Quantcast
Channel: Кыргыз маданият борбору
Viewing all 477 articles
Browse latest View live

Жеңишбек Ысманов: «Айылдан учкуч болом деп келип, опера ырчысы болдум»

$
0
0

«Саламатсызбы? Менин дагы бир сүйүнчүм бар. Кечээки концертте мага келечеги кең жаш талант катары «Паваротти» сыйлыгын ыйгарышты».

Мына ушундай кубанычтуу кабарды алыскы Италияда эмгектенип келе жаткан кыргыздын дагы бир чыгаан уулу, опера ырчысы, мыкты тенор, маектешим Жеңишбек Ысмановдон алдым. Буга чейин күн мурун каарманыбыз менен кенен маек курган элек.

– Саламатсызбы, Жеңишбек мырза, биз менен баарлашууга убакыт тапканыңыз үчүн чоң рахмат.

– Саламатчылык. Буга чейин чындыгында убактым болбой жатты. Учурда Миландан Модена шаарын көздөй поездде сапар тартып баратам, 2 сааттык бош убактым бар. Бүгүн кечке «Pavarotti d’oro» деген аталыштагы чоң маараке концертте ырдайм. Жыл сайын өтүүчү бул мааракеде Лучано Паваротти атындагы алтын төш белги менен операнын белгилүү таланттары сыйланышат.

– «Операнын тарыхында легендарлуу тенор» деген атка конгон Лучано Паваротти ырдаган «Арена Ди Верона» опера сахнасында сиз дагы ырдадыңыз…

– Бул тууралуу мага телефон аркылуу айтышканда аябай кубандым. Себеби аталган сахнада эмне деген гана дүйнөлүк таланттардын изи калбаган. Бир чети болуп көрбөгөндөй чоң сүрдү, жоопкерчиликти сезип, толкунданып турдум. Кыргыздардан тарыхта эң биринчи болуп ал жерде мен ырдадым.

– Дегеле операнын мекени делген Италияга кандайча барып калгансыз?

– Бир ирет Санкт-Петербургдан дүйнөгө аты таанылган опера ырчысы Никола Мартинуччи менен таанышып калдым. Ал мени Италияга чакырып, өзү сабак берүүгө макулдугун берген болчу. Бирок Никола Мартинуччи гастролдук сапарлары абдан көп болгондугуна байланыштуу мени өзүнүн устаты Сара Сфорни Кортиге жиберген. Ошол күндөн тартып устатым катары Сара айымдан сабак алып келем. Италия – классикалык музыканын башаты эмеспи, мында атаандаштык абдан күч. Себеби дүйнөнүн мен-мен деген таланттары көксөгөн жер. Ошентсе да, Кудайга шүгүр, Европанын чоң-чоң сахналарында опералык чыгармалардын баш каармандарын ойноп келем. Мисалы, Вердинин «Риголетто» операсында Герцогдун ролун, «Травиттада» Альфреддин ролун, Пуччинин «Богема» операсында Рудольфтун ролун аткардым.

– Бала чакта ким болом дечү элеңиз? Музыка дүйнөсүнө кандайча келип калдыңыз?

– Балалыкта мен учкуч болом дечүмүн. Ал тилегим менен мектепти аяктаганда шаарды көздөй бет алдым. Суворов атындагы аскердик училищени аяктагандарга авиациялык факультетке тапшыруу жеңилирээк болот дешкенинен, байкемди ээрчип ошол жакка бардык. Карасам бүт эле менден жаш балдар жүрөт, көрсө, ал жерге 8-класстан кабыл алат экен. Анын үстүнө бизде бул жаатта окуу жай да жок экен. Башка университеттерге барсак, кабыл алуу экзамендери бүтүп калыптыр.

Бир күнү балконго чыгып алып гитарада ойноп, ырдап отурсам, бир бейтааныш байке «жигит, түш бери, чогуу ырдайбыз» деп калды. Түштүм, ырдатып көрүп, «талантың бар экен, филармонияда 2 жылдык музыкалык студия бар, ошол жакка тапшырбайсыңбы» деди. Эртеси эле байкем экөөбүз филармонияга жөнөдүк. Ырдоо жагында орун жок калып, мен чопо-чоор бөлүмүнө өтүп кеттим. Ичимдеги ырдасам деген тилегим күч ала берди. Бир күнү вокалдан берген Улукмырза Полотов агайдан «мени угуп көрсөңүз« деп сурандым. «Жаш экенсиң, көзөмөл менен окусаң жакшы эле болот« деп, ошондон баштап агай сабак бере баштаган.

– Анан кандайча опера жаатына өтүп кеттиңиз?– Бир күнү эле Улукмырза агай консерваторияга тапшыруумду сунуштады. «Сенин европалыктардыкындай өзгөчө үнүң бар, ал жактан соло ырдоо бөлүмүн танда. Сенден опера ырчысы чыгат» деди. А мен опера деген эмне экенин билчү эмесмин да, жаман оюмда агай мени менен иштешкиси келбей, башка жакка түртүп жатат деп ойлоп койдум ичимден. Бирок агайым чынында эле сезген экен. Эртеси мага бир кассета алып келип берди, «угуп көр»деп. Ал Лучано Павароттинин аткаруусундагы «Риголетто» операсындагы «La Donna e mobile» деген чыгарма экен. Мына, ырчы болсом, ушундай ырчы болоюн деген тилек ошол кассетаны укканда жаралды. Ага чейин эстрада ырчысы болууну ойлоно баштагам.

Негизи эле мен устат жактан жолдуу болдум. 2001-жылы консерваторияга тапшырганымда Керим Турапов агай дагы ошол жакка сабак бергени келиптир. Мени шакирт катары агайга бөлүштү. Улукмырза агайым мага туура жолду көрсөткөн болсо, үнүмдү таптап опера ырчысы кылган Керим агай болду. Мен өзүм да көп изденчүмүн. Консерваторияда түнкү 11ге чейин отура берер элем. Айта кетпесем болбос, менин опера ырчысы катары калыптанышыма абдан чоң салымын кошкон адамдардын бири – концертмейстер Юлия Алексеевна Бабич болду.

– Үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз…

– Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Төрөбай Кулатов атындагы айылда 1984-жылы 20-майда төрөлгөм. Атам Эргешбай Ысманов, апам Гүлай Карабаева, беш бир туугандын эң кичүүсү, эркеси менмин. Бир агам, 3 эжем бар. Апамдын ырга болгон шыгы мага көбүрөөк өткөнбү деп калам. Ымыркай кезимде апам иштеген жеринен бир концертке катышып, күн сайын даярданууга барарда мени бешикке бөлөп, эмизип коюп кеткенин айтып калат.

Эмгек жолуңуз качан башталган?

– Консерваторияда окуп жүргөндө эле, 4-курстан баштап Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында солист-стажёр болуп эмгектене баштагам. 5-курста алгачкы ирет чоң сахнада Чайковскийдин «Евгений Онегин» операсынан Ленскийдин ролун ойнодум. Болгондо да Кыргыз Эл артисти Керим Орузбаев менен башкы ролго чыктым. Ошентип айылдан учкуч болом деп келип, опера ырчысы болуп калдым, азыр 7 жылдан бери келишимдик негизде Италияда жашап, иштеп келем.

Чолпон Сүйүнбаева, «Супер-инфо», №728 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж.

Макала Жеңишбек Ысманов: «Айылдан учкуч болом деп келип, опера ырчысы болдум» бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Жүз жыл мурда жүрөккө түшкөн кара так

$
0
0

1916-жылдагы Кыргызстандагы улуттук боштондук көтөрүлүш жеңилген соң башталган алааматтуу Улуу Үркүн тууралуу кыргыздын окумуштуу жана айдың бабалары кандайча эскерген? Тарыхчы, профессор Асан Ормушевдин макаласы.

1916-ЖЫЛ – ТАРЫХЫБЫЗДАГЫ КАРА ТАК

1916-жылдагы кыргыз элинин башына түшкөн «Кайгылуу күндөр» жөнүндө көптөгөн илимий макалалар жазылып, көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлүп келет. Ошол азаптуу күндөрдү өз баштарынан өткөргөн акындар, жазуучулар, драматургдар ошол мезгилди элестеткен ырларды, аңгемелерди, повесттерди, романдарды, драмалык чыгармаларды жазышты. Алгачкы кыргыз өкмөтүндө иштеген кызматкерлер 1916-жылдагы тарыхый окуяга саясий баа берүүгө далалаттанышты.

Бирок, тилекке каршы ушул мезгилге чейин карапайым кыргыз эли күткөн саясый баа берилбей келе жатканы тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгында: «Бул окуялардын болгонуна дээрлик жүз жыл өткөнүнө карабастан, коомубуз алардын себептерин жана кесепеттерин тарыхый жактан объективдүү баалоого муктаж болууда», [1] — деп туура белгилеген.

Биздин пикирибизде, 1916-жылдагы улуттук боштондук кыймылдын чыгышынын себептерин, тарыхчы илимпоздор объективдүү жана субъективдүү жактарын ар тараптан илимий багытта изилдөөгө алып, Россия империясынын колониялдык саясатынын натыйжаларын туура белгилешкен.

Илимпоз-тарыхчы Кушбек Усенбаев өзүнүн 1916-жылкы көтөрүлүшкө арналган көлөмдүү илимий эмгегинде: «Кыргыздар орус падышачылыктын эзүүсүнө жана алардын зордук-зомбулук саясатына мурдатан эле өтө нааразы болуп жүргөн. Ал эми 1916-жылкы август айындагы көтөрүлүш буга чоң түрткү болгон», [2] — деп жазат. Ошондой эле эр жүрөк кыргыздар өз эркиндиги үчүн куралданган орус аскерлерине эч коркпостон, баатырдык күрөш жүргүзгөнүн тарыхый фактылар менен тастыктаган.

1916-жылдагы улут башына түшкөн алааматта журт атасы болгон кадырман аксакалдардын, ак элечекчен мээрман энелердин эч нерседен тайманбаган эр жигиттердин, сымбаттуу кыз-келиндердин, жаш наристелердин күнөөсүз кырылганы – кыргыз элинин тарыхында кара так болуп сакталып калды. Ошол учурдагы Россия империясынын адилетсиз падышасынын, буйругу менен жан алгыч аскерлердин күнөөсүз карапайым элге ок отышы, туруктуу жашаган элдердин өзүнүн туулуп өскөн жерин таштап качышын жана улуттун келечегине тийгизген кесепеттери тууралуу объективдүү баа берүүдө илимпоздор алсыздыгыбызды көрсөтүп жаткан сыяктуубуз.

Анткени, 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн мезгилинде канча адам ак падышанын жазалоочу аскерлеринин аткан окторунан курман болгонун, канчасы Кытайга качуу мезгилинде ачкалыктан, аска-зоодон кулап, дарыядагы чоң сууга агып, ашууларда суукка тоңуп, жугуштуу ооруларга чалдыгып кан жолдо шейит болгону боюнча так санды берүүдө кайчы пикирлер көп айтылууда. Өзгөчө, улуттун келечегине тийгизген кесепеттерин тактоодо дагы илимпоздордун, саясатчылардын арасында ар кандай көз караштар жаралууда.

Ошондуктан, Президенттин жарлыгында көрсөтүлгөндөй, 1916-жылдагы кандуу күндөрдүн кыргыз элине, улутуна тийгизген кесепеттерин илимий негизде талдоо жүргүзүү зарылчылыгы келип чыгууда.

Андыктан мындай илимий иликтөөнү мен өзүм туулуп өскөн Ысык-Көлдөгү Тору-Айгыр өрөөнүндө жашаган, ошол кайгылуу окуяны баштарынан өткөргөн адамдардын эскерүүлөрүн архивдеги тарыхый фактыларга салыштыруу аркылуу ачууга аракет жасоону туура көрдүм.

 

ТОРУ-АЙГЫР ӨРӨӨНҮНДӨ ЖАШАГАН ЭЛДИН 1916-ЖЫЛДАГЫ КЫЙМЫЛГА КАТЫШУУСУ

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик борбордук архивинде, 1916-жылдагы үркүн окуясын өз баштарынан өткөргөн Тору-Айгыр өрөөнүндө (азыркы Балыкчы шаарынан Кош-Көл айылына чейинки аралыктар — А.О.) жашаган куткамергенден тараган уруулар ошол аймакта отурукташкандыгы тууралуу маалыматтар бар.

1916-жылы 9-августта Боом капчыгайынан өткөндөн кийин Байдамтал деп аталган жерде курал-жарак, ок-дары жүктөлгөн бир нече арабаны, аларды кайтарып узатып келе жаткан орус аскерлери менен колго түшүрүп 178 мылтык, 30 миң ок, дары, 875сом олжого алышкан. Бул күтүүсүз чабуулду жана коркпостон кол салууну сарбагыш уруусунун баатыр жигити Ибраим Төлөев башкарган. Анын жанында көзгө атар Узак мерген, Күлүкбай, Нургазы Жунуш баштаган 25 жигиттери коштоп жүргөн [3]. Бирок бул окуяга Тору-Айгыр өрөөнүндө жашаган Куткамерген урууларынын катыштыгы болгон эмес.

Алардын 1916-жылдагы көтөрүлүшкө кандай катыштыгы бар экенин, карапайым эл бул каргашалуу окуяны кандай кабыл алганын, орус аскерлеринен коркуп Кытайга кайсы тарап менен качкандарын, ач-жол, куу чөлдө көргөн азап-тозогун, Кытай жергесинде баштарынан өткөргөн кыйынчылыктар жөнүндө жазылган эскерүүлөр аркылуу ошол азаптуу күндөрдүн элге тийгизген кесепеттерин толугураак билүүгө болот.

Бул эскерүүлөр, ырлар, драмалар кыргыздын белгилүү драматургу, акын, коомдук, мамлекеттик ишмер Молдогазы Токобаев, көрүнүктүү лингвист, илимпоз, акын, жазуучу, мамлекеттик ишмер Касым Тыныстанов, Улуттук Илимдер Академиясынын биринчи президенти, хирург, академик Иса Акунбаев, тарых илимдеринин доктору, академик Сатар Ильясовдун архивдеги өздүк делолорунда, үй архивдеринде, жарыкка чыккан китептеринде кеңири чагылдырылган.

Архивдеги тарыхый документтер, Ысык-Көлдө көтөрүлүш 1916-жылы август айында башталганын ырастап турат. Бирок, көтөрүлүштүн жүрүшү ар кайсыл өрөөндө ар кандай кырдаалда өткөн. Алсак, Тору-Айгыр өрөөнүндө жашаган, Куткамергендин уулдары: Акылбек, Үсөн (Торпок), Бокотой, Барак, Аңылдак уруктары (Тору-Айгыр,Чырпыкты айылдарында турган), бир атанын балдары катары, айылдын аксакал билермандары Сарыбай уулу Райымкул, Сыргабай уулу Масыл, Сарыбай уулу Керимкулдун айткан акылдарына көнүшүп, Кытай жакка Балыкчыны айланып, Тоңдун сырты аркылуу качышкан [4]. Бир атанын балдары, топ-топко бөлүнүп ал топтордун башчылары шайланып, кадимки жайлоого көчүү ыкмасын колдонуп, ар бир көчтү атчан жигиттер коштоп, айылдын мергенчилери көчтүн аркасында аларды коргоп уюшкандыкта көчкөнү тууралуу маалыматтар бар.

 

ТАРЫХЧЫ САТАР ИЛЬЯСОВДУН 1916-ЖЫЛ ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРҮҮСҮ

Академик, тарых илимдеринин доктору профессор Сатар Илясовдун (Ильясов; ал Куткамергендин Үсөн (Торпок) уругунан) 1960-жылдары Тору-Айгыр айылындагы аксакалдар менен аңгемелешип отуруп айткан эскерүүсүндө:

«1916-жылы август айында мен 8 жаштагы бала элем. Атам Ильяс айылдын молдосу катары балдарга арабча жазганды, куранды окуганды үйрөтчү. Мен 6 жашыман баштап окуп, араб тамгаларды жазганды үйрөнүп алгам.

Бир күнү жакын тууганыбыз Сыргабай уулу Масыл келип, ак падыша буйрук чыгарыптыр, биздин жигиттерди орус-герман согушуна аскерге алат экен. Бирок Ошто, Пишкекте, Токмокто элдер буга макул болбой, алардын бийлигине каршы турууга элди үндөп жатышыптыр. Эгерде биз куралданган орус аскерлерине, куралы жок элди үгүттөсөк элди кырып алабыз, деди.

Ошондуктан эл-журтту, ага-туугандарды Көлдөн-Нарын тарапка эртерээк көчүрүп кетүү маселесин атам Ильяс экөөнүн кеңешип атканы эсимде калыптыр. Мен ак падышанын бизди карай ок аткан аскерлерин көргөнүм жок. Биз туугандар менен көчүп жүрүп олтурдук. Жол азабын аябай көрдүк, малдын көбүнөн айрылдык.

Кытайга барганда катуу оорудан атам Ильястан жана ондон ашык жакын туугандардан бир жумада ажырап калдык. Натыйжада 1916-жыл Тору-Айгыр өрөөнүндө жашаган Куткамергендин уул-кыздарын ата-журтунан ажыратты. Көптөгөн аталаш туугандарыбыз ачкачылыктан, жол азабынан, оорудан көз жумду. Бул кандуу күндөрдүн чоң кесепетинин бири жакын адамдардан түбөлүккө айрылганыбызда», [5] — деген эле.

Ошол каргашалуу күндү, кыргыз элинин биринчи кызыл профессору, Кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү Эне тил, Алиппе китебинин түзүүчүсү, акын Касым Тыныстанов (Куткамергендин Акылбек уруусунан) ата-журт менен коштошуусун мындайча эскерет:

Каргыштын шамы жанганда,
Жазыксыз кандар тамганда.
Таяныч издеп тырмалап,
Жөө
жалаң солго салганда.
Долуланып солкулдап,
Алай дү
лөй толкундап,
Узатып салган Ысык-Кө
л,
Зары эсимде Ала-Тоо!
— деп аянычтуу билдирүү жасаган.

Касым Тыныстановдун он алтынчы каргашалуу жыл жөнүндө чоң казат ырын жазып, бирок анысы убагында ар кандай себептер менен жарыкка чыкпай, кийин эч кимге белгисиз бойдон жоголуп кеткени абдан өкүнүчтүү.

Бирок 1925-жылы басмада жарык көргөн «Касым ырлар жыйнагында» ошол кызыл кыргын жылдардын эстен кеткис элесин өтө таасирдүү берген:

Ызгардуу кышта ашуу ашып,
Чубашкан качкын келатат.
Жылаң
ач, ачка таймашып,
Сенделет, байкуш жол тартат…
[6]
(«Сураба, досум, сураба»)

 

ИСА АХУНБАЕВДИН 1916-ЖЫЛ ТУУРАЛУУ ЭСКЕРҮҮСҮ

Академик, белгилүү хирург, Борбордук Азияда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган Иса Ахунбаевдин (Куткамергендин Барак уруусунан) эскерүүсүндө: «1916-жылкы Үркүндүн учурунда Тору-Айгырлыктар чогулуп алып айылдагы орус Александр Самсановдорду үй-бүлөсү менен өлтүрүп, үйүн, короо-жайын өрттөп, малын айдап кетели деп кеңеш курушат. Бирок, айыл аксакалдарынын кээ бирөөлөрү Сайынке орус болгону менен биздин Тору-Айгырлыктарга жакшылыктан башка эч нерсе кылбады, дайыма кыргыздарга жардам берди. Андан көрө аны Түгөл капчыгайынын ичиндеги чоң үңкүргө бокотой, барак уруусунун ак сакалдары көптөгөн талаш-тартыштан кийин көчүрүп барганын өтө кызыктуу сүрөттөйт.

Ал Самсонов Александр Тору-Айгырга 1905-жылдары көчүп келип, 10 жылдай эл менен ымалашып, кыргызча үйрөнүп алган экен. 10 эркек баласы, 1 кызы бар көп үй-бүлөлүү орусту кыргыздар ыймандуулук менен өлүмдөн сактап калганын жазат.

Иса агайдын айтуусунда, Бокотой уругу Кулжа тарапка, Барак, Үсөн (Торпок) Уч-Турпанга карай качкан [7].

 

ДРАМАТУРГ МОЛДОГАЗЫ ТОКОБАЕВДИН ЭСКЕРҮҮСҮ

Кыргыз мамлекетинин борбордук архивинде күнү бүгүнкүгө чейин сакталып турган Молдогазы Токобаевдин (Куткамергендин Бокотой уруусунан) өздүк делосунда 1916-жылы Тору-Айгыр өрөөнүндө жашаган саяк уруусунан тараган куткамергендин уулдары Байбичеден: Итак, Дөөлөт, Базаргы, Саманчы, Каракүчүк, Бокол, Акылбек, Үсөн (Торпок), токолдон: Кабатай (аңкылдак), Төлөк, Дөөлөттөн: Боктой, Барак деген уруктардан тараган бир атанын балдарынын бул каргашалуу окуя сыпатталат.

Ошол кезде 10 жашка чыгып калган Молдогазы Токобаевдин «Өмүрдүн алгачкы мезгилдеринен» деген эскерүүсүндө бул окуялар мындайча баяндалат:

«Атам арыкчырай, чарчы бойлуу, кара адам эле, апамдын суроосуна жооп берүү максаты менен обдулса да, көтөрүлө албады. Жеңем Калыйпа ыргып туруп, анын башын жөлөй берди. Эки бети алжыйып, ээктин алды килкилдетип ак шишик адамды аябай каптап ал жанын алганын мурун эле билгенбиз».

«Ой боорсуз заман ай, ач бел, куу жолдо өлөт» деген ушул ээ», — деп өңү бузулуп, чыдай албай онтолоп жатат атам.

Кечээ эле бизди алдейлеп, эркелетип эчен-эчен кыйынчылыктардан билгизбей алып өткөн, ардактуу атам ажал оозунда жатканын анык билип, көзүм тунарды. Өпкөм көөп бышаңдап ыйлай-ыйлай жалдырай карай, атамдын оң жагына өттүм.

— «Куруган балам, кантээр экенсиң, атаңдан айрылып», — деп чекемден сылады. – «Ыбрай-аман болсо балдарым эптеп башыңарды кошкула, оокат кылгыла», — деп, көзүн бир ачты да чирене түшүп үзүлүп кетти.

Адам азапка чыдабаска чарасы жок. Сүйгөн адамдан антип, ишенген адамдан тирүүлөй айрылып, эки жесир, бир жетим элди караандап, эптеп бут шилтедик.

Кайран эл кара тумоого (келтеге) капталып, ошондо бир кырылды.

…Тил кургап, көз тунарып, бүткүл денеден көл-шал болуп тер кетти.

«Атаң айткан ач бел, куу чөл, дүлөй түз — ушул, балам! Аз туруп дем алалычы», — катуу улутунуп көтөргөн жүгүн жерге койду апам.

Жеңем да, мен да жер кучактап көк шиберге сойлодук. Сунган бутту кайра жыюуга кубат жок. Апамдын таар түйүнчөгүндө бир чыны талкан бар эле. Баарыбыздын азыгыбыз ошол бир чыны талкан. Чүңүрөйгөн жыгач чөйчөккө суу куюп, бир чымчымдан талкан себелеп, дан жыты кылып, өзөк жалгадык», — деп жазуучу, драматург атабыз Молдогазы Токобаев кытай жергесине качкан Тору-Айгырлык бир үй-бүлөнүн тарыхын, өз жон терисинен көргөн азап-тозокту, кайгы-муңду чакан аңгеме аркылуу берүүгө аракет жасаган [8].

Кытай жергесине тентип барган кыргыздардын адам чыдагыс оор турмушун, күнүмдүк оокаты үчүн өз кызын малга саткан шордуу, алсыз адамдардын тагдырын өз көзү менен көрүп, ал окуяны кеңири сүрөттөгөн кыргыз элинин биринчи драматургу — бокотой уруусунан чыккан Молдогазы Токобаев болгон.

 

1916-ЖЫЛДЫН УЛУТТУН КЕЛЕЧЕГИНЕ ТИЙГИЗГЕН КЕСЕПЕТТЕРИ

Кыргыз эли өз туулган жеринен, үй жайынан, малынан айрылып, аргасыздан падышалыктын аскерлеринин көрсөткөн кысымынан качып, ак кар, көк муз каптаган ашуулардан кулап, канчасы каза болгонун, чоң дарыяларды кечүүдө көбү сууга агып, шейит кеткени, ачкалыктан, сууктан талаа-түздө тынымсыз качууда жүргөн кайран элди кара тумоо (келте) сыяктуу жугуштуу оорулардан кайтыш болсо, тирүү калгандарды кытый жергесинде уйгур, дунган, кытай бай адамдардын залакасын тартканын өзгөчө жаш балдар менен бойго жеткен кыздарды адам чыдагыс оор тагдырды башынан өткөрүшкөн. Чынында эле элдин бир тобу Кытайга көчүү мезгилинде (ачарчылыктан, жол азабынан, оорудан) каза болсо, дагы бир канчалары Кытай жергесинде өлүмгө дуушар болгон. Кээ бир адамдар Кытайда калып жашап калышкан. Мисалы, Иса Ахунбаевдин атасынын бир туугандары, Тору-Айгырга кайра келишкен эмес. Союз учурунда Иса Ахунбаев Кытайга барып, туугандарына жолугуп келгени жөнүндө бүгүн дагы айылда кеп кылышат.

Андыктан академик, тарых илимдеринин доктору Сатар Ильясовдун эскерүүсүндө айтылгандай, бул өрөөндүн элине 1916-жыл өзүнүн оор кесепетин тийгизген. Ата-энеси жаш наристелеринен айрылса, жаш балдардын ата-энеси өлүп томолой жетим калган, иниси агасынан айрылып, эжеси сиңдисин такыр көрбөй калган. Укум-тукум өсүп келе жаткан Куткан мергендин уул-кыздары азайып, ата-журттан ажырап, туш келди чачыраган. Кайран элдин кайгысы айтып бүткүс окуяга айланып ар бир үй-бүлөнүн жүрөктөрүнө кара так болуп калганын журтубузда белгилүү аталарыбыздын эскерүүлөрү тастыктап турбайбы.

Жыйынтыктап айтканда, 1916-жыл кыргыз элинин тарыхындагы кара так катары түбөлүккө сакталып калды. Анткени Россия империясынын эң негизги максаты, 1916-жылдагы улуттук көтөрүлүштү шылтоолоп Ысык-Көл өрөөнүндө жашаган элди туулган жеринен кууп чыгып, орус калкы жайгашкан «өзгөчө» аймакты түзүү тууралуу чечимди чыгаруу болгон. Орустардын жазалоочу отряддары адилетсиз падышанын буйругун аткарышты. Ысык-Көл өрөөнү жергиликтүү кыргыздардан тазаланды. Кыргыздар Кытай мамлекетинин чет жакаларындагы кокту-колоттордо жашап калды. Эгерде Улуу Октябрь Социалисттик Революция жеңишке келбесе, падыша тактан кулабасы, көлдүк кыргыздардын тагдыры, азыркы Памир тоолорунда жүргөн кыргыздардыкындай оор турмушту башынан өткөрүшмөк.

Андыктан, 1916-жылдагы улуттук боштондук кыймылдын кыргыз элине тийгизген кесепеттерин илимпоз-тарыхчылар, саясатчылар жана социологдор келечекте изилдөөгө алышат го деген ишенимдебиз.

Пайдаланылган адабият жана булактар:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы. 2015-жыл, 27-май.
  2. Усенбаев К.У. 1916: героические и трагические страницы. – Бишкек, Илим, 1997.
  3. 1916-жыл: Азаттык көтөрүлүш. – Бишкек: Бийиктик, 2012. — 29-б.
  4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик борбордук архиви (ЦГА КР). — Ф.34, оп.2, д. 5, л. 165-167.
  5. Академик Сатар Ильясовдун өздүк архиви. Д. 2. 14-16-бб.
  6. Тыныстанов К. Касым ырлар жыйнагы. – Фрунзе, 1925. — 14-б.
  7. Ахунбаев М.И., Ахунбаева Н.И., Фингер М.Г. Хирург Ахунбаев. – Бишкек, 1998. — стр. 8-9.
  8. ЦГА КР. — Ф. 1372, оп. 1, д. 69. (Личный фонд Молдогазы Токобаева).

Асан Сулайман уулу ОРМУШЕВ,
Махмуд Кашгари-Барскани атындагы
Чыгыш университетинин профессору,
тарых илимдеринин доктору,
«Азаттык», 17.10.2016-ж.

Макала Жүз жыл мурда жүрөккө түшкөн кара так бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Олжобай Шакир балдар адабиятына конкурс жарыялайт!

$
0
0

«Коом жана Мен» сайты бөбөктөр үчүн акын-жазуучулар арасында адабий сынак жарыялайт! Сынакка ыр, жомок, тамсилдер кабыл алынат.

Сынакка катышуучу авторлордун жаш курагына чек коюлбайт. Байге фондубуз 30 000 (отуз миң) сом.

Адабий сынактын демөөрчүсү Жогорку Кеңештин «Өнүгүү» фракциясынын депутаты Алтынбек ЖУНУС уулу.

ЭСКЕРТҮҮ: чыгармалар ушул жылдын 1-ноябрынан тарта кабыл алынат жана 20-декабрь күнү токтойт. Бизге келип түшкөн чыгармалар мурда эч жерде жарыяланбаган болсун! О.э. сынакка келип түшкөн чыгармалардын көлөмү эки барактан ашпоого тийиш. Ар бир автордун бирден гана чыгармасы кабыл алынат.

Тамсил, ыр же жомок болобу, айтор жеңүүчүлөрдүн байгеси төмөнкүдөй суммада бөлүштүрүлөт:

Биринчи байке – 7 000 (жети миң) сом;

Экинчи байге – 5 000 (беш миң) сом;

Үчүнчү байге – 3 000 (бир миң) сом;

Бул орундардан сырткары кызыктыруучу байге катары дагы 5 000 (беш миң) сом каралат.

Сынакка келип түшкөн чыгармаларды талдоодон өткөргөн калыстар курамына 10 000 (он миң) сом бөлүнөт. Адабий сынактын мөөнөтү бүткөнгө чейин калыстар курамындагылардын эч биринин аты-жөнү ачыкка жарыяланбайт.

Чыгармаларды oljobai.shakir@mail.ru дарегине жөнөтүңүздөр.

Макала Олжобай Шакир балдар адабиятына конкурс жарыялайт! бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Элчоро Курман, кытайлык кыргыз актёру: «Жеки Чан калпакты чечпей кийип жүрдү»

$
0
0

2015-жылы Кытайда «Ажыдаардын кылычы» аттуу тасма прокатка чыккан. Анда баш каармандын ролун белгилүү актёр Жеки Чан аткарган. Тасмага атактуу Голливуд актёрлору Жон Кьюсак менен Эдриен Броуди да тартылган эле. Аталган тасмада кытай падышалыгынын жоокерлеринин бирин кытайлык кыргыз актёру Элчоро Курман ойногон. Ал тасмага кандайча тартылганын жана өзү жөнүндө айтып берди.

elchoroАты-жөнү – Элчоро Курман
Туулган жылы, күнү – 1984-жыл, 14-октябрь
Туулган жери – Корла шаары, Кытай
Билими – Бээжин Борбордук улуттар университетинин экономика факультетин аяктаган
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын улуусу, бойдок

– Сиз Кытайда туулуп-өскөн кыргыздын уулу экенсиз. Ата-энеңиз ал жакка кандайча барып калышыптыр?

– Менин таятам Бекиржан генерал Ысакбек Мониевдин жакын аскерлеринен болгон экен. Ал 6 миң аскерди башкарыптыр. Таенемди ата-энеси казактарга турмушка беребиз деп кыз узатуу тоюн берип жатканда таятам ат менен ала качып баш кошушуп, үч кыздуу болушат. Атамдын болсо түпкү теги Караколдон болот. Уруубуз кыпчак. Кытайга аскер болуп барып, таятам менен таанышып калыптыр. Атама «кыздарым башка улутка кетпесин, үч кызымдын бирөөсүн ал» деген экен. Атам апамды тандап, эки уул, бир кыздуу болушат. Улуусу менмин. Ата-энем бүгүнкү күндө 60 жаштан ашып калды. Иним менен карындашым учурда үй-бүлө күтүп калышкан. Мен бойдокмун. Кино деп жүрүп үйлөнүүгө убакыт таба албай жүрөм. Башка улуттун кыздарына көңүлүм чаппайт. Кыргыз кызын алгым келет. Буюрса, оюмдагыны ишке ашырам.

– Эмне себептен актёр болууну тандадыңыз?

– Менин кесибим экономист, эки жылдай банкта иштедим. Бир орунда отуруп иштеген жакпагандыктан жумуштан кетип калдым. Студент кезимде эле актёр болгум келчү. Бир жолу Кытайдын белгилүү 3 режиссёру сынак жарыялаганын угуп, барып көрдүм. Аларга ыр, бийге шыктуу 3 бала керек экен. Ал сынакка 60 миң бала катышкан. Ал сынактан 2 кыз жана мен өткөм. Ошондон тартып чыгармачылыкка кызыгуум артып баштады.

– Канча тасмага тартылдыңыз?

– Тасма талаасына аралашканыма 10 жылдан ашты. Башкы каарман, эпизоддук роль баарын кошкондо 30дан ашуун тасмада роль жараттым. Көбүнчө кытай, монгол аскерлеринин ролун ойноп келем.

– Атактуу актёр Жеки Чан менен бир тасмага тартылгансыз. Бул мүмкүнчүлүккө жетүү оңой болбосо керек? Аталган тасмада кандай роль жараттыңыз?

– Режиссёрлордон «Ажыдаардын кылычы» аттуу тасма тартылып жатканын уктум. Ал тасмага Жеки Чан тартыларын билген эмесмин. Сынакка катышып режиссёрлордун сынынан өттүм. Алар «бул тасмада Жеки Чан башкы каармандын ролун аткарат. Сен анын жанындагы 8 аскердин биринин ролун жаратасың. Бул үчүн 300 актёрдун арасынан сен тандалдың. Жеки Чан арык, силер салабаттуу көрүнүшүңөр керек, семиришиң абзел»дешти. Мен 300 адамдын арасынан тандалганымды укканда аябай кубанып, аларга рахмат айттым. 2 ай ичинде 8 килограмм салмак коштум.

– Жеки Чанга калпак кийгизип, сүрөткө түшүптүрсүз. Сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болдубу?

– Ал аябай ачык, тамашакөй киши экен. Тасма тартып жатканда бизге башынан өткөн окуяларын, кайсы кинодо кайсы жеринен жаракат алганын айтып берчү. Тасма учурунда 70 жеринен жаракат алганын уктум. Ал майлуу тамак жебеген, тамеки, ичимдиктен алыс адам экен. Мен ага кыргыздын калпагын, комузун белек кылдым. Анын калпак кийип жүргөнүнө чыгармачылык топ кызыгышты эле. Анын «арабызда кыргыз жигит бар, ошол белек кылды» дегенин укканда сүйүндүм. Мен ага карындашыма кол тамга жазып берүүсүн өтүнсөм, карындашымдын атын жазып, өзүнүн туулган күнүн 07.04. деп жазып берди.

– Азыр Жеки Чан менен сүйлөшүп турасызбы?

– Анын телефон номерин ала албадым. Жанында 7 жардамчысы бар. Алардын бирөөсүнүн номерин жазып алгам. Жеки Чанга суроолорум болсо жардамчысына жиберем. Ал мага жообун айтат.

– Фильмде атактуу Голливуддун актёрлору Жон Кьюсак менен Эдриен Броуди да тартылыптыр. Алар менен сүйлөшө алдыңызбы?

– Ал актёрлор менен дагы сүйлөшүп, сүрөткө түштүм. Аябай жакшы адамдар экен.

