Quantcast
Channel: Кыргыз маданият борбору
Viewing all 477 articles
Browse latest View live

Ак каптал Доорон дүйнөдөн так өттү — эмне тууралуу кеп болуп жатат?

$
0
0

Эскини эске салуу максатында «Тибиртке» рубрикасы аркылуу байыркыдан калган сөз кампаны ачып фразеологизмдерди тартуулап турган чагыбыз.

Кепте даяр түрдө колдонулган тилдик каражатты чечмелөө Мамлекеттик тил комиссиясынын жардамы менен ишке ашты.

Ак каптал — дасыккан, көптү көргөн, башы бышкан дегенди билдирет. Мисалы: ал мындайдын далайын көргөн ак каптал.

Жаагыңа жылан уялагыр — кандайдыр жагымсыз, өтө суук сөз айткан, тили заар кишиге карата каргоо, наалат айтуу, абдан нааразы болуп күйүнүү маанисинде колдонулат. Мисалы: Жаагыңа жылан уялагыр! Өлө албай жатып мунун тилинин уусун кантесиң, тарт тилиңди!

Алды каткан — шору арылбаган, бактысыз, байкуш, бейтаалай. Мисалы: алды каткан Канчоро, Көк бөрүнү минди дейт.

Дүйнөдөн так өтүү — эч кандай жаман ишке барбай, күнөөлүү иш жасабай таза өтүү. Мисалы: Акылбек дүйнөдөн так өттү.

Алек-чалек кылуу — айласын кетирүү, жан алакетке түшүрүү, чакчалекейин чыгаруу.

Басыгы бузук — жүрүш-турушу начар, туругу жок, жеңил мүнөз, түзүк эмес. Мисалы: басыгы бузук киши.

Далба-далба болуу — бөлөк-бөлөк болуп айрылуу, бөлүнүү, самсаалап тамтыгы кетүү, жыртылуу. Мисалы: Чаргындын этек-жеңи далба-далба болуп кеткен.

Баш коштур — чогултуу, бириктирүү, жыйноо. Мисалы: карыларды баш коштуруп, акыл сурады.

Кара бет — катуу уят болуу, маскара болуу, шермендеси чыгуу. Мисалы: кара жолтой, кара бет болдуң.

Баш тоголотуу — үйрөтүү, жол көрсөтүү, баштоо. Мисалы: Томаяктарга баш тоголотуп азгырып жүргөн ошол Эламан, — деп болуш кыжына баштады.

Доорон сүрүү — өз эркинче сайрандоо, өмүрүн көңүлдүү өткөрүү, жыргоо. Мисалы: он чакты күнү жүрөлүк, ойноп доорон сүрөлүк.

Айида Батырбекова, «Sputnik-Кыргызстан», 10.11.2016-ж.

Макала Ак каптал Доорон дүйнөдөн так өттү — эмне тууралуу кеп болуп жатат? бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Жүрөктөн чыккан ырлар

$
0
0

(Рыспайдын ырларынан куралган эссе)

10-классты бүтөөр жылым. Анда “Алмашым” 7-класста окучу. Мүнөзү шайыр, ары жакшы окуган, ары жакшы ырдаган сулуу кыз эле. Мен көп кыз ичинен аны жактырчумун. Ошол кыз убагы келгенде менин “Түгөйүм” болуп калса деп тымызын ичимен ойлой берчүмүн.

Мектепти бүтүп, элдик театрда бир-эки жыл иштегенден кийинОМПИге тапшырып, студент болуп калдым. “Өмүрүмдүн кымбаты” болгон студенттик күндөрүм өз жолу менен өтүп жатты.

Алмаш 10-класста. Мен ага “Сагыныч” каттарын жазып турам. Бир күнү кезектеги каты келди. Ошондогу кубанганымды айтпа.Конвертти ача салып, катты окуп кирдим. Катка“Мен гана билем баркыңды” деп тема коюп, андан ары төмөнкүдөй уланат.

“Рыспай, “Кечир мени, таарынба”, “Сага” бул катты жазганыма көп болду. Сенден көптөн-көп суранам, бул катты өзүңдөн башка жан адамга көрсөтпөй “Бир өзүң” оку. Чынын айтсам кээ бир күнү“Сен десем” көлдөгү“Ак кеме” болуп, кээде асмандагы “Ак булут” болуп Ош тарапка сызгым келет. Мен ушул катымдын темасын коюу үчүн көп күн ойлонуп жүрдүм.“Өзүңдү күтүп жүрөмүн” десемби же“Ойлодуң бекен мени сен” десем кантет, а балким, “Сагынган жанмын сага окшоп” деп койсом жарашып жүрбөсүн деп олтуруп, акыры жогорку теманы тандап алдым.

Эртедир-кечтир бир убагы келгенде “Биз, экөөбүз”“Кош жылдыз” болуп жанарбыз. Атаганат! Эгер мен акын болгонумда«Сенжөнүндө поэма»,а балким“Махабат жөнүндө баллада” жазмак белем? Сен мени: «Издейм сени»арасынан элдердин»десең, мен сени: “Күдөр үзбөй күтөмүн” дегим келет, сен мени “Сендейди кайдан табамын?” десең, мен сени “Аман бол, жарык жылдызым”дегим келет.

Анан да бажырайта жазылган сенин кол жазмаңдын сулуулугун айт. Айрыкча“Кылчактапнеге карадың?”, “Сенин назик мээримиң”, “Түшүмө кирдиң түндө сен” ушинтип жүрүп, бир күнү“Жүрөктү кетпе жаралап” деген саптарыңды улам ичимен кайталап жатып, уйкуга кирем. Катыңдын аягында,«буюрса, бир күнү экөөбүз айтылуу “Сары-Челек көлгө бир арзуу” айтып келебиз» деген жериңди окугандан бери көл түшүмө көп кирчү болду.

Түшүмдө сени мененСары-Челек тарапка жол тартып бара жатабыз. Жол бою магнитофондо өзүңдүн “Ала-Too», «Койчунун ыры», «Кыздын ыры», “Топчубайдын арманы», “Офелиянын ыры”, “Эскерүү”, “Өмүр гүлү өз түгөйүн чакырат”деген ырларыңды катары менен угуп бара жатып,“Жаштыгым менин берекем” деп туруп, анан өзүмчө купуя ушинтип “Сен дайыма болчу менин жанымда” деп тилек кылып коём.

Бир кезде сен машинеңди жолдун четине токтотуп, сыртка чыктык. Ошол биз сыртка чыккан кезде сен магнитофондо “Жүрөк вальсы” деген ырыңды ырдап жаттың. Анан мени колумдан тартып, ошол керемет ырыңдын коштоосунда вальска түштүк. Чындыгында, ал вальс биздин “Биринчи вальс” эле.

Бир убакта көлгө жетип, экөөбүз бир кайыкта сүзүп жүрөбүз. Мен “Кайыкта” бара жатып, негедир көл жөнүндөгү ырлардан обон созуп ырдагым келди. Анан сага эскертпей туруп үнүмдү бийик чыгарып:

“Ичимде күйгөн жалын бар,
Издесем түгөй табылар”
,- деп ырдын эки сабын баштасам сен:

“Айланып көлгө конбосоң,
Ак куулар сени сагынар”,— деп коштоп жибергениңде экөөбүз тең бирдей каткырып күлүп, сен мени кош колдоп өзүңө тарта кучактап, жүзүмөн өпкүлөп жаттың.

Рыспай! Ишенсең жуманын ар жекшемби күнү бериле турган “Суроолор боюнча концертти” калтырбай угам. Өткөн жумадагы берүүдө “Даниярдын ырын” ырдадың. Эгер жаңылбасам, ырдын обонун казак композитору ИльяЖаканов жазган. Ошондогу сенин аргендей үнүңө бир эсе таң калып, бир эсе суктанып, жанагы “Жүрөккө жүрөк сыр берет” деп таамай айтылган сөздүн күчүнө айласыз баш ийип турдум. Негедир мен ошондо дагы сенден экөөбүздүн ортобуздагы ыйык сүйүүбүздү даңктап “Сүйүүдөн ыйык эмне бар?” деп ырдаса экен деп күттүм эле. Канчалык “Сайрай түш булбул садага” деп жалынсам да, бир эле ыр менен бүтүрүп салдың. Мейли, ырдай бер, булбулдай болуп сайрай бер. Ылайым сага сук көздөр менен суук сөздөр тийбесин деп Жараткандан суранып, уктаарымда дайыма дуба кылам».

Ошентип Алмаштын катын эки бүктөп, төш чөнтөгүмө салдым да,терең ойго баттым. Чындыгында сүйгөн кызыңды ойлоп,“Өскөн жер” жана андаөткөргөн балалык кезиңди эстеп“Сагынуу” өтө кыйын тура. Кээ күнү “Сулайман” тоонун башына чыгып алып, айылым жакты карап “Сагындым тууган жер сени” деп кыйкыргым келет.

Бир күнүАлмашка жолугуп келүү үчүн «кайдасың сен, “Жалбырагым дирилдек” деп туруп, эки күнгө уруксат алып, “Алтынчы күнү кечинде” айылга жөнөдүм.

Мына, мен күткөн дүйшөмбү күндүн да аппак таңы. Мен Алмашка жолукканда айта турган сөздөрүмдү көңүлүмдө тизмектеп, үйдөн чыктым. Сөз кезеги келгенде, мен ага “Сен тарап дайым агарат”,”Бейкүнөө жүрөгүмдө орун бирөө”, “Тезирээк эле билсемчи” деген сөздөрдүайтышым керек, же ал мени “Жолугупсуз мага бекер сиз” деп кагып салса кантем?» деген түрдүү ойго батып бара жатып, үйдөн бир топ узай түшүпмүн.

Ооба! Биздин мектепке барчужолдо калың “Алма бак” болор эле. Ошол бактын ортосунда эл каттачу жалгыз чыйыр жол бар. Кызык! Ошончо калың алма бактын ичинде ким тиккенин билбейм, алыстан көзгө даана көрүнгөн жалгыз “Ак кайың” өсүп турчу. Мен баягы чыйыр жолго жеткенде бет алдыман “Tooгүлү” өңдөнгөн,мектеп формасын кийген бири-бирине окшош төрт кыз чыкты. Алмаштын жанындагы бирге келе жаткан курбу кыздары “Гүлкайыр”, “Делбирим”, ’’Айтумар” экенин, алар мага улам жакындаган сайын даана тааныдым. Мен табиятыман шашма жаным, кыздардын алдынан тосо чыгып, баары менен учурашып, анан үйдү көздөй акырын бара жатып, Алмаштын 5 мүнөткө менин жанымда калуусун өтүнсөм, кичине кыйылып туруп макул болду. Курбуларынан бөлүнүп калган Алмаштын жүзүндө кандайдыр “Таарыныч” пайда боло калганын байкадым. Анын жүзүндөгүтаарынычтын себебин билейин деп: “Ким сени мынчалык таарынткан?” десем, ал мага: “Мени эч ким таарынткан жок, деги өзүң “Кайдасың?”, чыныңды “Айтсаң боло”,мен керек болсокүн сайын эмес, саат сайын күтөм сени,“Эстейм сени”. Кээде “Неге минтип жүрөмүн” деп өзүмө-өзүм суроо берем. “Күтүү” деген кандай кыйын экенин билбейсиңби?»- деди.

“Кыз сыры” оңой менен айтылбайт, бирок бүгүн мен сага сырымды айтайын деп чечтим. Өткөндө радиону койсом “Ой, бото көз”,ой “Периштем”, ой “Кымбатым”,сен эмнеге “Билбедиң жүрөгүмдөгүнү” деп эле боздоп жаттың. Мен “Эмне үчүн?” минтип боздоп калган деп өзүмчө бушайман болдум. Же менден башка да бото көзүң барбы?»- десе, эмне дээримди билбей, бүткөн боюман тер кетип, жаман болдум.

Саамга экөөбүз тең унчукпай туруп калдык. Анан мен: “Сен антип ойлобо, алтыным, силердей сулуу кыздарды Кудай жаратып койгонуна мен миң мертебе ыраазымын, силер бар үчүнөмүрүмдүн акырына чейин “Махабатты урматтап” өтөм дедим.

Бир кезде Алмаш колундагы саатын карап ыңгайсыздана түштү. Анан эле: «Кой, Рыспай,“Коштошуу” кандай аянычтуу болгону менен айла жок, сен өзүң жакшы билесиң,агаларым менен эжелерим өз турмуштары менен алек.Атам болсо мал багып “Жайлоодо”. Азыр үйдө“Энекем”, мен, анан менден кийинки иним “Тынчтык” үчөөбүз эле турабыз»,- деди.

«Мени үйдөгүлөр күтүп калышты. Жакында “Мектебим” жабылып, акыркы коңгуроо болот, анан эле бүтүрүү экзаменим башталат. Эгер убактың болсо ошол акыркы коңгуроо күндөрү айылга “Кайра келчи”,менде “Өзүңө айтар сырларым” көп. Экзамендерди бүтүргөнүмдөн кийин мени ата-энемдер Фрунзеге окууга жөнөтөбүз деп жатышат. Бүгүнкү экөөбүздүн ушул алма бак ичиндеги бактылуу мүнөттөрдү сенден “Суранаарым, эстей жүр”,— деп туруп, чуркаган бойдон үйүн көздөй жөнөдү.

«Алмаш мектепти бүтүп Фрунзеге кетип калса, мен “Окууну бүтүп кеткен кыз” деп Ошто каламбы?»деген ойдун кучагында акырын үйгө кайттым Эртеси Каракулжа-Ош каттамы менен кайра окуума келдим. Ошентип бир жума өтүп-өтпөй, капилетШакафтар шаарчасында догдурга жатып калдым.

Туп-туура бир жылдан кийин Алмаштын кезектеги катын алдым. Ошол кат анын мага жазган акыркы каты экенин сезбепмин. Көрсө, Алмаш экинчи курстун башында турмушка чыгып кетиптир Кат: “Кайчылаш жолдо кайчылаш тагдырдын барын билбегем” деп башталып, кокус бир жерден жолугушуп калсак «Таанышыңдай карагын” деген сөздөр менен уланып, анан“Адашкан жанда эмне айып?” деп, каттын аягын:«кантейин,“Жаныңда жүрүп өгөйү болдум сүйүүнүн” деп бүтүрүптүр. Ошол катты окугандан кийин мага “Көңүлсүз кеч” кирип бара жатты.“Кусалуу жол” менен “Түнкү санаа” тартып бара жатып,“Өмүр арманы”ушундайбы?» деген суроого жооп издейм. “Неге үздүк кылын комуздун?” деген суроого жооп табалбай кыйналам. Алмаш мага бир кезде “Сенин гана жалының” керек» дечү эле го!Ошентип “Күнөөлүүсү жалгыз өзүңсүң” деп Алмашка айыпты коюп бара жатып, бир кезде оюма “Ак куулар жалгыз жашабайт” деген сөз кылт эте түштү. Демек мен да жалгыз жашай албайм. Келечектеги “Түгөйүм” жөнүндө ойлонуп, акырын Ак-Буураны бойлоп, жатаканама жөнөдүм.

Арадан жарым жыл өтүп-өтпөй мен да өз бактымды таптым. Турмуш деген ушундай бирде ачуу, бирде таттуу болот белем. Ошон үчүн элибизде “Тагдыр” деген таамай сөз бар. Тагдырга айласыз баш ийесиң. Күндөр айга, айлар жылга алмашып олтуруп, көптөгөн жылдардан кийин биз Оштун “Токтогул” паркында Алмаш экөөбүз кокусунан жолугушуп калдык. Көргөн көзүмө бир ишенип, бир ишенбей турдум. Алмаш аябай өзгөрүп кетиптир. Мен Алмашка: «Бир өзүңө эрте кечтир, качандыр бир, бир убакта ушинтип “Жолугарым билгемин” деп туруп, анан мындан отуз жыл мурда анын акыркы коңгуроо майрамына куттуктап баралбай калганым үчүн кечирим сурасам, ал: «Эстетпечи өткөн кезимди»деп, көзүнө жаш ала кетти. Мен да,өзүмдү кармай албай, ага кошулуп жашып кеттим. Ошол Алмашым экөөбүздү ыйлаткан “Эстетпечи өткөн кезимди” деген обонумдун сөзүн лейлектик акын досум Курбаналы Сабыров жазганын бирөө билсе, бирөө билбес. Ошол күнү, 1966-жылы Шакафтарда догдурда жатып чыгарган “Алмашым” деген ырымды башка жерлерде, телерадиодо канча ырдасам да, Алмашымдын өзүнө “Токтогул” паркын жаңырта биринчи жолу ырдап бердим.

Өмүрзак Саттаров,
Улуттук жазуучулар бирлигинин мүчөсү,
К.Сабыров ат. адабий сыйлыктын ээси,
«Кыргыз тили»

Макала Жүрөктөн чыккан ырлар бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Эки элдин баатыры — Кайдоол

$
0
0

altymysh_kulmatovКыргыздан чыккан Кайдоол баатыр 18-19-кылымдарда казак элинин боштондугу жана биримдиги үчүн өз өмүрүн арнаган эр жүрөк инсан болгон. Казак эли анын баатырдыгын жана акылмандыгын баалап, эл оозунда Кайдоолдун эрдиктери тууралуу азыркыга дейре айтылып келет. Кайдоол баатырдын ата-тегин да унутта калтырбай, аны «эки элдин баатыры» деп атап, анын кыргыз экендигин ар дайым баса белгилешет. Жакында эле Кайдоол баатырдын 250 жылдыгы Актөбө облусунда жогорку деңгээлде өткөрүлүп, ага Кыргызстандагы кайдоол уруусунан бир нече киши да катышып келди. Баатырдын урпагы Алтымыш Кулматов менен бабасынын өмүр таржымалы, жасаган эрдиктери жана 250 жылдык салтанаты жөнүндө маектештик.

Алтымыш мырза, кыргыз тектүү Кайдоол баатыр казактар урматтап сыйлаган инсан экен. Бирок анын кыргыз болгондугуна карабай, ушуга чейин атын укпаптырбыз?

— Туура айтасыз, Кайдоол баатыр Казакстандын тарыхында өз орду бар инсан. Өмүр бою казактын намысын коргоп, коңшу элдин боштондугу жана биримдиги үчүн душмандар менен чабышып жүрүп өткөн экен. Ошондуктан боордоштор аны башка казак баатырлары менен тең тутуп урматтап келишет. Казак үчүн ат көтөргүс эмгек кылган, 40 жыл бою ээрден түшпөгөн баатыр деп билишет. Анын ысымы эл оозунда сакталып, жасаган эрдиктери урпактан урпакка айтылып келиптир. Кайдоол баатыр жөнүндө казак профессорлору тарабынан көптөгөн илимий макалалар, изилдөөлөр жазылган. Жакында эле мамлекеттик деңгээлде 250 жылдыгы өттү. Ал эми өмүр таржымалына токтоло кетсек, Кайдоол солто уруусунан чыккан баатыр болгон. 19-кылымдын башында калмактар жерибизди чапканда түндүктөгү кыргыздардын бир бөлүгү түштүккө кетип, ал убакта отуз жаштарда болгон Кайдоол баатыр да эли менен бирге азыркы Казакстан тарапка ооп, Түркстан аркылуу Актөбөнүн Шалкар аймагына чейин барган. Ал жерде отурукташып, кийин казак элинин бүтүндүгү үчүн түркмөндөр менен согушуп, жекеме-жеке кармашта алардын жети баатырын жеңип, башкырлар менен болгон кармашта баатыр Назарды колго түшүрүп, казактын барымтага алынган мал-жандарын кайра кайтарган экен. Анын көрсөткөн эрдиктери тууралуу казактын тарыхый эмгектеринде көп жазылган. Бирок казак санжырасында ал Казакстанда туулуп-өскөн деп жазылып, биздикинен бир аз айырмаланып калган. Тилекке каршы, кыргыздар бул баатырды жакшы биле беришпейт. Биз азыр бабабыздын атын калкыбызга бир аз да болсо таанытайлы деп иш жүргүзүп жатабыз.

Өзүңүз солтонун кайдоол уруусунан экенсиз. Мурдатан эле Кайдоол баатырдын тарыхы, тагдыры жөнүндө билчү белеңиз?

— Кайдоол баатырдын солто уруусунда орду, аброю бар болчу. Санжыраларда да аты көп кездешип, жазуучу Асанбек Стамовдун «Кан Тейиш» чыгармасында да ал жөнүндө кенен маалымат берилген. Биз бир жыл мурун бабабыздын тегин изилдеп, уруулаштарыбыздын кайда экендигин издей баштадык. Анан ошол убакта казакстандык Закираддин Байдосов деген профессор менен таанышып калдык. Ал өзү «Казан жүрөк Кайдауыл» деген китеп жазыптыр. Ал киши менен сүйлөшүп жүрүп, ушул жылдын май айында биринчи жолу Казакстанга бардым. Териштире келсем, эң жакын урпактары биз экенбиз. Ал жакта жалпысынан 11 миңге жакын солтого таандык кыргыздар жашайт. Ошол кыргыздардын да демилгеси менен Кайдоол баатырдын аты унутулбай, эскерилип келиптир.

Баатырдын өмүрү казак жергесинде өтсө, азыр Кыргызстандагы кайдоол уруусундагылар өз мекенине кантип келип калышыптыр?

— Кайдоол баатыр өмүрүнүн аягына чейин казактын бүтүндүгү, боштондугу үчүн орустар, башкырлар, калмактар менен согушуптур. Ошондой кармаштардын биринде, 1839-жылы казак-орустар менен башкырлар «казак жергесинде тартип орнотобуз» деп айылдарга кол салып, казактын белгилүү бир баатырын өлтүрүшөт. Ошол мезгилде 73 жаштагы Кайдоол жоокерлери менен бирге баатырдын кунун кууп, душмандардын аркасынан жөнөйт. Оренбургдун жанында сан жактан өздөрүнөн бир топко көп душман менен кармашып жатып каза болуптур. Анын сөөгү Актөбөдөгү Шалкар районуна 35 км. алыстыктагы жерге берилген. Ошол окуядан кийин орустардын кысымы күчөп, Кайдоолдун үч баласы жер которууга аргасыз болушкан. Биз анын Тотон деген баласынан тараганбыз. Тотон туугандары менен Кыргызстанга чейин келсе, казак илимпоздорунун айтымы боюнча калган эки баласы азыркы Жамбыл, Чимкентте отурукташып калуусу мүмкүн. Азыр Москва районундагы төрт айылда 500 кишилик кайдоол уруусу жашайт.

Кайдоол баатырдын 250 жылдыгы чоң деңгээлде өтүптүр. Ушул тууралуу айта кетсеңиз?

— Эки күнгө созулган Кайдоол баатырдын 250 жылдык салтанаты мамлекеттик деңгээлде өттү. Казактар баатырдын 250 жылдыгы, Казакстандын эгемендигинин 25 жылдыгына туура келгендигин айтып сыймыктанып жатышты. Кайдоол баатыр тууралуу заманынын мыктысы, эр жүрөк баатыры, акылманы, душманды күч менен да, акыл менен да жеңе билген тарыхый инсан деген сөздөр айтылды. Биз да Кыргызстандагы кайдоол уруусунун атынан жети киши барып катыштык. Казакка төбөсү көрүнгөн илимий ишмерлер, саясатчылар, ошондой эле басымдуу бөлүгүн солтолор түзгөн алты жүздөй жергиликтүү кыргыздар келди. Актөбөнүн эң чоң району болгон Шалкардагы темир жол станциясына Кайдоол баатырдын аты берилди. Биз бул жактан атайын баатырдын бюстун жасатып алып барган элек. Станцияга ошол эстеликти койдук. Ошондой эле буга чейин баатырдын аты Актөбөдөгү бир проспектке берилсе, Шалкар районунда Кайдоол айылы бар экен.

Казактар Кайдоол баатырдын кыргыз экендигине кандай маани беришет экен?

— Алар Кайдоол баатырдын кыргыз экендигин ар бир тарыхый эмгегинде, санжыраларында, илимий макалаларында сөзсүз түрдө белгилеп өтүшөт экен. Баатырдын улутуна ар дайым чоң маани берип, басым жасашып, «эки элдин баатыры» деп аташат экен. Баатырдын күмбөзүндө, эстеликтеринде да «кыргыз» деп жазылып турат.

Жергиликтүү кыргыздар менен да жолугуптурсуз. Алар тууралуу да айта кетсеңиз?

— Кызыл-Ордодон Актөбөгө чейин 400-500 жыл мурун барып отурукташып калган кыргыздар көп экен. Алар менен жолуктук. Өкүндүргөнү үрп-адатын, тилин сактай албай калышыптыр. Бирок ошентсе да жүрөктөрү ар дайым кыргыз деп соккондугу көрүнүп турат. Көпчүлүгү азыр жакшы кызматтарда казактардан кем калбай эмгектенишет экен. Ак калпакты да эч качан баштарынан түшүрбөй жүрүштү. 250 жылдык салтанатта да жалаң эле ак калпакчандар көрүнүп жатты. Ошондой эле казак эли менен болгон мамилеси да бир туугандай жакшы экен. Эч кандай бөлүнүп-жарылууларды байкабадык. Андай өкүнүчтүү нерселерди кыргыз-казак чек арасындагы кызматкерлерден эле көрбөсөк, казак жеринде бөлүнүүнү жолуктурган жокпуз.

Азат БЕКТУРГАНОВ, «Де-факто», 07.11.2016-ж.

Макала Эки элдин баатыры — Кайдоол бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Киши китеп же залкар энциклопедиячы Закон Бейшеев

$
0
0

Наристеге ат коюуда ошол учурдагы окуяны кошуп жиберүү салты бар кыргыздар Улуу Октябрдан кийин балдарына Колхозбек, Зоотбек, Сьезбек, Чтз ж.б. аттарды бергенин билчүмүн. Бирок Закон деген өтө сейрек учураган атты өткөн кылымдын соңунда Тил комиссиясынын жыйынында биринчи жолу уктум. Анда Корбашовдун (туурасы Горбачев) “кайра куруусу” кайра курутуу менен аяктап, ишенген ГенсекЕльцинден төбөгө жеп, СССРди сел алгандан кийин ар улут өз алдынча тал кармаган учур эле. Акаев этегине түшкөн бийликти эптеп кете албай же башкага ыраа көрбөй, улам бир хитромудрый амал ойлоп таап, “кудаа кааласа, кудай буюрсасын” жума сайын кайталап, астыртан уяң жылмайып, чирип бараткан бийлигин узартуу үчүн элге тил эмизип турду. Энциклопедия деген мекеме бар экенин, ал Илимдер академиясы сыяктуу эле мамлекеттин маданий деңгээлин, тарыхын, илим-билимин, рухий дөөлөтүн чагылдыраарын эч ким эстебей калган маал. Социализм, совет, партия деген сөздөр “чума” деген өтө жугуштуу оорудай коркунучтуу угулуп, колхоз-совхоз дегендер тап катары талоонго түшүп жаткан. Айлык-маяна төлөнбөй, от жагылбай, энциклопедиянын жамааты тарап кеткен. Эки кабат заңгыраган заманбап имаратты менчиктемек болгон карга-кузгундардан кайтарып төрт-беш кызматкер келип-кетип, мекемени маанектеп жүргөн.

