Quantcast
Channel: Кыргыз маданият борбору
Viewing all 477 articles
Browse latest View live

Дарика Жалгасынова: атам апамдын кайниси болгон, экөө унутулгус сүйүүнү баштанкечириптир

$
0
0

Кыргыз искусствосунда булбул үндүү опера ырчысы, КРдин Эл артисти Дарика Жалгасынова быйыл 75 жашта. Эки доорду көргөн ырчы 80 жашты утурлап калса да, боюн түз алып, орду менен сүйлөп, табит менен кийинет. Опера ырчы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаевага 75 жылдык мааракеси жана басып өткөн чыгармачыл жолун баяндап берди.

— 75 жаш кутман курагыңыз кут болсун! Телефон менен байланышканыбызда кичи мекениңиз Таластан келе жатам деп калдыңыз, ал жактан да белгилеп келдиңизби?

— Тоюмдун акыркы бөлүгүн туулуп-өскөн мекеним Талас шаарынын Кара-Буура районунда өткөрүп келдим. Мени менен чогуу СССРдин Эл артисти, курбум, чогуу иштеген Кайыргүл Сартбаева, акын эжебиз Гүлсайра Момунова жана аксакалдар уюмунун башчысы Дөөлөтбек Шадыбеков өңдүү залкарлар барышкан. Негизи, Төө-Ашуудан өткөн сайын тоодой болгон энергия алам. Элим менен жолугуп өзүмдү абдан бактылуу сездим.

— Туулган жерге барганда эмнелер эсиңизге түшөт?

— Менин балалык күндөрүм кыйын убакка туш келди. Беш жашыбыздан баштап, мага окшогон кыздар тамеки тизип, муздак сарайда отурат элек. Жайдын күнү эшик абдан ысык болсо да, сарайдын ичи салкын тартып турчу. Тамекинин жалбырагы муздак болгондуктан, алдыбызга жылуу төшөнчүлөрдү салып коюп, курсагыбыз ачка болсо да тамеки тизип ырдап отура берчүбүз. Ошол кезде эле мен ырды жакшы көрчү экенмин. Кандай жумуш жасабайын кыңылдап ырдап жүрө берчүмүн.

— Демек, кичинеңизде эле ырдаганды жакшы көрчү турбайсызбы?

— Мен да апамдан,»кимди тартып ырчы болуп калдым»,— деп сурай берчүмүн. Ошондо апам атам жөнүндө көп эскерип, ырчылык өнөр ошол кишиден берилсе керек деп калаар эле. Атамды апамдын айтуусу боюнча эле билем. 31 жашында согушка кеткен. Атам апамдын кайниси болгон. Илгери кайнисине алып берүү деген салт болгондуктан, ал орой деле көрүнчү эмес экен. Экөө баш кошкондон кийин унутулгус сүйүүнү баштан кечиришиптир. Бир жолу Жамиля менен Даниярдын киносун көрүп «ой тобоо, мунуң кудум эле биз жөнүндө тартылган го»,— деп жашыган экен. Көрсө, атамдын да Даниярдыкына окшогон арабасы болуп, узак жолго чыгаарда дайыма апамды салып алчу экен. Анан жолдо ырдап баратса, апам аны Жамиля сыяктуу кулак төшөп укчу экен. Апамдын 36 жашында жалгыз бой калганы өкүнүчтүү. 95 жашка келип, оорубай-сыркабай карылыкка моюн сунуп, 1980-жылы дүйнө салды. Азыр ойлосом апамда да талант бар экен. Кошокту ийнине жеткирип кошчу. Жамандыктарга барып калганда «апа, кичине кошуп ырдап койчу», — десем тымызын ичиндеги бугун кошо чыгарып созуп, ырдап калчу. (Биздин маектеш энесин көзүнө жаш алып эскерди)

— Ырчылык өнөргө кимдер жол көрсөттү?

— Ар бир адамдын маңдайына жазылган таланты, тагдыры болот экен. Менде атаман калган данек бар дебедимби, жогоруда. Бирок мен ал данекти андан ары жогорку деңгээлге өркүндөттүм. Катардагы ырчыдан Эл артисти наамына жетүүгө салымын кошкон адамдардын алгачкысы апам болду. Эки жакка кеткенде балдарымды тарбиялаганга жардам берип, баарын чоңойтту. Алар төрөлгөндөн эки айдан кийин эле жумушка чыгып кетчүмүн. Апам тың эле, 90 жашында күлчөтай жасап, балдарды тойгузуп, мени жумуштан күтүп отурчу. Чыгармачылыгыма себепкер болгон дагы бир адам бар. Интернатта окуп жүргөндө талантымды байкап, өзүнүн көзөмөлүнө алган улуту украин, баян ойногон Дядя Коля (Алагуша) эле. Ал мага ар түрдүү улуттун ырларын берип, сынактарга катыштырып жолго салды. Ошондой эле Сайра Кийизбаева деген эжебиз «сенден өнөрлүү адам чыгат. Окууңду аяктаганда Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга бар», — деп кеңеш берген.

— Операда бир топко чейин созуп ырдоо кыйынга турса керек. Үн бир калыпта, көп убакытка кооз чыгыш үчүн кандай ыкмалар колдонулат?

— Ырчылык кесипти тандап алган соң аны өмүр бою сүйүп, барктап баалап алышыбыз керек. Андыктан анын нормаларын так аткарууга милдеттүүбүз. Үн кооз чыгыш үчүн аны да аздектеп күтүш керек. Ал үчүн муздак, газдалган суу менен ичимдик ичүүгө болбойт. Эрте жатып, конокко көп барбаш керек. Көп сүйлөөгө да болбойт. Тамак чарчап калбаш үчүн концерт болоор күнү сүйлөчү эмеспиз. Анткени операда үч сааттай ырдайбыз да. Азыр ырдабасам дагы бул эрежелерди сактап турам.

— Конокко барганда ырдап бериңизчи деп калган учурлар көп кездешсе керек?

— Конокто «Айылдын аркы жагынан» деп аталган же дагы фольклор жаатындагы ырларды ырдай берем. Бирок дүйнөлүк классикаларды оркестрдин жардамы менен гана аткарам. Сахнада 72 жашка чейин ырдап жүрүп пенсияга чыктым.

— Бир кезде кыргыз искусствосу жогорку деңгээлге көтөрүлдү эле. Азыркы учурда театрга барган адам деле жок. Мунун себеби эмне деп ойлойсуз?

—  Азыр деле театрда мыкты, өз ишин кыйын билген таланттуу профессионалдар көп. Болгону эл азыр башка нукка өтүп кеткендей. Бир кезде Кайыргүл Сартбаева, тенор Токтонаалы Сейталиев, Болот Миңжылкиев өңдүү таланттар «топ жылдыздай» жандык эле. Андан соң мага деле опера басаңдап, тынчып калгандай сезилди. Бирок Керим Турапов, Бакыт Ыбыкеев, Эсен Нурмамбетова, Сайра Чоткараева өңдүү ырчылар чыга баштаганда көңүлүм тынып калды. Өнөр адамдары сыйлык, наамдарды алганда шыктанып чыгармачылыгынын үстүндө андан да катуу иштей баштайт эмеспи. Мындан улам мен дагы бул адамдарга «Эл артисти» эмес, «Эмгек сиңирген» деген наамдар качан берилет деп кейип жүрдүм. Быйылкы жылды президент Алмазбек Атамбаев Тарых жана маданият жылы деп жарыялап жакында эле бир топ маданий кызматкерлерге, өнөр адамдарына түрдүү наамдарды ыйгарды. Бул жакшы көрүнүш болду.

— Балдарыңыздын ичинен ырчылыкка багыт алгандар барбы?

— Балдарымдан эч ким деле жолумду жолдогон жок. Улуу кызым Улуттук консерваториядан пианист кесибин бүткөн, бирок учурда балдары менен үйдө. Экинчи кызым англис тили боюнча котормочу. Уулум деле майда-чүйдө жумуштар менен алектенет. Келиним казак улутунун кызы.

— Неберелүү болуу да өзгөчө сезим болсо керек…

— Үйдө неберелерим менен жаным бирге. Уулумдун эки кызы бар. Аларга тамак-аш деле жасап бербейм, бирок бош убактымды ошолор менен өткөргөнгө аракет кылам. Бир небереме Дарика деген ысым берип коюшуптур, фамилиясы да Жалгасынова.

— Өз курагыңыздан жаш көрүнөсүз, сыры эмнеде? Кийингениңиз да өзгөчө…

— Искусство адамдары дайыма эл көзүндө болгондуктан өзүңдү карашың керек. Бирок азыркылардай болуп стилисттерге деле барбайм. Жада калса, атайын чач тарач деле жалдаган эмесмин. Биз консерваторияда окуп жүргөндө «грим» деген сабак өтүлчү. Ошол сабактан бардыгы үйрөтүлгөн.

— Элиңизге болгон каалоо- тилегиңиз?

«Sputnik-Кыргызстан», 06.11.2016-ж.
Сүрөттүн автору Табылды Кадырбеков

Макала Дарика Жалгасынова: атам апамдын кайниси болгон, экөө унутулгус сүйүүнү баштанкечириптир бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Аракетке жараша – берекет…

$
0
0

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Билим берүү жана илим министрлиги, Жогорку аттестациялык комиссия аспирант-изденүүчүлөргө мамлекеттик тил боюнча кандидаттык экзамен тапшыруунун жобосун жана типтүү программасын иштеп чыгып, ал Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилди. Ушул жылдан тартып бардык аспирант-изденүүчүлөр милдеттүү түрдө мамлекеттик тилден кандидаттык экзамен тапшырышат.

Республикалык «Сен сүйгөн кыргыз макалы» эссе сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Сынактын жалпы республикалык туруна 125 иш келип түшкөн. Анын ичинен жогорку окуу жайлардан – 41, мектептерден жана кесиптик окуу жайларынан – 84 эссе.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен бирдикте Туяк ырчынын 160 жылдык маарекесин өткөрдү. Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы Социалдык-педагогикалык институтунда ырчынын маарекесине арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ал эми салтанаттуу маареке Кадамжай районунун Пум айылында өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 30-декабрындагы №286 Жарлыгына ылайык «Менин энем» республикалык сынагы өткөрүлдү. Мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, жаш калемгерлерди колдоо жана аларга дем берүү, энелерди даңктоо максатында уюштурулган сынакка республика боюнча жана чет өлкөдө жашаган 16 жаштан 35 жашка чейинки калемгерлерге катышууга мүмкүндүк берилген. Сынакка келип түшкөн 76 автордун чыгармасынын арасынан 58 чыгарма  тандалып алынды.

Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыздын туңгуч энциклопедиячыларынын бири Закон Бейшеевдин 80 жылдыгына карата “Мамлекеттик тилдин учурдагы абалы жана өркүндөтүү багыттары” деген аталыштагы республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Андан тышкары, юбилярдын туулган күнүнө карата Бишкек шаарында китеп жарманкеси уюштурулган.

z_beysheev

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Тарых жана маданият” жылынын алкагында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурулган республикалык көркөм окуу сынагын жыйынтыктады. Бишкек шаарындагы жогору жана кесиптик-техникалык окуу жайларынын ичинен тандалып алынган 28 катышуучу республикалык көркөм окуу сынагында таймашты. Сынактын жыйынтыгында баш байгени Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенти Ажыбек Турумбеков алды. Ал эми 1-орунга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Гундуз Юсуф, 2-орунга Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин студенти Жанара Кайрат кызы, 3-орунга болсо К.Карасаев атындагы БГУнун студенти Гүлжан Камчыева татыды.

bgu

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Айыл чарба жана мелиорация министрлигине, Юстиция министрлигине, Социалдык фондуна, Коргоо комитетине мамлекеттик тилдин абалы менен таанышуу жана практикалык жардам көрсөтүү максатында текшерүү жүргүздү. Адистерге иш кагаздарын жүргүзүү жана орфография ченемдерин сактоо боюнча бир катар сунуштар берилди.

Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын негизинде үстүбүздөгү жылы Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош областында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге мамлекеттик тилде иш жүргүзүү боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинар-тренингге катышкан 190 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 50 пайызы башка улуттун өкүлдөрү.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Башкы комиссарынын башкармалыгынын “Көп түрдүүлүктөгү бирдейлик” аттуу долбоорунун алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден турган 36 топко 72 сааттык курс акысыз окутулду. 540 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер А1, А2, В1, В2 деңгээлдеринде кыргыз тили курсунан өтүп, тастыктамаларды алышты.

Мындан тышкары, мекемелерден келип түшкөн өтүнмөлөргө, “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына” ылайык Бишкек шаарында окуу, семинар-тренингдер жүргүзүлүп, 80ден ашык мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер окуудан өтүштү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан жарыяланган мамлекеттик тапшырыктын негизинде жарыяланган тендерге катышуу менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору окутуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Эки тараптуу түзүлгөн келишимге ылайык жер-жерлерде 250дөн ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 72 сааттык окутуудан өтүп, тастыктама алышты.

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Г.К. Кудайбердиеванын 2016-жылдын 4-октябрындагы №21/61 Протоколдук тапшырмасынын негизинде мамлекеттик кызматкерлердин өз милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээлдеринин тизмегин иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө мамлекеттик кызматкерлердин өз милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээлдеринин тизмегин иштеп чыгат.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын  24, 26, 27, 28, 29-беренелерин тийиштүү кызматтарга туура түшүндүрүү боюнча үзгүлтүксүз иштер жүрүүдө. Көчөлөрдөгү мыйзамсыз жарнамаларды текшерүү боюнча 10дон ашык рейд жүргүзүлгөн жана тиешелүү органдарга чара көрүү боюнча сунуштар берилген. Мыйзамга туура келбеген жана мыйзамсыз илинген жарнак такталары боюнча альбом даярдалып, mamtil.kg сайтына жайгаштырылды. Натыйжада, ар бир жарнама агенттигинин такталарынын саны такталды (жалпы 712) жана аларды кыргызчалатуу маселеси көзөмөлгө алынууда. Ошондой эле Кыргызстандын аймагындагы ишканалардын тизмеси алынып, алардын продукциясынын этикеткасын мыйзамга ылайыктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Быйылкы жылдын кубанычтуу жаңылыктарынын бири – Кыргыз Өкмөтүнүн алдында Терминологиялык комиссиянын түзүлүшү. Аталган комиссия расмий документтерде колдонулган терминдерди бирдейлештирүү максатында уюштурулду. Терминком ар кайсы тармактан чогулган 11 адистен куралып, өзүнүн 3 жолку жыйынын өткөрүп, терминдерди талкуулоо, китептерди басып чыгаруу иштери жүрүп жатат.

Кыргыз жана чет тилдери боюнча компьютердик котормочу программалары, акысыз компьютердик тексттери жана окутуу программалары бар улуттук Интернет ресурстарын өркүндөтүү үчүн Кыргыз тили Google Translate кызматына киргизилди. Муну менен автоматтык түрдө жасалма интеллекттин жардамы менен дүйнөлүк 106 тилден кыргыз тилине которуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Кыргыз Уикипедиясына башка (англис, орус, түрк, казак) тилдерден миңдеген макалаларды келечекте автоматтык которуп киргизүүгө жол түзүүчү куралдарды өздөштүрүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат. Ошондой эле азыркы мезгилде, Кыргыз Уикипедиясы жаңы макалалар менен толукталып, алардын жалпы саны 60 миңден ашты.

Кыргыз тилин жеңил үйрөнүү жана которуу максатында 35 500 сөздөн турган кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүктөрү жана тармактык сөздүктөрдүн электрондук версиясы даярдалып, mamtil.kg сайтына жайгаштырылды. Андан тышкары, СD дисктерге жаздырылып мамлекеттик мекеме-уюмдарга таркатылды.

Мындан сырткары ушул эле келишимге ылайык кыргыз тилин чет элдиктердин, анын ичинде түрк, англис, орус тилдүүлөрдүн жеңил үйрөнүүсүнө багытталган жана интерактивдүү сүйлөшмө катары пайдаланылуучу IOS жана ANDROID базалары боюнча мобилдик жабдуулар үчүн тиркеме иштелип чыкты.

Ушул жылы Улуттук программанын, Концепциянын  негизинде жана Тарых жана маданият жылына карата дүйнө сериясы, адабият сериясы, окуу-усулдук китептер, балдар үчүн адабий колдонмолор, бардыгы болуп 87 аталыштагы китеп басмадан чыгып, республикадагы мекеме-уюмдарга жана билим берүү мекемелерине акысыз таратылып жатат.

Аида Ишеналиева,
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы,
“Кыргыз тили”, 23.12.2016-ж.

Макала Аракетке жараша – берекет… бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

«Сөз дайра»: көзү тик келин экен

$
0
0

Бүгүн «Сөз дайра» берүүсүндө кайран жана көз деген сөздөрдү чечмелейбиз.

«Кайран» деген сөз көбүнчө көзү өтүп кеткен адамга карата айтылат. «Кайран жигит! Эрте кетип калбадыбы!» деп кайгырган адам дүйнөдөн жаш өтүп кеткенде. Адам дүйнө салганда кыргыздар «Эс кайран! Эсил кайран!» деп өкүрүп түшкөн. «Кайран болду» деген сөз, «Көзү өттү», «Дүйнөдөн кайтты» дегенди да билдирген. Анткен менен «кайран» сөзү тирүү жандарга деле айтыла берет. «Кайран эр, мыкты сүйлөдү!» деп коет. Бул мактагандагысы, сүйлөгөнүнө ыраазы болгондогусу. Кээде жактырбаган үн менен: — Ии, кайран, дагы келдиңби?,- деген.

Кыргыздар сүйлөгөнү, сүйлөө мамилеси, сүйлөө ыкмасы аркылуу бир эле сөздү ар кандай мааниге алып чыкканын көрүүгө болот. «Кайран башым кор болду!» дейт. Азаптан арылбай келаткан тагдырын ушинтип түшүндүргөн. «Кайран кыз, ишке жарады, азамат экен!» дейт. «Кайран акча эчтекеге жарабастан жок болду!» дейт. «Жаманга айткан кайран кеп» дейт. Акмак адамга акыл айтканча айтпай эле кой дегени. «Кайран шылуун, дагы баягы майталкан жерге орношуп алыптыр» дейт. «Баягы керооз неме барган жерин чиритип эле келатат» дейт.

«Көз» деген сөзгө байланыштуу көптөгөн маанидеги сөздөргө күбө болуп жүрөбүз. Мисалы: — Окуй берип көзүмдүн майы түгөндү, — дейт. «Аябай окуй берип көзүм чарчады, көзүм талыды» деген маанини билдирет. «Ал мени көзүнүн агы менен карады» деп коет. Бул жактырбай карады, жаман көрүп карады дегенди түшүндүрөт. Кээде «Көзүнүн төбөсү менен карады» деп да айтат. «Кирип барсак акча санап аткан экен, көрө коюп катуу чочуп кетти» дейт.

«Көз көрүнөө алдап кетти» дейт. «Көзү тик келин экен» дейт. «Улуудан тартынбаган, кичүүдөн ийменбеген келин экен, адептүү келин болбойт окшойт» деп чочулагандагы сөз. «Мен өлүп калсам энеме көз сала жүр» деп коет. Мен өлгөндөн кийин энеме каралашып, жардам бере жүр деген мааниде. -Көзүң аккыр! Көзүң агып калсын!, — деген каргыш бар. Кээде аялдар какшап ыйлап, басылбай койгон баласын, айласы кеткенде ушинтип каргап жибермейи бар. — Ийненин көзүндөй жерден өттүк,- деп коет. Өтө татаал, кыйын жерден өттүк дегени. — Бала таң аппак аткан маалда көз жарды, — дейт. Бала таң аткан кезде төрөлдү дегени.

Шайлообек Дүйшеев, “Азаттык”, 03.01.2017-ж.

Макала «Сөз дайра»: көзү тик келин экен бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Монголиядагы кыргыздар

$
0
0

(Уландысы. Башталышы өткөн санда)

Алас-дубалары

Монголиялык кыргыздарда ырым-жырым ырларынын ичинен “дуана бейити” деген ыры абдан кызыгууну жаратты. Аларда үйдүн ичин жин-шайтандардан тазалаш үчүн атайын дубаналарды чакыртып, атайын алас ырлары ырдалган. Ал ырлары мындай:

Ак паледен как!
Дуана келсе эсиктен,
Палакет качат тесиктен.
Таркамаса кырсыгың,
Дуанен берем шешип мен.
Кызырдын алып батасын,
Мусанын туттымасасын.
Шарапат бар байымда,
Палакет-сайтан кашатын,
Конбайдыдуам кууларга.
Аякты терисбасатын,
Бакыт берсин журтыма.
Багы шалкыпжататын,
Дуниекумасжаксылар.
Жамылган жалгыз матысын,
Кешире көр Теңирим,
Пенденин кылган катасын.
Ак паледен как!