– Кытайлык кыргыздар сиз менен сыймыктанышса керек? Алардын жакшылыктарына катышып турасызбы?

– Ата-энем, туугандарым сыймыктанышат. Кытайлык кыргыздар таанышат.

– Кыргызстандык актёр да аталган тасмага тартылып келди. Аны сиз чакырдыңыз беле?

– Канат Абдрахманов экөөбүз доспуз. Мен аны «Кытайда башкы ролдо Жеки Чан аткарган бир тасма тартылып жатат, келип тартылбайсыңбы?» деп чакыргам. Ал келип Рим аскеринин ролун жаратты.

– Кыргызстанга келип турасызбы?

– Кыргыз жерине жыл сайын барам дейм, убакыт табылбайт. Сааты чыкса сөзсүз барам.

Султан Төрөбеков, «Супер-инфо», №727 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж.

Макала Элчоро Курман, кытайлык кыргыз актёру: «Жеки Чан калпакты чечпей кийип жүрдү» бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

«Шырдакбек»эпосу жөнүндө 7 факты. Кесирлүү аял менен келишимдүү боз жорго

$
0
0

Бүгүн турмуштук жана баатырдык «Шырдакбек» кенже эпосу туурасындагы кызыктуу жети фактыны сунуштайбыз. Бул чыгарманын негизинде эл оозунда Шырдакбектин боз жоргосу жана кесирлүү эрке аялдын чыккынчылыгы туурасында аңыз көп айтылат.

Көз карандысыздык үчүн күрөшкөн баатыр

«Шырдакбек» эпосунун сюжетине караганда окуя XVIII кылымдарда өтөт. Тарыхта кыргыздар чет жактан келген уйгур, монгол жана калмак баскынчыларына каршы эркиндик үчүн күрөшүп келгени туурасында бир топ дастандар бар, алардын бири дал ушул «Шырдакбек» эпосу. Тарыхый маалыматтарга таянсак, калмактардын Жунгария мамлекети XVIII кылымдын башында эч кимге көз каранды болбогон төрт чоң уруунун (Чорос, Хошот, Дурбот, Тургут) хандыгы болгон. Ар бир уруунун башында өзүнүн башкаруучулары турганы менен Чорос уруусуна баш ийишкен. Элдик оозеки чыгармада калмактардын башкы ханы Коңтаажы болгону баяндалат. «Шырдакбек» эпосунда Коңтаажынын Калдама, Ажаан деген эки уулу Чүй боорун жана Анжиянды бийлеп турганы, андан башка калмактардын Чагай, Амурсан деген хандары болгону айтылат. Эпостун борбордук идеясы калмактар менен болгон күрөшкө арналат.

Мыйзамдуу түрдө окуянын жүрүшүндө, башталыш, аякталышында, каарман, персонаждарында айырмачылык орун алат. Алсак, биринде Шырдакбек тирүү калса, экинчисинде калмак колдуу болуп каза табат. Биринде Боз жорго калмак колуна өтсө, экинчи айтылышында Шырдакбекке же баласына кайтарылып берилет.

 

Чыгарма бир нече адамдардан айтылып, жазылып калган

«Шырдакбек» кара сөз түрүндө гана эмес, ырдык формада да айтылып жүрчү экен. «Хан Шырдакты ырга салып, Балык акын айтуучу дешет». Балыктын айтуусунда бизге жетпегендигин адабиятчылар белгилешкен.

«Шырдакбекти» учурунда ак таңдай акын Калык Акиев да айтып жүрүүчү экен. Аны 1974-жылы Жанжигит Казакбаев Абды Өмүкеевден жазып алып (ал 1948-жылы Калыктын өзүнөн уккан экен), Академиянын кол жазмалар фондусуна тапшырыптыр.

«Хан Шырдактын Боз жоргосун» акын Токтосун Тыныбеков көзүнүн тирүүсүндө газетага сунуш кылган экен. Кийин кыскарган түрүндө жарык көргөн.

Тоголок Молдонун айтуусунда «Шырдакбек» жогоркулардан кескин айырмаланып, уламыштык окуя поэманын деңгээлине көтөрүлөт. Баатырдын тулпарына калмак ханынын көз артышы, сулуу аялынын чыккынчылыгы менен Боз жоргодон ажыраган Шырдакбектин душманга алдырышы поэмада да түйүндүү окуядан болуп саналган.

Көпчүлүк учурда калмактар менен болгон согушта Шырдакбек өлүп, коргону талкаланып, башчысынан ажыраган калктын башына катуу мүшкүл түшөт. Ыбрай Абдырахмановдун маалыматында кыргыздардын түштүк тарапка агылып, жер которушу ушундан кийин башталат.

 

«Кесирлүү катын». 40 койдун чучугуна аш бастырып жеген аялы сатып кеткенде. «Шырдакбек» эпосундагы бир эпизод бар

Калмак ханы Чагай Шырдакбектин чебин ала албай койгондон кийин анын аялы аркылуу чептин сырын билүүнү ойлоп аялды алдыртадан буза баштайт. Аял Шырдакбектин боз жоргосун минип Чагайга качып барат. Калмак ханы аялдан мурдагы жашоосу туурасы сурайт. Акылсыз аял Шырдакбек аны көлөкөдө бактырып, күнүнө кырк кара койдун шыймылчагындагы чучукка палоо бастырып, алдына мамык төшөп турарын айтат. Муну уккан калмак ханы алдыртадан ой калчап, саткындыгынан улам «аялды эки төөгө тарттырып өлтүрүп, этин кескилеп итке салып жиберет», — деп айтылат. Шырдакбек боз жоргону чөлдөн кармап келгенден кийин калмакка каршы көтөрүлгөн элди бириктирип, Анжиянды бийлеп турган Коңтаажынын Калдама деген баласын кубалап чыгат. Калдама кышында качып келатып көчкүдөн өлөт деп айтылат варианттардын биринде.

 

Айтылуу Боз жоргонун баяны

Бул тема боюнча эл оозунда чакан аңыз сөздөр да бир топ. «Шырдакбектин Боз жоргосундай» деген ылакап сөз, мактоо ырлары алиге эл арасында сакталган. Чыгармада Боз жорго жана анын аялы жөнүндөгү окуя өзүнчө легенда, жомок катары айтылып көп замандардан бери келаткан сыяктуу. Шырдакбектин Боз жоргосу кайыптан бүткөнүн, бир күндө Кашкарга барып Анжиянга келип турганын өтө эле апыртып баяндайт:

Канаты бар өзүңдө,
Шарапаттуу буудандын
Шам күйөт эки көзүндө
Бар мүчөсү келишкен
Марал шыйрак кең соору
Өркөчү бийик, зээри пас,
Өйдөгө салса чарчабас.
Аркасы бийик, зээри пас,
Адырга салса чарчабас
Тайкы жал келген чара баш
деп сүрөттөлөт.

 

Шырдакбек тарыхый инсанбы?

Чыгарманын тарыхый негизи Шырдакбектин жашаган доору, тарыхый реалдуулугу жөнүндө сөз болгондо эки маалыматка: санжыра, аңыз-аңгеме, уламыштык материалдарга жана тарыхый булактарга таянат. Санжыра, уламыш боюнча Шырдакбек XVII—XVIII кылымдардын аралыгында жашаган тарыхый инсан катарында баяндалат.

«Айтуучулар анын өмүр сүргөн мезгилин, жашаган ордун мүмкүн болушунча так көрсөтүүгө аракеттенишет. Шырдакбектин сепилинин жайланышкан ордун, ал эмес Боз жоргонун зоругуп өлгөн жери, анын ат байлаган мамысына чейин иликтөө далалаты бар. Жазгыч акын Тоголок Молдо айткан поэманын окуясы да уламыш, аңыз-аңгемелерден орун алган маалыматтар менен шайкеш. Чыгарманын түзүлүшүнө XVII—XVIII кылымдардын аралыгындагы тарыхый кырдаал калмак-жунгар төбөлдөрүнүн баскынчылык согушуна карата кыргыздардын көз каранды эместигин, эгемендүүлүгүн коргоп, жүргүзгөн баатырдык күрөшү негиз болгондугу анык», — деп белгилеген адабиятчы Батма Кебекова.

 

«Шырдакбекте» калмак хандарынын бийлигинин таралыш аймагы бир топ реалдуу берилген

Башы Ысык-Көлдөн тартып, Талас, Кызыл-Кыя, Анжиянга чейин алардын кол астына өтөт.

Жарыяланбаган кол жазмаларда, поэмага жазылган баш сөздө, маалыматтык кабарларда анын тарыхый адам экендиги айтылып эле келе жатат. Бирок фольклордук жана тарыхый материалдардын бирдигинде карап, Шырдакбектин тарыхый инсан экендигин илимий негизде аныктоо күн тартибинен түшө элек.

Кыргызстандын аймагында Шырдакбектин чеби, ордосу, жери, коргону, сепили деген жерлер бар.

 

Шырдакбек кайсыл аймактан чыккан?

Уламыштарда Шырдакбек Кокондун беги, Анжыян, Коконду жердеген Шырдакбек аттуу кыргыз ханы, дагы бир вариантында Шырдакбектин уруусу — кыргыз-кыпчак деп айтылып, бул нуска боюнча Курманбектин замандашы делет. Дагы бир уламышта Шырдакбектин турган жери Төрт-Көл аталып, анда калмактардан коргонуш үчүн бекем чеп курулат. Бул мезгилде Бел-Өрүктө — калмактар, Көк-Бел, Төрт-Көл, Ай-Көлдө казактар жашап, кыргыз менен калмактардын ортосунда кагылышуулар тынбай жүрүп турат. Фольклор жыйноочу Абдыракманов тарабынан катталган уламышта окуя Кокон аймагында эмес, Нарын тарапта өтүп, ага Шырдакбектин таржымалынын салыштырмалуу кийинки мезгили чагылышкан өңдүү. Шырдакбек кыпчак уруусунан чыгып, ордосу Ак-Талаанын Чолок-Кайың деген аймагына чеп салдырган. Муну азыркыга чейин сепилдин урандысынын, карападан жасалган суу түтүкчөлөрүнүн сыныктарынын сакталып калышы ачык аныктайт.

 

Шырдакбектин чеби

Ак-Талаа районундагы Алабуга суусунун оң жээгинде төрт чарчы түрдө салынган Шырдакбектин чеби жайгашкан. Учурда анын урандылары калып, толугу менен коргоого алынган эмес. Ал 1945-жылы атайын экспедиция тарабынан ачылып, изилденген. Анда бир нече типтеги бир катар дубалдардан турары аныкталган. «Түндүгүнөн Алабуганын бийик жээги өтөт, батышында терең сай бар, түштүгүндө анча бийик эмес тоо тармактары жатат. Чеп тик бурчтуу, дээрлик чарчы келет, капталдары дүйнөнүн төрт тарабына карайт. Түндүк жана түштүк дубалдарынын узундугу 120, чыгыш жана батыш тарабы 117 метр», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө чеп мамлекет тарабынан тарыхый-археологиялык жай катары каттоого алынган. Анткени менен учурда анын айланасы тосулбагандыктан, сырткы жана ички факторлордон улам тарыхый эстелик улам жоголуп бара жаткандыгын жергиликтүү жашоочулар айтып келишет.

«Sputnik-Кыргызстан», 03.09.2016-ж.

Макала «Шырдакбек» эпосу жөнүндө 7 факты. Кесирлүү аял менен келишимдүү боз жорго бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Амирбек Усманов менен рухий кедейчилик туурасында сөз

$
0
0

“Бардык жакшы нерселер үчүн китепке милдеттүүмүн”.
Максим ГОРЬКИЙ

Маектешибиз Амирбек УСМАНОВ акыркы чейрек кылымдан бери массмедиа тармагында эмгектенип келет. Анын ичинде 20 жылдан ашуун мезгил “Азаттык” радиосунда иштеп, 1995-жылдан бери Прага шаарында жашайт. Окурмандарга “Кабуснамени” орусчадан кыргызчага которгону маалым. О.э. “Чаувайдан Чехияга канат кагып” аттуу публицистикалык жыйнагы жана “Кыргызстандын тарыхы күбөлөрдүн көзү менен” аттуу китеби чех тарыхчысы Петр Кокайсл менен бирдикте жазылып, кыргыз, орус, чех тилдеринде жарыкка чыккан.

(1-МАЕК)

– Амирбек байке, сиз ар дайым рухий көрөңгө издеп жүргөн адам экениңизди билебиз. Ошондон улам өзүңүз менен адам баласы рухий азыкты эрте же кеч алып калары кандай болору туурасында сөз учугун улагым келет. Дегеле рухий азыкка кеч же эрте жетүүнүн өзү эмне?

– Руханий азык. Бул термин мен эр жетип, бирок дүйнө таануум калыптана элек кезде абдан эле популярдуу эле. Биз маяк туткан интеллектуалдар: илимпоздор, акын-жазуучулар, художниктер, актерлер менен артисттер руханий азык жөнүндө көп айтышчу. Ал балким ошол учурда үстөмдүк кылган коммунисттик идеологияга байланыштуудур. Кийин Кыргызстан Москвадан күнкорсуз болуп калгандан кийин эмнегедир бул абдан маанилүү термин унутулду. Ошого руханий көрөңгө жөнүндө эстеп жатканыңа чоң ырахмат. Мен терминдин семантикасына токтолбой, сурооңо жооп бергенге тырышайын.

Руханий азык менин түшүнүгүмдө өсүп бараткан жаш адамга эң обол ата сөзү, эне сөзү, улуулардын сөзү менен кошо келет. Бул сөздөр күн сайын таалим-тарбия, акыл-насаат иретинде айтылгандыктан, алар акырындап мээге сиңет, көкүрөккө отурат. Ал эми сен экөөбүз маегибизде адамдын өзү тапкан руханий азыгы тууралуу сөз кылмакчыбыз. Туурабы? Мындай биз өзүбүз жыйнаган руханий көрөңгөнү биз биринчи кезекте китептен алабыз деп ойлойм. Албетте, театр менен көркөм фильмдер да руханий азык болуп берет. Бирок мен театр менен музыканы аябай сүйсөм да, алардын мааниси китепке жетпейт деп ойлойм. Анткени театрда же фильм көрүп жатканда, сиз каармандардын тагдырына бооруңуз ооруп же ичиңиз ачышканы менен, бир жарым же эки саатка созулган окуянын (спектакль менен кинофильмдин) байкоочусу катары отурасыз.

Ырас, мыкты спектаклдер менен фильмдер сиз менен көпкө чейин жашайт. Бирок алар китептей руханий азык болуп бере албайт. Китепти окуу эмгекти, ой жүгүртүүнү, даярдыкты талап кылат. Анткени китептерге адамзаттын бүтүн тажрыйбасы топтолгон. Көркөм адабият окурман менен купуя сырдашат, ички кылдарыңды күүгө салат, ички дүйнөңдү сага аңтарып берет. Мисалы, Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык“ роман-эпопеясын окуган адамды Наташа Ростова менен Пьер Безуховдун образы өмүр бою жандап жүрөрүнөн күмөн санабайм. Кызын мал-дүйнөлүү жетим Пьер Безуховго, үй-бүлө курбай жатып чирип бүткөн ыймансыз уулун сүттөй таза Наташа Ростовага үйлөнтмөк болгон князь Курагиндин образычы? Курагиндей жогорку чөйрөдө чөкпөй өз иштерин бүткөрүп жүргөн адамдарды бүгүнкү Кыргызстандын бийлик эшалонунан боо-боо менен жолуктуруу мүмкүн. Ата-бала Балконскийлер мекенге төш койгулабай ак кызмат кылуунун үлгүсү.

Же Жек Лондондун “Мартин Иден” романындагы кажыбас мээнеткеч Мартин Иден. Ал өз максаты үчүн кандай күрөшүү керектигине жана көздөгөнүнө жетүү кандай мээнетти талап кыларын үйрөтөт. Бул китептердин күчтүү каармандары бизди жашоодо чыйралтып, өз абийириң менен жашоого үйрөтсө, терс каармандар алардын жолун кайталабоого тарбиялайт. Ошентип адам соолубас руханий азыкка ээ болот. Эгер адам дүйнөлүк адабияттын, анын катарында кыргыз адабиятынын мыкты үлгүлөрү менен канчалык эрте таанышса, ошончолук пайдалуу. Себеби көркөм дүйнөгө ошончолук эрте кирип, табити жана моралдык критерийлери эрте калыптанат. Моралдык критерийлери бийик адамдар өзүнө өзү чыккынчылык кылып, пас кадамдарга оңой менен барышпайт деп ойлойм.

Албетте, руханий азыкка такыр жетпей калгандан көрө кеч болсо да анын көрөңгөсүнөн даам татып, бир торбо кылып болсо дагы аздектеп көтөрүп жүргөн жакшы. Себеби руханий азык адамга тамак-аштан да кымбат оокат. Анткени, адамга руханий азык, байыркы грек ойчулу Сократтын сөзүн буруп айтканда, мазмуундуу жана адамдык абийириңди сактап жашоо үчүн керек.

– Илгери жомок билбеген чоң ата, чоң энелерибиз болбосо керек. Себеби бала кезибизде кандай кары кишиге кезикпейли, сөзсүз жомок айтып берер эле. Азыр балага жомок айткан карылар чанда кезиккендей туюлат, бул эмнеден?

– Туура айтасың, Олжоке! Бирок мен сенден айырмаланып жомоктун көбүн жайлоодо тайэжелеримден уккам. Ырас, чоң энем, апам, авам (атам) да бизге жомок айтып беришкени менен жайлоодо очокту бойлой отуруп уккан жомоктор баарынан кызыктуу болчу. Ошо жаш кезде уккан кыргыздын классикалык жомокторунун көбү, менин байкашымча, жаш балдар үчүн картайды. Ал жомоктор мультфильм жана балдар үчүн көркөм фильм тартканга жакшы негиз болуп бере алат. Бирок азыркы телевизор жана компьютер менен чоңойгон шаардык балдардын көңүлүн биздин балалык курагыбыздагыдай өзүнө бура албайт. Мен билгенден: өткөн кылымдын 70-80-жылдарынан тартып, адегенде теле көрсөтүүнүн, анан видиктердин үстөмдүгү башталды. Ата-эне үчүн жомок айтып же окуп бергенден көрө мультфильм, болбосо кино коюп берген жеңил болуп калды да өзүнөн өзү эле жомок угуу көпчүлүк үй-бүлөлөр үчүн адаттан тыш көрүнүшкө айланды.

Мен өзүмдү мактабайын, балдарым кичине кезде аларга дайыма жомок окуп бергенге аракет кылдым. Бирок китептеги уккандан балдарым тез жадашчу. Сыягы менин жомок окуп берүү чеберчилим начар окшойт. Аларга китептин жомогун уккандан да сүрөттөрүн көргөн кызыктуу болчу. Бирок өзүм ар кандай шумдук окуяларды ойлоп айтып берсем, кызыгып угуп, эртеси кайра айтып берүүнү сурашчу. Ошондой эле балдар ырларын кызыгып угушчу. Анткени ырларда ритм бар да. Бул нерсе неберелеримде да кайталанууда. Ушундан келип Айфон жана компьютерлердеги оюндар жана мультфильмдер жомокторду жеңди. Ошондуктан азыркы балдар сөздү кулак менен угуп, аңгеме же жомоктун мазмунун эсинде түйүп эмес, экрандагы окуяларды көрүп чоңоюшууда.

– Сиздин оюңузча жомок дүйнөсү наристе дүйнөсүн аруулук касиетке жетелейби, тарбиялайбы?

– Албетте! Жомоктордо каармандар жакшы жана жаман болуп бөлүнөт эмеспи. Алдамчы түлкү, ач карышкыр, сук сагызган, ууру жөнүндө жомокту угуп жатып, бала эмне жаман, эмне жакшы экенин ажырата баштайт. Жаман нерселерди жасабаш керек экенин акырындап түшүнөт. Ушинтип баланын дүйнө таануусу башталат.

– Ушу жакында эле “Кыргыз эл жомокторун” абыдан кунт коюп окуп чыктым, байыркы элдик жомоктордон даанышман ойлорду издеп, ошонун негизинде өзүнчө чыгарма жараткым келди. Аталган китеп акылга кенч сюжеттерге абыдан бай болгону менен бирок эң өкүнүчтүүсү, ошол жомоктор тээ илгери оозеки түрүндө кандай жыйналса, кийин китеп түрүндө жарыкка чыкканда да ийине жете иштелбегенин көрүп, абыдан кейидим. Ал тургай грамматикалык каталары четинен табылат. Бул эмне, балдарга жасалган кайдыгер мамилебизденби же кыргыз авторлору өрнөктүү текст кура албаганынанбы? Кандай деп ойлойсуз?

– Абдан туура байкоо. Мен адабиятчы эмесмин. Ошого байкаганымды айтайын. Кыргыз эл жомоктору эл оозунан кандай жыйналса, китепке ошол бойдон кирген да жаңы мезгилдин балдарына ылайыкташкан эмес. Жыйнакка кирген жомокторду биздин чоң аталар менен чоң энелер угуп чоңоюшкан. Кыргыз эли жазма адабиятка ээ болгонго чейин жомоктор жөн гана жаш балдарды алаксытуу үчүн кызмат кылбастан, аларды тарбиялоонун, дүйнөгө көзүн ачуунун руханий каражаты да болгон деп ойлойм. Андыктан алардын философиялык мазмуну терең жана улуу курактагы адамдар үчүн кызыктуу жана баалуу. Ошон үчүн жаш балдар кыргыз жомокторун угуп жатканда мазмуунун жакшы түшүнбөй, андан көрө мультфильм же кино коюп берүүнү суранышат.

Жомоктор арийне балдардын жаш курагына ылайык болушу шарт. Ганс Христиан Андерсендин “Дюмовочка”, “Калай солдат”, “Өңү серт өрдөк” деген жомокторун, ага-ини Гримдердин “Карышкыр менен жети улак” жана “Бремендик музыканттар” жомокторун, Редьярд Киплингдин “Мауглисин”, Александр Пушкиндин “Балыкчы жана балык” жөнүндөгү жомогун баарыбыз эле билебиз. Бул жомокторду балдар да оозун ачып угушат. Анткени алар балдардын жашын жана кабыл алуусун эске алып жазылган. Бизде Тоголок Молдонун гана балдарга айтып бергендей жомоктору бар. Башка акын-жазуучулар да жазгандыр, бирок алардын жомоктору Тоголок Молдонун жомокторундай жеңил эмес. Бул өзүң байкагандай балдарга болгон кайдыгер мамиленин натыйжасы болсо керек. Анткени биздин акындар өрнөктүү текст кура албайт деп ойлобойм. Балдар үчүн жомоктор жана чыгармалар улуу курактагылар үчүн жазылган повесть же романдарга караганда алда канча көп акылды, байкоочтукту, аларды түшүнө билүүнү, тексттин жөнөкөй, бирок кызыктуу болуусун талап кылат.

Биз демейде жашыбыз өйдөлөгөн сайын балдар айткан сөзүбүздү, аңгемебизди укпайт деп наалып калабыз го. Бул биздин балдар менен улуу кишилердин тилинде сүйлөшкөнүбүздөн болуп жатканын түшүнгүбүз келбейт. Алар космостук ылдамдыкта жашап, а биз орустардын “Жигулисинин” ылдамдыгында жашап жатканыбыздан улам, алардын кызыкчылыктары да такыр башка. Ал эми грамматикалык катага таң калуунун кереги жок. 1990-жылдан кийинки муун кандай шартта окуганын билесиң да. Азыркы муун алардан да сабатсыз болору күмөнсүз. Бүгүн каалаган адамдын баары билим деңгээлине карабай дипломдуу боло алат. Университтер менен институттар : “Кел айланайын. Пулун төлөсөң болду” деп турушат. Мындай жагдайда грамматикалык каталарды кой, медициналык жана инженердик оркойгон катачылыктар болору айкын.

– Даа бир кейиштүү көрүнүш бар: орус тилиндеги, ал тургай казак тилиндеги балдар адабиятын карасаңыз, жеткинчектердин жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша жарыкка чыгып аткан китептер өтө арбын. Арасында өспүрүмдөрдүн логикасын өстүрөр окуу куралдарынан тартып, табият таануу, дүйнө таануу боюнча түрдүүчө энциклопедиялар, ал гана эмес балдарды туура тарбиялоо багытындагы адабияттар толтура. А кыргыз тилинде андай китептерди таппайсың! Мунун өзүн кандай түшүнөр элеңиз?

– Олжоке, абдан туура маселени козгодуң. Жеткинчектердин жаш өзгөчөлүгүнө байланыштуу сапатуу китептер орус тилинде, менин байкашымча, СССР кыйрагандан 10 жылдай өткөн соң көп пайда болду. Бирок обол чыккан китептер англис, немес, француз тилдердеги китептердин котормосу же аларды туурап жазылган китептер болду. Ал китептерге удаа эле жеткинчектерге арналган түрдүү энциклопедиялар орус тилине которулуп жатты. Бүгүн ырасында эле, орус тилинде балдардын жашына ылайыктап чыгарылган сапаттуу китептер көп. Мен, бешене экен, 1995-жылдан Прага шаарында жашап калдым. Ошондуктан Чехиянын, Европанын китеп рыногун экссоветтик өлкөлөрдүкү, өзгөчө, Кыргызстандыкы менен салыштыра алам. Анын үстүнө бу жакка көчүп келген учурда балдарым жаш болуп, англис тилиндеги мектепке барышкандыктан, алардын тили, кругозору тез кеңисин деп, ар тармактардан өз жаш курагына ылайыктап китептерди, анын ичинде энциклопедияларды сатып бергенбиз.

Ал жылдары өзүң билесиң, өлкө жетекчилигинде академик, илим докторлору азыркыдан алда канча көп болгонуна карабай, китеп дүкөндөр жабылып бүткөн. Китепканалар да тозуп, иштебей калган. Мындай жагдайда жеткинчектердин жаш курагына карап китеп чыгаруу, бул маанилүү жумушка акын-жазуучуларды тартуу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес эле. Шүгүр, акыркы жылдары жандануу байкалат. Ошентсе да, балдар энциклопедиясына байланыштуу бир-эки сунушпу, ойбу, кыстара кетейин. Менин оюмча, мал чарбасы, анын ичинде, кой-эчки, уй-жылкылар боюнча; ат жабдыктар, көчмөндөрдүн идиш-аяктары, бозүй, аң уулоого пайдаланылчу куштар менен бүркүттөр боюнча; сүт азыктары жана кыргыздын улуттук кийимдери боюнча кыргыз тилинде энциклопедия жазылса, аларды жазган адамдар сөз издеп кыйналмак эмес. Себеби береги тармактарга байланыштуу кыргыз сөздөрү абдан бай. Жана бекерге “Кыргыз мал жандуу эл” деп мактанбайбыз. Бул тууганчылыкка да тиешелүү.

Ал эми техникалык жактан канчалык аракет кылбайлы, орустар сыяктуу эле немис, англис сөздөрүн кеңири колдонууга мажбурбуз. Балдар энциклопедиясы, деги эле энциклопедия салаасы Батышта канчалык өнүккөнүн жана ат жабдыктарга байланыштуу бир мисал. Мындан он жылдай мурда кудам Сейит Жаанбаев Прага келгенде, китеп дүкөнгө ээрчитип бардым. Ал киши кыргыздын салт-санаасын мыкты билет. Өмүр бою билим берүү тармагында эмгектенген педагог. Ал киши чех тилиндеги ат жана аттын жабдыктары тууралуу энциклопедияны көрүп, башын чайкап: “Ээ, куда! Ушундай китеп болсо кыргызда болушу керек эле го?!” – деп өкүнбөдүбү…

Балдар адабияттына байланыштуу кайра эле өзүм көргөн окуяны айтып берейин. Сен билесиң, азыр АКШда жүрөм, бир жарым жаштагы неберени эрмектеп. Аны аптасына үч мертебе жергиликтүү китепканага алып барам: окутканы жана ойноткону. Окуу башталганча жаш бөбөктөргө арналган калың тыштуу, көркөм иллюстрацияланган түрдүү темадагы китептерди барактайбыз, көрөбүз, окуйбуз демекчи. Же аң-сезим өстүрчү, сандарды үйрөнчү оюнчуктарды ойнойбуз. Он чакты компьютер да бар. Анда каалсаң жөн эле оюн ойно, кааласаң логикалык оюндарды ойно. Неберемдин сабагы 40 мүнөткө созулуп, андан 1-2 жаштагы 15 наристе англис, испан тилдеринде мугалим менен чогуу ыр ырдашат, китеп окушат, ойношот. Заттардын аттарын үйрөнүшөт. Ырас, балдарга кошулуп, аларды алып келген ата-энелери же чоң ата-чоң энелери да отурат. Ушинтип балдар жаш кезинен чөйрөгө аралашат, китеп менен жакындашат.

Окутуучу аялдын ушу жумадагы сабакта айтышынча, библиотекада 5 жашка чейинки балдар үчүн испан тилинде 300дөн ашуун аталыштагы түрдүү китептер бар экен. Англис тилинде, арийне, андан да көп. Баса, библиотекада балдар үчүн да, чоңдор үчүн да орус тилиндеги сонун китептер бар. Бөбөктөргө арналган бул сабактар бекер. Библиотека да бекер. Китептер жөнүндө сөзүм узун болот окшойт, Олжоке…

10-12 жаштагы балдар үчүн Шекспир, Наполеон, Авраам Линкольн (АКШнын 16-чы президенти), Нельсон Мандела жана башка тарыхый адамдар тууралуу тили абдан жөнөкөй, иллюстрацияга бай китептер бар. Мектеп жашы улуулаган сайын китептер да татаалдай баштайт. Өзүм Скотт Фицджеральд, Джон Стейнбектин жана башка биртоп жазуучулардын мектеп окуучулары үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн китептерин көрдүм, айрымдарын (Стейнбектин Of Mice and Men (“Мышык жана адам”) романын ушундай вариантта окудум. Эсиңде болсо керек, жапондор Достоевскийдин кайсы бир романын адамдар окуса пайдалуу деп, текстин жөнөкөйлөтүп басышкан.

Бул айткандарым азырынча биз үчүн жомок да. Азыр котормо китептер көп, начар которулгандары да көп. Мындай китептер чыкпай жатканын өлкөдөгү экономикалык абалга, жетекчиликке шылтап актанса болот. Бирок кыргыз той-ашка, балдарын пул төлөп окутканга, пара бергенге акча таап жатпайбы. Демек, жашообуздун азыркы этабында көпчүлүк кыргыз китепке акча бөлгөнгө, балдары чыныгы билимдүү адам болуусуна кызыкдар эмес. Ошого Бишкектен алыс чыксаң, жол боюндагы кайсы чоң базарга барба, жалаң диний китептер сатылууда. Арзан. Биздин эл китепке жана билимге болгон мамилесин өзгөртмөйүн, Кыргызстан өнүкпөйт. Жанага Бангладеш, Пакистандын абалына жакындай берет.

Биз балдарга арналган китептер жөнүндө сөз кылгандыктан, мен кол астымдагы эки китепке токтоло кетейин. Кыргыз жана орус тилдериндеги эки китеп тең былтыр “Белый пароход-эдукейшен” басмасынан 1000 нускада чыккан. Котормочусу Алчикеева Эльнура. Китептер орусчадан которулуп, орусча тексти кыргызча текстине удаа берилгендиктен, мисал келтиргенде эки тексти кошо жазууга туура келет. “Игровая площадка Непоседа” деген китеп “Тентектер оюн аянтчасы” деп аталат. Непоседа деген “Көчүгү жер тийбес” же “Тынчы жок” болсо туура болмок. “Решение математических задач” болсо “Математикалык жолдор менен эсеп чыгаруу” болуп которулган. Береги китептин ичиндеги каталарга убакыт коротпой эле койоюн.

“Эмнени жүктөп алсак” деген экинчи китептен: “Среди спелых фрутов лежат красные хрустящие яблоки. Они одинаковые и по форме, и по цвету”. Которулганы: “Эзиле бышкан жемиштер арасында кытыраган кыпкызыл алмалар катар тизилип турат. Алардын өңү да, түзүлүшү да бирдей”.

Береги эки сүйлөмдү эркин которулган дечү болсок да, алманын түзүлүшү деген сөздү кайда жашырабыз? Бул эки китеп тең үч адис тарабынан макталган. Мындай алашем китептер базарды каптап баратканы – балдар адабиятын жана окуу китептерин чыгарууну эч ким көзөмөлдөбөйт деген пикирди жаратат. Мен башкача айта албайм.

– Биз бала кезден окуп чоңойгон “Байчечекей” журналынын нускасына көп жылдан бери байкоо салып келатам. Нускасы 2-2,5 миңден ашканын көргөнүм жок. Ушундан улам бизде балдары эне тилинде ыр жаттап, жомок окуганына ата-энелер өздөрү кайдыгерби деген ой туулат! Болбосо акыркы эл каттодо кыргыз тектүү улутундагылар 3,5 млиилиондон ашуун болсо керек эле, бул эмнени түшүндүрөт?

– Олжоке, “Байчечекей” журналындай көзгө басар журнал тууралуу кеп – болочок муунду тарбиялоо жөнүндө эмеспи. Бул журнал өкмөт тарабынан каржыланыш керек жана илгеркидей эле ага мектептерде төмөнкү класстардын балдарын жазылтыш керек. Андан тышкары, журналдын жамаатына “Байчечкейди” рекламалаганга массмедиа жана өкмөт шымаланып көмөктөшүүсү керек. Ошондо башка гезит-журналдар жана китептер үчүн окурман даярдалат. Окуганды сүйгөн балдар тарбияланат. Мен жогоруда диний китептерге бекер көңүл бурганым жок. Алар арзан жана ар кадамда сатылып жаткан үчүн көпчүлүк үй-бүлөлөрдө бар. Муну мен айыл-кыштактарды кыдырып жүргөндө көрбөдүмбү. Ал эми “Байчечекей” журналынын аз нускада чыгып жатканы – коомдо балдар эне тилинде гезит-журнал окубаса деле чоңоёт, адам болот деген түшүнүк бекем орногонун көрсөтөт (Баса, Совет заманында “Кыргызстан пионери” гезити да бар эмес беле). Ушундай абалдан улам парламентте оюн кагазсыз жөндүү түшүндүрө албаган, бирок жогорку билимин тастыктаган дипломдуу “эл өкүлдөрү” пайда болууда. Мындайды легендарлуу парламент учурунда элестетүү кыйын эле.

Кыргызстандын шартында бул абалды өкмөт жана жергиликтүү бийликтер чечкиндүү аралашмайын, ишти алга жылдыруу татаал. Бирок интеллигенция жапатырмак киришип, маселени ММК тынчтыпай козгой берсе, ата-энелер да ойгонот деп ойлойм.

– Амирбек байке, Сиз менен болгон биринчи маекке абыдан терең ыраазычылыгымды билдирем. Буюрса, экинчи маегибиз да окурмандарыбызды олуттуу ойго саларына терең ишенип турам. Эмесе бүгүнкү сөз тизгинин ушуну менен жыйа туралы…

Маектешкен Олжобай ШАКИР, «Коом жана мен», 22.10.2016-ж.

Макала Амирбек Усманов менен рухий кедейчилик туурасында сөз бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Кыргыз дипломатиясындагы мамлекеттик тилдин мааниси

$
0
0

Ар бир эгемендүү мамлекет эл аралык укуктун негизги субъектиси болуп саналуу менен эл аралык мамилелер тармагында бүтүндөй өлкөнүн атынан иш алып барат. Ал эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын катышуучусу болуп саналат.

Мамлекетти эл аралык укуктун субъектиси катары мүнөздөөчү негизги белгилерге мамлекеттин аймагы, калкы, мамлекеттик тили, бийлиги, мамлекеттин башка өлкөлөр менен мамиле түзүү мүмкүнчүлүктөрү кирет.

