Quantcast
Channel: Кыргыз маданият борбору
Viewing all 477 articles
Browse latest View live

Каныбек Осмоналиев, профессор: «Баласын мектепке жибербеген ата-энеге атайын статья бар»

$
0
0

Каныбек Осмоналиев эмгек жолун мектепте физика мугалими болуп иштеп баштаган. Андан кийин Кыргыз улуттук университетинин физика факультетинде доцент болуп бир топ жыл эмгектенген. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты. 2005-2007-жылдары Билим берүү жана илим министринин орун басары, андан кийин министр болуп иштеген. Ошондой эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын бир нече жыл башкарган.

— Каныбек Осмоналиевич, азыркы маалда билим берүү тармагы туңгуюкка кептелип турат. Мындай абалга кантип келип калдык?

— Билим берүү тармагын биз мамлекеттин стратегиялык тармагы деп кабыл алышыбыз керек болчу. Бирок 25 жылдан бери ошол түшүнүктү калыптандыра албай койдук. Билим берүү жана илим системаларын саясаттан оолак кармай албадык. Ал экөө тең табиятынан өз алдынча, эркин жашап-өнүгө турган фундаменталдык түшүнүктөр. Эч кандай «жылаңач саясат» менен конъюнктуралык коомдун туундулары болуулары керек эмес. СССР кулагандан кийин билим саясатын бир нукта алып кетүүнүн ордуна колдон чыгарып жибердик. Бийлик болсо мектептин имараты турса, китеп менен камсыз кылсак, мугалим болсо болду да деп ойлоду. Бирок андай эмес да… Эгемендик алгандан бери мугалимдердин социалдык абалын көтөрө албай койдук. Мен СССР убагында төрөлүп, калыптанып калган киши катары айтсам, ал убакта мугалим бизге ыйык болчу. Мен мисалы, мугалим тагынган галстукту тагынгым келчү, анын сүйлөгөнүн, баскан-турганын туурагым келчү. Ал бизге устат, акыл бергич болчу. Анан СССР ураганы эмне болду? Баркы түштү. Себеби бири ичип кетти, бири базарга чыгып кетти, бири психологиялык жактан жабыркады, дагы бири ага чейин үй-бүлөсүн айлыгына кенен бакса, эми болсо бай жана «бизнесмен» кошунасына көз каранды болуп калды…

— Билим берүү тармагына бюджеттен бир топ эле каражат бөлүнөт экен го. Ал каражат мугалимдин социалдык абалын жеңилдетүүгө жетпейби?

— Билим берүү министрлигине бюджеттен жылына 20-25 млрд. сомго чейин бөлүнөт экен. Өзүм учурунда министр болуп жүрүп да бул акчалардын көбү кайда кетерин биле албай койдум. Минфиндин колун карап туруш керек болот. Ал эки гана статьядагы керектөөлөрдү каржылайт. Бири мугалимдердин айлыгы, экинчиси соцфонд. Мугалимдин айлыгы орточо эсеп менен 7 миң сом. Материлдык-техникалык базаны түзөмүш болушат. Китептерге деп 80 млн. сом каралат экен. Бирок ал акча 25 млрд. сомдун жанында көлдүн бир тамчысы да. Анан жыл аягында Минфин калган акчаны башка керектөөлөргө жумшап коет. Мисалы, өкмөттүн башка зарыл керектөөлөрүнө же бир жерде кокустан кырсык катталып калса, ошол жакка жумшадык деп отчет берип коюшат.

— Ошону дароо эле Жогорку Кеңешке мынча сумма, Минфинге мынча сумма деп өзүнчө бөлсө болбойбу?

— Ачык жазып койсо, ал бюджет бекилбейт. Биз социалдык багыттагы өлкөбүз да. «Билим берүүгө 25 млрд. сом, Саламаттык сактоого 25 млрд. сом кетти» деп мактанышыбыз керек куру сөз менен тилекке каршы…

— Сиз айткандай мугалимдин баркы жок, ошол эле учурда молдонун сөзү барктуу болуп калган заманга өтүп бараткандайбыз…

— Ооба, мугалим тигинтип өз алапайын таппай жүргөн чакта бул демилгени молдолор колго ала башташты. Болгондо да ар кандай диний агымдардын агындылары менен тарбиялап, биринчи чектен экинчи чекке өткөрө башташты. Ар бир диний миссионер өзүнүн диверсиялык ишин жасаганга аракет кылышты. Азыр алар көбөйгөндөн көбөйүп, керек болсо каптап кетти. Миссионерлер бизге атайлап диверсиялык иштерди жүргүзүп жатышат. Чала сабат молдолор алардын тилине кирип, биздин балдарды диний фанат кылып тарбиялап жатышат… Бизде дароо эле жыйынтык бере турган нефтибиз, газыбыз жок. Ошон үчүн биздин негизги куралыбыз илим жана билим болушу керек болчу. Айрым изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, кыргыз бир нерсени бат өздөштүрөт. Тилди бат үйрөнөбүз. Ар кимдин салтын да (кереги барын да, жогун да) сиңирип алабыз. Мына ошол ийкемдүүлүгүбүздүн кесепетинен ар кандай диний агымдарга агылып, өзүбүзгө сиңирип атабыз.

— Бирок Конституцияда дин эркиндигине жол берилет го?..

— Буга Конституция жол берет. «Дин эркиндиги жана диний уюмдар» деген мыйзам биринчилерден болуп 1991-жылы, керек болсо Жарандык кодекске чейин кабыл алынган. Бирок биз бул эркиндикти ээнбаштык менен колдонуп жатабыз. Орустарда айтат го, «Заставь дурака богу молиться, он себе лоб расшибьёт» деп. Биз ошондой болуп бир чектен, экинчи чекке өтүп кеттик. Учурунда баарыбыз атеист болсок, азыр баарыбыз радикалдуу динчил болуп баратабыз. Биз светтик мамлекетпиз деп диндин маселе-көйгөйлөрүн дагы жолго таштап койдук. Анын натыйжасында ар ким каалаганын кылып, фанатка айланып динге баш ийе баштады. Айрыкча ислам динине. Натыйжада 5-күнү балдарын жума намаз деп балдарын сабакка жибербей, керек болсо таптакыр окутпай койгон үй-бүлөлөр көбөйдү.

Мунун түпкү себеби — идеологиябызды жоготуп алганыбызда. Мисалы, учурунда эл коммунизм үчүн биригип, бир максатты алдыбызга коюп, ал бизге утопия болсо дагы жетүүгө далалат кылчубуз. Сапаттуу окуу келечекке жол ачарын туюп, ошол эле учурда ыймандуу, адептүү болуу абзел экенин билчүбүз. А азыр сапаттуу билимди диндин кээ бир догматикалык түшүнүктөрү менен карама-каршы коюп калдык. Болбосо ислам эң перспективалуу, оптимисттик, прогресивдүү дин деп айтылат. Убагында Мухаммед пайгамбарыбыз динди, билимди жана өлкөнү чогуу алып кеткен. Убагында, өзгөчө төртүнчү халифтен кийин ислам дүйнөсү дүркүрөп өскөн. Аравиядан Андалузияга ( азыркы Испания) чейин мамлекет курушкан. Алгебра, химия, алгоритм, косинус, синус, тангенс, котангенс деген терминдин баарын арабдар киргизген илимге. Араб цифралары киргизилип, унификация кылынган. Китеп деген да арабдардын сөзү. Кит- ап –билим бергич дегенди түшүндүрөт. Тагыраак айтканда, ислам менен илим айкалышып өнүккөн. Ислам Ренессансы 8-кылымдан 14-кылымга чейин созулган. Бара-бара өчүп-өчүп отуруп исламдын радикалдык, фанатикалык касиеттери гана калды. Азыр физикадан ачылыш жасаган кишини каапыр деп, атом менен электронуңду урганым жок деп чыгышат. Сотовый телефонду болсо, шайтандыкы дешет. А колунда сотовый телефон дагы бар, ошол физика илими жасаган бомба менен барып жардырып атышат. Мен азыркы илимди жакшы билип, илимдин баалуулуктары менен диндин алдыңкы авангарддык баалуулуктарын катар айтып бере алган молдо көрө элекмин. Европада экөөнү катары менен айтып берген пасторлар, поптор бар. Бизде болсо, эркектер сакалын өстүрүш керек, кыздар хиджап кийиш керек деп ар кандай талаптарын коюшат. Бир нерсе болсо эле өлүмдү сүйлөшүп, тозоко түшөсүң деп коркутушат. Кыскасын айтканда, биз Ислам интеллигенциясын түзө алган жокпуз да…

— Азыр бизде мечит көп. Алар кайсы каражатка салынып атканы белгисиз. Салып берип жаткандарга мечиттин ордуна мектеп салып бер деген өтүнүч-талабыбызды койсок болот беле?

— Ошол сөздү айтчу эл башкаруучулар башынан туура эмес позицияны ээлеп туруп алышты. Чиновниктердин ар биринин өзүнүн диний секталары пайда болду. Алар чет элдик эмиссарлардан акча ала башташты. Алардын жардамы менен шайлоо компанияларын өткөрүп, мечит тургуздуруп, «силерге мечитти мен айтып салдырып бердим» деп упай топтой башташты. Дин ээнбаштыгына жол бербегендин ордуна чоңдорубуз өздөрү кошулуп кетти. Акыркы күндөрү депутаттарыбыз «бешинчи күндү иш күн кылбай эле коелу, жума намазга барышыбыз керек» деп трибунадан сүйлөй башташты. Чоңдордун суранычы менен деп бир эмес, эки мечити бар айылдар көбөйдү. Керек болсо баргылардыкы, жорулардыкы, саруунуку, сарбагыштыкы деп уруулардын мечиттери бар экенин өз көзүм менен көрдүм. Мечит менен бирге медреселер көбөйдү. Айтмакчы, СССР учурунда бир да медресе болгон эмес. Азыр Кыргызстан боюнча токсонго жакын бар. Ошентип биз мечит менен медреселердин эбегейсиз көбөйүп кеткенин көзөмөлдөй албай калдык.

— Медреселердин окуу программасын ким көзөмөлдөйт?

— Булар бирдей программа менен иштебейт. Мисалы, кайсы бир он медресе Сауд Арабиянын башкаруусунда, дагы бир он медресенин ээлери — Иран, Түркияныкы дагы бар, дагы бир ону өзүбүздүкү. Пакистан менен Афганистандын таасириндеги медреселер бар. Окуп аткандарды программалары ар бөлөк болгондуктан, баланы башка мечитке которуп окута албайсың. Программаны Муфтият түзүп бериш керек. Алар түзүп берип эле жүрүшөт. Бирок Муфтият өздөрү ичинен бөлүнүшөт да. Бири-биринен жашырышып, бири Сауд Арабияны, бири Түркияны колдошот…

— Айрым ата-энелер балдарын светтик билимден куржалак калтырып атышат. Бизде балдарын мектепке жибербей койгон ата-энелерди жоопкерчиликке тартуу каралганбы?

— «Балдарга тогузунчу класска чейин милдеттүү түрдө билим бериш керек» деп Конституциялык нормада жазылган. Тилекке каршы, биз муну мыйзамдардын көбү биздин мамлекетте аткарылбай келаткан сыяктуу эле, бул норма да бузулуп келатат. Баласын мектепке жибербеген ата-энеге атайын статья бар. Биринчисинде эскертүү берилет, экинчисинде административдик чара колдонулат, үчүнчүсүндө кылмыш иши козголот. Бирок ата-эне камалган бир да факты жок. Мектеп директору канча баласы сабакка келбей жүргөнүн өзү билбейт. Кыргызстанда 1 млн. 200 миң окуучу болсо, анын 200 миңи сабакка барбайт. Мен депутат болуп жүргөн кезде бир окуя болду. Жумгалда 4-класста окуган 5-6 баланы Бангладешке 12 жылга окууга алып кетишиптир. 4-класстын баласы ошол учурда 11 жашта болсо, 12 жылдан кийин 23 жашка чыгып, дапдаяр фанатик, радикал болуп келет. Каникулга келип-кетип жүргөн болсо, керек болсо 15 жашка чыкканда эле ата-эне, туугандарынын башын айландырып, үндөп коет…

Мындай кырдаал негизинен, КМШ өлкөлөрүндө орун алып келет. Ал эми Чыгыш Европа жана Прибалтика өлкөлөрү менен Грузиялар болсо АКШ, Еврокошуун жана Түштүк-Чыгыш мамлекеттерин туурашып абалды оңдоп кетишти. Алар чет элдик эмиссарлардын «каалоо-тилектерин» ишке ашырышкан жок.

«Де-факто», 27.02.2017-ж.

Бөлүшүү

Макала Каныбек Осмоналиев, профессор: «Баласын мектепке жибербеген ата-энеге атайын статья бар» бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Мидин жана Алыкул: тарых тактаган талаш

$
0
0

Кыргыз адабиятында ушул эки залкар инсанды бириктирип да турган, алыстатып да турган бир нече маселе бар.

Жыйырманчы кылымдагы кыргыз адабиятында сеңирдеги жаш кулжадай бой керген бир акын алыстан көзгө урунат. Ал — Мидин Алыбаев. Качан болсо жаш, качан болсо курч, сүйүүгө, жашоонун кызыгына, жаштыктын оюнуна, турмуш сонунуна тойбогон Мидин Алыбаев. Ошону менен бирге эл-журт деген эмне экенин, мекенчилдик эмне экенин, ал гана эмес кең дүйнөнүн, чоң саясаттын агымын нечендерден терең да, кенен да түшүнгөн легендарлуу Мидин…

Эмне үчүн адабият тарыхында Мидин аскадагы кулжа сымал бөлүнүп көрүнүп турат? Башкача айтканда, эч кимге окшош эмес, сыңар, уникалдуу? Кыска жооп табуу кыйын болсо да, бир нерсени баса белгилей кетели: эгер Мидин Алыбаев болбосо кыргыз поэзиясынын тузу татыбай, көркү чыкпай калмак. Жалтанчаак, ийменчээк, инфантилдүү поэзия болмок. Нечен бир ойлор, сөздөр жерине жеткире айтылмак эмес. Айрыкча ашыглык лирикасында. Ошон үчүн Мидиндин саптары баарыбызга жат, өзүнчө эле фольклор.

Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай,
Жүрө албаймын күндө сени сагынбай.
Мээ сергитет менде жүргөн элесиң,
Мемиреген Ысык-Көлдүн таңындай.

Көзүң укмуш – ак чыныда карагат,
Көп караба, жүрөгүмдү жаралап.
Көөнүң болсо, бир белгиңди түшүндүр,
Киши жалдап, сүйө албаймын паралап!

Эч пайдасыз ээрчип жүрөм эринбей.
Жооп берчи, же жок дечи керилбей.
Кээ бир түштө беттен сылап коесуң,
Июлдагы көк конуштун желиндей.

Мындай таамай да, таланттуу да чыккан мөл ырлар кылым камтыган кыргыз поэзиясын барактап чыкканда да өтө сейрек, а балким жокко эсе. Ошону менен бирге Мидин Алыбаев адабияттын башка темаларында да кудум ушул сыяктуу өтө күчтүү, ысык чоктой илеп чачкан жалындуу ырларды жазган акын болгон. Маселен, атуулдук лирика же жарандык лириканы алалы.

Жеримдин суусу – дары, таштары – алтын,
Жыргалда, эркиндикте жашайт калкым.
Таалайга тандап туруп жаралгансып,
Тянь-Шань кышта жылуу, жайда салкын.

Ар дайым алыс жүрсөм сагынамын,
Ардагың артык мага, Тянь-Шаным!
Көңүлдү көтөрүлткөн көрк эмеспи
Ителги имерилген көк асманың.

Мөңкүшүп мөл кашка суу өзөн сайын,
Кулакка симфония берет дайым.
Бейкутка, берекеге белги болуп,
Термелет тентек желге арча-кайың.

Баса, Ата мекен темасы дегенде эле дароо Алыкул Осмоновду эстей кетебиз. Мидинди сейрек сүйлөйбүз. А бирок Мидин Алыбаев мекен темасында да өтө күчтүү, нукура, Алыкулдан ашса ашат, бирок эч бир кем эмес. Мидиндикиндей жалындаган мекенчилдик — сейрек учураган мекенчилдик.

Эми Мидин Алыбаев жана Алыкул Осмонов деген маселеге келели. Бул кокусунан айтылган сөз эмес, урматтуу окурман. Кыргыз адабиятындагы ушул эки залкар инсанды бириктирип да турган, алыстатып да турган бир нече маселе бар. Анын бири Алыкул көзү тирүү кезинде басмага чыккан Мидиндин “Мааниси жок “Махабат” деген макаласы. Бул макалага Алыкул Осмонов кандай реакция кылганы тууралуу бизде эч бир маалымат жок, бирок Мидиндин макаласын мен тарыхый мааниси бар макала деп эсептээр элем.

Сөздүн ток этерин айтсак, бул жерде эки чыгармачыл инсан эмес, эки чыгармачылык доор кагылышты. Биринчиден, орус-финн согушуна катышып, ок эмне экенин, кыргын эмне экенин өз көзү менен көрүп келген Мидинге кудум согуштун кычап турган кезинде, 1945-жылы, жалаң керт башынын көйгөйлөрүн, сүйүүсүн, ички турмуштун оош-кыйыштарын жазган Алыкулдын “Махабаты” чынында да Мидинге өөн учураган. Дени-карды соо, согуштан аман-эсен кайткан, жашоонун кызыгына белчесинен баткан жаш Мидинге оорулуу акындын жан сыры, айрыкча өлүм, өмүр өктөсү, жалгыздык тууралуу ырлары тек гана ыр менен жазылган лирикалык күндөлүк, субъективдүү арман-асирет сыяктуу сезилип, ага Алыкул ички дүйнөнүн көк ирим көлүнө өтө эле чөгүп кеткендей сезилген. Ал эми Мидинчи? Мидин да жан сырын көп жазган, бирок анын лиризми табияты боюнча башкача лиризм эле. Мидиндин лирикасы — тирүүлүк майрамынын, жашоо салтанатынын лирикасы болсо, Алыкулдун лирикасы — өмүр өктөсүнүн, жашоонун илме-кайыптыгынын, өлүм-өмүр дилеммасынын, ойчул, санаачыл медитациянын лирикасы эле.

Сүйүүгө медитативдүү мамиле эткен, аялзатына философтун көзү менен караган Алыкул:

Аял сүйдүм, бирок ичтен кектедим,
Арам ойлоп, арамдыктан кетпедим, — десе

ээ-жаа бербеген жигитчиликтин энергетикасы менен жашаган Мидин:

Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай.
Жүрө албаймын күндө сени сагынбай,
Мээ сергитет менде жүргөн элесиң
Мемиреген Ысык-Көлдүн таңындай, — деп жазды.

Суроо туулат: Мидин менен Алыкулду карама-каршы коюуга болобу? Жок. Экөө эки башка тагдырды аркалаган, эки башка эстетиканы карманган акындар. Мидиндин эстетикадагы пири — Эпикур, же болбосо Дионис. Алыкулдун пири — Аполлон же Афродита. Алыкул үчүн аялзаты -идеал жана өкүнүч, ал эми Мидин үчүн — жашоонун эквиваленти, либидо, асылдык жана азгырык. Бири аялзатын негизинен кыялында, дитинде, ой-пикиринде сүйсө жана бааласа, экинчиси реалдуу турмушта баалаган, махабатка белчесинен баткан. Бирок экөө тең адабиятта маанилүү, экөө тең биз үчүн кымбат жана теңдешсиз.

Албетте, Алыкулдун адабият кырманына кошкон түшүмдөрү өтө зор, көлөмдүү жана маанилүү. Анткени анда көңүлдү бир жерге топтоп, кадалана иштегенге убактысы жана шарты болгон, эч нерсеге алаксыбай, чыгармачылыктын кумарына кудум Мидин сүйүү кумарына баткандай белчесинен баткан, натыйжада зор эмгектерди жараткан. Алыкулдун котормолору эле канчага турат. Шекспир, Пушкин, Руставели… Андан тышкары ырлары, поэмалары, пьесалары.

Ал эми Мидин Алыбаев мыкты деген ырларын негизинен ара-чолодо, колу бошогондо, соолуга калганда, кээде дептерге чиймелей салса, кээде колуна урунган кагаздын айрындысына, чеккен тамекисинин кабына жазган. “Эшек дептеринин” бир жеринде “шампандын этикеткасына жаздым” деген жери да бар. Ошон үчүн Мидинде “актай калган өмүр барактарына” өкүнгөн саптар абдан көп. Эгер жашы элүүдөн ооп, ичимдикти таштап, акылман куракка аман-эсен жеткенде Мидин Алыбаев эмне деген терең ырларды жазмак — аны элестетүүгө гана болор эле.