Мазмунуна келе турган болсок, ал үйдү жаман нерселерден тазалаш үчүн жасалган ырым-жырымда айтылчу сөздөр. Бул кыргыздын Нооруз майрамында айтылып жүргөн алас ырынын эле аналогу.

Алас, алас, алас,
Ар балээден калас!
Айдан аман, жылдан эсен бололу.
Жакшылыкты Теңирим берсин,
Жарык күндү кеңири берсин!
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас!

Маани-мазмундук жактан алганда кыргыз элинде Нооруз майрамында түшүмдүүлүктү чакыруу жана үйлөрдү арча түтөтүп тазалоодо айтылган ыр монголиялык кыргыздарда үйдү тазалоо үчүн дуаналарды чакыртып ырдалган ырдын функциялык кызматы окшош. Сөздөрдүн структуралык түзүлүшү, муун өлчөмү жагынан да окшош экендиги талашсыз.

“Ак паледен как!” (аларда)

“Алас, алас, алас,
Ар балээден калас!”
(бизде).

Сүйлөмдөрүнүн аягында бата тилөө сөздөрү да орун алганын байкасак болот. Негизи дуба айтып жин-шайтандарды кубалагандан кийин, “мындан ары үйгө жакшылык гана кирип турсун” деген таризде айтылган ишеним десек болот.

“Бакыт берсин журтыма…
Кешире көр Теңирим,
Пенденин кылган катасын!
” (аларда).

“Жакшылыкты Теңирим берсин,
Жарык күндү кеңири берсин!
” (бизде).

Айырмалуу жагына келсек, кыргыз элинде Нооруз айтымдарын улгайып калган, сөздүн кадырын билген энелер айтат. Ал эми монгол кыргыздарында кылган иштери, сүйлөгөн сөздөрү менен элге кадыры бар дубаналар аткарган. Дубана деген сөз ислам дининин келиши менен шамандардын молдо, дубана, имам деген түшүнүктөрүнө өтүп кетиши толук мүмкүн. Анткени эл арасында дарыгерчилик менен алектенип жүрүп эл башчыларына акылмандыгы менен жаккан шаман жоокерчилик заманда көп болгон. Ошол эле Чыңгыз хандын шаманы мамлекеттик иштерге чоң таасир эткен. Ал эми молдо, дуаналар да исламдан кеңири түшүнүгү бар инсандар болгондон кийин элдер ислам динине ооп кеткенден кийин шамандардын функциясы дубана, молдолорго өтө баштаган десек болот. Ал эми Орто Азия кыргыздарындагы ритуалды эне аткарганы биздин азыркы мезгилге абдан ылайыктуу трансформацияланганынан кабар берет. Демек, монгол кыргыздарындагыдай аластоо ырымын бизде да убагында шамандар аткарышы мүмкүн. Кийинчерээк гана энелерибиз аткарып калган болушу ыктымал.

 

Макал-ылакаптары

Макал-ылакап турмуш-тажрыйбасын топтоп келип, бир кичинекей сүйлөмдүн тутумуна батырган элдин этика-эстетикалык, турмуштук-тарыхый, диний-философиялык, мамлекеттик жана коомдук түзүлүш системасын мезгил-мейкиндик жактан өз кучагына алган түшүнүк. Ар бир элдин күнүмдүк турмушта пайдаланган сүйлөөречинен улам ошол элдин тарыхын, маданиятын, динин, философиясын, коомго, дүйнөгө болгон көз карашын толук баамдасаң болот. Кандай макалды көп пайдаланганынан улам ошол элдин аксилогиялык баалуулук ченеми көкүрөктөн тышка агылып чыгат. Бардык элдерде кыска-нуска, муун-өлчөм ыргагына жол берген, каймана мааниде берилип, өз мазмунуна көлөмдүү ойду батырып, күнүмдүк колдонууда өз активдүүлүгү менен башка жанрлардан айырмаланып турган табияты монгол кыргыздарындагы макалдарда да орун алган. Алар менен сүйлөшүп олтуруп жазып алган макалдарынын дээрлик көпчүлүгү уруу-уруу болуп, азчылыктын көпчүлүк алдындагы, жекенин жалпы алдындагы, жапыздын бийик алдындагы артыкчылыгы орун алган. Монгол кыргыздарынын дээрлик көпчүлүгү жайлоолордо малчылык менен алектенип, үйүр-үйүр жылкы, короо-короо кой багып, жайлоолордо жашашат экен. Азыркы постиндустриалдык коом менен чатагы жок болгондугу, капитализмдин кеңири массага сиңбегендиги, акча, пайыз, киреше түшүнүктөрү кичине бар, бирок, жалпы журтка жайыла электиги алардын күнүмдүк турмушта пайдаланган макалдары коомдон, жамааттан бөлүнсөң — өлгөнүң сыяктуу макалдар. Мисалы: “Суудан шыкса балык өледи, элден шыкса жалгыз өледи”, “Адам адамдан өссө да, элден аспайды”, “Элин жамандаган эр оңбос, эрин жамандаган аял оңбос”, “Жети атасын билмегенжетесиздик,руынбилмегенүлгисиздик”, “Көпкетопырак шашпа, көптү жамандаган көмүсүз калады”, “Элге сымаган, жерге сыймайды”, “Тексиз кыз алма, теги жарымагандынсаркытын ичпе” деген сыяктуу макалды байма-байма кайталанганы, салттуу коомдо жашап жаткандыктарынан кабар берет. Бул макалдар азыркы кыргыз коомчулугу үчүн жарым-жартылай актуалдуу десек болот. Бизда батыштын индивидуал-эгоистик маанайдагы маданий баалуулуктары каптап, көпчүлүктүн, улуунун сөздөрүн бучкагына теңебей, жалгыздын укугу жалпы элдин укугунун жогору болгон заманда өмүр кечирип жатабыз.

Кыргыз элинин бай маданий мурасы анимистик, шамандык, Теңир динине ишенген жоокерчилик мезгилде пайдубалы түптөлгөнүнө кыргыз эпостору, макал-ылакаптары, кошок-угузуу ырлары, кыймылдагы бийлери, обондогу ырлары далил боло алат. Кыргыз баласынын феномени Теңир жараткан жаратылыштын теңдигин сактап, теңсалмактуулугун бузбаганга аракет жасаган. Ошол аракеттери эпосторунда (“Кожожаш”), макалдарында (“Көккө түкүрсөң көзгө түшөт”, “Суу менен ойносоң чөгөсүң, от менен ойносоң күйөсүң”, “Суу кордогон кор болор”, “От менен ойнобо”, “Аарынын уюгуна тийбе”, “Шамал менен жарышпа”) абдан кеңири экендиги талашсыз.

Монгол кыргыздарынын да маданиятынын байтүбүн түзгөн, кылымдар мурун пайда болсо да өз актуалдуулугун жоготпогон анимистик, фетиштик, политеистик маанайдагы кыска жана нуска сөздөр бар экендигин мисалга тартабыз. Кут жөнүндө: “Куттыконакконса, кой эгиз табады.Кутсызконакконса, койгакаскыршабады”, суу жөнүндө: “ Кус төреси–акку, жер төреси – суу”, анимистик: “ Иттин иесиболса, бөрүнүн Теңири бар”, “Төбесиз жер болмайды, төрөсүз эл болмайды”, “Үркер көтөрүлдү, жылкыга жал, түөгөком, сыйыргы май, кой-эшкиге жел бүтө бастар” деген сыяктуу макалдарды окусаң тыбыштык гана өзгөрүү болбосо, бардыгы биздин макалдар менен маанилеш экендигин баамдасак болот.

Дагы бир өзгөчө деген жагы: кыргыз элиндеги макалдардын уландылары бар экендигине токтолсок болот. Монгол кыргыздарында: “Ажал айтып келбейт, жастык кайтып келбейт”, “Аш бала ток бала менен ойномойду, ток бала аш болом деп ойломойду”, “Ат айланып казыгын табады, эр айланып элин табады”, “Адам ашпаймын деген эшигин үч ашады, ат баспаймын деген жерин үч басады”, “Кол карышына тартады, сур ийинине тартады” деген макалдардагы маанилердин кыргыз эли биринчи гана сүйлөмдөгүлөрүн пайдаланып келебиз, мүмкүн бизде деле толук варианты бардыр, бирок кеңири масса биринчи гана сүйлөмдөгүлөрдү пайдаланат.

Жогорудагы монгол кыргыздарынын маданиятынын бир кичинекей бөлүкчөсүнө илимий анализ кылуу менен төмөндөгүдөй жыйынтыкка келдим.

Биринчиден: монгол кыргыздарынын маданияты жерден тамырын жулуп ала элек мезгил экени алардын маданиятынан билинип турат. Алар табиятты сыйлап, зыян келтирбей, боор тартып, митекечтик ой жүгүртүү бара элек.

Экинчиден: жалпы жамааттын кызыкчылыгы биринчи планга коюлуп, уюмдашып жашоо кечирген мезгил экендигин баамдасак болот.

Үчүнчүдөн: интернет, соцжеле, абателефон деген нерселердин аз болгондугу алардын маданиятынын нукуралыгын сактап, өзгөрө электигинен кабар берет.

Төртүнчүдөн, монгол кыргыздарынын маданиятынын көп өзгөрүүгө дуушар боло электиги биз үчүн жакшы нерсе. Анткени, бизде сакталбаган маданияттын үлгүлөрү алардан чыгышы мүмкүн. Тилекке каршы, убакыт аз болгондугуна байланыштуу аз гана материалды алганга үлгүрдүк. Кудай буюруп, дагы илимий экспедиция уюшулуп калса, түп-түз эле Монголиянын Баян-Улген аймагындагы кыргыздарга жана ошол жерден 100-150км. аралыктагы жерде рун тамгалары менен жазылган түркологияда анча белгилүү эмес эстеликтер бар экендиги аныкталды, мына ошол жерге баруу.

Бешинчиден, монгол кыргыздары кыргыз бийлиги менен жолугушуу уюштуруп берүүнү кайра-кайра өтүнүп жатышты. Ошондон улам мындай ойго келесиң: Кыргыз Республикасы тарабынан аларга саясый колдоо керек. Монголияда кыргыз элчилиги жок болгондуктан алар жөнүндө толук маалыматтарды билбейбиз. Демек, Монголияга элчилик ачылышы зарыл. Алардын кыргыз тарыхы, тили, маданияты жөнүндө жеткиликтүү маалыматы жок экендигин байкадык. Ошондон улам, алардын жаштарына кыргыз окуу жайларынан окуганга, билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп бериш керек.

АмангелдиСабыр уулу,
КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият
институтунун кенже илимий кызматкери,
“Кыргыз тили”, 23.12.2016-ж.

Макала Монголиядагы кыргыздар бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

ТИМдеги мамтил абалы

$
0
0

Министрликтеги бардык расмий документтер: дипломатиялык кызмат органдары тууралуу мыйзам, нускамалар жана башка олуттуу документтер мамлекеттик тилге которулууда.Ошондой эле, жогорку органдардан келген тапшырмаларга, каттарга, жарандардын, жана чет жерлердеги мекендештерибиздин суроо-каттарына жооп мамлекеттик тилде жазылууда.

Министрликте мамлекеттик тилде иш алып баруунун ролун жогорулатуу, тилди өнүктүрүү максатында Тышкы иштер министрлигинин бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине багытталган каттарды мамлекеттик тилде жазып, расмий эмес котормосун тиркеп жөнөтүү тууралуу тапшырма берилген. Көпчүлүк министрликтерден бул сунушубузду колдогон каттар келип түшкөн жана алар бул тапшырманы аткарып жатышат. Айрым учурларда Өкмөткө караштуу ар кандай мамлекеттик комитеттерден, министрликтерден чалып, “катты эл аралык уюмдарга орусча багыттасак болобу?” деп суранышат. Андай учурда жардам бергенге аракет кылабыз.

Министрликтин кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо үчүн кызматкерлер мамлекеттик тил боюнча КЫРГЫЗТЕСТ сынагын тапшырышты. Тесттин жыйынтыгы мамлекеттик тилди билүү деңгээлине жараша:башталгыч,орто жана улантуучутопко бөлүнүп, шаршемби, бейшемби, жума күндөрү окуп жатышат. Окутуу Дипломатиялык академиянын окутуучулары тарабынан ишке ашырылууда.

Өзгөчө белгилей кетчү нерсе: 1-саясий департаменттин бөлүм башчысы У.Дыйканбаев, 3-катчысы А.Арабаева, атташеси М.Абдыкадыров, 2-саясий департаменттин кеңешчиси Р.Аданов, 2-катчысы А.Океева, атташеси Г.Акказиева, 3-катчысы Г.Абдрасулова, эксперти Б.Дайирбеков, референти Т.Чотонова, 3-саясий департаменттин бөлүм башчысы А.Кылычев, 2-катчысы Д.Аскарова, атташеси Т.Чоңмурунов, 4-саясий департаменттин 3-катчысы А.Сыдыков, катчы-референти У.Муканов, Интеграциялык биримдик департаментинин атташеси А.Өмүрзакова, Консулдук кызмат департаментинин кеңешчиси Р.Маткеримов, бөлүм башчысы А.Акаев, 2-катчысы А.Береналиев, 3-катчысы Б.Асаналиев, Кадрдык иштер департаментинин атташеси Р.Исаков, Мамлекеттик протокол департаментинин атташеси А.Аданов, Эл аралык укук департаментинин атташеси М.Жээнкуловдор мамлекеттик тилде өз алдынча сабаттуу жазып, кесиптештерине үлгү болуп келишүүдө.

Министрликтен чыккан бардык ноталык каттар мамлекеттик тилде жазылып, расмий эмес котормосу тиркелип жөнөтүлөт.

Министрликте, жалпы эле дипломатиялык кызмат тармагында кыргыз тилин өнүктүрүү жана терминдерди тактоо максатында “Тегерек стол” өткөрүлгөн. “Тегерек столго” тилчи окумуштуулар, Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилер, Президент жана Өкмөт Аппаратынын, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, министрликтер жана мекеме өкүлдөрү катышты. Алар жогорку деңгээлдеги мындай “Тегерек стол” министрликтер жана мекемелер арасында алгачкы жолу өтүп жатканын белгилеп, министр Э.Абдылдаевге жана уюштуруучуларга ыраазылык билдиришти. Жыйынтыгында Президент жана Өкмөт Аппаратынын, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү жана ТИМдин башкы адиси болуп биргеликте иш алып барууну максат кылышты. Ошондой эле, эл аралык маанидеги документтердин кодификациясын иштеп чыгуу сунушталды.

23-сентябрь — мамлекеттик тил күнүнө карата кыргыз тилинде жазылган иш кагаздарынын үлгүлөрү камтылган китептердин, колдонмолордун, сөздүктөрдүн көргөзмөсү уюштурулду.

Министрликте коллегия, аппараттык кеңешмелер мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Аппараттык кеңештин, коллегиянын материалдарын толугу менен департаменттер өздөрү мамлекеттик тилде даярдашат. Бизде мамлекеттик тилде чыккан бардык каттар (ноталар) котормочулар тарабынан текшерилип, виза коюлгандан кийин чыгып жатат.

Тил сектору тарабынан “Дипломатия тармагында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү”, “Иш кагаздарынын жана дипломатиялык терминдердин кыргызча-орусча-англисче сөздүгү”, “Кыргыз дипломатиясынын калыптанышынын негизги этаптары”, “Кыргыз элчилери жана Тышкы иштер министрлери тууралуу маалымдама”, “Эл аралык мамилелер жана дипломатия тармагындагы аталыштардын жана айтылыштардын орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү” иштелип, басылып чыккан.

Маданият жана тарых жылына карата Дипломатиялык академиянын “Жарчысына” “Кыргыз элинин башка мамлекеттер менен болгон алгачкы соода-сатык мамилелери” жана “Кыргыз дипломатиясынын калыптанышынын негизги этаптары” аттуу илимий макала даярдалып, жарык көрүү алдында турат.

Назгүл Жусубакунова,
Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик тил
боюнча секторунун башкы адиси,
“Кыргыз тили”, 23.12.2016-ж.

Макала ТИМдеги мамтил абалы бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

“Айт, Шаке, мени укпаган эл сени угаар…”

$
0
0

Мектептеги, окуу жайлардагы салтанат-жыйында окуучулар менен студенттерге “Урматтуу мырзалар жана айымдар!” деп кайрылуунун өзү канчалык уят. “Айым” деген “аял” деген эле сөз, ал 45 жаштан өткөн аялзатына карата айтылат. Ал эми окуучулар менен студенттер жапжаш улан-кыздар эмеспи. “Алдагы боюнда бар аялга орун берсеңер боло” дейт коомдук унаада. Догдурлар деле “боюнда бар аял” деп сүйлөп калышты. Өңгөнү билбейм, жыйырмалардагы жаш келинди аял дегендери мага өөн эле угулат. Менимче, илгери 45-50 жаштын тегерегиндегилерди “аял” деп атап, ага чейинкилерди “келин” дешчү. Ал эми азыр “женщина, мужчина, молодой человек” деген орусча сөздөрдүн таасири менен бардыгын эле “аял”, “эркек”, “жаш адам” деп атай баштадык.

“Мырзалар жана айымдар” деген жакшы сөз. Бирок, ушул сөздү студенттерге, мектеп окуучуларына карата колдонуу таптакыр туура эмес деп дагы бир жолу айтам. Аларды “Уландар жана бийкечтер”, “Жигиттер жана селкилер” десек эң эле туура келет. Ал эми “мырза” деген сөз бардык эле адамдарга туура келбейт.

Дегеле, кыргызда адамдарга кайрылууда колдонулуучу эң сонун аталыштар бар. Алар: жигит, улан, аксакал, карыя, байбиче, аба, байке, аке, үкө, энеке, эже, жеңе, апче, кызым, карындаш, уулум, балам, майда балдар-кыздарга карата: чоң жигит, чоң кыз ж.б.

Мына ушул сыяктуу ойду көп жылдан бери эле айтып, ар кайсы басма сөзгө жазып эле жүрөм. Бирок көңүл бурган бир жан жок. Бул менин туура эмес айтып жатканымданбы же окурмандардын кайдыгерлигиби, же болбосо эч ким гезит, китеп окубай калганбы, айтор, билбейм.

Бирок, чукулда ушул ойду окуп алып абдан кубандым. Анын биринчисин “Тил жана маданият” гезитине белгилүү журналист-энциклопедист, философ изилдөөчү Тайлак Абдылдабеков жазыптыр. Ал адамдын жаш курагын чечмелеп, аялзатына карата: 15-16 жашты — селки, 18ден жогоруларын — бийкеч, андан өйдө кеткенде — келин, айым (катын), кемпир, эркектерге карата: 15-16 жашты — бозой, 17-18 жашты — улан, 18ден жогору — жигит, андан ары — азамат, киши, чал деп айырмалайт дептир.

Ал эми “Кыргыз тили” гезитинин 2016-жылдын 16-декабрдагы санына “Кеп маданияты” деген рубрика менен “Ойноп жазсаң да, ойлоп жаз” деген темада айтылуу Эл акыны Шайлообек Дүйшеев жазыптыр. Анда мындай айтылат: “Кыргыз бойго жеткен кыздары тургай, деги эле кыздарды эч качан “айымдар” деген эмес. Бойго жеткен кыздарын “кыздар”, “бийкечтер”, “селкилер” деп атаган. Беш көкүл кызды же күйөөгө тиелек кызды “айым” деп атаган шылдың. Мунун шылдың экенин, тилекке каршы, бүгүнкү кыздар да, жигиттер да, журналисттер да билишпегени өкүнүчтүү. Эгер мунун маанисин түшүнбөгөндөргө түшүндүрүш үчүн одоно салыштырууга туура келсе анда “байталды – бээ” деп, “музоону – уй” деп, “күчүктү – дөбөт” деп атагандай эле кеп”.

Кудай жалгаган Шаке, ушул сөзүңдү кайра-кайра “Азаттыгыңдан” айтып, башка гезиттерге да байма бай жазчы. “Орусча сүйлөсө таасирдүү угулат” деп Салижан Жигитов айткандай, мен айтканга караганда сенин айтканың элге-журтка таасирдүү эмеспи.

Сереңдеп ойноп жүргөн окуучу кыздарыбызды өзүбүз эртелеп эле аялга айландырбайлычы, “ырооңжыроо болуп, ыйласаң атаң өлүп” дегендей, ансыз деле окуучу кыздарыбыздын төрөп койгон учурлары болуп жаткан азыркы заманда сөзүбүздү да, өзүбүздү да бузганга өзүбүз шыкакчы болбойлу.