Ошол негизги белгилердин ичинен мамлекеттин тили жөнүндө кеп кылсак, ал тил мамлекеттин ички жана тышкы саясатындагы ишмердүүлүгүнүн бардык тармактарында сабаттуу иш алып барууну камсыздайт.

Эл аралык мамилелер тармагынын, дипломатиянын тили өзгөчө. Ал тилдеги жалпы терминология менен окшоштугу бар өзүнчө бир терминдер системасына ээ, ошол эле учурда эл аралык терминдер менен жеткилеңдиги менен да айырмаланат.

Мамлекеттин башка өлкөлөр менен болгон байланыш тармагын камсыздаган кесиптик лексика расмий иштиктүү стиль аркылуу ишке ашат. Дипломатиянын тилинин тарыхына кайрылсак, өлкөлөр ортосунда өз ара мамилелер пайда боло баштаган мезгилден тарта дипломатиянын тили болуп латын тили саналган. Андан кийин дипломатия француз тилинде сүйлөй баштайт. Буга мисал, азыркы күнгө чейин дипломатияда колдонулуп келе жаткан атташе (дипломатиялык кызматкердин кызматы же дипломатиялык рангы), коммюнике (тышкы саясат маселелери боюнча өкмөттүк расмий маалымат), дуайен (дипломатиялык корпусту жетектеген адам), ж.б. Ошентип, жогорудагы аталган тилдер дипломатия тилинин негизи болуу менен бирге өнүгүүгө кадам таштаган ар бир мамлекеттин эл аралык мамилелеринин тилдик ченемдеринин да өркүндөөсү менен бул тармакка тийиштүү термин, атоолор пайда боло баштаган.

1199-жылдын башталышында орус дипломатиялык терминологиясында «посол» (элчи), «посольство» (элчилик), «поверенный в делах» (ишенимдүү өкүл) сыяктуу терминдер пайда болгон.

Ал эми кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында коңшу мамлекеттер жана мамлекет ичинде уруулар арасында өз ара мамилелерди түзүүдө калыптанып калган аталыш, тилдик каражаттар жаатында тийиштүү синтаксистик түрмөктөр пайдаланылып келген. Мисалы, элчи кылып жиберүү, чабарман аркылуу кабар жеткирүү; ошондой эле кыргыз элинде өз ара мамилелер жаатында калыптанып калган элдин элчилерине карата колдонулган «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» деген макал элчи катары жөнөтүлгөн адам эң жогорку сыйга, кол тийбестикке ээ экендигинен кабар берет. Демек кыргыз элинде дипломатиялык эрежелер, анын ичинде ага ылайык атоолор, айтылыштар эзелтеден эле калыптануу менен коңшу өлкөлөр арасында, элдер арасында мамиле түзүүдө, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө туура, сабаттуу, өз пикирин так, түз билдирүүнү камсыздап келген.

Ошондой эле, кыргыз элинин турмуш-тиричилигиндеги бир караганда адаттагыдай көрүнүш болгону менен, терең философиялык мааниге ээ болгон элдин турак жайы болгон боз үйдүн курулушунда эле байкалгандай, кыргыз эли кыры жок, бурчу жок үйдө бири-бирине тике карап, уруу ичиндеги, элдердин арасындагы маселелерди чыр-чатаксыз чечүү салтын кармап келишкен. Ал эми «Уй мүйүз тартып отуруп», маселелерди чечүү бул дипломатиянын бирден бир негизги белгиси эмеспи.

Жалпы эле дипломатиянын тилине, анын ичинде кыргыз дипломатиясынын тилине жогорку деңгээлдеги сылыктык, адамдарды кызматы боюнча, коомдо ээлеген орду боюнча урматтоо мүнөздүү. Азыркы кезде дипломатиялык сылыктыктын эрежелери ар кандай дипломатиялык ыкмалардын формаларын, айрыкча алардын башын, аягын калыптандырууга түрткү берген. Ар бир дипломатиялык иш-чара же дипломатиялык мүнөздөгү документтер (мисалы, нота) «Урматтуу», «Улуу Урматтуу» сөздөрүнүн кошулуусу менен кайрылуучунун, башкача айтканда, каттын ээсинин сөзүнүн башында жана аягында урмат-сыйы билдирилет.

Ушундай эле мүнөздөгү сый-урмат кыргыз элинин дипломатиясында эзелтеден кеңири колдонулуп келген. «Улуу Урматтуу мырза, айым; Улуу Мартабалуу, Улуу даражалуу» сыяктуу сый-урматты билдирүүчү жана кайрылып жактан адамдын титулун, даражасын көрсөтүүчү сылык сөздөр, айтылыштар азыркы кыргыз дипломатиясынын тилинде бекем сакталып, өркүндөп келет.

Дипломатиянын тилинин синтаксиси, сүйлөмдөрүнүн курамдары, формалары боюнча, алар татаал сүйлөмдөрдөн туруп, атоочтук, чакчыл түрмөктөр менен, киринди сөздөр жана обочолонгон айтылыштар менен татаалданып келет.

Жогоруда дипломатиянын тилинин өзгөчөлүктөрүн жалпысынан азын-оолак болсо да белгилеп кеттик. Эл аралык байланыштардын тили латын жана француз тилине негизделгендигине карабастан, бул өзгөчөлүү тилди тереңден өздөштүрүп, тийиштүү учурларда кыргыз тилине которуп, айрым учурларда документтердин кыргыз тилинде жазылуусу тууралуу демилге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан колго алынган. Министрликте кызматтык каттар, ноталар жана Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын аппаратынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен келип түшкөн каттарга жана жарандардын кайрылууларына кыргыз тилинде жооп берилүүдө.

Эл аралык келишимдердин алкагында түзүлгөн байланыштардын жүрүшүн мамлекеттик тилде чагылдыруу үчүн алгачкы кадамды министрликтин ичинде, ошондой эле министрликтин республикабыздагы башка министрлик, мекемелер менен болгон байланышын чагылдыруучу документтерди мамлекеттик тилде жүргүзүү бүгүнкү күндүн талабы десек болот. Тийиштүү даярдыктардан өткөндөн кийин гана республиканын тышкы саясатын чагылдырууну камсыздаган документтерди мамлекеттик тилде жүргүзүүгө өтүү максатка ылайык деп эсептейбиз.

Мамлекетибиздин тышкы байланышын, эл аралык мамилелер тармагындагы эки тараптуу, ар тараптуу кызматташуусун жүргүзүүдө мамлекеттик тилде иш алып баруу зарылдыгы болгон учурларда керектөө үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде атайын терминдер, аталыштар жыйналып, сөздүк иштелип чыккан, жана азыркы кезде басмаканада даярдалууда.

Гулбарчын Байымбетова,
КРдин РФдагы элчилигинин атташеси,
“Кыргыз тили”

Макала Кыргыз дипломатиясындагы мамлекеттик тилдин мааниси бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

«Бир сөз менен бир элди жыкса болот…»

$
0
0

Надырбек Алымбековдун ыр саптары бар: “Элдеги сөз эленип нуска болот, Кеменгердин кеп-сөзү кыска болот. Жоон билек бир эрди багындырса, Бир сөз менен бир элди жыкса болот” деген. Бирок, бүгүнкү оош-кыйыш кырдаалда төрдө отуруп сүйлөгөн сөзүң босогого чейин жетпей калып жаткан заманда бир сөз менен бир элди жыга турган кептин маданиятын түшүнгөн инсандардын аздыгы жанды кейитет. Муну түрдүү аспектиде алып карасак болот. Биринчиден, эгемендик колго келгенден кийин «демократия», «эркиндик» деген түшүнүктөр келди. Аны менен бирге «биз бардык нерсеге чек койбой жасай берсек болот экен» деген түшүнүккө чөмүлүп калдык. Канча тил билсең, ошончо дил билесиң деген ой менен жаштарыбыздын көпчүлүгү азыр тил үйрөнгөнгө, чет өлкөгө кеткенге, чет тилде сабаттуу болгонго аракет кылуу менен бирге өзүнүн эне тилин аксатып жатат. Эне тилин туура, толук кандуу колдоно албаган инсан кептин маданиятын, кепти кайсы жерде туура колдонуп, амандашканда кайсы сөздү айтыш керек экендигин кайдан билмек эле? Экинчиден, 70 жыл биз СССРдин карамагында кыйыр түрдө дагы, түз түрдө дагы үстөмдүгү, басымы астында жашадык. Анда «кыргыздын тили» деген түшүнүк ошол мезгилде таптакыр жок болуп кеткен. «Ошол кезде улуу жазмакерлерибиздин жазган, айткан накыл кептерин улуу муундагылар биздин көкүрөгүбүзгө кыттай кылып уютуп куюп, татыктуу өткөрүп бердиби?» деген маселе турат. Ошолор бизге так, туура өткөрүп берген жок. Биз 1991-жылы эгемендүүлүгүбүздү алгандан кийин гана өзүбүздүн тилибизге көңүл бура баштадык. Буга сүйүнсөк болот.

Бүгүнкү күндө жаштар экиге бөлүнүп калган. Шаарда төрөлүп, ата-энесинин байлыгына, бийлигине ишенип, нанды «наня» деп өскөн балдар менен өз киндигин өзү кесип, жылаңач бойдон чуркап барып отко секирип кеткен жылаңач баатырлар, жаштар бар. Алардын арасында тилге күйүп, «тил маданиятын сактабаса, кыргыз эли жоголот» деп кыйкырып жүргөн жаштар менен «мага баары бир, эптеп күнүм өтсө болду, орус же башка тилдер менен жан бага алам, Кыргызстанда жашоо жок, чет өлкөгө кетем» дегендер болуп, жаштар экиге бөлүнүп калды. Ушундай нерселер турганда биздин тилибизди коргоп калыш ушунчалык кыйын. Бардык жактан кыргыз тилин мите курттай жеп жаткан фактылар көп. Ошолордон арылышыбыз керек. Биринчи кезекте, кыргыз тилин мен туура, орусча кошпой сүйлөсөм, келегей сөздөрдү колдонбосом, мени көрүп дагы бирөө мага карап түздөнсө, биз тилибизди оңдогонго мүмкүнчүлүк болот. Тилибизди оңдоо менен гана биз кепке маданияттуулукту бере алабыз.

Азыр биз бул маселени эки башка өңүттө карап атабыз. Биринчиден, тилибизди сактай албай, анын кыйналып аткандыгы, ошол эле учурда кеп маданияты. Тилибизди сактагандан кийин маданияттуу сүйлөй алабызбы, же маданияттуу сүйлөсөк тилибиз сакталабы? Кайсы жагынан карасак дагы бизге тиешелүү, улутубуздун уңгусун, уюткусун түзүп турган тема болуп жатат. Башканы айтпаганда да, акындардын чыгып атканы, дастанчылардын бар болуп жатканы, уучубуз куру болбой манасчылардын чыгып жаткандыгы дагы да болсо, кыргыздын уюткусу бар экендигин, касиеттүү калк экендигин далилдеп турган нерсе. Ошол эле учурда, «биз ошондой эл экенбиз» деп көөдөн керип жатып албай, сырттан келип жаткан терс факторлордун негизинде тилибиздин мокоп, туура колдонулбай, кеп маданиятынын бузулуп жаткандыгын, бир сөздү жаңсоо менен түшүндүрүп койгон ата-бабаларыбыздан келе жаткан нарк-насил, жол-жөрөлгө, ошондой касиет бүгүнкү күндө жок болуп бара жаткандыгын моюнга алабыз.

Менин оюмча, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кеп маданиятын өнүктүрө турган, манастаануу деген сабактын бир бөлүгүбү, же өзүнчө сабак кылабы, республикалык деңгээлде кеп, тил маданиятына үйрөтө турган сабак берилиш керек. 1-класстан болбосо да, 6-7-класстан баштап киргизсе, балдар кыргызча көркөм сүйлөп чыкса жаман эмес. Ошондой эле массалык маалымат каражаттары аркылуу видео сабактар жасалса абдан жакшы болмок. Анда туура сүйлөө, туура дем алуу, үндү туура коюу, уялуу сезимдерди жоюу, кыймыл-аракеттер боюнча атайын пакет-пакет кылып жасап, мамлекетке караштуу бир телеканалдан системалуу берилсе, эл кааласа да, каалабаса да көрүп, таасир алат. Бул ММКлардын кыйыр түрдө элге үйрөткөн, тил маданиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы болот деп ойлойм.

Жылдызбек Турсунбаев, алып баруучу,
“Кыргыз тили”

Макала «Бир сөз менен бир элди жыкса болот…» бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Нурлан Кудайбердиев, «Себат» билим берүү мекемесинин башкы директору: «Себат» — мекенчил инсандардын мектеби

$
0
0

Түркияда саясий кризис курчуп турган учурда аталган өлкөнүн айрым расмий өкүлдөрү Эл аралык “Себат” билим берүү мекемеси туурасында дүйнөлүк коомчулукка ар кандай пикирлерди айтып, билдирүүлөрдү жасап жиберишкени эсибизден чыга элек болсо керек. Кантсе да “Себатта” Кыргызстандын атуулдары татыктуу билим алып, дүйнөлүк сынактарда эң алдыңкы аренага чыгып жатканын кантип тана алабыз. Ал тургай республикабызда аталган мекеме заманбап билим берүүнүн чыныгы очогуна айланып, элдин купулуна толуп турган кези. Биз ушундан улам жогоруда белгилеген жагдайга карата “Себат” билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиевди кепке тартып, окуу-тарбия процессинин жүрүшү, кийинки максаттары туурасында ой бөлүштүк.

— Урматтуу Нурлан Шарабидинович, өгүнкү окуялардан кийин кандай шартта иштеп жатасыздар. Бул окуялар «Себаттын» окуу-тарбия ишине олуттуу тоскоолдуктарды жаратса керек?

— Бул окуялар “Себатка” эч кандай таасирин тийгизген жок. Бүгүнкү күндө “Себаттын” бардык мектептеринде окуу-тарбия процессине байланыштуу программаларыбызды улантып келебиз. Жакында лицейлерибизде 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулуп, окуучулардын, мугалимдердин, чакырылган коноктордун катышуусу менен жакшы өттү. Бүтүрүүчү класстын окуучулары менен жогорку окуу жайга даярдоо курстары башталды, олимпиадалык топтор менен окутуулар уланып жатат. Башкача айтканда окуу-тарбия процесси толук кандуу иштеп жатат.

— Ушул окуялардан соң коомчулукта ар кандай суроолор жаралып жатат. Гуманитардык идеология жагынан тактоо киргизе кетели: Сиздерде окутуу-тарбиялоо ишинде негизги өзөгүн эмне түзүп турат? Улуттук, универсалдык нарктардын орду кандай?

— Өзгөчө көңүл адеп-ахлактык өнүгүүнү, маданияттуулукту жана дүйө таанымдарды калыптандыруучу предметтерди окутууга бөлүнөт. Бул акыркы жылдарда коомдо калыптанган социалдык тапшырык менен түшүндүрүлөт. Ошондуктан окуучуларды тарбиялоодо толеранттулука, коллективдүүлүкө, кыргыз улутунун салт-санааларын үйрөнүүгө, сый-урмат менен мамиле кылууга көнүл бурабыз. Тарбия сабактарында динге басым жасалбайт.

— Бизге белгилүү болгондой, Түркиядагы толкунга чейин эле устав, жобоңуздарда ар кандай өзгөрүүлөрдү кийрип, камкорчулар кеңешин түзүп жаткандай болду элеңиздер. Азыр «Себат» кимге таандык болуп калды?

— Эки жыл мурун “Себаттын” Уставында өзгөртүүлөр болду. “Себатта” жалпы окуу-тарбия процессин башкаруу, көзөмөл жүргүзүү максатында “башкы дирекция” түзүлдү. Башкы дирекцияга башкы директор жана орун басарлары дайындалган. Бул өзгөртүүлөргө чейин “Себаттын” түзүүчүлөрү (учредители) чет элдик жарандар болгон. Жаңы Уставга ылайык “Себаттын” түзүүчүлөр курамын Кыргызстандын жарандары түзөт.

— «Себатта» иштеген мугалимдер жана башка жумушчулар эки тараптан тең бирдей кабыл алынабы же Түркиядан келген адисттер басымдуубу?

— Окутуунун сапаты кесипкөй, чыгармачыл, жоопкерчиликтүү жана билимин өркүндөтүүгө багыт алган мугалимдердин колунда. Бүгүнкү күндө лицейлерде 761 Кыргызстандык, Түркия жана башка мамлекеттерден 159 мугалимдер эмгектенишет. Мугалимдерди жумушка кабыл алууда атайын түзүлгөн коммисия иш алып барат. Комиссиянын курамына кафедра жетекчиси, окуу иштери боюнча мүдїрдїн орун басарлары, башкы дирекциянын өкүлү катышат. Жогорудагы маалыматка ылайык Кыргызстандын жарандары басымдуулук кылат.

— Сиздерде окуу программасын, планын бектитүүдө ким көзөмөлдөйт. Окуу процессинде Билим берүү жана илим министрлигинен кандайдыр бир текшерүүлөр болуп турабы?

— Окуу планы менен окуу программалары лицей компоненти кошулган базистик мамлекеттик стандартка туура келет. Ар бир окуу жылынын башында окуу планы Кыргыз Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет. Так илимдер боюнча (математика, физика, химия, биология жана информатика) англис тилинде окутулгандыктан окуу программалары мамлекеттик станддарттын негизинде иштелип чыгып, ар бир беш жылда толукталат, такталат. Кыргыз Билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен бекитилип, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен колдонууга уруксат берилет. Акыркы үчүнчү жолу иштелип бекитилген программалар 2015-жылдын 3-февралында №81/1 буйругунун негизинде бекитилген.

Мамлекеттик лицензиялоо жана аттестациялоо жөнүндөгү Жобонун негизинде мөөнөтүнө жараша лицейлер мамлекеттик аттестациялоодон, лицензиядан өтөт. Бүтүрүүчүлөргө толук эмес жана жалпы орто билим жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү күбөлүк аттестаттар бүтүрүүчүлөргө берилет.

Эл аралык SilkRoad жана SilkRoad Cambridge мектептери эл аралык ECIS, Cambridge аккредитацияларынан өтүшкөн.

— Окутуу процеси кандай усулдук ыкмаларда жүрөт. «Диний сабактар бар. Ал жашыруун берилет. «Себаттын» ичин текшертиш керек. Балдардын улуттук сезимдери өзгөрүп калат экен» деген пикирлер да чыга калууда. Буга кандайча жооп берет элеңиз?

— Биздин билим берүү мекемелеринде диний сабактар окутулбайт. Буга күмөн санагандар келип биз менен жолугушуп, окуу жайлардагы окуу сабактарына катыша алышат. Лицейдин ишмердүүлүгү ачык айкын, эч кандай жашыруун иш-аракеттер жок.

Биз да Кыргызстандагы бардык окуу жайлар сыяктуу окуучуларыбызга мекенчил болууга, коомго жана мамлекетибизге пайдалуу инсадарды тарбиялоого аракеттенебиз. Жалпы 24 жылдык ишмердүүлүгүбүздө 12 468 бүтүрүүчү аяктады, жана алардын 60 пайызы Кыргызстандын ЖОЖдорун ийгиликтүү аяктады. Ал эми 235 бүтүрүүчүбүз мугалимдик кесипти аркалап, мектептерде мугалимдик кесипте эмгектенип келишет.

Кошумчалай кетчү нерсе, окуучуларыбыз Кыргызстандын атынан эл аралык олимпиадаларга да катышып, ийгиликтүү орундарды ээлеп келишет. Жалпысынан 13 алтын, 20 күмүш, 36 коло медалдарды алышкан. Мунун баары окуучуларыбыздын мекенчил болгонунун көрсөткүчү деп атасак болот.

Билим олимпиадасынан сырткары окуучулар долбоорлордун жарышы сынактарына активдүү катышып келишет. Жаш ойлоп табуучулардын олимпиадаларына катышып, байгелүү орундарды да алышты. Жалпысынан окуучуларыбыз 13 өлкөдө болушуп, 182 долбоор менен катышып, жыйынтыгында 12 алтын, 29 күмүш, 33 коло медалдарды жеңип келишти.

— «Себаттын» жакынкы жана перспективалуу пландары туурасында азыноолак айта кетсеңиз? Жогорудагы окуялардан кийин «Себаттын» келечегин кандай көрөбүз? Дагы кандай тоскоолдуктарга туш болушу мүмкүн деп ойлойсуз?

— Алдыга койгон максаттарыбыз чоң. Билим берүү мекемеси болгондуктан, лицейлерде окутуунун жаңы методикаларын киргизүү, жаңы окуу каражаттарын колдонуу, лицей бүтүрүүчүлөрүн дүйнөнүн эң мыкты 100 орунга кирген жогорку окуу жайларына жиберүү,“Себат” лицейлеринде билим берүүнү жогорку деңгээлге алып чыгуу максаттарыбыздын бири болуп саналат.

Бүтүрүүчүлөр менен кесиптик тандоону туура уюштуруу максатында ар бир лицейлерде жогорку окуу жайына жайгаштырууга насаатчы мугалимдерди дайындадык. Ушул жайында “Себаттын” мугалими Америкадагы Гарвард университетинде атайын курстан өтүп, сертификатын алып келди. Быйыл чет өлкөлөрдөгү эң алдыңкы жогорку окуу жайларына даярдоо системалуу болмокчу.

— «Себаттын» окуучулары дүйнөлүк олимпиадаларда алдыңкы орундарды алып келип жатканы жаңылык деле болбой калды. Бул ийгиликтин сыры эмнеде?

-Биздин иш багыттарыбыздын бири — таланттуу, интеллектуалдык жөндөмү жогору балдар менен иш алып баруу болуп саналат. “Себат” лицейлеринде олимпиадага даярдоо 8-класстан тартып башталат. Алгач окуучуларга атайын анкета жүргүзүлүп, предметтерге бөлүнөт. Олимпиадалык топтор менен мугалимдер даярдоо сабактарын жүргүзүп турушат. Окуучуларыбыз 9-класска келгенде предметтик олимпиадаларга катыша башташат. Республикалык олимпиада аяктагандан кийин дүйнөлүк олимпиадага тандалып калышат. 2015-2016 окуу жылынын жыйынтыгы менен Республикалык предметтик олимпиадада “Себаттын” окуучулары 13-биринчи, 14-экинчи, 17-үчүнчү орунду камсыз кылышты. Ушул жай айларында өткөн дүйнөлүк олимпиадаларда 5 коло медаль жеңип келишти. Алар физикадан Садиков Артур, химиядан Доорон Маметов, биологиядан Даян Мелисов, Ислам Бекташов жана информатикадан Азрет Кенжалиев болушту. Олимпиададан алган сертификаттары менен дүйнөнүн эң алдыңкы университеттерине окууга мүмкүнчүлүк алышат.

— Окуу төлөмдөрү боюнча кандай жеңилдиктер каралган?

— Билим алууга болгон төлөмдөрдө дифференциацияланган ыкма колдонулат. Алсак, Бишкек шаарында окуу акысы бир жылга 3100 АКШ доллары болсо, Нарында жана Кадамжайда 1000-1700 долларды түзөт. Окуунун мыктыларына, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жеңилдиктер каралган. Жалпысынан “Себатта” билим алган окуучулардын 38 пайызы окуу төлөмүндө жеңилдиктерди алышкан. Ата-энелерден алынган окутуу акысы окуучулардын тамактанышына, мектеп формасына, тиричилик тейлөөлөргө, окуу китептери менен гана камсыздандырууга жетет. Окуу корпустарынын, жатакана жана башка чарба имараттарын кармоо, жаңы окуу имараттардын курулушу жана мекемелерди оңдоо-түздөө иштери демєєрчїлєрдїн финансылык көмөгүнүн аркасы менен ишке ашат.

— Мугалимдик кесип-түйшүктүү кесип. Өз кесибин сүйгөн мыкты мугалимдерге мүнөздөмө бере кетсеӊиз? “Себаттагы” мугалимдер үчүн кандай шарттар түзүлгөн?

— Мен өзүм кесибим боюнча – англис тили мугалимимин. “Себат” лицейлеринде мугалимдик кесипти аркаладым. Менин оюмча эгерде мугалим өзүнүн билимин өркүндөтүүдө талбай изденсе, балдарга билим берүүнүн жаңы технологияларын эң жакшы деңгээлде өздөштүрө алган болсо, дүйнөгө болгон көз карашы жогорку интеллектуалдык деңгээлде болсо, анда анын колунан билим алган окуучу заман талабына шайкеш келген жаңы доордун анык ээси болуп чыгат. Бүгүнкү мугалим өз кесибине кошумча жаңы технологияны пайдалана билүүсү зарыл. Бул багытта мугалимдер ар дайым семинарлардан, методикалык окуулардан өтүп туруусу зарыл.

“Себаттагы” мугалимдер үчүн ишмердүүлүгүнө ылайык шарттар түзүлгөн. Окуу класстары, предметтик лабораториялар керектүү каражаттар менен жабдылган. Интернет байланышын, интерактивдүү такталарды, компьютерлерди ар дайым колдоно алышат. Жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдериндей эле “Себаттын” мугалимдерин Кыргыз Билим берүү академиянын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарынан, предметтик кафедралардын жетекчилиги алдында үзгүлтүксүз билимин жогорулатуу программалары боюнча семинарлардан өтүп турушат. Ошону менен бирге өз алдынча өнүгүү программаларынын үстүндө да иштешет.

— Кандай гана учурлар болбосун «Себатты» кыргызстандыктар ар дайым колдой тургандыктары белгилүү болуп калды. Элдин арасында кадыр-баркка, урмат-сыйга татыктуу экениңиздерди байкап турдук. Ушундай оор кырдаалдарда сиздерге кимдер өзгөчө таяныч боло алды?

-Биз Кыргыз элине абдан ыраазыбыз. Албетте, биринчи кезекте ар дайым ата-энелерибиздин колдоосуна ээ болуп келебиз. Мен учурдан пайдаланып Кыргыз элиме, бийликтин өкүлдөрүнө, ата-энелерибизге көрсөтүлгөн ишенимдери, жардамдары жана колдоосу үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем.

Аңгемелешкен Майрамбек Токторов, «Кутбилим», 24.10.2016-ж.

Макала Нурлан Кудайбердиев, «Себат» билим берүү мекемесинин башкы директору: «Себат» — мекенчил инсандардын мектеби бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

“Куттуу билимдеги” чындык маселеси

$
0
0

 

Кыргыз элинин улуттук оозеки чыгармачылыгы менен катарлаш жазма маданияты кошо жашаганы тарыхта белгилүү. Ал эми жазма адабиятыбыздын байыркы үлгүлөрүнүн ири өкүлү, албетте, Баласагындык Жусуптун байыркы түрк тилиндеги “Куттуу билим” чыгармасы.

“Куттуу билим” оозеки фольклордук чыгармалар сыяктуу эле адамзаттын турмушуна эң керектүү тарбиялык мааниси күчтүү темаларды, укук жана милдеттерди түздөн-түз чагылдырып турат. Мисалы: адамдардын жүрүм-туруму, үй-бүлө, аял-эркек мамилелери, балдарга тарбия берүү, конокко баруу же тосуу эрежелери, мал чарбачылыгы, устачылык, дүйнө, өмүр-өлүм жөнүндө философиялык ойлор жана толгон-токой адам баласынын касиет-сапаттары, кылык-жоруктары баяндалып, адамдар бири-бирине кырдаалга жараша кандай мамиле кылыш керектиги жөнүндө көрсөтүлөт. Бул адамдык касиет-сапаттардын ичинен биз карай турган маселе –  чындык жана чынчылдык.

“Ак ийилет бирок сынбайт” дейт эл оозунда. Жусуп Баласагын да “Куттуу билимде” чындык, чынчылдык ар дайым жеңип чыгаарын жана чындык бар жерде ийгилик, жеңиш, адилеттик, атак-даңк, тынчтык, бийлик, орноп тураарын айтат.

“Адам болсун жылдыздуу, жүзү жарык,
Элге керек чындыкты жүрсүн алып.
Адам эле жүзү жарык, жылдыздуу,
Сөзү балдай, таамай айткан чындыкты”
— деген саптар, дегеле, кандай гана киши болбосун чындыктан танбаш керектигин баса белгилейт. Муну менен акын чындыктын адам баласынын жашоосунда канчалык деңгээлде маанилүү экендигин көрсөтөт. Ал акылдуу, боорукер, адептүү, жоомарт ж.б. адамдык жакшы сапаттардан мурда, биринчи кезекте чынчыл болуу керектигин эскертет.

Тарбиялык, логикалык-философиялык ой жүгүртүүлөргө, маалыматтарга бай “Куттуу билимде” жалпы эле ааламдагы адам жашаган коомго тиешелүү ыйман, акылмандык, руханий-нравалык байлык, үй-бүлөлүк ар кандай маселелер, жалпы коомдук ынтымак, биримдик, материалдык өнүгүү, байлык, бийлик, салт-санааны барктоо, урмат-сый ж.б. көп түрдүү темалар камтылган. Булардын ичинде адамдык мыкты сапатты туюндуруучу касиет – чынчылдык. Чындык жана чынчылдык адамзат жашоосунда кандай кызмат аткараарын бул чыгармадагы саптардан мисал келтирүү менен Жусуп Баласагындын адам баласына кайрылуусу, үндөөсү же чакырыгы катары системалуу түрдө беш чакырык деп атап, аныктоого аракеттендик. Чындыктан чыккан беш чакырыктын биринчиси:

“Чынчыл, түз, адилеттин жолун жолдо,
Кыйшык, жаман алпарбайт жакшы жолго.
Адилеттүү, ак иштеп, чындык десең,
Бийлигиң козголбостон турат бекем.
А эгер бүт ааламды алам десең,
Анда деле айтаарым чынчыл бол сен”
— деп, акын кандай иште болбосун чындыктан жазбаган адам ийгиликти багынтаарын ташка тамга баскандай айтат. Бул – “Чындык ийгиликке жеткирет!” дегенди түшүндүргөн алгачкы чакырык. Ал эми:

“Акылдуу бир адамдын сөзүн укчу,
Ал экен элге башчы, чынчыл, мыкты.
Жалган эмес, чындыктын жолун жолдо,
Чынчыл, түз бол – сен асты кежир болбо.
Адилет, чынчыл бектер куттуу келет,
Кутун төгүп элине бакыт берет.
Айтыптыр элге жаккан адам жакшы,
Чынчылдыктан ал тапкан атак-даңкты.
Наадандарга жолобо, бузуп тынат,
Чынчыл менен бир болсоң, түзөп турат.
Баарын угуп ажырат жалган чынын,
Чынчылды ал да, кууп сал калпычысын.
Абийирдүүлөр дос күтөт жакшылардан,
Тапсам дейт акылы бар чынчыл адам.
Азаматты эки сапат багыттайт:
Чындык сөзү, ак эмгеги карытпайт”-
деген саптарда чынчылдык адамдык мүнөз-сапаттардын ичинде түз жолго салуучу, туура багытты көрсөтүүчү, атак-даңкка жеткирүүчү, кут дааруучу, достукту бекемдөөчү эң негизгиси “Адамдыкты” аныктоочу эки сапаттын бири экендигин эскертет. Демек, экинчи чакырык “Чынчылдык – эң мыкты сапат!”.

“Куттуу билимде” бийлик өкүлдөрү, эл башкаруучулар кандай сапаттарга ээ болуш керектиги, калк менен мамиле түзүүдө же болбосо элдин ишеничине кирүү үчүн, мыкты башкаруучу болуу үчүн эмнелерге өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы жөнүндө да кенен сөз болуп, чындыктан тайбаган, адилеттик менен иш алып барган, чындык менен адам укуктарын сыйлаган башкаруучу гана чыныгы бийлик ээси боло ала тургандыгы айтылат. Бийликти сактап туруунун жолдорунун эң негизгиси бийлик ээсинин жана анын ишенимдүү адамдарынын баарында адамдык жакшы сапаттардын башкысы – чынчыл болуулары шарт делет. Мисалы:

“Бийликтин эң негизи – адилеттик,
Чындык барда козголбой турат бийлик.
Бектик күчтүү, адилет жолу менен,
Бектин жолу – чындыкта жүрүү кенен.
Бийлик менен улуулук урматталат,
Чындык менен укукту жүрсө кармап.
А эгер бүт дүйнөнү алам десең,
Чынчыл бол дилиң менен ишиң менен.
Адилет деп кимди айтат чыны менен?
Адамды ак чындыктан ийилбеген!”
Чыгарманын башкы каарманы Күнтууду – “адилет” концептинен түзүлгөн. Анын образы аркылуу акыйкаттыкты сүйгөн, чынчыл, адилет, ак кызмат өтөө үчүн жан дили менен аракеттенген эл башчысын көрүүгө болот. Мындан үчүнчү чакырык келип чыгат: “Чындык, адилеттик бийликти сактап турат!”.

Адилеттүүлүк, адилет аткарылган иш жана адилет бийлик ээсинин көрөңгөсүн чындык жана чынчылдык мүнөз түзүп турат. Чындык эч качан ийилбейт, ийилсе да сынбайт, ал ар дайым түптүз жана бекем, ишенимдүү болот. Чындык менен аткарылган иштин жыйынтыгы да адилеттүү аяктайт. Мамлекеттик мыйзамдар чындыктын негизинде түз жана адилет, туура аткарылса ошондой эле бийлик башчылары да чынчыл мүнөздө адилеттүү иш алып барса алар жашаган коом ар дайым тынчтык жана кут ичинде жашайт. Чыгарма ушул сыяктуу калкты башкаруу, элдин ишенимине кирүү жана алардын ишенимин актоо, адилеттүү иш алып баруу сырларын терең ачып бергендиги менен бийлик башчыларына да табылгыс байлык экенин баса белгилөөгө болот.

“Сүйлө десе – чындыкты ачык сүйлө,
Так жаса айткандарды толук күндө.
Туура сөздөн чексиз пайда табаарсың,
Жалган сөздөн каргыш-сөгүш алаарсың.
Туура сөздү сүйлөй билгин тартынбай,
Кыйшык, калптан качкын өчүк касыңдай.
Туура сөз сага айтса таарынбагын,
Ачык сөздүн өзөгү чындык дайым.
Чындык сөздү кулак салып угалык,
Чындык сөздүн түп атасы тууралык”.

Чындык жана туура айтылган сөздү уга билүү жана сиңирип алуу да өзүнчө бир жакшы сапат. Чындыкты укпаган кежир жана укса да уккусу келбеген акылдуусунган адамдардын тобу да кездешет. Мындай адамдардан алыс болууга үндөгөн автор, “Чындыкты УК жана андан ТАНБА!” деген төртүнчү чакырыкты жар салат.

“Чындык ачуу болсо да чыдоо керек,
Чындык сөздөн өзүңө пайда келет.
Сөз чынынан бузулбайт, баалай жүргүн,
Калп-чынды, ак-караны айра билгин!
Бирок да чындык сөздөр күнөө делбейт,
Сөзү ак, чындык дайым таттуу келбейт”-
деген саптарда таасын айтылгандай, чындык дайыма эле таттуу боло бербейт жана кээде өз ордун таап “отура албай” да калат. Муну ачуу чындык жана кечиккен чындык деп атайбыз. Ачуу чындык, бул түшүнүктүү, ал эми кечиккен чындыкка бир мисал келтирсек, адам алданып же жалган жалаа менен күнөөлүү болуп калган учурда бир нече убакыт өткөндөн кийин акталышын, чындыктын ортого чыгышын кечигип болсо да чындык жерде калбайт, кечиккен чындык деп түшүнөбүз. Бирок ошол убакыттын ичинде чындыктан ажыраган адамдын көңүлү, сезимдери, бүт жашоо-турмушу астын-үстү болорун Жусуп Баласагын өзүнүн “Куттуу билиминде” катуу эскертип, ошол кырдаалга ар дайым туруштук берип даяр болууга, сынбоого, чыдамкай, сабырдуу болууга үндөп: “Чындык чыдамкайлыкка тарбиялайт!” деген бешинчи чакырыкты таштайт.