Баса, “эшек дептерлер” тууралуу эки ооз сөз. Бул — эскиден калган традиция. Болгондо да абдан кызыктуу, бай традиция. Чоң адабияттарда ал илгертен боло келген. Маселен, орус адабиятында бул жанрды А. С. Пушкин түптөп кеткен. Улуу орус акынынын эротикалык ырлары ошол он тогузунчу кылымда эле эл ичине кол жазмалар түрүндө тараган. Бул салтты кыргыз адабиятында Мидин Алыбаев түптөдү.

Айтор, Мидин Алыбаев бир кылымда бир келген сейрек акын, керек болсо сыңар акын. Негизги себеп — эч качан өз чабытын чоң саясат менен же утурумдук конъюнктура менен чектеген жок. Эркин жашады. Каалаганындай, тилегениндей өмүр сүрдү. Эл сыйлаган эрке акын болду. Кимдир бирөөгө жагалданып, эптеп орден же медал алууну, наам алууну, кызмат алууну ойлогон жок. Сөздүн толук маанисинде көз карандысыз жашады, каалаганын сүйлөп, оюндагысын тартынбай жазды. Кээ бир ырлары эч качан жарыкка чыкпасын эң сонун билчү, ошон үчүн анын “эшек дептерлери” жаралды. Алар акын көзү тирүү кезинде эле ооздон ооздон өттү же кол жазмалар түрүндө калктын калың катмарына таралды. Баарынан кызыгы, Сталиндин заманында, тоталитаризмдин чеңгели кимди да болсо чыркырата мыкчып турган заманда Мидин кантип ээн-жайкын жашаганына, куулуп-сүрүлбөгөнүнө таң каласың.

Мидиндин кыргыз адабиятындагы орду кайталангыс жана уникалдуу. Калтырган мурастары өтө деле көлөмдүү эмес, бирок анын табы күнү бүгүнкүдөй ысык, илеби азыр да курч, сөзү таамай ырлары кылымдарды аралай турган ырлар. Аны өзү да жакшы билип, Соң-Көлгө арнаган бир ырында минтип жазган эмеспи:

Кош, Соңөл, сен турасың кылым санап,
Мелтиреп кадимкидей көктү карап,
Кош, Соңөл! Же келермин, же келбесмин,
Болжошту айтыш кыйын, атаганат…
Мен өлүп, сени экинчи көрбөсөм да,
Эскирген сары кагазда ырым калат.

Ошондуктан Алыкул менен Мидин биздин поэзияда Кавказ тоолорундагы Казбек менен Эльбрус сыяктуу. Биринен экинчиси кызык, биринен экинчиси бийик. Экөө тең баалуу, экөө тең түбөлүктүн сапарлаштары, жандоочулары.

Осмонакун Ибраимов, «Азаттык», 04.03.2017-ж.

Бөлүшүү

Макала Мидин жана Алыкул: тарых тактаган талаш бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Кыргызстандын калкы боюнча кызыктуу 10 факт

$
0
0
  1. Кыргызстандагы калктын саны

Бүгүнкү күндө 6 млн 19 миң 500гө жетип, дүйнөдө 111-орунду ээлейт.

 

  1. Улуттук курам

Кыргызстанда 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Улуттар аралык ынтымакты жана алаканы бекемдөө максатында түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп турат.

 

  1. Калктын жаш курагы

Кыргызстанда жаш курак боюнча эмгекке жарамдуу калктын саны басымдуураак кылат. Алсак, 16 жашка чейинкилер – 2 007 897, эмгекке жарамдуу калктын саны – 3 585 721, эмгек курагынан өткөн калктын саны – 425 862.

 

  1. Калктын жыштыгы

Өлкөнүн жалпы аянтын бөлгөндө 1 чарчы метр жерге 12,5 киши туура келет. Калк абдан жыш жайгашкан аймак – Ош облусу. Анда 1 чарчы метр жерге 150 киши туура келет, эң аз Нарында — 1 чарчы метрге 5 киши.

 

  1. Калктын жашоо деңгээли

Акыркы сатистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жашагандардын 32%ы жакырчылыкта күн кечирет. Аймактар боюнча Жалал-Абад облусу эң артта (40,1%), ал эми Таласта жакырчылыктын деңгээли салыштырмалуу төмөн (21%).

 

  1. Калктын демографиясы

2016-жылы 162 329 ымыркай төрөлүп, 38 516 адам көз жумган. Калктын саны орточо бир жылда 123 миң кишиге көбөйүп турат.

Кыргызстанда саат сайын 18-19 бала төрөлүп (бир күндө — 452), 4-5 адам көз жумат (бир күндө – 107).

 

  1. Эң узак жашагандар

Кыргызстанда кылым карыткан 280 карыя бар. Алардын эң улуусу паспорту боюнча 132 жашта. Ал Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын жашоочусу Айша Атабаева. Анын 4 уулу, 2 кызы, 27 небереси, 62 чөбөрөсү жана 15 кыбырасы бар.

 

  1. Эң узун кыргыз

Кыргызстанда эң узун бойлуу адам — Жеңишбек Райымбаев болуп калды. Ал 1979-жылы Нарында жарык дүйнөгө келген. 2 метр 32 сантиметр бою менен планетадагы эң узун кишилердин катарын толуктаган. Тилекке каршы, Ж.Райымбаев 2015-жылы 1-июнда бул дүйнө менен кош айтышкан.

 

  1. Кыргызстандын эли жана дүйнө

Кыргыз элин «Манас» эпосу, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, өзгөчө бийчи Атай Өмүрзаков сыяктуу таланттары менен дүйнө элинин ажырагыс бир бүтүндүгү деп кароого болот.

 

  1. Кыргыз элинин өзгөчөлүктөрү

Башка элдерден айырмалап турган нерсе бул — улуттун тил. Дүйнө элдеринин кайсы тили болбосун кыргыздар таптак сүйлөй алат. Мындай уникалдуу өзгөчөлүк башка элдерде кездешпейт. Аны менен катар кыргыз эли төкмөлүк өнөрү менен да сыймыктанса болот.

«Саресеп», 21.02.2017-ж.

Бөлүшүү

Макала Кыргызстандын калкы боюнча кызыктуу 10 факт бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Улан-Шер

$
0
0

(1941 – 2002)

Поэт и писатель Улан Токомбаев (Улан-Шер) родился 10 февраля в 1941 году в селе Кайынды Кеминского района.

Окончил сценарное отделение ВГИКа.

Начал публиковаться с 1961 года.

В 1977 году вышел его первый сборник рассказов и повестей «Самый счастливый человек».

Его книга «Осенняя радуга: Повесть, сказка для кино» вышла в свет в 1979 году.

Автор стихотворных сборников «He проходит любовь» и «Ласка»:

Также он создавал сценарии для полнометражных и короткометражных фильмов. Был телеведущим авторской телепередачи «Я против», которая начала выходить в эфир с 1994 года.

 

ПОЛДЕНЬ

Память странные образы лепит…
Поле. Запах травы.
И зной…
И ликующий страстный лепет —
То ли птица над головой,
То ли солнце ручьем струится
И волной золотой слепит…

Ах, ты жаворонок,
Ах птица!..

В синем небе родник журчит.

 

* * *

Янтарь выносит спелая волна, —
Миры, которые отжили,
Осколки солнц, что ответили,
Играя, достает с морского дна…

Мгновенья истины застыли.
Томится бабочка. Ее ль вина?
Отлет ее иные времена
Всегда ее летящей сохранили.

Анабиоз случится в янтаре —
Растает свод однажды на заре,
И снова будет бабочка вольна…

Щедра природа, что хранит в тепле
Автографы всех сущих на земле, —
Мне б так хранить любимых имена!

 

ПЕРВЫЙ СНЕГ

День отдыхал от суеты.
Безмолвие. Вершилось чудо.
И тихо падали цветы
Кружась, на землю, ниоткуда.

А утром расцвела зима.
Благоухая первым снегом,
Цветут сады, цветут дома,
Цветет земля, сливаясь с небом.

А там, за краем небосклона,
Как будто сторож у дверей,
Поет влюбленная ворона —
Нелепый зимний соловей.

 

* * *

Не странно ли, мы позабыли,
Что вместо с Пушкиным вдали,
На Черной речке погубили
Его супругу Натали.

И в час, когда благословляя,
В бессмертье гений уходил,
Все искупая, понимая,
Ее с собою уводил,

В соседней комнате икона
Внимала, грустная, словам,
Что не виновна пред законом
Еще не старая вдова,

Что на коленях умоляла,
Дав волю крику и слезам,
Простить ее. За что? Не знала,
Но что известно станет нам.

Друзья покоили, лаская,
И утешали как могли.
Но то была уже Ланская…
Уже была не Натали.

 

ВЕЧЕР

В золотом окладе синий тихий вечер,
Блеск светила теплый, словно сквозь нагар.
Зыбкий окаемок отделяет вечность
И звенит, как звездочка, надо мной комар.

 

БЕЛЫЙ ДОЖДЬ

Словно сквозь сито солнечный свет сияет,
Легкие, летние, словно батист, облака,
Золотом звонким, закатным траву поливает
Тихо текущая в небе большая река.

 

ЛАСКА

Ласка – зверек гордый.
Белая на белом снегу.
Ласка вцепилась в горло —
Падает олень на бегу.
Падает изумленный —
Кто подвел и когда?
Ласка – зверек потаенный…
Падает с неба звезда.
Падает, свод опрокидывая,
Кровью питая снега…
Ласковая, неторопливая,
Трогает сметь рога.

 

* * *

Я всегда обернусь лицом к врагу,
И отваги мне не избыть.
Нож в спине – это значит – ударил друг,
Он то знает, где сердце
И как надо бить.

Бөлүшүү

Макала Улан-Шер бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Исирадин Аманбаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «Музыкант болушума Рыспай Абдыкадыровдун салымы чоң»

$
0
0

Туулган жылы, күнү – 1964-жыл, 16-март

Туулган жери – Кара-Кулжа району, Алай-Куу өрөөнүнүн Көңдүк айылы

Билими – Ош мамлекеттик педагогикалык институтун, Кыргыз улуттук консерваториясын аяктаган

Учурда – Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын директору

Белгилүү обондору – «Ай жарык», «Гитара», «Мөл булак», «Жетиген», «Соң-Көл баяны», «Тоолук кыз болду периштем», «Айданек» жана башкалар

 

«6 ЖАШЫМДА КОМУЗ ЧЕРТИП БАШТАГАМ»

— Балалыгым төрт тарабы тоолор менен курчалган жомоктогудай кооз жерде өттү. Айылдын башында кол менен жасап койгондой керемет Кулун-Ата деген көлүбүз бар. Ошол көлдөн аккан суу биздин айылды аралап өтөт. Сууда балыктар абдан көп эле, ат менен кечип өтсөң балыктар кадимкидей ыргып кетчү. Аттын туягына тийгендери суунун бетине калкып чыгып калар эле. Жайында майкабыз менен сузуп балык кармап, бышырып жечүбүз. Муну айтып жатканымдын себеби, чыгармачыл инсан болуп калыптанышыма керемет жердин суусу, абасынын таасири чоң.

Анан албетте, кандан да өткөн. Себеби чоң атамдын атасы, өзүмдүн атам Абдилашим чоң комузчу болгон. Апам Перизат сөзгө чебер, санжыра, жомокторду көп билген аял эле. Экөө тең колхоздо жумушчу болуп, 7 баланы тарбиялап, тууруна кондурушкан. Апамдын көзү өтүп кеткенине 17 жыл болсо, атам быйыл 90 жашка чыкты.

Үйдө жетөөбүз тең комузду мыкты чертип, ырдай алабыз, бирок чыгармачылыкты аркалаганы мен эле болдум. Калгандары башка кесипти тандап кетишти. Негизи биздин айыл таланттарга бай. Майрамдарда боз үй тигилип, кыз куумай, ат чабыш, анан сөзсүз концерт болор эле. 6 жашымда бир майрамда комуз чертип чыкканым эсимде. Комузчулук өзүм үчүн болуп калды окшойт, учурда 20 чакты күү чертип жүрөм.

 

«МУЗЫКАНТ БОЛГОНУМДА МУГАЛИМДЕРИМДЕН УЯЛЫП…»

— Бала чагымда музыкант болом деп ойлогон эмесмин. Мектепте адабиятка кызыгып райондук гезиттерге макала, ырларымды жарыялачумун. Ошондуктан акын, жазуучу болом дечүмүн. Музыкант болуп калганыма Рыспай Абдыкадыровдун таасири чоң. Мен 9-класста окүп жүргөндө айылга концерт коюп келип калышты. Жай мезгили болчу, Үсөн деген агабыз чакыртып ийиптир. Барсам Рыспай агай, жубайы Давлет жеңе, кызы Сюита, чоң комузчу Фахридин Баяков бар экен. Ал кезде Аалы Токомбаевдин «Коммунизмге», Алыкул Осмоновдун «Берчи мага жарым кашык музыка» деген ырларына обон жазып айылда атым чыгып калган. Рыспай Абдыкадыров менен таанышкан соң 2 ырымды ырдап бердим. Ал обондорумду жактырып, «биз менен жүрө бер» деп койду. Балык кармаганга кызыгат экен, анын балыгына жем таап берип жүрүп калдым. Ал ошол кезде азыркы Ош университетинин музыкалык бөлүмүндө иштечү экен. «Мектепти бүткөндөн кийин бизге келип оку, үнүң жакшы экен» деп калды.

2 жылдан кийин мектепти бүтүп, ал окуу жайга тапшырып өтүп кеттим. Окууга өтүп алып, мектептеги мугалимдеримден уялып жолугуудан качып жүрдүм. Себеби мектепте математика мугалими «математик кылам» десе, химиядан берген агайыбыз «картайып калдым, менин ордума химик-биолог болосуң» дечү. Кыргыз тили, адабиятынан берген эжейибиз ишеничтүү түрдө «жазуучу, акын болосуң» деп жүргөн. Анын үстүнө музыкант ал мезгилде аброю жок кесип болчу.

 

«АТАКТУУЛУК АЛЫП КЕЛГЕН «НЕСТАН ДАРЕЖАН» ДЕГЕН ЫРЫМ БОЛДУ»

-1980-жылы 16 жашымда студент болгом, ошол кезде «Эй, кыздар», «Төкчү, жамгыр» деген обондорум окуу жайда популярдуу болгону менен, республикага атым чыга элек болчу. Окуу жайды бүтүп, 1984-жылы айылдагы Ак-Кыя орто мектебине музыка сабагынан мугалим болуп иштеп жүргөндө Ошто республикалык деңгээлдеги обончулардын сынагына чакыруу алып калдым. Чоң композиторлор, Рыспай Абдыкадыров баштаган обончулар катышыптыр. Ошондо «Кайдасың сен, Нестан Дарежан?» деген ырымды ырдап, элдин колдоосуна арзыгам. Эл суранып экинчи жолу аткарганымда Ош телерадиосу үнүмдү жазып калган экен, эртеси күнү республикага тарап кетти. Ошентип 2 күндүн ичинде популярдуу болуп жатып калдым. Мага атактуулук алып келген «Кайдасың сен, Нестан Дарежан?» деген ырым болду.

Азыр ойлосом, ошол мезгилде жумасына бир обонум чыгып турчу экен. Атактуулук адамды өзгөртөт, мен өзгөрбөй, өзүмдү кармаганга аракет кылдым. Атактуулукту кармай албасаң жаман жолго түртөт. Азыркы ырчыларыбызга жакшы болуп жатпайбы, өзүнүн популярдуулугун өзү пайдаланып жатышат. Материалдык жактан жакшырып дегендей. Илгери биз канча жерге барып ырдасак да акы алчу эмеспиз. Бекердин жаман жери, тамак-аш менен кошо арак-шарап куюп берип, ич деп кыстагандар көп эле. Андайларга азгырылып үнүн дагы, өңүн дагы, турмушун дагы бузуп алгандар көп болду.

 

«БАШКА ЫРЧЫЛАРДАЙ БОЛУП ГАСТРОЛДОГОН ЖОКМУН»

-Жубайым Динара Жалал-Абаддын кызы. Кудайга шүгүр, 2 кыз, 1 уулдун ата-энесибиз. Улуу кызым турмушка чыгып, балалуу болгон. Эл аралык мектепте англис тили мугалими болуп иштейт. Уулум Сапарбек менин жолумду жолдоп музыкант, Улуттук консерваторияда бир бөлүмдү жетектейт. Өзү пианист, эл аралык сынактардын лауреаты. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы. Көкүрөк күчүгүбүз Үмүтай студент.

Дирижёр Асанкан Жумакматов менин 10 чакты ырымды оркестрге салып иштеп чыгыптыр. Оркестри менен гастролдоп айылга келип таанышып калдык. Ошондо Дарика Жалгасынова, Керим Турапов, Шеркул Дүйшөналиев ырларымды ырдап барышкан экен. Жумакматов «айылда жүрсөң жүрө бересиң, Бишкекке барып окубайсыңбы» деп калды. Окуганды жакшы көргөн жаным Улуттук консерваторияга тапшырып, композитордук бөлүмдө 11 жыл окудум. Алтынбек Жаныбеков деген чоң композитордон 7 жыл сабак алгам.

Окуу, жумуш деп жүрүп башка ырчылардай элди аралап көп ырдаган жокмун. Бишкекте түрк лицейинде искусство жагын тейлеп 2 жыл иштеп калдым. Андан кийин Маданият министрлигинин искусство бөлүмүндө куратор болдум. Ошол учурдагы губернатор Накен Касиевдин чакыруусу менен Ошко барып, маданият тармагында эле 10 жыл иштеп келдим.

«Жубайым күйөрманым экенине карабай кыз кылыгын кылып мени бир топ убарага салган».

 

«Рыспай агай үнүмдү, обондорумду жактырганы үчүн акын, жазуучу болом деген оюм өзгөрдү».

 

«Асанкан Жумакматовдун сунушу менен билимимди Кыргыз улуттук консерваториясында уланттым».

Замира Рахманбердиева, «Супер-инфо», №745 10-16-февраль, 2017-ж.

Бөлүшүү

Макала Исирадин Аманбаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «Музыкант болушума Рыспай Абдыкадыровдун салымы чоң» бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Байдылда Сарногоев: “Түшүмө тоо, Ош базар кирет. Анан эшекке арак ичирип…”

$
0
0

Редакциядан: Кыргыз поэзиясынын классиги, Кыргыз эл акыны, атактуу Байдылда Сарногоев 70 жашка чыкканда, буту баспай, үйүнөн чыкпай калган кезинде акын агабыз менен агездеги “Агым” гезитинин кызматкери, журналист, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова аңгемелешкен экен. Бул акын агабыздын акыркы маектеринин бири десек болот. Бүгүн Байдыкебиздин ошол 2002-жылдын 18-январындагы “Агым” гезитине жарыяланган маегин кандай болсо, так ошондой, айткандарынын бирине да кол тийгизбей, атактуу акынды эскерүү иретинде «Чагылгандын» окурмандарына тартуулап олтурабыз. Байдыкенин көзү тирүү болгондо быйыл 85 жашка толмок. Ал эми арабыздан кеткенине 13 жылдын жүзү болду. Жаткан жери жайлуу болуп, жаны жанатта болсун дейли…

Байдылда агай, 60 жашыңызда ашуудан отчет бердиңиз эле, эми 70 жаш деген кандай болот экен?

— Жаштын жаманы жок. Жашай берсе баары эле жакшы. 60 өзүнчө кетти, 50дө жаш экем. Аны айтпай эле коеюнчу. Бу 70 дегениң абдан көп, бийик ашуу экен, 60ка караганда. Ооруп жатканыма 10 жыл болду. Күн бүркөлсө мен да кошо бүркөлүп, кээде жатып калып, кээде туруп, кыйналып жүрөм. Былтыртан бери “талаага” чыкпай калдым. Инсульт жаман тура, билинбей жыгылат экенсиң. Доктурлар жаныңда киши болбосо жалгыз жүрбө деп эскерткенинен кемпирим, кээде балдарым дайым жанымда. Бирок тобокелге салбайын деп эшикке чыкпай, үйдө эле жатам. Эми бу да Кудайдын кылганы, айла жок, баарын көтөрүп келатам.

Төшөктө жатканы ыр жаздыңызбы?

— Жок, жазган жокмун. Он жылдан ашып кетти, анда социализм учуру эле да, анан бир күнү көчөгө чыксам капитализм деп калышыптыр. Бир күнү кыялданып, ыр жазайын десем башыма бирдемелер келди. Анан “Асмандагы улуулук” деп ыр жаздым төрт куплет. Жылдыз сага бир куплетин окуп берейин.