Ысмайыл Кадыров,
жазуучу, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер,
“Кыргыз тили”, 23.12.2016-ж.

Макала “Айт, Шаке, мени укпаган эл сени угаар…” бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Эдгар Понун мистикасы

$
0
0

Эдгар Аллан По — америкалык жазуучу, акын, адабият сынчысы. XIX кылымдын 1-жарымында жашаган Эдгар По Америка адабиятында романтизмдин дарканы, кыска жана коркунучтуу аңгемелердин теңдешсиз чебери катары таанылган.

Эдгар Алан По (18-январь, 1809, 7-октябрь, 1849). Американын уулу акын-жазуучуларынын бири. Адабият жөнүндөгү пикирин калемгерлерге түз айткан кабылан.

Эдгар Пону атактуу англис жазуучусу Артур Конан Дойл детективдик аңгемелердин атасы, пири деп атаса, дүйнөлүк адабияттын дөө -шааларынын бири Федор Достоевский «Адамдын ички дүйнөсүнүн абалын Эдгар Подой иликтеп жазган эч бир жазуучу жок жана кыялдагы нерсени чындай кылып жазууда ага бир жазуучу тең келе албайт» деген.

Анын кара сөз түрүндө жазылган «Эврика» деген поэмасын улуу окумуштуу Альберт Эйнштейн «шамалдай эркин акыл ойдун кооз жетишкендиги» деп баалаган. Эдгар Пону чыгаан фантаст-жазуучулар Жюль Верн менен Герберт Уэллс өз устаттары деп тааныган. Атурсун Достоевскийди да Эдгар Понун окуучусу деп ырастаган адабиятчылар бар. Минтип ысымы адабият мейкиндигинде чолпон жылдыздай жанган көп кырдуу талант болгону 40 жыл жашап, этеги тизесине жетпей жүрүп, түшүнүксүз жагдайда жайран болгон.

Ошентип Европа поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү Шарль Бодлер өкүнүч менен белгилегендей, Эдгар По бешенесине табышмактуу бир белгилер менен «жолсуз шордуу» деп жазылып калган акын-жазуучулардын катарына кирет.

1949-жыл. 3-октябрдын кечи. АКШнын Балтимор шаары. Доктор Жозеф Снодграсс жанын бушайман кылган кат алды.

— Урматтуу сэр! Райана тавернасындагы 4-округдун шайлоо участогунда Эдгар А. По деген ысым менен белгилүү кебетеси азган-бозгон жентельмен сизди тааныйм деп айтууда. Сыягы анын абалы абдан эле оор. Мен сизге чынын айтам: ал тез жардамга муктаж. Шашып жаздым.

Сизди чын дилимден урматтап Жоз У. Уокер.

Доктор Снодграсс Эдгар Пону жакшы билгендиктен, кармалбай тавернага жетип келди. Ал мезгилде АКШда шайлооканалар таверна же ресторанда жайгашчу.

Келсе, Эдгар По тили күрмөөгө келбей, эс-мас абалда кыймылсыз жатыптыр. Жазуучу ошол замат чукул жердеги ооруканага жеткирилет жана тилге келип-келбей, 7-октябрдын таңында жан берет. Эртеси маркумдун сөөгү Westminster Hall and Burying Ground мазарына, чоң атасынын мүрзөсүнүн жанына коюлат.

Күбөлөрдүн айтымында, туткасыз, арзан табыттын бетине Эдгар Понун аты-жөнү жазылбаганы аз келгенсип, башына жаздык жаздалбайт, бетине тукаба жабылбайт. Ушинтип өз Элдорадосун издеген жазуучунун сөөгү отуз жылдай мурда жазуучулук карьерасы башталган Балтимордон орун табат. Ал кезде Балтимор Кошмо Штаттын үч чоң шаарынын бири эле.

Сүйүктүү жары оорудан көз жуумп, жесир жүргөн Эдгар По капилет ажал албаса, 17-октябрда экинчи жолу үйлөнмөк. Ал тойго кам көрүү үчүн 27-сентябрда Ричмон шаарынан кемеге түшүп, Балтиморго келген. Андан ары Нью-Йоркко кетмек.

Эдгар По жайга берилгенде жарды туугандары мүрзөгө эч кандай белги да коюшкан эмес. Виргинияда жашаган мээрман кайненеси Мария Клемдин аракети менен балтиморлук туугандары тургузган эстелик ташы он жыл айланып-айланбай сынып жок болот. Мына ошондо жергиликтүү мугалим Сара Райстын демилгеси менен жаны эстеликке Балтимордо жана башка шаарларда акча чогултулуп, 1875-жылы 1-октябрда жазуучунун сөөгү мазардын чиркөөсүнө чукул жерге кайра көмүлөт жана монумент тургузулат. Эстеликтин баасы ошо кездеги пул менен 1500 доллар болгон.

Бул эстеликтин ачылыш салтанатына көптөгөн америкалык акындар менен жазуучулар расмий түрдө чакырылса да, Америка поэзиясынын реформатору, По менен учкай тааныш Уолд Уитмэнден башка жазуучулар сыпайы шылтоолорду айтышып, мааракеге келишпейт. Себеби Эдгар По алардын чыгармаларын бир кезде ачуу сындаганын жана тирүүсүндө “башы не чатактан, не арактан чыкпайт“ деген калбыр тагынган адамдын көзү өткөндөн кийин да даңкы күчөп жатканын алар 25 жылдан кийин да кечире алган эмес.

Бул бирок Эдгар Пого болгон кызыгууга кыпындай да тоскоол болбоду. Чыгармалары дүйнөнүн түрдүү тилдерине которулган жана ушул күндө да которулуп жатат. Издемчил калемгердин сүрөтү түшүрүлгөн маркалар жана монеталар ар кайсы өлкөлөрдө чыгарылган. Анын чыгармалары боюнча 50дөн көп көркөм фильм, ондогон телефильмдер, 100дон ашык музыкалык чыгармалар, анын ичинде опералар менен мюзиклдер жазылып, сахнага коюлган.

 

Эдгар Понун музейи

Балтимор жана андагы үй По үчүн маанилүү жай. 1833-жылы жергиликтүү Baltimore Saturday Visiter жумалыгы өткөргөн конкурста анын “Бөтөлкөдөн табылган кат” деген аңгемеси баш байгени жеңип, 50 доллар утуп алат. Ал эми “Колизей” деген поэмасы бул сынакта экинчи орунду ээлейт. Эдгар По 1835-жылы Ричмон шаарындагы Түштүктүн адабий элчиси (The Southern Literary Messenger) журналына редакторлук кызматка чакырылганга чейин таежесинин үйүндө турган. Бул тарыхый үйдө азыр жазуучунун жупуну музейи жана Балтимордогу Эдгар По коому жайгашкан.​

Эдгар Понун үйү жана музейи
Эдгар Понун үйү жана музейи

Кыш үй сыртынан үч кабаттуу көрүнөт. Ичинен эсептегенде төрт кабат жана бөлмөлөрү тар. Чатыр астындагы Эдгар По жашаган бөлмөгө эки бүктөлүп жатып киресиз. Бөлмөдө жалгыз ак боз менен жабылган жыгач керебет. Анын жанында узун кончтуу кызгылт булгары өтүк турат. Башка эч нерсе жок.

Эдгар Алан Понун үйү жана музейинин директору Лиза Левенз (Lisa Lewenz, Director Edgar Alan Po House and Museum) менен 10-декабрда кездешип, музейдин иши жана Эдвар Понун чыгармачылыгына байланыштуу сүйлөштүк.

Лиза Левенз: Үй жана музей шаарга карайт. Ошого көп жылдардан бери өзүн өзү салыкчылардын эсебинен каржылачу. Анан музей өзү да ишкерлик кылсын деп чечилди. 2011-13-жылдары музей жабык турду. 2014-жылдан бери Балтимор фонду музейди иштетип башкарууну өзүнө алды. По Балтимор кирешесиз уюм. 2014-жылы Эдгар Понун туулган күнү 19-январды утурлай жана өлгөн күнү 7-октябрга чукул кыска мөөнөткө ачылган. Анан коомдун башкаруу кеңеши интервьюнун негизинде мени директорлукка тандады. Мен үчүн кубанычтуу бул окуяны учуру келгендиктен сизге айтууга аргасызмын. По Балтимор коому толук бойдон ыктыярдуу мекеме болгондуктан башкаруу кеңешинин мүчөлөрү дагы ыктыярдуу адамдар. Мен бош убактымда келишим боюнча башка жайда эмгектенем. Үй музейде жалаң ыктыярчылар иштейт. Алар билет сатышат, чакан дүкөндү тейлешет. Биз билеттен түшкөн каражаттан башка да грантка үмүт кылабыз.

«Азаттык»: Демек, үй жана музей демөөрчүлөрдүн пулу менен билеттен түшкөн каражатка жашайт турбайбы?

Лиза Левенз: Музейге кирүү акысы 5 доллар, ал эми кары адамдар менен балдарга 4 доллар. Каалагандар кээде көңүлүнөн чыккан акчасын берип кетет. Адамдар Эдгар Понун үй музейин көргөнү келип жатканын жыл башында Башкаруу кеңешине айттым. Ошого музейди демейдегидей майда эмес, бир ай эрте, апрелден баштап ачтык. Май айынан тарта жума күндөрү да музей ачык болду. Мурда музейге жыл бою 5 миңден ашык адам келген эмес. Быйыл ал сан 10 миңге жетти. Бир жумада 15 саат иштеп жатканда, мынча адам келгенине биз сыймыктанабыз.

«Азаттык»: Адамдар эмне үчүн Эдгар Пого кызыгат?

Лиза Левенз: Менимче, ал баарынан мурда чолпон жылдыздай жазуучу. Эдгар По мындан 167 жыл мурда өлсө да тили эскирбей, сезимтал бойдон калган. Ал жалпак тил менен жазган керемет калемгер. Көпчүлүк жазуучулардын тили эскирет деп ойлойм. Эдгар Понун тили адамдын дилин козгоп, ойдолоктотуп жиберет. Ошого ал дүйнөнүн чар тарабындагы түрдүү курактагы адамдар үчүн кызыктуу. Ошон үчүн бизге дүйнөнүн ар тарабынан адамдар келишет.

Бул үй музейде Эдгар По карьерасын баштаган. Кошмо Штаттарда Эдгар Понун үч музейи бар: Ричмонддо, Филадельфияда, Нью-Йорктун Бронксунда. Бул үч музей тең белгилүү.

Эдгар По Балтиморго 22 жашында келген. Карьерасын ушу жерден баштаган. Өзүңүз көрдүңүз: бул туристтер аяк таштабаган абдан жупуну район. Бирок адамдар Эдгар По кандай жашаганын көрөлү деп келишет. Эң маанилүүсү үй музейге эки жыл илгери тарыхый архитектуралык объекттердин өз заманына канчалык шайкеш экенине баа берчү архитектор келди. Ал жазуучу жашаган үйдүн 1830-жылдан бери өзгөрүлбөй сакталганын ырастады. Үйдүн ашканасы, жылуулук системасы эзелки калыбында эч өзгөрүүсүз турат. Үй жазуучу өлгөндөн бери бир аз гана өзгөргөн.

«Азаттык»: Үй музейде экспонаттар аз экен. Коноктор ага байланыштуу эмне дешет?

Лиза Левенз: Ырас, бизде экспонаттар көп эмес. Эдгар Пого тиешеси бар төрт түрдүү буюм бар. Жазганда барактын астына коюлган атайын тактай, фарфор жана айнек идиштер, отургуч жана телескоп. Биз жазганда төшөлчү тактаны lap desk деп атайбыз. Анын бетинде сыя челек, соргуч, калем сап, барак, калем, калем учтоочу маки үчүн орун бар. Мунун баары анын өмүрү менен байланышкан. Башка музейлерде Эдгар Понун өздүк буюмдары көп. Бизде жок. Бирок бизде Эдгар Понун өмүрүн ал жашаган мейкиндик эскерип турат. Бул үй адамдар коктейл ичип отуруп, сүйлөшүп кетчү жай болгону менен маанилүү деп ойлойм. Алар Эдгар По жөнүндө, чыгармалары жөнүндө ой бөлүшөт, суроо беришет. Ар айдын экинчи жекшембисинде түштөн кийин Понун чыгармаларын окуйбуз. Актерлер анын ырларын же аңгемелерин окуйт. Жыйын өтө жандуу өтөт.

Лиза Левенз айым жазуучунун Үйү жана музейи ишемби-жекшемби күндөрү гана иштегени менен быйыл апрелден бери 10 миң адам келгенин баса белгиледи.

Лиза Левенз: Биз жумасына 15 саат ачылабыз. Ошентип жыл башынан бери 10 миң адам үй музейге келди. Бир саатта 19 адам келип кеткен. Үй музейге 20 гана адам батат. Көпчүлүк тарыхый музейлер дем алышта 15 адам келсе сүйүнөт. Бизге ар бир беш саатта туруктуу түрдө 100дөн көп адам келип турат.

Эдгар Понун туулган күнүн, дүйнө салган күнүн майрамдайбыз. Бул күндөрү юбилейлик мааракелерин өткөрөбүз. Америкада Хэллоуин майрамы бар. Ал майрам караңгынын коркунучунан улам пайда болгон идея. Ошо Хэллоуин күнү Black Cat Ball майрамын өткөрөбүз. Бул майрамга келгендер атайын костюмдарды кийип, жазуучунун чыгармасындагы коркунучтуу окуялардын каармандары болуп ойношот. Ал эми Эдгар Понун өлгөн күнүн майрамдоону Потобер деп атайбыз. Себеби, Эдгар По 7-октябрда өлгөн. Эдгар Пого арналган ушундай программаларыбыз бар.

Эдгар Алан Понун үйү жана музейинин директору Лиза Левенз айымдын сөзүн толуктай кетейин. Жыл сайын Эдгар Понун сөөгү жаткан көрүстөндө жазуучу өлгөн күнү 7-октябрда ага арнап, атайын оюн-зоок уюштурулуп, музыканттар жана ырчылар концерт берет. Жергиликтүү эл өздөрү жасап келген даамдарды сатат. Сыра ичилет. Түнкүсүн от жагылып, көрүмчү-албарстылар жөнүндө чакан спектаклдер көрсөтүлөт. Каалоочулар үчүн мазар ичинде экскурсия уюштурулат.

* Эдгар По 1833-35-жылдары Балтимордун четинде таежеси Мария Клеммдин үйүндө жашаган. Алты жылдан кийин По таежесинин кызы Виржиния менен баш кошуп, боорукер жана камбыл таежеси ал үчүн камкор кайненеге айланат. Мария Клэмди жазуучу апам деп атап, ага бир ырын арнаган.

Амирбек Азам уулу, «Азаттык», 04.01.2017-ж.

Макала Эдгар Понун мистикасы бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Интернетте эмне кеп?..

$
0
0

moldurЭгемберди Эрматов аке, жаңы жылыңыз куттуу болсун! Эми, жаңы жылда Борбор шаарыбыздагы илинген жарнактардагы кыргызча жазууларга көңүл бурасыз го деп үмүттөнүп жатам.

Кыргыз тилинде “мөлтүр” деген сөз бар. Ал эми Совет-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде илингенбул “мөлдүр” деген сөз эмнени түшүндүрөт?

Асан Турсункулов, сүрөтчү

 

Азыр Кыргызстанда тартылып жаткан коммерциялык фильмдерге көзүм түшүп калат. Башкасын айтпай эле коёюн, кыргыз тилин кордогон тексттер. Маданият министрлигиби, Президент алдындагы тил комиссиясыбы, ушул арзан кинолордун, жок дегенде, тилин карап койсо болот эле.

Нургазы Мусаев, окутуучу

 

Бишкек шаарында жашагандардын эң көйгөйлүү маселеси –сөөк коюу. Көрүстөн маселеси шаардыктар үчүн оорго турууда. 2 чарчы метр жер коммерцияга айланып, баасы асмандын башын чапчыды: 30дан 60 миңге чейин турат дейт. Ал бааны ким чектейт, кимдердин чөнтөгүнө кетет, кимдер тескейт, жоопту ким берет. Колунда жок, жакыр адамдарсөөктү жайына берүү үчүн банктан кредит алып, аныкантип төлөйт? Кыргыздын 2 чарчы метр жериөлгөндөр үчүн эч убакта акчага сатылып, коммерцияга айланбашы керек. Бул салтта жок жосун!..

Кайнарбек Бийлибаев, философ

 

Соцтармак келгени каталардын күнү тууду. Жайнаган катасы менен жабыратып китеп-гезит чыгаруунун эрен-төрөнү билинбей, андан эч ким делеуялбай калды. Чала сабат, оюн түзүктөп кагазга түшүрө албагандар ушу ыраатында бара беришсе кийин каталардын «төөбастысында» калабызбы деп корком.Өзүн сыйлаган коом кемчилик-мүчүлүштүгүнөн сабак алып оңдоого аракет кылчу, биз тескерисинче чала сабаттыкты төргө чыгарып алдык. Акыры келип сабаттуу жазуу улуттук маданияттын белгиси экенин эске тутуп, текстке олуттуу мамиле кылууга өтпөйлүбү. Эртең кеч болуп калышы мүмкүн.

Бекташ Шамшиев, журналист

“Кыргыз тили”, 10.01.2017-ж.

Макала Интернетте эмне кеп?.. бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


Эки жумада эки миллион тапкан кыргыз тасмалары: табит, киреше, демөөр

$
0
0

Быйыл Кыргызстанда 100гө жакын түрдүү жанрдагы тасмалар тартылган. Алардын кээ бири өлкө ичинде гана таанылса, дагы бири эл аралык деңгээлдеги сынактарда татыктуу орундарга ээ болду.

Кыргызстанда тартылып, көрөрмандардын назарына сунушталган тасмалардын басымдуу бөлүгү комедия жанрында тартылган. Киночулар бул жанрдагы тасмаларга демөөрчү табуу кыйла жеңил экенин белгилешет.

Кинопродюсер Нурлан Жаныбеков бир жылда эле «Доктор Айболот», «Бир мешок акча» жана «Бажарики» комедиялык тасмаларын коомчулуктун назарына сунуштаган. Киночу бул жанрга ыктаганын суроо-талаптын жогору болушу менен түшүндүрдү.

«Кыргызстандык көрүүчүлөр жеңил жана шайыр тасмаларды көп көрүшөт. Анан дагы башка жанрдагы фильмдерди тартууга салыштырмалуу аз каражат талап кылынат. Мындан улам азыр көпчүлүк киночулар комедия тартууга өтө баштады», — деди Жаныбеков.

Ал эми «Манас» кинотеатрынын маркетологу Максат Байышовдун айтымында, акыркы мезгилде жарандар тасманын маани-маңызына, сапатына көңүл бура баштаганын байкоого болот.

«Мисалга азыр «План Б», «Бажарики» кинокомедияларына көп адам келип жатат. Ошондой эле «Үркүн» тарыхый-көркөм тасмасына келгендер дагы аз эмес. Көрөрмандар аз келген тасмалар дагы бар. Алар чоң экранда жада калса бир жумадай дагы кармалбайт, бат эле алып салабыз»,— деди Байышов.

Киночулар бул жанрдагы тасмалардан жакшы киреше табууга болорун белгилешти. Мисалга «План Б» үй-бүлөлүк комедиясын тарткандар 15 күнгө жетпей эле 35 миң доллар табышкан.

«Үй-бүлөлүк комедия 35 миң долларга тартылган. Эки жума ичинде эле тасма өзүн-өзү актады. Учурда дагы көп көрүлүп жаткан тасмалардын катарына кирип, киреше табууну улантууда», — деди тасманын продюсери Бакыт Осмонканов.

«Ата керээзи» тасмасынын продюсери Дастан Жапар уулу демөөрчүлөр сарптаган акчасын тез эле кайтарып алууга кызыкдар болгондуктан башка жанрдагы тасмаларды көп колдобой тургандыктарын белгиледи.

«Ата керээзи» тасмасын тартуу үчүн демөөрчү табуу кыйынга турду. Каржы булагын издөөгө эле эки жыл кетирдик. Кыргызстанда автордук же көркөм тасмаларды тартууга караганда, коммерциялык тасмаларга акча бат табылат экен. Канчалаган компанияга кайрылдык, жакшы жооп ала алган жокпуз. Мамлекеттик колдоо дагы аз болгондуктан, жеке тараптардын каржылык колдоосун пайдаланып, тасманы бүтүрдүк», — деди Жапар уулу.

Киносынчы Гүлбара Төлөмүшеванын пикиринде, учурда чыккан тасмалардын айрымдарын гана сапаттуу деп атаса болот.

