Quantcast
Channel: Кыргыз маданият борбору
Viewing all 477 articles
Browse latest View live

Самаковдун Япониядагы сапары тарыхты тактайт…

$
0
0

Карганбек Самаков кыргыз–япон тарыхындагы унутта калган бир окуя тууралуу кызык кеп айтты. Бул эки өлкөнүн достук мамилесиндеги жагымдуу факт катары мындан ары да тарыхта өз ордун табарына шек жок. Ал окуяны Самаковдун өзүнүн баяндоосунда толугу менен берели:

«1946-жылы Фрунзе шаарына (азыркы Бишкек) 125 япон аскер туткундарын алып келишкен. Алар Боомдогу темир жолдун курулушуна немец аскер туткундары менен чогуу иштеген. Андан соң 125 япон туткуну Ысык-Көлдөгү Тамга аскер санаторийин курушкан. Алардын көбү 20 жаштын тегерегиндеги боз уландар болгон экен. Алар туткундун жолдогу азап-тозогун көрүшүп, дистрофия, тифф жана башка оорулар менен оорушуп, кээ бирлери араң эле басып калышкан экен. Касиеттүү көл жээгиндеги кыргыздар аларга абдан жылуу мамиле кылышып, ана өлөт деп жаткан кээ бирлери дагы сакайып кетишиптир. Негизинен бээнин сүтүн, айран берип чоң тыңытышыптыр. Жалпы Советтик армиянын туткунундагы япондуктардын көбү оор кырдаалдардан улам каза болушуптур. Ал эми бизге келген 125 япон туткундары толугу менен торсойуп аман-эсен үйлөрүнө келишкен.

Такеучи сан менен жолугушуу

Бул тарых боюнча япондуктар Кыргыз элине өзгөчө ыраазы. Япондуктар бизден кетип жатканда НКВД алардын өздүк кагаз, буюм жана башка нерселерин бүт алып калышыптыр.

Мен биздин жана Россиянын СНБ, ФСБ, Коргоо Министрлигине депутаттык кайрылуу жасаган элем, бирок алар эч бир архивдик маалымат таба албай коюшту. Тамгадагы япондуктар курган санаторийдин убагында ошол япон туткундары ичип жүргөн булактан бир бөтөлкө суу, бир алакандай таш, ошол убакта тигилген бактан бир кичине бутагын алып Японияга бардым. Токиодо ошол 125 япон туткундарынын эң акыркы тирүү турган аксакал ТАКЭУЧИ менен гана жолуктум. Ал киши, жогорудагы окуя тууралуу: «Мен 22 жаштагы бала элем, ошол санаторийдин оозундагы эки Арстанды жасадым эле, ушул суудан ичип, ушул бакты тиктик эле, эң оболу керемет кыргыз элинин колунан баарыбыз сакайып, кыргыз элине бала болуп кеттик эле» – деп айтып, Тамгадан тартып барган сүрөттөрдү, видео материалдарды көрүп, көздөрүнөн жаш токтобой, айтаарга сөз таба албай, 22 жаштык боз улан кезин эстеп, ошол жаш курагына барып келди окшойт. «Тамгага бир барып келсем деп өмүр бою эңсеп жүрдүм эле, бирок азыр самолётто уча албайм, 90дон аштым, Тамгага мени алып барып келдиңер, касиеттүү кыргыз эли менен жолугуштуруп койдуңар», — деп дагы мууну бошоду. Тилекке каршы, азыр бул киши да жок. Бул киши көзү өткөнүнө 2 жыл болду. Такэучи сан атабыздын дагы кичине сообуна калдык окшойт», — дейт экс-депутат Карганбек Самаков. Чынында анын бул аракети эки өлкөнүн достук мамилесине байланыштуу тарыхты тактоого чоң жардам берет.

«Чагылган», 22.02.2017-ж.

Бөлүшүү

Макала Самаковдун Япониядагы сапары тарыхты тактайт… бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Кайрыктары кайталангыс таланттар

$
0
0

Залкар обончу катары өздөрүнүн артына өчпөс из калтырып кетишкен айтылуу обончуларыбыздын арадан канча мезгил өтсө да жараткан обондору элдин жүрөгүнөн түнөк таап, бүгүнкү күндө да популярдуулугун жоготпогон айтылуу обончулар тууралуу учкай кеп кылабыз.

 

700 обон чыгарган Жумамүдүн Шералиев

Атактуу композитор Жамүдүн Шералиевдин репертуарында 700дөй обон бар. Биирне бири оңой менен окшошпойт. Жумамүдүн атабыздын обондуу ырларын аткарышып, элге белгилүү көптөгөн ырчылар чыгармачылык жолунда көптөгөн ийгиликтерге жетишкендиги белгилүү.

Чыгармачылыкта көрөңгөгө бай мындай залкар талант кылымда бир жаралса керек. Учурда эл сүйгөн обонго айланган бир топ обондуу ырлары улуттук музыкалык аспаптардан тышкары эл аспатар оркестринин коштоосунда аткарылып, дагы деле популярдуулугун жогото элек.

 

Кайгылуу кайрыктардын «атасы» Асанкалый Керимбаев

Кайгылуу кайрыктары менен кан-тамырыңды сыздата ырдаган Асанкалый Керимбаев да бир топ обондуу ырлардын автору болуп эсептелет. Сахнадан муңканып созгондо ырга берилген ышкыбоздор жүрөгү менен кабыл алганда айрымдарынын көздөрүнө жаш айланып кеткендигин айтып калышат. Тээ бир учурда залкар акын Аалы Токомбаев өмүрлүк жубайынан айрылганда «Муңдашым Мунар кайдасың?»-деген ырды жазган. Ушул ырга Асанкалый агабыз обон чыгарып алгач аткарып чыкканда ырды уккан акын муңканып ыйлаган дешет.

Обончулук ишмердүүлүгүндө аккордеон менен гана чектелип калбастан, учурунда «Оштогу түн» аттуу ырын эстраданын коштоосунда биринчи жолу аткарып чыкканда ырдын обону шаңдуу болгон үчүнбү, же обончунун чыгармачылыгындагы чоң жаңылыгы катары кабыл алгандыктанбы, айтор бул ыры бир топ эле популярдуу болгон эле. Азыркы кезде «Жаштык кез» аттуу ыры той-топурларда азыркы тил менен айтканда хит ырлардын бири катары аткарылып жүрөт.

 

Ырчылар кумир туткан Рыспай Абдыкадыров

«Ырчылардын пири-Рыспай»-деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Көзү тирүүсүндө маданият тармагына кошкон салымы мамлекет тарабынан анча бааланбаса да, таланты таш жарган агабыздын обондуу ырлары калктын калың катмарына кеңири тарагандыгы эч талашсыз… Укканда жарпыңды жазып жан эргиткен ырлары учурда популярдуулугун жогото электиги залкар таланттын экинчи өмүрү уланып жатканын далилдеп тургангансыйт. Мисалга алсак, «Издейм сени», «Жолугарым билгенмин» аттуу ырлары өзгөчө кереметтүү кайрыктардын кучагына бөлөнгөн эмеспи. Эми мындай обондорду кийинки муундагы обончулар качан жаратары азырынча белгисиз.

 

Тоодой эмгек жасаган Токон Эшпаев

Мекенине кызмат кылып маданият үчүн тоодой эмгек жасап, толкуган обондорду жараткан Токон агабызды да арабыздан шум ажал суурап кетпедиби. Аттиң ай…

Эргип ырдаганда эл тынымсыз кол чапкан адам эле. Келбес сапарга аттангыча керемет добушун сактап келгендиги уккандарды таң калтырчу. Айрыкча, «Керме-Тоонун кыздарын» даңазалап созгондо келиндер түгүл кемпир-кесектерди да тамшандырган талантка ээ болчу. Өмүрүнүн акыркы жылдарында Оштогу филармонияда эмгектенди. Атагы алыска тараган бул агабыздын өзүнүн айылы Керме-Тоодон жаралган обондору оболоп Ала-Тоонун койнунда мындан ары да жаңыра бермекчи.

 

Он сегиз жашы эстен кеткис Аксуубай Атабаев

Белгилүү обончунун «18 жаш» аттуу ыры кийинки муундагы угармандарды да кайдыгер калтырбады. Элдин айтуусуна караганда мындан көп жыл мурда ушул ырга бир казак аябай таасирленгендиктен: «Бул ырга обонду кандай адам жаратты экен? Өзүм барып ырдын автору менен таанышып көрөйүнчү» деп Казакстандан атайын келип обончуга жолугуп колун бекем кысып, жакындан таанып ийгилик каалап, ыраазычылыгын билдирген экен. Ал эми обончунун «Эне жөнүндөгү балладасын» КРнын Эл артисти, белгилүү ырчы раматылык Эрмек Мойдуновдун аткаруусунда уккан тааныштарым өздөрүн энесинин ак сүтүнөн өмүр бою кутула албастай абалда болгондой сезишкендерин айтып беришкен эле.

Демек, «Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет» деп туура айтылса керек.

 

Сүрөттү карап сыздаган Жолдошбек Мамажанов

Саналуу болсо да сапаттуу обондорду жаратып кеткен Жолдошбек Мамажановду билбеген кыргыз аз болсо керек… Мындан жети жыл мурда Оштогу филармонияда болгон «Биз силерди сагындык» аттуу жалаң аккордеондун коштоосунда ырдаган обончулардын чоң программадагы концертинде айтылуу обончуну эл дүркүрөтө кол чаап, бир топко чейин сахнадан кетирбей коюшкан болчу.

Ошондо ««Сүрөтүңө» деген ырын сүйлөшүп алышкансып көрүүчүлөрдүн баары эч жаңылбай чогуу ырдашканын көрүп аябай таң калгам. Эми муну менен эмне демекчимин. Элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан өзгөчө обондуу ырдын өмүрү ушинтип узун болот экен да, көрсө.

 

Нурислам Кабакбеков, «Чагылган», 19.02.2017-ж.

Бөлүшүү

Макала Кайрыктары кайталангыс таланттар бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Алп талант, залкар адам

$
0
0

Улуу Манасчы Сагымбай Орозбаковдун быйыл 150 жылдык маарекеси белгиленмекчи. Сагымбайдын тегине келсек: Кызарттын алдындагы Ала-Көл, Бурган-Сууну жердеген саяк уруусунан, Мойнок тукумунун ичиндеги Манас уулу деген уруктан. Азыр да Жумгалда Манас уулу аталган урук жашайт. Биздин айылдагы Сагымбай манасчы менен үзөңгү кагыштыра бирге жүргөн Сыдыбай уулу Керим, аны көргөн Оторбаев Бозгунчу, Манас уулунан чыккан Нарын шаарынын тургуну Орозобеков Асанбек, өзүнүн уулу Жамангул сыяктуу инсандардан залкар манасчы тууралуу көп уктум.

Жоокерчилик заманда Суусамырдан Күрүчбек эли келип Манас уругун чаап, Акжол дегендин аялын, жети эркек баласын туткундап кетет. Балдардын улуусу Орозой качып Кочкордогу эжесине келет. Эжеси: “Бул жерде тынч жүрө албайсың. Ниязбектин уулу Ормонго барып баш калкала!” дейт. Орозой Ормонго барып жигит болуп, кылган иши менен жагат. Ормон жигиттери моңолдор Сары Токтор менен Миңназарды Кокон ханына жиберип, керней алдырат. Кернейди жигиттеринин бири да үйлөп, үн чыгара алышпайт. Орозой үйлөгөндө кернейден үн чыгат. Ошентип Орозой Ормондун кернейчи жигитине айланат. Орозойдун иниси Акеше агасынын кабарын угуп качып келет. Ормон: “атың ким?” деп сурайт. “Акеше” дегенде, “Атың жаман экен. Мындан ары Орозойдун иниси Орозбак болгун” деп Орозбак аталып, Ормондун жылкысын багып, кийин жылкычы башы, агасы Орозой өлгөндө, анын ордуна кернейчи болот. Кийин Орозбакты Козубек деген инисин таап, аны бошотуп келген. Калган эки бир тууганы чечектен өлүп, бирөө дайынсыз жоголгон экен. Сагымбай манасчы менен чогуу жүрүп калган Бек, Санташ деген адамдар Ормон хан Кененсары менен согушкандагы жеңишке алып барган опузаларды (Ормон опузаны) Орозбактынын акылы менен жасаган деп айтчу дешет. Орозбактыдан Алишер, Сагымбай, Бакдөөлөт жана дагы бир кыз. Жазма булактарда Сагымбай Орозбак уулу 1867-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндө Кабырга деген жерде төрөлгөн. (Тарыхчы Белек Солтоноевдин айтуусунда 1868-жылы 20-апрелде Ысык-Көлдүн түндүк жагы Саройдо туулган).

1870-жылы Орозбак чүйдүн башы Кертабылгыда өлүп, Сагымбай агасы Алишердин колунда чоңоёт. Алишерден “Манас” айтууну үйрөнөт. Тогуз жашынан баштап айылда бала окуткан өзбек молдодон 3-4 жыл окуган. Бирок ал китеп окуган менен жаза алчу эмес. Ал кичине кезинде эле ээлигип ырдап жиберчи. Анын айылына белгилүү манасчы Чоңбаш (Нурмантай) келип, “Манас” айтканда ээрчип жүрүп үйрөнүүгө аракеттенген. Кийин Келдибек манасчыдан таалим алган. Сагымбайдын зиректигин байкаган Келдибек манасчы:

Сенин атаң Орозбак,
Сурнай тартып боздоткон.
Үнү мукам чыксын деп,
Керней менен коштоткон.
Сурнайы менен Орозбак,
Жан сактады кор болбой,
Аркасы менен Ормондун,
Эркин жашоо өткөрдү
Баскан жолу торолбой.
Эми балам Сагымбай,
“Манасты” терең билип ал,
Акыл насаат мен айткан,
Көңүлүңө түйүп ал
,- деп кеңешин айткан. Ошентип белгилүү манасчылар Тыныбек, Чоңбаш, Найманбай, Акылбектердин таалимин алып, он алты жашында чоң манасчы атыгат.

Залкар манасчы Сагымбай Орозбаков, башында айтканыбыздай, жеке эле “Манас” айтпастан, чоң ырчы да болгон. Анын “Жолбун ит”, “Замана”, “Сагымбайдын зары”, “Отоо чөпкө арнаган ыры”, “Шабданды кошкону” бүгүнкү күндө архивде сакталып турат. Аларды 150 жылдык маарекесине карата китеп кылып чыгарса болмок. 1988-жылы Бозгунчу Оторбаев деген аксакалдан Сагымбайдын жарамазанын жазып алган элем. Тилекке каршы, аны таба албай жатам. Улуу манасчыны көрүп жүргөн Сыдыбаев Керим аксакал менен көп маектештим. Ал: “Сагымбай “Манастан” көрө “Семетейге” жакынмын деп айтчу эле. Бирок, тилекке каршы, анын “Семетей”, “Сейтек” бөлүмдөрү жазылып элге жетпей калды. Анын оозунан Ыбырай Абдрахманов тарабынан жазылган “Манастын” китеп дептери бар эле. Аны Каныбек Жунушовго бергемин. Санжыраны да жакшы айтчу” деп, бир топ ырларын айтып берген. Ошондон баян этели:

“Алгыр болсо тайганың,
Алтындан чаап каргы так.
Алалбаса тайганың,
Айлансын аштан, башка чап.
Күмүш ээр атка чак,
Атка чагы болбосо,
Күмүшүн алып отко жак.
Күйүшөөр тууган болбосо,
Күлө багып жатка жак.
Алтын ээр атка чак,
Атка чагы болбосо,
Алтынын алып отко жак.
Ага-иниң жаман болгон соң,
Арсаңдап күлүп жатка жак”.

Сагымбайдын ырынан насаат сөздөр билинип, акылмандуулуктун жыты сезилип, анын мыкты талант экени көрүнүп турат. Сагымбай “Манасты” кандай айтса, ырды да ошондой эле нөшөр төккөндөй сабалатып жиберчү экен. Ал көбүнчө насаат сөз түрүндө айтчу дешет.

“Аргымак аттын жакшысы,
Азыраак оттоп көп жуушайт.
Азамат эрдин жакшысы,
Азыраак сүйлөп көп тыңшайт”
, же болбосо:

“Сыймык деген эмине?
Сен, сылык болгун деги эле.
Сыймык сынган чегедек,
Ал сынса кирбейт эбине.
Дөөлөт деген бир байлык,
Дөөрүп сүйлөйт наадандык.
Акылмандын бир сөзү,
Айткан сайын бир тайлык”.

Манасчынын бул саптары адамдарды кыйла ойго салып, адептүүлүккө, сыйчылдыкка үгүттөйт.

“Күркүрөгөн кара нар,
Күчү пилге барабар.
Соно соолуп караса,
Сопсубу болуп тартылаар.
Зуулдап учкан ак шумкар,
Ал, тоодакты тоют көрбөгөн.
Колго түшүп кор болсо,
Ал, таранчыга талпынаар”.

Керим аксакал Сагымбай “Манастан” башка да ар кандай жомокторду айтып, уруулардын санжырасын жакшы билгендигин белгилейт. Ал:

“Үч жүздү үйрүп бүт билип,
Жалайыр чыккан Жаныштан.
Оңду-солду башкарып,
Жанкороз чыккан Багыштан”
,- деп санжыраны жорго сөз менен айткан. Санжыра айтканда кыргыз тарыхын Түрктөн баштап, Уруз кан, Байгур, Алачтан өз дооруна чейин тараткан. Дин, шариятты да жакшы билгендиктен, “Манас” айтканда санжыраны, динди кошуп, төгүлтүп айта берээр эле. Сагымбай аш-тойлордо жарчылык кылып, кыз-келиндерге кошок үйрөтүп, ыгы келгенде бирөөлөрдү мактап, жыйылган топто ырчы-комузчуларга баш болуп турган. Ошондуктан, Токтогул ырчы “Мен Сагымбайдын ырчылыгына башымды ийдим” деген. Ал акындар менен айтышкан эмес. Себеби, белгилүү акын-ырчылар аны сыйлап, айтыша алышпаган. Кадыр барктуу адамдар Сагымбайдын “оозу шок” деп, андан жалтанып, сыйлап турушкан. Белгилүү адамдар өлгөндө же алардын ашында, тойлордо атайы киши жиберип чакыртышкан. Бул Сагымбайдын канчалык баркы бар экенин түшүндүрөт эмеспи. Алсак, Тыныстан, Байтерек, Бекчоро сыяктуу атактуу адамдардын ашында анын жар чакырганы белгилүү. Жарды “Сагымбай чакырды” деген сөз аркылуу байлар башкалардын алдында сыймыктанышкан.

1922-26-жылдары Ыбырай Абдырахманов “Манасты” Сагымбай Орозбаковдун оозунан жазып алган. Жазуу иштери жүрүп жатканда манасчы ооруга чалдыгып, жакшы боло албай, “Семетей”, “Сейтек” бөлүмдөрү кагазга түшпөдү.

Ал Манастын жети муунун Алымсарык, Кулансарык, Кенен, Чынтемир жана башка дастандарды кошуп айтчу эле дешет аны көргөндөр. 1929-жылдары айылдык активдер манасчыга ыгым-чыгымды көп сала башташат. Ал каяша айтпастан, аны төлөп турган. Аны “эки аял алгансың, бай-манаптын ырчысысың” деген жөнү-жок кодулоолор көп болгон. Аргасыз Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү карындашынын жанына көчүп барып, Тору-Айгырдагы көл жээгинде, токой арасында, боз үйгө кыштайт. Эл жакшы кабыл алгандыктан оорусунан бир аз тыңып, “Манасты” аз-аздап айта баштаган. Жазга маал оорусу кайра күч алганда, аялы Мария туугандарына кабар айттырат. Беш күндөн кийин Кочкордон туугандары барып, ал жактагы элдин каршы болгонуна карабай арабага салып жөнөшөт. Аңыртынын суусуна келгенде, суудан ичип алып жан берет. Ошентип, 1930- жылы май айында залкар манасчы дүйнө салып, Кош-Дөбөдөгү Аймамбеттин коктусуна коюлат. Мүрзөсүнө эл кыш куюп, чоң коргон салат. Сагымбайдын коргонунун тегерегинде башка мүрзө жок.