“Бир караганда дастанда олуттуу конфликттик окуя, кырдаал жок болгону менен, адамдардагы сапаттардын ортосунда кагылыш курч мүнөздө чагылдырылат. Мисалы: адалдык-арамдык, марттык-сараңдык, акылмандык-акмактык, сылыктык-оройлук, эмгекчилдик-жалкоолук, сөзмөрлүк-чоркоктук, кичипейилдик-төрөпейилдик, сезимталдык-ташбоорлук. Булар эч убакта компромисске келбей турган түбөлүктүү карама-каршылыктар”- деп адабиятчы, академик А.Акматалиев таамай белгилегендей, чыгармада түздөн-түз каармандардын же карама-каршы түшүнүктөрдүн ортосунда курч окуялуу конфликттер жаралбаганы менен чындык маселеси боюнча чындык-калп, чынчыл-калпычы (жалганчы), туура сөз-кыйшык сөз, ак-кара түшүнүктөрүнүн оң-терс, жактарын, туура жана туура эмес жолдорун аныктоо менен адамга кайсыл учурда пайда же зыян алып келээри жөнүндө автор каармандардын суроо-жооптору аркылуу окурмандарга абдан эле терең түшүнүк бере алган.

Дүйнө, коом ак менен каранын, жакшы менен жамандын, эркек менен аялдын гармониясынан жаралганына таянып бузукулук бар жерде адилеттик, калп бар жерде чындык, ичи тарлык бар жерде жоомарттык кашкайып көрүнүп турарын айта алабыз. Жыйынтыктап келсек, адамдык карама-каршы сапаттар дайыма жанаша жүрөт жана жаман сапаттар жакшы сапаттарды айырмалап көрсөтүүгө көмөк берет.  Улуу ойчул, даанышман Жусуп Баласагын мындай адамдык түрдүү сапаттардын ар бирине кенен токтолуп, ач көздүк, ичи тарлык, жалган, калпычылыктын адамга тийгизген зыяндуу жактарын көрсөтүү менен адилеттик, чындыктын коомдогу пайдасын дагы да терең жана элестүү ачып берген.

Орто кылымдан калган бул баа жеткис эмгек жалпы эле түрк элдеринин, анын ичинде, ошол ойчул акын, философтун туулуп өскөн аймагын мекендеп жаткан кыргыз элинин улуу сыймыгы. Жусуп Баласагындын бул чыгармасы бир адамга же бир нече адамдардын тобу үчүн жазылган чыгарма эмес. Ал жалпы АДАМ баласы  (адамзат) үчүн жазылган жана жашоодо адам деген атка татыктуу болуу үчүн туура багыт көрсөтүүчү шам чырак. Бул чыгарма окурмандын жашын же өтүп жаткан мезгилди ылгабайт, ким болбосун жана канча убакыт өтсө да адамзат жашаган коомдо өз ордун жана адабий дидактикалык, педагогикалык философиялык салмагын жоготпойт. Чыгарма ушунусу менен баалуу.

janar_omuralievaЖанар Өмүралиева,
КР УИА Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун
“Манас”,  фольклор жана акындар чыгармачылыгы бөлүмүнүн
кенже илимий кызматкери

«Кыргыз тили»

Макала “Куттуу билимдеги” чындык маселеси бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

«Олжобай менен Кишимжан»жөнүндө алты факты. Таеже менен жээндин сүйүүсү

$
0
0

Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында чакан бирок, чоң сүйүү баянына арналган, анча-мынча сезимтал адамдардын көзүнө жаш алдырган дастан бар. Sputnik Кыргызстан дал ошол чыгарма — «Олжобай менен Кишимжан» тууралуу алты фактыны окурмандарга сунуштайт.

«Олжобай менен Кишимжан» кыргыздын лирика-эпикалык дастаны же лиро-романтикалык эпосу. Чыгарма бай-манаптык доор учурундагы окуялар, эки ашыктын кайгылуу тагдыры жөнүндө баяндайт. Олжобай менен Кишимжандын махабаты жана алардын алыскы тууган — жээн, таеже болгону айтылат. Дастан сюжетиндеги кагылыштар да ошол эки жаштын сүйүүсүнө байланыштуу чыгат да, алардын өлүмү менен чечилет. Окуянын мындан бир нече жүз жылдар мурун, тагыраагы 16-кылымдын башында болгондугу айтылып келет.

 

Ашыктык, ажал, трагедия

Чыгармадагы окуя, сюжет Олжобай менен Кишимжандын сүйүүсүнүн тегерегине топтолгон. Эки жаш бири-бирине кошулууга жан-дили, бардык күчү менен аракеттенет. Ал экөөнүн аракети жекече өздөрүнүн кызыкчылык пайдасы үчүн гана болгон далалаттардан эмес. Бул алардын жалпы эле ошол мезгилдеги коомдук түзүлүштүн мораль, нраваларына каршы нааразылыктары. Мезгил, шартка жараша бирин-бири сүйүшкөн жаштар бирге боло алышпайт, тилектерине жетпей өлүмгө моюн сунат. Эл арасында чыныгы сүйүүгө бекем болуу идеясын даңазалаган чыгармаларда Олжобай менен Кишимжанды мисалга алып ырга кошкону бекеринен эмес.

 

Үй-бүлө, нике мамилелери

«Олжобай менен Кишимжан» поэмасында өткөн заманда кыргыздардын үй-бүлө, нике мамилелеринин ар түрдүү формалары чагылдырылган. Алсак, поэмада биринчи планда өткөндөгү кыргыз турмушунда үстөмдүк кылып келген үй-бүлө, никенин бир формасы, тактап айтканда макулдугун эске албай, ата-энелердин кеңеши, буйругу боюнча баш кошкон түрү жөнүндө да баяндалат. Ушундай үй-бүлө, нике формасынын негизинде келип чыккан калың берүү салты эпосто сындоо, ашкерелөө маанисинде сүрөттөлөт. Чыгармада үй-бүлө, нике мамилелери менен тыгыз бирдикте кыргыз элинин адат — салттары, нравалары да ачык элестетилген. Бул жагынан алганда «Олжобай менен Кишимжан» поэмасы кыргыздардын өткөндөгү этнографиясын үйрөнүүдө, сөзсүз баалуу чыгармалардан боло алат. Анда үйлөнүү тоюна мүнөздүү болгон адат, салттардын бардык этаптары кеңири сүрөттөлгөн

 

Кишимжан – эркиндикти сүйгөн, сүйүүнү өмүрүнөн кымбат койгон каарман

Анын образын түшүнүү максатында башка эпикалык чыгармалардын, айталык баатырдык эпостордун каармандары менен салыштырып караса болот. Ал – кайраттуу, сөзүнө турган, бир туруп назик, башкысы адилетсиздикке чыдабаган, моюн сунбаган инсан. Адабиятчылар анын образын «Кожожаш» поэмасындагы баш каармандардын бири — Зулайка, «Төштүк» эпосундагы Кенжеке, «Эр Табылдыдагы» Кардыгач,»Манас» эпосунда Каныкей, «Жаңыл Мырза» эпосундагы баатыр кыз Жаңылга катар коюп келишет.

 

Бир нече варианты бар

Варианттарынан кыйла көркөм иштелгени, сюжети кызыктуу түзүлгөнү Алымкул Үсөнбаев менен Сопубек Сакетаевдин варианттары. Алымкул Үсөнбаевдин айтуусу боюнча биринчи жолу 1940-жылы басмага даярдап чыгарылган. Кийинки басылыштары 1956-жана 1974-жылы ушул эле айтуучудан жазылып алынган вариантында өзүнчө китеп болуп чыккан. «Олжобай менен Кишимжандын» Үсөнбаевдин айтуусунан башка эки варианты бар. Биринчи вариант 30-жылдардын алдында Түп районундагы Күрмөнтү айылынын жашоочусу Сопубек Сакетаевдин, экинчи вариант Оштун Чоң-Алайында Матрайм Кабылов деген адамдан жазылып алынган. Бул варианттыр учурда Тил, адабият институтунун кол жазма фондусунда сакталып турат.

 

Дастандагы көөнө сөздөр

Чыгарманы окуган адам кыргыздын көөнө сөздөрүн кезиктире алат. Акер (кооздоп жасалган кепич, бүргөн (шыбакка окшош өсүмдүк), даражы (эки бети бирдей өңдө токулган жука жибек кездеменин бир түрү), кежим (жалтылдаган алтын жиптен токулган кымбат баалуу ат жабуу), күбөк (күмүштөн же жезден жасалган сөйкө), мун (кемчилик), чагырмак (кымыздан тарткан арак) сыяктуу сөздөр менен сөз байлыгын байыта алары турган иш.

Фактыларды даярдоодо Сапарбек Закиров баш болгон адабиятчылардын Тил жана адабият институнан чыккан эмгектери пайдаланылды.

«Sputnik-Кыргызстан», 02.07.2016-ж.

Макала «Олжобай менен Кишимжан» жөнүндө алты факты. Таеже менен жээндин сүйүүсү бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Кыргызга күндөй жансын деп, жаралды Рыспай… Барчынбек!

$
0
0

Кайран, Барчынбек! Оозун ачса ичегарды көрүнгөн, көңүлүндө кири жок таза жигит болчу. Азыр шапкеңи ыргытсаң эле обончу менен акынга тийет эмеспи. Кара сөз катары бычакка сап болор ыры жок бирдемелерди кынаптай салган жармач обончулар ансыз да «аксагы менен миң» болгон акындардын катарын толуктап жатат. Аларың ямаха, компьютер менен чүргөй салган алешем обондорунун аркасынан үстөккө-босток сахна менен телерадиодон түшпөй, бирок чыныгы акындардын сүрмө тобунда боз чаңгыл болуп желип-жортуп келатышат. «Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» дегендей, алиги бөртөй-шөртөй «акындарды» кой деп койгон Жазуучулар союзу же Маданият министрлиги же “Кыргызпатент”, кур дегенде илгеркидей адабият сынчылары жок. Бар деңизчи, бирок бирдеме десең эле «демократия» деген чапанды тескери жамынып алган аларың «бөө» деп беттен алганда, «сынчынын сыңар өтүгү» сыраң деп көрүнүп калчудай, иликтей, жиликтей, тескей турган тиригарак сынчылар эчак кынына кирип кеткен сыяктуу. Жаман сөзүнө кымкаптай көрүнгөн чепкенди желбегей жамынып алган «акындардын» жанында Омор Султанов, Анатай Өмүрканов, Шайлообек Дүйшеев, Кыялбек Урманбетовдор шоона эшпей, алар ким десең, «аларды эмне менен жейт?» деген аңкоо суроо менен кайра өзүңү бөк түшүргөн жан дүйнөсү жарды окурман четтен табылат. Анткени, алардын өз чындыгы бар. Дегинкисин жакшы деп жаралган чыгарма жүрөктү зырп эттириши керек да, алиги «кымкап» жамынган обондуу ырлар жаштардын жүрөгүн эмес, буттарын тыбыратат. Анан соңку кездери «күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичкен» кыспуруштар бекер келген «беделден» айрылсынбы? Анан жинди улактай үзүнүп-жулкунуп, меңдубана жеген койдой мээси тегерене мекиренип жаткан жаштар, кудай уруп Шайлообек менен Кыялбекти таанысынбы!? Базар шартында алардын шири каптаган маңкурт башында кытай азыктарындай кызылдай акча турат. Капитализмди башынан кечирбеген байкуш кыргыз көпшөк бадырактай көңдөй жан дүйнөнүн кулу болуп баратат.

Барчынбек Бугубаев деле кыргыз рухунун жогорку чени болгон өйдөкү акындардай сөздүн чыныгы маанисиндеги акын болчу. «Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт» дегендей, анык акындыгын сөз кадырын билген мекенчил адамдар билчү. Рыспай Абдыкадыров да анын ырларын окуп алып, «Ой, кыспуруш эй-а! Куду мендей ойлойт экен аа!» — деп атпайбы.

Миң толгонгон сезимимди,
Куса чөккөн ыр коштоп.
Арман ойлор көңүлүңдү,
Кыйнаар бекен мага окшоп.
(«Көңүлсүз кеч», 1993-жыл, Ош)

Ушинтип жогору баа берип, өмүрүнүн акыркы жылдары Барчынбек Бугубаевдин «Кусалуу жол», «Көңүлсүз кеч», «Түнкү санаа», «Айтумар» деген ырларына обон чыгарган. Менин билишимче, анын дагы үч-төрт ырына обон чыгарса керек эле, бирок алар 6 томдугуна кирбей калган 150дөй обону менен кошо «күүсандыгында» жатат шекилди.

Рыспай 1994-жылы 12-сентябрда каза болгон. Ал шордуу да соңку кездери ичер суусу төгөнүп баратканын сезип, жалаң алигидей муңдуу обондорду («Аза күүсү», «Махабат жөнүндө баллада», «Бейкүнөө жүрөгүмдө орун бирөө», «Күнөөлүүсү жалгыз өзүңсүң», «Кечирип кой») чыгарып калган. Атүгүл акыркы алты айда бирибизге да билгизбей биз менен коштошуп кетип жүргөнүн Рыспайдын 6 томдугуна жакындары эскерип жаздык.

Ал эми биз эбиреп-жебиреп жеткире албаган Рыспайдын генийлигин Барчынбек төрт сап менен эле таасын айтып койгон:

Табышмактуу талант бар тагдырында,
Табийгаттын үнү бар кайрыгында.
Рыспайдай обончу Ала-Тоого,
Качан келет болду экен, кай кылымда?

Алты томдо айтылгандардын баарын төрт сап менен жеткирүү үчүн Барчынбектей жүрөктүү акын болуу керек. Рыспайды баарынан ыйык, бийик, улук көргөн, ал оюн сыйымдуу төрт сапка батыра алган Барчынбектей алп акын болуу керек. Ошондойунан анын төрт саптары афоризмге айланып кетти.

Астрология төлгөсү боюнча бешенесине Ломоносов, Бальзак, Глинка, Чайковский, Шекспир сыяктуу генийлер туш келген Барчынбек Бугубаевдин да өмүрү өйдө-ылдый, бирок жемиштүү болду. Отуз басма табактай “Асман жерге созулган узак баян” деген ыр китебин чыгара баштап, дагы ошончо көлөмдөгү эки китебин белендеп койгондо, демөөрчүнүн жоктугунан биринчи китебинин эки жүздөй гана нускасын көрүп калды. Калганы колжазма түрүндө турат. Алмазбек Атамбаев, Султан Макашев, Тайырбек Сарпашев, Таштемир Айтбаев, Аскар Салымбеков, Мелис Турганбаев, Чыныбай Турсунбеков сыяктуу кыргыздын белдүү азаматтарына арнап ырлар жазган экен, бирок көшөкөр ыр эмес, алардын инсандык, атуулдук бейнесин кыт куйгандай кынаптаган саптар менен ачып бериптир. Атаңгөрү, ошолор, анан намысы болсо кочкорлук Акылбек Жапаров сыяктуу мен деген жердештери “көп түкүрсө көл болот” дегендей, демөөрчүлүк кылып койсо, утуштуу болгон кыргыз поэзиясы бир бөксөсүн толтуруп алат эле. Ошол бөксөнү Барчынбек гана толтурат болчу. Анткени, анын кыргыз поэзиясында эч кимге бергис өз орду бар. Ошон үчүн кеменгер жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: “Барчынбек Бугубаевдин чыгармачылыгы бөтөнчөлүгү, сырдуулугу, философиялуулугу менен кыргыз поэзиясынын гана эмес.., жалпы адамзаттын акылга сыярлык бийиктигин элестетет” — деп, 1997-жылы эле жазып койгон экен. Чыкесине окшоп, жалпы адамзаттык көйгөйдү көтөргөнү үчүн андан тилектеш шакиртин көрө билген шекилди. Анын ошол көсөмдүгүн жердештери көрө билсе кана!?

Аны кой, Жолдошбек деген бир тууган агасы Барчынбекти мас кылып алып, Кара-Жыгач конушундагы эки бөлмө тамын өзүнө жаздырып алыптыр. Эми келинчеги Майрам эки кызын балдар үйүнө тапшырып, кенжесин колуна алып, ар кимдин үйүн баанектеп жүрөт. Ага болбой арам өлсөчү дегиң келет ушундайда! Болбосо, кыргыз поэзиясынын алдыңкы сабында жүргөн инисинин ордун жоктотпой, жетим калган үч кызын камкордукка албайбы! Үрөйдү учурган ушул суук кабарды уккан коомчулук үн кошуп, экинчи өмүрү ырлары менен балдарында жашап калчу Барчынбектин арбагы алдында атуулдук парызын аткарабы дейм…

Бөкөнбай Боркеев,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
«Багыт.kg»
, 28.03.2016-ж.

Макала Кыргызга күндөй жансын деп, жаралды Рыспай… Барчынбек! бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Кыргыз кереметиндеги кызыктар

$
0
0

Алгачкы жеңил эротика

1mugalimАлгачкы “ачык кадр” 1965-жылы А. Михалков-Кончаловскийдин “Биринчи мугалим” тасмасында тартылган. Туугандары бай адамга экинчи аял кылып берип салган Алтынай мазактоого чыдабай ызасын, таарынычын суу менен кетиргиси келип, өзөндөгү сууга жылаңач кирип кеткени көрүүчүнүн эсинде (Дүйшөн агайы аны артка алып келе жатканда).

Бул эпизоддун тегерегинде канча деген ызы-чуу болгон. Жөнөкөй адамдан баштап, интеллигенция өкүлдөрүнөн өйдө жакшы кабыл алышкан эмес. БК Компартияга бул кино жаштарга үлгү болбой эле, жаман таасирин берет деген каттар жааган. Орус режиссер тасманы атайын биздин идеологиябызга карама-каршы тартты дешкен. Кыскасы, Алтынайдын жылаңач денеси бүткүл коомчулукту дүрбөткөн. Чынында Азиянын менталитети, кыргыздын улуттук салты экрандан мындай “ачыктыкты” күткөн эмес. Режиссер муну билген, түшүнгөн. Кийин ал эскерүүлөрүндө мындай деп жазган: “Мен советтик жылдарда киного тыюу салынган нерсени өзүмө уруксат бергем. Мусулман өлкөлөрүндө аялдар жылаңач түшмөк турсун бетин ачканга болгон эмес. Бирок башка ислам өлкөлөрүнө караганда кыргыздарда бир аз эркинирээк. Кыргыз аялы эч качан паранжы жамынган эмес”. Канча сындар айтылган менен дал ушул картина бар үчүн тасма көркүнө чыккан…

 

Талашып тартылган Уркуянын ролу

urkuya1971-жылы «Кыргызфильмде» Төлөмүш Океевдин «Отко таазим» картинасына актерлорду тандоо башталган. Биринчи колхоз жетекчиси болгон кыргыз аялы Уркуянын ролуна сулуу десе сулуу, таланттуу десе таланттуу талапкерлер көп келген. Океев өзү бул ролго Жамал Сейдакматованы баамдап койгон. Кинонун сүрөтчүсү Сагынбек Ишенов режиссердун бул оюн жаңылыштык деп эсептеп, ийменген, ыйбаа мүнөзү бар Таттыбүбү Турсунбаеваны сунуштаган. Ишенов өзүнүн оюн сунуштап жатып актрисаны Баткенде гана кездешкен илбериңки, назик гүлгө, Айгүлгө теңеген. Океев: «Мындай каарман аялдын ролуна уяң, жумшак аялды сунуштап жатканың кандай?! Ошондай аял колхозду уюштуруп, элди башкарып, кыйынчылыкка туруштук берип, душмандарга каршылык көрсөтө алмак беле? Бул ролго чечкиндүү, өткүр аял керек»,- дейт. Бирок Ишенов өзүнүн айтканынан кайткан эмес. «Сага колунда камчысы бар командирдин кереги не?! Биз түштүктүн тарыхын тартканы жатабыз, а түштүктүк аялдар эркекке тике карабай, уяң келишет. Негизи эле түштүктүн менталитетинин өзү өзгөчө. Эгерде бул ролго Таттыбүбүнү тартсак, Уркуянын каармандыгы такыр башка өңүттө кабыл алынат: күч күчкө каршы эмес, күч назиктикке, алсыздыкка каршы чыккан болот…»

Ишеновду фильмдин оператору Кадыржан Кыдыралиев да колдоп, сыноо үчүн тезинен тартып көрүүнү сунуштайт. Тартышат. Бир топ күн Океев жалгыз отуруп бир эмес, бир нече жолу көрүп атып сүрөтчү жана оператор менен макул болот. Макулдугун берип ал да жаңылган эмес. “Отко таазим” элди өзүнө тарткан, эң ийгиликтүү тасма болуп чыга келет. Көрүүчү экрандан бир эле убакта сулуулук менен күчтүүлүктү, назиктик менен өткүрлүктү, уяңдык менен чечкиндүүлүктү көрө алат. Таттыбүбүнүн моймолжуган көзү, кырдач муруну, ак куунукундай узун мойнунан өйдө элдин эсинде. Океевдин жакшы сапаты — башкаларды уга билчү дешет. Съемка башталганда Ишенов режиссерго: «Жүрү, жаратылышка барабыз. Карачы, баткен өрүгүнүн гүлдөгөнүн. Элестетсең: аппак гүлдөгөн өрүк, ак боз ат жана аппак жоолук салынган Уркуя…» деген. Ошол айтылган кадр да тасмага кошулуп, көркүн чыгарган…

 

Эротиканын “акыны”

Режиссер Мелис Убукеевди өз чөйрөсүндөгүлөр Кыргыз киносундагы эротиканын “акыны” деп атап коюшкан. Ал “ачык кадрларды” табит менен кошкон. Убукеев чарт-чурт кеткен оор мүнөздүү болгону менен өзгөчө сезимтал адам болгон. Ал фольклорду кыйын билген жана “Манас” темасын кылдат жана профессионалдуу иликтеген. Дээрлик бардык тасмаларын Убукеев эротика менен шөкөттөгөн. Акыркы тасмасы “Манас ааламы” да мындан айланып өткөн эмес. Эпизод мындай ойлонулган: Ысык-Көлдөн ат минген жылаңач кыздар жа-ай чыгышат. Бул кадр үчүн дене-мүчөсү келишкен кыздарга сынак жарыяланып тандалган. Бирок кино тартуучулар көлгө келгенде эле аба-ырайы бузула берген. Күндүн тийишин күтө берип тажаган режиссер кандай аба ырайы болсо да тартууга кийинки күндү белгилейт. Эртеси күнү дагы аба ырайы бузулат, бирок көлдүн ичине атка минген кыздар кирер замат шамал токтоп, күн чайыттай ачылып, булуттуу асманды асан-үсөн алмаштырат. Режиссер дал ушул пейжазды кыялданган эле. Бул пейзажда жарык маанай, поэтикалык нота, жан дүйнөнүн оргушу бар. Мындай кадрды чыныгы сүрөткер гана ойлоп тапмак…

 

“Ичип кеткен” Геннадий Базаров

ulanКээде кинодо кичинекей эле эпизод эсте каларлык болуп калат…

Режиссерлор өздөрү актерго кандай аткарышты айткандыктан, актердон өткөн актер экени айтпаса да белгилүүдүр. Режиссер Геннадий Базаров Океевдин “Улан” тасмасында кичинекей эпизодго тартылып калат. Анда башкы ролдогу Чокморов экөө соолуктуруучу жайга бирге түшүп калышат. Базаров алкаштын образын жакшынакай кылып ачып берген. Тасма экранга чыгат. Көп өтпөй Кочкордон Геннадийдин атасы телефон чалат (ал кезде кол телефон жок кез): “Уулум, бул эмне кылганың? Сен мени бүт айылга шерменде кылдың, үйдөн чыга албай калдым!” Базаров атасына бул кино экенин айтса, ишенбейт. Чокморовго барат суранып. Актер чалса: “Кантип уулумду бул ишке түрттүңөр? Ал абдан арык. Ичкенге болбойт”,- дейт кейип-кепчип. Чокморовго да ишенбей койгондо айла жок режиссердун өзүнө айттырат. Ошондо гана атасынын жүрөгү ылдыйлайт.

 

Кыргыздарга буюрбаган кадр

suyuuТөлөмүш Океев тарткан “Сүйүү закымдарындагы” (Кыргызстан-Сирия-Тажикстан биргелешип койгон тасма) Муфаззала кучактаган Алтынайдын жылаңач денеси сирия продюсеринин суранычы менен кошулган. Тамакка туз кошкондо даамы чыккандай эле, ал кадр тасманын рейтингинин көтөрүлүшүнө салым кошот. Албетте, касса көп чогулат. Андыктан авторлор ачык кадрларды атайылап эле кошушат. “Сүйүү закымдары” жабык павильондо тартылган. Башкы ролдогу актрисанын жылаңачтанган жерин дублер аткарган. Башкы ролдогу Алтынбүбүнүн ролун Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Асел Эшимбекова аткаргандыктан көпчүлүгү аны “жылаңачтанган” деп да сынга алышкан.

Сирия тараптын шарты боюнча тасма тартылып бүткөндөн кийин алар баарын ирээтке келтирип чыгышмак. Кийин сүрөтчү камерасын караса, баягы “жылаңач кадрлардан” бир эле сүрөт калган болот. Ошондуктан советтик прокатта бул эпизод жок.

Эльмира Мадиева, “Де-факто”, 10.10.2016-ж.

Макала Кыргыз кереметиндеги кызыктар бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Жусуп Баласагын – тил тууралуу

$
0
0

Орто кылымдагы Күнчыгыш ренессансынын көрүнүктүү өкүлү, ойчул акын, философ, Хасс хажиб Жусуп Баласагын жана анын алтын калеминен жаралган түбөлүктүү чыгармасы болгон «Куттуу билим» дастанынын мааниси, мазмуну коомдогу орду, көркөм адабий өзгөчөлүктөрү тууралуу иликтөөлөр ХХ кылымдын башынан тартып гана колго алынып, ондогон окумуштуулар тарабынан көркөм, илимий иликтөөлөр жүргүзүлүп, терең маанилүү ой-пикирлер газета-журналдарда, көркөм, илимий басылмаларда чагылдырылып келет.

Окумуштуулар туура аныкташкандай, «Жусуп Баласагындын бул эмгеги түрк тилиндеги алгачкы энциклопедиялык чыгармалардын бири». Дастандан анын «көрүнүктүү акын, өтө жогорку билимдүү адам, адамдын ички дүйнөсүн ача билген акылман, философ, окумуштуу-энциклопедист, араб жана фарсы поэзиясын жана түрк фольклорун ийне-жибине чейин өздөштүргөн акын; астрономия менен математикадан, медицина менен элоквенциядан, шахмат менен элдик оюндардан, мергенчилик менен куш таптоодон жана башка көптөгөн илим менен коомдун тармактарынан кабардар экенин баамдайбыз.

Бул чыгарманын коомдогу ордун, маанисин, ар тараптуу баалуулугун ага берилген ар түрдүү атоолор менен баалоолордон эле байкасак болот: «эпикалык чыгарма», «эң жогорку деңгээлдеги поэма», «классикалык дидактиканын ой жыйындысы», «төрт тарабы төп келген саясый трактат», «тарыхтын улуу сабагы», «философиялык ойго бай», «үлгү болорлук (шедевр) чыгарма» экендиги бааланып, «Кутадгу билиг», «Куттуу билим», «Бакыт берчү билим», «Бактылуу кылуучу илим» деген атоолордо которулуп келген. Н.Токтоматов менен Ж.Жаманкуловдор эмгектин мазмунуна карап, аны «Мамлекет башкаруу илими» деп атоого болорун да белгилешкен.

Дастандын көп тараптуу ойлорго бай экендиги айтылып келгендигине карабай, бүгүнкү күнгө чейин чыгармада берилген мамлекетти башкаруу, бийлик, байлык, саясат жүргүзүү космологиялык-философиялык ойлорунан башка көп жагы илимий негизде иликтөөгө алынып, түшүндүрүлүп, чечмеленип бериле элек. Алардын бири — биз бул макалада талдоого алып иликтөөнү алдыбызга максат кылып алган тил жөнүндөгү ойлору.

Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» дастанынынын жетинчи жана он тогузунчу бөлүктөрүндө тил тууралуу сөз болот. Алсак, жетинчи бөлүк «Тилдин асыл сапаттары жана пайда-зыяны туурасында» деп, ал эми он тогузунчу бөлүк «Айтолду Эликке тилдин жакшы сапаттары жана сөздүн пайдасы туурасында айтат» деп аталат. Бул аталыштарда берилгендей эле бул бөлүктөрдө тилдин асыл сапаттары, касиеттери, пайдасы жана зыяны, сөз, тил жана сөз маданияты туурасында нускалуу накыл кептер айтылат. Акындын тил жөнүндөгү көз караштарын башка бөлүктөрдөгү айрым саптардан да табууга болот.

Дастанда берилген тил, сөз тууралуу ойлорду анализдеп көрүү менен, тил илиминин төмөнкүдөй маселелери боюнча көз караштар чагылдырылганын байкоого болот:

  1. Тилдин пайда болушу;
  2. Жазуу менен кептин айырмасы;
  3. Тил менен ойдун байланышы;
  4. Тилдин функциялары, касиеттери;
  5. Тилдин асылдыктары жана зыяндуулуктары;
  6. Кеп маданияты;
  7. Тилдин коомдогу орду;
  8. Тилдин башка илимдер менен байланышы.

Ойчул акындын адам баласынын пикир алышуусу тил, сөз аркылуу ишке ашарын белгилегендигин төмөнкү саптарынан көрүүгө болот:

276
Адам ою айтылат го сөз менен
Сөзү жакшы сүймөнчүктүү жүзгө тең.

976
Тирүү адам сүйлөбөй коë алабы?
Ичтеги ою жайына койбойт аны.

162
Илим менен билимге көпүрө – тил,
Көкөлөткөн адамды тили деп бил.

203
Сөздү айтып билимдүүгө кайрылам,
Сөздү билбес акмактарды не кылам.

Мындан акын «тил» деген термин менен катар эле «сөз» терминин да колдонгонун көрөбүз. Китепте көбүнчө «сөз» термини пайдаланылган. Дастанды көңүл буруп окуп чыккан адам автордун тил илими боюнча түшүнүгү кең экендигин байкабай койбойт. Тереңирээк маани бурган адамга акын тил менен кептин айырмасын жакшы түшүнүп, кеп жөнүндө ой айтканда «сөз» деген терминди колдонгондугу билинет. Ошондой эле, жазуунун түбөлүк мурас экендигин, өзүнүн жазып калтырган бул эмгеги жөнүндөгү саптарында берип өтөт:

112
Тартуунун алгандырсың жүзүн, миңин,
Тартуум сага берер «Куттуу билим».

113
Белектин баары бүтөт, жок да арга,
Мен берген түтөт, турат кылымдарга!

114
Чогулткан байлык кетер суудай агып,
Жазуунун өмүрү узун күндөй жарык!

Баарыбызга белгилүү, жалпы тил илиминдеги негизги маселе – тилдин пайда болушу. Дастанда акын бул маселеге кайрылып, тилдин пайда болушун Жараткандан деп билет:

148
Адамзатты жаратты жандан артык,
Акыл, билим, өнөрдү берди калпып.

149
Ак пейил тилди, ойду кошо берди,
Жаркын жүз, жакшынакай келбет, өңдү.

168
Кудай сага сүйлөөрүңө берди тил –
Башың коргоп, сөздөрүңдү тескей бил!

211
Сөз бизге Кудай буйруп көктөн түшкөн,
Адамдын артыктыгы ушул сөздөн.

Мындан акындын тилдин пайда болушу жөнүндөгү көз карашы Платон сыяктуу идеалисттик багытта экендиги көрүнөт. Бул саптарда адам баласы акыл-эси, сүйлөө жөндөмдүүлүгү менен башка жандыктардан айырмалангандыгы да берилген. Жалпы тил илиминдеги дагы бир негизги маселе – тил менен ойдун байланышы да дастанда камтылып кетет. Автор тил менен ойдун тыгыз байланыштуу экендигин, адамдын ою тил аркылуу берилерин:

276
Адам ою айтылат го сөз менен
Сөзү жакшы сүймөнчүктүү жүзгө тең.

194
Байкагын, сөз айтарда ойлоп сүйлө,
Кордукту орой сөздөн тартып жүрбө.

275
«Кеп көркү – тил, ойдун көркү – сөз болот,
Кишиде – жүз, жүздүн көркү – көз болот»
деген саптарда берип өтөт.

Мындан сырткары, тил менен ой дайыма эле дал келе бербестигин, тилге караганда ой күлүк экендигин төмөнкү бейттер аркылуу айтып кетет:

998
«Сөз маанисин, — деди Айтолду, — билбейбиз:
Онун ойлоп, бирин гана сүйлөйбүз.

999
Бирин айтып, тогузун тый – керексиз.
Кажетсиз сөз – капта калсын демекпиз!».

987
Көп сүйлөсөң ойлонбой – кырсык келет,
Акылдуу сөз ар дайым пайда берет.

Дастандын мазмунунан акын тилдин функциялары катары оозеки жана жазуу түрүндө пикир алышууну, дүйнөгө көз карашын өстүрүүнү түшүнөрү байкалат. Тилге өтө жогору баа берип, анын касиетинин көптүгүн белгилейт:

1023
Тирүү жанга эки нерсе керектир,
Бири – тили, бири –дили ак көңүл.

273
Киши көркү сөз дешет, сөздү баала,
Адам сөзүн даңктаймын тилим барда.

Тилдин көп кырдуулугун, сөздүн ар кылдуулугун, пайдасы менен зыянын өтө кеңири түшүндүрөт:

163
Тил адамды бакытка бөлөп салат,
Тил адамды шорлотот, башын алат.

164
Тил арыстан босогоңдо комдонгон,
Бошоп кетсе – өзүңдү да жеп койгон.

172
Көп сүйлөбө, а көрөкчө так сүйлө,
Түмөн сөздүн оң мааниси бир сөздө.

Акыркы саптарда акындын сөздүн маанилери жөнүндөгү түшүнүгү ачык көрүнүп турат, чындыгында, кептеги сөздөр түрдүү маанилерде колдонулат. Бир эле ой кыйыр маанидеги бир канча тилдик каражаттар аркылуу берилиши мүмкүн, бирок алардын негизги түз маанидеги бир эле экваленти болгону көп кездешет.

Тил адамды чоң ийгиликтерге, кадыр-баркка, атак-даңкка жеткирери; акылдуу сөз башкаларды өзүнө баш ийдирип, адамдар менен мамиле түзүп гана тим болбостон, адамзат коомуна түбөлүккө калтырары; жакшы сөз адамдын ден соолугунун негизи; киреше табуунун жолу экендиги жана башка ушу сыяктуу пайдалары жөнүндөгү ой-пикирлер айтылат:

170
Орундуу сөз акыл-эстен от алат,
Орунсуз сөз ийиниңден баш алат.

173
Бийлик, атак адамдарга тил берет,
А ашык сөз уят кылат, өлтүрөт.

176
Тил такта башың аман болору чын,
Сөздөрүң накыл болсо – өмүр узун.

177
Чыгаша, киреше да тилден делет,
Андыктан тилди мактап, тилди сөгөт.

178
Дайыма сөздү ойлоп айтуу керек,
Жакшы сөз сокур үчүн көздөй делет.

1001
Айтолду айтты: «Жүйөлүү сөз – зор атак,
Орундуу сөз кулду көккө чыгарат.

1002
Сөзү орундуу адамдар кандай сонун,
Урматталып берилет төрдөн орун.

1025
Туура сөздөн чексиз пайда табарсың,
Жалган сөздөн каргыш-сөгүш аларсың.