«Быйылкы жылы Кыргызстанда чыккан толук метраждуу тасмалардын ичинен «Ата керээзи» тасмасын сапаттуу деп атаса болот. Калгандары акча табуу максатында көмүскө иштеп жатышат. Ачык-айкын иштегендер саналуу гана. Көрөрмандар деле эптеп-септеп тартылган тасмаларга барбай калышты», — деди Төлөмүшева.

"Ата керээзи" тасмасынан кадр,  © Фото / Дастан Жапар уулу
«Ата керээзи» тасмасынан кадр,
© Фото / Дастан Жапар уулу

Ал эми кинопродюсер Нурлан Жаныбеков ата мекендик тасмалардын деңгээли акырындык менен жогорулап жатканын белгиледи.

«Биз бир тасманы 30 миң долларга тарттык десек башка өлкөнүн киночулары күлүшөт. Россия менен Казакстандагы кесиптештер «бизде бир актердун эле гонорары 30 миң доллар» деп шылдыңдашат. Ага карабай кыргызстандык киночулар маани-маңызы күчтүү, сапаттуу тасмаларды чыгарууга аракет кыла баштады. Себеби ар бир тасманы чыгарган сайын андагы кемчиликтерди эске алып, деңгээлди өстүрүүгө аракет болот экен»,— деди Жаныбеков.

Белгилей кетсек, Кинематография департаментинин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкө аймагында толук метраждуу 22, кыска метраждуу 28 жана даректүү 34 тасма тартылган. Ал эми ар кандай жанрда тартылган тасмалардын саны 100гө жеткен.

Кошумчалай кетсек, 2016-жылдагы дүйнө жүзүндөгү кассалуу тасмалардын сап башында «Первый мститель: противостояние» тасмасы турат. Киночулар бул тасманы жаратууга 250 миллион доллар сарптап, 1 миллиард 100 миллион доллардан ашык киреше табышкан. Ал эми «В поисках Дори» мультфильмин тартууга 200 миллион доллар кетсе, прокаттан 1 миллиардан ашык каражат түшкөн. Үчүнчү орунда көрөрмандарга сунушталган «Зверополис» мультфильми турат. Аны тартууга 150 миллион доллар коротулуп, кирешеси бир миллиарддан ашкан.

“Sputnik -Кыргызстан”, 31.12.2016-ж, Фото Виолетта Савчиц

Макала Эки жумада эки миллион тапкан кыргыз тасмалары: табит, киреше, демөөр бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Атам —үлгүлүү инсан эле

$
0
0

Кечээ-жакында бир канча ыр жыйнактын ээси, мезгилинен эрте бул дүйнө менен кош айтышкан белгилүү акын Турар Кожомбердиевдин 75 жылдык маарекеси болуп өттү. Улуу акындын кызы Нүргүл Кожомбердиева менен болуп өткөн иш-чара тууралуу маектешип кайттык.

— Саламатсызбы, Нургүл эже, маанайыңыз, ден соолугуңуз жакшыбы, сыркоолоп аттыңыз эле жакшы болуп калдыңызбы?

— Рахмат, сасык тумоо болуп катуу оорудук, деги абдан жабышкан түрү экен. Улам эле кармап калып, эми араң жакшы болуп келе жатабыз. Атамдын 75 жылдык мааракесин мамлекеттик денгээлде өткөрөлү деп кат жазсак, бардык жактан быйылкы юбилейлердин тизмесине кирбей калыптыр, Өкмөттүн токтомуна илинбей калыптыр деген ар шылтоолорду айткан “отписка” жоопторду алып, көңүлүбүз түшүп турганда, бизге жардамга ЖК депутаты Каныбек Иманалиев келди. Ал адамдын колдоосунан кийин кыргызымдын башка мыкты жигиттери жардамга өздөрү колун сунушту. Алар: Маданият министри Түгөлбай Казаков, ЖК депутаты Кожобек Рыспаев, Улуттук Маданият борборунун директору Рыскулбек Боромбаев, Улуттук филармониянын директору Кыргызбай Осмоновдор. Калган жагына өзүм жалгыз жүгүрдүм. Балама эле убал болду. Чын айтсам, жакшы каралбай калды, көп ооруду. Мен эртең менен кетип, кечки 5-6га чейин жүгүрүп жүргөндө үйдө камалып жалгыз отурду. Антпесек баары токтоп калмак. Айла жок ушинтишке аргасыз болдум. Дагы жакшы АКШда жашасам менин бул кылыгым үчүн кесип жиберишмек. Бирок биз канча кыйналсак да, Кудайга шүгүр, кечэни эң жакшы өткөргөнгө жетиштик. Бир чындыкты айтып коюш керек, Каныбек Капашович жардамга келбегенде бул финалдык маараке өтпөй калмак. Чүйлүктөрдүн эң намыстуусу Каныбек Иманалиев экен. Дагы жердештерден бизге бул иш-чараны уюштурууга абдан жардам берген — Боромбаев Рыскулбек агай болду. А калгандары аман-эсен эле болушсун. Өзгөчө, Жайыл районунун администрациясы, алар мааракебизге келип, бизге жакшы сөзүн айтып колдогонго да жарабады. Алардын бул кайдыгер мамилесине бүт кыргыз эли күбө болду.

— Алп акын Турар Кожомбердиевдин 75 жылдык маарекесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүүгө кылган аракетиңизди тууралуу айтып берсеңиз

— Былтыр атамдын 75 жылдыгын мамлекетик деңгээлде өткөрүүгө жардам сурап Жазуучулар союзуна кат жазып барсам: “Биз аны 2016-жылдын иш-чараларына киргиздик” десе, сүйүнүп жүрө бериптирбиз. Жыл башында ал кездеги премьер-министр Сариевге кат жазсак, «75 жылдык дата юбилейлик болуп эсептелбейт. Турар Кожомбердиевдин 75 жылын юбилейдик иш-чарага кошууга болбойт жана мүмкүн эмес» деген жооп келгенде абдан ыза болдук. Бирок бул жооптон кийин 2016-жылдын 16-январында бектилген КР Өкмөтүнүн №21-р «Юбилейлерди өткөрүү боюнча жобо» деген токтому бизди абдан таң калтырды, ушул жылы мамлекеттик деңгээлде өткөрүлө турган юбилейлердин тизмесинде 75 жылдык юбилейден беш-алтоо жүрөт. Аргасыздан, кайсы критерийлер менен бул тизмеге тандоо жасалды деген суроо салып дагы бир жолу Темир Сариевдин өзүнө кат жаздык. Кайра эле “отписка” кайдыгер жооп алдык. Ага катуу нааразы болдук. Деги эмнеге ушундай кылышат? Кимдин таанышы-билиши болсо, ал бул тизмеге кирет экен. А нукура талант, мыкты акын Турар дайыма кирбей калат. Мисалы, 2011-жылы акын атам Турар 70ке чыкканда да «70 жылдык юбилейлик дата эмес, акындын 75 жылы болгондо анык юбилейи болот, ошондо белгилеп беребиз» деп алдап коюшканын эстесем ыйлагым келет.

Быйыл мага: «Мамлекет өзү өткөрөбүз дебегенден кийин, эмне кыласың?! Эч ким сени колдобойт! Өзүң эле кыйналып каласың, балаңды кучактап, жөн эле отура бербейсиңби» деп айткандар болгон… Бирок мен намыс үчүн мындай дегем:

«Мени силер колдобосоңор мейли! — Мени Кудай колдойт! Силер колдобосоңор мени — Кудай колдойт! Эң негизгиси, менин атам Турарды кыргыз элим колдойт!». Азыр ойлосом, эң туура жооп бериптирмин!

Кудайга шүгүр! «Всем чертям на зло», атамдын 75 жылдык мааракеси жакшы өттү! Бул мааркени өткөрөбүз деп быйыл көп иштер жасалды, балдар китеби басылып чыкты, республикалык конференция, көргөзмөлөр өттү, көп ийгиликтерге жетиштик. Бул анын 80 жылдыгына жакшы репетиция болду. Бул менин эң чоң жеңишим болду! Кимдин-ким экенин эми жакшы билдим!

Чын эле, мени Кудайым колдоду. Бул иш-чараны өткөрүүгө кыргызымдын мыкты жигиттери колун сунду. Бул мааракени уюштурууга ЖК спикери Чыныбай Турсунбеков да өз салымын кошуп, Жогорку Кеңештен акчалай жардам берди. 16-декабрдагы акындын маараке концертине Президенттин аппартаты 100миң сомдук сертификат тапшырды. Мына ушинтип жалпы кыргыз элимдин колдогону үчүн атамдын маарекеси жакшы өттү. Баарыңыздарга миң мертебе ыраазычылык айтам! Бар бол кыргыз элим! Кыргыз эли канча жашаса, акын атамдын чыгармалары ошончо жашай берет! Баарыңыздарга таазим кылам жана ЧОҢ РАХМАТ айтам.

Анатай Өмүркановдун “Турар поэзияга үйрөнчүк болуп келген жок, ал жабылып калган эшикти шарт ачып, тиш каккан чеберлер отурчу секиге чыгып отурду” дегени — 20 жашында жараткан ырлары мектептин окуу программасына кирип калганы өтө чоң жетишкендик. Деги эле Турар Кожомбердиев чыгармачылыкта ири жетишкендиктерди багынтканында кеп жок. Ал эми үйдө кандай киши эле?

— Ал үйдө эң негизгиси үлгүлүү жакшы инсан болчу. Жароокер, карамдуу, бала дегенде үзүлүп түшкөн мыкты ата болчу. Кара жумушка жок болгону менен бардык иштерди жасай турган адамдарды таап койчу. Тыкан, абдан жоопкерчиликтүү, калыс мүнөздөрү менен эсте калды.

— Орто мектепти аяктаганда музыкалык окууга тапшырайын деп, бирок баштапкы музыкалык билими жок болгондуктан аргасыз филологияга тапшырган деп айтылып жүрөт. Турар агайдын ырчылык да өнөрү бар беле?

— Абдан ырга жакын эле, өзү да мыкты ырдачу. Үнү да жакшы болчу. Гармошка менен мандолинде жакшы ойной турган. Үйгө обончу, композитор достору күндө келип, алар менен тыгыз иштегенине көп күбө болдум. Алар Сардарбек Жумалиев, Калый Молдобасанов, Үсөн Сыдыков, Калыйбек Тагаев, Советбек Исраилов, Жолдубай Кайыпов, Камчы Букалаев, Шеркул Дүйшөналиев жана башкалар. Алар менен мыкты иштешип, жаңы обондорду жаратышып жатканын далай көрдүм. Обончулар менен иштеп жатканда үйүбүз өзгөчө шаңга бөлүнүп турчу.

— Музыка деп калдык, акындын канча ырына обон жаратылган?

— Композитор Советбек Исраилов деген досунун айтуусунда акындын 600дөй ырларына обон жазылган, бирок нота жазылып сакталгандары 300дүн тегерегинде экен. Азыр алардын 10дон 1 бөлүгү гана ырдалып жүрөт. Аттиң, азыр атам өзү тирүү болгондо баарын чогултуп, бир китеп кылып чыгарып бермек…

— Ырлары орус тилинен башка дагы кайсы тилдерге которулган?

— Ырлары учурунда көп эле тилдерде которулган: орус, казак, түрк, өзбек, грузин, украин, молдова, азербайжан жана башка 20дай тилдерге которулган.

— Ыр гана эмес, пьеса да жазчу деп эжесинин айтканы бар, бирок сакталып калган эмес дейт. Пьеса же башка чыгармалары жазылбай, бирок айтып бергени эсиңизде барбы?

— Чынын айтканда, ал тирүү кезде мен чыгармачылыктан алыс киши элем, анан дагы өтө жаш болчумун. Медакадемияда окуганыма байланыштуу башым окуудан чыкчу эмес, анткени ал жакта окуу өтө эле кыйын.

Азыр жыл өткөн сайын мен чыгармачылыкка өзгөчө берилип кеттим десем, калп болбос. Атам үчүн адабиятчы, адабий сынчы, акын-жазуучу, журналист да болуп баратам. Анын чыгармачылык жолун терең изилдеп чыгууну жана аларды жаштарга кенен жайылтууну негизги максат кылып алдым. Эми акырындап акын атамдын жазган пьесаларын изилдеп чыксам деп ойдомун.

Сыймыктуу атанын күйүмдүү кызы болгону кубантарлык. Улуу акындын басып өткөн жолун, кылган мээнетин эскерип, кызыктуу маек курганыңызга ыраазычылык билдирем.

Маектешкен: Нурзат Бактыгул кызы,
“Саресеп”, 23.12.2016-ж.

Макала Атам — үлгүлүү инсан эле бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Жогорку Кеңеш депутаты Адыл Жунус уулу: «Кыргыз – Улуу эл…”

$
0
0

«Мекеним дебеген адам адамдын коомуна жат» демекчи, коомубузда эл-жерим, эне тилим дегенде ичкен ашын жерге койгон патриот уул-кыздарыбыз жок эмес. Мына ушундай кыргыздын мекенчил эр азаматтарынын бири – кытайлык кыргыздардын өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаты Адыл Жунус уулун кепке тартып, өлкөбүздүн келечеги, эне тилибиз, мекенибиз тууралуу маек курдук.

— Адыл Жунусович, эң оболу өмүр-таржымалыңызга кайрылсаңыз.

— 1963-жылы 15-майда Кытай Эл республикасынын Кулжа шаарында төрөлүп, өстүм. Ошол жакта мектепти аяктап Синьцзян университетинин география факультетин аяктадым. Алгач эмгек жолумду Кытай Улуттук академиясынын СУАРдагы география-экология институтунда иштөөдөн баштадым. 1991-жылы союз тараарга 2-3 ай калганда келинчегим экөөбүзКыргызстанга келип 3 ай жүрүп, өз мекенибиз жагып, анан биротоло көчүп келип, жайгашып калдык. Кыргызстанга келгенде адегенде БГУнун кытай тили факультетинде мугалим болуп иштедим. Анан бизнеске баш багып, 2010-жылы шайлоого катышып, акыркы тизмеде жүрдүм. Буйрук экен,2015-жылы “Республика-Ата-Журт” партиясынан депутат болуп шайландым.

— Эл тарабынан эл өкүлү болуп шайландыңыз. Кандай мыйзамдарды сунуштайын деген ойлоруңуз бар?

— Биздин партиянын ар бир депутаты шайлоонун алдында түзүп чыккан 15 мыйзамды ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Буюрса, учурда жарымына жакыны ишке ашып, мыйзамдар кабыл алынды. 28 депутат чогуу ынтымакта, жапа тырмак фракциялык чечим менен иш алып баруудабыз.

Депутаттык кызмат кандай таасир берип жатат? Жашооңузда өзгөрүүлөр байкалуудабы? Жандоочтор көбөйгөн чыгар?..

— Мен мурун кандай болсом, ошондоймун. Мүнөзүм өзгөргөн жок, бирок, ар бир маселеге олуттуу карап, жоопкерчилик эки эсе көбөйдү десем болот. Жанымда жандоочтор деле көбөйгөн жок, мурдагы досторум,санаалаштарым, замандаштарым менен биргемин. Негизи, мен бирөөгө кошомат кылганды да, бирөөнүн кошомат мамиле жасаганын да жактырбайм, мындай мамиле чынында адамды иренжитет. Ал эми депутаттык креслого чалкалап отуруу үчүн келген жокмун, мамлекеттин тагдырын чечпесем да, тамчыдай салымымды кошоюн деген максатта болгон күч-аракетимди жумшап жатам.

— Сиздин балалык кезиңиз Кытайда өтүптүр. Өнүккөн өлкөдө билим алып, иштеген инсан катары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн кандай жолдорун сунуштайт элеңиз?

— Кыргызстан өнүгүш үчүн тездик менен ар тараптуу өнүгүп жаткан кошуна мамлекетке көңүл буруп, Кытай менен экономикалык жактан тыгыз байланышта болуш керек. Бир учурда Кытай да аябай кедей, карызга баткан, калкы жамак шым кийген абалдагы мамлекет болчу. 1977-жылы Дэн Сяопин бийликке келди. Акылдуу, каймана сөз менен татаал саясатты карапайым элге жеткире билген Дэн ХХ кылымдын 60-жылдарында бир учкул сөзү менен бүт кытай элинин эсинде калды: “Кеп мышыктын агында же карасында эмес, кеп ал мышык чычкан алабы же жокпу — ошондо”. Бул сөз кийин бүт дүйнөгө тарап, мындан 30 жыл мурда башталган Кытайдагы реформалардын саясий жана идеологиялык базасы, негизги лейтмотиви болуп калды. Ошентип, бул мамлекетте социализмдин “Кытай варианты” курула баштады. Башкача айтканда, жер мамлекеттин менчигинен ажыратылып, элге жеке менчикке таратыла баштады, майда соода-сатык мекемелери, чакан ишканалар, бара-бара чоң ишканалар да жеке менчикке берилди. Кимдин колунда болсо да, элге иш берип, өзүн-өзү бакса болду деген ишканалар мамлекетке күнкор болбой, өз бетинче аракетин жасап, Кытай экономикасы дүркүрөп өнүгө баштады. Дэн Сяопиндин жетекчи катары жыйырма жылдык ишмердигинин маанилүүсү жана Кытайды экинчи дүйнөлүк экономикага айландырган акылман саясаты — Кытайдын чет элдиктер алып келген акчаларга, технологияларга, идеяларга каалгасын кенен ачканында болду. Ал инвесторлорго шарт түзүп берип, завод-фабрикалар ачылды. Азырга чейин Кытай инвестиция тартуу боюна биринчи орунда. Кытай Америкадагы карызын алып алса, Америка жок боло турган деңгээлге жетти. Бир жарым миллиард элин багып, күрүчүн, алмасын сатып, бүт жакка экспорттоп жатат. А,биздечи? Инвесторлор келип, заводду кура электе эле андан бир нерсе үмүт кылып сурап баштайбыз, канча процентке отурам деп ойлойбуз, анан кантип өнүгөбүз? Биз карызды көп алганыбыз менен, Кытайдан көп инвестиция тарта албай жатабыз. Кыргызстан менен Американы, же Кыргызстан менен алыскы Бразилияны байланыштыргым келбейт, жакынкы кошуна Кытай менен алака түзүшүбүз керек. Өз кызыкчылыгыбыз үчүн иш баштай электе эле инвесторлордун чөнтөгүн каккылап, коркутпай, керек болсо аларга чайыбызды берип, шарттарды түзүп, жылуу мамиле менен мамлекетибизди өнүктүрсөк болот.

— Эми теманы башка нукка бурсак, ата-энеңиз, бир туугандарыңыз Кытайда жашашат экен. Сизди Кыргызстанга кандай күч жетеледи?

— Биздин чоң аталарыбыз 1916-жылы Үркүндө Көлдөн качып барып,Кытайда отурукташып калган экен. Жети-Өгүздө үч атамдын, Түптө 3 атамдын сөөгү жатат. Мен мектепте окуган кезде атам: “балам, биздин түпкү жерибиз Кыргызстан, Ысык-Көл” деп көп айтчу. Ал кезде Кыргызстан дегенди түшүнбөйт элек. Университетте окуганда бизде «СССР» деген сабак болуп, «КР-СССР» деп окудук. Ошондо картадан Ысык-Көлдү көрүп, атам айткан сөз эсиме келип, картаны карап билдим. Атам айтчу: «6 баламдын бирөөсү болсо да Кыргызстанга кетсе эки дүнүйө ыраазы болор элем» деп. Кийин Кытай Улуттук илимдер академиясында иштеп, Кыргызстан тууралуу кененирээк тааныштым. Биринчи келгенде мен бул жакта калып калам деп келген эмесмин, ата-бабаларым жашаган жерди көрөйүн деп келдим. Эсимде, алгач Кыргызстанга келгенде келинчегим экөөбүз ЦУМдуналдында маданияттуу, окумуштуу жаштарды көп көрдүк. Орусча сүйлөгөнү эле болбосо, бизге аябай жакты. Кытайда чапан кийип, мал менен алектенип жүргөн жөнөкөй кыргыздарды көрүп жүрүп, бул жактагы кыргыздарды көргөндө ушундай европалыктардай жогорку деңгээлдеги эл турбайбызбы деген ойго келдим. Кыргыздарды көрүп көзүбүзгө жаш алдык. Фотоаппарат менен көзгө көрүнгөн кыргыздын баары менен сүрөткө түшүп, Кытайдан алып келген плёнкабыз түгөнүп, бул жактан түстүү плёнка табалганжокпуз. Ысык-Көлгө бардык, филармонияга барып концерт көрдүк. Бек Борбиевдин кассеталарын алып, Москвага учуп жөнөдүк.Ошондо самолёт айдаган кыргыз учкучту көрүп, «кыргыздарда да учкуч бар турбайбы, ушундай улуу эл турбайбызбы» деп толкунданып ыйлаганмын. Кытайга барганда отура албай калдык, өзүбүз жумушта болсок да кыялыбыз Кыргызстанда болуп туруп алды. Анан жакшы кызматты, үйдү таштап, көзүбүздү жумуп мекенибизге келе бердик. Мен чоңойгон Кытайдын Кулжа шаарында 3-4 эле кыргыз үй-бүлө бар болчу. Көк-Терекке барганда 30-40 эле кыргызды кезиктирчүмүн. Мен бир күн да кыргыз мектепте окуган жокмун. Кыргызстанга келгенде миллиондогон кыргыздарды көрүп, аралашып чогуу жүрүүдөн ырахат алдым. Телевизор, газета, радио баары кыргызча. 26 жыл убакытта көп кыйынчылыктарды да көрдүм. Алдамчыларга да жолуктум, бут тосуулар да болду. Бирок, Кыргызстанда жашап жаткандыгымда ал кыйынчылыктар убактылуу гана көрүнүш бойдон калды, ага көп деле маани берген жокмун. Кыргыз элиме ыракмат, Кытайдан келсем да, өз койнуна алып, көп досторду, жакшы санаалаштарды таптым. Кытайлык кыргыздар самап, максат кылып, өзүнүн Меккесиндей көргөн Кыргызстанда жашап жатам. Мен өзүмдү бактылуу сезем.