Бул ааламда ким улуу?
Болмок эмес миң улуу,
Жандуу, жансыз баарына,
Жарык чачкан дайыма
Жалгыз гана Күн улуу!
— деп. Адамдан улук чыкпайт, ааламда Күн улук деп ой чаптырып жазгам.

Ыр жазган кара жумуштан да кыйын дейт, же буга сиз макул эмессизби?

— Ыр жазуунун өзү түшүнгөн кишиге оор. Чыгармачыл адамдарды чымыны бар деп коет эмеспи, ал чымын да кашка чымын, сокур чымын ж.б. деп эки-үчкө бөлүнүп кетет. Анан мага да кезек-кезек ошо чымындар келип калат. Билбейм, башкалар кандай жазат, мага илхам, ыклас келгенде, керек болсо туалетте отурсам башыма келе калат да, анан “кемпир эле, кемпир, кагаз, ручкени бер, унутуп калбайын, жаза калайын” дейм. (Ушу жерден Байдылда агай экөөбүзгө чай куюп олтурган Зина эже сөзгө аралашып: “Абышка, койсоңчу, ушунун баары гезитке кетет, туалет-муалетиңди айтпай эле сүйлөчү?” деп калды.) Жок, кемпир, туурасын айтышым керек да. Кемпирим калем, кагазымды алып жетип келет, анча-мынча чиймелей коем, анан келип үстөлүмө отуруп оңдоп-түзөйм.

“Жамбаш сынса да ашказан сынбайт” деп айтканыңыз бар экен?

— Кээде ошентип тийише беришет, а балким айткандырмын. Жамбаш сынса бу сөөк да, айыгат, ашказан кабырылып калса жаман болот деп:

Аракка биздин ашказан,
Алынып калган капкачан.
Жарай берет калганы,
Жарымын кесип таштасаң. Анан сөздөн сөз чыгып айтып койсом, эл арасына тарап кеткен тура.

Артыңызда көч улап келаткан акындардан кимди баалайсыз?

— Бир топ эле акындар бар, бирок акындын акыны бар да. Шайлообекти абдан жакшы көрөм, өзү чоң акын. Азамат, менин купулума толот. Айылдын турмушун да, шаардын турмушун да жакшы билет, катыра жазат. Жанагы Хасан Каскадроп деген да мыкты чыга баштады. (Ред. Хасан Каскадроп деген “Агымдагы” Шайлообек Дүйшеевдин псевдоними катары гезит жабылганга чейин “жашап” келген). Советбек Урмамбетовдун баласы бар Кыялбек деген, а да түзүк. Анатай Өмүрканов да дурус.

Таластын Шумкар-Уя деген чокусуна сизди бир бөтөлкө арак таштап кеткен деп уккам, ошону барып бир көрдүңүзбү?

— Жо-ок, ал Шумкар Уяда калган эмес, ал тээ-тиги андан да бийик чоку бар, Арчалуу-Төр деген. Кийик уулап барганбыз, менин жанымда жүргөн жолдоштор арак салып алыптыр. “Байдыке, ич” дейт. Анан оозунан ооз тийип, ошол бойдон бөтөлкө калып калган. Кийин караган да, барган да эмесмин. “Көрүп келсем арманым жок” дегенди менин сөзүм кылып башкалар чыгарса керек. Ал арак эмгиче болбой калды го, жарылып калды го байкушум, күкүм болуп кетти го кургурум. Ошол чокуга арак таштаганда 26-27 жаштарда болсом керек.

“Байдылданын батальону” деген “бандаңыз” бар эмес беле, ошону ким уюштурган?

— “Байдылданын батальону” десең болот, “банда” десең болбойт, анда хулигандык болуп калат. Мынабул “Сейил” ресторанына көп барчумун. Мен эле эмес, Ысмайыл Борончиев, Махмуд деген чал, дагы бир топ артисттер ошол жерде жүрчү. Асек Жумабаев бар. Мен тияк-биякты айтып тамашалайм, анда кадимкидей сүйлөйм, басам, азыр таза болбой калбадамыбы. Анан балдар мага ыктап кетишти. “Байдылданын батальону” деп коюшчу, “Байдылданын Таш-Коргону” деп коюшчу “Сейил” ресторанын.

Байдылданын Таш-Коргон,
Байдылда өзү ат койгон.
Байдылда өлөт бир күнү,
Таш-Коргон калат таш бойдон,
Таш-Коргон калат жаш бойдон…
“Батальончулар” менен аралаш ушул ырды жазгам. Пиво, вино иччүбүз.

Жеңе менен кантип тааныштыңыз эле?

— Бу карындаш жөнүндө адегенде сыртынан уккам. “Ушундай бир кыз бар, ага периштенин өзү жетпесе, эч ким ага жете албайт” деп. А мен чоң Маскөөдөн бүтүп келгем. (Ред. Байдылда Сарногоев Москвадагы Максим Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтун бүтүргөн), атаңгөрү күпүлдөп жүргөн кезим, таластыкмын, өпкө чоң. Кыз тандап жүрөсүң, боюм узун, мурун барбайган, сары жигитмин, балакетти сулуумунбу? “Кайын-журтум” деп коем, Зина окуган Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун. А жерге барганда жүгүнүп коем, ушу кезге чейин жүгүнүп, а-та десең, ыймандуумун да. Эркек мугалимдери кайнагамдай, аял мугалимдери кайнежемдей, кыздары балдыздарымдай көрүнөт. Асипова Зинага таанышам деп бардым, бу карындашым супсулуу, мен шустрыймын, тияк-биягына чыгып тийишем. Ошентип бу карындаш мага жагып калды. Жакканын айталбай шылтоолоп “Карындаш, “мени иттен чыгарып кой” дедим, 2-кабатта жашачу. Мени менен кошо жөнөдү. Жарым жыл сүйлөштүк. Мага буюрган экен, мен алдым.

Байбичеңизди алигиче карындаш дейсизби?

— Алганга чейин айттым, кийин “кемпирим, Зина, Зинакан” деп коем. И, дагы айта кетейин, адегенде экөөбүз эл-жерибизди сураштырдык. Мен Таластын башынан, Шумкар-Уя жактан экем, бу карындаш Көлдүн башынан, Талды-Суу деген жеринен экен. Уруусу–бугу, мен-кушчу.

Жаш кезиңизде кыздарга көп бардыңызбы? Кемпириңиз кызганчу беле?

— Бу карындашты алгыча бир топ кыздар болгон. Маскөөдө 5 жыл окудум. Беш жыл жок дегенде экиден кызга барсам да, орустун кыздары он болуп кеткендир. Үйлөнгөндн кийин тескери баскан жокмун.

Кемпириңизди урган күндөрүңүз болдубу?

— Жок, кемпирге кол көтөргөн кайдан. Башынан эле мүнөзүм ушундай, кемпириме катуу айткан эмесмин. Сиз, биз дешип сыйлашабыз.

Жазуучулар союзунан келип атышабы? Чоңдордончу?

— Ат тезегин кургатпай келип турушат. Н. Алымбеков, М. Ааматов, С. Эралиев, М. Абылкасымова, Ө. Даникеев жана башкалар. Атамбаев литфондунан жардам берип турат. Чоңдордон баягүнү А. Карыпкулов, А. Бөрүбаев, С. Урманаев келди. Н. Касиев министр кезинен бери эле атайын келет. Сары-Челектин сүрөтү тартылган картина, залда илинип турат. Ат-Башылык жигит экен, менин атам да тааныбаган. Сиздин ырыңызды жакшы көрөм дейт. Ошко кеткени көрө элекмин. Тунгуч президентибиз үч жыл мурун чакыртыптыр. К. Иманалиев келип кемпирим экөөбүздү үйдөн алып кеткен. Абдан жакшы кабыл алды, аркы-теркини сурады. 70ке качан чыгасыз дегенинен, бир топ бар дедим. Кабарлашып турабыз деген, анан менин “Калайык калкка кайрылуу” деген ырымды жакшы билет экен. Таластык жигит Болот Шерниязов аябай жардам берет, менин спонсорум. Көп келет үйгө, депутат болгону колу бошобой, анда-санда келип калды. Таласта менин музейимди ачтырыптыр Боке. Баарына рахмат!

Ыр-аке аталган Рамис келеби?

— Кээде келип калат, мен түшүнбөгөн сүрөттөрдү көтөрүп алып, менин мээм так Рамистин сүрөтүндөй болуп жатса, “момундай сонун” дейт, мен “түшүнбөйм” дейм. Сүйлөшүп, чай ичип кетет.

Жердешиңиз Чынгыз Айтматов менен мамилеңиз кандай?

— Жазуучулар менен кандай болсо, ошондой эле. Жеке мамилем жок. Келип, ал-ахвал сурап, телефон деле чалбайт. Бир жолу жазуучулар союзунан түшкө маал коридорго чыгып, чылым чегип турсам, төмөн жактан дүк-дүк деп дүңкүлдөгөн киши келатат. Карасам – Чыңгыз. Мага келип, экөөбүз учурашкан соң, “Ии, чычкан аңдыган мышыктай болуп турасың?” деди. Мен да: “Ии, төмөн жактан бир килейген келемиш чычкандын дабышын угуп, баса калайын деп күтүп турдум эле, сен белең?” десем, “ак, тукумуң өскүр, кыйынсың ээ” деп күлүп, ары басып кетти. Жашыбыз тең чамал да.

70 жылдык өмүрүңүзгө өкүнбөйсүзбү?

— Өкүнбөйм, баары орду менен кеткендей болду. Бирок мен Мидин, Райкандын кешигин ичип, кичине аксап калдым, жинди суунун жинине тийип. Болбосо жакшы, кемпирим үч уул, эки кыз төрөп берди. Баястан, Бахтияр, Бакай, Гүлсара, Карлыгач деген уул-кыздарым, Дилбарка деген неберем бар. Улуу кызым Гүлсара Италияда, ошол жакка турмушка чыккан, жылына бир келип кетет. Карлыгачым болсо келип тырмактарымды, сакал-мурутумду алып берет.

Азыр 100 граммга кандайсыз?

— Кымыз да ичпейм ачкыл деп. Айран, кефир, минерал сууларын жакшы көрөм. Кээде пиво ичким келет, анан кемпириме айтайын деп, кой дейм.

Жашоонун маңызы эмнеде деп ойлойсуз?

— Ар ким ар түрдүүчө түшүнөт. Маңызы эле ошо, адамча жашап жүрүү. Баягы Кудай бергенин кайра өзү алат дейт го, ак эмгегиң менен тапканды бала-чакаң менен тең бөлүшүп, тирүүчүлүктө досторду, туугандарды, үй-бүлөнү сыйлап өткөнгө не жетсин. Жаш кез, мас кез, өтөт экен. Эми кемпирдин көзүн карап олтуруп калдым. Ыраазымын. Мени жакшы багып жатат. Түйшүгүм көп, “аркамды тырма, суу бер, чай бер, светти күйгүз, форточканы ач, китепти алпер” деп жумшай берем, ым дебей аткарат. 44 жыл бирге өмүр сүрүп келатабыз.

Өлүмдөн коркосузбу?

— Коркпойм, кереги жок коркуп. Өлөсүң да акыры. Мурун атеист болчумун, 10 жылдан бери эле кадимкидей мусулман болуп калдым. Атам молдо киши болчу. Куран окуп жүрөм, орозо кармаган жокмун.

44 жыл ичинде жеңени таарынткан күндөр болдубу?

— О, кокуй болбой анан… Мен да таарынгам, бу да таарынган күндөр болду. Тааарынганда эркелетип, чекесинен өөп, ыр окуп берип жазчумун. Жеңең өзү ак көңүл, кичине эле чыртыйчу. Белек берчүмүн, атыр, жоолук, гүл дегендей. Үйлөнгөн соң агай деп жүрдү көпкө чейин, ансайын мен агай болуп мурчуюп калам, дегеле болбой. Кээде тамашалап, “өбүшүп бүттүк дебесең, оозуңду тосчу дагы бир?” деп коем.

Ушул учурда мен бизге чай куюп олтурган Зина эжеге кайрылдым:

Эже, агайды мурду барбайган, сары жигит экен деп чанбай тийдиңиз беле? Өкүнбөйсүзбү?

— Эмнеге өкүнөм, анда Байдылда болуп атагы укмуш эле. Кыздардын баары бир көрүп сүйлөшкөнгө ашык, турмушка чыкканга ынтызар болушчу. Акын деген кандай эле анда. Үч-төрт ай сүйлөштүк, агай деп жүрдүм, агай деген боюнча азыркыга чейин атынан айтпайм “абышка, чал, атаңар” деп коем. Кайнатамдын атын айта берем, себеби Сарногоева деп абышкамдын фмилиясына өтүп алгам, а бу кишиникин негедир такыр айталбайм. Эл күлүп калат, ыймандуусуң деп. Чыгармачыл кишинин мүнөзү татаал болот. Бир карасаң жаш бала, бир карасаң такыр бөлөк. Кээ бир убакта кыялын түшүнбөй казан-аяк кагыша кеткен күндөр болду. Болбосо бу киши ак көңүл, ичип келгенде урушканды да билчү эмес, чарбачылык менен иши жок, үй турмушуна кийлигишкен маайдачыл эркектерден эмес. Тамак тандабайт, курсагы тойсо болду. Үй-тиричилиги менен да иши жок. Таап келип берет, эмне кылып атканыңды сурачу эмес.

Кызганып, урушкан жоксузбу?

— Жок, кээде кеч келип калчу. Бирок кайда бардың, эмне кылып жүрдүң деп сурачу эмесмин. Чын айттыбы, калп айттыбы–кээде жүргөн, барган жерин айтып берчү.

Байдылда агай, кайсыл мезгилди жакшы көрөсүз?

— Мага баары бирдей көрүнөт. Жаш кезде жазды жакшы көрчүмүн. Ар бир мезгилдин өзүнчө касиети бар. Жаш кезимде көп чуркачумун, тоолорго көп чыкчумун. Мен чыкпаган чокулар аз эле калды Таласта. Кээде бутум соо болсо Жомолонгума чокусуна чыксам деп кыялданам. Хан-Теңри мага чепуха, жапыз деп коем жаман арыма.

Спорттун кайсы түрүнө кызыкчу элеңиз?

— Кызыкпадым, бирок бильиярдды жакшы ойночумун. Жазуучулардан Самансур Бөлөкбаев, Саткын Сасыкбаев менен күндөп-түндөп бильярд ойночубуз. Мелдешип, козу, акча сайышып.

Аракчы?

— Оо, ал само собой да, сайбасак деле алдыбызда турчу койкоюп. Азыр бильярд ойногонду аябай сагындым. Каңырыгым түтөйт, кайра басылат. Комуз чертчүмүн, колум калтырап, аны да чертпей калдым. Жаш кезди, курбуларды, эшикке чыгып басканды, Таш-Коргонумду сагынам, атаң гөрү! Ош базарын көрбөгөнүмө он жылдан ашып кетти…

Мидин менен качан тааныштыңыз эле?

— Мидинди “байке” дечүмүн. Ал мени “иним” деп койчу. Таластан 1948-жылы келдим. №5те окудум, анан Жазуучулар союзуна барчумун. Чоңу Аалы Токомбаев эле. Мидикем мени өзү таап алды “ай бала?” деп эле. “Ким болосуз?” десм, “Мидин Алыбаев дегенди уккан белең?” дейт, угуп жүргөм да. “Ооба” десем, “андай болсо мындай чыгып келбейлиби?” дейт. Ошентип жүрүп кийин Райкан менен жолуктурду. Экөөнө көп эле арак алып бердим, арак куюп эле отурчумун, кызыгандан кийин: “Эй, Райкан, биз өлүп кетсек баланчанын атынан, түкүнчөнүн атынан” деп мектеп, көчөнүн баарын коюп атат, биздин атыбыз коюлар бекен?” десе, Ракем колдурган үнү менен: “О, Мидин, буюрганы болор, койсо коюлар, мынабу ичкен бөтөлкөлөрүбүзгө биздин атыбызды коюп койсо кана!” десе, каткырып күлөбүз. Анда Мидин: “Жок менин атымды бир арак заводго коюп койсо” дейт. Мидин өкүл ата, өкүл энебиз болчу, өзүбүз эле коюп койгонбуз.

Байдылда агай, өзүңүздүн жоруктарыңыздан бирди айтып бербейсизби?

— Москвадан 3-курсту аяктап, Таласка Абдрасул деген байкемдин үйүнө бардым. Ал кой бакчу. Барсам, “иним келиптир” деп коюн көтөрүп чаап союп салды. Мен болсо кычырайм, клеш шым, жылтыраган жыландын терисиндей туфли, жакасы упузун мода көйнөк. Ат минип алып ары-бери бастырам. Бир күнү айтып калды: “Ай сен колоктоп эле жүрө бересиңби? Күз бат эле келет, мен болсо такай койдомун, үйдө отун жок, балдар жаш, отун апкелип берип кетсең боло? Мынабу эшекке минсең, отунга барчу жолду өзү билет” деп. “Макул” деп эшекти токуп минип, отунга жөнөдүм. Бир куржунду берип койду. Отун алчумун деп Арчалуу-Төргө бардык. Эшекти байлап, куржунду ачсам, ичинде жарты көмөч нан, бир жилик эт, бир бөтөлкө арак жүрөт. Токойдон ичсин десе керек. Кудай мындай бербеспи деп ичимден кымыңдайм. 200 граммдык грузовой стакан да салып коюптур. “Бисимилла!” деп арчаларды булкуп-жулкуп кичине чогултуп коюп эми ичейин деп этти туурап, нан менен жеп, тиги шумкарды стаканга куюп соктум, суусап калган экем. Башым эңги-деңги болуп жыргап, жамбаштап жаттым.

Көзүм илинип кетиптир. Тура калсам эшек байлануу, эс алып калыпмын. Кой, кеч кирелекте отунду алып үйгө жөнөйүн деп, отунду аябай алыпмын. Ичте арак бар да. Эшектин төрт шыйрагы, анан кулагы эле көрүнүп калды. Аябай жүктөпмүн. Шумкардан дагы 100дү бастым. Эшек “кок-кок” деп атып эле бир маалда жатып калды. Көрсө, оор жүктөп коюпмун. Эмне кылсам деп ойлонуп туруп, “кой, арактын касиетин көрөйүн” деп оозуна калганын куюп жибердим. Бир топко какап-чакады. Анан капырай сага жалган, мага чын, ордунан отун-мотуну менен тура калды. Айдап жолго чыктым. Бир маалда эшек “ырдай” баштады. Мен эшектин тилин билбейм да, иши кылып жолду ката арманын төгүп, жалаң муңдуу ырларды ырдап жүрүп олтурду. Башынан өткөндөрүн жамактап жатты окшойт. Укмуш эми, ыйлагың келет, угуп баратам, перевод гана жок. Отунду көрүп агам: “Ушунча да жүктөйсүңбү, эшекке убал эмеспи” деп сүйлөнүп алды.

Түшүңүзгө нелер кирет?

— Түш деле көрбөйм, анда-санда гана кире калат. Түшүмдө кээде энем, кээде атам менен жолугуп калам, тиги дүйнөдөн. Кээде Ош базарында жүрөм, бир убакта мага арак сунушат, “ичпейм” деп качам. Анан ат кирет, суулар кирет, тоолор кирет, жаш кезимди көрөм. Түш деген ар кандай эми, бирок жаткандан жаман тажадым…

Маектешкен Жылдыз МУСАБЕКОВА, “Чагылган”, 01.03.2017-ж.

Бөлүшүү

Макала Байдылда Сарногоев: “Түшүмө тоо, Ош базар кирет. Анан эшекке арак ичирип…” бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Айбек Саралаев, опера ырчысы: «Сыйлыкка муктаж болсом, буга чейин эле алып алмакмын»

$
0
0

Замандын талабына ылайык опера менен эстраданы эриш-аркак алып кетүүгө туура келет. Анткени опера багыты менен жан багуу мүмкүн эмес деген пикирди карманган Айбек мырза алдыда чыгармачылгындагы жаўылыктары менен бөлүшүп, маданияттын оош-кыйышы тууралуу кеп козгойт.

— Айбек мырза, жакынкы аралыкта жамы журтка тартуулаган «Селкиге жооп» чыгармаңыз бүгүнкү күндө көпчүлүктүн көңүл чордонунан орун алып турган учуру. Кеп башын аталган ырдын жаралуу тарыхынан баштасаңыз?