1992-жылы залкардын 125 жылдык мааракесине арнап, Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал учаскасына күмбөз тургузулуп, ал жерде маараке тою республикалык деңгээлде белгиленди. Ошондон бери манасчыга куран окуймун дегендер Айгыр-Жалдагы күмбөзгө зыярат кылышып, сөөгү жаткан өз коргону унутта калып баратат. Эми быйылкы жылы, 150 жылдык маарекесинде Аймамбеттеги өзүнүн коргонуна барчу жолду оңдоп, коргон, бейитинин тегерегин гүлзарга айландырып, туристтер барчу, элдер зыярат кылчу жайга айландырбасак, башка элге уят болобуз. Ошону менен бирге, манасчынын архивдеги ырлары китеп болуп, окурмандарга тартууланса жакшы болоор эле.

Майрамбек Деркенбаев, журналист. Кочкор району,
«Кыргыз тили», 21.02.2017-ж.

Бөлүшүү

Макала Алп талант, залкар адам бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Сагымбай Орозбак уулу — беш мал намаз окуп, динге берилген алп Манасчы

$
0
0

Сагымбай Орозбак уулу (1867-1930) — улуу манасчы. Айткан «Манасы» кагаз бетине түшүрүлүп, чыгармачылык мурасына илимий изилденген баа берилип, «алп манасчы» наамына татыган манасчылардын бири.

Сагымбай Орозбак уулу айткан «Манас» жазылып алына баштаганда ал 55 жаш курагында болуп, манасчылык тажрыйбасы 40 жылга жетип, элдин сынынан өтүп, чыгармачылыгынын толук жетилип-бышып, кыл табында келген учуру болгон.

Сагымбай Орозбак уулунун айткан «Манастын» эң негизги артыкчылыгы — анын бийик көркөмдүгү — эч бир талашсыз аксиома. Сагымбайдын айтуусунда эң байыркы поэтикалык ыкмалар менен бирге — аллитерация, синтакстистик параллелизм, рефрен жана кийинки мезгилдерде пайда болгон ыкмаларды кезиктиребиз — татаал рифма, антитеза, метафора ж.б.

Сагымбай Орозбак уулунун айткан «Манас» эпосунун сыры ички маңызында жатат. Сагымбайдын «Манасынан» байыркы орхон-енисейлик эстеликтеринин сюжеттик жана поэтикалык окшоштуктарды байкаса болот.

Сагымбайдын «Манасынын» дагы бир өзгөчөлүгү анын өз мезгилиндеги улуу манасчылардын дээрлик баардыгын угуп-көрүп,алардан сабак алып, улуу манасчылардан алгандарын өзүнүн чыгармачылык шыгы менен кайрадан иштеп чыгып,байыркы элдик поэзиянын мыкты үлгүлөрүн бизге жеткизе алгандыгында.

Көрүнүктүү «Манас» изилдөөчүлөрдүн бири К. Рахматуллин колдо болгон жана ошол кездерде көзү тирүү жомокчуну жакшы билген кары адамдардын берген маалыматтарына таянып: «Сагымбай ошол учурдагы чоң манасчылдардын дээрлик бардыгын угат. Ал Чоңбаш, Тыныбек, Найманбайларды гана эмес, Балык менен Келдибекти дагы угуп, үлгү алгандыгы туурасында айтышат. Келдибек Сагымбайга Манасты айттырып көрүп жактырат, бирок «обондон жетише элек экенсиң» — деп обонду, кол шилтөөнү башка кыймыл аракеттерди үйрөткөн экен — деп жазат.

Сагымбайдын «Манасынын» дагы бир баалулуугу — кыргыз элинин өткөндөгү көз караштарын, түшүнүктөрүн, үрп-адатын, турмуш -абалын илиздөөдө эң бай материал таба ала тургандыгында экендигин белгилүү «Манас» изилдөөчү Самар Мусаев белгилейт. Сагымбайдын «Манасына» мүнөздүү көрүнүштөрдүн дагы бири — ислам дининин таасири. Сагымбай өзү беш маал намаз окуган, динге берилген адам болгон. Жеке жашоосундагы бул учур анын айткан вариантына да өз таасирин тийгизген.

 

Өмүр таржымалы

Сагымбай Орозбак уулу 1867-ж. Ысык-Көлдүн күңгөй тарабындагы Кабырга деген жерде (Сары-Ой) туулган. Бул дата манасчынын дүйнөдөн кайтаар жылы өзү «мен быйыл 63 жаштамын» деп айткан маалыматтын негизинде алынган. Бул маалымат кыргызча жыл сүрүштүрүү боюнча айтылгандыгын, андагы жыл саноо өзгөчөлүгүн эске алган учурда, манасчынын туулган жылы 1868-жыл болуп калат. Ушуларды эске алуу менен биз дагы 1868-жылы туулгандыгы туура деген пикирге кошулабыз.

Теги жумгалдык саяк уруусунун мойнок уругунан. Атасы Орозбак өз мезгилин мыкты чоорчу-сурнайчыларынан болгон. Орозбактын сурнай тарткандыгы 1847-ж. болгонкыргыз-казак согушунда эскерилет. Орозбактын өз аты — Акеше. Атың начар экен деп, Орозбак ысымын Ормон хан койгон. Алгач Ормон ханга Орозбактын агасы Орозой келип турган. Аны жакын туугандары Кашкарга соодагерлерге сатып жибергенин жолдон билип калып, кайра качып, өз элине кайрылбастан Ормон ханга келип туруп калат. Бул кезде Акеше күрүчбек уругуна колго түшүп кетип, кул катары жүргөн. Орозойдун Ормон ханга токтогонун угуп жүргөн Акеше да агасынын үстүнө качып келип туруп калат. Алгач Ормон хандын кернейчиси Орозой болгон. Ал өлгөндөн кийин Орозобак Ормон хандын кернейчиси болуп калган. Сагымбай 12-13 жашка келгенде Орозобак 80 жашында дүйнөдөн кайтат. Сагымбайдын тайлары атбашылык азыктардан болгон. Чоң манасчы Келдибек Сагымбайдын жакын тайкелеринен болгон. Энеси атасы менен бир жылы өтөт.

Орозобактын эки уул, эки кызы болгон. Сагымбайдын улуу агасы Алишер дагы Манас айткан киши болгон. Экөөбүз жол талашсак болбойт деп агасы Манас айтканын токтотуп, Сагымбайга жол берген.

1881-ж. Орус империясы Кулжаны Кытайга кайта бергендигине байланыштуу кээ бир кыргыз уруулары мурунку өз конуштарынан көчүрүлөт. Ушул саясаттан уламсарыбагыш уруусунун Эсенкул, Надырбек уруктары Ыссык-Көлдөн Кочкорго сүрүлөт. Ормон хандын уулу Чаргындын айылына кирген Сагымбайдын үй-бүлөөсү дагы эл менен кошо 1862-ж. Кочкорго көчүп келишип азыркы «Ормон Хан» айылында отурукташып калышат.

 

Балалыгы

Сагымбай 9-10 жашынан тартып 3-4 кыш катары менен молдодон окуган. Китепти окуганды билгендигине карабастан, кат жазууну өздөштурө алган эмес. Сагымбайдын жаш чагынан эле сөзгө шыктуу болуп, ыр курап айта койуп жүргөндүгү белгилүү. 1882 ж. Ыссык-Көлдү тыштап кеткенге айласыз болгондого, 14 жашар манасчы Ыссык-Көлдү кошуп ырдаган ырын «Сагымбайдын зары» деген ат менен манасчынын өз оозунан 1889-жылы жазып алгандыгын тарыхчы Б. Солтоноев кабарлайт. Манасчынын акындык талантын аны менен узак жылдары катышып жүргөн Шапак манасчы белгилейт.

1887-ж. Сагымбайдын үй-бүлөөсү оокаттын айынан Чүй бооруна көчүп келишет. Ошондо Боролдойдун Кара-Булак деген жерине эккен эгинин куурай басып кеткенде Сагымбайдын чыгарган ырын Б. Солтоноев жазып калган.

Сагымбай «Манасты Чүйдө жашап жүргөн жылдары айта баштаган. Бирок Ыссык-Көлдүн көңгөйүндө жашап жүргөн бала курагында эле айыл аралап «Манас» айтып жүргөнЧоңбаштын (Нармантай) аткаруусун делөөрүп, ээрчип кетмекчи болгон. Сагымбай өзү манасчылык өнөргө ээ болушун арбактардын колдоосу, аян алуу, түш көрүү менен байланыштырган. Алгачкы жолу түшүндө Манасты көргөндөн тартып «Манас» айтып баштаса, кийин эки жолку арбактардын аян берүүсү демөөр болуп, шыгымды арттырды деп ишенген. Сагымбайдын жашоосунда аян алып, түш көрүп эпостун каармандары менен жоолугушуусу көп эле болгон экен. «Манасты» жаздырып жүргөндө түш көрүп, мен айткан мындай жерин туура эмес болуп калыптыр, түшүмдө көрдүм — деп кайра жаздырган учурлары болгондугун Ы. Абдырахманов эскерет.

Аяндуу түш көргөнү Кочкорго көчүп баргандагы жылдын жазында элге чечек оорусу жайылып, Сагымбайдын үй-бүлөөсү дагы чечекке кабылат. Сагымбай да катуу чечек болот. Бир түнү таңга жуук түш көрөт. Түшүндө Кочкордун талаасында жөө келе жаткан болот. Талаа толтура тоодой чоң боз үйлөр, кермеде абдан чоң аттар байланган, үйлөрдүн алдында курал-жарактар үйүлүп турган болот. Сагымбай боз үйлөрдүн бирине кирмек болуп жөнөйт. Ошол учурда алдынан акбоз ат минген, калпакчан, зор денелүү адам жоолугуп: «Балам, сен коркпо, бул тигилген үйлөрдүн ээлерине эч кимдин шаасы келип, күчтөрү жете алган эмес!» — деп баланы жооткотот. Бул адам кадимки Ормон хан экен. Аны көргөн Сагымбайдын корккону басылып, бир үйгө кирип барат. Үйдүн ичи толтура кыргыз түспөлдүү сөөктүү, алп денелүү кишилер отурган болот. Ажыбай баатыр баардыгын күлдүрүп отурган болот. Отургандардын бири «бул бала жомок айтат экен» — дейт. Бир киши кана, балам, айт — дейт. Сагымбай билбейм — дейт. 25 жаштар чамалуу, кара сур жигит колуна айбалтасын алып эшиктен кирип келет да чабамбы, же айтабы?—деп тап берет. Элди күлдүрүп олтурган ак жүздүү киши балам, жаш экенсиң, бөөдө өлүп калба, айтам де—дейт. Сагымбай коркконунан айтам дейт. Үч сурап, үч жолу айтам дедирип жооп алат. Сагымбай абайлап караса ошол өзү кирип турган чоң үйдүн ар кайсы жеринде жомок айтып жаткан кишилер. Алар бир эле окуяны эмес,ар кимиси чыгарманын ар кайсы окуясынан бирөө Манастын туулган жерин, экинчиси Көзкамандардын окуясы, үчүнчүсү Чоң казатты ж. б. айтып жатышыптыр. Сагымбайдын үч жолку жомок айтам! — деген жообун уккан соң олтурган кишилер тарткыла! — деген сөз менен жабдыктарын алып, дүр коюп чыгып жөнөшөт. Үйдүн ичине жарык кирип таң атып калган экен. Ойгонуп кеткен Сагымбай үйдөн чыгып жаткандарды даана көрүп, үйдөн чыгып жаткандарды көрдүңөрбү? деп үн чыгара катуу айтат. Үй-бүлөлөрү да көргөн болушат. Сагымбай да, башка ооруп жаткан ал үйдөгү адамдар да куландан соо болуп айыгып калышыптыр. Үйдөгүлөр жапырт туруп, түлөө союп жиберишет». Ушул окуядан кийин агасы Алишер экөө тең «Манас» айтып калышат.

 

Манасчылык жолу

Сагымбай Кеминде жашап туруп калып, Чүй боорун аралап «Манас» айтып жүрүп, эл бергендин эсебинен турмушуры биртоп оңолуп, ал жакта он чакты жыл байырлагандан соң кайрадан үй-бүлөсү менен Кочкорго кайра көчүп келишет.

Манасчы катары эл арасына тааныла баштагандан тартып өмүрүнүн акырына чейин Сагымбай «Манас» айтууну кесип кылып, жомокчулук менен күн көрүп, ошол өнөр ээлерине мүнөздүү жашоо тиричилигин башынан өткөрөт: жайы-кышы дебей эл кыдырып, бир айылдан экинчисине өтүп өз өнөрүн тартуулайт — «Манас» айтат, эл өз каалоосу менен бергендердин эсебинен жан сактап, үй-бүлөсүн багат.

Манас айтууну түш көргөндөн тартып айтып калуу бардык манасчылар үчүн эле мүнөздүү көрүнүш жана баштапкы баскыч. Манасчылардын аткаруучулук чеберчилигин, мазмунун тереңдигин, көркөм деңгээлин калыптандырган баскыч — устаттардан таалим алуу жана эл «Манас» айтып эл сынагына чыгып дасыгуу. Сагымбай Чүй өрөөнүндө жашап турган мезгилде легендарлуу улуу манасчы Келдибекке жоолугуп анын сынынан өтөт. Келдибек Сагымбайга өзүн кармоо, обон, кыймыл-аракеттерине чейин кылдат карап чыгып кеп кеңештерин берет. Улуу манасчылардын бири — Тыныбек дагы Сагымбайды айтырып көрүп, таалим берип, «Манаска» өздүк кошумчаларын кошпой таза айтууну эскертеткени тууралуу эл арасындагы аңыздар кеңири белигилүү.

Сагымбайдын легендарлуу эки улуу манасчынын сынынан өтүп, биринен аткаруучулук чеберчилик боюнча таалим алса, экинчисинен эпостун мазмун-маңызы боюнча кеңешин алгандыгы Сагымбайдын «Манасы» кандай жогорку талаптуу мектептен өтүп калыптангандыгынан кабар берип турат.

Сагымбай «Манас» айтып Чүй, Ыссык-Көл, Ат-Башы, Нарын, Суусамыр, Талас аймактарын аралап жүргөн. Өнөрү такшалып калган мезгилде Кетмен-Төбө аркылуу Анжиянтарапка «Манас» айтып кетип, 3 жыл жүрүп, аргымак минип, коштогон атка толтура пул жүктөп келгенин Сагымбайдын «Манасын» жазып калган Ы. Абдырахманов эскерет. Ушул эле окуяны, бирок 6 жыл жүргөн, — деп манасчы Шапак айткан.

Сагымбай манасчылыктан сырткары, той-аштарда дайым жарчы болуп, акындардын башында туруп, аларга түшкөн сыйлыктарды бөлүштүрүп берип жүргөн. Белгилүү адамдар өткөндө атайын чакыртып Сагымбайды алдырып турушкан. Сөздүн кеңири маанисинде, Сагымбай акындык кылып эл алдына чыгып айтышка түшкөн эмес.

1916 жылы эл менен кошо Үркүндө Кытай жергесине барат. Ал жакта Сагымбай «Манас» айтып жүрүп үй-бүлөөсүн асырайт.

1917 ж. Кытайдан кайткан элдин алды менен Ат-Башыга келип Кара-Коюн деген жерде кыштап калат. Кытайдан келген жылдын жайында агасы Алишер дүйнөдөн өтүп, жыл аягында жаш калган балдарын бириктирип бир үйдө багуу максатында, элдик салт боюнча жеңеси Марияны алат. Андан соң Ак-Талаадагы кытаттардын арасында көчүп барып, анда эки кыштайт. Үркүндө жүргөндө тапкан-тергенинен толугу менен ажыраган Сагымбай эки аял, алты кыз, бир эркек баланы ырдап жүрүп катуу жокчулукта, эптеп багып, күн өткөзгөн.

Ат-Башыдан көчүп Сагымбайдын үй-бүлөөсү Нарындын Бети-Кара деген жеринде эки жылча туруп калышат (1920-1922 жж.). Ушул жерде жашап жүргөндө Сагымбайдын айткан «Манасын» жазып алуу иши башталаган.

 

Манасты жаздыруу 1922-1926 жж.

1921-ж. Ысык-Көлдүн Төрткүл (Бөкөнбаево) деген жеринде мугалим болуп иштеп жүргөн Каюм Мифтаков ал жакта «Манас» айтып жүргөн Сагымбайга жоолугуп, ал айткан «Манас» зор таасир бергендиктен кагаз бетине түшүрүп калууну сунуштайт. Сагымбай башка бирөөнүн атын минип келгендиктен узакка кала албасытыгын айтып, кийинки жылы жоолугушуну шартташышат.

1922-ж. К. Мифтаков менен Сапарбай Сооронбаев Нарын аймагына Сагымбайдын «Манасын» жазып алганы келишет. Нарын уезддик Аткаруу Комитетинин төрагасы Ыбырай Тойчунов этнографтарга кагаз, сыя ж.б.у.с. шаймандар жагынан жардам көрсөтүп, расмий документтер менен жабдып Манасты жазуу ишине кеңири колдоо көргөзөт. К. Мифтаков Сагымбайды үйүнөн таппай, издеп барып Көк-Торпок деген жерде «Көкөтөйдүн ашын» айтып жаткан жерден үстүнөн чыгат. Бир жумача Сагымбайды ээрчип »Көкөтөйдүн ашын», »Чоң казатты» угушат. Бул жерден экспедицияга Ы. Абдыракманов келип кошулат. «Манасты» жаздыруу манасчынын көнгөн шартында, аудиториясынан бөлбөй аткаруу учурунда жазылып башталган. Текст жазуу иштери бир эле жерде жүргүзүлбөй, жомокчунун салттык турмушуна жакын мүнөздөгү шартта эл кыдырып, улам жаңы аудиторияда жүргүзүлгөн. Жазуу ишине киришүүдөн мурда катчылар текстти кандай жазуу боюнча атайын нускоолорду алышкан. Ушуларды эске алуу менен эпосту жазуу иши канааттандырарлык деңгээлде башталгандыгын белгилөөгө негиз бар. Тексттер ошол кезде кыргыздар арасында колдонулган араб тамагасында жазылынып алынган. Бирок ал тамгаларды кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтыруу аракети көрүлгөн эмес.

К.Мифтаков жана 1922-ж. май — ноябрь айларында Сагымбайдын «Манасын» жаздырууга катышып, кайра кайтат. Мындан кийин тексттерди жазуу ишине аралашкан эмес. С. Сооронбаев дагы мындан кийин кайрыла алган эмес. «Манасты» жаздырууну улантууга Сагымбай менен Ы. Абдыракманов калышат. Ы. Тойчунов Нарын уездик аткаруу комитетинин чечимин чыгарып, «Манастын» текстин жаздырууну колдоого алып, Сагымбай менен Ы. Абдыракмановду камсыздоону Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жаанбай уулу Абдылданын жоопкерчилигине жүктөйт. Текстти жазуу иштери системалык негизде жүргүзүлгөн эмес. Мисалы, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчкөн эпизоду 1922 ж. жазылып алынса, сюжет боюнча андан кийин келген Алооке жөнүндөгү окуялар 1924 ж. башында гана жазыла баштаган.

Иштин мындай ыраатта жүрүшүнө Сагымбайга системалык түрдө материалдык жардам көрсөтүлбөгөндүгү себеп болгон. Сагымбай үй-бүлөөсүн багуу максатында эл аралап «Манас» айтууну аргасыздан уланта берген. К. Мифтаков алгач келгенде берген 6 мата, элден чогултулуп берилген 8 койдон башка Сагымбайга жардам көрсөтүлгөндөгү тууралуу документалдык далилдер жок. «Манастын» текстин жаздыруудагы Сагымбайдын материалдык оор абалына анын үчүнчү казаттан тартып, тексттин аягына жаза баштаган арыздары күбө. Бул арыздарда өзүнүн оор абалын жеткизүүдөн башка маалымат жок болсо да, узак жылдар бою манасчыга улутчулдардын тийгизген таасири катары баа берип, аны жамандоо үчүн колдонулуп келген. Арыздарын бири:

«Баламдын асты он беш жаш,
Бир үйүмө караган
Арбыны аял, он төрт баш»

Ошол кездеги Нарын уезддик кызматкерлери Ы. Тойчунов менен Мукамбаевден сырткары тийиштүү мамлекеттик кызматтардын же анын өкүлдөрүнүн Сагымбайга назар салып ишине кызыгуу көргөзгөндүгү жөнүндө далилдер жок.