Тил комиссиясынын ошол жыйынында “Кыргызстан” деген көп томдуу жаңы улуттук энциклопедия чыгаруу маселеси талкууланды.

Анын негизги демилгечиси жана уюштуруучусу жазуучу Казат Акматов отуруп иштей турган жай бар экенин, айлык акы чечилерин айтып келип, энциклопедия чыгарууга адистешкен кадр калбаганын айтып кейиди. Учурунда бул мекемеде иштеп кеткен Салижан Жигитовго кайрылды:

— Саке, сизде тажрыйба чоң, энциклопедиянын ишин уюштуруп бербейсизби?

— О, кудай урган десе, иштеп эле берет элем. Бирок, бүгүн капитализм да! Сен Казат, мага түрктөр берип жаткан пулду бере аласыңбы? Баягыдай, партиялык тапшырма деп зордой албайсың. Энциклопедия деген абдан тозок жумуш. Илимдин докторумун деп жүргөн авторлордун көбү чала сабат. Ошолордун чийгенин оңдойм деп отуруп жинди боло жаздагам. Жашым да өтүп калды. Сен андан көрө Закон деген бар. Ошону тап.Ошол бүт ишиңди жолго салат,- деди каадасынча каткырып.

Закон деген да ат болот экен ээ? деп таңгалып калдым. Ошондон көп өтпөй Закон Бейшеевич деген кишини көрдүм. Советтик Армиянын запастагы полковнигиндей зыңкыйган орто бойлуу, арыкчырай, тармал чач, кара-сурунан келген каксоо адам бир караганда өтө суз кишидей көрүндү. Апас Жумагулов кейиптенип дайыма чарчаңкы жүргөн бул адамдын өмүрү кагаз менен өткөнү жүзүнөн окулуп турду. Оңой менен киши жакпаган Салижан аке кошо иштешкендердин ичинен ушул адамды жетекчиликке сунуштаганы мээме кыттай уюду.

Кийин биз (комиссия) Ак Үйдөн куулуп, Эркиндик-56га (энциклопедиянын имараты) баргандан кийин бул өтө тамашакөй, жайдары киши менен тез эле тил табышып, ага-ини болуп кеттик. Закон Бейшеевич да башкы редактор, академик Үсөн Асанга (кытайлык кыргыздардын жолоюна салып, -евич, -овичи жок эле ушинтип айтсак кандай сонун угулар эле!) окшоп илимдин, кагаз казгандын баба дыйканы экен.

Качан кирсең үстөлүндө үймөк китеп, кагаз… Сүрүлүп, чийилип, оңуп, өзү өңдөнүп картая баштаган үстөлү, кирген-чыккандар көчүк баскан ошондой эле эски отургучтар, анан киши киргенде кагаздан башын көтөрүп сүйүнүп кеткен Закон абам. Кагаздын туткунунда камалып жата бербей кен издеп, карылыктан качып тоо-ташты кезип кете бербейби, кайран геологдеп ойлоп кетем. Жок, бул киши бүткүл турган турпаты, билим көрөңгөсү, ички маданияты жана да толгон-токой башка касиеттери менен энциклопедия үчүн гана жаралгандай таасир калтырат…

Эгер Закон Бейшеевич болбогондо деле Кыргыз ССРинин 8 томдук, 7 томдук “Кыргызстан” улуттук энциклопедиялары чыкмак. Аны менен иштешкен Алышбаев, Үмөталиева, Табалдиев, Орузбаева, Борбугулов, Карыпкулов, Стамов, Асанов деген башкы редакторлор жетекчилик кылып, китепке аттары жазылмак. Бирок, бул адамдын сейректиги, бөтөнчөлүгү ушул аттары аталгандар менен гана эмес, энциклопедияга тикелей же кыйыр түрдө автор болушкан жана ага аттары жазылган жүздөгөн илимпоздор, жазуучулар, коомдук-саясий ишмерлер ж.б. белгилүү адамдар менен жарым кылымдан бери эки энциклопедияны чыгаруудатең баштан-аяк толук иштешкен жападан-жалгыз жетекчи кызматкер болуп жатпайбы. Менин баамымда Закон Бейшеевичти жамааты атасындай, агасындай урматтайт. Мындай сыйга терең билими, уюштургучтугу менен эле эмес, өтө жөнөкөйлүгү жана чексиз адамгерчилиги менен жетсе керек. Тубаса тамашакөйлүгүнө адамды уга жана баалай билген сейрек касиети айкалышып турат.

Дагы бир мага жаккан жагы кемселинин жакасынан дайыма орок-балкасы бар советтик кызыл желектүү төш белгилер түшпөйт.

Биздин эки мекемеге (Тил комиссиясы менен Энциклопедия) орток Тайлак деген аксакалыбыз бар. Көптү билген, куйма кулак, таланттуу киши. Эгер жаш кезинде тайраңдап оюн салып кетпегенде, эчак академик болмок деген кептерди уккам. Токсонго таяган менен он алты мүчөсү ойдогудай иштейт, акыл-эси, баскан-турганы жайында. Баарыбыз менен баарлашып турат, өзгөчө ургаачыларга ынак. Бир курдай бирдемени талаша кетип, мени сартча ашата сөктү. Тура калып кол салаарда качып кутулдум. Закон Бейшеевичке калыска түшсөм, укпай эле күлөт. Көрсө биздин чырды Тайлак баатырдынөзүнөн уккан экен.

— Аалы, сен агайыңын алдына түш. Ал киши ошондой эрке киши, ага эч ким теңелбейт,- деди, аке-шешеден эчтеке калтырбай сөккөн аксакалды уяткарабы десем. Шар эле “Шахтерскийди” көтөрүп келсем, Тайлак акем жылмайып колумду кармады. Кийин ал киши менен көп талашпай калдым.

Бир күнү Закон аба чакырганынан келсем, бир жаңы китепти көрсөтүп, “мобул Аттокур Жапанов деген сенин иниң экен. Кыркка чыкпай жатып жүзгө жакын китеп чыгарыптыр. Арасында тармактык энциклопедиялары да бар экен” деди.

— Кочкордон мага окшогон жалкоолор эле эмес, Жапановдой жаны жоктор да чыгат,- дедим стахановчуиниме чындап сыймыктана. Ичимден: “энциклопедиядагы отуз кишинин ордуна Закон Бейшеевич менен Аттокурду отургузуп койсо, казынага үнөм болбойт беле” деп ойлодум.

Закон Бейшеевич академиктердин жазганын оңдоп-түзөп жүргөнү менен, чыгынып илимий ишин жактап койбой, өмүр бою орун басарлык кылып жүрдү. Бирок, биринчи жетекчи чеччү маселеге кийлигишип, чечкиндүүлүк кылган учурларын угуп жүрдүм. Бир курдай жеке маселеге байланышкан катка академик Асанов агам кол коё албай тарткынчыктаганда Закон абам күпүлдөп, күчкө салып эле көндүрүп салган.

Демейде кагаздан башын көтөрбөгөн Закон Бейшеевич бир курдай башбаксам Саруунун сакалдууларын кабыл алып, күпүлдөп көрсөтмөлөрүн, кеп-кеңешин берип жаткан экен. Ошондон көп өтпөй жол тосмойлор токтоп, Кумтөргө байланышкан ызы-чуу басыла түштү. Көрсө, Көлдү солкулдатып жаткандардын анабашылары Закон абамдын үкөлөрү көрүнөт.

Сексенге келип калганына карабай өзүн сергек сезип, сергек кармаган даңазалуу энциклопедиячы Закон Бейшеевичтин балалык кези, өспүрүм учуру Улуу Ата Мекендик согушка, андан кийинки бүлүнгөн өлкөнү калыбына келтирүү сыяктуу өтө оор учурга туш келген. Эл менен кошо, эл ичинде чоң сыноону башынан өткөргөн адам. Чыныгы советтик тарбиянын таасири жүргөн-турганынан эле эмес, кийингенинен да байкалып турат. Өмүр бою китеп окуп, китеп жаза берип өзү да билимди, акылды, чындыкты, тарбияны, адилеттикти боюна сиңирген бал китеп болуп, китепке айланып кеткен инсан.

80 жаштын 50 жылын энциклопедияга берген “киши китеп” Закон Бейшеевичти юбилярлардын тизмесине киргизип, маарекесин өкмөттүк деңгээлде өткөрүүнү тиешелүү органдарга табыштап, биздин бийлик туура иш кылды. Ошол эле учурда, СССРдин тарыхындагы эң даңазалуу күнү –бүткүл дүйнө жүзүнө социализм жаралды деп жарыяланган 1936-жылы 5-декабрдаЖуукунун боюндагы атактуу Саруу айылында жарык дүйнөгө келип, азан чакырылып Закон деген ат коюлуп, өмүр бою закондой так, закондой адилет, закондой ыймандуу жашап келаткан “киши китепке” ал демилгелеп чыгарган эки томдук адабий энциклопедия “Манастын” атындагы сыйлыктын бир даражасын ыраа көрбөй турушканы мага түшүнүксүз.

Бүткүл жашоо-турмушу менен өзүнчө бир сатандарт-эталонго айланып кеткен адамдын сиңирген эмгегин эске алып, өзүнө татыктуу сый көрсөтө албасак, анда эмнеге мамлекеттик масштабда маареке өткөрүп жатабыз деген ЗАКОНдуу суроо туулат.

aaly_moldokanovАалы Молдоканов,
Элге билим берүүнүн, Мамлекеттик кызматтын, Маданияттын мыктысы,
«Кыргыз тили»

Макала Киши китеп же залкар энциклопедиячы Закон Бейшеев бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Алыке Пастернакты пир туткан

$
0
0

«Азаттык» белгилүү публицист, акын, котормочу, публицист Алым Токтомушев тууралуу акын Шайлообек Дүйшеевдин эскерүүсүн сунуштайт.

Атактуу Чыкебиз, Чыңгыз Айтматов: “Канткенде адам уулу адам болот?” деген суроону өзүнүн эли болгон бизге эле эмес, бүтүндөй дүйнө элдеринин алдына коюп кеткени белгилүү. Акыл-эси бар ар бир адам өмүр бою ушул суроо менен башын катырып өтсө керек. Алым бизге, айрыкча бизден кийинкилерге, кайсы бир деңгээлде адам болуш үчүн “Эмне кылуу керек?” деген атамзамандан бери келаткан түбөлүктүү суроого жооп боло тургандай ишти жасап кетти десек аша чаппайбыз.

Алым баарыбыздай эле устат күткөн, бирок шакирт күткөн эмес. Алымдын устаты Пастернак болгон, Алымдын устаты адабият классиктеринин китептери болгон. Бир кызыгы Алым шакирт ээрчиткен эмес. Бирок Алымды шакирттер ээрчиген. Шакирттери Алымды туурап китеп кууп окуп, Алымды туурап жазып, алтургай Алымды туурап ала-була кепка кийгенге чейин барышкан. Мен буга биринчи иретте өзүм жакшы билген жана жакшы көргөн таланттуу акын, маркум Жолдошбек Зарлыкбековду кошор элем. Аны эми толугураак сааты келген кезде айтарбыз.

* * *

Алым Токтомушевдин журналисттик таланты СССР аттуу акыл менен да, саржан менен да, ой-санаа менен да өлчөп болгус зор өлкө жашоосун токтоткон, доор алмашып, көз караштар, принциптер өзгөрүп, коммунисттик башкаруунун өзүнөн башка дүйнөнү көргөзбөй далдалап турган темир көшөгөсү таптакыр кулап түшкөндөн кийин, адамдар каалаганын каалагандай, ойлогонун ойлогондой айта баштаган заман менен кошо ачылды. Ага чейин, адабий чөйрөдө акын катары гана таанымал Алым, “Асаба” гезитине келгенден кийин коомдук турмуштун кан тамырын кармай билген тамырчыга окшоп, даяр экономистке, даяр саясий баяндамачыга, даяр публицистке айланып чыга келди. Ал адегенде “жаза албайм” деп баш тарткан учуру да болгон, бирок Мелис Эшимканов кожоюндук менен “жазасыз!” деп көшөрүп олтуруп, армиядагыдай: “Не умеешь научим, не хочешь заставим” деп жазбаган ою-боюна койбой туруп алган. Бир эсептен ошонусу жакшы болгон экен. Кийин Алымдын жазгандары “Асабанын” саясий салмагына салмак кошуп, гезиттин калк ичиндеги кадыр-баркын оңбогондой көтөрдү.

 

Алым менен Шербет…

Экөө тең акын болгон. Бир үй-бүлөдө чыгармачыл бир эле адамдын чыгармачыл адам болушу бир нече адамга татырлык “аш менен башка жүк” болсо, бир үй-бүлөдөгү экөөнүн тең чыгармачыл адамдардан болушу кыжылдаган “кытайдан да көптүк кыларын” элестете бериңиздер. Бирок Алым менен Шербет өмүрлөрүнүн аягына дейре тегирмендин ташындай жуп болуп, өмүр деген агып турган суу болсо, ошол өмүр менен жашоону бирдей айланып, турмушту бирдей тегеренип, бала ордуна ыр багып, ырларын бала кылып бөпөлөп, бири-бири менен ынтымак-ыйманда жашап, артына үлгү боло тургандай из таштап кетишти. Бу жалган дүйнөдө изи калбай, ың-жыңсыз кеткендер канча?

* * *

Бизге чейинки кыргыз жазуучулары Кыргыз адабиятын орус адабияты аркылуу байытып, Пушкин менен Толстойду, Чехов менен Гоголду, Горький менен Бунинди, Есенин менен Маяковскийди которуп, алардын ким экенин окутуп, чыгармаларын үгүттөп, үйрөтүп кетсе, Алым менен Шербет бизге орус акындары аркылуу дүйнө адабиятынын андан кийинки классиктерин которуп, окутуп, үйрөтүп кетти. Биз Алым менен Шербеттен Ахматова менен Цветаеваны, Пастернак менен Осип Мандельштамды таанып билгенбиз. Кыргыз кыртышын жаңы сортттогу үрөн менен байытууну көздөгөн дыйканга окшоп, Алым кыргыз адабиятынын кыртышын Пастернак, Мандельштам, Цветаева, Ахматова, Рильке, Неруда өңдүү таланттардын таасирине тартып, ошолордун жазганындай ырлар менен байыткысы келген. Өзү да ырды ошолорго шыктанып, ошолорду туурап жазып, ошолорду кумир тутуп жашады. Алымдын китепканасы ушундай мастерлердин колго тийгис китептерине өтө бай болчу.

* * *

Алым менен Шербет да эл сыяктуу эле “эрди-катын урушат, эртең кайра табышат, эси кеткен болушат” болуп, урушуп-талашып, кыжылдашкан учурлары болгон. Бирок алар эч качан “а жок, бу жок”, “нан жок, чай жок” деп урушкан эмес. Алар акча талашып, дүйнө талашып урушкан эмес. Алар урушса “Пастернак антип жазган эмес, Рильке минтип жазган” деп, “Анна Каренинаны Толстой өлтүргөн”, “Пушкинди Данте эмес, атак-даңк өлтүргөн” деп урушкан. Алым Пастернакты катуу кадырлап, катуу сүйгөн. Ал аны ыр жазган акындардын бардыгынан, балким Шербеттен да катуу сүйгөн.

* * *

Кезинде Кет Бука келди дегенде опол тоо келсе да козголбогон Чыңгызхан ордунан тура калып тосуп чыгып, төрдөн орун берчү экен деген уламыш бар. Бир кезде мага интервью берген эл акыны Рамис Рыскулов: “Жеңижоктун жети сабын орус тилине которуп окуп берсем, латыштын 70 акыны эсинен танып, “О, кудая тобо, ушундай да укмуш акын болот экен ээ!” деп чалкасынан кеткен” деп айтты эле.

Ошол Алыкебиз кумир туткан Пастернактын, Шербет эжебиз кумир туткан Цветаеванын кумири, немис элинин улуу акыны Райнер Рильке болгон. Баары таптаза, айылдары да, шаарлары да, адам тургай баккан ити, мышыгынан бери таза, такыба, тыкан басып, тыкан жашаган, цивилизациялуу Германиядан Рильке акын айтарабы албаалап-далбаалаган, ачылып-чачылып жаткан Орусияга келип, айыл-кыштагын аралап көрүп, чиркөөсүнө кирип чокунуп, чиркөөсүнөн чыгып бармактай бадыраң менен бир тилим саласын закуска кылып арак ичип олтурган орус мужуктары менен сүйлөшкөндөн кийин ичинде кылдай кири жок, ачык-айрым орус элин жанындай жакшы көрүп калган. Орустун “Слово о полку Игорева” аттуу эпосун окугандан кийин такыр эле кеткиси келбей, Орусияда жашап калгысы келген. Бирок ар кандай себептерден улам жашап калган эмес.

Анан биздин Жеңижоктун жети сабын окугандан кийин латыштын 70 акыны чалкасынан түшсө, Сагымбай менен Саякбайдын “Манасын” окуган немистин 70 эмес, 700 Рилькеси чалкасынан түшмөк экен деп ойлодум.

Ошол өзүбүздүн чапанчан, кызыл жүз, кымыз жыттанып, кара саңсаң тебетей кийип дөңдө олтурган Кет Бука, Калыгул менен Арстанбек, Сагымбай менен Саякбай, Барпы менен Жеңижоктун фонунда мен үтүктөлгөн костюм-шым, ак көйнөк, бутунда жалтылдаган кара туфли, моюнунда кара бабочкасы, ийининде жээрде кайыш сумкасы, башында чаар кепкасы бар арык, манжалары ипичке, кубакай жүз, чылымды кыйшайта тиштеп, түтүнүн түрүлтө үйлөп салам айтпай өтүп бараткан, балким саламдашып өтүп бараткан кыл мурутчан Алымды эстей берем.

Анан бизде да акырындап Пастернакты эмес, Алымды кумир туткандар, Пастернакты эмес Алымды туурап жазгандар, Шербетти эмес, Анна Ахматованы, Марина Цветаеваны туурап жазгандар пайда болду. Анан Алымдын шакирттери, Алымдын мектеби пайда болду. “Алар кимдер?” дегендерге мен биринчи иретте өмүрү кыска болгон, дагы бир таланттуу акын, маркум Жолдошбек Зарлыкбековду айтар элем. Жолдошбектин ичин да, сыртын да жакшы билгендер ал музоонукундай көздөрүн жайнатып кирип келгенде эле кайдан келатканын, кимден келатканын айттырбай билер элек. Анысын өзү да жашыралабай:

— Алым жездемкинен келатам,- деп айтып жиберчү. Жолдошбек Шербет менен бир айылдан, Кочкордун Кара-Суусунан, андан ары эки тоо ашсаң Тянь-Шандын Кара-Кужурунан эмес, Кочкордун Кара-Кужурунан болчу.

— Алым жездемкинен келатам,- деп жиберчү ал шашып.

— Жездеңкинен жөн келаткан жоксуң! — деп демитсек, коюнунан Алымдан “көрсөтпөй сурап келаткан”, биз билбеген, биз көрбөгөн бир акындын китеби чыгар эле. Ошондон көп өтпөй гезит-журналдарга Жолдошбектин окурмандардын башын мыкчыткан, табы Батыш жыттанган, каны Пастернак жыттанган, жаны Алым жыттанган жаңы ырлары жайнап чыгар эле. Алыкул, Айтматов, Байдылдалар Манас менен сүйлөсө, Алыке Пастернак, Мандельштам менен сүйлөчү. Жолдошбек болсо Алым менен сүйлөчү. Көрсө бул деген жашоонун, жаңылануунун, өсүп-өнүүнүн диалектикасы турбайбы. Касым Тыныстанов, Аалы Токомбаев менен канат кагып чыккан кыргыз поэзиясы улам жол узарткан сайын жаңы сөз, жаңы үн менен байыгысы келгени, жаңы кийим кийгиси келгени, жаңыланууга умтулганы жашоонун мыйзам ченеми, жан дүйнөнүн талабы экен да.

Алыке бир күнү, бизге:

— Корол Лирди ит кылдым! -деди. Анан “Корол Лир” жөнүндөгү мына бул ырын окуду.

Карга каак деп, кузгун куук деп көрүнбөй,
Качантадан тирлик изи жок өңдүү.
Какыраган Арабия чөлүндө
Каңгып жүрдү картаялек Корол Лир.
Кайда баары? Кайда баары? Каякта?
Таажымды бер мен падыша кездеги.
Булут жылат жараланган канаттай,
Аны сатып жибергенин эстеди.
Какырайт чөл… кайда башы аягы?
Кайда батат картаялек Корол Лир?
Ата Журтун, араб элин, аялын
Алмаштырган сыйлыгына Нобелдин.
Караан да жок, адам да жок, бир дагы,
Кудай да жок! Болсо, кимди унутту?
Ардактаган досун, жакын тууганын
Алмаштырды сыйлыгына клубдун.
Кең дүйнөлөр келип улам эсине,
Чөл дүйнөгө айланганын түшүнүп.
Ыйлап ийди… ыйлаганда көзүнөн
Көз жаш эмес, агып жатты түкүрүк.

Алым бул ырын канааттанып, өзүнүкүн өзү жактырып, өзүнө өзү тамшанып окуп берди. Негизи эле өзүнүн жазгандарына өзгөчө сонуркап окуган Алым болор эле. Муну биз аябай жакшы билчүбүз. “Асабага”, кийин “Асаба” жабылып, “Агым” болгондо да жарык көргөн макаласын жыргап окуп олтурганы азыр да көз алдымда турат. Ал эми Алым жазган, кылгылыкты кылып коюп өз Мекенинен качып, тентип кеткен Корол Лирлерди четтен тапсак болот. Башкаларды айтпаганда да өзүбүздүн эле Корол Лирлерибизди, “баарын жыргатам” деп келип, жылас кылып кеткен мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди эстесек жетиштүү болор.

* * *

Алым Токтомушев 1947-жылдын 9-январында Жумгал районунун Кайырма айылында туулуп-өскөн. Орто мектепти ошол айылдан окуп бүткөн.

Алыке өмүрүн жалаң жазуучулук ишке арнап, алгач “Мугалимдер гезитинде”, “Кыргызстан маданияты” гезитинде алгач корректор, анан адабий кызматкер, Кыргызстан жазуучулар союзунун катчысынын кеңешчиси, кийин “Асаба”, “Агым”, “Республика”, “Алас” гезиттеринде кабарчы, башкы редактордун 1-орунбасары, акыркы жылдары “Жаңы Ала-Тоо” журналында бөлүмдүн редактору болуп иштеген.

Алым өзү тууралуу чечилип айта бергенди жакшы көрбөгөн менен кээде кызуу болгон кезинде бала чагын, айылда өскөн менен айылдын балдарындай болуп кара жумуш кылбай, алтургай кой да, уй да кайтарбай, кара турмушка аралашпай, “ак кол” болуп, Кайырмага кадыры сиңген чоң апасынын канатында өскөнүн айтып берер эле. Непадам бала кезинде кимдир бирөөлөрдүн ага колу тийип кеткен болсо, чоң апасы ошол замат байлануу турган атка минип, колуна союл алып, Алымды артына учкаштырган бойдон чаап барып:

— Ушул чычкандай баладан башка урушаар бала таппай калдыңарбы!- деп айылды ары-бери аңтарып жберер эле, чоң апам айылдагылардын баары сөзүн эки кылбаган кадырлуу аял болчу, — деп айтып бергенин укканбыз.

Алымдын чыныгы турмушту турмуштан издебей, китептен издеп калганы да ушундан улам болсо керек деп ойлой берем.

* * *

Рилькенин “Ал дарак өзүнөн да бийик өстү” деген ырынын сабы тууралуу, Марина Цветаеванын “Ушинтип өзүнөн бийик өсүп кеткен дарактар да болот. Алар өсүп чыкканча жерден Кудай жардам берет, анан жети катар асманга жеткидей өсүп алган соң, Кудай аны өстүрөм деп убара болбой калат” деп айтканы бар.

Анысыңарындай, Алым Токтомушев да ошол дарак өңдүү өзүн бизге таштап, жети кабат асманды көздөй өсүп кеткен даракка окшош. Бир кызыгы жети саны оруста да ыйык саналат экен. Орустар: “Быть на седьмом небе от радости”, “Видеть седьмой сон”, “”Семеро одного не ждут”, “Семь бед один ответ”, “Семь раз отмер, один раз отрежь” дегендери бар экен. Орустар ошондой эле “Неделя” дегенди эски славян тилинде “седьмица” деп атачу экен.

* * *

Кыскасы: Өткөндөрдүн салты болбой,
Өсөөр кыргыз калкы болбойт.
Өлгөндөрдүн даңкы болбой,
Тирүүлөрдүн баркы болбойт”, – дейт.

Көзү өтүп кеткен Алыкебиздин китебин чыгарып, анын эми мындан ары жашай бере турган экинчи өмүрүн узартып, эмгегин эстетип, баалап, барктап, даңктап жаткан “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондуна ыраазылыгыбызды билдирип, алкышыбызды айтсак туура болот го дейм.

* * *

Алым кээде ишке келип, планеркда сумкасынан машинкага басылган даяр макаланы планга киргизер эле. Биз “Кимдин макаласы болду экен?” деп кызыксак, ошол кезде “Азаттык” радиосунун Прагадагы башкы офисинде иштеген, айтылуу публицист Эсенбай Нурушевдин макаласы болуп чыкчу. “Асабага” Эсенбай Нурушевдин, Салижан Жигитовдун макалаларынын жарык көрүшү бир жагынан гезиттин аброюн арттырса, экинчи жагынан моралдык таяныч, бийликке болсо “Көрдүңөрбү, бизге кимдер жазып жатканын!” деген чоң сүр, мактаныч, дымак берип турчу. Ушул жерден айта кетейин, Мелис “Асабадагы” журналисттерди Алым экөөбүзгө бөлүп берип, алардын жарымынын жазгандарын Алым, жарымын мен карачумун. Алым Салижан Жигитовдун да жазгандарын оңдоп, курчутуп, ийлеп туруп чыгарчу. Бирок ал бир гана адамдын жазгандарынын бир да тамгасына, алтургай үтүр, чекитине тийчү эмес. Алтургай макала гезитке беттелип жаткан учурда да көз салып, “тийбегиле, өзгөртүп жибере көрбөгүлө?” деп карап турчу. Ошол адам, учурунда бизге такай жазып, дайыма ал-абалыбызды сурап, байланышып турган авторубуз, мен азыр сөз бере турган таланттуу публицист Эсенбай Нурушев болчу.