— Элибиздин сыймыктуу уулу Кыялбек Урманбетовдун калеминен жаралып, обону Шеркул Дүйшөналиевге таандык «Селкиге жооп» чыгармасын өткөн жылдын аягында жаздырып, угармандардын сынына койгом. Чыгарма жарык көргөндөн тарта көпчүлүктүн көңүл чордонунан орун алып, ыр сүйүүчүлөрдүн суранычы менен жаңы жыл алдында жергиликтүү телеканалдардын көңүл ачуучу көрсөтүүлөрүндө байма-бай жаңырып жатты. Бул ырдын жаралуу тарыхына токтоло турган болсок, «Айкөл Манас батасы» деген долбоордон алынган. Аталган долбоордун ичинде «Манас» эпосундагы каармандардын баары камтылып, ал жерде Ырамандын Ырчы уулунун образын жаратып келгем.

«Өлөм намыс ар үчүн,
Өлөм сендей жар үчүн.
Коргоп өтөм тоолорду,
Койнумда сен бар үчүн»,— деген саптар Ырчы уулдун чыгармачыл жана баатыр адам болгонунан кабар берет. Бул ырды «Айкөл Манас батасы» долбоорунун жарнамасы десек да болот. Алдыда клип тарттыруу планым бар.

— Чыгармачылыкка билек түрө киришкениңизге кыйла убакыт болгонун билебиз. Бул аралыкта бир топ абройлуу топтордо, оркестрлерде эмгектендиңиз өңдөнөт. Учурда кайсыл жерде кызмат кылып жатасыз?

— Борборго келгениме жыйырма жылдан ашса, чыгармачылык менен алектенип баштаганыма 15 жылдын жүзү болду. Тактап айтканда, алгач музыкалык орто окуу жайды аяктап, андан соң Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырып, студент кезимден тарта опера-балет театрында хордун ырчысы болуп иштеп баштагам. Акыркы 5-6 жылдан бери аталган жайда жеке ырчымын. 2006-жылдан тарта операнын бир нече баскычтарында ырдадым. Эки-үч ирет эл аралык сынактарда жеңүүчү аталдым, ошол эле учурда Коргоо министрлигинин астында уюштурулган ансамблде, Бишкек шаардык мериясынын алдындагы эл аспаптар оркестринде ырчылык кызмат аткардым.

— Өткөн жылы Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда ырдоо ниетиңиз бар экенин айткан элеңиз. Бирок сизди ал жерден көрө алган жокпуз?

— Менде алдым-жуттум сапат жокко эсе. Сокур жоошмун десем жаңылышпайм. Ал ортодо Көчмөндөр оюнунда ырдоого мага эч кандай чакыруулар же сунуштар дагы болгон жок. Музыкалык бөлүмүн кимдер уюштурганынан кабардар болгон жокмун. Ушул себептерден улам аталган оюнга катыша албай калдым. Кийинки жылдардагы оюндарда ырдоо ниетим бар.

— Жыл тогошор алдында бир топ маданият кызматкерлери мамлекет тарабынан ар кандай наамдар менен сыйланышкан. Бүгүнкү күнгө чейин арасында татыксыздары же тааныш-билиши күчтүүлөрү да сыйлыктарга ээ болушту деген талкуунун аягы басылбай келет. Сиздин пикир кандай?

— Элдик талант болгондон кийин жеке кызыкчылыктан элди биринчи орунга коюп, калктын жарпын жазып, аларга кызмат кылышыбыз абзел. Чыгармачыл адамдын кимиси кандай наамга татыктуу-татыксызыңды эл баалап, эл чечет. Наамды алып, бирок эл сени тааныбай тургандын кереги жок. Коргоо министрлигинде эмгектенип жүргөн учурда Исмаил Исаков «Сага эмгек сиңирген артисти наамын алып берейин, аздыр-көптүр эл ичине таанылып, өлкөнүн атынан ири саммиттерде бир катар мамлекеттин башчыларынын алдында ырдап келатасың» деген оюн айтканда намысым жол бербей баш тарткам. Ал учурда эл аралык сынактарга катышканды мындай кой, жеке концертимди өткөрө эле кезим эле. Көп өтпөй Исаков сага батир алып берейин, чыгармачылыгыңа стимул болсун деген сунушун айтканда буга дагы макул болгон эмесмин. Керек болсо наамын дагы, батирин дагы ошол учурда эле алып алмакмын.

Арабызда өмүрүн театр, сахнага арнап, ал жерде 30-40 жыл эмгектенип, бирок бир дагы сыйлыка ээ болбой айрымдарынын эмгеги өз учурунда бааланбай көзү өтүп кеткен замандаш эже-агаларыбыз жок эмес. Мен курактуулар эл артисти, эмгек сиңирген артист наамына ээ болуп жатышат. Арийне буларга бир нерсе дештен алысмын, тескерисинче сыйлыктары менен куттуктайм.

Бирок коомчулукта эмгек кылган эмес, буюрган наам алат деген түшүнүк кеңири жайылып келаткандай элес калтырууда.

Кааласам 7-8 жыл мурда эле сыйлыктардын бирин улунуп-жулунуп алып койсом болмок. Бирок алдыда дагы жасай турган иштерибиз көп экенин эске алып жанталашкан эмесмин. Аны менен катар ортого киши салып наам алуу мен үчүн акылга сыйбайт, болбосо жогору жакта иштеген тааныштарым деле арбын.

— Чыгармачылыгыңыз тууралуу кеп кыла турган болсок, «Жумгалым» аталыштагы чыгармаңызды айрым сахналаштарыңыз «биздин ыр» деп кээ бир сөздөрүн өзгөртүп ырдап чыгышканына күбө болдук эле…

— Ооба, алгач ал тасманы интернеттен көргөндө тамаша иретинде, балким пародия кылып ырдап жатышат го деген ойдо элем. Бир-эки сөзүн өзгөртүп коюп, сөзү, обону биздики деп өздөрүн автор кылып алганына таң калдым. Аталган ырды жаратканыма он жылга чукул убакыт болду. Бул аралыкта Айбек классташынын ырына өзү автор болуп алыптыр, айылдаш байкесине таандык ыр деген сөздөр да чыккан. Ал эми акыркы убактагы «автор» болуп чыга келген жигиттерди көрүп сүйүндүм. Дегеним көптөгөн ырчылардын миңдеген ырлардын ичинен менин ырыма көз артып ырдап чыгышканына дердеңдеп калдым. Маалымат иретинде айтсам, киндик кан тамган кичи мекеним Жумгал жергесине арнап, он тогуз жашымда жараткан ал чыгармам ийгилик алып келген. Бүгүнкү күндө «Жумгалым» ыры аталган чөлкөмдүн гимни болуп калды десем жаңылбайм. Арийне сөзүнө обону бап келген тим эле укмуш чыгарма деп макташтан алысмын, бирок чын жүрөктөн жазылган ыр болгондуктан Жумгал эли сүйүп угуп, ал ортодо элимдин урмат-сыйына татыганга жетиштим.

— 2015-жылы жеке концертиңизди бергенде Жумгалдын бычакка сап уулдары унааңызды жаңысына алмаштырып берүүгө сөз беришти эле. Андан бери бир топ убакыт өтсө дагы эски тулпарыңызды эле минип жүрөсүз, айнып кетиштиби?

— ЖМКларда Айбектин концертинен кийин жердештери 4 унаа белекке бериптер деген маалыматтарды угуп таң калгам. Арийне буга чейин бизнесмен агаларым, жердештерим колунан келген жардымдарын берип, кези келгенде темир тулпарлуу кылып жүрүшөт. Ал эми сиз айткан эски унаамды жаңысына алмаштырып беребиз дегенден кийин убакыт тартыш болуп чолоо тийбей жаткан. Эстен чыгып баратканда ырас эстеттиңиз, эми барып доолашам го (күлүп).

— Учурдагы маданиятыбыздын абалы тууралуу оюңузду айта кетсеңиз?

— Буга чейин беш миң сом айлык алып келсек, былтыркы «Тарых жана маданият» жылынын алкагында президенттин жарлыгы менен айлыгыбыз жогорулап сегиз жарым миң сомдун тегерегинде маяна алып баштадык.

Азыр маданияттын абалы жакшыраак, буга чейин Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры каралбай калса, акыркы жылдары көңүл буруулар болуп, четинен оңолуп жакшы жыйынтыгын берип келатат. Алсак, өкмөттөн бөлүнгөн акча менен «Айчүрөк» операсы жаңыланып, жаңы жасалга, жаңы кийимдер менен ушул айдын орто ченинде элге тартууланганы турат.

Учурдан пайдаланып Болот Миңжылкиев атындагы эл аралык сынак уюштуруп берүүсүн министрликтен жана тийиштүү мекемелерден суранып кетмекчимин. Бул да болсо тажрыйба алмашууга, артисттердин ар тараптан өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болот эле.

Руслан Замирбек уулу, «Де-факто», 06.03.2017-ж

Бөлүшүү

Макала Айбек Саралаев, опера ырчысы: «Сыйлыкка муктаж болсом, буга чейин эле алып алмакмын» бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Абдыкадыров жана аккордеон

$
0
0

“Ай булактын кете албасам жанынан”

Рыспай жөнүндө сөз кылганыбызда, кыргыздын улуттук аспабына айланып калган аккордеон сөзсүз элестейт. Рыспайдын келбети, тулку бою да ыр менен, музыка менен, асынган аккордеону менен жуурулушуп калгандай көрүнөөр эле. Тим эле Рыспай менен аккордеон бири-бирин толуктап тургандай сезилчү. Ойногон варияциялары өзүнчө эле керемет го, чиркин! Чет өлкөлүк бир музыкант: “Бул кишинин жалгыз эле өзү тирүү оркестр турбайбы!” деп таңданганы да маалым. Ал эми ырдоо чеберчилигичи? Анысы да өзгөчө болчу. Доошуна далайлар тамшанган.

Ырас, Рыспайдай болсок деп аруу тилек кылган шакирттери арбын. Бирок, алардын арасынан, азырынча, “Рыспайды” көрө элекпиз. Көрсө, Рыспай бир гана жолу жаралган, ыр дүйнөсүндө шаңшый баарынан бийик учкан шумкар болгон тура. Албетте, анын шакирттерин андай бийиктикке жете албайсыңар деп кесе айтуудан алыспыз. Өзү айткандай, бир пайыз талант, токсон тогуз пайыз эмгек болсо, балким…

Шакирттери демекчи, Абдыкадыровдун ар бир шакиртинин өзүнө таандык үнү, дарамети бар. Биз бул жолу радиодогу ырларын угуп гана таасирленип ырдап чыккан эмес, бир нече мезгил бою артынан ээрчип жүргөн, ал тургай, бир үйдө ата-баладай болуп бирге жашаган шакирти, Рыспай Абдыкадыров атындагы төш белгинин ээси, Маданияттын мыкты кызматкери, аккордеон элдик инструмент номинациясынын жеңүүчүсү Эсеналы Кенжебаевди сөзгө тартканы атайы Токмок шаарына бардык.

 

Рыспайдан кайра качкысы келип…

— Эсеналы, Рыспайды түндүктөн Ошко издеп барган экенсиз. Биринчи жолу кезиктиргенде толкундануу пайда болду беле?

— Албетте! Бала кезимден бери бул кишини өзгөчө кумир тутчумун. Ырдаганын, кыймыл-аракетин туурап дегендей… Ал тургай, өзүм жашаган аймакта “экинчи Рыспай” аталып калгам. “Сен Рыспайга барышың керек”- деген сөздөр шыкак болдубу, бир күнү Ошту көздөй жөнөдүм. Ал кез – 1988-жылдын аяктап калган учуру эле.

Түз эле Рыспай агай иштеген Ош педагогиялык институнун музыкалык факультетине бардым. Сураштырсам, ал кишинин өзү сабакта экенин, өмүрлүк жары үстүңкү кабатта, аккордеондорду прокатка берген бөлмөдө отураарын айтышты. Анан эжекеге жолугуп, атайы түндүктөн келгенимди айтсам, кайра менден “Журналистсиңби?” деп сурады. Аңгыча, сырттан кирип келген агай да мен жөнүндө уккандан кийин эжекенин сөзүн кайталады. “Журналист эмесмин. Мен – сиздин талантыңызга суусап келген, ырларыңызды аткарып жүргөн, сизден үлгү алайын деген талапкермин,” – деп айттым.

Ошондо агай: “Кана, андай болсо, мынабу тизилип турган аккордеондордон каалаганыңды тандап алып туруп, ырдап берчи”, — деди текчеде катар-катар турган аккордеондорго кол жаңсап.

Мен жашыл түстүү “Восход” аккордеонун асындым да, агайдын ырларынан, анан өзүмдүн ырларымдан аткарып бердим. Жылуу кабыл алышты. Айрыкча, Давлет эже мактап: “Келбетиң дагы Рыспайга окшоп кетет экен” деди көңүлүмдү көтөрүп. Анан аларды ээрчип, үйүнө бардым. Ал күнү чыгармачылык жөнүндө башка сөз деле болгон жок.

Эртеси балкондо турсам, агай жер жактан кыйкырып калды: “Эсен, менин плашым менен аккордеонду көтөрө түш. Ноокатка, тойго барабыз”, — деп. “Миң уккандан бир көргөн артык эмеспи”, залкар обончунун аккордеон ойногонун жанынан биринчи көрүшүм. Тим эле керемет ойнойт экен. Тойдо аккордоеондун клавишаларында чимирилте кол ойнотуп, үнүн безилдете авазын чыгарып, айлананы шаңга бөлөгөн, жүрөк кылын черткен ырларынан аткарып берди эле, аты да Рыспай турбайбы, заты да Рыспай турбайбы деген ой көөдөнүмдө уялады. Ошондогу бир чети таң калганымды, бир чети уялганымды айтпа! “Мен бул кишинин алдында бир эле байкуш турбаймынбы. Кечээ эмне үчүн ырдап бердим экен, кыйрата тургансып” – деп өзүмдү-өзүм жемелеп аттым ичимден. Кайра качып кетким келгеничи. Ошол түнү агайдын үйүндө таң аткыча бир уйкум келген жок. Ал тургай, агай менен эжеке эртең жумушка кеткенден кийин кат жазып туруп, ачкычты кошуналардын бирине таштайын да анан Фрунзени көздөй кете берейин деп чечим кабыл алып койдум, төшөктө ойдолоктоп жатып.

Ооба, чындап эле ошентмекмин. Бирок, агайдын жумушка жөнөөрүндө “бүгүн Болуш Мадазимовдун үйүнө конокко барабыз” деп алдын-ала эскертип койгону мени токтотуп калды. Болбосо…

Кечке жуук атактуу комузчунун үйүнө баргандан кийин “мейман жигит ырдасын” деген сунуш түшкөндө, мен тамагым ооруп жатканын шылтоолоп ырдабай койдум. Агай да менин сөзүмдү коштоп, “тамагы ооруп калыптыр” деп бул милдеттен “куткарып” калды. Көрсө, менин акыбалымды туюп, ичинен аяп жүргөн экен. Кайра үйгө келгенден кийин мени балконго ээрчитип чыкты да буларды айтты:

“Эсен, мен сени түшүнүп турам. Чындыгында, тамагың ооруган деле жок. Туурабы? Айбыгып атасың. Сенден сураныч: Тартынба. Ого бетер чымырканып аракет кыла бер. “Кара-Шоро” деген ырдын автору Мамат Оморов деген кишини билесиңби? Мен дагы ал кишинин алдына алгач барганымда сендей акыбалда калгам. Ушундай ийгиликке жөн эле жетип калган жерим жок. Тынымсыз изденүү, тынымсыз эмгек менен гана баарына жетсе болот. Кудай буюрса, кези келгенде сенин алдыңда да кимдир бирөөлөр сүрдөшөт. Ан үчүн бир пайыз талант болсо, 99 пайыз эмгек керек. Чындыгында, мен өзүм эңсеген бийиктикке дагы деле жете элекмин”.

 

Аккордеон жөнүндө…

— Рыспай далай жолу муңканта, сыздата кол ойноткон “Велтмейстер” моделиндеги аккордеонун сизге берген турбайбы…

— Бул аккордеон мен үчүн ыйык! Өзүмдү “сен” деп, улуу урматтуу устатымдын аккордеонун “сиз” дейм.

— Башка аккордеондордун корпусундагы “Велтмейстер” деген жазуулары темир тамгалардан чапталып турат. Мунуку бойок менен жазылыптыр го?!

— Мында деле темир тамгалар бар болчу. Бирден түшүп, жоголуп атып аз калганда аларды дагы бир отоло сыйрып таштап, агай өз колу менен бойоп жазып чыккан. Сүрөтчүлүк жагы да бар эле ал кишинин.

— Мындан башка кайсыл моделдеги аккордеондорду жактырчу?

-“Красный партизан”, “Восход”…

— Азыркы кезде кээ бир музыканттар “Рыспай жетпеген аккордеонго мен жеттим” деп мактанып жүрүшөт. Мунун канчалык чындыгы бар?

— Бириники да туура эмес. Рыспай агай суктанып, айтып жүргөн аккордеонду азырынча биринен да көрө элекмин. Ал аккордеон – Италия өндүрүшүнөн чыккан “Скандали” деген аккордеон болчу.

— Башка обончулар сахнага чыкканда 11 регистирлүү “Велтмейстер” аккордеону менен ырдап жүргөн убакта, Рыспай Абдыкадыров Ленинграддын “Красный партизан” фабрикасынан чыккан 5 эле региситрлүү “Восход” аккордеонун көбүрөөк колдончуу экен го?..

— Туура айтасыз. Бир жолу Ошто концерти болоор алдында мени окуу жайдын корпусуна жиберди, 123- текчедеги аккордеонду алып келип бер деп. Бул текчеде эски “Восход” туруптур. Аны көтөрүп алып, концерт боло турган жайга жеткенге чейин кыжаалаттанып барганымды айтпа! Ойногонго жеңил, үндөрү кооз “Велтмейстер”, “Роялстандард” аккордеондору турганда, эскилиги жеткен “Восходду” тандаганы эмнеси деп таң калгам. Бирок, ушул эски аккордеондон таң калаарлык кооз музыка чыгарып, заматта угармандарын жипсиз жетелеп алганын көргөнүмдө, анын талантына дагы бир жолу ынандым. Ал тургай, бузук аккордеондон да сонун үн чыгарып жиберчү. Кээ бир аккордеондордун бир клавишасы басылган бойдон кайра көтөрүлбөй калса, башка клавишаларында кол ойнотконун токтотпостон бир манжасы менен бузук клавишаны учунан илип көтөрүп оңдоп койоор эле.

 

Булактагы музыка

Жогоруда Рыспай Абдыкадыров баалаган аккордеондордон кабардар болдук. Ал эми жактырбаган аккордеону да болду бекен? Бул тууралуу обончунун шакирти бизге буларды айтып берди:

— Давлет эже чет өлкөгө бир иштер менен барып, кайра кайтканда агайга жап-жаңы аккордеон ала келиптир. Түсү кап-кара болчу. Негедир ал аккордеонду агай жактырган жок. Мен кармалап, бир музыка ойноп көрүп: “Жакшы аккордеон турбайбы” дедим эле, агай: “Сенин “сулухуң” ачыла элек турбайбы, ачыш керек экен” деп койду. Ошол кайсыл моделдеги аккордеон эле? Айтпай эле койоюн. Айтсам, өзүнүн ошондой моделдеги аккордеонун жер-сууга тийгизбей мактап жүргөн айрым сахналаштарым капа болуп калышы, өзүнүн аккордеонунан ирээнжип калышы ыктымал.

Музыкалык угууңду ачыш керек дегенин айтпадымбы. Эми ушуга улай бир окуяга токтолоюн. Күндөрдүн биринде эс алганы тоого чыккан элек. Караңгы кирип калган маалда өр тараптан түшүп келатсак, аңгыча, Рыспай агай:

— Эсен, тыңшачы… бир нерсе угуп атасыңбы? — деди, тык токтой калып.

— Ооба, бир үн чыгып жаткансыйт, — дедим мен.

— Дагы тыңша. Бир эмес, эки үн чыгып жатат.

Анан чыракты жандырган бойдон өтө акырын чыккан үн тарапка кайрылып барып, аны аныктадык. Көрсө, булактын суусунан түшкөн чоргонун астындагы айлампада бир консерванын кадагы тегеренип аткан экен. Чоргодон түшкөн суудан бир сонун үн чыгып, үстүнөн суу тийгенде кадактан дагы бир керемет дабыш чыгып, “кыңгырт” эткен үн кадак тегеренип кетип кайра ордуна келгичекти жаңырып, кайра уланып жатыптыр.

Аны бир азга карып турган соң, Рыспай агай мага минтип айтты:

— Көрдүңбү, кандай керемет! Ушундай табигый үндү музыкант жүрөгү менен кабылдаш керек…

Орозбек БӨРҮГУЛОВ, Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү,
«Майдан.kg»
, 03.2017-ж.