Ошол эле учурда тилдин зыяны туурасында: ойлонбой сүйлөгөн сөз адамдын баркын түшүрөрү, башка адамдар менен касташууга алып келери, өмүр-жашоосуна зыян келтирери да айтылат:

974
Айтолду айтты: — «Элигим акыл, көзсүз,
Өмүрдү заардуу тил кыят сөзсүз.

986
Негизсиз сөз – акылсыздын айгагы,
Ойсуз башка түшөт каңгып кайдагы.

987
Көп сүйлөсөң ойлонбой кырсык келет,
Акылдуу сөз ар дайым пайда берет.

Жусуп Баласагын «Куттуу билиминде» кеп маданияты туурасында да өтө көп баалуу пикирлерди айтып кеткен: адам баласы кайсы жерде кандай сүйлөө керектиги; кандай сөз туура болору, кандай сөз туура эместиги; жакшы-жаман, орундуу-орунсуз, жүйөлүү-жүйөсүз, акылдуу-акылсыз, туура сөз, негиздүү сөздөр жөнүндө нускалуу кептерин айтуу менен туура сүйлөөгө, кеп маданиятына үйрөтөт:

1026
Туура сөздү сүйлөй билгин тартынбай,
Кыйшык, калптан качкын, өчүк касыңдай.

960
Бир акылман айтыптыр, эске сакта:
«Бербесе сага суроо, — оозуңду ачпа».

961
Чакырса – керектирмин, кезек келет,
Ким чакырса, сөздү ошо баштоо керек.

Бул саптарда сүйлөөнүн да өз маданияты бар экендиги, эгер бирөө сүйлөшүүгө чакырган болсо, сөздү ошол адам башташы адепке туура келери баяндалат.

978
Суроо берсе жашырбай баарын айткын,
Сурабайбы – оозуңду бекем жапкын.

964
Кызыл тил – өмүрүңдү кыска кылат,
Жашайм десең жакшылап оозуңду жап.

966
Кара баштын кас душманы кызыл тил,
Канча башты жутту, дагы жутат бил,

967
Болсун десең башын аман, тилди карма,
Болбосо – башың кетет, түшүнүп жүр!.

168
Тагдыр катаал болбойт десең өзүңө,
Тилиң тиштеп, сак болгунуң сөзүңө.

Ал эми бул саптарда суроо берсе, так жооп берүү керектиги; туура эмес жооп көпчүлүккө жакпагандыктан, адамга зыян келтирери берилген. Акын көп сүйлөөнүн адепке туура келбегендигин да кайра-кайра баса белгилейт:

1005
Айтты Айтолду: Көп сөздүү – маңыз делет,
Мааниси жок, жадатып сүйлөй берет.

1009
Көп тыңшап, аз сүйлөгүн – орду менен
Кемибейт акыл-ойду арка кылган.

1014
Көп тыңшап, аз сүйлөгүн – акылдуулар,
Ушинтип мага айткан баалуу сөз бар.

1015
Көп сүйлөгөн маңыз да, акылы аз,
Көп тыңшаган акылдуу, сөзүнө баш.

Төмөнкү саптарда өтө аз сүйлөө да туура эмес экендиги, адам чеги менен сүйлөө керектиги айтылат:

1027
Үндөбөсөң «дудук го» деп айтышат,
Көп сүйлөсөң «маңыз» наамы жабышат.

165
Түбөлүккө калам десең сен эгер,
Ачык сүйлөп, ак ишиңди улай бер.

166
Сөздүн баарын кармап калуу эң кыйын,
Керектүүсүн эске тутуп, так урун.

Жусуп Баласагын тилдин коомдогу орду чоңдугун жана маанилүүлүгүн, адам баласы тилин өнүктүрүүсү керектигин, ал эми тилди өнүктүрүүнүн бирден-бир булагы билим экендигин туура түшүнгөн жана насаат кылган:

990
Акылмандар – карын эмес, ой багар,
Билим менен акыл табар, ой табар…

190
Күмүштү ишке салсаң бүтүп калат,
Сөзүмдү ишке салсаң күмүш табат.

191
Адамга сөз калтыруу болгон адат,
Ал андан миң мертебе пайда алат.

972
Билимдүүнүн сөздөрү суудай аккан,
Жер ичип, шалбаа көктөп гүлүн ачкан.

Акын түрк тилине да баа берип өтөт:

667
Түрк тили эң акылман макалга бай,
Түшүнгүн кары сөзүн айткан мындай.

Жыйынтыктап айтканда, «Куттуу билимде» тил тууралуу айтылган жогорудагыдай ойлордун негизинде Жусуп Баласагын тил илими боюнча да түшүнүгү терең ойчул илимпоз. Ал орто кылымдагы тил илимине аз болсо да өз салымын кошкон инсан. Андыктан түрк тилинин, анын ичинде кыргыз тилинин өнүгүш тарыхында акындын башкаларга алмаштыргыс өзүнчө орду бар деп эсептейбиз. Акын жогоруда берилген акыркы саптарда белгилендей, «макалга бай, акылман» түрк тилин, толгон токой афористикалары менен байыткан, философиялык нукта тилди өнүктүргөн илимпоз.

Чолпонай Хидирова,
филолология илиминин талапкери,
БатМУнун доценти,
«Кыргыз тили»

Макала Жусуп Баласагын – тил тууралуу бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Нургазы Сыдыгалиев: “Элдин эсинде “Ак кемедеги” Нургазы боюнча калгым келет”

$
0
0

Нургазы Сыдыгалиев “Ак кемеге” тартылганда алты жашта болсо, азыр кырк тогуз жашта. Бишкектеги жаңы конуштардын биринде бюджеттик кызматкердин айлыгына он жыл ичинде чакан там салып алып жашап жатат. Байрагүл аттуу жары, Жанара аттуу кызы, Адилет, Жоомарт, Байтилек аттуу уулдары бар. Коргоо министрлигинин оркестринде музыкант болуп иштеп, пенсияга чыккан, бирок музыкалык окуу жайда сабак берип, Улуттук гвардияда музыкант болуп иштеп, чыгармачылык менен жашап келет. Жубайынын айтуусунда, бала чагынан айырмаланып, азыр Нургазы уяң жана токтоо. Кара жумушка да кыйын, эмгекчил, үй- бүлөсүнө камкор адам.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча Болот Шамшиев тарткан «Ак кеме» фильмин кимдер гана көргөн эмес. Фильм СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болуп, кыргыз кино кереметине айланган. Анда залкар артисттер Сабира Күмүшалиева, Асанкул Куттубаев, Орозбек Кутманалиев, Даркүл Күйүкова, Айтурган Темирова, Чоро Думанаев, Назира Мамбетова ж.б. ойногон. Фильмдин баш каарманы, адилетсиздикке каршы күрөшкөн бакыраң көз кыялкеч бала- — Нургазынын ролун аткарган Нургазы Сыдыгалиев тууралуу, анын учурдагы жашоо- турмушу тууралуу кеп кылалы.

— “Ак кемедеги” бакыраң көз Нургазыны баарыбыз жакшы көрөбүз. Ушул фильмге кантип тартылганың эсиңде калдыбы?

— Ооба. Бул мыкты фильмдин аркасынан мен Чыңгыз Айтматов, Болот Шамшиев, Сабира Күмүшалиева, Асанкул Куттубаев, Орозбек Кутманалиев, Айтурган Темирова жана башкалар менен катар жүрүп иштешип калдым. Кинодо алты жашта элем. Бала чагымда ал кинонун маанисин деле жакшы түшүнбөптүрмүн. Кийин бул фильм турмуштун ак- карасын көрсөткөн, терең философиялуу тасма экенине баа бердим. Кино тартылган Жети- Өгүздөгү Чоң- Жаргылчак аттуу кооз жер, тоодон- тоого чыгып ойногон кезим көз алдыма элестейт. Сабира апамды жакшы көрчүмүн, ал да мени баласындай эле жакшы карачу. Кээде чайды көп ичип алып, төшөккө заара ушатып койчумун. Сабира апам аны жууп- тазалачу. Момун атамдын ролундагы Асанкул атам турмушта да момун, жакшы киши болгону эсимде. Орозкул агамдан фильмде кандай корккон болсом, турмушта да ошондой эле коркчумун. Тоого чуркап кетип кечигип келгенде, ал урушуп койчу. Айтурган эжем менен ойногонум эсимде.

nurgazy2

— Фильмдин турмушуңа терс таасирин тийгизген жактары да болдубу?

— Медалдын эки жагы болгондой эле, роль ойногондун жакшы жактары менен катар, турмушума залакасын тийгизген жактары да болду. Киного тартылып бүткөндөн кийин мен Абдраев атындагы музыкалык мектепте скрипка классында окучумун. Бирок фильмге тартылгандан кийин да гастролго айлап кетип калганда, музыкалык сабагым жана окуум каралбай, скрипка классынан чыгып калдым. Ошол убактарда СССР өлкөлөрү арасында “Товарищ кино” деген программа бар эле, анда София Ротару, Муслим Магомаев, Кикабидзе, Вицин, Моргуновго окшогон артисттер, ырчылар болуп, Москва, Ленинград сыяктуу чоң шаарларда үч жарым жылдай гастролдо жүрдүк. Ал учурда мага музыкант мугалим менен тарбиячыны кошуп беришчү. Бирок алар мага сабак үйрөтпөй эле, дүкөн кыдырып жүрүшүп, кайра окууга келгенде “сабак билбейсиң, музыка үйрөнбөйсүң” деп урушуп калышчу. Мен аларга таарынчумун. Ошондон улам сабактан начар окуп, скрипкадан жетишпей калдым.

Кээде артыман жаман сөздөр да ээрчиди. Бир жолу Караколго барсак, бир бала “сага бир нерсе көрсөтөйүнбү” деп мени автовокзалга ээрчитип барды. Ал жакта бирөө “Мен “Ак кемеде” аткарган Нургазымын, мени эч ким карабай калды” деп кыйкырып, кайыр сурап олтуруптур. Өзү ичкен, үй- жайы жок неме окшойт. “Эмне менин атымды сатып жүрөсүң?” десем, “Антпесем мага эч ким акча бербейт” дейт. Ага бир аз акча берип, “Экинчи минтип айтканыңды укпайын” дегем. Бирок туугандарым, тааныштарым ушундай көрүнүштөрдү ар кай жактан көрдүк же уктук деп келишчү.

— “Ак кемеден” кийин башка фильмдерге тартылган жоксуңбу?

— Эльер Ишмухамедовдун “Үмүттүн чымчыктары” аттуу фильминде тартылгам, “Эрте келген турналарда” эпизоддо аткаргам. “Ак кеме” сындуу мыкты кинодо тартылып туруп, жөн –жай, жеңил- желпи фильмдерге тартылгым келген жок. Элдин эсинде “Ак кемедеги” Нургазы боюнча калгым келет.

— Кийин музыкант болуп иштедиңби?

— Ооба, Коргоо министрлигинин оркестринде иштеп, пенсияга чыккам. Бирок музыкалык окуу жайда сабак берем. Скрипкачы болбой калгандан кийин Рафаэл агайым бар эле, “Кой балам, бир аспапта ойно деп, мага үйлөмө аспапта, кларнетте ойноону сунуш кылган. Ошону менен Күрөңкеев окуу жайын, андан кийин Консерваторияны бүтүрдүм. Бирок үйлөмө аспапта деле чоң музыкант болсом болмок, тилекке каршы, аны деле толук өздөштүрө алганым жок.

— “Ак кеменин” режиссеру Болот Шамшиев, оператору Манас Мусаев жана башкалар сени абдан шок, жөн турбаган бала болчу дешет…

— Жакында Болот агайдын 75 жылдыгын белгилегенде, кино топ менен бир столдо олтуруп калдым. Алар мени киного тартылганда кандай шок, тентек бала элең, эми токтоо, жоош, такыр сүйлөбөгөн киши болуптурсуң деп күлүп жатышты. Азыр деле ошол кез эсимде турат. Жайлоодо фильмди эки саат ичинде тартып калыш керек болчу. Мен ошо эки саат ичинде тоого чыгып, чуркап кетип калчумун, кээде мени байлап коюшчу. Шоктугуман токтоп турган камерваген машинасын ылдамдыктан чыгарып ийип, аз эле жерден кырсык болуп кете жаздаган. Камерваген тоодон ылдый жүрүп кетип, ичинде Болот Шамшиевдин кичинекей Сүйүтайын көтөргөн эже мени түртүп чыгарбаганда, бир кырсыкка кабылмакпыз. Айтор кичинесинде шок бала чоңойгондо токтоо болуп калат окшойт.

Көп балдардын арасынан фильмге мени тандап алышкан. Анда Пионерлер үйүндө орус балдардын арасында Григорий Иванович “Матрос” бийинде солист катары бийлейсиң деп мени тандап, бийлечүмүн. Фильмде атам матрос болчу деп “Ак кемени” күткөн жерим бар эмеспи.

— Балалыгың ошентип, эсте каларлык, даңктуу өткөнүнө сыймыктанасыңбы?

— Албетте. Кичине кезимде чоң ата, чоң энемдин колунда өсүп, аларга чоңойгондо силерди самолетко салып, чет өлкөлөргө алып барам деп ырдай берчү экенмин. Ошол тилегимди апам көрүп калды, апамды чет өлкөлөргө көп алып бардым.Апам иним экөөбүздү ийримдерге алып барып, бапестеп өстүргөн. Апам мага көп көңүл бурчу, көйнөгүм таза, кийбегенди кийип, жебегенди жеп чоңойдук. Бирок балдарыбызга апамдай мамиле жасай албай жатабыз. (Алты жылдай болду, бизди бапестеп өстүргөн апам кайтыш болуп калган). Чыңгыз Айтматов СССРге чейин кат жазып жатып, апама квартира беришкен. “Ак кемеден” кийин алган килемим азыр да бар. 1000 рублдай калем акы алгам.

Дагы жакшы, “жылдыз оорусу” менен кичине кезимде ооруп, чоңойгондо, жомогум бүтүп, кадимки эле турмушка кайтып келдим. Аскерде жүргөндө кыздардын катынын айынан жоокерлерден далай таяк жедим. Кыздар мага аскерде жүргөндө “Телефондун кулагын оңго- солго бурайын/ Адегенде ден соолугуңду сурайын” деп баштап кат жазышчу. Балдардан да көп кат келчү, күнүнө 30- 40 кат алчумун. Анан жоокер балдар “сенин эле катыңды ташып жүрөбүзбү” деп мени сабап салышчу.

Аскерге өзүм суранып жатып баргам. Анткени “бул баары бир аскерге барбайт” деген сөздөрдү угуп калып, аскерге суранып кетип калгам. Бирок Ооганстанга алып кетерде апам мен аткарган фильмди көрсөтүп жатып, ал жакка жибербей алып калган.

Кыздар артыман көп чуркачу, ошонун айынанбы, же гастролдорго көп кеткенимденби, айтор биринчи аялым менен ажырашып кеткем. Кемчилик менден кетти окшойт, бирок кызымды апам тарбиялап, мени менен бирге болду. Азыр бизди эки неберелүү кылган.

Үйгө конок келсе эле, “Ак кемени” көрө беребиз дешчү. Азыр ойлосом, бул фильмде жазуучунун чыгармасы менен режиссердун, артисттердин, кино тартуу тобунун чыгармачылык аракеттери биригип, мыкты фильм болгон экен, мааниси да терең, ак менен каранын күрөшү, баланын адилетсиздикке каршы чыгышы. Андагы тема азыр дагы актуалдуу.

nurgazy_uybulo

— Кинодо Нургазы арак ичкендерди жаман көрөт го… Сен да ичимдик ичкен жоксуңбу?

— Эмнеге? Мен да ичимдиктин даамын татып көрдүм. Көп эле көсөм, улуу кишилер ичет го. Бирок мен көсөм, улуу болбосом дагы допинг катары ичимдик ичип көрдүм.

— Фильмдеги артисттер, чыгармачыл топ менен байланышып турдуңбу?

— Сабира апамдын үйүнө барып турдум, башкалары менен да байланышым болду.

— Азыр көчөдөн Нургазыны тааныгандар болобу?

— Бала кезде роль аткарганың бир аз башкачараак болот окшойт. Бирок кебетем өзгөрүп, салмагыма салмак кошулганы менен, азыр деле көчөдөн таанып калышат. МАИ кармаганда кое берип, же кезексиз өткөрүп жиберген учурлар болот.

— Келечекте кино тартайын деген же киного тартылам деген балдарга мектеп ачайын деген оюң барбы?

— Андай иштерге шык, тиешелүү деңгээл керек го. Менин оюмча, Борбор Азия мамлекеттери боюнча кинематографисттер окуу жайы керек. Азыркылардан Абдыжапаров гана мастер- класс өткөрүп жүрөт. Жаштардын арасында мен билгенден Данияр аттуу бала бар. Ал кино, социалдык роликтерди тартып жатат. Мына ушул жигит менен чыгармачылык байланыштамын.

Маектешкен Айгүл Бакеева, “Полит клиника”, 31.10.2016-ж.

Макала Нургазы Сыдыгалиев: “Элдин эсинде “Ак кемедеги” Нургазы боюнча калгым келет” бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Негедир уйкум келет… Негедир Киотого кетким келет

$
0
0

Сулуулуктан улуулукка

«Сулуулуктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны» деген китеп «Турар» басмасынан жарык көрдү. Ал китепке кирген арноолор, маектер, эсселер, эскерүүлөр, изилдөөлөр, жарыяланбаган чыгармалар таланттуу жазуучу, драмачы жана киносценарист Мурза Гапаровдун чыгармачылыгын, жеке турмушун дагы тереңирээк түшүнүүгө жардам берет. Китепти Абдыкерим Муратов түзгөн. Мурза Гапаровдун жазуучу-журналисттер менен чер жазыша сүйлөшкөн сукбаттары көркөм адабий чыгармаларындай эле кызыгуу менен кабыл алынат, аларды ырахаттанып окуп, жазуучунун баладай баёо, Мургабдын абасындай таза, Ноокаттын өрүкзарындай ажайып сулуу дүйнөсү менен кездешебиз. Булар өзгөчө кыргыз адабиятындагы кайталангыс руханий мурастар экенин сезебиз.»

 

Абдыкерим Муратов. Көпөлөктөр өрөөнүн көксөгөн Мурза Гапаров

Эссе

(Жазуучу Мурза Гапаровдун адамдык жана сүрөткерлик ажарына айрым сүртүмдөр)

«Кетем, кетем, сайдан түстүү таш терем…»

Мурза акани «узун сөздүн жана кыска аңгемелердин устасы» деп коюшат. Ошондой. Кыска жазат. Анан бирдекени айтып берсе, об-бо э-эй, узундан узу-уун айтат. Көбүнчө ошонусу жакшы. Бир жолу «Сезим империясы» деген жапон фильминин сюжетин айтып атат, мен угуп турам, курсак ач, анан кинодо аял ойношу менен оттон ысык болуп кетип, экөөлөп күйөөсүн оо дүйнө кетирип, анан ошо балакет сөөктү жашырар жай издеп аппак карда тоо-токойду көздөп, бир жагынан маркум айыпсыз күйөөсүнүн өлүгүн алып, бир жагынан тиги оттон ысык ойношту эш тутуп жөнөйт эмеспи, ошондогу узак жолдогу деталдарды айтып атат. Шундай ширин айтат, дүйнөлүк кино шедеври жолдо калат, курсагың да тоёт, Мурза акага суктанасың, ырахаттанасың, баарын таштап туруп раамалык Жолон акечесинен «кетем, кетем, сайдан түстүү таш терем, шаарда жүрүп ыр жазгандын ордуна» деп Мурза аканин сөзүн ээрчип, өзүн ээрчип, ажайып чөлкөмдөргө дервиш болуп кеткиң келет… Баса десең, Ж.Мамытовдун «Арсланбап» деген жогорку саптары бар ыры да М.Гапаровго арналган, чамасы эчен жолу акын дилин да табият койнуна ээрчиткен белем…

 

m_gaparov

Катарлата ташпанарлар илинген үңкүр-үй

Жылдардын бир жылдарында перестройканын жана жаңы башкан болгон Чыкенин шапатасы менен кыргыз жазуучулары Байтик жактан – жакшы жерден жай бөлдүрүп, дуңгандар менен каристердей кыйратып ийе тургансып дача курганга киришти. Эл катары Мурза ака да бир тилим тамарка алды, үй салганга деп анча-мынча ками-көсүн да эптеди. Анан айтып калчу, мен үйдү башкача салам деп, айтуудан, ал үйү жер бетине чыкпайт имиш, кууш, тар тепкичтер менен кирген адам паска түшүп, ным, сыз жыттанган бөлмөлөргө кирет, а ал бөлмөлөр алгачкы доордо жапайы адамдар жашаган үңкүрлөрдөй табигый болот экен, очокто от жагылып, дөңгөчтөрдөн, тамырлардан эмеректер коюлуп, ичин ташпанар чырактар үлбүлдөтүп жарытып, бираазки жээрлерине жин чырактар илинип, жарганаттар, намашам коңуздар, байулулар каршы-терши учуп-конуп, адамдарга үйүр алып, бирге жашайт экен. Үстү шифер ордуна – көк чым, ичинен шылдырап пиликтей суу агат… Ал дача бүткөн жок, жери кайсынысы экенин да билбей калды кийин Мурза ака өзү да…

Кошок кошор кошокчу
Эгер учуп кетсе,

Уяларын таштап эзелки

Буерлердин булбулдары.

Мен алардын ордуна

Кошок кошуп турмакмын.

Ушинтип ырдайт 12-кылымдагы жапон акыны Сайгё.

Мурза ака Бакен Кыдыкеева эже өлгөндө, анын сөөгү он сегиз күн өтүп өлүкканадан табылганда ушундай бир кайгырып жүрдү, сүрөткер адам жөнүндө, анын бүгүнкү акыбалы жөнүндө, өзү жөнүндө «жазамын» деди. Ыйлап жазамын деди, анысын «Өткөн жылдын кары кана?» деп атаймын деди…

 

Жапон саякатчысы

Мурза акага Жапония тууралуу суроо берсең, бүттү, буудай ыраңына кан жүгүрүп токтобойт эле: ак бубактуу Фудзияма, Күнчыгыш өлкөсүнүн эски ордосу Киото, самурайлар, сакуранын гүлдөрү, ракша, сака, бийикке чыккан кууш таш жолчолор, андагы чырак кармаган адамдар, күңүрт турмушту көрсөткөн киносу, куурчак оюндары, жалгыз адам ойногон салттуу театры… ошентип кете берет, кете берет, айта берет, айта берет. Сааттап, күндөп, айлап токтобойт.

— Мурза ака, Сиз Японияда канча жолу, кай жерлеринде болдуңуз? – деп сурап коём.

— Жол түшө элек, бара элекмин, үка. Кеңеш досум барган,- деп коёт ал да айыптуудай.

 

Түш сатуучу

Өмүр күзүнүн кайсыл бир жылдары ал кайсыл бир гезиттен түшүн сатып жүргөн жапон кишиси тууралуу жомок окугандыгын, аны орус тилине Маркова деген аял которгондугун, ошол китеп жүдаа керек экендигин жолуккан сайын айта берчү. Кийин зайыбы экөө ал китепти түк эч жерден таппай, акыры маркум болгон Маркованын кызын сүрүштүрүп, ага телефон чалат. Кызы болсо сөзсүз жардам берерин айтып, анан бир нече күндөн соң деги эле апасы андай китеп которбогондугун, деги эле андай жомок жапондордо болгон-болбогонун өзүнө жакын кишилер билбегендигин телефондо билдириптир. Андай болсо Мурза ака эмне, түш сатуучуну түшүндө көрдүбү дейсиң?.. Деги эле ал бир топ чыгармаларынын идеяларын, каармандарын түшүнөн тапчу окшойт дейсиң…

 

Сууктан коркуу

Мурза ака дайыма айтчу: кыш келатканда эле корком дечү, сууктан корком дечү. Ушундай дечү да чыйрыккансып, ичиркенип алчу. Быйылкы кыштан кандай чыгаар экемин деп басып кетчү.

Коркуп калчуумун.

Мурза ака, кыштын суугунан корккон Мурза ака 2002-жылы 11-июнунда, жайдын ысыгында – балким кылымдын эң ысык күнүндө – саратандын асатинде үзүлдү…

 

Арзыматтардан – сакуралардын саясына

Өткөн кылымдын 90-жылдарынын аягында акын-жазуучулар бийликке аябай кошоматтанууга өтүп алды. Мурза Гапаровго да үй алып бергендер, үй бергендер аны өздөрү тарапка имерип көрдү. Болбоду. Атүгүл жаны ачыганда мындай саптарды жазып жиберди: «…Сары-Өзөндүн даанышман уулу Шабдан баатырдын ошондой (Токтогул менен айтышкан Арзыматтай кошоматчы – М.А.) ырчысы болгон турбайбы, каражаак Калмырза деген. Баатыр ажылыкка аттанганда Калмырза минтип атказган имиш:

«Ак боз бээни сойсок да,
Атын Шабдан койсок да,

Ааламдан чыкпайт сизге тең,

Баатыр Шабдан кеменгер,

Ажыга аман барып, аман кел…»

Ушул жерге жеткенде Шабдандын жанжигити Баяке: «Токтот, токтот… Ар жагын бузуп аласың» деген дешет. Ырчы дароо басылып, андан жогорку кыска жана нуска саптар гана калыптыр. Атаганат, азыркы биздин эл башчы, жол башчыларыбыздын жанында дагын Баякедей эр жигиттер бар болсочу. Анан ал жигиттер ар кандай айлакер кошоматчылардын алдын тороп, алардын аяр арзуусун аңдып, үлкөн үмүттөрүн үзүп, үшкүртүп турушса» (Гапаров М. Ак үйгө арналган серенада // Асаба, 1998, 3-апр.)

Мурза Гапаров мына ушинтип бийлик жана жазуучу, кошоматчылык жана чындык, көшөкөрлүк жана түздүк тууралуу ойлорун айтып келип, негедир жазып аткандарын маанайы чөгүңкү уруй менен мындай куласалайт:

«Биздин өлкө баатырларга муктаж. А биздин баатырлар – арзыматтар.

Айта берсе арман көп…

Негедир уйкум келет… уйкум келет…

Негедир Киотого кетким келет… Ал жакта азыр сакуралардын чатырап гүлдөгөн маалы. Сакуралардын саясында чачтары карганын канатындай жалтылдаган, ажары айдай айымдар, айымкыздар баратышат. Ааламдагы эң сулуу аялдар Киотодо жашашат. Киото-сан… Сакура-сан…»

Нурзада Ташбаева, “Де-факто”, 27.10.2016-ж.

Макала Негедир уйкум келет… Негедир Киотого кетким келет бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Талкаланган үй, мигранттар жана «атанын керээзи»

$
0
0

plakatӨлкөбүздө акыркы жылдары кино тармагы жандана баштаганы баарына маалым. Бирок саны көбөйгөн тасмалардын сапаты суроо жараткан учурлар көп эле. «Атанын керээзи» көтөргөн темасы жана мазмуну жагынан азыркы кыргыз тасмаларынан айырмаланып турат. Фильмдин режиссерлору Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу менен тасманы тартуудагы кыйынчылыктар тууралуу баарлаштык.

— Экөөңөрдүн тең алгачкы тасмаңар экен. Фильмди тартып жаткан убакта ушундай ийгиликке жетебиз деп ойлодуңар беле?

Бакыт Мукул (Б. М): Албетте, бир аз да болсо ишеничибиз бар болчу. Себеби тандаган темабыз жеңил-желпи эмес, азыркы дүйнөдөгү эң орчундуу маселелердин бири. Миграциянын айынан миллиондон ашык жараныбыз четте жүрсө, алардын келбей калгандары да толтура. Ошол эле убакта тасмабыз жөнөкөй, карапайым тилде. Сценарий жазылып бүткөндө купулубузга толуп, эгер жазылгандай тарта алсак ийгиликке жетишебиз деп ойлогонбуз.

Дастан Жапар уулу (Д. Ж): Башында көпчүлүк көрүүчүлөр кызыккан коммерциялык тасмаларды деле тартып көргөнбүз. Ошону менен «оокат кылып» жүрө берсек болмок. Бирок андай тасмалардын «жашоосу» убактылуу гана болот. Биз Кыргызстан менен эле чектелип калбаган, дүйнөлүк деңгээлге чыга турган кино тарткыбыз келди. Бул ийгилик оңой менен келген жок. Тасманы тартаардан мурда дүйнөлүк кинолорду талдап, көп нерсени изилдегенбиз.

Мурдагы маектериңерде кино жаатындагы көпчүлүк адамдардын башында сииздерге ишенбегендигин айтыпсыңар?..

Б. М: Экөөбүздүн тең режиссерлук тажрыйбабыздын жоктугунан улам го дейм. Каражат издеп жүргөндө сценарийиңер мыкты экен, бирок башка бирөө тартсын дегендер болуп жатты. Бирок биз эч кимге көңүл бурбай иштей бердик.

Бакыт мырзаны кыргыз коомчулугу таланттуу актер катары тааныйт. Дастан, сиз буга чейин эмне менен алек болдуңуз эле?

Д.Ж: Мен кинооператорлук кесип боюнча белгилүү оператор, режиссер Нуртай Борбиевден сабак алгам. Ошондой эле режиссер Асель Жураеванын бир топ фильмдеринде, Темир Бирназаровдун «Кумар» тасмасында оператор коюучу болгом. Мындайча айтканда, мурдатан эле кино тармагында жүргөн адаммын десем болот.

Бакыт, камеранын аркасына өтүү оюңуз мурдатан эле бар беле?

Б. М: Бала кезден бери эле театр, кино чөйрөсүндө аралашып жүрөм. Анан тасмаларга тартылып жүргөн убакта бул сценаны мындай же тигиндей тартса жакшы болмок, мен башкача тартмакмын деп өзүмчө ойлончумун. Кырктан ашык киного түштүм, көптөгөн режиссерлор менен иштештим. Акырында түпкүрдөгү нерсе чогула берип, тасма тартууга кириштим.

Кантип бирге иштеп калдыңар?

Д. Ж: Бакыт байке экөөбүз көп жылдан бери таанышпыз. Кино тармагында сүйлөшүп калган учурда ойлорубуз, көз караштарыбыз окшош чыкчу. Башынан эле тасманы чогуу тартабыз деп пландаганбыз.

Б. М: Бирок булар бир тасманы экөөлөп тартты деген сөздөрдү да көп угуп калабыз. Эң негизгиси, канча кишинин тарткандыгында эмес, тасманын ийгиликтүү болуп өлкөбүздүн атын чыгарганында.

Сценарийди жазарда, кайсы бир окуяга таяндыңар да…

Д. Ж: Негизи айыл жергесинде талкаланган, эч ким жашабаган үйлөр болот эмеспи. Мени ошол үйлөрдүн ээлеринин тагдыры ар дайым ойлондурчу. Баштапкы идея талкаланган үй болгон. Андан кийин ар кандай окуялар, каармандар кошулуп жалпы сценарий даяр болду.

Жалпысынан канча убакытта тарттыңар жана каражат жагы кандай болду?

Б. М: Сценарийди жазып, ага каражат табабыз дегенибизге эле 3 жылдай кетти. Тасманын бюджети табылган соң Ысык-Көлдүн Тосор айылында, Балыкчы жана Бишкекте эки ай тартып, төрт айдай монтаж кылдык. Жалпысынан 5 млн. сомго жакын каражат кетти. Кинематография департаменти тарабынан уюштурулган конкурстан өтүп, алар 2 млн. сом бөлүп берди, 3 миллионго жакын акчаны демөөрчүлөрдөн таптык.

kino_tartuuТасмадагы башкы каармандын ролун Бакытбайкенин уулу ойноптур. Актерлорду кантип тандадыңар?

Д. Ж: Бизге 15 жыл чет өлкөдө жашаган, маданияты, көз карашы башкача каарман керек эле. Ал убакта Иман Мукул Санкт-Петербургдагы балет академиясында окуп жаңы эле келген болчу. Биз издеген нерселердин көбүн андан көрө алдык. Бакыт байкеге айтсам, «өз баласын тартып атат деген сөздөр болуп кетет» деп ынаган жок. Кийин кастингде текшерип көрсөк, сценарийдеги каарманыбызга көп жагынан окшогондугун байкадык.

Тасманы көргөн адамдар, айрыкча мигранттар кандай пикирлерди айтышты?

Д. Ж: Тасмабыз бир эле миграция темасы менен чектелип калган жок. Атайын ушундай тема көтөрүп көрүүчүлөрдүн сезимдердин козгойлу деген максатыбыз жок болчу. Кинодогу ички маани-маңыздуу окуяларга, метафора жана символикалык чечимдерге фестивалдардагы калыстар да жогорку бааларын беришти. Ошондой эле Чыныбай Турсунбеков да тасманын кыргыздын 25 жылдык тарыхынын жыйынтыгын бир үй-бүлөнүн тагдыры аркылуу көрсөткөндүгүбүздү айтты.

Б. М: Роза Отунбаева фонду миграция маселеси боюнча форум өткөрүп, анын алкагында атайын «жабык көрсөтүү» уюштурулган. Форумга дүйнөнүн ар тарабынан келген кыргыздар катышкан. Алар аябай жакшы таасир калтыргандыгын, жүрөктөрүнө тийгендигин айтып атышты. Роза Исаковна да жакшы тема козгогондугубузду айтып куттуктады.

— «Атанын керээзин» Кыргызстанда качан көрө алабыз?

Б. М: Улам бир башка фестивалдардан чакыруу келип жаткандыктан премьера улам кийинкиге жылып жатат. Кышында «Алтын глобус», «Оскар» сыйлыктарына ат салышып калышыбыз мүмкүн. Кыргызстандыктар кыштын аягы же жаздын башында көрө алышат.

Азат Бектурганов, “Де-факто”, 29.10.2016-ж.

Макала Талкаланган үй, мигранттар жана «атанын керээзи» бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

«Эр Төштүк»чыгармасы жөнүндө жети факты. Уяттуу деп кыскартууга учурагансаптары

$
0
0

Элемандын эркеси, тогуз уулдун кенжеси, бир кудайдын эркеси Төштүк баатыр туурасында жөө жомоктор жана ыр түрүндө жазылган эпос учурда да актуалдуулугун жоготпой келет.

Эпостун баш каарманынын образы өзгөчө. Кандай жоо болбосун кармаган жерден кан чыгарган баатырдын боорукердиги, жер астына түшүп кетип, жан-жаныбарлардын өмүрүн сактап калышы, жаратылышка жан тартып, коргоп турушунун тарбияык мааниси зор.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан «Эр Төштүк» эпосу туурасында жети фактыны сунуштайт.

«Эр Төштүк» эпосу — түрк элдеринин оозеки эпикалык чыгармаларынын ичинен эң байыркыларынын бири. Ал ар кыл жанрлуу (жөө жомок, баатырдык жомок, баатырдык архаикалык эпос), көп варианттуу, версиялуу чыгарма. Башкы каарман – Төштүк баатыр. Эл арасында кара сөз менен ыр түрүндө айтылган.

 

Башка элдердеги «Төштүктөр»

Эпостун варианттары, версиялары кыргыз элинен башка тектеш түрк тилдүү элде кездешет. Ал казактардын «Ер Төстик» жомогу, «Йир Тошлик» (татарлардын «Эр Тештик») чыгармасы.

 

Алгачкы варианты алп манасчыдан жазылган

Кагазга түшүрүү 20 кылымдардан башталган. «Эр Төштүктү» кыргыздар өздөрү ушул кылымдын жыйырманчы жылдарынан тартып кагаз бетине түшүрө башташкан. 1937-жылы улуу манасчы Саякбай Каралаевден фольклорчу, жыйноочу Ыбрай Абдрахман уулу жазып алган. Эпосту изилдөөчү Кайыповдун так эсептөөсү боюнча бул варианттын толук тексти 16 559 сап ырдан турат, б.а. кыргыздын башка кенже эпосторунун эч бирин көлөм жагынан астына салбайт.

