. Каль, В.Бартольд жана В.П. Юдин уламыштардын, айрыкча казак элинин арасындагы уламыштарды “степная устная историография” деп аташып, алардын тарыхый булак катары маанисин баса белгилешкен. Ал тургай “эски сөз” деп илимий булактын категориясы катары ат да беришкен. Көчмөндөр үчүн эскилерден калган эски сөз, бабалардан калган байыркы уламыштардын маанисин автор чеберчилик менен берген. Арслан Койчиев бул романы жана буга чейинки эки повестиндеги ушул сыяктуу эпизоддор аркылуу тарыхый аң- сезимди калыптандырууда чоң роль ойногон “УЛАМА” институтунун маанисин ача алган. Ооба, “уламадан уккан сөз, улуулардан калган кеп, урпактарга насаат кеп” деп айтылат кыргыз эпосторунда. Улама – бул билимди муундан муунга берүүнүн туруктуу, ийкемдүү жана көчмөндөр үчүн эффективдүү жана феноменалдуу институту.

Арслан Койчиевдин романында дагы бир көркөм ыкма жакшы колдонулган. Сюжеттик линия үзүлбөй уланып, куюлушуп, күү сымал үндөшүп кете берет. Арбак аян берип жазып жаткан Бактиыгерей Избасаров токтогон жерден кол жазманы партиялык сынга алууга катуу киришкен партокумуштуу Абдуллаев окуп жатып улантып кетет. Элбасар хандын колу кырылчуда асман тиктеп, көктөн эгесин издеп, тээк болоор, багыт болорр Алтын казыкты тиктеген жерден анын урпагы Бактыгерей жаман тамдын астында отуруп тиктеп ойлору менен жуурулушуп, уланып кетет. Сюжеттик линия психологиялык- эмоционалдык жүрүшүнөн жазбай улам которулуп, окурман ой ыргагынан тайбай, тээ орто кылымдарда айгайлаган кармашта жүрүп, бир заматта бир кездеги жоокерлердин урпактары эми минтип соодагерге айланып, аларман талашкан Ташкен базарына оңой эле кирип келет. Менимче арбак, бакшынын образы көркөм каражат, адабий ыкма катары колдонулган.

Романда ошол доордогу монголдордун дүйнөгө көз карашынын урунттуу аспектилери жөнүндө маалымат камтылган. Чыгарманын башка бир персонажы, коммунисттик идеологияга сугарылган партиялык кызматкер, кол жазма институнун жетекчиси Абдуллаев “Чыңгыз хандын атылбай калган кийиктей тирүү калган урпактары көбөйүп, кайсы бир мезгилде хан тукуму экенин бетке кармап, “Чыңгыз хан эле Чыңгыз хан деп ураан чакырып, дагы бир …измин ойлоп таап, коомубузга бүлүк салса кантебиз” деп түйшөлөт. Концептуалдуу бүтүндүккө ээ, нак ортосу монголдор болгон идеологиялык көрүнүштү кийинки изилдөөчүлөр олуттуу түрдө “чингизизм” аташат. Автор Чыңгыз хан доорундагы көчмөндөрдүн дүйнө таанымы тууралуу жөнөкөй эпизоддордо кыябын келтире маалымат берет. Мисалы, романда:

“Чыңгыз хандан берегирээк,
Токтомуш хандан арагыраак”

—  деген сыяктуу эки сапты эки кайталап, көк Теңирден бүткөндүн баарысына эгедер Чыңгыз хан жана анын урпактары, ал тургай мезгил Чыңгыз хандан башталаарын туюндурган философема монголдордун дүйнө таанымында өзөктүү роль ойной турганын чагылдырат. Чыңгыз хан дүйнөнүн тиреги, анын жердеги эгеси. Айланкөчөк аткан ай- аалам Көктө Алтын казыкка байланып, ошонун ыгы менен, жерде Чыңгыз хандын тегерегинде айланып, баары ошонун амири менен болот. Бул олуттуу ишеним болгон. Дал ошондуктан анын арбагы “Бир караса калкагар тоону капталдап, Кангай- Тоону таянып, бир караса, аскарлуу тоону таянып, Ала- Тоону таянып, Алтай тоону таянып, бир караса чоң калаанын үстүндө калкып турат, бир караса жепирейген там үстүндө каалгып турат”. Бул сүрөттөмө башка да кызмат кылат. Кызматы ата- тек жөнүндө тынбай эстеткен эрк- сезим, автор айткан “жетесин унуткандарды күйүп карап, жетесин эстегендерди сүйүп карап” турган ата- арбактын аракеттенүү мейкиндиги. Ааламдын тиги бурчунан бу бурчугуна сызып учуп, урпактарын издеп, таап, таанып, аларга ата- тегин эске салып, ата- баба насилин эстетип туруу кызматын аткарат ушул улам кайталанган сүрөттөмө.