Бөлүшүү

Макала Абдыкадыров жана аккордеон бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Темирбек Алымбеков

$
0
0

Ырлар

Темирбек Алымбеков: «Пародия деген жанр бар эле»

 

УШУ СЕНИ САГЫНГАНЫМ ЖАКШЫДЫР

Курган жаным көнүптүр ээ өзүңө,
Бир сагыныч ээлеп алды бу кандай?
Кең жайлоодо жүргөндүгүм курусун,
Кейип турам сенин үнүң угалбай…

Ашып-шашып агып жатат Ала-Арча,
Мен олтурам өзүң көргөн ташыңда.
Ала-Арчадай санаам сага агылат…
Андан бөлөк эч нерсе жок башымда.

Сага жакчу карагайлар бой тиреп,
Табияттын ачып турат көркөмүн…
Мен ошондо билбей калган экемин,
Сени менен жарыктыгын эртеңим.

Арча-кайын айкалышат жарашып,
Аны көрүп бир саамга кубандым.
Дарак деле өсөт тура түгөйлөш,
Мен өзүмдөн ушунчалык уялдым.

Ушу сени сагынганым жакшыдыр,
Башы сонун, аягын да көрөөрбүз.
Ак көйнөгүң шамалына делбиреп,
Ала-Арчага далай жолу келээрбиз…

 

ДӨҢГӨЧ

“Сүйүнтүп бир кээде түшкө кирчү элең,
Сүйбөй койдуң жаныңда эле жүрчү элем”, —
Деп жазыптыр Фейсбуктан бир айым,
…Эсте-эсте карачу элең муңайым.

Байкачумун жайнап чыгып жамалың,
Башкача эле ыр жазганда абалың.
Карындаштай кылаар элем мамиле,
Күндө мактап чачтарыңдын тарамын.

А ырларың жалаң сүйүү болучу,
Жаккан мага, али эсимде бул сабың:
“Сүйүү өзү убара окшойт болбогон,
Бир дөңгөчтү жаза берип чарчадым”.

“Ал дөңгөчтү ойготоюн мен барып,
Кайда жүрөт сени сезбей сандалып”,-
десем кайра күлүп эле жатчусуң,
Каткырыгың бир керемет жер жарып.

Көрүп эле жүрөбүз го дөңгөчтү,
Балта чапсаң ыргыйт кайра тийгенде.
Тажаганда таштап салсаң дөңкөйүп,
Жата берет тоголонуп бир жерде.

Эриксизден эске түшөт кечээгим,
Эми кайдан ал күндөргө жетемин?!
Карегиңден сүйүү отун туя албай,
Кайран өзүм дөңгөч болгон экемин!

 

ӨЗҮМӨ ЖАНА АЯЛГА

Кана Темир токтолбой карма калам,
Жан элең өзүңдү, элди алдабаган.
Жетик болсоң көргөзгүң мүнөзүңдү,
Жеңил сөздүн кайыгын айдабаган.

Анты болот ыр дегендин ач сырыңды,
Алың келсе жазсаңчы жакшы ырыңды.
Эңгилчек басып кеткен жүрөгүңдү ач,
Эске салган качаңкы таш кылымды.

Колдон келген иш болсо түк аянба,
Берем дедиң ыр жазып бир аялга.
Качан болсо салты эле азаматтын,
Каалаганын карматкан сулууларга.

Беш күн болду аял ырды күткөнүнө,
Сен жүрөсүң күчүн салып мүштөгүңө.
Аруу күтсө ырыңды кандай бакыт,
Андай кезде акындар иштегиле!

Келгилечи кайдасыңар чымындарым?
Келбесеңер жакшы го кырылганың.
Жарышып сага жакчу ойлор келет,
Жазгычакты чыгабы чымын жаным!

Акылдуу сөздү сүйбөйм билесиң да,
Арнайм сага кадимки саптарымды.
Карап туруу мен үчүн андан кызык,
Каткырып, жыргап окуп жатканыңды.

 

СААМАЙДАН ТАМГАН ТАМЧЫДАЙ
(Обончу, ырчы, композитор Каныкей Эралиевага)

Таш байлап бирөө койгондой,
Талмоорсуп жатсан ойгонбой.
Таңкы жел сымал сергитет,
Таңшыган үнүң торгойдой.

Көчкөндөй булут жакалап,
Көңүлүң дароо тазарат.
Бууругуп чыккан ырыңдын,
Бутагы сайын махабат.

Армандуу болгон майыптай,
Арзуудан жүрсөң айыкпай.
Аргендей доошуң укканда,
Ачылат маанай чайыттай.

Маралдай сүйкүм басканың,
Махабат бүтпөс дастаның.
Каныкей сенин ырыңдан,
Кашкая түшөт асманым.

Санаага бүтпөс салчудай,
Сазына тартып алчудай.
Сарыгат кээде бир сезим,
Саамайдан тамган тамчыдай.

Ошондой сезим жанганда,
От болуп жүрөк алганда.
Качаңкы сүйүүң делбиреп,
Кашыңа келе калганда.

Карлыгач болуп жалганда,
Кайра учуп кетип калганда.
Кайрыгың издеп кайсалап,
Капталам чексиз арманга.

Арзыган кишим эртелеп,
Алдыман чыкпай эркелеп.
Ыдырап барат жан дүйнөм,
Ырдачы Каныш эртерээк.

Качырган көңүл капасын,
Канаттуу обон жазасың.
Калкыма калган бир келип,
Каныкей ырчы жашасын.

 

СҮРӨТКӨ ЭТЮД

Боз үй, тоолор, бир аксакал олтурат,
Бул көрүнүш мага тааныш, жакындай.
Кетким келет, ошол жакка мен дагы,
Бу Бишкектин бир бурчуна жашынбай.

Аксакалды карагыла жөнөкөй…
Ак калпакчан, кийип алган чапанды.
Бүт турпаты эске салып тургансыйт,
Бул дүйнөдөн эбак өткөн атамды.

Боз үй, тоолор, жаңы чыккан күн нуру,
Билгендерге эмне деген сулуулук…
Карапайым аксакалдын боюнда,
Катылгансыйт кол жетпеген улуулук.

Кээ бирөөлөр кыдырышып дүйнөнү,
Жер көрүшөт, шаар көрөт адеми.
Тоонун койну,тезек жыты, боз үйлөр,
Эмнегедир тарта берет а мени.

Мен баралбайм, тагдыр иши ошондой,
Жүрөм иштеп, эл катары жан багып.
Бишкек, элдер, ызы-чуулу көчөлөр,
Анан минтип Фейсбукта байланып…

 

«ШОКОЛАД» БОЛУП КҮЙҮПСҮҢ….

Айланып ак куум конгонсуп,
Асманда айым толгонсуп,
Үмүтүм өчкөн жангансып,
Үлбүрөп күйө калгансып…
Өзүңдү көрүп сүйүндүм,
Өнтөлөп сөзүм табалбай,
Өзүмдөн өзүм бүлүндүм.

Жай бою көлдө жүрүпсүң,
«Шоколад» болуп күйүпсүң…
Билсең да сагынганымды,
Билмексен боло сүзүлдүң,
Бийиксиң, жаным бийиксиң.

…Азыркы ишим оң болуп,
Алдыман чыксаң жол болуп.
Айланып эле кетсем деп,
Айлантып эле өпсөм деп,
Агаңда турса ой болуп…
Ал оюм туюп буластап,
Жоругу кымбат, садага
Жоодурай күлө назданып,
Жолотпой турдуң ыраактап.

 

КӨК ЖАЙЫК

Көк жайык жайлоо керемет,
Көргөндө болдум эбелек.
Аялуу кыргыз жери экен,
Аруудай эч ким өбө элек.

Чарчаган маанай жазылды,
Чайыттай көңүл ачылды.
Чатыраш ойноп жатсамчы,
Чачылган сыйда ташыңды

Аңкыган жыпар жыттанып,
Ажайып гүлүң кыстарып…
Алаптап чыкты курган жан,
Ар кимден сени кызганып.

Бооруңан акса булагың,
Бооруна тартат тулаңың.
Борчуктан үнү басылбай,
Бозойдой боздойт уларың.

Бурулган тооңо чыкпадым ,
Буралган гүлүң жыттадым.
Булбулуң тыңшап көшүлүп,
Булутуң жаздап уктадым.

Үркөрдөй гүлүң жыбырап.
Үзалбай жүрөк тыбырап.
Үзбөчү мени дегенсип,
Үлбүрөп турду шыбырап.

Көрсөм да сени кечигип,
Көңүлгө алдым көчүрүп,
Өзүңдү көрбөй өткөргөн,
Өмүрдү койдум өчүрүп.

Көшүлгөн жайлоо Көкжайык,
Көркүңдөн кайттым көз тайып,
Келтирип ырга салалбай,
Кечиргиң менден кетсе айып.

 

КАРКЫРА…

Көргөндө көңүл өскөн жер,
Көкөтөй ашы өткөн жер.
Каркыра болуп кыйкуулап,
Кайрылбай учуп кеткен жер.

Атпайга дайын кутман жер,
Атагы кылым бузган жер.
Башынан аттап Жолойдун,
Бабабыз Кошой жыккан жер.

Кошулган сымал асман-жер,
Койнуна баары баткан жер.
Кадырын билбей кыргызы,
Казакты беттеп качкан жер.

Керилип өсүп кайыңың,
Келберсип жатат жайыгың.
Атабыз Манас жогунан,
Алдырып ийген айыбым.

Чылбырдан кармап калалбай,
Чыркырайт жаным жай албай.
Көзүмдүн жашы төгүлтүп,
Көркүңө турдум каналбай…

 

ТОЛКУ ЫСЫК-КӨЛ! ЧАЛКЫ КАСПИЙ!

Бар экенсин… “Сагындым”,- деп жазыпсың,
Ушул сөзүң кандай гана жагымдуу….
Бу Бишкекке жаңы төккөн жамгырдай,
Бир сергитип өттү курган жанымды.

Сагынычтар тарагандай заматта,
Санаам дагы учпай калды бириндеп.
Балага окшоп оюнчугун таап алган,
Басып жүрөм өзүмчө эле күлүңдөп.

Алды кызык, арты өкүнүч өмүрдүн,
Ачылчудай жаңы, жакшы жактары.
Эртең сага жолугаарды эстесем
Азап болду ушул таңдын атмагы.

Ээ, кыскасы Расулча айтканда:
Толку Ысык-Көл! Чалкы Каспий!
Суктангыла, суктангыла баарыңар
“Я с женщиной свиданье назначил!”.

 

АЙЛУУ ТҮН…СОҢ-КӨЛ…АРУУ КЫЗ…

Бетеге жыттуу жел келип,
Бешиктен бетер термелип.
Беймарал Соң-Көл мелтирейт,
Бейиштин төрү өңдөнүп.

Каалгып тоодон ай чыгып,
Караңгы качты камчы уруп.
Кашкая түштү боз үйлөр,
Каркыра болуп тартылып.

Тунжурап ойго чөмүлүп,
Тулпар-Таш турду көрүнүп.
Түрүлүп үркөт жылдыздар,
Түндүктөн үйгө төгүлүп.

Карасам бетин Ай чалып,
Касиет- куту байкалып.
Калкылдайт Соң-Көл жарыктык,
Кашыкта суудай чайпалып.

Ажарын көлдүн талашып,
Аккуудай жалгыз адашып.
Алдыман чыкты бир сулуу,
Абайсыз жүрөк канатып.

Жомокто куштай түрлөнүп,
Жоголгон кыяк үндөнүп.
Жоодурап турду садага,
Жолумдан өтпөй ийменип.

Кыз экен аруу, наз дагы,
Кызгалдак гүлдөй жаздагы.
Кызганып менден Ай дагы,
Кырынан кете жаздады.

Көз мончок Соң-Көл сулуусун,
Көргөнү келген экемин.
Өзөктү өрткө чалдырып,
Өлгөнү келген экемин…

Сонун түш сымал тимеле,
Соң-Көлдүн айлуу түнү эле.
Көөдөндө күйөт тилегим,
Көрсөм деп кайра бир эле.

Сол менен оңду батырган,
Солтодон өткөн эл болбойт.
Сонуркооң канбай өтөөрсүң,
Соң-Көлдөй түбү жер болбойт,
Аймаңдай сулуу кыздардан,
Асты,
Ак мөөрдүн журту кем болбойт…

 

ПАРАНЖА

Паранжа деле такпадык,
Паранда учуп өталгыс,
Пакса тамга катпадык.
Абалтан эле кыргыздар,
Абийирин коюп өзүнө,
Аялды эркин сактадык.
Ак жүзүнө суктанып,
Жерден теңдеш табалбай,
Жеткизе Айга мактадык.

Энебизге ийилдик,
Эжебизге сүйүндүк.
Кызыл гүлдөй садага,
Кыздуу болсок жалындык.
Канатыңдай учаарга,
Карындашка кагылдык.
Саамайы сүйкүм жар күтүп.
Саат өткөрбөй сагындык.
Сүрдөнтүп турган жүрөктү,
Сүйүүгө далай чалындык,
Кыргыз атың өчүрбөй,
Кылымдарга кетилбей,
Кыраңда Айдай жаңырдык.

Кантсе дагы эркектер,
Кадырына жетпедик.
Каректен жашын төгүлтүп,
Катыра канча сөкпөдүк.
Кол көтөрүп кээ бирде,
Кодура чөптөй тепседик.
Анан,
Жыргатып ийчү немедей,
Жылаан чагып алгансып,
Жылына бир жол эстедик.
Колдорун кармап болбойбуз,
Кошомат жагын ойлойбуз,
Коюучудай эстелик.

Аялдын бүгүн майрамы,
Аркы-берки кеп козгоп,
Айтпайын сөздү кайдагы.
Жүрөктөсүң асылзат,
Жүрсөңөр болду жайдары!

 

АФГАНЧЫ КУШТУН АЗАБЫ

Абайлап көрсөң кыргыздар,
Ачылбай жүргөн кылмыш бар:
Айлаңды алты кетирген
Афганчы деген бир куш бар.

Чокуп билип жайыңды,
Чолоо жер койбой жайылды.
Чокуга сүрүп таштады,
Чоорчу торгой шайырды.

Чыйырчыкты тоготпой,
Чычыра кууду жолотпой.
Кайран куштун тукумун,
Кайсап ийди ороктой.

Тартып алды жыласың,
Таранчынын уясын.
Таза «нахал» турбайбы,
Тартипке кантип бурасың?

Каш кайтарар калбады,
Катары менен жайлады.
Жан-жагынан жабылып,
Жакадан алат карганы.

Диссидент беле түрлөнгөн,
Диверсант ишти үйрөнгөн.
Пачагы чыгып баратат,
Паранда калбай дүйнөңдөн.

Байкабай калдык келгенин,
Балээни мындай көрбөдүм.
Палоодой оюп жейт экен,
Памидордун бөйрөгүн.

Ыйлатты шүмшүк канчаны,
Ыраактан тааныйт алчаны.
Укурук алып кубалап,
Ушунча жаным чарчады.

Заарда бузуп уйкуңду,
Заар үнү алат тынчыңды.
Үстүнө минип үрпөңдөп,
Үркүтүп турат жылкыңды.

А, паччагар тил билсе,
Айрып таанып пул билсе,
Ак үйүң балким жалдамак,
Аппазицияны айдамак.

Пикетке чыгып жумалап,
Пилди да турмак кубалап,
Үзөңгү-Куушту мындай кой,
Үйүңдү бер деп сурамак.

Конуп турса чалкалап,
Койгуң келет балталап.
Тебетей менен урам деп,
Терезем алдым талкалап.

Апчый жаздап бетиңди,
Ала качат этиңди.
Айланып чыкпайт корооңдон,
Алчудан бетер өтүңдү.

Кайдан келген ыйык куш,
Каада салты тири укмуш,
Өлсө бири чуркурап,
Өкүрүгү бир укмуш.

Афганчы кушуң ушундай,
Адаты мунун жутунмай.
Атпай журт атың арыбас,
Асты мындай кутулбай.

Кашайта көзүн ойгула,
Каргаша кушту жойгула.
Каапырың бир кирбесин,
Катыныңдын койнуна.

 

Бөлүшүү

Макала Темирбек Алымбеков бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

“Адамдын жан дүйнөсү денесинен он эсе оордук кылат…”

$
0
0

Белгилүү акын жана журналист Зинакан Пасаңова эжебиз менен адабият, маданият, жан дүйнө жаңырыгы тууралуу маектештик.

Зинакан айым, өткөн жылы “быйылкы жылды прозага арнайм” дедиңиз эле? Жыйынтыгы кандай болууда?

— Ар бир жаңы келген жыл башы ыр жазуу менен башталса, ошол жылым жалаң гана ыр жазуу менен өтөт. Ыр жазуунун ышкысына ээлетип койсоң проза жазууга мойнуң жар бербейт. Анткени, проза бул — кара жумуш, убакытты жана кадалып олтурууну талап кылат. Окурмандын да убактысын алат. Ошол чыгарманы окууга кеткен убактысы акталабы? Азыркы учкул заманда бул жагын да ойлоо керек. Негизинен, поэзиянын окурманы көп. Жакшы ырлар бир дем менен жазылып, бир дем менен окулат. Бирок, өзүмө аңгеме, повесть жазуу да жагат. Менин табиятым прозага жакын. Ички дүйнөмдө өзүнчө көркөм дүйнө жашайт. Аны реалдуу турмуш менен айкалыштырып, дагы бир көркөм дүйнө жаратуунун ырахаттуу түйшүгү бар.

Ошого карабастан бир топ жылдан бери прозалык жанрда олуттуу иштей элек элем. Быйыл өзүмө катуу сөз берип, жыл бою проза гана жазам деп ниеттенгенмин. Көп жылдан бери көңүлүмдө жүргөн 2-3 сюжет боюнча аңгемелерди жазып бүттүм. Бул чыгармаларым жакында Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын колдоосу менен “Дос” аталыштагы жыйнакта жарык көрдү. Ошондой эле, балдар темасында “5 жыл” аталыштагы жыйнагымды чыгардым. Буюрса, жыл аягына чейин дагы бир топ иштейм деген аракетим бар.

Күз жөнүндө ыр түрмөктөрдү жазып жүрөсүз. Жылдын бул мезгили сизге өзгөчө маанай, эргүү, тема тартуулайт окшойт?

— Күз чыгармачыл инсандардын баарына эле эргүү тартууласа керек. Бирок, өмүрдүн ар кандай курагында күзгө да түрдүү таасирленет экенсиң. Бала чагымда алтын күз мага эл жайлоодон жапырт көчүп келип, үйүбүзгө апам менен кошо береке-кут киргендей сезилгени, айыл сүт, каймак, түтүн жытына толо түшкөнү менен жакчу. Ал эми түшүм жыйналып алынган чөңөрлүү аңызда мал жайылып жүрөт. Бакта алма, алча, долононун бышкан мөмөсү көз арбайт. Балалыктын бул берешен күздөрү, ушул күнгө чейин эстесем, мага жылуулук, токчулук, бейпил сезим тартуулайт. Ал эми бой жетип, сүйүү курагы башталганда күз мага жалгыздыктын, кусалыктын, сагынычтын, күтүүнүн символу болуп калды.

Улгая баштаганда күз — жылуу очок, ой-санаасыз тынч күндөр жана той-тамаша менен өтө баштайт экен. Жашоонун жемишин тере турган мезгил келди. Ылайым эле, өмүрүбүздүн аягы бейпил, берешен жана жүрөктөгү тынчтык менен өтө берсин. Ушул маанайда ыр жазсам көбүнө жакпайт. Анткени, окурмандарга сүйүүнүн кайгы-муңу, кусалык, жалгызсыроо же арман жөнүндө ырлар көбүрөөк жагат.

Сизге кандай учурда илхам келет? Чыгарма жазуу – бул жан дүйнөңүздүн жаңырыгыбы же дүйнөнүөзгөртүүгө аракетпи?

— Поэзия — бул жүрөктүн үнү. Жүрөгүң козголмоюнча ыр жазуу мүмкүн эмес. Аны ар кандай турмуштук жагдай козгошу мүмкүн. Мен көбүнчө жүрөгүм сыздап ооруп турганда же жалгыздыкта ыр жазгым келет. Мындай учурда ыр өзүнөн өзү келет. Эринбей кагазга түшүрүп калуу гана керек.

Расул Гамзатов айткан экен: “Адамдын жан дүйнөсү денесинен он эсе оордук кылат. Жан дүйнөңдөгүнү кимдир-бирөө менен бөлүшмөйүнчө көтөрүп жүрүү өтө оор”. Айрыкча, акын ошондой жан дүйнөсүн ачкан ырлары менен окурмандын сүйүүсүн жеңип ала алат. Айрыкча, кыздар поэзиясы сыркечтиги жана чын ыкластуулугу менен айырмаланып турарын байкайм. Акындын жүрөгүндө жок нерсе жөнүндө өзүн күчтөп жазган ырлары сезилип калат.