 

Түрк элинин эпосторунун көлөм жагынан эң ирдүүсү

Салыштыра келсе, казактардын «Кобланды баатыры» 6 490 сап ыр, алтайлыктардын «Маадай карасы» 7 735 сап ыр, хакастардын «Алтын Арыгы» 10 371 сап ыр, өзбектердин «Алпамышы» он төрт миңге жакын сап ыр. Бул эпостор аталган элдердин эпикалык чыгармаларынын эң көлөмдүүлөрү болуп саналат.

 

Французча окулган эпос

Саякбай Каралаев айткан баатырдык архаикалык эпос «Сырттан Төштүк» классикалык үлгүсү болуп саналып, орус, француз сыяктуу дүйнөлүк чоң тилдерге которулуп, жер жүзүндөгү көптөгөн эл окуп, таанышууга мүмкүнчүлүлүк алган.

 

Уяттуу жерлери оңдолгон чыгарма

Саякбай Каралаевден алгач 16 559 сап эпос жазылып алынса,1996-жылга чейинки төрт жолку басылышында кыйла эле кыскартылган. Тагыраагы, 3-4-басылыштары (1969, 1981-ж.) 14154 сап болуп калган. Ошентип, эпостун 2405 сабы кыскартылган. Аны эпостун 1996-жылдагы басылышында баш сөз жазган адабиятчылар буга чейин басылган китептин түзүүчүлөрү өтө кийлигишип кеткенин айтышкан. «Келки-келки ыр саптарын, ал турсун бүтүндөй эпизоддорду кыскартуу диний терминдерди, эл-жер аттарын өзгөртүү, түп нускада жок ыр саптарын киргизүү сыяктуу фольклористика — текстология илимине жат, орой бузууларга жол берилген» деп белгилешкен. Маалыматтарда, оңдоого аз учурап түп нускага жакын турганы 1938-жылы Ыбрай Абдрахманов түзүп жарыялаган китеп экендигин айтышкан. Мында «кыскартуулар айрым кайталоолордун эсебинен жүрүп, диний терминдер, уяттуу эсептелген айрым сөздөр гана оңдолгон», — деп белгилешкен адабиятчылар.

 

Өзгөчө каармандар

Маамыттар менен Чалкуйрук. Чыгармада кыргыз кенже эпосторунда мүнөзүү эмес да персонаждар бар. Алар Жер тыңшар Маамыт, Көрөгөч Маамыт, Куюн Маамыт жана Жейрен секиртпес Маамыт баштаган каармандар. Бул туурасында төмөнкүчө айтылат:

Элемандын Төштүгү

Жер алдына түшкөндө,
Төрт Маамыт келди табылып.
Сырттан Төштүк баатырдын
Абийри минтип жабылып.,

Эпосто Чалкуйрук Төштүк минген аты гана эмес, жакын кеңешчиси катары көрсөтүлөт. Ал дайыма ээсине «Мен көргөндү көрдүңбү, мен туйганды туйдуңбу» деп кайрылып турат.

Чалкуйрук анда муну айтат,
Элемандын Төштүккө
Жан билбеген шумду айтат:
«Жолдош да элең, эр да элең,
Элемандын Төштүгү,
Жолугуп минген сен элен,
Мен билгенди билдиңби?», —
деген саптар кездешет.

Эпостун негизинде башка чыгармалар да жаралган. Драматург Жалил Садыков балдарга арнап «Эр Төштүк» пьесасын жазган. Андан сырткары Америкалык режиссер Вирляна Ткач менен Кенжегүл Сатыбалдиева чыгарманы сахналаштырган. Андан сырткары Эр Төштүк боюнча мультфильм тартуу демилгеси көтөрүлгөн.

Материалды даярдоодо адабиятчылар Райкул Сарыпбеков жана Мураталы Мукасовдун аталган эпос боюнча жазылган эмгектери пайдаланылды.

«Sputnik-Кыргызстан», 26.06.2016-ж.

Макала «Эр Төштүк» чыгармасы жөнүндө жети факты. Уяттуу деп кыскартууга учурагансаптары бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

«Агындылардын» көркөм ажайып дүйнөсү

$
0
0

1. Ш.Дүйшеев адабияттагы кандай көнүмүшкө каяша жасаган?

Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылар” прозалык китебин окуп чыккандан кийин Чыңгыз Айтматовдун бир кезде “Башкы китеп” деген макаласында моминтип жазганы дароо эске түштү: “Маселен, эсиме келет: авторлордун бири Москвага биринчи жолу келген каарманын көрсөтүү үчүн, адегенде, ал кандай поездден кайсы вокзалга түшкөнүн, метронун кайсы станциялары аркылуу жүрүп отурганын, анан да айыл чарба көргөзмөсүнүн бүткүл павильондору жана жасалгалары менен кантип таанышып чыкканына чейин баяндап жүрүп отурат. Көрсө, азыркы теманын чечилиши мына ушул демекчи экен”. Дүйнөлүк реализмдин бийигинен караганда, мындай көзүнө көрүнгөндүн баарын терип-тепчип сүрөттөп жаза берген адабиятты фактографияга, баяндоочулукка, эмпиризмге бастырган адабият деп коёт. Мындай көрүнүш бир гана калемгердин өксүгү эмес, тилекке каршы бүтүндөй адабиятыбыздын (Ч.Айтматов баш болгон кээ бир жазуучулардын бул алкактан чыгып кеткендигине карабастан) илдети эле. Мындай оору менен кечээки көзү өтүп кеткен аксакал жазуучулардан тартып, бүгүнкү “Эл жазуучусумун” дегендердин кыйласы ооруп келди. Бирок баяндоочулукка чулганган ошондой беллетристика тышкы чоң дүйнөгө барксыз болгону менен атактуу сынчы Кеңешбек Асаналиев айткандай, өзүнүн провинциалдык үйүндө “улуу” адабият болуп даңазаланып жүрбөдүбү.

Талантынын кудуретиненби же билиминин күчүнөнбү, билбейм, айтор Шайлообек Дүйшеев кыргыз адабиятындагы ошондой бардыгын бабырап, эбиреп-жебирей берген көнүмүшкө ичинен оппозицияда келгенби, “Агындылары” менен дал ошол боору менен жылган фактографизмге, баяндоочулукка (описательность) катуу сокку уруптур. “Агындылар”- дагы айталы, көрүнгөндүн баарысын көгөнгө тизип, жонунан жоргологонго адат алган кургак чечендикке өзүнчө бир альтернатива десек жаңылбас элек. Кеп мында болуп жатат. Ш.Дүйшеев “Агындыларында” өзүнүн балалыгы, өмүр-таржымалы аркылуу ааламдын бир бурчу болгон Ат-Башынын бүтүндөй бир “автобиографиясын” кошо чагылтып бергиси келген. Бул жерде тема көрүнүп тургандай, азгырыктуу. Автордун алыста калган сагынычтуу балалыктын күндөрүнө жана сүйүктүү туулган жерге сонуркап, эчтекесин калтырбай майда-баратынан өйдө, бардыгын көрсөтүп берүү кумарына жутулуп, баягыдай утушу аз, узак сөзгө түшүп кетиши мүмкүн эле. Бирок Ш.Дүйшеев “Агындыларында” мындай азгырыкты жана көнүмүштү кан буугандай токтоткондугуна кубана баа берип турабыз.

 

2. Дүйшеевдик альтернатива

Ш.Дүйшеев ичинен тутунган өзүнчө бир эстетикалык кредосу бар, карманган көркөм принциби бар художник экен. Анын мүдөөсү — биринчи иретте, көркөм сөздүн өзүнүн спецификасынан чыгып, образ жаратуу. Карманган эрежеси — ошол образды көлөмгө азгырылган көп сөздүүлүк менен эмес, көз жоосун алган көркөм боёктор, жандуу сүрөттөр аркылуу жарыкка алып келүү. Ш.Дүйшеевдин куралы, аспаптары-кыска жана нуска, ийкемдүү штрихтер, “сакадай бою сары алтын” эпизоддор, тулкусунан “күн көрүнгөн” кичинекей турмуштук “тамчылар”, дароо иштин ток этер жерин, данегин көрсөткөн курч окуя, бутага “чак этип тийген” сахналар, фрагменттер, пендени ич жагынан аңтарып таштаган монологдор, диалогдор, речтик мүнөздөмөлөр ж.б. “Буканы чап мүйүздөн алган” кыска кеп менен иштөө, окурманды индукция аркылуу дедукцияга алып келүү, олчойгон романдын ордуна ичине орошон мазмунду сыйдырган оймоктой аңгемени тартуулоо, турмуштагыдай табигый тирүү сүрөттөрдү тартып берүү — бул Ш.Дүйшеевдин методу. Тилекке жараша, мындай чеберчилик “Агындыларда” кашкайган реалдуулукка айланган. Антон Павлович Чеховдун “кыскалык-таланттын сиңдиси” деген афоризминин чындыгына ушул “Агындылардан” улам ишенесиң. “Агындыларды” миниатюралардагы ажайып искусство десек жаңылышпас элек (сөз биринчи китеп жөнүндө баратат).

Ушундай чебер көркөм амалдар менен “кармалап көрсө боло тургандай” (Максим Горький) болуп, таасын түзүлгөн образдардын бири — элүүнчү жылдардагы элеттик кара тиричиликтин кадимки каарманы — чүкөдөй кара кемпир- китептин авторунун чоң энеси Канымгүлдүн образы дээр элек. Баса, айтмакчы, урматтуу окурман, сиз көлөмү анча чоң эмес болсо да (биринчи китеп), миң главадан — миң бөлүктөн турган чыгарманы көрдүңүз беле? Болгондо да, главалары, бөлүктөрү кандай дебейсизби? Бир главасы бир бүркүм гана сөз. Дагы бир бөлүгү томуктай болгон бир аңгеме. Дагы бир главасы алакандын отундай жерге гана сыйып турат. Кийинки да бир бөлүгү тепкедей болгон гана бир-эки сүйлөм. Кыскасы, китептин структурасы демейкидей эмес, адаттан тыш. “Агындылардын” жаңылыгы дароо ушундан да көрүнөт. Бирок, негизги жаңылыгы мында да эмес. Негизги жаңылык дал ошол чыгармадагы таруудай жайнаган “тамчылардын” (главалардын) ар биринен “күн” көрүнүп тургандыгында, ошол ички бир логикалык өзөккө байланган томуктай миниатюралардын жалпыга кызыктуу орчун маани-маңызды, мазмунду тейлеп отургандыгында. Ш.Дүйшеевде баяндоо баяндоо үчүн эмес, бараандуу ойду, бакыйган маанини бериш үчүн жашайт.

 

3. Энеге тургузулган дагы бир ажайып көркөм эстелик

Эмесе, чүкөдөй болгон Канымгүл кара кемпирге назар буралы. Кай бир пенде бу дүйнөдөн жашап өтөт. Анын жашоого келгенин да, жашоодон кеткенин да мамлекети билбейт. Анын наамы да, мансабы да, алган медалы да болгон эмес. Анын ысымын, сүрөтүн эч бир справочниктен да, эч кандай окуу китебинен да, а түгүл, айылдын атайылап чыгарган энциклопедиясынан да таппайсың. Биз адат катары активисттерди, мансаптуу болуп өткөндөрдү, орден-медалдууларды гана каттап-чоттойбуз да. А мобу адам көртирликтин ичинде жүрүп өтүп кеткен бир карапайым жан. Бирок терең үңүлүп, байкап көрсөк, дал ушул “атак-даңксыз”, билинбеген жөнөкөй карапайым катардагы пенде не деген адамдык улуулукту, не деген асылдыкты, рухий сулуулукту, не деген тагдыр драмаларын, трагедияларын өз боюнда көтөрүп жүрүп өткөн. Ошондой билинбеген карапайым элдик асыл адамдар көрсө, жашообуздун тузу да, тиреги да, көркү да экендигин, алардын бу дүйнөдөн кетиши менен акырындап, астыртан нравалык түркүктөрүбүздүн кемип-кесилип, бузулуп, жемирилип отургандыгын аңдабаптырбыз.

Адегенде, “Агындылардан” Канымгүл кара кемпир менен мындайча кездешебиз. “Ормонун ташы” деген кичинекей главаны окуйлу. Автор минтип сүйлөп турат:

“Мени ээрчитип алып Ысабектин күмбөзүнүн үстүдөгү мал оттой берип такырайтып салган талаага келип токтор эле. Анан түшүрүп ийип жоготуп алган топчусун издеп аткансып, боз үйдүн ордундай жерди кайта-кайта айланып, кайта-кайта тегеренип жүрүп, бир маалда:

— Таптым, Шакенбай, таптым! Ушул жер болчу! — деп сүйүнүп кетчү.

Көрсө, энем, уулу Ормо согушка кетер алдында экөө олтурган жерди, уулунун буту баскан жерди издеп келчү экен.

— Ушул жер болчу, жакшылап карап, таанып ал, илгери-кийин кереги тийип калар, Ормо акеңди согушка алпкетчү кабар ушул жерге чейин келген. Экөөбүз ушул жерде эс алып олтурчу элек. Мына бул таш ошондо эле ушул ордунда жатчу. Күрмөсүн бүктөп, башына жаздай коюп, ушул ташты жаздык кылып, эс алып жата калар эле, каралдым. Эми минтип чөп көөмп бараткан тура жарыктык, ак жолтой таш боло көр, кагылайын! — деп курган энем сыры тургай сыны кетип, табы кетип кабы эле калган, кабы деле калбай, көр-түйшүктүн айынан жедеп майышып бүтүп, терисинен тажап, сыртка чыга каччудай жондонуп, көгөрүп турган тарамыштуу колдорун, ийрейген манжаларын таштын бетине акырын коюп алып, уулунун маңдайынан сылап аткансып, жансыз ташты бир топко дейре сылап-сыйпап, чеке-белиндеги чөп-чарын тазалап, анан чүпүрөгүнө түйгөн төлгө ташын алпчыгып, адегенде маңдайына, колуна, оозуна тийгизип алып: ”ачык айтып, ак сүйлө, кагылайын, өзөгүң үчтөн, түлөөң түштөн” деп күбүрөнүп, анан, төлгөсүн салып кирер эле.

— Балекетиңди алайын Шакенбай, кудай жалгап башы тогуз, аягы алты, төлгөбүз төп түштү. Баламдын бир аз санаасы болбосо, дени-карды сак, аман-соо жүрүптүр. Бир жакка шашып алган түрү бар. Күз менен келип калчудай өңдөнөт, кара козуну жакшылап бордоп туралы, о кудай, кудуретиңден кагылайын, жаман уулумдун башын таштан, оозун аштан кыла көр!-деп төлгө ташын жыйначу. Мен энемдин төлгө тартып жатканынан көзүмдү албай карап туруп, эч нерсе түшүнбөсөм да, аябай ишенээр элем.

Энем ордунан турарында койнунан дагы бир түйүнчөк алпчыгып, андагы топурагын чачып жиберип, түйүнчөгүнө кайра эле ошол жердин топурагынан жаңыртып түйүп алып, жыттап туруп койнуна катып алчу…

— Ушул топурактан Ормом ала кеткен, — дечү” (“Агындылар”,16-17-беттер).

Ушул тексттен адегенде мобуга көңүл буралыбы. Караңызчы, кара кемпирдин мынабу “табы кетип, кабы эле калган, кабы деле калбай, көр-түйшүктүн айынан жедеп майышып бүтүп, терисинен тажап, сыртка чыга каччудай жондонуп, көгөрүп турган тарамыштуу колдорун, ийрейген манжаларын”. Бул эмне деген укмуштуу кол. Бул тарамышы көрүнгөн колдун ары жагынан бала-бакырам, үй-бүлөм деп күн-түн “канатын жерге чапкылаган”, мойнуна “каамыт кийип”, өмүр бою көртирликтин сокосун сүйрөгөн, үй-бүлөнүн гана эмес, колхоз түйшүгүнүн оор жүгүн да майышып жонуна көтөргөн, 20-30-жылдардын ак кар, көк музунун, согуш убагындагы ачарчылыктын азап-тозогунун отуна күйгөн, буга кошумча большевиктик казармалык система жана тоо арасындагы тоталитаризм каалашынча уйпалаган (муну ал өзү кайдан сезсин) бечара карапайым элеттик аялдын бүтүндөй тагдырын көрүп турабыз. Кыйынчылыктарды пилче чыдап көтөрүп, карыса да али кайратынан жазбай, дале болсо оокат деп тырмалаңдаган, карганын шыйрагындай каткан ушул кол эмне деген ыйык кол. Бул туурулган кол-турмушту тиреген кол. Ушул калтыраган колдун ары жагында не деген укмуш жүрөк кагып турат. Ушул жүрөктүн эмне деп, ким деп, согуп турганын көрчү. Жаны жай албай, ичинен түтөп, өрттөнүп күйүп турган кемпирдин кебетесин карачы. Талаага келип, майдандан кайтпай калган уулунун акыркы жолу буту баскан жерди темтеңдеп тегеренип издеп, уулу “жаздык кылып” жөлөнгөн ташты эш кылып, аны алаканы менен аёолуу сылап, Ормосунун ташынын түбүнө төлгө салып, балам тирүү деп кыйкырып турганын карачы. Алда айланайын эне ай! Бул жаратылыш “балам”, “балам” деп чыркыраган улуу инстинктти, улуу сезимди өзүңө ченебей берген экен го. Согуштун басылганына далай жыл болсо да, 50-жылдардын ортосунда апасын күткөн жаш баладай жол карап, кара козусун түлөөгө байлап, кудайлап турган эненин жүрүм-туруму жүрөктү сыздаткан не деген кайгы да, не деген улуу көрүнүш.

Ушул жердеги Ш.Дүйшеевдин калемгердик чеберчилигин айталы. Тепкедей болгон ушул үзүндүдө энени жактаган, даңктаган, же болбосо “эненин кайгысы”, “эненин үмүтү” дегендей бир да сөз жок. Баягы узун баяндамалардагыдай автордук сырткы мүнөздөмөлөр, каарманды тышынан сыпаттаган эпитеттер жок. Дидактикалык насыят көрүнбөйт. Эне жөнүндө баягыдай тирада жок. Булардын ордуна автор баштан өткөн окуянын гана реалисттик картинасын алдыбызга таштап койгон. Натыйжада жазуучунун баянын окуп эмес, художниктин кыл калем менен тарткан полотносун көрүп жаткандай болобуз. Бул жерде Ш.Дүйшеев автордук мүнөздөмөнүн, сыпаттаманын ордуна кемпирдин өзүнүн жүрүм-турумун, кыймыл-аракетин, речин, жасап жаткан ишин сүрөттөө сыяктуу реалисттик искусствонун эффективдүү ыкмасын колдонуп жатат. Ысакбектин күмбөзүнүн үстүндөгү талаадан “түшүрүп ийип топчусун издеп аткансып, боз үйдүн ордундай жерди кайта-кайта айланып, кайта-кайта тегеренип” уулунун буту баскан жерди издеп жатканын, ошол жердеги уулу жөлөнгөн жанагы ташты сылап-сыйпап отурганын, таштын чеке белиндеги чөп-чарды аярлап тазалап жатканын, кудайлап салган төлгөсүн, “балекетиңди алайын Шакенбай, балам аман-соо жүрүптүр, күзү менен келип калчудай өңдөнөт” деген жүрөктүн түпкүрүнөн атып чыккан сөздөрүн, уулуна арналган кара козуну, чүрпөсүнүн таманы тийген жердин топурагынан алып, түйүнчөгүнө түйгөнүн көрсөтүү аркылуу калемгер эненин ички драмасын жана психологиясын, дегеле бу жарыкчылыкта эне деген ким экендигин кашкайта элестетип таштаган. Автор бул жерде жалаң образдар, штрихтер, боёктор менен иштеген. Калемгердин баяндоо интонациясы да жасалмасы жок жүрөктөн чыккан сырчылдыгы, жөнөкөйлүгү менен айырмаланып турат.

Мындан мурда адамзат адабиятында улуу художниктер тарабынан эне жөнүндө далай, далай классикалык портреттер, притчалар жаралган. Балага деген энелик улуу сезим жөнүндөгү кезектеги дагы бир ажайып көркөм картинаны Шайлообек жаратып таштаптыр. Мына ошентип, “Агындылардын” “Ормонун ташы” аттуу томуктай болгон главасы ичине тоодой мазмунду сыйдыргандыгы менен өзгөчөлөнүп, китептин баш жагында адегенде эле жарк этип көзгө урунат.

Айтмакчы, бул главасынын соңунда автор минтип сүйлөп турат: “Жыл сайын уулун күтүп жүрүп, жыл сайын баласына деп ыроологон кара козу кара кой болуп, анан анын козусу чоңоюп, ал байкуш да биз менен чогуу Ормо акемди күтүп, анын тукуму да карып, үзүлүп жок болуп, акыры энем өзү да о дүйнө кете берди” (18-бет).

Ш.Дүйшеев ушинтип, чоң энеси жөнүндөгү сөздү өзүнүн стилине таандык чукугандай табылган көп маанилүү жана чын пейилдүү сүйлөмдөр аркылуу терең армандуу нота менен аяктайт. Ошол о дүйнөгө кеткен, азыр жалгыз небереси Шайлообектен башка эч ким эстебеген, бүгүн эч кимге белгисиз, а түгүл илип коёрго сүрөтү да жок ал маркум кара кемпир дагы кандай сапаттарга эгедер эле? Төмөнкү эпизод менен таанышпай өтүү мүмкүн эмес:

“Ошондой күндөрдүн биринде биздин үйгө күүгүм талаш бейтааныш киши келип түштү.

— Кудайы конокмун байбиче. Жолум алыс. Атым чаалыгып калды, -деди.

Энем байкушум таш кемегесин оңдоп-түзөп, далайдан бери асылбай калган кол казанын асты. Көр-жердин арасынан эликтин терисинен жасалган жаман тулубун таап, ичинен талкандын арасына “көмүлгөн” койдун карынын алып чыкты. Карындын ичинде толтура эт бар экен.

— Конок-кара келип калабы деп узун сарыга сактап жүрдүк эле, кагылайын! Дегеле ырас болбодубу, пейилиңер түз экен,- деп жан-алы калбай кудуңдап, маңдайы жаркып кубанып, карынга каткан койдун жамбашы менен чүкөлүү жилигин, далысы менен омурткаларын сууга салды” (74-бет).

Караңызчы, бу не деген мораль, не деген руханий ажайып көрүнүш. Жаман кепеде жашаган кедей кемпирдин биринчи көргөн бейтааныш кудайы конокко өзү жебей, узун сарыга деп катып, сактап жүргөн аялуу тамагын тартуулап, ак көрпө жайыл болуп жатканын карачы. Чынында эле, жолоочулап баратып, аттан салам айтып кирип келген чоочун кишини кудайы конок деп, ким экенине карабай сыйлап узаткан элибиздин илгертен келаткан улуу салты бар да. Дүйнө калктарында сейрек кездешкен мындай айкөл менталитет ата-бабалар рухунун бийиктигин айгинелеп турган уникалдуу касиет. Мындай аруу касиетти кенедейинен жан дүйнөсүнө сиңирип, боюнда көтөрүп жүрүп өткөн кечээки Канымгүлдөй апалардын арбагына кантип таазим этпей коёсуң.

Бүгүн биз ким болдук? Чоочун кудайы конок тургай, жаныбыздагы кошуна-колоңго айраныбызды, сүтүбүздү, кымызыбызды, наныбызды сатып, акчанын артынан тоголонуп, атанаркынан ажыроодобуз, кунарыбыз кетүүдө. Дегеле, бүгүнкү биздин майдаланган нраваларыбызга салыштырмалуу “Агындылардагы” Канымгүл кемпирдин турган турпаты алда канча бараандуу, көрөсөндүү жана залкар көрүнөт. “Кудай айланайын, а дегенде элге бер, андан кийин бизге бер” деп басса-турса Кудайга жалынганынан жазбаганы, а түгүл Сталин менен Ворошиловдун арбагына да, куран окуй жүргөнү, “а балакетиңди алайын балам, андай кылчу эмес, жыланды да кудай жараткан”, Кудай аны өлтүрсүн деп жараткан эмес” деп, жыланды да аяганы, баланын көңүлү жабыркабасын, куса болуп ооруп калбасын деп, жөө-жалаңдап суу кечип, ой-кырлар менен жүрүп, 30-40 чакырым жерге өлгөн-талганда жетип, кичинекей Шайлообек жетимди бөлөк бирөөгө турмушка чыгып кеткен Нурбүбү апасына учураштырып турганы, өзүнүн пайдасын ойлобой, небереси үчүн чарк көпөлөк айланганы, өп-чап турмушта жашаса да, тиги жок, бу жок деп, кейип-кепчибегени, азга сабыр, барга топук кылып, жер-суунун амандыгын, калктын жакшылыгын тилеп жашаганы Канымгүлдүн руханиятынын артыкчылыгын, асылдыгын, парасаттуулугун күбөлөп көрсөтүп турбайбы.

Жаакты таянып ойлонсок, көрсө, элибиздин илгертен бери келаткан нарктарын, кыргызды кыргыз кылып турган адеп-ахлак кенчтерин алып жүргөн, улут рухунун түпкү негиздерин сактап турган, турмуштун нагыз туткалары ушул Канымгүл чоң энедей элеттик кемпирлер турбайбы. Бүгүн жерибиздин тузу болгон ушундай байбичелер, карыялар арабызда калбай баратат. Кеңири айтканда Канымгүл эненин адеп-ахлагы — бул кыргыздардын көчмөн цивилизациясы жараткан, улут кыртышы төрөгөн жан дүйнө маданиятынын өзүнчө бир символу. Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылар” китебиндеги сиңирген эмгеги, эч кимге эч нерсени милдет кылбай, эч кимден байлык да, сыйлык да сурабай, эч кимге эч кандай доосу да жок, жөн гана пенделик жашоонун улуу түйшүгүнө өзүн курман чалып, бу дүйнөдөн өтүп кеткен кыргыздын бир аялынын улуу руханиятын калыбына келтирип, анын адамдык-асыл бейнесин көркөм сөздүн күчү аркылуу скульптуралык көрөсөндүүлүк менен түзүп, муундарга мурас кылып берип отургандыгында. “Мен энеме эл катары эстелик коё алган эмесмин. Бирок “Агындылар” аркылуу эстелик койдум деп ойлойм” деп автор өзү да ыраазы болуп турбайбы (“Де-Факто” газетасы, 25.04.2014). Шайлообек Дүйшеев чоң энеси Канымгүлдүн караанын сагынычтуу тиктеп туруп, моминтип ырдаса туура болот го деп ойлоп, төмөнкү саптарды токудук:

Эгер болсо менде учкуну ыймандын,
Жаңырыгы сенин асыл жаныңдын.
Өзүңөргө жанаша өскөн жылдардан,
Өсүп чыккан менин рух тамырым…

 

4. “Кармалап көрсө боло тургандай” тирүү элестер

Ш.Дүйшеев “Агындыларында” чоң энесинин образынан башка да бир нечелеген айыл адамдарынын кадимкидей “тирүү” элестерин жараткан десек жаңылышпайбыз. Китептеги бөкчөйгөн айылдык кара кемпирлер, Жума таяке, Керим аке, Үсөк аке, Бейшебай аке, Талип аке, Касым аке, Аяткан таяне, Болатакун жезде, Касым жезде, Кудек аке, Токсаба, Салый сыяктуу персонаждардын портреттери менен кездешкенде, окурман бедизчинин мастерскоюндагы скульптураларды аралап жүргөндөй болот. Аты аталган персонаждар, жанагинтип Максим Горький айткандай, “кармалап көрсө” боло тургандай болуп сомдолгон кейипкерлер. Эми ушундай көркөм көрөсөндүүлүккө жана дааналыкка Ш.Дүйшеев кантип жетишип жатат? Автор образ курууда көп сөздүүлүктөн жаа бою качып турат. Ал дагы айталы, бөдөнөнүн бөтөгөсүн жара аткан мергенчи сыяктанып, мээлеген бутанын дал толтосуна тие турган каражаттарды издейт да, бир-эки сүртүм боёк менен эле, бир-эки мүнөздүү деталь, штрих же кыска жана нуска, ташка тамга баскандай таамай сүрөттөөлөр менен бейнени кашкайта тартып таштайт. Кээде Ш.Дүйшеев реализмдин чебериндей болуп, өзү ары көмүскөгө көрүнбөй жашынып калат да, персонажды гана сахнага чыгарып, тилин сайратып сүйлөтүп коёт. Же анын монологун, диалогун алдыга тартат. Кейипкер өз речи, диалогу менен өзүнүн кебетесин, психологиясын өзү ачып берет (маселен, көртурмуштун айынан невротикалык ооруга чалдыгып, дайыма истерикага түшүп турган Салый зайыптын речин, же болбосо Болотакун жезденин сүйлөгөнүн, же чоң эне менен неберенин “чаар ичеги” жөнүндөгү диалогун, Турусбүбүнүн телевизор көргөндөгү кебин караңыз). Ушул жерден айта кетиш керек, дегеле, Ш.Дүйшеев “Агындыларында” айыл адамдарын речтик жактан мүнөздөөнүн чоң чебери катары өзүн көрсөтө алган. Көпчүлүк учурда бир абзац сүйлөмдө эле же бир жарым беттик же бир барак аянтта эле кишинин баскан-турганын, кылган кылыгын, жоругун, иштеп жаткан ишин, кыбыр эткен кыймылын, ойноп жаткан оюнун талуу жеринен чапчып, “өлөөр жеринен” кыпчуур менен кармагандай кармап, шар аккан суунун көбөөтүнөн балыкты уучтап чыккандай, персонажды “туйлатып”, көрүнөөгө алып чыгып, анын ким экенин дапдайын кылып көрсөтүп коёт. Натыйжада, үгүт-насыяты жок эле, жакшы киши ким экени, жаман киши ким экени, бузулган пенде кандай болорлугу, кимди туураш керек экендиги, кимди туурабаш керек экендиги, кимдин комедиясы же трагедиясы эмнеде экендиги өзүнөн өзү-ачык болуп чыга келет. Автордун бул өңдүү чеберчилигин Табылды Эгембердиев окурман катары “адамдардын кулк-мүнөзүн, кыял-жоругун, кебете-кепширин, жакшы-жаманын, баарын бир шилтем сүйлөм менен ашык-кеми жок сүрөттөп салганы эсиңди гана оодарып, бир кумардан чыгарат” деп эң туура байкаган. Болгон окуяны баарын баяндап отурбай, шак эле анын төбөсүндөгү “көкүлүнөн” алат. Ошол “көкүлдөн” алып, көтөрүп чапкан образ-сүрөттөр “Агындыларды” башынан аягына чейин ширеп калган. Ш.Дүйшеевдин калеми бир эле чийип кетти эле, китептин 99-бетинде аялынын какшап айткан калыс кебине камчысынын күчүн каршы койгон, турушу менен патриархал-көчмөн эркектин, өзүнө өзү сын көз менен кароо маданияты өнүкпөй, ичи тоң бойдон калган элеттик эргулдун кебетеси “чырк” эттирип бир ирмемде фотоаппаратка алынган сүрөттөй, көз алдыбызда туруп калды. Дагы бир алакандын отундай эпизодду алчысынан түшүрүп, “өкчөм” койду эле, бет алдыбызда элементардык этика дегенди билбеген, оргу-баргы Турсун аттуу элеттик “Дерзу Узаланын” эстен чыккыс элеси пайда болду да калды (20-бет). Дагы бир жолу калемгерибиздин чеберчилигин четинен чертип көрүп өтөлүчү. Бир эле мисал окуйлу: “Таякем Жумамамбет жайлоого көчкөндө таянем Аяткандын буйругу менен мени атка таңып туруп, жылкыларга кошуп айдап жиберип, түш оой конор конушу, жайлаар жайлоосуна жетип, шашпай боз үйүн тигип, “жыт чыгарып коёлу” деп куймак куюп, “аластап коёлу” деп арча түтөтүп, “эми кымыз ичели” деп шашпай жайланып олтуруп кымыз ичип, анан бир маалда, “а кокуй, бала бар эмес беле!” деп бирөөсүнүн эсине түшө калып, анан жылкылардын арасында оттоп жүргөн атты издеп, анан атка таңылган мени чечип алышпайт бекен” (“Агындылар” 35-бет).

Мына ушинтип, автор Аяткан таянесинин мүнөзүнүн, жан болумушунун катуулугун, жээн балага пейли ийибеген муздактыгын кымындай жетим чүрпөгө жасаган ушул мамилеси аркылуу эле ачып койгон. Бул мисалдан кийин калемгер Аяткандын аял катары катуулугу жөнүндө ар түркүн автордук аныктамаларын чыгарып отурбайт. Жөн гана бул окуяга карата чоң энеси Канымгүлдүн жасаган реакциясын минтип астыртан жылдырып берип коёт: “Аяткан куруп кетсин! Баарынан да ошол жоругун ойлогондо азыр да азат боюм дүркүрөп кетет. Ботом, ат оонап кетип өлсө эмне болот дебейби? Деги дени-карды соо киши ошентеби? — деп эле байкуш энем эстеген сайын күйүп кетер эле” (“Агындылар” 34-бет).

Чоң эненин күйүп-бышып айткан бул эмоциялуу сөздөрүнөн Аяткандын жүзү, кимдиги, ага берилген баа өзүнөн өзү дайын болуп жатат го. Образ ачуудагы автордун мындай кылдаттыгына кол койбой коё албайбыз. Иштин ток этер жерин гана сүрөттөгөн кыскалык “Агындыларда” өрнөк кыларлыктай даражага көтөрүлгөнүнө күбө болуп отурабыз. Кыргыз адабияты буга чейин дал ушундай Дүйшеевдикиндей кыскалык сапатка, кыска болгондо да боёктуу, образдуу шөкөттөлүшкө чукак болуп келбеди беле.

“Кудай ай, 51-жыл бекен же 52-жылдын жазы бекен” деп, автор сөздү аябагандай табигый баштап, анан “тили менен буудай куурган” сөзгө чебер, кепке чечен кудум айылдын такшалган тапанындай болуп, бир нерсени куюлуштуруп шөкөттөсө, Ш.Дүйшеевдин сөз сыйкырына арбалып, туткун болгонуңду сезбей каласың. Ушу жерден кыстырып айта турган нерсе, Шайлообек кичинесинде ушунча куйма кулак бала болгондугу сезилип турат. Ат-Башынын кемпир-чалдарынын, элеттик пенделердин арасында өскөндүктөн айылдык адамдардын бай тили, кеп стили, сүйлөө манерасы, речтик маданияты, жаргону, тилдик “субкультурасы” Шайлообектин дилине гана эмес, бүтүндөй сөөгүнө сиңип калган экен. Болбосо, Ат-Башы менен 70-жылдардын башында эле коштошкон, бүгүнкү шаардык интеллигенттин тили ушунчалык “буудай куурабы” э айланайын! “Агындылардын” тили жөнүндө сөз күтүп, кеп баккан көсөм интеллигенттерибиздин бири Табылды Эгембердиев бекеринен моминтип жазып отурган жок: “Китептеги эң негизги артыкчылык — автордун түбү жок тил байлыгы. Мен деле айылда өскөм. Кыргыз тилин суудай билем деп жүргөм. Көбүнө сынтакчумун. Көрсө, “Өрдөк жокто чулдук бий” болуп жөн эле мактанып жүрүпмүн. Шакемди окуп алып, ушундай курч, ушундай көркөм жана ушундай кооз тилди жараткан элиме ыраазы болдум. Ушундай тилдин күкүмүн калтырбай чогултуп алып, китебине чачып салган жандосум Шакеме ыраазы болдум. Китепти суу төгүлбөс, камчы салдырбас жорго мингендей эле кыйналбай, жыргап окуйсуң” (Табылды Эгембердиев, “Кара сөз менен ырдалган поэма” макаласынан).