“Эмнени издейт, кимиси издейт, кимисин издейт” —  деп суроо салат автор. Бул суроолорго кайта поэтикалык тил менен баяндалган келишкен эпизоддордо улам кайрылып жооп берет.

Инсандын, адамдын иденттүүлүк тууралуу түшүнүгү ар бир доордо өзүнчө мааниге ээ болот. Адам өзүн ар кандай жалпылыктарга, окшоштуктарга өзүн байлап, ошого баш ийет. Ал эми улуттук, же жалпылап айтканда этностук иденттүүлүк глобалдашкан заманда да фундаменталдуу жана актуалдуу категория бойдон калды. Ал тургай аныктооч фактор катары күчүнөн кайтканы жок. Кайтпайт дагы. Ата жолу адамдын жашоо жолу, анын негизги иденттүүлүгү катары сакталып кала бермеги анык. Советтик доордо кылымга чукул совет элинин жаңы улуттук жалпылык түзүү аракети ишке ашканы мындай турсун, расмий документтерде аты аталбай калган этносторго тээ капкаяктагы түпкү тегин эстетип, кол жазмаларда же уламыштарда гана калган ата жолун ураанга айлантты. Европадагы мультикультурализм концепциясы ойрон болду. Жан менен кошо бүткөн эрк- сезим, тек тууралуу түшүнүктүн кудурети күч окшобойбу, эгер ал ойгонсо, ойдо жашаса, адам бааласа. Бирок да өз тегин унутуп, ата жолунан чыккан учурлар улуттук катастрофага алып келээрин тарых нечен ирет далилдеген. Ырайымсыз далилдеген.

Ошентип, романдын өзөгүн түзгөн негизги концептуалдык идея – бул улутту улут кылган, элди эл кылган тарыхый эс- тутум, нарк- насил маселелеринин ар кандай заманда трансформациясы. Адамзат тарыхында чечүүчү роль ойногон, алигиче мүлдө дүйнөнү ойлонтуп келген Чыңгыз хан тууралуу баян башка чыгармалардан айырмаланып, этностук иденттүүлүк аспектисинде, бир кезде Европа менен Азиянын кең аймагында ат ойнотуп ээлик кылган тукумдун кийинки түркүн тагдыры тууралуу ой толгоолор чебер берилген. Автор жазгандай “Жети кылым артты карап, жети кылым алдыны карап”, кайран тукум кайда кетти, урпактары ким болду, кайда сиңди, кандай сиңди, кантип сиңди деп изденет бакшы образын кийген Чыңгыз хан. Бири мусулман, бири христиан, бир калаада, бири талаада, бир тоодо, бири ойдо бир атанын балдары. Урпактарынын эсине салайын дейт, эске алчу жарактуу киши таппай, эсине алганы устаранын мизинде оодарылган дүйнөдө алапайын таппай, тегин издеп алектенет. Бул жагдайдан караганда романдын көтөргөн идеялык- концептуалдык жүгү оор.

Арслан Койчиевдин жаңы романынын дагы бир жакшы жетишкендиги, баалуу жагы – бул стилистикалык чеберчилиги. Белгилүү эски түркологдор кыргыз тили поэтикалык тил деп аныктама беришкен. Автордун “Мисмилдирик”, “Айта бар менин кебимди” повесттери сыяктуу эле, бул романда да келишкен сүрөттөмөлөр, кайта- кайта тамшанып окуганга мажбурлаган керемет саптар арбын. Сөз билген, сөз баалаган окурманды чыныгы ырахатка бөлөйт. Жаш муундагы окуучулардын сөз байлыгын кадимкидей өстүрөт. Албетте, тил өзүнүн мыйзамы менен жашайт. Бирок советтик мезгилде идеологиялык коньнктуранын таасири, кийин кыргыздардын көбү адашып түшүнүп алган, маанисин өз бетинче бурмалап алган глобализация жана демократиялашуу мезгилинде окуяны, көрүнүштү, затты, кыймылды, сезим- туюмду, кырдаалды ж.б. даана туюнткан эзелки сөздөрдү жерип, модачыл билимсиздер каяктандыр жетелеп келген сөздөрдү төргө сүйрөп чыгарган заманда автордун чыгармалары ап- баракелде дегидей чоң олжо.