Анан чыгармачыл инсан турмуштан коркпош керек. Турмуш деген ак-кара тилкеден турат эмеспи. Төөнүн да эки өркөчү болот. Кара тилке башталганда аны менен күрөшө билүү керек. Бул күрөш акынды ыр жазууга түртөт.

Шаардагы үйүңүздүн алакандай короосунда өз колуңуз менен өстүргөн гүл, жашыл өсүмдүктөр жөнүндө өзгөчө жылуулук менен баяндап келесиз? Бул эмне, айылыңызга болгон кусалыкпы?

— Ооба, алакандай тар короомдо өскөн гүлдөр, бир түп гилас, айванымдан карасам мунарыктап көрүнүп туруучу алыскы Алай тоолору жөнүндө көп эссе, ырларды жазып, сүрөттөрүн интернетке чыгара берет экенмин. Кээ бирөөлөр тамашалап калышат: кичинекей корооңду жазып бүтө албайсың, чоңураак багың болгондо романдар жазылмак экен, — дешип.

Ооба, жан дүйнөң шаардын таш жол, бетон дубалдар, тар жолдоруна, ызы-чуусуна сыйбаганда жаратылышты эңсейсиң. Шаардыктар табигый өзөгүбүздөн алыстап кеттик. Бизге топурактуу жер, дарактар, талаа чөптөрү, агын суулар, булуттар, жамгыр, шамал жетишпейт. Короомдун жерин бетондоп же таш плита төшөбөй кара жер боюнча жөн койгонмун. Ал жерге кадимки талаадагыдай эле чөптөр өсүп турат. Жер жетпей калса чон карапаларга чейин толтура гүл өстүрөмүн. Эрте-кеч ошолорго куштарланып, ырахат аламын. Бул менин жашоомду байытып, сулуулап турган чоң байлыгым.

Маектешкен Назгүл Осмонова, “Чагылган”, 05.03.2017-ж.

Бөлүшүү

Макала “Адамдын жан дүйнөсү денесинен он эсе оордук кылат…” бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

«Санжыра»программасы: Кушчу уруусу (видео)

Кайната-кайненеге тиешелүү 12 «болбойт»

$
0
0

Уул-кызы бой жеткенде ар бир ата-эне алардын багын тилеп, жакшы жарга туш болсун деп ниет кылышат. Келиндүү, күйөө балалуу болууга бир гана материалдык эмес, моралдык жактан да даяр болушу шарт.

Келин алып, күйөө балалуу болгондо кайнене, кайната өзүн татыктуу алып жүрүп, алардын көзүнчө жасабай турган нерселер болот. Бул боюнча бизге турмуштук тажрыйбасы мол, келин-күйөө бала маселесине көп токтолуп, ал тууралуу макала, китеп жазып жүргөн акын, жазуучу Меңди Мамазаирова көмөктөшүп, кайнене, кайнатага жасоого болбой турган нерселерди тизмектеп берди.

Кайната келин менен күйөө баланын көзүнчө жаман сөздөрдү айтпайт, сөгүнбөйт. Ал өзүнүн кадыр-баркын, наркын сактап өз даражасын төмөндөтпөш керек.

Кайната үйдөгү болуп жаткан майда-чүйдө иштерге кийлигишпейт. Өз ордун билип, үйдө болуп жаткандарга сырттан көз салып, олуттуу маселелерди чечүүдө баш-көз болот.

Кайната күйөө бала, келиндин көзүнчө байбичесине катуу сөз айтпайт. Бул учурда жаңы кошулган бүлө мүчөлөрү өзүн ыңгайсыз сезип, жаман сөздүн баарын өздөрүнө карата айтылып жаткандай кабыл алышат.

Кайната келини туура эмес кылып алган учурда шак эттирип, бетине айтпайт, сындабайт. Мурдатан эле ата кызына катуу айтып, анын жасагандарын тескеген эмес. Ошол сыяктуу келинине да түз кайрылбай, кемпири аркылуу билдирген.

Кайнене жаңы келген келинди урушпайт. Жаңы бүлө келген жерине көнүп, отурукташканча, ага бардык учурлар көнүмүш эмес, оорураак болорун билиши кажет. Андыктан жаңы келгенде келинине акыл-наасатын айтып, үйгө көнүп кетүүсүнө жардам бериши зарыл.

Кайнене келиндин артынан үйүн тазалап, жыйнабайт. Эгер жасаганы жакпаса, акырындык менен үйрөтүп, көрсөтүп көндүрүүсү шарт.

Кайнене уулун келининен кызганбайт. Өз баласын келининен кызгануу түркөйлүк болуп саналат. Андыктан баласын жөн гана келининин колуна табыштаганын айтып, кеңештерин аябаганы оң.

Кайнене баласына келинчегин жамандабайт. Мындай жол менен кайнене уул-келининин ортосундагы мамилесин, үй-бүлөнүн бекемдигин бузуп коюусу ыктымал.

Кайнене келинди күңдөй жумшабайт. Өзү кыймылдабай, келин жасашы керек, «мен кылганга болбойт» деп отуруп алгандын өзү туура эмес.

Кайнене келинге атаандашпайт. Өз кызындай көрүп, аны «бул да бирөөнүн баласы» деген түшүнүк менен бооруна тартып, тарбиялап алуусу керек. «Кайнененин камырынан» деген сөз бекеринен айтылып калган эмес.

Кайнене менен кайната келин-уулунун, кыз-күйөөсүнүн ич ара араздашуусуна жөнсүз аралашпайт. Айрыкча башка жерге бүлө болгон кызынын жеке турмушуна кийлигишпейт. Кыргызда «чыккан кыз чийден тышкары» деген сөз бар.

Кайната-кайнене күйөө баласын кемсинтпейт. Эгер кызынын барган жеринин жашоо-шарты начар болуп калса, күйөө баласын басынтуу туура эмес. Ата-эне колдон келген жардамын, кеңешин аябай, аны колдогону дурус болот.

Таалайгүл Усенбаева, «Sputnik-Кыргызстан», 15.03.2017-ж

Бөлүшүү

Макала Кайната-кайненеге тиешелүү 12 «болбойт» бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

1937: Баялы Исакеев Николай Бухаринге: Кыргыз элинин бийи азыр да бар!

$
0
0

1930-жылдардагы сталиндик “тазалоолор” маалында жазыксыз мерт болгон кыргыздын чыгаан мамлекет башчыларынын бири Баялы Исакеев өз улутунун бий өнөрү бар экенин тастыктап, айтылуу Николай Бухаринге бийлеп берген.

1936-жылдын августундагы кече

Сталиндик репрессиялар машинасы көп баштуу ажыдаардай улам бир инсанды “оп” тартып кетип жатты. Ал эми камакка алына электери өздөрүнүн коомдук парызын аткарып, ишин улантуу менен алек.

Кыргыз айдыңдары үчүн бул доор, бир жагынан, өзгөчө символдук жана өрнөктүү иштердин кезеңи болчу. Себеби ошол 1936-жылы 5-декабрда СССР БАКынын чечими менен Кыргызстан СССРди негиздеген теңата союздук жумурияттардын катарына кошулду. Андан кийинки айларда Кыргызстандын өзүндө жаңы жумурияттык бийлик органдарын калыптандыруу, Башмыйзамды, гербди кабыл алуу, ж.у.с. шаанилүү жана маанилүү иш-аракеттер жүзөгө ашырыла баштады.

Бул – 1936-жылдын кышында жана андан кийинки жылы богон иш-чаралар.

Ал эми андан бир нече ай мурдараак, табияттын телегейи тегиз болгон, бышыкчылыктын август айында Кыргыз АССРинин борборуна айтылуу Николай Иванович Бухарин (09.10.1888 ‑ 15.03.1938) саякат менен келип калды.

Николай Бухарин “Известия” гезитинин баш редактору кызматын (1934-жылдын 26-февралынан 1937-жылдын 16-январына чейин) аркалап жаткан.

Николай Иванович Бухарин, 1929-ж.

Сталиндин тапшырмасы менен ошол жылы февралда Батыш Европага барып, Карл Маркс менен Фридрих Энгелстин архивдеринин бир бөлүгүн сатып алуу аракети майнапсыз аяктаган соң, Бухарин СССРге кайтып келген. Аны “Францияда калып кал” деген чакырыктарды ал четке какканы айтылат.

Жайында Сталин ага эс алууга уруксат берген соң, ал июл-августта дээрлик эки айга тыныгууга чыккан. Аңчылыкты жакшы көргөндүктөн, Кыргызстандын тоолоруна мергенге чыгуу үчүн келген.

Аңчылык менен алектенген Бухарин августтун экинчи жарымында Маскөөдө анын үстүндөгү көк асман кара булутка капталып жатканынан өзү эч кабардар эмес болчу.

Николай Бухарин тоодон кайтып келген чагында Бишкекте (ал кездеги Фрунзе шаарында) Ленин менен Сталиндин үзөңгүлөшү болгон бул инсанды мыкты тосуп алышты. Бишкектин чет жакасындагы коноктор өргүү алган атайын жайда анын урматына сый тамак уюштурулду.

Ошол кабыл алуу учурун “Манас” дастанын кыргыз тилинен орусчага которуп жүргөндөрдүн бири Семён Липкин кайра куруулар маалында эскерип жазган экен.

“Марк Тарловский экөөбүз Москва – Алма-Ата поюзу менен жети күндүк саякатка чыктык… Бизди Кыргызстандын Эл Комиссарлар Кеңешинин дачасына алып келишти. Ал борбор шаардан кырк чакырымдай алыстыкта болчу.

..Кийинки күнү эртең менен биз нанүштөдөн соң ашканадан бөлмөгө кайтып келип, кол жазмаларыбызды жайып жаткан кезибизде эшигибизди тыкылдатып калышты», — деп жазат Семён Липкин.

Кирип келген киши аларга мындай деп кайрылат:

Мени кечирип койсоңуздар. Сыягы, сиздерге жолтоо кылып койдум көрүнөт. Бул жерде москвалык адабиятчылар турат деп угуп, жердештерим менне таанышайын деп келип калдым. Өзүмдү тааныштырууга уруксат этиңиздер: Николай Иванович Бухарин.

 

Исакеев ‑ Бухаринге: Кыргызда бий өнөрү сакталган!

Адабиятчы жана котормочулар менен таанышкан соң, Николай Бухарин алиги өкмөттүк дачада адабий кече уюштурууга демилгечи болот.

Дачадаы чакан кечеге маскөөлүк коноктордон сырткары Кыргыз АССРинин жетекчилери жана башка жергиликтүү турундар чогулат.

Чогулгандарга котормочу Марк Тарловский “Манас” дастанынын өзү даярдаган орусча котормосунан үзүндү окуп берет.

Андан соң, Семён Липкин да өз котормо вариантынан үзүндү окуйт:

Ночью — девушка, днем — кумыс.
Так проводит время киргиз…

Ал кездеги Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы Баялы Дыйканбай уулу Исакеев (1897‑1938) да кечеге катышып отурган экен.

Баялы Дыйканбай уулу Исакеев.

Ошол жерде жанданып кетип, Баялы Исакеев “Манас” дастанындагы дал ушул саптарды өз эне тилинде айта калганда, аземге катышып отурган кыргыздар кыраан каткы күлүп калышат.

Николай Бухарин “Маскөөгө кайткандан кийин “Известия” гезитине “Манас” дастаны жөнүндө өзүнчө бир тилкелик маалымат жарыялашыбыз керек экен”, — деп жанындагы Семён Ляндреске айтат (бул убадасы кийин чындап жүзөгө ашырылган).

Андан ары Николай Бухарин кечедегилерге суроо салат:

Бир нерсеге таңым бар. Балким, котормочу жаңылышып калгандыр? Кыргыз чоросу чалгынга чогуу чыккан кытай тектүү үзөңгүлөшү бийлегенине абдан аң-таң калат экен. Демек, чалгынчыны кытай бийинин кооздугу эмес, деги эле киши бийлей ала турган жөндөм таң калтырып жаткандай сезилет. Кантип эле кыргыздар бий өнөрүнөн кабардар эмес болсун?

Алар бий дегенди билишчү эмес, — деп ал кезде ВКП(б) Кыргыз облустук комитетинин Биринчи катчысы болуп иштеп жаткан Морис Львович Белоцкий (1895—1944) сөзгө кошулат. – Адистердин айтымында ушундай экен. Биз азыр жаңыдан гана жумурятта бул өнөрдү өнүктүрө баштадык.

Ишениш кыйын го буга. Ар бир элдин диний жөрөлгөгө байланыштуу, же болбосо, бери дегенде, этнографиялык жааттан алганда бий түрлөрү болот, — деп Бухарин өзүнүн каршы оюн билдирди. – Кыргыздар бул өнөрдөн ныпым куру калган деп эч ишенбейм.

Жолдош Белоцкийдин сөзү бир аз так эмес, — деп Баялы Исакеев сөзгө кошулду. – Жылкычы үйүрдөгү азоону укуруктап кармаган чакта, өзү да ырдап жана бийлеп турат.

Азыр эми минтип бийлей алышабы (кыргыздар)? Ка-ап, эми муну көрбөй калдык го, — деп Бухарин айтса, Исакеев дароо ордунан козголуптур:

Эмне үчүн көрө албайсыз: Мына, азыр көрүп да, угуп да туруңуз.

Кыргыз АССРинин азыркы тил менен айткандагы өкмөт башчысы Баялы Исакеев ортого чыгып, созолонуп ырдап, анын ыргагына ылайык бийлеп да берет.

Ийкемдүү бийге маашырланган Николай Бухарин кол чаап жибергенин Семён Липкин эскерген.

(Булак: Липкин С.И. Бухарин, Сталин и «Манас» //Огонёк. – 1989. ‑ №2.; Липкин С.И. Квадрига: Повесть. Мемуары / Ред., сост. Ю. А. Кувалдин. — М.: Аграф, 1997. — 640 , [1] л. портр. с. ил. — ISBN 5-7784-0015-2 . — ISBN 5-85676-044-1).

Дал ошол эс алуу күндөрү Бухарин Маскөөдө өзүн “эл душмандары” Каменев, Зиновьев менен чогуу айыптап жатышканын басма сөздөн үйрөнгөн соң, шашылыш түрдө Бишкектен Ташкенге жөнөп, андан 25-августта Маскөөгө учак менен кайтып кеткен болчу.

1936-жылы 10-сентябрда Бухаринге карата кылмыш иши убактылуу кыскартылган. Бирок көп узабай ага карата куугунтуктоолор жаңы күч менен улантылып, ал 1937-жылдын февралында кызматынан алынып, болшевиктик партиянын катарыннан чыгарылып, ал эми 27-февралда “эл душманы” катары камакка алынган.

1938-жылы 13-мартта СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясы Бухаринди антисоветтик оңчул троцкисттик уюмдун өкүлү катары айыптуу деп таап, эң жогорку жазага өкүм кылган. Өкүмгө негиз берген бүтүмдү чыгарган комиссиянын жетекчиси – Анастас Микоян, мүчөлөрү Л. П. Берия, Н. И. Ежов, Н. К. Крупская, Н. С. Хрущёв болгон. Эки күндөн кийин Бухарин Москва облусундагы “Коммунарка” ок атуу үчүн машыгуу жайында аттырылып, сөөгү ошол жайда көмүлгөн. Хрущёвдук “жылымык доордо” да ага жылуу сөз айтылган эмес.

Кайра куруулар доорунда, 1988-жылы 4-февралда Николай Бухарин акталып, ошол жылы июнда маркумдун компартиялык мүчөлүгү калыбына келтирилген.

Кыргыз АССРинин акыркы өкмөт башчысы Баялы Дыйканбай уулу Исакеев көп узабай Кыргыз ССРинин туңгуч өкмөт башчысы болгон. Ал 1937-жылы 24-марттан 8-сентябрга чейин Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы кызматын (азыркы термин менен айтканда, премьер-министрликти) аркалаган.

Бирок анын коомдук омоктуу салымдары сталиндик жазалоочу машине тарабынан эч бир эсепке алынган эмес.

Баялы Исакеев шашылыш чүргөлгөн койондой окшош доолор менен куугунтукка алынгандардын катарын толуктап, 1937-жылы 10-сентябрда жазыксыз жерден камалган. 1938-жылы ноябрда антисоветчи жана чет элдик тыңчы катары аттырылган. 1957-жылы маркум Баялы Исакеев толук акталган, бирок анын элеси жана тарыхый салымдары тууралуу калыс маалымат Кыргызстанда пост-советтик доордо гана жарык көрдү.

 

“Кара жорго” жана башка бийлер

XXI кылымдын башында кыргыз бий өнөрүнүн аздектөөчүлөрү байыртадан келген бийлердин түрү «кара жоргону» көбүрөөк сөз кыла башташты.

Кыргыз элинде башка да бий түрлөрү болгондугу жана Кытайдагы кыргыз боордоштор ал бийлердин кээ бир түрлөрүн азыркыга чейин сактап калгандыгы айгинеленди.

Дал ошол кезде кинотасма архивдеринин ичинен немис изилдөөчүлөрү 1924-жылы Ысык-Көлдүн түндүк-чыгышындагы Каркыра жайлоосунан кино тасмага тартып алган бир өрнөк жалпыга жарыяланды. Бул өрнөктө кыргыз калпакчан жигит бийлеп жаткандыгы чагылдырылган. Анын бийинин элементтери азыркы калайыкка кеңири жайыла баштаган “Кара жорго” бийинин ийкемдүү кыймылдарына окшоп кетет.

Дагы бир айтаарыбыз – бул сыяктуу бийлер Борбордук жана Ички Азиядагы бардык көчмөн элдерде болгондугу талашсыз. Казактарда, алтайлыктарда, монголдордо, калмактарда ж.б. калктарда кыргыз бийинин түрлөрүнө окшош бийлер арбын болчу. Бул – кыргыз оюуларына окшош мотивдерди Ички Монголиядагы, Монголиядагы, Сибирдеги ар кыл элдердин уздарынын колунан жаралган чыгармалардан кезиктиргендегидей эле кеп.

Эң башкысы, Баялы Исакеев сыяктуу бабаларыбыз Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөө үчүн гана опол тоодой салым кошпостон, кыргыз маданий мурасын да баалай билген жана коргой билген инсандардан экени жогорудагы мисалдардан улам тастыкталууда.

Айтмакчы, Баялы Исакеевдин ошол кечеде бийлегенин “эл душманы Бухаринге жагалданып, көшөкөрлөнүп бийлеген болчу” деп жаманатты кылып эскергендер да чыккан экен.

Эми тарых бул окуянын катышуучулары бөөдө жерден “эл душманы” катары жазалангандыгын тастыктаган чакта, Баялы Исакеевдин 1936-жылы августта кыргыз бийинин бир түрүн – жылкычы бийин чакан жамааттын алдында шыктана бийлегендигин урпактык ыраазычылык сезими менен улам эскерип турушубуз керек.

1937-жылкы сталиндик жазалоолор Баялы Исакеев, Абдыкадыр Орозбеков, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдыракманов, Төрөкул Айтматов сыяктуу залкар бабалардын өмүрүн мезгилсиз кыйды, бирок алардын үмүт-тилегин эч өлтүрө алган жок. Эгемен Кыргызстанда улуттук маданий асыл-нарктарды сактоо жана өнүктүрүү иштери 1930-жылдарда жазыксыз набыт болгон бабалардын мүдөөсүнө ылайык улантылууда.

Тынчтыкбек Чоротегин, «Азаттык», 15.03.2017-ж.

Бөлүшүү

Макала 1937: Баялы Исакеев Николай Бухаринге: Кыргыз элинин бийи азыр да бар! бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Күнболот Момоконов, журналист: «КЕНТАВР”

$
0
0

Жакшы кино жаралыптыр. Аты “Кентавр”. Тарткан режиссер азыркынын кино жаратманы Актан Арым Кубат. Тасма Европа аймактарынын бир нече шаарларына коюлуп, өзүнүн көрармандарын таап, кызыктуу ойлорду, өзгөчө кыргыз элинин атка болгон мамилесин даагы бир ирет дүйнөгө таанылгандыгын жаратман белгиледи. 14-мартта шаарыбыздын кино жайларынын биринде чакан топко көрсөтүлүп, тасма туурасында азыноолак ой-пикирлер айтылды. Бул иш чаранын коногу катары кино сынчысы эмес, жөнөкөй көрүүчү катары өз оюмду билдирүүнү туура көрдүм.