* * *

Күндөрдүн бир күнүндө, Мелистин кабылдамасындагы кыз: “Байке сизге кишилер келиптир” деп калды. Чыксам, узундуу-кыскалуу болуп, Алым Токтомушев менен Жаныш Кулмамбетов турат. Учурашып келген себептерин сурасам, иш издеп жүрүшкөн экен. Ошо кезде чындап эле Кыргызстанда жан багуу өтө кыйын болуп турган кез болучу. Мелиске кирип түшүндүрүп чыктым, экөөн тең кызматка алды. Жаныш ушунчалык оперативный экен, макала болобу, майда кабар болобу, тим эле бир заматта жайнатып салчу. Жыргап эле калдык. Тилекке каршы көп турган жок. Башка ишке кетип калды.

* * *

Кыргыз адабиятынын классиги, Алым жакшы көргөн залкар акыныбыз Аалы Токомбаевдин “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген накыл сөзү бар. Мына ушундай адамды, чыгаан журналист, таланттуу публицист Алым Токтомушевдин “Балдарга базарлык” деген китебин чыгарып эскерип, даңазалаган “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондуна ыраазылыгыбызды билдирип, алкышыбызды айтып, Роза Исаковнанын өзүнө, фондуна чогуу иштешкен кыздарына бекем ден соолук, иштерине ийгилик каалап кетким келет.

P/S: Алым менен Шербеттин артында өтө бай китепкана калды. Ошол мурасы жоголбой, чачылбай экөөнүн музейинде турса деп тилейм. Келечекте андай музей да түптөө керек.

Шайлообек Дүйшеев, «Азаттык», 10.11.2016-ж.

Макала Алыке Пастернакты пир туткан бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Фейсбукту кыдырып…

$
0
0

Жыргалбек Касаболотов

jyrgal

ТАГДЫР ТАЛАШ

Асыл жарым, колтукташкан билегим,
Артымдагы эки уул, бир кыз – тирегим!
Айлап-жылдап тамыр жайып баратат
«Астыңарга кетсем» деген тилегим.

Ай-ааламга силер менен арбысам,
Аз өмүрдө Күндөй болуп жаркысам,
Амандыгың көрүп жүрүп баарыңдын
Арманым жок, бул дүйнөдөн каргысам.

Акка моюн сунаары чын, башымдын!
Антсе дагы мааниси бар, жашымдын:
«Таймашканың так ушундай бүтмөк…» деп
Табалашын каалабаймын, касымдын.

Ар бир күнүм – тагдыр сунган белек дейм.
Айлар, жылдар – туу сайылчу белес дейм.
«Атасынын как чокусу! Күрөштөн
АЛАР ЭМЕС, МЕН ЖЕҢИШИМ КЕРЕК» дейм.

«Жеңе албайсың…» деген сөзүн эстетип,
«ЖЕҢДИМ, МЫНА, НЕ КЫЛАСЫҢ?» деп зекип,
Тургум келет туусун жыгып алардын,
Тулпарымдын туягына тепсетип.

Далайлардын өз катасын оңдотуп,
Даңгыр кылып, сапарымды жолдотуп,
Кең дүйнөгө «Андай эмес, мындай!» деп
Кетким келет өз чындыгым орнотуп.

Жемиш толсун көксөөсүндө көңүлдүн.
Жеңиш болсун өзөгүндө өмүрдүн.
Эркин өскөн баласымын, кыргыздын,
Эпкинимин, динге батпас Теңирдин.

Эчендеген хандар-бектер бийлеген,
Энчи болуп эч бирөөнө тийбеген
Жер бетинде өз милдетим аткарып,
Жеңип (!),
жетип (!),
…жеңил кетем дүйнөдөн.
10.10.2016-ж.

 

Рахат Аманова

r_amanova

Чоң энем Солбон кызы Гүлсүндүн жана бардык Күмүш чачпак энелердин жаркын элестерине арнайм.

Гүлсүн энем баш болуп,
Күн батышка бут коюп,
Күмүш чачпак энелер,
Күлбөс жакка кеттиңер..

Депутат Гүлсүн энекем,
Апы таенем берекем,
Аптап, Кантай, Сайрабү,
Энелерге ырдестем.

ЧОҢ ЭНЕМ ГҮЛСҮН

Энеке,ысык нанга ынак сүттүн каймагын,
Сүйкөп берсең сүйүнүп жеп аймадым,
Жайды жайлай тоголоктоп сүзмөдөн,
Чий сереге курут тизип жайганың.

Жалынчу элең алкап улам Кудайды,
Жаргылчакка тартып жатып буудайды,
Маштап берсең талкан, каймак, шекерди
Майталкандап жеп чоңойдук сүт,майды.

Каймак сүйкөп ысык жупка бетине,
Карматчу элең жей бергин деп четинен,
Кышындасы эзип, ысык курутка,
Сары майдан,жупка салып жедирген.

Ток печкени, газды такыр жолотпой,
“Пырнымайтка”алып деле тоготпой,
Кылдыр отко шылдыратып бирдеме,
Жалкоо катын бышырат деп нолоктой.

Темир печке, очок, көсөө, калагы,
Жыгач кесе, жыгач кашык, табагы,
Эстен кетпейт энекемдин тамшанткан,
Очоктогу отко бышкан тамагы.

Нарын тартса этти колго туураган,
Нанды жапса бетин сүткө суулаган,
Жайлоодо жаап казанга нан, кышында,
Керогазга көмөч нанды буулаган.
* * *
“Дилбизарды” экинчи ирет көрбөдү,
Буюм эле кереги жок төрдөгү,
Кошунанын телесинен качыптыр,
Ичиндеги өбүшөт, деп — өлбөгүр.:)

“Каладилник” жолотподу түтөп деп:
“Азыктарды салсаң даамы кетет”- деп,
Кам эттерди туздап илип, сүрсүтүп,
Каймак,сүттү сактаганы жомок кеп.

Эс тартканы акылыма киргени,
Энекемдин касиети билгеним —
Бир кашык сүт иригенин колунан,
Бир күкүм нан көгөргөнүн көрбөдүм!
* * *
Кийиз басып,таар согуп,чий өрмөп,
Жигин, жибин билиндирбей бир жөрмөп,
Чоң атамдын калпак, ичик, кышкы тон,
Өзү жасап кийгизгени бизге өрнөк.

Боз үйдүн бүт ички-тышкы жасалга,
Чарчабаган энем өзү жасаган,
Ийик ийрип, жылда бизге жаңылап,
Жүндөн байпак токуп берип жашаган..

Тери ашатса, маңдай-тескей олтуруп,
Атам экөө ийлеп, тартып болтуруп,
Жүндү тытып, сабоо менен чапкылап,
Жүргөн экен энем “план” толтуруп…
* * *
…Айран катык жарма, атала, көжөсү,
Чөбөгөсү, эжигейи, быжысы,
Чөбөрөлөр чоң энемди көрбөгөн,
Чоңойууда чоң калаада ызы-чуу..

Күмүш чачпак, сөйкө,топчу,билерик,
Ысык нандай жылуу жүзүң имерип,
Айран, кымыз, каймак жыттуу энеке,
Артыңда биз эстеп сени жүрөлүк…
14.11.2016-ж., Бишкек

 

* * *

…Атаа-а-а, ушу.., ичтегини төгө албай тумчугам,
кээде ушинтип унчугам..,
көрүнбөгөн жиптер менен эрким байкуш байланган да тушалган,
Эркиндикти эңсегеним күндөн-күнгө күч алган!
гүлбагымды кантейин..,
чарбагымды кантейин..,
курган элем ушуларды айдай жүзүм туурулуп,
…А бир ок!
мейкиндикти, эркиндикти самаган!,
көөдөнүмөн азат чыкты атырылып, суурулуп!,
бир кездеги бакыт болуп сезилген,
нерселердин мааниси жок мен үчүн —
жалган жашап, жаным байкуш ансыз дагы эзилген!..
жан дебегин эсирген,
корком, корком, корком мен да кесирден!,
жаза ушул – жаза тартат сүйбөй жашап, жалган жашоо кечирген!,
азып-тозуп жан дүйнөм,
азыр менин айырмам жок – баарын кечип, басып кеткен кечилден!,
…А бир Ак!
Мен адаммын, күрөшөм!
чарбагымдын курам кайра жаңысын!
койбогунун мага сын!
чегинбеймин!, чеп бузам!
мүрөгүнөн бакыттын – чөйчөгүмө суу сузам!
кана ичем!, кангыча ов! —
Мөл бакытка жан кусам!
Мөл бакытка жан кусам!
май 2015-ж., Ош шаары

 

СҮЙҮҮ

Сүйөм! — дейсиң,жаш жигит,
Шашпаа, шашпа, коё тур..,
Билесиңби?… Айтайынбы билгеним?..
Жыргалынан, кууралынан махабаттын ыйлаганым, күлгөнүм..
Анда эмесе угуп ал, кантип менин сүйүүлөрдөн күйгөнүм…
…Чындап сүйсөң тилиң келбейт күрмөөгө!,
Кирпигиңди алың жетпейт ирмөөгө!,
Ачылат ов!, Ак сүйүүдөн
Бейиш багы буга чейин сен көрбөгөн, билбеген!
Кайран жаның дирилдеген сүрдөгөн!,
Кулайсың да кучагына сүйүүнүн!,
Тагдырың ай, адамдык.., бир ирмемге байланган!,
Дилиң менен бир денеге айланган!,
Көздөр гана сүйүшөт!, көздөр гана күйүшөт!
Денең күйүп от-жалын!, эриндериң эс тандыра өбүшөт!
Анан, анан..
Түнкү асманда анда-санда көрүнгөн!,
Учкан жылдыз сыяктуу — улам бири.., экинчиси…
Сүйүү соолуп, сүйүү өчөт!,
Кулайсың ов, карайлап!.. Бут алдыңдан жер айланып, жер көчөт!,
Сүйгөнүңдөн айрылып!,
Түшүнгөндө сүйүүлөрдүн келбестигин кайрылып!,
Таппай, таппай тегеренип айлаңды!
Ак сүйүүнүн азабына байланып!
Бүк түшөсүң чала өлүккө айланып!,
Жүргөнүңдө араң жан, сүлдөрүңдү сүдүрөп!,
Сүйгөнүңдүн атын айтып, миң кайталап жалынып,
Айныгандай ар нерсени айтып коюп күбүрөп!,
Быштым мына!
Өлбөдүм деп сүйүүдөн! Өлбөдүм деп күйүүдөн!
Сенек болуп сезимдерим, жеңдим баарын мынакей! — деп,
Кулаганда көк мөндүрдөй көздөн жаш,
Жетилдим деп турганыңда каадаланып кайран баш!,
Жатканыңда жаның соолуп бүк түшүп,
Ойлоруңдан таштай муздак бирде тоңуп, бирде үшүп…
Канаганда эт-жүрөгүң тилинип!,
Жалгыздыгың жанга баткан билинип!,
Турганыңда бул жалгандан түңүлүп!
Анан…, анан…
Аруулан! — деп, сыноолордон өтсөң анан.., боор ачып!,
Оо.., бир убак кечигип!.. Сүйүү келет жүрөгүңө тирилип!,
Ана сага махабат!
Жаңы адам суз жашооңо – жарк деп жанат нур чачып!..
Дагы сыноо Теңирден!?,
Дагы белек Тенирден!,
Түшүнөсүң бу сөздөрдү тээ кийин..
Азырынча жаш жигит,койгун мени кечирип!
Койгун мени кечирип!
Бар айыбым – сүйбөйм сени,
Анан… анан.., төрөлгөнсүң кечигип!
Май, 2015-ж.

 

Мезгил Исатов

* * *

Жалгыз бөлмө,
Жалгыз ойлор жанымда.
Кечээким да, бүгүнүм да эсте жок.
Суроом да жок. Жообум да жок… Жогум жок
Жомоктогу жашообуз.
“Бар экен” деп башталып,
“Жок экен”деп жоголгондой…
Терезе ачык,
Унутулуп калгандай…
Ачкычым жок.
Эшигим да жабылбайт.
Эсимде жок.
Жанымдагы жакшылар…
Өзүңсүз…
Өмүрүм жок,
Өзүм да жок…

 

КҮЗ КАЙРЫКТАРЫ

Сагынычтар сабагынан үзүлүп жатты.

Кылдыр этип жаны чыгып, шагынан ажырады. Денеси кулап түштү. Аны жулкунуп бараткан агын суу “лып” этип илип жөнөдү… Майдаланып топурактын өңүн алды. Бир кезде жашыл эле кызыл, сары, көркөм болчу. Азыр болсо улуулукка умтулуп, кылдыр этип кете берди…Күздөй болуп күнүгө үзүлө алат белем?

 

* * *
Кандай сонун күздү карап отуруу.

Күз акындардай ыр жазып жатты. Ойлуу, омоктуу, жамгырлуу, жанга жакын жаралуу саптар. Күүгүмдөнүп, күмөндөрүм баардыгын эске салат. Шагынан үзүлөйүн үзүлбөйүн деген аргасыз жалбырактар менен кошо кулайм. Тоголонуп кайда урунаарымды билбейм. Кайрадан сүйгүм келет. Күздөгү сүйүү туруктуу болот дешет… Бирок, аны сактай аламбы?

 

* * *
Мага окшош күндөр кетип бараткансыйт…

Эмнегедир жашылы жанып бараткан жалбырактарды көрүп, убайым тартып, уйпаланып кетем. Сүйгөнү бар адам сыяктуу жашайм. Сүйүшкөндөр бири бирине окшошот дешет Экөөбүздүн эмнебиз окшош болду экен?

Мага окшош күндөр өтүп бараткансыйт… А мен сенсиз өзүмө окшобой турам.

 

* * *
Кетсең, күзүндө кет…

Күзмүн, күздөймүн. Кандай болсом ошондоймун… Кийинки саат келбей турчу, кечикчи ! Унутуу ушинтип башталабы? Унутуу оңой болсо … алгач сен унут! Мен мезгилдерге кеттим. Мезгилдер унутпайт. Кайрадан күз келет. Ал эми көчөдө… турмуштун дагы бир сабагы үзүлүп баратты… Кетсең, күзүндө кет.

 

Хуан Рамон Хименес

himenes

* * *

Өмүр сымал кыска келип,
Коштошконго бу кеч себеп.
Бүттү баары кыйбастарым…
Мен түбөлүк калгым келет!

Канжалатып бариктерди,
Жаралатып жанды көмөт,
Жез өрттөнүп күн батышта…
Мен түбөлүк калгым келет!

Кандай сонун ушул дүйнө!
Шамды өчүрбө, эй, агайын…
Түбөлүккө калсын кече,
Түбөлүккө мен калайын!

Кыргызчалаган Толук Бек Байзак

 

Жыпар Исабаева

jypar_isabaeva

СҮЙҮҮ ЖОК АПАКЕМДИН СҮЙҮҮСҮНДӨЙ

“Түшүмө кирдиң балам, дениң сакпы?
Кабарың айтып же бир чалбадың да..?”
Ушинтип сезип алат апам дайым,
Кыйналып же сыркоолоп калганымда.

“Каралдым эсен-аман жүрсөң экен,
Аллага аманат”, — деп улутунуп,
Сагынчың ичке жутуп жол карайсың,
Балаңдан башка дүйнө унутулуп.

Асылым, апакебай, кечир мени,
Бүтпөгөн түйшүк менен убарамын.
А бирок оорубаңыз, апакебай,
Анан да карыбаңыз, суранамын…

Сүйүү жок апакемдин сүйүүсүндөй,
Дүйнө жок аруу – энем дүйнөсүндөй.
Сезилет мээримиңиз жерди сактап,
Калкалап турган окшоп — Күндү өчүрбөй.

КИЙИН, БИЗ КАРЫГАНДА…

Силер улам өскөн сайын тирелип,
Биз жаштыкты улам артка жиберип,
Алдан-күчтөн акырындап таярбыз,
Карылык эх, кучагына имерип…

Алдын ала ким болжойт ал курагын,
Балким анда укпай калар кулагым,
Кагып-силкпей жооп берип кой ошондо,
Кагылайын балам, сенден сурарым.

Кичинеңде мейли эртеби, кечтеби,
— “Имнеге, ия?”- дей бергениң эстеби?
Эркелетип, эч эрикпей баардыгын,
Айтып берүү бакыт эле биздеги.

Кокус бир күн колдон түшүп тамагым,
Төгүлсө же сынса идиш-аягым:
-Не кылдың, эк! Тажаттың! – деп келиним,
Кагып-силкпей, көңүлүмдү аягын!

Курчу тайып калса кокус көздөрүм,
Суранарым, байкамаксан өтпөгүн.
Эсте ошондо ошол көздөр сен үчүн,
Түнү уктабай, канча ысык жаш төккөнүн…
29.05.2016-ж.

 

Макала Фейсбукту кыдырып… бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Ак жарык издеген акын

$
0
0

Белгилүү сынчы Салижан Жигитов эгемендик доорундагы кыргыз адабияты жөнүндө сөз кылып жатып, замандын түп-тамырынан бери өзгөрүшүн таасын чагылдырган көркөм чыгармалардын аздыгына чын дилинен кейип: «Азыр Шекспир жаза турган, Бальзак жаза турган темалар пайда болду. Кана эми ошолор жазылганы?» деп собол таштаганы бар. Кыргыз элинин тагдырындагы ошондой олуттуу өзгөрүүлөрдүн бири – XX-XXI кылымдардын ортосунда калкыбыздын орчундуу бөлүгүн өзүнө камтыган эмгек миграциясы.

Дээрлик чейрек кылым бою уланып келаткан бул процесс өлкөнүн демографиялык абалын кыйла өзгөртүп гана тим болбостон, кыргыз коомунун өзгөчө, жигердүү, тобокелчил, мээнеткеч, эч кимден жардам күтпөгөн, тышкы дүйнөгө ылайыкташууга аргасыз болгон, өз киндигин өзү кескен «жетим» катмарын пайда кылды. Кыйналган кыргыздын кыйыр кезген эмгек көчү аздыр-көптүр өзүнүн табигый нугуна түшкүчөктү далай кишинин тагдыры талкаланды, нечендеген үй-бүлө көз көрүүнөө чачырады, кандуу жолдор канча бир адамдын башын жеди. Мына ошол ары катаал, ары татаал жолду басып өткөн кыргыз эмгек мигранттарынын көргөн-билгени, тарткан азабы, дүйнө таанымы кыргыз адабиятынын өзүнчө бир жаңы көрүнүшүн пайда кылды.

Анын айкын мисалы – бир топ жылдардан бери Москвада жашап, иштеп келаткан акын Нарсулуу Гургубаеванын жакында жарык көргөн «Алыстагы ак жарык» аттуу ырлар жыйнагы. Окурмандын колуна жаңыдан тийип жаткан бул китептин үч өзгөчөлүгү көзгө даана урунат.

ak_jaryk_kitep

Биринчи өзгөчөлүк. Мындагы ырлар баштан-аяк мекенинен четте жүргөн адамдын турмушка болгон көз карашын, туюмун, мамилесин чагылдырып турганы. Бул жагынан алганда жыйнактагы ырлар көркөм реализмдин нугунда жазылган деп айтканга толук негиз бар. Нарсулуунун бул реализми – колго тийген талаадагы кара таштын бодурундай, жөнөкөй, кыска, айрым учурларда дээрлик документалдуу чындык.

Күлкүгө суз, күйүткө суз, жашка суз,
Күн өткөрүп сенсиз, ансыз, башкасыз,
Жашап келем жашап болбос калаада
Кол чатырсыз, үй дарексиз, акчасыз…

Кеңеш доорунда тартылган «Москва көз жашка ишенбейт» деген айтылуу фильм бар. Анын мазмунунда кеп жок, бирок аталышы ошол өз заманында эле аңыз болуп кеткени көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Анткени дүйнөдөгү ири борборлордун бири эсептелген бул шаардын ички маңызын ушул сөздөр абдан жакшы берген. Москва сыяктуу чоң шаарлар көздөн аккан жашка да, көптү көргөн башка да ишенбейт. Капитализмдин турпатын илимде Маркс чагылдырса, адабиятта Бальзак эң сонун ачып берген сыңары, алыскы Ала-Тоодон арып-ачып келген эмгек мигранттарынын чет жактагы моралдык-психологиялык абалын ушул төрт сап ашык-кеми жок туюндурат. Бул — жетилген акындын белгиси.

Көңүлүңдү таштап келген көчөгө,
Аялыңдан каткан акчаң жылытпай,
Өз үйүңдөн жарыгы али өчө элек
Издейсиң сен жайлуу орун, жылуу жай.

Уул-кызың уу-чуу салган бөлмөдө
Көз кубантаар сендик буюм кезикпей,
Жашырасың, жалгыз башың өлбөгөн
Аргасыздан, арсыз, арзан гезитке.

Адамдардын ортосундагы нукура жылуулук жоголгон, көр оокаттан башы чыкпаган, ушул айдың-чалкар кең ааламда өзүнө жайлуу орун, жаркыраган бакыт таппаган азыркы заманда «орточо статистикалык» көп кишинин абалы ушундай экенин кантип танабыз? Бакыт демекчи, ал деле жөнөкөй экен көрсө.

Кези менен кээде мени эскерип,
Кеп бөлүшсөм деп тилеген кечте бу,
Үнүңөн-ов мезгил менен кооздолгон,
Үйүңөн-ов балаң менен кештелүү.
Бакыт болуп түшкө кирээр боз жолдо,
Балаңдын бу балжыраган дептери!
Балаңдын бу баасы «жаман» (2) дептери.

Экинчи өзгөчөлүк. Бул реализмдин алкагында жарандык жандуу позиция, Мекен темасы азыркы дүйнөлөшүүнүн фонунда улуттук өзөккө жакындаган өзгөчө өңүттөн ачылган. Анын бир белгиси – буга чейин бирде Швейцария, бирде Малайзия болууга умтулуп, дүйнөнүн борбору деп геосаясаттагы дөө-шааларды эсептеп жүргөн баео кыргыздын өз түбүнө кайрылып, «ар кимдин туулган жери Мисир» деген тыянакка келгени.

«Келем» дебей, сенден кетүү күч алып,
Кайтаар жолдо кадамыбыз тушалып…
«Аманбыз» дейт үнү менен апамдын
Кең дүйнөнүн бир бурчунан кусалык.

…Кайтабыз деп кайралып да, бүлөнүп,
Сенден кеттик, кеткен себеп жүйөлүү.
Сен аман бол себеби жок кырсыктан,
Бул дүйнөнүн бүлк-бүлк соккон жүрөгү!

Аныгында да, өзүн чындап кыргыз деп эсептеген атуулдар үчүн бул дүйнөнүн жүрөгү — алыстан азан чакырган Меке менен Медина эмес. Жер шарынын тагдырын чечебиз деген технократтык Батыш эмес. Ал тургай автор өзү жашап-иштеп жүргөн, тузун татып, турмушуна тамырын жайган Москва да эмес. Кайсы жерде жүрбөсүн, кыргыз үчүн бул дүйнөнүн бүлк-бүлк соккон бирден-бир жүрөгү – кыргыз жери. Бирден-бир чындык да ушул.

Жарандык позиция демекчи, сөзүбүздүн башында айтылгандай кыйыр кезген кыргыздын эмгек көчүндө жүрүп чет элден «Жүк-200» (табыт) менен кайткан шордуу улутташтарыбызга арналган саптарынан Нарсулуунун өз мекендештеринин жазмышына карата мамилеси даана көрүнөт.

Ушул жерге кан сураган, жан алган,
Кандай максат сени апкелди жетелеп?
Камгагым ай, калдаңдаган шамалдан,
Көчөтүм ай, көөнө бакка көчө элек…

Ким элең сен? Атасыңбы? Энесиң,
Же баласың үйдө жалгыз чырактай…
Кимдин азыр өрттөп жатат денесин,
Тирүү калган айыбы өзүн чыдатпай?

Тирүү калган… Сени тирүү билгендер
Эзет өзүн, эчен жылдар эсин жейт…
Сени апкелген кул жолдорду бул жерге
Сени апкеткен жолдор эми кечирбейт!

Бул – кыргыз элин ушундай абалга жеткиргендер үчүн чыгарылган жөнөкөй, ый аралаш айтылган адамдык өкүм. Билген кишиге — оңой өкүм эмес.

Үчүнчү өзгөчөлүк. Кыргыз адабиятындагы кыздар поэзиясынан кыйла айырмаланып, китепте автордун жеке тагдырына байланышкан темалар турмуш чындыгына каныгып, күтүүсүз салыштыруулар менен таасын берилген.

Билем, эне. Мен — мезгилдин сыныгы,
Баскан жолун, башат тегин унуткан.
Кыйын мага адам болуу чыныгы.
Аял болуу андан кыйын, куруп кал…

Тилекке каршы, «баскан жолун, башат тегин унуткан мезгилдин сыныгы» болуу – автор үчүн эле эмес, жалпы эле XXI кылымдын башындагы адам баласы үчүн типтүү тагдыр. «Чыныгы адам болуунун кыйынчылыгы» да күн санап күчөп келатканын көрүп турабыз.

Ашыктыкка түздөн-түз арналган ырлар Нарсулуунун бул жыйнагында анча көп эмес. Бирок ошол аз сандагы ырларды окуган адам ырда сөз болуп жаткан сезимдер канчалык терең жана ыйык болгонун чукул салыштыруулардан, турмуш койгон шарттын даана сүрөттөмөсүнөн илгиртпей түшүнөт.

Жашоонун туура көргөн катасы үчүн
Жашайбыз эки өйүздө жалгызсырап.
Бизге азыр бүтүн болуп жашаш үчүн
Дүйнөнүн бүтүндүгү аздык кылат.

Билбеймин, кайда барам, кагылайын,
Өзүңө буйрубаган сүйүүм менен?!
…Сен — менин үзүлбөгөн жалбырагым,
Мен — сенин жалбырагың үзүлбөгөн…

Ар бир адамдын дүйнөсүнүн борбору – Ал Өзү. Демек, канчалык кымбат, жакын болсо да, адамдын турмушундагы башка кишилер – ошол чакан дүйнөнүн айрым гана элементтери. Бирок адам адамсыз жашай албайт. Адамды башынан өткөн жашы эмес, билген кишиге өз заманынын өтүшү, өз жакындарынын алысташы же кетиши карытат. Ишке ашпаган кыялы карытат. Жетпей калган тилеги карытат. Андыктан, сынчылар айтмакчы кыргыз адабиятындагы кыздар поэзиясы «Сагын Акматбекованын жыйнагынан кийин жеп чыккан» жердеги жалбырактардан айырмаланып, бул жерде жакын адамын өзүнүн үзүлбөгөн бир бөлүгү катары кыя албай карап турган Адам-Дарактын сүрөттөмөсүн өзгөчө табылга десек аша чаппайбыз.