— Сөзүңүздүн башында «көпчүлүгү орусча сүйлөйт экен» дедиңиз. Тил билүү жагынан кыйынчылык болгондур?..

— Мектепте уйгур тилинде билим алып, университетте кытайча окудум. Бирок, атамдын талабы менен үйдө кыргызча сүйлөчүбүз. А, сыртка чыкканда кыргызча сүйлөгөнгө мүмкүн эмес эле. Таң калыштуусу, Бишкекке келгенимде баары орусча сүйлөшөт экен. Кыргызча сүйлөдүм дегенинин жарым сөзү орусча экен. Бир жолу,Кытайда жашап жүргөндө көчөдөн кыргыздарга жолугуп калып, аларды үйгө конокко алып бардым. Алты кыргыз бири-бири менен орусча сүйлөшүп, биз менен гана кыргызча сүйлөшүп жатышты. Баары эле«вообще» деген сөздү кошуп сүйлөй беришти. «Байке,«вообще» деген эмне деген сөз, ар бир сөзүңөргө туздай кошуп сүйлөйт экенсиздер, бул кыргызча сөзбү?» деп сурасам, эч ким мага жооп бере албады. Сөздөрүнүн маанисине карап,«кыргызча «такыр» деген сөз турбайбы» десем, «ии, точно ошондой» дешти. Бирок, «точно» дегенин түшүндүм. Биринчи жолу Бишкекке келгенимде орусча кайсы автобус кайсы жерге бараарын гана сурай алчумун. Сурасак эле орусча жооп берчү, «кыргызча айтыңызчы» десем, жаман көрүп кетип калышчу. Абышкалардан сурасак, «эмнеге орусча түшүнбөйсүң?» дешип, орусча билбегендик күнөөдөй туюлчу. Тил жагынан аябай кордук көрдүк, канчасы «сен улутчул турбайсыңбы» дешчү. Азыр кудайга шүгүр, Жогорку Кеңештен баштап бүт жерде кыргызча сүйлөп, иш-кагаздары кыргызча жазылып калды. Бирок, мамлекеттик тил жакшы өнүгүп калганы менен, мамлекеттик тил деген айбатын сактаган жок. Мамлекеттик тилде баары сүйлөш керек. Иш-кагаздар, көчөдөгү жарнактардан баштап кыргызча болуш керек. Биз келгенге караганда жакшы, бирок дагы мүчүлүштүктөр бар.

— Атаңыздын кайсы сөзү жадыңыздан кетпейт?

— Атамды эстесем эле кыргызды мактаган сөздөрү жаңырат. «Кыргыз каганат куруп, көп жерди башкарган улуу эл, эл башкарган инсандар көп чыгат» деп айтат. Басса турса эле кыргызды мактайт. Бир ирет кошуна казак, уйгурлар менен сүйлөшүп отурушса: «кыргыздар эмнеге президентиңерди кууп кетире бересиңер?» дешиптир. Атам “анткени биздин апалар жалаң президент төрөйт. Казактарда болсо бир эле президент төрөлүптүр” деп кырдаалдан чыгыптыр. Атам абдан мекенчил, намыскөй адам.

— “Казанда бар нерсе чөмүчкө чыгат” деген кыргызда жакшы сөз бар. Атаңызды жазмакер адам деп укканым бар…

— Атам 1950-жылдарда кыргыздардын ичинен биринчилерден болуп университетте окуган. Кулжадагы Көк-Терек айылынан чыккан биринчи кыргыз студент. Университетте мал чарбачылык адистигин бүтүрүп, Кулжадагы мал чарбачылык техникумуна мугалим болуп келип, 25 жыл директорлук кызматта жүрүп пенсияга чыккан. Өзүнүн кесиби боюнча 11 китептин автору, андан сырткары котормолору бар. Пенсияга чыккан убакта эки китеп («Ата тегиңди биле жүр», Үркүндүн 100 жылдыгына карата “Ала-Тоонун көз жашы”) жазып бүтүрдү. Атам азыр 79 жашта. Кыргызстанга келип-кетип турат.

— Коомубузда сизди эмне иренжитет да, эмне түйшөлтөт?

— Мага «кыргызча кылдык», бир жерге эрте барса «немисче убакыт», кечигип келсе «кыргызчылык» деп койгон жакпайт. Эмнеге кыргыздарды жаман жоруктардын символу кылабыз? Эмне үчүн «Манастын урпагыбыз, Ала-Тоонун кулунубуз, улуу тарыхы бар улуу элбиз, жоо келсе тайманбаган эр жүрөк Баатыр калкпыз» деп өзүбүздү өзүбүз көтөрө албайбыз? Өзүбүздү өзүбүз басмырлап, желкеден алып жерге чаап, «аа, баягы кыргыз байкушпуз» дей берсек, бизди ким көтөрөт? Менин айтаарым: кыргыз деген сөздү жаман, тескери маанидеги эмес, жакшы жоруктардын символу кылганды үйрөнөлүчү.

Дагы бир маселе, жумушсуздуктун айынан жаштарыбыздын, ишке жарамдуу жарандарыбыздын мигрант болуп кеткени мени ойлондурат. Башка жакка жумуш издеп мигрант болуп кеткен мамлекеттин аброю эмес, башка жакка инвестор болуп кетсе мамлекеттин аброю. Мигранттарыбыз өз мекенинде келинчегинин колунан ысык чай ичип, көз алдында баласынын чоңойгонун көрсө кандай жакшы. Эч кандай эмгек келишим түзбөй иштеп, чет жерде укугу тепселенген жарандарыбыз көп. 18тен 50 жашка чейинки атуулдарыбыздын басымдуу бөлүгү сыртта жүрөт. Булар кыргыздын тукумун уланта турган, кыргызды көбөйтө турган муундар да. Аба-ырайынын ар кандай шартында, ар түрдүү оор, зыяндуу жумуштарда иштеген жаштарыбыздын ден соолугу мени тынчсыздандырат. Инвесторлор тартылып, завод, ишканаларыбыз ишке кирип, жумуш орундары түзүлсө чет жакта мигрант болгон жаштарыбыз өз мекенинде иштемек.

Жылдыз Бороева,
“Кыргыз тили”, 10.01.2017-ж.

Макала Жогорку Кеңеш депутаты Адыл Жунус уулу: «Кыргыз – Улуу эл…” бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

С.Акматбекованын «Жүгүргөн туман» аттуу поэзия кечеси өтөт

$
0
0

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Жазуучулар Союзу жана Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда.

keche1

Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акын, Кыргыз Эл акыны Сагын Акматбекованын чыгармачылыгына арналат. “Жүгүргөн туман” деп аталган бул поэзия кечеси 2016-жылдын 20-январында саат 17:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармониянын кичи залында болуп өтөт.

Акын Сагын Акматбекова Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто-Арык айылында төрөлгөн. 1973-жылы Москвадагы А.М.Горький атындагы Адабият институтун аяктаган. Анын “Жамгыр” деген алгачкы ырлар жыйнагы 1970-жылы жарык көргөн. Китеп поэзия сүйүүчүлөрү арасында тез эле сүймөнчүк менен кабыл алынып, автордун бийик талантынан кабар берген. “Жамгыр”дан кийин С.Акматбекованын “Алыскы талаалар” (1972), “Айлуу дөӊ” (1978), “Терезедеги жарык” (1984), “Өткөн жылдын жалбырагы” (1987), “Күз ырлары” (1990), “Күүгүмдөгү күү” (1998), “Жан дептер”(2016) китептери басылып чыккан.

С.Акматбекованын поэзиясы кыргыз адабиятындагы кыз-келиндер чыгармачылыгында бурулуш этапты жаратты, тактап айтканда аны жаӊы мазмуундук тепкичке көтөрдү. Акындын алгачкы “Жамгыр” жыйнагы кыз-келиндер поэзиясына медиативдик лириканы алып келди. Акындын ырлары сезимди сергитип, көӊүлдү толкутуп, жүрөккө жетип турганы менен айырмаланат.

С.Акматбекова Басе, Исса, Ли Бо, Ду Фу. Р.Тагор сыяктуу жапон, кытай, чыгыш поэзиясынын улуу классиктеринин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

КР Эл акыны С. Акматбекова КР Маданиятына эмгек сиӊирген ишмер наамынын, КР Жаштар сыйлыгынын, Алыкул Осмонов жана Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыктардын ээси.

Макала С.Акматбекованын «Жүгүргөн туман» аттуу поэзия кечеси өтөт бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Өкүл ата, өкүл эне эмне себептен, качан, кантип тандалат

$
0
0

Баш кошкон түгөйлөрдүн ынтымакта жашап, биргеликте түтүн булатышына көмөктөшкөн адамдарды тандоодо эмнелер эске алынып, кайсы жагына артыкчылык берилген?

Кыргыз элинде өкүл ата жана өкүл энени дайындоо жөрөлгөсү кылымдардан бери уланып келет. Кыздын келин болуп келген жери жашоонун оош-кыйышында жалгыз болбосун, таламын талашкан киши болсун, алар жаңы келинге жол көрсөтсүн деген тилек менен өкүл ата, өкүл эне шайлаган. Көчүп-конуп күн кечирген кыргыздар турмушка узатып жаткан кызын ошол боюнча көрбөй өтүшү ал убакта кадыресе көрүнүш эле.

Бирок акыркы мезгилде баш кошкон түгөйлөр арасында өкүл ата, өкүл эне тандоо тартиби кескин өзгөрүп бара жатат. Адистер муну заманга жараша ылайыкташып жаткандыгы менен түшүндүрүүдө. Жаш жубайларга баш-көз боло тургандарды кантип тандап, кимдерди койгон? Тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Абдымиталип Мырзакметов атайын Sputnik Кыргызстан үчүн аталган салттын тарыхый маани-маңызын тизмектеп берди.

 

Өкүл ата жана өкүл эне кантип дайындалган?

  • Өкүл ата жана өкүл эне ким болоорун ата-энеси гана чечкен;
  • Ата-эне буга чейин катышып, жакшы мамиледе болгон адамды түгөйлөргө баш көз болуу үчүн тандаган;
  • Эркек бала тарап гана тандаган, кыз тараптын тандоосу жакшы эмес деп саналган;
  • Нике бир жолу болгон сыяктуу өкүл ата, өкүл эне дагы бир жолу гана коюлган;
  • Эгер өкүл ата же өкүл эне каза болуп калса кайра башка коюлган эмес;
  • Карым-катнаш жакшы болбой калса, башка өкүл ата жана өкүл эне тандалган эмес;
  • Эки үй-бүлөнү эмес, бир гана үй-бүлө коюлган;
  • Үйлөнгөндөрдүн ата-энесинен улуу адам болгон эмес, бирок тең же кичүү болгон;
  • Өкүлдүккө бойдокторду эч убакта койгон эмес.

 

Өкүл ата жана өкүл эненин милдеттери:

  • Баш кошуп жаткандардын никесин кыюуда күбө болуу;
  • Эки жаштын ортосундагы идиш-аяк кагышкан учурларды ата-энеге жеткирбей чечүү;
  • Жашоонун кыйынчылыгын башынан өткөргөн адам катары аларга жол көрсөтүү;
  • Материалдык жана моралдык жактан колдоо. Мисалга: мал энчилеп берүү ж.б.;
  • Өкүл ата баланын, өкүл эне кыздын сырын угуп акыл-насаат айтуу;

 

Өкүл балдардын милдеттери:

  • Өкүл ата, өкүл энеден кеп-кеңеш алып, алар менен катышуу;
  • Жакшылык же жамандыкта өз уул-кыздарындай кызмат кылуу;
  • Өкүл балдарды балдары өкүл ата менен өкүл апаны таята, таене деп атоосу;
  • Өкүл ата жана өкүл энеге ата-апа деп кайрылуу;

“Sputnik -Кыргызстан”, 03.01.2017-ж.

Макала Өкүл ата, өкүл эне эмне себептен, качан, кантип тандалат бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Барган жерин гүл кылган…

$
0
0

Кыргыз эли актаңдай акындарына, улуу өнөрпоздоруна татыктуу наамды өздөрү эле ыйгарып алышчу. Айталы, Арстанбекти атынан айтпай «булбул», Токтогулду «торгой», Калмырза менен Калыкты «каражаак» дешчү. Кечээ эле арабыздан бөлүнгөн Эстебес Турсуналиевди да «эл ырчысы Эстебес» деп коюшар эле. Бал көмөкөй Эстекебиз барган жерин гүл кылган, төкмөлүк өнөрдүн төрүндөгү залкарларыбыздын биринен болчу. «Эчен жерден көз көрдү, эл тойбойт экен акынга» деп Ысмайыл айтмакчы, мындан көп жылдар мурда көлдүн Барскоон айлындагы Камчыбек аксакалдын үйүнөн эл ырчысы Эстебестин көпчүлүктү тамшандырган тамашасына күбө болгонум бар эле. Окурмандарыбызга Эстекебиздин ошондогу тамашасынан кеп салып берейин.

Эстекенин Шаршени

…Атайлап тигилген боз үйдүн төрү Эстекең келгенде ого бетер толуп, берекеси арта түшкөнсүдү. Жайланышып, чай ичкенден кийин Эстекең: “Эми, эңсегениңер мен болсом, “элден алып, элге айтып” дегендей, эрмек болуп берейин. Баягы заман жок, биз өнөрпоздор эл-журт аралап чыга албай калдык. Келип-кетип жүргөн элди сагынат экенсиң” деп эки келбес Эстекең көөдөнүн жайып жиберип, комузун керегеге жөлөп коюп, кара сөзүн шатырата улуу кепке кирди. Кейипкерлерин дал өзүндөй туурап, ошолордун үнү менен сүйлөп, айрыкча Шаршенге келгенде, анын күзгүгө көрүнгөнүн, саат сатып алганын, анысы жүрбөгөн саат экен, кайра базарга барып улам колтугунан чыгарып сатып турганын, бирөө таанып калбасын деп тебетейин көзүнө баса кийип алгандагы кебете-кешпирин, акыры өтүккө алмаштырып, үйүнө келип бутуна кийип көрсө, кагаздан тигип койгон неме дар этип айрылып түшкөнүн бир укмуштай туурап айтып берди эле, кудай акы, каткырык-күлкү үйгө батпай, түндүктөн бүркүлүп турду окшойт.

Шаршендин жеңесин ээрчип барып, кара курсактын айынан куран окуган белгилүү сатирасы бар. Шакеңдин ошол тамашасын, өзүнүн түз окуучусу Турсун Карымшаковдун аткаруусунда өз көзүм менен көрүп, өз оозунан уккамын. Айтылуу Абдыашым Көбөгөновдун аткаруусунда да радиодон кулагым чалып калганы бар. Бирок, Эстебестин Шаршени туу чокудай бөлүнүп турат экен. Эстекең чөк түшкөндөй үңкүйүп, жетим Шаршендин кебетесине түшө калып, кашынып, аркасын тырмай албай алек болуп, баягы эт табакты улам өзүнө жылдыргансып, бир аткып оозуна салып жибергенсип, шаңкылдаган бийик үнүн Шаршендикиндей колдуратып, күлдүрөтүп, анын төл сөздөрүн бузбай, “калампуур”, “му-урч”, “аши-көк-аа” дейби, айтор алда немедей туурап атты. Кыйрап калдык күлкүдөн. Мен күлүп жатып чалкаман кетип, керегеге башымды уруп алдым. Ооруган жеримди сыйпалап, ыйлай албай же күлө албай Эстекеңди ыкшыйып тиктеп калсам, кыраакы киши байкап калган го, мага карап айтып жатат:

Айланайын жаш данек,
Анчалык болбо батперек,
Абайлап отур садага,
Анан деле баш керек.

Колумду желкемен ала элек элем, ошол бойдон кайра куладым. Эстекең Осмонкул, Шаршен, Шекербек, Райкан ж.б. залкарлардын керемет кеп сөздөрүн эч бөксөртпөй, сыр аякка куюлган калыбында, бир тамчысын коротпой сунуп олтурду. Кашыктап жыйнаган сөздүн гүлдөрүн чөмүчтөп сузуп ортого таштап жатты кайран киши. Жол жүрүп чарчашканбы же күлкүдөн чарчаштыбы, андагы олтургандардын көпчүлүгү конок үйгө өтүшүп, уктап калышты окшойт, төрт эле киши калдык. Эстекең мандаш урунган калыбынан жазбай, ошол төртөөбүздүн көңүлүбүз үчүн күүсүнө келген күлүктөй кара сөзүн төгүп отуруп, түн ортосун оодарып жиберди. Бир күндө Көлдөн өтүп Чүйгө, андан айланып Көлдүн тескейине өтүп келгенине, жетимиштин ортосун желкелеп койгонуна карабастан, кашындагы төртөөбүзгө жаңы кызыган жоргодой көшүлө сүйлөп олтурган Эстекеңдин касиетине таң калып олтурдум. Азыр ойлосом, ошол Арстанбек, Жеңижок, Токтогулдан бери келе жаткан «өнөрүм элдики» деген улуу салттын эң акыркы улантуучулардын бири экен, эсил Эстекең. Конок каадасын кылып сыртка чыктык. Дулдул Эстекеге айла жок экен, чаалыкканы байкалбайт. Көңүлү көтөрүңкү. Боз үйдөн чыга калып эле, толуп турган айды карап айтып жатат: “Бир уйгур өзү дыйкан экен, ушундай айдын жарыгында таруу сугармакчы болуп, анан ушул жерден таап аламын деп айга туштап кийимин чечип салып, дырдай жылаңач сугатка киришпейби. Анан ай жылып кетип, кийимин таппай калып айтып турганы”.

…Жарыктык Эстеке өзү сугарчудай болуп, бир көзүн жумуп, айды бир карап, жерди бир карап айта баштаганда эле күлкүдөн күбүлүп түштүк. Эстекенин өзүндөй уйгурча айта ала турган эмесмин, мааниси болжол менен: “Мен го Маанаке, Маанаке болсом мурутум канаке?” дегенге жакын эле. Эртең менен турсам Эстекең эки-үч кишинин ортосунда, сүйлөп отуруптур. Учурашып тыңшап калдым: «Осмонкулду көп ээрчип калбадымбы» деп жатыптыр Эстеке.

 

Осмонкулдай болобу…

Алыкем Таластан алып келип Осокеме тапшырган. Бул эми менин багымдан го. Осокем сүйлөгөндөн көрө, ырдаганым жакшы эмеспи деп төгүлүп эле олтурчу. “А” деп баштаса, айтчу оюн “а” менен бүтүрчү:

А… амансыңбы агайын,
Амандашып алайын,
Аркыратып жоргомду
Аябай жолго салайын,
Аламүдүн суусундай,
Атырылып агайын,

— деп эле кете берчү. Кийин ойлосом, Осокең бизди куштай эле таптаган экен. «Көкүрөк болмоюн өнөрпоз боло албайсыңар, укканыңарды учурбай түйүп алгыла» дечү. Мени айтасыңар, эс тутум деп ошол кишиникин айтса жарашаар. Бир жолу Токмоктун үстүндөгү дунгандарга барганда, 60 дунгандын аты-жөнүн эки-үч сыйра окутуп жаттап алып, бир жаңылбай ырдап кеткени бар эмеспи.