1924-ж. ноябрь айында манасчы менен анын катчысы Ташкенге илим комиссиясына чакырылат. Ы. Абдыракманов Анжиян аркылуу ат менен кетип, Сагымбай барбай калат. Ы. Абдыракманов Ташкенден кайрылып келип Сагымбайды Пишпектен жоолуктурат. Базарда Сагымбайды алып кетебиз деп солто уруусунун Бөлөкбай жана Талкан бөлүктөрү талашып жаткан болот. Натыйжада Пишпек станциясындагы чала-казактар алып кетип, Сагымбай жети күнү жүрүп, бир ээр-токумдуу ат минип, кездеме, көп акча, зер буюмдарын алып келген. Андан кийин Бөлөкбай, Талкандардын манаптары алып кетип 15 күн жүрүп бир тогуз жылкы, толгон өлүү буюмдарды алып келген. Сагымбай келип, эми «Манасты бүтүрөлү» — деп Ы. Абдыракмановду ээрчитип Кочкорго кетет.

1925-ж. чакырык кайта келет. Сагымбай менен Ы. Абдыракманов Ташкенге барышат. Жолдо баратканда, «эми чоңдор мага «Манасты» абдан айтырып сындайт ко» — деп Ыбырайымга кеңешип барат. Ташкенде болгон Эшенаалы Арабаев, Сыдыков Абдыкерим, Тыныстанов Касым, Токобаев Турдаалы, Тойчунов Ыбырайлардын бири дагы Сагымбайды чакыртып «Манас» айтырып же кара сөз түрүндө «Манастын» жайын айтырып угуп көрүшпөйт. Ал кездеги жаш жигит К. Тыныстановдун «Сиздин жаздырган «Манасыңыз» өзбекче болуп калыптыр « — деген сындоосуна катуу катуу теригет. Э. Арабаев Сагмбайга: «Иттин тезеги дары десе дарыянын башына кетет деген ырас ко. Сагымбай билген «Манасыңды» тез жазып бүтүрсөңчү, болбосо судга беребиз» — дейт. Э. Арабаевден кагуусу Сагымбайга катуу таасир тийгизет. Чогуу барган Ыбырай Абдыракмановдун пикири боюнча Ташкенде болгон жоолугушуу Сагымбайга оор из калтырып, чыгармачылыгына терс таасир тийгизген. Кочкорго кайтып келишип «Чоң казатты» жаздырып башташат. Жомокчу мурункудай айткысы келбей калгандыгы тууралуу Ы. Абдыракманов: «Сагымбай баштагыдай көөндөбөй коюп, мен жалынып бергенде айтып бергенде, жаздым. 1926 ж. «Манасты» жазып бүттүк. «Чоң казаттын» урушун, «Манастын» өлүмүн эң тар кылып жаздырды. Мен качалык жабышып айтсам дагы болбой, менин билгеним ушул — деп болбоду».

Ушундай шарттарга байланыштуу Сагымбайдан жазылган тексттердин ичинен аяккы эпизоддордун мазмуну тайкы, көркөмдүк деңгээли төмөн болуп калган. Бирок мындай көрүнүшкө жалгыз гана Ташкенде болгон окуялар эмес, Манасчынын 1924-ж. тартып нерв оорулуу болуп калгандыгын да эске алыш керек. Бул оорусунун себеби катары ыргагы менен мухиттей толкуп келген эпосту жаздыруу үчүн улам токтоп, улам өзүн кармап отургандыгында болгон.

1926-ж. август айында «Манасты» жаздыруу иши аяктап, жомокчу менен катчы өз жактарына тарап кетишет.

Жазылып алынган тексттердин көлөмү 180378 сап ырды түзгөн.

1929-ж. тартып айылдык жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Сагымбайды бай-манаптардын ырчысы деп кодулап, ыгым-чыгымды көп салышып, унчукпай төлөгөнүнө карабастан куугунтуктай башташат. Сагымбай эки аялы бар болгондуктан өзү дагы чочулайт. Натыйжасында Ысык-Көлдүн Тору-Айгырына көчүп кетет. 1930 ж. жазында Сагымбайдын оорусу катуулайт. Кочкордон туугандары келип жергиликтүү элдин каршылыгына карабастан Кочкорго алып кетишет. Жолдоно кабар уккан эл үч жерден тосушуп манасчыга жоолугуп абал сурашат. Аңырты суусуна боюна келгенде, 1930 жылдын май айында дүйнөдөн кайтат. Учурда күмбөзү жана жаткан жери Кош — Дөбө айыл аймагында жайгашкан

«Kochkor.info», 22.10.2016-ж.

Бөлүшүү

Макала Сагымбай Орозбак уулу — беш мал намаз окуп, динге берилген алп Манасчы бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Кыргыздардын териден жасалган салттуу бут кийимдери

$
0
0

Борбордук Азиядагы элдердин салттуу маданиятынын келип чыгышы жана алардын өзгөчөлүктөрү жашаган аймактарына, этникалык тарыхый өнүгүшүнө байланыштуу өнүккөн. Ошол эле учурда алардын жүргүзгөн чарбасынын түрлөрүнүн, коомдук өзгөрүүлөрдүн көрсөткүчтөрүнө карата кийген кийимдеринин айрым бир түрлөрү өзгөрүп дагы турган. «… Бирок бут кийимге салыштырмалуу баш кийимдер баштапкы абалын жоготкон эмес жана өзгөргөн эмес» [Старостина, 2009 : 3]. Бул жерде сөз баш кийим деп «калпак» жөнүндө кеп болуп жатат. Калпак – көчмөн кыргыз элин идеологиялык жактан бириктирип туруучу материалдык баалуулук, белги катары эсептелгендиктен, аны өзгөртүүнү каалашкан эмес.

Ал эми бут кийимдер этномаданий байланыштардын өнүгүшүнө, байланыштардын өсүшүнө жараша өзгөрүп тургандыгы бизге жеткен маалыматтар тастыктап турат. Алсак, князь В.И.Масальский Түркестандагы, Орто Азиядагы байкоолорунда кыргыздардын кол өнөрчүлүгүн, кийим-кечектерин сүрөттөп жатып: «… Терини иштетүү алгачкы жамааттык коомдогу ыкмалар менен иштетилгендиктен анчалык деле сапаттуу булгаарыларды алалышпайт. Ошондуктан аларга анчалык деле суроо-талап жок. Иштетилген терилерден өзгөчө белгилеп кете турганы, одуракай (сапатсыз) ийленген тери күрөң, кызгылт түстөргө боелуп, андан кепич, өтүктүн согончогун, кылычтын кындарын, ат жабдыктардын кооздуктарын жасашат. Орус бут кийимдери Орто Азияда өтө баалуу буюмдардын катарына кирет. Бирок алар шаарларда гана тараган…» [Масальский, 1913 : 532], – деп үстүртөн гана жазып, көп токтолбойт. Себеби тери ийлөөнүн түрлөрүнө, колдонгон ыкмаларына токтолгон эмес. Ошол эле учурда кыргыздардын бут кийими аны анчалык кызыктырган эмес окшойт.

Г.Бардашев: «… кыргыздар бут кийимин орустардын кызыл терисинен жасайт» [Бардашев, 1870 : 91; 1874 : 389], – деп, эч кандай түшүндүрмө бербей эле өтүп кетет.

Ушуга окшогон эле ойду С.Венюков өзүнүн эмгегинде төмөндөгүдөй билдирет: «… Кара кыргыздардын кийген бут кийим ташкенттиктердикине окшошуп кетет. Такалары бийик, артына кыска из калтырып кетет» [Венюков, 1861 : 110]. Бул жерде көрүнүп тургандай башка элдердин башкыр [Хасанова], татар [Кийк], Сибирь элдеринин [Смоляк] бут кийимдери сыяктуу кыргыз элинин бут кийимдери анчалык кызыгууну туудурбагандыктанбы көп токтолуп өтүшпөйт жана сүрөттөшпөйт. Ошол эле учурда бут кийимдерге салыштырмалуу териден жасалган башка буюмдар (чанач, көнөк, көөкөр, торсук, сабаа ж.б.) тууралуу кеңири маалыматтарды берип өтүшөт.

В.Масальский, Г.Бардашев жана С.Винюковдун: «… көчмөндөрдүн, анын ичинде «кыргыз элинин тери иштетүү ыкмалары өтө байыркы жана алынган булгаарылары сапатсыз», – деген оюна Л.Потапов алтай элдеринин маданиятын изилдеп жатып, төмөндөгүдөй баа берет: «Терини ийлөө жана үй жаныбарларынын, жапайы аңдардын иштетүүдө колдонулган курал-жарактар, ыкмалар эң байыркы, салттуу жолдор менен колдонулат. Бирок жасалган буюмдар өзүнүн эң жогорку сапаты жана ишенимдүүлүгү менен айырмаланат» [Потапов, 1997 : 29], – десе, Г.Загряжский: «Чала иштетилген, чылгыйлардан тасмаларды, курларды алышат. Бул жасалган буюмдарды сапатсыз, начар деп айтууга болобу? Чылгыйлар ээр каптаганга, ат жабдыктарга, нокто-жүгөн, көмөлдүрүк жасаганга, камчынын өрүмүнө жумшалса, ал эми ийленген булгаарылар, аларга түшүрүлгөн жез, күмүш жасалгалары аларды кооз көрсөтүп турат. Булгаарынын сапатын билгендер аларды макташат» [Загряжский, 1874. №30], – деген маалыматын калтырган.

Кыргыздардын теринин иштетишинде, пайдаланышында, анын сапаттуулугу тууралуу төмөндөгүлөргө токтолсо болот. Биринчиден, кыргыз эли Борбор Азиядагы байыркы элдерден болгондугу эч талашсыз. Демек, бут кийимдер менен орус келгиндери келгенге чейин эле камсыз болушкан. Экинчиден, кыргыздар көчмөн жана жарым көчмөн жашоо формасында жашап келишкендиктен улам көлүккө (ат, топоз, төө) мингенге ылайыктуу болгон такалуу өтүктөрдү жана басып жүрүүгө ылайыктуулугуна карап такасыз өтүктөрдү дагы даярдашкан. Ошондой эле аларга түрдүү аттарды дагы берип келишкендиги маалым. Үчүнчүдөн, кыргыздар жашаган аймактардын климаты кескин континенталдуу болгондуктан суукка ылайыктуу, аймактык өзгөчөлүктөргө жараша дагы бут кийимдер жасалган. Төртүнчүдөн, жоокердик жашоо шарттарына байланыштуу согушка ылайыктуу, чыдамдуу жана коопсуз бут кийимдер жасалган. Ал эми: «эмне үчүн кызыгууну туудурбаган?», – деген суроого бут кийимдерге ашыкча оймо-чиймелерди, түстөрдү бере бербегендиктен же кооздолгон, көркөмдөлгөн бут кийимдер аз санда гана жасалгандыктан алар жолуктурбай калышкандыр. Анын үстүнө аздектүү кийимдерди сандыкка салып сактоо адаты кыргыз элинде байыртадан эле болуп келген.

Кыргыздар колдонгон жана жасаган бут кийимдер бир нечеге бөлүнгөн. Алгач археологиялык табылгалардан табылган өтүктөр тууралуу маалыматты келтирип өтөлү. А.Н.Бернштам 1939-жылы Кеңкол көрүстөнүнөн тапкан аялдын жибектен көйнөгүн изилдеп жатып, анын шымы булгаарыдан жасалгандыгын, ал эми кийген бут кийими такасыз жумшак өтүк болгондугун белгилеп, өтүктү азыркы мезгилдеги чарыкка окшоштурган [Бернштам, 1997 : 37]. Ушуга окшош эле археологиялык табылгалар Талас суусунун жанындагы кургандардан тери шым, ортоазиялык типте жасалган чарыкка окшош, жумшак тери өтүк табылган [Бернштам, 1998 : 39]. Бул жерде биздин айтайын деген оюубуз кыргыздар такалуу же такасыз кийимдерди кийген, кийбегендигин изилдөөгө алуу болуп эсептелет.

Ал эми Б.Солтоноев өзүнүн эмгегине: «… Белдемчи тартынбаган катын, шым кийбеген эркек болбогон. Кыз-келиндери көк шалылап ултарып, көөр чөгөлөтүп, такасы бийик өтүк кийген. Кепичти кийген «кулундуу бээдей кылат» деп жактырбаган» [Солтоноев, 2003 : 12], – деп, бул жерде өтүктү кооздоп, оюу түшүрүп жасагалгандыгы тууралуу айтылып жатат. Ушундай эле ойду этнограф Н.Момунбаева дагы карманат: «Булгаарыдан тигилген бут кийимдердин көпчүлүгү учу кайкыйган такалуу жасалат жана сыйлуу кийимдердин катарына кирет» [Момунбаева, 2014 : 135] – деген маалыматты беришет.

Орто Азия элдерин изилдөөгө алган Л.Костенко дагы алардын бут кийим тууралуу төмөнкүлөрдү билдирген: «Бут кийимдер бышык эмес жергиликтүү терилерден жасалат. Эгер ортоазиялыктардын бутундагы кийип жүргөн өтүгү көпкө чейин жыртылбай калса, анда өтүктүктүн бышыктыгынан эмес, көп баспай ат үстүндө жүргөн деп чечим чыгаруу керек. Өтүктөрдүн такалары жука жана бийик жасалат. Өтүктүн баштары жогору карай ийилип турат» [Костенко, 1870 : 59]. Сүрөттөөдө көрүнүп тургандай кыргыздардын бут кийими тууралуу айтылган. Тилекке каршы, бут кийимдердин такалары эмне себептен бийик жасалары, тумшуктарынын жогору карашы тууралуу суроо салышкан эмес.

И.Б.Молдобаев «Кыргыз эпосу, кийим-кечектердин тарыхында булак катары» деп аталган макаласында, эпостордо, дастандарда сейрек кездешкен кийимдер тууралуу: «Жаңыл мырза» эпосунда аялдардын баш кийими «кундуз тебетей» (кыздардын кундуздун терисинен жасалган баш кийими) менен кошо «үпүкө өтүк» эскерилет. Ошол эле учурда эпостордун бардыгында айрыкча баатырлар кийип жүрүүчү, тумшуктары жогору карай ийилген «накери» деп аталган бут кийим тууралуу маалыматтар кездешет. Бул кийимдердин бардыгы бул мезгилге чейин дыкат сүрөттөлүп жазылган эмес, ошондуктан атайын изилдөөлөрдү талап кылат [Молдобаев, 1979 : 137], – деген оюн калтырып кеткен.

Эпостордо төмөндөгүдөй бут кийимдердин аталыштары дагы кездешет: көк жеке, жекесан, үпүкө, накери, кырмызы, бул өтүктөр өтө баалуу бут кийимдердин катарына кирсе, күнүмдүк турмушта же жөнөкөй катмардагы адамдар кийген бут кийимдер: чылгый кайыштан жасалган (ийленбеген) чокой, кепич, мөкү, чарыкка [Айдаркулов, 2006 : 162; Акматалиев, 1996 : 185] окшогон бут кийимдерди кийишкен. Жогорудагы саякатчы-изилдөөчүлөр ушул бут кийимдерди, иштетилбеген териден жасалган өтүктөрдү көрүп алышкан өңдөнөт.

Тарыхчы-этнограф К.Айдаркулов өзүнүн эпостордогу кездешкен бут кийимдерди изилдөө тууралуу макаласында аларды кеңири сүрөттөөгө алганга аракет жасаган. Ал улуттук академиянын кол жазмаларынан тапкан маалыматтарына таянып, эркектер кийген эң кымбат баалуу өтүк – «көк жекени» эл башкаруучулар гана кийгендигин белгилеп, «Семетей» эпосунан үзүндү келтирет: «… Кош оймолуу: көк жалдуу / Булгаары өтүк миз таман / Өкчөсү карыш «көк жеке» / Оймо така ичинде / Алтындан кылган жылаажын / Кош коңгуроо жеке сан / Козголсо үнү шыңгырап» [Айдаркулов, 2006 : 162]. Эми бул айтылган сөздөрдү чечмелеп көрөлү. Бул «кош оймолуу» дегени өтүктүн эки тарабына: ички жана сырткы тарабына оюу түшүрүлгөн, «көк жалдуу» – өтө бышык, бекем; «миз таман» – тегиз, чебердик менен жасалган; «өкчөсү» – бут кийимдин, өтүктүн такасы айтылган [Манас, 1959 : 315]; «оймо така» – таканын ичи оюлуп, ага алтындан же күмүштөн жасалган коңгуроо салынган [Антипина, Көчкүнов, 2004 : 44]; «жеке сан» – «Манас» эпосунун түшүндүрмөлөрүндө – төөгө таккан чоң коңгуроо катары берилсе [Манас, 1959 : 312], К.Юдахин, А.Акматалиев, К.Айдаркуловдордун эмгектеринде бут кийим катары айтылып жүрөт. «Манас» эпосунун бир вариантында «жеке» – белге курчанган баалуу кемер, экинчи бир вариантында – ар түрдүү кайыштан куралып жасалган өтүк катары сыпатталат [Манас, 1959 : 312]. Демек, жеке – бул баалуу булгаары, жогорку сапатта ийленген «көн». Ал эми «сан» сөзү – кадыр-барктуу, даңазалуу [Кыргызча-орусча сөздүк, 2015 : 631] деген ойду берип, буюмдун баалуулугун белгилеп жатса керек.

Экинчи бир ой, өтүктүн таманына «жеке сан — коңгуроо» салынгандыктан өтүктүн аты, анын аты менен аталып калышы дагы толук мүмкүн.

Дагы бир өтө кызыктуу маалыматты К.Айдаркулов өзүнүн эмгегинде келтирет: Абыке, Көбөштөн Бухараны көздөй качып бара жатышкан Каныкей, Чыйырдынын минген аттары арыгандыктан өлүп калганда, көкжеке өтүктөрү менен баса албай калышат. Себеби, өтүктүн кончунан баштап, тизеге чейин, өтүктү тумшугунан кызыл ашыкка чейинки бөлүктөрү, баалуу төрт бурчтуу алтын, күмүштөр менен шөкөттөлгөн. Өтүк ушунчалык аземделип жасалгандыктан оор болгон. Аны ат үстүндө кийүү ыңгайлуу болгону менен кийип басуу кыйынчылыкты туудурган. Ошондо зээни кейиген Каныкей: «Өкчөсү карыш көк жеке / Көк жеке кийип жөө баскан / Бу кайсы сөөлөт болот деп» [Cеметей, инв. 842, 151], – өлгөн аттын жанына көк жекени жана башка оор буюмдарын чечип салып, аттын арткы шыйрагын чандырга чейинки бөлүгүн туюк сыйрып алып, андан чарык жасап кийишет. Мындай бут кийимдин түрү көбүнчө уйдун, өгүздүн же жылкынын арткы шыйрактарынан гана жасалган [Айдаркулов, 2006 : 164]. Анткени малдын арткы буту жоон жана адамдын тизесине ылайыктуу келген. Мындай түктүү, туюк иштетилген териден жоон санга чейин жеткен кончтуу өтүктөр жасалгандыгын, көбүнчө кыштын күнү кийилгендигин Кызылсуулук аксакал Кален Асанакун да белгилеп өтөт [Капалбаев, 2013 : 9].

Сибирь элдери дагы бугулардын буттарынын тизеден ылдыйкы, катуу кылдуу бөлүгүнөн бут кийимдерди жасашкандыктары белгилүү [Cмоляк, 1983 : 124]. Бугу, багыштын тизеден ылдыйкы катуу, кайраттуу жүндүү бөлүгүн Сибирь элдери «камус» деп аташкан. Камустан жасалган бут кийимге, кол каптарга кар жуккан эмес. Сибирь элдери өтө катуу суук болгон учурларда же узакка созулган көч мезгилинде бир нече каат тондорду жана өтүктөрдү кийип алышкан [Бодрова, 2004 :88].

Көк жеке өтүгүн аялдар, эркектер дагы кийишкен. Болгону күнүмдүк турмушта эмес, салтанаттуу учурларда, аш-тойлордо жана көчтүн жүрүшүндө кийилген. «Семетей» эпосунда төмөндөгүдөй берилет: «Алдында Буурул койкоюп / Көкжеке бутта чойкоюп / Асаба колдо калкылдап / Бозкисе жанда жаркылдап» [Семетей, 1959 : 185].