Деген менен акындын жан-дүйнөсү — шамал тийсе теңселип айласын таппай калган пассивдүү өсүмдүк дагы эмес, өз чындыгы өзүнө жетиштүү Адамдын сергек, эркин, кашкөй дили.

Сыйын алып, сынык чыны албастан
Чыгып кеткен аял өңдүү үйүнөн,
Кетем сенден көлөкөмдү эш кылып,
Ааламыңа сыйбай калган күнү мен.

Бул – жөн эле дымактуу билдирүү эмес. Бул – ашыкча из калтыргысы келбеген, жашоосун эч кимге милдет кылбаган, өз күчүнө ишенген, жетик турмуштук позиция.

Жыйынтыктап айтканда, менин жеке баамымда ар бир жазмакер тек гана блокнотунда жазып, катып жүргөн чыгармалар ашпоздун изденип жасаган сый тамагына окшош. Анын жарыкка чыгышы – жумурай-журтту чын дилинен дасторкон үстүнө чакырганына барабар. Жарыкка чыкканга чейин ар бир автор өз чыгармасын кандай калчаса өз эрки. Бирок окурман калкынын сынына коюп жаткан соң, анын жоопкерчилиги болуп көрбөгөндөй күчөйт. Айрыкча кыргыз эли — сыйга өтө маани берген эл. Андыктан алыстан жүрүп өз чыгармаларын элине тартуулап жаткан Нарсулуу Гургубаева өзү эңсеген ак жарыкка жетип, жазган ырлары элинин сүймөнчүгүнө айлансын деп астейдил тилек кылалы.

Жыргалбек Касаболотов, «Көк Асаба», 25.05.2016-ж.

Макала Ак жарык издеген акын бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Кыргыз коомунда интеллигенттер барбы?

$
0
0

Интеллигент деген өзү ким? Интеллигенция катмарына кириш үчүн сөзсүз эле илимпоз болуу керекпи же катардагы эле коомго пайда алып келген инсан да интеллигент боло алабы? Дегеле интеллигент деп атоо зарылбы?

“Диалог Евразия” коомдук фондунда “Интеллигенция ким? Коомдогу орду кандай?” темасында талкуу болуп өттү. Белгилүү эксперттер катышкан кызуу талкууда коомдогу бир топ маселелер көтөрүлдү. Модераторлукту белгилүү журналист Бакыт Орунбеков аркалап, учурдагы интеллигенция термининин мааниси, ролу айтылды.

Модератор Бакыт Орунбеков:

— Интеллигенция деген ким? Бизде интеллектуалдар, коомдун элитасы деген сөздөр бар. Интеллигенция деген сөз совет доорунда көбүрөөк пайдаланылган. Коомдун алдыңкы өкүлү же жогорку билимди алган киши интеллигентпи? Азыркы учурда кыргыз коомунда интеллигенция өкүлдөрү деп кимдерди атай алабыз? Интеллигенция эгер коомдун алдыңкы өкүлү боло турган болсо, коомду жакшы жакка сүрөп жатабы? Кыймылдаткыч бир күчкө ээби? Болбосо анда эмне кылыш керек деген маселени талкууласак.

Тынчтык Чоротегин тарыхчы, журналист:

— Тарыхта адамдын өнүккөнү боюнча хомосапиенс – аң-сезимдүү киши деген сөз бар эмеспи. Ал коммунинттерден аң-сезимдүүлүгү менен айырмаланган. Ошолордун ичинен биз азыр интеллигенция деп бөлүп жатпайбызбы. Бул интеллектуал, ойлоо мүмкүнчүлүгү кеңири дегендей аванс катары берилген аталыш. Аны кыргызчага биз “айдың” деп жакында которо баштадык. Бул билими терең көз карашы менен айырмаланган, кокту-колоттун деңгээлинде эмес, дүйнөлүк цивилизациянын жетишкендиктерин өздөштүрүп, ошонун негизинде жөн эле ой жүгүртпөй жаратмандык менен иштеген дегендикке жатат. Бул интеллигенциянын орду деген кыргыз коому үчүн эле эмес, жалпы планетардык деңгээлден караганда да өтө актуалдуу нерсе. Быйыл тогуздун айында «Ысык-Көл шеринеси»(Ысык-Көл Форуму-ред) дегендин 30 жылдык маарекеси болду. Бирок ошондо эле Чыңгыз Айтматов “Башка деңгээлде өзүбүзгө көз жүгүртөлү. Дүйнөлүк деңгээлди унутпай, саясий режимдерден эркин бололу” деген чакырык жасаган. Мисалы үчүн, жакында Өзбекстан менен Кыргызстандын мамилесинде жакшы жышаан пайда болду. Бирок ага алдын ала даярдык кылып, биздин интеллигенция деген өкүлдөрүбүз көпүрө боло алдыбы? Жакында Ала-Букадагы окуядан жакшы эле кабардар болдуңуздар го. Бир чоң апа башка динге өтүп алгандан кийин анын сөөгүн көмдүрбөй, үч жолу казып чыкты. Ошондо биздин интеллигенттерибиз кандай пикир айтышты же кайдыгер карап отуруп бердиби? Азыр интеллигенциянын ичинен дагы жаңы маалымат технологиясын үйрөнбөй, түркөй болуп жаткандары да бар. Фейсбук дейби же башка соцтармактарга кирип, коомдо өзүнчө агартуучулук ролун аткарыш керек. Бул жагынан да бизде өксүктөр бар.

Өмүрзак Мамаюсупов педагог, коомдук ишмер:

— Интеллигенция деген бул оңой-олтоң маселе эмес экени көрүнүп калды. Бул эми социологиянын предмети сыяктуу чыгууда. Социалдык түзүмдөгү орду бар бир социалдык топ катары чыгып жатат. Интеллигенттер жөнүндө сүйлөшөрдөн мурун ошонун ордун билип алсак. Совет мезгили учурунда эл үч топко бөлүнчү. Шаарда завод, фабрикаларда иштегендерди жумушчулар, айыл-чарбада иштегендерди дыйкандар, колхозчулар, ал эми ушул экөөнүн ортосундагы бир катмарды интеллигенция деп бөлчүбүз. Коммунисттик партия ушул жумушчу тобуна таянчу, дыйкандар колхозчуларга таянып, ал эми интеллигенцияга аяр мамиле кылчу. РСДПнын экинчи съездиндеги Лениндин төмөнкү сөзүн көп айтышчу. “Интеллигенттер эртеңки күндү ойлоп, позициясынан, принцибинен тайып кетет” саткын дегендей кылчу. Ал убакта интеллигенция тууралуу диссертациялар жакталган, мамлекеттик китептер бар болчу. Акыл эмгеги менен иштеген мугалимдер, доктурлар, жазуучу, акындарды интеллигенттер деп эсептешкен. Ал убакта жазуучу, акындар көп болчу. Алар коммунисттин кандай боло тургандыгынын үлгүсүн элдерге айтып берчү. Анткени элдер өз көзү менен көрүп турган коммунист жакшы деле болчу эмес. Бүгүнкү күндө интеллигенция ким өзү, ал барбы же жокпу? Социалдык катмар өзгөрүп кетти. Мисалы, интеллигенттер деп мектептердин же университетердин эле мугалимдерин алалы. Ушулар интеллигенциябы? Азыр интеллигенттер орто, чоң бизнесте болуп жаткандай туюлат. Эгерде коомдо бир нерсе болуп кетсе, алар чыгып реакция бере алабы? Ошондой учурда интеллигент катары чыга алабы же өзүн-өзү баккан, жумушчу ордун берип жаткан бизнестин өкүлү болуп чыгабы? Бирок азыр интеллигенттер жоголуп кеткен жок да. Мурдагы жазуучулар азыр деле бар. Анан биз Акаевдин режим учурунда аларды деле көрбөдүкпү. Саясий иш болордо аксакалдар деп телевизорлорго чыгарып, гезиттерге жазып калышпадыбы. Анда алар интеллигенциябы? Мына биздин президентибиз Нарынга барып, Нарын каскадынын ачылышында мындан бир жыл мурун сүйлөбөдүбү. Ал жерде талаага үстөлдөрдү коюп, элдерди чакырды. Алдына аксакалдарды отургузуп коюптур. Президентибиз ошондо аларга: “Мен ак сакалдарды ак шакалдар деп айтчу элем. Анткени алар туура эмес саясатты колдоп келишкен. Алар интеллигенция өкүлүбү” деп айтып жатпайбы. Биздин коомдо кандай процесс жүрүп жатат. Совет доорундагы интеллигенция деген биздин муунда калды. Бирок реалдуу жашоодо интеллигенттер барбы?

Модератор Бакыт Орунбеков:

— Совет деп калбадыңызбы, советтик коммунисттик идеологиянын жарчысы катары советтик бийлик интеллигенцияны чыгарып, кайра аны курал катары өз максатына пайдаланчу. Бүгүнкү күндө ошол коомдун алдыңкы өкүлдөрү айталы, ошол демократияны жайылтууга, бекемдөөгө салым кошуп жатабы? Кыргыздын баалуулуктарына, биримдигине салым кошуп жатабы же тескерисинче, болуп жатабы? Мисалы, мына бизде чоң саясий окуяларда интеллигенттердин үнү угулбай, алардын бар экени да билинбей жатпайбы.

Аалыбек Акунов, саясат таануучу:

— Көтөрүлүп жаткан бул маселени коомдо аябай күтүп жатышат. Бизде интеллигенттер ким? Бизге кандай мамиле кылат? Эл аралык мамилелерде алардын кандай ролу бар? дешип. Ушул жерден мен Тургеневдин “Ася” деген чыгармасын эстедим. Баягы “господин Н” деген сүйүүсү жөнүндө жазат. Кийин мен аскерде жүргөндө мунун чоң китебин окуп түшүндүм. Көрсө, андагы комментарийлерде “господин Н” деп орус интеллигенциясынын сөлөкөтү айтылыптыр. Ошол учурдагы орус интеллигенциясынын коркоктугу, чечкинсиздиги деп аябай сүрөттөптүр. Интеллигент таптаза адамдар дегенди билдирет экен. Буларга адамдар суктанчу. Бул сөздү кыргыздар колдонбойт. Бизде болсо идеалдуу адамдар деп акыркы учурда окуп жүрөбүз. Бул жерден чындыгында, “Элди агартам” деп күйүп бышкан адамдар чыкканын билебиз. Алардын бири Ахмед Ясавий деген адам болгон. Ал окуучуларын ээрчитип кетип бара жатып: “ Эгерде сен алың жетпей кайсы бир жерден токтосоң, ошол жерди өнүгүп өстүр” деген экен. Мен болсо оюмда интеллигент деп аларды элестетип калдым. Биз болсо мындайларды көбүнчө айылдардан көрүп жүрөбүз. Азыр бардыгы таза адамдарга муктаж болуп калды. Бирок кыргызга бул түшүнүк керек. Сыйына турган дебейм, бирок идеалдуу адамга коом муктаж болууда. Коомчулук деп жатып-туруп, коом менен ооруган адамдардын тобу гана адамдарга күйгүдөй. Интеллигенция деп биз окумуштууларды айтабыз. Бирок ал кесип болуп калып жатат. Анын ичинде интеллигенти бар же жок болушу мүмкүн. Биз коомду оңдоп, коомдон интеллигенцияны чыгарабыз деген нерсе кыйын болуп калды. Ал үчүн ылдыйтадан интеллигенцияны чыгаруунун формуласын элге берип койсок, эл биз айткандай жашагысы келип калышы мүмкүн. Эл сөзгө, акылга да муктаж болуп жүрөт. Мунун жолдорун тапсак, бир гана Кыргызстанды гана эмес, дүйнөнү ээрчитип кетиши да мүмкүн. Эмне үчүн Жакынкы Чыгышта тополоң болуп жатат. Себеби,ал жакта чыныгы жетекчи, интеллектуалдар жок болууда. Биз болсо мындайга жол бербейбиз деп ойлойбуз.

Модератор Бакыт Орунбеков:

— Жакында эле Түп районундагы бир мугалим президенттин жарлыгы менен КРнын эмгек сиңирген мугалим наамын алды. Ал көрсө, 20 жылдан бери бир айылдан экинчи айылга барып балдарды окутат экен. Бул жерден интеллигент деген ким? Ошол эле учурда юридикалык факультеттин сырттан окуу бөлүмүн бүтүрүп алып, азыр депутат болгон мырзаларыбыз ким? Булар интеллигенттерби? Коомдун кайсы жеринен орун берилет? Экөөнүн салмагы кандай? Япония менен салыштырып айтып берсеңиз, Сейтек мырза. Ал жакта интеллигенттер барбы?

Сейтек Качкынбаев, чыгыш таануучу:

— Жапондор чындап эле аябай илимпоз кишилер. Калк менен жашап жүрүп интеллигенция деген сөздү дээрлик уккан жокмун. Азыр коомдо ар кимдин иши бар. Жумушчулар жана ошол эле мамлекет кызматкерлери. Совет учурунда тарбия берүүчүлөр интеллигенттер болуп келген. Жумушчуларда болсо китеп окуганга, өзүн өркүндөткөнгө мүмкүнкүнчүлүк болгон эмес. Ошого бизде интеллигенция деген сөз көбүрөөк отурукташып калгандай. Жапондорду карасак, калктын 90 пайызы шаарда, 10 пайызы айылда жашашат. Айылдагылар — карылар, жаш балдар. Ал жерде мүмкүнчүлүк толук. Ким эмнени кааласа, баары бар. Ал эми ошол шартты канчалык деңгээлде пайдалана алат ар бир адамдан көз каранды. Жапонияда биз билимдүүбүз, элди алып кетебиз деген интеллигенттер жок. Ар бири өз чөйрөсүндө. Мугалимдер болсо педагогика менен алек болуп, коомдо мындай болуп жатат деп айтышпайт. Коомдогу көйгөйлөрдү депутаттары чечишет. Буларда өздөрүнө таанымал адамдардын жүрүм-туруму кызыктуу. Мисалы, Мерген Тургандай жылдыздар бар. Элдердин баары буларды карап турат. Эгер булар мас болуп бир нерсе кылса, бир жума бою жаңылык болуп чыгат. Биздей болуп кимди ээрчисек деп адашып жүргөндөр дээрлик байкалбайт. Жапондордун чиркөөлөрүн карасаң, короосуна эшигин каккылап келип көйгөйүн айткан киши жок. Буларда баары мыйзамдуу. Алдын ала жазылуу менен барышат. Монахтар ритуалдык кызматтарды аткарып калган. Руханий кыйналган адамдар азайып бараткандай байкалат. Себеби бул жакта бири-бирине коммуникация жок болуп, автоматташтырылып, мыйзамдашып калган. Ар ким өз жашоосуна өзү ээ болуп, коомду тарта турган адамдар жылдыздар, спортчулар болуп калат экен.

Тынчтык Чоротегин тарыхчы, журналист:

— Совет учурунда таптарга бөлүнгөн коом менен иштеген жеңилирээк болчу. Бирок азыр педагогдук адистиги бар, кийин ишкер болуп кеткен, кийин жергиликтүү музейлерди куруп, спорт тармагына жардам берген киши бизнес өкүлүбү, же интеллигентпи? Балким массалык маданият өнүккөн коомдо такыр башка болушу мүмкүн. Ар бир инсан интеллигенциянын өкүлү болуш керек. Фермер болуп туруп дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүрткөн адамдар бар. Эки диплом алып, бирок эч нерсе билбегендер бар. Технологиялык жаңы секириктен кийин мээңе татынакай эле чипти орнотуп алып кайсы бир тилде сүйлөсөң да, ал сага дароо которуп берет. Ошол технология дүйнөсүнө аралашкандан кийин өзүңдүн улуттук маданиятыңды сактап калыш үчүн күрөшүүң керек болот. Же курсагың ток кадимки машина болуп калууң мүмкүн. Интеллигентти эки жактан караш керек.

Модератор Бакыт Орунбеков:

— Түркияда окуган студенттер мугалимдерди аябай сыйлашат. Алар бизди окутат, агартат деп көбү мугалимдикке окушарын айтышат. Мүмкүн мугалимдер интеллигенттерби?

Искендер Ормон уулу, коомдук ишмер:

— Толук өнүгө элек, өнүгүүгө талпынган, өзгөчө авторитардык коомдордо интеллигенция терминин колдонуу көбүрөк кездешет. Батышта же өнүккөн өлкөлөрдө көп колдонула бербейт экен. Негизинен бул термин Ренессанстан кийин колдонула баштаптыр. Атактуу социолог-окумуштуу Антонио Грамши интеллигенттерди экиге бөлөт. Биринчиси муундан-муунга өткөрүп берилген кесиптер — юристтер, темир устасы, мугалимдер. Экинчиси — органикалык интеллигенция деп айтылат экен. Белгилүү бир күчтүн таламын талашкан, белгилүү бир коомдун ичинде орун алып, күчкө ээ болуп, дайыма ошону күчтөндүрүп туруучу топ. Бул дагы өзү жашап жаткан доордогу белгилүү бир күчкө ээ болгондорду колдоочу, коштоочу деп дагы айтылат. Экиге бөлүнгөнү менен мындан башка үчүнчүлөр дегени да бар. Интеллигенция деген бул эч бир күчтү тааныбоочулук. Эч бир бийликке сыйынып калбай, коомдогу көйгөйлөрдү козгогон адам дешет. Ал өзүнө зыян келип калуу коркунучуна карабастан, дайыма карама-каршы болгон, кошоматчылык кылбаган деген мааниде. Дегеле шаблондук ойлонууларды жарган, ой жүгүртүүнүн топ бузары десек болот. Ал эми түрктөрдө болсо акыркы учурда айдын, муневвер деген сөздөрдү бизде колдонулуп жаткан интеллигент деген сөздүн мааниинде колдонуп жүрүшөт. Бул балким Француздардан жана кеңири колдонулуусу Советтерге коңшулаш болгондуктан көбүрөөк пайдаланылып калса керек. Азыр түрктөр интеллигенцияны муневвер, айдын анан интелектеул деп экиге бөлүп алышкан. Интеллигенттикти дагы жогору турган жана глобалдуу мүнөздө ой жүгүрткөн, өзүнө таандык чыгармачылдыгы, эмгектери болгон жана коомду аркасынан ээрчите алган сапаттагы дэңгээл үчүн колдоуп келишет.

Модератор Бакыт Орунбеков:

— Кечээ жакында президентибиз Кыргызстандын алдыңкы 61 студентине сыйлык тапшырганын баарыбыз көрдүк. Ал жерде өлкө башчысы: “Кыргыз коомунун алдыңкы элитасы, саясий чөйрөсү баары булганып бүттү. Ишенич силерде гана калды” деп айтты. Парламентке акчалуулар гана келди деп өзүнө өзү карама-каршы сүйлөдү. Ушундай учурда биздин саясий элитабыз эмне болуп жатат? Жөндөмсүз болуп жатабы? Азыркы реформабызга таасири тийип жатабы? Жаштарыбыз кандай?

Аалыбек Акунов, саясат таануучу:

— Азыр биз турмуштагы жок нерсени издеп жатабыз. СССР учурунда социализм жок болчу. Биз болсо аны жаман дедик. Азыр болжолдуу бизде демократия жок. Бирок ага шылтоолоп жатабыз. Жанагы сыйлык берилген студенттерди карап чыксам, көбү акча төлөп окугандар. Алар кийин келип мамлекетке иштейбиз дешкен жок. Менин оюмча, билим берүү министрлиги жакшы окугандарга гранттарды бөлүштүргөнүн жакшы түшүнбөйм. Мамлекет өзүнө керектүүлөргө акча төлөп берип окутуш керек. Жакшы, жогорку балдарды кайсы балдар алат? Алар жакшы мектептерге баргандар, репетиторлорго баргандар. Бюджетке алар келсе жөн эле окуп кетет. Мамлекет үчүн иштеп берейин деген ою жок алардын.

Референдум жакындаган сайын биздин интеллигентердин колдору коюлган нерселер гезитке, телевизорго чыга баштады. Телевизорго сындагандары чыгарбайт, алар электен өтүшөт. Интеллигенция деген азыр калптын куралы, кошоматчы болуп калган. Ошон үчүн аларга эмгек сиңирген деген наамдарды берчү. Алардын материалдык жагын партия камсыздачу. Биздин бийлик адилетсиз болгондугу үчүн өзүнө кошоматчыларды издеп жатат. Эгер Сингапур же Япониядай баары мыйзамдуу болсо башкача болмок. Биздин бийликти колдой тургандар орто жана чакан бизнестерге таяныш керек болчу. Интеллигенттердин баары ошол жакта. Элдерге маяк керек болуп жатат. Элдер кимге теңелем деген үлгү керек болууда. Бирок ал сөзсүз эле интеллигент болууга тийиш эмес.

Модератор Бакыт Орунбеков:

— Жакында Жети-Өгүздө «Кут билим» деген мектеп ачышты, Бир жигитибиз 4 кабаттуу жатакана куруп бериптир. Мүмкүн ушундайларга дем беришибиз керек? Мүмкүн коомду агарта турган нерсеге жете электирбиз.

Сейтек Качкынбаев, чыгыш таанучу:

— Мен өз акчама Кыргыз жерин кыдырып, илимий дааватка чыгып мектеп, жогорку окуу жайларга барып жүрдүм. Ошондо баарына эмне максатыңар бар деп суроо берип, болжолдуу үч түрдүү жооп алдым. Биринчи бир түрдүү жооп “Мен коомго пайда алып келе турган, элдин баласы болгум келет” деп жооп беришти. Экинчи түрдүү жоопто “Америкага барып окуп келгим келет” дешти. Үчүнчү жооп Лейлектен 3 окуучунун жообу канааттандырды. Бири “мен абдан күчтүү мугалим, бири дарыгер, кийинкиси фермер болгум келет” деди. Акыркы үчүнчү жооп так коюлган максат деп айтат элем. Элдин баласы болгум келет деген жакшы ниет. Бирок абстрактуу болуп калат. Чет өлкөгө билим үчүн эмес, максатка жетүү үчүн керек болгон илим үчүн баруу пайдалуу болот. Бүгүнкү күндө эң негизгиси — максатты билүү маанилүү. Ушундай багытта бүгүн интеллигенттер иш кылса жакшы болмок.

Аалыбек Акунов, саясат таануучу:

— Эгерде элдер күткөн нерсесин өкмөттөн алса жакшы болмок. Эл салык төлөп, кайра өкмөттү багып жатат. Германиянын Конституциясында билим берүү мамлекеттин иши деп жазылып турат. Бизде Билим берүү министрлигинин мектептер менен иши жок. Кеп келечек жөнүндө болууда. Билимге келгенде Өкмөттүн негизги иши ошо. Ошон үчүн эл салык төлөп жатат.

Искендер Ормон уулу, коомдук ишмер:

— Үч тармак коомду жарыкка чыгарат экен. Билим берүү, аскер, дин тармагы. Билим берүү бир өлкөнүн идеологиясын жаюу үчүн колдонулган система болуп келет. Ошондуктан мамлекет колунан чыгарбоого аракет кылат. Деги эле интеллигент деген топ бузуучу мүнөзгө ээ. Балким, бизде эң эле бузулган нерсе интеллигенция термини. Интеллигенция деген кошоматчы деген эле сөз болуп калды. Ар ким өзү кайсы тармак болсо да, өз пикирин айтып, жазуу ж.б менен чагылдыра берүүсү керек. Коом өзү тандап сапаттуусун иргеп алат. Ошол сапаттуу иш, сапаттуу пикир жана чыгарма (чыгарма ар кандай мааниде айтканда) коомдуу керектүү, жагымдуу жана пайдалуу жакка багыттаса, ошол интеллигенттик иш болот эле.

Модератор Бакыт Орунбеков:

— Бул маселеге азырынча үтүр эле коюп койсок болот. Жалпылай кетсек, эң негизги басым билим берүүгө коюлду. Биз коомду алдыга сүрөй турган муунду тарбиялашыбыз керек экен. Мектепте, бала бакчада, жогорку окуу жайда дагы агартуучуларды жандандыруу керек. Ал муундар коомду өзү эле алдыга алып чыгып кетет. Бизде кыргыз коому советтик системадан чыга албай жатабыз деген пикирлер айтылды. Мамлекет негизги багыттарда, өзгөчө, билим берүүдө жоопкерчиликтүү болуш керек. Бийликтин адилеттүүлүгү жөнүндө, маалымат технологиясы, кыргыз тилинин баркын көтөрүү болду. Ошону менен башка чет тилдерди үйрөнүп, колдоно билүү маселеси көтөрүлдү. Буларды чечсек, биздин коомубуз көтөрүлөт деген ниет бар.

Таңчолпон Бакытбек кызы, «Саресеп», 08.11.2016-ж.

Макала Кыргыз коомунда интеллигенттер барбы? бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Абдылдажан Акматалиев, академик: «Манас», Айтматов десе эле каражат табылып калбайт

$
0
0

2002-жылдан бери 10-ноябрь илим күнү деп белгиленип келет. Окумуштуу, илимпоздорду жок дегенде даталуу күндөрү эске алып турууну көздөп Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиев менен гуманитардык илим жаатындагы саамалыктар, ийгиликтер менен кошо көйгөйлүү маселелерден тарта жөн гана турмуш, адамдык баалуулуктар, аруулук менен ичи тардык, улуулук менен көрпенделик тууралуу да баарлаштык. Албетте, анын баарын гезит бетине сыйдыруу мүмкүн эмес.

— «Тарых жана маданият» жылы да аяктап бара жатат, Улуттук илимдер академиясынын салымы кандай болгондугу менен маегибизди баштасак, Абдылдажан агай?

— Жакшы болот. Бул жылы биздин Гуманитардык багыттагы институттар үчүн чоң сыноо болду. Өкмөттүк Программа боюнча бир топ милдеттер тагылган. Алардын ичинде башка мекемелер менен бирдикте Эгемендүүлүктүн 25, 1916-жылдагы окуянын 100, Баласагындын 1000 жана Тайлак баатырдын 220 жылдыгына арналган конференцияларды уюштурдук, өткөрдүк. Ошону менен бирге Жусуп Баласагындын «Куттуу билиминин» академиялык басылышы толукталып, такталып 3 томдук болуп жарык көрдү. 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө арналган Ташкенттен, Москвадан ж.б. шаарлардан алынып келинген жаңы архивдик материалдардын толуктоосу менен көркөм чыгармалар кошулуп 4 томдук да окурмандарга жеткирилди. Археологиялык казуулар жүргүзүлдү. «Кыргыз тарыхынын» 3 томдугунун бир тому басмага берилип, эки томунун кол жазмалары бүтүп калды. Бул ишти көптөн бери айтып келе жатам, биринчи жолу кыргыз тилинде жарык көрмөкчү жана мында жаңы көз караштар, пикирлер өтө көп.