 

Шекербектин шекер кеп

Эстеке, эртең мененки чай үстүндөгү тамашасын Шекербектен баштады. Айтымында Шекербек райондон ШМКны бүтүрүп айылына барганда кууланып, «молдонун окуусун окуп келдим» деп коюптур. Анысын чын көргөн айыл аксакалдары өздөрүнө имам шайлап алышыптыр, күйдүргү Шекеңди. Ара-чолодо беркиден да сого коюп жүрсө керек. Бир күнү Шекербек намазга жыгылмакчы болуп эңкейгенде койнундагы жарымы ичилген, оозуна тыгын тыгылган бөтөлкөсү култ этип ыргып барып, чалдардын алдына түшүптүр. Алар ташбараңга алып кубалаганда, эми бул айылга батпасын билип, эптеп үйүнөн комузун алганга үлгүрүп, аркы Маймактан поюзга жармашып Пишкекке жетип алып, түз эле филармонияга келип кирген экен. “Ошол кишилер кызык экен, өзүм жыргатып деле куран билбейм, анан ШМКдан үйрөнгөн трактор, комбайндын тетиктерин аралаштыра айта берсем: “бу бала башкача окуйт экен, билимдүү да” деп турушаар эле,” деп айтчу Шекербек. Ошондогу Шекеңдин куран намазы деп Эстекең эки колун тизесине таштап коюп, көздөрүн ачып-жумуп, курандын кыраатына салып, жанагы, аккумулятор, карбюратор, клапан, ремен дегендерди бир укмуштай созуп окуп кирди эле, үйдө олтургандар боорубузду басып бурч-бурчка кыйрап калдык. Биз ырчы, комузчу катары билген Шекербектин кылбаганы жок экен, Эстекең айтып олтурса. Ошондо жалаң Шекеңдин тамашасына тамшантып отуруп эт бышырды Эстекең.

 

Назарбаев чакырганда

Эт желгенче жай сөзүнөн сүйлөп олтурду. Ушул Чолпон-Атада Акаев, Назарбаев, Каримов катышкан саммит болуп калды дейт Эстеке. “Назарбаев эки-үч күн эрте келип, мени алдырып алды. Нуракеңдин өзү дагы домбураны дүңгүрөтө чертип, үн кошо коймою бар. Каримов саммит болор күнү келди. Эс алуу маалында Токтогул менен Молдо Тойчунун тамашасын айтып берсем, катуу ыраазы болгон. Саммит тараганда Назарбаев мени кетирбей, баш-аягы он эки күн ушул Чолпон-Атада чогуу болдук. Мен дагы болгон өнөрүмдү ортого таштап, ошол казактардын өздөрү унуткан акындарынан бери айтып берсем Назарбаев: “Эстебес ага, Сиздин башыңыз компьютер экен гой. Болгон шартыңызды түздүрүп берейин казактын бүт облусун кыдырып, өнөр көрсөтүп кетиңиз” деген эле. Мен аларга кененирээк бара албай жүрбөйүмбү. “Казакстандын халк акыны” деген наамын казактардын өздөрүнөн мурда мага беришпедиби. Меники №1. Эмдиги жылы 75ке чыгам. Ошонун кырында казак туугандарга барып келсемби деп жүрөмүн”.

Аттиң, Эстеке тилегине жетпей калды. Көзү тирүү болуп казакка барса, апыраңдаган, өнөр сыйлаган журт төбөсүнө көтөрүп кетээри турган иш эле.

 

Кайран талант!..

…Тамашанын жаагын айрыган Эстекең келгенден бери колу тие элек комузун алып, күүсүн узакка кайрып, эки жагын айланта карап алып, чалкалай түшүп кадимки керемет үнү менен ырга кирди. Айтып жүрүшкөндөй сахнада ырдаганы менен боз үйдө, элдин арасында ырдаган ырынын айырмасы асман менен жердей экен. Улам кызып, комузун анда-санда бир кагып коюп, бар кубатын үнүнө, ырына салып, өбөктөй түшүп төгүлдү дейсиң. Атаңдын көрү… Диктофон болуп жазчу болсоң ошондо жазсаң, экранга тартчу болсоң ошондо тартсаң! Эмне деген гана маданий мурас болуп калар эле? Өзүмдүн акма кулактыгыма арман кылып шыпшынган элдин арасында, шылкыйып гана олтурдум го, көз алдымда агып жаткан сөз дайрасынан кур дегенде бир кочуш жутуп алалбай… Ыраазы болгон көпчүлүктүн алкышын айтып бере албасмын.

Ошондон көп узабай залкар талант, Эл ырчысы Эстебес дүйнөдөн өтүп кетти. Аны менен кошо кыргыз оозеки көркөм дөөлөтүнүн бүтүндөй бир доору көчүп түштү окшойт. Эл болгондон кийин, Токтогул айтмакчы, күндүк, түштүк ырчылар чыга берээр. Бирок, манасчы, төкмө, ырчы, комузчу, чечен, куудул, тубаса актер өңдүү ар бири нар көтөргүс улуу өнөрлөрдү алмадай башына батырып, асырап жүргөн Эстекенин эс тутум феномени, өзүнө гана таандык өнөр касиети эми кайталанаар бекен? Ким билет, аттиң… Кылымда барып бир келчү киши эмес беле…

Темирбек Алымбеков,
“Кыргыз тили”, 10.01.2017-ж.

Макала Барган жерин гүл кылган… бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Каниет Орозбеков

$
0
0

Мен акынмын! Сен да ушинт тартынбай,
Мергенчилеп ой издейбиз жан тынбай.
Тааныш үчүн эл сени акын катары,
Тап өзүңдү! Тааны өзүңдү алтындай
,” – деп өзүнүн ыр саптарында жазган талантуу акын Каниет Орозбеков 1993-жылы 7-майда Нарын районунун Достук айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти ийгиликтүү аяктаган соң И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук Агрардык университетинин инженердик-техникалык факультетинин тапшырып, окуу жайда өзүнүн таланты,жигердүүлүгү, жоопкерчиликтүүлүгү менен оозго алынган, көзгө урунган студент болгон. Сезимтал жүрөктү жашынан алсыраткан оору акыры 2015-жылы октябрда арабыздан алыстатып кетти. Ыр дүйнөсүндө тапталган жол менен баскысы келбей, өзүнчө жол, өзүнчө багыт издеп жүргөн таланттуу изденүүсү күч акындынырларын Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын жана “Жаңы толкун” адабий клубунун жаштары, тактап айтканда К.Орозбековдун калемдештери топтоп, “Мурас” аттуу жыйнак кылып чыгарышты.

 

Ырлар

АТА СЕНДЕ

Хочу что у папы все было хорошо,
а у меня как у папы
.

«Туура эмес экен»деп санаса миң,
Таламыңды миңдерден талашамын.
Тиресе да асманды тоо жөнөкөй,
Таянар тоом өзүң да карапайым.

Чач агарып баратат курагың ооп,
Чагылгандай «чарт» эткен кыялын жок.
Чыктын анык пайгамбар дөбөсүнө,
Чымынга да кенедей зыянын жок.

Үйрөтүүчүм, таянчым, устатымсын,
Үшүбөйм түк сен барда муздасын күн…
Бир дем алуу калтырбай ата сага,
Бергим келет болсо эгер жүз жашым, чын.

Билем, тоонун күн тийчү жери күнгөй,
Бактылуумун, көрөмүн сени күндөй.
Ата сенде болсунчу баары жакшы,
А меники болсо экен сеникиндей.

 

АПА, АПА…

— Апа, апа, чүкөм кана? Шапкемчи?
Ачты кардым, айраныңдан апкелчи
Апам жокто: “Кайда кетти мага айтпай?
Ата, ата, апам кайда? Таап келчи.”

— Апа, алып берип койчу сумкемди,
Ак көйнөктүн мобу жерин минтемби?
Аркы аптага эжейибиз жылдырды,
Ата-энелер жыйналышы. Ким келди?

— Апа, баарын жасап койдум, мен кеттим,
Акча керек, отурушка бермекмин.
Анын кызын сүйбөйм, жакпайт ал мага,
Ашык болсо азыр алып келмекмин.

— Апа, алло, баары жакшы… Үйрөндүм…
Агай баасын койбой бир топ сүйрөлдүм.
Айран, каймак, эт, картошка салып ий,
Андан көрө шаарга тартса үйдөн ким.

Мейли, ааламга түбөлүк жаз келбесин,
Мейли элем түгөнсө да чөлдө суум.
Суранычым апа, сенден бир гана:
Суроолорум жоопсуз кала көрбөсүн.
27.01.15

 

* * *

Айыл. Бардык керектүүсүн тандаган,
Ай айылдык түнү тоосун жандаган.
Күндүз дайым тосуп чыккан таң эрте,
Күн айылдык, күмүш нурун камдаган.

Мында түгүл айылдыкы делет бүт,
Мындагылар мендей ойдо демек бүт.
Сыймыгына айлансам дейм мактанар,
Сыймыктанып болгонума элеттик.

Айыл жыты бышкан нандай жыттанат,
Акын жанда анан кантип уктамак.
Көчөсүнө мен эле эмес, көктөгү
Саманчынын жолу дагы суктанат.
26.09.15

 

* * *

Мен бул дөңдү
Бала кезден ашкамын,
Укпай коюп апакемди
Чыбыгынан качкамын.
Келбеймин деп сөз бергемин,
Уулу болом башканын.
Кеч киргенде бирок баргам,
Курсак ачып ач карын.

Азыр болсо мен бул дөңдө
Жыйырма бир жаштамын.
Мурункудай эле экенсиң,
Өзгөрбөптүр таштарың.
Ал кездеги мендей болуп
Ачкарынбы башка ким?..

 

КЛАССТАШЫМА КАТ

Аттаган кез билим үйүн жаңыдан,
“А” тамгасы эсиңдеби тааныган.
Кабарлашпай кайда кеттиң дарексиз?
Классташым, куса болом, сагынам.

Эсимде бар: сен “5” алсаң кубанып,
“2” алып турар элем кызарып.
Эжебизден мен жашынсам артыңда,
Эжекелеп колуң турчу узарып.

Жаза кал деп күйпөлөктөп астымда,
Жардам берген аткарбасам тапшырма.
Достугуңа рахмат айтып койбопмун,
Дардалаңдап тапшырмаңды жазганда.

Кийип жүргөн жарашыктуу фартугуң,
Көпөлөктүн канатындай бантигиң.
Кайран гана биз окуган мезгилдер,
Көз алдыма тартылууда ал күнүм.

Биздин күндө карасынан агы көп,
Бул бир азы, эстей турган дагы көп.
Кезигели кусалыкты жоёлу,
Классташың Орозбеков Каниет.

 

КЕЛЕЧЕКТИН АЛПТАРЫ
(«Жаңы-толкундун» жаштарына)

Биз алгалап… Куюн тартсын артыбыз,
Биз дегеним: мен, сен, силер, жалпыбыз.
Тоодой болгон алп ырларды жазалы,
Тоо таянар келечектин алпыбыз.

Мен акынмын! Сен да ушинт тартынбай,
Мергенчилеп ой издейбиз жан тынбай.
Тааныш үчүн эл сени акын катары,
Тап өзүңдү! Тааны өзүңдү алтындай.

Карегиңден чындык үчүн кан агыз,
Катуу, дың, чым жердин баарын чана, буз!
Бүгүн эмне көзгө урунса уядан,
Биз учканда дал ошону алабыз.

Калыс баасын берет бизге калкым чын,
Калем, сыя жооптуу милдет артынсын.
Аруу жолду аруу басып өтүүгө,
Ант берели! Баса албасак ант урсун.

Биз акынбыз, келечектин алпыбыз,
Биз дегеним: мен, сен, силер, жалпыбыз.

 

* * *

Мойнубузга жооптуу иш арткан Теңир.
Машакатуу экенин билбейт кээ бир.
Төрт сап ырды кагазга түшүргөнчө.
Төрт тонналык түшүргөн көмүр жеңил.

Күч жумшалат иштесең күрөк менен.
Калем кармап калп эле жүрөт дебең.
Көңканага көмүрдү жыйнаганча.
Кыйын келет ыр сабын ирээттеген.

 

СЫНДЫН КҮЧҮ

Көчө ыры деген баага татыдык,
Калемдешим сындаганда катырып.
Күзөтүп түн маанисиз ыр жазганча,
Көкүрөккө койсом эмне жашырып.

Кыйла жылдан бери калем сырдашым,
Кантем анан, калбай жатса ыр жазуум.
Күтпөгөмүн, көпчүлүктүн көзүнчө,
Көчө ыры деп кыйкырып сындашын.

Калети жок ойлоп көрсөм кебинде,
Кемчиликти чыгарбадым төгүнгө.
Түпкүрүндө ошол сөздүн бар тура:
Ташта кадам, мүдүрүлбө, чегинбе!

Катасыз сөз адамды сын өстүрөт,
Келчи тууган, бир алайын өпкүлөп.
Көз карашым калмак балким өзгөрбөй,
Катуу сынга албаганда тепкилеп.

 

Макала Каниет Орозбеков бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.


«Викинг»тасмасында кыргызча ураан салган каскадерлор:чакыруулар көбөйдү

$
0
0

Өткөн жылдын соңунда, тагыраагы 29-декабрда дүйнөнүн бардык кинотеатрларында «Викинг» тасмасы көрсөтүлө баштады. Россиялык кинолентаны «Игра престолов» менен «Властелин колец» тасмаларынын аналогу деп атап келишет.

«Адмирал», «Турецкий гамбит», «Дневной» жана «Ночной дозор» тасмаларынын түзүүчүлөрү эң оор трюктарды компьютердик графика менен жасоону ойлогону менен алардын баарын кыргызстандык каскадерлор өздөрү аткарышкан. Тасмада «Сапка тизилгиле, даярдангыла, баарын өлтүргүлө» деген кыргызча ураандарды угууга болот.

Адискөй каскадерлордон турган Nomad Stunts тобунун мүчөсү Жамил Жуматаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен маек куруп, жети жыл даярдык көрүлгөн россиялык тасмага кандайча тартылып калганын айтып берди.

— Жамил, режиссер Андрей Кравчуктун тарыхый тасмасына кандайча тартылып калдыңыз?

— Биздин каскадердук топ даярдык үчүн 2014-жылы эле чакырылган. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой тасманы жаратууга жети жыл, тартууга жарым жыл кетти. Тартуу иштери 2015-жылдын март айында башталган. Тасма негизинен Крымдын Симферопольск районунда, Бахчисарай шаарында жана Севастополь районундагы Фиолент жээгинде тартылган. Анын режиссеру Берлин фестивалынын байге ээси Андрей Кравчук болсо, продюсери Биринчи каналдын башкы директору Константин Эрнст, Анатолий Максимов жана Леонид Верещагин болду.

— Жети жыл тартылган тасманын маани-маңызы эмнеде?

— Окуя орто кылымдагы Киев Русунда болот. Сюжеттин ортосунда Киевдин улуу князы Святославдын үч уулунун бийлик үчүн тиреши чагылдырылган. Улуу Ярополк аңчылык учурунда этиятсыздыктын айынан өзүнүн агасы Олегди өлтүрүп алат. Ал үчүн кичүү иниси Владимир өч алышы керек болот.

Тасманы экранизациялоо өткөн жылдын жай айларында аяктаган. Анан бир жыл бою монтаж, прокатка даярдык жана реклама иштери жасалды. Мага жеткен маалымат боюнча тасмага 1,2 миллиард рубль жумшалган.

— Укмуштуудай таасир калтыруу үчүн сиздин топ кандай трюктарды жасап жатты?

— Биздин команда ат үстүндө ар кандай курал-жарактар менен абдан оор трюктарды көрсөттү. Кайсы бир трюкта каскадерлордун өрттөнгөн жерлери дагы бар. Бул тасманын эң кызыктуу учурлары.

— Сиздин командада канча каскадер бар?

— Жалпы тогуз кыргызстандык бала ар кандай трюктарды жасашты. Тартылуу иштерине бир жарым ай даярдык көрдүк.

Абдан оор трюктарды режиссерлор компьютердик графикалар менен тартууну ойлоп жатышкан, бирок аны биз өзүбүз эле аткардык.

— Аракетиңиздерди режиссерлор менен продюсерлер кандай кабыл алышты?

— Абдан жакшы кабылдашты. «Викинг» тасмасына катышкандан кийин Россиянын башка тасмаларына чакыруулар арбыды. Мисалы, Американын белгилүү «300 спартанцев» тасмасынын аналогу боло турган тарыхый драма «Легенда о Коловрате» фильмине тартылууга сунуштар түштү. Биздин ишти тийиштүү деңгээлде баалаган режиссер жана актер Владимир Епифанцев менен тааныштым.

— Дагы кандай чет элдик тасмаларга тартылдыңыздар эле?

— Биздин активде «Неудержимые-2», «47 ронинов», «Конан Варвар», «Мың бала», «Шал», «Рэкетир» жана «Марко Поло» менен «Эртургрул» сериалдары бар.

“Sputnik -Кыргызстан”, 04.01.2017-ж.

Макала «Викинг» тасмасында кыргызча ураан салган каскадерлор:чакыруулар көбөйдү бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Улутубузду, өз жерибизде коргогонго укугубуз калдыбы?

$
0
0

Билим берүү академиясында иштеген кезимде кыргыз адабиятынын хрестоматиясын жазганбыз. Бизге кыргыз адабиятынын классиктерин алып, жеңил-желпи нерселерди койгула деген кадимкидей көрсөтмө келген. Айла жок ошондой кылганбыз.

«Манас» эпосубузга арналган экинчи отурушта тегерек үстөлдү уюштурган «Сереп» изилдөө институтунун, «Кереге» жалпы адамзаттык баалуулуктар фондунун координатору Искендер Ормон Манастын «колдогу алтындын баркы жок» болуп унутта калышы кыргыз үчүн ачуу жана кайгылуу көрүнүш. Бирок муну адабиятчы, мугалимдерге же Манас таануучуларга түртө салып, аларды күнөөлөп отура берүү да туура эмес деген пикирде Ал: «Биз кыргыз, Кыргызстан мамлекети катары кайда баратабыз? Өзүбүздүн өзгөчөлүктөрүбүздү сактагыбыз келеби?» деген суроону койсок, Манассыз бул баалуулуктар сакталбай каларын сезебиз. Манас биздин улут катары сакталып калуубузга азык берген негизги булак экенин сезип, «Мен мекенчилмин, кыргыз катары сакталып калгым келет» дегендин баары өзүнүн жеке көйгөйү катары көрүүсү керек. Ошондо кыргыз баласында Манасты башкаларга жеткирүү каалоосу, изденүү пайда болот. «Эмне үчүн кыргыздын баары буга кайдыгер? Башка улуттар өз баалуулуктарын сактап, жаштарына кантип тааныткан? Биз кандай доордо жашап атабыз, бул доордун өзгөчөлүгү эмнеде?» деген суроого жооп изделет чыгар», — деп маселени ортого таштады.

 

Манастын таанытуу жолдору

Мурунку отурушта айтылганда Манас тууралуу миңдеген илимий изилдөөлөр жарык көргөнү менен, алар элдин калың катмарын Манаска багыттай албай келет. Филология илимдеринин кандидаты Курманбек Абакировдун эпосту таанытуу үчүн: «Жер-жерлерде иштеп жаткан мугалимдерди чакырып, «Манасты» класска жараша окутуунун оптималдуу вариантын чыгаруу керек. Анан тил, адабият жана тарыхыбыз менен бирге программа кабыл алып, «өзгөртүүгө эч кимдин укугу жок деген чектөө менен мыйзамга киргизип коюу керек. Биз өз улутубузду, өз жерибизде коргогонго укугубуз бар» деген оюн коштогон Билим берүү академиясынын вице-президенти Советбек Байгазиев билим берүү стандартына Манасты өзүнчө предмет кылып киргизүү бул жеткирүүнүн эң таасирлүү жолу. Жок эле дегенде мектеп компонентине «Манас таануу» сабагын 1-ден 11-класска чейин жумасына 1 сааттан киргизүү керек деген оюн айтып, эпосту жеткирүүдө колдонуп келген төмөнкү ыкмасы менен тааныштырды: «Каныкейди» мен кичине китеп кылып чыгардым. Нарындык бир ишкер 1000ди сатып алып Нарынга таратты, Жалал-Абаддан бир келин 2000ди чыгартып алып, облустун ар бир мектебине 5тен берип чыкты. Таластык жигит келип, 400дү алып кетти. «Нуска» китеп дүкөнүнөн да сатылып кетип жатат. Ушундай чакан китептер жакшы тарайт экен».

Филология илимдеринин кандидаты Гулбара Сыдыкова Славян университетинде «Манасоведение» деген орусча сабак берерин, окугандын көбү башка улуттагылар экенин, алардын көбү башында «мындай сабактын бизге эмне кереги бар» деп шок кылганын айтып: «Кийин түшүндүрүп кирдим. Үрп-адатыбыздан алыстап кеткен бирин-серин кыргыз балдар эки-үч сабактан кийин алдынкы парталарга отуруп калышат. Сабакка келбеген балдар «Манасоведениеге» келишет. Манастагы баалуулуктарды айтканда баары кызыгып окуй башташат», — деп Манастагы баалуулуктар баарын кызыктырарын далилдеди.