Дагы бир өтүктүн түрү «үпүкө өтүк» деп аталган. Ал музоонун терисинен жасалган (орусчасында «опойковые сапоги» деп берилген – К.О.) [Русско-кыргызский словарь, 2012: 480]. Кыргыздар малдын курсагынан өлүп түшкөн балдарынын (улак, козу, музоо, кулун) терилерин дагы иштетишкен. Ичтен түшкөн улак, музоо же кулундун териси «жылбырскы» [Сыдыкбеков, 1989 : 15] деп аталган. Себеби, жаңы туулган малдын териси уяң, жумшак, суйдаң жана көркөмдүү болгондуктан түктүү терини иштетүүдө мыкты жердиктердин катарына кирген. Көбүнчө, кончтон жогорку бөлүгү жасалган. Бул терини иштетүү дагы жеңилге турган. Териде май аз болгондуктан жана кол менен ийлөөгө да ылайыктуу болгон [Капалбаев, 2013 : 8]. Теринин жүнү үлпүлдөп жакшы көрүнүп тургандыктан, убакыттын өтүшү менен үпүкө өтүк деп аталып калышы мүмкүн. Тилекке каршы, үпүкө өтүктүн аталышы жана жасалышы тууралуу этнографиялык материалдарды жолуктура албадык. Андан сырткары бул терилерден көбүнчө баш кийимдер, тебетейдин кыргактары, төбөсү жасалып келген.

«Манас» эпосунун түшүндүрмөсүндө «накери» деп аталган бут кийимдин дагы бир түрү кездешет. Анын 1-мааниси, тумшугу шуштугуй келип, өйдө кайкалаган, оюу-чийүү менен кооздолгон азем өтүк. 2-мааниси, ошол эле өтүктүн баатырларга ылайыкталып иштетилген ок өтпөс үлгүсү [Манас (Сагынбай Орозбаков), 1995 : 499; Семетей, 1959 : 320]. «Накер» – сөзү К.Юдахиндин сөздүгүндө, «баалуу үзөңгү, накери теке мүйүздөн» [Юдахин, 2015 : 550], – деген маанини берет деп турат. Эгерде накери темирге, мүйүзгө карата дагы айтылып жаткан болсо, демек, бекем, бышык, чебер жасалган деген маанини түшүндүрсө керек.

«Накери бутта тайпайып / Элечек башта кайкайып» [Семетей, 1959 : 153], – Чачыкей кийген өтүк жөнүндө сөз болуп, мында накери өтүктү аялдардын дагы кийгени белгилүү болуп жатат.

Туюк өтүк, кончу кең / Чобдор өтүк такасыз [Манас (Сагынбай Орозбаков, IV том), 1982 : 68]. Бул жерде көрүнүп тургандай, такасыз өтүк жөө жүргөнгө ылайыкташылып жасалган болушу керек. Себеби такасыз өтүк үзөңгүнү темингенде ичине кирип кете берип ыңгайсыздыкты жараткан. Ал эми така үзөңгүгө буттун кирип кетишинен сактап турган.

Дагы бир өтүктүн түрү катары булгаарыдан тигилген, такасыз, өтүктүн формасында апкыты катуу жасалган маасыны дагы пайдаланышкан. «Кырым маасы нөкөрлүү / Үзөңгү бутта чойкоюп» [Cеметей, инв. 1075 : 39], «Желим кепич, миз така / Кырмызы маасы сайпана» [Cеметей, инв. 5192 : 53]. Белгилей кетчү нерсе, Казань татарларынын материалдык маданиятын жазган окумуштуу Н.И.Воровьев: «… Казань татарларына оюу түшүрүлгөн бут кийимдер алгач Орто Азиядан (Бухарадан) келген, бул өнөр акырындык менен өнүгүп олтуруп, жыйынтыгында Орто Азияны бут кийим менен камсыз кылып, ири базарларда жергиликтүү өндүрүш менен ат салышып баштаган» [Воровьев, 1953 : 318-399], – деп жатат. Демек, өтүктүн көркөмдөлүп, нөкөрлөнүп жасалышы Орто Азиядан башталган. Бирок акырындык менен Казандык, Крымдык татарлар техниканын жардамы менен жогорку сапатта жасоого жетише башташкан. Ал эми «кырмызы» деген сөз, ачык кызыл, кыпкызыл өңдүү дегенди түшүндүргөн [Кыргызча-орусча сөздүк, 2015 :496].

Дагы бир кызыгууну туудурган жагдай «желим кепичтин» жасалышы. Бодо малдын терисин ийлөөнүн алдында ийректин, тарткынын жардамы менен челдеп алат, ошол челденген «эт-челден» желим жасалган. Аны казанга салып көпкө кайната бергенден улам кызыл-сары уюган илешкек желим чыккан. Эгер ага жылкынын тарамышын аралаштырып кайнаткан учурда жыгачты, терини жулуп кете албай тургандай бекем кармаган желим алынган [Капалбаев, 2015 : 2]. Бул жерде желимден өзүнөн жасалганбы же желимделип жасалганбы, так айтуу мүмкүн болгон жок.

Археологиялык казуулардан табылган маасыны С.И.Руденко жана Д.Ф.Винник төмөндөгүдөй сүрөттөшөт: «Таманы 5-7 каат териден турат. Анын узундугу 26,5 см, туурасы 6-6,5 см. Тумшугу шиш жана азыраак жогору карай кайрылып турат. Тамандын каптал тараптарында узунунан жогорку бөлүгүнө тигилге турган жерлеринен тешиктер кеткен. Ички бөлүгүнүн согончок тарабына бир нече каат кайыштын кесимдери салынган. Тамандар такасыз болгон…» [Руденко, 1960 : 40; Винник, 1963 : 84-85]. Маасыны эркектер, аялдар дагы кийишкен. Башкырларда жумшак өтүктөрдү жана үй ичинде кийүүчү бут кийимди эчкинин терисинен жасашкан [Хасанова, 2011 : 21].

Маасы – такасы жок, чулгоо оролуп кепич менен кийилүүчү кончтуу, жеңил бут кийим. Мунун жасалышына, жердигине карай «намеркан маасы» («амыркен», «намеркан» деп атала берген, лакталган өтүк дегенди түшүндүргөн [Кыргызча-орусча сөздүк, 2015 : 551]. Бодо малдын, көбүнчө уйдун терисинен ички бөлүгүнөн кырылып алынган, аны сууга бир күн кечке кайнаткан учурда ылжыраган кызгылт сары түстө желим алынган. Аны катыргандан кийин, кайра суу кошуп кайнатканда лак пайда болгон [Капалбаев, 2015 : 2]), «куром маасы» (булгаары) деген кездешкен. Алар оң жана сол бутка ылайыкталып, айырмалуу (эки жактуу) жана эки бутка бирдей (бир жактуу) тигилген. Чеберлер колдо өтө жакшы ийленген булгаарыдан маасыларды ултарып, ага чийме сынпоос оюулар түшүрүлгөн. Эркектерге жана аялдарга деп өзүнчө даярдалган. Албетте чоң, кичинесинен деле билинген. Бирок, оюуларынан чоң айырмаланган. Бул жерде жаш өзгөчөлүктөр дагы эске алынган. Жаштар кийген маасынын кончунун алдыңкы беттерине оюулар жана боектор түшүрүлгөн [Капалбаев, 2015 : 16, Акматалиев, 1996 : 156].

Кепич – кол булгаарыдан ултарылып, бүчүсүз жана боосуз жасалган бут кийим. Маасынын сыртынан кийилгендиктен башы ичтелип жасалат. Кеп жыгачка кийгизип алып, четтери тарамыш менен кайылып ултарылат. Тигүү иштеринде кыргыздар малдын буттарындагы, желкесиндеги, кыр аркасындагы тарамыштарды чийки кезинде эле кесип алып, аны күнгө кургаткандан кийин, чакан жыгач токмок менен акырын, кертилип кетпегендей күч менен ургулап, тарам-тарамга бөлүп алган жана тигилүүчү буюмдун өлчөмүнө жараша кайра эшип, аны учук катары пайдаланганды жакшы өздөштүрүшкөн. Кепичтин апкыты катуу болсун үчүн арасына жука жыгач салынган. Таманы анча бийик эмес такасы, жыгач мык менен ички таманга бекитилген. Кепич өтө бышыктыгы менен айырмаланган [Акматалиев, 1996 : 102]. Кепич менен маасынын практикалык мааниси өтө чоң болгон. Бутту таза жана жылуу кармаган, ошол учурда кийип-чечүүдө өтүк сыяктуу көп кыйынчылыктарды жараткан эмес.

«Манас» эпосунда дагы бир бут кийим: «Бутунда кош-кош өтүгү / Келгири бар тепейген» [Манас (Сагынбай Орозбаков), 1995 : 323] кездешет. «Келгир» – калың булгаарыдан тигилген апкыттуу кепич [Манас (Сагынбай Орозбаков), 1995 : 482].

Чокой, чарык сыяктуу эле бут кийимдин дагы бир түрү келгир деп аталып жаткандыгын көрүп жатабыз. Демек, бул жерден өтүктүн бардыгы эле узун кончтуу болбостон, кыска кончтуу да өтүктөр жасалган [Айдаркулов, 2006 : 165], – деп, бүтүм чыгарууга болот.

Кыргыздардын жакыр бөлүгү чарыкты, чокойду көбүнчө уйдун же жылкынын чылгый (ийленбеген, жыдытылган) терисинен бычып тигишкен. Таманы бутка ылайыкталып, өзүнчө кесилип даярдалып, аны кончуна атайын даярдалган тарамыштар менен тигип алышкан. Чарык жасалган кайыш өтө жакшы ийленбегендиктен жылаңайлак бутка кийген учурда, буттарды жоорутуп жибергендиктен сөзсүз түрдө кездемеден даярдалган чулгоо менен кийишкен. Чарык бутка кийгенге жеңил болгон. Бирок балтырдан ылдый сыйгалана бербеши үчүн үстүнөн тасма менен ороп алышкан. Таманы жука болгондуктан тез эле жыртылып калып турган. Суу тийген учурда сууну өткөрүп жиберген, ийленбегендиктен жыт дагы чыгып турган. Буттан чечип алуу дагы кыйынчылыкка турган. Себеби күнгө кийилген өтүктөр ысыктан таарыган. Ошондуктан жылкынын майы менен майлап койгон учурларда кездешкен. Мындай бут кийимдер бир айга жеткен [Капалбаев, 2015 : 3; Бурковский, 1957 : 78; Антипина, 1962 : 231; Момунбаева, 2014 : 132]. Ошондуктан тез-тез чарык жасап кийгенге мажбур болушкан.

Чарыктын дагы бир түрү, териден буттун таманынан ашыкча өлчөп, жээктерин жогору карай кайрып, боо менен тартып алышат. Өтө жөнөкөй жол менен жасалгандыктан көзгө комсо жана жупуну көрүнгөн [Капалбаев, 2015 : 3; Момунбаева, 2014 : 132]. Ошондуктан бул чарыкты жасоодо эчкинин, коендун терисинен дагы жасап алышкан. «Коендун териси бир күндүк чарыкка жараптыр», – деп кыргыз макалдарында айтылгандай, бир күндүк чарыктар дагы жасалган.

Чокойдун дагы бир түрү мөкү деп аталып, анын айырмачылыгы учу кайкайып жогору карап турган [Антипина, 1962 : 231]. Кыргыздарда бут кийимдин аты менен аталган ысымдар да көп кездешкен. Алсак: Чокой, Чарык, Мөкүш, Мөкүбай, Мөкү деген аттар тарыхта көп кездешет.

Кыргыз элинде: «Бирөөнүн элинин султаны болгончо, өзүңдүн элиңдин ултаңы бол», – деп айтылган макал, андан сырткары эпостордо: «Өзгөгө султан болгуча / Өз элимдин колунда / Ултаң болуп өтөйүн!» [Семетей, 1959 : 81], – деген «ултаң» кошулган сөздөр айтылат. Көрсө «ултаң» деп өтүктүн таманы айтылган экен. Андан сырткары, «ултаң бет» түшүнүксүз, уятсыз, абийирсиз (бети өтүктүн, чокойдун таманы маанисинде) деген маанини билдирген [Кыргызча-орусча сөздүк, 2015 : 803].

Байыркы түрктөр дагы чылгый кайышты көп пайдаланышып, андан бут кийимдерди, кийимдердин кээ бир түрү, ат жабдыктарын, кур, аркан, баштык, кап жана сүт азыктарын сактаган идиш-аяктарды жасашкан [Потапов, 1997 : 23].

В.Я.Бутанаев өз эмгегинде: «Саян-Алтайлык түрктөр жайкысын териден жасалган бут кийимдерди, ал эми кышкысын түктүү териден жасалган өтүктөрдү кийишкен. Бут кийим хонгор, тува жана алтай тилдеринде «одик» жана «маймак» деп аталат. Биринчи жазылган сөз байыркы түрктөрдүн «etik», «etuk» деген сөзүнөн келип чыккан. Бул териден жасалган жумшак өтүк дегенди түшүндүргөн. Экинчиси, азыркы мезгилдеги түрк тилдерде сүйлөгөн элдерде окшош сөздөр кездешет. Алсак, кыргыздарда «байпак» – жүндөн жасалган, казахтарда «байпак» – кийизден жасалган бут кийимдерди аташкан.

Ысык күндөрү эркектер кендирден жасалган «нынгмах» (нынгмах маймах) деп аталган өтүктөрдү кийишкен. Анын таманы бодо малдын ийленген терисинен, такасы жок, жумшак жасалса, кончу кендир кездемеден тигилген. Кончу бой токтотуп тура албагандыктан, сыртынан «поос» деп аталган боолор менен таңып алышкан. Чулгоонун ордуна «азанат» деп аталган кургаган чөптөрдү пайдаланышкан.

Жайында кийген өтүктүн дагы бир түрү «сагиры» (сагыр маймах) деп аталган. Мындай аталып калышы жылкынын үч кошконунан («сагыр») жасалган. Үч кошкон теринин башка жерлерине салыштырмалуу калың болгондуктан ушундай ат беришкен [Бутанаев, 2015 : 48], деп – бут кийим, анын аталыштары, жасалыштары тууралуу кенен маалымат бери өтөт. Алардын өтүктөрүнүн жасалыштарында жана аталыштарында гана азыраак айырмачылыктар болгону менен жалпы окшоштуктар бар экендиги байкалат. Алсак, көчмөн элдердин бардыгы эле малдын терисинин кайсыл жерлери калың болоорун, аны эмнелерге жумшаш керек экендигин, кандай бут кийимдер жасалышы ылайык, жакшы түшүнүшкөн.

Кыргыздар өтүктөрдү чулгоосуз, ороосуз кийишкен эмес, ороолор көбүнчө жүндөн жасалган. Ал эми колунда бар адамдар матаны чулгоо катары колдонушкан. Албетте, колунда жок адамдар өтүктөрдү чулгоосуз кийген учурларда буттарын өйкөп, жаралантып жиберген учурлар кездешкен [Момунбаева, 2014 : 134].

Бут кийимдер аймактык өзгөчөлүктөргө, элдин жайгашуусуна жана этномаданий байланыштарга жараша дагы жаңыланып, өзгөрүп турган. Алсак, Кыргызстандын түштүк аймагында эркектер күнүмдүк турмуш-тиричилигине кийген пайчеки бут кийимин пайдаланышкандыгы белгилүү. Ал ийленген уйдун терисинен жасалган, таманы эки-үч кабатталгандыктан калың көрүнгөн жана кончу тизеге чейин жетип турган. Тамандын калың жасалашы, көпкө чыдаган [Бурковский, 1957 : 78; Момунбаева, 2014 : 133]. Мындай окшош жасалган бут кийимдерди туркмен элдери дагы пайдаланышкандыгын өзбек, туркмен элдеринин кийимдери боюнча адис, этнограф А.С.Морозова өзүнүн эмгектеринде белгилеп кеткен [Морозова, 1971 : 219].

XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап, орус келгиндеринин көбөйүшү, коомдук-саясий абалдын өзгөрүшү, кыргыз аймактарынын Россиянын курамына өтө башташы менен салттуу бут кийимдерди жасоодо, колдонууда кескин өзгөрүүлөр башталган [Сухарева, 1982 : 11]. Кыргыздар Россиянын завод-фабрикаларынан даярдалган булгаарыларды, бут кийимдерди сатып алып пайдалана башташкан [Айтбаев, 112]. Албетте өндүрүштөн чыккан бут кийимдердин келиши, элге тарашы кыргыз элинин жашоосун жеңилдеткен. Бут кийимге болгон талап азда болсо азайган. Себеби жогоруда айтылгандай сапаттуу бут кийимдер менен колунда бар адамдар гана камсыз болуп, ал эми коомдун үчтөн эки бөлүгү чынында эле иштетилбеген, чылгыйдан жасалган чокой, чарык, кепич, көлөч, мөкүлөрдү кийишкен. Бирок жергиликтүү усталар жогорку деңгээлдеги сапаттуу, кооз бут кийимдерди чигиримден, булгаарыдан, көндөн жасашкан. Бул өтүктөрдүн үлгүсү сакталбагандыгы, тарыхый булактарга сүрөттөлүп түшпөй калгандыгы өкүнүчтүү.

Кыргыздар жогорудагы аталган өтүктөрдүн, бут кийимдердин бардыгын тең кеп жыгачтын жардамы менен жасашкан. Бут кийимдерин ултарууда кеп катары, үлгү катары колдонушкан. Усталар аны арчадан, кара жыгачтан, кайыңдан бут түспөлүндө сыйдалап, жасап алышкан. Ал кийүүчү буттун көлөмүнө жараша ар кандай өлчөмдө жонулган. Жасай турган бут кийимдин кайышын алгач бычып алгандан кийин, таманын жаткырып, ага каптал бөлүктөрүн тарамыш менен ултарып, эки тамандык кайыштын ортосуна жыгачтан жасалган тамандын үлгүсү жаткырып, жыгач мык менен кагып, кайра таман жаткырып, желимдеп коюшкан [Акматалиев, 1996 : 96; Капалбаев, 2015: 5; Бутанаев, 2015 : 49]. Бут кийимди мындай жасоонун ыкмасы бүгүнкү күндө деле сакталып келе жатат. Болгону курал-жарактар жана даяр терини иштеткендиги менен айырмаланып турат.

Жыйынтыктап айтканда, кыргыз эли, кыргыз усталары бут кийимдердин бир нече түрүн: кончтуу, кончсуз, такалуу, такасыз, наар түшүрүлгөн, нөкөрлөнгөн, алтын-күмүш жаткырылган, коңгуроолуу (жылаажындуу) бут кийимдерди жасап келишкендиги оозеки элдик чыгармаларда так жана таасын белгиленген. Мал чарбачылыкка, аймактык өзгөчөлүктөргө ылайыктуу салттуу бут кийимдерди жасоонун мыкты үлгүлөрүн өздөштүрүшкөн деп так кесе айтууга болот.

