Конкурска өткөн жылы тартылган бардык жанрдагы тасмалар катыша алат. Эмгектерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланат.
«Ак Илбирс» улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталганын уюштуруу комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул конкурска 2016-жылы тартылган бардык жанрдагы тасмалар катышып, эмгектерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланат. Ал эми сыйлыктарды тапшыруу аземи 14-апрелде «Манас» кинотеатрында болот.
Мындан беш жыл мурун негизделген иш-чара 16 номинация боюнча мыктыларды аныктап келсе, былтыртан баштап Борбордук Азияны толугу менен камтып, ага дагы эки номинация — «Борбор Азиядагы мыкты актер» жана «Борбор Азиядагы мыкты актриса» кошулган.
«Мыкты тасма» номинациясы үчүн «Асман алдында», «Биртууганчик» жана «Сүтак» фильмдери ат салышмай болду.
Номинациялардын тизмеси:
- «Мыкты тасма»
- «Мыкты режиссер»
- «Мыкты сценарий»
- «Мыкты оператор»
- «Мыкты художник»
- «Мыкты композитор»
- «Мыкты үн режиссеру»
- «Мыкты монтаж»
- «Эркектин мыкты ролу»
- «Аялдын мыкты ролу»
- «Мыкты даректүү тасма»
- «Мыкты кыска метраждуу тасма»
- «Көрүүчүлөр тандаган мыкты тасма»
- «Улуттук кинематографиянын өнүүгүсүнө кошкон салымы үчүн»
- «Борбор Азиянын мыкты тасмасы»
- «Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн»
- «Борбор Азиядагы мыкты актер»
- «Борбор Азиядагы мыкты актриса»
«Sputnik-Кыргызстан», 25.01.2016-ж.
Макала «Ак Илбирс» улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталды бул жерде Кыргыз маданият борбору жарыяланган.