Советбек Байгазиев агай Манасты мектепке киргизгиле деген мыйзам бар экенин, бирок Манас сабагын өтчү 50 мугалим Арабаевде даярдалып, мектепте иш таппай, талаада калганын кабарлап: «Казактар Абайдын бир том чыгармасына 1950-жылдары эле «Абай таануу» академиясын, кафедра, институт ачып алган. Биздин академияда «Фольклор жана Манас» бөлүмү гана бар. Китептер чыкканы менен жылдан-жылга Манасты билгендер азайып баратат. Учурда Манас мектептин он бир жылына болгону 60 саат берилген», — деген арманын айтты.

Искендер Ормон милдет катары жүктөө менен бирге жаштарды өз каалоосу менен Манасты сактап калууга кызыктыруу керек экенин. Жасалма интеллект пайда болгон доордо өтө тездик менен кетип бара жаткан мезгилди биз токтотуп кала албайбыз деген оюн айтып: «Демек, улуттук баалуулуктарды мезгилдин талабы жана куралдары менен бере билүү, бардык чыгармаларды интернет аркылуу сунууну өздөштүрүү керек дегендик. Китептин мазмуну кооз сүрөттөр менен коштолуусу өтө маанилүү. Чыгарма элдин ар бир жаш курагы менен категориясын эске алуу менен басылуусу зарыл. Мисалы, түрк жаштары Осмон халифатынын 600 жылдык тарыхына кызыкпай келишчү. Бирок султан Сулейман жөнүндө «Даңазалуу доор» деген сериал чыккандан бери ал доордогу окуяларды жата калып окуй башташты. Балдарына ошол кездеги аттарды коюу, ал кинодо айтылган жерлерге саякаттоо эселеп артты. Манастан миңдеген сценарий чыгат. Аларга Голливудга окшогон дүйнөлүк деңгээлдеги борборлор менен кызматташып, кандай сонун тасмаларды тартсак болот», — деген сунуштарды киргизди.

 

Чет өлкөлүктөр кыргызга өчпү?

Филология илимдеринин кандидаты Курманбек Абакиров Билим берүү академиясын жоюп жиберүү керек деп да чыкканда болгонун, тетирисинче, аны каржы жана кадр жактан бекемдеш керек деп, оюн төмөнкүчө далилдеди: «Мектепти илимий, методикалык жактан тескеген ушулар. Эгер буларды жоюп жиберсе, башаламандык башталат. Чет өлкөдөн келген сунуштарга жараша кыргыз тил, адабият сааттарын кыскартабыз дегендер болуп атат. Алар муну окуткула, акча беребиз десе «макул» деп жибергендер көп болуп атпайбы», — деген чочулоосун ортого салды.

Гулбара Сыдыкова Билим берүү академиясында иштеген кезинде өз башынан өткөн окуяны: «Кыргыз адабиятынын хрестоматиясын жазганбыз. Бизге «Тарбиялык мааниси бар кыргыз адабиятынын классиктерин алып, көңүл ачуучу жеңил-желпи нерселерди койгула» деген кадимкидей көрсөтмө келген. Айла жок ошондой кылганга мажбур болгонбуз. Мага мындай аракеттер кайра башталды деген кабар келип атат. Чын-чынына келгенде бизди Манастагы үрп-адат, каада-салт деген жазылбаган мыйзамдар кармап турат да», — дейт.

 

Кыргыз эместер Манасты баалайт

Бирок илгертен тамырлаш Москва менен Екатеринбургдун орус филологдору Манас жана Айтматовдон лекция окуп бер деп суранарын, Урал университетинин үлкөн профессорлору 1985-1995-жылдары «Манаска көңүл бургула! Аны окусаңар өз гана эмес, дүйнө тарыхын да бере аласыңар» дегенин эскерген Гулбара Сыдыкова: «Бул жерде баса белгилей кетчү нерсе бар. Ар кайсы авторлордун Манас тууралуу тексттерин эмес, Манастын Сагымбай Орозбаков жана Саякбай Каралаевдер айткан түп нускасын окутуу керек», — деген акыйкатты айтты.

Искендер Ормон:

«Учурда дүйнө өсүп келе жаткан муундун сын ой-жүгүртүүсү жана калыс болуусун өрчүтүүгө аракет кылууда. Манас бабабыз Жакып атасына сый-урмат кылуудан жазбаса да, дайыма акыйкат тарапка тартканын көрөбүз» деген оюн айтып: «Өз баалуулуктарын сактап калуу менен башкалардын ыйык туткан нерселерине сый көрсөтүп жашоону Манастан тапсак болот. Өзүнүн негизги душмандарынын арасынан Алманбеттей жанын аманат кыла турган дос кылганы кандай сонун үлгү. Манас бизге караңгы эмес, чыныгы улутчулдуктун үлгүсүн сунуп турат», — деп ашкере улутчулдукту сындады. Кезектеги отурушту: «Кыргыз элинин Салижан Жигитов агайыбыз айткан өзгөчөлүгүн да колдонуу керек. Бизге биздин баалуулуктарыбызды башка улуттун өкүлү айтып берсе, жакшыраак түшүнөбүз. Ошондуктан Манасты англисче, арабча, французча которуп чыгаруу керек. Мисалы, Чынгыз Айтматовдун «маңкурт» терминин оболу дүйнө колдоно баштабадыбы. Анан биз кызыгып кирдик. Көрсө, ал Манаста бар түшүнүк экенин эми билип атабыз. Мындай бир китептин өзөгү болуп берчү идеялар Манаста миңдеп табылат да. Демек, адабиятчыларыбыз башка тилдерде да чыгарма жазуулар маанилүү»,

— деп жыйынтыктады.

Эсен Өмүракунов, “Саресеп”, 23.12.2016-ж.

Макала Улутубузду, өз жерибизде коргогонго укугубуз калдыбы? бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Наристеге ат коюу

$
0
0

Байыркы учурдан тартып узак кылымдар бою кыргыз элинде бала туулары менен эле ааламга келген наристеге ат койгон салт болгон.

Атактуу кишинин атын койгондор баласына ошол кишинин өмүрүн өрнөк, жашоосун үлгү кылган, арбактарын сыйлашкан, «сага паландай кишинин атын бергенбиз, сен ошондой болушуң керек» деп тарбиялашкан.

Ат коюу учурунда наристени чоң атасы, же атасынын улуу бир тууганы этегине салып отурган.

Балага ат коюу үчүн азан айтуу ырасымы болгон. Аны айылдагы атайын белгилүү азанчы же молдо аткарган.

Бир топ учурда баланын атасы, же чоң атасы өзү эле азан айтып ат койгон.

Азан айткан адам аруу жуунуп, даарат алып, адалданып, кыбыланы карап, кулак какты кылып, тегерек-чек уга тургандай кылып үн чыгарган.

Балага берилген ар бир атта кандайдыр маани камтылган.

Балдары турбай жүргөн үй-бүлө жаңы бөбөк көрсө көбүнчө ага канаттуулардын, мисалы, Бүркүт, Турумтай ж.б. жаныбарлардын, мисалы, Бөрүбай, Түлкүбек ж.б. аты коюлган. Ошол алгыр куштар жана жаныбарлар баланы ажалдан арачалап калат деп эсептешкен.

Буга чейин жалаң кыз балдар туулуп келсе, “мунусу да кыз болсо, эми эркек келсин” деп Жаңыл, Бурулкан, Бурулуш, Токтокан, Уулкелсин, Уулболсун ж.б. аттарды берген.

Үй-бүлөдө көп бала болуп, энесинин төрөттөн кала турган мезгили келип калса, ага Кенже, Кенжегүл, Кенжебек деген аттар берилген.

Айрым учурда баланын туулган убагындагы жаратылыштын абалына карап да аттар ыйгарылган. Мисалы, Жамгырбек, Бороон ж.б.

Көчмөн турмушта ар кандай кырдаал-шартта баланын жарык дүйнөгө келишине карай Көчкөнбай, Көчкөн, Конушбай, Кыштообек, Жайлообек дегендей аттар ыйгарылган.

Баланын туулган күнү, айы, мезгили да алардын аттарына өткөн учур болгон: Жекшемби, Орозо, Рамазан, Чилдебек, Жума, Бейшенбай ж.б.

Кээде ырымы кылып балага көз тийбесин, башкалардын назары түшпөсүн деп атайын жаман сөздөрдү ысым кылып берүү салты да болгон. Мисалы, Тезекбай, Бокмурун, Күчүк, Итибай ж.б.

Бир топ аттар ушундай кесипке, өнөргө ээ болсо деген тилектен келип чыккан. Мисалы, Отунчу, Жылкычы, Күүчү, Койчу ж.б.

Кыргыздар арасында элдеги жакшы адамдардын, атактуу баатырлардын, журт башылардын атын да балдарга берүү салты кеңири тараган. Мисалы, Курманбек, Курманжан, Шабдан, Балбай ж.б.

Кыздарга сулуу болсун, акылдуу болсун деген ниетте Айсулуу, Айпери, Акылай, Чолпонай, Акчолпон деген сыяктуу аттар берилген.

Бала энесинин ичинде жатып ыйлаган болсо, анын ысымы өзү менен кошо берилди деп Маширап, Шарийпа, Шарип, Мамашарип дегендей аттарды койгон.

Бала төрөлгөндө тиши менен туулса, ага Бөрү, Бөрүбай, Бөрүкыз дегендей аттар берилген, эгер андай ысым коюлбаса, өзүнөн кийинкилерди «жеп коёт» (төрөлбөй калат), же бир кырсыкка учуратат дешкен.

Бала төрөлгөндө бир мүчөсү толук болбой калса ага Нышан, Нышанбай дегендей ысымдарды койгон.

Бала төрөлгөндө бир мүчөсү ашык болуп төрөлсө Артык, Артыкбай, Артыгаалы сыяктуу аттарды коюшкан.

Баласы турбай жүрсө, жаңы төрөлгөн наристени бирөөгө «берип» же үч, же жети, же кырк күн бактырып, анан жол-жобосун кылып кайра «сатып» алганда ага Сатыбалды, Саткын, Сатылган дегендей аттар ыроолонгон.

Баласы турбай жүрсө, жаңы төрөлгөн наристеге Токтосун, Токтогул, Токтокан, Токторбек, Токтор, Токторбай, Токтогүл, Турат, Турар дегендей ат коюшат.

Калы бар туулган балага Калыйман, Калбү, Калыйбүбү, Калы, Калыбек, Калыбай дегендей аттар коюлат.

Төрөлгөндө этинин бир жеринде кызылы болсо Анарбай, Анарбек, Анаргүл дегендей ысымдар берилет.

Эгиз балдарга уйкаш аттар коюлат, мисалы, эркек балдарга Асан-Үсөн, Жаныш-Байыш, кыз балдарга Батма-Зуура, Апал-Үпөл ж.б.

Эгиз балдардын бири чарчап калса, экинчисинин атын Адаш, Адашкан, Адашаалы, Жаңыл сыяктуу аттар менен атап салган, ажал аны таппай калсын дешкен.

Жаңы төрөлгөн балага ат коюуда мурдагы бир туугандарынан аттарына окшоштуруу, уйкаштыруу да кеңири учурайт, мисалы, мурдагы кызы Жылдыз болсо, жаңы төрөлгөнүнө Кундуз деген ат берилиши мүмкүн.

Кыргыздарга ислам дини кирген соң арабча аттар да таркады, мисалы, Мухаммед, Абдыкадыр, Абдимухтар, Аалы, Жусуп ж.б.

Ысым адамдарды бири-биринен айырмалоо үчүн гана ыйгарылбайт. Ал аркылуу ата-эненин тилек-максаттары берилет.

Балага ат коюу вазийпасы эң алды менен ошол наристенин чоң ата-чоң энесине жүктөлүп келген, алар ылайыктуу ат издейт. Же айылдагы, уруу ичиндеги кадырлуу аксакалдар, инабаттуу байбичелер перзентке өмүр жолдош боло турган жакшынакай ысым сунуштайт.

Атактуу, эл-журтка алымдуу адамдар атын койгон балдарын дайыма «мунун атын паландай киши койгон» деп айтып жүргөн.

Көпчүлүк учурда сунушталган ысымды үй-бүлө мүчөлөрү чогуу талкуулап, бир чечимге келген.

Төрөлө элек балага алдын ала ысым бербейт, аны жөн гана «туюкбай» деп коюшат.

Адамдын кийинки жашоосунда анын тагдыры менен аты ылайык келбей калса, «Үйүндө чычкак улагы жок, уулунун аты Жууратбек», «Жаман иттин аты Бөрүбасар» деп мыскылдуу карашкан.

Балага ат коюуда атайын тууган-уругун чакырып, азан айттырып, казан асып, өз ырасымын аткарышкан. «Алло-о, акбар» деп азанчы баланын атын үч жолу кыйкырып, отургандарга угуза айткан. Үч жолу айтылгандан кийин анын ошол аты угуп тургандар тарабынан бекемделген. Ошол аттан кийин бала расмий түрдө киши аталып, өз аты менен башка адамдардын, демек, элдин санына кошулган.

Балага ылайыктуу ат коюу – ата-энесинин бир парызы катары эсептелген жана ошол койгон аттары үчүн алар баласынын алдында өмүр бою жооптуу болгон.

Кыргыз эли үчүн баланын ысымы – ага энчиленген жеке байлыгы, өмүр тагдыры. Ал ата менен эненин балага берген эң биринчи сыйы, ал ысымга эне сүтү менен ата мээрими кошулат.

Наристенин эң биринчи энчиленген аты элдик салт боюнча өзгөртүлбөйт, эгерде ар кандай шарттардан улам өзгөрүп кетсе да, анын өлүмүндө окулган жаназасында, бата кылганда азан чакыргандагы аты менен аталат, баштапкы эң биринчи ысымы менен оо дүйнөгө узатылат.

Жакшы ат ыйгаруу – баланын бактысы жана эл ичине кошулушунун башаты.

Абдыкерим Муратов,
окумуштуу-жазуучу,
“Кыргыз тили”, 10.01.2017-ж.

Макала Наристеге ат коюу бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Айтматов ааламындагы айымдар

$
0
0

Залкар инсан Чыңгыз Айтматовду кыргыздын атын чыгарган жазуучу дегенибиз аздык кылат. Ал – өзүнчө бүтүн аалам. Себеби анын чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар, театрларда коюлган спектаклдер канчалаган актёр, атрисалардын бактысын ачып, жылдызын жандырган. Мындай бакытка ээ болуп элдин кызына, кыргыз аялынын жүзүнө айланып калган айымдарды иргеп, алардын Айтматов ааламына кандайча аралашып калгандыгын иликтеп көрдүк.

Айтматовдун тандоосу менен Толгонайга айланган Бакен Кыдыкеева

baken_kydykeeva300Геннадий Базаров тарткан “Саманчынын жолу” тасмасы 1967-жылы элге көрсөтүлгөн. Жаш режиссёр чыгарманы тасмага айлантарын укканда эле Чыңгыз Айтматов: “Мен Толгонайдын образын Бакен Кыдыкеевадан көрүп жатам”, — деген. Режиссёр да ушул пикирде болгондуктан бул роль ошол кездеги Кыргыз ССРнин Эл артисти Бакен Кыдыкеевага сынаксыз ыйгарылган. Улуу актриса тууралуу: “Бакен эже кесибин мыкты билгендиктен аны менен иштешүү оңой болду. Ал турсун, менин ишимди кыйла жеңилдетти. Эжеге эч кандай нускоонун кереги жок эле. Эсимде, Майсалбектин “баратам” деген катын алган соң аны тосууга барган жерде эжени поезд тебелеп кете жаздаган. Тасманын мыкты деңгээлде чыгышына Бакен эженин салымы зор”, — деп эскерет режиссёр. Бакен Кыдыкеева Толгонайдын образы үчүн СССРдин Эл артисти наамына ээ болгон.

 

Алтынай Натальяны балет дүйнөсүнөн кино дүйнөсүнө алып кеткен

natalya_arinbasarova300Кыргыз жана Орусия Эл артисти Наталья Аринбасарова Чыңгыз Айтматовдун эки каарманын тасмага жашаткан. Биринчиси “Биринчи мугалим” тасмасындагы Алтынайдын образы болсо, экинчиси — айтылуу Жамиля. Актриса тасмага режиссёр Андрей Кончаловскийдин тандоосу менен тартылган. Бул учурда ал тасма дүйнөсүнөн эч кабары жок балерина болуу кыялына жетүү үчүн билим алып жаткан эле. Ошентип, 17 жаштагы Наталья Кыргызстан деген жерге биринчи ирет келип, биринчи образын жаратып, тасма ааламынын босогосун алгач ирет аттайт. Актриса интервьюларында: “Дүйшөн экөөбүздүн атка учкашып жаанда калган жерибиз мен үчүн эң оор болгон. Жаанды өрт өчүргүчтөрдүн машинеси менен шар аккан суудан алып жасашкан. Суу денебизге чыныгы жамгырдай жумшак тийбей, муздак суу бир жонубузга, бир көкүрөгүбүзгө күч менен урунат. Тартуу иши бир күнгө созулуп, тартуу соңунда мен эсимди жоготуп кулагам. Ал эми Дүйшөн менин мойнумдагы күмүш зер буюмду жулуп алып бетке чапкан жерин 15тей дубль менен тартканбыз. Болот ар бир жолу образга кирип чаба бергендиктен бетим көгөрүп, шишип кеткен”, — деп эскерет. Жаштыгына карабай ушундай түйшүктөрдү көтөргөн актриса Алтынайдын образы менен тез арада эл аралык атакка жеткен. Ал тасмада бийиктиктерге жеткени менен балерина болбой калганына азыркыга чейин өкүнөт. Наталья Аринбасарова 2016-жылы Кыргызстанга келип “Ак илбирс” улуттук сыйлыгын тапшыруу аземинде кыргыз тасмасына кошкон салымы үчүн сыйланган.

 

Назира Мамбетова – бузуку Кадича, бактысыз Бекей

nazira_mambetova300Учурдун улуу таланты Назира Мамбетова да Айтматов ааламында татыктуу из калтырган. “Мен Тянь-Шань” тасмасындагы Кадичанын образы тасма тартуучулардын, тасма таануучулардын көз карашында мыкты чыкканы менен аны эл абдан жектөө менен кабыл алган. Бир бүлөнү бузган аялдын ролун ойногону үчүн актриса энеси баштаган элдин жемесинде калып, ооруканага барса ийне сайдыра албай, конокко барса тынчыраак отуруп чай иче албай калган экен. “Ак кеме” тасмасындагы күйөөсүнөн токмок жей берген Бекейдин образы болсо актрисага карата калың элдин аёо сезимин ойготкон. Бул образдары тууралуу актриса: “Кадичаны ойногондо турмушка чыга элек 23 жаштагы кыз элем. Тасмадагы өнөктөшүм Дүйшөн менен бир төшөккө жатып тартылуу мага азап болгон. Уялып, ал үчүн тил уккам. Ал эми Бекейдин образын ойногондо бир кыздын энеси болуп калгам. Бири-бирине карама-каршы келген бул эки образ тең өзүмө абдан жагат”, — дейт.

 

Базарбайдын азабын тарткан Жамал Сейдакматова

jamal_seydakmatova300Баарыбызга белгилүү “Акбаранын көз жашы” тасмасы “Кыямат” романынын негизинде тартылган. Андагы ичкич Базарбайдын аялынын ыйы, ызалуу сөздөрү көргөн жандын зээнин кейитет. Бул образды ачып берген актриса Жамал Сейдакматова тасманын тартылышы тууралуу: “Тасма Бостон Базарбайды атып кетип, аялы Базарбайдын башын кучактап сыздап ыйлаган жеринен тартыла баштаган. Бул бир эле дубль менен тартылып мен режиссёрдун ыраазычылыгына татыгам. Ал эми Базарбайдын мени сабаган жери эки күндө тартылган. Себеби Дүйшөн ыймандуу бала болгондуктан мени аялы катары кабыл ала албай уялып, тартына берди. Ошондо ишин мыкты билген режиссёр Дооронбек Садырбаев аны өзүнчө чакырып алып намысына тийген кептерди айтып: “Азыр жакшы ойнобосоң, сени алмаштырууга туура келет”, — дегенге чейин барыптыр. Анан намыстанып калган Дүйшөн келип мени көңдүн арасына киргизе чаап атпайбы. Сценарий боюнча анчалык “чапканда көңгө кирип кетсин” делген деле эмес эле. Бирок ошентип ийгиликтүү болуп кеткен. Дүйшөн байкуш мени чабарын чаап алып, камера токтору менен жүгүрүп келип кечирим сураган. А мен ага капа болбой эле, ишин жакшы аткаргандыгы үчүн ыраазы болгом”, — дейт.