 

Колдонулган адабияттар

  1. Айдаркулов К. О некоторых видах старинной обуви кыргызов (по данным эпоса «Семетей») / С.М.Абрамзон и вопросы кыргызской этнографии: (К 100-летию со рождения С.М.Абрамзона) / Сост.: И.Б.Молдобаев, Ж.Ж.Пиримбаева. Б., 2006. – С. 161-166.
  2. Айтбаев М.Т. Историко-культурные связи киргизского и русского народов (По материалам Иссык-Кульской области Киргизской ССР). Фрунзе, 1957. – 172 с.
  3. Акматалиев А.С. Кыргыздардын кол өнөрчүлүгү: Колдонмо / Көркөмдөгөн сүрөтчү К.Коеналиев; Илим. проп. «Мурас» ишкер долбоору. – Б.: «Кыргызстан», 1996. – 328 б.:
  4. Антипина К.И. Особенности материальной культуры и прикладного искусство южных киргизов (По материалам, собранным в южной части Ошской области Киргизский ССР). – Фрунзе: Издательство Академии наук КиргССР, 1962. – 288 с.
  5. Антипина К.И., Көчкүнөв А.С. Кыргыздардын элдик кийимдери. Анкара, 2004. – 242 б.: илл.
  6. Бардашев Г. Сведения о дикокаменных киргизах // «Туркестанские ведомости», 1870, №15. – С. 91.
  7. Бардашев Г. Заметки о дикокаменных киргизах / Материалы для статистики Туркестанского края. Ежегодник выпуск III. – Санкт-Петербург, 1874. – С. 384-390.
  8. Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Сост.: К.Ташбаева, Л.Ведутова. – Б.: «Айбек», 1997. – 560 с.
  9. Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Том II. Сост.: К.Ташбаева, Л.Ведутова. – Б.: «Айбек», 1998. – 704 с.
  10. Бодрова А.Ш. Традиционный костюм коренных народов Сибири как отражение эмпирической ментальности // Вестник ТГПУ. 2004. Выпуск 4 (41). Серия Гуманитарные науки (История, археология, этнография). – Томск, 2004. – С. 85-90.
  11. Бурковский А.Ф. К вопросу обработки животноводческого сырья у киргизов / Ученые записки, выпуск второй. Киргизский женский педагогический институт им. В.В.Маяковского. Фрунзе, 1957. – С. 71-106.
  12. Бутанаев В.Я. Национальная одежда хонгорцев / Хоорай чонның сымайлыхха паза суре кисчең киптери / В.Я.Бутанаев. – Абакан, 2015. – 336 с.
  13. Воровьев Н.И. Казанские татары: (этнографическое исследование материальной культуры дооктябрьского периода) / Н.И.Воробьев. – Казань: Татгосиздат, 1953. – 382 с.
  14. Венюков М.И. Очерки Заилийскаго края и Причуйской страны. Записки императорскаго русскаго географическаго общества, книга четвертая. Издаваемыя под редакцией А.Н.Бекетова. – Санкт-Петербург, 1861. – С. 79-116.
  15. Винник Д.Ф. Тюркские памятники Таласской долины // Архелогические памятники Таласской долины. – Фрунзе, 1963. – С. 84-85.
  16. Загряжский Г.С. Быт кочеваго населения долин Чу и Сырь-Дарьи / Туркестанские ведомости 1874. №30. – С. 119.
  17. Капалбаев О.Э. Автордун талаа материалдары. КЭР Кызылсуу автономиялуу облусу, дептер №1, 2013. – 27 б.; Ош, Баткен областтары. 2015. – 9 б.; Чүй, Талас, Кетмен-Төбө, Нарын, Ысык-Көл, Чоң Алай өрөөндөрү. 2016. – 32 б.
  18. Кийк Д.А. Принципы художественной обработки кожи в декорировании этнической обуви Казанских татар и народов Крайнего Северо-Востока // Ученые записки Таврического национального университета им. В.И.Вернадского. Серия «Философия. Культурология. Политология. Социология». Том 27 (66), №1, 2014. – С. 80-88.
  19. Костенко Л. Среднее Азии и выдворение в ней Русской гражданственности. Съ картою Средней Азии. С.-Петербург, 1870. – 358 с.
  20. Кыргызско-русский словарь. Около 40000 слов / сост. Юдахин К.К. – Б.: «Кут-бер», 2015. – 976 с.
  21. Манас. Биринчи бөлүк, 2-китеп. Фрунзе: Кыргызмамбас, 1959. – 318 б.
  22. Манас. 4-китеп. С.Орозбаковдун варианты. Кыргыз ССР Илимдер академиясы, Тил жана адабият институту. – Фрунзе: «Кыргызстан», 1982. – 360 б.
  23. Манас: Кыргыз элинин баатырдык эпосу: 2-китеп. С.Орозбаковдун варианты / Сүрөтчүсү Б.Жайчыбеков. – Б.: Кыргызстан, 1995. – 800 б.
  24. Масальский В.И. Россия. Полное географическое описание нашего Отечества. Настольная и дорожная книга / Под ред. В.П.Семенова-Тянь-Шанскаго. – Санкт-Петербург: Издание А.Ф.Девриена, 1913. – 861 с.
  25. Молдобаев И.Б. Киргизский эпос как источник по истории одежды / Советская этнография. М.: Издательство «Наука», 1979. – С. 137-140.
  26. Момунбаева Н.С. Түштүк кыргыздардын салттуу кийимдери (XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башы. Этнографиялык талаа материалдарынын негизинде). – Б., 2014. – 198 б.
  27. Морозова А.С. Традиционная одежда туркмен // Традиционная одежда народов Средней Азии и Казахстана. – М., 1989. – С.254.
  28. Потапов Л.П. Традиционная народная культура алтайцев-наследница древней цивилизации кочевников Центральной Азии / Народы Сибири: история и культура (Серия «Этнография Сибири»). – Новосибирск: Институт археологии и этнографии СО РАН, 1997. – С. 22-30.
  29. Руденко С.И. Культура хуннов и Ноинулинские курганы. М.;Л., 1960. – С. 40.
  30. Русско-кыргызский словарь: 51000 слов / под ред. К.К.Юдахина. – Б.: «Кут Бер», 2012. – 992 с.
  31. Семетей. «Манас» эпосунун экинчи бөлүгү. 3-китеп. – Фрунзе: Кыргызмамбас, 1959. – 324 б.
  32. «Семетей» эпосу. Инв. 842. – Б. 151-152.; инв. 1075. – Б. 39.; инв. 5192. – Б. 53.
  33. Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы. Жооптуу редактору: академик А.Ч.Какеев. – Б.: АРХИ, 2003. – 448 б.
  34. Смоляк А.В. Народные художественные ремесла Приамурья / Сельскому учителью о народных художественных ремеслах Сибири и Дальнего Востока / Сост. Митлянкая Т.Б. – М.: Просвещение, 1983. – 256 с.
  35. Старостина О.В. Обувь в традиционной культуре народов Средней Азии и Казахстана (XIX – первая треть XX в.). Автореферат диссертации на соискание ученой степени кандидата исторических наук. Санкт-Петербург, 2009. – 28 с.
  36. Сыдыкбеков Т. Көк асаба: Тарыхый роман / Сүрөтчүсү Б.Кошоев. – Фрунзе: Адабият, 1989. – 464 б.
  37. Сухарева О.А. История Среднеазиатского костюма. Самарканд 2-ая половина XIX – начало ХХ в. – М.: Наука, 1982. – С. 11.
  38. Хасанова З.Ф. Традиционные способы обработки шкур диких животных в горно-лесной зоне Башкортостана: к проблеме башкиро-русского взаимодействия // Вестник Челябинского гос. университета. 2011. №34 (249). История. Вып. 48. – С. 20-23.

Октябрь Капалбаев, тарых илимдеринин кандидаты,
«Мурас», 14.10.2016-ж.

Сүрөттө Кыргыз каганатынын дооруна таандык бут кийим. Сүрөт Спутник-Кыргызстан сайтынан алынды.

Бөлүшүү

Макала Кыргыздардын териден жасалган салттуу бут кийимдери бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Муктар Меңдулатов, сүрөтчү: «Бугумду булгаарыдан чыгарам»

$
0
0

Сүрөтчү адамга сөзү жок эле кыл калем менен керемет ойлорду тартуулаган өзгөчө талант ээси. Муктар Меңдулатовдун булгаарыга түшүрүлгөн сүрөттөрүн карап туруп өзгөчө таң бербей кое албайсың.

Муктар байке, сүрөтчүлүк өнөр көп тармактуу эмеспи. Ошолордун ичинен дал ушул тери менен иштөөгө кандайча аралашып калдыңыз?

— Мен 1996-жылы Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын булгаарыны көркөмдөп жасалгалоо бөлүмүн аяктагандан кийин кайра эле ошол окуу жайда дал ушул булгаары менен иштөө тармагында балдарга сабак берип, окутуучу болуп иштедим. Бардык нерсе эле каражат маселесине барып такалат эмеспи. Мугалим болуп үй-бүлө бага албай калчудаймын. Кийинчерээк ушуну ойлоп, өзүнчө иш баштоону туура көрүп, булгаарыны көркөмдөп жасалгалоо боюнча өз алдынча иштей баштадым. Канчалык көп иштесең, ошончолук көп ойлор келет. Ошентип изденесиң, улам кийинки эмгектериң кызыктуу боло берет. Материалдарды Бишкек шаарынан алып келебиз. Теринин көп түрү бар, маселен, кара терини көп албайбыз. Булгаарыга сүрөт түшүрүү үчүн анын жогорку сорту керек, андыктан, 2-сортко чейин эле колдонулут, андан төмөндөр жарабайт. Ал эми колдонгонум – жаратылыштын өзүнөн алынган табигый боек.

Сюжеттерди кандай тандайсыз? Кандай темага көп кайрыласыз, кардарлар эмнени көп заказ кылышат?

— Мен көбүнчө жайлоо, табияттын сулуулугун сүрөттөп тартканды жактырам. Бирок, кардарлар эмнени кааласа ошону тартууга туура келет. Ал эми алардын ар киминин ой-чабыты ар түрдүү. Бири жылкы тартып бер десе, бири иттин сүрөтүн тарт дейт. Кай бири каардуу иттин образын ачып берүүмдү суранат. Арасында тоо теке, эчкини жакшы көргөндөр да бар. Айтоор, кардар түшүндүргөн нерсени так чагылдырып берүүгө аракет жасайбыз, ошол образдын ичинен ой толгойбуз. Ал өз оюн айтат, биз чиймелеп эскизди көргөзүп, анан макулдашып алабыз.

Көп эле өнөр адамдары долбоор жазып, же интернет аркылуу өзүнүн товарын сатат. Сиз өз товарыңызды кантип сатасыз?

— Мен ошондой сатуу жагына талантым жок. Мен иштей беришим керек. Ал эми ала турган кардарлар өзү келишет. Эгер менин эмгегим кимдир бирөөгө жагып калса ал мени сөзсүз издеп таба алат деп ойлойм. Кайсы жерде жакшы ашлянфу бар экенин караколдуктар өзү таап барып жатышпайбы, ошол сыяктуу эле го. Республикалык көргөзмөлөргө деле көп катышып жиберген жокмун. Жакында Алма-Атага барып келдим. Арабияга өзүм бара албай калгам, бирок, эмгектеримди бирөөлөрдөн берип жибергем. Кыскасы, иш менен көбүрөөк алектенем, элге жарнама жасаганды көп биле бербейм.

Караколдо өткөн бир жолку чоң салтанатта манасчыларга сиз жасаган кемер курлар берилген эле. Ошол курлар жөнүндө айтсаңыз? Мындай учурда көбүнчө калпак, чепкен кийгизилип жүрбөйбү, кур тартуу кылган жакшы көрүнөт экен, бул идея кимден чыкты?

— Мен мурдатан эле кур жасап жүргөм. Анан бир жолу Караколдо көргөзмө уюшулганда, мурдагы губернаторубуз Мирбек Асанакунов менен манасчы Талантаалы Бакчиев келип калыптыр. Жасаган эмгектеримдин барын көрүп чыгышып, курларымды жактырып калышты. Талант манасчыларга дал ушундай кур берүү керек деген идеяны көтөрдү. Салтанат өткөнү саналуу күндөр калган. Биз тез аранын ичинде жасадык. Чынын айтканда, кыйналып калдык. Мен, уулум, дагы бир киши жардам берди. Ар кандай болсо нааразылык чыгабы деп бардыгын бирдей жасадык. Мага Манастын сүрөтү коюлган эскиз алып келишти. Ошол боюнча иштедик. Бул курлар 21 күндө эле жасалып бүттү. Бардыгы 16 чоң кишилердин жана 5 жаш балдардын куру болду. Кемер курларды жасоого да булгаарынын жакшысы тандалат. Буканын териси калың 6 мм болот, уйдуку 4 мм Биз бул курларга буканын терисин колдондук. Анан ар кандай технология колдонулду. Колго ныгыруу деген ыкма бар. Коло, дат чалбас металлдары менен көркөмдөдүк. Нефрит ташы коюлду.

Ээр жасайт экенсиз. Азыр ага кандай маани берилет? Жылына канчаны жасайсыз, баасы кандай болот?

— Эми ээрди элибиз эзелтен барктап келген. Учурда унаа катары автомашина колдонулган үчүн ээрге көп көңүл бөлүнбөй калды. Азыр мен ар түрдүү ээрлерди жасайм. 40 миң сомдон 8-10 миң долларга чейин ээрлер бар. Бул ага чөгөрүлгөн таштарга жана металлдарга жараша болот. Маселен, күмүштү кесип, тазалап, бекитип жасаган ээр жана ат жабдыктар өтө көрктүү да, бышык да болот.

Чет өлкөлүктөр көбүнчө кандай буюмдарга кызыгышат экен?

— Чет өлкөлүктөр чоң нерсени алып кете албайт, майда буюм-тайым, сувенирлерге кызыгышат. Картинанын деле кичинесин алат. Чоңдорун болсо чиновниктер, байлар сатып алып жатат. Панно деп коет, булгаарыдан жасалган картина. Булардын баасы да ар кандай. Маселен, 45-30 сантиметрлиги 50 доллар, 50-60 сантиметрлиги 200 доллардын тегереги. 1000 долларга чейинки картиналар бар, заказга жараша жасайбыз.

Кол өнөрчүлөргө мамлекет тарабынан кандай көңүл бөлүнүшү керек деп ойлойсуз?

— Эми азыр ар ким өзү үчүн жан талашкан мезгил. Азырынча мамлекетибиз материалдык эч кандай жардам көргөзө албайт. Кээде көргөзмөлөрдү уюштуруп берип жатат, ошого ырахмат.

Маектешкен Жумагүл БАРКТАБАСОВА, «Чагылган», 10.02.2017-ж.

Бөлүшүү

Макала Муктар Меңдулатов, сүрөтчү: «Бугумду булгаарыдан чыгарам» бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Түндүк кыргыздарынын туңгуч жазма акыны — Молдо Кылыч Шамыркан уулу

$
0
0

Молдо Кылыч Шамыркан уулу (1866, Кочкор району – 1917) – түндүк кыргыздарынын туңгуч жазма акыны; «замана» агымынын көрүнүктүү өкүлү. Сарыбагыш уруусунун белгилүү манабы Төрөгелдинин небереси. Ал жаш кезинен диний мектептен сабаты ачылып, ырларын жазма түрүндө жараткан.

1910-ж. өзү да бир аз убакыт бала окуткан. Ал өзү жашаган учурдагы коомдун зиреги, шарттуу түрдө билимдүүсү, карапайым элдин мүдөөлөшү болгон. Эл кыдырып, аш-тойлордо ырдаган эмес. Чыгармаларында элди эмгекке бак-шак тигип, отурук алууга үндөгөн. Паракорлор менен зулумдарды жектеп, орус падышачылыгынын эзүүчүлүк саясатына каршы болгон. Адилет, теңдик заманын көксөп, ошону менен катар, эл бийлеген манаптардын бузук иштеринин таасиринен калктын да адеп-ахлагынын бузулушунун көбөйүшүн элдин динден тайганынан көргөн. Анын «Кыз-жигит», «Балбан», «Алдамчы», «Кол казал», «Керметоо», «Жинди суу», «Чүй баяны», «Канаттуу», «Бүркүттүн тою», «Буудайык», «Зар заман», «Зилзала», «Көбөй Сулган» ж. б. казалдары бар. Молдо Кылычтын замандаштарынын айтуусуна караганда, ал «Чүй баянын» жазгандан кийин гана акын аталып, эл оозуна кире баштаган. Бирок бул анын биринчи казалы эмес, андан мурда «Кыз жигит», «Көбөй, Султан» деген казалдарынын жазылгандыгы айтылган. «Кыз жигит» чыгармаларынын туну экендиги чындык болуу керек. Анткени, мунун көркөмдүк жагы башкаларга караганда анчалык жогору эмес, сөз чебердик жагынан да такшала электиги байкалат. Ошондой эле бул казал элдик-фольклор стилинде жазылган, акындын чыгармачылык бөтөн-чөлүгү, анын чыгармачылык жүзү анчалык байкалбайт. »Чүй баянында» Токмок шаары жана Чүй өрөөнүнүн жаратылыш байлыктары жөнүндөгү казалын өзүнүн кара Кочкорунун биринчи жолу Чүйгө келип, Токмок шаарын көргөндөн кийин 80-жылдардын акырында жазган болуу керек. «Чүй баянынын» адабий мааниси менен бирге, анын тарыхый мааниси зор. Мындан кыргыз жерине шаар түшүп, кыргыз элине жаңы тиричилик мамилеси кире баштагандыгы көрүнөт. Ошондуктан, «Чүй баянын» тарыхый-социалдык поэма деп атасак болот. Турмушту терең байкаган кылдат акын коомдук окуялардын улам татаалданып, улам чырмала беришин жазбай көрөт. 1910-жылкы жер силкингенден кийин жазган «Зилзиласында» ал 1916-ж. козголоң болоорун болжойт:

«Беш-алты жыл ичинде,
Бир алаамат башталар».

Бирок Кылычта материалисттик, диалектикалык түшүнүк болбогондуктан, ал бул чырмалышкан коомдук окуяларды түшүндүрө албайт. Бул окуяларды «бири-бирине көрсөткөн кылмышы артып, күнөөсү көбөйгөн адамзатка Кудай Тааланын көрсөткөн каарыдыр» деп гана түшүнөт. Мына ушунун натыйжасында Кылычтын бул дүйнөгө нааразылыгы арбып «акырет жайын» ойлоно баштайт. «Чүй баянында» Чүйдөгү болгон ар уруу канаттуулардын аты аталып алардын көптүгү, ар биринин жаратылышы, күн көрүштөрү да ар башка экендиги сүрөттөлгөн. Бул казалдагы болгон идеялык пикири ушул, анда андан башка эч кандай кошумча пикир жок. Эми «Канаттуулар» менен «Бүркүттүн тоюнда» канаттуулардын жайы сүйлөнгөнү менен ага кошумча социалдык пикирлер кошулат. Куштардын мамилесинен коомчулуктун, кишилердин мамилеси көрүнөт. Ошентип бул «Канаттуулар» менен «Бүркүттүн тою» тамсилге өтөт. «Канаттуулардагы» ар бир куштун кылык-жоругунан, мүнөзүнөн кишилердин кылык-жоругун, мүнөздөрүн көрүүгө болот. Бүркүт, ителги, шумкар, ылаачын, туйгун, тунжур сыяктуу алгыр куштар, булар – баатырлар, эрлер, берээндер.

Кылыч булардын балбандыгына, кайратына, шамдагайлыгына ыраазы болот. Бул баатыр куштарга жору, кузгун, кажырларга окшогон арам тамак залимдерди карама каршы коёт. Карга, сагызгандарды коркок, кошоматчы, сугалак шылуундар катарында көрсөтөт. Кекилик, чил, бөдөнө, өрдөк, безбелдектерге окшогон канаттуулар көрүнгөнгө жем болгон момундар сыпатында жазылган. Тоту, булбул, торгойлор болсо – калың кара куштардын ичиндеги көркөм – гөзөлдөр, шайыр – чечендер, сопу – эшендер катарында сыпатталат.

«Зар заман» Молдо Кылычтын эң ири чыгармасы. Зар замандын санатын айтып жатып, акын өзүнүн 32 жашка чыккандыгын белгилеген. «Зар заман» санат түрүндө жазылган. Анда ыраттуу өнүктүрүлгөн сюжет, тема жок. Молдо Кылыч эң абалы падыша өкмөтүнүн колониялык саясатын, жергиликтүү бий-болуштардын адилетсиз сурагын, эзилген элдин кыйналган абалын айтып «Зар заманын» баштаган болуу керек. Кийин ага улам жаңы материалдар кошулуп, идеялык-тематикалык жактан көп тармактуу болуп кеткен. Поэма:

«Акылы бар карылар,
Жаңы келген күйөөдөй,
Сабыры көп адамдар,
Жүк көтөргөн түйүндөй»
– деген сыяктуу оригиналдуу, терең маанилүү салыштырууларга бай. 1911-ж. жер титирөөнүн негизинде жазылган «Кыссан ил зилзала» 1911-ж. Казандан китеп болуп басылып чыккан. Бул кыргыз адабиятындагы азыркы белгилүү эң алгачкы китеп. Кийин 1925-ж. «Тамсилдер» деген ат менен Москвадан китеби чыгып, ага «Канаттуулар», «Буудайыктын тою» («Бүркүттүн тою» деп аталат), «Буудайык» деген казалдары кирген. Бишкекте 1939-ж. балдарга арналып «Канаттуулар», 1946-ж. Т. Саманчиндин түзүүсүндө «Иргелген казалдар» деген китептери жарык көргөн. Ысымы Кочкор районундагы айылга берилген. Учурда Чолпон айыл аймагындагы Моло Кылыч айылы деп аталып келет.

«Kochkor.info», 11.10.2016-ж.

Бөлүшүү

Макала Түндүк кыргыздарынын туңгуч жазма акыны — Молдо Кылыч Шамыркан уулу бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Салижан Джигитов

$
0
0

(1936 — 2006)

Салижан Джигитов родился в марте 1936 г. в с. Кульдук (ныне Келдюк) Узгенского района Ошской области. Окончил филологический факультет Киргизского Государственного Университета (1959), аспирантуру Института языка и литературы АН КиргССР (1956). Защитил докторскую диссертацию по филологии в 1992 году.

Свою трудовую деятельность С. Джигитов начинал 1959 году учителем средней школы в Узгенском районе. С 1961 по 1962 годы работал младшим научным сотрудником, а с 1979 года являлся завсектором взаимосвязей национальных литератур Института языка и литературы Академии наук Киргизской ССР. В 1992-93 С.Джигитов работал Госсоветником президента Кыргызстана по национальной политике. В 1993 был назначен Чрезвычайным и Полномочным Послом Кыргызстана в Узбекистане. С 1995 С.Джигитов являлся профессором Кыргызского Государственного Национального Университета.