 

5. Балалыгыңдын сүрөтүн тартсаң, Дүйшеевче тарт

“Агындылардын” дагы бир жагына көңүл буралы. Эгерде калемгер өзүнүн балалыгы жөнүндө чыгарма жазса, ал анын биографиясынын гана жеке фактысы болбой, жалпы мааниге ээ картинага өсүп чыкса, андан көптөр өзүнүн балалыгын көрсө, анда бул-художниктин жеңиши. Эмне үчүн биз Жеңижоктун “Балалык” деген ырын ар качан кызыгып, сонуркап окуйбуз (“Жар боорунан балапан, алып жүргөн балалык.Чегирткени куш кылып, салып жүргөн балалык. Күчүгүн байлап мойнунан, карышкырга салам деп, шашып жүргөн балалык. Дөбөт менен мышыкты, кабыштырган балалык. Кимиси кыйын экен деп, салыштырган балалык. Эки айылдын жылкысын, алдыртан кошуп ийишип, айгыр менен айгырын, алыштырган балалык. Дөбөгө чыгып барышып, таш омкоруп алышып, «менин атым күлүк» деп, жарыштырган балалык. Так секирип улактай, кутуруп турган балалык. Оюнга мооку канбастан, жутунуп турган балалык. Оюн салган кунандай, окторулган жыландай, ордунда турбас балалык”)? Анткени улуу Жеңижок бул ырында адам пендесинин ажайып “көктөм” доору — балалыктын кайталангыс жаратылышын, балалыкты түбөлүк коштоп жүргөн “мүнөздү”, “эн тамга” белгини кашкайтып ачып берип жатпайбы. Жеңижоктун ырынын өлбөстүгү кайсы гана доор болбосун, балалыкка тиешелүү жалпы касиетти жар салып тургандыгында. Карачы, ошол 19-кылымда Жеңижок ырдаган балалык мүнөз 20-кылымда Ш.Дүйшеевдин балалык жосунунда кайталанып жатат. Ш.Дүйшеев минтип сүрөттөйт:

“Чарадай, чарадай таштарды жөн жаткан ордунан козгоп, омкоруп алып төмөн кулатабыз. Таш адегенде көңүлү келбегенсип жай аласалып, анан улам ылдыйлаган сайын ылдамдап, күүлөнүп алган соң тири шумдуктай чимирилип, аңкилдек атып, анда-санда бир көрүнүп, өңкүлдөгөн бойдон салып-уруп баратып так желенин түбүнөн түйүлүп өтүп, дүп этип торпоктун жанына түшүп, андан секирип зуулдаган бойдон сайга кирип жок болор эле. Кулаткан ташыбыз боз үйлөрдүн бирине, мал-жанга тийип ойронун чыгарса эмне болорун ойлобой, ансайын оюндун кумарына батып алган бизди боз үйдөн атып чыккан эркектердин өкүм айкырыгы мык каккандай кагып токтотчу” (“ Агындылар” 70-бет).

Бул жерде кеп таштын кулашында деле эмес. Кеп бул эпизоддун бала деген пенденин жаны чынында оюн экендигин, оюн дегенде ал бардык нерсени унутарын, оюндун ичине баш-оту, бүткүл жүрөк-жүлүнү менен кирип кетээрин, оюн анын өмүрү, жашоосу экенин туюндуруп, окурманды Жеңижоктун ырындай балалыктын керемет табияты жөнүндө ойлондуруп, ар кимди мурутунан жылмайта алыста калган алтын балалык күндөрүн эстөөгө козутуп тургандыгында. Анан калса, Ш.Дүйшеевдин “Агындыларда” дагы башка төмөнкүдөй тарткан картиналары акын Жеңижоктун балалык жөнүндөгү классикалык ырына зарыл толуктоо же анын башкачараак тариздеги уландысы сыяктанат. Чогуу окуп көрөлү:

“Жума таякемдин кызы Нина экөөбүз ойноп жүрүп бастырманын бурчунан чакага чыланган гудрон-асфальтка төгүлүүчү кара майды таап алып, жыргап, колубузду чыканагыбызга чейин малып, ыракаттана мыкчып, бети-башыбызды шыбап, чачыбызды майлап, бир заматта адам тургай айбан кача турган шумдук түргө келсек керек, көң алганы кирген келин:

-Апей көтөк!-деп ыргып чыга качып, колундагы таштеги тегеренип барып уктап жаткан иттин башына тийип, ал каңкылдап тамды айланып, бизди тиктеп алып байланып турган казыгына чиренип торпок өкүрүп. Ошондо оңой менен козголбогон таянем козголуп, шашпай басып келип, ит тиштеген күчүктөй көк желкебизден көтөрүп келип Нина экөөбүздү:

— Ме,тазалап ал!-деп Жума таякемдин алдына ыргытканын эстейм”.

“Дагы бир окуямды кийин уктум.

— Эшик акырын “тык-тык” деп басылып калат. А дегенде тоокпу деп көңүл бурган эмесмин. Бир аз тынчый түшүп кайра тыкылдайт.“Бул эмнеси?” — деп туруп барып карасам Шакен турат, чочогу чорбоюп, курсагы чердейип, киндигине жетпеген көйнөк, буту жыңайлак.

— Ай, эмне келдиң таңатпай?-десем.

— Нина чыгабы?-деп коөт.

— О шүмүрөй, “чыгабы?” деп койгонун, бар турсаңды кийип кел! Уялсаң болбойбу, өзүң кызга келсең, анан кебетең бул болсо, — деп кайра айдадым. Боорумдун эзилгенин айтпа, — деп Батипа таажеңең айтып калчу эле- деп энем айтчу”. («Агындылар», 33-бет)

Мынакей, балалыктын “тирүү” образы. Жылмаюуну жана күлкүнү жараткан кандай керемет сүрөт. Жеңижоктон да өткөрө жазып салыптыр го. Айтып отурса, ааламга сыйбас балалыктын күнөөсүз баёо дүйнөсүн кичинекей гана нокоттой жерге батырып коюптур ээ. Бутага таамай тийчү таасын фактына тандай билген, аны сөз менен саймалап, көркүн ача көркөмдөп бере билген Шайлообектин устакерлигин айт. Буга чейин балалык жөнүндө көп эле чыгармаларды окудук. Бирок балалыктын бейнесин Дүйшеевчесинен ташка тамга баскандай мынчалык даана тарткан калемгерди учуратпаптырмын. Шайлообек адабиятта балалык жөнүндө өңү эч качан өчпөс, өлбөс көркөм картинаны жаратып салыптыр. “Агындыларда” Дүйшеевдин балалыгы Дүйшеевдин гана жеке балалыгы болбой, ошону менен бирге жамы адамзаада окуй турган жалпы эле балалык туурасындагы ажайып аңгемеге айланышы-бул художник Ш.Дүйшеевдин жетишкендиги. Баса, анан Ат-Башыдагы 10-класстын жаштык романтикасын да Шакең келиштире сүрөттөптүр. Айрыкча, “Агындылардын” кыздарга жазылган каттарга байланышкан беттери абыдан колориттүү жана жаркын чыккан, окуп эле отургуң келет.

 

6. Автордогу жазуучулук жөндөм менен сүрөтчүлүк өнөрдүн айкалышы кандай натыйжага алып келген?

Ушул жерден Ш.Дүйшеевдин автордук натурасындагы бир өзгөчө сапаттын китептин ийгилигине чоң сүрөө болгондугун баса белгилөөгө кезек жетти көрүнөт. Жанагы тоодо балдар кулатып жаткан таштарга дагы бир жолу тик багалычы. Таштын кулаганы ушунча көрөсөндүү, муну китептен окубай эле, кинодон көрүп жаткандай болосуң. А түгүл өзүңө карай кулап келе жаткандай иллюзия түзүлөт. Эми дагы сурайлы, автор сүрөттөөнүн мындай көрөсөндүүлүгүн кандайча камсыздап жатат? Ш.Дүйшеев китебинде окуучулук жылдарынан мындай эскермени алдыга тартат: “Башталгыч класстын мугалими Энтериев Жумабай агайдын республикага чейин атын чыгарган көрсөтмө куралынын сүрөттөрүн тартып берип жүрдүм. Ошондон тартып ботаникадан сабак берген Макан эже мага чөп-чар менен жалбырактардын сүрөттөрүн көп тарттырды”.(“Агындылар”, 207-бет). Көрсө, автор Шайлообектин туулганынан тубаса сүрөтчүлүк касиети бар турбайбы. Ал сүрөтчү болуп да төрөлгөн экен. Ал эми сүрөтчүнүн дүйнөнү предметтүү көрөрү, боөктор, түстөр, образдар аркылуу кабыл алары белгилүү. “Агындыларды” жазып жатканда автордун көмүскөдө көрүнбөй жүргөн дал ушул художниктик касиети көркөм тутканы тегеретүүдө активдүү роль ойноп жаткандыгы баамдалып отурат. Башкача айтканда, автордогу эки башталма-жазуучулук сөзмөрлүк жөндөм менен сүрөтчүлүк касиет бири-бири менен жуурулуша бириккен. Ш.Дүйшеевдин боюндагы ушул эки касиеттин союзу “Агындылардын” көркөм көрөсөндүүлүгүн (зрелиңность), колориттүүлүгүн, сүрөттөөнүн предметтүүлүгүн, “орнаменттүүлүгүн” шарттап берип жатат. Мына ушундан улам биз автордун баяндарынан, аңгемелеринен, чагылтууларынан көпчүлүк учурда сүрөтчүнүн полотносун же кандайдыр бир кинокадрды көрүп жаткандай иллюзияга кабылып жатканыбызды туюнсак болот. Мынабу чийнеге түшүп талаада кетип бараткандагы Ат-Башынын бир айылынын түнкү пейзажын (146-бет) карачы, эмне деген керемет сүрөт. Же болбосо, мына мобу Кашка Айгыр менен Аңги Торунун жайлоодо бири-бири менен алышкан тири укмуш картинасын көрүп ал. (71-бет) Болбосо, Ой-Терскендин сайынын жээгинде маасысын чечип, жылаңайлак олтура калып, “кел” деп небересине жонун тосуп мингизип, жонундагы балага маасысын карматып, бир колуна тизесине дейре түрүп алган көйнөгүнүн этегин, түйүнчөгүн кармап, бир колу менен “мингизип” алган наристени көчүгүнөн сүйөп, сайдын бут какшаткан муздак суусун мөңкөйүп кечип бараткан Канымгүл чоң энени карап көрчү. (42-бет) Булар фотосүрөттөрбү, кыл калем кудурети менен ак кагазга түшүрүлгөн элестерби, телетасманын үзүндүлөрүбү, эмне? Кыскасы, мындай көркөм кооздук, картиналуулук, образдуулук чынында эле, өйдөтө белгилегендей, сүрөтчү менен жазуучунун бир инсандагы жумуртканын агы менен сарысындай айкалышкан биримдигинен гана жаралышы мүмкүн. Ушул биримдик жараткан эстен чыккыс элестүүлүк чыгарманын айрым бир фрагменттерине гана эмес, дагы айталы, “Агындылардын” бүтүндөй көркөм тулкусуна мүнөздүү экендиги Ш.Дүйшеевдин прозачы катары мөөрөйү эмей эмне? Анан калса биздин жогорудагы оюбуздун чындыгын ырастап, Ш.Дүйшеев өзү газетага моминтип интервью берип салбадыбы: “Мен жаш кезимде сүрөтчү болсом деп тилек кылып жүрүп, айлам жогунан сүрөтчү болалбай калгам, бирок анын өчүн мен сөз менен сүрөт тартып алып келатам. Художниктер бири живописчи, бири портретчи, бири башка болуп ар түркүн жанрга адистешет эмеспи , а менде кудай жалгап ушулардын баары бар окшобойбу, анткени уй, кой, эшек эле эмес, суунун, чөптүн, таштын, кыштын, кишилердин кебете-кешпирин, жадагалса кайгы-муң менен күлкүнүн өңү-түсүнөн бери сөз менен кемелине келтире тартып бере аларымды Табылды менен Нуралы байкаган. Анан “жазуусу” бар болгон менен “жаны” жок болуп калбагайле деп ар бир сөздүн “колу-башын” кармалап, көкүлүн сылап, баскан-турганын тыңшап, бетинен өөп, мазарга түнөгөнсүп ар бир сөздүн “түбүнө түнөп” жүрүп “Агындыларды” жазганым текке кеткен жок”.(“Де-Факто”, 25.04.2014).

 

7. Манас Ата жана Шайлообек

Ш.Дүйшеев балалыгынын күн тийген күнгөйлөрүн, кыялдуу, романтикалуу учурларын гана эмес, көктөм мезгилинин кардуу тескейлерин, көөдөнгө өчпөс так калтырган көлөкөлүү психологиялык драмаларын да алаканга салгандай кылып, алдыбызга жайып таштаган. Көктөм мезгилден башталып, кийин, кийин көкөйдү кескен көкүрөк дартына айланган, үй-бүлөлүү, бала-бакыралуу Шайлообектин эч ким туйбаган инсандык ички тымызын рухий-психологиялык көйгөйү болуп калган көрүнүш жөнүндө тикелей кеп кылуудан мурда, улуу “Манас” эпосунун бир орчундуу мисалына кайрыла өткүбүз келет.

Бала кезинде да, кийин чоң киши болгон убагында да, Манас менен Чыйырды эненин ортосу өзүнчө бир ысык мамиле менен, өзгөчө бир гармония менен айырмаланат. Таласка өзүнчө Ак сарай салып берип, Манас энесин урматтап, төбөсүнө көтөрөт (“Чыйырдынын Ак сарай, кеңдиги бар бир далай”). А түгүл атагы таш жарган баатыр болуп, Таласта падыша тагында отурган чагында да, Манас бир ирет Алманбет менен келип, бир жагынан энесине эркелеп, экинчи жагынан достук үчүн ант кылып, Чыйырдынын эмчегин эмет. Муну көргөн атасы Жакыптын жылмайып күлүп турганы “Манаста” мындайча сүрөттөлөт: “Отуздагы баласы, зоңкоюп эмчек эмди!” деп, эми Жакып чал күлүп турганы”.

Ал эми Манастын 20-кылымдагы урпагы Шайлообектин энеси Нурбүбү менен болгон мамилесинин дисгармониясы айкөл бабабыздын өйдөкү мисалына карата кескин контрастты түзүп турганы, чынында окурманды ойго салып, түйшөлтүп отурат. Автор моминтип көз алдыбызда терең толгонуп турат:

“Тилекке каршы мен апам Нурбүбүнүн жаш кезин эстей албай койдум. Анткенибиз 46 жылдан кийин гана кездештик. Мен 4 жашка чыкканда “кеткен” ышкындай жаш келин, эми басса-турсале эли-жерине, бала-бакырасына жалынып-жалбарына берген жагымдуу, айтегерек кемпирге айланыптыр. Биз экөөбүз тең эмнегедир канча жылдан бери сагынышып жүрүп табышкан адамдарга окшоп бири-бирибиздин кучагыбызга кулап түшпөдүк. Жөн-жай эле, көптөн берки тааныш өңдүү көрүштүк. Өбө алган жокмун, апам да анча батыналбай бетимен коомай сүйдү. Экөөбүздүн ортобузду абдан тааныш, ошол эле убакта экөөбүзгө тең таптакыр белгисиз бир нерсе бөлүп турду. Ага мен көбүрөөк “чоочун” болуп турганымды сезип аттым. Мен ага эркелей албай, бир да жолу “апа” деп айталбай койдум. Кучагына кулап, көкүрөгүнө башымды жөлөй албадым. Экөөбүздү жапжакын, маңдай-тескей олтургузуп коюп, бирок бири-бирибизди тосуп, бирибизди бирибизге жеткирбей, бир аз эле эпкини тийсе Эне-Бала болуп, ээ-жаа бербей төгүлүп-чачылып кетчү аялуу сезимди эмне деген күч токтотуп, эмне деген күч кармап турганын мага бүгүн ким түшүндүрүп, ким айтып бере алат? Бейиши болгур чын эле 80 жашка чыгып дүйнө салды. Өкүрүп барып топурак салып кайттым, бирок чын эле ыйлай албай койдум. Жашым түгөнүп калгансып такыр чыкпай койду. Келип Бишкектин “Алина” аттуу кафесинде куран окуттум”. (“Агындылар”, 215-216-бет.)

Бул эмне деген адам коомунда анча кездешпеген азаптуу окуя? Эне-баланын ортосундагы не деген трагедия? Улуу табият эне бир бүтүнгө бириктирген эки жандын ортосунда да ушундай болот экен ээ? Жанагинтип, “отуздагы зоңкойгон” Манас эркелеп, энесинин эмчегин эмип жатса, Шайлообек эмне үчүн бир боор апасын “апа” дей албай, өлсө көзүнөн жаш чыкпай кыйноо чегет? Айтмакчы, Манас баатырдын ата-энесине, айрыкча, Чыйырды апасына болгон урмат-сүйүүсүнүн өзүнчө психологиялык тамыры бар. Кеп мында. «Манаста» Чыйырды эненин баласы Манаска карата мээриминин чеги жок («Эркелетип энеси, аркалап жүрдү атасы»). Он эки жашка чыгып калса да, апасы Манасты «Боздон тоодак куткарбас, боз ала шумкар Манасым, калкайган тоого токтобос, кара ала барчын Манасым, сөзү таттуу балдайым, сөөлөтү сонун айдайым, көз катканда көргөнүм, көлөкө жалгыз эрмегим!»-деп, уулуна эбедени эзилип турат. Уулу үчүн отко, сууга түшүүгө даяр. Кыскасын айтканда, күн көктөн жадырап тийип, нурун төгүп, кыртыштагы чөптү өстүргөн сыяктуу бала Манас Чыйырды энесинин агылып-төгүлгөн мээриминин астында эркин өсүп-чоңоёт. Бала күнүнөн эне мээримине каныккан Манас тереңинде Чыйырдыга ыраазы жана ал апасынын эмгек-мээнетин жүрөгүнүн түпкүрүндө алдейлеп жашайт.

Өкүнүчкө жараша, биздин мынабу Шайлообек бала чагында дал ушундай апанын мээримине каныкпай калган, каныкмак турсун куру калып отурбайбы. “Бу дүйнөдө апалуу болуп туруп апасыз жашаган мен эле болсом керек” деп автор балалык тагдырына кейип, күңгүрөнүп турбайбы (объективдүү жана субъективдүү себептердин, турмуштук проблемалуу жагдайлардын айынан бир райондо туруп 46 жыл көрүшпөгөн эне-баланын окуясы “Агындыларда” психологиялык жактан чынчыл жана ишенимдүү ачылып берилгендигин атайы белгилеп коёлу). Апасы менен көрүшүп, катташып, алака-мамиледе болуп жүргөндөн кийинки автордун өйдөкү монологу же сыр ачуусу “кичинекейинен мээримге, жуурулушкан ысык мамилеге бөлөнбөй калуу, эне-баланын өз ара байланышындагы ички психологиялык кылдат тамырларынын үзүлүшүнө, табигый гармониянын бузулушуна алып келери, мунун айынан кийин чоңойгондо ата-эне менен баланын ортосунда эмоционалдык байланыштардын көрүнөө дефицити пайда болору, уул-кыздын атага же апага агынан жарылып, ачыла албай турары, демек, мээримдин дефицити акыры баланын жан дүйнөсүнүн өксүгүнө түрткү болору” жөнүндөгү психологиялык изилдөөлөрдүн тыянактарынын акыйкаттыгын далилдеп отурат. Образдуу сөздөр менен ич дүйнөмдүн “бырышкан, тырышкан, кыйрайган, мыйрайган жерлеринин баары түзөлбөгөн бойдон калды” деп автор чын сырын дагы айтып жатпайбы.

Кыскасы, эми Ш.Дүйшеевдин мындай адамдык тагдыр-тажрыйбасынан улам кандай жыйынтыкка келүүгө болот? Албетте, баланы бешикке бөлөгөн жакшы, бирок аны биринчи иретте, мээримге бөлөө керек. Чындыгында, МЭЭРИМ — бул баланын адам катары түзүлүү пайдубалында жаткан улуу жаратуучу кудурет. МЭЭРИМ — эне-баланын өз ара гармониясынын кыймылдаткыч күчү. Мээрим мээримди жаратат. Дагы айталы, буга ошол эле өйдөтөгү Чыйырды эне менен уулу Манастын ортосундагы жуурулушкан ысык мамиле күбө. Кудай “Агындылардагыдай” тирүү туруп эне-баланы бири-биринен ажыратпасын!

“Мен эч бир жетимге окшобогон жетим болдум” — деп жазат автор китебинде. Чынында Ш.Дүйшеев өзүнүн жетимдик жазмышындагы эч кимдикине окшобогон, эч жерде жок уникалдуу тарыхты эч нерсесин жашырбай жазып, ортого таштаган. Тарых демекчи, мурдагы роман, повесттерден биз көбүнчө жетим жандын сырткы физический азабын, тышкы социалдык тарыхын, аянычтуу жетимдик тагдырдын сырткы окуялык перипетияларын окуур элек. Ал эми “Агындылардан” күтүлбөгөн өңүттөн туруп жазылган жетим адамдын ички психологиялык тарыхына, тышкы баянга эмес, жетим болгон кишинин өзүнүн чын жүрөктөн чыккан монологуна күбө болобуз. Ш.Дүйшеевдин “Агындылары” ушундай ички сырчылдыгы менен кайталангыс жана буга чейинки жетимдер жөнүндөгү баяндарга окшобойт. Соңунда айтарыбыз, апасы Нурбүбү менен болгон Шайлообектин окуя-таржымалы кеңири караганда, бир жагынан окумуштуу психоаналитиктерге табылгыс фактылык материалды тартууласа, экинчи жагынан кайсы гана өлкөдө, кайсы гана континентте жашабасын, бардык-окурмандар үчүн кызыктуу, айрыкча ата-энелерге өзүнчө бир эскертүү жана таалим-сабак. “Агындылар” эне-баланын теңир тартуулаган табигый биримдигин, уюмун, “уюгун” бузбоо жөнүндөгү гуманисттик осуятты астыртан каңкуулап тургандыгы менен кундуу.

 

8. “Агындылардын” педагогикасы

Эми, мынабу нерсени да баса белгилеп өткүбүз келет. “Агындылар” адамды олуттуу ойго салган өзүнүн педагогикалык маани-маңызы менен да өзгөчөлөнөт. Китептин көптөгөн эпизоддорун, аңгеме-дүкөн баяндарын тереңинен орчундуу педагогикалык идеялар аралап өтөт. Мүнөздүү бир эле мисалга токтоло өтөлү.

Дегеле, психологиянын көз карашы менен караганда, 13-15 жаштагы өспүрүмдөрдүн дүйнөсүндө чоң өзгөрүүлөр жүрөт. Бул куракта бала өзүн чоң кишидей сезүүгө аракеттенет. Башкалардын көзүнчө олуттуу, маанилүү көрүнгүсү келет. Бөлөктөр тарабынан бааланууну, моюнга алынууну, көңүлдүн борборунда турууну көөдөнүндө каалап, тегерегиндеги балдарга өзүнүн ким экендигин далилдөөгө, герой, кыйын болуп көрүнүүгө, өзүнүн МЕНин бекемдөөгө талпынат. Алгачкы балалык баёо сүйүү сезими да “бүчүр жарат”. Өз алдынчалыкка, “автономдуулукка” умтулуу жышаандары көбөйөт. Бул жерде айталы дегенибиз, Шайлообек Дүйшеев педагогикалык психологиянын өспүрүмдүн курактык жан дүйнө өзгөчөлүгү жөнүндөгү өйдөкүдөй тыянактарын, бүтүмдөрүн өзүнүн балалыгынын “архивинен” алынган уникалдуу мисалдар менен кашкайта ырастап таштаган. “Агындылар” ушуну менен да кызыктуу. Китептен бир үзүм окуйлу:

“Мен сүйгөн кыздардын баары мендей болбураган жоош сарыны эмес, өздөрүндөй өңдүү-түстүү спортсмен балдарды жактырчу. Ошондо спортсмен болгум келип, жеңил атлетикага катышып, жүз метрге чуркоодон айылдан астыма адам салбай, жалгыз турсам менен райондогу чемпионатка катышып, аз жерден чемпион боло жаздап барып токтогом. “Атаңгөрү ай, жок дегенде бир шпион кармап алсам”, анан мени “шпион кармаган окуучу” деп мектептин дубал гезитине чыгарып, башка балдарга үлгү кылса деп кыялданып, “Кудай мага шпион кармата көр” деп тилегенимди айтпа. Мен жакшы көргөн кыз жакшы ырдагандыктан аны коштоп туруу үчүн мандалин черткенди үйрөнгөм. Мен жакшы көргөн кыз сүрөт тарткан баланы жакшы көргөндүктөн анын көзүнө түшүш үчүн да сүрөт тарткам. Кенже Эсенбаева деген эжебиз лыжа тебүү боюнча Кыргызстандын чемпиону болуп, дүңгүрөп чыкканда, Ат-Башылык балдардын баары лыжа менен “ооруп” жыгылганбыз. Биринчи болгусу келгендердин арасынан биринчи боло албадым. Бирок биринчи болгум келген каалоом сыртымдан билинбеген менен ичимден кара жалын өрт болуп күйүп турчу”.

Ырасында эле, 60-жылдарда Ат-Башылык Шайлообек окуучунун аң-сезиминде жана жан дүйнөсүндө жүргөн бул процесстер баланын курактык бөтөнчөлүктөрүн изилдеген педагогика психологдору үчүн кайталангыс фактыларды тартуулагандыгы менен өтө баалуу.

Педагогика демекчи, ушул нукта сөздү бир аз уланталы. Өспүрүм Шайлообек атасы жок, тирүү туруп, энеси да жанында жок жетим болсо да, өзүн жетим сезгиси келбей, ичинен намыстанып, классташ балдар, кыздардын алдында кемсинүүнү, басынууну каалабай, балалык-жазмышынын өксүгүн моюнга албай, көрмөксөнгө салып, ата-энелүү бактылуулар менен тең ата жүрүп, айланасындагыларга “телегейи тегиздей”, маанилүү немедей көрүнгүсү келген. Чоочун адамга турмушка чыгып кеткен алыстагы энесин эш тутуп, кулагы “жетим” деген сөздү уккусу келбей, ал бул сөздү ичинен ушунчалык жек көрүп жүргөн учуру эле. Дал ушундай кырдаалда күтпөгөн жерден чагылган түшкөндөй окуя болуп өтөт. Ш.Дүйшеев минтип жазат:

“Ошол 60-жылдары жетимдерге жардам катары кийим-кечени республиканын бардык мектептерине тараткан. А дегенде тоголок жетимдерге берилет. Тоголок жетимдер барбы?-деп мектеп директору класс жетекчибизге кайрылды.

— Дүйшеев барсыңбы? Кел, муну сага өкмөт берип жатат — деди класс жетекчим.

Таяк менен башка чапкандай дендароо боло түшүп, эмне кыларымды билбей турдум. Жаным айланкөчөк атып, ичим сапырылып кетти.

Кереги жок! Албайм! Албайм! Мен деген жетим эмесмин! Менин энем бар!-деп, өз үнүмө өзүм буулугуп, ызама батпай , китеп баштыгымды да албастан класстан атып чыктым. Үйгө кантип жеткенимди билбейм. Эч кимге көрүнбөй, эч кимге угузбай, көмкөрөмдөн жатып алып, буркурап ыйладым. Ошол убакта мектепти, класс жетекчимди, деректир агайды экинчи көрөйүн деген көзүм жок эле. Бардык балдардын көз алдында бүт айылга айыбымды ачып салгансып, өзүмдү дүйнөдөгү эң эле таалайсыз, бактысыз сезип, белгисиз бир жактарга, эч ким билбеген жактарга, эч ким “жетим” дебеген жактарга кетким келди. Менин бул абалымды ошол учурда бир да тирүү жан түшүндүрүп бере алмак эмес” (“Агындылар” 45-46-беттер).

Караңыздарчы, бала Шайлообек кардына эмес, кадырына ыйлап жатпайбы. Ичинен биринчи болууну дайыма эңсеп, шпион кармап, жакында классташ кыздардын, балдардын алдында “баатыр болчу” баланын жан дүйнөсүн, кыялдуу көкүрөк-көөдөнүн “багары жок байкуш” деген мамиле менен, бечара “тоголок жетим” деген сөз менен көпчүлүктүн көзүнчө тебелеп-тепсеп, ойронун чыгарып ташташпадыбы. Болгондо да педагогдор. Ушул мугалимдер, директор катары, класс жетекчи катары, педагог катары өспүрүм Шайлообектин жанагыдай индивидуалдуу өзгөчөлүгүн убагында байкап-багып, түшүнүшсө эмне. Гуманитардык акцияны кылдат ыкма менен жүргүзүшсө кана. Бир шаардык мектептин окуучулары өздөрүнүн математика мугалими А.В.Венсан жөнүндө минтип эскеришиптир: «Александр Владимирович энебизден кийинки эле экинчи кишибиз. Эмне кылыш керек экенибизди өзүбүздөн да жакшы билип турат го, чиркин!» Шайлообекке А.В.Венсандай класс жетекчи туш келсе эмне.

Жүрөгүн жаралап, көңүлүнө өчпөс так калтырган Шайлообектин бул балалык “тарыхынан” кандай сабак алсак болот? Биз, тоолуктар педагогубуз болобу же башкабыз болобу, ата-эне болобу, дегеле ар кимибиз балдарыбыздын, окуучуларыбыздын ар биринин мүнөзүн, башкалардан айырмачылыгын, өзүнчөлүгүн, жекелигин көрөгөч маамыттай көрүп турган психологиялык маданиятка жетишсекчи. Кичинекей адамдын назик жан дүйнөсүн, кайталангыс жаратылышын, “үлпүлдөгөн” ички МЕНин көңүл чордонунда кармабаган тоңдугубузду жеңсекчи. Ар бир чүрпөнүн ичтеги кайгы-муңун, ой-тилегин, тереңге буккан сырларын жер тыңшаар маамыттай туюп турган кылдаттыкка үйрөнсөкчү да, өзүбүздү “кулунчактын” ордуна коё билүү, айлана-тегерекке баланын көзү менен карай билүү, балалыктын аёолуу дүйнөсүн коргой билүү жагынан алдыга озгон аяр этикага эгедер болсокчу. Мисалдан көрдүк го. Кийим-кечеден, буюм-теримден, алтын-күмүштөн мурда да, баланын ич жагын түшүнүү жөнүндө үңүлүп ойлонуу номур биринчи маселе турбайбы. Ушундай болгондо, муундарыбызды тарбиялоо жагында ишибиз тездик менен илгерилейт беле.

Бүгүнкү күндөгү балдардын кээде акыркы жаман кадамга-суицидге барып жатыш себептеринин бир учугу, балким өспүрүмдүн жүрөгүн жаралап, жалгызсыраткан, жабыркаткан, анын дүйнөсүн астын-үстүн кылган биздин “орозкулчулугубузда” (“Ак кеме” фильми) жатпасын?

Мына ошентип, “Агындылар” бир жагынан өзүнүн терең педагогикалык подтексттери жана логикасы менен да нускалуу жана күчтүү дегибиз келет.

 

9. П.Я.Чаадаев жана Ш.Дүйшеев

Социалисттик реализм эстетикасынын турмушту “революциялык өнүгүүдө” көрсөтүү, советтик тирликтин “типтүү жактарын, алгалоочу тенденцияларын» ачуу, алды жактан “кеңири горизонтторду”, “социалисттик чындыктын перспективасын” көрө билүү жөнүндөгү идеологиялык талаптарына баладай ишенип, чын ыкласынан берилип, көнүп калгандыктанбы, кыргыз адабиятында көптөгөн калемгерлер өз айылын, туулган аймагын, районун сүрөттөгөндө көп учурда анын бери жактагы жалтыраган фасадын, “параддык” жагын, көрсөткүчтөрүн поэтизациялаганга (“Алтын өрөөн”, “Гүлдөгөн өрөөн”, “Өзгөргөн өрөөн” ж.б.), көбүртүп-жабыртып көкөлөткөнгө ык алып келишти. Мындай көнүмүш адабиятыбызда турмушту көп учурда боёп, жылмалап көрсөтүүгө (лакировкага) алып келгендиги белгилүү. Мына ушундай “коммунисттик, оптимисттик көз караштын” инерциясы бүгүн да биздин адабий менталитетте астыртан сезилип турат. Кыйлалаган көркөм жана публицистикалык чыгармалардан, эссеистикадан айылдын өйдө-ылдый татаал, карама-каршылыктуу реалисттик картинасын эмес, адат катары туулган аймакка ода айткан экзальтацияны көбүрөөк учуратабыз. Патриотизм деген нерсе, жалаң эле кичи мекениңди мактоодобу, даңктоодобу, романтизациялоодобу? Ушул жерден XIX кылымдагы орустун атактуу уулдарынын бири Петр Яковлевич Чаадаевдин айткан төмөнкүдөй бир сөзү эске түшөт: “Мен өз мекенимди көздү жуумп алып, эрдимди бекем кымтып, колумду куушуруп сүйгөнгө көнгөн эмесмин. Мен минтип түшүнөм: Адам өз Ата-Журтуна аны ийне-жибине чейин жакшы билип, апачык көрүп турса гана пайдалуу боло алат. Сокур сүйүүнүн мезгили бүттү деп ойлойм. Эми биз өз мекенибизге акыйкат, чындык менен гана жөлөк-таяк боло алабыз”.

Кандай терең айтылган ой. П.Я.Чаадаевдин бул сөзү чыныгы мекенчил гражданин-атуулдун сөзү.Чаадаевдин курч айтылган бу философиясы, керек болсо Кыргызстандын бүгүнкү көркөм сөзүнүн жаңы эстетикасынын негизинде жатууга татыктуу ой дегим бар. “Агындыларды” окуган адам, анын авторунун тутунган сүрөткерлик принциби дал ушул П.Я.Чаадаевдин позициясына өңдөш экенин байкабай койбойт. Анан калса, Ш.Дүйшеев окурмандар үчүн берген маегинде мына моминтип бизге сырын ачып отурбайбы. Окуйлу:

“Өзүңдүн чыныгы кебете-кешпириңди жаап-жашырып, каратып туруп калп сүйлөп, жаркылдап туруп жалган сүйлөп, акылы анчалардын алдында акылдуу көрүнгөн адамдын жасаганы да, жазганы да калп, жалган, жасалма болот. Жазып аткан нерсеме жанымды салып иштейин, “жаны” жок кылып албайын деп, мен Кудайды карап туруп жаздым. Кудайды карап жазганда калп айталбай калат экенсиң. Орустар “душа” деп коюшат го, мен ошо “душамды” дуулдатып, жанымды жагып олтуруп жаздым” (“Де-Факто”, 25.04.2014).

Ш.Дүйшеев “Агындыларын” ушинтип жазыптыр. Демек, жазуучу Ш.Дүйшеевдин жазайын деп үстөлгө отурганда сыйынганы, туу кылып тутунганы-чындык. Автор жасалма, “жаны жок” чыгарманы эмес, тирүү, “жаны бар” чыгарманы жаратууну көздөптүр. Ал эми “тирүү” чыгарманын согуп турган жүрөгү, каны-жаны кудайдын көз алдындагы чындык, акыйкат гана боло алмак. Демек, Шайлообек жогоруда П.Я.Чаадаев айткандай, кичи мекенинин алдында көздөрүн жумуп алып, колун куушуруп туруп, көңүлдү магдыраткан таттуу сөздөрдү чубуртуп айтуу менен эмес, өзүнүн Ат-Башысына “чындыктын чечекейин жара сайган” ачык-айкын атуулдук сөзү аркылуу көбүрөөк керек болорун жана көбүрөөк кызмат кыларын, окурмандарды көбүрөөк ынандыраарын терең туюнган.