 

Асел Эшимбекова беш образынын ичинен Бегимайды гана жактырат

asel_eshimbekova300“Махабат дастаны” тасмасы Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” тасмасынын негизинде тартылган. Башкы каарман Бегимайдын образына кыз изделип жаткан маалда актриса Гүлнара Чокубаева аялдамада отурган Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Аселди көрүп калат. Аны апасына окшоштуруп дароо таанып, аталган образга ылайык көрүп режиссёр Дооронбек Садырбаевге айтып келет. Тартуучу топ Аселди тандашканы менен 16 жаштагы секелек кызынын тасмага тартылышын атасы каалаган эмес. Режиссёрдун кайталап суранып: “Жоопкерчилигин өз мойнума алам”, — деген убадасы менен гана макул болуп, актриса болушун каалабаган атасына Асел: “Мындан башка тасмага тартылбайм”, — деп кол бергенден кийин гана тартуу иши башталган. Ийгиликтүү чыккан Бегимайдын образы актрисаны тасма ааламына арбап, атасына айткан убадасын унуттурган. Асел Эшимбекова жалпысынан беш тасмада образ жараткан. Бирок алардын арасында өзү Бегимайдын гана образын жактырып көрөрүн айтып келет.

 

Мырзагүл болом деп чачын эки жыл бою беш өрүм кылып жүргөн Нургүл

nurgul_kendirbaeva300Бала күнүнөн тасма ааламына кызыкдар Нургүл Кендирбаева 7-класста окуган тестиер курагында радиодон “Чыңгыз Айтматовдун «Эрте жаздагы турналар» чыгармасынын негизинде тасма тартылат. Тасмага тартылууну каалаган кыздар, балдарга сынак жарыялайбыз» деген жарнаманы угуп сынакка катышкан. Тасма 1977-жылы тартыла баштап, 1979-жылы аяктаган. Бул аралыкта тасмага тартылууга дайыма даяр турушу керек болгондуктан жаш актрисанын чачы ар качан беш өрүм болуп жүрчү экен. Бирок али жаш, актрисалык тажрыйбасы таптакыр жок кыз үчүн кыйынчылыктар болбой койгон эмес. Бул тууралуу ал: “Тартуу учурунда Мырзагүл ыйлай турган күнү ыйлай албай калган күндөрүм болду. Тасмада мектептен чыккан кыздарды чоң ата чана менен алып кетейин деп отургузганда Анатай чуркап келип кыздарды чанадан кулатып жиберет. Ошондо Мырзагүл ыйлашы керек болчу. Бирок мен такыр ыйлай албай койгом. Менин ыйлашымды күтүү менен күн өтүп кетмек болду. Анын айынан түшкү тамакка да барбай калдык. Кыштын суук күнү эле, бир убакытта курсагым ачып, үшүп, чыдабай калганда ыйлап кирдим. Алар менин ыйымды тасмага тартып калышты”, — деп эскерет. Нургүл Кендирбаеванын актриса болсом деген кыялы атасынын каза болушу менен кошо жок болуп, чет тилдер факультетинде окуп калган. Учурда бир уул, бир кыздын энеси.

 

Бир мүнөз, намыскөй айымдар Асел жана Динара

dinara_chochunbaeva300“Мен Тянь-Шань” тасмасы «Делбирим» повестинин негизинде 1972-жылы “Мосфильм” киностудиясы тарабынан тартылган. Тартуучу топ Аселдин образы үчүн казак-кыргыз элинен жыйылган үч миңдей кыздын арасынан 14 жаштагы Динара Чочунбаеваны тандап алышкан. Актриса тасмадагы образына өзүнүн тоңдугун, бир мүнөздүүлүгүн, намыскөйлүгү менен көктүгүн окшоштурат. Таланттуу кыз тасма үчүн 1,5 жылын короткон. Бирок бул аралык ага анча деле жагымдуу болбогонун ал мындайча баяндайт: “Мага тасма тартуу процесси такыр жаккан жок. Бирде күндүн чыгышын, бирде караңгы киришин күтүп, анан камерага карап образга киресиң. Ал эми жашоодо таптакыр башка адамсың. Мен болсо энелик эмес, сүйүү сезими да ойгоно элек секелек кызмын”. Секелек күнүндө ушундай керемет тасмада өлбөс образ жараткан актриса кийин бир да тасмага тартылган эмес. Ал эми аталган тасманы бир гана жолу баштан аяк көргөн. Актриса кийин Москвада өзү каалаган окууга өтүп сүрөтчүлүк өнөрүн уланткан. Учурда Орто Азия боюнча чеберлердин башын бириктирип, кыргыз чеберлеринин башын кошкон иш-чараларды уюштуруп, арт-менеджерлик менен алектенет. Өнөр жолунда табышкан жолдошу менен бир кыз, эки уулду тарбиялап, чоңойткон.

 

Шайыр Касмалиеванын тушоосун Сейде кескен

sh_kasymalieva300“Келгин куштардын ыйы” тасмасы Айтматовдун “Бетме-бет” повестинин негизинде 1990-жылы тартылган. Башкы каарман Ысмайылдын жубайы Сейденин образы үчүн сынакка жаш актриса Шайыр Касмалиева атайын чакыруу менен катышкан. Актриса: “Сейденин образы менин тушоомду кескен. Киного болгон берилүүм тынчтык бербей, кесибиме сүйүүм артып турган 21 жашымда тартылгам. Сынактан эч кыйынчылыксыз эле өтүп кеткем. Бирок тартуу учурунда баары эле оңой боло берген жок. Ысыкка какталып, суукка тоңуп кыйынчылыкты жакшы эле тарттым”, — дейт. Белгилүү актриса ошол жылдан бери чыгармачылыктын күнгөй-тескейин көрүп, тасма жана театр тармагына өз салымын кошуп келет.

Гүлайым Калыбекова, Леди.КГ

Макала Айтматов ааламындагы айымдар бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Тынчтыкбек Кожобеков: акчаң жокпу, кечирип кой, ырчы болоалбайсың!

$
0
0

Кыргыздын Цукерберги атка конгон белгилүү журналист Тынчтыкбек Кожобеков эки жылдан бери «Тынчтыктын мониторинг сервисин» (ТМС) иштетип, радиодон кеткен ырларга мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгын эл менен бөлүшүп турат. Жакынкы күндөрү региондогу радиостанцияларды дагы интернетке кошууну максат кылууда.

Шоу-бизнести алаканга салгандай көрө билген Тынчтыкбек Кожобеков журналист Гүлдана Талантбековага продюсер, менеджерлердин ишмердүүлүгүнүн күңгөй-тескейи, автордук укук жана акындардын аброю тууралуу айтып берди.

Социалдык тармактарда отурган ырчы, акын, обончулардын көбү сиздердин сайттан жетишкен ийгиликтери менен сүйүнүп бөлүшүп жаткандарына күбө болуп келебиз. Мындан улам ишкана ойлогон максатына жетти деп айта аласызбы?

— Биз инновациялык долбоорго жаңыдан чыйыр жол салып жатабыз. Буга чейин эч ким мындайды жасап көргөн эмес. Чет жерден франшиза кылып алып келген жокпуз. Өзүбүз ойлоп таптык, кыргыз эле программисттер жазды дегендей.

Ал эми ырчылардын социалдык тармактарда жетишкендиктерин бөлүшүп жаткандыгын кубануу менен кабыл алабыз. Жасап жаткан ишиңди кимдир-бирөө байкап, элге айтып турса жакшы экен.

5-январда ТМСтин ачылганына эки жыл толду. Биз эки жыл аралыгында 16 радиону тыңдап, мамлекеттин социалдык пакетке кирген мультиплекстик телеканалдардын бардыгын камтыганга жетиштик. Учурда Бишкек шаарындагы бардык радиолорду мониторингге алганга шарт түзүлдү. Ошондой эле региондогу радостанцияларды онлайн режимге алып чыгып элдин угуусуна шарт түзөбүз. Ошондо февраль айынын башы менен 13 радиону интернетке туташтырабыз. Мындан Кыргызстандын мейкиндигинде бир гана музыка эмес, жаңылык таркатууда тилдин саясаты канчалык деңгээлде жүрүп жатканын анализдеп чыксак болот. Быйыл өтө турчу президенттик шайлоону дагы мониторинг кылууга мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Булар эки жылдан бери жасап жаткан ишибиздин бүгүнкү күнгө карата жыйынтыгы. Биз ойлогон максаттарга жетиш үчүн көп убакыт керек. Бирок жакшы жылыштар бар.

— Бул ишкананы эмне максат менен ачкансыз. Идея кайдан келген?

— Мен музыкалык радиостанцияда жыйырма жылга чукул эмгектендим. Ошол жылдары көп ырчылар ырларын радиого алып келет, угуп көрүп эфирге коёсуң. Анан ортодо «сен менин ырларымды радиодон койбой жатасың» деген жакшы-жаман сөздөр айтылат. Койсоң же укпай калышат. Анан кантип ырчыларга ыры кетип жатканын далилдеп берем деген ойлор болду. Айрым учурда радиодон кетип жаткан ырын магнитофонго жаздырып угузуп жүрдүк. Кийин ушул идеяны интернет платформасына алып чыктык. Калыбек аттуу программист бала менен идеямды кеңешсем, эки сөз менен гана түшүнүп техникалык жагын иштеп чыкты.

© Sputnik / Азамат Тотубаев Белгилүү журналист Тынчтыкбек Кожобеков: биз инновациялык долбоорго жаңыдан чыйыр жол салып жатабыз. Буга чейин эч ким мындайды жасап көргөн эмес. Чет жерден франшизм кылып алып келген жокпуз. Өзүбүз ойлоп таптык
© Sputnik / Азамат Тотубаев
Белгилүү журналист Тынчтыкбек Кожобеков: биз инновациялык долбоорго жаңыдан чыйыр жол салып жатабыз. Буга чейин эч ким мындайды жасап көргөн эмес. Чет жерден франшизм кылып алып келген жокпуз. Өзүбүз ойлоп таптык

 

— Ырчылар «менин ырым радиодон кетпей жатат» деп айтканынын себеби бар деп ойлойм. Анткени радиодо иштеген ди-джейлер көп учурда продюсер болуп кетишет. Сыр деле эмес, ошол продюсерлер кызматташкан ырчысынын ырын көбүрөөк бере берет экен… Сиз деле убагында продюсер болуп жүрбөдүңүз беле? Алар көбүнчө менеджерлик жагына ыктап алышкан жокпу? Айтсаңыз биздин продюсерлерге кандай баа бересиз?

— Бул аябай орчундуу жана көйгөйлүү суроо. Бизде продюсерлик мектептин жакшы өспөй жатканына ичим ачышат. Анткени продюсерлик иш биздин маданияттын түркүгү боло турган кесиптердин бири. Эмнегедир окуу жайларда бул тармакка үйрөткөн кафедраларды ачышпайт. Продюсерлик бир гана музыкада эмес, кинодо, теледе, радиодо, музыкалык концерттин ишмердүүлүгүндө да керектүү нерсе.

Продюсердин жоктугунан ырчылар чыгармасы радиодон кетиш үчүн ди-джейлерден жардам сурашат, алар болсо акчасын алышат. Башкача айтканда, ырчынын ийгиликке жетүүсүнө жардам берет. Бул жакшы нерсе. Ал эми ишкананы өстүрөм деген ди-джейлер бир эле ырчынын ырын улам коюп аудиторияны жоготуп алуу коркунучуна кептелгиси келбейт. Өзүн сыйлабаган радио болсо кимдин гана ыры болбосун кое берет. Мен аларды региондогу радиостанциялардын деңгээлиндей кабыл алам.

Ырчы болуш өтө оор кесип. Ырчы жалгыз башы менен көп нерсеге жетише албайт. Алар бай көрбөгөн сыйды көрөт, кедей көрбөгөн кордукту көрөт деген сөз бар. Мына ошондуктан биздин ырчыларга жардамчылар сөзсүз керек.

Продюсер болуш үчүн сөзсүз окуу жайдан билим алып, музыкант болуу маанилүү эмес. Дүйнөлүк практиканы карасак мыкты продюсерлер — экономисттер. Биринчиден, акча санаганды билишиң керек, экинчиден, жасай турган продукт канчалык деңгээлде элге кызык болорун анализдөө зарыл. Бир ырга да продюсер болсоң болот. Мисалы, Султан Садыралиевдин аткаруусундагы «Кыргыз бийи» деген ырдын продюсери Рысбек Жабиров. Биринчи ырды жаздырды, төп келген ырчыны тапты, клипти тарттырды дагы массалык түрдө пиар иштерин жасап койду. Жалпысынан алганда продюсер акчалуу адам болушу керек. Ал өзүнүн бош каражатын башка ишкерлер сыяктуу эле иштете алат.

Бакиев өлкөдөн кеткен жылдары мага окшогон балдар жаш ырчыларга продюсер болуп чыгышты. Ал жумушубуз деле ашып кетсе беш жылга созулду. Урап калышынын эки себебин айта алам. Биринчиси, продюсерлердин акчасынын жоктугу, экинчиси, ырчынын ата-энесинин продюсердин ишине кийлигишип кеткени. «Сен менин баламды кулча иштетип акчасын жеп атасың» дегендер болгон. Чындыгында ишибиз тескерисинче эле. Ырчы бир жолу атын жасайт, өмүр бою аты менен жыргап жашайт. Продюсер болсо андан эч кандай пайда көрбөйт. Таарынбасын, бирок ырчылар жылкы мүнөз болот. Курсагы ачканда чуркап келип, ийгиликке жеткенде продюсерлерди унута баштайт.

© Фото / предоставлено Тынчтыком Кожобековым Тынчтыкбек Кожобеков: бизде продюсерлик мектептин жакшы өспөй жатканына ичим ачышат. Анткени продюсерлик иш биздин маданияттын түркүгү боло турган кесиптердин бири
© Фото / предоставлено Тынчтыком Кожобековым
Тынчтыкбек Кожобеков: бизде продюсерлик мектептин жакшы өспөй жатканына ичим ачышат. Анткени продюсерлик иш биздин маданияттын түркүгү боло турган кесиптердин бири

 

— Ошондо ырчылык деле бир чоң бизнес турбайбы?

— Чыгармалылыктын эки түрү бар. Кагазга ыр жазып бир жакка барганда окуп коюу бул — чыгармачылык. Ал эми ыр окуп ошондон акча таап жатсаңыз ишкерлик болуп эсептелинет. Биздин ырчылар тойлорго барып акча таап жатат, демек алар ишкерлер. Мыйзам боюнча сүрүштүрүп келсе ошондой болуп калат. Мындай учурда алар кадимкидей патент алып же жеке студия, коомдук уюм ачканга туура келет. Ырчылардын музыкалык билими тууралуу диплому анын ырчы экендигин далилдей албайт. Мунун баары мыйзам иштебей жатышынын натыйжасы. Мына, жакында борборго Филипп Киркоров концерт бергени келгени жатат. Эгерде ал өлкөгө эс алганы келсе — турист, ал эми ырдаганы келе жатса миграциялык кызмат аркылуу уруксат алып, бизге салык төлөшү керек. Мындайча айтканда, бизге чет элден каалаган ырчы келип ырдап кете берет. Бирок эмне себептен мындай иштерге жогорку жактагылар көңүл бурбайт, билбейм.

— Азыр айрым ырчылар продюсери жок, бирок менеджери менен иштешип жатышат. Аларга көз карашыңыз кандай? Жаш ырчылар кыйналып калышпайбы?

— Ырчы жаңы чыгып жатканда менеджер менен иштешүү пайдасыз оокат. Себеби ырчы сахнаны аттаганда өмүр бою көтөрүп жүрө турган образын жаратыш керек. Сүйлөгөн сөзүнөн тарта кийген кийиимине чейин кынтыксыз болушу керек. Мисалы Мамасадык Багышбаев Каныкейди жаштайынан баштап бир канча жыл оригиналдуу кылып даярдаган. Биздин ырчылар стиль жагынан оомо. Мисалы, бүгүн бир ырчы чачын капталга тарап элден мактоо сөз угуп койсо, эртеси бардыгы ошентип алат. Былтыркы жылдын эсебинен «Синемарт продакшн» компаниясы Самара Каримованы продюсерликке алган. Бир жыл ичинде Самаранын сүрөтүн, имиджин, кийимдерин, берген интервьюларын сонун кылып койду. Ырчы азыркы күндө ошонун жемишин көрүп жатат. Бул жакшы нерсе. Ырчы деген акча жасаганды үйрөнүшү керек. Көп учурда ата-энелер «балам таланттуу, ырчы кылып чыгарып койчу» дейт. Кайсы арыма чыгарам? Ырдап койгон эле жетишсиз, сөзсүз капитал керек. Кечирип кой, шоу-бизнесте акчаң жок сен эч ким эмессиң. Стилин иштеп, чыгармасын жаздырып, формасын тиктиргендин баары эле каражатка келип такалат.

— Автордук укук, келишим түзүү тууралуу да айта кетсеңиз?

— Ырчы сахнага кадам таштагандан тарта өмүрүнүн акырына чейин акындар менен иштешет. Акын менен композитор аял-күйөөсү сыяктуу бир чыгарманы жаратат. Алардын чыгармасы кыргыз патенттен өтүп, күбөлүк алат. Ошол күбөлүктүн негизинде аткаруучуга уруксат кагаз берилет. Ырдын ээси ырчы эмес, авторлор. Акындар менен ырчылар юрист аркылуу түзүлгөн келишимде чыгарманы бир же андан көп убакыт ырдаганга уруксат экени, сенден башка эч ким ырдабайт же сынактан алган байге канчалык деңгээлде авторлорго бөлүнөт, түшкөн каражаттар канча пайызда берилет, кайсы учурда ырдаганга болбойт деп майда-чүйдөсүнө чейин жазылат.

tynchtyk3
© Sputnik / Азамат Тотубаев Тынчтыкбек Кожобеков: чыгармалылыктын эки түрү бар. Кагазга ыр жазып бир жакка барганда окуп коюу бул — чыгармачылык. Ал эми ыр окуп ошондон акча таап жатсаңыз ишкерлик болуп эсептелинет

 

Учурда акындар, обончулар жараткан чыгармаларын ырчыларга сатышат. Сатты деген сөз мен сиздин чыгарманы толугу менен сатып алдым дегенге жатпайт. Болгону ошону бир канча убакытка гана уруксат бердиңиз дегенди билдирет. Ырлар айрым учурда гана келишимдин негизинде толугу менен сатылышы ыктымал. Азыркы ырчылардын көбү аткаруучу деген гана статуста турушат. Акындардын өздөрүнүн да күнөөсү. Укуктарын билбегендиктен ысымдары аталбай калып жатат. Мен акындарга «ырчылар чыгармаңарды аткарып койгонуна сүйүнбөй, бизнес жасаганды да үйрөнгүлө, ар бир сабыңарга сараң болгула» деп айтам. Ошондо эл акындарды таанып, радио, теледегилер сыйлай баштамак. Биздин акындардыкы күндө туусам күндө жок, жылан келип жеп кетет дегендей эле. Бул нерсенин өзөгү мамлекетте мыйзам иштебей жаткандыгын билдирет.

— Сиздердин ишкананын каржылоо жагы кандай болуп жатат. Каржылаган бирөө жарым барбы?

— Толугу менен өзүмдүн акчама иштетип келем. Ырчыларды каттоодон түшкөн акча кайра эле өздөрүнө кетет. Бул ишти жасаш финансылык жактан оор. Бирок келечекте өзүмө, үй-бүлөмө, мамлекетке, шоу-бизнеске кандай каражат алып келерин жакшы билем. Ошондуктан көз жуумп коюп иштеп жатабыз. Былтыр Тажикстанда өткөн эл аралык симпозиумда идеябыз үчүн грант утуп алганбыз. Жыйынтыкты чет жерден келген калыстар аныкташкан. Казакстанда өткөн фестивалдарда алдыңкы орундарды алып келгенбиз. Биз муну менен Кыргызстанда гана эмес, коңшу мамлекеттерде франшиза катары алып чыга турчу ойлорубуз бар. Негизинен биздин долбоорго кызыккандар абдан көп.

Гүлдана Талантбекова, Sputnik-Кыргызстан, 14.01.2017-ж.

Макала Тынчтыкбек Кожобеков: акчаң жокпу, кечирип кой, ырчы болоалбайсың! бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.

Viewing all 477 articles
Browse latest View live


<script src="https://jsc.adskeeper.com/r/s/rssing.com.1596347.js" async> </script>