Одновременно, в 1995-96 годы руководил Бишкекским бюро радио «Азаттык» («Радио Свобода»).

С 1996 — профессор Кыргызско-Турецкого ун-та, профессор КГУ. C марта 2003 — член Политсовета Партии Справедливости и Прогресса . В ноябре 2004 — стал соучредителем Движения «Жаны багыт» («Новый курс»).

С.Джигитов награжден двумя Почетными грамотами Верховного Совета Киргизской ССР, медалями СССР. Лауреат Государственной премии Киргизской ССР в области науки и техники за 1984 год.

Автор свыше 300 научных и литературных работ. В том числе, литературно – критических исследований, стихов и переводов на кыргызский язык известных поэтов, таких как Назым Хикмет, М.Карим и др.

ЭЛЕГИЯ

Осенней ночью вновь заговорила буря,
Под крышею чужой лежу один без сна.
В окно мне, брови мглистые нахмуря,
Разбужена листвой, стучится тишина.

Несметный листьев хор закружен в хороводе.
В воронке ветровой подрагивает дом.
В высоких кронах – гул,
Ночное половодье
Напоминает мне о сущем и былом.

Не шелестите, тополя мои, не надо! —
Ваш голос, он напоминает мне
О том, что так любил,
Любил до листопада,
Все, что теперь приходит памятью во сне.

Не шелестите, тополя мои, не надо,
Не трогайте струны, она – живая нить,
Не бередите ран, которым не зажить.

…В моем селении над склоном золотым,

Над уходящей вниз долиною горящей
Взметнулись тополя пирамидальной чащей —
Их посадил отец,
Когда был молодым.

В том детстве солнечном летели дни за днями! —
В круженье бабочек, в мелькании забав
Я падал в сладкий сон под теми тополями,
От беготни, счастливый, к вечеру устав.
Их шелест нам несла вечерняя прохлада…

Не шелестите, тополя мои, не надо,
Не трогайте струны, она – живая нить,
Не бередите ран, которым не зажить.

Со старшим братом мы —
Его уже нет на свете —
Росли, как близнецы, под солнцем, на ветру,
И в наших тополях звенел зеленый ветер,
В обнимку спящих нас будили поутру
Дрозды и воробьи, и нас брала досада…

Не шелестите, тополя мои, не надо,
Не трогайте струны, она – живая нить,
Не бередите ран, которым не зажить.

Когда же мать мою к погосту уносили —
Безмолвный саван молча приняла земля,
Когда отца друзья несли к его могиле —
Как горестно им вслед шумели тополя,
Казалось, что кричат! —
Их шелест – муки ада…

Не шелестите, тополя мои, не надо,
Не трогайте струны, она – живая нить,
Не бередите ран, которым не зажить.

Гремит земное время! В беге дней – тревога.
Но нет на свете вас —
Вы под пятой земли,
Не слыша шепота и шелеста живого,
Во тьме беспамятной, куда навек ушли.
Гляжу вам вслед, родные. Мне такая ж участь.
Не ведаю о том, когда настанет час
И по земле хожу, не сетуя, не мучась,
Под шепот тополей свой век живу за вас,
И в этом, может, вам – последняя отрада…

Не шелестите, тополя мои, не надо,
Не трогайте струны, она – живая нить,
Не бередите ран, которым не зажить.

Перевод Вячеслава Шаповалова

Бөлүшүү

Макала Салижан Джигитов бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Сабыр Сыдыкбеков, жазуучунун уулу: “ Атамдын үйүн башка жерге алмаштыргым келбейт”

$
0
0

Кыргыз элинин залкар жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун эки кабаттуу үйү бир кезде көпчүлүктү суктандырып келген дешет. Себеби, тарых барактарына из калтырып кеткен интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү, маданият ишмерлери дал ушул үйгө чогулуп, баарлашып, эс алып кетишчү экен. Бул сапар тарыхый инсандарга күбө болгон жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун үйүнө барып, баласы Сабыр Сыдыкбеков менен өткөн-кеткен жай турмуш туурасында кызуу маектештик. Алгач жазуучунун үйүнө киргенде эки кабаттуу үйдү тегеректеген жашыл бак-дарактар жана кичинекей тапчан дароо көзгө урунду. Сабыр Сыдыкбековдун айтуусунда бул тапчандын тарыхы зор. Ушул жерге Иса Ахунбаев, Саякбай Каралаев, Мухтар Ауэзов, Константин Семенов, Төлөмүш Океев, Салижан Жигитов, Түгөлбай Байзаков, Бексултан Жакиев, Кубанычбек Маликов, Темиркул Үмөталиев отуруп, шахмат ойноп, чер жазышчу. Темиркул Үмөталиев шахмат ойногонду жакшы көрчү. “Шах, шах, шах” деп шахматтын үстүн тарсылдатып, пешкаларын жылдырчу дейт Сабыр Сыдыкбеков.

Уруу-урууга бөлүнгөндү жек көргөн

Атамдын иштеген бөлмөсү, колдонгон буюму жана үйдүн дубалы анын элесин күн сайын көз алдыма тартып турат. Атамды дайыма сагынам… Кичинекей кезибизде үйгө келген балдар “аксакал биз сиздин жердешиңиз болобуз же сиз бул уруудан болосузбу” деп сурашчу. Атам кыжырданып аларга кыргыз гана болом деп жооп берчү. Уруу-урууга бөлүнгөндү жек көрчү. Тиги балдар атамдын жообунун маңызына толук түшүнбөй “кыргызбыз, бирок бул уруудан чыктык да” дешчү. Ошол учурдагы уруулук бөлүнүү өнүгүп отуруп, бүгүнкү күндүн чоң көйгөйүнө айланды. Азыркы бийлик саясаты уруулук бөлүнүү менен иш жүргүзүүдө. Жер-жерлерге бөлүнүү аз келгенсип, “киргиздер” деген дагы бир топту чыгарышты. Атам “Мен миң жыл жашадым” деген китебинде бир уруу менен эмес, кыргыз эли менен жашадым деген маанини баса белгилеп өткөн эле.

Акыркы буйругун керээз кылып айтты

Атам жазуучу катарында универсалдуу инсан болчу. Адабияттагы бардык жанрды жаза билчү. Айлана-чөйрөнү реалдуу көз караш менен кабыл алар эле. Ал жаратылышты сүйүп, Ысык-Көл жергесинде эс алууну жактырчу. Ооруп жаткан учурда жакын досторун чакырып, сөөгүмдү жубайымдын жанына койгула. Өкмөт балдарымды укпайт деген болчу. Чындыгында атам каза болгондон кийин анын убадасы аткарылган жок. Өкмөттөн келип, кагазга жазбайт беле дешет. Ооба жазып койсо болот. А бирок эмне үчүн жазган жок? Себеби, кыргыз элинин каада-салтын бекем кармап, акыркы буйругун керээз кылып айткан эле. Ошондуктан “Мен миң жыл жашадым” деп жазып жатпайбы. Демек ал чыныгы кыргыз болгон.

Элге жакшы көрүнүш үчүн жөнөкөй болгон эмес

Өз кезегинде орус тили кыргыздарга абдан керек болгон. Себеби кыргыздар билим илим жана башка нерседен артта калган. Ал кезде орус тили жаман деген ой болгон эмес. Өзүм дагы жазуучулук талантымды көрсөтүп, атамды кубандырдым. Бирок мен орус тилинде ыр жаздым. Күндөрдүн биринде атам экөөбүз уйкудан тура электе Аман Саспаев коноко келди. Орус тилинде жазылган ырымды ал кишиге окуп бердим. Ал айтты: “акындардын иши кандай жакшы жана жазуучулардын иши абдан оор”-деди. Жазуучулук бүтүндөй убакытты талап кылат эмеспи. Атам бардык нерсени ирети менен жасачу. Мен атамды залкар улуу киши деп айткым келбейт. Бирок ал мен үчүн жөнөкөй ата болчу. Дос, жөнөкөй адам катары акыл-насаатын айтып, жол көрсөтүп турчу. Элге жакшы көрүнүш үчүн жөнөкөй болгон эмес. Кээде туура эмес сүйлөсөң дароо бетке айтып, катачылыкты оңдоого аракет кылчу.

Үй дагы атамдын чыгармачылыгы

Атамдын үйүн башка жерге алмаштыргым келбейт. Айрым досторум үйдү сатып орун алмаштырбайсыңбы деген сөздөр дагы айтылат. Үйдү өзүм салсам, анда башка сөз болмок. Атамдын үйүн кантип сатууга болот. Бул үйдү салуу боюнча долбоорду жеке өзү иштеп чыккан. Эки кабаттуу үйдүн курулушун ойлоп, кагаз бетине түшүргөн. Үй салуу боюнча идея атама таандык болсо, тажрыйбалуу кесипкөй катары П.Иванов үйдүн чиймесин карап чыккан. 50-жылдары тоталитарный режим болуп, Сталин тирүү болчу. Ал кезде жеке менчик үй салуу үчүн эч кимге уруксат берилген эмес. “Сталин” сыйлыгына 49-жылдары ээ болуп, үй салууга мүмкүнчүлүк болду. Жазуу чыгарма катары бул үй дагы атамдын чыгармачылыгы болот. Демек кылымдар бою сактоого аярлап мамиле жасайм.

Мурат Соорбеков, “BIA”, 10.01.2017-ж.

Бөлүшүү

Макала Сабыр Сыдыкбеков, жазуучунун уулу: “ Атамдын үйүн башка жерге алмаштыргым келбейт” бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Улуу мурас: Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспабы (видео)

$
0
0

Кыргыз эли өзүнүн жаралуу доорунан уюткулуу эл болуп түптөлгөнгө чейинки тарыхында, маданияттын канчалаган баскычтарын басып өтүшкөн. Элибиз ошол баскычтардан өткөн сайын бирде маданиятын байытып, өнүгүүнүн жогорку дэңгээлине көтөрүлсө, бирде алдан тайып, кылымдардан бери топтолгон дөөлөттөрүнөн ажыраган. Кандай күнгө туш болсо дагы кылымдардын кыйырын басып келген кыргыз эли көөнөрбөгөн улуу мурастардын нечендеген үлгүлөрүн жаратышкан, аларда элибиздин тарыхы, нарк-дөөлөттөрү,үрп-адаты, улуттук оозеки чыгармачылыгы, кол өнөрчүлүгү камтылган. Көчмөндүү турмушта жашап ,далай кыйынчылык баштарынан кечиришсе дагы, нарк-насилин, узчулугун, устачылыгын, зергерчилигин түрлөнтүп,улам байытып, улам жаңы табылга кошуп келечек урпактарына өткөрүп берип келишкен. “Улуу Мурас” теледолбоорунун өзөгү дал ошол ата-мурасыбызды унутта калтырбай даңазалап, кеңири жайылтууну көздөйт.

 

КТРК, “Улуу Мурас”, 11.08.2016-ж.

Бөлүшүү

Макала Улуу мурас: Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспабы (видео) бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Кош бойлуу келинге тиешелүү 12 «болбойт»

$
0
0

Кыргыздын салтында сакталып калган тыюулардын арасында кош бойлуу келиндерге карата айтылган, жасоого болбой турган шарттар бар. Бул тыюулар боюнда бар айымды жана ичиндеги ымыркайын ар түрдүү кырсыктан, жамандыктан сактап, коргоо максатында жана анын аман-эсен көз жарып алуусу үчүн айтылып калган.

Sputnik агенттигинин кезектеги «Болбойт» рубрикасында кош бойлуу келиндерге карата айтылган тыюулар тууралуу сөз болмокчу. Аларды тизмектеп, маанисин түшүндүрүүгө тарых илимдеринин доктору Айнагүл Жоошбекова көмөк көрсөттү.

Чачын кырктырбайт. Чач илгертен эле кыргызда өзгөчө касиетке ээ деп айтылып, негизи эле аялдар чачын кырккан эмес. Бирок ошол убакта калыптанып калган түшүнүккө караганда чачын кырккан айымдын ичиндеги ымыркайынын өмүрү кыска болуп калат деп божомолдошкон. Бул ырым азыр да колдонулуп келет.

Түймө түйбөйт. Боюнда бар кезинде аял ар түрдүү нерселерди түйбөшү керек. Анткени эненин ичиндеги түйүлдүктүн калыптанышына залакасын тийгизип, төрөт оор болуп калат деген ишеним жашайт.

Арыкты аттаганга болбойт. Илгертен калган ырым-жырымга ылайык арыкты, сууну аттап өткөнгө тыюу салынган. Эгер аттаса боюнан түшүп калышы ыктымал делген.

Төөнүн этин жебейт. Тарыхчылардын айтымында, төө аркы дүйнө менен байланышы бар деген түшүнүк илгертен калыптанып калган. Ошондуктан төөнүн этин жесе кош бойлуу айымды же ымыркайды жамандык ыроолошу ыктымал делген. Мындан сырткары, төөнүн этин жеген айым 9 айда эмес, андан көп убакытта төрөп калышы мүмкүн деп айтылып келет.

Өлүк коюлгучакты жамандык болгон жерге барбайт. Качан гана сөөк мүрзөгө коюлуп, жаназасы окулган соң гана барууга мүмкүн болгон.

Мүрзөгө барбайт. Кош бойлуу айым көп санааркабай, жамандык болгон жерлерге жана мүрзөгө барууга такыр эле тыюу салынган. Ошондой эле жамандыкка тигилген боз үйгө да көп кирбейт.

Караңгыда сыртка жалгыз чыкпайт. Сууга жалгыз барганга болбойт, барса дагы жанына бычак салып алышы керек деген ишеним жашайт.

Кош бойлуу айымды чочутпайт. Катуу коркуп кетсе, боюнан түшүп калышы мүмкүн.

Оор нерселерди көтөрбөйт. Салмагы оор нерселерди көтөргөн кош бойлуунун боюнан козголуп же түшүп калышы ыктымал. Андан тышкары, кош бойлуу кезинде жана жаңы төрөгөндөн кийин да казан көтөргөнгө болбойт. Бул илгертен калган ишеним болуп калыптанып калган.

Бийик такалуу бут кийим кийбейт. Мындан келиндин өзүнө ыңгайсыз болуп, экинчиден ичтеги баланы да кыйнап коюшу ыктамыл.

Көп убакытка чейин жатпайт. Кош бойлуу келин ичиндеги түйүлдүк 5-6 айдан ашкандан кийин көп жатпай, тескерисинче кыймылдап туруусу керек. Көп жатса төрөттөн да кыйналып калышы мүмкүн делген.

Кош бойлуу келин төрөөрдүн алдында шакек, сөйкө тагынбайт. Тескерисинче аларды чечип, чачын да байлабай жайып коюп төрөш керек. Бул ырымдардын баары анын төрөтүнүн жеңил болуусуна жардам берет.

Таалайгүл Усенбаева, Sputnik-Кыргызстан”, 02.03.2017-ж.,
© AFP / ROSLAN RAHMAN

Бөлүшүү

Макала Кош бойлуу келинге тиешелүү 12 «болбойт» бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Сагын Акматбекова

$
0
0

Родилась 1949 году в с. Орто-Арык Панфиловского района. Народный поэт Кыргызской Республики, переводчица.

Произведения из восточной поэзии, переведенные С. Акматбековой на киргизский язык, являются одним из лучших образцов поэтического перевода в киргизской литературе.

Ее произведения и переводы вошли в программу школьного образования, а также в программу высших учебных заведений.

Известна переводами произведений великих японских, китайских классиков Басе, Исса, Ли Бо, Ду Фу.

 

ОРЕХОВЫЙ САД

Ореховый сад и стены
Старой мечети… В пруду
Лежала луна, и тени
Бродили в глухом лесу.

Стояли они на крыше,
В луну гляделись, горды.
И слышался голос: «Тише!
Не спит хранитель воды».

Фигуры людей в бездонной
Тиши вставали с колен,
И таяли с их ладоней
Пыль тлена и запах стен.

Мы пустые орехи
Бросали, словно грехи,
В наш пруд, где древние реки
Струились лунно в пески.

Заманчиво нас баюкал
Ореховый сад – ничей,
Таинственностью аукал
Под сенью седых ночей.

И мы, как немые тени,
Не знали – с думой какой
Молчали старые стены,
Храня вековой покой.

Перевод Е.Колесниковой

 

* * *

Август.
Белый от зноя.
Кажется, даже море
Плавится от желанья
Жажду свою унять.
Руки можно обжечь
О зерно, о машину,
На которой мы возим зерно.
Взгляд можно обжечь
О глаза твои, черные-черные.
И тогда я смотрю на дорогу.
И на белые от пыли шелковицы.
И на ветви, жарой истомленные
И тонущие в пыли…
А глаза твои – черные-черные.
А вдали – синева.
Что там, лес или море?
Этого я не знаю.
Разве в зной разглядеть?
Белый от солнца август!
Мы плывем сквозь пыль и ухабы.
Сквозь стволы и ветви шелковиц,
Тонущих в придорожной пыли.
А глаза твои – черные-черные.
И мне вдруг захотелось
Спрыгнуть, встать на обочине,
В той пыли, что всегда остается
После бега больших табунов…
Пусть пройдет этот день.
Пусть утонет в глубинах морей.
Пусть погаснет и наша любовь.
И померкнут мечты к закату.
Лишь бы только они остались,
Эти ухабистые дороги.
И зерно в кузовах горячих.
И насквозь пропыленные, зрелые ягоды тута.
И слепящее солнце встреч.

Перевод Л.Дядюченко

 

ПЕЙЗАЖ

Пока еще не время листопада,
Стволы деревьев молодо блестят.
Но на земле и на дорожках сада
Листва, листва —
Куда не кинешь взгляд.

Вперегонки ребята к речке синей
Бегут встречать вечернюю зарю.
Стою одна на улице пустынной,
На солнце заходящее смотрю…

Перевод Я.Серпина

 

* * *

Зачем бюст-камень этот престранный? —
Друг не забудет, а враг ведь, — он и так рад…
Лучше холм тот покато-распластанный
Под лучами звёзд предрассветных мириад…

Все времена Мать-Природы, все цвета
Пусть играют наперегонки вдоволь и всласть.
Все полынки, какие знает землица эта,
Пусть захватят учиняя вовсю тут власть…

И дождь землю сколь угодно пусть потреплет,
Из-под снега выглянет пусть робко цветок.
Могилу уж мерзкую пусть не заметит,
Когда придёт (а он придёт!) внука внучок…

Перевод Майрамбека Тойчиева

Бөлүшүү

Макала Сагын Акматбекова бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Сагын Акматбекованын адабий кечесинен

$
0
0

2017-жылдын 20-январында «Роза Отунбаеванын Демилгеси» фондусунун колдоосу менен Сагын Акматбекова эженин адабий кечеси Бишкекте өткөн.

Аталган кеченин видео жазуусун сунуштайбыз.

«Роза Отунбаеванын Демилгеси» фондусу, 03.03.2017-ж.

Бөлүшүү

Макала Сагын Акматбекованын адабий кечесинен бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Өз мезгилинин абройлуу чыгаан мамлекеттик ишмери Медет Датка

$
0
0

Саяк уруусунун курманкожо уругунан. Өз мезгилинин абройлуу чыгаан мамлекеттик ишмери катары таанылган. Кыргыз элинин үрп-адат, мыйзамдарын акылдуулук менен колдонгон, калыс, акыйкат эл башкаруучу катары «Чоң Медет» деген атак алган.

Эл алдында макал-ылакап аралаштыра таасын сүйлөй алган чоң чечен болгон. Кыргыз элинин биримдикте ынтымакта жашашы үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн жумшаган. Кыргыз уруу башчыларын нараазычылыктарды маңдай-тескей отуруп чечүүгө чакырган. Медет датка менен мамилелеш болууга Кокон хандыгы да кызыккан. Ормон хан (1811-22-ж. бийлеген) Медет датканы кыргыз бийлери менен бирге атайылап ордого чакыртып сый-урмат көрсөткөн. Медет бийге датка наамын ыйгарып, атайын туу жана артыкча укук берүүчү жарнама тартуулаган. Медет датканын дипломаттык ишмердигинин натыйжасында Кокондо кыргыз бийлеринин ак үйлүүдө жүргөн 21 баласы кайтып келишкен.