Кентавр-бул байыркы гректердин ат менен адамдын айкалыштырган, тагыраагы адамдын жарым денеси аттын келбетиндеги мифологиялык түшүнүк. Сыягы байыркы гректер деле кыргыз эли сыяктуу “ат адамдын канаты” деген түшүнүктө, анын колдоочусу жана ыйыктыгы бар экенине ишенишкен. Актан Арымдын тасмасындагы окуялардын, байланыштардын өзөгүн дал ушул жылкы жаныбары түзүп, кыргыздын атка болгон улуу касиетин, ал чындап эле адамдын канаты экенин, керек болсо ал биздин каныбызга сиңип калган касиеттүү көз караштын аймагында, улуу күчкө эгедер экенине ынанууга, максатына жетүүдөгү андагы ыйыктыктын күчү адамдын ойлоосун камсыздай ала тургандыгын да ачып берүүгө болгон далалат байкалат. “Адамдын кай жери ооруса, кудай ошол жерде” деген сөз бар. Анын сыңары, тасмада кыштактардын биринде жупуну, колунда кыйраткан байлыгы жок, бар байлыгы дудук аялы менен 4-5 жашка чыгып, бирок тили чыкпаган баласы бар кыргыз жигити (тасмадагы бул каармандын атын унутуп калдым, тасма азырынча көрүүчүлөргө чыгарылбагандыктан интернет же башка жактардан табууга мүмкүн болгон жок )тууралуу баяндалат. Тасманын башы кыштактагы кыйын чыкма, акчасы бар, бай жаш жигиттин чет мамлекеттен 50 миң еврого алып келген атын уурдаган жупуну жигит, айылдын четиндеги кенен талаада атты минип эки колун асманга көтөрүп, көктөн жалынып жардам сурагандай. Бул окуя тасманын башталышы болгон менен, негизги өзөктү өзүнө камтыйт. Албетте, уурулук адам баласынын жашоосунда жакшы иш эмес. Ошентсе да тасма жаратуучунун берейин деген ою, жеке менин түшүнүгүмдө такыр башкада. Үйүндө үрүп чыгаар ити жок бул жигит алгач айылга тынчтык бербеген чоң ууру катары элес калтырат. Бирок, ал атты алып чыгып, союп же сатып жеке кызыкчылыгына пайдаланып эмес, ар дайым өзүнүн көнүмүш адатынча ал аркылуу улуу ишенимин, теңирден бир нерселерди тилөө менен чектелгенинде. Ал аркылуу өз ишеними акталат деген үмүттө. Мунун себеби, сыягы “а” деп айта албаган, окуюн деп калса да тили чыкпаган уулунун “ата” деп айтса арманым болбос эле деген тилегине байланыштуу го! Тасманын негизги өзөгү менимче ушунда. Тасма аягында бул тилегинин аткарылгандыгы, бирок жакшынын эмес жамандын шарапаты менен тилегин кабыл кылгысы келген жупуну жигиттин тагдыры, уулунун “ата” деп айтканын кулагы чалбай калганында. Менимче, режиссер табияттын мыйзамы, жакшы менен жаманды ажырата билүүдө, адашкан жолдун акыры жаман менен бүтөөрүн тасманын бул кичине эпизодунда дагы берип, бирок жылкы баласынын колдоочусу Камбар атанын касиетин, өзүнүн өмүрү өлүм менен коштолуп, бирок уулуна тил бүткөнү менен бергиси келгендей. Бул тасманын аягында айтылчу сөз…

Тасмада бир топ эпизоддор азыркы заманды жашоо шартына шайкеш келип, анда эрди-катындын мамилеси, кыштактагы кыйын турмушту, сары чай менен олтурган, бирок бактысына байлыгы баласы экенин сезген үй-бүлөлүк абалды, турмуштун кер-муруна каршылык кылып, каз-катар тизилип колунда барын сатып соодачылык кылып жан баккан аялдардын орду, көралбастык же ушак кеп менен айкалыш аялдардын ар бир жердеги табиятынан жаралган мүнөз экенин, эринен эрте ажыраган жесир аялдын сүйүүсүн көкүрөгүнө көп жыл катып жүргөнүн тасма таасын ачып бергендей. Муну менен бирге динге болгон мамиледе камтылып, эсил кайран СССР кулагандан кийин, ал кездеги кароосуз калган клубду айылдын мечитине айлантып, айылдагы жаштардын динге болгон мамилесин да дааналаган. Диний түшүнүктүн кенен жайылуусу менен айылдагы жаш-кары дебей мечиттерге барып, ал турсун алардын айрымдары Меке, Мединага барып ажылык милдетин аткарууга аракетин көрүп, айылдагы колунда бар адамдардан жардам сурагандыгы, көзүнө Көкө Теңир эмес, көк акча, кымбат машина, асыл тукум жылкы байлык болгон “сасык байдын” динге, улуу ишенимдерге болгон мамилеси, улуулукту өз кызыкчылыгына пайдалангысы келген көрпенделиги да тасмада берилиптир. Албетте, молдо десе эле таруудай таза эместигин бул турмуштун айрым барактары ачыктап жаткандыгы, “молдонун айтканын ук, кылганын кылба” деген түшүнүктүн айланасында дагы айрым эпизоддор камтылган. Анда айылдагы жаш эле жигиттин сакал коюп, дамбал кийип кудай жолунда жүргөнү менен өз аялына келгенде, аны менчигиндей кагып силкип, каарданганы да бар. Ачуусу менен ажы болгусу келген молдонун оозунан “эй энеңди” деп эдиреңдегени, турмушубузда болуп эле жаткан көрүнүштөр. Тасмада бу да бар…

Сөз башында айтылгандай, өзүнүн мүдөөсүн, эч кимге ачыктабай арман күү чалып жүргөн жупуну кыргыз жигитинин канында каалап турган жылкы жаныбары аркылуу өз көксөөсүн канаатандыргысы келгенин, бирок ал уурулугу менен буларды ишке ашырганы тууралуу кеп болгон. Айылда бул жигитти кай бир күндөрдө колго түшүрүп, аттын ээси өз аталаш иниси болгонунан уламбы, анын сырын билгиси келген инисинин жекече сүйлөшүүсүдө, жупуну жигиттин атка болгон аяр мамилеси, адамдардын жылкы жаныбарына кылган наадандыгы, аесуз аларды союп жаткандыгын айтып, Камбар тукумунун убалына убайым тартып жүргөнүн айткан ууру атыккан жупуну жигиттин ыйламсыраганы чындап эле ойлондурбай койбойт. Бул жерде “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген нерсе такыр ойдон учууга аргасыз. Анткени, ушундай уурулугу менен айыл элинин чечими менен айылдан чыгарылып аткан башкы каармандын тагдырынын орду такыр башкада. Ал чындап эле жылкы баласынын эркин болуусун, аз да болсо азаптардан кутулуусун, жал-куйругун сеңселтип жалындап учуп чуркагандыгын, ошондон өзү да канагат алып калаарын тасма жаратманы сыягы бул жагынан да бергиси келген. Болбосо, уурдаган жылкыларды ал эч качан өз кызыкчылыгына жумшаган жок. Ээн талаада шамалдай учуп, ат жалында жалбыртап күйүп, өзүнүн атка болгон ыйык түшүнүгүндөгү көксөөсүн кандырганы болбосо, андан жылкы ээлери зыян тапкан жок. Эпизоддордун биринде, анын жылкыга болгон аяр мамилесин, капаста турган жылкыларды өзүнүн көнүмүш адаты менен акырын жашырынып келип, кое берип жиберген жери таасын сүрөттөйт. Эгер анын оюнда башкалардын түшүнүгүндөгүдөй уурулукту кесип кылса, анда ал чаңкайдын чак түшүндө, камалган жылкы жаныбарын бошотуп жибербейт эле. Бул дагы тасма жаратманынын купуя сыр камтыган, баштагы ууручулукту жокко чыгарып, анын атка болгон мамилесин ушундайча бергиси келген.

Тасманын маанисин, анан калса өзөгүн дал ушул жердеги окуялар түзөт. Капастагы жылкылар, казактан жылкы тийген, айылдын чоң уурусунун уурдап келген жылкысы болгон. Жылкыны бошоткон башкы каарманды кудайдан, бирөөнүн көз жашынан, уурулугун убал-сооптон жогору койгон эргулдун артынан кубалап барып атып өлтүргөнү, ок тийген жупуну жигиттин жер кучактап кулаганы, ошол кезде узун көпүрө үстүндө атасын көрүүгө ашыгып келе жаткан уулу да жерге кулап, улуу күчтөнбү, айтор “атааа” деп ага тил бүткөнү тасманын негизин түзөт. Ооба, ал өз уулунун “ата” деген үнүн укпай калды, бирок Камбар атанын касиети, жылкы баласына болгон анын аруулугу, мамилеси баласына тил бүткөрдү. Ал өз өмүрүн баласынын бактылуулугуна алмаштырды. Уурунун колунан ажал тапты. Жылкы баласына болгон касиеттин ишеними акталды. Бирок, ал аны өзү сезбей, көрбөй калды. Сыягы тасма, бекеринен “Кентавр” деп аталбаган сыяктуу. Мифтик, культук көз караштар менен али да жашап жүргөндүгүбүз чындык. Мындай ишеним баары бир каныбызда бар. Бирок, реалдуу турмуш дайымат анын үстөмдүгүндө. Булар албетте менин жеке көз караштарым. Тасма 26-мартта жалпы коомчулукка тартууланып, тушоосу кесилгени турат. Сынчылар ошондо ой айтаар.

Күнболот Момоковдун жеке көз карашы Фейсбук баракчасынан алынды.

NazarNews.kg, 15.03.2017-ж.

Бөлүшүү

Макала Күнболот Момоконов, журналист: «КЕНТАВР” бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Бишкекте даректүү тасма боюнча режиссердук курстар өткөрүлөт

$
0
0

Бишкекте апрель айында “Азиянын чыгармачыл аялдары” фондунун атынан даректүү тасма боюнча режиссердук курстар башталат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, курс 3 айга созулат. Каалоочулар даректүү тасмадагы режиссуранын негиздерин, даректүү тасмада оператордук чеберчилик, кинодраматургия, монтаж боюнча окуудан өтүшөт.

“Биз даректүү тасманы кеңири аудиторияга кантип жеткиликтүү кылууну үйрөтөбүз. Курстун ар бир катышуучусу тема тандап, үйрөнүп, тасма тартат”,-деп билдирди фонддон.

Эскерте кетсек, өткөн жылы “Азиянын чыгармачыл айымдары” фонду Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө Кыргызстандын аял-режиссерлерунун I Кинофорумун уюштурган. Форум Тарых жана маданият жылына жана кыргыз киносунун 75 жылдыгына арналган.

«Кабар», 17.03.2017-ж.

Бөлүшүү

Макала Бишкекте даректүү тасма боюнча режиссердук курстар өткөрүлөт бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Чайкаган кымыз

$
0
0

Керектелүүчү азыктар: 10 л кымызга 1 – 1,5 кг бал

Бир күн туруп жакшы ачыган кымызга бал кошуп чайкап, саамал кошуп, көпкө бышып, 2-3 күнгө дейре ачытып койсо, кымыз өтө күчтүү болуп калат. Ичкен адам мас болот. Ошон үчүн аны көп учурда, ичкиликтин элдик бир түрү катары баалашат. Бал чайкагандан 1 күн өткөн соң, суусун катары ичилет.

Таштанкул Бөрүбаев, “Кыргыз даамы” китеби

Бөлүшүү

Макала Чайкаган кымыз бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Карт тарыхтын жаңы жүзү

$
0
0

Кыргызстандын тарыхын окутуу боюнча кыска метраждуу видео роликтер тартылды. Кыргыз элинин жана мамлекетинин эки миң жылдык тарыхын камтыган визуалдык көрсөтмө жыйырма сериядан турат. Тасма ар бир көрүүчүгө түшүнүктүү боло турган графикалык жана анимациялык ыкмаларды колдонуу менен ишке ашкан.

Долбоордун авторлорунун бири Жалил Муканбетов бала кезинен тарыхка кызыгып, мектепте бул предмет боюнча өткөн олимпиадаларга катышып жүргөн. Анткен менен ал окуучу кезинен тарых сабагын окутуу андан кызык, андан да жугумдуу болушун каалаган. Ошондуктан Жалил классташы Дастан менен бирдикте тарых сабагы тууралуу видео роликтерди тартууну чечкен:

— Дастан Түркияда окуйт. Мен ага Кыргызстанга келгенде ар кандай тарыхый окуялар тууралуу айтып берчүмүн. Мисалы экөөбүз шаарда чогуу баратып айкелдерди же дагы башка нерсени көрүп калсак, анын маани-маңызы тууралуу сүйлөшчүбүз. Аны айтып бергендерим толкундатып, шыктандырып койчу. Анан экөөбүз чогуу сүйлөшүп отуруп, бизден кийинки муунду өз элинин тарыхы кызыктырбай жатканын байкап, аларга түшүнүктүү тил менен Кыргызстандын тарыхы тууралуу видео ролик тартмай болдук.

Жалил Муканбетов жана Дастан Модубашевдин демилгеси менен ишке ашкан долбоордо кыргыз деген сөз кошуна мамлекеттердин тарыхында канчанчы кылымдарда пайда болгону, Атилланын Европага болгон жүрүшү, монгол, араб, кытай чапкындары, кыргыз каганаты жана анын ойрондолушунан тарта акыркы жылдардагы революциялар, референдумдар да камтылган. Кыска метраждуу видео роликтин ар бир сериясы беш мүнөткө жетпейт.

Видео роликти жасалгалаган Берен Самидин уулунун айтымында, заманбап визуалдык көрсөтмөлөрдү жасоодо улуттук тарыхты видео роликке түшүрүү бир топ кыйынчылык жараткан:

— Тарыхты жасап жатканда бизге керек материалдарды, сүрөттөрдү колго тартып чыкканга туура келди. Мен көпчүлүгүн колго тарттым. Ал эми Калысбек Юсупов таланттуу дизайнер. Ал тартылган сүрөттөрдү видеого айлантты. Чындыгында тарыхтагы адамдардын сүрөтүн интернеттен табуу өтө кыйын болду. Анан ар жерден таап, иллюстрация кылганга туура келди. Тарыхта таптакыр сүрөтү калбаган адамдын бейнесин жаратуу өтө татаал экен.

Берен Самидин уулу учурда Кыргыз-түрк «Манас» университетинин төртүнчү курсунун студенти.

Демилгечи Жалил Муканбетов учурда видео роликтерди кыргызчалап, эки тилде Билим берүү министрлигине сунуштоону максат кылып жатканынан кеп кылды:

— Биз азыр кыргызчалоо боюнча бир фонд менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Бирок азырынча сөзүбүз быша элек. Такталары менен роликти кыргызчалайбыз. Негизинен биз башында эле видеону эки тилде чыгаралы дегенбиз. Бирок ага акча жетпей калды.

Муканбетов долбоорду «Сорос» фондунун билим берүү тармагы боюнча сынагына сунуштап, үч миң доллардан ашык грант утуп алганын, бирок эмнегедир учурда тиешелүү мамлекеттик мекемелер арзан каражатка жасалган долбоорго көңүл бурбай жатканын кошумчалады.

Тарыхчы Ташмамбет Кененсариев жигердүү жаштардан турган чыгармачыл топ бул жумушту баштардын алдында кесипкөй тарыхчылар менен кеңешип алса болмок деген ойдо:

— Тарых деген жетелеген жакка кете берген буйлаланган төө эмес да. Бул теманы чагылдырууда колдон келишинче объективдүү болушубуз зарыл. Бирок бул жаңылык албетте кызыктуу. Кыргызстандын тарыхын көрсөтүүнү жогорулатуу үчүн албетте, жаңы технологиялык жетишкендикти да пайдалануу зарыл. Өткөнүбүз тууралуу анимациялык болобу же документалдуу болобу видеолор тартылганы жакшы. Эми бул балдардын ишин адис тарыхчылар көргөндөн кийин өз пикирлерин айтышар, — деди Ташмамбет Кененсариев.

Долбоордун авторлору бул видео роликтер тарыхчы Өскөн Осмоновдун “Кыргызстандын тарыхы: байыркы доордон биздин күндөргө чейин” аттуу китебинин негизинде тартылганын айтууда.

Зайырбек Ажыматов, «Азаттык», 10.03.20170-ж.

Бөлүшүү

Макала Карт тарыхтын жаңы жүзү бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Турсуналы Бостонкулов

$
0
0

Акын, драматург. Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында 1953-жылы туулган. 1984-жылы Москвадагы СССР Жазуучулар союзунун алдындагы А.М.Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун 1973–1979-жж. колхоздо жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1984-жылдан «Мектеп» басмасында корректор, «Кыргызфильм» киностудиясынын сценардык-редакциялык коллегиясында улук редактор, 1985-жылы «Кыргызстан» басмасынын редактору, ал эми 1988-жылдан тартып «Адабият» басмаканасынын фольклор жана поэзия бөлүмүнүн редактору болуп эмгектенген.

Чыгармалары 1970-жылдан тартып жарыяланып, «Дүбүрт» аттуу поэтикалык жыйнагы 1985-жылы жарык көргөн. Акындын чыгармалары республикалык жамааттык жыйнактарда, гезит-журналдарда жарыяланып келген.

Т.Бостонкулов тарабынан «Ташкындаган мезгил» (1985), «Ыйык кан» (1982), «Жомокко окшош чындык» (1988) пьесалары жазылган.

Кыргызстан ЛКЖС БКнын төрт Ардак грамотасы жана Кыргызстан Кинематографисттер союзунун Ардак грамотасы менен сыйланган. 1990-жылдан Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Уикипедиядан алынды


Ырлар

* * *

Өмүр бою бүркүт салып, аң уулап,
жүргөн кары каза болду бир күнү.
Кала берди кош канатын каккылап,
туурундагы үйрөтүлгөн бүркүтү.

Жарыктыкка бирге болуп бул экөө,
бул өмүрдүн ысык-суугун тойлошту.
Акырында өлүм деген көшөгө,
экөөн минтип ажыратып койбоспу…

Жөпжөнөкөй өмүр сүрүп карыя,
атак-даңкка кызыкпады таш жарган.
Күндөр болгон кызып алып шарапка,
очогуна казан аспай ач калган.

Өттү мезгил кекөлөтө кармап Туу.
Өттү мезгил тездик менен ыр ырдап —
качканындай карышкырдын айбаттуу,
кууганындай бүркүт аны шуулдап.

Эми, мына, ал кез болуп келгисиз,
картайгансып көзүндөгү жаш Аалам,
калды бүркүт атагы жок, белгисиз,
өмүргө окшоп ээси кечээ жашаган.

 

* * *

Аскаларда желбирттеген булутту
Апакемдин жоолугуна окшотуп.
Бала чакта капарга албай турмушту,
Сезбептирмин коёрлугун жоктотуп.

Өттү жылдар карегимден тартылып,
Каркырадай учуп өткөн жаздагы,
Эски, муңдуу жомок сымал айтылып,
Күбөсүндөй жаштыгымдын андагы.

Ошол күнүм жыргал беле бир күндүк,
Мындай таттуу, мындай кыска болбосу…
Көз жетпеген мелмилдеген мейкиндик,
Бул кез менен бала чактын ортосу.

Жашайм бүгүн кооз шаар койнунда,
Мен өзүмдү шаарлыкмын деп атап.
А чынында өзүм шаарлык болдум да,
Бала чагым тоодо жашап келатат.

Таң алдында чыгып алып балконго,
Карап турсам тоолор күмүш, жалтырак
Мээрим төгүп мен кусалуу болгондо,
Бала чагым өткөн жактан күн чыгат.

Тунук жарык көздөрүмдөн башталып,
Аппак буурул таңдын көркү тартылат.
Жумшак нурлар бийиктиктен ташталып,
Күн да тоого балалыгын калтырат.

Өмүр, бакыт, ырыскыга бөлөнүп,
Көк асмандын жарык ойноп бетинде,
Эртең менен күн тоолордо төрөлүп,
Тоо койнуна барып батат кечинде.

Билем азыр жигитчилик жашымы,
Билбейм бирок канча менин жашаарым.
Өмүр бүтсө тагдырымда акыры,
Мен да күндөй тоого барып батамын…

 

ЖАШТЫК

Токойдон чыгабыз да темир жолго,
поездге олтурабыз вагону көп.
Калышат карагайлар терең ойдо,
телмирген жашыл жоолук, кызыл көйнөк.

Зуулдап, чимирилип дөңгөлөгү,
алыска поезд бизди алып кетет.
Капыстан өтүп кетип өмүр көбү,
күндөрдү эсептесек жетпейт эсеп.