Натыйжада, “Агындылардан” буга чейин “коммунисттик көз айнек” менен шөкөттөлө жүргөндөй, тууган жердин баягыдай идеологиялашкан кебете-кешпирин эмес, кооздолуп “саймаланган” фасадын эмес, “карааныңдан кагылайын Ат-Башым!” деген сыяктуу карандай эмоцияны, демейки тираданы эмес, бир боор аймактын ары ич жагынан аңтарылып сүрөттөлгөн, чыркыраган чындыкка негизделген, кандайдыр бир нормативге салынбаган, альтернативалуу дейбизби, вариативдик дейбизби, бейнесине күбө болобуз. Биерде боёлгон Ат-Башы жок. Көз алдыбызда ары жактагы “иче-кардынан” бери көрүнгөн, өзүнүн тарыхый-социалдык тагдырына жана элеттик стихиясына ылайык жашап, чалкып жаткан кадимки натуралдуу Ат-Башы турат. Мына ушинтип, турмуш чындыгы принцибин (принцип жизненной правды) тутунуп жазылган “Агындылардан” биз ажайып жер — Ат-Башыдагы элдик турмуштун бийигин да, жапысын да, тереңин да, тайызын да, кайгысын да, кубанычын да, комедиясын да, трагедиясын да, (маселен, үч кыздын өз бир боор атасы Сейитбекти өлтүрүшү-92-бет) сулуулугун да, улуулугун да, (Канымгүл Эне менен Касым жезденин моралы) жаманын да, жаркынын да көрүп отурабыз.

Дагы айталы, “Агындылардан” биз Ат-Башынын карама-каршылыктуу, чааралакей картинасын көрдүк. Караңызчы, жарыктык Ат-Башынын “дене-бою” ушунчалык узун деңиз, те байыркы дүйнөдөн тарта бүгүнкү күнгө чейин созулуп жатат (ырас эле, элибиздин те тетиги илгерки көчмөн коомдон кечээ эле чыгып келгенин эстеп коёлучу). “Агындылардагы” Кошойдун жеринин менталитетинин бир учу байыркы уруулук архаикада-коло доорунда жатат (айылдын көчөлөрүнүн уруулук принцип боюнча жайгашканы). Дагы бир учу орто кылымдарда жүрөт (бул жерде 50-60-жылдарда илгерки магия, дүйнөнү пантеисттик, мифологиялык кабылдоо кадимкидей тирүү).Кыскасы, Ат-башылык адамдардын психологиясынан, аң-сезиминен, нраваларынан, социалдык мүнөзүнөн ар түрдүү тарыхый доорлордун издерин көрөбүз. Ат-Башыга XX кылымдын цивилизациясы да өзүнүн “мөөрүн” ташка тамга баскандай кылып баскан. Бул советтик маданий-агартуунун көчмөндөрдү көкөлөткөн жакшылыктары да, чарбалык тирлик кылуунун жаңыча модели да (Керим акенин агороту -99-бет), цивилизациянын таасиринин терс натыйжалары да (Арак кыяматы: чабан Орозобайдын Ак-Сайга көчүшү. Жөн жаткан көчөнүн жанын койбой атын татырактатып, иттерди ызы-чуу түшүрүп, билегиндеги камчысы жерге сүйрөлүп, атынын бирде быягына, бирде тыягына ооп, унаасынын үстүнөн мына-мына үзүлүп түшчүдөй болуп жүрөктү шуулдаткан мас Талиптин дайымкы көнүмүш жоругу.-103-бет), тоталитардык, административдик-буйрукчул системанын темир таманынын түшүргөн тамгалары да (Тентигендин тагдыры, Ат-Башынын оозуна аскердик тосмонун коюлушу, элдин укугу менен эркинин тебелениши, тоталитардык райкомдун режими жинди кылган Айша сулуу), көчмөн турмуш образынын көнүмүштөрү да, а түгүл айылдардагы дудук-жиндилерден өйдө, жылкы менен кошо короодо жашаган эшектер да, кыскасы, бир сөз менен айтканда, туулган жердин жамандыгы жана жакшылыгы, триумфу (Кыргызстандын чемпиону-Кенже Эсенбаева) жана трагедиясы (атасын бычактап өлтүргөн уул) да, койчу, бардыгы байкаган адамга баканга тизилип илингендей болуп дапдаана көрүнүп турат. “Агындылар” Ш.Дүйшеевдин тууган жерге болгон сүйүүсүнөн жаралган. “Ак мөңгүлүү тоолору көзгө “жарк” дей түшкөн Ат-Башым, ошондо бүткөн боюм коргошундай көлкүлдөп, көкүрөгүмө батпай толуп ташып чыккан сагынычым” деп агынан жарылып турган Ш.Дүйшеевдей көкүрөгүнө мелт-калт сүйүү толгон мекенчил инсан гана учкан уясына карата ушундай улуу сөздөрдү жана “Агындылардагыдай” жылаңач, жан күйгүзгөн ачуу чындыктарды айта алмак. Ш.Дүйшеевдин патриотизминен улам өзүмдүн бир учурда жазган төмөнкү саптарымды эстедим:

“Түзөймүн деп бу турмуштун кыйшыгын, жоготкомун жан дүйнөмдүн тынчтыгын, кемтик менен келишпеген сынчымын, ошон үчүн бүтпөйт менин ыр-чырым, таалайы ушул, тагдыры ушул сынчынын, мекенимдин бүтөйм тешик-жыртыгын!.. ”.

Мынакей, киши тагдырлары аркылуу туулган жердин калыс, чынчыл, болгонун болгондой таасын көрсөткөн объективдүү картинасы деп ушуну айтыш керек. “Агындылар”- Ат-Башынын өзүнчө бир көркөм энциклопедиясы сыяктуу. Эң негизги нерсе, автордун балалык тагдырына жуурулуштура көрсөтүлгөн Ат-Башынын тагдырынын чынчыл сүрөтүн көрүп окугандан кийин окурман туулган жердин таржымалынан кандай сабак-осуятты алам, учкан уямдын кыйшыгын кантип оңдойм, ийрисин кантип түзөйм, үзүлгөнүн кантип улайм, чачылганын кантип жыйнайм, асылын, артыгын кантип сактайм, эмнени аяп, эмнени коргойм, (албетте, Канымгүл чоң эненин рух маданиятын коргоо керек), мен өзүм киммин, Ат-Башым кайда баратат, “устаранын мизинде оодарылган заманда” (Арстанбек) элимдин, жеримдин мындан аркы тагдыры кандай болмок, кайсы стратегияны карманам?- деген сыяктуу проблемалуу суроолор менен тогуз толгонууга аргасыз болот. Биздин оюбузча “Агындылардын” кундуулугу, башкы жемиши окурмандын жан дүйнөсүндө дал ушундай эффектини жарата алгандыгында. П.Чаадаевдин жогорудагы мекенге “чындык, акыйкат менен жөлөк-таяк болуу” жөнүндөгү патриоттук насыйкатын “Агындылары” менен дал ушул Ш.Дүйшеев аткарган экен го. Ат-Башынын социалдык, рухий-маданий бейнеси – Кыргызстандын бейнеси. Ар ким андан өз районунун сүрөтүн көрө алат. Ал эми чет өлкөлүк интеллектуалдар болсо “Агындылар” аркылуу (эгер которулса) белгилүү бир географиялык чөлкөмдө, коомдук мамилелердин белгилүү бир тарыхый системасынын алкагында өтүп жаткан кыргыздардын жашоо образын, менталитетин, ошол системанын продуктылары-белгилүү бир адамдык социалдык типтерди, (алды жакта аттары саналып өткөн кейипкерлерди эске түшүрүңүз), бир сөз менен айтканда, Ат-Башы деген жердеги дүйнөнүн абалын, чоо-жайын (состояние мира) көрүп, ой толгоп, акыл тегеретишери шексиз.

 

10. Чеч-Дөбөнүн бийигинен

“Агындыларга” салмак берип турган орчундуу нерсе, чыгармадагы турмуштук көрүнүштөрдүн, кубулуштардын, факты-окуялардын автордун кулач керип, обого көтөрүлгөн көсөм акыл-эсинин, чокудан серп таштаган кең көз карашынын оңутунан каралып, илгери өскөн интеллектуалдык маданиятынын жарыгы менен нурдандырылгандыгында. Карап турсаң, Ш.Дүйшеев “Агындыларда” бирде Ат-Башыдагы турмуш бир жагынан прогресс деп алдыга жылып бараткандыгы, экинчи жагынан элдик адеп-ыймандын чет-четинен кетилип, кедери кетип жаткандыгы (буга “Агындыларда” мисалдар абдан көп), мындан улам цивилизация менен көчмөн дүйнөнүн Теңир-Тоодогу кагылышы жөнүндө толгонуп турган философ, бирде тоо арасындагы өзүн-өзү аңдап түшүнүүсү (самосознание) ойгоно элек, өзүнө өзү сын көз менен карай элек, табияттын баёо пенделерине — Эшмат-Ташматтарына (Таласка кудага баргандар.-177-178-б.), мурутунан жылмая караган, өзүн олуттуумун деп эсептеген каармандын жүрүм-турумунан жана речинен (Мисалы; Болотакун) тескерисинче, комедияны көрүп, тымызын бийиктен ирониясын кыйыткан интеллектуал, бирде бирөөлөрдүн ташбоор карасанатайлыгынын айынан “туяктары тыбыраган сайын жарылган кардынын каны-жини жерди көздөй эшилип, тура калайын деп туралбай, айласы түгөнүп, чанагынан чыгып бараткан көзү аңтарылып, “жардам берип коё аласыңарбы?” дегенсип көчөнү тиктеп, башын жерге чапкылап, коркурап, онтоп, кыбыр эткен сайын каны көлдөп, канга чыланып, кыймылдаган сайын ичи аңтарылып, өпкө-жүрөгү салаңдап, эки таноосунан ысык буу эмес, кан диркиреп, каны менен жаны диркиреп, каректери канталап, оозунан көк буу көтөрүлүп, өлүп бараткан курган эшекти” аяп, ыйлап турган гуманист-Асан Кайгы, бирде кичинекей балдарга аяр кароого чакырган психолог-педагог, бирде элди эл, жерди жер, улутту улут кылып турган түптүү түбөлүктүү кенчтерди (Ат-Башылык ак калпакчан аксакалдардын адеп-ахлагы) көрүп турган көрөгөн, бирде “- О, кокуй белим!- деп коюп, томолонуп арыктын жээгине торпок аркандап, короодогу уйдун жампасын жайып, келини таң атпай саап, бышырып кеткен сүттү айран кылып уютуп, чоң таштекке суу коюп алып, кечээ кырккан койдун жүнүн шакмарынан арылтып чылап, ал арада неберелеринин улам сийген колготкисин улам жууп жайып, анан “күн түш болгончо уктаган” балдарын ойготуп, самоор жагып, келини иштен келгенче үйгө баш-көз болгон”, (“Агындылар”,-220-бет) тоолук кемпирлер, кийин “балпайып бадырактай болуп, жүздөрүнөн наары, берекеси төгүлүп, үй менен толтура болуп” уул-кыздын төрүндө отурган ошол байбичелер менен Европанын карыганда көп учурда балдары туруп жөлөп-таяры, багар-көгөрү жок жалгыз калган кемпирлерин салыштырып, чыгыш-батыш рух цивилизацияларынын ортосундагы мындай контрастан улам бушайман болуп турган культуролог. Шайлообек тууган жердин жапызы менен бийигин курч көздөрү менен көрүп, Ат-Башынын тоолорун, талаа-түзүн айланып учуп жүргөн бүркүттү элестетет. Эгерде Ш.Дүйшеевде ушундай бийик “бүркүт караш” болбосо, сүрөттөлүп жаткан турмуш көрүүнүн ушундай бийик сересинен нурландырылбаган, жандандырылбаган болсо, анда калемгерибиздин “Агындылардагы” жазгандары “боортоктоп сойлогон” эмпирияга айланып калышы мүмкүн эле. “Агындылардын” артыкчылыгы-анын авторунун турмуш чындыгына учкан куштун бийиктигинен (с высоты птичьего полета), образдуу айтканда, өзү жазгандай, Ат-Башынын Чеч-Дөбөсүнүн чокусунан карай билген интеллектуалдык кудуреттүүлүгүндө.

 

11. “Агындылардын” артыкчылыгын шарттаган факторлор

Эми кептин соңунда мобу өзгөчөлүктү белгилейли. Жакшы чыгарманын жаралышынын шарты-албетте, тубаса талант. Жазуучулук сөзмөрлүк, чечендик жөндөм менен сүрөтчүлүк касиеттин Ш.Дүйшеевдин талантында бактылуу айкалышкандыгын жогоруда айтып өттүк. “Сөз – менин кистим, боёй турган боёгум” деп автор дагы айтып атпайбы (Де-факто, 23.04.2014). Бирок мыкты чыгарма жаратыш үчүн бу да жетишсиз. Мындай сейрек касиетке жашоого, дүйнөгө терең жана кенен караган бийик көз караш, философиялык масштаб жуурулушуп турушу зарыл. Ага дагы турмуштун “ичеги-кардын” сыдыра, “тогуз катын” аңтара билген реалисттик чынчылдык кошул-ташыл болмогу шарт. Бактыга жараша, биз Ш.Дүйшеевдин автордук-инсандык феноменинде дал ушул сапат-касиеттердин “бир жеңден кол, бир жакадан баш” чыгарып турганына өйдөтө күбө болдук. “Агындылардын” ийгилигин автордун личностунун дал ушундай оригиналдуулугунда жатат.

Бирок да автордун чыгармачыл индивидуалдуулугунда дагы бир кайталангыс касиет болбогон болсо, “Агындылардын” тузу бир жагынан катуу кемип турмак дегибиз да бар. Ал кайталангыс касиет – Ш.Дүйшеевдин болжолдо жок сырчылдыгы (предельная искренность). Мелис Карыбековдун “Шайлообек Дүйшеевдин мүнөзү жаш баладай, ал өмүр бою бала боюнча калат,” деп айтканы бар. Чыгарма жазып жатканда дал ушундай баладай болуу, бала боюнча калуу, айрыкча керек нерсе. Жазып жаткан нерсеңе балача баш отуң менен кирип кетүү, баланын түздүгү, тикелиги менен сүйлөө, балача күлүп, балача ыйлап, материалга балача бакырая карап жазуу бактылуу таланттын гана колунан келчү жосун. “Агындылардагы” Ш.Дүйшеевдин көркөм сөзүнүн ушундай сырчылдыгы, чын жүрөктүүлүгү, күйүп-бышкан эмоциялуулугу, баланыкындай көңүл түпкүрүнөн атылып чыккандыгы менен окурманды арбап, ишендирип, артынан ээрчитип кетет. Автор өзү да жогоруда бул чыгармасын “душамды дуулдатып, жанымды жанып олтуруп жаздым” деп сырын ачып отурбайбы. Жадегенде персонаждарды автор өзү сыртынан мүнөздөгөндө да, жанын таштап жиберип сыпаттагандыктан, автордун табигый чыккан кебине муюп турасың (бул жагынан бир эле китептин 91-бетиндеги Сейитбек төкөр чалдын мүнөздөмөсүн окуп көрүңүзчү, автор сүйлөбөй эле Сейитбек абышка өзү жөнүндө өзү айтып берип жаткандай туюлат). Кыскасы, автор сүрөттөй турган нерсесине балача берилип, коргошундай көлкүлдөп, “жанын жагып” отуруп жазгандыктан “Агындылар” жарыкка кадимки киши сыяктуу “тирүү” төрөлүп, окурмандын алдында от болуп күйүп, ой-сезимдерибизге жарыгын чачыраткан орошон чыгарма болуп отурат.

Акырында, “Агындылардын” жанры жөнүндө бир ооз сөз. Адегенде Ш.Дүйшеевдин өзү жөнүндө момундай айтканын тыңшайлы: “Мен өзүмдү калыпка да, эрежеге да салып көрдүм. Бирок бир дагы эрежеге сыя албай койдум”. Ичинде удургуган, буулугуп- булкунган албуут күчү бар, жан-дүйнөсүндө бороон-бурганак жүрүп турган талант, козголоңчул азоо рух ар дайым көнүмүш чен-өлчөмдөргө сыйбагандыгы менен айырмаланып келген. Ш.Дүйшеевдин жанагындай калыпка сыйбаган оригиналдуу чыгармачыл личносту-өзүнө окшогон, демейки адаттагы жанрдык канондорго жана нормаларга сыйбаган бир бөтөнчө чыгарманы “төрөп” таштаптыр. “Агындыларда” образдуу айтканда, ретроспективдик эске түшүрүүлөрдүн “жамгыры” тынымсыз “ак жаан” болуп окурманга төгүлүп турат. Эсепсиз көп, жайнаган майда глава-“жылдызчылар” китепте ирээтсиз чачылып жаткансыганы менен зилинде “Ш.Дүйшеевдин өмүр жолу” деген өзөк-“планетаны” айланып тургандыгы кашкайган чындык. Китептин бетине таруудай чачылган түркүн баян-окуялар, жорук-жосундар, Ат-Башынын ичинде айтылган алиги жомоктор, икаялар, притчалар, созулган обондор, ырдалган ырлар, чертилген күүлөр, айтылган Манас, аңгемеленген адеп-ахлак, ажайып жаратылыш-бардыгы Шайлообектин адам болуп калыптанышына катышкан, “Агындылар” роман жанрын, эссе, публицистиканын касиеттерин бири-бирине жуурулуштура синтездеген кыргыз адабиятындагы бир бөтөнчө жанрдык симбиоз-жаңылык катары кабыл алынганыбы дейбиз. Бир жагынан Табылды Эгембердиевдин “Агындыларды” “Кара сөз менен ырдалган поэма” дегени да туура. Анткен менен иштин маңызы, чынында чыгарманын тигил же бул жанрга таандык экендигинде деле эмес. Кеп чыгарманын жанрында эмес, затында, маңызында, мазмунунда. Кеп анын кызыктуу китеп экенинде, окумдуулугунда, адамды өзүнө магниттей тарткан кереметинде. Жанры жөнүндө не дебейли, “Агындылар” ырасында, дал ушундай сапаттагы китеп. Аны азыр шофер да, кароолчу да, журналист да, врач да, мугалим да, профессор да, базардагы соодагер да, үйдөгү пенсионер да, бизнесмен да, депутат да, молдолор да, балдар үйүндөгү жетимдер да, лаборанттар да, студенттер да, милиционерлер да, шаар менен айыл баса калып окуп жатат. Китептин бактысы-анын ушинтип окулушунда го. Макалабызды автордун өзүнүн төмөнкү сөзү менен аяктагыбыз келет:

“Күндө телефон чалып китеп сурашат. Китеп сурай берип, телефондун жанынан чыкпай калдым. “Агындылардын” баасы 6 миң сом деп каңырыш угуп алып, ага болбой эле 6 миң сомун салып алып, мени таап келген киши — 71 жаштагы аксакал болуп чыкты. Жазуучулук турмушумда мынчалык жыргаган учурум болгон эмес. Ушинтип китебиңди окуйм дегендер үйүңө чейин издеп келип турса, жазуучу үчүн мындан өткөн бакыт болобу?!” (“Де-Факто”, 25.04.2014).

Советбек БАЙГАЗИЕВ,
филология илимдеринин доктору,
“Багыт.kg”, 25.06.2016-ж.

Макала «Агындылардын» көркөм ажайып дүйнөсү бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Закон ага баскан жол

$
0
0

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, СССР басма сөзүнүн отличниги, тунгуч кыргыз энциклопедиячыларынын бири – инженер-геолог, журналист Закон Бейшеев быйыл 80ге толуп отурат.

Закон ага баскан жол баяны негизинен алгачкы Кыргыз энциклопедиясынын тарыхы менен тыкыс байланышкандыктан, адегенде кыргыз китеби, Кыргыз энциклопедиясынын жаралуу тарыхы жөнүндө, дегеле энциклопедия деген эмне экендигине кыскача токтолуунун зарылчылыгы болуп турат.

1911-жылы чыккан Молдо Кылычтын “Кысса зилзаласы”, Э.Арабаевдин “Алиппе жаки төтө окуу” китеби, К.Тыныстановдун “Окуу китеби” (1924), “Чоңдор үчүн алиппеси” (1926) алгачкы кыргыз китептеринен болуп саналса, “Кыргыз Совет Энциклопедиясы” кыргыздын туңгуч энциклопедиясы деп эсептелет.

Кыргыз китеби жөнүндө айта берсе сөз арбын, андыктан республиканын маданий турмушундагы маанилүү жаңылыктардын бири катары “Кыргыз Совет Энциклопедиясынын “ жаралышын өзүнчө белгилесе болот.

Профессионал адабиятыбыздын китеп басма ишинин башатында К.Баялинов, А.Токомбаев, З.Бектенов сыяктуу залкар таланттар турса, Кыргыз энциклопедиясын баштоочулар деп К.Каракеев, Ж.Алышбаев, А.Табалдиев, С.Жигитовдор менен катар Закон Бейшеевди атоого болот.

Энциклопедия бул билимдин бардык тармагын окутуу дегенди түшүндүргөндүктөн “Кыргыз улуттук энциклопедиясы” дүйнө жана адам, коом жана табият жөнүндөгү билимдердин жыйнагын камтыган бирден бир маалымат берүүчү универсалдуу басылма мамлекеттин башкы китеби болуп эсептелет.

Мына ушул маанилүү башкы китепти жаратуу үчүн адегенде Кыргыз Совет Энциклопедиясынын (КСЭ) башкы редакциясы Кыргызстан КП Борбордук Комитети менен Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1968-жылдын 19-мартындагы № 260 атайын токтому боюнча Кыргыз ССР Илимдер академиясынын алдында уюштурулуп, Кыргыз энциклопедиясын жаратуу иши башталган. Кыргызстандын тарыхындагы улуттук мүнөздөгү биринчи универсал энциклопедияны даярдоону уюштуруу, басып чыгаруу өтө татаал жана убаракерчиликтүү иш болгон. Уюштуруу иштерин жолго коюуда жана энциклопедиянын сөздүктөрүн түзүүдө Ж.Алышбаевдин, томдорду басып чыгарууда А.Табалдиев менен Б.Орузбаеванын, энциклопедиялык стилге салууда С.Жигитовдун ж.б. эмгеги зор. Алгачкы кыргыз энциклопедиясын даярдоо, аны калыпка салуу иши бир топ түмөн-түйшүктү жараткан. Калкыбыздын калың катмарынан өсүп чыккан, макала жаратууга жөндөмдүү адистер изделген. Ошол учурда, өзгөчө табият жана так илимдер тармагы боюнча макалаларды жатык тилге салууга себепкер болот деп атайы инженер-геолог З.Бейшеев чакыртылган.

Энциклопедиялык басылма аны жаратуучу редакторлордон өзгөчө тактыкты, байкагычтыкты, көрөгөчтүктү талап кылган өтө татаал иш. Кандай гана макала болбосун аны типтештирилген схема менен алакандай орундан 1-2 бетке чейин жеткиликтүү чагылдыруу керек. Орто эсеп менен миң тамга баткыдай орунга (ашык сөздөн арылтып) окурмандар үчүн орчундуу жана керектүү гана маалыматтарды жайгаштыруу өтө чеберчиликти талап кылат. Макалалардын мындай тартипте берилиши окурмандын өзү кызыккан макаланы жана андагы керектүү маалыматты оңой таап алышын жеңилдетет. Ошондуктан макалаларды редакциялоодо бирдиктүүлүккө жетишүү менен анын баалуулугун арттыруу үчүн, илимий деңгээлин популярдуу формада окурмандарга жеткирүү үчүн өзүнчө шык-жөндөм зарыл.

Ушундай өзгөчө шык-жөндөмдү талап кылган редакцияда катардагы редактордон башкы редактордун орун басарына чейинки жооптуу иштерди аркалап, жарым кылымга тете тынбай иштеп макала жаратуу ар бир эле жогорку билимдүү адистин колунан келе бербейт.

1972–1976-жылдары Кыргыз Совет Энциклопедиясынын география жана геология редакциясынын илимий редактору, редакция башчысы болуп иштесе, 1977–1987-жылдары Кыргыз Энциклопедиясынын жооптуу катчысы болуп алгачкы универсалдык Кыргыз Совет Энциклопедиясын даярдоого жигердүү катышкан жана аны басып чыгарууну уюштурууда орчундуу салым кошкон. Натыйжада кыргыз элинин тарыхында 1976–82-жылдарда 6 томдон турган «Кыргыз Совет Энциклопедиясынын» басылып чыгышы кыргыз элинин маданий турмушундагы зор тарыхый окуя болгон.

Алгачкы универсалдык энциклопедиядан тышкары 4 томдон турган «Советтик энциклопедиялык сөздүк», кыргыз жана орус тилдериндеги «Фрунзе» энциклопедия­сы, X.Карасаевдин «Орфографиялык сөздүгү», К.К.Юдахин түзгөн 40 миң сөздөн турган «Кыргызча-орусча сөздүктүн» эки томдугу, “Айыл чарба”, “Кыргыз жергеси”, “Ден соолук” энциклопедиялары ж.б. олуттуу эмгектер жаралган.

Эгемендикке ээ болгондон кийинки эң ири окуялардын бири З.Бейшеевдин демилгеси менен эки томдон турган «Манас» энциклопедиясынын жарык көрүшү болду. Бул басылма өзүнүн жаралышы, идеясы, мазмун-мүнөзү боюнча жазма маданиятыбыздын кылымдан кылым карытып тура берчү улут рухунун соолубас булагы катары тарыхка кирди. Аны менен катар «Физика», «Химия», «Математика» сыяктуу тармактык энциклопедиялар, ошондой эле “Ысык-Көл”, “Нарын”,“Чүй”, “Талас” облусу сыяктуу бир нече аймактык энциклопедиялар пайда болду.

Алардын ичинен “Кыргыз Совет энциклопедиясы” 1984-жылы жана “Манас энциклопедиясы” 1998-жылы Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты сыйлыгына татыктуу болгон.

1999-жылы 12-февралда Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясынын функциясын кеңейтүү жана статусун көтөрүү, ошону менен бирге мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн практикалык зарыл маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга караштуу Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору болуп кайра түзүлгөндөн кийин Эгемен мамлекеттин энциклопедиясын жаратуу зарылчылыгы келип чыккан.

Мында негизги милдет универсалдык улуттук энциклопедия жаратуу болгон соң, эң алды менен ошол улуттун, калктын дүйнө таануусун чечмелеп, системалаштырып чыга турган, ошондой эле илим-билимдин жаңы баскычка көтөрүлүшүнө негиз болуучу, кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолун таасын чагылдырып, жетишкен ийгиликтерин илимий-теориялык жактан бекемдөөчү бүгүнкү көз караштагы энциклопедияга айлантуу эле. Мына ушул максатта 2003-жылы дасыккан энциклопедия адиси З.Бейшеев кайрадан улуттук энциклопедия даярдоо ишине тартылган.

Көп томдуу улуттук энциклопедияны даярдоонун алдында редколлегия бекиткен концепция боюнча адегенде анын негизин түзүүчү илим тармактары боюнча 17 энциклопедиялык окуу куралын жана терминологиялык 7 сөздүк чыгарып, 2003-жылы киришкенбиз. Анын биринчи тому 2006-жылы басылса, 2015-жылы жетинчи тому, быйыл Кыргызстан жөнүндө жалпы маалымат берүүчү жыйынтыктоочу томдор жарык көрдү.

350 басма табактан турган көп томдуу улуттук энциклопедиянын ар бир тому беш миң нускадан басылып чыкты жана анын ар бирине үч миңден ашык макала киргизилди.

Башкы редактордун табият жана техникалык илим тармагы боюнча орунбасары катары көп томдуу “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясынын жаңы басылмасына активдүү катышып, кыргыз элинин көп жылдык тарыхы менен маданиятын, искусствосу менен илим-билимдеги жетишкендиктерин даңазалоо жана элге жеткирүү максатында адис-энциклопедист З.Бейшеев кыйла салым кошкондуктан Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган “Тарых жана маданият жылына” карата бардык томдору (9 том) жарык көрүп, бүткүл билим берүү тармагына жеткирилди.

Мындан сырткары З.Бейшеев республикалык “Эскерүү” китебинин редколлегия мүчөсү, төраганын орун басары катары Кыргызстан боюнча Улуу Ата Мекендик согушка катышкандар жөнүндө маалымат чагылдырылган “Эскерүү” китебинин 15 томун чыгарууда, бардык област боюнча курман болгон жана дайыны жок жоокерлердин аты-жөнүн тактоодо жооптуу милдетти аткарды. Бүгүн алардын урпактары өздөрүнүн жакындары жөнүндө так маалымат алышып, эскерүүдө.

Кыскартып айтканда З.Бейшеев катышкан энциклопедиялык басылмалардын баары окурмандардын, дегеле кыргыз элинин келечек муундарынын билим деңгээлин көтөрүү максатында жалпы билим берүүчү орто мектептин окуучусунан тартып, жогорку окуу жайлардын студенттери, мугалимдер ж.б. бардык адистеги окурмандардын дүйнө таанымын жогорулатууга арналган жана түбөлүккө өчпөй турган баалуу китеп болооруна терең ишенем.

Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясына сиңирген үзүрлүү эмгеги үчүн ал 1986-жылы “Эмгек ардагери” медалы менен сыйланган. 1994-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алса, 1998-жылы Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Ал эми улуттук энциклопедияга сиңирген эмгеги үчүн 2007-жылы “Даңк” медалы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы, 2009-жылы “Кыргыз тили” төш белгиси ж.б. менен сыйланган.

Кыргыз энциклопедиясы жакынкы аралыкта 50 жашка толсо, Закон агам 80ге келип, анын жарым кылымга тете убактысын, өмүр-тагдырын энциклопедияга арнаптыр. Алыкул акын айткандай “Кайдан чыктың боз ат минген отуз жаш…” демекчи, болуп-толуп турган 30дан жаңы эле ашкан курагында, энциклопедия жаратуу ишине келип, өзү да эс албай, өзгөнү да ойнотпой Кыргыз энциклопедиясы үчүн өмүр бою кызмат кылып келди.

Бул аралык айтканга оңой көрүнгөндөй эле ишке жан-оту менен берилген адис үчүн энциклопедиядагы жарым кылым эч билинбей өтүп кеткендей болду. Чындыгында энциклопедиялык иш Закон ага үчүн өзүнчө түмөн-түйшүктү жараткан тагдыр болуп калды десем жаңылышпайм. Ошондой талыкпаган эмгектин натыйжасында окурмандардын табитин, алар үчүн ар бир макаланын максаттуулугун жакын билгендиктен улам бөбөктөрдөн тартып, алардын ата-энесине чейинки окурмандар чөйрөсүн камтыган түбөлүккө пайдалана турган, ага кирген миңдеген макалалар окурмандардын кабыл алуусун, билим деңгээлин көтөрүүгө ыңгайлашкан ар кыл тармактагы жүзгө жакын энциклопедиялык басылмалар жаралып отурат.

Андыктан алакандай макаладан топтоп отуруп китепке айлантуу, андагы ар кыл жан-жаныбардан адамга чейинки илим-билимди ичине камтыган жер үстүндөгү кыймыл-аракеттен тартып ааламга чейинки маалыматтардын бирдиктүү ыкма менен баяндалышы, бири-бири менен тыгыз байланышкан, бирин-бири толуктоочу китептердин ички мазмуну менен катар тышкы жасалгасына чейин кынтыксыз жаралышы анын энциклопедиялык адис экендигинин далили деп, Закон ага баянын жыйынтыктап жатып, Закон Бейшеевичтин кыргыз билим берүү жана маданият тармагындагы эмгеги ар бир үйдүн китеп текчесинен орун алып, билим көрөңгөсүн байытаарына терең ишенүү менен ага өмүрдүн өрнөктүү сересине карай, өзүңүздү үлгү туткан элиңиз менен эсен жүрүңүз деген тилек айтабыз. Кутман курагыңыз кут болуп, бакубат өмүр сүрүңүз Закон ага!

dildebekДилдебек Андашев,
кесиптеши

 

 

 

 

Закон Бейшеевдин катышуусу менен түзүлгөн эмгектер

Универсалдуу энциклопедиялар

Кыргыз Совет Энциклопедиясы, 1- том, 1976.

Кыргыз Совет Энциклопедиясы, 2- том, 1977.

Кыргыз Совет Энциклопедиясы, 3- том, 1978.

Кыргыз Совет Энциклопедиясы, 4- том, 1979.

Кыргыз Совет Энциклопедиясы, 5- том, 1980.

Кыргыз Совет Энциклопедиясы, 6- том, 1980.

Кыргыз Совет Энциклопедиясы: Алфавиттик көрсөткүч, 1982.

КиргизскаяСоветскаяСоциалистическая Республика, 1982.

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы, 1983.

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия, 1-том, 2006.

“Кыргызстан”: Улуттук энциклопедия, 2-том, 2007.

“Кыргызстан”: Улуттук энциклопедия, 3-том, 2011.

“Кыргызстан”: Улуттук энциклопедия, 4-том, 2012.

“Кыргызстан”: Улуттук энциклопедия, 5-том, 2014.

“Кыргызстан”: Улуттук энциклопедия: 6-том, 2014.

“Кыргызстан”: Улуттук энциклопедия: 7-том, 2015.

“Кыргызстан”: энциклопедия, 8-том, 2015.

“Кыргызстан”: энциклопедия, 9-том, 2016 (орус тилинде).

 

Тармактык энциклопедиялар

Үй тиричилиги, 1986.

Ден-соолук, 1987.

Кыргыз жергеси, 1988.

Айыл чарба энциклопедиясы, 1-том, 1990.

Айыл чарба энциклопедиясы, 2-том, 1990.

Математика, 1991.

Физика, 1994.

“Манас” энциклопедиясы, 1-том, 1995.

“Манас” энциклопедиясы, 2- том, 1995.

КРИчки иштер министрлиги, 2014.

Физика, 2004.

Химия, 2004.

Компьютер жана интернет,2004.

Кыргызстандын кен байлыгы, 2004.

Астрономия, 2004.

Кыргызстан географиясы, 2004.

Биология, 2004.

 

Аймактык энциклопедиялар

Фрунзе, 1984 (орус тилинде).

Фрунзе, 1986 (кыргыз тилинде).

Ош облусу, 1989.

Чуй облусу, 1994 (кыргыз жана орус тилинде).

Ысык-Көл облусу, 1995(кыргыз, орус жана англис тилинде).

Талас облусу, 1995 (кыргыз жана орус тилинде).

Нарын облусу,1998.

Жалалабат облусу, 2003.

Ала-Бука району, 2005.

Суусамыр, 2010.

 

Сөздүктөр

Карасаев X. Орфографиялык сөздүк, 1983.

Советтикэнциклопедиялыксөздүк, 1-том, 1984.

Советтик энциклопедиялык сөздүк, 2- том, 1985.

Советтик энциклопедиялык сөздүк, 3- том, 1986.

Советтик энциклопедиялык сөздүк, 4- том, 1987.

Физика: терминдердин түшүндүрмө сөздүгү, 1989.

Математика: терминдердин түшүндүрмө сөздүгү, 1989.

География: терминдердин түшүндүрмө сөздүгү, 1989.

Зоология: терминдердин түшүндүрмө сөздүгү, 1992.

 

“Эскерүү китеби”

Фрунзе шаары, 1993.

Талас облусу, 2005

Ош облусу: 1-том, 2005.

Ош облусу:2-том, 2005.

Ош шаары,2008.

Баткен облусу, 2009.

Ысык-Көл облусу, 2009.

Чүй облусу, 2009.

Нарын облусу, 2009.

1941- 1945: Жыйынтык том, 2012.

«Кыргыз тили»

Макала Закон ага баскан жол бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Viewing all 477 articles
Browse latest View live


<script src="https://jsc.adskeeper.com/r/s/rssing.com.1596347.js" async> </script>