— Каражат жагы кандай болду?

— Өкмөттүк Программа боюнча тендердин 50%ы басмаларга бөлүнүп берилген. Бирок 50% каражат бөлүнө элек.

— Мамлекеттик тил программасына да, менимче, Академия активдүү катышып жатса керек?

— Ооба. Былтыр 63 китеп чыгарганга катыштык элек, быйыл 31 китепти окурмандарга жеткирдик.

— Ишке ичи тарыгандар да болсо керек?.. Бул китептерди дүкөндөрдөн таппайбыз го? Нускасы азбы?

— Болбой койчу беле! «Сынчынын сыңар өтүгү майрык» дегендей, айрым сын таккандар да бар. Алардын ойлору боюнча биз бай фольклорубузду, акын-жазуучуларыбыздын чыгармаларын бастырып, «күнөө» кылып жаткан экенбиз. «Жаңы нерселерди чыгарбайсыңарбы» деген суроону тикеден-тике бере алышпай, «жумурткандан кыр издешип» «күңк-мыңк» эте ушакташып калганын кулагыбыз чалып калат. Макул. Бирок кайсы жаңы чыгармалар? «Курманбектин», «Эр Төштүктүн», «Олжобай менен Кишимжандын», «Жаныш-Байыштын» жаңы варианттарын бизге сын таккандар айтып береби?! Калыгулдун, Арстанбектин, Молдо Нияздын, Молдо Кылычтын, Жеңижоктун, Токтогулдун, Барпынын ж.б. жаңы ырларын бизге ошол көрө албастар ырдап береби?! К.Тыныстановдун, А.Токомбаевдин, М.Элебаевдин, К.Жантөшевдин, Т.Сыдыкбековдун, А.Осмоновдун, Т.Үмөталиевдин, Ж.Бөкөнбаевдин, Ж.Турусбековдун, К.Маликовдун ж.б. жаңы чыгармаларын бизге ниети каралар тиги дүйнөдөн алып келип беришеби?! Көркөм дөөлөттөр улам-улам миңдеген нускалар менен басылып турушу керек, алардын бүгүнкү күндө да билим, илим, таалим-тарбия берүүдө мааниси өтө зор. Азыр чыгып жаткан китептердин нускасы 500, ал эми республикада 2500дөн ашуун мектеп, 1800 китепкана бар. Булардын баарына жетпейт, ошондуктан электрондук варианттары таратылып жатат, китептер болсо бекер берилүүдө. Анын үстүнө биз президенттин Жарлыгы, өкмөттүн Токтому менен бекитилген эмгектерди чыгарып жатабыз. Эгемендүүлүк алгандан бери мамлекет тарабынан биринчи жолу чоң камкордук көрүлүп жатат. Белгилей кетүүчү нерсе, бул программа боюнча мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттан 6 миллион сом үнөмдөлүп, кайра мамлекетке толук кайтарылып берилди.

Учурдан пайдаланып, комиссиянын төрагасы, Эл жазуучусу Эгемберди Эрматовго жана Президенттик аппараттын өкүлү Азат Абдысаттар уулуна ыраазычылык билдирип кетейин, кеңешип бирдиктүү иштеп келе жатабыз. Ал эми жарык көргөн китептердин электрондук көчүрмөлөрү сайттарга коюлуп жатат, окурмандар китептердин бардыгын тапса болот. Кызматкерлер Монголияга, Алтайга, Тувага жана республикабыздын бардык аймактарына фольклордук-диалектологиялык экспедицияларга чыгып келишти.

— Программаларды аткарууда илимий кыйынчылыктар болдубу?

— Албетте! Программада көрсөтүлгөн бир топ иш-чаралар аткарылбай калды. Анын себеби биринчиден, бир жылда бүткөрө албаган иштер кирип калган, экинчиден, мамлекеттик тилге анчалык зарыл болбогондор, үчүнчүдөн, кызматкерлердин даярдыгы жетишпегендиктен. Ошолордун ичинен котормо боюнча бир кыйынчылык жараткан эмгектерди баса белгилегим келет, мисалы, «Мукаддамад аль-араб», Сыма Цзяндын «Тарыхый жазмалар», В.Тизенгаузендин «Алтын ордонун тарыхына тиешелүү материалдардын жыйнагы», Хайдар Мирза Мухаммаддын «Тарих-и-Рашиди», Ф.Фиельструптун «Кыргыздардын ХХ кылымдын башындагы каада-салттарынан» жана башкалар. Буларды араб, кытай тилдеринен которуу процессинде татаалдыктар бар.

— Абдылдажан агай, Сиз китептерге демөөрчү издеп чыгаруу жагынан тажрыйбалуусуз. Бул ар кимдин эле колунан келе бербейт, убакыт кетет, ошентсе да өзүңүздүн жеке иштериңиз калып жатпайбы?

— Мага кайрылышкандардын көбү ушундай суроолорду беришет. Чынында ар бир убакыт алтынга тете эмеспи. Эгерде ар кимибиз жеке өзүбүздү эле ойлой берсек, анда коомчулуктун ишин ким кылат? Мени деле муну жаса деген эч ким жок, жасабай койду деп мага деле эч ким милдет тага албайт. Бирок мен бала кезимде «Эгерде керек болсо көтөрөйүн, Энеке, жонума артчы элдин жүгүн» деп ыр жазган элем. Бул позицияда өмүр бою кала берем. Ал эми өзүмө келсем, Чыңгыз Айтматовдун жаңы табылган «Чоор жана жер» повести, «Манас», Айтматов жана эмбрион», «Ак булуттун өзөгү кайда?» деген сыяктуу макалаларды жакында эле жаздым, көбүнчө маектерде илимий пикиримди билдирип жүрөм. Бул ыкма бүгүнкү күндө өтө ыңгайлуу экен, биринчиден, илимий макалаларды газеталарда бастыруу өтө кыйын, экинчиден, маектерди окурмандардын кабыл алуусу оңой.

— Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго байланыштуу кеп кезеги келип жетти көрүнөт. Туулган күнү да жакындап калды. Кандай даярдыктар болуп жатат?

— Айта кетейин, Чыңгыз агай кайтыш болгондон бери жыл сайын эки жолу – 12-декабрь жана 10-июнда конференция жана эскерүү кечесин өткөрөбүз. Быйыл да «Айтматовдук окуу» уланат, кудай буюрса! Макалалар жыйналып жатат, «Айтматовдун асыл ойлору» («Айтматовдун учкул сөздөрү») деген китеп чыгарсак деген тилегим бар. Калганын көрө жатаарбыз.

— Айтматов сыйлыгы жаштар үчүн түзүлүп калды, эки жылдан бери берилип келе жатат, буга кандай карайсыз?

— Сыйлыкка Айтматовдун атын коюу чечими туура эмес болуп калгандай, башкачараак болсо дурус болмок. Чындыгында бул мурдагы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы эмеспи! 12 сыйлык берилет экен, ар түрдүү кесиптегилерге, быйыл ал сыйлыкты берүү мөөнөтү өтүп да кетти, сыйлыкка эмнегедир кайдыгерлик болуп жатат. Менимче, кандай болсо да сыйлыкка олуттуу мамиле кылып, жаштарды моралдык жактан өз убагында кубаттоо зарыл.

— А парламент аралык Айтматов сыйлыгы жөнүндө эмне айтмакчысыз?

— Ал жөнүндө «Багыт» газетасында пикиримди билдиргем. Ал сыйлыкта элден алынган 30 миң АКШ долларын жөн жерден пайдасы жок таратуу болуп жаткандыгын дагы бир жолу баса белгилегим келет. Анткени азыр үч жылдыкты эсептегенде 90 миң доллар кумга сиңген суудай жок болду да калды. Ушул каражатка Айтматовдун миңдеген китептерин чыгарсак болмок да!

— Арийне?

— Айтып келебиз, бирок азыр ушундай экен, эч ким уккусу да келбейт. Мына бир мисал – Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бул маселе боюнча чындыкты койсо, калгандары кайдыгер. Балким Жанар Акаев бул маселенин аягына чейин териштирип, чын эле сыйлык керекпи, жокпу, кандай пайда келтирди деп 120 депутаттын алдына коюп көрөөр…

— Сиз Айтматовду жакшы көрөсүз…

— Анын чыгармаларына кумарланып, кызыгып, дүйнө окурмандары жарым кылымдан бери окуп жатышат. Алардын ичинде ар түрдүү коомдук системадагы улуттар, элдер, кары-жаштар, ар кандай диндегилер, көз караштагылар бар. Аларга жаккан Айтматов мага эмне үчүн жакпашы керек. Жазуучунун бир-эки чыгармасы эмес, бүтүндөй чыгармачылыгы дүйнөнү руханий жактан «солк» эттирип келе жатат. Айтматовдун көркөм-эстетикасынан, философиясынан үйрөнүп, таалим-тарбия алып жатышат. Айтматовду мен эле эмес, дүйнө окурмандары жакшы көрөт. Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн жогорку окуу жайларынын жана мектеп программаларына кирген. Россияда сөзсүз окула турган 100 китептин ичине эки романы сунушталган. Ал гана эмес мектеп программасына Ч.Айтматовду кошуу жөнүндө талкууда 90 %ы бир ооздон оң жооп беришкен. Алар мындай дешкен: «Я его читаю и люблю»; «человек, читающий Айтматова и понимающий никогда не будет ни фашистом, ни националистом…» Саясатчы, Германия Республикасынын тышкы иштер министри Фран-Вальтер Штайнмайер Айтматовдун сөздөрүнөн цитата алып сүйлөп, өлкөсүндө жазуучунун кадыр-баркы тууралуу айтып, Түркиянын экс-президенти Гүл Ата-Бейитке барып таазим этип, «Айтматовду жана футболду жакшы көрөм» деп жатпайбы! Анын чыгармаларын бир окуу менен таштап коюуга болбойт, улам-улам окугуң келет, окуган сайын жаңы-жаңы нерселерге учурай бересиң. Мен Чыңгыз агай менен тааныштырган тагдырыма ыраазымын. Анын адамгерчилиги, кеңпейилдиги, жөнөкөйлүгү, кичипейилдиги бириккен касиеттер ар бир адамда эле боло бербейт. Кеп менин жакын жүргөнүмдөн эмес, аны менен тагдырымда кезикпесем деле Чыңгыз Айтматовду бүгүн кандай урматтасам, сыйласам, анда деле дал ушундай сыйламакмын.

— Чыңгыз Айтматов көп кишиден Сизди жактырып калгандыгынын себеби эмнеде болду экен? Балким бул жөнүндө ойлонуп көргөн чыгарсыз?

— Билгенге аракет кылып көрдүм, бирок бул суроо ар дайым мени түйшөлтүп келген жана азыр да суроого толук жооп табалбайм, балким таппастырмын, анын жообу Чыңгыз агайдын өзүнүн жан дүйнөсүндөгү сыр болсо керек. Ошентсе да мындайча божомолдочумун: мен башкалардай болуп тынчын алып, бийлик, байлык, үй-тиричилиги сыяктуу жана башка маселелер менен кайрылбадым, эч бир кызыкчылык көздөбөдүм, мен агайга таза жан дилим, абийирим менен мамиле кылдым, айрым бир тапшырмаларын өзүнүн каалоосундагыдай, өзүнүн убагында аткарууга аракеттендим. Мына ушундай сезимден улам «Өзүмө ишенгендей сага ишенем» деп таанышуубуздан он жылдан кийин баарын өлчөп, байкап, таразалап, мага кат жазса керек. Мындан артык эмне демекчимин?!

— Мындай баага ар ким эле татый бербейт да. Сиз улуу инсандан бата алган экенсиз. Батасы бүгүн да Сизге тийип келе жатат, азыркы мезгилде ошол «ишеним» жөнүндө эмне айта аласыз?

— Ишеним мен үчүн ар дайым кымбат. Ишеним – абийир, адамгерчилик, тазалык, кичи пейилдик. Чыңгыз агайдын ишенимин актоо – бул чоң жоопкерчилик. Ал менин өмүрүмдүн аягына чейинки жашоомдун маңызы.

— Чыңгыз Айтматовду жактырбагандар Сизди да жактырышпаса керек?

— Туура баамдадың. Эми аларга жакшы көрүнөлү дейт белек, «сенин Айтматовуң», «Сен эмнеге Айтматовго кызмат кылып жатасың?» ж.б. сөздөрдү айтып сөөмөйлөрүн чычайткандарды да турмушумда көргөм, а бирок ошолор эле Айтматов чет жактан келип калса, асмандатып мактап сүйлөгөн учурлары болгон. Ошол себептен «Адамга күн сайын адам болуу кыйын» деп жыйынтык чыгарса керек Чыңгыз агай.

— Сиз айткандай, улуу жазуучу тирүү кезинде баары эле анын айланасынан тегеренип чыкпаса керек, а азыр кимдер калды?

— Кимдер калды дейсиңби? Бексултан Жакиев, Кеңеш Жусупов, Омор Султанов, Болот Шамшиев, Сатыбалды Далбаев, Геннадий Базаров, Кайыргүл Сартбаева, Дариха Жалгасынова, Анатай Өмүрканов, ошону менен чыгармачыл жаштар өтө көп. Анан жалпы окурмандар, сен жана мен.

— Коомубузда жакшылык жөнүндө айткандын ордуна жамандык издөө, чукуу арбып бараткандай… Ошондойдун бири – Айтматовдун эстелиги жөнүндө. Себеби кечээ бир окурман минтип жазыптыр: «Кыргыз элинин айкөлдүгүнөн манасчы Саякбай Каралаевдин эстелиги турчу жерге (Ала-Тоо аянтына) Айтматовдун эстелиги коюлду. Балким Ч.Айтматов бул орунду жылдардын бир жылдарында залкар манасчы Саякбай чоң атабызга бошотоор»,- деп. Дагы бир көрүнүш – мына бир жумадан бери интернетте Айтматовдун элеси түшүрүлгөн 300 сом жөнүндө сөз болуп жатат.

— «Алтынды дат баспайт» дегендей, туруп калган чаңдарды мезгил өзү сүртүп коёт. Эми өзүң ойлосоң, кандай болгондо да мында Айтматовдун арбагынын күнөөсү эмне? Күнөөнү Айтматовдун арбагынан эмес, тирүүлөрдөн издесек жакшы болбойбу?! Ооба, эстелик туура эмес коюлганын жазып жатышат. Бирок эмне үчүн коюлуп жатканда ошол документтер бар болсо көрсөтүшпөйт? Айтматовдун эстелигин башка жерге көчүрүү маселесин биз деле колдойбуз, бирок улуулардын арбактарын сөзсүз түрдө эле бири-бирине карама-каршы коюшубуз керекпи?!

Мындай көрүнүштөр демократиянын, сөз эркиндигинин, адам укугунун көрүнүшү эмес. Ооба, ар ким өз пикирин билдирүүгө укуктуу, бирок анын баары мыйзамга ылайык келиши керек. Улуттук дөөлөттөр жөнүндө жеке пикирлерге бир-эки адам чыгып жооп берип койсо эле иш бүтүп, токтоп калбайт, ал үчүн руханий байлыктарды сактоо, коргоо, жайылтуу боюнча мыйзам керек деп ойлойм.

— «Манас» эпосу боюнча деле мыйзам кабыл албадыкпы? Анын жыйынтыгы болбой жаткандай…

— Туура! Мыйзамды көзөмөлдөп туруу керек. Мыйзам формалдуу болбош керек.

— Ким көзөмөлдөйт?!

— Мамлекет, анын органдары. Болбосо кайым айтышуудан, бири-бирине жалаа жапкандан коомчулук түшүнө албай, аң-сезим бузула берет.

— Дагы эмне кылуу керек деп ойлойсуз?

— «Манас» эпосу, Айтматовдун чыгармалары сыяктуу көркөм мурастарыбызды, дөөлөттөрүбүздү жайылтуу, алар жөнүндө иш-чараларды коомчулукта көбүрөөк, системалуу өткөрүп турушубуз зарыл. А чынында андай болбой жатпайбы? 2012–2017-жылдары «Манас» эпосун сактоо, изилдөө жана жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Токтомунун аткарылышы тууралуу иш-чаралардын жүзөгө ашпай жаткандыгын официалдуу да, басма сөздө да, мына азыр сени менен маектешүүдө да айтып жатам, билдирип келебиз. Бирок тыянак таптакыр жок. Ал эми Айтматовдун чыгармаларын басып чыгаруу боюнча жыйырма беш жылдан бери спонсор издеп, акыры эптеп спонсор таап, беш жана сегиз томдуктарын чыгарып, окурмандарга сунуш кылдык. Мындай караганда «Манас» же Айтматов бир-эки эле кишиге, же үй-бүлөсүнө эле керекпи (?) деген суроо туулат. Биз канчалык аларды коомчулукка жеткирсек, ошончолук таалим-тарбия беребиз. Аларды коргоонун, сактоонун бирден-бир жолу ушундай. Анан жөн эле «Манас», Айтматов» деп куру кыйкырык кыла берүүнүн кереги жок. Иштеш керек, эмгек кылуу керек. Жакында мага «Көйкашка» аттуу жаштар уюмунан студенттер келишти. Көрсө ар-намыстуу жаштарыбызы бар экен, алар улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун академиялык басылмаларынын экинчи басылышын чыгаралы, каражат топтойлу деп келишиптир. Ушул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова да мага телефон чалып кайрылды. Идеяларын толук колдойбуз! Ал эми «Манас» эпосунун үчилтигин чыгаруу боюнча демөөрчүлөр Тилек Мураталиев, Айнагүл Алымжанова жана Койчуман Момункуловдор чоң эрдик жасашкандарын айтып түгөтө албайбыз. Анан суроо туулуп жатпайбы, эмне үчүн өкмөттүк Улуттук программа аткарылбайт, көзөмөлгө алынбайт? деп. Жогоруда айткандай, «Манас», Айтматовдун чыгармалары айрым адамдарга гана керекпи деп жатканым ошондон. Дагы айтам, улуу манасчы Саякбай Каралаевдин «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүнүн академиялык басылыштарына тендер жарыялап, каражат издеп жатканыбызга эки жыл өтүп баратат. «Манас» же Айтматов десе эле каражат табылып калбайт, убактыбыздын көбү көркөм дөөлөттөрүбүзгө каражат издөө менен кетет. А чынында «Манас» эпосу, Айтматовдун чыгармалары сыяктуу дөөлөттөргө каражаттарды издөө биздин илимий ишибизге кирбейт, академиянын кызматкерлери аз айлык алып, кылымдан-кылымга түбөлүк кала турган, жаштарды тарбиялай турган албан-албан иштерди жаратып жатышат.

— «Манас» орденине татыктуу болдуңуз, куттуктайбыз, «Башканы коюп «Манасты» айт» дегендей, «Манас» боюнча жасаган эмгегиңиздин айрымдарын жалпы коомчулукка айта кетсеңиз жакшы болоор эле?

— Рахмат! Бала кезден эпос аң-сезимибизге сиңип калган. Кийин тагдыр экен, колумдан келишинче эпосту чыгаруу, жайылтуу боюнча эмгек жасап жатам. Тактап айтканда, улуу манасчылар Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Мамбет Чокморов, Багыш Сазанов, Ыса Жумабек уулу, Ыбрай Абдырахманов, Уркаш Мамбеталиевдердин тексттерин түзүүгө, демөөрчү издеп чыгарууга катыштым. Эпос жана манасчылар боюнча бери болгондо чет элде жана республикада жыйырмадан ашуун конференцияларды уюштурдум. Эң башкысы – «Сагымбай», «Саякбай» энциклопедиялары менин идеям, демилгем жана жетекчилигим менен жарык көрдү. Анан «Манас» темасы боюнча бир нече кандидаттык иштерге жетекчилик кылдым жана башкалар.

— Сыйлыкка келгенде да нааразычылыктар жаралбай койбойт эмеспи!..

— Пендечилик да! Мен жетекчи катары кең пейилдик менен институттун 30дан ашуун кызматкерлерин Мамлекеттик сыйлыкка сунуш кылдым эле, кудайга шүгүр, баары алышты. Анын баркын билгендер да, билбегендер да болот экен. «Беш жыл жашадым, мага сыйлык бергиле» дегендер да кездешет. «Ошол беш жыл ичинде коомго эмне кызмат кылдым?» деп эч бир ойлошпойт. Менимче, ар бир адам жеке өз кызыкчылыгы үчүн эмес, коомчулук, мамлекет үчүн кызмат кылуу керек, ошондо сыйлык өзүнөн-өзү келет.

— Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик каалайбыз.

Нурзада ТАШБАЕВА, «Де-факто», 14.11.2016-ж.

Макала Абдылдажан Акматалиев, академик: «Манас», Айтматов десе эле каражат табылып калбайт бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Алым менен Шербет

$
0
0

Маалымат жана басма сөз күнүнүн алдында, 4-ноябрда , “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду айтылуу журналист-публицист, белгилүү акын Алым Токтомушевди эскерүү кечесин өткөрдү. Алым Токтомушев тууралуу сөз кылганда анын жубайы, белгилүү акын Шербет Келдибекова тууралуу айтпай коюуга болбой тургандыгы бул кечеде дагы бир жолу тастыкталды.

Шайлообек Дүйшеев: “Алым менен Шербет урушса акча, дүнүйө талашып эмес, чыгармачыл ой, пикир талашып урушкан”

— Алым менен Шербет экөө тең акын болгон. Экөө өмүрдүн аягына дейре тегирмендин ташындай жуп болуп, өмүр деген агып турган суу болсо, ошол өмүр менен жашоону бирдей айланып, турмушту бирдей тегеренип, бала ордуна ыр багып, бири-бири менен ынтымак-ыйманда жашап, артына үлгү болоорлук из таштап кетти. Бул жалган дүйнөдө изи калбай, ың-жыңсыз кеткендер канча? Бизге чейинки кыргыз жазуучулары кыргыз адабиятын орус адабияты аркылуу байытып, Пушкин менен Толстойду, Чехов менен Гоголду, Горький менен Бунинди, Есенин менен Маяковскийди которуп, алардын ким экенин окутуп, үгүттөп, үйрөтүп кетсе, Алым менен Шербет бизге орус адабиятынын классиктерин которуп окутуп, үйрөтүп кетти. Алым менен Шербеттен биз Анна Ахматова менен Цветаева, Пастернак менен Осип Мандельштамды таанып билгенбиз. Кыргыз кыртышын жаңы сорттогу үрөн менен байытууну көздөгөн дыйканга окшоп, Алым кыргыз адабиятынын кыртышын Пастернак, Мандельштам, Ахматова, Цветаева, Рильке, Неруда өңдүү таланттардын таасирине тартып, ошолордун ырлары менен байытып келген.

Өзү да ырды ошолорго шыктанып туурап жазып, кумир тутуп жашады. Алымдын китепканасы ушундай мастерлердин колго тийгис китептерине өтө эле бай болчу. Алым менен Шербет эл сыяктуу эле “Эрди- катын урушат, эртең кайта табышат” деп кыжылдашып урушкан, ыжылдашкан, бирок эч качан алар акча, дүнүйө талашып урушкан эмес. Урушса “Пастернак антип жазган эмес, Рильке минтип жазган деп, Анна Каренинаны Толстой өлтүргөн, Пушкинди Данте эмес, атак-даңк өлтүргөн деп” урушкан. Алым Пастернакты катуу кадырлап, катуу сүйчү, Пастернакты акындардын баарынан, балким Шербеттен да катуу сүйгөн болушу керек.

Кезинде Кет Бука келди дегенде опол тоо келсе да козголбогон Чыңгызхан ордунан туруп тосуп, төрдөн орун берди деген уламыш бар. Бир кезде мага интервью берген эл акыны Рамис Рыскулов Жеңижоктун жети сабын орус тилине которуп окуп берсем, батыштын 70 акыны чалкасынан кетти, “О кудая тобо, ушундай дагы ыр саптары болот экен” деп айтып берди эле. Ошол Алыкебиз пир туткан Пастернактын, Шербет эжебиз кумир туткан Цветаеванын кумири немис элинин улуу акыны Райнер Рильке баары таптаза, айылы шаардай таза, такыба, мышыгынан бери таптаза, тыкан жашаган цивилдүү Германиядан Сибирге келген Рильке ай-тарабы албаалап-далбаалап, ачылып-чачылып жаткан айыл-кыштактарын көргөндө, бармактай бадыраң менен салосун жеп жаткан мужиктери менен кез келгенде, ичинде кылдай кири жок, ачык –айрым орус калкын жанындай жакшы көрүп калыптыр. “Слово о полку Игореве” деген чыгармасын окуганда такыр кеткиси келбей, Россияда жашап калгысы келген. Бирок ар кандай себептерден улам жашаган эмес.

Биздин Жеңижоктун жети сабын окуган батыштын 70 акыны чалкасынан түшсө, мен өзүмчө ойлойм, Саякбай менен Сагымбайдын “Манасын” окуган немистин 70 эмес, 700 Рилькеси мүрт кетмек экен деп. Ошол өзүбүздүн чапанчан, кызыл жүз, кымыз жыттанып, кара саңсаң тебетей кийип дөңдө олтурган Кет Бука, Калыгул менен Арстанбек, Сагымбай менен Саякбайдын, Барпы менен Жеңижоктун фонунда мен үтүктөлгөн костюм-шым, ак көйнөк, бутунда жалтылдаган кара туфли, мойнунда кара “бабочка” тагынып, арык, кубакай жүз, ийнинде жээрде кайыш сумкасы, башында чаар кепкасы бар, арык, манжалары ипичке, чылымды кыйшайта тиштеп, түтүндү түрүлтө үйлөп, аларга салам айтпай, балким салам айтып өтүп бараткан кыл мурутчан Алыкени эстей берем. Бизде да Пастернакты эмес, Алымды туурап жазгандар, Цветаеваны эмес, Шербетти туурап жазгандар пайда болду. Алымдын өзүнүн шакирттеринин мектеби түзүлдү, анын бири деп өмүрү кыска болгон, дагы бир таланттуу акын -Жолдошбек Зарлыкбековду айтар элем. Жолдошбек музоонукундай көздөрүн жайнатып келатканда анын ичи-сыртын жакшы билгендер анын кайдан, кимден келатканын айттырбай билип алаар элек. Анысын өзү да жашыра албай, “Алым жездемкинен келе жатам” деп айтып жиберер эле. Жолдошбек Шербет менен бир айылдан, Кочкордун Кара-Суусунан, Кочкордун Кара-Кужурунан болчу. Жолдошбекти жолдон тосуп алып “жөн келаткан жоксуң” деп демитсек, анын койнунан Алымдын үйүнөн “көрсөтпөй” көтөрүп келаткан, биз билбеген, биз көрбөгөн китептери чыкчу. Андан кийин Жолдошбектин каны Пастернак, жаны Алым жыттанган жаңы ырлары жайнап жазылаар эле.