Сагынтат жашыл токой бизди дайым.
Эңсейбиз булбул үнүн тыңшаганды.
Сүйгөнүм өзгөрүлүп жоолуктарың,
Көйнөгүң нечен ирет алмашылды.

Ал эми карагайлар биздей болуп,
поездге түшүшпөдү вагону көп.
…Башында баягы эле жашыл жоолук.
Үстүндө баягы эле кызыл көйнөк.

 

ТООЛОР

Жамынып жайы-кышы аппак чепкен,
Аскаңар көз талытат көккө жеткен.
Түбөлүк комузчуңар мөлтүр булак,
Түгөнбөс жылаажындай күүсүн черткен.

Жетчүдөй эңсегенге кубатыңар,
Жылдызга колуңарды сунасыңар.
Асманды түшүрбөстөн бийигинен,
Алптардай тиреп, кармап турасыңар.

Бир-бирин колтукташкан караандардай,
Бой керип бардык жерге таралгандай,
Олтурбай жашайсыңар өжөрлөнүп,
Өмүрдө тик турууга жаралгандай.

Оо, тоолор, мекендешим, айылдашым.
Картайткан түмөн-түрмөк кылып жашын.
Көтөрүп денеңерди туруп турган,
Бутуңар тик туруудан талыбасын.

 

АПАМА КАТ

Айылдаш эл ичинде оорубай тың,
апаке алдуу-күчтүү жүрөсүңбү?
Сүрөтүн салсын деп кат жаздырыпсың,
алдыңбы? Салган элем сүрөтүмдү —

Жалбарып жаздырыпсың дагы минтип:
“- Сыйлачуу болсо мени чындап эгер,
жүрбөсүн ачка калып, арак ичип,
акчага тамак ичсин ага келээр!»

Аракты көп болду” апа, ичпегенге,
сүт ичем сен айткандай ордуна анын.
Бирок да, ошентсе да ушул кезде,
ыр жазып, ырларга мас болуудамын.

Масмын мен — кармагым бар Күндү колго,
карабай экенине анын ысык.
Түшүнсөң, апакебай, миң эсе соо,
соолордун соолорунан ушул мастык.

Көп эле ойлой бербе мен жөнүндө,
Мен жүрөм эл катары аман-эсен.
Абайлап ден соолугуң андан көрө,
апаке, оорубай жүр мени десең.

 

ЖОЛУГУШУУ

Бир бирин өмүр бою
издеп
таппай
жүрүшкөн
эркек-аял
бүгүн капыс
жолгушсун!
Тоорулушсун.
Сүйүп калсын бирин бири:
— Ушунча жылдан бери
сен эмнеге, сен эмнеге
жолукпай жүрдүң мага? —
деп айтсын бир-бирине.
Дайралар жылжып аккан
деңиз менен
соолушуп кала электе
жолугушсун.
Карама-каршы ойлор
бир чыгып келечекте
жолугушсун.
Жолугушсун көңүлдөр көңүл менен.
Жолугушсун жамандын жаны өлүм менен!
Кечигип болсо дагы
жолугушсун
баары, баары, баары!!
Менин бул көзүм менен
өтө чоң
жердин шары.
Ал эми ааламдын көзү менен
кыпын эмес.

Бул өмүр наристенин көзү менен
өтө узун да,
карыянын көзү менен
өтө кыска.
Дүйнө өзү айланып турат мына табышмакка.
Демек ал табышмакты жандырмакка
Шашылгыла жолукканга, жолукканга!

Адамдар, бир-бириңе жолукканга
шашылгыла!
Жолугушсун президенттер дос болуп бир-бирине.
Жолугушсун жоокерлер мылтыгын таштап жерге —
мен кээде
ыр жазган калемимди
столго таштап салып
достор менен жолуккандай…
Жолугушуу сонун кандай!!!
Кечигип болсо дагы
жолугушсун
баары, баары, баары!

Бир гана эки поезд
келатып эң бир катуу тездик менен
бир жолдон жолукпасын.
Анан да сөөмөй менен атомдук
куралдын кнопкасы
эч качан жолукпасын.
Жолукпасын Чэлленджер, Чернобылдар
кырсыкка экинчи ирет.

Ал эми калгандары
баары, баары, баары
жолугушсун, жолугушсун, жолугушсун
кечигип болсо дагы!
Анан ар бир жолуккандар:
— Биз эмнеге, аттиң ай, биз эмнеге
жолугушпай жүрдүк экен-а? —
деп өкүнсүн бир-бирине!

 

КАРГА

Өрүк гүлдөп, алма бүрдөп – суук жок…
Жашыл бакта жалгыз карга олтурат.
Жаз келгенге кубанбайт ал бизге окшоп,
кышты ойлонот канаттарын койгулап.

Гүлдөн гүлгө учуп-конуп көпөлөк,
Булбул безеп сайрайт ырын санаттай.
Сулуулукту бузуп турган өңдөнөт
Жаз күнүнө карга гана жарашпай.

Өрүк гүлдөп, алма бүрдөп – суук жок…
Жашыл бакта жалгыз карга олтурат.
Өзү-өзүнө көрүнөбү тарпка окшоп,
улам-улам коет өзүн чокулап.

 

* * *

Талантын көралбастан ичи күйүп
хан келип сүрөтчүнү
бутунан жипке байлап салаңдатып
астырып салды дарга.

Айланып учуп жүрдү ачка кузгун
аны бир тойгуча жеп
көздөрүн чокуюн деп.

Башына каны тээп сүрөтчүнүн
кыйналды улам жаны.
А бирок бекер чыдап туралбады:
Чиймелеп жер бетине
окшотуп чычкандардын келбетине
сүрөттү тартып койду.

Тартылган ал сүрөттөр
аябай окшош эле чычкандарга,
Бир кезде окшоп кудум жаны барга
куйрукту кыймылдатты.
Чыйылдап чыйпылдашты.
Анан да ал сүрөттөр
асылган жипке жетип
заматта кемиришип
ташташты аны кесип…
Өлүмдөн сүрөтчүнү куткарышты.

 

БАЛБАН ТАШТАР
(Буранадагы балбал таштар)

Балбан таштар!
Силерди ким жараткан?
Түбөлүккө карап жакты таң аткан —
Эмнеликтен артты салып батышка
көргүңөр жок Күндү батып бараткан?

Душман келип кан бир кезде төгүлдү.
Баласагун топуракка көмүлдү.
Силерге не
Эстетеби кызарып
Күн батканы ошондогу өлүмдү?

Адам колу кимден чекти силерди?
Ташка элесин түшүрүүгө ким келди?
Баатырбы ал, же болбосо коркокпу,
душмандарга сатып ийген бир элди?

Турасыңар кылган сымак бир айып.
Кандай өмүр өткөрдүңөр ылайык?..
Буйрук берем:
өзүңөрдү билүүгө
карагыла артыңарга кылчайып!!!

Балбан таштар, кечти таң деп чатышпа!
Окшоштуруп өткөндү эстеп ачышпа:
Тамып калган кийимине желдеттин
тамчы кандай күн кызарат батышта…

Бөлүшүү

Макала Турсуналы Бостонкулов бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

“Азыркы обондор жаш муундун табитин бузуп жатат”

$
0
0

Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, 45 жылдан бери элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан бир нече обондордун автору белгилүү обончу Абдыманап Төрөбеков мырза менен маек куруп отуруп, агайдын эл алган Эмгек сиӊирген артисти, Эл артисти деген наамдарынын жоктугуна таӊ калдым, бир чети көӊүлүм чөктү. Маданиятты, искусствону даӊазалаган инсандар көӊүл сыртында калып, алардын шакирттери, алардын ырын ырдагандар Эл артисти, Эмгек сиӊирген артисти наамдарын алып жүрүшкөндө, кайда чындык, кайда акыйкаттык деп ичиӊ ачышат экен.

— Абдыманап ага, сиздин ырларыӊыз менен чоӊойдук да, чыгармачылыктын чыйыр, түйшүктүү жолунда жүргөнүӊүзгө канча убакыт болду?

— Чыгармачылыкта жүргөнүмө быйыл 45 жыл болду. Институтту 1976-жылы бүтүргөн болсом, ошондон бери эле мектепте, маданий мекемелерде иштеп келе жатам. Азыр Ош облустук Филармониясында иштейм.

— Ошол 45 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери наамыӊыздан башка наамдарды алдыӊызбы?

— Биздин мезгилде өзүбүздөн улуу агай, устат деп жүргөн адамдардан мурда наам алып алыш биз үчүн өтө уят нерсе болчу. Мурда “Ариет” ансамблин жетектеп жүргөнүмдө чет мамлекеттерге барып Кыргызстандын атын таанытып канча намысын коргоп, сынактардан биринчи орундарды алып жүрдүк. 1978-жылдары ансамбль уюшулган эле. Ошол ансамблдин иши илгери жүрүп турганда мага наам берели дегенде менин агайларым, устаттарым наам ала электе мен алып алсам уят деп болбой койгом. Ал кезде Асанкалый Керимбаев, Рыспай Абдыкадыровдор наам ала элек болчу. Рыспай агайдын студенти элем, ал кишини көп ээрчип жүрдүм. Токон Эшпаев, Жолдошбек Мамажановдор да менин устаттарым эле. “Эмгек сиңирген” артист наамына бир нече жолу документтерди даярдап, Министрликке келип ал жактан эле өтпөй калып жатат. Менин ырларымды ырдап жүргөн, менин шакирттерим эмгек сиңирген артист наамын алып жатышса, өзүмдү кызыктай сезип кетем.

— Алгачкы обонуңуз кайсы ырга чыккан?

— Мектепте окуп жүргөндө “Мектебим” деген ырым бар эле, аккордеон менен классташ балдар болуп отуруп алып ырдачубуз. Алгачкы обонумду ошондо жазгам. Ал убакта Токон Эшпаев, Рыспай Абдыкадыровдор чыкканда бизге окшогон жаш балдардын көбү аккордеон кучактап калган. Радионун түбүнөн кетчү эмеспиз. 1972-жылы институтка тапшырып, келип чоң музыканттардын арасына кошулуп калганда өзүмчө башка дүйнөгө киргендей болгом. Ош музыкалык институтунун музыкалык педагогика факультетинин аккордеон классын бүтүргөм. Ал мезгилдин талабы музыка дүйнөсү да башкача болчу. Азыр компьютер барын даярдап коет турбайбы. Ал мезгилде баары жандуу болчу, ыр да, аспаптар да жандуу эле.

— Кайсы ырыӊыз сизди ырчы-обончу катары таанытты?

— Менин аккордеон менен ырдалып элге популярдуу болгон ырым 1980-жылдын башында Жолон Мамытовдун сөзүнө чыгарган “Кетесиңби сулуу кыз мени менен?” деген ыры болду. Ошол ыр ал учурда хит болгон. Ал чыгарма мени обончу катары тааныткан чыгарма болду. Баш-аягы жүздөй обонум бар, алардын ичинен кыркка жакын обонум элдин жүрөгүнөн түнөк таба алды. Кай бир обондорум жакшы иштелип чыга элек, тар чөйрөдө ырдала калып жүргөн обондор да көп. Ырды элге жеткирүүдө финансы маселесине келип такалып калып жатам.

— Жакында концерт берет экенсиз, концертиӊиз туурасында айта кетпейсизби?

— Жыл сайын 3-4 жолу концерт берем. Көбүнчө Ош шаарында берем. 20-мартта борборубуз Бишкекте Кыргыз Улуттук Филармониясында концерт коёюн деп жатам. Бул концертимде көбүнчө эл укпаган чыгармалар аткарылат. Карамолдо Орозов оркестри, Филармониянын бир топ солисттери, Салима Балтаева, Майрам Дүйшекеева, Чырмаш Төрөбеков, Кутман Жолдошов сыяктуу ырчылар келип менин чыгармаларымды ырдашат.

— Ырларыңызды легендарлуу “Кыз-Бурак” тобу да ырдайт эмеспи…

— Кенже Дүцйшеева, Гүлнара Калдарова, Айжамал Кабыловалар ал топто ырдап жүргөндө “Той ыры”, “Жар-жар ай”, “Жаштык”, “Өзүңдү эңсейм” деген ырларымды ырдашты. Кээ бир учурларда обонду алган ырчылар ийине жеткире албай калышат. Андай учурда ал ырчыга обонду бербей эле койсом болмок экен деп кейип калам. Ал эми “Жүрчү жаным, бул жерден кетеличи”, “Бир келип кетчи Ош жакка” деген ырларымды Гүлнара Кахарова угармандын жүрөгүнө жете тургандай ырдаган. Андай учурларда төбөм көккө жете сүйүнүп калам.

— Сиз чыгарган обондордун көбү сүйүү темасындагы ырларга чыгыптыр. Өзүңүздүн алгачкы сүйүүңүз ким болгон?

— Балалык сүйүүлөр “5-б класста” деген ырдагыдай эле болгон. А чыныгы сүйүү таптакыр башкача болот экен. Чыныгы сүйүүм Гүлнара Кадырбаева деген эжекең. Кыз-Бурак тобунун биринчи курамында барабанда ойнойт эле. Кийин Шамшыбек Өтөбаевдин “Назик” деген ансамблинде солистка болуп жүрдү. Экөөбүздү улуу чыгармачылык байланыштырды. 25 жашта баш кошуп, ошондон бери чогуу жашап келе жатабыз. 2 уул бир кызым бар. Балдарым да, кызым да чыгармачылыктан алыс.

— Чыгармачыл адамдар өзүнүн ырын башка бирөөнөн кызганышат, сизде андай нерсе жокпу?

— Менде чыгармамды кызгануу деген нерсе жок. Убагында устатым Рыспай Абдыкадыровдун: “Эгер сен обон чыгара турган болсоң, чыгарган обондоруңдун текстине дыкаат көңүл бур, акындар менен иште, өзүң сөз жазганың болбойт. Сен чыгарган обонду эл ырдап кетсе, ийгиликке жеткениң ошол. Өзүң эле ырдап, сенден башка ал ырды ырдабаса обончу болбой каласың”, — деген сөзү бар. Ырчылар ырыңызды ырдайын деп сурашат, андай учурда жок дебейм. Себеби, мен ал ырды эл ырдасын деп жаздым да. Бардык обондорумдун автордук укугу сакталган.

— Жаш куракка карап репертуарыңыздын тематикасы өзгөрдүбү?

— Ар бир ырдын текстин жүрөгүм менен сезип анан обон жазам. Карып калдым, сүйүүнү токтотоюн деген жок. Мен обон чыгарып атканда элестетүү, башыман өткөн окуя же башка окуялар себеп болот. Патриоттук темадагы обондорду жазуу ал ар бир обончунун парзы деп билем. Сүйүү темасы болсо бүтпөгөн тема.

— “5-б класста” ырына обонду кайсы куракта чыгаргансыз?

— Отуздарда чыгарып калдым го. Жолон Мамытовдун бир китебинен окуп калып сөздөр өзүмдүн бюашыман өткөргөн окуяга окшош болуп кеткендиктен абдан жактырып калдым. Негизи обон чыгарарда текст менен обон төп келгендей болуш керек. Эгер төп келбей калса, ал обон көп жашабайт. 5-6-класстарда биз да кыздарга кат жазып, алгачкы сүйүүлөр пайда боло баштаган мезгил менин да башыман өткөн. Бул ырды чыгарганымда Жолон Мамытов жок эле. Бирок, “Микробу жок тоолорго кетесиңби?” деген ырына обон чыгарганда өзү угуп мени чакыртыптыр. Ал мезгилде ал Жазуучулар союзунда катчы болуп иштеп аткан. Раматылык Асанкалый Керимбаев агайым Жолон Мамытовго ээрчитип барып тааныштырган. Ошондо “Микробу жок тоолорго кетесиңби?” деген ырын кайра-кайра ырдатышканы азыр да эсимде.

— Чыгаан обончу катары азыркы текстин да, обонун да өзү жазып ырдап чыгып жаткан жаштарга кандай кеп-кеңешиңизди бересиз?

— Бек Борбиев менен чыгармачылык жактан ага-ини болуп жүрөбүз. Аны обончу гана эмес акын катары да ырларынын тексттерин баалайм. Обончулар чогулганда сен айткандай ырынын текстин өзү жазып, обонду да өзү чыгаргандар туурасында көп талкууладык. Ал ырларда ыргак, гармония жок, батыштын даңкылдак-доңкулдагын алып туруп коюп алышат экен. Сөзүндө да, обондо да кыргызга тиешелүү кайрыктардын жоктугу мени такай ойлонтот. Себеби, ар бир обончу обон чыгарып жатканда ошол обон элдин жүрөгүнөн түнөк таап, көп жашаса экен, кыргыз музыкасына кичине болсо да салым кошсо экен деп ойлонбогону өкүндүрөт. Жакында бир ыр уктум “Апам менин көлөкөм” деп ырдап атат. Ушул кантип болсун? Логикалык жактан деле караганда апасынын көлөкөсү болот да. Апасын ал төрөп алгансып ырдап атат. Муун дегенден эч нерсе жок, туура эмес сөздөрдү көп пайдаланышат, уйкаштык жок, бир сөздү кайталап отуруп ырды бүтүрүп коет. Ошол нерсе өсүп келе жаткан жаштардын музыкага, ырга, обонго болгон табитин бузуп атат. Бул нерсени контролдош керек, радио, телевидениелерде көркөм кеңеш болсо сонун болмок.

Маектешкен Төлөбүбү Касымалиева, «Чагылган», 16.03.2017-ж.

Бөлүшүү

Макала “Азыркы обондор жаш муундун табитин бузуп жатат” бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

«Карек» аттуу экинчи республикалык балдар кинофестивалы тасмаларды кабыл алып баштады

$
0
0

Кинофестивалга кинематографияга кызыккан 7 жаштан – 17 жашка чейинки мектеп окуучулардын бардыгы катыша алат. Ал үчүн каалаган камерага, планшетке же телефонго, 10 мүнөткө чейинки кыскаметраждуу кино тартуу керек. Кинофестивалга катышууга сунушталып жаткан даяр тасма төмөндөгү форматтардын биринде болуусу зарыл (mov, mp4, m4v, mpeg). Ар түркүн жанрдагы тасманы тартууга уруксат берилет: комедия, мелодрама, драма, триллер, боевик, фантастика, анимация, документалдык ж.б.

Катышуучулардын тасмалары 2017-жылдын 15-сентябрына чейин Бишкек шаары, И. Ахунбаев көч. 92А, же e-mail: karekfest@gmail.com дарегине кабыл алынат. Сыйлык тапшыруу аземи 2017-жылдын 10 октябрында өткөрүлөт.

Кинофестивалдын максаты, бул чөйрөдөгү болочок адискөй чеберлерди эртелеп аныктап, аларга туура багыт берүү.

“Карек” балдар арасындагы экинчи республикалык Кинофестиваль — КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, КР Билим жана илим министрлигинин, Кинематография департаменти, КР Кинематографисттер союзунун, “Ак Илбирс” академиясынын жана жеке киностудиялардын колдоосу менен өткөрүлөт.

Кинофестивалдын темасы “Бул менин дүйнөм!”. Бул тема бүгүнкү күндө абдан актуалдуу. Ал чоңдорго балдардын жана өспүрүмдөрдун ички дүйнөсүн жакшыраак таанып билүүгө өбөлгө түзөт.

. Ошондой эле кинофестивалдын алкагында жаш кинематографисттер өзүнүн тасмаларын республикалык кинотеатрларына көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Кийин “Карек” кинофестивалынын бардык катышуучуларынын тасмалары интернетке жайгаштырылат.

Сынакта 9 номинация бар. Алар: мыкты көркөм тасма, мыкты анимациялык тасма, мыкты документалдык тасма, мыкты режиссер, мыкты оператор, мыкты сценарист, мыкты монтажер, мыкты жеткинчек актер, мыкты жеткинчек актриса.

Жеңүүчүлөр статуэткалар, дипломдор жана белектер менен сыйланышат. Мыкты тасмалар Кыргызстандын атынан эл аралык балдар кинофестивалдарына жөнөтүүгө мумкунчулук алышат жана кийинки кыскаметраждуу тасмасын тартуу үчүн техникалык жабдыктар менен камсыздалат.

“Карек” балдар арасындагы экинчи республикалык кинофестиваль жөнүндө толук маалыматты karekfest аккаунту менен facebook.com жана instagram баракчаларынан билүүго болот.

Сурап билуу тел.: 0557 000718 WhatsApp.

Мурат Соорбеков, «BIA.KG», 17.03.2017-ж.

Бөлүшүү

Макала «Карек» аттуу экинчи республикалык балдар кинофестивалы тасмаларды кабыл алып баштады бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Viewing all 477 articles
Browse latest View live


<script src="https://jsc.adskeeper.com/r/s/rssing.com.1596347.js" async> </script>