Тарыхчы Арслан Койчиевдин жаңы тарыхый романы “Бакшы менен Чыңгыз хан” кыргыз адабий мейкиндигине өктөм аралашып, окурмандарга интеллектуалдык азык берген мыкты чыгарма катары жашоосу узак болоор деген ишеничтебиз. А балким бул роман башка чыгармага шык, дем берээр, аны мезгил көрсөтөт.

Алмаз Кулматов, “Азаттык”, 15.09.2016-ж.

Макала Чыңгыз хандын чачылган урпактары бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Мелис Маматжанов, жаш акын: «…Тыншап уктайт чөбү да жамгыр ырын, Төлгөөсүндөй таштары тагдырымдын…»

$
0
0

Кыргыз эли талантка бай эл келет эмеспи. Эки кишинин бири эки сапты уйкаштыра алаары турган иш. Ал эми өзү жаш болсо да көпчүлүктүн арасынан суурулуп чыккан, Эл аралык «Нурборбор» чыгармачылык Академиясынын мүчөсү, жаш акын Мелис Маматжановду сөзгө тарттык.

— Бала кезиңизден баштап ыр жазып жүргөнүңүздү билебиз. Ошол кездеги Мелис менен азыркы кездеги Мелистин өзгөчөлүгү барбы? Деги эле ырларыңыздан өзгөчөлүктүн байкайсызбы?

— Бала кездеги Мелис, бир орунда турбаган, өтө шок болчу. Бала кезде эле көчөдөгү өзүм теңдүү балдар — кыздарды топтоп ар кандай оюн — зоокторду өткөрөөр элем. Өзүнчө топ түзүп алып көчөлөрдү кыдырып «концерт» коёр элек. Афишаларды жазып аны шып, мамыларга илээр элек. Эсимде, бир жолу өзүбүздүн көчөбүздө «депутаттык шайлоо » өткөрүп мен жеңип чыккам. Ушунун баарын уюштураар элек.

Азыр болсо ушул сыяктуу эле жаным жай албайт. Бала кез менен азыркы кездин айырмасы бир аз токтоо болуп калганым менен тыным албаганым ошол бойдон эле. Ырларымдан өзгөчөлүктү өзүм байкабайм. Болгон ырларымда өзүм болсом, демек, менин өзгөчөлүгүм ошол болмок…

Ыр жазуу сиз үчүн?

Ыр жазуу мен үчүн — өзүмдү жазуу…

— Азыркы учурда жаш акындардан эмнеңиз менен айырмаланам деп ойлойсуз?

— Азыркы жаш акындардан айырмачылыгымды — окурмандар анализдейт чыгар. Негизи эле ар бир акындын өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Мен негизи эле табиятыман сүрөттөөгө, салыштырууга, сезимге жакынмын. Ушул сыпаттар ырларыма билинбей жуурулуп кетет…

— «Апакемдин алмасы» аттуу китебиңиз чыкканын көпчүлүгүбүз билебиз. Дагы китеп чыгарайын деген оюңуз барбы?

— Негизи, китеп чыгаргандан соң манжам жеткидей да ыр жаза албадым. Бул тыныгуу мен үчүн оор да, мен үчүн олуттуу да секирүүгө алгачкы кадам деп тушунуп турган убагым…

Азыркы учурда устат- шакирт деген түшүнүк кеңири колдонула баштады. Ыр жазууда кеп- кеңешин айткан устатыңыз барбы?

— Албетте, кыйшык чийсең түздөгөн бир адам керек да. Устатым — Нарсулуу Гургубаева. Шакирт болуу эки эсе жоопкерчиликтүү. Биринчи өзүңдү уят кылбоо болсо, ошол эле учурда устатыңды да уят кылбоо керек. Устат болгон соң ырга, өзүңө болгон жоопкерчилик артылат экен.

— Бирөөгө таасирленип ыр жазышыңыз мүмкүнбү?

— Ооба, жаш кезде Алыкулду туурап далай ыр жаздым. Атайылап ооругум келип, кемзеримди да желбегей жамынып жүрчүмүн… Бирок, кийин ырды түшүнө баштаган соң антпей калат экенсиң. Адабиятта эн коркунучтуу — бирөөнү туурап калуу. Бирөөнүн көлөкөсүндө калуу… Бул нерсе ыр жазбай калгандан да коркунучтуу. Бирок, муну азырынча көпчүлүгүбүз түшүнбөй жатабыз… Акын болгон соң баарын жүрөк менен өткөрүүгө туура келет.

— Сиз үчүн сүйүүнүн орду канчалык?