Алыкул, Айтматов, Байдылда Манас менен сүйлөсө, Алыке Пастернак, Мандельштам менен сүйлөчү, ал эми Жолдошбек болсо Алым менен сүйлөчү. Көрсө бул деген жашоонун, жаңылануунун, өсүп-өнүгүүнүн диалектикасы экен. Касым Тыныстанов, Аалы Токомбаев менен канат кагып чыккан кыргыз поэзиясы улам жолун ачкан сайын жаңы сөз, жаңы үн, жаңы кийим кийгиси, жаңыланууга умтулгусу келгени жашоонун мыйзам ченеми, жан дүйнөнүн талабы экен.

Алыке бизге бир күнү Король Лирди ит кылдым деди. Король Лир тууралуу мындай ырын окуду:

Карга каак деп, кузгун куук деп көрүнбөй,
Качантадан тирилик изи жок өңдүү.
Какыраган Аравия чөлүндө
Калкып жүрдү, картая элек король Лир.

Кайда баары, кайда баары, каякта?
Таажыңды бер, мен падыша кездеги.
Булут жылат жараланган канаттай,
Анын сатып жибергенин эстеди.

Какырайып чөл. Кайда башы, аягы?
Кайда батат картая элек король Лир.
Ата журтун, арап элин аяды.
Алмаштырган сыйлыгына Нобелдин.

Караан да жок, кадам да жок бир дагы,
Кудай да жок, болсо кимди унутту?
Ардактаган досун, жакын тууганын,
Алмаштырды сыйлыгына клубдун.

Кең дүйнөлөр келип улам эсине,
Чөл дүйнөгө айланганын түшүнүп,
Ыйлап ийди. Ыйлаганда көзүнөн
Көз жаш эмес, агып жатты түкүрүк.

Алым бул ырын канааттанып, өзүнө тамшанып окуп берди. Негизи өзү жазганын өзү сонуркап окуган акын Алым эле. “Асаба”, “Агым” гезиттеринде жыргап окуп олтурганын, кылгылыкты кылып коюп, тентип кеткен Король Лирлерди эстесек жетиштүү. Президент Акаев менен Бакиевди эстесек жетиштүү.

Алым чечилип өзү тууралуу айта бергенди жакшы көрбөгөнү менен, ичип алганда айылда кой да, уй да кайтарттырбай, кара жумушка аралаштырбай, Кайырмага кадыры сиңген чоң апасы тууралуу айтып калаар эле. Непадам анын баласына тийгендер болсо, байланып турган атка минип, артына Алымды учкаштырып, колуна союл алып чаап барып, “ушу чычкандай баладан башканы таппай калдыңарбы” деп айылды ары-бери аңтарып жиберээрин айтканын укканбыз. Чоң апам айылдагылардын баары сөзүн эки кылбаган кадырлуу аял болчу деп айтканын укчубуз. Алымдын чыныгы турмушту турмуштан издебей, китептен издеп калганы да ушундан улам болуш керек деп ойлой берем. Рилькенин “Ал дарак өзүнөн да бийик өстү” деген ырын Мария Цветаеванын ушинтип өзүнөн да бийик өсүп кеткен дарактар да болот, алар өсүп чыкканча жерден кудай жардам берет, ал эми жети катар асманга жетип алган соң кудай аны өстүрөм деп убара болбой калат деп айтканы бар. Алым Токтомушев да ошол дарак өңдүү эмгегин бизге таштап, өзү жети катар асманга жетип кеткендей элес калтырат.

Алыке ушул жаңы заман келгенде башкача бир ачылды. Алымды адабий чөйрөдө акын, адабиятчы катары билишсе, жаңы доордо Алыке а кездеги “Асаба” гезитине келип иштеп калды. Мелис Эшимканов башкы редактор болчу. Мелистин “чутьесу”, ички сезимдери укмуш эле. Алыкени экономика темасында, саясий темада жазып көрүңүз деди. Бирок андай теманы жазбайм деди. Акыры Алым экономист –журналист, публицист журналист болуп чыга келди, саясаттын тишин чаккан журналист катары ачылды.

 roza_otumbaeva

Роза Отунбаева: “Баарыбызды өзгөртө турган кече”

— Биз Алым менен бирге иштешкен интеллектуалдарды чогултканга аракет жасадык. Алымга теңелген, Алымга төп келген интеллектуалдар арабызда азыр да бар. Алым Токтомушев — терең адам экен. Биз да Алым Токтомушевдин “Балдарга базарлык” аттуу китебин чыгардык. Биз бир гана “Манас” менен жашабашыбыз керек. Бул китептин артыкчылыгы-Алымдын интеллектуалдык деңгээлин көрсөтүп турат, дүйнөдөгү тарыхый окуялар камтылган, кыргыздар ушундай китепти окуп, түшүнүгү болсо жакшы. Бу китеп жөнүндө тарыхчылар айтып берет, тарыхчыларга рецензияга бердик, сүрөтчү Бек Жайчыбеков бай иллюстрациялар менен камсыздады. Кыргызстанда бир миллион бала бар, алар ушул китепти окуса, Алым Токтомушев бөлүшкөн билимди сиңирсе, Кыргызстанды жаратат. Алымдын билими баарыбызга сиңип, баарыбызды өзгөртөт деп ишенем. “Азаттык” радиосу, Олжобай Шакир, менин командам, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев ж.б. кечени уюштурууда чуркап иштешти.

 

Айылчы Сарыбаев, окумуштуу, Алымдын айылдашы, досу: “Биз айылдык китепканадагы китептерди бүт окуп койчубуз”

— Батыш апа Алымдын чоң энеси эмес, таенеси болгон. Акыркы күнгө чейин Алымдын саяк эмес экенин билген эмесмин, ал Токтомуштун баласымын дечү. Ботаникалык бакта социология, адабият, экономика тууралуу көп сүйлөшөр элек. Ал Кытайга, Америкага командировкага барып келгенден кийин, “дүйнөнү билбейт экенмин, дүйнө башка турбайбы” деп ой-пикири өзгөрө баштады.

Мектепте китепканадагы китептин баарын окуган салт бар эле, муну окудуңбу, тигини окудуңбу деп талашып калчубуз. Алым жөнөкөй журналист эмес, философ, социолог, аналитик болгон. Ботаникалык бакты тааныштарың көп, ага айт, буга айт, оңошсун деп калчу. Дагы бир ирет Балыкчыда эс алып жүрөбүз. Сары-Камыштын ичи самолеттун ары-бери учканынан дуулдап жатат. Сары-Камыштан келгенден кийин “орустардын истребителдери Сары-Камышты бомбалап, туристтер качып кетип жатат” деп жазды. Ошондон кийин самолеттор бомбалаганын токтотту.

 

Эсенбей Нурушев: “Алым аганы гений деп койчумун”

— Алым байкени “сиз генийсиз” деп айтсам, “кой антип айтпа, эл укса эмне болот” деп айтса, “Ошо мен эл уксун деп айтып жатам” дечүмүн. Бу жашоодо “кежироид” деген расадан 5-6 эле киши бар, ошолордун эң башкы атаманы сиз болсоңуз керек” деп калчумун. Ал киши талашканда өзүнүкүн туура эмес болсо да берчү эмес. Гений дегеним бул киши билбеген, окубаган аз эле нерсе бар болчу. Азыр Марксты окубагандар, Геродотту окубагандар Маркс менен Геродот тууралуу айтып жатышат. Алым байке окубаганды, өзү билбегенди эч убакта жазчу эмес. Ошондуктан сот, прокурорлор да лупа менен издеп, анын макаласынан кынтык таба алышчу эмес. Алым Токтомушев “Кыргызстан маданиятына” Жоробек Султаналиев деген акын тууралуу, анын Аалыке, Түкө, Чыңгызга барып кантип костюм кийип келгенине чейин жазып, образын так өзүндөй ачып берген. Алым аганын адабий сын макалалары, ким кимден уурдап алганын таап, көзүнө чукуп көрсөтүп жазып чыгаар эле. Адабият жагынан Алым байкедей көптү билген бир да кишини билбейм. Ал Салижан агайды пириндей көрөр эле.

Кечеде Алым Токтомушев тууралуу тамшанып уга турган сөздөр сүйлөндү. Тарыхчы Муратбек Иманкулов Алымдын китебин тарыхый аспектиде караса, Сүйөркул Тургунбаев Алым менен Шербетке арнаган шербеттей ырын окуса, Үрүниса Маматова, журналисттер Аскер Сакыбаева, Олжобай Шакир ж.б. элестүү эскерүүлөрун айтып, “Азаттык” радиосунун А. Токтомушев тууралуу тасмасы көрсөтүлдү.

Айгүл Бакеева, «Полит клиника»

Макала Алым менен Шербет бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Чыгыштын жылт эткен акыны

$
0
0

Кыргыз жазуучулары Өзбекстандын баатыры, өткөн жумада сөөгү жерге берилген акын Абдулла Ариповдун чыгармаларын жалпы чыгыш адабиятына тиешелүү өзгөчө көркөм мурас катары баалайт. Анткен менен акындын поэзиясы кыргыз окурмандарына кеңири жеткен эмес. Адистердин айтуусунда, буга улуттар аралык адабий байланыштардын солгун экени себепчи.

«Ыргыткын поэзияны!»

Өзбек адабиятынын классиги Абдулла Ариповдун поэзия түйшүгү тууралуу жазган саптарынан үзүндү:

Оюнчук ойногонсубай,
Ыргыткын поэзияны,

Кайгы менен ойноого болбойт…
Жалындаган бул оттор,
Өрттөп кетет жандүйнөңдү

Акын Карбалас Бакиров студент кезинен бери Абдулла Ариповдун күйөрманы болуп келет:

— Абдулла Арипов Орто Азиядагы эң чоң акындардын бири. Ал 1962-жылдан кийин Андрей Вознесенский, Евгений Евтушенко, Белла Ахмадулина, Роберт Рождественский, Олжас Сулейменов, бизден Омор Султанов, Сүйүнбай Эралиев ж.б топ жарган таланттуу акындар менен чогуу келген.

Абдулла Арипов 1941-жылы жарык дүйнөгө келген. Алгачкы ыр жыйнагы 1965-жылы “Кичинекей жылдыздар” деген ат менен жарык көргөн. ​Университеттен журналистика факультетин бүткөндөн кийин ар кыл басылмаларда редактор болуп иштеген:

Күнүгө ар түрдүү кабарлар,
Бир жерде торнадо — суу баскан.
Каалагын, каалаба баары бир,
Угасың качсаң да нур жактан.
Шамал да кучактап жакшылык,
Көңүлдү көтөрөт көгүчкөн.
Телефон уктабайт, уктабайт,
Бардыгын сен менен бөлүшкөн.
Алыскы континент үндөрү,
Каткырган, кайгырган, ыйлаган,
Космостон, оо сансыз жылдыздан,
Кабарлар келишет туйлаган.
Кабардар жел сыңар жеңилдейт,
А бирок көрүнбөйт, көрүнбөйт…

Карбалас Бакиров Абдулла Ариповдун акындыктан сырткары котормочулук ишмердүүлүгүнө да токтоло кетти:

— Арипов Данте Алигьеринин «Ажайып дүйнө» («Божественная комедия”) чыгармасын өзбек тилине которгон. Чындыгында бул чыгарманы кыргыз тилине которуу аябай оор. Биздин кыргыз акындары азырга чейин бул чыгарманы которо алган жок. Бул аябай чоң жоопкерчиликти талап кылат.

 

Чыгыш менен батыш поэзиясынын синтези

Адабиятчы Абдыкерим Муратов Абдулла Ариповду Өзбекстандын эле эмес, жалпы чыгыш адабиятынын залкар таланты катары баалайт:

— Советтик чыгыш адабиятында негизинен орус поэзиясын тууроо, батыштын адабиятына таасирленүү күчтүү. Ал эми Абдулла Арипов алардан өзгөчөлөнүп, өзбектердин атам замандан бери келаткан классикалык поэзиясынын жанрларын, ошолордун формаларын мыкты өздөштүрүп, аны батыш поэзиясы менен жуурулуштуруп иштеп чыккан.

Ариповдун көп ыр жыйнактары бир нече тилде жарык көрүп, адабиятчылар акындын “Бейишке карай жол”, “Дарыгер менен өлүм”, “Улуу Темир” аттуу поэмаларын дүйнөлүк поэзия үлгүсү катары караса болорун айтышат. Анткен менен Абдыкерим Муратов Ариповдун чыгармалары дээрлик кыргыз тилине которулбаганын кеп кылды:

Өзбек адабиятында котормо бизге караганда өтө мыкты өнүккөн. Союз учурунда аларда көркөм котормо боюнча “Чет элдер адабияты” деген журнал чыгып турган. Басмада боордош элдердин адабияты боюнча иштеген атайын адистер болгон. Мисалы, Чыңгыз Айтматовдун кээ бир чыгармалары кыргыз тилинен мурда өзбек тилине которулуп чыгып калар эле. Кыргыз жазуучуларынын бир нече акын-жазуучулары өзбек адабиятына өтө көп чыкты. Алар кыргыз адабиятын аябай жакшы билишти. Бирок кыргыз адабиятында аларды которуу көп көңүлгө алынган жок. Алишер Навоинин айрым чыгармалары которулду. Бирок Навоини деле кыргыз окурмандарына толук жеткире алган жокпуз.

Муратов буга чейин кыргыз тилине өзбек адабиятынын саналуу гана өкүлдөрү которулганын айтты.

Абдулла Арипов чыгармачылыгы менен бирге журналисттик кесипти аркалап, анын ичинде Өзбекстан жазуучулар биримдигинин төрагасы катары да эмгектенген.1998-жылы Өзбекстандын баатыры деген наамга ээ болгон. Хамза жана Алишер Навои атындагы мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты. Өзбек Республикасынын гимнинин автору.

Абдулла Арипов 2016-жылы 5-ноябрда 75 жаш курагында дүйнө салды.

Зайырбек Ажыматов, «Азаттык», 15.11.2016-ж.

Макала Чыгыштын жылт эткен акыны бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Темир Бирназаров, кинорежиссер: Биз кинону товарга айландырып салдык

$
0
0

Соңку жылдары өлкөбүздүн кино тармагы кайрадан жанданып, жергиликтүү тасмалар биринин артынан бири чыгып, мамлекет режиссерлорго жакшы көңүл бурууда. Бирок саны көп тасмалардын сапаты ар дайым эле көңүл жылытаарлык болбой жатат. Белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаров менен кыргыз киносунун азыркы акыбалы, кинонун коомдогу орду жана жаш режиссерлорго кеңештери тууралуу баарлаштык.

— Темир мырза, биринчиден «Маданиятка эмгек сиңирген ишмер» наамын алгандыгыңыз менен куттуктайбыз. Бирок сиз 10 жыл мурун ушул наамдан баш тарткан экенсиз. Эмне үчүн?

— Бул эми Советтер Союзунан калган нерсе да. Ал убакта улуттук идеологиянын «жоокерлерине» дем берүү үчүн сыйлык берилчү. Бул эркин искусство адамдарына кереги жок нерсе. Анан ачык эле айтып коюш керек, бул сыйлыкты алуу үчүн акча бергендер да толтура. Азыр эл билбеген «эл артисттери» көбөйүп кетти. Ошол эле убакта Куйручук, Шаршенде мындай наамдар жок, бирок алар элдин оозунда калган. Сыйлык-наамдардын аркасынан чуркагандар – комплекстүү, өксүгү бар адамдар. Ал эми чыныгы таланттарды эл өзү эмгеги аркылуу баалап алат. Ошондуктан мындай наамдар жоюлуп кетсе, бир четинен абдан жакшы болмок. А эгер жоюлбай турган болсо, азыркыдай 5-6 кишиден турган комиссия эмес, эл өзү кылган эмгектерине жараша кимдин кандай наамга татыктуу экендигин чечиши керек. Себеби комиссия мүчөлөрү наам берээрдин алдында ар кандай документтерге шылтап акча сурашат. Бул баары билген ачык эле нерсе. Азыр биздин бардык нерсебиз акча менен байланышып калды. Карапайым калктан баштап жогорку жактагы саясатчыларыбызга чейин соодагер болуп кеттик.

— Өкмөттүн порнография жана зордук-зомбулукту чагылдырган тасмаларга тыюу салган токтому иштей баштады. Негизи эле цензура эркин авторлордун чыгармачылыгына тоскоолдук жаратып койбойбу?

— Негизи эле бизде коом аябай бузулуп кеткен. Кечкисин көчөдө денесин саткан кыздар да порнография да, туурабы? Анан ушул нерселерди тыя албай жатып чыгармаларга асылганы түшүнүксүз болуп жатат. Азыр биз башка жолдорду издебей, союз убагынан келе жаткан механизмдерди улантып келе жатабыз. Бул комиссия кантип ошондой эмгектерди тыят? Кайсы чыгарманын порнография, кайсынысынын искусство экендигин алар кантип талдашат? Бул аябай татаал нерсе. Анда биз бул мыйзамга жараша «Жамийла», «Биринчи мугалим» сыяктуу кыргыздын көптөгөн классикаларын да тыйышыбыз керек болуп калат да. Аталган мыйзам кабыл алынса да, азыр интернет, санарип канал дегендер бар. Алардын баарын кантип тыят? Ошондуктан бул жөн эле популисттик мыйзам деп ойлойм. Эң башкысы, ар бир адам өз абийирин башкара алса эле жетишет.

 kino1

Акчанын аркасынан чуркап, кинону товарга айлантып салдык

— Негизи эле искусствого цензура керекпи?

— Албетте, цензура керек. Иранда, Кытайда цензура бар. А бирок ушул өлкөлөрдүн тасмалары гумандуулукка үндөгөн классикалык чыгармалардын катарына кирет. А биз болсо кинону товарга айландырып ийдик. Азыр биз акчанын аркасынан чуркап калдык. Материалдык кызыкчылык алдыга чыкканда абийириңди, уятыңды, мамлекеттин кызыкчылыгын унутуп коёсуң. Элиңди, жериңди оңой эле сатып каласың. Кыргыздарда эң жаман оору пайда болду – ачкөздүк деген. Ачкөздүгүбүз бизди жаман жакка алып бараарын байкабай жатабыз. Биз кайра ачкөздөргө дем берип, акча жасаш керек деп жаман-жакшыны ылгабай калдык. Ушундай көрүнүштөрдү жөнгө салуу үчүн цензуранын болгону жакшы.

— Ушул эле акча жасоо көйгөйү кыргыз киносунда да көрүнүп жаткандай. Жергиликтүү тасмалардын саны көбөйгөнү менен сапаты суроо жаратат…

— Азыр кино тарткандар да эптеп акча таап алайын деп көрүүчүлөрдү малга айландырып жатат. Жөн гана көңүл ачуу, күнүмдүк турмуштан алагды кылуучу кинолор көбөйүп кетти. Руханий дүйнөнү байытып, адамды тарбиялай турган тасмалар аз. Ошол эле убакта бир гана кыргыз киносунун эмес, жалпы кыргыздардын рухий дүйнөсү аябай бөксөрүп кетти. Биз демократиялык, капиталисттик өлкөдө жашап жаткандан кийин каалаганыбызды жасап калдык. Бирок мамлекеттин жардамы менен тартылган тасмалар бир аз да болсо элди кармап турганын айтып коюш керек. Мисалы, «Атанын керээзине» окшогон фильмдер олуттуу көйгөйлөрдү чагылдырып атат.

 

Чыныгы искусство жан дүйнөнү тазартат

— Кино аркылуу коомду оңдосо болобу?

— Албетте, болот. Бирок көрүүчүлөр андай тасмаларды көрүүгө кызыкдар болбой калды да. Мен мындан 11 жыл мурун бир катар саясатчыларга сунуштадым эле. Мектеп программасына дүйнөлүк классикадан 50-60 кинону киргизейли деп. Кичинекей окуучуларга жакшылыкка үндөгөн кинолорду көргөзсөк, интелектуалдуу, жан дүйнөсү бай адамдар өсүп чыкмак. Ушул нерсе колдоо тапса, элибизге эле пайдасы тиймек. Мисалы, мен окуучуларыма классикалык тасмаларды көргөзгөндөн кийин алардын көз карашынын өзгөргөндүгүн байкайм. Адамдын ички дүйнөсүн искусство өзгөртө алат. Менин оюмча, ар бир автор коомду жакшылыкка үндөгөн, ойлондура турган эмгектерди жасашы керек.

— Мамлекет кино тармагына жакшы көңүл бурууда деп айттыңыз. Анан акыркы убактапатриоттук кинолорго колдоо көп болуп жаткандай. Ушул нерсе эмнеден улам болуп жатат?

— Биз бүт бардык жагынан артта калдык. Өлкөбүздүн өндүрүшү начар, эч нерсе чыгара албайбыз. Жалаң ичип-жемей менен алектенип калдык. Жерибизди, кенибизди сатканыбыз аз келгенсип, күчүбүздү да сатып жатабыз. Канчалаган адамдарыбыз башка өлкөлөргө тентип кетти. Анан башка аргабыз калбай калганда тарыхыбызды казып баштайбыз. Себеби башка мактана турган эч нерсебиз жок калды. Өзүбүздү-өзүбүз эптеп сооротуп атабыз. Бул көрүнүш ушундан улам болуп жатат.

 

Коомго, адамзатка пайдалуу кино тартса дейм

— Азыр жаш режиссерлор көбөйүп жатат. Сиз аларга дасыккан режиссер катары кандай кеңештерди берет элеңиз?

— Мен, мисалы, өзүмдүн кино курсума келген окуучуларга ачык эле айтам, башкы максатыңар акча табуу болсо келбегиле деп. Себеби коммерциялык кинону үйрөтө албайм. Ошондуктан окуучуларымдын көбү документалист болуп чыгышат. Кино аркылуу дүйнөлүк маселелерди болбосо да, жок дегенде мамлекеттик көйгөйлөрдү көтөрүп чыгуу керек. Азыр дүйнө жаман жакка өзгөрүп, белгисиз туңгуюкка, аңга карай бара жатат. Кино тармагындагылар адамдарды ушул нерседен сактоочу, аң-сезимди өзгөрткөн көйгөйлөрдү чагылдырышы керек. Ошондуктан мен окуучуларыма эң башкысы тема тандоодо жаткандыгын айтып келем. Коомго керектүү, пайдалуу нерселерди тарткыла дейм. Атыңар чыкпашы, акча таппашыңар, кимдир бирөөлөрдөн сөгүү угушуңар мүмкүн. Бирок абийириңер таза болот. Себеби элге, мамлекетке пайдалуу иш жасаган болосуңар. Өлкөбүздө кандай окуялар болуп жаткандыгынан кабардар болуп, айрыкча журналисттик изилдөөлөргө көбүрөөк көңүл буруш керек. Анткени алар коомдогу көйгөйлөрдү чукуп чыгышат. Ал эми режиссерлор ошол көйгөйлөрдү кино аркылуу элге дагы тереңирээк жеткириши керек. Менин окуучуларымдын арасында коомдун көйгөйлөрүн чагылдырган даректүү тасмалары аркылуу дүйнөлүк фестивалдарда ийгиликтерди жараткандар бар. Бирок өкүнүчтүүсү, «Кыргызфильмдин» жетекчилиги даректүү тасмаларга көңүл бурбай, колдобой жатат. Чындап келгенде көркөм фильмдерге караганда даректүү тасмалар маанилүү. Себеби алар коомдогу нерселерди түз чагылдырып, тарыхта калат.

— Акыркы тасмаңыз «Буюк» тууралуу айта кетсеңиз?

Тасманын сценарийи белгилүү жазуучу, кинодраматург маркум Талип Ибраимовго таандык. Ал киши тирүү кезинде тасманы тартууга мени бекитишкен. Бирок мен сценарийге өзгөртүүлөрдү киргизип, концепциясын өзгөртөйүн десем, Талип агай макул болгон эмес. Ошондон улам бул кинону тартуудан баш тарткам. Кийинчерээк ал кишинин көзү өтүп кетти. Анан сценарийди колдон келишинче өзгөртүп, Талип Ибраимовдун урматына деп тартууну кайра баштадым. Азыр монтажы болуп жатат. Январь же февраль айында көрсөтүүгө чыгат.

«Де-факто», 08.11.2016-ж.

Макала Темир Бирназаров, кинорежиссер: Биз кинону товарга айландырып салдык бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Кеп казына. Жүрөгүндө ыйман, акылында билими бар Молдо Кылыч

$
0
0

Кыргыздын туңгуч жазма акыны Молдо Кылыч Шамыркан уулу 1866-жылы Кочкор өрөөнүндө туулат. Түндүк кыргыздарынын туңгуч жазма акыны, «замана» агымынын көрүнүктүү өкүлү. Сарыбагыш уруусунун белгилүү манабы Төрөгелдинин небереси.

Жаш кезинен диний мектептен сабаты жоюлуп, ырларын кагаз бетине түшүргөн. 1910-жылы өзү да бир аз убакыт бала окуткан. Ал өзү жашаган учурдагы коомдун зиреги, шарттуу түрдө билимдүүсү, карапайым элдин мүдөөлөшү болгон. Эл кыдырып, аш-тойлордо ырдаган эмес. Молдо Кылыч 1917-жылы дүйнө салат.

* * *

Дөөлөтү бар адамдар
Дөбөдөгү чатырдай.
Кайырлуу болсо журтуна
Кала салган чарбактай

 

* * *

Абайласаң, жигиттер,
Ата-энең Меккедей.
Куштап жакшы бага көр
Колуңдагы кеседей.
Сыйлашпаган бир тууган
Он да болсо, жекедей.

 

* * *

Бу дүйнөнүн белгиси,
Ай менен Күн жылдызы.
Жети асман, кара Жер,
Жаркыраган күндүзү.
Адам ата, Оводон,
Ошондон карай белгиси.
Өлүп келет канчалык,
Нечен түмөн миң киши.
Пайгамбарлар баары өлдү,
Нечен азиз пенделер
Бул дүйнөдөн жөнөлдү.
Тобо кылсаң өткөрөр
Тоодой болгон күнөөңдү

 

* * *

Азаматтын жакшысы
Жүк көтөргөн атандай.
Жүзү жарык эр болсо,
Кайнап турган казандай.

 

* * *

Молдо болсоң көңүлүн,
Оорутпагын адамдын.
Динге залал келтирбе,
Текебердүү жаманды.
Карап жакшы окугун,
Калет кылбай куранды.
Чакырбас жерге барбагын,
Сооп иштен калбагын.
Доорон болсо талашып,
Адиясын билбей албагын.
Минтпей турган болсоң соң,
Башыңа селде салбагын.
Баарысын бирдей кор кылып,
Колуңа теспе албагын.
Селденин билсең маанисин,
Пайгамдардын таажысы.
Жакшылап тутсаң башыңа,
Ыйманыңдын дарысы.