Кытай бийлигинен Жанболот бийди куткарып келген. Жалган жалаа менен Кокондо зынданда жаткан Алдаш баатырды өлүмдөн сактап калган. Кокон хандары Омар хандын Мухаммед Алинин (1822-42) кыргыздар менен жакындашып, Чыгыш Түркстанды Цинь империясына көз карандылыктан бошотуу аракеттерин колдогон. Кийин кокондуктардын ашкере зекет алуучулук саясатына чечкиндүүлүк менен каршы туруп, анын мыйзам чегинде болушуна жетишкен. Медет датканын өзүнө таандык туусу, мөөру болгон. Кокон ханы Мадали Медет датканы уулантып мерт кылган. Медеттин күмбөзү Кызарт ашуусунун чыгышында Кочкор өрөөнүндө салынган.

«Kochkor.info», 10.09.2016-ж.

Бөлүшүү

Макала Өз мезгилинин абройлуу чыгаан мамлекеттик ишмери Медет Датка бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Эр Солтоной жөнүндө 7 факты. Барымтадагы баласынан эл кызыкчылыгын жогору койгон

$
0
0

Эр Солтоной аттуу баатыр туурасында кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында дастан айтылып, андан сырткары, изилдөөчүлөр тарыхый инсан катары өмүр жолун, коомдогу ордун иликтеп келишет. Sputnik Кыргызстан бул сапар окурмандарга Эр Солтоной туурасындагы жети фактыны сунуштайт.

«Эр Солтоной» дастаны — кыргыздардын калмак баскынчыларына каршы күрөшүн көркөм баяндаган эпикалык чыгарма. Эпосто ойрот-жуңгарларга каршы согуштук окуялардан тарта улам татаалданган уруулар ортосундагы алакалар, бекем достук, сүйүү мамилелери чагылдырылган.

Калмактар доору жана баш канжыгада болгон мезгил. XIV кылымдын аягында батыш Монголияда ойроттордун (калмактар) ири феодалдык Жунгария мамлекети өсүп чыгат. Калмактар Орто Азияда жашаган элдин көпчүлүгүн каратып, катуу эзүү жүргүзө баштаган. Алардын ичинде кыргыздар да XVIII кылымдын орто чендеринде калмактардын баскынчылык доорунда оор турмуш, кыйынчылыктарды башынан кечирет. Бул кагылыштар, калмакка каршы жергиликтүү элдин күрөшү элдик оозеки чыгармалардан кеңири орун алган. Жер-жерлерде майда-барат көтөрүлүштөр чыгып, аны баскынчылар аёсуз басып, кеңири элдик күрөшкө айлана албай келген. Ал үчүн акылы зирек, ойчул, сөз десе сөзүнөн, алышса күчүнөн келген баатырлар керек эле. Ошондойлордун арасын толуктаган кыргыздын мыкты чыгаандарынын бири Эр Солтоной болгон.

 

Чыгармада калмактар жергиликтүү элди басып алгандан кийинки эзүүсү төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Эпсиз калмак кыргыздан
Эр өлтүрсө кун бербейт.
Эсил кыргыз аздыгы
Эрксиз жүрүп күн көрбөйт.

 

Тарых аралашкан издер. Талас өрөөнүндө эпоско башкы каарман болуп катышкан Солтоной, Шабек деген баатырларды XVIII кылымда жашап өткөн тарыхый адамдар деп көрсөтүшөт. Бирок эл эпосто аларды адабияттагы көркөм образга көтөргөн, ошондуктан биз ага көркөм, типтештирилген образ катары баа беребиз. Дастанга «Эр Солтоной» деп аталганы менен окуя Темиркан менен Болоткандын тегерегинде өтөт. Негизи эле ар кыл элдин эпостук чыгармаларында эпоско тема болгон каармандын ата-энеси жөнүндө толук кабар берилип, негизги окуя да баатырдын төрөлүшүнө, өсүшүнө, аракетине карата өнүгүп отурат. Мындай көрүнүш Темиркан менен Болоткандын образдарында толук сакталган.

 

Эпос жалпы алганда эки бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүм элдик баатырлар: Темиркан, Болоткандын төрөлүшү жана алардын баскынчыларды кыргыз жеринен кууп чыгышы. Буга өчүккөн калмак каны Уюлдун киши жиберип, алдап эки баатырды колго түшүрүшү жана алардын бошоп элине келиши. Экинчи бөлүм — туткундан бошогон баатырлар кол жыйнап Уюлканды барып чабышы.

 

«Эр Солтоной» эпосунда Болоткан менен Темиркан калмактарды кыргыз жеринен бүтүндөй айдап чыкканы айтылат. Дал ушунун өзү эле «Эр Солтоной» эпосунун пайда болушу XVIII кылымдын акырына туура келет деген ойду пайда кылат. Анткени тарыхый эмгектерге таянсак, калмак мамлекетинин эң акыркы хандыгы кара кыргыздар тарабынан Балкаш көлүнүн жээгинде 1771-жылы талкалангандыгы айтылат.

 

Кыштын узун түндөрүндөгү баян. Бул эпосту толук айтуучулардын бири Сүйөркул Абдрахманов аттуу адам болгон. Жергиликтүү элдин жана өзүнүн эскергенине караганда «Эр Солтоной» эпосун кыштын узун түндөрүндө от жээгинде отуруп бир нече түнгө созуп айткан. Бул жомокко кумарлангандар атайы алыстан ат арытып келип коно жатып угушкан. Жомоктун алгачкы нускасы тарыхый окуя катары баяндалган. Ал түгүл эпоско башкы каарман болуп катышкан Солтоной жомокчунун чоң аталарынын атасы болгонун уламачы санжыра аркылуу далилдөөгө аракет кылган.

 

Жалпы идеологияга жакпай кыскарган чыгарма. «Чатбазарлык Бает уулу Шүкүр аттуу адам «Эр Солтоной» дастанын мыкты айтчу экен. Абдрыxмандын уулу Сүйөркул жазып, аны үч жолу оңдоп көчүргөн. Ал көлөмдүү эпос болсо да эмнегедир Сүйөркул аксакал кол баштаган баатыр Эр Солтонойду чоронун деңгээлине түшүрүп салган. Кандай себептен мындай өзгөртүү болгону белгисиз. Бирок «Бүргө баатыр» деген китепте Мамадалы санжырачы теңтушу Сүйөркулдун «Эр Солтонойду» китеп кылып чыгара турган болдум, көбүн өзгөртүп салды партия уруксат кылбай» дегенин, автор айласыз аны жомокко айландырганын эскерет», — деп жазган өзүнүн макаласында Эл мугалими Бектур Исаков.

 

Барымтага калган уулунун башын элдин кызыкчылыгынан жогору койгон эмес. Маалыматтарда ал уулу ак үйлүү болуп калып калган Итаяк деген баласынан элин жогору көргөндүгү айтылат. Белек Солтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыxы» деген китебинде баатырдын уулу Итаяк ак үйлүүгө берилет. Изилдөөчү Кенжегараевдин тарыxый очеркинде да Итаяктын барымтага берилгендиги жазылат. Бирок Эр Солтоной баласынын амандыгына карап, солто уулу Момоконго жардамга барбай коё алган эмес. Калмактардан «Балаң Итаяктын жанынан үмүттөнсөң, Момоконго жардамга келбе» деген эскертүү алганы айтылат. Бирок баатыр барымтадагы баласына да, душмандын эскерүүсүнө да карабаган. Анткени өзү үйрөтүп, машыктырган Итаяктын бир башын кыргыз элинин кызыкчылыгынан артык көрүүгө дити барган эмес деген маалыматтар айтылып келет.

 

Каза болгондугу тууралуу эки ача маалымат калган. Эр Солтоной таржымалында анын туулган жылы курман болгон күнүнө жана жашына карата эсептелип жүрөт. Демек, ал 1640-жылы туулуп, 1733-жылы 93 жашында курман болгон. Экинчи маалымат боюнча баатыр 1663-жылы туулуп, 1723-жылы 60 жашында кайтыш болот.

Дастанда жана тарыхый багыттагы макалаларда Эр Солтоной кыргыз элинин согуш өнөрүн мыкты өздөштүргөн, өзүнөн кийинкилерге үйрөткөн, кыргызды сактап, жоого кол баштап, өзү кошо кирген баатыр болгон деп айтылат.

 

Азыркы мезгил жана баатыр. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата Талас шаарынын борборуна Эр Солтонойдун айкели орнотулган.

Нургүл Максутова, “Sputnik-Кыргызстан”, 25.02.2017-ж.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Бөлүшүү

Макала Эр Солтоной жөнүндө 7 факты. Барымтадагы баласынан эл кызыкчылыгын жогору койгон бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Улуу Мурас: Кийизге оймо түшүрүү (видео)

Бишкекте Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектакли алгачкы жолу сөзү жок көрсөтүлөт

$
0
0

Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун кеңири белгилүү “Саманчынын жолу” спектаклин Россиянын режиссеру Евгения Акс көрүүчүлөргө сөзү жок тартуулайт.

Хореграф Мария Попованын айтымында, алар өзгөчө эмгекти Бишкектин көрүүчүлөрүнө тартуулоо максатында атайын Москвадан келишкен. “Театр жашоосуна жаңы агымды киргизүү үчүн жаңы тилди колдонуу бизге абдан кызыктуу болду. Окуя сөзү жок баяндалып, негизинде бизге белгилүү Ч.Айтматовдун повести экендигине карабастан иш пластика менен аткарылат. Биз аны көрөрмандарга текст колдонбой жеткирүүгө аракет кылдык. Артисттер өздөрүнүн ийкемдүүлүгү менен болуп жаткан окуяны чагылдырышат”, — деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле, М.Попова иш оңой эмес, актерлор үчүн адаттан тышкары болгондугун белгиледи. “Ар кандай өзгөчө тилди колдонуу дайыма оор, себеби бардыгы салттуу нерселерге көнүп калышкан. Мындан тышкары, музыка абдан ар түрдүү жанрда жана өзүнө этникалык мотивдер менен европалык ноталарды камтыйт. Россиялык видеографик менен иштедик. Биз графикалык тилди колдонуп иштейбиз”,- деди ал.

Мындан тышкары, хореограф сөзү жок жанрдын тандалышы автордун проза жанрынын формасына байланыштуу экендигин белгиледи. “Чыңгыз Айтматовдун адабий тили абдан жандуу жана ийкемдүү. Эгерде тил супсак болсо, анда спектакль көрүүчүлөргө кызыксыз болуп калат”, -деп баса белгиледи ал.

Өз кезегинде спектаклдин режиссеру Евгения Акс пластикалык эмгек Россия жана Кыргызстандын 30 актеру менен түзүлгөнүн белгилеп өттү.

“Жергиликтүү орус театры үчүн мындай иш – алгачкы тажрыйба. Повесть ийкемдүү тил менен жазылганын белгилей кетүү керек. Окуп жатып автор кандай салыштырууларды, түстөрдү келтирип, чыгармада кандай заттарды сүрөттөгөнүн элестетем. Бардыгы ийкемдүүлүккө ээ”, — деди Е.Акс.

Ошондой эле, ал спектаклди Россиядагы француз фестивалында көрсөтүү пландалып жатканын кошумчалады.

Бишкекте спектаклдин бет ачары 18-мартта болот.

«Кабар» КУМА, 10.03.2017-ж.

Бөлүшүү

Макала Бишкекте Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектакли алгачкы жолу сөзү жок көрсөтүлөт бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

«Санжыра»пргораммасы: Саруу уруусу (видео)

Маданият майданы: Санжыра санаты (видео)

$
0
0

«Маданият майданы» кыргыз маданиятындагы маанилүү иш-чаралар, жетишкендиктер, жемиштүү ийгиликтери менен биргеликте кемчиликтерди түз эфирде маданият, искусство чөйрөсүндөгү инсандар менен чогуу талкууга алган теледолбоор.

КТРК, «Маданият майданы», 13.06.2016-ж.

Бөлүшүү

Макала Маданият майданы: Санжыра санаты (видео) бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

«Жамийла» жалгыз эмес. Ч. Айтматовдун Кытай адабиятына таасири

$
0
0

«Жамийла» жалгыз эмес. Ч. Айтматовдун Кытай адабиятына таасири

Ч.Айтматовдун чыгармаларынын дүйнөлүк бет алышын карап, бирлешкен мамлекеттер уюмунун 1997-жылкы маалыматына бакканыбызда, 130 өлкөдө 127 тилге которулган дүйнөлүк адабияттын «ал мончогу» катары көрүндү. Биз ушул сандуу маалымат менен сүйүнүп, сыймыктанып жүрүү менен кошо, жер бетиндеги 127 тилге которулгандан кийин, ал тилдердин окурманы кандай кабыл алды, ал тилдердин адабияттарына кандай таасир этти, атап айтканда, жер бетиндеги адамзатка жеткен Айтматовдун чыгармалары инсанга эмнелерди берди? деген суроо менен кайрылуунун шарты жаралды. Биз адабият таануучулар менен тыгыз кызматташып, жогоруда келтирилген суроолордун жообун Кытай адабиятынан издөөнү максат кылдык.

 

I Ч.Айтматовдун чыгармаларын Кытайда кабылдоосу

Кытайда Ч.Айтматовдун чыгармалары бүт эле орусчадан которуу аркылуу окурмандарга жеткен. Кытайда тунгуч которулган чыгармасы «Жамийла» болуп, 1958-жылы кытай тилине которулган. Ошондон баштап, мына ушул күнгө чейин, Ч.Айтматовдун чыгармалары бүт эле кытай тилине жана Кытайдагы аз сандуу улуттардан уйгур, казак, моңгул, кыргыз тилдерине которулуп, кадыресе, 1980-жылдан кийин Ч. Айтматов чыгармалары чоң толкун менен которулуп, удаа басмадан чыгып олтуруп, ушул бүгүнкү күндө, бардык чыгармалары кытай тилинде жарык көрүп болгон. Ал тургай, кытай тилинде бир чыгармасы бир нече жолу, бир гана басмадан эмес, бир гана котормосу эмес, бир нече адам которгон (котормо варианттары), окшобогон басмалардан, нускасы абдан көптөп тараган. Кадыресе, китеп дүкөндөрүнөн «таламай» алган сыяктуу сатылуусу шыдыр болгон. Кытайда Айтматов окурманынан «Жамийланы» сурасаң, «Ак кемени» сурасаң так айтып берүү даражасында жалпылашканын таасын байкаткан. Бир сөз менен айтканда, Ч.Айтматов чыгармаларынын окурманы кыргыз тилинде кандай кабыл алынган болсо, кандай түшүнүлгөн болсо, ошол эле даражада Кытай окурмандары кабылдаганын таң калуу менен айтууга болот.

Айтматовдун чыгармаларын, өзгөчө, адабиятчылар, жазуучулардын кабылдоосу ойдогудан да бөтөнчө болгон. Кытай жазуучулары Айтматовду эки түрдүү максат менен кабылдаган:

  • биринчи, анын чыгармаларындагы айтылган ойлорго суктануу, ал ойлорду Кытайда да айтууга ылайык көрүү максаты;
  • экинчи, өз чыгармачылыгына Айтматов чыгармаларынан жол издөө, анын чыгармаларын эликтеп жазуу, Чыңгыз чыгармаларындагы образдарды өз чөлкөмүнөн көрсөтүү, өздөрүнүн чыгармачылыгын ыкма жактан, көркөмдүк жактан, идеалык жактан көтөрүү максатында кабылдаган.

Айтматовдун чыгармаларын Кытай жазуучуларынын ушундай эки түрдүү максат менен кабылдоосу ийгиликтүү чыгып, Кытайда Айтматовдун чыгармалары кабылданып (таралып) гана калбай, Кытай адабият сахнасында өздөштүрүлүп, Айтматовду туурап чыгарма жазуу, кадыресе, Айтматовдун чыгармаларындагы идея, кейипкерлер Кытай жазуучуларынын калеми менен кайрадан жарала баштаганы Айтматовдун чыгармалары түбөлүктүү, адамзатка керектүү чыгармалар экенин көрсөтүп турат. Айтмак, Айтматов чыгармалары Кытай адабиятына таасир көрсөтүүсү анча-мынча айтылган сөздөр эмес, Кытай салыштырма адабият изилдөөсү колго алган илимий деңгээлге жеткен. Ушул күндө, Кытай адабият изилдөөсүндө, Айтматов таасири өзүнчө сөз боло турган темага айланганын айтса болот.

Айтматовдун Кытай адабиятына көрсөткөн таасирин салыштырма адабият изилдөөчүлөр эки чоң топко бөлүп көрсөтөт:

  • биринчи тобундагылар, Айтматовдун чыгармачылык таасирине учурадым деп өздөрү айтып, өздөрү ынангандар;
  • экинчи тобу, салыштырма адабият изилдөөчүлөр адабияттык теорияга салып, талдоо аркылуу салыштыра, окшоштура изилдеп «Айтматовдун таасири тийген» деп айтып чыккан чыгармалар жана жазуучулар болууда.

Төмөндө, биз өздөрү Айтматовду кабылдадык деп айткан Кытайлык жазуучулардан бир нечени мисалга тартып айтсак, Айтматовдун чыгармаларын Кытай жазуучуларынын кабылдоосу кандай жагдайда экенин айкын көрсөтүп, Айтматовдун «Жамийласы» жалгыз эле кыргыз жергесинде жүрбөй, «Жамийла» окуясы кыргыздар ичинде гана болуп өтпөй, Кытайда да бар экенин, ошондо, Айтматовдун «Жамийласы» адамзат бар жерде көп экенин, Айтматов дүйнөлүк чыгармаларды, инсанатка орток ойлорду айткан жазуучу экенин дагы бир жолу айтууну максат кылдык. Айтматовдун чыгармаларынан жол издеген, аны туурап жазган Кытай жазуучулары:

 

Ваң Мың

Кытайда алп жазуучунун бирөө, кезинде, Кытайдын маданият министри болгон. Ал Айтматовдун чыгармаларынын Кытайдагы таасирин өтө төп баалаган жазуучу болуп, жаңы заман Кытай адабиятына таасир эткен дүйнөлүк төрт чоң жазуучу, Хемингуэй, Кафка, Маркес жана Айтматов экенин, кадыресе, ошолордун ичинен эң чоң таасир эткени Айтматов экенин өзгөчө белгилеген. Өзү да эң эртеде Айтматов чыгармаларын окуган. Ал тургай, Айтматовдун чыгармаларынын таасири менен, аны эликтеп чыгармаларды жаратканына өзү макул болгон жазуучу. Анын «Обончунун пири» аттуу чыгармасы «Жамийланы» туураган, анын чыгармасында, Жамийла Айданак деп аталса, Данияр Акирам деген ат менен аталганы, «Нур», «Чаар түс» деген чыгармалары «Гүлсарат» чыгармасын эликтегени, ал эми, «Соңгу тоо» аттуу чыгармасы «Биринчи мугалимди» эликтеп жазганын адабиятчылар салыштырып изилдеп чыккан. Ал тургай, бир романындагы кейипкерине Айтматовдун «Ак кеме» китебин уурдатып, ал чыгарманы алгоолошуп окугандардын баянын киргизгени, Айтматов чыгармаларына окурмандардын канчалык ынтызар экенин көрсөткөнү болгон.

 

Вин Яжүн

Кытайдагы мыкты жазуучунун бирөө. Вин Яжүн Айтматовдун чыгармалары өзүнүн чыгармачылык жаңы жолун таап бергенин мындай жазган: «Мен, мурда өз чөйрөмдөгү нерселерди, тар идеянын ичине камап, мокок калем менен жазып жүрчүмүн, кыргыз жазуучусу Айтматовдун чыгармаларын окугандан кийин, кокустан ойгонгондой болдум», — дейт да, «Кылым карытар бир күндүн» таасири менен, «Кашатсыз деңиз» аттуу роман жазган; «Ак кемени» эликтеп, «Бөксө тоодогу жомоктор» аттуу чыгармасын жазган.