— Сүйүү мен үчүн – сүйүү!!! Жүрөктүн сырын ырга айландыруучу курал. Сүйүү жөнүндө көп жаздым, дагы жазарым бышык.

— Жыл өткөн сайын ырларды акылга салып жазып калам деп коркпойсузбу?

— Ошол нерседен корком да корком. Мурдагыдай сезим менен жазып жатып эле акыл менен жан дүйнөңдү башкарып калганыңды билбей каласың да. Көпчүлүк акындар акылга салуу менен токтоп калат. Сезим бул — мөмөнүн ширеси сыяктуу. Даамы таңдайдан кетпей калат. Акыл менен жазылган ырлар ширеси жок шабдаалы жегендей эле кеп да. Акыл менен жазган ырларды бир окуп «ох, атааа, укмуш экен » деп бүтүп эле кайра унутуп каласын да!

Маегиңизге рахмат!

 

КҮТҮҮ

Дүйнөмө айдап кирдиң булуттарды,
Оо тагдыр, үйрөт эми унутканды!
Келүүчү жолдун учун карай берип,
Күтүүнүн көз айнеги сынып калды…

Көркөмүң башкалардан бөлөк өндүү,
Карегим көрө албайт бөлөк өндү.
Капыстан булут тосуп калдыбы деп,
Күн издеп жүрөт сенин көлөкөндү.

Издериң айтчы кайсы жерде калган?
Издедим сезимдерди демде калган.
Сураныч жок дегенде кайтарып бер,
Сүйүүмдү, жаштыгымды сенде калган.

Ичтеги бар күчүмдү топтойм эми,
Илептей уланбастан токтойм эми!
Келбесең келбе мейли өзүң билгин,
Күтүүнү сүйүп калат окшойм эми…
Күтүүнү сүйүп калат окшойм эми…

 

ТАТТЫБҮБҮ

Гүлдөн алып жараткандай кубултуп,
Ай жүзүнөн чагылышып тунуктук.
Каранганда сынып кетпей бырчалап,
Кантип күзгү берген экен туруштук.

Табиятка назиктиги жуурулуп,
Толуктаган жан – дүйнөсүн улуулук.
Таттыбүбү жаралбаса дүйнөгө,
Сулуу болбой калат беле сулуулук.

Жебе сымал эки кашы тартылуу,
Жүрөктөргө сиңип талант аркылуу.
Колу анын тийген үчүн, эх чиркин,
«Кызыл алма » болсо керек бактылуу.

Буйругуна бул тагдырдын көндү да,
Булут басып нур жаркыган өңүн да.
Жарыктык ай, жапжаш бойдон калсын деп,
Картаюсун каалабаптыр өлүм да…

Жалбырак да убактылуу термелет,
Жылдар өтөт ар бир күндү термелеп.
Жердин өзү ашык болуп, а балким
Бизден бөлүп кетсе керек эртерээк.

Гүлдөн алып жараткандай кубултуп,
Ай жүзүнөн чагылышып тунуктук.
Каранганда сынып кетпей бырчалап,
Кантип күзгү берди экен туруштук…
Кантип күзгү берген экен туруштук…

 

АДЫРЫМ

Азыр кечтим жыңайлак турпагын, ай,
Амансыңбы, төрөлгөн кыштагым ай….
Мандайында үйүмдүн дөңчө турат,
Боюнда бар аялдын курсагындай.

Тыңшап уктайт чөбү да жамгыр ырын,
Төлгөөсүндөй таштары тагдырымдын.
Кыйма-чийме жолдору түшүп турат,
Бырыш болуп бетине адырымдын

Куч-кубаты жуурулуп демге бүткөн,
Калдай болуп сезилет жерге бүткөн.
Койлор оттойт алыстан караганда,
Кайналыдай күбүлүп жерге түшкөн.

Мезгил — шамал токтобойт жарышам, ээ
Бала кезге баралбай алышам, ээ.
Кусаланып жүргөнчө бөтөн жерде,
Кучагында адырдын карысам, не?..

Ырларыма түшүрүп саймаларын,
Тирүүлүктө көркүнө байланамын.
Сендигимди далилдеп көз жумганда,
Сенин да бир дөңчөңө айланамын.
Сенин да бир дөңчөңө айланамын…

Даярдаган: Рыскүл Изатова, Каганат, 06.09.2016-ж.

Макала Мелис Маматжанов, жаш акын: «…Тыншап уктайт чөбү да жамгыр ырын, Төлгөөсүндөй таштары тагдырымдын…» бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Viewing all 477 articles
Browse latest View live