«Sputnik-Кыргызстан», 02.11.2016-ж.

Макала Кеп казына. Жүрөгүндө ыйман, акылында билими бар Молдо Кылыч бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Жумгалдагы бир күмбөздүн сыры

$
0
0

Бул күмбөз Жумгал районунун Чет-Кууганды айылында жайгашкан. Күмбөз турган жерди жергиликтүү эл Ак-Бейит деп коюшат. Анткени, бул күмбөздөн сырткары ал жерде эски көрүстөндөр, коргондор жана мүрзө үстүнө тургузулган башка эстелик белгилер бар.

Чет-Кууганды өзү Жумгал өрөөнүндөгү чакан айылдардын бири. Болгону 30 түтүндөй эл жашайт. Эл отурукташып, айыл түптөлгөнгө чейин эле, Чет-Кууганды суусун бойлоп көчмөн калк чарбачылыкты башынан кечирип келген. Дал ушул сууну өрдөп илгертен көчмөндөр малчылык менен оокат кылып келишкен. Албетте, Чет-Кууганды суусун бойлой жайгашкан эстеликтерди изилдөө өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Бирок, ошол өзөн боюндагы эстелик күмбөз тууралуу сөз кылмакчыбыз. Күмбөз жана анын ичиндеги сырдуу жазуулар тууралуу маалыматты, бизге ардагер Аскаров Кулчоро карыя алып келди. Кулчоро аксакал 1969-жылы Кыргыз айыл чарба институтунун зооветеринардык факультетин аяктагандан кийин Жумгал айылындагы “Өрнөк” колхозунда башкы зоотехник, “Чаек” колхозунда катардагы жана башкы зоотехник кызматтарын аркалап, райондун мал чарбасынын жана экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Учурда ардактуу эс алууда экендигине карабастан, тарыхка кызыгып калмай жайы дагы бар. Чоро карыя айылдан бир топ алыс жайгашкан күмбөз тууралуу биринчи кабарды мындан эки жыл мурда бизге алып келген.

Эми күмбөз тууралуу кеп салсак. Чынында сырткы көрүнүшү боюнча күмбөз XVIII — XIX к.к. Борбордук Теңир-Тоодо тургузулган эстеликтерге абдан окшош. Бирок алардан олуттуу айырмаланбайт. Алсак, Кочкор өрөөнүндөгү Кырк-Чоронун, Ак-Талаадагы Тайлак баатырдын ж.б. күмбөздөрүнө түспөлдөшүп кетет. Аталган күмбөздөрдүн тургузулган мезгили болжол менен XVIII к. экинчи жарымы – XIX к. туура келет. Күмбөздөр жергиликтүү материалды колдонуп, ийленген топурактан куюлган жазы чийки кыш менен салынган. Алардын арасында бышкан кыштан тургузулгандары өтө эле сейрек. Биз алдыда сөз кыла турган күмбөз дагы ошондой эле ыкма менен салынган. Күмбөздүн пайдубалы таштардан кыналган, анын үстүнө чийки кыш коюлуп, маңдайкы дубалды бекемдеп кармап турган оң жак жана сол жак бурч тарабына мунара сымал тирөөчтөр тургузулган. Мандайдан артка кеткен эки каптал дубалдардын кыштары дагы ушул мунарага байланган. Күмбөздүн артынан тартылган сүрөткө караганда, дубалдан жогору карай көтөрүлгөн куполго байламта катары ичке карагайлар ашталып коюлса керек. Кочкордогу кырк чоронун күмбөздөрүндө да ашталып коюлган карагайларды көргөн элек. Демек карагайды аштап коюу, күмбөздү тургузганда дубал менен куполду бири-бирине бекем карматып туруу үчүн колдонулуп келген куруу ыкмаларынан болгон. Албетте, күмбөздүн курулуш-архитектуралык өзгөчөлүктөрүн кенен-чонон изилдөө адистердин иши. Анткени, ал жерде буга окшогон дагы бир чоң күмбөз жана эстелик белгилер сакталып калган. Күмбөздүн ичиндеги жазууларды үчкө бөлүп карасак болот. Бул биринчиден, аны жазган же жаздырган киши жана күмбөз кимге арналып тургузулгандыгы тууралуу кыскача маалыматтар жана экинчиден, күмбөздөгү совет мамлекетин негиздеген Ленин тууралуу жазылган сөздөр, үчүнчүдөн, диний-насаат сөздөрү. Жазууда жолбашчы Ленин менен диндин катар коюлушу, албетте, кызыктуу. Бизге белгилүү болгондой, совет бийлиги орногондон тартып эле, большевиктер атеизм саясатын жүргүзүшкөн. Демек, бул күмбөз атеизм саясаты күчөп турган чакта тургузулгандыгына байланыштуу (1926-1927-ж.) этияттык үчүн бир жагынан Ленинге байланыштуу текст киргизилиши мүмкүн жана экинчи жагы, жазылган сөздөргө караганда эстеликти кургандар совет бийлигине эч кандай жагынуучулук кылбастан эле жолбашчыга болгон элдин сүймөнчүлүгүн ачык билдиргендигин баамдайбыз. Анткени, Ленин башында турган совет бийлиги гана 1916-жылкы көтөрүлүштөн кийинки оор кыйынчылыктарды башынан кечирип жок болуп кетүү коркунучуна дуушар болгон кыргыз элинин саясий экономикалык жана маданий баш кошуп биригиши үчүн чукул мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды ишке ашырып жаткандыгын эл жакшы түшүнгөн.

Темиркул АСАНОВ, тарых илимдеринин кандидаты, доцент,
«Кыргыз туусу», 26.10.2016-ж.

Макала Жумгалдагы бир күмбөздүн сыры бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Моцарт менен Сальери: гений жана көрө албастык

$
0
0

Гений жана көрө албастык… Бул байыртан келе жаткан дилемма, эскиден калган оору, азыр да жашап келаткан бүтпөс проблема.

Генийдин генийлигин эл тааныйт, бирок аны тегеректегендер эч бир көргүсү келбейт же көрсө да көрмөксөнгө салат. Ортозаар жөндөмү бар адам орошон таланттын жанында өзүн ар дайым кор сезет, кем сезет, ошондуктан аны колдон келсе четке сүрүп таштап, ордун басканга тырышат. Буга мисал дүйнө маданиятынын тарыхынан ондоп эмес, жүздөп табылат го.

Биздин кыргыз маданиятында эле канчасы болгон. Маселен, Токтогул менен Арзымат, Чыңгыз жана аны жоготкусу келген, эң кур дегенде кордогусу келген эң кеминде жоон топ акындар менен жазуучулар. Ал эми таланты тоо гүлүндөй жаңы ачылып келаткан кезде жарык дүйнө менен кош айтышкан Таттыбүбүчү? Бул тууралуу афсаналар азыр да эл оозунда, азыр да муундан муунга өтүп айтылып келет. Санай берсек мындай мисалдар четтен чыгат. Бекер жеринен “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” деген накыл кеп чыкпаса керек.

Ошол гений жана ортозаар, талант жана көрө албастык деп аталган дилемманын же драманын эң эле атактуусу мисалы, дүйнөлүк тарыхтан таасын ордун тапканы, эч бир өчпөс изин калтырган окуясы — гений композитор Моцарт менен жөндөмдүү композитор Сальеринин карым-катнашы, тарыхы болсо керек.

Вольфганг Амадей Моцарт (1756-1791), австриялык композитор, болжол менен 250 жылдан бери “музыканын пири” деген атка конгон улуу инсан болгону 35 жаш курагында күтүлбөгөн жерден каза тапкан. Бирок Моцарт дал ошо эрте каза тапканы, чыныгы генийдин өмүрү ушунчалык эрте кыйылганы тууралуу толуп аткан божомолдор, легендалар, эң кеми эки кылымдан бери айтылып да, жазылып да келатат.

Эң негизги версия — Моцарт киши колдуу болуп өлгөн деген версия. Болгондо да Моцарттын талантын баалай да, түшүнө да билген, бирок эч качан андан канча тырышса да алдыга озо албай койгон досу, италиялык композитор Антонио Сальери уу берип өлтүргөн деген жоромол. Бул жоромол чынбы же жалганбы — ташка тамга баскандай далилдеп чыккан эч ким жок, бирок ар дайым ичи тарлык кылып, колунун учу фортепьяного тийсе эле таланты ээ-жаа бербей ташкындап кеткен Моцартка ачыктын ачык көз арткан Сальери тындым кылган го деген ишеним азыр да эл ичинде жашап келет.

Моцарттын генийлиги, бармактайынан баштап эле музыкага өтө ышкылуу чыкканы, беш жашында алгачкы чыгармасын жазып, алты жашынан баштап эл аралап концерт берип, болгондо да Франция менен Англиянын королдорунун ак сарайларында музыка ойноп, болжол менен 12 жаштагы курагында алгачкы симфониясын жазганы тарыхтан жакшы белгилүү. Моцарт бала кезинде эле бир ооздон гений аталган. Бирок ошол генийлиги зор бийиктикке көтөрүлүп, атагы таш жарып, бүт Европа Моцарттын талантына таазим кылып турган учурунда күтүлбөгөн жерден каза болгону — чынында да шек саната турган, ар кандай божомолдорго жем таштаган иш эле. Музыкасы күндөй жаркыган, таланты Альпы тоосунун көк кашка сууларындай оргуштаган Амадео эмне себептен каза болгону, ким ага күнөөлүү экени жөнүндө ар кандай жоромолдор айтылып, кызыл чеке талаш-тартыштар ошондо эле башталган. Бирок улуу композитор Моцарт аны тегеректеп жүргөн теңтайлаштардын, көрө албастардын колунан ууланган, ээ-жаа бербеген талантынын азабын нечен тарткан деген аңыз кептер, легендалар азыр да токтолгон жок жана эч качан токтолбойт го деген ой жаралат.

Антонио Сальеринин портрети
Антонио Сальеринин портрети

Айтууга караганда, Сальери өзү деле аты белгилүү, көп иштеп, көп музыкаларды чыгарган, бир катар дурус эле опералары менен элге таанылган композитор болгон экен. Аны талант жагынан такыр куржалак музыкант деп эч ким деле айтпаптыр. Анын үстүнө ал кездеги Европада италиялыктар жазган опералар ар дайым мыкты деп саналган, аны немистар деле, англичандар деле ачык моюнга алган. Ошого карабастан Антонио Сальери ар дайым Моцарттын көлөкөсүндө калып келиптир, канча аракет кылса да анын талантынан эч бир аша албаптыр. Өзү музыканын, композициянын сырын ийне-жибине чейин билген адам болгондуктан Сальери Моцарттын генийлигине ар дайым чын ниетинен баа берип, анын таланты качан болсо оргушап турганына ушунчалык таң калчу экен. Бирок ошол таң калуусу, табият берген талантка там бергени бара-бара ичи тарлыкка айланып, качан болсо Моцарттын артынан ээрчиген экинчи, үчүнчү катардагы композитор атанганына Сальери абдан арданчу дешет. Муну орустун улуу акыны Александр Сергеевич Пушкин атактуу “Моцарт жана Сальери” деген трагедясында абдан сонун кылып жазып кеткен.

Пушкиндин жазганына караганда, италиялык композитор Антонио Сальери Моцартты уу берип өлтүргөн. Ырас, бул жоромол чындыкпы же жокпу, Моцарт ажалынан өлгөнбү же чын эле иши колдуу болгонбу деген маселе азыр деле далилдене элек.

Бир катар тарыхчылар Пушкиндин версиясына толугу менен кошулса, бир катары бул жоромолду ушак катары санашып (мис. Г. Аберт, Г. Стаффорд), Моцарт капысынан келген оорудан, кудай берген ажалдан а дүйнө салган деп далилдеп жүрүшөт. Бул тууралуу бир канча китептер жазылган, кинолор да тартылган. Ал кинолордун эң эле атактуусу деп белгилүү режиссер Милош Формандын “Амадео” деген тасмасын айтууга болот го. Бирок ошол фильмде деле режиссер Форман гений композитор Моцарттар дайым ташкындаган талантынын азабын аябай тартып, ар дайым интригалардын, көрө албастыктын бутасы болгонун, ошол көрө албастардын бири жана эң митаамы жогоруда аталган Антонио Сальери болгонун ачык көрсөтөт.

Моцарт менен Сальеринин тарыхы, деле генийге көз артуу, таланттуу адамга таш ыргытуу, бут тосуу дүйнө маданиятынын тарыхында ар дайым болуп келген нерсе жана мындан ары да боло берет го. Ага мисал тарыхта ондоп саналат. Ошол эле Александр Сергеевич Пушкин замандаштарынын нечен ушак-айыңынын курманы болуп, акыры ага чыдай албай, эрөөлдө каза тапкан эмеспи. Башканы коюп, биздин эле улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов көзү тирүү кезинде кандай тоскоолдуктарга учураганын, эмне деген каршылыктарды жеңгенин, ал гана эмес “Манас” эпосун дүйнөгө жайылтканы үчүн, кыргыз тилин жактаганы үчүн айыпка жыгылып, “улутчул” деген атка конгонун, кыргыздын эле эмес, Москванын гезит-журналдары аёосуз чабуулга алганын эстейличи.

Моцарт
Моцарт

Моцарт жаш курагында, таланты гүлдөп турган кезинде 1819-жылы каза болгон экен. Легендага караганда Антонио Сальери андан алты жылдан кийин каза болуп, бирок көзү өтөөрүнө аз калганда билип-билбей кылган күнөөлөрүнүн ичинен дал ошол Моцартты ууландырганына абдан арман кылып, кудайдан миң мертебе ырайым сураган дешет.

Вольфганг Амадео Моцарт 1819-жылы каза болгондо аз эле кишилер тажиясына келип, сөөгү катардагы маркумдар жаткан көрүстөнгө коюлган. Ырас, тогуз күндөн кийин Прагада 4000 киши чогулуп, Моцарттын арбагына арналган коштошуу аземинде гений музыканттын атактуу “Реквиеми” аткарылган. Ыйлаган, көз жашын төккөн адамдар көп болгон. Бул соңку чыгармасын Моцарт аягына чейин жазганга үлгүрбөй калган, анткени ага күтүлбөгөн жерден мерт кетип, композитордук таланты эми ташкындап турган кезинде өлгөнү себеп болгон…

Осмонакун Ибраимов, «Азаттык», 12.11.2016-ж.

Макала Моцарт менен Сальери: гений жана көрө албастык бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Сайтыңыздын же адабий баракчаңыздын болушун каалайсызбы?

$
0
0

Анда бизге кайрылыңыздар!

Интернет чыгармачыл адамга окурмандарын табууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Мисалы, социалдык тармактар. Бирок айрым учурда чыгармаларың иреттешкен түрдө болушун каалап кетесиң. Мындайда өзүнчө сайт ачуу зарылдыгы бар.

Биз сайтыңарды ачып, баштапкы материалдарыңарды жайгаштырып беребиз. Сайтты каражатты талап кылбаган бекер хостингде ачып беребиз, башкача айтканда, сайтты мындан ары иштеткенге эч бир чыгым кылбайсыңар. Бул көп адамдар үчүн зарыл деген ойдобуз.

Биз сайтты ачып берип гана тим болбостон ал сайт менен кийин өз алдынча иштегенге үйрөтүп да беребиз.

Биз ачып берип, ийгиликтүү иштетип жаткан сайттардан:

“Көк асаба” – гезити

kok-asaba

 

“Коом жана Мен”,
жазуучу, акын Олжобай Шакирдин сайты

koom-jana-men

 

“КР Улуттук жазуучулар союзу”

jazkg

Ал эми сайтты ачканы-ачтым, бирок аны билгендер аз болуп, окурмандарым да аз болот го деп чоочуласаңыз, же интернетте чыгармаларыңыз болушун каалап, бирок ал жакка дайыма эле аларды чыгара бербей турган болсоңуз, анда биздин “Кыргыз маданият борбору” сайтыбызда атайын сиздин өздүк адабий баракчаңызды ачып бергенге даярбыз.

“Кыргыз маданият борбору” кыргыз тилдүү интернетте маданий темасындагы бирден-бир белгилүү сайттардын бири. Негизги жана күзгу сайтынын окурмандарынын саны күнүнө орточо 3000 адамды түзөт. Алардын бир топ бөлүгү сайтыбыздын адабият баракчасына кызыккандар.

Бизде адабий баракчаңызды ачуу менен чыгармаларыңызды бир жерге топтоп, иреттеп алууга жана да кошумча окурмандарды табууга мүмкүнчүлүк аласыз.

Сайтка материалдарды кантип жайгаштырам деп да убара болбойсуздар. Бардыгын биз жасап беребиз. Жөн гана бизге керектүү материалдарыңызды жиберип коюшуңар керек.

Биздин сайттагы айрым адабий баракчалардан:

Айзада Абазова
Нарсулуу Гургубаева
Жыргалбек Касаболотов
Толук Бек Байзак
Мурза Гапаров

 

Сайт ачам десеңиздер

Сайттын түзүлүшү, жасалгасы, андагы барактардын, рубрикалардын болушу сиздин каалооңуз боюнча болот. Кандай, кайсы чыгармаларды жайгаштырасыз – ал өз эркиңиз.

Жогоруда айтылгандай, биз сайтты ачып берип гана тим болбостон ал сайт менен кийин өз алдынча иштегенге да үйрөтүп беребиз.

Эмгегибиздин баасы сайтыңыздын жасалгасына жараша. Бирок, убада бере алабыз, ал сизди арзандыгы менен таңгалтырат!

Бонусубуз — кийин да сайт боюнча айрым маселелерди чечип бергенге акысыз көмөк көрсөтүп турабыз.

 

“Кыргыз маданият борборунда” адабий баркчаңызды ачам десеңиз

Бул жерде негизги шарттардын бири – чыгармаларыңыз биздин адабий талаптарыбызга кайсы бир деңгээлде жооп бериши зарыл, башкача айтканда, биз сунушталгандардан татыктуу деп эсептегендерибизди гана тандап жайгаштырабыз. Мунубуздун себеби – сайтыбызда жакшы гана чыгармалар жарыланып турса деген тилек.

Башка эч бир талаптар жок.

Башында баракты ачууда эмгегибиз үчүн гана бир аз каражат жумшайсыздар. Бул жерде так бир сан жок. Бааларыбыз ийкемдүү — адамга, чыгармачылыгына байланыштуу болот.

Бонус катары, кийин да бизге жиберилген чыгармалырыңызды сайтыбызга бекер жайгаштырып, баракчаңызды бекер толуктап турмакчыбыз.

Кызыккандар болсо kmborboru@gmail.com электрондук почтабызга кат жөнөтүнүздөр.

 

 

Макала Сайтыңыздын же адабий баракчаңыздын болушун каалайсызбы? бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Кыргыздын турмуш-тирилиги саймалуу туш кийизде да жашаган

$
0
0

«Колдо бар алтындын баркы жок» демекчи, убагында көп нерсени элес албай, аттиң деп өкүнүп калабыз. Айылга кошокчу, жомокчу катары таанылган чоң энем Үрбүбүнүн айткан-дегендерин жазып албай не болдум.

Ыраматылык чоң энем курак курап, кийиз басып, төрбөлжүн (шырдак) шырыган чебер дагы эле. Кайсы үйдө бөбөк төрөлсө, заматта топу, чапан же чыптама тиге калып, колтугуна кысып жөнөп калчу. «Көрүндүктөн сиз оңой кутуласыз ээ» деп тамашалаганым менен ичимден сыймыктанчумун. Анткени менин чоң энемдин колунан жаралып, бирок бири-бирине такыр окшобогон, ар бири өзүнчө кооз, ар бири өзүнчө адеми кийим-кечелер балдардын үстүнөн түшчү эмес. Ал эми айылдагы кыздардын себи менен кошо кеткен курак көрпөчө, төшөктөрү, жаздыктары, туш кийиздеричи? Былтыр айылга барганымда чоң энемден калган буюмдарды апам: «Эми мага мындай төрбөлжүндөрдү, туш кийиздерди ким жасап берет?»- деп аспиеттеп урунуп атканын байкадым.

tush2

Туш кийиз демекчи, аны Аксыда туш туурдук дейбиз. Кээ бир аймактарда туштук деп да айтылат экен.

Ооба, менин чоң энем сыяктуу колунан көөрү төгүлгөн чебер уздардын, усталардын, зергерлердин колунан не бир сонун буюм-тайымдар, улуттук аспаптар, жабдыктар жасалып келген. Кайсы буюм качан, кантип, кимдин колунан кандай учурда жаралганына кызыгып, тарых-таржымалы менен кошо айтылган. Ошондой таберик буюмдардын катарында туш кийиз да өзгөчө орунда турган. Ал — көркөм кол өнөрчүлүктүн эң баалуусу болуп эсептелген сайма өнөрүнүн жүзүн ачкан асыл буюм. Боз үйдүн керегесине тартуу үчүн ар кандай оюм-чийимдер жана көркөм көчөттөр менен саймаланып, алгач кийизден кармалып жасалгандыктан туш кийиз атыккан. Туш кийиздин чети кундуз менен басылып, баш жагына бермет шуру, жана башка түрдүү мончоктор менен шөкөттөлчү. Кийинчерээк туш кийиз тукаба, барча, баркыт сыяктуу кездемелерден жасала баштаган. Бул буюм канчалык көп жасалганына карабай, бири-бирине таптакыр окшошкон эмес. Чебер уз аялдар, кыз-келиндер кыргыздын элдик салтын, көркөм өнөрүн сактоо менен катар мыкты туш кийиздин үлгүсүн жаратууда зор ынтаасы, бай фантазиясы аркылуу кыял оюмдарды түркүн ыкмаларда чагылдырышкан. Бутактанган «бугу мүйүз», чамгарактуу «кулжа мүйүз, тоо теке мүйүз», «керилген жаа», «бүркүт», «ак шумкар», «көгүчкөн же ак кептер», шаңкайган аска, ак булут, арча, күмүш өзөн, түркүн жемиш, түрдүү гүл болуп, саймаланган көркөм көчөттөр (орнаменттери) аркылуу кыргыздын маданияты, жашоо образы, турмуш-тиричилиги, көчмөн духу, эстетикалык табити аталган буюмга түшүрүлгөн.

Учурда сейрек колдонулуп калганына карабай, биротоло унутта да калбай сайма туш кийиз, чокума туш кийиз, курак туш кийиз делинип, улам жаңы мүнөз, жаңы түргө өзгөрүп, жаңыланып колдонулуп жатышы сүйүндүрөт.

 

Көөкөрдөн куюп кымызды, көкбөрү тартып жаткан эл

Шири идиштеринин кооз түрү болгон көөкөр атайын кымыз куюу үчүн колдонулат. Уйдун, төөнүн терисинен жасалат. Теринин калың жеринен (эки капталынан) алешем кылып кургатып алып бычышкан. Көөкөр кармоодо аймактык айырмачылыктар бар. Мисалы, жаңы сыйрылган уйдун терисинин жүнүн кырып алып, аны шилтеге салат. Шилтеге салуу — комуз кактын түбү менен чиенин (карагандын бир түрү) түбүн казып келип, аны казанга кайнатып, ошого тери салынат. Ал үч-төрт күндөн кийин аябай былпылдап жумшап калат. Аны казандан чыгаргандан кийин жумшак боюнча бычып тигет. Ичине кум салып, тоборсуганда өзүнүн мүйүз сындырыгы аркылуу (чийим шибеси) көркөм оюм-чийим келтирилет. Тери ичиндеги куму менен кургайт. Көөкөрдүн ийинин, моюнун жана түбүн көркүнө келтирүү үчүн шиши болот. Демек кептөөдө шиш, кум зарыл. Ал буюмдун кебин ойдогудай келтирет. Ага оюм-чийим батырыла түшөт. Кумду төгөөрү менен ал дандайган көөкөр болуп калат.

Төөнүн териси калың болот. Жибитүүдөн чыккандан кийин муну негизинен кол күрөк менен челдейт. Көөкөр болуп бычылган теринин сырткы кыртышын өзүнчө, ички эт жагын өзүнчө шибеге-темене менен тигет. Ал көөкөр кейпин бергенден кийин теринин ичине топуракты, кумду, көбүнчө кум аралаш топуракты шыкайт. Көпчүлүк көөкөрлөрдүн формасы — оозу кууш, моюну узун, түбү кенен, жалпак жана ийиндүү келет.

Чеберлер көөкөрдүн көлөмүн ар кандай жасашат. Анын чоңуна алты-сегиз литр суюктук сыят. Идиштин бир, бир жарым литрлик эң кичинеси да тигилет. Көөкөрдүн ийинин, моюнун, булуң-бурчтарын атайын ийри шиш аркылуу көркүнө келтирип, шыкалган топурак тоборсууру менен ага көркөм «чийме сынпос» түшүрүлөт.

Буга түшкөн оюм-чийимдердин же көркөм көчөттөрдүн элементтери негизинен «ийрекке», «мүйүзгө», («кочкор мүйүзгө») «кыял», «жарым кыял» оюмдарына окшошот. Ушундай эле кымыз куя турган шири кумарага (чайдөш түспөлүндөгү чорголуу идиш) да «кыйма», «карга тырмак» мүнөздүү келет. Тери кийимге — көн тердикте «кыял», «мүйүз» оюмдары шарттуудай сезилгени менен булардагы кооздуктарды жаратуу ыкмалары окшош болгондуктан бири-бирине өтүшүп отурат. Орточо көөкөргө төрт-беш литр суюктук батат.

Көөкөрлөр ар кандай формада жасалып, кыз-келиндерге арналган көөкөрлөр андан бетер сыйдаланат да, «чийме сынпос» менен аруу кооздолот. «Токту берип ыштаткан, торко менен тыштаткан» деп көөкөрдү тыштап да коюшкан. Ал көчтүн сынын чыгарган. Тарых жана этнографиялык музейлерде көөкөрдүн ондон ашуун түрү бар. Андагы түшкөн «чийме сынпостор» бири-биринен айырмаланат.

Элдик кол өнөрчүлүктүн салтында түркүн буюмдун бетине көөкөрдү элестеткен көркөм оюмду берүү жөрөлгөлөрүн чечмелей келгенде ал токчулуктун символун туюндурат.

Мыкты көөкөрлөр көлөмүнө карата кош ийини «кочкор мүйүздөнүп», түшкөн оюмдары таза жана так, моюну койкоюп узун да, кыска да болуп, жалпы көрүнүшү жыйнактуу келип көргөндүн көөнүнө толгон (Амантур Акматалиевдин «Кыргыздын кол өнөрчүлүгү» китебинен алынды).

Нурзада Ташбаева, «Де-факто», 08.11.2016-ж.