 

Жаң Чыңжы

Айтматовго ашыкча суктанган Кытайдын таанылуу жазуучуларынын бирөө − Жаң Чыңжы. Ал Айтматовдун өз чыгармачылыгына тийгизген таасирин мындай дейт: «Кыргыз жазуучусу Айтматов менин чыгармачылыгыма алгылыктуу таасирин тийгизди жана көздү ачты». Жаң Чыңжы Айтматовго баа берип: «Ал абдан бактылуу жазуучу, анткени элин мактанычка бөлөп, теңир тоо падышасы болуп калды» деп, Айтматовго Теңир- Тоо кыркасынын (Тияншандин) падышалык мартабасын ыйгарган). Жаң Чыңжы дагы Хемингуэй менен Айтматовду салыштыра сүйлөп: «Айтматовдун жаңы жана узакка жашай турган чыгармалары, Хемингуэйди эски боюнча калтырып кете алды» ,- дейт. Жаң Чыңжы «Кара жорго» аттуу чыгармасын Айтматовдун «Жамийласын» эликтеп, Байинболг менен Сомияны жазган. «Биринчи мугалимди» эликтеп, «Алик футболчу» аттуу чыгармасын жазган. Кытайдагы салыштырма адабият изилдөөчүлөр Айтматовдун Кытай адабиятына тийгизген таасирин ушул Жаң Чыңжынын чыгармаларынан көптөп көрсөткөн. Кадыресе, бул эки жазуучунунун чыгармачылык өзгөчөлүктөрүн изилдеп атайын аалым шакирттик жактоо эмгектерди жазышкан. Ал тургай, жазуучу Жаң Чыңжы өзү да макала жазып Айтматовдун адабияттагы жетишкендиктерин талдоого алган.

 

Лу Яв

Айтматов чыгармачылыгын кабылдаган Кытайдын атактуу жазуучусунун дагы бирөө − Лу Яв. Бул жазуучу кайсы бир чыгармасында кейипкери атасынын китеп текчесинен «сары майдай катып» алып окуп жүргөн «Ак кеме» повестин уурдап окуган окуяны киргизген. «Жамийланы» эликтеп «Адам өмүрү» деген чыгарманы жазып, Жамийланын образын Лыю Чавжын, ал Даниярдин образын Гав Жалинден көрсөткөн. «Жөн дүйнө» аттуу чыгармасын Айтматовдун «Ак кемесин» эликтеп жазган.

 

Гав Жанчүн

Салыштырма адабият изилдөөчүлөр Айтматов чыгармачылыгын өздөштүргөн Кытайдагы белдүү жазуучулардын катарына Гав Жанчүндү тизип, ал Айтматовду: «Мен ага улуу урмат билдирип, аны устат тутунар элем» деген сөзүн туура тартышат. Жазуучу Пав Жанчүн да «Жамийланы» эликтеп, «Кайненесинин эшегин айдаган жигит» аттуу чыгарма жазып, Жамийланын образын Мей Пыңхуаң аттуу кыздан, Даниярдын образын Ли Жыян аттуу жигиттен көрсөтүп чыккан. Андан бөлөк, дагы «Кулжа жылкысы» деген чыгармасында «Гүлсаратты» туурап жазганын танбайт. Гав Жанчүн «алыстан көрүнгөн ак боз үй» сыяктуу чыгармаларында Айтматовдун таасири өтө зор экенин адабиятчылар кенен талдоого алышкан.

 

Жаң Вий

Айтматовдун үлгүсүн туурап чыгарма жазган Кытайдын таанылуу жазуучусунун бирөө − Жаң Вий. Анын «Обон» аттуу чыгармасы «Жамийланы» эликтеп жазылып, Ар Ланзы аттуу кыз Жамийла, Ло Говр аттуу жигит Даниярдын образында баяндалган. «Тунук суу», «Сагындырган кара балык» аттуу чыгармалары «Ак кемеден», «Күзгү санаа», «Күзгү ачуу», «Байыркы кеме» аттуу чыгармалары «Гүлсаратты», «Кылым карытар бир күндөрдү» эликтеп жазылган. Ал эми «Толгонуу» аттуу романы Айтматовдун «Кыяматын» эликтеп жазылган. Айтмак, Жаң Вий Айтматовдун үлгүсүн Кытай адабиятындагы чыгармалары менен өтө көп көрсөткөн жазуучу эсептелет.

 

Яң Шыянхуй

Айтматовдун чыгармаларына суктанып өздөштүргөн Кытайдын чоң жазуучуларынын дагы бирөө − Яң Шыянхуй. Ал Айтматовдун чыгармаларына эмнеге тартылып калгандык себебин мындай жазганы бар: «Мен ага кызыкканымдын себеби көп болгонуна карабай, эң эле зарылы, анын чыгармалары мурдагы советтер ынтымагындагы жазуучулардыкына окшобогону, өз алдынча сайган туудай көрүнгөнүн айтар элем. Айтматовду окуудан мурдагы, ал 1980- жылдардагы, Советтер ынтымагы жазуучуларынын чыгармаларынын негизги темасы тек бирөө гана: пролетариат табынын көңтөрүшү, таптык күрөш, Болшевиктин жеңиши гана болчу. Ал тургай, мен эртеде өтө жактырып окуган «Тынч Дон дайрасында» да, жүрөктү сыздаткан ачыныштуу окуя баяндалган, Советтин жеңишин даңазалаган чыгарма эле. Ал эми Айтматов чыгармаларынан карапайым адамдардын эмгегин жана махабаттарын даңазалаган түбөлүк темалар көрүндү. Ал карапайым адамдардын сонун, ак көңүл адамдык сапаттарын, асыл дилин мактап чыккан эле. Болуп дагы анын Теңир-Тоо кыркалары менен жашыл жайлоолорду сүрөттөгөн, анын сезимдүү каргыган калеми менин сүрөттөлгөндөрү жүрөгүмдү элжиретип салды». Яң Шыянхуй Айтматовду өздөштүрүп, «Деңизде алыстан угулган күндүн күркүрөөсү» аттуу чыгармасын Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөтүн» эликтеген; «Кулан сайы» деген чыгармасын «Жамийланы» эликтеп жазып, Ваң Винйиң аттуу кыздан Жамийланы көрсөткөн. Дагы «Кара какыр» чыгармасында «Кызыл жоолук делбирим» эликтеген.

 

Чы Зыжыян

Кытайда Айтматовдун чыгармаларын өздөштүргөн таанылуу жазуучулардын дагы бирөө − Чы Зыжыян. Ал Айтматовдун чыгармаларын өздөштүрүүсүн мындай айткан: «Мен Айтматовдун чыгармаларына ыктап кеттим. Ал жазган адамдар арасындагы окуялар мени бейиштин абасынан жыргатып жаткандай туюлат». Чы Зыжан Айтматовдун «Гүлсаратын» эликтеп, «Бир ат эки киши» деген чыгармасын жазган; «Ак кемени» эликтеп «Араккечтин суучулдугу» аттуу чыгармасын жазган; «Эргина дайра боюнда» романын Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романына эликтеп жазган.

Булардан бөлөк, Хуң Ки, Жу Чүнйү, Йи Шызырын, Жаң Шиянлияң сыяктуу жазуучулар да Айтматовдун чыгармаларын өздөштүрүп, анын чыгармаларындагы идея, образдарды Кытайдан жараткан жазуучулардын мисалына кирет.

Биз жогоруда атап өткөн Кытай жазуучулары өздөрү Айтматовду өздөштүргөнүн айткандар, ал эми салыштырма адабият изилдөөчүлөр, булардын чыгармаларын Айтматов чыгармаларына салыштырып изилдөө аркылуу окшоштуктарды көрсөтүп макалалар жарыялаган. Алардын жазган макалаларына караганда, Айтматовдун «Жамийла», «Ак кеме», «Гүлсарат», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт», «Кылым карытар бир күн», «Кыямат», «Кызыл жоолук кырчын талым» сыяктуу чыгармалары Кытай жазуучуларынын, кадыресе, Кытайда «Мав Дун сыйлыгы», «Лу Шүн сыйлыгы» сыяктуу мамлекеттик адабият сыйлыктарынын ээлеринин калеминен кайра жаралган.

Ошого, айтар элек, Айтматовдун «Жамийласы» гана жалгыз эмес, бардык эле чыгармалары Кытайда кайра жаралып, жалгыз эмес экенин, ал тургай, «Жамийла» (дагы башка чыгармалары да) Кытайда бир жазуучунун калеминен эмес, жогоруда көрсөткөн жазуучулардын бардыгы бирден «Жамийланы» жазышкан, бардыгы «Гүлсаратты» ж. б. Чыгармаларды кайра жаратышкан. Бууп сүйлөгөндө, Айтматовдун Кытай адабиятына көрсөткөн таасири аябай чоң болгон. Эгерим, жер бетиндеги Айтматов чыгармалары которулган тилдерде да Айтматов чыгармаларынын кайра жаралуусу Кытай адабиятындай чоң таасирде экенин билүү мүмкүнчүлүгү болсо, анда, азыркы Айтматовдун дүйнөлүк жазуучу экенине сыймыктанып гана калбай, кыргыз адабиятынын дүйнөдөгү оюн, боюн көрүп, кыргыз адабиятынын дүйнө адабиятына көрсөткөн таасири менен сыймыктанууга акылуу экенбиз!

Кытай адабиятына Айтматов чыгармаларынын таасир этүүсүн, кабылдоосун Кытай адабият сынчылары мындай жактардан корутундулаган:

  • биринчиден, Айтматов чыгармалары мазмун жагынан карапайым адамдардын адамдыгын, адамгерчилигин, эмгегин, сүйүүсүн баяндаган, чыгармаларынын мазмуну жалпы адамзат көөн буруп жаткан темалардан, атап айтканда, адамгерчилик, экологияны коргоо сыяктуу түбөлүктүү темалар болгондуктан, Кытай жазуучулары да үн кошуу максатында кабылдаган;
  • экинчи, кээ бир жазуучулардын жашоо чөйрөсү, ал тургай, өмүр баяндары Айтматовдун кечирмиштерине окшош болгондук байланышы менен, алар өздөрүнө Айтматовду жакын сезинишип кабылдаган;
  • үчүнчү, Айтматовдун чыгармачылык өнөрүнө тартылган. Атап айтканда, анын чыгармаларынын «жарымы төгүн, жарымы чын» болуу өзгөчөлүгү, реалистик жана миф- уламыштык өнөр менен баяндалган ыкманы кабылдоо чыгармачылыкка жол ачарын баамдап кабылдаган.

Корутундулап айтканда, Айтматовдун Кытайдагы таасири, анын түбөлүктүү тема жаратканы, дагы бирөө, чыгармачылык өнөр жагында өзгөчө, ооба, реалистика менен фантазия жуурулушуп келген чыгармачылык өнөрдү өздөштүрүү ажатынан улам кабылдаган.

 

II Айтматовдун чыгармаларынын Кытайда изилдениши

Кытайда Айтматовдун чыгармаларын изилдөө жумушу 1981- жылдан башталган. Атап айтканда, чыгыш Кытай (Хуадоң) мугалимдик жогору окуу жайынын окумуштуусу Сав Говийдин «Айтматов» деген көлөмдүү макаласы «Азыркы совет жазуучуларын изилдөө» деген 1981- жылы «Чет эл тилин окутуш жана изилдеш басмасы» жагынан жарык көргөн илимий макалалар жыйнагында жарыялоосу менен башталган. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, Кытайда Айтматов изилдөөсү эки чоң баскыч менен толкуу мүнөздүү жүргөн: биринчи баскычы, 1980- жылдарда болгон; экинчи баскычы, 2002- жылдан башталган, Кытай жогору окуу жайларындагы изилдөөнүн чыйралыш баскычы эсептелет. Азыр ушул күндө Айтматов изилдөөсү Кытай салыштырма адабият изилдөөсүнүн чоң темалары катары урунтуктуу иштелген жумуш эсебине кирген. Биздин колубузда чогулткан материалга таянып айтсак, ушул бүгүнкү бүгүнкү күнгө чейин, Айтматовдун чыгармаларын изилдеген, ырасмий басмалардан жарык көргөн макалалардын саны 300 барчага жеткен. Андан бөлөк дагы жогору окуу жайларындагы аалым шакирттик (аспиранттык) ишин жактоо макалаларынан 17 макала, доктурлукту жактоо эмгегинен үчөө жазылган. Ал тургай, арналуу Айтматов чыгармаларын изилдеген илимий китептен экөө басмадан чыккан.

Кытайда Айтматов чыгармаларын изилдеген илимий макалаларды, илимий иштерди корутундулап карасак, изилдөө төмөнкү жети чоң түргө бөлүнгөнүн байкадык. Анда, ар бир түрдү тааныштырып өтөлү.

  1. Айтматовдун өмүр жолун, чыгармачылык абалын тааныштырган макалалар

Бул түрдөгү макалалар да өз ичинен бир нече кичик түргө бөлүнөт: биринчи, Айтматовдун өмүр баяны, чыгармачылык жолу, чыгармаларына баа айтылган макалалар; экинчи, чыгармачылык өнөрүн изилдеген макалалар; үчүнчү, чыгармаларынын курулмасын изилдеген макалалар; төртүнчү, Айтматовдун көркөм оюн изилдеген макалалар; бешинчи, чыгармаларындагы баян ыкмаларын изилдеген макалалар; алтынчы, чыгармаларына айрым- айрым талдоо жасаган макалалар сыяктуу топторго бөлүүгө болот. Бул биринчи түр боюнча жалпы 45 макала жарыяланган.

 

  1. Айтматовдун чыгармаларындагы адамды изилдеген макалалар

Айтматовдун чыгармаларындагы адамдарды изилдеген макалалар да бир нече тема топторго бөлүнгөн. Алар: Айтматов чыгармаарындагы адам муралы, мураты, трагедия, реализим, адамгерчилик жана адамдык, аялдар жана балдар сыяктуу темаларда изилденген. Бул түрдө жалпы 30 макала жарыяланган.

 

  1. Айтматов чыгармаларындагы экологияны изилдеген макалалар

Бул түрдөгү макалаларда, Айтматов чыгармаларындагы табият экологиясы, айбандар экологиясы, жалпы эле жер шары экологиясы жөнүндө изилдеген макалалар болуп, жалпы 35 макала жарыяланган.

 

  1. Айтматовдун чыгармаларындагы мифтер, уламыштарды изилдеген макалалар

Бул түрдөгү макалалар Айтматов чыгармаларындагы мифтер- уламыштарды колдонуу ыкымдары, алардын чыгармадагы кызматы жөнүндө талдоого алган. Андан бөлөк, көбүнчө макалалар ар бир чыгармасындагы мифтер жана уламыштардын колдонулуу жагдайын бөлөк- бөлөк талдоого алган макалалар болгон. Бул түрдө жалпы 15 макала жарыяланган.

 

  1. Айтматовдун чыгармаларындагы тааным, түшүнүктөрдү изилдеген макалалар

Айтматов чыгармаларындагы тааным, түшүнүктөрдөн: Айтматовдун маданият таанымы; адабият таанымы, трагедия таанымы, тарых карашы, символдук түшүнүктөр сыяктуу жактардан изилдөө алып барган. Бул түр боюнча жалпы 20 макала жарыяланган.

 

  1. Айтматовдун чыгармаларын салыштырып изилдеген макалалар

Бул түрдөгү макалалар Айтматовдун чыгармаларын Кытай жазуучуларынын чыгармалары менен салыштырып изилдеген макалалар эсептелет. Кытай жазуучуларынан: Жаң Чыңжы − Айтматов; Йи Шызырын − Айтматов; Гав Жанчүн − Айтматов; Лию Шавтаң − Айтматов; Жаң Вий − Айтматов; Дың Гаң − Айтматов; Жаң Шиянлияң − Айтматов; Айтматов жана Шинжаңдагы аз сандуу улуттар адабияты; Лу Яв − Айтматов; Чын Жоңшы − Айтматов; дагы чет элдик жазуучулар менен салыштырган макалалар болуп, жалпы 40 макала жарыяланган.

 

  1. Айтматовдун романдарын изилдеген макалалар

Бул түрдөгү макалалар арналуу Айтматовдун төмөндөгү романдарын изилдеген.

«Кыямат» романы боюнча, бул романды изилдегендер чыгарманын маңызын талдоого алуу, чыгарманын курулмасын талдоого алуу, баян өнөрүн көрсөтүү болгон. Андан бөлөк, «Кыяматтагы» мурал, жакшы менен жаман, дин түшүнүгү, трагедия, экология сыяктуу темаларда изилдөө жүрүп, ушул «Кыямат» романы боюнча эле 40 макала жарыяланган.

«Кылым карытар бир күн» боюнча, изилдөө бир кыйла тереңдеп, романдын курулмасы, анда колдонулган миф- уламыштар, реал турмуш, илимий фантазия сыяктууларды изилдеген. Бул роман боюнча жалпы 10 барча макала жарыяланган.

«Тоолор кулаганда» боюнча, андагы салтты сактоо, тагдыр, базар экономикасынын жашоого таасири, экология боюнча талдоого алган макалалардан болуп, жалпы 5 макала жарыяланган.

Бул түрлөрдөн бөлөк, эң көлөмдүүсү аалым шакирттик жана докторлук жактаган макалалар болуп, алар ырасмий басма сөздөрдө жарыяланбаган. Алардын мазмундарынан алып карасак, дале жогорудагы 7 чоң түр боюнча изилдеген макалалар болуп эсептелет.

Кытай изилдөөчүлөрүнүн тыянагында, Айтматов чыгармалары үч баскыч боюнча тепкич мүнөздүү өнүккөн: биринчи баскычы, жайлоо маданиятын, эл ичин, жаңы адамдарды даңазалаган чыгармалар болгон. Булардын катарына «Жамийла», «Кызыл жоолук кырчын талым», «Бото көз булак», «Биринчи мугалим», «Жер эне», «Гүлсарат» сыяктуу чыгармаларын тизмектеп, Айтматовдун жөрөлгөлүү реалистик чыгармалары деген темага жыйынтыктайт. Убакыт жагынан, 1960- жылдардан мурдагы чыгармалары ушул баскычка кирерин айтышат; экинчи баскычы, өтмөлүк баскыч, миф- уламыш аралашкан, атап айтканда, Айтматов чыгармалары «жарымы төгүн, жарымы чын» ыкмага өтүп, реалистика менен фантазия жуурулушкан чыгармачылык өнөрдү өнүктүргөн баскыч деп эсептейт. Бул баскычтагы чыгармалары: «Ак кеме», «Эрте келген турналар», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт», «Кылым карытар бир күн» сыяктуулар экен. Ал убакыт жагынан, 1960- жылдан 1980- жылдарга чейинки мезгил экен; үчүнчү баскыч, ааламдашуу баскычы болуп, Айтматов чыгармалары көркөмдүк жагынан миф- уламыштар менен жасанган, идея жактан адамдардын тазарышын самап, динге кайрылган, ааламдашууда жер бетинин экологиясына санаа тарткан чыгармалары экенин, анын катарына: «Кыямат», «Кар эне», «Чыңгызхандын ак булуту», «Кассандра тамгасы», «Тоолор кулаганда» сыяктууларды тизген. Убакыт жагынан 1980- жылдан баштап өмүрүнүн соңунда жарыялаган чыгармаларына чейинки убакыт экен.

Ушул күндө, Кытайда Айтматовдун чыгармаларын изилдөө жумушу калыпташуу, кесиптешүү баскычында жүрүп, докторлор, аалым шакирттер жана профессорлордон атайын Айтматов таануучу кошуун калыптанган жана алар шакирт жетиштирүү менен кесиптик кошуун кеңейип жаткан кези. Ал Айтматов боюнча жазылган илимий макалалар жыйнакталып, аны кыргыз тилине которуу жумушу уюшулду. «Айтматов Кытайда» аттуу Айтматов энциклопедиялык сөздүк түзүлүүгө уюштурулду. Айтматовду эликтеп жазган Кытай жазуучуларынын чыгармаларын чогултуу, кыргыз тилине которуу жумуштары уюштурулду.

Кайырма: Айтматовдун «Жамийласы» «алкактан» чыгып, жер бетин кезип жүрөрүнө автор өзү ушул чыгармасын жазып жатканда эле ишенип, «Жамийланын» башталышында мындай жазган экен: «ар дайым бир жакка жол жүрөрдө, мен ушул алкагы жөнөкөй жыгачтан жасалган сүрөттүн алдына келип турам. ….тоборсуп карайган жолдо, катарлаш баскан эки жолоочунун изи тигинден бери чубайт. Жолоочулар улам жакындаган сайын алардын издери жерге даана түшүп, өздөрү азыр дагы бир эки кадам шилтесе, алкактын сыртына аттап, ошондон ары кетип калчудай сезилет».

Көрсө, мына ошол алкактан аттап, Жамийла менен Данияр Кытайда «…алардын издери жерге даана түшүп» жүргөнүн Кытай адабиятчылары айтканынан улам билинди.

Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу,
КЭР, Филология илимдеринин доктору

 

Бөлүшүү

Макала «Жамийла» жалгыз эмес. Ч. Айтматовдун Кытай адабиятына таасири бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Viewing all 477 articles
Browse latest View live


<script src="https://jsc.adskeeper.com/r/s/rssing.com.1596347.js" async> </script>