Макала Кыргыздын турмуш-тирилиги саймалуу туш кийизде да жашаган бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Азамат Болгонбаев: орустардан чыккан төкмө акынмын деп тамашалапкалам

$
0
0

Айтылуу акын, кыргыз-казак акындарынын Эл аралык айтышынын баш байгенин ээси, ак таңдай акын Азамат Болгонбаев менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Акыркы убакта алган сыйлык, наамдарыңыз куттуу болсун. Булар сиз үчүн күтүлбөгөн болдубу же көксөп жүргөнбү?

— Рахмат. Ар бир чыгармачыл адам үчүн өзүнүн мамлекетине, элине кылган эмгеги — көкүрөгүндөгү өнөрүн тартуулоо деп эсептейм. Бирок чыгармачыл адам кылган ишин сөзсүз түрдө сыйлык алышым керек, эгер мен албай калсам кадырым төмөн түшүп кетет же чыгармачылыгымдын деңгээлине доо кетет дебеш керек. Биздин залкарларыбыз мындай сыйлыксыз эле, мамлекеттик деңгээлдеги даражасы жок эле журтуна өнөрүн тартуулап келген. Учурда чыгармачыл адамдын көөдөнүн оргуштатып, көкүрөгүн тээп чыккан ар бир чыгарма, жаралган эмгек мамлекет тараптан бааланып турганы чыгармачыл адамдардын ишмердигине түрткү берет деп ойлойм. Чыгармачыл адам күлүк аттай болот экен. Сүрөөнү, колдоосу күчтүү болсо, ошончолук кубат алып кызмат кылат. Бул сыйлык мен үчүн, жеке акындар үчүн өзгөчө нерсе болду. Албетте, мамлекеттик сыйлык күтүүсүз келбейт. Сыйлык берүүчүлөргө алдын ала өмүр баян, чыгармачылык тууралуу документтерди топтоп жөнөттүк. Алаар, албасыбыз белгисиз болду. Сыйлык алсак көкөлөп, кур кол калсак, чөгүп кетчү адамдардан эмеспиз. Жалпысынан бизге кубаныч тартуулады.

— Акындык өнөргө кийинчерээк ыктап калганыңызды билебиз. Айрымдарда бул тубаса болот деп айтышат?

— Акындарда түпкүрүндө жаткан көрөңгө болушу керек деп эсептейм. Себеби акындык атайын курстардан окуп, өздөштүрүп ала турчу өнөр эмес. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылгы дагы төкмө акындардын оозунан жаралып келген деп эсептейм. Анткени ошол чыгармаларда кыргыздын тарыхы, санжырасы, каада-салты сакталган. Бүл өнөргө түпкүрдөгү улуулук керек деп эсептейм. Ал эми өзүм жөнүндө айта турган болсом, бала кезимден баштап өнөргө жакын болуп өстүм. Ата-энем комузга беришти. Мүмкүн алардын көкүрөгүндө туюу сезими болгондур. Чүйдүн Арашан деген айылынан болом. Борборго жакын болгондуктан орус, кыргыз болуп мектепте окудук. Акындар өзгөчө Таластан, Токтогулдан чыгат эмеспи. Менин акын замандаштарым кыргыздын залкарлары кайнап турган жерден чыккандар да. Тамашалап силер залкарлардын жеринен чыксаңар, мен могу орустардын арасында жүрүп акын болгом деп калам. Тогузунчу классты бүткөндө Абдылаш деген агай таң атпай издеп келди. Ырдатып комуз черттирип, анан мага келип тур деди. Таң калганым, ошондо жалкоолонуп барбай деле койсом болмок. Себеби ал киши үчүн он чакырым жолду жөө басып барыш керек эле. Өнөргө болгон кызыгуу жетеледи десем болчудай. Жума күнү эртеден кечке жүрүп айтканын үйрөнүп, оокатын кылып жүрө берчүмүн. Андан кийин улуу акындар менен таанышып, чыгармачылыкты улантып кеттим.

— Алгачкы жолу айтышка чыкканыңыз эсиңиздеби?

— «Айтыш» коомдук фонду түзүлгөн учурда Замирбек агайлар айтыш уюштуруп калды. Биринчи айтыш өткөрүп жатышкандыктан, кандай кылсак болот деп сынап көрүшүптүр. Сегиз акын катышып, чоңдору Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек, Амантай, Абдылда, ыраматылык Майра Керим кызы болду. Калган үчөөнө чучу кулак кылалы дешти. Мен ошондо он сегизге толо элек кезим болчу. Кудай жалгап атым чыкты. Болгондо да биринчи экен. Демек, кетпей сахнада калышың керек. Ал кезде сахнанын деле маданиятын билчү эмеспиз. Элмирбек агай менен айтышып калдым. Ал киши «тай бала» деп ырдаса, «оргуштаган акынсыз оозуңдан салаалап, мен айгыр болгон кезимде качып жүрбө талаалап» деп тамашалап ырдаган экенмин. Азыр айтып күлүп калабыз. Ал кезде форма деле тиктирчү эмеспиз. Ош базарынан тойго алып барган үч жүз сомдук чоң чапандардан кийип алчубуз. Ошентип көп залкарды ээрчип, батасын алдым.

— Элмирбек агай азыр сиздин өкүл атаңыз да. Улуулугун, өкүл аталыгын эске алып утуп баратсаңыз деле утулуп койгон учурларыңыз болобу?

— Айтыштын негизги максаты акындар чыгып бири-бирин кордоп, шылдыңдап жеңүү эмес. Албетте, өкүл атам менен бир топ айтыштарга чыгып калабыз. Концерттерде ырдап калабыз. Ал киши дагы өнөрдү аздектеген адам. Мен ал кишини аттап өтө албайм. Чеги менен тамашалап ырдап, талаш тартышты ырдайбыз. Бирок эч убакта мен өзүмдөн улуу кишиден сыйдын чегинен чыга албайм. Экөөбүз айтышканда ал дагы, мен дагы баш байгени алган учурлар болду. 2009-жылы Нарындын жетимиш жылдыгында финалда Элмирбек агай экөөбүз айтышып калдык. Андан мен баш байгени алып, агай биринчи орунду багындырды. Мен байге алып үйлөндүм. Айтор, эриш-аркак жакшы эле келетабыз.

— Сый деп отуруп далай баш байгени алдырып жибербеңиз эми?

— Сый десе ырдабай эле сыйлап отуруу эмес да (күлүп).

— Казак акындары менен мамилеңиздер келишпейт деп угуп калабыз?

— Албетте, бул нерсе тарыхта дагы болуп келген. Сүйүнбай менен Арстанбек эки элдин ортосундагы тарыхты козгоп айтышкан учурлар болгон. Алар Кененсары, Ноорузбек, Ормон хандын учурундагы чатактардан баштаганда аксакалдар экөөң бири-бириңен ашкан акын экенсиңер деп, нарк менен токтотуп коюшкан. Басаар жолубуз бир болгондон кийин өзөктүү нерселер сакталып келген. СССР учурунда Осмонкул, Калык, Алыкул деген аталарыбыз казактын Үмөтаалы, Кенен деген акындары менен жакын мамиледе болгон. Эгемендүүлүктүн учурунда эки элдин акындары өз алдынча кетти. Бирок бардыгы жакшы жагына чечилип келе жатат. Себеби, биз кыргыздар ушул нерсеге алгачкы кадам таштайлы деген ой менен кош байге коюп айтыш өткөрүп келе жатабыз. Кээ бирөө жеңүүчү бирөө эле болушу керек деп айтып калат. Келечек үчүн чоң иш болуп эсептелинет. Анткени кыргыздын айкөлдүгү, улуулугу ушул иштер аркылуу тарых баалап алат. Акыркы учурларда казак-кыргыз акындарынын мамилеси дээрлик жакшы жагына ооп келе жатат. Өзүм эки жыл катары менен Казакстанга барып келдим. Албетте, кемчилик болбой койбойт. Бирок дээрлик иштин көпчүлүгү ийгиликтүү өтсө, анда айрым кемчиликтерин эске албай коюуга болот деп эсептейм.

— Акындар тилдин курчтугунан жабыр тартат деп айтышат?

— Албетте төкмө акындарда жаңылбас жаак болбойт дешет. Жаш учурда туура эмес сөздөрдү айтып алган учурлар болот. Бирок дээрлик айта турчу ойлорду ирээттеп, акыл калчап, көкүрөгүбүзгө жыйнап туруп айтканга аракет кылабыз. Саясий жагынан алганда бийлик тараптан кыйла эле нааразычылыктар болгон. Бирок биздин максат алардын бийлигин тартып алып, ордун басып алуу эмес. Биз болгону элдин ичиндеги акыйкатты айтууга дайым аракет кылабыз.

— Төкмө акындык ооздон чубалып чыгат деп айтышат. Айрым учурда жаттап алган учурлар болобу?

— Акындар жаттап айтат дегенди түз түшүнүп алгандар көп. Маселен, бир айтышта байгелүү орунга жетиш үчүн беш акын менен айтышышың керек. Ошонун ичинен бир акын менен кеминде жарым саат айтышасың. Тамашалап калабыз эгер тез айтканда бир мүнөткө алтымыш сап батат экен деп. Анан ошончону жаттап алууга мүмкүн эмес. Жазып анан жаттап алыш деле өтө татаал нерсе. Эгер чындап жаттап чыккан акын болсо, биз аны сыйлашыбыз керек. Ошончо мээнетин жумшап жатат.

Бизде акындар дээрлик кантип даярданат. Мисалы, көчмөндөр оюну болсо анда кандай айтыштарды козгосом болот деп ойлонот. Айланада болуп жаткан окуялардан кабардар болушу керек. Көкүрөккө топтоп анан айтканга аракет жасайбыз. Даярдыктар сөзсүз болот. Чыга калып эле төгөм деген болбойт. Элдин сүрөөнү да чоң мааниге ээ.

Мен 2004-2010 жылдары «Айтыш» коомдук фондусунун катчысы болуп иштедим. Андан 2016-жылдын башына чейин тең төрага болдум. Көпчүлүк учурда айтышка даярданууга убактым чектелүү болду. Айтыштарды өткөрүү жоопкерчилиги мага жүктөлчү. Ошону менен алектенүүгө көп убакыт жумшалчу. Быйыл айтышты өткөрүп бергенимдин себеби да ушул болду. Көчмөндөр оюнуна дагы акын катары эле катышып келдим. Учурда филармонияда иштейм. Дайыма чыгармачылык процесс жүрүп турат. Мындайча айтканда, тонусту дайыма кармап турганга аракет кылабыз. Анан кыргызда аш-той бар дегендей.

— Катуу тийсе кечирим сурайм. Бирок илгери той-аштарды кызмат кылып, мактап-жактагандарды жамакчылар деп коюшчу эле. Азыр эми бир топ эле мааниси өзгөрбөдүбү?

— Илгери залкарлар дагы аш-тойлордо кызмат кылган. Ошол эле Токтогул, Эшмамбеттер. Ал учурда бай манаптар эле той берген да. Азыр эми социалдык бөлүнүү деген жок. Ошондон улам түшүнүк пайда болуп калган. Бирок мактады деген ошол кишинин кадырын айтып, кылган ишинин зоболосун айтып ырдаган. Жөн жерден эле Манаска теңеп ырдаган эмес. Коомдо өнөрүн кыянат пайдаланган адамдар үчүн терс пикирлер айтылып келе жатса керек. Акындар ашта-тойдо ырдаган жана ырдай беребиз.

— Саясатчылар деле чакырышабы?

— Акындар көп учурда саясий мамилеге чек менен мамиле кылат. Себеби Кыргызстанда аты чыгып калган кол менен санап ала турчу эле акындар бар. Эгерде саясаттын аркасы менен материалдык байлыкка кызыга турган болсок, анда биз өнөрпөздордун эң байы болуп эсептелмекпиз. Акча үчүн кызмат кылган акындар дээрлик аз. Саясатчылардын деле жакшылыктарын тең бөлүшөбүз. Бирок чеги менен кызмат кылып келебиз.

— Өзгөчө шайлоо учурунда сунуштар көп түшсө керек?

— Түшкөн. Көбүнөн баш тарттык. Саясий кызыкчылыктарыбыз, маскаттарыбыз туура келбегендиктен же биз алардын саясий ишмердүүлүгүн жактырбагандыктан, айтор, түрдүү себептер менен кызматташкан жокпуз. Айрым акындар Садык Шер-Ниязды колдоп бердик. Айтыш өнөрүн көтөрүп чыккан бирден бир маданиятка эмгек кылган адам болгондуктан ишмердүүлүгүнө көмөктөштүк.

— Алдыда сизди кандай пландар күтүп турат?

— Буюрса, чыгармачылыктагы иштер өз орду менен жүрүп келе жатат. Акыркы учурда акындар айтыш менен эле алектенип калдык. Бул өнөрдүн өзөктүү жанрлары абдан көп. Илгерки залкарлардын чыгармаларын кайра иштеп жаздырып койсокпу деген ойлор бар. Анан акын Мирлан Самыйкожо менен «Устат» академиясы деп сөз чеберчилиги, журналистика, элдик оозеки чыгармачылык, адабият тармагы боюнча мектеп ачып жатабыз. Ошонун иштери менен алекпиз. Биздин ар бир кыла турган ишибиз түпкүлүгүндө кыргыздын улуттук өнөрүнө, кыргыздын идеологиясына байланыштуу иштерди жасайт экенбиз. Биздин колубуздан келе турган иш ушул экен. Бизнес кыла албайт экенбиз дегендей.

«Sputnik-Кыргызстан», Гүлдана Талантбекова, 10.11.2016-ж.

Макала Азамат Болгонбаев: орустардан чыккан төкмө акынмын деп тамашалапкалам бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Сүймөнкул өнөрдү аздектеген

$
0
0

Бишкекте советтик кыргыз актёру, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовду эскерүү апталыгы жарыяланды.

Апталык Улуттук көркөм өнөр музейинде Сүймөнкул Чокморовдун сүрөт көргөзмөсү менен башталып, Орус драма театрында “Акыркы чакырык” деп аталган спектакль менен уланат. Кыргыз киносунун өнүгүшүнө зор салым кошкон актердун атын түбөлүккө калтыруу иштери мамлекет тарабынан татыктуу колго алынбай жүргөнү коомчулукта айтылып келет.

Актердун уялаш агасы Сүйөркул Чокморов өзүнөн үч жаш кичүү иниси, таанымал актер Сүймөнкул Чокморовдун чыгармачылыгына айыл турмушу өзгөчө таасир тийгизгени тууралуу кеп салып отурду:

— Сүймөнкулдун “айылдаштарымдын таасири менен мен ушул даражага жеттим”, — деген сөзү бар. Ал тээ токтоло элек өспүрүм кезинде жеңелерин, агаларын тамашалап туурап, атка минип, кийин өзү тартылган “Улан” деген тасмасындагы каармандай мас болгон балдарды аткарып, жанындагыларды күлдүрүп, айтор, тегерегиндегилерден таасир алып бой жетти. Анын сүрөттөгү каармандары да жалаң айылдыктар. Чоң аталарыбызды, аталарыбызды тартып калган сүрөттөрү көп. Мисалы, “Мергенчи” деген эмгегин айтсак болот. Кийин улут аксакалы Саякбай Каралаевдин сүрөтүн он жылдан ашуун убакыт тартты.

Агасы таанымал актердун кийин ден соолугу начарлап, дарыланып жүргөн учурда да айылга болгон тартылуусу күчөгөнүн айтууда:

— 11 жыл бою жумасына үч жолу үч сааттан диализге отуруп жүрдү. Тамырларын кан тазалоочу аппаратка кошот эмеспи. Ошентип дайыма тамырын чукуй берип ал колтугуна чейин жетип калган. Анан дарыгерлер кан тазалоону такымынан башташты. Сүкө акыркы жылдары шаарды жактырбай айылга эле тартылып турар эле. Бир күн болсо да биздин жаныбызда болгонду эңсечү. Ойлонуп отуруп “мага эч кандай наам, атактын кереги жок, мага болгону ден соолук болсо жетет эле…», — деп айтканы бар.

Бирок агасы Сүймөнкул Чокморов өмүрүнүн акырына чейин бул дартты жеңүү үчүн күрөшкөнүн, кан тамырларына 56 жолу операция жасатканын, асылган оору 53 жашында алып кеткенин айтты.

Чыгаан сүрөтчү жана актер тууралуу даректүү тасма тарткан режиссер Замир Эралиев Чокморов менен Москвада бөйрөк институтунда дарыланып жаткан кезде, 1985-жылдан баштап иштеше баштаганын эскерди:

— Мен, Мария жеңе, Чыңгыз Төрөкулович болуп Сүймөнкул Чокморовду көргөнгө кирдик. Актер менен бир сааттай сүйлөшүп, оорусун билип чыккандан кийин Чыңгыз Айтматов кызыктай болуп эле сүйлөй албай калды. Чыкебиз ушунчалык эмоционалдуу, боорукер киши экенин ошондо көрдүм. Андан ары иштер менен башка жакка жөнөдүк. Бул учурда Айтматов бир сааттай таптакыр унчуккан жок. Бир маалда гана Сүкөм тууралуу Чыкебиз “бул кандай чыдамкай киши, ооруп, операция болуп жатканын такыр байкаткан жок. Тескерисинче бизди тамашалап, көңүлбүздү көтөрүп отурду” деп таң калганы эсимде.

Эралиев ошол жолугушууда Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен Эльга Лындинанын сценарийинин негизинде “Сүймөнкул Чокморов” деген даректүү тасмасын тартууну баштап, аны 1987-жылы аяктаган. Тасмада Чокморовдун кинематографияга кошкон салымы, жеке турмушу, дарыланып жаткан учуру чагылдырылган.

Сүймөнкул Чокморов “Караш ашуусундагы атыш” тасмасындагы башкы каарман Бактыгулдун ролун аткаруу менен кино дүйнөсүнө кадам таштап, андан соң “Жетинчи ок”, “Дерсу Узала”, “Кызыл алма” ж.б. бир топ советтик тасмаларга тартылган. Ошол эле учурда сүрөтчүлүк өнөрүн да аздектеп өткөн.

Кыргыз Эл сүрөтчүсү Сапарбек Төрөбеков Сүймөнкүл Чокморовактер катары атагы таш жарып турган учурда да өзүн дайыма сүрөтчүмүн деп эсептегенин айтты:

— Сүймөнкул СанктПетербургда, мен Москвада окуп жүргөн кезде майрам сайын катташып турчубуз. 1969-жылы окууну бүтүп келгенден кийин чогуу иштеп калдык. Бир нече көргөзмөлөргө катыштык. Этюддарга бирге чыктык. Сүймөнкул өзүн дайыма сүрөтчү деп эсептечү. Мен да Сүймөнкулду чыныгы сүрөтчү деп эсептейм. Эмгектери чыныгы турмуштан алынган, жасалмасы жок, чыныгы сүрөттөр.

2007-жылы Бишкек мэриясы шаарга Сүймөнкул Чокморовдун айкелин орнотуу боюнча токтом кабыл алган. Бирок ал буга чейин ишке ашпай келген. Актердун агасы Сүйөркул Чокморов акыркы жылдары маркумдун жакындары, күйөрмандары каражат топтоп, учурда Бишкек, Ош шаарларына айкел тургузуу маселеси чечилгенин айтты:

— Бул аракет өкмөттө акча каражаты жок болуп токтоп калган эле. Жогору жактан өзүңөр акча топтогула, анан көрөбүз» деген ишарат болгон. Анан биз үч жылдай Кыргызстанды кыдырып марафон өткөрдүк. Чынында эле кыргызда Сүкөбүздү жакшы көргөндөр көп экен. Айрыкча Ош, Талас облустарындагы пенсионерлер, мектеп окуучулары беш сомдон болсо да салым кошту. Азыр акча бар, эстелик тургузуу иштери башталды.

Кыргыздын чыгаан таланты Сүймөнкүл Чокморовдун бүтүн тулкусун камтыган айкели Бишкектин “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанына, ал эми тасмада жараткан образдарындагыдай ат менен байланыштуу айкели Ош шаарына коюлат.

Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. 1992-жылы узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайткан.

Зайырбек Ажыматов, “Азаттык”, 23.11.2016-ж.

Макала Сүймөнкул өнөрдү аздектеген бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Жусуп Баласагындын доорунда Борбор Азияда жаңы маданият жаралган

$
0
0

17-ноябрда Бишкекте улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция ишин баштады. Ага коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркиядан окумуштуулар келишкен.

Түрк тилдүү элдердин орток мурасы катары эсептелген улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракеси быйылкы тарых жана маданият жылы менен туш келип, андагы ири иш-чаралардын бири болуп саналат. Анын алкагында өлкөдө буга чейин дагы бир катар илимий, маданий иштер өткөрүлгөн. Ал эми бул ирет Борбор Азия өлкөлөрүнүн илимпоздору “Жусуп Баласагындын доору: тарыхы, материалдык маданияты, адабияты” аталышындагы Эл аралык конференцияга чогулушту.

Бул иш-чаранын негизги максаты жана анда талкуулануучу маселелер тууралуу Улуттук илимдер академиясындагы Тарых жана маданият институтунун ага илимий кызматкери Темиркул Асанов төмөндөгүлөрдү билдирди.

— Бул иш-чараны өткөрүүгө каражат жагынан колдоо көрсөтүп жаткан Самарканд Борбор Азиялык изилдөөлөр борбору болуп эсептелет. Анын жетекчиси Пильхо Парк конференцияга өзү катышып жатат. Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы, ал жашаган тарыхый доор жөнүндө, ошол кездеги саясий-экономикалык, маданий-этникалык процесстер боюнча өзүлөрүнүн баяндамалар жасалууда. Мындан сырткары секциялык иштер жүрөт. Анын алкагында дагы 10-15тен чакан баяндамалар жасалат. Кыскасы бул кеңири иш-чараларды өз кучагына алган. Мында Кыргызстандын тарыхый жерлерин көрсөтүү менен бирге эле, илимий чөйрөсүн келген делегацияларга көрсөтүү биздин негизги максат болуп эсептелет.

Тарыхта Жусуп Баласагын менен катар Махмуд Кашкаринин ысымы дагы бирге аталып келет. Бул эки инсан 11-кылымдагы Караханиттер мамлекетинин доорундагы улуу ойчулдар, окумуштуу, жазуучулар жана мамлекеттик ишмерлер болгон. Булардын негизги феномени катары Борбор Азия чөлкөмүндөгү жаңы маданияттын келип чыгышы эсептелет дейт Тарых илимдеринин доктору, профессор Анвар Мокеев.

— Булардын негизги феномени байыркы түрк урууларынын Борбор Азия чөлкөмүнө келип жайгашып, жергиликтүү элдер менен аралашып, жуурулушуунун негизинде маданий синтез жүргөндүгү. Чыгыш Иран уруулары менен түрк урууларынын ортосундагы байыркы салттардын бири-бири менен аралашып, жалгашуусунун натыйжасында жаңы маданияттын келип чыгышы. Анын аркасы менен бул аймактарга ислам дини келген. Анан ошол эки маданият мусулман көйнөк, чапан кийип атат.

Байыркы түрк урууларынын миңдеген жылдардан бери келе жаткан нарк-насыятын, каада-салтын, философиясын камтыган баа жеткис мурас катары Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» чыгармасы эсептелет. Чыгарманы бүгүнкү күнгө чейин айрым окумуштуулар уйгур, казак же өзбек тилинде жазылган деп ар кандай кайчы пикирлерди айтып жүрүшөт. Бирок бул туура эмес пикир экендигин Анвар Мокеев кошумчалайт.

Өзбекстандан келген окумуштуу Тарых илимдеринин доктору, профессор Абдулхамид Анарбаев дагы Жусуп Баласагынды жана анын чыгармасы кайсы бир тилде жазылгандыгын аныктоого аракет жасабай эле койсок деген пикирде. Тескерисинче, бул чыгарма жалпы түрк элдерин бири-бирине жакындатып тураарын айтат.

Мына жана эле бир кыргызстандык окумуштуу Жусуп Баласагындын чыгармаларында кездешкен кыргызча сөздөр тууралуу айтты. Ушул эле аныктаманы өзбек тилинде айтса да туура болчудай. Анткени Жусуп Баласагындын чыгармасында, азыркы өзбек тилинде колдонулган сөздөр бар. Уйгурча сөздөрдү да кезиктирүүгө болот. Демек, Жусуп Баласагындын чыгармалары ал жашап өткөн кылымдагы түрк тилдүү калктардын орток баалуулугу. Бул мурасты азыркы түрк тилдүү калктар чогуу пайдаланып жатканыбыз менен кызыктуу. Демек, Жусуп Баласагындын чыгармаларын кыргыз, казак, өзбек тилдеринде изилдеп, китеп кылып чыгаруу учурдун талабы. Тескерисинче, ал бизди бири-бирибизге жакындатып турат.

Ошондой эле, Анарбаев Жусап Баласагындын мурастарын изилдөө, аны өзбек тилине которуу иштери бир кыйла эртерээк башталгандыгын белгилейт. Бүгүнкү күндө Өзбекстанда улуу ойчулдун мурастарын окутуу жакшы жолго коюлуп жатыптыр.

Мындан сырткары, Борбор Азияда Жусуп Баласагын өмүр сүргөн Караханиттер доорун археологиялык жактан изилдөө дагы өтө маанилүү болуп эсептелет. Мындай иштерди казакстандык окумуштуулар башкы максат кылууда.

— Эми Жусуп Баласагын өмүр сүргөн доорду археологиялык жактан изилдөө өтө маанилүү иш болуп турат. Бүгүнкү күндө казак архелогдору буга билек түрүп киришип, терең изилдеп жатабыз. Жети-Суу, Талас өзөндөрүнүн бойлору Караханиттер мамлекеттинде бир саясий аймак болуп эсептелген. Булар бири-бири менен тыгыз байланышта болгон. Ошондуктан, ал тарыхты азыр бөлүп-жарып кароого болбойт. Бул ишти кыргыз окумуштуулары менен бирге изилдөө максатында бүгүнкү конференциянын ишине катышып жатабыз,

— дейт Казакстандан келген археолог Акылбек Серик.

Улуу ойчул, акын, илимпоз жана мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагындын доорун, анын мурастарын изилдөөгө арналган эл аралык конференция бүгүн дагы өз ишин улантууда. Иш-чаранын жүрүшүндө эртең, 19-ноябрда УИАсынын Кол жазмалар фондуна, Б.Ельцин атындагы кыргыз-славян университетиндеги археологиялык музейге жана Чүй өрөөнүндөгү орто кылымдардагы шаарлар – Бурана, Ак-Бешим, Красная Речкага экскурсиялар уюштурулат.

Каныкей Бозгунова, “Марал”, 18.11.2016-ж.

Макала Жусуп Баласагындын доорунда Борбор Азияда жаңы маданият жаралган бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Viewing all 477 articles
Browse latest View live


<script src="https://jsc.adskeeper.com/r/s/rssing.com.1596347.js" async> </script>